Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

Нундун уулу ЖАШЫЯ

1-БӨЛҮМ

Кудайдын Нундун уулу Жашыяга берген буйругу

1 Теңирдин кулу Муса каза болгондон кийин, Мусанын кызматчысы Нундун уулу Жашыяга Теңир мындай деди:

2 <Менин кулум Муса көз жумду. Эми сен тур, Мен Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерге Ысрайыл уулдары менен бирге мына бул Иордан аркылуу өт.

3 Мусага айтканымдай, бутуңар баскан жердин баарын Мен силерге берем.

4 Чөлдөн жана мына бул Лебанон жеринен улуу Эфрат дарыясына чейинки хеттиктердин бардык жери, ошондой эле батыштагы улуу деңизге чейинки аймак силердики болот.

5 Өмүрүң өткөнчө сага эч ким туруштук бере албайт. Мен Муса менен кандай болсом, сени менен да ошондой болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм.

6 Бекем, кайраттуу бол. Анткени Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди бул элдин карамагына сен өткөрүп бересиң.

7 Болгону, бекем, өтө кайраттуу бол, сага Менин кулум Муса берген мыйзамды так сактагын жана аткаргын, бардык иштериңди акылмандуулук менен кылуу үчүн, андан оңго да, солго да бурулба.

8 Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың.

9 Мен сага буйрук кылам: бекем, кайраттуу бол, жалтанба да коркпо, анткени сен кайда барсаң, Кудай-Теңириң ошол жерде сени менен болот>.

Иордандан өтүүгө даярдык көрүү

10 Анан Жашыя эл башчыларга мындай деп буйрук берди:

11 <Станды аралап, элге мындай буйрук бергиле: "Жолуңарга азык камдагыла, анткени үч күндөн кийин, ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге мурас кылып берген жерди алганы барыш үчүн, Иордандын ары жагына өтөсүңөр">.

12 Ал эми Рубейин, Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна Жашыя мындай деди:

13 <Теңирдин кулу Муса силерге эмне буйруганын эстегиле. Ал мындай деген: "Кудай-Теңириңер силерди тынчтандырып, силерге ушул жерди берди.

14 Аялдарыңар, балдарыңар жана малыңар Иордандын ары жагында, Муса берген жерде калсын. Ал эми силер, согушка жарактууларыңар, куралданып алып, бир туугандарыңардын алдында баргыла да, аларга жардамдашкыла.

15 Теңир силер сыяктуу эле силердин бир туугандарыңарды да тынчтандырмайынча, Кудай-Теңириңер берген жерди алар мурас кылып алышмайынча, аларга жардамдашкыла. Ошондон соң мурасыңарга кайрылып келгиле да, Теңирдин кулу Муса Иордандын ары жагынан, чыгыш тараптан берген жерди ээлегиле">.

16 Алар Жашыяга жооп кылып: <Бизге эмне буйрусаң, ошонун бардыгын жасайбыз, кайда жиберсең, барабыз.

17 Биз Мусаны кандай уксак, сени да ошондой угабыз. Кудай-Теңириң Муса менен болгондой, сени менен да болсун.

18 Сенин буйругуңа каршы чыккан, сен буйрук кылып айткан сөздөрүңдүн бардыгына кулак салбаган ар ким өлүм жазасына тартылат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!> - дешти.

2-БӨЛҮМ

Чалгынчылар жана Рахап

1 Нундун уулу Жашыя Шитимден эки чалгынчыны жашыруун жиберип жатып, аларга: <Барып, жерди жана Жерихону көрүп келгиле>, - деди. Экөө жөнөп кетти да, Рахап деген бузулган аялдын үйүнө келип, ошол жерде түнөп калышты.

2 Ошондо Жерихо падышасына <Түндө бул жакка Ысрайыл уулдарынан кишилер жер чалууга келишти> деген кабар жетти.

3 Жерихо падышасы бузулган аял Рахапка мындай деп айттырды: <Сенин үйүңө келген кишилерди бизге чыгарып бер, анткени алар биздин бардык жерлерибизди байкаганы келишти>.

4 Бирок аял ал эки кишини жашырып койду да: <Мага кишилердин келгени чын, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин.

5 Алар күүгүм киргенде, дарбаза жабыларда кетип калышкан. Кайда кетишкенин билбейм, тезирээк артынан куугула, аларды кууп жетесиңер>, - деди.

6 Өзү болсо аларды үйүнүн үстүнө алып чыгып, үйүнүн үстүндө жаткан зыгыр боолорунун арасына жашырып койду.

7 Куугунчулар аларды Иорданды карай кеткен жол менен дарыянын өткөөлүнө чейин кууп кетишти. Куугунчулар чыгып кетер замат дарбаза бекиди.

8 Тигил эки киши жата электе аял үйдүн үстүнө чыгып,

9 аларга мындай деди: <Теңир бул жерди силерге бергенин билем, анткени силер бизге коркунуч туудурдуңар, бул жерде жашагандар силерден коркуп жатышат.

10 Анткени Мисирден чыкканыңарда, Теңир силердин көз алдыңарда Кызыл деңиздин ортосун кургатканын, Иордандын ары жагындагы аморлуктардын эки падышасы Сихон менен Огду кандай кылып кыйратканыңарды укканбыз.

11 Бул жөнүндө укканыбызда, жүрөгүбүз түшүп, силерге каршы турууга эч кимибиз батынбай калдык, анткени силердин Кудай-Теңириңер жогорудагы асмандын да, төмөндөгү жердин да Кудайы экен.

12 Ошондуктан мен силерге ырайым кылгандай, силер да атамдын үйүнө ырайым кылабыз деп, Теңир менен ант бергиле.

13 Атамды, энемди, ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди жана алар менен жашагандардын бардыгын тирүү калтырып, жаныңарды сактап калабыз деп, мага ишенимдүү белги калтыргыла>.

14 Ал кишилер аялга мындай дешти: <Эгерде силер бул ишибизди ачпасаңар, силердин ордуңарга биздин жан кыйылсын. Теңир бизге жерди бергенден кийин, биз сага ырайым жана адилеттик кылабыз>.

15 Аял аларды аркан менен терезеден түшүрүп койду, анткени анын үйү шаар дубалында болчу, ал дубалда жашачу.

16 Аял аларга: <Куугунчулар алдыңардан чыгып калбашы үчүн, тоого бара тургула, силерди кубалап кеткендер кайрылып келгиче, үч күн ошол жерде жашына тургула. Андан соң жолго чыксаңар болот>, - деди.

17 Тигил кишилер аялга мындай дешти: <Эгерде мындай кылбасаң, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз:

18 биз бул жерге келгенде, бизди түшүрүп койгон терезеңе бул кызыл арканды байлап кой да, атаң менен энеңди, бир туугандарыңды, атаңдын бардык урук-тууганын үйүңө чогулт.

19 Эгерде үйүңдөн бирөө сыртка чыга турган болсо, анын каны өз мойнунда болот, анда биз сага берген антыбыздан бош болобуз. Ал эми сенин үйүңдөгү адамга бирөөнүн колу тийсе, анда анын каны биздин мойнубузда.

20 Эгерде сен биздин бул ишибизди ача турган болсоң, анда дагы сага берген антыбыздан бош болобуз>.

21 Аял аларга: <Силер айткандай болсун!> - деди да, аларды коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аял болсо кызыл арканды терезеге байлап койду.

22 Алар жөнөп кетишип, тоого келишти да, аларды кууган куугунчулар кайрылып келгенче, үч күн ошол жерде болушту. Куугунчулар аларды жолдордун баарынан издеп, таппай коюшту.

23 Ошентип, ал эки киши артка кайрылып, тоодон түшүп, Иордандан өтүп, Нундун уулу Жашыяга келди. Эмне болгонунун баарын айтып берди.

24 Алар Жашыяга: <Теңир ал жердин баарын бизге бериптир, ал жерде жашагандардын баары бизден коркуп жатышыптыр>, - дешти.

3-БӨЛҮМ

Иордандан өтүү

1 Жашыя эртең менен эрте турду. Жашыя жана Ысрайылдын бардык уулдары Шитимден чыгып, Иорданга келишти да, андан өтпөй, ошол жерде түнөп калышты.

2 Yч күндөн кийин эл башчылар станды аралап,

3 элге мындай деп буйрук беришти: <Кудай-Теңириңердин келишим сандыгын, сандыкты көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көргөнүңөрдө, силер да ордуңардан козголуп, алардын артынан жөнөгүлө.

4 Бирок силер менен алардын ортосундагы аралык эки миң чыканактай болсун. Кайсы жол менен баруу керек экенин билишиңер үчүн, аларга жакындабагыла, анткени силер бул жол менен мурун баскан эмессиңер>.

5 Жашыя элге кайрылып, мындай деди: <Ыйыкталгыла, анткени Теңир эртең силердин араңарда кереметтерди көрсөтөт>.

6 Ыйык кызмат кылуучуларга болсо Жашыя мындай деди: <Келишим сандыгын алып, элдин алдында баскыла>. Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүп, элдин алдында басышты.

7 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: <Мен Муса менен болгондой эле, сени менен да болорумду бардык Ысрайыл уулдары билиши үчүн, бүгүндөн тартып Мен сени алардын алдында даңазалай баштайм.

8 Сен болсо келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп буйрук бер: "Иорданга кирериңер менен, Иорданда токтоп тургула">.

9 Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: <Бул жакка келгиле, Кудай-Теңириңердин сөзүнө кулак салгыла>.

10 Жашыя дагы мындай деди: <Канаандыктарды да, хеттиктерди да, хибиликтерди да, периздиктерди да, гиргештиктерди да, аморлуктарды да, жебустуктарды да силердин алдыңардан кууп чыга турган тирүү Кудай араңарда экенин мындан билесиңер:

11 бүт жердин Теңиринин келишим сандыгы силердин алдыңарда Иордандан өтөт.

12 Ысрайыл урууларынын ичинен он эки киши: ар бир уруудан бирден киши алгыла.

13 Бүт жердин Эгедеринин, Теңирдин, сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулардын таманы Иордан суусуна тиери менен, Иордан суусу тартылат да, жогору жактан аккан суу дубалдай тирелип туруп калат>.

14 Ошентип, Иордандан өтүш үчүн, эл чатырларынан козголду, ыйык кызмат кылуучулар элдин алдында келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.

15 Сандык көтөргөндөр Иордан суусуна кирери менен, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буту Иордан суусуна тиери менен (Иордан дарыясы болсо эгин оруу маалында жээктеринен чыгып, ташып турат),

16 жогору жактан аккан суу токтоп, Саретандын жанындагы Адам шаарына чейинки эң чоң аралыкка дейре дубал болуп тирелип калды. Ал эми түздүктөгү Туздуу деңизге аккан суу соолуп калды.

17 Анан эл Жерихонун тушунан өттү. Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосундагы кургак жерде бекем турду. Ысрайыл уулдарынын баары кургак жер менен өтүп жатышты, бүткүл эл өтүп бүткөнчө ошондой болду.

4-БӨЛҮМ

Эки эстелик

1 Бүткүл эл Иордандан өткөн соң, Теңир Жашыяга мындай деди:

2 <Элдин арасынан он эки киши: ар бир уруудан бирден киши тандап алгыла.

3 Анан аларга мындай деп буйрук бергиле: "Силер бул жерден, Иордандын ортосунан, ыйык кызмат кылуучулардын буттары бекем турган жерден, он эки таш алып, өзүңөр менен кошо алып өткүлө да, түнөй турган жериңерге алып барып койгула">.

4 Жашыя Ысрайыл уулдарынан дайындаган он эки кишини: ар бир уруудан бирден кишини чакырып алды.

5 Анан аларга мындай деди: <Кудай-Теңириңердин келишим сандыгынын алдына түшүп, Иордандын ортосуна баргыла да, Ысрайыл урууларынын санына жараша ар бириңер бирден таш алып, он эки ташты ийиниңерге коюп, көтөрүп келгиле.

6 Алар силер үчүн белги болсун. Кийин балдарыңар силерден: "Бул таштар эмнени билдирет?" - деп сурай турган болсо,

7 аларга мындай деп айтасыңар: "Теңирдин келишим сандыгынын алдында Иордан суусу тең бөлүнгөн. Эл Иордандан өтүп бара жатканда, Иордан суусу экиге бөлүнгөн". Ошентип, бул таштар Ысрайыл уулдары үчүн түбөлүккө эстелик болот>.

8 Жашыя кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Алар Теңир Жашыяга кандай айтса, ошондой кылып, Ысрайыл урууларынын санына жараша Иордандын ортосунан он эки таш алып, аларды көтөрүп келип, түнөй турган жерине коюшту.

9 Жашыя дагы башка он эки таш алып, келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулардын буттары турган жерге - Иордандын ортосуна койду. Алар ушул күнгө чейин бар.

10 Муса Жашыяга айткандай, Теңирдин Жашыяга элге айт деп буйругандарынын баары аткарылып бүтмөйүнчө, сандык көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандын ортосунда турушту. Эл болсо ошол учурда шашылыш түрдө өтүп жатты.

11 Бүткүл эл Иордандан өтүп бүткөндө гана Теңирдин келишим сандыгын көтөргөндөр, эл алдында жүргөн ыйык кызмат кылуучулар өтүштү.

12 Анан Муса айткандай, куралданган Рубейин, Гат уулдары, Менашенин жарым уруусу Ысрайыл уулдарынын алдына өтүштү.

13 Куралданган кырк миңге жакын киши салгылашуу үчүн, Теңирдин алдында Жерихо түздүгүнө өттү.

14 Ошол күнү Теңир бүткүл Ысрайыл элинин алдында Жашыяны даңазалады. Ошондон тартып, Ысрайыл эли Мусадан анын өмүрү өткөнчө корккондой, Жашыядан да коркуп калды.

15 Анан Теңир Жашыяга мындай деп айтты:

16 <Келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучуларга: "Иордандан чыккыла", - деп буйрук бер>.

17 Жашыя ыйык кызмат кылуучуларга: <Иордандан чыккыла>, - деп буйрук берди.

18 Ошондо Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн ыйык кызмат кылуучулар Иордандан чыгып, тамандары жерге тиери менен, Иордан суусу өз нугуна түшүп, жээктеринен ашып-ташып, мурункудай ага баштады.

19 Биринчи айдын онунчу күнү эл Иордандан чыгып, Жерихонун чыгыш тарабындагы Гилгалга чатырларын тикти.

20 Алар Иордандан алган он эки ташты Жашыя Гилгалга койду.

21 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деди: <Кийин балдарыңар аталарынан: "Бул таштар эмнени билдирет?" - деп сурап калышса,

22 балдарыңарга: "Ысрайыл эли ушул Иордан дарыясынан, кургак жер менен өткөн", - деп айткыла.

23 Биз өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер Кызыл деңиздин ортосун биздин көз алдыбызда кургаткандай эле, силер өтүп бүткөнчө, Кудай-Теңириңер силер үчүн Иордан суусунун ортосун кургаткан.

24 Жер жүзүндөгү бардык эл Теңирдин колу күчтүү экенин билиши үчүн жана силер өмүрүңөр өткөнчө Теңирден коркушуңар үчүн ошенткен>.

5-БӨЛҮМ

Гилгалда сүннөткө отургузуу

1 Иордандын ары жагында, деңиз тарапта жашаган аморлуктардын падышалары жана деңиз жээгиндеги Канаан падышалары Ысрайыл уулдарынын алдында, алар өтүп кеткенче Теңир Иордан суусун агызбай тартып турганын угушканда, жүрөктөрү түшүп, Ысрайыл уулдарына каршы турууга кайраттары калбай калды.

2 Ошол учурда Теңир Жашыяга мындай деди: <Таш бычактарды жасап, Ысрайыл уулдарын экинчи мертебе сүннөткө отургуз>.

3 Жашыя таш бычактарды жасап, <Сүннөт дөбөсү> деген жерде Ысрайыл уулдарын сүннөткө отургузду.

4 Ысрайыл уулдарын Жашыя сүннөткө отургузганынын себеби бул: Мисирден чыккандан кийин, согушка жарактуу эркектер чөлдө келе жатканда кырылып калышкан.

5 Мисирден чыккан эл сүннөткө отургузулган, бирок Мисирден келе жатканда, чөлдө төрөлгөндөр сүннөткө отургузулган эмес.

6 Анткени Мисирден чыккандардын согушка жарактуулары, Теңирдин үнүн укпай койгондору кырылып бүткөнчө, Ысрайыл уулдары кырк жыл чөлдө жүрүштү. Теңир алардын ата-бабаларына, бизге берем деп ант берген сүт менен бал аккан жерди көрбөйсүңөр деп ант берген.

7 Алардын ордун балдары басты. Жашыя аларды сүннөткө отургузду, анткени алар сүннөткө отургузула элек болчу, жолдо аларды сүннөткө отургузушкан эмес.

8 Элдин баары сүннөткө отургузулгандан кийин, айыккыча өз станында, өз ордунда калды.

9 Анан Теңир Жашыяга мындай деди: <Бүгүн Мен силерден Мисирдеги маскаралыгыңарды алып салдым>. Ошол себептүү ал жер бүгүнкү күнгө чейин <Гилгал> деп аталат.

10 Ысрайыл уулдары станы менен Гилгалда турушту да, айдын он төртүнчү күнү кечинде Жерихо түздүгүндө Пасах майрамын өткөрүштү.

11 Пасахтын эртеси бул жердин жемиштеринен жей башташты, ачыткысыз нан менен куурулган данды дал ошол күндөн баштап жей башташты.

12 Алар бул жердин жемиштеринен жей баштаган экинчи күндөн тартып, асмандан манна түшпөй калды, ошондон баштап Ысрайыл уулдарында манна болгон жок, бирок ошол жылы алар Канаан жеринин жемиштеринен жешти.

Нундун уулу Жашыя жана периште

13 Жашыя Жерихого жакын жерде турган эле. Анан ал башын көтөрүп караса, колунда жалаңдаган кылычы бар киши турган экен. Жашыя жанына келип: <Биздин кишисиңби же душмандарыбыздансыңбы?> - деп сурады.

14 Ал мындай деп жооп берди: <Жок, мен Теңирдин кошуундарынын жол башчысымын, эми бул жерге келдим>. Ошондо Жашыя жерге жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылып, андан: <Менин мырзам өз кулуна эмне дейт?> - деп сурады.

15 Теңир кошуунунун жол башчысы Жашыяга мындай деди: <Бутуңдагы бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер ыйык>. Жашыя ошондой кылды.

16 Жерихонун эшиги жабылды, Ысрайыл уулдарынан корккондуктан, анын эшигин жаап коюшту. Андан эч ким чыккан да жок, ага эч ким кирген да жок.

6-БӨЛҮМ

Жерихонун кыйрашы

1 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: <Мына, Мен Жерихону, анын падышасын жана андагы эң күчтүү адамдарды сенин колуңа салып берип жатам.

2 Согушка жарактуулардын бардыгы шаарды курчап, аны күнүнө бир жолу айланып чыксын. Алты күн ошенткиле.

3 Жети ыйык кызмат кылуучу кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайын келишим сандыгынын алдында алып жүрсүн. Жетинчи күнү болсо шаарды жети жолу айлангыла, ыйык кызмат кылуучулар сурнай тартышсын.

4 Кочкордун мүйүзүнөн жасалган сурнай тартылганда, сурнай үнүн укканыңарда, бүткүл эл жер жаңырта кыйкырык салсын. Ошондо шаардын дубалдары түбүнө чейин урайт. Бүт эл, алардын ар бири турган жеринен шаарга бет алсын>.

5 Нундун уулу Жашыя Ысрайылдын ыйык кызмат кылуучуларын чакырып, аларга мындай деди: <Келишим сандыгын көтөрүп жүргүлө. Жети ыйык кызмат кылуучу болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүрсүн>.

6 Анан элге кайрылып, мындай деди: <Баргыла, шаарды айланып чыккыла. Курал-жаракчандар болсо Теңирдин келишим сандыгынын алдында жүрүшсүн>.

7 Жашыя элге ушинтип айткандан кийин, Теңирдин алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартты, алардын артынан Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.

8 Курал-жаракчандар сурнай тарткан ыйык кызмат кылуучулардын алдына түшүштү. Келишим сандыгынын артында бара жаткандар сурнайларын тартып бара жатышты.

9 Жашыя элге мындай деп буйрук берди: <Кыйкырбагыла, үнүңөрдү эч ким укпасын, мен силерге "Кыйкыргыла!" демейинче, оозуңардан сөз чыкпасын, буйрук берген күнү гана жапырт кыйкыргыла>.

10 Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы шаарды бир айланып чыкты. Алар станга келип, ошол жерде түнөштү.

11 Экинчи күнү Жашыя эртең менен эрте турду. Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жөнөштү.

12 Теңирдин сандыгынын алдында кочкордун мүйүзүнөн жасалган жети сурнайды көтөрүп жүргөн жети ыйык кызмат кылуучу сурнайларын тартып бара жатышты. Курал-жаракчандар алардын алдында, калган эл Теңирдин келишим сандыгынын артында сурнай тартып бара жатышты.

13 Андан кийинки күнү да шаарды так ошондой эле бир айланып, станга кайтып келишти. Алты күн бою ошентишти.

14 Жетинчи күнү таң атары менен турушуп, шаарды так ошондой эле жети айланып чыгышты, ошол күнү гана шаарды жети айланышты.

15 Ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын жетинчи жолу тартышканда, Жашыя элге мындай деди: <Кыйкыргыла, анткени Теңир шаарды силерге берди!

16 Шаар каргышка калат, андагынын баары Теңирдики. Бузулган аял Рахап жана анын үйүндөгүлөр гана тирүү калсын, анткени ал биз жөнөткөн чалгынчыларды жашырып калган.

17 Бирок өзүңөр каргышка калбас үчүн, каргышка калган нерселерден сактангыла. Ысрайыл уулдарынын станын каргышка калтырбас үчүн, аларга мүшкүл түшүрбөс үчүн, каргышка калган нерселерден эч нерсе албагыла.

18 Алтын-күмүштүн бардыгы, жез, темир идиштердин бардыгы Кудайдын ыйык буюмдары болуп, Теңирдин казынасына кирсин>.

19 Ошондо эл кыйкырды, ыйык кызмат кылуучулар сурнайларын тартышты. Сурнайлардын үндөрүн угар замат, эл жер жаңырта жапырт кыйкырды. Ошондо шаар дубалдары түбүнө чейин урап, эл шаарга бет алды, ар ким туш-тушунан качырып кирип, шаарды басып алышты.

20 Шаардагы эркектерди да, аялдарды да, жашты да, карыны да, койлорду да, өгүздөрдү да, эшектерди да - бардыгын кылычтап кырып салышты.

21 Жер чалганы барган баягы эки жигитке Жашыя мындай деди: <Бузулган аялга баргыла да, аны жана анын үйүндөгүлөрдү алып чыккыла, анткени силер ага ант берип койгонсуңар>.

22 Шаарды чалган жигиттер аялдын үйүнө барып, Рахаптын өзүн да, атасын да, энесин да, бир туугандарын да - анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын, урук-тууганы менен үйүнөн алып чыгып, Ысрайыл станынын сыртына алып барышты.

23 Шаарды жана анда болгондордун бардыгын өрттөп жиберишти. Алтын-күмүштөрдү, жез, темир идиштерди гана Теңир үйүнүн казынасына беришти.

24 Ал эми бузулган аял Рахапты жана анын атасынын үй-бүлөсүн, анын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын Жашыя тирүү калтырды, ал аял бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашайт, анткени ал Жерихону байкаш үчүн Жашыя жөнөткөн чалгынчыларды жашырып койгон эле.

25 Ошол учурда Жашыя мындай каргыш айтты: <Ким Жерихо шаарын кайра калыбына келтире турган болсо, ал Кудайдын алдында каргышка калсын. Ким анын пайдубалын тургузса, тун баласынан ажырайт, дарбазасын орнотсо, кенже баласынан ажырайт>.

26 Теңир Жашыя менен болду. Анын даңкы бүт жер жүзүнө тарады.

7-БӨЛҮМ

Ахандын күнөөсү

1 Бирок Ысрайыл уулдары кылмыш кылып, каргышка калган нерселерден катып алышты. Жүйүт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан каргышка калгандардан катып алды. Ошондо Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары кайнады.

2 Бейтелдин чыгыш тарабындагы Бейт-Абенге жакын турган Ай шаарына Жашыя Жериходон кишилерди жөнөтүп, аларга мындай деди: <Барып, жерди көрүп келгиле>. Алар жөнөп кетишти да, Айды карап келишти.

3 Анан Жашыяга кайтып келип, мындай дешти: <Бардык эл барбасын, эки же үч миңге жакын адам барып, Айды басып алсын. Бүт элди убара кылып, ал жакка жибербе, анткени ал жердеги эл аз эле экен>.

4 Ошентип, элдин арасынан ал жакка үч миңге жакын киши кетти. Бирок алар Айдын тургундарынан качып жөнөштү.

5 Айдын тургундары алардын отуз алты кишисин өлтүрүштү, аларды шаар дарбазасынан Шебаримге чейин сая кууп жетип, тоонун эңкейишинде талкалашты. Ошондо элдин үмүтү үзүлүп, көңүлү чөктү.

6 Жашыя жана аны менен кошо Ысрайыл аксакалдары кийимдерин айрып, Теңир сандыгынын алдына көмкөрөсүнөн кулап, кечке чейин жатышты, баштарына күл чачышты.

7 Анан Жашыя мындай деди: <Оо Эгедер Теңир! Бизди аморлуктардын колуна салып берип, кырдыра турган болсоң, эмне үчүн элди Иордандан өткөрдүң? Оо, Иордандын ары жагында эле жашап калсак эмне!

8 Оо Теңир! Ысрайыл душмандан качкандан кийин, мен эмне айтмак элем?

9 Канаандыктар менен жер бетинин тургундары муну угуп, бизди курчоого алышат, биздин атыбызды жер үстүнөн өчүрүшөт. Ошондо Өзүңдүн улуу ысымыңа эмне кыласың?>

10 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: <Тур, эмне үчүн жүзтөмөндөп жыгылдың?

11 Ысрайыл күнөө кылды. Аларга берген Менин келишимимди бузушту, каргышка калган нерселерден уурдап, жашырып, өз буюмдарынын арасына катып алышты.

12 Мына ошон үчүн Ысрайыл уулдары кас душмандарына туруштук бере албай, душманынан качып жөнөштү, анткени алар каргыштын астында калышты. Эгерде араңардагы каргышка калгандарды жок кылбасаңар, Мен силер менен мындан ары болбойм.

13 Тур, элди ыйыкта. Аларга мындай де: "Таң атканга чейин ыйыкталгыла, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: "Каргышка калган нерсе сенин ичиңде, Ысрайыл, каргышка калган нерсени өзүңдөн алып салмайынча, кас душмандарыңа туруштук бере албайсың"".

14 Эртең эртең менен уруу-уруу болуп келгиле. Теңир көрсөткөн уруу тукум-тукум болуп келсин. Ал эми Теңир көрсөткөн тукум үй-бүлө-үй-бүлө болуп келсин. Теңир көрсөткөн үй-бүлөдөгүлөр бир-бирден келсин.

15 Каргышка калган нерсени уурдап айыбы ачылган адамды отко өрттөп жиберишсин, Теңирдин келишимин бузуп, Ысрайылдын ичинде мыйзамсыз иш кылганы үчүн, өзүн жана ага тиешелүү нерселердин бардыгын өрттөшсүн>.

16 Жашыя эртең менен эрте туруп, Ысрайылга: <Уруу-уруу болуп келгиле>, - деп буйрук кылды. Ошондо Жүйүт уруусу көрсөтүлдү.

17 Анан ал Жүйүт уруусу келсин деп буйрук кылды. Ошондо Зерактын тукуму көрсөтүлдү. Зерактын тукумуна үй-бүлө-үй-бүлө болуп келсин деп буйрук кылды, ошондо Забдийдин үй-бүлөсү көрсөтүлдү.

18 Анын үй-бүлөсүндөгүлөр бир-бирден келсин деп буйрук кылды. Ошондо Жүйүт уруусунан Зерактын уулу, Забдийдин уулу, Карминин уулу Ахан көрсөтүлдү.

19 Ошондо Жашыя Аханга мындай деди: <Уулум! Теңирди, Ысрайылдын Кудайын, даңазала, Анын алдында күнөөңдү мойнуңа ал, анан эмне кылганыңды мага айт, менден жашырба>.

20 Ахан болсо Жашыяга мындай деп жооп берди: <Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында күнөөгө батканым чын, мен мындай кылдым:

21 олжолордун арасынан бир жакшынакай Шинар кийимин, эки жүз күмүш шекелди, салмагы элүү шекел уютулган алтынды көрдүм. Алар мага жагып калды, ошондуктан мен аларды алдым. Мына, алар чатырымдын ортосунда көмүлүп турат, күмүштөр да ошол жерде>.

22 Жашыя кишилерди жөнөттү, алар чатырга жетип барышты. Булар чатырга катылыптыр, күмүштөр да ошол жерде экен.

23 Аларды чатырдан алып чыгып, Жашыяга жана Ысрайыл уулдарына алып келишти да, Теңирдин алдына коюшту.

24 Жашыя менен бардык ысрайылдыктар Зерактын уулу Аханды күмүшү, кийими, уютулган алтыны, балдары жана кыздары, өгүздөрү жана эшектери, койлору жана чатыры, бардык буюм-тайымдары менен Акойак өрөөнүнө алып чыгышты.

25 Анан Жашыя мындай деди: <Биздин башыбызга мүшкүл түшүргөнүң үчүн, Теңир бүгүн сенин башыңа мүшкүл түшүрөт>. Ошондо бүт ысрайылдыктар аны таш бараңга алышты да, аларды отко өрттөп жиберишти, үстү-үстүнө таш ыргытышты.

26 Ыргытылган таштар үйүлүп, дөбө болду, ал бүгүнкү күнгө чейин бар. Ошондон кийин Теңирдин кайнаган каары токтоду. Андыктан ал жер азыркыга чейин Акор өрөөнү деп аталат.

8-БӨЛҮМ

Ай шаарын басып алуу

1 Теңир Жашыяга мындай деди: <Коркпо да үрөйүңдү учурба, өзүң менен кошо согушка жарактуу элдин бардыгын алып, Айды беттеп жөнө. Мына, Мен Айдын падышасын, элин, шаарын, жерин сенин колуңа салып бердим.

2 Жерихону жана анын падышасын кандай кылсаң, Айды жана анын падышасын да ошондой кыл, бирок анын олжосу менен мал-мүлкүн өз ара бөлүп алгыла. Шаар сыртына буктурма кой>.

3 Жашыя менен согушка жарактуу бардык эл Айга бет алууга түп көтөрө турду. Жашыя эр жүрөк отуз миң адамды тандап, аларды түн ичинде жөнөттү.

4 Анан аларга мындай деп буйрук берди: <Байкагыла, силер шаар сыртында, буктурмада болгула, шаардан көп алыстабай, баарыңар даяр тургула.

5 Ал эми мен жана мени ээрчиген жалпы эл шаарга бет алабыз. Айдын тургундары мурдагыдай эле бизди беттеп качыра бергенде, биз алардан качып жөнөйбүз.

6 Алар бизди сая кууйт, биз аларды шаардан алыстатып кетебиз, анткени алар: "Мурдагыдай эле бизден качып бара жатышат", - деп айтышат. Биз алардан качып жөнөгөнүбүздө,

7 силер буктурмадан чыгып, шаарды ээлеп алгыла. Аны Кудай-Теңириңер силердин колуңарга салып берет.

8 Шаарды басып алгандан кийин, аны өрттөп жибергиле, Теңир айткандай кылгыла. Байкагыла, мен силерге буйрук берип жатам>.

9 Жашыя аларды ошентип узатты, алар буктурмага жөнөп, Айдын күн батыш тарабындагы Бейтел менен Айдын ортосунда бугуп жатышты. Жашыя ошол түнү эл арасында түнөдү.

10 Эртең менен эрте туруп, Жашыя элди карап чыкты да, Ысрайыл аксакалдары менен элдин алдына түшүп, Айга бет алды.

11 Аны ээрчиген согушка жарактуу элдин баары шаарга жакын келишти.

12 Жашыя станды Айдын түндүк тарабына жайгаштырды, алар менен Айдын ортосунда өрөөн бар эле. Анан ал беш миңге жакын кишини шаардын батыш тарабындагы Ай менен Бейтелдин ортосундагы буктурмага койду.

13 Стан-стан болуп жайгашкан элди шаардын түндүк тарабына койду, буктурмадагы элди шаардын батыш тарабына койду. Ошол түнү Жашыя өрөөндүн ортосуна келди.

14 Муну көргөн Айдын падышасы эртең менен эрте туруп, шаар тургундарын түп көтөрүп, Ысрайылга каршы салгылашууга чыкты. Ал башында турган шаар эли өрөөндөгү белгилүү жерге келди. Шаар сыртында ал үчүн буктурма турганын ал билген жок.

15 Жашыя менен Ысрайыл эли алардан жеңилимиш болуп, чөлдү беттеп качып жөнөштү.

16 Алар болсо шаарда калган элдин бардыгын ысрайылдыктарды кууганга чакырышты. Анан алар Жашыяны кууп бара жатып, шаардан алыстап кетишти.

17 Ай менен Бейтелде ысрайылдыктардын артынан куубаган бир да адам калган жок. Ысрайылдыктарды кууйбуз деп, алар шаар дарбазаларын ачык ташташты.

18 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: <Колуңдагы найзаны Айды карай сун, Мен аны колуңа салып берем>. Жашыя колундагы найзаны шаарды карай сунду.

19 Буктурмада жаткандар дароо ордуларынан турушуп, түп көтөрө чуркашты. Ал найзасын сунар замат, шаарга кирип барып, аны багынтып алып, ошол замат шаарды өрттөп жиберишти.

20 Айдын тургундары артын карап, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүштү. Алар качарга жер таппай, бул жакка да, тигил жакка да кача албай калышты, анткени чөлдү көздөй качып бараткан ысрайылдыктар куугунчуларды көздөй бурулушту.

21 Жашыя менен ысрайылдыктар буктурмада жаткандардын шаарды алганын, шаардан көтөрүлгөн түтүн көккө жетип жатканын көрүшүп, кайра кайрылып, Айдын тургундарын кыра башташты.

22 Шаарга киргендер кайра шаардан чыгып, алардын алдынан чыгышканда, Айдын тургундары ысрайылдыктардын ортосунда калышты. Ысрайылдыктар аркы тараптан да, берки тараптан да каптап киришти. Айдын тургундарынан бир да киши калтырбай кырып салышты, эч ким качып кутулган жок.

23 Ал эми Айдын падышасын тирүү кармап, Жашыянын алдына алып келишти.

24 Ысрайылдыктар Айдын тургундарын кубалап, талаада, чөлдө талкалашты. Алардын акыркы адамы кылыч мизинен өлгөндөн кийин, ысрайылдыктар Ай шаарына кайра бурулуп келишип, бардыгын кылыч мизине алышты.

25 Ошол күнү кырылган эркек-аялдардын, Ай тургундарынын саны он эки миң болду.

26 Ай тургундарынын баарын кырып салгыча, Жашыя найза сунган колун түшүргөн жок.

27 Ысрайылдыктар Теңирдин Жашыяга айткан сөзү боюнча шаардын малы менен олжосун гана бөлүп алышты.

28 Жашыя Ай шаарын өрттөп, аны түбөлүк урандыга, чөлгө айландырды. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой абалда.

29 Ай падышасын болсо даракка асып койду, ал кечке чейин асылып турду. Күн батканда Жашыя буйрук берди. Ошондо алар өлүктү дарактан чечип, шаар дарбазасынын алдына ташташты, үстүнө таш ыргытып, дөбө кылып үйүштү. Ал дөбө азыркыга чейин турат.

Эйбал тоосунда берилген баталар жана каргыштар

30 Ошондо Жашыя ысрайылдыктардын Кудай-Теңирине арнап, Эйбал тоосуна курмандык чалынуучу жай курду.

31 Кудай-Теңирдин кулу Муса Ысрайыл уулдарына осуят кылып калтыргандай, Мусанын мыйзам китебинде жазылгандай, курмандык чалынуучу жайды темир тийгизбей, бүтүн таштардан жасады. Ага Кудай-Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

32 Анан Жашыя Ысрайыл уулдарынын көз алдында Мусанын мыйзамдарын ташка чегип жазды.

33 Ысрайыл элине бата бериш үчүн, мурун Теңирдин кулу Муса буйругандай, бүт Ысрайыл, Ысрайыл аксакалдары, көзөмөлдөөчүлөрү, башкаруучулары, келгиндер да, жергиликтүү тургундар да Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин эки тарабында турушту, алардын жарымы Гаризим тоосунун этегинде, жарымы Эйбал тоосунун этегинде турду.

34 Анан Жашыя мыйзам китепте жазылган мыйзам сөздөрүн, бата менен каргышты окуду.

35 Бүткүл Ысрайыл элинин алдында, алардын аялдарына, балдарына, алардын арасындагы келгиндерге Мусанын Жашыяга калтырган осуяттарынан Жашыя окубаган бир да сөз калган жок.

9-БӨЛҮМ

Гибондуктардын куулугу

1 Муну уккан Иордандын аркы өйүзүндөгү тоодо жана түздө, Лебанондун жанындагы улуу деңиздин бүт жээгинде жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын падышалары

2 Жашыя менен Ысрайыл элине каршы салгылашыш үчүн чогулушту.

3 Бирок Жерихо менен Айды Жашыя эмне кылганын уккан Гибон тургундары мындай амал колдонушту:

4 алар жолуна нан камдап, эшектерине эски каптарын жана шарап куюлган эски, чалдыбары чыккан, жамаачыланган чаначтарын артып, аларды карай жөнөп калышты.

5 Буттарына жамаачыланган эски бут кийим, үстүлөрүнө эски кийим кийип алышты. Алардын жолго алган наны да көгөрүп, катып калган нан эле.

6 Алар Жашыяга, ысрайылдыктардын станы турган Гилгалга келишти да, ысрайылдыктар менен Жашыяга мындай дешти: <Биз алыскы өлкөдөн келдик, биз менен келишим түзгүлө>.

7 Ошондо ысрайылдыктар хибиликтерге мындай дешти: <Силер бизге жакын турган эл болуп жүрбөгүлө, андай болсо кантип келишим түзөбүз?>

8 Алар Жашыяга: <Биз сенин кулдарыңбыз>, - дешти. Жашыя алардан: <Силер кимсиңер, кайдан келдиңер?> - деп сурады.

9 Алар Жашыяга мындай дешти: <Сенин кулдарың Кудай-Теңирдин ысымы үчүн эң алыскы өлкөдөн келишти, анткени биз Анын даңкы жөнүндө, Мисирде кылган бардык иштери жөнүндө уктук.

10 Ошондой эле Ал Иордандын аркы өйүзүндө жашаган аморлуктардын эки падышасын: Кешпон падышасы Сихон менен Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду эмне кылганын билебиз.

11 Мына ушуларды уккан биздин аксакалдар менен биздин өлкөнүн эли бизге мындай дешти: "Колуңарга жол азык алып, аларды утурлай чыгып, мындай деп айткыла: "Биз силердин кулуңарбыз, биз менен келишим түзгүлө.

12 Силерди карай жолго чыккан күнү үйүбүздөн алып чыккан бул наныбыз ысык болчу. Азыр болсо ал катып, көгөрүп кетти.

13 Мына бул шарап куюлган чаначтар да жапжаңы эле, жолдо чалдыбары чыкты, жолдун узактыгынан үстүбүздөгү кийимибиз да, бутубуздагы бут кийимибиз  да жыртылып калды"">.

14 Ысрайылдыктар алардын колундагы нанды алышты, бирок Теңирдин эркин сурашкан жок.

15 Анан Жашыя алар менен тынчтык келишимин түзүп, алардын өмүрүн сактоого макул болду. Жамааттын башкаруучулары аларга ант беришти.

16 Ысрайылдыктардын алар менен тынчтык келишимин түзгөнүнө үч күн болгондон кийин, алардын кошуна эл экенин, жакын эле жерде жашарын угушту.

17 Анткени Ысрайыл уулдары жолго чыгып, үчүнчү күнү алардын шаарларына келишкен. Алардын шаарлары Гибон, Кепира, Бейрот жана Кирийат-Жейарим эле.

18 Ысрайыл уулдары аларды кыйратышкан жок, анткени жамаат башчылары Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант берип коюшкан. Мына ушул үчүн Ысрайылдын бүткүл жамааты башчыларга нааразы болду.

19 Ошондо башчылардын бардыгы бүт жамаатка мындай дешти: <Биз аларга Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант берип койгонбуз, ошондуктан аларга тие албайбыз.

20 Биз аларды мындай кылалы: аларга берген антыбыздан улам Кудайдын каарына калбашыбыз үчүн, аларды тирүү калтыралы>.

21 Башчылар дагы мындай дешти: <Булар жашай беришсин, бирок бардык жамаат үчүн отун жарып, суу ташышат>. Ошондо алар башчылар айткандай кылышты.

22 Анан Жашыя аларды чакырып алып, мындай деди: <Бизге жакын жашап туруп, эмне үчүн силер бизди: "Биз эң алыскы өлкөдөн келдик", - деп алдадыңар?

23 Мына ушул үчүн силерди каргыш урсун! Өмүр бою кул болуп, Теңиримдин үйүнө отун жарып, суу ташыйсыңар!>

24 Алар Жашыяга мындай деп жооп беришти: <"Ысрайылдын алдындагы бүт элдерди кырып, алардын бүт жерин аларга бер", - деп, Кудай-Теңир Өз кулу Мусага буйруганы жөнүндө сенин кулдарыңа кабар жеткен. Ошондуктан өмүрүбүздөн ажыратпасын деп, өтө корккондуктан, ушундай иш кылдык.

25 Мына, эми биз сенин колуңдабыз. Эмне кылсаң, өзүң бил, сага эмне жакшы жана адилеттүү көрүнсө, бизге ошондой кыл>.

26 Жашыя аларды мындай кылды: аларды Ысрайыл уулдарынын колунан куткарды. Аларды ысрайылдыктар өлтүрүшкөн жок.

27 Ошол күнү Жашыя аларды жамаатка жана Кудайдын курмандык чалынуучу жайына отун жаргыч, суу ташыгыч кылып дайындады. Теңир кайсы гана жерди тандабасын, алар ошол жерде, атүгүл, ушул күнгө чейин кул болуп жүрүшөт.

10-БӨЛҮМ

Аморлуктардын Гибондо жеңилиши

1 Жашыя Айды басып алып, аны каргышка калтырганын, Жерихону, анын падышасын кандай кылса, Айды да, анын падышасын да ошондой кылганын жана Гибондо жашаган эл Ысрайыл менен тынчтык келишимин түзүп, алардын арасында жашап калганын Иерусалим падышасы Адону-Седек укканда, абдан коркту.

2 Анткени Гибон чоң шаар болгон, падышанын шаарларынын бири катары Айдан да чоң эле жана анда жашагандардын баары эр жүрөк эл болгон.

3 Ошондуктан Иерусалим падышасы Адону-Седек Хеброн падышасы Огамга, Жармут падышасы Пирамга, Лакиш падышасы Жапийге, Эглон падышасы Дебирге киши жиберип, мындай деп айттырды:

4 <Жашыя жана Ысрайыл уулдары менен тынчтык келишимин түзгөндүгү үчүн, мага келип, Гибонду талкалап салууга жардам бергиле>.

5 Аморлуктардын бул беш падышасы: Иерусалим падышасы, Хеброн падышасы, Жармут падышасы, Лакиш падышасы, Эглон падышасы чогулуп алып жөнөштү. Алар гибондуктар менен согушуу үчүн, станы менен Гибондун жанына жайгашышты.

6 Гибондо жашаган эл Ысрайыл станына, Гилгалда турган Жашыяга киши жиберип: <Өз кулдарыңан колуңду тартып алба, тезирээк кел, бизди куткар, жардам бер, анткени тоолордо жашаган аморлуктардын бардык падышалары бизге каршы чогулушту>, - деп айттырышты.

7 Ошондо Жашыя баштаган эл жана согушка жарактуу эр жүрөк эркектердин бардыгы Гилгалдан чыгышты.

8 Теңир Жашыяга мындай деди: <Алардан коркпо, анткени Мен аларды сенин колуңа салып бердим. Сага эч ким туруштук бере албайт>.

9 Жашыя аларга капыстан кол салды, анткени ал Гилгалдан түнү бою жол жүрүп келген эле.

10 Алар ысрайылдыктарды көргөндө дүрбөлөңгө түшүштү, анткени аларды Теңир дүрбөлөңгө салган эле. Ысрайылдыктар аларды Гибондо катуу кыйратып, Бейт-Хорон дөңсөөсүнө кеткен жол менен кууп, Азейкага жана Макетке чейин талкалашты.

11 Алар Бейт-Хорон тоосунун боору менен ысрайылдыктардан качып бара жатышканда, Теңир аларга асмандан Азейкага чейин чоң таштарды жаадырды, алар өлүп жатышты. Ысрайылдыктардын кылычынан кырылгандарга караганда, мөндүр таштан кырылгандар көп болду.

12 Теңир аморлуктарды ысрайылдыктардын колуна салып берип, аларды Гибондо талкалаган күнү, алар Ысрайыл уулдарынын алдында кырылган күнү Жашыя ысрайылдыктардын көз алдында Теңирге мындай деп кайрылды: <Күн, Гибондун үстүнө токто, ай, Айалон өрөөнүнүн үстүнө токто!>

13 Ошондо эл кас душмандарынан өч алгыча, күн токтоп, ай төбөдө турду. Адилеттүүнүн китебинде: <Күн асмандын дал ортосунда токтоп турду да, дээрлик бир күн бою батышты карай шашкан жок>, - деп жазылган.

14 Теңир адамдын үнүн ушунчалык уккан мындай күн мурда да, кийин да болгон эмес. Анткени Теңир Ысрайыл үчүн Өзү салгылашты.

15 Андан соң Жашыя жана аны ээрчиген бүт Ысрайыл эли Гилгалга, станга кайтып келишти.

16 Тигил беш падыша болсо качып барып, Макеттеги үңкүргө жашынды.

17 Анан Жашыяга <Беш падыша табылды, алар Макеттеги үңкүрдө жашынып жатышат> деген кабар жеткенде,

18 Жашыя мындай деди: <Чоң-чоң таштарды тоголотуп келип, үңкүрдүн оозун бүтөгүлө да, кайтарганга кишилерди койгула.

19 Силер болсо токтобостон, душманыңардын артынан куугула, аскерлеринин арткы бөлүгүн кырып салгыла, өз шаарларына качып кетүүсүнө жол бербегиле, анткени Кудай-Теңириңер аларды силердин колуңарга салып берди>.

20 Жашыя менен Ысрайыл уулдары аларды биротоло талкалашкандан кийин, алардын аман калгандары чептер менен курчалган шаарларга кире качышкандан кийин,

21 бардык эл станга, Макетте турган Жашыяга тынчтык менен кайтып келди. Ошондон кийин эч ким Ысрайыл уулдарына тил кайрып сүйлөй албай калды.

22 Ошондо Жашыя мындай деди: .

23 Алар так ошондой кылып, баягы беш падышаны: Иерусалим падышасын, Хеброн падышасын, Жармут падышасын, Лакиш падышасын жана Эглон падышасын үңкүрдөн чыгарып, Жашыянын алдына алып келишти.

24 Бул падышаларды Жашыянын алдына алып келишкенде, Жашыя бүт ысрайылдыктарды чакырып, өзү менен бирге жүргөн аскер башчыларга мындай деди: <Жакын келип, бул падышаларды желкесинен бутуңар менен басып тургула>. Алар жакын келип, буттары менен падышаларды желкесинен басып турушту.

25 Ошондо Жашыя аларга мындай деди: <Коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла, бекем, кайраттуу болгула, анткени силер менен согуша турган бардык кас душманыңарды Теңир ушундай кылат>.

26 Анан Жашыя аларды өлтүрүп, бешөөнү беш даракка асып салды. Алар кечке чейин дарактарда асылып турушту.

27 Күн батарда Жашыя буйрук берип, аларды түшүртүп, өздөрү жашынган үңкүргө таштаттырып, оозун чоң таштар менен бүтөтүп салды. Алардын сөөгү бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде.

Түштүк Канаанды басып алуу

28 Ошол эле күнү Жашыя Макетти басып алып, аны падышасы менен кошо кылыч мизине алды. Ал жердеги тирүү жандын баарын кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Жерихо падышасын кандай кылса, Макет падышасын да так ошондой кылды.

29 Анан Жашыя менен бүткүл Ысрайыл эли Макеттен Либнага бет алып, Либна эли менен согушту.

30 Теңир аны да, анын падышасын да Ысрайылдын колуна салып берди. Жашыя аны жана анда жашаган адамдарды кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Жерихо падышасын кандай кылса, Либна падышасын да ошондой кылды.

31 Анан Жашыя Ысрайыл эли менен Либнадан чыгып, Лакишке бет алды. Анын жанына станын жайгаштырып, аны менен согушту.

32 Теңир Лакишти да Ысрайыл элинин колуна салып берди, ал аны экинчи күнү басып алды да, Либнаны кыргандай, аны жана анда жашаган адамдарды кылыч мизине алып кырып салды.

33 Ошондо Лакишке Гезер падышасы Орам жардамга келди. Бирок Жашыя анын өзүн да, элин да кылычтап кырып, эч кимди тирүү калтырган жок.

34 Анан Жашыя Ысрайыл эли менен Лакиштен чыгып, Эглонго бет алып, анын жанына станын жайгаштырып, аны менен согушту.

35 Аны ошол эле күнү басып алып, кылыч мизине алып кырып салышты. Лакишти кыргандай, ошол жерде жашаган адамдардын баарын ал ошол күнү кырып салды.

36 Анан Жашыя жана бүткүл ысрайылдыктар Эглондон чыгып, Хебронго бет алып, аны менен согушушту.

37 Аны да басып алып, падышасын да, бардык шаарларын да, андагы жашаган адамдарды да кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Эглонду кыргандай, аны жана андагы адамдардын баарын кырып салды.

38 Анан Жашыя бүткүл Ысрайыл эли менен Дебирге бет алып, аны менен согушту.

39 Аны да басып алып, падышасын да, бардык шаарларын да, анда жашаган адамдарды да кылыч мизине алып кырып салды, эч кимди тирүү калтырган жок. Хебронду жана анын падышасын, Либнаны жана анын падышасын кандай кылса, Дебирди жана анын падышасын да ошондой кылды.

40 Ошентип, Жашыя тоодо, түштүктө, түздүктө, тоонун этегинде жаткан жерлерди басып алып, алардын падышаларынын бардыгын кырып салды. Эч кимди тирүү калтырган жок, Ысрайылдын Кудай-Теңири буйрук кылгандай, бардык адамдарды кырып салды.

41 Жашыя Кадеш-Барнейиден Азага чейин, Гошендин бүт жерин, атүгүл, Гибонго чейин басып алды.

42 Бул падышалардын бардыгын, алардын жерлерин Жашыя бир жүрүшүндө эле басып алды, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири Ысрайыл үчүн Өзү согушту.

43 Анан Жашыя менен ысрайылдыктар Гилгалдагы станга кайтып келишти.

11-БӨЛҮМ

Падышалардын жеңилиши

1 Мына ушуларды уккан Хатсор падышасы Жабин Мадон падышасы Жобапка, Шимрон падышасы менен Акшап падышасына,

2 түндүк тараптагы тоодо, Кинереттин түштүк тарабындагы түздүктө, ойдуңдарда, күн батыштагы Напат-Дордо жашаган падышаларга,

3 чыгышта, деңиз жакта жашаган канаандыктарга, тоодо жашаган аморлуктарга, хеттиктерге, периздиктерге, жебустуктарга жана Хермон тоосунун этегиндеги Миспа жеринде жашаган хибиликтерге чабармандарын жөнөттү.

4 Ошондо алар бүт кошууну менен, көптүгү деңиз жээгиндеги кумдай болгон көп сандаган эли менен жөнөштү. Аттар да, аттарга чегилген майдан арабалар да өтө көп эле.

5 Бул падышалардын баары Ысрайыл эли менен салгылашыш үчүн чогулуп, Мейром суусунун боюна жайгашышты.

6 Ошондо Теңир Жашыяга мындай деди: <Булардан коркпо, анткени эртең ушул убакта мен булардын бардыгын Ысрайыл уулдарынын колуна салып берип кырдыртам. Булардын аттарынын тарамыштарын кесип, арабаларын өрттөп салгыла>.

7 Жашыя согушка жарактуу бардык эл менен Мейром суусунун жээгинде аларга капыстан кол салды.

8 Теңир аларды ысрайылдыктардын колуна салып берди. Ысрайылдыктар аларды кырышты, улуу Сидонго чейин, Мисрепот-Майимге чейин, чыгышты карай кеткен Миспе өрөөнүнө чейин кууп барышты, алардан эч ким тирүү калган жок, эч ким качып кутулган жок.

9 Жашыя Теңир айткандай кылды: аттарынын тарамыштарын кесип, майдан арабаларын өрттөп жиберди.

10 Анан Жашыя кайтып келип, Хатсорду басып алып, падышасын кылыч менен өлтүрдү (Хатсор болсо бул падышачылыктарды башкарып турчу).

11 Ал жерде жашаган бардык адамдарды кылычтап кырып салды, бир да жан тирүү калган жок, Хатсорду болсо өрттөп жиберди.

12 Кудай-Теңирдин кулу Муса буйругандай, Жашыя бул падышаларды бардык шаарлары менен каратып алып, аларды кылычтап кырып салды.

13 Бирок ысрайылдыктар бийик жерде турган шаарларды өрттөшкөн жок. Жашыя Хатсорду гана өрттөп жиберди.

14 Бул шаарлардагы мал-мүлктү Ысрайыл уулдары талап алышты. Кишилерин болсо кылычтап кырышты, бардыгын тукум курут кылышты, бирин да тирүү калтырышкан жок.

15 Теңир Өз кулу Мусага кандай буйруса, Муса Жашыяга так ошондой буйрук кылган, Жашыя болсо Муса айткандай кылды. Жашыя Теңирдин Мусага буйругандарынын бирин да аткарбай койгон жок.

Нундун уулу Жашыя басып алган жерлер

16 Ошентип, Жашыя тоодогу, түштүктөгү жерлерди, Гошен жерин ойдуңдары, түздүктөрү менен, Ысрайыл тоолорун жанында жаткан түздүктөрү менен басып алды.

17 Ал Сеирди карай созулган Халак тоосунан Хермон тоосуна чейинки, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гатка чейинки жерлерди кыйратып, алардын падышаларын кырып салды.

18 Жашыя ушул падышалардын баары менен көпкө чейин салгылашты.

19 Хибиликтер жашаган Гибондон башка эч бир шаар Ысрайыл уулдары менен келишим түзгөн жок. Бардык шаарларды күч менен басып алышты.

20 Анткени алардын жүрөгүнүн таш болуп калышы, Ысрайылга согуш менен каршы чыгышы Теңирден болду. Бул алардын кыргынга учурашы үчүн, аларга ырайым кылынбашы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, тукум курут болушу үчүн болду.

21 Ошол эле учурда Жашыя тоолордо, Хеброндо, Дебирде, Анапта, Жүйүттүн тоолорунда жана Ысрайыл тоолорунда жашаган анактыктарды түгөл талкалады. Жашыя аларды шаарлары менен кошо тыптыйпыл кылып салды.

22 Ысрайыл уулдарынын жеринде анактыктардан бир да жан калган жок, Азада, Гатта жана Азотто гана калды.

23 Ошентип, Теңир Мусага айткандай, Жашыя бардык жерди басып алды. Жашыя ал жерлерди Ысрайыл урууларына бөлүп берди. Согуш токтоп, жер үстүндө тынчтык өкүм сүрдү.

12-БӨЛҮМ

Жеңилген падышалардын тизмеси

1 Ысрайыл уулдары Иордандын ары жагындагы күн чыгыш тараптагы Арнон дарыясынан Хермон тоосуна чейинки жерлерди, чыгышты карай кеткен бүт түздүктү басып алып, ал жерлердин падышаларын кырып салышты. Ал падышалар булар:

2 Кешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихон. Ал Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройерден тартып, дарыянын ортосунан тартып, амондуктардын чек арасы болгон Жабок дарыясына чейин, Гилаттын жарымын,

3 чыгыштагы Кинерет деңизине чейинки түздүктү, чыгыштагы Бейт-Айешимотко карай кеткен жолдогу Туздуу деңиз деп аталган түздүк деңизин, ал эми түштүктө Пизги тоосунун этегинде жаткан жерлерди ээлечү.

4 Башан падышасы Ог. Ал Аштарот менен Эдрейде жашаган репалыктардын акыркы тукуму эле.

5 Ал Хермон менен Салха тоолорун жана Гешур менен Мааха чегине чейинки бүткүл Башан аймагын, Кешпон падышасы Сихондун чегине чейинки Гилаттын жарымын ээлечү.

6 Теңирдин кулу Муса менен Ысрайыл уулдары аларды кырып салышты. Теңирдин кулу Муса ал жерлерди Рубейин, Гат урууларына жана Менашенин жарым уруусуна берди.

7 Жашыя менен Ысрайыл уулдары Иордандын берки бети болгон батыш жагындагы, Лебанон өрөөнүндөгү Баал-Гаттан Сеирге чейин созулуп жаткан Халак тоолоруна чейинки жерлердин падышаларын кыйратышты.

8 Тоолордо, ойдуң жерлерде, түздүктөрдө, тоо этектеринде, чөлдө, түштүктө жашаган хеттиктердин, аморлуктардын, канаандыктардын, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын жерлерин Жашыя Ысрайыл урууларына бөлүнүшү боюнча мурас кылып бөлүп берген. Жашыя менен Ысрайыл уулдары кыйраткан падышалар булар:

9 Жерихонун падышасы, Бейтелдин жанындагы Айдын падышасы,

10 Иерусалимдин падышасы, Хеброндун падышасы,

11 Жармуттун падышасы, Лакиштин падышасы,

12 Эглондун падышасы, Гезердин падышасы,

13 Дебирдин падышасы, Гедердин падышасы,

14 Хорманын падышасы, Араттын падышасы,

15 Либнанын падышасы, Адуламдын падышасы,

16 Макеттин падышасы, Бейтелдин падышасы,

17 Тапуахтын падышасы, Хейпердин падышасы,

18 Апейиктин падышасы, Шарондун падышасы,

19 Мадондун падышасы, Хатсордун падышасы,

20 Шимрон-Мерондун падышасы, Акшаптын падышасы,

21 Таанахтын падышасы, Мегидонун падышасы,

22 Кедештин падышасы, Кармелдин жанындагы Жокнеямдын падышасы,

23 Напат-Дордун жанындагы Доранын падышасы, Гилгалдагы Гоимдин падышасы,

24 Тирсанын падышасы. Бардыгы отуз бир падыша.

13-БӨЛҮМ

Басылып алына элек жерлер

1 Жашыя аябай карып калган кезде, Теңир мындай деди: <Сен аябай карыдың, бирок ээлеп ала турган жерлер али өтө көп.

2 Ээлеп ала элек жерлер булар: бүт Пелишти аймагы менен бүт Гешур жери.

3 Мисирдин чыгышындагы Шихордон тартып, түндүктөгү Экрон чегине чейинки, канаандыкы болуп эсептелген жерлердеги пелиштиликтердин Азадагы, Азоттогу, Ашкелондогу, Гаттагы, Экрондогу беш падышасы жана абахтыктар.

4 Ал эми түштүктөгү Сидондун Мейарасынан баштап Апейикке чейин, аморлуктардын чегине чейинки бүт Канаан жери,

5 ошондой эле Гебал жери жана Хермон тоосунун алдындагы күн чыгышты карай кеткен Баал-Гаттан Хаматка кире беришке чейинки бүт Лебанон жери.

6 Лебанондон тартып Мисрепот-Майимге чейин жашаган бардык тоолуктарды, бардык сидондуктарды Мен Ысрайыл уулдарынын алдынан кууп чыгарам. Мен сага буйругандай, ал жерди Ысрайылга мурас кылып бөлүп бер.

7 Бул жерди тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна бөл>.

8 Ал эми Рубейин, Гат уруулары, Менаше уруусунун экинчи жарымы Теңирдин кулу Мусанын бөлүп бергени боюнча Иордандын ары жагындагы, чыгышты карай кеткен жерлерден өз үлүштөрүн алышты.

9 Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройерден тартып өзөндүн ортосундагы шаар менен Дибонго чейинки бүт Мейдеба түздүгүн,

10 ошондой эле Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун амондуктардын чек араларына чейинки бардык шаарларын,

11 ошондой эле Гилатты жана Гешур менен Мааха аймагын жана Хермондун бардык тоолору менен Салхага чейинки бүт Башан аймагын,

12 Аштарот менен Эдрейде бийлик кылган Башан падышасы Огдун бүт аймагын алышты. Ог болсо Муса талкалап кууп чыккан репалыктардан жалгыз калган.

13 Бирок Ысрайыл уулдары Гешур менен Мааханын тургундарын кууп чыгышкан жок. Гешур менен Мааханын тургундары бүгүнкү күнгө чейин ысрайылдыктардын арасында жашашат.

14 Бир гана Леби уруусуна ал үлүш бөлүп берген жок, Теңир ага айткандай, ысрайылдыктардын Кудайына чалынган курмандыктар - алардын үлүшү.

Рубейин уруусунун үлүшү

15 Рубейин уулдарынан тараган ар бир үй-бүлөгө Муса үлүш бөлүп берген.

16 Алардын чеги Арнон дарыясынын жээгиндеги Аройер, өрөөндүн ортосундагы шаар жана Мейдебанын алдындагы бүт түздүк болду.

17 Кешпон аймагы жана түздүктөгү ага караштуу бардык шаарлар: Дибон, Бамот-Баал, Бейт-Баал-Мейон,

18 Жаас, Кедемот жана Мейпаат,

19 Кирийатайим, Сыбма жана Эймек тоосундагы Серет-Ашахар,

20 Бейт-Пейор жана Пизги тоосунун этегиндеги жерлер менен Бейт-Айешимот,

21 түздүктөгү бардык шаарлар, Кешпондо бийлик кылган аморлуктардын падышасы Сихондун жерлери. Муса аны, ошондой эле Мидиан жол башчылары: Эбини, Рекемди, Сурду, Хурду, Ребаны, ал жерлерде жашаган Сихондун төрөлөрүн өлтүргөн.

22 Ысрайыл уулдарынын кылычынан өлгөндөрдүн ичинде Бейордун уулу, көзү ачык Билам да бар эле.

23 Рубейин уулдарынын чек арасы Иордан болгон. Рубейин уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө берилген үлүш, шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

Гат уруусунун үлүшү

24 Муса ошондой эле Гат уруусуна, Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөргө үлүш берген.

25 Алардын үлүшү: Жазер жана бардык Гилат шаарлары менен Рабенин алдындагы Амон уулдарынын Аройерге чейинки жеринин жарымы,

26 Кешпондон тартып Рамат-Миспе менен Бетонимге чейин, Маханайимден тартып Дебир чегине чейинки жерлер.

27 Ошондой эле Бейт-Арам өрөөнү менен Бейт-Нимра, Сукот жана Сапон өрөөндөрү, Кешпон падышасы Сихондун калган жери. Анын үлүшү Иордандын чыгышындагы Кинерет деңизине чейинки жерлер эле.

28 Гат уулдарынан тараган үй-бүлөлөрдүн үлүшүнө берилген шаарлар менен айыл-кыштактар ушулар.

Менаше уруусунун түштүктөгү үлүшү

29 Муса Менашенин жарым уруусуна да үлүш берген, Менашенин жарым уруусундагы ар бир үй-бүлөгө үлүш бөлүп берген.

30 Алардын жери: Маханайимден тартып бүт Башан аймагы, Башан падышасы Огдун бүт падышачылыгы, Жайырдын Башандагы бардык шаарчалары, бардыгы болуп алтымыш шаар.

31 Гилаттын жарымы, Аштарот жана Эдрей шаарлары - Башан падышасы Огдун карамагындагы шаарлар Менашенин уулу Махирдин уулдарынын жарымына бөлүнгөн.

32 Иордандын аркы өйүзүнөн чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы Маап түздүгүнөн Муса берген үлүштөр ушулар.

33 Бирок Муса Леби уруусуна үлүш бөлгөн эмес, Теңир аларга айткандай, алардын үлүшү - ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өзү.

14-БӨЛҮМ

1 Ысрайыл уулдары Канаан жеринде үлүшкө алган жерлер мына ушулар. Бул жерлерди аларга ыйык кызмат кылуучу Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл урууларынын уруу башчылары бөлүп беришкен.

2 Алар өкчөмө таш ыргытып, Теңир Муса аркылуу буйругандай, тогуз урууга жана Менашенин жарым уруусуна үлүш бөлүштүрүштү.

3 Муса эки урууга жана Менашенин жарым уруусуна Иордандын аркы өйүзүнөн үлүш бөлдү. Уруулардын ичинен Леби уруусуна үлүш бөлгөн жок.

4 Анткени Жусуптун уулдарынан эки уруу тараган, алар: Менаше жана Эпрайым уруулары. Ошондуктан алар лебилерге үлүшкө жер беришкен жок, алар жашаганга, алардын мал-мүлкүнө тегерек-чети менен шаарларды гана беришти.

5 Жер бөлүштүрүүдө Ысрайыл уулдары Теңир Мусага кандай айтса, так ошондой кылышты.

Калептин үлүшү

6 Жүйүттүн уулдары Гилгалга, Жашыяга келишти. Кеназдык Жепундун уулу Калеп Жашыяга мындай деди: <Кудайдын кишиси Мусага Теңир Кадеш-Барнейиде сен экөөбүз жөнүндө эмне дегенин билесиң.

7 Кудай-Теңирдин кулу Муса мени Кадеш-Барнейиден жер чалып келүүгө жөнөткөндө, кырк жашта элем. Мен ага жооп кылып, жүрөгүмдө болгонду айтып келгем.

8 Мени менен барган бир туугандарым элди коркутуп салган. Мен болсо өз Кудай-Теңиримдин айтканындай кылгам.

9 Муса ошол күнү мындай деп ант берген: "Бутуң баскан жерлер түбөлүккө сенин жана сенин уулдарыңдын үлүшү болот, анткени сен менин Кудай-Теңиримдин айтканындай кылдың".

10 Ошентип, Теңир Өзү айткандай, мени аман-эсен сактап келди. Теңир бул сөздү Мусага айткандан бери, Ысрайыл чөлдө жүргөндөн бери кырк беш жыл өттү. Азыр мен сексен бештемин.

11 Бирок мен азыр да, Муса мени жөнөткөн учурдагыдай эле күүлүү-күчтүүмүн. Ошол учурда канчалык күч-кубатым болсо, азыр да согушууга, кирип-чыгууга ошончолук күч-кубатым бар.

12 Ошондуктан ошол күнү Теңир айткан бул тоолуу аймакты мага бер, анткени ал тоодо Анактын уулдары жашарын, алардын шаарлары чоң, чептүү шаарлар экенин ошол күнү уккансың. Балким, Теңир мени менен болор, ошондо Теңир айткандай, мен аларды кууп чыгармын>.

13 Жашыя Жепундун уулу Калепке батасын берип, ага Хебронду үлүшкө берди.

14 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңиринин буйругун так аткаргандыгы үчүн, Хеброн - бүгүнкү күнгө чейин кеназдык Жепундун уулу Калептин үлүшү.

15 Хеброн мурда Анактын уулдарынын арасындагы бир алп адамдын атынан Кирийат-Арба деп аталчу. Ошондон кийин өлкөдө тынчтык өкүм сүрдү.

15-БӨЛҮМ

Жүйүт уруусунун үлүшү

1 Өкчөмө таш ыргытканда, Жүйүт уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша төмөнкүдөй үлүш тийди: түштүктү карай созулуп жаткан, аягы Тейманга жеткен Эдом менен чектеш Син чөлү.

2 Алардын түштүк чек арасы Туздуу деңиздин түштүк булуңунун чет жакасынан башталып,

3 түштүккө, Акрабым дөңсөөсүнө кетет, Зинди аралап өтүп, түштүк тараптан Кадеш-Барнейиге чыгып, Хесрондон өтүп, Адарга көтөрүлүп, Акаркага бурулат.

4 Анан Асмондон өтүп, Мисир дарыясына кетет, анын чек арасынын аягы деңизге такалат. Силердин түштүктөгү чек араңар мына ушул болот.

5 Чыгыш чек арасы болсо - Туздуу деңиз, Иордан дарыясынын куйган жерине чейин; түндүк чек арасы деңиздин түндүк булуңунан, Иордан дарыясынын куйган жеринен башталат.

6 Бул жерден чек ара Бейт-Каглага көтөрүлөт да, түндүк тараптан Бейт-Арабаны аралап өтөт, анан чек ара жогору карай, Рубейин уулунун Боан ташына чейин барат.

7 Анан чек ара Акор өрөөнүндөгү Дебирге чыгат да, түндүк тараптан Адумум дөңсөөсүнүн каршысындагы, дарыянын түштүк тарабындагы Гилгалга бурулат. Бул жерден чек ара Эйин-Шемеш сууларын бойлоп өтөт да, Эйин-Рогелден бүтөт.

8 Бул жерден чек ара Жебустун (Иерусалимдин) түштүк тарабы менен жогору карай Ином уулунун өрөөнүнө кетет, андан ары батыш тараптагы Ином өрөөнүнүн каршысында, түндүк тараптагы репалыктардын өрөөнүнүн четинде жаткан тоонун чокусуна чыгат.

9 Тоонун чокусунан чек ара Нептоах сууларынын башатына бурулуп, Эпрон тоосунун жанындагы шаарларга кетет да, Баалга (Кирийат-Жейаримге) бурулат.

10 Анан чек ара Баалдан деңизге, Сеир тоосуна бурулат да, Жейарим (Кесалон) тоосунун түндүк тарабы менен кетет, анан Бейт-Шемешке түшүп, Тимна аркылуу өтөт.

11 Ал жерден чек ара Экрондун түндүк тарабы менен кетет да, Шикронго бурулат, Баал тоосунун жанынан өтүп, Жапнейелге жетет. Чек ара деңиздин жанынан бүтөт. Батыш чек ара - улуу деңиз.

12 Жүйүт уруусунун төрт тарабындагы чек аралары мына ушулар.

Калептин Хебронду жана Дебирди басып алышы

13 Теңир Жашыяга буйругандай, Жашыя Жүйүт уулдарынын үлүшүнөн Жепундун уулу Калепке Анактын атасына таандык Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Хебронду бөлүп берди.

14 Калеп ал жерден Анактын уулдары: Шейшайды, Акиманды жана Талмайды, Анактын ушул үч уулун кууп чыкты.

15 Андан ары Дебирдин тургундарына каршы жөнөдү (Дебирдин мурдагы аты Кирийат-Сейпер болгон).

16 Анан Калеп мындай деди: <Ким Кирийат-Сейперге кол салып, басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем>.

17 Аны Калептин бир тууганы Кеназдын баласы Отниел басып алды. Ошондо ал ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

18 Акса жолго чыгарда, ага атаңан жер сура деп үйрөтүштү. Ал эшектен түшкөндө, Калеп андан: <Сага эмне керек?> - деп сурады.

19 Кызы ага: <Батаңды бер, ата. Мага түштүк жерин бердиң, суу булактарын да кошо бер>, - деди. Атасы кызына жогорку булактарды да, төмөнкү булактарды да берди.

Жүйүт уруусуна таандык шаарлар

20 Жүйүт уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша бөлүнгөн үлүш бул:

21 Түштүктө эдомдуктар менен чектеш жаткан Жүйүт уулдарынын шаарлары мына булар: Капсейел, Эйдер жана Жагур,

22 Кина, Дымана жана Адада,

23 Кедеш, Хатсор жана Итнан,

24 Зуп, Телем жана Балот,

25 Хатсор-Хадат, Кериот, Хесрон, башкача айтканда, Хатсор,

26 Аймам, Шема жана Молада,

27 Хатсар-Гата, Хешмон жана Бейт-Палет,

28 Хатсар-Шуал, Бейер-Шаба жана Бизийотия,

29 Баал, Ийим жана Атсем,

30 Элтолат, Кесил жана Хорма,

31 Сыклак, Мадмана жана Сансана,

32 Лебайот, Шилхим, Айын жана Римон. Айыл-кыштактары менен бардыгы жыйырма тогуз шаар.

33 Ойдуң жерлердеги Эштаул, Сора жана Ашна,

34 Заноах, Эйин-Ганим, Тапуах жана Эйнам.

35 Жармут, Адулам, Сохо жана Азейка.

36 Шаарайым, Адытайым, Гедейра же Гедейратайым. Айыл-кыштактары менен он төрт шаар.

37 Сенан, Хадаша, Мигдал-Гат,

38 Дилан, Миспе жана Жоктейел,

39 Лакиш, Ботыскат жана Эглон,

40 Хабон, Лахмас жана Хитлиш,

41 Гедейрот, Бейт-Дагон, Наама жана Макет. Айыл-кыштактары менен он алты шаар.

42 Либна, Этер жана Ашан,

43 Иптах, Ашна жана Нетсип,

44 Кеила, Аказип жана Марейша. Айыл-кыштактары менен тогуз шаар.

45 Экрон, ага караштуу шаарлары жана кыштактары менен.

46 Экрондон деңизге карай кеткен Азоттун жанындагы бардык жерлер, айыл-кыштактары менен.

47 Мисир дарыясы менен улуу деңизге чейин созулуп жаткан Азот жана ага караштуу шаарлар менен кыштактар, Аза жана ага караштуу болгон шаарлар менен кыштактар.

48 Тоо койнундагы Шамир, Жатир жана Сохо,

49 Дана, Кирийат-Сана, башкача айтканда, Дебир,

50 Анап, Эштемо жана Аним,

51 Гошен, Холон жана Гило. Айыл-кыштактары менен он бир шаар.

52 Араб, Дума жана Эшан,

53 Жанум, Бейт-Тапуах жана Апейка,

54 Хумта, Кирийат-Арба, башкача айтканда, Хеброн жана Сиор. Айыл-кыштактары менен тогуз шаар.

55 Маон, Кармел, Зуп жана Ута,

56 Изрейел, Жоктеям жана Заноах,

57 Кабыл, Гиба жана Тимна. Айыл-кыштактары менен он шаар.

58 Халхул, Бейт-Сур жана Гедор,

59 Маарат, Бейт-Анот жана Элтекон. Айыл-кыштактары менен алты шаар.

60 Кирийат-Баал, башкача айтканда, Кирийат-Жейарим жана Араба. Айыл-кыштактары менен эки шаар.

61 Чөлдөгү Бейт-Араба, Мидин жана Секак,

62 Нипшан, Ир-Мелах жана Эйин-Геди. Айыл-кыштактары менен алты шаар.

63 Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Жүйүттүн уулдары кууп чыга алышкан жок, ошондуктан жебустуктар азыркыга чейин Иерусалимде Жүйүт уулдарынын арасында жашашат.

16-БӨЛҮМ

Эпрайым уруусунун жана Менашенин жарым уруусунун үлүшү

1 Андан кийин өкчөмө таш Жусуптун уулдарына түштү: Жерихонун жанындагы, чыгыш тараптагы Жерихо сууларынын жанындагы Иордандан тартып, Жериходон Бейтел тоосуна чейин созулуп жаткан чөл.

2 Чек ара Бейтел тоосунан Лузга кетет, Атароттун жанындагы Архи чек арасына чейин жетип,

3 деңизге, жаплеттиктердин чек арасына түшөт да, төмөнкү Бейт-Корон чек арасы менен Гезерге чейин жетип, деңиздин жанынан бүтөт.

4 Бул жерлерди Жусуптун уулдары Менаше менен Эпрайым үлүшкө алды.

Эпрайым уруусунун үлүшү

5 Эпрайым уруусундагы үй-бүлөлөрдүн чек аралары мындай: алардын чыгыш тараптагы чек арасы Атрот-Адардан жогорку Бейт-Коронго чейин кетет.

6 Анан чек ара Михметаттын түндүк тарабынан деңизди карай кетет да, Таанат-Шилонун чыгыш тарабына бурулуп, аны Жаноахтын чыгыш тарабынан айланып өтөт.

7 Жаноахтан Атарот менен Нааратка түшүп, Жерихого келип, Иорданга чейин жетет.

8 Тапуахтан чек ара деңизге, Кана дарыясына кетет да, деңиз менен бүтөт. Эпрайым уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша тийген үлүш ушул.

9 Менаше уулдарынын үлүшүнүн ичинен Эпрайым уулдарына ушул шаарлар менен айыл-кыштактар бөлүндү.

10 Бирок Эпрайым уулдары Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыгышкан жок, ошондуктан канаандыктар Эпрайым уулдарына салык төлөп, алардын арасында азыркыга чейин жашашат.

17-БӨЛҮМ

Менашенин жарым уруусунун батыштагы үлүшү

1 Жусуптун тун уулу Менашеге өкчөмө таш түштү: эр жүрөк жоокер Гилаттын атасы, Менашенин тун уулу Махирге Гилат менен Башан тийди.

2 Менашенин калган уулдарына да үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш бөлүндү. Алар - Абиезер, Хейлек, Асриел, Шехем, Хейпер, Шемит үй-бүлөлөрү. Жусуптун уулу Менашенин эркек балдарынан тараган үй-бүлөлөр ушулар.

3 Менашенин уулу Махирдин, Махирдин уулу Гилаттын, Гилаттын уулу Хейпердин, Хейпердин уулу Салапаттын эркек балдары жок эле, кыздары гана болгон. Анын кыздарынын аттары: Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса.

4 Алар ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана башчыларга келип, мындай дешти: <Бизге бир туугандарыбыз менен бирге үлүш берсин деп, Теңир Мусага буйруган эле>. Ошондо Теңирдин буйругу боюнча аларга атасынын бир туугандарынын үлүшүнүн жанынан үлүш бөлүндү.

5 Менашеге Иордандын аркы өйүзүндөгү Гилат менен Башан жеринен тышкары он үлүш тийди.

6 Анткени Менашенин кыздары үлүштү Менашенин уулдарынын үлүшүнүн жанынан алышты. Гилат жери болсо Менашенин башка уулдарына тийди.

7 Менашенин чек арасы Ашырдан Шекемдин каршысындагы Михметатка кетет. Ал жерден оңго бурулуп, Эйин-Тапуах аймагына кетет.

8 Тапуах жери Менашеге тийди, Менашенин чек арасынын жанындагы Тапуах шаары болсо Эпрайым уулдарына тийди.

9 Ал жерден чек ара Кана дарыясына түштүк тараптан түшөт. Бул шаарлар Менаше шаарларынын арасында жайгашса да, Эпрайымга таандык. Менашенин чек арасы дарыянын түндүк тарабында, чек ара деңиз менен бүтөт.

10 Түштүк тараптагы жер Эпрайымдыкы, түндүк тараптагы жер Менашеники. Деңиз алардын чек арасы болгон. Ал түндүк тараптан Ашыр менен, чыгыш тараптан Исахар менен чектешет.

11 Исахар менен Ашырдын Менашеге таандык болгон жерлери мына булар: Бейт-Шейан жана ага караштуу жерлер, Иблейем жана ага караштуу жерлер, Дорада жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Эйен-Дордо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Таанахта жашоочулар жана ага караштуу жерлер, Мегидодо жашоочулар жана ага караштуу жерлер, ошондой эле Напоттун үчүнчү бөлүгү.

12 Менашенин уулдары бул шаарлардын тургундарын кууп чыга алышкан жок. Ошентип, канаандыктар бул жерде жашап калышты.

13 Ысрайыл уулдары кубаттанган кезде, канаандыктарды салык төлөй турган кылып коюшту, бирок аларды кууп чыгышкан жок.

Жусуптун тукумунун нааразычылыгы

14 Жусуптун уулдары Жашыяга мындай деп айтышты: <Эмне үчүн сен мага бир эле өкчөмө таш ыргытып, бир эле үлүш бөлдүң, менин элим көп, анткени Теңир мага ушинтип батасын берген>.

15 Жашыя аларга мындай деди: <Элиң көп болсо, Эпрайым тоосу сага тардык кылып жатса, периздиктер менен репалыктардын жериндеги токойлорду тазалап ал>.

16 Ошондо Жусуптун уулдары мындай дешти: <Тоо бизге тардык кылат, бирок өрөөндө жашаган канаандыктардын, ошондой эле Бейт-Шейанда жана аларга караштуу жерлерде, Изрейел өрөөнүндө жашагандардын арабалары темирден>.

17 Ошондо Жашыя Жусуптун уулдары Эпрайым менен Менашеге мындай деди: <Сенин элиң көп, күчүң да көп. Сен бир эле үлүш менен чектелип калбайсың.

18 Тоо да, бул токой да сеники болот, сен аны тазалап аласың, бүт токой сеники болот. Канаандыктардын арабалары темирден болсо да, алардын күчү зор болсо да, сен аларды кууп чыгасың>.

18-БӨЛҮМ

1 Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Шилого чогулуп, ал жерге жыйын чатырын орнотушту, анткени ал жерди алар басып алышкан эле.

2 Ысрайыл уулдарынын ичинен өз үлүшүн ала элек жети уруу калган.

3 Жашыя Ысрайыл уулдарына мындай деди: <Ата-бабаңардын Кудай-Теңири силерге берген жерди ээлеп албай, жалкоолонуп жүрө бересиңерби?

4 Ар бир уруудан үчтөн киши жибергиле. Мен аларды жөнөтөм, алар барып, жерди көрүп, кандай бөлүштүрүү керек экенин байкап келишет.

5 Алар жерди жетиге бөлүшсүн. Жүйүт өз жеринде, түштүктө калсын, Жусуптун тукуму болсо өз жеринде, түндүктө калсын.

6 Силер болсо жерди жети үлүшкө бөлүп, чиймесин мага алып келгиле. Мен ушул жерде, Кудай-Теңирибиздин алдында өкчөмө таш ыргытам.

7 Ал эми лебилер үлүш алышпайт, анткени алардын үлүшү - Теңирге ыйык кызмат кылуу. Гат, Рубейин жана Менашенин жарым уруусуна жерди Теңирдин кулу Муса берген. Алар жерди Иордандын аркы өйүзүнөн, чыгыш тараптан алышкан>.

8 Тандалган адамдар орундарынан туруп жөнөп кетишти. Жашыя болсо жердин чиймесин чийип келүүгө жөнөп жаткандарга мындай буйрук берди: <Барып, ал жерди көрүп, чиймесин чийип келгиле. Мен бул жерде, Шилодо, Теңирдин алдында силер үчүн өкчөмө таш ыргытам>.

9 Алар барып, жерди кыдырып көрүштү. Анан анын шаарларынын чиймесин чийип, жерди жети үлүшкө бөлүп, Шилого, стандагы Жашыяга келишти.

10 Жашыя Шилодо, Теңирдин алдында өкчөмө таш ыргытып, Ысрайыл уулдарына жер бөлүштүрүп берди.

Бенжемин уруусунун үлүшү

11 Биринчи өкчөмө таш Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. Өкчөмө таш боюнча алар үлүштү Жүйүттүн уулдары менен Жусуптун уулдарынын үлүштөрүнүн ортосунан алышты.

12 Алардын түндүк тараптагы чек арасы Иордандан башталып, Жерихонун түндүк тарабынан өтүп, батышты карай тоого көтөрүлүп, Бейт-Абен чөлү менен бүтөт.

13 Ал жерден чек ара түштүк тарапка, Лузга, башкача айтканда, Бейтелге кетет да, төмөнкү Бейт-Корондун түштүк тарабындагы Атрот-Адар тоосуна түшөт.

14 Анан чек ара Бейт-Корондун алдындагы тоодон түштүктү карай, деңиз тарапка бурулат да, Кирийат-Баалдын, башкача айтканда, Жүйүт уулдарынын шаары болгон Кирийат-Жейаримдин жанынан бүтөт. Бул - батыш тарабы.

15 Түштүк чек ара Кирийат-Жейаримдин жанынан деңизди карай кетет да, Нептоах сууларынын башатына жетет.

16 Анан чек ара Ином уулунун өрөөнүнүн алдындагы тоонун этегине, репалыктардын өрөөнүнө, түндүккө түшөт, анан Ином өрөөнү менен Жебустун түштүк тарабына түшүп, Эйин-Рогелге кетет.

17 Түндүктөн бурулуп, Эйин-Шемешке кетет, андан ары Адумум дөңсөөсүнүн каршысындагы Гелилотко кетет, анан Рубейин уулунун Боан ташына түшөт.

18 Анан түздүктүн жанынан түндүктү карай өтүп, түздүккө түшөт.

19 Ал жерден чек ара Бейт-Кагланын жанынан түндүккө өтүп, Туздуу деңиздин түндүк булуңунан, Иордандын түштүгүндөгү куйган жеринен бүтөт. Бул - түштүк чек ара. Чыгыш чек арасы Иордан болуп эсептелет.

20 Бенжемин уруусунун туш тараптан курчалган чек аралары ушулар.

21 Бенжемин уруусуна таандык шаарлар: Жерихо, Бейт-Кагла жана Эймек-Кетсис,

22 Бейт-Араба, Семарайым жана Бейтел,

23 Абым, Пара жана Опра,

24 Кепар-Аамонай, Айопни жана Геба. Айыл-кыштактары менен он эки шаар.

25 Гибон, Рама жана Бейрот,

26 Миспе, Кепира жана Мотса,

27 Рекем, Ирпейел жана Тарала,

28 Сейла, Элеп жана Жебус, башкача айтканда, Иерусалим, Гибат жана Кериот. Айыл-кыштактары менен он төрт шаар. Бенжемин уруусунун үлүшү ушул.

19-БӨЛҮМ

Шымон уруусунун үлүшү

1 Экинчи өкчөмө таш Шымон уруусундагы үй-бүлөлөргө түштү. Алардын үлүшү Жүйүт уулдарынын үлүшүнүн ичинде эле.

2 Алардын үлүшүнө киргендер: Бейер-Шеба жана Шеба, Молада,

3 Хатсар-Шуал, Бала жана Атсем,

4 Элтолат, Бетул жана Хорма,

5 Сыклак, Бейт-Амаркабот жана Хатсар-Суса,

6 Бейт-Лебайот жана Шарухен. Айыл-кыштактары менен он үч шаар.

7 Айын, Римон, Этер жана Ашан. Айыл-кыштактары менен төрт шаар.

8 Ошондой эле ушул шаарлардын айланасындагы Баалат-Бейирге же түштүк Рамага чейинки бардык кыштактар Шымон уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша тийди.

9 Шымон уруусундагы үй-бүлөлөргө үлүш Жүйүт уулдарынын үлүшүнөн бөлүндү. Жүйүт уулдарынын үлүшү өтө чоң болгондуктан, Шымон уулдары үлүшүн алардын арасынан алышты.

Забулун уруусунун үлүшү

10 Өкчөмө таш ыргытканда, үчүнчү болуп Забулун уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди. Алардын үлүшүнүн чек арасы Саритке чейин жетти.

11 Алардын чек арасы деңиз тарапка жана Маралага көтөрүлөт да, Дабешетке кетет, Жокнеямдын алдындагы өзөндү карай кетет.

12 Сариттен артка, чыгыш тарапка, күн чыгышка, Кислот-Таборго чейин барат да, андан ары Дабератка кетет, анан Жапияга көтөрүлөт.

13 Ал жерден чыгышка, Гак-Акейперге, Эйит-Катсинге өтөт да, Римонго, Митойарга жана Анейеге кетет.

14 Анан чек ара түндүктөн Ханатонго бурулат да, Иптах-Эл өрөөнү менен бүтөт.

15 Андан ары Катат, Наалал, Шимрон, Идала жана Бейт-Лехем кетет. Айыл-кыштактары менен он эки шаар.

16 Забулун уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

Исахар уруусунун үлүшү

17 Төртүнчү жолу өкчөмө таш ыргытканда, Исахар уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

18 Алардын жери Изрейел, Кесулот жана Шунем,

19 Хапарайым, Шион жана Анахарат,

20 Рабит, Кишион жана Эбез,

21 Ремет, Эйин-Ганим, Эйин-Хада, Бейт-Патсес болду.

22 Анан чек ара Таборго, Шахатсимге, Бейт-Шемешке кетет да, Иордандын жанынан бүтөт. Айыл-кыштактары менен он алты шаар.

23 Исахар уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен айыл-кыштактары ушулар.

Ашыр уруусунун үлүшү

24 Бешинчи жолу өкчөмө таш ыргытканда, Ашыр уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

25 Алардын жери Хелкат, Хали, Бетен жана Акшап,

26 Аламелек, Амат жана Мишал болду. Чек ара батыш тараптан Кармелге жана Шихор-Либнатка кетет.

27 Анан артка, чыгышты карай, Бейт-Дагонго кетет да, Забулун жана Иптах-Эл өрөөнү менен, түндүктөн Бейт-Эймек жана Нейел менен чектешип, Кабулдун сол тарабынан өтөт.

28 Андан ары Эбронго, Рехопко, Хамонго жана Канага, улуу Сидонго чейин кетет.

29 Анан чек ара Рамага, чептүү Тир шаарына бурулат, андан кийин Хосага бурулуп, деңиз боюнан, Аказип деген жерден бүтөт.

30 Андан ары Умага, Апикке жана Рехопко кетет. Айыл-кыштактары менен жыйырма эки шаар.

31 Ашыр уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

Напталы уруусунун үлүшү

32 Алтынчы жолу өкчөмө таш ыргытканда, Напталы уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

33 Алардын чек арасы Хейлептен, Эйлон-Бетсаананимдеги эмендүү токойдон Адамы-Некепке жана Жапнейелге, Лакумга чейин барып, Иордандан бүтөт.

34 Ал жерден чек ара батышка, Азнот-Таборго бурулат да, андан ары Хукокко кетет, түштүктөн Забулун менен, батыштан Ашыр менен, чыгыштан, Иордандан Жүйүт менен чектешет.

35 Чептүү шаарлары: Сидим, Сер, Хамат, Ракат жана Кинерет,

36 Адама, Рама жана Хатсор,

37 Кедеш, Эдрей жана Эйин-Хатсор,

38 Ирон, Мигдал-Эл, Хорем, Бейт-Анат жана Бейт-Шемеш. Айыл-кыштактары менен он тогуз шаар.

39 Напталы уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

Дан уруусунун үлүшү

40 Жетинчи жолу өкчөмө таш ыргытканда, Дан уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша үлүш тийди.

41 Алардын үлүшүнүн чек аралары мындай болду: Сора, Эштаул жана Ир-Шемеш,

42 Шаалабин, Айалон жана Итла,

43 Эйлон, Тимната жана Экрон,

44 Элтекей, Гиптон жана Баалат,

45 Жейут, Беней-Берак жана Гат-Римон,

46 Жапанын жанындагы Мей-Жаркон жана Ракон. Дан уулдарына тийген үлүш алар үчүн аз болуп калды.

47 Ошондуктан Дан уулдары Лешемге кол салып, аны басып алып, элин кылычтап кырышты. Анан ал жерге отурукташып, Лешемдин атын өздөрүнүн атасы Дандын атынан Дан деп аташты.

48 Дан уруусундагы үй-бүлөлөрдүн үлүшү ушул. Алардын шаарлары менен кыштактары ушулар.

Нундун уулу Жашыянын үлүшү

49 Чек аралар боюнча жер бөлүштүрүп бүтүшкөндө, Ысрайыл уулдары өздөрүнүн үлүшүнөн Нундун уулу Жашыяга үлүш беришти.

50 Теңирдин буйругу боюнча ага өзү сураган Эпрайым тоосундагы Тимнат-Серах шаарын беришти. Жашыя ал шаарды куруп, анда жашады.

51 Ыйык кызмат кылуучу Элазар, Нундун уулу Жашыя жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары Шилодо, жыйын чатырынын алдында, Теңирдин алдында өкчөмө таш ыргытып, Ысрайыл уулдарынан тараган урууларга бөлүштүрүп берген үлүштөр ушулар. Ошентип, жерди бөлүштүрүп бүтүштү.

20-БӨЛҮМ

Баш калкалай турган шаарлар

1 Анан Теңир Жашыяга мындай деди:

2 <Ысрайыл уулдарына айт: "Мен силерге Муса аркылуу айткандай, баш калкалай турган шаарларды тандагыла.

3 Атайын эмес, жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган адам ал шаарга качып барып, кан кууган адамдан жашынсын.

4 Бул шаарлардын бирине качып барган адам шаар дарбазасынын алдына туруп, кылган ишин ал шаардын аксакалдарына угуза айтып берсин. Ошондо алар аны шаарга кабыл алышат да, ага жашап тургудай жай беришет.

5 Анын артынан кан кууган адам келгенде, алар киши өлтүргөн адамды анын колуна салып беришпесин, анткени ал өз жакынын атайылап өлтүргөн эмес, аны менен касташкан эмес.

6 Ал жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, ошол учурдагы башкы ыйык кызмат кылуучунун көзү өткөнгө чейин ошол шаарда жашап турсун. Ошондон кийин гана киши өлтүргөн адам качып чыккан өз шаарына, өз үйүнө кайтсын">.

7 Ошондо алар Напталы тоосундагы, Галилеядагы Кедешти, Эпрайым тоосундагы Шекемди, Жүйүт тоосундагы Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Хебронду,

8 Иордандын чыгыш тарабындагы, Жерихонун жанындагы, Рубейин уруусуна тиешелүү чөлдөгү, түздүктөгү Бетсерди, Гат уруусуна тиешелүү Гилаттагы Рамотту, Менаше уруусуна тиешелүү Башандагы Голанды бөлүштү.

9 Бул шаарлар жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган ысрайылдык болобу, келгин болобу, качып барып баш калкалашы үчүн, жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, кан кууган адам аны өлтүрүп койбошу үчүн дайындалган.

21-БӨЛҮМ

Лебилердин үлүшү

1 Леби уулдарынын башчылары ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын башчыларына келишип,

2 Канаан жериндеги Шилодо аларга мындай дешти: <Бизге жашаганга шаар, малыбызга шаардын тегерек-четинен жайыт берүүнү Теңир Мусага буйруган>.

3 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча лебилерге өз үлүштөрүнөн мына бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

4 Өкчөмө таш Каат уулдарына түштү. Өкчөмө таш боюнча ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдары лебилерге Жүйүт, Шымон, Бенжемин урууларынан он үч шаар тийди.

5 Ал эми Кааттын калган уулдарына өкчөмө таш боюнча Эпрайым, Дан урууларынан, Менашенин жарым уруусунан он шаар тийди.

6 Гейиршондун уулдарына өкчөмө таш боюнча Исахар, Ашыр, Напталы урууларынан жана Менашенин Башандагы жарым уруусунан он үч шаар тийди.

7 Мерари уулдарына үй-бүлөлөрүнө жараша Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан он эки шаар тийди.

8 Теңир Муса аркылуу буйругандай, өкчөмө таш боюнча Ысрайыл уулдары лебилерге бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

9 Жүйүт уруусунан, Шымон уруусунан төмөндө аттары аталган шаарлар берилди:

10 Өкчөмө таш биринчи түшкөндүктөн, Леби уруусуна, Кааттын тукуму Арундун уулдарына,

11 Анактын атасынын атынан аталган Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Жүйүт тоосундагы Хебронду жана анын айланасындагы жерлерди беришти.

12 Бул шаардын талаасы менен кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.

13 Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдарына киши өлтүргөн адам баш калкалай турган шаарларды: Хеброн шаарын жана анын тегерек-четин, Либнаны жана анын тегерек-четин,

14 Жатирди жана анын тегерек-четин, Эштемону жана анын тегерек-четин,

15 Холонду жана анын тегерек-четин, Дебирди жана анын тегерек-четин,

16 Айынды жана анын тегерек-четин, Утаны жана анын тегерек-четин, Бейт-Шемешти жана анын тегерек-четин беришти. Ошентип, эки уруунун тогуз шаарын беришти.

17 Ал эми Бенжемин уруусунан: Гибонду жана анын тегерек-четин, Гебаны жана анын тегерек-четин,

18 Анатотту жана анын тегерек-четин, Алманды жана анын тегерек-четин: төрт шаарды беришти.

19 Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга бардыгы болуп, тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

20 Кааттын уулдары лебилерге, Кааттын калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча Эпрайым уруусунан шаарлар тийди.

21 Аларга киши өлтүргөндөр баш калкалай турган шаарларды: Эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын тегерек-четин, Гезерди жана анын тегерек-четин,

22 Кипсайимди жана анын тегерек-четин, Бейт-Коронду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

23 Дан уруусунан Элтекейди жана анын тегерек-четин, Гиптонду жана анын тегерек-четин,

24 Айалонду жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

25 Менашенин жарым уруусунан эки шаар: Таанахты жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин беришти.

26 Каат уулдарынын калган үй-бүлөлөрүнө бардыгы болуп, тегерек-чети менен он шаар тийди.

27 Ал эми Леби уруусундагы Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусуна таандык, киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Башандагы Голан шаарын жана анын тегерек-четин, Бейештераны жана анын тегерек-четин беришти.

28 Исахар уруусунан Кишионду жана анын тегерек-четин, Дабератты жана анын тегерек-четин,

29 Жармутту жана анын тегерек-четин, Эйин-Ганимди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

30 Ашыр уруусунан Мишалды жана анын тегерек-четин, Абдонду жана анын тегерек-четин,

31 Хелкатты жана анын тегерек-четин, Рехопту жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

32 Напталы уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Галилеядагы Кедеш шаарын жана анын тегерек-четин, Хамот-Дорду жана анын тегерек-четин, Картанды жана тегерек-четин, бардыгы болуп үч шаар беришти.

33 Гейиршон уруусуна үй-бүлөлөрүнө жараша бардыгы болуп тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

34 Мерари уулдарынын үй-бүлөлөрүнө, калган лебилерге Забулун уруусунан Жокнеямды жана анын тегерек-четин, Карпаны жана анын тегерек-четин,

35 Димнаны жана анын тегерек-четин, Наалалды жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

36 Рубейин уруусунан Бетсерди жана анын тегерек-четин, Жаасты жана анын тегерек-четин,

37 Кедемотту жана анын чет жакасын, Мейпаатты жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

38 Гат уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Гилаттагы Рамот шаарын жана анын тегерек-четин, Маханайимди жана анын тегерек-четин,

39 Кешпонду жана анын тегерек-четин, Жазерди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

40 Мераринин уулдарына, Леби уруусунун калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча бардыгы болуп он эки шаар тийди.

41 Ысрайыл уулдарынын үлүшүнүн ичинен лебилерге бардыгы болуп кырк сегиз шаар тегерек-чети менен тийди.

42 Бул шаарлардын ар биринин тегерек-четинде жайыттар болгон.

43 Ошентип, Теңир Ысрайыл уулдарына алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерлердин бардыгын берди. Алар ал жерлерди мурастап, отурукташып калышты.

44 Теңир алардын ата-бабаларына убада кылгандай, тынч жашоо берди. Кас душмандарынын эч кимиси аларга каршылык көрсөткөн жок. Теңир алардын колуна бардык душмандарын салып берди.

45 Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен эч бир сөзү аткарылбай калган жок, бардыгы аткарылды.

22-БӨЛҮМ

Үч уруунун курмандык чалынуучу жай курушу

1 Ошондо Жашыя Рубейин, Гат урууларын, Менашенин жарым уруусун чакырып алып, мындай деди:

2 <Кудай-Теңирдин кулу Муса силерге эмнени буйруса, бардыгын орундаттыңар, мен силерге эмнени буйрусам, бардыгын аткардыңар.

3 Бир туугандарыңарды бүгүнкүгө чейин, көп күндөр бою таштаган жоксуңар жана Кудай-Теңириңердин буйругу боюнча эмне кылуу керек болсо, ошонун бардыгын кылдыңар.

4 Кудай-Теңириңер бир туугандарыңарга убада кылгандай, азыр алардын көңүлүн тынчытты. Эми артыңарга кайрылып, Теңирдин кулу Муса берген Иордандын аркы өйүзүндөгү жерге, өз чатырларыңарга, өзүңөрдүн жериңерге баргыла.

5 Болгону, Теңирдин кулу Муса берген мыйзамдар менен осуяттарды так аткарууга аракет кылгыла. Кудай-Теңириңерди сүйгүлө, Анын жолдору менен жүргүлө, Анын осуяттарын аткаргыла, Ага жабышкыла, Ага чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен кызмат кылгыла>.

6 Анан Жашыя аларга батасын берип коё берди, алар өз чатырларына жөнөп кетишти.

7 Менаше уруусунун биринчи жарымына үлүштү Муса берген, алар Башандан жер алышкан. Экинчи жарымына үлүштү Жашыя бөлүп берди, алар Иордандын берки өйүзүнөн, батыш тарабынан жер алышты. Жашыя аларга да батасын берип, өз чатырларына коё берди.

8 Жашыя аларга мындай деди: <Өз чатырларыңарга көп байлык, өтө көп мал, алтын, күмүш, жез, темир, абдан көп кийим-кече менен кайтып бара жатасыңар. Душманыңардан түшкөн олжону бир туугандарыңар менен бөлүшкүлө>.

9 Ошондо Рубейин, Гат уруулары, Менашенин жарым уруусу Канаан жериндеги Шилодон Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча үлүштөрүнө тийген Гилат жерине жол тартышты.

10 Канаан жериндеги Иордандын жанына жеткенде, Рубейин, Гат уулдары, Менашенин жарым уруусу Иордандын жанына алыстан караганда эле көрүнө турган, чоң курмандык чалынуучу жай курушту.

11 Ысрайыл уулдары <Рубейиндин, Гаттын уулдары жана Менашенин жарым уруусу Ысрайыл уулдарына караштуу Канаан жериндеги Иордандын жанына курмандык чалынуучу жай курушту> деген сөздү угушту.

12 Муну угушканда, алар менен согушуу үчүн, Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Шилого чогулду.

13 Ысрайыл уулдары Рубейин, Гат уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна, Гилат жерине Элазардын уулу, ыйык кызмат кылуучу Пинехасты жөнөтүштү.

14 Аны менен кошо Ысрайылдын бардык урууларынан бирден уруу башчы чыгарып, он уруу башчы жөнөтүштү. Алардын баары миңдеген ысрайылдыктардан тандалган башчылар эле.

15 Анан алар Гилат жериндеги Рубейиндин, Гаттын уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна келишип, мындай деп айтышты:

16 <Теңирдин бүт жамааты мындай деп айтып жатат: "Эмне үчүн силер Ысрайылдын Кудайынын алдында ушундай күнөө кылдыңар? Эмне үчүн силер Теңирден четтеп, өзүңөргө курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге каршы чыктыңар?

17 Эмне, бизге Пейордун мыйзамсыздыгы аздык кылып жатабы? Андан ушул күнгө чейин тазалана элекпиз го. Теңирдин жамааты ошол үчүн кыргынга учурабады беле!

18 Силер болсо бүгүн Теңирден баш тартып жатасыңар! Силер бүгүн Теңирге каршы чыгып жатасыңар. Эртең Теңир Ысрайылдын бүт жамаатына каарын төгөт.

19 Эгерде үлүшүңөргө тийген жерлер силерге таза эмес сезилип жатса, анда Теңирдин жыйын чатыры турган Теңирдин жерине келгиле да, биздин арабыздан жер алгыла, бирок өзүңөргө Кудайыбыздын курмандык чалынуучу жайынан башка курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге каршы чыкпагыла, бизге каршы чыкпагыла.

20 Зерактын уулу Ахан каргышка калганды алып, жалгыз өзү эле кылмыш кылса да, каар жалпы Ысрайыл жамаатына төгүлбөдү беле? Өз мыйзамсыздыгы үчүн ал өзү эле өлгөн жок">.

21 Ошондо Рубейиндин, Гаттын уулдары, Менашенин жарым уруусу буга жооп кылып, миңдеген ысрайылдыктардын башчыларына мындай дешти:

22 <Кудайлардын Кудайы, Теңир, кудайлардын Кудайы, Теңир, билет, Ысрайыл да билсин! Эгерде биз Теңирге каршы чыгып, Андан четтеп жаткан болсок, анда ушул күнү Теңир бизди аябасын!

23 Эгерде биз курмандык чалынуучу жайды Теңирден баш тартыш үчүн, анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыгын чалыш үчүн курган болсок, анда бизди Теңир Өзү жазаласын!

24 Биз аны коркконубуздан, кийин силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: "Ысрайылдын Кудай-Теңири менен силердин жалпылыгыңар жок!

25 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдары, ортобузга Теңир чек катары Иорданды койбоду беле, Теңирге силердин тиешеңер жок!" - деп айтпашы үчүн курдук. Силердин балдарыңар биздин балдарыбыздын Теңирге табынуусуна ошентип жол беришмек эмес.

26 Ошондуктан биз мындай чечкенбиз: курмандык чалынуучу жай куралы, бирок бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды чалуу үчүн эмес.

27 Ал биз менен силердин, биздин тукумубуз менен силердин тукумуңардын ортосунда Теңирге бүтүндөй өрттөлүүчү, ыраазычылык билдирүү жана башка курмандыктарыбыз менен кызмат кыла аларыбызга күбө болуп турушу үчүн, кийин силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: "Теңирге силердин тиешеңер жок", - деп айтпашы үчүн курулду.

28 Бизге жана биздин кийинки укум-тукумубузга ошентип айта турган болушса, анда алар: "Өзүңөр көрүп турган, Теңирдин курмандык чалынуучу жайына окшош бул курмандык чалынуучу жайды биздин ата-бабаларыбыз бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды чалуу үчүн эмес, бирок силер менен биздин ортобузга күбө болушу үчүн курган", - деп айтышат.

29 Теңирге каршы чыкпай калалы, Теңирден четтебей калалы, Анын жыйын чатырынын алдында турган курмандык чалынуучу жайдан башка, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, тынчтык курмандыгы жана башка курмандыктар чалынуучу жай курбай калалы>.

30 Рубейиндин, Гаттын уулдары менен Менашенин жарым уруусу айткан бул сөздөрдү ыйык кызмат кылуучу Пинехас, анын жанындагы жамаат башчылары жана миңдеген ысрайылдыктардын башчылары туура көрүштү.

31 Элазардын уулу, ыйык кызмат кылуучу Пинехас Рубейиндин, Гаттын уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна мындай деди: <Теңир биздин арабызда экенин, силер Теңирдин алдында бул күнөөнү кылбаганыңарды бүгүн билдик. Силер Ысрайыл уулдарын Теңирдин жазасына дуушар кылган жоксуңар>.

32 Элазардын уулу ыйык кызмат кылуучу Пинехас менен башчылар Рубейин уулдары менен Гат уулдарынан Канаан жериндеги Ысрайыл уулдарына ушул жоопту алып келишти.

33 Ысрайыл уулдары муну туура көрүштү, Ысрайыл уулдары Кудайды даңкташты, Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын жерин чаап алуу жөнүндөгү ойлорунан кайтышты.

34 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдары: <Бул курмандык чалынуучу жай алар менен биздин ортобузда Теңир биздин Кудайыбыз экенине күбө>, - деп, аны Эйт деп аташты.

23-БӨЛҮМ

Нундун уулу Жашыянын элге акыркы жолу берген буйруктары

1 Теңир Ысрайыл уулдарын туш тараптагы бардык душмандарынан куткарып, тынчтандыргандан кийин, көп мезгил өттү. Жашыя абдан карып калды.

2 Жашыя Ысрайылдын бүт жамаатын, алардын аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алып, аларга мындай деди: <Мен карып калдым.

3 Кудай-Теңириңер ушул турган элдерди силердин алдыңарда эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр, анткени Кудай-Теңириңер силер үчүн Өзү салгылашты.

4 Мен Иордандан батыштагы улуу деңизге чейинки элдердин бардыгын кырып, калган элди силердин укум-тукумуңарга өкчөмө таш боюнча бөлүп бердим.

5 Кудай-Теңириңер силерге айткандай, алардын жерлерин мурастап калышыңар үчүн, Кудай-Теңириңер Өзү аларды алдыңардан кууп чыгып, силердин көз алдыңарда жок кылат.

6 Ошондуктан Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын бардыгын так сактап, так аткарууга аракет кылгыла, андан оңго да, солго да бурулбагыла.

7 Араңарда калып калган элдер менен байланышпагыла, алардын кудайларын эскербегиле, аттарын атабагыла, аларга кызмат кылбагыла, табынбагыла,

8 бирок бүгүнкү күнгө чейин жабышып келгениңердей, Кудай-Теңириңерге жабышкыла.

9 Теңир көп сандаган күчтүү элдерди силердин алдыңардан кууп чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин силерге эч ким туруштук бере алган жок.

10 Бирөөңөр эле миңди кубалайсыңар, анткени Кудай-Теңириңер Өзү айткандай, силер үчүн Өзү күрөшүп жатат.

11 Ошондуктан Кудай-Теңириңерди бүт күчүңөр менен сүйүүгө аракет кылгыла.

12 Эгерде силер Теңирден баш тартып, араңарда калган бул элдер менен катышып, кыз алышып, кыз беришип, силер аларга, алар силерге келе турган болсо,

13 анда билип койгула: Кудай-Теңириңер бул элдерди араңардан кууп чыкпайт, алар силерге жайылган тор, мойнуңарга салынган сыйыртмак болот, Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силер кырылып калмайынча, алар жонуңарга камчы, көзүңөргө тикенек болот.

14 Жарык дүйнө менен коштошорума аз калды. Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок.

15 Бирок Кудай-Теңириңер силерге айткан бардык жакшы сөздөрүн кандай аткарып келсе, бардык жаман сөздөрүн да Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силерди жок кылмайынча, ошондой аткарат.

16 Эгерде Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин бузуп, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетсеңер, анда Теңир силерге каарданат, силер Теңир берген бул берекелүү жерде бат эле кырылып жок болосуңар>.

24-БӨЛҮМ

Нундун уулу Жашыянын керээзи жана көз жумушу

1 Анан Жашыя Ысрайылдын бардык урууларын Шекемге чогултту, Ысрайыл аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алды, бардыгы Теңирдин алдында турду.

2 Анан Жашыя чогулган бардык элге мындай деди: <Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: "Силердин ата-бабаларыңар, Ыбрайым менен Нахордун атасы Терах эзелтен эле дарыянын аркы өйүзүндө жашап, башка кудайларга кызмат кылып келишкен.

3 Бирок Мен силердин атаңар Ыбрайымды дарыянын аркы өйүзүнөн чакырып алып, бүткүл Канаан жерин кыдыртып, ага Ыскакты берип, тукумун көбөйттүм.

4 Ыскакка Жакып менен Эйсапты бердим. Эйсапка Мен Сеир тоосун мурас кылып бердим. Жакып болсо уулдары менен Мисирге көчүп кетти.

5 Анан Мен Муса менен Арунду жиберип, Мисирди катуу жазалар менен кыйраттым, силерди ал жерден алып чыктым.

6 Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыктым, силер Кызыл деңизге келдиңер. Ошондо мисирликтер ата-бабаларыңардын артынан майдан арабалары жана атчан аскерлери менен Кызыл деңизге чейин кууп келишти.

7 Бирок алар Теңирге зар какшап ыйлашты, Ал силер менен мисирликтердин ортосуна караңгылык каптатып, аларды деңизге чөктүрдү. Мисирде Менин эмне кылганымды силер өз көзүңөр менен көргөнсүңөр. Анан силер көп убакыт чөлдө болдуңар.

8 Анан Мен силерди Иордандын ары жагында жашаган аморлуктардын жерине алып келдим. Алар силер менен салгылашышты, бирок Мен аларды силердин колуңарга салып бердим, силер алардын жерин мурастап, үлүшкө алдыңар, Мен аларды силердин көз алдыңарда кырдым.

9 Маап падышасы Сипордун уулу Балак Ысрайылга каршы согушка аттанды, чабарман чаптырып, силерди каргатыш үчүн, Бейордун уулу Биламды чакыртты.

10 Бирок Мен Биламды уккум келген жок, ал силерге батасын берди, Мен силерди анын колунан куткардым.

11 Силер Иордандан өтүп, Жерихого келдиңер. Жерихонун тургундары болгон аморлуктар, периздиктер, канаандыктар, хеттиктер, гиргештиктер, хибиликтер, жебустуктар силерге каршы согушка чыгышты. Бирок Мен аларды силердин колуңарга салып бердим.

12 Мен силердин алдыңардан чоң аарыларды жибердим, чоң аарылар аларды силердин алдыңардан кууп чыгышты. Аморлуктардын эки падышасын кылычыңар менен, жааңар менен кууп чыккан жоксуңар.

13 Мен силерге өзүңөр иштетпеген жерди, өзүңөр курбаган шаарларды бердим, силер ошол шаарларда жашап жатасыңар, өзүңөр отургузбаган жүзүмзарлар менен зайтун бактарынын мөмөлөрүн жеп жатасыңар".

14 Ошондуктан Кудай-Теңирден коркуп, Ага чын жүрөктөн, ак дилден кызмат кылгыла. Дарыянын аркы өйүзүндө жана Мисирде силердин ата-бабаларыңар кызмат кылган кудайлардан баш тарткыла, өз Теңириңерге кызмат кылгыла.

15 Эгерде Кудайга кызмат кылгыңар келбесе, анда азыр кимге кызмат кылууну тандап алгыла, дарыянын аркы өйүзүндө ата-бабаларыңар кызмат кылган кудайларга кызмат кыласыңарбы же силер жеринде жашап жаткан аморлуктардын кудайларына кызмат кыласыңарбы, тандагыла. Мен жана менин үй-бүлөм болсо Теңирге кызмат кылабыз>.

16 Эл мындай деп жооп берди: <Жок, андай болбойт, Теңирди таштап, башка кудайларга кызмат кылбайбыз!

17 Анткени Кудай-Теңирибиз бизди жана биздин ата-бабаларыбызды Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыгып, биздин көз алдыбызда чоң кереметтерди көрсөтүп, бизди өткөн бардык жолдорубузда сактады, бизди бардык элдерден сактады.

18 Теңир биздин алдыбыздан бардык элдерди жана бул жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыкты. Ошондуктан биз да Теңирге кызмат кылабыз, анткени Ал биздин Кудайыбыз>.

19 Ошондо Жашыя элге мындай деди: <Теңирге кызмат кыла албайсыңар, анткени Ал - ыйык Кудай, кызганчаак Кудай, Ал силердин мыйзамсыздыктарыңар менен күнөөлөрүңөргө чыдабайт.

20 Эгерде силер Кудай-Теңирди таштап, башка кудайларга кызмат кыла турган болсоңор, Ал буга чейин силерге жакшылык кылып келсе да, башыңарга мүшкүл түшүрүп, кырып салат>.

21 Эл Жашыяга мындай деди: <Жок, биз Кудай-Теңирге кызмат кылабыз>.

22 Жашыя элге мындай деди: <Силер Кудай-Теңирге кызмат кылууну тандап алдыңар, өзүңөргө өзүңөр күбөсүңөр>. Алар: <Ооба, өзүбүзгө өзүбүз күбөбүз>, - дешти.

23 <Андай болсо башка кудайларыңардан баш тартып, жүрөгүңөрдү Ысрайылдын Кудай-Теңирине бургула>.

24 Ошондо эл Жашыяга мындай деди: <Кудай-Теңирибизге кызмат кылабыз, Анын үнүнө кулак салабыз>.

25 Ошол күнү Жашыя эл менен келишим түзүп, Шекемде аларга көрсөтмөлөр менен мыйзам берди.

26 Жашыя бул сөздөрдү Кудайдын мыйзам китебине жазды да, бир чоң ташты алып, Теңирдин ыйык жайынын жанында өскөн эмен дарагынын түбүнө койду.

27 Анан Жашыя бүткүл элге: <Мына бул таш бизге күбө болот, анткени ал Теңирдин бизге айткан сөздөрүнүн баарын укту. Эгерде Кудайыңардан баш тартсаңар, ал силерге каршы күбө болот>, - деди.

28 Анан Жашыя элди, ар бирин өз жерине коё берди.

29 Ошондон кийин Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумду.

30 Аны өз жерине, Гааш тоосунан түндүккө карай кеткен Эпрайым тоосундагы Тимнат-Серахка коюшту.

31 Ысрайыл уулдары Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган бардык иштерин көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышты.

32 Ысрайыл уулдары Жусуптун сөөгүн Мисирден алып чыгып, Шекем талаасындагы жерге көмүшкөн. Ал жерди Жакып Шекемдин атасы Хамордун уулдарынан жүз кеситага сатып алган. Кийин ал жер Жусуптун уулдарынын үлүшүнө тийген.

33 Ошондон кийин Арундун уулу Элазар да көз жумду, аны уулу Пинехастын үлүшүнө тийген Эпрайым тоосундагы Гибага коюшту.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz