Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

БАШКАРУУЧУЛАР

1-БӨЛҮМ

Жүйүт менен Шымондун канаандыктар менен болгон согуштары

1 Жашыя көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирден: «Канаандыктар менен согушууга бизден ким биринчи болуп барат?» – деп сурашты.

2 Теңир аларга: «Жүйүт барат. Мен жерди анын колуна берип жатам», – деди.

3 Жүйүт болсо өзүнүн бир тууганы Шымонго: «Мени менен бирге согушканы бар, канаандыктар менен согушабыз. Анан мен сени менен бирге согушканы барам», – деди. Ошентип, Шымон аны менен кетти.

4 Жүйүт согушка жөнөдү. Теңир канаандыктар менен периздиктерди алардын колуна салып берди. Ошентип, алар Безекте алардын он миң адамын кырышты.

5 Безекте алар Адону-Безек менен беттешип, салгылашып, канаандыктар менен периздиктерди талкалашты.

6 Адону-Безек качып жөнөдү, бирок алар артынан кууп жетип, кармап алышты да, анын колу менен бутунун баш бармактарын кесип салышты.

7 Ошондо Адону-Безек: «Колдору менен буттарынын баш бармактары кесилген жетимиш падыша менин үстөлүмдүн астынан күкүм терип жешчү. Мен кандай кылсам, Кудай мени так ошондой жазалады», – деди. Аны Иерусалимге алып келишти, ал ошол жерде өлдү.

8 Жүйүттүн уулдары Иерусалимге каршы согуш ачып, аны багынтып, элин кылычтап кырып, шаарды өрттөп жиберишти.

9 Анан Жүйүттүн уулдары тоодо, түштүктө жана ойдуң жерлерде жашаган канаандыктар менен согушууга жөнөштү.

10 Анан Жүйүт Хеброндо жашаган (Хеброндун мурунку аты Кирийат-Арба болчу) канаандыктарга кол салып, Шейшайды, Акиманды, Талмайды өлтүрдү.

11 Ал жерден ал Дебирдин тургундарына каршы жөнөдү. Дебирдин мурунку аты Кирийат-Сейпер болчу.

12 Ошондо Калеп: «Ким Кирийат-Сейперди талкалап, аны басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем», – деди.

13 Ал жерди Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

14 Кыз узай турган болгондо, Отниел ага атаңдан жер сура деп үйрөтүп койду, ошондо ал эшектен түштү. Калеп кызынан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

15 Акса атасына: «Батаңды бер, сен мага түштүк жерин бердиң, суу башаттарын да бер», – деди. Калеп кызына жогору жактагы башатты да, төмөн жактагы башатты да берди.

16 Мусанын кайын атасы кейни Итронун уулдары Жүйүттүн уулдары менен Курма шаарынан чыгып, Араттын түштүгүндөгү Жүйүт чөлүнө барышты да, эл арасына отурукташып калышты.

17 Жүйүт бир тууганы Шымон менен барып, Сепатта жашаган канаандыктарды кыйратты. Ошондон улам бул шаар Хорма деп аталып калган.

18 Жүйүт ошондой эле Азаны, Ашкелонду, Экронду тегерек-чети менен басып алды.

19 Теңир Жүйүт менен болду, ал тоо аймагын ээлеп алды. Бирок өрөөндө жашагандарды кууп чыга алган жок, анткени алардын темирден жасалган майдан арабалары бар эле.

20 Муса айткандай, Калепке Хебронду беришти. Калеп ал жерден Анактын үч уулун кууп чыкты.

21 Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Бенжемин уулдары кууп чыгышкан жок. Жебустуктар Бенжемин уулдары менен Иерусалимде бүгүнкү күнгө чейин бирге жашашат.

Эпрайым жана Менаше урууларынын Бейтелди басып алышы

22 Ошондой эле Жусуптун уулдары да Бейтелге каршы аттанышты, Теңир алар менен болду.

23 Жусуптун уулдары Бейтелди карап чыгышты (шаардын мурдагы аты Луз эле).

24 Сакчылар шаардан келе жаткан адамды көрүп, ага: «Бизге шаарга кире турган жерди көрсөтүп берсең, сага ырайым кылабыз», – дешти.

25 Ал шаарга кире турган жерди көрсөтүп берди, алар шаарды кылычтап кыйратышты да, тиги кишини урук-туугандары менен коё беришти.

26 Ал киши хеттиктердин жерине барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

Канаандыктарды кууп чыкпаган Ысрайыл уруулары

27 Менаше Бейт-Шейанда, Таанахта, Дордо, Иблейемде, Мегидодо жана алардын карамагындагы шаарларда жашаган элдерди кууп чыккан жок. Ошентип, канаандыктар ошол жерлерде кала беришти.

28 Ысрайыл күч алганда, канаандыктарга салык төлөтүп койду, бирок аларды кууп чыккан жок.

29 Эпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында, Гезерде жашап калышты.

30 Забулун да Китрон менен Налолдун тургундарын кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында жашап, салык төлөп калышты.

31 Ашыр да Аконун, Сидондун, Аклаптын, Аказиптин, Хелбанын, Апиктин жана Рехоптун тургундарын кууп чыккан жок.

32 Ашыр ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды, анткени аларды кууп чыккан жок.

33 Напталы да Бейт-Шемештин, Бейт-Анаттын тургундарын кууп чыккан жок. Ал ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды. Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундары ага салык төлөп калышты.

34 Аморлуктар Дан уулдарын өрөөнгө түшүрбөй, тоого сүрүп салышты.

35 Аморлуктар Херес тоосунда, Айалондо, Шаалбимде жашап калышты, бирок Жусуптун уулдары аморлуктарды багындырып алышты. Аморлуктар аларга салык төлөп калышты.

36 Аморлуктардын жери Акрабым дөңсөөсүнөн жана Селадан жогору карай кетет.

2-БӨЛҮМ

Теңирдин периштеси Бохимде

1 Теңирдин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерге алып келип: “Мен силер менен түзгөн келишимимди түбөлүккө бузбайм.

2 Силер болсо бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө, алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла”, – деп айттым эле. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койдуңар. Эмне үчүн мындай кылдыңар?

3 Ошондуктан Мен: “Аларды араңардан кууп чыкпайм, алар силер үчүн сыйыртмак болот, алардын кудайлары силер үчүн жайылган тор болот”, – деп айтам».

4 Теңирдин периштеси Ысрайыл уулдарына ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлап жиберди.

5 Ошондуктан ал жерди Бохим деп аташат. Ал жерде алар Теңирге курмандык чалышты.

Ысрайылдын Кудайдан четтеши

6 Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары өз энчисине тийген жерлерди ээлегени жөнөшкөн.

7 Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу.

8 Бирок Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумуп,

9 аны өз энчисине тийген жерге, Гааш тоосунан түндүктү карай кеткен Эпрайым тоосундагы Тимнат-Хереске коюшкандан кийин,

10 бул эл ата-бабалары жаткан жайга кеткенден кийин, алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин,

11 Ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштады.

12 Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларга, алардын айланасында жашаган элдердин кудайларына кайрылып, ошолорго табынып, Теңирди каардантышты.

13 Теңирди таштап, Баал менен Ашейрага кызмат кыла башташты.

14 Теңир Ысрайылга каарданып, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Аларды талап-тоношту. Аларды айланасындагы душмандардын колуна салып берди, алар кас душмандарына туруштук бере албай калышты.

15 Алар кайда барбасын, Теңир аларга айткандай, Теңир аларга ант бергендей, Теңирдин колу бардык жерде аларга каршы турду. Алардын абалы өтө оор болду.

Башкаруучулардын коюлушу

16 Ошондо Теңир аларга башкаруучуларды коюп турду. Башкаруучулар аларды талап-тоноочулардан куткарып турушту.

17 Бирок алар башкаруучуларды да укпай, башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, Теңирдин осуяттарын аткарган ата-бабаларынын жүргөн жолунан тез эле четтеп кетишти, осуяттарды аткарышкан жок.

18 Теңир аларга башкаруучуларды коюп турган, Теңир Өзү башкаруучу менен болуп, башкаруучунун көзү тирүүсүндө аларды кас душмандарынан куткарып турган, анткени аларды эзип, кысымга алышканда, Теңир алардын зар-муңун угуп аяган.

19 Бирок башкаруучунун көзү өтөрү менен, алар кайра эле башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышкан. Алар өжөрлөнүп, жаман иштерин токтотушкан эмес.

Теңирдин каары

20 Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, мындай деген: «Ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушканы үчүн, Менин үнүмдү угушпаганы үчүн,

21 Жашыя өлөр алдында калтырып кеткен элдердин бирин да Мен булардын арасынан кууп чыкпайм.

22 Анткени алар аркылуу Ысрайылды ата-бабалары жүргөн Теңирдин жолу менен жүрүшөбү же жүрүшпөйбү деп сынайм».

23 Теңир бул элдерди калтырып койгон, аларды дароо кууп чыккан эмес, Жашыянын колуна салып берген эмес.

3-БӨЛҮМ

Куулуп чыгарылбаган элдер

1 Теңир канаандыктар менен болгон согуштар тууралуу билбеген Ысрайыл уулдарынын кийинки муундарын сыноо үчүн,

2 алар согушканды үйрөнүшү үчүн, мына бул элдерди калтырган:

3 пелиштиликтердин беш төрөсү, бардык канаандыктар, сидондуктар жана Баал-Хермон тоосунан Хаматтын кире беришине чейинки Лебанон тоосунда жашаган хибилер.

4 Алар ысрайылдыктарды сыноо үчүн, Теңирдин Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуятына алардын баш иер-ийбесин билиш үчүн калтырылган.

5 Ысрайыл уулдары канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап калышты.

6 Анан алардын кыздарын аялдыкка алып, өздөрүнүн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.

Отниел

7 Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында жаман иш кылышты: өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты.

8 Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, аларды Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.

9 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларга куткаруучуну койду, аларды куткарган Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел болчу.

10 Теңирдин Руху анын үстүндө эле. Ал Ысрайылга башкаруучу болду. Ал согушка аттанды, Теңир анын колуна Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымды салып берди, ал Кушан-Ришатайымды багынтып алды.

11 Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду. Кеназдын уулу Отниел көз жумду.

Эйут

12 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты. Теңирдин алдында жаман иштерди кылышкандыгы үчүн, Теңир Маап падышасы Эглонго ысрайылдыктар менен согушууга күч берди.

13 Ал амондуктар менен амалыктыктарды топтоду да, Ысрайылга кол салып, аны багындырып, Курма шаарын ээлеп алды.

14 Ысрайыл уулдары Маап падышасы Эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты.

15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларды куткарууга Бенжемин уруусунан Гейранын уулу, куткаруучу сологой Эйутту койду. Ысрайыл уулдары Эйуттан Маап падышасы Эглонго белек берип жиберишти.

16 Эйут узундугу чыканактай, кош миздүү кылыч жасап алып, чапанынын ичине, оң жамбашына байлады.

17 Ал белекти Маап падышасы Эглонго алып барып берди. Эглон өтө семиз киши эле.

18 Эйут Эглонго белектерди тартуулагандан кийин, Эглон белек алып келген кишилерди чыгарып жиберди.

19 Эйут болсо Гилгалда турган таш буркандарга барып, ал жерден кайра кайтып келип: «Падыша, сага айта турган жашыруун сөзүм бар», – деди. Падыша ага: «Акырын!» – деди. Ошондо алдында тургандардын бардыгы чыгып кетишти.

20 Эйут анын жанына келди. Ал өзүнүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган эле. Анан Эйут: «Сага айта турган Кудайдын сөзү бар», – деди. Эглон ордунан турду.

21 Эйут сол колун сунуп, оң жамбашынан кылычын сууруп алды да, аны ичке сайды.

22 Кылыч сабы менен кошо кирип кетти, аны казысы жаап калды, анткени Эйут кылычты кайра сууруп алган эмес, кылыч артын көзөп өттү.

23 Эйут үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин бекитип, кире бериш бөлмөгө чыкты.

24 Ал чыгып кеткенден кийин, Эглондун кулдары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиктери бек экенин көрүшүп: «Ал муктаждыгын канааттандыруу үчүн салкын бөлмөдө болсо керек», – дешти.

25 Көпкө күтүштү, бирок үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин эч ким ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышты да, жерде өлүп жаткан төрөсүн көрүштү.

26 Алар көпкө күтүп турганда, Эйут узап кетти. Ал таш буркандардын жанынан өтүп, Сеирге качып келди.

27 Келери менен ал Эпрайым тоосунда сурнай тартты. Ысрайыл уулдары аны менен тоодон түшүштү. Ал алардын алдында бара жатты.

28 Анан аларга: «Менин артымдан жүргүлө, анткени Теңир душманыңар мааптыктарды силердин колуңарга салып берди», – деди. Алар анын артынан ээрчишти да, Иордандын Маапка өтүүчү өткөөлүн басып алып, эч кимди өткөрбөй турушту.

29 Ошол учурда мааптыктардын он миңге жакын кишисин кырып салышты. Бардыгы алыбеттүү, күчтүү адамдар эле, бирок эч кимиси качып кутулган жок.

30 Ошол күнү мааптыктар ысрайылдыктарга ошентип багынышты. Жер үстүндө сексен жыл тынчтык болду.

Шамгар

31 Эйуттан кийин Анаттын уулу Шамгар башкаруучу болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин алты жүз кишисин өлтүрдү. Ал да ысрайылдыктарды куткарып калган.

4-БӨЛҮМ

Дебора менен Барак

1 Эйут көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты.

2 Теңир аларды Хатсордо бийлик кылган Канаан падышасы Жабиндин колуна салып берди. Анын аскер башчысы Харошет-Агойимде жашаган Сисра эле.

3 Анын тогуз жүз темир арабасы болгон, ал Ысрайыл уулдарын жыйырма жыл аёосуз эзди, ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты.

4 Ошол кезде Ысрайылдын башкаруучусу пайгамбар аял Дебора болчу, ал Лапидоттун зайыбы эле.

5 Ал Рама менен Бейтелдин ортосундагы Эпрайым тоосунда, Деборанын курмасынын түбүндө отурчу. Ысрайыл уулдары ага кеңеш сураганы келип турушчу.

6 Дебора чабарман жөнөтүп, Кедеш Напталыдан Абынаамдын уулу Баракты чакыртып алып, ага мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири сага буйрук кылат: “Бар, Напталы менен Забулундун уулдарынан он миң адам алып, Табор тоосуна чык.

7 Мен болсо Жабиндин аскер башчысы Сисраны майдан арабалары жана көп сандаган аскерлери менен сага, Кишон дарыясына алып келип, сенин колуңа салып берем”».

8 Барак ага: «Эгерде сен мени менен барсаң, барам, эгерде сен мени менен барбасаң, барбайм», – деди.

9 Дебора Баракка: «Сени менен барарын барам, бирок сен бул согушта атакка ээ болбойсуң. Теңир Сисраны аялдын колуна салып берет», – деди. Анан Дебора ордунан турду да, Барак менен бирге Кедешке жөнөдү.

10 Барак Забулун уулдары менен Напталы уулдарын Кедешке чакырды. Анын соңунан он миң адам жөнөдү, алар менен кошо Дебора да жөнөдү.

11 Кейни Хебер Мусанын кайнагасы Хобаптын уулдарынан – кейнилерден бөлүнүп калды да, Кедештен алыс эмес Эйлон-Бетсаананимдеги эмен токоюнун жанына чатырын тикти.

12 Абынаам уулу Барак Табор тоосуна чыкты деп, Сисрага билдиришти.

13 Сисра бардык майдан арабаларын, темирден жасалган тогуз жүз майдан арабасын, өзүнүн бүт элин чогултуп, Харошет-Агойимден Кишон дарыясын көздөй жол тартты.

14 Ошондо Дебора Баракка: «Ордуңан тур, анткени Теңир Сисраны сенин колуңа бүгүн салып берет. Теңир Өзү сенин алдыңда барат», – деди. Барак Табор тоосунан түшкөндө, артынан он миң адам кошо түштү.

15 Ошондо Теңир Барактын кылычы менен Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен аскерлерин дүрбөлөңгө түшүрдү. Сисра майдан арабадан түшүп, жөө качып жөнөдү.

16 Барак анын майдан арабалары менен аскерлерин Харошет-Агойимге чейин кууп барды. Сисранын бардык аскери кылычтан кырылды, эч кимиси аман калган жок.

17 Сисра кейни Хебердин аялы Жаелдин чатырын көздөй жөө качты, анткени Хатсор падышасы Жабин менен кейни Хебердин үй-бүлөсү өз ара ынтымактуу эле.

18 Жаел Сисраны тосуп чыгып, ага: «Кир мырзам, кир менин үйүмө, коркпо», – деди. Ал анын чатырына кирди, аял аны килем менен жаап койду.

19 Сисра аялга: «Мага ичкенге суу берчи, таңдайым кургап турат», – деди. Аял сүт куйган чаначты чечип, анын суусунун кандырды да, кайрадан жаап койду.

20 Сисра аялга: «Чатырдын оозунда тур, эгерде кимдир бирөө келип, сенден: “Мында ким бар?” – деп сурап калса, “Эч ким жок”, – де», – деди.

21 Ал чарчап уктап калганда, Хебердин зайыбы Жаел чатырдын казыгын алып, колуна балка кармап, акырын жанына басып келип, казыкты анын чыкыйына сайып, жерге житире урду, ал өлдү.

22 Ошол учурда Сисраны сая кууган Барак жетип келди. Жаел аны утурлай чыгып, ага: «Кир, мен сага издеп жүргөн кишиңди көрсөтөйүн», – деди. Ал аялдын чатырына кирип, өлүп жаткан Сисраны көрдү, казык чыкыйында сайылып турган эле.

23 Теңир ошол күнү Ысрайыл уулдарына Канаан падышасы Жабинди багынтты.

24 Канаан падышасы Жабинди өлтүргүчө, Ысрайыл уулдары барган сайын күч алды.

5-БӨЛҮМ

Дебора менен Барактын ыры

1 Ошол күнү Дебора менен Абынаам уулу Барак төмөнкүдөй ыр ырдашты:

2 «Ысрайыл кегин алды, калайык ынталуулук көрсөттү. Теңирди даңктагыла!

3 Падышалар, кулак салгыла! Төрөлөр, көңүл бургула! Мен Теңирге ырдайм! Ысрайылдын Кудай-Теңирине аспап чертип ырдайм!

4 Сен, Теңир, Сеирден чыкканыңда, Эдом талаасынан салтанат менен чыкканыңда, жер солкулдап, асмандан суу тамчылап, булуттар жамгыр төккөн.

5 Теңирдин алдында тоолор, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында Синай тоосу солкулдаган.

6 Анаттын уулу Шамгардын убагында, Жаелдин убагында жолдор ээн жаткан, мурда түз жолдор менен жүргөндөр ошол убакта айланма жолдор менен жүрүп калышкан.

7 Мен, Дебора – Ысрайылдагы эне, ордуман турганга чейин, Ысрайылдын кыштактарында эч ким жашабай калган.

8 Алар жаңы кудайларды тандап алышканда, дарбаза алдында согуш болду. Кырк миң ысрайылдыктын калканы менен найзасын көрдүңөр беле?

9 Жүрөгүм силер менен, Ысрайыл башчылары, өз ыктыяры менен элин коргогондор! Теңирди даңктагыла!

10 Ак ургаачы эшекке минип жүргөндөр, килемде отургандар, жолдо кетип бараткандар, ырдагыла!

11 Кудуктардын жанына малын чогулткандар Теңирди даңктап, Ысрайыл жол башчыларын мактап ырдашсын! Ошондо Кудайдын эли дарбазаларды карай жөнөдү.

12 Шаттан, Дебора! Шаттан, Дебора! Ыр ырдап, даңкта! Тур, Барак, Абынаам уулу, туткундарыңды алып бас!

13 Ошондо Теңир күчтүүлөрдү аз сандагы адамдарга багынтып берген. Теңир мага эр жүрөктөрдү багынтып берген.

14 Амалыктын жерине отурукташып калган эпрайымдыктар келишкен. Анын артынан Бенжемин өз эли менен келген. Эл башчылар Махирден, калем кармаганды билген катчылар Забулундан келишкен.

15 Исахардын төрөлөрү Дебора менен келишти, Исахар да Барактай болуп өрөөнгө жөө түштү. Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.

16 Малдын маараганын угуп, мал короолордо эмне отурасың? Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.

17 Иордандын аркы өйүзүндө Гилат тынч жашап жатат, кемелери бар Дан эмнеден корксун? Ашыр деңиз жээгинде отурат, кемелер токтоочу жайдын жанында тынч жашап жатат.

18 Забулун – өз жанын тобокелге салган эл, Напталы да – дөңсөөлөрдө өз жанын тобокелге салган эл.

19 Падышалар келишти, салгылашышты. Ошондо Канаан падышалары Мегидо сууларынын жанындагы Танахта салгылашышты, бирок күмүш олжолоп алышкан жок.

20 Асманда жылдыздар салгылашышты, өз жолдорунда Сисра менен салгылашышты.

21 Аларды Кишон дарыясы, байыркы дарыя, Кишон дарыясы агызып кетти. Жаным, душмандарымдын күчүн тебеле!

22 Анын күчтүүлөрү качканда, аттарынын туяктары майтарылып сынды.

23 Мейроз шаарын каргагыла, – дейт Теңирдин периштеси, – анда жашагандарды каргагыла, анткени алар Теңирге жардамга келишкен жок, Теңирге жана кайраттууларга көмөк беришкен жок!

24 Кейни Хебердин зайыбы Жаел, чатырларда жашаган аялдардын арасындагы ал, баталуу болсун!

25 Сисра суу сураганда, ал сүт берди, төрөлөр ичкен чөйчөккө эң жакшы сүт куюп келди.

26 Сол колуна казык, оң колуна темир устанын балкасын алып, Сисраны чыкыйга сайып, башын жарды.

27 Ал аялдын бутуна жыгылып жатып калды, анын бутуна кулады, кулаган жеринде өлдү.

28 Сисранын энеси тор терезеден карап: “Анын майдан арабасы эмнеге мынча кечигет, анын майдан арабасынын дөңгөлөктөрүнүн дабышы эмнеге угулбайт?” – деп боздойт.

29 Анын кызматчы аялдарынын акылдуулары ага жооп берет, ал өзүнө өзү жооп берет:

30 “Алар олжо таап алып, бөлүшүп жатышса керек, ар бир жоокерге бирден же экиден кыз тийсе керек. Олжодон Сисрага ар кыл түстүү, ичи-тышы саймаланган, туткундун жонунан сыйрылып алынган кийим тийсе керек”.

31 Теңир, Сенин кас душмандарың мына ушинтип жок болсун! Теңирди сүйгөндөр болсо бардык күч-кубаты менен жаркырап чыккан күндөй болсун!» Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

6-БӨЛҮМ

Гидон

1 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла баштаганда, Теңир аларды жети жылга мидиандыктардын колуна салып берди.

2 Мидиандыктар ысрайылдыктарды аёосуз эзишти. Ысрайыл уулдары мидиандыктардан качып, өздөрүнө жашыруун жерлерди, үңкүрлөрдү, баш калкалоочу жайларды даярдашты.

3 Ысрайылдыктар эгин айдаган мезгилде, мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери келип,

4 алардын жерине чатырларын тигип, Азага чейинки эгиндин баарын жок кылышчу, ысрайылдыктарга азык үчүн кой да, өгүз да, эшек да калтырышчу эмес.

5 Анткени алар мал-жаны, чатырлары менен келип, сан жеткис чегирткелердей каптап калышчу. Өздөрү да, төөлөрү да сансыз көп болчу. Алар Ысрайыл жерин кыйратуу үчүн келишчү.

6 Мидиандыктар Ысрайылды абдан жакырлантышты. Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге зар какшашты.

7 Ысрайылдыктар Теңирге мидиандыктар тууралуу боздоп кайрылышканда,

8 Теңир Ысрайыл уулдарына пайгамбар жөнөтүп, аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен силерди Мисирден, кулчулуктун жеринен алып чыккам.

9 Силерди мисирликтердин колунан, силерди эзгендердин баарынын колунан бошотуп, аларды силердин алдыңардан кууп чыгып, жерлерин силерге тартып бергем.

10 Мен силерге: "Мен силердин Кудай-Теңириңермин. Өзүңөр жашаган жердеги аморлуктардын кудайларына табынбагыла", – деп айткам. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койгонсуңар”».

11 Теңирдин периштеси келип, Абиезердин тукуму Жаашка таандык болгон Опрадагы эмендин түбүнө отурду. Ошол учурда анын уулу Гидон буудайды мидиандыктардын көзүнө көрсөтпөш үчүн, жүзүм сыгылуучу жайда жанчып жаткан.

12 Ошондо ага Теңирдин периштеси келип: «Эр жүрөк эркек, Теңир сени менен!» – деди.

13 Ага Гидон: «Төрөм! Эгерде Теңир биз менен болсо, анда эмне үчүн ушунун баары башыбызга түштү? “Мисирден бизди Теңир алып чыккан”, – деп, ата-бабаларыбыз айткан Анын кереметтери кайда? Теңир бизди таштап салды, Ал бизди мидиандыктардын колуна салып берди», – деди.

14 Теңир аны карап туруп: «Ушул күч-кубатың менен бар да, Ысрайылды мидиандыктардын колунан куткар. Сени Мен жөнөтүп жатам», – деди.

15 Гидон Ага: «Теңирим! Ысрайылды мен кантип куткарам? Менин үй-бүлөм – Менаше уруусундагы эң жарды үй-бүлө, үй-бүлөдө мен эң кичүүсүмүн», – деди.

16 Теңир ага: «Мен сени менен болом, мидиандыктарды сен бир кишини кыйраткандай кыйратасың», – деди.

17 Ага Гидон мындай деди: «Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда мага Сен сүйлөп жатканыңды ырастаган жышаан бер.

18 Мен барып, тартуумду алып келип, Сенин алдыңа коймоюнча, бул жерден кетпе». Ал: «Сен барып келгенче, Мен ушул жерде болом», – деди.

19 Гидон барып, улак союп, бир эйфа ундан ачыткысыз нан бышырды. Этти себетке салып, сорпону карапага куюп, эмендин түбүнө алып келип, Ага тартуу кылды.

20 Ошондо Теңирдин периштеси ага: «Эт менен ачыткысыз нанды алып, бул таштын үстүнө кой да, сорпону төк», – деди. Ал ошондой кылды.

21 Теңирдин периштеси колундагы таягынын учун эт менен ачыткысыз нанга тийгизди, таштан от чыгып, эт менен нанды жалмап кетти. Ошондон кийин Теңирдин периштеси көздөн кайым болду.

22 Гидон анын Теңирдин периштеси экенин көрүп: «О Эгедер Теңирим! Мага кайгы, анткени мен Теңирдин периштесин бетме-бет көрдүм», – деди.

23 Теңир ага: «Сага тынчтык болсун, коркпо, сен өлбөйсүң», – деди.

24 Гидон ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, аны «Жахаба-Шалом»1 деп атады. Ал ушул күнгө чейин Абиезердин Опрасында турат.

25 Ошол түнү Теңир ага: «Атаңдын бир өгүзүн, үч асый дагы бир өгүзүн алып кел да, атаңдын Баалга курмандык чалуучу жайын талкала, анын жанындагы Ашейра дарагын кыйып сал.

26 Анан Теңириңе, өз Кудайыңа, ушул асканын чокусуна, даярдалган жерге курмандык чалынуучу жай кур да, экинчи өгүздү алып, өзүң кыя турган Ашейра дарагынан алынган отундун үстүнө коюп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал», – деди.

27 Гидон он кулун алды да, Теңирдин айтканындай кылды, бирок атасынын үйүндөгүлөрүнөн жана шаар тургундарынан корккондуктан, муну күндүз эмес, түн ичинде кылды.

28 Эртең менен турган шаар тургундары Баалга курмандык чалуучу жай талкаланганын, анын жанындагы Ашейра дарагы кыйылганын, жаңы курулган курмандык чалынуучу жайда экинчи өгүздүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынганын көрүп,

29 бири-бирине: «Муну ким кылды?» – дешти. Издешти, сураштырышты, кимдир бирөөлөр: «Муну Жааштын уулу Гидон кылды», – дешти.

30 Анан шаар тургундары Жаашка: «Уулуңду алып чык. Баалга курмандык чалуучу жайды талкалап, жанындагы Ашейра дарагын кыйгандыгы үчүн, ал өлүшү керек», – дешти.

31 Ошондо Жааш келгендердин бардыгына: «Баалга болуша турган, аны коргой турган силерби? Ким аны жактаса, ушул эле таңда өлүмгө дуушар болот. Эгерде ал Кудай болсо, өзүн өзү коргосун; ким анын курмандык чалынуучу жайын бузса, аны өзү жазаласын», – деди.

32 «Баалга курмандык чалуучу жайды бузгандыгы үчүн, аны менен Баал өзү эсептешсин», – деп, ошол күнү Гидонго Жеруп-Баал деген ат койду.

33 Ошол арада мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери чогулуп, дарыядан өтүп, Изрейел өрөөнүнө стандары менен жайланышышты.

34 Гидонду болсо Теңирдин Руху курчады. Ал мүйүз тартып, Абиезердин тукумун чакырды, алар анын артынан жүрүүгө даяр болду.

35 Ал Менаше уруусуна элчилерди жөнөттү, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту. Ошондой эле Ашырга, Забулунга, Напталыга элчилерди жиберди, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту.

36 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде Сен Өзүң айткандай, мен аркылуу Ысрайылды куткара турган болсоң,

37 анда мен мына бул кырманга кыркылган жүндү төшөйм. Эгерде ушул жүнгө шүүдүрүм түшүп, калган жер кургак калса, анда Өзүң айткандай, Сен мен аркылуу Ысрайылды куткарасың деп билем», – деди.

38 Так ошондой болду: эртеси эртең менен эрте туруп, ал жүндү сыгып, бир чөйчөк толтура суу алды.

39 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде мен дагы бир сөз айтсам, мага каарданба. Жүн менен кылган сыноону дагы бир кайталайын. Жүндүн өзү кургак калсын да, жерге шүүдүрүм түшсүн», – деди.

40 Кудай ошол түнү так ошондой кылды. Жүн гана кургак калып, жерге шүүдүрүм түштү.

7-БӨЛҮМ

Согушка даярдануу

1 Жеруп-Баал (Гидон) эртең менен эрте турду. Аны менен келген бүт эл стандары менен Эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо түндүктү карай кеткен өрөөндөгү Аморе адырында эле.

2 Теңир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл өтө көп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “Өзүмдү өзүм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши үчүн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм.

3 Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жүүнү бош, коркок болсо, Гилат тоосунан түшүп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки миң киши артка кайтты, он миң киши калды.

4 Анан Теңир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл көп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын».

5 Ал элди сууга алып келди. Теңир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө бөл, тизе бүгүп, эңкейип ичкендерди өзүнчө бөл», – деди.

6 Үч жүз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бүгүп, эңкейип ичишти.

7 Ошондо Теңир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен үч жүз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуңарга салып берем. Ал эми калгандары өз-өз чатырларына кайтышсын», – деди.

8 Алар кеткендердин азыктары менен мүйүздөрүн алып калышты. Гидон үч жүз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды өз-өз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы төмөн жактагы өрөөндө эле.

9 Ошол түнү Теңир ага мындай деди: «Тур, станга кир, Мен аны сенин колуңа салып берем.

10 Эгерде жалгыз баргандан коркуп жатсаң, станга өз кызматчың Пура менен бар.

11 Ошондо алардын эмне деп жатканын угасың да, карууңа күч кирип, станга киресиң». Анан ал кызматчысы Пура менен стандагы күзөттө турган аскерлерге түшүп барды.

12 Мидиандыктар менен амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле. Төөлөрү эсепсиз, өздөрү деңиз жээгиндеги кумдай сансыз эле.

13 Гидон келди. Ошондо бирөө бир кишиге көргөн түшүн айтып жатты: «Түшүмдө бир тоголок арпа нан Мидиан станын аралап, тоголонгон бойдон чатырга келип бир тийди, чатыр кулап калды; аны аласалтты, чатыр жыгылып калды».

14 Экинчиси ага мындай деп жооп берди: «Бул – ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы, андан бөлөк нерсе эмес. Кудай мидиандыктарды жана бүт станды анын колуна салып берди».

15 Гидон түштү жана анын чечмеленишин угуп, Кудай-Теңирге таазим этип, станына кайтып келди да, мындай деди: «Тургула! Кудай Мидиан станын колуңарга салып берди!»

16 Анан ал үч жүз кишини үч топко бөлүп, бардыгынын колдоруна мүйүздөрдү жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди.

17 Анан аларга мындай деди: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын станына жакындаганда, эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

18 Мен жана мени менен бараткандар мүйүздөрдү тартканда, силер да мүйүздөрдү бүт станды айланта тартып: “Теңир үчүн, Гидон үчүн!” – деп кыйкыргыла».

19 Анан Гидон ортоңку күзөт убагында жүз киши менен станга келип, сакчыларды ойготуп, мүйүздөрдү тартып, колдорундагы кумураларды талкалашты.

20 Ошондо үч топ мүйүздөрдү тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оң колдорундагы мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» – деп кыйкырышты.

21 Станды тегеректеген алардын ар бири өз ордунда турду. Бүт стан дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырып, туш-тушка качып жөнөдү.

22 Үч жүз киши мүйүздөрдү тартканда, Теңир мидиандыктардын бүт станын бири-бирине каршы кылыч көтөрттү. Кошуун Серейрага карай Бейт-Ашитке чейин, Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качты.

23 Напталы, Ашыр урууларынан жана Менашенин бүт уруусунан ысрайылдыктар чакыртылды. Анан алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү.

24 Гидон болсо Эпрайым тоосундагылардын баарына мындай деп айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Мидиандыктарды утурлап чыккыла да, Бейт-Бара менен Иордан дарыясынын өткөөлдөрүн бөгөп тургула». Ошондо бүткүл эпрайымдыктар чакыртылып, Бейт-Бара менен Иорданга чейинки өткөөлдөрдү бөгөп турушту.

25 Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте өлтүрүштү да, мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки өйүзүнө, Гидонго алып келишти.

8-БӨЛҮМ

Мидиандыктардын жеңилиши

1 Эпрайымдыктар Гидонго: «Мидиандыктар менен согушканы барганда, сен эмне үчүн бизди чакырган жоксуң?» – деп, аябай ачууланышты.

2 Гидон аларга мындай деди: «Менин кылганымды силердин кылганыңарга салыштырып болобу? Абиезер жыйнап алган жүзүмгө караганда, Эпрайым терип алган жүзүм артык эмеспи?

3 Мидиан төрөлөрү Орейип менен Зейепти Кудай силердин колуңарга салып берди. Силер кылганды мен кыла алдымбы?» Ал ушундай сөздөрдү айтканда, ага нааразы болуп жаткан эпрайымдыктар тынчып калышты.

4 Гидон жана анын душманды кууп чарчаган үч жүз адамы Иордандан өтүштү.

5 Анан Гидон Сукоттун тургундарына кайрылып: «Менин адамдарыма нан бергиле, алар чарчашты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Салмунду кууп жүрөм», – деди.

6 Сукоттун төрөлөрү: «Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, Зебак менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?» – дешти.

7 Гидон: «Ушинткениңер үчүн, Зебак менен Салмунду Теңир колума салып бергенде, денеңерди чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жанчыйм», – деди.

8 Ал жерден ал Пенуелге барды да, анын жашоочуларына да ошол эле сөздү айтты. Ага Пенуелдин жашоочулары да Сукоттун жашоочуларындай жооп беришти.

9 Ал Пенуелдин жашоочуларына да: «Жеңиш менен кайтканымда, бул мунараны талкалайм», – деди.

10 Зебак менен Салмун чыгыш элдеринин кошуунундагы аман калган он беш миңге жакын аскери менен Каркордо эле. Кылычты кынынан сууруй алгандардын арасынан жүз жыйырма миң адам өлгөн.

11 Гидон Нобах менен Жокпеянын чыгыш тарабындагы чатырларда жашагандардын жолу менен барып, бейкапар жаткан кошуунду талкалады.

12 Зебак менен Салмун качып жөнөдү. Гидон мидиандыктардын эки падышасы Зебак менен Салмунду кууп жетип, колго түшүрүп, бүт кошуунду дүрбөлөңгө салды.

13 Жааштын уулу Гидон Херес дөңсөөсүнөн, согуштан кайтып келип,

14 Сукоттон бир жаш жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Сукоттун жетимиш жети төрөсүнүн жана аксакалдарынын тизмесин жазып берди.

15 Анан ал Сукоттун тургундарына келип: «Зебак менен Салмун мына! Булар үчүн мени: “Сенин алсыраган аскерлериңе нан бергидей, Зебах менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?” – деп шылдың кылгансыңар», – деди да,

16 шаардын аксакалдарын, Сукоттун тургундарын, чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жазалады.

17 Пенуел мунарасын да талкалап, анын тургундарын да өлтүрдү.

18 Анан Зебак менен Салмунга: «Силер Табордо өлтүргөн кишилердин сырткы көрүнүшү кандай эле?» – деди. Алар: «Алар сага окшош эле, ар бири падыша уулдарына окшош эле», – дешти.

19 Гидон: «Алар менин бир туугандарым, менин энемдин уулдары болчу. Теңир тирүү! Аларды тирүү калтырсаңар, мен силерди өлтүрмөк эмесмин», – деди.

20 Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды өлтүр!» – деди. Бирок уулу жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок.

21 Ошондо Зебак менен Салмун: «Туруп, бизди өзүң өлтүр, анткени адамдын күчү өзүнө жараша болот», – деди. Гидон ордунан туруп, Зебак менен Салмунду өлтүрдү да, алардын төөлөрүнүн мойнундагы формасы жарты айдай болгон жасалгаларын чечип алды.

22 Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуң, уулуңдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдың», – дешти.

23 Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Теңир башкарсын», – деди.

24 Гидон аларга мындай деди: «Силерден бир гана нерсе сурайм, алган олжоңордон ар бириң мага бирден сырга бергиле (Анткени душмандары ысмайылдыктар болгондуктан, аларда алтын сыргалар көп эле)».

25 Алар: «Беребиз», – дешти. Кийим жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан бирден сырга таштады.

26 Мидиан падышалары кийген кочкул кызыл кийимдерди, алтын топчуларды, жасалгаларды жана алардын төөлөрүнүн мойнундагы алтын чынжырларды кошпогондо, ал сурап алган алтын сыргалардын салмагы бир миң жети жүз алтын шекел болду.

27 Алардан Гидон бир эфод жасап, аны өз шаары Опрага койду. Ысрайылдыктар ага табына башташты, ал Гидонго жана анын бүт үй-бүлөсүнө жайылган тор болду.

28 Ысрайыл уулдарына мидиандыктар ушинтип багынышты, алар ошондон кийин баш көтөргүс болушту. Гидондун убагында жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

Гидондун көз жумушу

29 Жааш уулу Жеруп-Баал үйүнө кайтты.

30 Гидондун жетимиш уулу болгон, анткени анын аялдары көп эле.

31 Шекемде жашаган күң аялы да уул төрөп берди. Ал анын атын Абы-Мелек койду.

32 Жааштын уулу Гидон өтө карыган кезде көз жумду, анын сөөгү атасы Жааш коюлган жерге, Абиезердин Опра шаарына коюлду.

33 Гидон өлгөндөн кийин, Ысрайыл уулдары кайрадан бузулуп, Баалды ээрчип, өздөрүнө Баал-Беритти кудай кылып коюп алышты.

34 Ысрайыл уулдары өздөрүн курчап турган бардык кас душмандардын колунан куткарган Кудай-Теңирин унутуп коюшту.

35 Ысрайылга жакшылык кылганына карабастан, Жеруп-Баалга – Гидондун үй-бүлөсүнө ырайым кылышкан жок.

9-БӨЛҮМ

Абы-Мелек

1 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелек Шекемге барып, энесинин бир туугандарына жана бардык урук-тууганына мындай деди:

2 «Шекемдин бардык тургундарына айткыла: “Силер үчүн кайсынысы жакшы: Жеруп-Баалдын жетимиш уулу башкарганы жакшыбы же бир эле адам башкарганы жакшыбы? Мен силердин өз сөөгүңөр, өз денеңер экенимди эстегиле”».

3 Анын бул сөздөрүн энесинин бир туугандары Шекемдин тургундарына айтышты. «Ал биздин бир тууганыбыз эмеспи», – деп, алардын жүрөгү Абы-Мелекке бурулду.

4 Алар Баал-Берит деген жасалма кудайдын үйүнөн ага жетимиш шекел күмүш алып беришти. Ал күмүштөргө Абы-Мелек бекерпоз, жеңил ойлуу адамдарды жалдап алды. Алар анын артынан ээрчишти.

5 Анан ал Опрага, атасынын үйүнө келип, бир туугандарын, Жеруп-Баалдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдү. Жеруп-Баалдын кенже уулу Жотам гана тирүү калды, анткени ал жашынып калган эле.

6 Шекемдин бардык тургундары жана Мило үйүндөгүлөр чогулуп, Шекемге жакын эмен дарагынын түбүндө Абы-Мелекти падыша көтөрүп алышты.

7 Муну Жотамга айтышканда, ал барып, Гаризим тоосунун чокусуна чыгып, аларга мындай деп катуу кыйкырды: «Шекемдин тургундары, мени уксаңар, Кудай да силерди угат!

8 Өздөрүнө падыша кылып майлаш үчүн, дарактар зайтун дарагына барып: “Бизге падыша бол”, – дешти.

9 Зайтун дарагы аларга: “Адамдар менен кудайларды урматтоодо колдонулган майымды таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

10 Ошондо дарактар анжырга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

11 Анжыр аларга: “Таттуу, жакшы мөмөмдү таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

12 Ошондо дарактар жүзүм сабагына: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

13 Жүзүм сабагы аларга: “Адамдар менен кудайларды кубандырган ширемди таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

14 Акырында бардык дарактар тикендүү бадалга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

15 Тикендүү бадал дарактарга: “Эгерде силер, чындыгында эле, мени өзүңөргө падыша коюп жатсаңар, анда менин түбүмө көлөкөлөгүлө. Эгерде андай кылбасаңар, анда тикендүү бадалдан от чыгып, Лебанон кедрлерин өрттөп салат”, – деди.

16 Кана айткылачы, Абы-Мелекти падыша коюп, силер адилеттик, акыйкаттык кылдыңарбы? Жеруп-Баалга жана анын үй-бүлөсүнө адилеттик кылдыңарбы? Анын кылган жакшылыгына жараша жооп бердиңерби?

17 Менин атам силер үчүн салгылашкан, өз өмүрүн аяган эмес, силерди мидиандыктардын колунан куткарган.

18 Силер болсо менин атамдын үй-бүлөсүнө каршы көтөрүлүп, атамдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр. Бир тууганыңар болгону үчүн Шекемдин тургундарына атамдын күң аялынын уулу Абы-Мелекти падыша койдуңар.

19 Эгерде силер Жеруп-Баалга жана анын үй-бүлөсүнө адилеттик, акыйкаттык кылган болсоңор, анда Абы-Мелектин падыша болгонуна сүйүнгүлө, ал да силер үчүн сүйүнсүн.

20 Эгерде андай кылган эмес болсоңор, анда Абы-Мелектен от чыгып, Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдү өрттөп кетсин же Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдөн от чыгып, Абы-Мелекти өрттөп кетсин».

21 Жотам бир тууганы Абы-Мелектен качып, Бейирге келди да, ошол жерде жашап калды.

22 Абы-Мелек Ысрайылга үч жыл падышачылык кылды.

23 Кудай Абы-Мелек менен Шекем тургундарынын ортосуна жаман рух жиберди. Ошондо Шекемдин тургундары Абы-Мелекке баш ийбей калышты.

24 Жеруп-Баалдын жетимиш уулунун өчү ушинтип алынды. Алардын каны аларды өлтүргөн бир тууганы Абы-Мелектин жана бир туугандарын өлтүрүүгө жардам берип колдоп турган Шекем тургундарынын мойнуна жүктөлдү.

25 Шекемдин тургундары тоолордун баштарына ага каршы буктурма коюшту, буктурмадагылар жолдон өткөн ар кимди талап-тоношту. Ошондо бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

26 Шекемге бир туугандары менен Эбеданын уулу Гаал келди, алар Шекемди аралап жүрүштү. Шекемдин тургундары аларга таянышты.

27 Алар талаага чыгып, жүзүм жыйнап, ширесин сыгышты да, майрам өткөрүп, өздөрүнүн кудайынын үйүнө барып, ичип-жеп, Абы-Мелекти каргашты.

28 Эбеданын уулу Гаал мындай деди: «Биз ага кызмат кылгыдай, Абы-Мелек ким эле, Шекем эмне эле? Ал Жеруп-Баалдын уулу эмеспи, анын башчысы Зебул эмеспи? Ага эмнеге кызмат кылмак элек? Андан көрө Шекемдин атасы Хамордун тукумуна кызмат кылгыла.

29 Бул элди колума берсе, мен Абы-Мелекти падышачылыктан түшүрүп салмакмын». Анан ал Абы-Мелекке: «Аскериңди көбөйт да, беттешүүгө чык», – деди.

30 Эбеданын уулу Гаалдын бул сөзүн угуп, шаар башчысы Зебулдун каары кайнады.

31 Ал Абы-Мелекке жашыруун түрдө элчилерин жиберип: «Эбеданын уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге келип, шаарды сага каршы тукуруп жатат,

32 ошондуктан жаныңдагы аскерлер менен түн ичинде туруп, талаага буктурма кой.

33 Эртең менен эрте туруп, күн чыгар алдында шаарга кол сал. Ал өзүнүн аскерлери менен сени беттеп чыкканда, колуңдан келгенин кыл, аларды аяба», – деп айттырды.

34 Абы-Мелек өзүнүн аскерлери менен түн ичинде туруп, төрт тобун Шекемдин жанына буктурмага койду.

35 Эбеданын уулу Гаал шаардан чыгып, дарбазанын алдында турду. Абы-Мелек өз аскерлери менен буктурмадан чыкты.

36 Гаал элди көрүп, Зебулга: «Эл тоолордун баштарынан түшүп келе жатат», – деди. Зебул болсо ага: «Тоолордун көлөкөсү сага эл көрүнүп жатса керек», – деди.

37 Гаал дагы мындай деди: «Эл тоодон төмөн түшүп келе жатат. Бир аскер тобу Мейоненим эмен дарагына кетчү жолдон чыкты», – деди.

38 Зебул ага: «“Абы-Мелекке кызмат кылгыдай, ал ким эле?” – дебедиң беле? Сен тоотпогон эл ушул. Кана эми булар менен салгылашып көр», – деди.

39 Ошондо Гаал Шекем тургундарын баштап чыгып, Абы-Мелек менен салгылашты.

40 Гаал качып жөнөдү, Абы-Мелек анын артынан түштү. Өлгөндөр өтө көп болуп, шаар дарбазасынын алдында өлүктөр жатты.

41 Абы-Мелек Арумда калды. Зебул Гаалды жана анын бир туугандарын Шекемде жашатпай кууп чыкты.

42 Эртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

43 Ошондо ал өз элин үч топко бөлүп, талаага буктурмага койду. Ал шаардан чыгып келе жаткан элге кол салып, аларды кырып салды.

44 Абы-Мелек өз топтору менен шаардын дарбазасынын жанына келип турган кезде башка эки топ талаада турган элге кол салып, аларды кырып жатты.

45 Абы-Мелек шаардын эли менен ошол күнү кечке салгылашып, шаарды басып алды да, андагы элди кырып, шаарды талкалап, ага туз сээп салды.

46 Муну угуп, Шекем мунарасындагылардын баары Баал-Берит бутканасынын мунарасына кирип кетишти.

47 Шекем мунарасындагылардын баары чогулганын Абы-Мелекке билдиришти.

48 Абы-Мелек өзүнүн бүт эли менен Салмон тоосуна чыгып, балталарын алып, дарактардын бутактарын кыйып, ийнине койду да, өзү менен келген элге мындай деди: «Менин эмне кылганымды көрдүңөрбү? Силер да тезинен мен кылганды кылгыла».

49 Ошондо келген элдин баары бутактарды кыйып, Абы-Мелектин артынан көтөрүп келишти да, аларды мунаранын тегерегине ташташты. Анан бутактарга от коюп, мунараны өрттөштү. Шекем мунарасындагылардын баары өлдү, анда миңге жакын эркек жана аял бар эле.

50 Анан Абы-Мелек Тейбеске барып, аны курчоого алып, басып алды.

51 Шаардын ортосунда бекем мунара бар болчу. Эркектер менен аялдар, шаардын бардык эли ошол мунарага качып кирип, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти.

52 Абы-Мелек мунарага келип, аны курчады. От коюп өрттөш үчүн, мунаранын эшигине келди.

53 Ошол учурда бир аял Абы-Мелектин башына тегирмен ташынын сыныгын таштап жиберди, ал анын баш сөөгүн талкалап кетти.

54 Абы-Мелек ошол замат курал көтөргөн жигитин чакырып: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени өлтүрүп сал, “Аны аял өлтүрдү” деп айтышпасын», – деди. Жаш жигит аны сайып салды, ал өлдү.

55 Абы-Мелектин өлгөнүн көргөн ысрайылдыктар өз жайларына тарап кетишти.

56 Жетимиш бир тууганын өлтүрүп, атасына кылган кыянаттыгы үчүн, Теңир Абы-Мелекти ушундай жазалады.

57 Шекемдин тургундарынын кылган бардык жамандыгын Кудай алардын өз башына салды. Жеруп-Баалдын уулу Жотамдын каргышы аларга тийди.

10-БӨЛҮМ

Тола

1 Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш үчүн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.

2 Ал Ысрайылга жыйырма үч жыл башкаруучу болду. Көз жумуп, Шамирге коюлду.

Жайыр

3 Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.

4 Анын отуз жаш эшекке минип жүргөн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.

5 Жайыр көз жумуп, Камонго коюлду.

Иптах

6 Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин көз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Теңирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.

7 Теңир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.

8 Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы өйүзүндө, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.

9 Амондуктар Жүйүт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу үчүн, Иордандан өтүп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.

10 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».

11 Теңир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,

12 сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?

13 Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттиңер. Ошон үчүн Мен силерди эми куткарбайм.

14 Баргыла да, өзүңөр тандап алган кудайларыңарга жалынгыла, башыңарга түшкөн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».

15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге: «Күнөөгө баттык, бизди эмне кылсаң, Өзүң бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.

16 Ошентип, алар бөтөн кудайларды таштап, Теңирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын көрүп, Ал чыдап тура алган жок.

17 Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.

18 Ошондо Гилаттын эли менен төрөлөрү бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.

11-БӨЛҮМ

1 Бузулган аял төрөгөн, Гилаттын баласы гилаттык Иптах тайманбас адам эле.

2 Аялы да Гилатка эркек балдарды төрөп берди. Аялы төрөгөн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын үйүндө мураскор эмессиң, анткени сени бөлөк аял төрөгөн», – деп кууп жиберишти.

3 Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны ээрчип жүрүшчү.

4 Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты.

5 Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш үчүн келишип, Иптахка:

6 «Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти.

7 Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле?! Мага эмнеге келдиңер, башыңарга кыйынчылык түшкөндө келип калдыңарбы?» – деди.

8 Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти.

9 Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Эгерде амондуктар менен согушуу үчүн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди.

10 Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Теңир күбө, сен айткандай кылабыз», – дешти.

11 Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жөнөп кетти, эл аны өзүнө башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сөздөрүнүн баарын Миспада, Теңирдин алдында айтты.

12 Анан Иптах амондуктардын падышасына төмөнкү сөздөрдү айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Биздин жерге кол салгыдай, биз сага эмне кылдык?»

13 Амондуктардын падышасы Иптахтын элчилерине: «Ысрайылдыктар Мисирден келе жатканда, Арнондон тартып Жабок менен Иорданга чейинки жеримди тартып алышкан. Эми аны мага тынчтык менен кайтарып бер», – деди.

14 Ошондо Иптах амондуктардын падышасына экинчи жолу элчилерин жөнөттү.

15 Ага мындай деп айттырды: «Иптах мындай дейт: “Мааптыктар менен амондуктардын жерлерин ысрайылдыктар тартып алган эмес.

16 Анткени Ысрайыл Мисирден келе жатканда, чөлдөн өтүп, Кызыл деңизге, анан Кадешке келген.

17 Ал жерден ысрайылдыктар Эдом падышасына чабарман жөнөтүп: "Сенин жериңен өтүүгө уруксат бер", – деп айттырган, бирок Эдом падышасы укпай койгон. Мааптыктардын падышасына да чабарман жөнөткөн, ал да макул болгон эмес, ошондуктан ысрайылдыктар Кадешке токтоп калышкан.

18 Анан ысрайылдыктар чөл менен жүрүп отуруп, эдомдуктар менен мааптыктардын жерлерин айланып өтүп, Маап жеринин чыгыш чек арасына келип, стандары менен Арнондун аркы өйүзүнө жайгашкан, бирок мааптыктардын жерине киришкен эмес, анткени Арнон мааптыктардын чек арасы болчу.

19 Анан Ысрайыл аморлуктар менен Кешпондун падышасы Сихонго элчилерин жөнөтүп: "Өз жерибизге силердин жериңер аркылуу өтүп кетүүгө уруксат бергиле", – деп айттырган.

20 Бирок Сихон Ысрайылды өз жеринен өткөрүүгө макулдугун берген эмес. Сихон бардык элин чогултуп, стандарын Жааска жайгаштырып, Ысрайыл менен согушкан.

21 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Сихонду бүт эли менен ысрайылдыктардын колуна салып берген. Ысрайылдыктар аларды талкалап салышкан. Ал жерде жашаган аморлуктардын бүт жерин Ысрайыл мурастап алган.

22 Алар ошондой эле Арнондон Жабокко чейинки, чөлдөн Иорданга чейинки аморлуктардын бардык жерин мурастап алышкан.

23 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз эли Ысрайылдын алдынан аморлуктарды кууп чыгарган. Сен эми Ысрайылдын мурасын алгың келип турабы?

24 Сен өзүңдүн кудайың Кемош берген жерге ээ эмессиңби? Биз болсо өзүбүздүн Кудай-Теңирибиз мураска берген жерге ээбиз.

25 Сен, эмне, мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балактан артыксыңбы? Ал, эмне, Ысрайыл менен чатакташты беле же аны менен согушту беле?

26 Ысрайылдын Кешпондо, Аройерде жана аларга караштуу шаарларда, Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына үч жүз жыл болду. Ал жерлерди силер эмне үчүн ошол учурда тартып алган жоксуңар?

27 Мен сенин алдыңда айыптуу эмесмин, сен мага каршы согуш ачып, жамандык кылып жатасың. Ысрайыл уулдары менен амондуктардын ортосунда соттоочу Теңир азыр Өзү Сот болсун”».

28 Бирок амондуктардын падышасы Иптахтын айттырган сөзүнө кулак салган жок.

29 Иптахтын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Иптах Гилат менен Менашеден, Гилаттын Миспасынан өтүп, амондуктарга жөнөдү.

30 Ошондо Иптах Теңирге мындай деп убада берди: «Эгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсең,

31 анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, үйүмдүн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Теңир, аны мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам».

32 Анан Иптах амондуктар менен салгылашканы кетти. Теңир амондуктарды анын колуна салып берди.

33 Иптах аларды талкалады; Аройерден Минитке чейинки жана Абел-Керемимге чейинки жыйырма шаарды катуу талкалады. Амондуктар Ысрайыл уулдарына багынып беришти.

Иптахтын кызы

34 Иптах Миспага, үйүнө кайтып келе жатканда, алдынан дап кагып бийлеп, кызы чыкты. Ал анын жалгыз кызы эле, андан бөлөк эркек баласы да, кызы да жок болчу.

35 Ал кызын көргөндө, кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Аттиң ай, кызым! Сен мени азапка салбадыңбы! Менин тынчтыгымды буза тургандардын эсебине сен да кирип калдың! Теңирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм».

36 Кызы ага: «Атаке! Теңирге убада берип койсоң, Теңир сен аркылуу душмандарың амондуктардан өчүңдү алып берип жаткандан кийин, мен жөнүндө берген убадаңды аткар», – деди.

37 Анан дагы атасына: «Сенден бир гана нерсени суранам, мени эки айга коё бер. Теңтуш курбуларым менен тоого чыгып, кыз өмүрүмдү жоктоп ыйлап алайын», – деди.

38 Атасы: «Бара кой», – деди. Ал кызын эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, кыз өмүрүн жоктоп ыйлады.

39 Эки ай өткөндөн кийин, кыз атасына кайрылып келди. Атасы кызы тууралуу берген убадасын жүзөгө ашырды, кызы эркек көргөн жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт калды:

40 жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызы үчүн төрт күн ыйлашат.

12-БӨЛҮМ

Иптах жана эпрайымдыктар

1 Эпрайымдыктар чогулуп, Сапонго өтүп келишти да, Иптахка: «Эмне үчүн бизди жардамга чакырбай эле, амондуктар менен согушканы кетип калдың? Үстүңдөгү үйүң менен кошо өрттөп жиберебиз», – дешти.

2 Иптах аларга: «Менин, менин элим менен амондуктардын ортосунда чоң келишпестик бар болчу. Силерди чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуңар.

3 Куткарбасыңарды көрүп, мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, амондуктарга каршы бардым. Теңир аларды менин колума салып берди. Силер эми эмнеге мени менен согушканы келдиңер?» – деди.

4 Анан Иптах Гилаттын бардык элин топтоп, эпрайымдыктар менен салгылашты. Эпрайымдыктар: «Силер качкын эпрайымдыктарсыңар. Гилат Эпрайымдын да, Менашенин да арасында жашайт», – деп айтышкандыгы үчүн, гилаттыктар аларды кырып салышты.

5 Гилаттыктар Иордандын өткөөлдөрүн эпрайымдыктардан тартып алышты. Аман калган эпрайымдыктардын бири: «Өткөөлдөн өтүп кетүүгө уруксат эт», – дегенде, гилаттыктар андан: «Сен эпрайымдыктардан болосуңбу?» – деп сурашчу. Тиги: «Жок», – деп жооп берсе,

6 анда гилаттыктар ага: «“Шибболет” деп айт», – дешчү. “Шибболет” деп айта албай, “Сибболет” деп айткан адамды гилаттыктар Иордан өткөөлүндө өлтүрүп салышчу. Ошентип, эпрайымдыктардан кырк эки миң адам өлдү.

7 Иптах Ысрайылга алты жыл башкаруучу болду. Гилаттык Иптах көз жумуп, Гилат шаарларынын бирине коюлду.

Ипсан, Элон, Абдон

8 Андан кийин Ысрайылга Бейт-Лехемден чыккан Ипсан башкаруучу болду.

9 Анын отуз уулу болгон, отуз кызын күйөөгө берген, отуз кызды сырттан келин кылып алган. Ал Ысрайылга жети жыл башкаруучу болду.

10 Ипсан көз жумуп, Бейт-Лехемге коюлду.

11 Андан кийин Ысрайылга забулундук Эйлон башкаруучу болуп, Ысрайылды он жыл башкарды.

12 Забулундук Эйлон да көз жумуп, забулундуктардын жери Айалонго коюлду.

13 Андан кийин Ысрайылга пиратондук Илейелдин уулу Абдон башкаруучу болду.

14 Анын жетимиш кодикке минген кырк уулу, отуз небереси болгон. Ал Ысрайылды сегиз жыл башкарды.

15 Пиратондук Илейелдин уулу Абдон да көз жумуп, эпрайымдыктардын жериндеги, амалыктыктардын тоосундагы Пиратонго коюлду.

13-БӨЛҮМ

Шимшондун төрөлүшү

1 Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин алдында жаман иштерди кыла башташты. Теңир аларды кырк жылга пелиштиликтердин колуна салып берди.

2 Ошол кезде соралык Манойах деген адам болгон, ал Дан уруусунан эле. Аялынын боюна бүтпөгөндүктөн, балалуу болгон эмес.

3 Теңирдин периштеси анын аялына келип, мындай деди: «Сенин боюңа бүткөн жок, бала төрөгөн жоксуң, эми боюңа бүтүп, уул төрөйсүң.

4 Ошондуктан сак бол, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе.

5 Анткени сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин, анткени жатында жаткандан баштап эле наристе Кудайдын назири болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткара баштайт».

6 Аял келип, күйөөсүнө мындай деди: «Мага көрүнүшү даңктуу, Кудайдын периштесиндей болгон Кудайдын бир адамы келди, ал абдан коркунучтуу экен. Анын кайдан келгенин сурабай калыптырмын, ал да мага атын айткан жок.

7 Ал мага: “Сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Ошондуктан шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе, анткени наристе жатында жаткандан баштап өлгөнгө чейин Кудайдын назири болот”, – деди».

8 Манойах Теңирге: «Теңир, Сен жөнөткөн Кудайдын адамы бизге дагы бир жолу келип, төрөлө турган баланы эмне кылышыбыз керек экенин үйрөтүп кетсин», – деп сыйынды.

9 Кудай Манойахтын үнүн укту. Аялы талаада жүргөндө, Теңирдин периштеси дагы келди, бирок күйөөсү Манойах жанында жок эле.

10 Аялы ошол замат жүгүрүп барып, күйөөсүнө кабарлады: «Баягыда мага келген адам келди».

11 Манойах ордунан туруп, аялы менен ал адамга келди да, ага: «Бул аял менен сүйлөшкөн адам сенсиңби?» – деди. Периште: «Менмин», – деди.

12 Манойах: «Эгерде сенин айтканың аткарыла турган болсо, ал баланы кантебиз, эмне кылабыз?» – деди.

13 Теңирдин периштеси Манойахка мындай деди: «Мен сенин аялыңа эмнени айтсам, ошонун баарынан сактансын.

14 Жүзүмдөн жасалган эч нерсени жебесин, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпесин, таза эмес нерсе жебесин. Мен аялга буйругандын баарын сактасын».

15 Манойах Теңирдин периштесине: «Бир улак союп, сага тамак даярдагыча, кетпей тур», – деди.

16 Теңирдин периштеси Манойахка: «Мени токтотконуң менен, баары бир тамагыңды жебейм. Эгерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгың келсе, анда аны Теңирге арнап чал», – деди. Манойах болсо анын Теңирдин периштеси экенин билген жок.

17 Манойах Теңирдин периштесине: «Атың ким? Айтканың аткарылганда, сени даңктайлы», – деди.

18 Теңирдин периштеси ага: «Менин атымды сурап эмне кыласың? Ал керемет!» – деди.

19 Манойах улак менен нан курмандыгын Теңирге арнап, таштын үстүндө курмандыкка чалды. Теңирдин периштеси керемет көрсөттү, аны Манойах менен аялы көрдү.

20 Курмандык чалынган таштын үстүндөгү оттун жалыны асманга көтөрүлө баштаганда, Теңирдин периштеси курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү жалын менен кошо асманга көтөрүлдү. Муну көргөндө, Манойах жана аялы жерге жүзтөмөндөп жыгылышты.

21 Теңирдин периштеси Манойахка жана анын аялына көрүнбөй калды. Ошондо Манойах анын Теңирдин периштеси экенин билди.

22 Анан Манойах аялына: «Биз Кудайды көрдүк, эми өлөбүз», – деди.

23 Аялы күйөөсүнө: «Эгерде Теңир бизди өлтүргүсү келсе, анда биздин колубуздан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын кабыл алмак эмес, азыр бизге мунун баарын көрсөтүп, ачып бермек эмес», – деди.

24 Аялы уул төрөп, атын Шимшон койду. Наристе чоңоё берди. Теңир ага батасын берип жатты.

25 Сора менен Эштаулдун ортосундагы Дандын станында Теңирдин Руху ал аркылуу иштей баштады.

14-БӨЛҮМ

Шимшон жана пелиштилик аял

1 Шимшон Тимнатага барып, Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдү.

2 Ал келип, атасы менен энесине: «Мен Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдүм, мага ошол кызды алып бергиле», – деп кабарлады.

3 Атасы менен энеси ага: «Сүннөткө отургузулбаган пелиштиликтерден аял алганы барам дегидей, бир туугандарыңдын, бүткүл элимдин арасында кыз жок бекен?» – деди. Шимшон атасына: «Ошол кызды алып бер, мен аны жактырып калдым», – деди.

4 Атасы да, энеси да бул Теңирден экенин, ал пелиштиликтерден өч алуунун ыңгайлуу учурун издеп жатканын билишкен жок. Ошол учурда ысрайылдыктарга пелиштиликтер үстөмдүк кылып турган.

5 Анан Шимшон ата-энеси менен Тимнатага жөнөдү. Тимнатанын жүзүмзарларына жакын келишкенде, анын алдынан жаш арстан ырылдап чыкты.

6 Шимшондун үстүнө Теңирдин Руху түштү, колунда эч нерсе жок болсо да, ал арстанды улактай тытып салды. Ал эмне кылганын атасына да, энесине да айткан жок.

7 Анан ал пелиштилик кызга келип, аны менен сүйлөштү. Кыз Шимшонго жагып калды.

8 Аны алыш үчүн, бир нече күндөн кийин ал дагы келди. Өзү өлтүргөн арстанды көргөнү келип, өлүктүн ичинен аарынын уюгу менен балды көрдү.

9 Ал балдан алып, жол бою жеп жүрүп отурду. Келип, атасы менен энесине берди, алар да жешти, бирок аларга балды арстандын өлүгүнүн ичинен алганын айткан жок.

10 Атасы кыздын үйүнө келди. Үйлөнгөндөр той бергендей эле, Шимшон да той берди.

11 Ал жердегилер аны көргөндө, анын жанында болууга отуз күйөө жолдош тандашты.

12 Шимшон аларга: «Мен силерге бир табышмак айтайын. Эгерде силер анын жандырмагын той бүткөнчө, жети күндүн ичинде тапсаңар, туура тапсаңар, мен силерге жука матадан тигилген отуз көйнөк жана отуз сыйра кийим берем.

13 Эгерде табышмакты жандыра албасаңар, анда силер мага жука матадан тигилген отуз көйнөк, отуз сыйра кийим бергиле», – деди. Алар: «Табышмагыңды айт, угалы», – дешти.

14 Ал аларга: «Жегичтен тамак чыкты, күчтүүдөн таттуу чыкты», – деп айтты. Алар табышмакты үч күн бою жандыра алышкан жок.

15 Жетинчи күнү Шимшондун колуктусуна: «Күйөөңдү көндүр, табышмактын жообун айтсын, болбосо сени да, атаңдын үйүн да өрттөп жиберебиз. Силер, эмне, бизди тоногону чакырдыңар беле?» – дешти.

16 Аялы Шимшондун алдына келип ыйлап: «Сен мени жек көрөсүң, сүйбөйсүң. Менин элимдин уулдарына табышмак айттың, бирок мага жообун айткан жоксуң», – деди. Ал аялга: «Жандырмагын атама да, энеме да айткан эмесмин, анан сага айтмак белем?» – деди.

17 Той болуп жаткан күндөрү, жети күн бою аялы анын алдына келип ыйлай берди. Жанын койбой сурай бергендиктен, акыры, жетинчи күнү ал аялына табышмактын жандырмагын айтты. Аялы болсо табышмактын жандырмагын өз элинин уулдарына айтып койду.

18 Жетинчи күнү күн батар алдында жанагы кишилер келип, ага: «Балдан таттуу, арстандан күчтүү эмне бар?» – дешти. Шимшон аларга: «Эгерде менин кунаажыным менен кош айдабасаңар, табышмагымды таба алмак эмессиңер», – деди.

19 Анын үстүнө Теңирдин Руху түшүп, ал Ашкелонго жөнөдү. Ал жерден ал отуз кишини өлтүрүп, кийимдерин чечип алып, табышмактын жандырмагын тапкандарга отуз сыйра кийим берди. Ал абдан каарданып, атасынын үйүнө кетип калды.

20 Шимшондун аялы болсо аны жандап жүргөн күйөө жолдошуна тийди.

15-БӨЛҮМ

1 Бир нече күндөн кийин, оруу-жыюу убагында, Шимшон бир улак алып, аялын көргөнү келди. «Аялым жаткан бөлмөгө кирейин», – дегенде, аялдын атасы киргизбей койду.

2 Аялынын атасы: «Сени аялыңды жек көрүп калды деп ойлоп, мен аны күйөө жолдошуңа алып берип койдум. Мына, сиңдиси андан сулуу, анын ордуна сиңдисин ал», – деди.

3 Бирок Шимшон аларга: «Эми пелиштиликтерге жамандык кылсам, күнөөлүү болбойм», – деди.

4 Шимшон кетти да, үч жүз түлкү кармап алып, шаманаларды алып, куйрукка куйрукту байлап, ар бир эки куйруктун ортосуна бирден шамана байлап койду.

5 Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштиликтердин эгинине коё берди. Боолонгон чөмөлөлөр да, орула элек эгиндер да, жүзүмзарлар да, зайтун бактар да өрттөнүп кетти.

6 Пелиштиликтер: «Муну ким кылды?» – дешти. «Тимнатанын күйөө баласы Шимшон кылды, анткени анын аялын атасы анын күйөө жолдошуна алып берип койгон», – дешти. Ошондо пелиштиликтер жабыла келип, атасын да, кызын да өрттөп жиберишти.

7 Шимшон аларга: «Ушундай кылганыңарга карабастан, мен силерден өч алам, ошондо гана жаным жай алат», – деди да,

8 алардын тизелери менен жамбаштарын талкалап, жөнөп кетти. Ал Эйтам аскасынын капчыгайына барып жатып алды.

Шимшондун пелиштиликтерди жеңиши

9 Пелиштиликтер келип, стандары менен Жүйүт жерине, Лехинин жанына жайланышышты.

10 Жүйүт жеринин тургундары: «Эмне үчүн бизге келдиңер?» – дешти. Алар: «Биз Шимшонду байлап кетели деп келдик, ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз», – дешти.

11 Ошондо жүйүттөрдөн үч миң адам чыгып, Эйтам аскасынын капчыгайына барып, Шимшонго: «Бизге пелиштиликтер үстөмдүк кылып жатышканын сен билбейсиңби? Эмне үчүн мындай кылдың?» – дешти. Шимшон аларга: «Алар мага кандай кылса, мен да аларга ошондой кылдым», – деди.

12 Алар ага: «Биз сени байлап, пелиштиликтердин колуна салып берели деп келдик», – дешти. Шимшон аларга: «Өлтүрбөйбүз деп ант бергиле», – деди.

13 Алар ага: «Жок, өлтүрбөйбүз, биз сени байлап, алардын колуна салып беребиз», – дешти. Аны эки жаңы жип менен байлашты да, капчыгайдан алып чыгышты.

14 Ал Лехиге жакындаганда, пелиштиликтер кыйкырык менен тосуп алышты. Анын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Ошондо анын колу байланган жиптер күйгөн зыгырдай болуп, үзүлүп түшүп калды.

15 Ал эшектин астынкы жаак сөөгүн таап алды. Аны менен миң кишини уруп өлтүрдү.

16 «Калың топту, эки топту эшектин жаак сөөгү менен өлтүрдүм, эшектин жаак сөөгү менен миң адамды өлтүрдүм», – деди Шимшон.

17 Ушуну айтып, жаак сөөктү ыргытты да, ал жерди Рамат-Лехи деп атады.

18 Ал аябай суусап, Теңирге жалынып: «Сен кулуңа ушул улуу жеңишти бердиң. Эми каным катып, сүннөткө отургузулбагандардын колуна түшүп өлөмбү?» – деди.

19 Ошондо Теңир Лехиден булак чыгарды. Ал суусунун кандырганда, күч-кубат алып, жанданып калды. Ошондон улам бул жер «Чакыргандын булагы» деп аталып калды, ал Лехиде ушул күнгө чейин бар.

20 Ал пелиштиликтердин убагында Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болду.

16-БӨЛҮМ

Шимшон Азада

1 Бир күнү Шимшон Азага келип, ал жерден бир бузулган аялды көрүп, анын үстүнө кирди.

2 Азанын тургундарына: «Бул жерге Шимшон келди», – деп айтышты. Алар ал турган жерди тегеректеп, аны түнү бою шаардын дарбазасынын алдында аңдышты. «Таң атканга чейин күтүп, анан өлтүрөбүз», – деп, түнү бою жашынып жатышты.

3 Шимшон болсо түн жарымына чейин жатып, түн ортосунда туруп, дарбазаны кашектери менен кошо чыгарып, кулпусу менен көтөрүп жонуна салды да, Хебронго кетчү жолдогу тоонун чокусуна алып чыгып кетти.

Шимшон менен Делила

4 Ошондон кийин ал Сорек өрөөнүндө жашаган бир аялды сүйүп калды, анын аты Делила эле.

5 Аялга пелиштиликтердин төрөлөрү келип: «Аны көндүр, анын зор күчү эмнеде экенин, аны биз кантип жеңе ала турганыбызды астыртан бил, биз аны байлап, багынтып алалы. Бул кызматың үчүн ар бирибиз сага бир миң бир жүз шекелден күмүш берели», – дешти.

6 Делила Шимшондон: «Айтчы мага, сенин зор күчүң эмнеде, сени багынтыш үчүн, эмне менен байласа болот?» – деп сурады.

7 Шимшон ага: «Эгерде мени кургатылбаган жети жаанын жиби менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

8 Пелиштиликтердин төрөлөрү аялга кургатылбаган жети жаанын жибин алып келип беришти. Аял жаанын жиби менен аны байлап салды.

9 (Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө пелиштиликтердин бири жашынып отурган). Аял ага: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ошондо ал жаанын жиптерин үзүп жиберди, алар кендирдин бир жиби от тийгенде үзүлгөндөй үзүлдү. Ошентип, анын күчү эмнеде экени билинген жок.

10 Делила Шимшонго: «Сен мени алдап койгон турбайсыңбы, мага калп айткан турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди.

11 Ал аялга: «Эгерде мени урунула элек жаңы жип менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

12 Делила аны жаңы жип менен байлап: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат! (Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө бирөө жашынып отурган)» – деди. Ал колдору байланган жипти чарык жипти үзгөндөй эле үзүп салды.

13 Ошондо Делила Шимшонго: «Мени алдап, дагы калп айтып койгон турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди. Ал аялга: «Эгерде башымдагы жети өрүм чачымды кездеме кошуп өрүп, аны кездеме соккон аркакка мык менен кагып койсоң, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

14 Аял кездеме соккон аркакты жерге казык менен кагып: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп, казыкты, кездеме соккон аркакты кездемеси менен кошо сууруп алды.

15 Ошондо Делила ага: «Сен мага: “Сени сүйөм”, – деп, кантип айтып жатасың? Сенин жүрөгүң мени менен эмес турбайбы. Мени үч жолу алдадың, зор күчүң эмнеде экенин айткан жоксуң», – деди.

16 Аял күн сайын аны кыйнап, жанын койбой койгондуктан, ал абдан кыйналып, чыдай албай кетти.

17 Ошондо ал жүрөгүндөгүсүнүн баарын аялга ачып берди: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени мен энемдин ичинде жаткандан тартып эле Кудайдын назиримин. Эгерде менин чачымды кырып салса, күчүм кетип, алдан тайып, кадимки эле адамдардай болуп калам».

18 Делила Шимшондун жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып бергенин көрүп, киши жөнөтүп, пелиштиликтердин төрөлөрүнө: «Эми келгиле, ал мага жүрөгүндөгүнүн баарын ачып берди», – деп айттырды. Пелиштиликтердин төрөлөрү күмүштөрүн колдоруна көтөрүп, аялга келишти.

19 Аял Шимшонду тизесине уктатып, бир кишини чакыртып, башындагы жети өрүм чачын кырдырды. Ошондо анын күчү кете баштады, акыры ал күчтөн ажырады.

20 Аял: «Шимшон, пелиштиликтер сага каршы келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп: «Мурдагыдай эле кутулуп кетем», – деп ойлоду. Ал Теңир таштап койгонун билген жок.

21 Пелиштиликтер аны кармап алып, көзүн оюп, Азага алып келишти да, эки жез чынжыр менен кишендеп салышты. Ал туткундар жаткан жайда тегирмен тартып жатты.

22 Ошол арада анын башындагы чачы өсө баштады.

Шимшондун өлүмү

23 Пелиштиликтердин төрөлөрү өз кудайы Дагонго чоң курмандык чалуу үчүн жана көңүл ачуу үчүн чогулушту. Алар: «Биздин кудайыбыз душманыбыз Шимшонду колубузга салып берди», – дешти.

24 Жалпы эл да Шимшонду көрүп, өз кудайын даңктап: «Жерибизди кыйраткан, көбүбүздү өлтүргөн душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди», – деди.

25 Көңүлдөрү ачылганда, алар: «Шимшонду алып келгиле, ал бизге тамаша койсун», – дешти. Шимшонду туткундар жаткан жайдан алдырып келишти. Ал аларга тамаша койду. Анан алар аны эки тирөөчтүн ортосуна коюшту.

26 Шимшон аны колунан жетелеп келген жаш жигитке: «Yйдү кармап турган тирөөчтөрдүн жанына алып барчы, сыйпалап көрүп, жөлөнүп турайын», – деди.

27 Yй толо эркек менен аял эле. Ал жерде пелиштиликтердин бардык төрөлөрү отурган, үйдүн төбөсүнө үч миңге жакын эркек-аял чогулуп, тамаша коюп жаткан Шимшонду карап турушкан.

28 Ошондо Шимшон Теңирге жалынып: «Кудай-Теңирим! Мени эсте, оо Кудайым, мага дагы бир жолу күч бере көр! Эки көзүмдүн куну үчүн пелиштиликтерден бир дем менен өч алайын!» – деди.

29 Анан үйдү кармап турган эки ортоңку тирөөчтүн бирине оң колу менен, бирине сол колу менен таянып турду да, аларды ордунан жылдырып жиберди.

30 Анан Шимшон: «Пелиштиликтер менен бирге өлөйүн!» – деди. Бардык күчү менен чиренип туруп түрттү эле, үй кулап, төрөлөрдү, андагы элдин баарын басып калды. Шимшон өлөр алдында өлтүргөн адамдардын саны анын буга чейин өлтүргөн адамдарынын санынан көп болду.

31 Бир туугандары менен атасынын бүт үй-бүлөсү келип, аны алып кетишти да, Сора менен Эштаулдун ортосундагы атасы Манойахтын мүрзөсүнө коюшту. Ал Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болгон.

17-БӨЛҮМ

Миханын буркандары

1 Эпрайым тоосунда Миха деген бир адам болгон.

2 Ал энесине: «Сенин бир миң бир жүз шекел күмүшүңдү алып кетишкенде, сен менин көзүмчө каргыш айткансың. Ошол күмүш менде. Аны мен алгам», – деди. Энеси: «Уулумду Теңир жалгасын!» – деди.

3 Анан ал энесине бир миң бир жүз шекел күмүштү кайрып берди. Энеси: «Бул күмүштөрдү Теңирге арнадым. Мен буларды сага берем, сен булардан жасалма кудай, буркан жаса», – деди.

4 Бирок ал күмүштөрдү энесине кайра кайрып берди. Энеси эки жүз шекел күмүштү алып, күмүш эритүүчү устага берди. Ал андан жасалма кудай, буркан куйду, ал буркан Миханын үйүнө коюлду.

5 Миханын бутканасы бар эле. Ал эфод жана терафим жасатып, балдарынын бирин өзүнө ыйык кызмат кылуучу кылып алды.

6 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.

7 Ошол учурда ошол жерде бир леби жигит жашачу, ал Жүйүттүн Бейт-Лехеминен эле. Ал Жүйүт уруусунун арасында жашачу.

8 Ал жигит Жүйүттүн Бейт-Лехем шаарынан чыгып, ар кайсы жерде жашап жүрдү. Жер кезип жүрүп, Эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө туш болду.

9 Ошондо Миха андан: «Кайдан келе жатасың?» – деп сурады. Ал ага: «Мен лебимин, Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатам, жашаганга жер издеп жүрөм», – деди.

10 Миха ага: «Меникинде кал, мага ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Мен сага жылына он күмүш шекел төлөп турам, кийген кийимиң, ичкен тамагың менден болот», – деди.

11 Леби ал кишиникинде калууга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.

12 Миха лебини ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады. Ал жигит анын ыйык кызмат кылуучусу болуп, анын үйүндө жашап калды.

13 Ошондо Миха: «Эми Теңир мага жакшылык кыларын билем, анткени менин ыйык кызмат кылуучум леби болду», – деди.

18-БӨЛҮМ

Миха жана Дан уруусу

1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Дан уруусу отурукташууга жер издеп жүргөн, анткени ошол күнгө чейин Ысрайыл урууларынын ичинен аларга үлүш тие элек эле.

2 Жер чалып, жерди көрүп келиш үчүн, Дан уулдары өз уруусунан, Сора менен Эштаулдан беш эр жүрөк кишини: «Баргыла, жер чалып келгиле», – деп жиберишти. Алар Эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө келип, түнөп калышты.

3 Миханын үйүнүн жанында жүргөн алар жаш лебинин үнүн таанып, үйгө кирип: «Сени бул жерге ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жатасың, эмне үчүн бул жерде жүрөсүң?» – деп сурашты.

4 Ал аларга: «Миха мага муну-тигини кылды, мени жалдады, мен анын ыйык кызмат кылуучусу болуп калдым», – деп жооп берди.

5 Алар ага: «Биз алган багытта жолубуз болобу, Кудайдан сурачы, билип алалы», – дешти.

6 Ыйык кызмат кылуучу аларга: «Тынчтык менен бара бергиле, силер бара жаткан жол Теңирдин алдында», – деди.

7 Ал беш киши жүрүп отуруп, Лаишке келди. Ал жерден сидондуктарга окшоп тынч, бейкапар, эч нерседен кам санабай жашап жаткан элди көрдү. Ал жерде ыза кылып кордоо деген, үстөмдүк кылуу деген жок эле. Алар сидондуктардан алыс жашап, эч ким менен эч кандай иштери жок эле.

8 Анан алар Сора менен Эштаулга, өз бир туугандарына кайтып келишти. Бир туугандары алардан: «Кандай кабар менен келдиңер?» – деп сурашты.

9 Алар: «Биз ал жерди көрдүк, ал укмуштай сонун жер экен. Жүргүлө, ал жерди басып алалы. Ойлонуп турбагыла, тезирээк баралы да, ал жерди энчибизге алалы.

10 Барганда, эч нерседен кам санабай жаткан элди көрөсүңөр. Ал жер өтө кенен, аны Кудай колуңарга берип жатат. Ал жер эч нерседен кем эмес жер экен», – дешти.

11 Ошондо Дан уруусунан алты жүз эркек курал-жарак асынып, Сора менен Эштаулдан жөнөп кетти.

12 Алар Жүйүт жериндеги Кирийат-Жейаримге жетип, станы менен туруп калышты. Ошондуктан Кирийат-Жейаримдин батыш тарабындагы ал жерди бүгүнкү күнгө чейин «Дан станы турган жер» деп аташат.

13 Ал жерден алар Эпрайым тоосуна бет алып, Миханын үйүнө келишти.

14 Лаиш жерин көрүүгө барган жанагы беш киши өз бир туугандарына: «Бул үйлөрдүн биринде эфод, терафим, жасалма кудай жана куюлуп жасалган буркан бар экенин билесиңерби? Демек, эмне кылуу керек экендигин ойлонгула», – дешти.

15 Алар жаш лебинин үйүнө, Миханын үйүнө киришип, анын ал-жайын сурашты.

16 Ал эми Дан уулдарынын курал-жарак асынган алты жүз кишиси дарбазанын жанында турду.

17 Жер чалганы барган беш киши үйгө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди, куюлуп жасалган бурканды тартып алды. Ыйык кызмат кылуучу курал-жаракчан алты жүз киши менен дарбазанын жанында турган.

18 Алар Миханын үйүнө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди жана куюлуп жасалган бурканды алып жатышканда, ыйык кызмат кылуучу алардан: «Эмне кылып жатасыңар?» – деп сурады.

19 Алар ага: «Yнүңдү чыгарбай, колуң менен оозуңду басып, биз менен жүр. Бизге ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Бир кишинин үйүндө ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы же бүт Ысрайыл урууларына ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы?» – дешти.

20 Ыйык кызмат кылуучу кубанып, эфодду, терафимди жана бурканды алып, алар менен жөнөдү.

21 Алар жолго чыгышты, аялдар менен балдарды, малды, оор жүктөрдү алдыга коё беришти.

22 Алар Миханын үйүнөн узап кетишкенден кийин, Миханын кошуналары чогулуп, Дан уулдарынын артынан түшүштү.

23 Алар Дан уулдарына кыйкырышты. Дан уулдары кайрылып, Михага: «Сага эмне керек, эмне кыйкырасың?» – дешти.

24 Миха аларга: «Жасаткан кудайларымды да, ыйык кызмат кылуучумду да алып кеттиңер. Мага эч нерсе калтырган жоксуңар! “Сага эмне керек?” – деп, кантип айтып жатасыңар?» – деди.

25 Дан уулдары ага: «Унчукпа, үнүңдү укпайлы, болбосо арабыздагы кээ бирөөлөр ачууланып, силерге кол салышат. Өзүңдү да, үй-бүлөңдү да мерт кылып аласың», – дешти.

26 Дан уулдары өз жолдору менен кете беришти. Миха алардын күчтүү экенин көрүп, артына кайрылып үйүнө келди.

27 Дан уулдары болсо Миха жасагандарды жана анын ыйык кызмат кылуучусун алып кетишти. Алар Лаиште бейкапар, тынч жашаган элге каршы барып, аларды кылыч мизине алып, шаарына от коюп, өрттөп жиберишти.

28 Жардам берер эч ким болгон жок, анткени алар Сидондон алыс жашашчу, эч ким менен иштери жок болчу. Бул шаар Бейт-Рекоптун жанындагы өрөөндө жайгашкан. Дан уулдары шаарды кайра куруп, ошол шаарга отурукташышты.

29 Шаарга Ысрайыл уулу Дан уруусунун атасынын атынан «Дан» деген ат коюшту. Шаардын мурдагы аты Лаиш болчу.

30 Дан уулдары өздөрүнө бурканды коюп алышты. Ал жерде жашоочулар туткундалып кеткенге чейин, Менашенин уулу Гейиршомдун уулу Жонатан жана анын уулдары Дан уруусуна ыйык кызмат кылуучу болушту.

31 Кудайдын жыйын чатыры Шилодо турган убакыт аралыгында алар Миха жасаган ошол бурканга табынышкан.

19-БӨЛҮМ

Леби жана анын күң аялы

1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Эпрайым тоосунун этегинде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен күң аял алды.

2 Күң аял аны менен чатакташып, Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминдеги өз атасынын үйүнө кетип калып, төрт ай ошол жерде болду.

3 Күйөөсү кулун жана эки эшегин алды да, көңүлүн таап сүйлөшүп, кайра алып келиш үчүн, аялынын артынан барды. Аял аны өз атасынын үйүнө алып кирди.

4 Жаш аялдын атасы аны көргөндө, кубаныч менен тосуп алды. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, аны кетирбей алып калды. Ал аныкында үч күн болду. Алар ичип-жеп, ошол жерде түнөп калышты.

5 Төртүнчү күнү алар эртең менен эрте турушту, ал туруп, жөнөмөкчү болду. Жаш аялдын атасы күйөө баласына: «Бир кесим нан жеп, кубаттанып ал, анан жөнөйсүңөр», – деди.

6 Алар калып калышты. Экөө дагы ичип-жешти. Жаш аялдын атасы ага: «Дагы бир түнгө калып, көңүлүңдү ач», – деди.

7 Ал туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайын атасы сурангандыктан, аныкында дагы түнөп калды.

8 Бешинчи күнү ал эртең менен эрте туруп, кетмей болду. Жаш аялдын атасы: «Нан жеп кубаттанып ал, күн батканча коё тургула», – деди. Экөө дагы ичип-жешти.

9 Ал киши аялы, кулу менен кетүүгө камынып, ордунан турду. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, ага дагы: «Күн кечтеп кетти, конуп алгыла! Күн батканы калды, түнөп кет, көңүл ач. Эртең эртерээк туруп, жолго чыккыла», – деди.

10 Бирок күйөө баласы түнөөгө макул болбой, жолго чыгып, Жебуска, азыркы Иерусалимге келди. Ал жүк артылган эки эшеги, аялы менен келди.

11 Алар Жебуска жеткени калганда, күн батып калган эле. Ошондо малайы мырзасына: «Жебустуктардын ушул шаарына кирип түнөп кетели», – деди.

12 Мырзасы малайына: «Жок, башка уруунун шаарына кирбейбиз, алар Ысрайылдын урууларынан эмес, Гибага жетели», – деди.

13 Анан кулуна: «Гибага же Рамага жетип конобуз», – деди.

14 Алар Бенжеминдин Гиба шаарына жетишкенде, күн батты.

15 Алар Гибага түнөп алыш үчүн, ошол тарапка бурулушту. Ал шаарга кирип, көчөгө отурду, бирок эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

16 Кечинде бир абышка талаа жумушунан үйүнө кайтып келе жаткан. Ал Эпрайым тоосунан эле, бирок Гибада жашачу. Гибанын тургундары Бенжемин уулдарынан болчу.

17 Абышка башын көтөрүп, шаардын көчөсүндө келаткан жолоочуну көрүп: «Кайда баратасың? Кайдан келдиң?» – деп сурады.

18 Ал абышкага: «Биз Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатабыз, азыр өз жериме, Эпрайым тоосуна баратабыз. Жүйүттүн Бейт-Лехемине баргам, азыр Теңир үйүнө баратам. Эч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

19 Эшектерибиздин саманы да, жеми да бар. Ошондой эле кулдарыңдын: менин, күңүңдүн, кулумдун жээр наны, ичээр шарабы да бар. Эч нерседен кем эмеспиз», – деп жооп берди.

20 Абышка ага: «Кам санаба! Сенин кем-карчың менин мойнумда болсун. Көчөгө түнөбөсөң эле болду», – деди.

21 Анан ал аны өз үйүнө алып келип, эшектерине жем берип, жайланыштырды. Алар буттарын жуушту, ичип-жешти.

22 Алар көңүл ачып жатканда, шаардагы бузулган адамдар үйдү курчап алышып, эшикти каккылап, үйдүн ээсине, абышкага: «Yйүңө кирген адамды сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз», – дешти.

23 Yйдүн ээси сыртка чыгып, аларга мындай деди: «Жок, туугандарым, жамандык кылбагыла. Бул адам – менин үйүмө келген конок, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла.

24 Yйүмдө бойго жеткен кызым бар, мунун күң аялы бар. Аларды алып чыгайын, аларга эмне кылгыңар келсе, ошону кылгыла, бирок бул кишиге мындай кылбагыла, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла».

25 Бирок алар аны уккусу келишкен жок. Ошондо күйөөсү күң аялын жетелеп, көчөгө чыгарып берди. Алар аны зордуктап, түнү бою, таң аткыча кордоп чыгышты. Аны жерге жарык киргенде коё беришти.

26 Аял таң атарда келип, мырзасы түнөгөн үйдүн эшигине жетип жыгылып, таң аткыча жатты.

27 Мырзасы эртең менен туруп, эшикти ачып, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкты. Күң аялы болсо босогону кучактап, эшиктин алдында жатыптыр.

28 Ал аялына: «Тур, жөнөйлү», – деди. Бирок жооп болгон жок, себеби ал өлүп калган эле. Ал ордунан туруп, аялды эшекке артып, өз үйүнө жөнөдү.

29 Ал өз үйүнө келип, бычак алып, күң аялын кескилеп, он эки мүчөгө бөлдү да, Ысрайылдын бардык жерине жөнөттү.

30 Көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл уулдары Мисирден чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин мындай болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Буга көңүл бургула, акылдашып көрүп, анан айткыла», – дешти.

20-БӨЛҮМ

Элдин Бенжемин уруусун жазалоо тууралуу чечими

1 Дандан Бейер-Шебага чейинки аймактарда жана Гилат жеринде жашаган Ысрайылдын бардык уулдары, бүт жамаат Теңирдин алдына, Миспага бир кишидей чогулушту.

2 Бардык эл башчылары, Ысрайылдын бардык уруулары, кылычын кынынан сууруган төрт жүз миң жөө аскер Кудайдын элинин чогулушуна келишти.

3 Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдарынын Миспага келгенин угушту. Ысрайыл уулдары: «Айткыла, бул жаман иш кандайча болду?» – деп сурашты.

4 Өлгөн аялдын күйөөсү, леби мындай деп жооп берди: «Мен күң аялым менен Бенжеминдин Гиба шаарына түнөгөнү келген элем.

5 Ошондо Гибанын тургундары мага каршы көтөрүлүп, мен түнөгөн үйдү түн ичинде курчап калышты. Алар мени өлтүргүсү келишкен эле. Алар менин күң аялымды кордошту, ал өлүп калды.

6 Мен күң аялымды алып барып, кескилеп, Ысрайылга караштуу бардык дубандарга жөнөттүм. Анткени алар Ысрайылда мыйзамсыз, жийиркеничтүү иш кылышты.

7 Ысрайыл уулдары, бардыгыңар ушул жерде турасыңар, бул ишти талдап, ушул жерде чечкиле».

8 Ошондо бүт эл бир кишидей мындай деди: «Эч кимибиз өз чатырларыбызга барбайбыз, өз үйлөрүбүзгө кайтпайбыз.

9 Гиба үчүн өкчөмө таш ыргытабыз.

10 Ысрайылдын ар бир уруусунан: жүз кишиден он, миңден жүз, түмөндөн миң кишини чыгарып жөнөтөбүз. Алар Бенжеминдин Гибасын Ысрайылда кылган жийиркеничтүү иши үчүн жазалаганы бара турган элге азык алып барышат».

11 Ошондо бардык ысрайылдыктар бул шаарга каршы бир кишидей топтолушту да,

12 Бенжемин уруусуна чабармандарды жөнөтүп, мындай деп айттырышты: «Кандай жийиркеничтүү иш кылгансыңар!

13 Гибадагы бузулган адамдарды чыгарып бергиле, биз аларды өлтүрүп, Ысрайылдагы жамандыкты түп-тамыры менен жок кылабыз». Бирок Бенжемин уулдары бир туугандарынын, Ысрайыл уулдарынын, үнүн уккулары келген жок.

14 Анан Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдары менен согушуу үчүн, өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага топтолушту.

15 Ошол күнү өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага чогулуп, кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдары жыйырма алты миң киши болду. Булардан тышкары, Гибанын өзүнөн жети жүз тандалган жоокер эсепке кирди.

16 Бул элдин ичинен тандалган жети жүз киши сологой болгон. Алар салмоордон таш ыргытканда таамай тийгизген жоокерлер болчу.

17 Бенжемин уулдарын кошпогондо, ысрайылдыктардын кылычын кынынан сууруган жоокерлеринин саны төрт жүз миң болчу. Мунун баары согушка жөндөмдүү адамдар эле.

Бенжеминге каршы согуш

18 Алар туруп, Бейтелге барышты. Ысрайыл уулдары Кудайдан: «Бенжемин уулдарына каршы согушту биздин арабыздан биринчи ким башташы керек?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Жүйүт баштайт», – деди.

19 Ысрайыл уулдары эрте туруп, стандары менен Гибанын жанына жайгашышты.

20 Бенжемин уулдары менен согушуу үчүн, Ысрайыл уулдары тизилип, Гибанын алдында турушту.

21 Бенжемин уулдары Гибадан чыгышты. Алар ошол күнкү салгылашта жыйырма эки миң ысрайылдыкты сулатышты.

22 Бирок Ысрайыл эли кайраттанып, кечээги турган жерине кайра тизилип турду.

23 Ысрайыл уулдары кечке чейин Теңирдин алдында ыйлап, Кудайдан: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла», – деди.

24 Экинчи күнү Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына жакындап барышты.

25 Бенжемин уулдары аларга каршы экинчи күнү да жапырт чыгып, кылыч көтөргөн Ысрайыл уулдарынан дагы он сегиз миң адамды жерге сулатышты.

26 Ошондо бүт Ысрайыл уулдары менен бүт эл Бейтелге келип, ошол жерде отуруп алып, Теңирдин алдында ыйлашты, кечке чейин орозо кармашты. Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалышты.

27 Анан Ысрайыл уулдары Теңирдин эркин сурашты (ошол учурда Кудайдын келишим сандыгы ошол жерде эле,

28 Арундун уулу, Элазардын уулу Пинкас анын алдында кызмат кылчу). Алар: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла, эртең Мен аларды силердин колуңарга салып берем», – деди.

29 Ысрайылдыктар Гибанын тегерегине буктурма коюшту.

30 Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына каршы үчүнчү күнү да бет алышты. Алар мурдагыдай эле Гибанын алдында тизилип турушту.

31 Бенжемин уулдары шаардан чыгып, аларга каршы бет алышты. Аларды мурдагыдай эле Бейтелге кетчү жолдо жана талаа менен Гибага кетчү жолдо кырып салышты. Ысрайылдыктардан отузга жакын адам өлдү.

32 Ошондо Бенжемин уулдары: «Алар мурдагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти. Ысрайыл уулдары болсо: «Булардан качалы да, шаарынан алыстатып, алагды кылып, жолго алып чыгалы», – дешти.

33 Бардык ысрайылдыктар орундарынан туруп, Баал-Тамарга тизилишти. Ошондо буктурмадагы ысрайылдыктар чыга калып, Гибанын батыш тарабынан кол салышты.

34 Ысрайылдын тандалган он миң жоокери Гибанын алдына келди, ошондо катуу салгылаш болду. Бенжемин уулдары баштарына мүшкүл түшөрүн билишкен жок.

35 Теңир Бенжемин уулдарын ысрайылдыктардын алдында талкалады. Ошол күнү ысрайылдыктар кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдарынан жыйырма беш миң бир жүз адамды сулатышты.

Бенжемин уулдарынын жеңилиши

36 Бенжемин уулдары өздөрүнүн жеңилип калганын көрүштү. Ысрайылдыктар аларга жол бошотуп беришти, анткени алар Гибадагы өздөрү койгон буктурмага ишеништи.

37 Буктурмадагылар болсо Гибага шашылыш кирип, бүт шаарды кылычтап кырды.

38 Шарттуу белги беребиз деп, ысрайылдыктар буктурмада жаткандар менен сүйлөшүп алышкан, шаардан түтүн көтөрүлгөндө, алар кол салышмак.

39 Ошентип, ысрайылдыктар согуш талаасынан чегине бергенде, Бенжемин уулдары кол салып, ысрайылдыктардын отузга жакын адамын өлтүрүштү да: «Булар мурдагы салгылаштардагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти.

40 Ошол учурда шаардан түтүн көтөрүлдү. Бенжемин уулдары артын карашса, бүт шаарды түтүн каптап, түтүн асманга көтөрүлүп жатыптыр.

41 Ысрайылдыктар кайра артка кайрылышты, Бенжемин уулдары эмне кыларын билбей калышты, анткени баштарына мүшкүл түшкөнүн көрүштү.

42 Ошондо алар ысрайылдыктардан качып, чөлгө карай кеткен жолго түшүштү, бирок качып кутула алышкан жок, шаарлардан чыккан ысрайылдыктар аларды өлтүрүштү.

43 Алар Бенжемин уулдарын курчап, Гибанын чыгыш тарабындагы Менухага чейин кууп барышты.

44 Бенжемин уулдарынын он сегиз миң эр жүрөк адамы өлдү.

45 Калгандары чөлдөгү Римон аскасына качышты. Ысрайылдыктар жол бою дагы беш миң адамды кырышты. Алардын артынан Гидомго чейин кууп барып, алардын эки миң адамын өлтүрүштү.

46 Бенжемин уулдарынан ошол күнү бардыгы болуп кылычын кынынан сууруган жыйырма беш миң жоокер кырылды, алардын бардыгы эр жүрөк адамдар эле.

47 Аман калган алты жүз адам чөлгө качып, Римон аскасына жашынды. Алар таштуу Римон тоосуна төрт ай корголошту.

48 Ысрайылдыктар болсо Бенжемин уулдарына кайра кайрылып келишип, кылычтап кырышты да, шаардагы адам дебей, мал дебей, жолунан чыккандын бардыгын кырып, шаарларды өрттөп жиберишти.

21-БӨЛҮМ

Бенжемин уруусунун кийинки тагдыры

1 Ысрайылдыктар Миспада: «Эч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз», – деп ант беришти.

2 Эл Бейтелге келип, ошол жерде кечке чейин Кудайдын алдында отуруп алып, өкүрүп ыйлады.

3 Алар мындай дешти: «Оо ысрайылдыктардын Кудай-Теңири! Эмне үчүн Ысрайылда ушундай болду? Эми анын бир уруусу жок болду!»

4 Эл эртеси эртең менен эрте туруп, ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалды.

5 Ысрайыл уулдары: «Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Анткени «Миспага, Теңирдин алдына келбей калган адам өлүм жазасына тартылат» деген катуу каргыш айтылган эле.

6 Ысрайыл уулдары бир туугандары Бенжемин уулдарына боор ооруп, мындай дешти: «Азыр Ысрайылдын бир уруусу кесилип ташталды.

7 Тирүү калгандарга кайдан аял алып беребиз? Аларга кыз бербейбиз деп, Теңирдин алдында ант бербедик беле?»

8 Алар дагы: «Миспага, Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Теңирдин алдына, станга Гилаттын Жабешинен эч ким келбептир.

9 Алар келген элди кыдырып көрүшкөндө, Гилаттын Жабешинин тургундарынан эч ким келбептир.

10 Жамаат он эки миң эр жүрөк жигитке мындай буйрук берип жөнөттү: «Баргыла, Гилаттын Жабешинин тургундарын аял дебей, бала дебей, кылычтап кыргыла.

11 Дагы мындай кылгыла: бардык эркектерин, эркек көргөн бардык аялдарын кырып салгыла».

12 Ошондо алар Гилаттын Жабешинин тургундарынын ичинен эркек көрө элек төрт жүз кызды таап, Канаан жериндеги Шило станына алып келишти.

13 Анан бүт жамаат Римон аскасындагы Бенжемин уулдары менен сүйлөшүүгө чабарман жөнөтүп, аларга тынчтык жарыялады.

14 Ошондо Бенжемин уулдары кайрылып келишти. Гилаттын Жабешиндеги өздөрү аман калтырган кыздарды аларга аялдыкка беришти, бирок бул жетишсиз болуп калды.

15 Теңир Ысрайыл урууларына жарака кетиргендиктен, Бенжемин уулдарына элдин боору ооруду.

16 Жамааттын аксакалдары: «Калгандарына аялды кайдан табабыз? Анткени Бенжемин уулдарынын кыз-келиндери түгөл кырылган», – дешти.

17 Алар дагы мындай дешти: «Ысрайылдын бир уруусу жоюлуп кетпеш үчүн, мураска калган жер тирүү калган Бенжемин уулдарына калсын.

18 Бирок кыздарыбызды аларга аялдыкка бере албайбыз, анткени Ысрайыл уулдары: “Бенжемин уулдарына кыз бергендер каргышка калсын!” – деп ант беришкен».

19 Алар дагы: «Бейтелден түндүккө жана Бейтелден Шекемге кетүүчү жолдон чыгышка, Лебондон түштүккө карай кеткен жердеги Шилодо Теңирдин жыл сайын өткөрүлүүчү майрамы болот», – дешти.

20 Анан алар Бенжемин уулдарына мындай деп буйрук кылышты: «Барып, жүзүмзардын арасына жашынып, карап тургула.

21 Шилолук кыздар бийлегени чыгышканда, жүзүмзардан чыга калгыла да, шилолук кыздардан ар кимиң бирден кызды ала качып, аларды Бенжемин жерине алып кеткиле.

22 Алардын аталары же бир туугандары бизге даттанып келишсе: “Алар үчүн бизди кечирип койгула, биз алардын ар бирине согуштан аял ала келген жокпуз, силер да аларга кыздарыңарды берген жоксуңар. Берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар”, – деп айтабыз».

23 Бенжемин уулдары так ошондой кылышты, өздөрүнүн санына жараша оюн-шоокко келген кыздардан бирден ала качышты да, өздөрүнүн үлүшүнө тийген жерлерге кайтып кетишти. Шаарларды калыбына келтирип, ошол жерлерде жашап калышты.

24 Ошол эле учурда ысрайылдыктардын ар кимиси өз уруусуна, өз үй-бүлөсүнө, өз энчисине тийген жерлерге тарап кетишти.

25 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz