Машаякчылардын катары көбөйдү!


Кечээ "Теңир" жыйынында Ыйса Теңирдин Үйбөлөсүнө кошулгандардын жаңы тобу чөмүлдүрүү алышты
(Ыйса Теңир алдында суу менен тазаланышты).

Алды менен ал сууну койчуманыбыз Кайырбек ыйыктап бата тиледи:



Анан өзү баштап чөмүлдү:






Анан биртуугандардын эркегинен баштады чөмүлдүрүүнү:




Кийинки кезек Турсунай эжеге келди.
Бул эже көптөн бери "чөмүлүү алсам, Теңир менен жанаша болсом.." деп тилек кылып жүрчү, минтип эми тилегине жетти - жүзүнөн жанган нурду көрүп турасыздар, урматтуу коноктор:




Анан Гүлнара биртууганыбыз чөмүлдү жана чексиз бакытка бөлөндү!
Биз бир үйбүлөдөнбүз, кыргыз аттуу жок эле дегенде ушул аялдай таза болсо, өлкөбүз азыркыдай ыпластыкка батпас эле:




Эмки кезек жаш кыздарга жетти -
ылайым алардын Ыйса Теңир менен бирге болуу тилеги кабыл болсун! Ылайым ушу кыздарыбыздын жүрөгүнөн Ыйса Теңирдин ырайымы түнөк тапсын жана бу кыздарыбыздын келечеги кең болуп, телегейи тегиз болсун:








Баса, чөмүлүү алдында чакан чогулуш өткөрүп, Кудайдан бата тиледик:






Чөмүлүп жаткандарды бала-чакабыз менен баарыбыз жарданып тиктеп, улам чөмүлгөндөрүн алакан ысыта кол чаап куттуктап турдук:




Чөмүлүүгө жаш жубайлар да катышты:







Аялы чөмүлүү алган күйөөсүн куттуктады:




Эри чүмүлүү алган аялын куттуктады:




Анан чөмүлүү алгандар чогуу сүрөткө түштү:






Анан чөмүлүүгө келгендерибиз баарыбыз сүрөткө түштүк:




Сырттагылар болсо бизге ушул майрамыбыздын урматына даамдуу тамак даярдап жатышты.
Биз баарыбыз кубанычтын кучагына толо, шашпай отуруп тамак ичтик..

Ал жөнүндөгү сүрөттөрдү эртең же жакынкы бир күндөрү чыгарам биерге.

Ылайым жалпы баарыбызды Ыйса Теңирдин ырайымы колдоп,
шайтан жолунан Жарык Жолго алып чыксын жана
Ыйык Суу менен тазаласын, оомийин.


Репортажды даярдаган:

Жанызак.



19-сентябрь, 2005-жыл.