Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

БИРИНЧИ ШЕМУЕЛ КИТЕБИ

1-БӨЛҮМ

Элкана жана анын Шилодогу үй-бүлөсү

1 Эпрайым тоосундагы Раматайым-Сопим шаарында Элкана аттуу эфраталык адам жашаган. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Эйлинин, Эйли Тохунун, Тоху Зуптун уулу болгон.

2 Элкананын эки аялы болгон: бирөөнүн ысымы – Анна, экинчисинин ысымы – Пенина. Пенинанын балдары бар эле, Аннаныкы болсо жок болчу.

3 Ал киши Себайот Теңирге табынып, курмандык чалуу үчүн, өз шаарынан жыл сайын Шилого барчу. Ал жерде Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары Копни жана Пинехас деген Эйлинин эки уулу болгон.

4 Элкана курмандык чалган күндөрү аялы Пенинага жана анын бүт уул-кыздарына курмандык тамактан бөлүп берчү.

5 Аннага болсо өзгөчө бөлүгүн берчү, анткени Теңир ага бала бербегенине карабай, аны сүйчү.

6 Теңир Аннага бала бербегени үчүн, күндөшү аны дайыма капа кылып, аны наалыганга түртчү.

7 Ал жыл сайын Теңирдин үйүнө барганда, ушундай болчу. Пенина Аннаны ыза кылчу, ал ыйлап, тамак жечү эмес.

8 Ошондо күйөөсү Элкана ага: «Анна! Эмнеге ыйлайсың, эмне үчүн тамак жебейсиң, эмнеге кайгырасың? Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» – деди.

Анна жана Эйли

9 Алар Шилодо тамак жеп бүткөндөн кийин, Анна ордунан туруп кетти. Ошол убакта ыйык кызмат кылуучу Эйли ийбадаткананын кире беришинде отургучта отурган.

10 Аял кайгырып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, Теңирге сыйынды.

11 Анан мындай деп убада берди: «Себайот Теңир! Эгер Сен Өз күңүңдүн кайгысына назарыңды салсаң, мени эсиңе алып, Өз күңүңдү унутпасаң, күңүңө эркек бала берсең, анда мен аны өмүрү өткөнчө Сага берем, башына устара тийбейт».

12 Ал Теңирдин алдында көпкө сыйынды, ошол убакта Эйли анын оозун карап турду.

13 Анна ичинен сүйлөп жаткан, анын эриндери гана кыймылдап, үнү чыкпагандыктан, Эйли аны мас деп ойлоду.

14 Эйли ага: «Масың качан тарайт? Соолук», – деди.

15 Анна мындай деп жооп берди: «Жок, мырзам, мен кайгыга малынган аялмын, шарап да, ичкилик да ичкен жокмун, Теңирдин алдында жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам.

16 Күңүңдү начар аял деп ойлобо, себеби кайгы-капам оор болгондуктан, ушуга чейин сүйлөп жаттым».

17 Ошондо Эйли: «Тынчтык менен бар, Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин», – деди.

18 Аял болсо: «Күңүң сенин алдыңда ырайым тапсын!» – деди да, өз жолуна түштү. Тамак ичти, жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды.

Шемуелдин төрөлүшү жана Кудайга арналышы

19 Алар эртең менен эрте туруп, Теңирге табынышты да, Рамадагы үйүнө кайтып келишти. Элкана аялы Аннага жакындады, Теңир ал аялды эстеди.

20 Бир нече убакыттан кийин Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Аны Теңирден сурап алдым», – деп, ага Шемуел деген ат койду.

21 Күйөөсү Элкана бүт үй-бүлөсү менен Теңирге жыл сайын чалынуучу курмандыкты чалуу үчүн жана өз убадасын аткаруу үчүн кетти.

22 Анна болсо барган жок. Күйөөсүнө: «Мен баланы эмчектен чыккандан кийин алып барам, ал Теңирдин алдына барып, ошол жерде түбөлүккө калат», – деп айтты.

23 Күйөөсү Элкана ага: «Каалаганыңдай болсун. Ал эмчектен чыкканча кала бер, бирок оозуңдан чыккан сөздү Теңир Өзү аткарсын», – деди. Ошентип, аялы үйдө калды. Уулун эмчектен чыгарганга чейин эмчек сүтүн берип бакты.

24 Аны эмчектен чыгаргандан кийин, ал үч букачар, бир эйфа ун, бир чанач шарап жана баланы алып, Шилого, Теңирдин үйүнө келди. Бала болсо жаш эле.

25 Алар букачарды союшту. Эйлиге баланы алып келишти.

26 Анан аял: «О мырзам! Өмүрүң узун болсун, мырзам! Баягыда ушул жерде, сенин жаныңда Теңирге жалынып сыйынган аял менмин.

27 Мен Кудайга ушул баланы сурап сыйынгам, Теңирим мага сураганымды берди.

28 Мен аны өмүрү өткөнчө Теңирге кызмат кылууга берем», – деди. Анан ал Теңирге ошол жерде ийилип таазим кылды.

2-БӨЛҮМ

Аннанын сыйынуусу

1 Анна Кудайга мындай деп сыйынды: «Теңирим менен жүрөгүм кубанды. Кудайым менин мүйүзүмдү көккө көтөрдү. Душмандарыма сүйлөй алам, Сенин куткарууңа кубанам.

2 Теңирдей ыйык эч ким жок, анткени Сенден башка эч ким жок. Биздин Кудайдай тирек жок.

3 Текеберденип сүйлөбөгүлө, оозуңардан мактаныч сөздөр чыкпасын, анткени Кудай – баарын билген Теңир, Ага бардык иштер белгилүү, Анын алдында баары таразалануу.

4 Күчтүүлөрдүн жаасы сынат, ал эми алсыздар күчкө толушат.

5 Курсагы токтор нан үчүн иштешет, ачкалар эс алышат. Ал турсун, төрөбөс аял жети бала төрөйт, баласы көптөр болсо балдарынан ажырашат.

6 Теңир өлтүрөт жана тирилтет, өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт жана чыгарат.

7 Теңир жакырдантат жана байытат, кемсинтет жана көтөрөт.

8 Ал кедейди топурактан көтөрүп, жакырды балчыктан чыгарат да, төрөлөр менен отургузат, аларга даңктын тагын мурас кылат, анткени жердин негиздери Теңирде, алардын үстүнө Ал ааламды орноткон.

9 Ал Өзүнүн ыйык адамдарынын кадамын сактайт, ал эми мыйзамсыздар караңгыда жок болушат, анткени адам өзүнүн күчү менен күчтүү эмес.

10 Теңир Өзүнө каршы чыккандарды талкалайт, асмандан аларга күркүрөйт. Бүт жер жүзүн соттойт, Өз падышасына күч-кубат берет, Өзү майлагандын мүйүзүн көтөрөт».

11 Анан Элкана Рамадагы өз үйүнө кетти. Баласы болсо Теңирге кызмат кылуу үчүн, ыйык кызмат кылуучу Эйлинин жанында калды.

Эйлинин уулдарынын күнөөсү

12 Эйлинин уулдары начар адамдар эле. Алар Теңирди билишчү эмес,

13 ыйык кызмат кылуучулардын элдин алдындагы милдетин да билишчү эмес. Кимдир бирөө курмандык чалып жатканда, ыйык кызмат кылуучунун баласы эт бышып жаткан убакта колуна айрыча кармап келчү да,

14 казандан, же табактан, же табадан, же карападан айрыча эмнени илип чыкса, ошону ыйык кызмат кылуучу өзүнө алчу. Шилого келген бардык ысрайылдыктарга алар ушундай кылышчу.

15 Ал турсун, майды өрттөшкөнгө чейин, курмандык алып келген кишиге ыйык кызмат кылуучунун баласы келип мындай дечү: «Ыйык кызмат кылуучуга куурдакка эт бер, ал сенден бышкан эт албайт, чийкисинен бер».

16 Эгерде ага бирөө: «Адегенде май өрттөлүшү керек, андан кийин каалашыңча ал», – деп айтса, ал: «Жок, азыр бер, бербесең күч менен алам», – деп айтчу.

17 Теңирдин алдында бул жаш адамдардын күнөөсү өтө чоң эле, анткени алар Теңирге чалынган курмандыктарды булгашчу.

Шемуел Шилодо

18 Өспүрүм Шемуел зыгыр буласынан токулган эфод кийип, Теңир алдында кызмат кылып жүрдү.

19 Күйөөсү экөө жыл сайын чалына турган курмандыкты чалар мезгилде энеси ага чакан сырт кийим тигип келип берчү.

20 Эйли Элкана менен анын аялына мындай деп бата берди: «Сенин Теңирге берген балаңдын ордуна, ушул аялыңды Теңир жалгап, сага дагы көп бала берсин!» Ошентип, алар өз жайына кетишти.

21 Теңир Аннага батасын берди. Анын боюна бүтүп, дагы үч уул, эки кыз төрөдү. Өспүрүм Шемуел болсо Теңир алдында чоңоюп жатты.

Эйлинин өз уулдарын айыпташы

22 Эйлинин карылыгы жетип калган, ал өзүнүн уулдарынын ысрайылдыктарга кандай мамиле кылып жатышканын жана жыйын чатырынын алдына келген аялдар менен жатып жүрүшкөнүн укту.

23 Анан аларга: «Эмне үчүн мындай иш кыласыңар? Мен силер жөнүндө элдин баарынан жаман сөздөрдү угуп жатам.

24 Жок, балдарым, мен уккан бул кабар жакшы эмес. Теңирдин элин бузуп жатасыңар.

25 Эгер адам адамга каршы күнөө кылса, анда ал тууралуу Кудайга сыйынышат. Эгерде адам Теңирге каршы күнөө кылса, анда ага ким арачы боло алат?» – деди. Бирок алар атасынын тилин албай коюшту, анткени Теңир аларды өлүм жазасына өкүм кылып койгон эле.

26 Өспүрүм Шемуел күндөн-күнгө жетилип, элге да, Теңирге да сүймөнчүктүү боло берди.

Эйлинин үй-бүлөсү жөнүндөгү пайгамбарчылык

27 Анан Кудайдын кишиси Эйлиге келип, ага мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Атаң өз бүлөсү менен Мисирде, фараондун жеринде жүргөндө, Мен ага ачылбадым беле!

28 Менин алдымда эфод кийип, Менин курмандык чалынуучу жайыма чыгышы үчүн, жыпар жыттуу зат түтөтүшү үчүн, аны бүт Ысрайыл урууларынын арасынан ыйык кызмат кылуучу кылып тандап албадым беле! Ысрайыл уулдарынын өрттөлүүчү курмандыктарынан атаңдын уруусуна бербедим беле!

29 Өзүмдүн турак жайым үчүн Өзүм осуят кылган, Мага алып келинген курмандыктарды жана нан курмандыктарын силер эмне үчүн бутуңар менен тебелейсиңер? Менин элим Ысрайыл алып келген тартуулардын алгачкыларына семирип, эмне үчүн уулдарыңды Менден артык көрөсүң?”»

30 Ошондуктан Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: «Мен ошондо: “Сенин үй-бүлөң, атаңдын үй-бүлөсү Менин алдымда түбөлүк кызмат кылышат”, – деп айткам». Бирок Теңир эми мындай дейт: «Андай болбойт, анткени Мени даңктагандарды Мен даңктайм, Мени жаманатты кылгандар уятка калышат.

31 Мына, Мен сенин жана атаңдын булчуңун кесе турган күндөр келе жатат. Ошентип, сенин үйүңдө карыя болбойт.

32 Теңир Ысрайылды сүйгөнүнө карабастан, Менин турак жайымдын оор абалга учураганын көрөсүң, сенин үйүңдө эч качан карыя болбойт.

33 Бирок көзүңдү талытыш үчүн, жаныңды кыйнаш үчүн, Өзүмдүн курмандык чалынуучу жайымдан сенин бардык тукумуңду жок кылып салбайм, бирок сенин тукумуң орто жаштарында каза болот.

34 Сенин эки уулуң Копни менен Пинехас жөнүндөгү жышаан мындай: экөө бир күндө өлүшөт.

35 Анан Өзүмө ишеничтүү ыйык кызмат кылуучуну коём. Ал Мага жаккандай, Мен каалагандай иш кылат. Анын тукумун бекем кылам, ал Менин майланганымдын алдында өмүр бою кызмат кылат.

36 Сенин тукумуңдан тирүү калганы бир гера күмүш жана бир кесим нан үчүн анын алдына келип жүгүнүп: “Тамак таап жеш үчүн, мага лебилик бир кызмат бер”, – деп айтат».

3-БӨЛҮМ

Шемуел – ыйык кызмат кылуучу жана пайгамбар

1 Өспүрүм Шемуел Эйлинин жанында Теңирге кызмат кылып жүрдү. Ал күндөрү Теңир сөзү сейрек болду, көрүнүштөр да көп болгон жок.

2 Ошол күндөрү Эйли өз ордунда жатканда, мындай окуя болду. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган эле.

3 Кудайдын чырактаны өчө элек эле, Шемуел Теңирдин ийбадатканасында, Кудайдын келишим сандыгы турган жерде жаткан.

4 Теңир Шемуелди чакырды. Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

5 Анан Эйлиге чуркап барып: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди. Ал барып, кайра ордуна жатты.

6 Бирок Теңир Шемуелди дагы чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге экинчи ирет келип: «Мына мен! Сен мени чакырдың», – деди. Бирок ал: «Уулум, мен сени чакырган жокмун, кайра барып жат», – деди.

7 Шемуел Теңирдин үнүн тааный элек болчу, Теңирдин сөзү ага ачыла элек эле.

8 Теңир Шемуелди үчүнчү жолу чакырды. Ал ордунан туруп, Эйлиге келип, мындай деди: «Мына мен! Сен мени чакырдың». Өспүрүмдү Теңир чакырганын Эйли ошондо түшүндү.

9 Ошондо Эйли Шемуелге: «Кайра барып жат, сени чакырганда: “Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат”, – дегин», – деди. Шемуел өз ордуна барып жатты.

10 Анан Теңир келип, турду да, мурдагыдай: «Шемуел, Шемуел!» – деп чакырды. Шемуел: «Сүйлө, Теңирим, кулуң угуп жатат», – деп жооп берди.

11 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккандын эки кулагы зыңылдап калат.

12 Мен Эйлинин тукуму жөнүндө айтканымдын баарын ошол күнү аткарам. Мен баштайм жана бүтүрөм.

13 Мен ага: “Уулдарыңдын мыйзамсыз иштерди кылып жатканын көрүп туруп, аларды тыйбаганың үчүн – ушул күнөөң үчүн сенин тукумуңду түбөлүккө жазалайм”, – деп айткам.

14 Ошондуктан Эйлинин тукумуна ант бергем, Эйлинин тукумунун күнөөсү курмандыктар менен да, нан курмандыктары менен да түбөлүккө жуулбайт».

15 Шемуел эртең мененкиге чейин жатты, анан Теңир үйүнүн эшиктерин ачты. Шемуел бул көрүнүштү Эйлиге айткандан коркту.

16 Бирок Эйли Шемуелди чакырып, мындай деди: «Шемуел, уулум!» Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.

17 Эйли ага: «Теңир сага эмне деди? Менден жашырба. Сага айтылгандан бир нерсе жашырсаң, Кудай сени жазалайт, катуу жазалайт», – деди.

18 Ошондо Шемуел ага бүт баарын айтып берди, эч нерсе жашырган жок. Эйли ошондо мындай деди: «Ал – Теңир. Ал эмнени кааласа, ошону кылат».

19 Шемуел өсүп жетилди, Теңир аны менен болду, ага айтылган бир да сөз аткарылбай калган жок.

20 Дандан Бейер-Шебага чейинки бүт Ысрайыл эли Шемуелдин Теңирдин пайгамбары болууга татыктуу экенин билди.

21 Теңир Өзүн Шилодо сөзү аркылуу Шемуелге ачкандан кийин, Шилого келип турду.

4-БӨЛҮМ

Пелиштиликтердин Кудайдын келишим сандыгын тартып алышы

1 Шемуел бүт Ысрайылга сөз сүйлөдү. Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы согушка чыгышып, кошуундары менен Эбен-Айзерге жайгашышты, пелиштиликтер болсо Апейикке жайланышышты.

2 Пелиштиликтер Ысрайылга каршы катарга тизилишти, катуу салгылаш болду. Пелиштиликтер ысрайылдыктарды кыйратышты, согуш талаасында алардын төрт миңге жакын адамын өлтүрүштү.

3 Анан эл кошуунга келди. Ысрайыл аксакалдары: «Бүгүн Теңир бизди пелиштиликтердин алдында эмне үчүн талкалады? Шилодон Теңирдин келишим сандыгын алалы, ал биздин арабызда болсун, ошондо ал бизди душмандарыбыздын колунан сактайт», – дешти.

4 Ошентип, эл Шилого кишилерди жиберди. Алар ал жерден керуптардын үстүндө отурган Себайот Теңирдин келишим сандыгын алып келишти. Ал эми Кудайдын келишим сандыгынын жанында Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас да бар эле.

5 Теңирдин келишим сандыгы кошуунга келгенде, бүт Ысрайыл катуу кыйкырып жиберди, жер дүңгүрөп кетти.

6 Пелиштиликтер катуу кыйкырыкты укканда: «Эврейлердин кошуунунан эмне үчүн мындай катуу кыйкырык чыгып жатат?» – дешти. Анан алар кошуунга Теңирдин келишим сандыгы келгенин билишти.

7 Ошондо пелиштиликтер коркуп: «Алардын кошуунуна Кудай келди», – дешти. Дагы мындай дешти: «Бизге кайгы! Анткени мындай нерсе мурун болгон эмес.

8 Кайгы бизге! Бул кудуреттүү Кудайдын колунан бизди ким куткара алат? Чөлдө мисирликтерди ар кандай жазалар менен кырган Кудай ушул.

9 Пелиштиликтер, эврейлер силерге кул болгондой, силер да аларга кул болбошуңар үчүн, белиңерди бек бууп, кайраттуу болгула. Кайраттуу болгула, алар менен салгылашкыла!»

10 Пелиштиликтер салгылашышты, ысрайылдыктар жеңилип, ар кимиси өз чатырына качты. Зор кыйроо болду. Ысрайылдын отуз миң жөө адамы кырылды.

11 Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты. Эйлинин эки уулу Копни менен Пинехас өлдү.

Эйлинин көз жумушу

12 Бенжеминдик бир киши согуш майданынан качып, ошол эле күнү Шилого келди. Анын сырткы кийими айрылган, башы топурак эле.

13 Ал келгенде, Эйли дарбазанын жанында, жол боюндагы отургучта отурган, анткени Кудайдын келишим сандыгы үчүн ал кабатыр болуп жаткан. Ал киши келип, шаарга жарыя кылганда, бүт шаар боздоп жиберди.

14 Эйли боздогон үндү угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу?» – деди. Ошол маалда тиги киши келип, Эйлиге жарыя кылды.

15 Ошол учурда Эйли токсон сегиз жашта эле. Анын көздөрү тунарып көрбөй калган.

16 Тиги киши Эйлиге мындай деп айтты: «Мен согуш талаасынан келдим, майдандан бүгүн качып келдим». Эйли андан: «Эмне болду, уулум?» – деп сурады.

17 Кабарчы мындай деп жооп берди: «Ысрайыл пелиштиликтерден качты, эл зор кыйроого учурады, эки уулуң тең – Копни да, Пинехас да өлдү, Кудайдын келишим сандыгын тартып алышты».

18 Ал Кудайдын келишим сандыгы жөнүндө айтканда, Эйли дарбазанын алдындагы отургучта отурган жеринен чалкасынан кетип, кыр аркасы сынып өлдү, анткени ал карып калган эле, салмактуу да болчу. Ал кырк жыл Ысрайылдын башкаруучусу болду.

Пинехастын аялынын өлүшү

19 Келини, Пинехастын аялы, кош бойлуу болчу, төрөтү жакындап калган эле. Ал Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайын атасы менен күйөөсүнүн өлгөнүн укканда, тизелеп жыгылып, төрөп салды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип калган эле.

20 Ал өлүп бара жатканда, жанында турган аялдар ага мындай дешти: «Коркпо, уул төрөдүң». Бирок ал жооп берген жок, буга көңүл да бөлгөн жок.

21 Теңирдин келишим сандыгы тартылып алынгандыктан, кайын атасы менен күйөөсү өлгөндүктөн, «Ысрайылдан атак-даңк кетти», – деп, ал балага Ихабот деген ат койду.

22 Аял мындай деп айтты: «Ысрайылдан атак-даңк кетти, анткени Кудайдын келишим сандыгы тартылып алынды».

5-БӨЛҮМ

Теңирдин келишим сандыгынын пелиштиликтерге Теңирдин каргышын алып келиши

1 Пелиштиликтер болсо Теңирдин келишим сандыгын тартып алышты да, Эбен-Айзерден Азотко алып келишти.

2 Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын алып, Дагондун бутканасына киргизип, Дагондун жанына коюшту.

3 Азоттуктар эртеси эртең менен турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон бети менен жатыптыр. Алар Дагонду алып, өз ордуна коюшту.

4 Алар кийинки күнү таң заардан турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында Дагон дагы бети менен жатыптыр. Дагондун башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр, тулку бою гана калыптыр.

5 Ошондон тартып Дагондун буткана кызматчылары менен Азоттогу Дагондун бутканасына келген элдин баары ушул күнгө чейин анын босогосун атташпайт.

6 Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду, Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады.

7 Азоттуктар муну көрүп, мындай дешти: «Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгы бизде калбасын, анткени Анын колу биздин жана биздин кудайыбыз Дагондун үстүндө оор болду».

8 Анан алар пелиштиликтердин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын эмне кылалы?» Тигилер: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гатка алып баргыла», – дешти. Ошентип, алар Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын Гат шаарына жөнөтүштү.

9 Аны Гатка алып келишкенден кийин, Теңирдин колу ал шаардын үстүндө болду. Эл дүрбөлөңгө түштү, Теңир шаардын тургундарын кичинесинен чоңуна чейин кырды, аларда ириңдүү шишик оорусу пайда болду.

10 Ошондо алар Кудайдын келишим сандыгын Ашкелонго жиберишти. Ашкелонго Теңирдин келишим сандыгы келгенде, ашкелондуктар мындай деп боздоп жиберишти: «Бизди жана элибизди өлтүрүш үчүн, Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын алып келишти!»

11 Анан алар Пелиштинин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүлө, ал бизди жана биздин элибизди өлтүрбөш үчүн, өз ордуна кайтсын». Анткени бардык шаарды өлүм коркунучу басты, алардын үстүндөгү Теңирдин колу өтө оорлоду.

12 Өлбөй калгандар ириңдүү шишик оорусуна чалдыгышты, шаардын өкүрүгү асманга чейин көтөрүлүп жатты.

6-БӨЛҮМ

Теңирдин келишим сандыгынын алынып келиниши

1 Теңирдин келишим сандыгы Пелишти жеринде жети ай болду.

2 Пелиштиликтер буткана кызматчылары менен сыйкырчыларды чакырып, мындай дешти: «Теңирдин келишим сандыгын эмне кылалы? Аны өз ордуна кантип жөнөтүү керектигин бизге айткыла».

3 Тигилер: «Эгер Ысрайылдын Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүңөр келсе, аны куру жөнөтпөгүлө. Ага айып үчүн чалынуучу курмандыкты чалгыла, ошондо айыгасыңар жана Анын колу эмне себептен силердин үстүңөрдөн алынбаганын билесиңер», – дешти.

4 Анан алар дагы мындай дешти: «Биз айып үчүн чалынуучу курмандыкка Ага эмне чалышыбыз керек?» Тигилер мындай дешти: «Пелиштилик төрөлөрдүн санына жараша беш алтын ириңдүү шишик жана беш алтын чычкан чалгыла, анткени силердин төрөлөрүңөр да, силер да бир жаза алдыңар.

5 Ошондуктан силер жерди кыйратуучу алтын ириңдүү шишиктер менен алтын чычкандардын балбалдарын жасап, Ысрайылдын Кудайын даңктагыла. Балким, Ал силердин үстүңөрдөгү, кудайыңардын үстүндөгү, жериңердин үстүндөгү Өзүнүн колун жеңилдетер.

6 Мисирликтер менен фараон жүрөктөрүн өжөрлөнтүшкөндөй, силер да эмнеге жүрөгүңөрдү өжөрлөнтүп жатасыңар? Теңир мисирликтерге Өз күчүн көргөзгөндө, алар ысрайылдыктарды коё беришкен, алар кетишкен.

7 Ошондуктан бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, үйгө алып кеткиле.

8 Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды үкөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.

9 Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. Эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».

10 Анан алар мындай кылышты: эки саан уй алып, арабага чегишти, музоолорун үйгө калтырышты.

11 Теңирдин келишим сандыгын жана алтын чычкандар менен алтын ириңдүү шишиктердин балбалдары салынган үкөктү арабага салышты.

12 Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты.

13 Ошол кезде өрөөндө буудай оруп жаткан Бейт-Шемештин тургундары Теңирдин келишим сандыгын көрүп, көргөндөрүнө сүйүнүштү.

14 Араба бейт-шемештик Жошуянын талаасына келип, ошол жерге токтоп калды. Ал жерде чоң таш бар эле. Алар арабаны жарып, отун кылышты да, уйларды Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышты.

15 Лебилер Теңирдин келишим сандыгын жана анын жанындагы алтын буюмдар салынган үкөктү алып, жанагы чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бейт-Шемештин тургундары Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды алып келип, курмандыктарды чалышты.

16 Пелиштилик беш төрө муну көрдү да, ошол күнү Экронго кайтып келди.

17 Пелиштиликтердин айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын ириңдүү шишиктеринин бири Азот үчүн, бири Аза үчүн, бири Гат үчүн, бири Ашкелон үчүн, бири Экрон үчүн эле.

18 Ал эми алтын чычкандардын саны Пелиштинин бардык шаарларынын – беш төрөнүн, бекемделген шаарлардан ачык жаткан айылдарга чейин, Теңирдин келишим сандыгы коюлган чоң ташка чейинки шаарлар менен кыштактардын санына жараша болгон. Ал таш ушул күнгө чейин бейт-шемештик Жошуянын талаасында турат.

19 Кудай Бейт-Шемештин тургундарын Теңирдин келишим сандыгынын ичин караганы үчүн өлтүрдү. Ошондо элүү миң жетимиш киши өлтүрдү. Эл боздоп жиберди, анткени Теңир элге чоң кыргын салган эле.

Теңирдин келишим сандыгы Кырыйат-Жарымда

20 Ошондо Бейт-Шемештин тургундары мындай дешти: «Теңирдин – бул ыйык Кудайдын алдында ким тура алат? Ал бизден кимге барат?»

21 Анан алар Кырыйат-Жарымдын тургундарына элчилерди жиберип, мындай деп айттырышты: «Пелиштиликтер Теңирдин келишим сандыгын кайра кайтарып беришти. Келип, аны өзүңөргө алып кеткиле».

7-БӨЛҮМ

Шемуел – Ысрайылдын башкаруучусу

1 Кырыйат-Жарымдын тургундары келип, Теңирдин келишим сандыгын алып кетишти. Аны дөңдөгү Аминадаптын үйүнө алып барышты, анын уулу Элазарды Теңирдин келишим сандыгын кайтарууга дайындашты.

2 Келишим сандыгын Кырыйат-Жарымга койгон күндөн кийин көп убакыт өттү, жыйырма жылдай болду. Бүткүл Ысрайыл эли Теңирге кайрылды.

3 Ошондо Шемуел бүт Ысрайыл элине мындай деп айтты: «Эгер силер Теңирге бүт жүрөгүңөр менен кайрылып жатсаңар, анда өз араңардан бөтөн кудайлар менен Ашейраны алып салгыла да, жүрөгүңөрдү Теңирге буруп, бир гана Ага кызмат кылгыла. Ошондо Ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат».

4 Ысрайыл уулдары жасалма кудайлар Ашейра менен Баалды алып таштап, бир гана Теңирге кызмат кыла башташты.

5 Ошондо Шемуел аларга: «Бүт Ысрайылды Миспага чогулткула, мен силер үчүн Теңирге сыйынам», – деди.

6 Алар чогулуп, суу сузуп, Теңир алдында төгүштү. Ошол күнү орозо кармап, мындай дешти: «Биз Теңирдин алдында күнөө кылдык». Шемуел Миспада Ысрайыл уулдарын башкарып турду.

7 Пелиштиликтер Ысрайыл уулдарынын Миспага чогулганын угушканда, Пелиштинин төрөлөрү Ысрайылга каршы жөнөштү. Ысрайылдыктар муну угушканда, пелиштиликтерден коркушту.

8 Ошондо Ысрайыл уулдары Шемуелге: «Кудай-Теңирибизге биз үчүн жалынганыңды токтото көрбө, Ал бизди пелиштиликтердин колунан куткарсын», – деди.

9 Шемуел сүт эмген бир козуну алып, аны Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды да, Ысрайыл үчүн Теңирге жалынды, Теңир аны укту.

10 Шемуел бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп жатканда, пелиштиликтер Ысрайыл менен согушууга келишти. Бирок ошол күнү Теңир пелиштиликтердин үстүнөн катуу күркүрөп, аларды дүрбөлөңгө түшүрдү, алар ысрайылдыктардын алдында талкаланышты.

11 Ысрайылдыктар Миспадан чабуулга өтүп, пелиштиликтердин артынан кууп, аларды Бейт-Каромго жеткенче талкалап жүрүп отурушту.

12 Анан Шемуел бир таш алып, Миспа жана Шейин шаарларынын ортосуна коюп: «Теңир бизге ушул жерге чейин жардам берди», – деп, аны Эбен-Айзер деп атады.

13 Пелиштиликтер ушинтип багынып беришти. Алар ошондон кийин ысрайылдыктардын жерине келбей калышты. Шемуелдин көзү өткөнчө, Теңирдин колу пелиштиликтерге каршы турду.

14 Ысрайылдын пелиштиликтер басып алган Экрондон Гатка чейинки шаарлары Ысрайылга кайра кайтарылып берилди. Ысрайыл ошол жерлерди пелиштиликтердин колунан бошотту. Ошентип, Ысрайыл менен аморлуктардын ортосунда тынчтык орноду.

15 Шемуел көзү өткөнчө, Ысрайылда башкаруучу болду.

16 Жыл сайын Бейтелге, Гилгалга, Миспага барып, аларды кыдырып турду. Ал Ысрайылдын ушул жерлеринин баарын башкарып турду.

17 Андан кийин Рамага кайтты, анткени анын үйү ошол жерде эле. Ошол жерде ал Ысрайылды башкарып турду. Ошол жерде ал Теңирге курмандык чалынуучу жай курду.

8-БӨЛҮМ

Ысрайылдын падышаны талап кылышы

1 Шемуел карыганда, Ысрайылга өз уулдарын башкаруучу кылды.

2 Улуу баласынын ысымы Жоел, экинчи баласынын ысымы Абия болчу. Алар Бейер-Шебада башкаруучу эле.

3 Бирок уулдары анын жолу менен жүрүшкөн жок, дүнүйөкордук кылып пара алып, туура эмес бийлик жүргүзүштү.

4 Ошондо Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти.

5 Алар ага: «Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт, ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша кой, ал бизди башкарсын», – дешти.

6 Алардын «Биздин үстүбүзгө падыша кой» деген сөзү Шемуелге жаккан жок. Шемуел Теңирге сыйынды.

7 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл, анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты.

8 Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.

9 Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган падышанын укуктарын аларга айтып эскертип кой».

10 Шемуел өзүнөн падыша сураган элге Теңирдин сөзүн толук айтып берди.

11 Ал аларга мындай деди: «Силерге падышачылык кылчу падышанын укуктары мындай болот: ал уулдарыңарды алат да, өзүнүн майдан арабаларын айдатат, атчан жоокер кылат, алар арабалардын алдында чуркашат.

12 Алардын арасынан миң башы, элүү башы коёт, өз жерлерине иштетет, эгинин ордурат, согуш куралдарын жана араба шаймандарын жасатат.

13 Кыздарыңарды алып, жыпар жыттуу заттарды жасатат, тамак бышыртат, нан жаптырат.

14 Силердин эң жакшы талааларыңарды жана зайтун бактарыңар менен жүзүмзарларыңарды алып, өз кулдарына берет.

15 Эгиниңердин, жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып, эбнухтары менен кулдарына берет.

16 Кулдарыңарды, күңдөрүңөрдү, бодо малыңарды, эшектериңерди, мыкты жаш жигиттериңерди алып, өзүнүн иштерине пайдаланат.

17 Майда малыңардын ондон бир бөлүгүн алат. Ага өзүңөр да кул болосуңар.

18 Өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт».

19 Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын.

20 Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын».

21 Шемуел элдин айткан сөзүнүнүн баарын угуп, аларды Теңирге айтып берди.

22 Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Элдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер». Шемуел ысрайылдыктарга: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла», – деди.

9-БӨЛҮМ

Шабулдун падыша болуп майланышы

1 Бенжемин уруусунда Киш деген атактуу киши бар эле. Ал – Абиел уулу, Абиел – Серор уулу, Серор – Бехорат уулу, Бехорат – бенжеминдик Апийахтын уулу.

2 Анын Шабул деген жаш, келишимдүү уулу бар эле. Ысрайылдыктарда андан келишимдүү эч ким жок болчу. Ал узун бойлуу эле, элдин баары анын ийнинен келчү.

3 Шабулдун атасы Киштин ургаачы эшектери жоголуп кетип, Киш өз уулу Шабулга мындай деди: «Тур, кулдардын бирин алып, эшектерди издеп кел».

4 Алар Эпрайым тоосу менен Шалиша жеринен өтүштү, бирок табышкан жок. Шаалим жеринен өтүштү, ал жактан да таппай коюшту. Бенжемин жеринен да өтүштү, бирок таба алышкан жок.

5 Алар Зуп жерине келгенде, Шабул жанындагы кулуна: «Артка кайталы, атам эшектери үчүн эмес, биз үчүн кабатыр болуп жүрбөсүн», – деди.

6 Бирок кулу ага: «Ушул шаарда Кудайдын кишиси бар, ал – кадырлуу адам. Ал эмнени айтса, ошонун баары ордунан чыгат. Азыр ошол жерге баралы. Балким, ал бизге кайсы жол менен барууну көрсөтүп берер», – деди.

7 Шабул кулуна: «Барса баралы, бирок ал кишиге биз эмне алып барабыз? Анткени баштыгыбыздагы наныбыз түгөндү, Кудайдын кишисине алып барчу белегибиз да жок. Эмнебиз бар?» – деди.

8 Кулу Шабулга мындай деп жооп берди: «Менин колумда чейрек күмүш шекел бар. Мен аны Кудайдын кишисине берем, ал бизге жол көрсөтүп берет».

9 Мурун Ысрайылда Кудайдын эркин билүү үчүн кимдир бирөө бара жатканда: «Көрөгөчкө баралы», – дешчү, анткени азыр пайгамбар деп аталган киши мурда көрөгөч деп аталчу.

10 Шабул кулуна: «Туура айтасың, жүр баралы», – деди. Анан Кудайдын кишиси жашаган шаарга жөнөштү.

11 Алар шаарга бет алып, жогору көздөй жөнөшкөндө, суу алганы чыккан кыздарга жолугуп, алардан: «Бул жерде көрөгөч барбы?» – деп сурашты.

12 Кыздар аларга мындай деп жооп беришти: «Бар, ал алдыңан чыгат, бирок шашыл, анткени шаарга ал бүгүн келди, себеби эл бүгүн бийик жерге чогулуп, курмандык чалмак.

13 Аны шаарга киргениңерде, ал тамак жеш үчүн бийик жерге жөнөй элегинде табышыңар мүмкүн, анткени ал келмейинче, эл тамакка отурбайт, себеби ал курмандыкка бата сурайт, андан кийин чакырылгандар тамак жей башташат. Жөнөгүлө, ага азыр жолугасыңар».

14 Алар шаарга жөнөштү. Шаардын ортосуна киришкенде, бийик жерге бет алган Шемуел алардын алдынан чыкты.

15 Шабул келерден бир күн мурун Теңир Шемуелге мындай деп билдирген:

16 «Бенжемин жеринен эртең ушул убакта Мен сага киши жиберем. Сен аны Менин элим Ысрайылга башкаруучу кылып майла, ал Менин элимди пелиштиликтердин колунан куткарат, анткени Мен элимди көрдүм, анын боздогон үнү Мага жетти».

17 Шемуел Шабулду көргөндө, Теңир ага мындай деди: «Мен айткан киши ушул. Бул Менин элимди башкарат».

18 Шабул дарбазанын жанына, Шемуелге келип, андан: «Көрөгөчтүн үйү кайда, мага айтып коёсуңбу?» – деп сурады.

19 Шемуел Шабулга: «Көрөгөч менмин, менин алдымда бас, бийик жерге жүр. Бүгүн силер мени менен тамактанасыңар, сени эртең менен коё берем, жүрөгүңдөгүнүн баарын сага айтып берем.

20 Ал эми үч күн мурда жоголгон ургаачы эшектериңен кам санаба, алар табылды. Ысрайылдагы баалуу нерсе кимге таандык? Сага жана атаңдын тукумуна таандык эмеспи?»

21 Шабул ага: «Мен Ысрайылдын эң кичине уруусу Бенжеминдин уулу эмесминби? Менин үй-бүлөм Бенжемин уруусундагы үй-бүлөлөрдүн эң кичинекейи эмеспи? Сен муну мага эмнеге айтып жатасың?» – деди.

22 Шемуел Шабулду жана анын кулун бөлмөгө киргизди да, отузга жакын чакырылган кишинин арасынан аларды биринчи орунга отургузду.

23 Анан Шемуел ашпозчуга: «“Өзүнчө алып кой”, – деп, мен сага берген устуканды алып кел», – деди.

24 Ашпозчу сан этти жанындагысы менен алып, Шабулдун алдына койду. Шемуел мындай деди: «Бул сага калтырылган, алдыңа коюп же. Анткени мен элди чакырганда эле, бул ушул убакытка чейин сен үчүн сакталып турган». Шабул ошол күнү Шемуел менен бирге тамактанды.

25 Алар бийик жерден шаарга түшүштү. Шемуел Шабул менен үйдүн чатырында сүйлөштү.

26 Эртеси күнү эртең менен эрте Шемуел Шабулга: «Тур, мен сени узатайын», – деп, үйдүн чатырына чакырды. Шабул туруп, Шемуел менен үйдөн чыкты.

27 Алар шаардын четине жеткенде, Шемуел Шабулга: «Кулуңду алдыга баса бер де», – деди. Ал алдыга кетти. «Сен болсо токтой тур, мен сага Кудайдын эмне деп айтканын айтып берейин», – деди.

10-БӨЛҮМ

1 Шемуел зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куйду, анан аны өөп, мындай деди: «Теңир сени Өз мурасын башкарууга майлап жатат.

2 Азыр сен менин жанымдан кеткенден кийин, Бенжемин жериндеги Селсахтан, Рахелдин бейитинин жанынан эки кишиге жолугасың, алар сага мындай дешет: “Сен издеп жүргөн ургаачы эшектер табылды, атаң эшектерин ойлобой эле: "Уулум эмне болду?" – деп, силер үчүн тынчсызданып жатат”.

3 Андан өткөндөн кийин, Табор эмен багына келесиң, ал жерден сага Бейтелге, Кудайга бара жаткан үч киши кезигет. Бири үч улак, экинчиси үч нан, үчүнчүсү бир чанач шарап көтөрүп алган.

4 Алар сени менен саламдашып, сага эки нан беришет, аны сен алардын колунан аласың.

5 Андан кийин пелиштилик күзөт тобу турган Кудайдын дөбөсүнө келесиң. Ал жерден шаарга киргенде, бийик жерден түшүп келе жаткан бир топ пайгамбарга жолугасың, алар пайгамбарчылык кылып бара жатышат, алардын алдында забур ырдап, дап кагып, чоор тартып, гусли чертип бара жатышат.

6 Ошондо сенин үстүңө Теңирдин Руху түшүп, алар менен кошо пайгамбарчылык кылып, башка адам болуп каласың.

7 Ушул жышаандар ордунан чыкканда, колуңдан эмне келсе, ошону кыл, анткени Кудай сени менен.

8 Анан сен менден мурда Гилгалга бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалуу үчүн, мен да ал жерге, сага барам. Мен сага баргыча, мени жети күн күт, ошондо мен сага эмне кылышың керек экендигин айтам».

9 Шабул бурулуп, Шемуелдин жанынан кетейин дегенде, Кудай ага башка жүрөк берди, ошол күнү ошол жышаандардын бардыгы орундалды.

10 Алар дөбөгө келгенде, алардын алдынан бир топ пайгамбар чыкты. Ошондо Шабулга Кудайдын Руху түштү, ал алардын арасында пайгамбарчылык кылды.

11 Аны мурун тааныгандардын баары анын пайгамбарлар менен пайгамбарчылык кылып жатканын көрүшүп, эл бири-бирине: «Киштин уулуна эмне болгон? Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» – деди.

12 Анан ошол жердегилердин бирөө: «Ал эми тигилердин атасы ким эле?» – деди. «Кантип эле Шабул да пайгамбар болуп калсын?» деген сөз ошондон улам лакап болуп айтылып калган.

13 Анан ал пайгамбарчылык кылганын токтотуп, бийик жерге кетти.

14 Шабулдун атасынын бир тууганы андан жана анын кулунан: «Силер кайда бардыңар?» – деп сурады. «Ургаачы эшектерди издеп жүрдүк, бирок аларды таппай койгондо, Шемуелге бардык», – деп жооп берди Шабул.

15 Анан Шабулдун атасынын бир тууганы: «Айтып берчи, Шемуел силерге эмне деди?» – деп сурады.

16 Шабул атасынын бир тууганына: «Ал бизге: “Эшектер табылды”, – деп айтты», – деп жооп берди. Бирок Шабул ага Шемуелдин падышачылык жөнүндө айткан сөзүн айткан жок.

Шабулдун падыша болуп жарыяланышы

17 Шемуел элди Теңирдин алдына, Миспага чакырды.

18 Ошондо ал Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен Ысрайылды Мисирден алып чыктым, силерди мисирликтердин колунан жана силерди эзген бардык падышачылыктардын колунан куткардым”.

19 Силер болсо бардык кыйынчылыктарыңардан, азап-кайгыңардан куткарган Кудайыңарды четке кактыңар да, Ага: “Биздин үстүбүзгө падыша кой”, – дедиңер. Эми өз урууңар, тукумуңар менен Теңирдин алдына келип тургула».

20 Анан Шемуел Ысрайылдын бүт урууларынын келишин буйруду. Ошондо Бенжемин уруусу көрсөтүлдү.

21 Бенжемин уруусуна тукумдарга бөлүнүп келүүнү буйруганда, Матрий тукуму көрсөтүлдү. Матрий тукумунун эркектери келгенде, Киштин уулу Шабулдун аты аталды, аны издеп таппай коюшту.

22 Анан Теңирден дагы: «Ал бул жерге келди беле?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Ал жүктүү арабалардын арасында жашынып турат», – деп жооп берди.

23 Алар чуркап барып, аны ал жактан алып келишти. Ал элдин ортосуна турду. Бардык эл анын ийининен келчү.

24 Анан Шемуел бүт элге мындай деди: «Теңир кимди тандаганын көрдүңөрбү? Бүт элде буга тең келе турган эч ким жок». Ошондо бүт эл: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

25 Шемуел падышачылык укуктарды элге айтып берип, китепке жазып, Теңирдин алдына койду. Анан бүт элди коё берди, ар кимиси өз үйүнө тарады.

26 Ошондой эле Шабул да өз үйүнө, Гибага кетти. Кудай каалоо берген эр жүрөк адамдар аны менен жөнөштү.

27 Ал эми начар кишилер: «Бизди сактачу ушул бекен?» – дешти. Аны жек көрүп, ага белек беришкен жок. Бирок ал муну байкамаксан болуп койду.

11-БӨЛҮМ

Шабулдун амондуктарды жеңип алышы

1 Амондук Нахаш келип, Гилаттагы Жабешти курчады. Ошондо Жабештин бүт тургундары Нахашка: «Биз менен келишим түз, ошондо биз сага кызмат кылабыз», – дешти.

2 Амондук Нахаш аларга: «Баарыңардын оң көзүңөрдү чукуп алып, бүт Ысрайылды маскаралап туруп, анан силер менен келишим түзөм», – деди.

3 Жабештин аксакалдары ага мындай дешти: «Бизге жети күн мөөнөт бер, бүт Ысрайыл жерине элчилерди жиберели, эгер бизге эч ким жардам кылбаса, анда биз сага багынып беребиз».

4 Шабул жашаган Гибага келип, ушул сөздөрдү элге жарыя кылышты. Ошондо бүт эл боздоп ыйлады.

5 Өгүздөрдүн артынан, талаадан келген Шабул: «Элге эмне болгон, эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ага Жабеш тургундарынын сөздөрүн айтып беришти.

6 Ушул сөздөрдү укканда, Шабулдун үстүнө Кудайдын Руху түштү жана ал катуу каарданды.

7 Анан ал кош өгүздү алып, аларды жиликтеп бөлүп, ошол элчилер аркылуу Ысрайылдын бүт жерине мындай деп айттырып жиберди: «Шабул менен Шемуелдин артынан барбагандардын өгүздөрү ушундай болот». Ошондо элди Теңирдин коркунучу басып, баары бир кишидей аттанышты.

8 Шабул аларды Безекте санаганда, Ысрайыл уулдарынан үч жүз миң, Жүйүт эркектеринен отуз миң болуп чыкты.

9 Келген элчилерге мындай дешти: «Гилаттагы Жабештин тургундарына: “Эртең күн ысыган маалда силерге жардам болот”, – дегиле». Элчилер келип, Жабештин тургундарына айтышканда, алар кубанып кетишти.

10 Анан Жабештин тургундары Нахашка: «Эртең силерге багынып беребиз, бизди эмне кылам десеңер, өз эркиңер», – дешти.

11 Эртеси күнү Шабул элди үч топко бөлдү. Алар эртең мененки күзөт убагында кошуундун ортосуна киришти да, амондуктарды күн ысыганча талкалашты. Калгандары чачырап кетти, алардын экиден жүргөнү да калган жок.

12 Ошондо эл Шемуелге мындай деди: «“Бизге Шабул падышачылык кылмак беле?” – дегендер ким? Ошол кишилерди бергиле, аларды өлтүрөбүз».

13 Бирок Шабул мындай деди: «Бүгүн эч кимди өлтүрүүгө болбойт, анткени бүгүн Теңир Ысрайылды куткарды».

14 Шемуел элге: «Гилгалга баралы, ошол жерде падышачылыкты жаңыртабыз», – деди.

15 Бүткүл эл Гилгалга барды да, Гилгалда, Теңирдин алдында Шабулду падыша көтөрүштү, анан ошол жерде, Теңирдин алдында тынчтык курмандыктарын чалышты. Шабул менен ысрайылдыктар ошол жерде аябай көңүл ачышты.

12-БӨЛҮМ

Шемуелдин элге кайрылышы

1 Шемуел бүткүл Ысрайылга мындай деди: «Мен силердин айтканыңардын баарын угуп, үстүңөргө падыша койдум.

2 Мына, падыша алдыңарда жүрөт. Мен болсо карыдым, чачым агарды. Уулдарым да силер менен. Мен жаш чагымдан ушул күнгө чейин силердин алдыңарда жүрдүм.

3 Мына мен. Теңирдин алдында, Анын майланган адамынын алдында айткыла, кимдин өгүзүн алсам, кимдин эшегин алсам, кимди таарынтсам, кимди кысымга алсам, кимден пара алып, көзүмдү жумуп, ишин жаап койсом, кайтарып берем».

4 Алар: «Сен бизди таарынткан жоксуң, кысымга алган жоксуң, эч кимден эч нерсе алган жоксуң», – деп жооп беришти.

5 Анан ал аларга: «Силер менден эч нерсе тапкан жоксуңар, буга бүгүн Теңир жана Анын майланган адамы күбө», – деди. Алар: «Ооба, Теңир күбө», – дешти.

6 Ошондо Шемуел элге мындай деп кайрылды: «Мусаны жана Арунду дайындап, ата-бабаларыңарды Мисир жеринен алып чыккан Теңир күбө.

7 Эми болсо бул жерге келгиле, мен Теңирдин алдында Анын силерге жана ата-бабаларыңарга кылган бардык жакшы иштери жөнүндө айтып, силерди айыптайын.

8 Жакып Мисирге келгенден кийин, ата-бабаларыңар Теңирге боздоп кайрылышты, ошондо Теңир Муса менен Арунду жиберди. Алар ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыгып, ушул жерге отурукташтырышты.

9 Бирок алар өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп коюшту. Ошондо Ал аларды хатсордук аскер башчы Сисранын, пелиштиликтердин жана Маап падышасынын колуна салып берди. Алар ата-бабаларыңар менен согушушту.

10 Бирок алар Теңирге: “Биз күнөө кылдык, анткени Теңирди таштап, Ашейралар менен Баалдарга кызмат кылдык. Эми бизди душмандарыбыздын колунан куткар, ошондо биз Сага кызмат кылабыз”, – деп боздоп кайрылышканда,

11 Теңир Жеруп-Баалды, Баракты, Иптахты жана Шемуелди жиберип, тегерегиңердеги душмандарыңардын колунан куткарды. Анан силер коопсуз жашадыңар.

12 Бирок Амон падышасы Нахаштын силерге каршы келе жатканын көргөнүңөрдө, падышаңар өзүңөрдүн Кудай-Теңириңер экенине карабастан, “Жок, биздин үстүбүздөн падыша падышачылык кылсын”, – дедиңер.

13 Ошентип, өзүңөр тандап, өзүңөр талап кылган падышаңар мына. Теңир үстүңөргө падыша койду.

14 Эгер Теңирден корксоңор, Ага кызмат кылсаңар, Анын үнүн уксаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыкпасаңар, анда силер да, силерге бийлик кылган падышаңар да Кудай-Теңириңерди ээрчип жүрөсүңөр.

15 Эгер Теңирдин үнүн укпасаңар, Теңирдин буйруктарына каршы чыксаңар, анда Теңирдин колу ата-бабаларыңарга каршы болгондой, силерге да каршы болот.

16 Эми ордуңардан тургула, Теңирдин силердин көз алдыңарда жасай турган улуу ишин көргүлө.

17 Азыр буудайды оруу-жыюу маалы эмеспи? Бирок мен Теңирге кайрылам, Ал күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрөт. Өзүңөргө падыша сурап, Теңирдин алдында кылган күнөөңөр кандай чоң экенин ошондо билесиңер жана көрөсүңөр».

18 Шемуел Теңирге кайрылды. Теңир ошол күнү күн күркүрөтүп, жамгыр төктүрдү. Ошондо бүт эл Теңирден жана Шемуелден абдан коркуп калды.

19 Бүт эл Шемуелге кайрылды: «Биз өлүп калбашыбыз үчүн, Кудай Теңириңдин алдында кулдарың үчүн сыйына көр, анткени өзүбүзгө падыша сурап, күнөөлөрүбүздүн үстүнө күнөө кошуп алдык».

20 Шемуел элге мындай деп жооп берди: «Коркпогула, силер күнөө кылдыңар, бирок Теңирден четтебегиле, Теңирге жан-дилиңер менен кызмат кылгыла.

21 Эч нерсеге жарабаган жасалма кудайларга кайрылбагыла, аларды ээрчибегиле, алар куткарбайт, пайда алып келбейт, анткени алар – эч нерсеге арзыбаган нерселер.

22 Теңир болсо Өзүнүн улуу ысымы үчүн Өз элин таштабайт, анткени Теңир силерди Өз каалоосу менен Өз эли кылып тандап алган.

23 Мен да силер үчүн сыйынуумду токтотуп, Теңирдин алдында күнөөлүү болууга өзүмө жол бербейм, силерди жакшы, түз жолго багыттайм.

24 Негизгиси, Теңирден корккула, Ага жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн кызмат кылгыла, анткени Анын силер үчүн кандай улуу иштерди кылганын көрдүңөр.

25 Эгерде силер жамандык кыла турган болсоңор, анда падышаңар да, өзүңөр да өлөсүңөр».

13-БӨЛҮМ

Шабулдун өз билгенин кылуусу

1 Шабул Ысрайылга падышачылык кылганына бир жыл болгондон кийин, экинчи жылы падышачылык кылып жатканында, өзүнө ысрайылдыктардан үч миң кишини тандап алды.

2 Мукмаста жана Бейтел тоосунда Шабул менен эки миң киши болду, миңи болсо Бенжеминдин Гибасында Жонатан менен болчу. Калган элди ал үйлөрүнө коё берди.

3 Жонатан пелиштиликтердин Гибадагы күзөт тобун талкалады. Бул жөнүндө пелиштиликтер угушту, Шабул болсо: «Эврейлер угушсун!» – деп, бүт өлкөгө сурнай тартты.

4 Бүт Ысрайыл Шабулдун пелиштиликтердин күзөт тобун талкалаганын жана пелиштиликтерге Ысрайыл жек көрүндү болгонун укту. Ошондо эл Гилгалга, Шабулдун алдына чогулду.

5 Пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн чогулушту: отуз миң майдан араба, алты миң атчан, деңиз жээгиндеги кумдай сансыз эл. Пелиштиликтердин кошууну Бейт-Абендин чыгышындагы Мукмаска жайланышты.

6 Ысрайылдыктар өздөрүнүн коркунучтуу абалда экенин, кысымга алынганын көрүшкөндө, үңкүрлөргө, капчыгайларга, аска-зоолордун арасына, казылган орлорго жана аңгектерге жашынышты.

7 Эврейлердин кээ бирлери Иордандын аркы өйүзүнө Гат жана Гилат өлкөсүнө өтүштү. Шабул Гилгалда болчу жана анын жанындагы бардык элдин үрөйү учуп турган эле.

8 Шабул жети күн, Шемуел белгилеген мөөнөткө чейин күттү, Шемуел болсо Гилгалга келбей жатты. Эл Шабулду таштап, туш-тушка тарай баштады.

9 Ошондо Шабул: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыктарына даярдалганды мага алып келгиле», – деди. Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөдү.

10 Ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп бүтөрү менен Шемуел келди. Шабул аны менен саламдашуу үчүн, алдынан тосуп чыкты.

11 Шемуел ага: «Бул эмне кылганың?» – деди. Шабул ага: «Эл мени таштап, туш-тушка тарай баштады. А сен белгиленген убакта келген жоксуң. Пелиштиликтер болсо Мукмаска жыйналып калышты.

12 Ошондо мен: “Пелиштиликтер эми Гилгалга келип, мага кол салышат, мен болсо Теңирдин эркин алиге чейин сурай элекмин”, – деп ойлодум. Ошондуктан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөөгө батындым», – деп жооп берди.

13 Шемуел Шабулга: «Кудай-Теңириңдин сага берген буйругун аткарбай, жаман иш кылдың, анткени Теңир ушул күндө сенин Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгыңды түбөлүккө бекемдемек.

14 Эми сенин падышачылыгың туруштук бере албайт. Теңир Өз жүрөгүнө жаккан кишини таап, аны Өз элине жол башчы кылып дайындады, анткени сен Теңирдин буйругун аткарган жоксуң», – деди.

15 Шемуел туруп, Гилгалдан чыгып, Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Шабул болсо жанында калган адамдарын санады, алардын саны алты жүзгө жакын болду.

16 Шабул өз уулу Жонатан менен, өздөрүнүн жанындагы кишилер менен Бенжеминдин Гибасына жөнөдү. Пелиштиликтердин кошууну Мукмаста турган эле.

17 Бул жерди кыйратуу үчүн, Пелишти кошуунунан үч топ бөлүнүп чыкты. Топтордун бири Опраны көздөй кеткен жол менен Шубал аймагына кетти.

18 Экинчи топ Бейт-Хорон жолу менен кетти. Үчүнчү топ Себоим өрөөнүнө, чөлдү көздөй кеткен жол менен бет алды.

19 Бүт Ысрайыл жеринде темир усталар жок эле, анткени кылыч же найза жасашпасын деп, пелиштиликтер эврейлерден сактанышкан.

20 Бүт ысрайылдыктар сокосунун тиштерин, темир күрөктөрүн, балталарын, керкилерин курчутууга,

21 соконун тишинде, темир күрөктүн, айрынын, балтанын мизинде кетик болсо, же сынган бычагын оңдоо керек болсо, пелиштиликтерге барышы керек болчу.

22 Ошондуктан согуш убагында Шабул менен Жонатандын жанындагы элде кылыч да, найза да жок эле, алар Шабул менен анын уулу Жонатанда гана бар эле.

23 Пелиштиликтердин алдыңкы катардагы тобу Мукмас кечүүсүнө чыкты.

14-БӨЛҮМ

Жонатандын эрдиги

1 Шабулдун уулу Жонатан бир күнү курал көтөргөн жигитине: «Жүр, аркы беттеги пелиштиликтердин тобуна өтүп баралы», – деди. Бирок атасына бул жөнүндө айткан жок.

2 Шабул Гибанын чет жагында, Мигрондогу анар жыгачынын түбүндө эле. Анын жанында алты жүздөй адам,

3 ошондой эле Ихаботтун бир тууганы, Акитуптун уулу, Теңирдин Шилодогу ыйык кызмат кылуучусу, эфод кийген Акия да бар эле. Ихабот – Пинехастын уулу, Пинехас – Эйлинин уулу. Жонатандын кеткенин эл билген жок.

4 Пелиштиликтердин тобуна жетиш үчүн, Жонатан өтө турган өткөөлдүн эки жагында тең аска бар эле. Бирөөнүн аты – Ботсес, экинчисиники – Сене.

5 Бир аска түндүктөгү Мукмасты, экинчиси түштүктөгү Гибаны карап турчу.

6 Жонатан курал көтөргөн жигитине: «Жүр, бул сүннөткө отургузулбагандардын тобуна өтөлү. Балким, Теңир бизге жардам берер, анткени көп киши аркылуу болобу, аз киши аркылуу болобу, Теңир үчүн куткаруу кыйын эмес», – деди.

7 Ошондо ага курал көтөргөн жигити мындай деп жооп берди: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун бардыгын кыл. Каалаган жагыңа бара бер, мен сени менен барам».

8 Жонатан ага мындай деди: «Биз тиги кишилерге өтөбүз да, аларга көрүнөө турабыз.

9 Эгерде алар бизге: “Биз силерге баргыча, токтоп тургула”, – десе, анда ордубузда туруп турабыз, жогору чыкпайбыз.

10 Эгерде алар: “Жогору чыгып, бизге келгиле”, – десе, анда жогору чыгабыз, анткени Теңир аларды биздин колубузга салып берди. Бул биз үчүн белги болот».

11 Алар пелиштиликтердин тобуна көрүнөө чыгышканда, пелиштиликтер: «Эврейлер жашынган үңкүрлөрүнөн чыгып жатышат», – дешти.

12 Анан Жонатанга жана анын курал көтөргөн жигитине топтогу кишилер мындай деп кыйкырышты: «Жогору чыгып, бизге келгиле, биз силерге бирдеме айтабыз». Ошондо Жонатан курал көтөргөн жигитине: «Артымдан ээрчи, анткени Теңир аларды Ысрайылдын колуна салып берди», – деди.

13 Жонатан тырмышып, жогору чыга баштады, артында анын курал көтөргөн жигити келе жатты. Пелиштиликтер Жонатандын алдында кулап жатты, курал көтөргөн жигити болсо анын артынан аларды өлтүрүп бара жатты.

14 Жонатан менен анын курал көтөргөн жигитинин ушул биринчи соккусунан кош өгүз менен бир күндө иштеткен талаанын жарымына жыйырмага жакын киши сулап калды.

15 Ошондо талаадагы кошуунда жана бүткүл элде коркунуч туулду. Алдыңкы катардагы топторду жана жерди кыйратуучуларды калтырак басты. Бүт жер солкулдады, Теңирдин улуу коркунучу басты.

Пелиштиликтердин жеңилиши

16 Бенжеминдин Гибасындагы Шабулдун сакчылары элдин чачырап, туш-тушка качканын көрүштү.

17 Ошондо Шабул жанындагы элге мындай деп кайрылды: «Карап чыгып, биздин арабыздан ким чыгып кеткенин билгиле». Карап чыгышканда, Жонатан менен анын курал көтөргөн жигити жок болуп чыкты.

18 Ошондо Шабул Акияга: «Кудайдын келишим сандыгын алып кел», – деди. Анткени Кудайдын келишим сандыгы ал убакта Ысрайыл уулдарынын жанында эле.

19 Шабул ыйык кызмат кылуучу менен сүйлөшүп турганда, пелиштиликтердин кошуунунда дүрбөлөң улам күчөп бара жаткан. Ошондо Шабул ыйык кызмат кылуучуга: «Колуңду түшүр», – деди.

20 Шабул жана анын жанындагы эл кыйкырып, согуш майданына келди. Ошол жерде ар бир адамдын кылычы өз жакынына каршы шилтенип, аябай чоң дүрбөлөң болуп жатыптыр.

21 Ошондо буга чейин эле пелиштиликтердин жанында, алар менен кошуунда чогуу жүргөн эврейлер да Шабул менен Жонатандын жанындагы ысрайылдыктарга кошулушту.

22 Эпрайым тоосунда жашынган бардык ысрайылдыктар пелиштиликтердин качканын угуп, салгылашып жаткан өз кишилерине кошулушту.

23 Ошол күнү Теңир Ысрайылды куткарды. Кыргын Бейт-Абенге чейин болду.

Согуштан кийинки окуялар

24 Ошол күнү Ысрайылдын кишилери чарчашты. Шабул болсо элге мындай каргыш айтты: «Душмандарымдан өчүмдү алгыча, кечке чейин наар алган кишиге каргыш тийсин!» Ошондо элден эч ким тамак жеген жок.

25 Бүткүл эл токойго кетти, токойдун ичиндеги ачык жерде бал бар эле.

26 Эл токойго кирип: «Мына, бал агып жатат», – деди. Бирок эч ким колун сунуп оозуна алган жок, анткени эл каргыштан коркту.

27 Атасынын элге каргыш айтканын Жонатан уккан эмес, андыктан колундагы таягынын учун балга малып, оозуна тийгизгенде, жандана түштү.

28 Элдин арасынан бир киши ага мындай деп айтты: «Сенин атаң: “Бүгүн наар алганга каргыш тийсин”, – деген. Эл ошондон алсырап турат».

29 Жонатан мындай деди: «Менин атам элди азапка салды, карагылачы, мынабу балдан бир аз ооз тийгенде, жандана түштүм.

30 Эл бүгүн душмандан тартып алган олжодон азыктанып алганда, пелиштиликтердин кыйроосу мындан да зор болбойт беле».

31 Алар ошол күнү пелиштиликтерди Мукмастан Айалонго чейин талкалашты. Эл абдан алсырады.

32 Анан эл олжого жабылып, койлорду, өгүздөрдү, музоолорду алып, ошол жерде союп, каны менен жеди.

33 Ошондо Шабулга: «Эл этти каны менен жеп, Теңирдин алдында күнөө кылып жатат», – деп кабарлашты. Шабул: «Силер күнөө кылдыңар. Эми мага бир чоң ташты тоголотуп келгиле», – деди.

34 Шабул дагы мындай деди: «Элди аралап айткыла, ар бири өз өгүзүн, өз коюн мага алып келип, бул жерге союп жесин, бирок Теңирдин алдында күнөө кылбагыла, каны менен жебегиле». Ошондо бүт эл, ар бири өз өгүзүн түнү менен алып келип, ошол жерге сойду.

35 Шабул Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду. Бул анын Теңирге арнап курган биринчи курмандык чалынуучу жайы эле.

36 Анан Шабул мындай деди: «Түн ичинде пелиштиликтерди артынан кууп, таң атканга чейин талап-тонойбуз, бир да кишисин калтырбайбыз». Алар: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – дешти. Ыйык кызмат кылуучу болсо: «Ушул жерден Кудайга кайрылалы», – деди.

37 Ошондо Шабул Кудайдан: «Пелиштиликтердин артынан кууп барайынбы? Аларды Ысрайылдын колуна салып бересиңби?» – деп сурады. Бирок Кудай ошол күнү ага жооп берген жок.

38 Ошондо Шабул мындай деди: «Бардык эл башчылар бул жерге келсин. Бүгүн күнөө кимде экенин иликтеп билишсин.

39 Анткени Ысрайылды куткарган Теңир тирүү, эгер уулум Жонатан күнөөлүү болуп чыкса, ал да өлөт». Бирок бүт элдин ичинен ага эч ким жооп берген жок.

40 Анан Шабул бардык ысрайылдыктарга мындай деди: «Силер бир тарапка тургула, мен жана уулум Жонатан бир тарапка турабыз». Эл Шабулга: «Сага эмне жакса, ошону кыл», – деди.

41 Шабул Теңирге: «Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жышаан бер», – деди. Жонатан менен Шабулдун айыбы ачылып, эл ак болуп чыкты.

42 Ошондо Шабул: «Уулум Жонатан экөөбүздүн ортобузга өкчөмө таш ыргыткыла», – деди. Өкчөмө таш Жонатанга түштү.

43 Шабул Жонатанга мындай деди: «Эмне кылдың эле? Мага айтып бер». Жонатан ага мындай деп жооп берди: «Колумдагы таяктын учу менен бир аз бал таттым эле. Эми мен өлүшүм керек».

44 Шабул ага: «Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын, Жонатан, бүгүн сен өлүшүң керек!» – деди.

45 Бирок эл Шабулга мындай деди: «Ысрайылга ушунчалык улуу куткарууну алып келген Жонатан өлүшү керекпи? Мындай болбосун! Теңир тирүү, анын башынан бир да тал чач жерге түшпөйт, анткени бүгүнкү ишти ал Кудай менен кылды». Эл Жонатанды бошотту, ал өлбөй калды.

46 Шабул пелиштиликтерди кууганын токтотуп, кайтып келди. Пелиштиликтер болсо өз жерине кетишти.

Шабулдун согуштагы ийгиликтери

47 Шабул өзүнүн Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылыгын бекемдеди. Ал бардык тараптагы душмандары менен: мааптыктар, амондуктар, эдомдуктар, шобаптыктар жана пелиштиликтер менен согушуп, кимге каршы чыкпасын, бардык жерде жеңишке жетип турду.

48 Аскерлерин чогултуп, амалыктыктарды да талкалады. Ошентип, Ысрайылды талоончуларынын колунан куткарды.

49 Шабулдун уулдары: Жонатан, Ишпи жана Малкишуа, ал эми эки кызынын аты: улуусунуку Мейрап, кичүүсүнүкү Михал эле.

50 Шабулдун аялынын аты – Акинаам, ал – Акимаастын кызы. Анын аскер башчысынын аты – Абенер, ал Шабулдун агасы Нейирдин уулу болгон.

51 Шабулдун атасы Киш менен Абенердин атасы Нейир Абиелдин уулдары болушкан.

52 Шабулдун өмүрү өткөнчө, пелиштиликтерге каршы айыгышкан согуштар болуп турду. Шабул күчтүү, эр жүрөк адамды көргөндө, аны жанына алчу.

15-БӨЛҮМ

Амалыктыктар менен болгон согуш

1 Шемуел Шабулга мындай деди: «Теңир Өз эли Ысрайылдын үстүнөн сени падыша кылып майлоого мени жиберген. Эми Теңирдин үнүнө кулак сал.

2 Себайот Теңир мындай дейт: “Мен амалыктыктардын Ысрайылга эмне кылганын, ал Мисирден келе жатканда, жолдо ага кандай каршы чыкканын эстедим.

3 Эми бар да, амалыктыктарды талкала, анын эмнеси бар болсо, ошонусунун баарын жок кыл. Аны аяба, эркегинен аялына чейин, өспүрүмүнөн эмчектеги баласына чейин, өгүзүнөн коюна чейин, төөсүнөн эшегине чейин кырып сал”».

4 Шабул элди чогултуп, Телаимде санап чыкканда, ысрайылдыктардан эки жүз миң, Жүйүт уруусунан он миң жөө аскер болду.

5 Анан Шабул амалыктыктардын шаарына жетип, өрөөнгө буктурма койду.

6 Анан ал кейниликтерге мындай деди: «Мен силерди амалыктыктар менен кошо кырып салбашым үчүн, алардын арасынан бөлүнүп чыгып кеткиле, анткени силер ысрайылдыктарга Мисирден келе жатышканда жакшылык кылгансыңар». Ошондо кейниликтер амалыктыктардын арасынан бөлүнүп чыгышты.

7 Ошондо Шабул амалыктыктарды Хабиладан тартып Мисирдин алдындагы Шур аймагына чейин талкалады.

8 Амалыктыктардын падышасы Агакты тирүүлөй колго түшүрдү, ал эми бүт элди кылычтап кырды.

9 Бирок Шабул жана эл Агакты, эң жакшы койлор менен өгүздөрдү, бордолгон козуларды, бардык жакшы нерселерди жок кылууну каалашкан жок, начар жана эч нерсеге арзыбаган нерселерди гана жок кылышты.

Теңирдин Шабулду четке кагышы

10 Ошондо Шемуелге Теңирден мындай сөз болду:

11 «Мен Шабулду падыша кылып койгондугума өкүнүп жатам, анткени ал Менден бурулуп кетти, Менин сөзүмдү аткарган жок». Ошондо Шемуел кайгыга батып, түнү бою Теңирге сыйынды.

12 Шемуел эртең менен эрте туруп, Шабулга жолукканы жөнөдү. Шабулдун Кармелге чыгып, өзүнө эстелик тургузуп, Гилгалга түшкөнүн Шемуелге билдиришти.

13 Шемуел Шабулга келгенде, Шабул ага мындай деди: «Сага Теңир батасын берсин, мен Теңирдин сөзүн аткардым».

14 Шемуел ага: «Анда эмнеге мага койлордун маараганы, өгүздөрдүн өкүргөнү угулуп жатат?» – деди.

15 Шабул ага: «Буларды амалыктыктардан алып келишти, сенин Кудай-Теңириңе курмандыкка чалуу үчүн, эл эң мыкты койлор менен өгүздөрдү өлтүрүшкөн жок. Башкасын кырып салдык», – деп жооп берди.

16 Ошондо Шемуел Шабулга: «Коё тур, түндө Теңир мага эмне деп айтканын сага айтып берейин», – деди. Шабул ага: «Айт», – деди.

17 Шемуел мындай деди: «Ысрайыл урууларынын башчысы болгонуңда, Теңир сени падыша кылып майлаганда, сен өзүңдү кичинекей эле адаммын деп эсептечү эмес белең.

18 Теңир сени: “Бар, күнөөкөр амалыктыктарды кыйрат, аларды кырып жок кылгыча согуш”, – деп жөнөткөн.

19 Эмне үчүн сен Теңирдин тилин албай, олжого жутунуп, Теңирдин алдында жаман иш кылдың?»

20 Шабул Шемуелге мындай деп жооп берди: «Мен Теңирге тил алдым, Теңир жиберген жакка барып, амалыктыктардын падышасы Агакты алып келдим, амалыктыктарды болсо кырып салдым.

21 Бирок эл Гилгалда Кудай-Теңириңе курмандык чалуу үчүн, колго түшкөн олжонун, койлордун, өгүздөрдүн эң жакшыларын алды».

22 Шемуел мындай деди: «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун? Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык.

23 Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө. Сен Теңирдин сөзүн четке каккандыктан, падыша болбошуң үчүн, Ал да сени четке какты».

24 Шабул Шемуелге: «Мен күнөө кылдым, анткени Теңирдин буйругун да, сенин сөзүңдү да аткарган жокмун, элден коркуп, алардын айтканын кылдым.

25 Эми менин күнөөмдү кечир, мени менен кайт, мен Теңирге табынайын», – деди.

26 Шемуел Шабулга: «Мен сени менен кайтпайм, анткени сен Теңирдин сөзүн четке кактың, Ысрайылга падыша болбошуң үчүн, Теңир да сени четке какты», – деди.

27 Анан Шемуел бурулуп, кетмекчи болду. Бирок Шабул аны этегинен кармаганда, этеги айрылып кетти.

28 Ошондо Шемуел мындай деди: «Теңир бүгүн сенден Ысрайыл падышачылыгын тартып алып, аны сенден жакшы жакыныңа берди.

29 Ысрайылдын Ишенимдүүсү жалган айтпайт, өкүнбөйт, анткени өкүнгүдөй, Ал адам эмес».

30 Шабул: «Мен күнөө кетирдим, бирок сенден суранам, бүгүн элимдин аксакалдарынын жана Ысрайылдын алдында мага урмат көрсөтүп, мени менен кайт, мен Кудай-Теңириңе табынайын», – деди.

31 Ошондо Шемуел Шабул менен кайтып келди. Шабул Теңирге табынды.

32 Андан кийин Шемуел: «Амалыктыктардын падышасы Агакты мага алып келгиле», – деди. Титиреген Агак Шемуелдин алдына келип: «Чын эле, өлүм ачуусу өтүп кеттиби?» – деди.

33 Бирок Шемуел: «Сенин кылычың аялдарды балдарынан кандай ажыратса, аялдар арасында сенин энең да уулунан ошондой ажырасын», – деди. Ошентип, Шемуел Агакты Теңирдин алдында, Гилгалда жара чапты.

34 Анан Шемуел Рамага кетти, Шабул болсо өзүнүн үйүнө, Шабулдун Гибасына кетти.

35 Шемуел көзү өткөнчө Шабул менен көрүшкөн жок, бирок Шемуел Шабул үчүн кайгырды, себеби Теңир Шабулду Ысрайылга падыша койгонуна өкүндү.

16-БӨЛҮМ

Дөөттүн падыша болуп майланышы

1 Теңир Шемуелге: «Ысрайылга падыша болбошу үчүн Мен четке каккан Шабул үчүн качанкыга чейин кайгырасың? Мүйүзүңдү зайтун майына толтургун да, баргын, Мен сени бейт-лехемдик Жышайга жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан Мен Өзүм үчүн падыша тандадым», – деди.

2 Шемуел Ага: «Мен кантип барам? Шабул укса, мени өлтүрөт», – деди. Теңир мындай деди: «Бир кунажын ала барып: “Теңирге курмандык чалганы келдим”, – де.

3 Анан курмандык чалууга Жышайды чакыр. Мен сага эмне кылуу керектигин айтам, Мен сага кимди айтсам, ошону Мен үчүн зайтун майы менен майла».

4 Теңир кандай айтса, Шемуел ошондой кылды. Ал Бейт-Лехемге келгенде, алдынан чочулаган шаардын аксакалдары чыгып: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурашты.

5 Ал: «Тынчтык менен, Теңирге курмандык чалганы келдим. Ыйыкталгыла да, курмандык чалууга мени менен кошо жүргүлө», – деп жооп берди. Жышайды жана анын уулдарын ыйыктап, курмандык чалууга чакырды.

6 Алар келгенде, ал Элийапты көрүп: «Чын эле, бул – Теңирдин алдындагы Анын майланган адамы!» – деди.

7 Бирок Теңир Шемуелге: «Анын өңүнө, боюна караба. Аны Мен четке кактым. Мен адам карагандай карабайм, анткени адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт», – деди.

8 Анан Жышай Аминадапты чакырып, Шемуелдин алдына алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

9 Анан Жышай Шаманы алып келди. Ошондо Шемуел: «Теңир муну да тандаган жок», – деди.

10 Ушинтип, Жышай Шемуелге өзүнүн жети уулун алып келди, бирок Шемуел Жышайга: «Теңир булардын эч кимисин тандаган жок», – деди.

11 Анан Шемуел Жышайдан: «Балдарыңдын баары бул жердеби?» – деп сурады. Жышай ага: «Дагы эң кичүүсү бар, ал кой кайтарып жүрөт», – деп жооп берди. Ошондо Шемуел Жышайга: «Киши жиберип, аны алдыр. Ал бул жерге келмейинче, биз тамакка отурбайбыз», – деди.

12 Жышай киши жиберип, аны алдырды. Ал кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган, сүйкүмдүү жигит эле. Теңир Шемуелге: «Тур, ушуну майла, анткени ал – ушул», – деди.

13 Шемуел зайтун майы куюлган мүйүздү алып, бир туугандарынын ичинен аны майлады. Ошол күндөн тартып Теңирдин Руху Дөөт менен болду. Шемуел турду да, Рамага кетти.

Дөөт Шабул падышанын сарайында

14 Шабулду болсо Теңирдин Руху таштап салды, ошондо Теңир жол берген бир жаман рух аны кыйнады.

15 Ошондо Шабулга кулдары мындай дешти: «Мына, Теңир жол берген бир жаман рух сени кыйнап жатат.

16 Мырзабыз өзүнүн алдындагы кулдарына буйрук берсин, алар гуслини мыкты черткен кишини издеп таап келишсин. Кудай жол берген жаман рух келгенде, ал гусли чертип, сени тынчтандырат».

17 Шабул өз кулдарына: «Мага жакшы черткен кишини таап, алдыма алып келгиле», – деди.

18 Ошондо анын кулдарынын бири: «Мен бейт-лехемдик Жышайдын күү аспап черткенди билген, эр жүрөк, жоокер, орундуу сүйлөгөн, келишимдүү уулун көрдүм. Теңир да аны менен экен», – деди.

19 Шабул Жышайга кабарчыларды жиберип: «Кой кайтарып жүргөн уулуң Дөөттү мага жибер», – деди.

20 Жышай эшекке нан, бир чанач шарап, бир улак артып берип, Дөөттү Шабулга жөнөттү.

21 Дөөт Шабулга келип, анын алдында кызмат кылып жүрдү. Ага абдан жагып, анын курал көтөрүүчүсү болуп калды.

22 Шабул Жышайга киши жиберип: «Дөөт мага кызмат кылсын, анткени ал менин алдымда ырайым тапты», – деди.

23 Шабулга Кудайдан рух келгенде, Дөөт гуслини алып чертчү. Ошондо Шабулдун көңүлү көтөрүлүп, абалы жеңилдей түшчү, жаман рух андан четтеп кетчү.

17-БӨЛҮМ

Голийаттын Ысрайылды согушка чакыруусу

1 Пелиштиликтер согушуу үчүн аскерин жыйнап, Жүйүт аймагындагы Сохого чогулушту. Алардын кошууну Сохо менен Азейканын ортосуна, Эфес-Дамимге жайгашты.

2 Ал эми Шабул жана ысрайылдыктардын кошууну чогулуп, эмендүү өрөөнгө жайланышып, пелиштиликтер менен согушууга даярданды.

3 Пелиштиликтер бир тоонун үстүндө, ысрайылдыктар бир тоонун үстүндө турушту, ал эми алардын ортосунда өрөөн бар эле.

4 Пелишти кошуунунан гаттык Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан чыкты. Анын бою алты чыканак, бир карыш болчу.

5 Башында жез туулга, үстүндө кабырчыктуу соот кийим. Соотунун салмагы беш миң жез шекел.

6 Тизе каптары да, ийининдеги найзасы да жезден эле.

7 Анын найзасынын сабы токуучу куралдын баканындай болчу, ал эми найзасынын өзү алты жүз темир шекел. Анын алдында курал көтөргөн жигити жүрчү.

8 Ал туруп алып, Ысрайылдын аскер топторуна мындай деп кыйкырды: «Силер эмнеге согушууга чыктыңар? Мен пелиштилик, силер болсо Шабулдун кулдары эмессиңерби? Араңардан киши тандагыла, ал менин жаныма түшүп келсин.

9 Эгер ал мени менен согуша алса, мени өлтүрсө, анда биз силерге кул болобуз. Эгер мен аны өлтүрүп жеңсем, анда силер бизге кул болосуңар жана бизге кызмат кыласыңар».

10 Пелиштилик: «Бүгүн мен Ысрайылдын аскер топторун маскара кылам. Адамыңарды чыгаргыла, жекеме-жеке кармашалы», – деди.

11 Шабул менен бүт ысрайылдыктар пелиштиликтин бул сөзүн укканда, абдан коркуп үрөйлөрү учту.

Дөөттүн Шабулдун аскерлерине келиши

12 Дөөт болсо Жүйүт жериндеги Бейт-Лехемден чыккан, эфраталык, сегиз уулу бар Жышай аттуу кишинин баласы болчу. Ал киши Шабулдун убагындагы эркектердин эң карысы болгон.

13 Жышайдын үч улуу уулу Шабул менен согушка кетти. Согушка кеткен үч уулунун аттары: туну – Элийап, андан кийинкиси – Аминадап, үчүнчүсү – Шама.

14 Дөөт эң кичүүсү эле. Yч улуу агасы Шабул менен кеткен.

15 Дөөт болсо Бейт-Лехемде атасынын коюн кайтарыш үчүн, Шабулдукунан кайтып келген.

16 Тиги пелиштилик болсо кырк күн бою эртең менен да, кечинде да алдыга чыгып, өзүн көрсөттү.

17 Жышай өз уулу Дөөткө мындай деди: «Бир эйфа бадырак менен бул он нанды ал да, тезирээк кошуунга, агаларыңа алып бар.

18 Ал эми бул он сырды миң башыга алып барып, бир туугандарыңдын ден соолугун, эмнеге муктаж экенин бил.

19 Алар менен Шабул жана бүт ысрайылдыктар да эмендүү өрөөндө пелиштиликтер менен салгылашууга даярданып жатышат».

20 Дөөт эртең менен эрте туруп, койлорун сакчыга табыштап, жүгүн алып, Жышай буйруган жакка жөнөдү. Ал жүктүү арабалардын жанына жеткенде, аскерлер катарга тизилип, ураан чакыра салгылашка даярданып жатышкан эле.

21 Ысрайылдыктар менен пелиштиликтер бири-биринин каршысында катар-катар болуп тизилип турушту.

22 Дөөт арабалар тобунун күзөтчүсүнө жүгүн калтырып, тизилген катарларга чуркап жетти да, бир туугандарынын ден соолугун сурады.

23 Дөөт алар менен сүйлөшүп жатканда, Гаттан келген пелиштилик Голийат аттуу жекеме-жеке чыгуучу балбан пелиштиликтердин катарынан чыгып, баягы эле сөздөрдү айтып жатты. Аны Дөөт да укту.

24 Бүт ысрайылдыктар бул кишини көргөндө, абдан коркуп, андан качышчу.

25 Ысрайылдыктар: «Мына бул алдыга чыккан кишини көрдүңөрбү? Бул Ысрайылды маскара кылуу үчүн чыкты. Ким аны өлтүрсө, падыша ага чоң байлык тартуулап, кызын берип, Ысрайылда анын атасынын үйүн эркин кылмак», – дешти.

26 Дөөт жанында тургандарга: «Бул пелиштиликти өлтүрүп, Ысрайылды шылдыңдан куткарган адамга эмне кылат? Тирүү Кудайдын аскерин маскаралагыдай, сүннөткө отургузулбаган бул пелиштилик ким экен?» – деди.

27 Эл ага: «Аны өлтүргөн кишиге мына ушундай кылынат», – деп, жанагы эле сөздөрдү айтты.

28 Дөөттүн улуу агасы Элийап анын эл менен сүйлөшүп жатканын укканда, Дөөткө ачууланып: «Бул жерге эмнеге келдиң? Талаадагы бир аз койду кимге таштадың? Сенин текебер экениңди да, жүрөгүңдүн жаман экенин да билем. Сен салгылашты көргөнү эле келдиң», – деди.

29 Дөөт: «Мен эмне кылдым? Сүйлөшсө эмне экен?» – деди.

30 Дөөт андан бурулуп, жанагы сөздөрдү башкага айтты, эл ага мурдагыдай эле жооп берди.

31 Дөөттүн айткан сөзүн угуп, Шабулга айтышты. Шабул аны өзүнө чакыртты.

32 Дөөт Шабулга: «Андан коркуп, эч кимдин көңүлү чөкпөсүн. Бул пелиштилик менен кармашууга сенин кулуң чыгат», – деди.

33 Шабул Дөөткө: «Бул пелиштилик менен кармашууга сен бара албайсың, анткени сен али жашсың, тигил болсо жаштайынан жоокер», – деди.

34 Бирок Дөөт Шабулга: «Сенин кулуң атасынын коюн кайтарып жүргөндө, койлорго арстан же аюу тийип алып кеткенде,

35 артынан кууп барып, кол салып, анын оозунан сууруп алчумун. Эгер ал мага секирсе, мен аны желкесинен алып, кармашып жатып өлтүрчүмүн.

36 Сенин кулуң арстанды да, аюуну да өлтүргөн, тирүү Кудайдын аскерин шылдыңдагандыгы үчүн мына бул сүннөткө отургузулбаган пелиштиликти да дал ошондой кылат», – деди.

37 Дөөт дагы мындай деди: «Арстан менен аюудан куткарган Теңир мени бул пелиштиликтин колунан да куткарат». Ошондо Шабул Дөөткө: «Бар, Теңир Өзү сени менен болсун», – деди.

38 Шабул Дөөткө өзүнүн кийимин, башына туулга, үстүнө соот кийгизди.

39 Дөөт кийимдин сыртынан кылычын курчанып, басып көрдү, анткени ал мындай куралданууга көнгөн эмес эле. Анан Дөөт Шабулга: «Мен муну менен баса албайм, анткени көнгөн эмесмин», – деп, баарын чечип салды.

40 Анан Дөөт колуна таягын алып, арыктан беш жылмакай таш тандап алып, аларды жанындагы малчы баштыгына салды. Анан баштыгы жана колундагы салмоору менен пелиштиликке каршы алдыга чыкты.

Дөөттүн Голийатты жеңиши

41 Пелиштилик да алдыга чыгып, Дөөткө жакындады, алдында курал көтөрүүчүсү келе жатты.

42 Пелиштилик Дөөттү көргөндө, жекире карады, анткени Дөөт жаш, кызыл жүздүү жана келишимдүү жигит эле.

43 Анан пелиштилик Дөөткө: «Мага таяк көтөргүдөй, мен итминби?» – деди. Пелиштилик Дөөткө өзүнүн кудайларын оозанып каргыш айтты.

44 Пелиштилик Дөөткө: «Бери кел, сенин денеңди асман куштары менен талаа жырткычтарына салып берейин», – деди.

45 Дөөт болсо пелиштиликке мындай деп жооп берди: «Сен мага каршы найза, кылыч, калкан менен келе жатасың, мен болсо сага каршы өзүң шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин, атынан келе жатам.

46 Бүгүн Теңир сени менин колума салып берет, мен сени өлтүрүп, башыңды кесип, пелиштилик аскерлердин өлүктөрүн асман куштары менен жер жырткычтарына берем, ошондо бүт жер жүзү Ысрайылда Кудай бар экенин билет.

47 Ошондо бул жерге чогулгандардын баары Теңирдин кылычсыз, найзасыз куткарарын билет, анткени бул – Теңирдин согушу. Ал силерди биздин колубузга салып берет».

48 Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдынан чыкты.

49 Дөөт баштыктан таш алып, салмоорго салып, пелиштиликти маңдайга соккондо, таш анын чекесине батып кетти, ал бети менен жерге жыгылды.

50 Ошентип, Дөөт салмоор жана таш менен пелиштиликти жеңди, ал пелиштиликти өлтүрдү. Дөөттүн колунда кылыч жок эле.

51 Ошондо Дөөт чуркап барып, пелиштиликтин үстүнө бутун коюп, анын кылычын кынынан сууруп алып, анын башын кыя чапты. Пелиштиликтер балбанынын өлгөнүн көрүп, качып жөнөштү.

52 Ысрайыл менен Жүйүт аймагынын эркектери жапырт көтөрүлүп, ураан чакырышып, пелиштиликтерди Гатка киргенче, Экрондун дарбазасына чейин кууп барышты. Пелиштиликтер Шаарайым жолунда Гат менен Экронго чейин сулап жатышты.

53 Ысрайыл уулдары пелиштиликтерди кууп барып, кайра кайтып келишкенден кийин, алардын кошуунун талап-тоношту.

54 Дөөт пелиштиликтин башын алып, аны Иерусалимге алып барды, ал эми анын куралын өзүнүн чатырына койду.

55 Шабул Дөөттүн пелиштиликке каршы чыкканын көргөндө, аскер башчысы Абенерден мындай деп сурады: «Абенер! Бул жаш жигит кимдин уулу?» Абенер ага: «Сенин өмүрүң менен ант берем, падышам, мен билбейм», – деп жооп берди.

56 Падыша ага: «Бул жаш жигит кимдин уулу экенин сура», – деди.

57 Дөөт пелиштиликти өлтүрүп кайткандан кийин, Абенер аны Шабулга алып келди. Пелиштиликтин башы Дөөттүн колунда эле.

58 Шабул андан: «Жаш жигит, сен кимдин уулусуң?» – деп сурады. Дөөт: «Бейт-Лехемдик кулуң Жышайдын уулумун», – деп жооп берди.

18-БӨЛҮМ

1 Дөөт Шабул менен сүйлөшүп бүткөндө, Жонатан Дөөткө жүрөгү менен тартылып, аны жанындай жакшы көрүп калды.

2 Ал күнү Шабул аны алып калды, атасынын үйүнө кайтууга уруксат берген жок.

3 Жонатан Дөөт менен дос болууга шерттешти, анткени аны жанындай жакшы көрүп калды.

4 Жонатан үстүндөгү кийимин чечип, Дөөткө берди. Дагы башка кийимдерин, кылычын, жаасын жана курун берди.

5 Шабул кайда жибербесин, Дөөт бардык жерде акылмандык менен иш кылды, ошондуктан Шабул аны аскерлерге башчы кылды. Бул бүт элге жана Шабулдун кулдарына жакты.

Шабулдун көрө албастыгы

6 Дөөт пелиштиликти жеңип келгенден кийин, алар келе жатышканда, Ысрайылдын бардык шаарларынан аялдар ырдап, бийлеп, дап жана жез табак кагып, Шабулду салтанат менен тосуп чыгышты.

7 Ырдап-бийлеп келе жаткан аялдар: «Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди!» – дешти.

8 Ошондо Шабулдун ачуусу келди, ага бул сөз жаккан жок. Ал: «Дөөткө он миңди, мага миңди беришти. Ага падышачылык гана жетишпейт», – деди.

9 Ошол күндөн тартып Шабул Дөөттү жек көрө баштады.

10 Эртеси күнү мындай болду: Шабулга Теңир жол берген жаман рух келди, ошондо ал өз үйүндө жинденди. Дөөт болсо мурункудай эле кыл аспап чертип отурган. Шабулдун колунда найза бар эле.

11 Дөөттү дубалга кадап салам деп ойлоп, Шабул ага найзасын ыргытты. Бирок Дөөт андан эки жолу буйтап кетти.

12 Шабул Дөөттөн корко баштады, себеби Теңир Дөөт менен эле, Шабулду болсо таштап койгон.

13 Шабул аны өзүнөн алыстатып, өзүнө миң башы кылып дайындады. Ошентип, Дөөт эл алдында аларды баштап жүрдү.

14 Дөөт өзүнүн бардык иштерин акылмандуулук менен кылчу, Теңир аны менен эле.

15 Шабул анын абдан акылдуулугун көрүп, андан коркчу болду.

16 Бүт Ысрайыл менен Жүйүт эли болсо Дөөттү жакшы көрүшчү, анткени Дөөт аларды баштап жүрдү.

17 Шабул Дөөткө: «Бул – менин улуу кызым Мейрап. Мен аны сага аялдыкка берем, сен менин эр жүрөк жоокерим болуп, Теңирдин согуштарын жүргүзүп турсаң эле болду», – деди. Анткени Шабул: «Ал менин колумдан эмес, пелиштиликтердин колунан өлсүн», – деп ойлоду.

18 Бирок Дөөт Шабулга: «Падышага күйөө бала болгудай мен киммин, менин өмүрүм эмне болуп калыптыр, Ысрайылда атамдын уруусу ким болуп калыптыр?» – деди.

19 Бирок Шабулдун кызы Мейрапты Дөөткө бере турган маал келгенде, ал мехолалык Адриелге аялдыкка берилген эле.

20 Бирок Дөөттү Шабулдун дагы бир кызы Михал сүйүп калды. Бул жөнүндө Шабулга билдиришти, бул ага жагып калды.

21 Шабул: «Муну ага берейин, ал ага кылтак болот, ал пелиштиликтердин колунан өлөт», – деп ойлоду. Шабул Дөөткө: «Сен эми мага башка кызым аркылуу күйөө бала болосуң», – деди.

22 Анан Шабул өз кулдарына: «Дөөткө: “Сен падышага жагып калдың, сени анын бүт кулдары да жакшы көрүшөт, андыктан падышага күйөө бала бол”, – деп жашыруун айткыла», – деп буйрук кылды.

23 Бул сөздүн баарын Шабулдун кулдары Дөөткө айтышты. Дөөт: «Падышага күйөө бала болууну силер оңой деп ойлоп турасыңарбы? Мен жакыр, жек көрүндү адаммын», – деди.

24 Шабулга кулдары Дөөттүн ушул сөздөрүн жеткирип барышты.

25 Шабул: «Дөөткө мындай дегиле: Падыша кыздын калыңын каалабайт, бирок падышанын душмандарынан өч алып, пелиштиликтерден жүз кишинин сүннөтүн кесип келсин», – деди. Анткени Шабул Дөөттү пелиштиликтердин колу менен жок кылам деп ойлоду.

26 Кулдары бул сөздөрдү Дөөткө айтып барышты, падышанын күйөө баласы болуу Дөөткө жагып калды.

27 Белгиленген күндөр бүтө электе, падышага күйөө бала болуу үчүн, Дөөт турду да, өз кишилери менен барып, пелиштиликтердин эки жүз кишисин өлтүрүп, алардын сүннөтүн кесип келип, падышага толук тапшырды. Шабул кызы Михалды ага күйөөгө берди.

28 Шабул Теңирдин Дөөт менен экенин жана Михалдын Дөөттү сүйөрүн көрдү, билди.

29 Ошондо ал Дөөттөн мурдагыдан да аябай коркуп, ага өмүр бою душман болуп калды.

30 Пелиштиликтердин аскер башчылары согушууга чыкканда, согуштун башынан аягына чейин Дөөт Шабулдун бүт кулдарына караганда туура иш кылчу. Ошондуктан анын ысымы абдан даңкталды.

19-БӨЛҮМ

Шабулдун Дөөттү куугунтукка алышы

1 Дөөттү өлтүрүү керектиги жөнүндө Шабул өз уулу Жонатанга жана бүт кулдарына айтты. Бирок Шабулдун уулу Жонатан Дөөттү абдан жакшы көрчү.

2 Ошондо Жонатан Дөөткө: «Менин атам Шабул сени өлтүрмөкчү болуп жатат. Ошондуктан эртең сак бол, жашын, киши билгис жерде бол.

3 Мен болсо атамдын жанында, сен жашынган талаада болом, сен жөнүндө атам менен сүйлөшөм, эмнени көрсөм, ошону сага айтып берем», – деп билдирди.

4 Жонатан Дөөт жөнүндө атасы Шабулга жакшы сөздөрдү айтты, ага мындай деди: «Падыша өз кулу Дөөткө каршы күнөө кылбаса экен, анткени ал сага каршы эч кандай күнөө кылган жок, анын иштери сен үчүн абдан пайдалуу.

5 Ал пелиштиликти өлтүрүш үчүн, өз өмүрүн коркунучка салды, Теңир бүт Ысрайылга улуу куткарылуу берди. Аны сен өз көзүң менен көрүп кубанбадың беле. Эмне үчүн сен жазыксыз кан төгүп, Дөөттү себепсиз эле өлтүргүң келип жатат?»

6 Шабул Жонатандын тилин алып: «Теңир тирүү, Дөөт өлбөйт», – деп ант берди.

7 Жонатан Дөөттү чакырып, ага ушул сөздөрдүн баарын айтып берди, анан Дөөттү Шабулга алып келди. Дөөт мурункудай эле падышанын жанында болду.

8 Кайрадан согуш башталып, Дөөт чыгып, пелиштиликтер менен согушту, аларды катуу кыйратты, алар андан качышты.

9 Шабул колуна найзасын кармап, үйүндө отурганда, анын үстүнө Кудай жол берген жаман рух түштү. Дөөт болсо кыл аспап чертип отурган.

10 Шабул Дөөттү дубалга найза менен кадап салгысы келгенде, Дөөт Шабулдан буйтап кетти, ошондо найза дубалга кадалды. Дөөт болсо ошол түнү качып кетип, аман калды.

11 Шабул Дөөттү кайтарып, таң атканда өлтүрүш үчүн, анын үйүнө өзүнүн кулдарын жиберди. Дөөткө аялы Михал мындай деди: «Эгерде ушул түнү жаныңды сактап калбасаң, анда эртең сени өлтүрүшөт».

12 Ошентип, Михал Дөөттү терезеден түшүрүп жиберди. Ал качып кутулду.

13 Михал болсо айкелди алып, төшөккө жаткырды, анын баш жагына эчкинин терисин коюп, кийим менен жаап койду.

14 Шабул Дөөттү алдырганы кулдарын жиберди, бирок Михал: «Ал ооруп жатат», – деди.

15 Шабул кулдарын Дөөттү карап келүүгө жиберип жатып: «Аны мага төшөгү менен алып келгиле, мен аны өлтүрөм», – деди.

16 Кулдары келип, төшөктөгү айкелди, анын баш жагына коюлган эчкинин терисин көрүштү.

17 Ошондо Шабул Михалга мындай деп айтты: «Сен мени эмне үчүн ушинтип алдадың? Эмне үчүн душманымды качырып жибердиң?» Михал Шабулга мындай деп жооп берди: «Ал мага: “Мени коё бер, болбосо сени өлтүрөм”, – деди».

18 Дөөт качып кутулуп, Рамага, Шемуелге келди да, Шабулдун кылганынын баарын айтып берди. Анан ал Шемуел менен кетти, алар Найотко келип токтошту.

19 Шабулга: «Дөөт Найотто, Рамада», – деп билдиришти.

20 Шабул Дөөттү алдырууга кулдарын жиберди. Пайгамбарчылык кылып жаткан пайгамбарлар тобун, аларга жетекчилик кылган Шемуелди көрүшкөндө, Шабулдун кулдарына Кудайдын Руху түштү. Ошондо алар да пайгамбарчылык кыла башташты.

21 Бул жөнүндө Шабулга билдиришти. Ал башка кулдарын жөнөттү, бирок алар да пайгамбарчылык кыла башташты. Ошондо Шабул үчүнчү ирет башка кулдарын жиберди, алар да пайгамбарчылык кыла башташты.

22 Шабул Рамага өзү жөнөп, Сейихтеги чоң булакка жеткенде: «Шемуел менен Дөөт кайда?» – деп сурады. Ага: «Найотто, Рамада», – деп жооп беришти.

23 Ал Найотко, Рамага жөнөдү, ошондо ага Кудайдын Руху түштү. Ал Рамадагы Найотко жеткиче пайгамбарчылык кылып жүрүп отурду.

24 Ал да кийимин чечип салып, Шемуелдин алдында пайгамбарчылык кылып, ошол күнү, ошол түнү жылаңач жатты. Ошондон улам «Шабул да пайгамбар болуп калганбы?» деген сөз айтылып калган.

20-БӨЛҮМ

Жонатан жана Дөөт

1 Дөөт Рамадагы Найоттон качып кетти да, Жонатанга келип мындай деди: «Мен эмне кылдым, айыбым кайсы, мени өлтүргүдөй, атаңдын алдында кандай күнөөм бар?»

2 Жонатан ага мындай деди: «Жок, сен өлбөйсүң. Атам мага айтпай, кичине да, чоң да иш кылбайт. Атам бул ишти менден эмнеге жашырмак эле? Мындай болбойт».

3 Дөөт мындай деп ант берди: «Сенин алдыңда ырайым тапканымды атаң жакшы билет, ошондуктан ал өзүнчө: “Бул жөнүндө Жонатан билбесин, себеби капа болот”, – деп ойлосо керек. Бирок Теңир тирүү, сенин жаның аман! Мени менен өлүмдүн ортосунда бир эле кадам бар».

4 Жонатан Дөөткө: «Мен сен үчүн каалаганыңдын баарын кылам», – деди.

5 Дөөт Жонатанга мындай деди: «Эртең ай жаңырган күн, мен падыша менен дасторкондо бирге отурушум керек, бирок сен мени коё бер, мен бүрсүгүнү кечке чейин талаада жашына турайын.

6 Эгер атаң мен жөнүндө сураса, “Дөөт менден суранып, өзүнүн Бейт-Лехем шаарына барып келгени кетти. Ал жакта анын бардык туугандары жыл сайын чалынуучу курмандык чалышат экен” де.

7 Эгер ал буга: “Жакшы”, – десе, анда сенин кулуңа тынчтык. Эгерде ал ачууланса, анда анын жамандык кылууну чечип койгонун бил.

8 Сен болсо кулуңа ырайым кыл, анткени сен кулуң менен Теңирдин алдында келишим түзгөнсүң. Эгер менде күнөө болсо, анда мени өзүң өлтүр. Мени атаңа алып барып эмне кыласың?»

9 Жонатан: «Эч качан мындай болбойт, атамдын сага жамандык кыларын анык билсем, ал жөнүндө сага кантип айтпай коёюн», – деди.

10 Дөөт Жонатанга: «Эгер атаң сага каарданып жооп берсе, мага ким кабарлайт?» – деди.

11 Жонатан Дөөткө: «Жүр, талаага чыгалы», – деди. Экөө талаага чыгышты.

12 Жонатан Дөөткө мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Мен эртең ушул убакта, же бүрсүгүнү атамдан оюн билем. Эгерде анын сага болгон ниети жакшы болсо, анда мен сага кантип киши жибербей коёюн, кантип айтпай коёюн.

13 Эгер мен мындай кылбасам, Теңир Жонатанга эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын. Эгер атам сага жамандык кылууну ойлоп жаткан болсо, сага билдирем, сени коё берем, ошондо тынчтык менен кете бересиң. Теңир менин атам менен болгондой эле, сени менен да болсун!

14 Эгер мен тирүү болсом, сен да мени Теңирдин ырайымынан ажыратпа.

15 Эгер мен өлүп калсам, Теңир сенин душмандарыңдын баарын жер бетинен жок кылганда да, менин тукумумду ырайымыңдан эч качан ажыратпа».

16 Жонатан ушинтип Дөөттүн тукуму менен келишим түздү. Ал: «Теңир Дөөттүн душмандарынын жазасын берсин!» – деди.

17 Жонатан Дөөттү жакшы көргөндүктөн, дагы ант берди, анткени аны жанындай жакшы көрчү.

18 Жонатан Дөөткө мындай деди: «Эртең, жаңырган ай күнү, сени сурашат, анткени сенин ордуң бош болот.

19 Ошондуктан үчүнчү күнү мурда жашынган жериңе түш да, Азел ташынын жанында күтүп отур.

20 Бутага жаа тарткандай, мен ошол жакка үч жаа тартам.

21 Анан жаш уланды: “Барып, жебелерди таап кел”, – деп жөнөтөм. Эгер мен уланга: “Жебелер сенин артыңда, аларды ал”, – десем, анда мага келе бер, анткени сага тынчтык, Теңир тирүү, эч коркунуч жок.

22 Эгерде уланга: “Жебелер сенин алдыңда жатат”, – десем, анда сен кете бер, анткени сени Теңир коё берип жатат.

23 Ал эми экөөбүздүн сүйлөшкөн сөзүбүзгө, экөөбүздүн ортобузга Теңир түбөлүккө күбө».

24 Дөөт талаага жашырынды. Ай жаңырып, падыша тамактанганы отурду.

25 Адаттагыдай эле падыша өз ордуна, дубалдын жанындагы отургучка отурду, Жонатан туруп турду, Абенер Шабулдун жанына отурду, ал эми Дөөттүн орду бош калды.

26 Ал күнү Шабул эч нерсе деген жок, анткени ал: «Дөөткө бир нерсе болуп, таза эмес болсо керек, ал тазалана элек го», – деп ойлоду.

27 Жаңырган айдын экинчи күнү Дөөттүн орду дагы бош калды. Ошондо Шабул өз уулу Жонатандан: «Эмне үчүн Жышайдын уулу Дөөт кечээ да, бүгүн да тамакка келген жок?» – деп сурады.

28 Жонатан Шабулга: «Дөөт менден Бейт-Лехемге суранып кетти.

29 Ал: “Мени коё бер, анткени биздин шаарыбызда бир туугандарыбыз менен курмандык чалмакпыз, мени бир тууганым чакырган. Эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, барып, бир туугандарым менен көрүшүп келейин”, – деген. Ошондуктан ал падышанын тамагына келген жок», – деп жооп берди.

30 Ошондо Шабул Жонатанга абдан ачууланып: «Оңбогон ээн баш уул! Өзүңдү да, энеңди да маскара кылып, Жышайдын уулу менен дос болуп жүргөнүңдү мени билбейт дейсиңби?

31 Анткени жер үстүндө Жышайдын уулу тирүү турганда, сен да, сенин падышачылыгың да туруштук бере албайт. Азыр киши жиберип, аны алып кел, анткени ал өлүшү керек», – деди.

32 Жонатан атасы Шабулга: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасың? Ал эмне кылды?» – деди.

33 Шабул аны сайып өлтүрүш үчүн, найзасын ыргытты. Ошондо атасынын Дөөттү өлтүрүүнү чечкенине Жонатандын көзү жетти.

34 Жонатан аябай ачууланып туруп кетти, ал жаңырган айдын экинчи күнү тамак жеген жок, себеби Дөөт үчүн кайгырды жана атасы аны таарынтып койду.

35 Эртеси эртең менен, Дөөткө айтылган убакта жаш уланды алып, Жонатан талаага чыкты.

36 Анан ал уланга: «Чурка, мен тарткан жебелерди издеп таап кел», – деди. Улан чуркап жөнөдү, ал жебелерди уландын алды жагына түшкүдөй кылып атты.

37 Жонатан аткан жебелер жакка улан чуркап кеткенде, ал анын артынан: «Кара, жебе алды жагыңда жатат», – деп кыйкырды.

38 Жонатан уландын артынан дагы кыйкырды: «Бол, тез чурка, токтобо». Улан Жонатандын жебелерин чогултуп алып, өз мырзасына келди.

39 Жаш улан эч нерсе билген жок, Жонатан менен Дөөт гана эмне болгонун билишти.

40 Анан Жонатан жанындагы уланга куралын берип: «Бар, шаарга алып бар», – деди.

41 Жаш улан кетти. Дөөт түштүк тараптан туруп келди да, жүзтөмөндөп жыгылып, үч ирет таазим кылды. Алар бири-бирин өөп, чогуу ыйлашты, Дөөт көбүрөөк ыйлады.

42 Анан Жонатан Дөөткө мындай деди: «Тынчтык менен бара бер. “Теңир экөөбүздүн ортобузда болсун, менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда болсун”, – деп, Теңирдин ысымы менен берген антыбыз түбөлүккө калсын!»

43 Дөөт туруп, жөнөп кетти, Жонатан болсо шаарга кайтты.

21-БӨЛҮМ

Дөөттүн качышы

1 Дөөт Hопко, ыйык кызмат кылуучу Акимелекке келди. Акимелек коркуп, Дөөттүн алдынан чыгып: «Эмне үчүн жалгызсың? Эмне үчүн жаныңда эч ким жок?» – деп сурады.

2 Дөөт ыйык кызмат кылуучу Акимелекке мындай деди: «Мага падыша тапшырма берип: “Сени эмне үчүн жибергенимди, кандай тапшырма бергенимди эч ким билбесин”, – деген. Ошондуктан кишилерди белгилүү жерге калтырдым.

3 Азыр колуңда эмне бар, беш нан болобу, башка нерсе болобу, бер».

4 Ыйык кызмат кылуучу Дөөткө: «Жөнөкөй нан колумда жок, ыйык нан бар, бирок кишилериң аялдарга жакындаган жок беле?» – деди.

5 Дөөт ыйык кызмат кылуучуга: «Мен чыккан күндөн бери биздин жаныбызда аял аттуу болгон жок, уландардын идиштери да таза. Эгер жолубуз таза эмес болсо, идиштеги наныбыз таза калат», – деп жооп берди.

6 Ошондо ыйык кызмат кылуучу ага ыйык нандан берди, анткени анда нан курмандыгынан башка нан жок болчу. Алар Теңирдин алдынан алынган нандар эле, ал нандар алынгандан кийин ордуна жаңы бышырылган нандар коюлчу.

7 Ошол жерде ошол күнү Шабулдун кулдарынын бири, кулдарынын башчысы, эдомдук Дойек Теңирдин алдында турган эле.

8 Дөөт Акимелекке: «Бул жерде сенде кылыч же найза барбы? Падышанын тапшырмасы шашылыш болгондуктан, жаныма кылыч да, башка курал да алган эмесмин», – деди.

9 Ыйык кызмат кылуучу: «Эмендүү өрөөндө сен өлтүргөн пелиштилик Голийаттын кылычы бар, кийимге оролуп, эфоддун артында турат. Кааласаң, ошону ал, бул жерде андан башка эч нерсе жок», – деди. Дөөт ага: «Ага тең келе турган кылыч жок, мага ошону бер», – деди.

10 Дөөт турду да, ошол эле күнү Шабулдан качып, Гат падышасы Акишке келди.

11 Кулдары Акишке: «Тигил өлкөнүн падышасы Дөөт ушул да! Аны тегеректеп: “Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди”, – деп ырдашпады беле!» – деп айтышты.

12 Дөөт бул сөздөрдү көңүлүнө алып, Гат падышасы Акиштен абдан коркуп кетти.

13 Алардын алдында кебетесин бузуп, келесоо болумуш болуп, эшикти чийгилеп, сакалынан шилекейин куюлтту.

14 Ошондо Акиш кулдарына мындай деди: «Мунун акылынан айныган адам экенин көрүп турбайсыңарбы. Муну мага эмнеге алып келдиңер?

15 Менде акылынан айныган адамдар азбы? Муну эмнеге алып келдиңер? Менин алдымда келесоолонсун дедиңерби? Эмне, бул менин үйүмө киреби?»

22-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучулардын өлтүрүлүшү

1 Дөөт ал жерден чыгып, Адулам үңкүрүнө жашырынды. Атасы, бир туугандары угуп, ошол жакка келишти.

2 Анын жанына кысымга алынгандар, карызга баткандар, кайгыга чөккөндөр чогулушту, аларга ал башчы болду. Анын жанында төрт жүзгө жакын адам бар эле.

3 Дөөт ал жерден чыгып, Мааптын Миспа деген жерине барып, Маап падышасына: «Кудай мени эмне кыларын билгиче, атам менен энем силердикинде тура турсун», – деди.

4 Анан Дөөт аларды Маап падышасына алып келди. Дөөт ал жерде жашырынып жүргөн учурда алар аныкында жашашты.

5 Бирок Гат деген пайгамбар Дөөткө: «Бул жерде калба. Жүйүт жерине кет», – деди. Дөөт жолго чыгып, Херет токоюна келди.

6 Шабул Дөөттүн жана анын жанындагы кишилердин келгенин укту. Ошол убакта Шабул колуна найза кармап, Гибадагы тоодо, эмендин түбүндө отурган. Кулдарынын баары аны тегеректеп турушкан.

7 Шабул өзүн тегеректеп турган кулдарына мындай деди: «Бенжемин уулдары, уккула. Жышайдын уулу силерге талааларды, жүзүмзарларды бермек беле, силерди миң башы, жүз башы коймок беле.

8 Эмнеге силер баарыңар сүйлөшүп алып, эч кимиңер мага менин уулумдун Жышайдын уулу менен достошконун айткан жоксуңар? Эмне үчүн мени эч кимиңер аяган жоксуңар? Өз уулумдун кулумду мага каршы тузак коюуга тукурганын эмнеге айткан жоксуңар?»

9 Ошондо Шабулдун кулдары менен турган эдомдук Дойек мындай деп жооп берди: «Жышайдын уулунун Hопко, Акитуптун уулу Акимелекке келгенин көргөм,

10 ал Дөөт үчүн Теңирге сыйынып, ага тамак-аш жана пелиштилик Голийаттын кылычын берген».

11 Падыша ыйык кызмат кылуучу Акитуп уулу Акимелекти, анын атасынын бүт тукумун, Hоптогу ыйык кызмат кылуучуларды чакыртканы киши жиберди. Алардын баары падышага келишти.

12 Шабул мындай деди: «Акитуп уулу, уккун». Тиги: «Мен угуп жатам, мырзам», – деп жооп берди.

13 Шабул ага мындай деди: «Эмне үчүн Жышайдын уулу экөөңөр мага каршы сүйлөшүп алдыңар? Бүгүн билингендей, ал мага каршы чыгып, тузак коюшу үчүн, сен эмне үчүн ага нан, кылыч бердиң? Эмнеге ал үчүн Кудайга сыйындың?»

14 Акимелек падышага мындай деп жооп берди: «Бардык кулдарыңдын ичинен Дөөттөй ишенимдүү ким бар? Ал – падышанын күйөө баласы, буйруктарыңды аткаруучу, үйүңдөгү кадырлуу адам.

15 Ал үчүн мен Кудайга бүгүн биринчи жолу сыйынып жатыптырмынбы? Жок, падыша, бул үчүн кулуңду жана атамдын тукумун күнөөлөбө, анткени кулуң бул иштин эч нерсесин билбейт».

16 Падыша ага: «Сен өлүшүң керек, Акимелек, сен да, атаңдын бүт тукуму да өлүшү керек», – деди.

17 Анан падыша өзүнүн жанында турган сакчыларга: «Баргыла, Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргүлө, анткени алар Дөөт менен бир, алар анын качып кеткенин билип туруп, мага айтышкан эмес», – деди. Бирок падышанын кулдары Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүрүүнү каалашкан жок.

18 Ошондо падыша Дойекке: «Сен бар да, ыйык кызмат кылуучуларды өлтүр», – деди. Эдомдук Дойек барды да, ыйык кызмат кылуучуларды кырып салды. Ошол күнү зыгыр буласынан токулган эфод кийген сексен беш эркекти өлтүрдү.

19 Ал ыйык кызмат кылуучулардын шаары Нопту кылыч менен кыйратты, эркектер менен аялдарды, өспүрүмдөр менен эмчектеги балдарды, өгүздөрдү, эшектерди, койлорду кылыч менен өлтүрдү.

20 Жалгыз гана Акитуптун уулу Акимелектин уулу Абыйатар аман калып, Дөөткө качып барды.

21 Абыйатар Дөөткө Шабулдун Теңирдин ыйык кызмат кылуучуларын өлтүргөнүн айтып берди.

22 Дөөт Абыйатарга мындай деди: «Ошол күнү мен эдомдук Дойекти ошол жерден көргөм. Анын сөзсүз Шабулга жеткирип барарын билгем. Сенин атаңдын тукумунун ар бир кишиси үчүн мен айыптуумун.

23 Менин жанымда кал, коркпо, анткени мени өлтүрмөкчү болгон адам сени да өлтүрөт. Сен менин жанымда коопсуз болосуң».

23-БӨЛҮМ

Дөөттүн Кеила шаарын сактап калышы

1 Дөөткө: «Пелиштиликтер Кеилага кол салып, кырмандарды талап жатышат», – деп билдиришти.

2 Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Барайынбы, бул пелиштиликтерди талкалай аламбы?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Бар, сен пелиштиликтерди талкалайсың, Кеиланы куткарасың», – деп жооп берди.

3 Бирок Дөөттүн жанындагылар ага: «Жүйүт аймагында эле коркуп турабыз, анан кантип Кеилага, пелиштиликтердин аскерине каршы барабыз?» – дешти.

4 Ошондо Дөөт Теңирден кайра сурады. Теңир ага: «Тур, Кеилага бар, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

5 Дөөт өз кишилери менен Кеилага жөнөдү. Пелиштиликтер менен согушуп, алардын малын айдап кетти, аларга чоң бүлгүн салды. Ошентип, Дөөт Кеиланын тургундарын куткарды.

6 Акимелектин уулу Абыйатар Дөөткө келип, аны менен Кеилага барганда, эфодду да ала барган.

7 Дөөттүн Кеилага келгенин Шабулга билдиришти. Ошондо Шабул: «Аны Кудай менин колума салып берди, анткени ал дарбазалуу, кулпулуу шаарга кирип, өзүн өзү бекитти», – деди.

8 Кеилага барып, Дөөттү жана анын кишилерин курчоо үчүн, Шабул бүткүл элди согушка чакырды.

9 Дөөт Шабулдун жамандык ойлогонун билгенде, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга: «Эфодду алып кел», – деди.

10 Анан Дөөт Теңирге мындай деп кайрылды: «Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Шабул Кеилага келип, мен үчүн шаарды талкаларын кулуң укту.

11 Кеиланын тургундары мени анын колуна салып береби? Сенин кулуң уккандай, Шабул бул жакка келеби? Ысрайылдын Кудай-Теңири! Өз кулуңа ачып бер». Теңир: «Келет», – деп жооп берди.

12 Дөөт: «Кеиланын тургундары мени жана менин кишилеримди Шабулдун колуна салып беришеби?» – деп сурады. Теңир: «Салып беришет», – деп жооп берди.

13 Ошондо Дөөт өзүнүн алты жүзгө жакын кишиси менен Кеиладан чыгып, бир жерден бир жерге көчүп жүрдү. Дөөт Кеиладан качып кетти деп, Шабулга билдиришкенде, ал жүрүшүн токтотту.

Дөөт Зуп чөлүндө

14 Дөөт болсо адам жүрбөгөн ээн талаада, андан соң Зуп ээн талаасындагы тоодо жүрдү. Шабул аны күн сайын издеди, бирок Кудай Дөөттү анын колуна салып берген жок.

15 Шабулдун өлтүргөнү чыкканын Дөөт билди. Дөөт болсо Зуп ээн талаасындагы токойдо болчу.

16 Шабулдун уулу Жонатан Дөөткө, токойго келип, анын Кудайга болгон ишенимин бекемдеди.

17 Жонатан ага: «Коркпо, атам Шабул сага эч нерсе кыла албайт, сен Ысрайылга падыша болосуң, а мен сенден кийинки экинчи адам болом, муну атам Шабул билет», – деди.

18 Алар Теңир алдында келишим түзүштү. Дөөт токойдо калды, Жонатан болсо үйүнө кетти.

19 Зуптуктар Гибага, Шабулга келип, мындай дешти: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө, токойдун киши бара алгыс жеринде жашырынып жүрөт.

20 Эми падышам, кааласаң, ошол жакка бар. Ал эми аны падышанын колуна салып берүү – биздин иш».

21 Шабул аларга: «Мага боор ооруганыңар үчүн, силерге Теңир батасын берсин.

22 Баргыла да, кайрадан карап көргүлө, анын кайсы жерде экенин чалгындап билгиле, аны ал жерден ким көргөнүн сураштыргыла, анткени мага анын аябай амалдуу экенин айтып жатышат.

23 Карап чыккыла, ал жашынган бардык жерлерди чалгындап билип, мага ишенимдүү кабар менен кайтып келгиле, ошондо мен силер менен барам. Эгер ал ушул жерде болсо, мен аны миңдеген жүйүттөрдүн арасынан болсо да издеп табам», – деди.

24 Алар туруп, Шабулдан мурун Зупка кетишти. Дөөт болсо өз кишилери менен Жешимондун оң тарабындагы түздүктө, Маон чөлүндө эле.

25 Шабул өз кишилери менен аны издеп чыкты. Бирок бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал Маон чөлүндөгү аскага жашынды. Шабул муну укканда, Дөөттүн артынан Маон чөлүнө жөнөдү.

26 Шабул тоонун бир жак бети менен келе жатты, Дөөт болсо өз кишилери менен тоонун берки бетинде келе жатты. Дөөт Шабулдан качууга шашылып жатты, Шабул болсо өз кишилери менен Дөөттү жана анын кишилерин курчап алып колго түшүрүү үчүн келе жатты.

27 Ошол учурда Шабулга кабарчы келип: «Шашылыш кайт, анткени биздин жерге пелиштиликтер кол салышты», – деди.

28 Шабул Дөөттү кууганын токтотуп, артка кайтты. Ал пелиштиликтерди көздөй бет алды. Ошондон тартып бул жер Села-Амахлекот деп аталып калды.

24-БӨЛҮМ

Дөөттүн Шабулду аяп коюшу

1 Дөөт ал жерден чыгып, Эйин-Гединин коопсуз жерлеринде жашады.

2 Шабул пелиштиликтерди кууп, кайра кайтып келгенден кийин, ага: «Дөөт Эйин-Геди чөлүндө», – деп билдиришти.

3 Шабул бүткүл Ысрайылдан тандалган үч миң киши алып, жейрен мекендеген тоолордон Дөөттү жана анын кишилерин издөөгө чыкты.

4 Ал жолдогу кой камачу кашаага келди. Ал жерде үңкүр бар болчу, Шабул ага заара ушатканы кирди. Дөөт болсо кишилери менен үңкүрдүн түп жагында отурган эле.

5 Дөөткө өз кишилери мындай деп айтышты: «Теңирдин сага “Мен сенин душманыңды өз колуңа салып берем, аны каалаганыңдай кыласың” деген сөзү аткарылар күн келди». Дөөт туруп барып, Шабулдун сырт кийиминин этегинен акырын кесип алды.

6 Бирок Шабулдун кийиминин этегинен кесип алгандан кийин, Дөөттүн жүрөгү ооруду.

7 Анан ал өз кишилерине: «Теңир мага өз мырзама, Теңирдин майланганына, кол салууга жол бербесин, анткени ал – Теңирдин майланган адамы», – деди.

8 Ошентип, Дөөт ушул сөздөрү менен өз кишилерин токтотуп калды, алардын Шабулга каршы көтөрүлүүсүнө жол берген жок. Шабул болсо ордунан турду да, үңкүрдөн чыгып, жолго түштү.

9 Андан соң Дөөт да туруп, үңкүрдөн чыкты да, Шабулдун аркасынан: «Мырзам, падыша!» – деп кыйкырды. Шабул артын караганда, Дөөт жүзтөмөндөп, ага таазим кылды.

10 Дөөт Шабулга мындай деди: «“Дөөт сага жамандык кылууну ойлоп жатат”, – деген кишилердин сөзүн эмнеге угасың?

11 Бүгүн Теңир сени үңкүрдүн ичинде менин колума салып бергенин өз көзүң менен көрдүң. Мага сени өлтүр деп айтышты, бирок мен сени аядым: “Мен өз мырзама кол көтөрбөйм, анткени ал – Теңирдин майланган адамы”, – деп айттым.

12 Ата! Менин колумдагыны кара, кийимиңдин этегинен кесип алдым, бирок сени өлтүргөн жокмун. Менин оюмда жамандык кылуу да, кылмыш кылуу да жок экенин, сага каршы күнөө кылбаганымды ушундан билип ишен, сен болсо мени өлтүрүү үчүн издеп жүрөсүң.

13 Теңир ортобузда калыс болсун, мен үчүн сенден Теңир өч алсын, сени өлтүрүүгө колум барбайт.

14 Байыркы накыл сөздө: “Мыйзамсыздардан мыйзамсыздык чыгат”, – деп айтылат. Сени өлтүрүүгө колум барбайт.

15 Ысрайылдын падышасы кимге каршы чыкты? Сен кимдин артынан кууп жүрөсүң? Өлгөн иттин, бир бүргөнүн артынан.

16 Теңир Өзү сот болсун, экөөбүздүн ортобузда калыс болсун. Ал менин ишимди карап, талдап, мени сенин колуңдан куткарат».

17 Дөөт ушул сөздөрдү Шабулга айтып бүткөндө, Шабул: «Бул сенин үнүңбү, уулум Дөөт?» – деди. Анан Шабул катуу ыйлады.

18 Ал Дөөткө мындай деди: «Мага караганда адилеттүү экенсиң, анткени сен мага жакшылык менен жооп бердиң, мен болсо сага жамандык менен жооп бердим.

19 Сен муну бүгүн мага жакшылык кылууң менен далилдедиң. Теңир мени сенин колуңа салып бергенде, сен мени өлтүргөн жоксуң.

20 Душманын колго түшүргөн адам аны аман-соо коё бермек беле! Бүгүн мага кылган ишиң үчүн Теңир сага жакшылык менен кайтарсын.

21 Эми мен билем, сен сөзсүз падышачылык кыласың, сенин колуңда Ысрайылдын падышачылыгы бекем болот.

22 Азыр болсо мага Теңирдин алдында: “Сенин көзүң өткөндөн кийин, тукумуңду унутпайм, атаңдын тукумунун арасынан ысымыңды өчүрбөйм”, – деп ант бер».

23 Дөөт Шабулга ант берди. Шабул үйүнө кайтты, Дөөт болсо кишилери менен өзү жашынган жерин көздөй жогору чыгып кетти.

25-БӨЛҮМ

Дөөт жана Абигейил

1 Шемуел көз жумду. Бардык ысрайылдыктар чогулуп, аза күтүп ыйлашты. Аны өз жери Рамага коюшту. Дөөт турду да, Паран чөлүнө жөнөдү.

2 Маондо бир киши жашачу, анын Кармелде кой короосу бар болчу. Ал абдан бай адам эле, анын үч миң кою, миң эчкиси бар болчу. Ал Кармелде койлорун кыркып жаткан.

3 Ал кишинин аты Hабал, ал эми аялынын аты Абигейил эле. Ал аял өтө акылдуу, ажарлуу, ал эми күйөөсү катаал, каардуу киши болчу, ал Калеп тукумунан эле.

4 Дөөт чөлдөн Hабалдын кой кыркып жатканын укту.

5 Ошондо Дөөт он уланды мындай деп жөнөттү: «Кармелге чыккыла да, Hабалга барып, менин атымдан ага салам айткыла.

6 Ага мындай дегиле: “Сага, сенин үй-бүлөңө, сеникиндегинин баарына тынчтык болсун.

7 Бүгүн мен сени кой кыркып жатат деп уктум. Малчыларың биз менен чогуу болушту, биз аларды таарынткан жокпуз, Кармелде турушканда, алардын эч нерсеси жоголгон жок.

8 Кулдарыңан сура, алар сага айтып беришет. Сенин алдыңда менин уландарым ырайым тапсын, анткени биз куттуу күнү келдик. Уулуң Дөөткө жана мына бул кулдарыңа көңүлүңдөн чыкканды бер”».

9 Дөөттүн кишилери Hабалга келип, Дөөттүн атынан ушул сөздөрдү айтып, унчукпай туруп калышты.

10 Дөөттүн кулдарына Hабал мындай деп жооп берди: «Дөөт ким экен? Жышайдын уулу ким экен? Азыр өз мырзасынан качкан кулдар көбөйдү.

11 Кой кыркуучуларга даярдаган нанды, сууну, этти алып, кайдан келгени белгисиз кишилерге эле бере бермек белем?»

12 Дөөттүн кишилери барган жолу менен кайтып келишип, ушул сөздөрдүн баарын айтып беришти.

13 Ошондо Дөөт өз кишилерине: «Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлангыла», – деди. Баары белине кылыч байлашты, Дөөт өзү да кылычын белине байлады. Дөөттүн артынан төрт жүздөй киши жөнөдү, эки жүзү болсо арабаларынын жанында калды.

14 Hабалдын аялы Абигейилге кулдарынын бири мындай деп билдирди: «Дөөт биздин мырзабызга ээн талаадан элчилерин жөнөтүп, салам айттырды, бирок мырзабыз аларга орой мамиле кылды.

15 Ал кишилер бизге жакшы мамиле кылышчу, бизди таарынтышчу эмес, биз талаада алардын жанында жүргөнүбүздө, биздин эч нерсебиз жоголгон эмес.

16 Алардын жанында мал багып жүргөнүбүздө, күндүз да, түнкүсүн да, бардык убакта алар бизге чеп болчу.

17 Эми сен ойлонуп көрүп, эмне кылуу керек экендигин чеч. Мырзабызга, анын бүт үй-бүлөсүнө коркунуч туулары айдан ачык. Ал болсо – каардуу киши, аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес».

18 Ошондо Абигейил шашылыш түрдө эки жүз нан, эки чанач шарап, союлуп бышырылган беш кой, беш ченем кургатылган дан, жүз таңгак мейиз, эки жүз таңгак анжыр алды да, эшектерге жүктөттү.

19 Анан кулдарына: «Силер менин алдыма түшкүлө. Мен артыңардан барам», – деди. Бирок күйөөсү Hабалга эч нерсе айткан жок.

20 Аял тоонун боору менен эшек минип түшүп келе жатканда, алдынан Дөөт жана анын кишилери чыкты. Аял аларга кезикти.

21 Дөөт мындай деген эле: «Мен бул кишинин мал-мүлкүн чөлдө бекер эле кайтарган экенмин, анын эч нерсеси жоголгон жок, бирок ал жакшылыкка жамандык кылды.

22 Эгер таңга чейин Hабалдын бир эркегин тирүү калтырсам, Кудай Дөөттүн душмандарына эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын».

23 Абигейил Дөөттү көргөндө, эшектен шашып түштү да, Дөөттүн алдына жүзтөмөндөп жыгылып таазим этти.

24 Анан бутуна жыгылып, мындай деди: «Күнөө менде болсун, мырзам. Күңүңдүн сүйлөөсүнө уруксат эт, сөзүнө кулак сал.

25 Мырзам бул каардуу кишиге, Hабалга, көңүл бурбасын, анткени анын ысымы кандай болсо, өзү да ошондой. Анын аты – Hабал («акылсыз»), атына жараша өзү да акылсыз. Мен, сенин күңүң, сен жиберген кулдарды көргөн эмесмин.

26 Ушул күндө, мырзам, Теңир тирүү, сенин жаның тирүү. Теңир сенин кан төгүүңө, өз колуң менен өч алууңа жол бербейт. Душмандарың жана мырзама жамандык ойлогондордун бардыгы Набалга окшоп калсын.

27 Мына бул тартууну мырзама кызмат кылган жаш уландарга берүү үчүн, күңүң мырзама алып келди.

28 Күңүңдүн күнөөсүн кечир. Теңир менин мырзамдын тукумун сөзсүз бекемдейт, анткени менин мырзам Теңирдин согуштарын жүргүзөт, өмүрүң өткөнчө сенден жамандык табылбасын.

29 Эгер кимдир бирөө сенин артыңдан түшүп, сени өлтүргүсү келсе, анда мырзамдын жаны Кудай-Теңиринин колунда, ал эми душмандарыңдын жанын Ал салмоордогу таш сыяктуу ыргытат.

30 Теңир мырзама айткан жакшылыкты кылганда, сени Ысрайылга жол башчы койгондо,

31 курулай кан төкпөгөндүгүң үчүн, өзүңдү өч алуудан сактаганың үчүн, мырзамдын абийири айыптабайт, тынчсызданбайт. Теңир мырзама жакшылык кылат, ошондо күңүңдү эстейсиң».

32 Дөөт Абигейилге мындай деди: «Ушул күнү сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк!

33 Азыр менин кан төгүүмө жана өзүм үчүн өч алуума жол бербегениң үчүн, Кудай акылыңа береке берсин, сага батасын берсин.

34 Мени сага жамандык жасоодон сактап калган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү, сен шашылыш келип мага жолукпаганыңда, таңга чейин Hабалдын бир да эркегин тирүү калтырмак эмесмин».

35 Дөөт анын алып келгенин колунан алып: «Yйүңө тынчтык менен кете бер. Мен сени сыйлап, айтканыңды уктум», – деди.

36 Абигейил Hабалга келсе, анын үйүндө падышаныкындай той болуп жатыптыр, Hабалдын көңүлү шат экен, ал абдан мас эле. Аялы ага таңга чейин эч нерсе айткан жок.

37 Эртең менен Hабалдын масы тараганда, аялы ага болгон окуяны айтып берди. Ошондо анын жүрөк оорусу кармап, таштай катып калды.

38 Он күндөн кийин Теңир Hабалды өлтүрдү. Ал өлдү.

39 Дөөт Hабалдын өлгөнүн угуп, мындай деди: «Теңирге даңк, мени шылдың кылганы үчүн, Ал Hабалдын жазасын берди, Өз кулун жамандыктан сактады. Теңир Hабалдын жамандыгын өз башына салды». Дөөт Абигейилди аялдыкка аларын айттырганы киши жиберди.

40 Дөөттүн кулдары Кармелге келип, Абигейилге: «Дөөт сени өзүнө аялдыкка алуу үчүн, бизди сага жиберди», – деп айтышты.

41 Ал ордунан турду да, жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзамдын кулдарынын бутун жууп, кызматчы болууга күңүң даяр», – деди.

42 Анан Абигейил шашылыш түрдө даярданып, эшекке минди. Беш кызматчы кыз аны узатып барды. Ал Дөөттүн элчилеринин артынан кетти. Ал Дөөттүн аялы болду.

Дөөттүн Акинаамды да аялдыкка алышы

43 Дөөт изрейелдик Акинаамды да алды, экөө анын аялы болушту.

44 Шабул болсо кызы Михалды, Дөөттүн аялын, галимдик Лаиштин уулу Палтиелге берди.

26-БӨЛҮМ

Дөөттүн Шабулду экинчи жолу аяп коюшу

1 Зуптуктар Гибага, Шабулга келип: «Дөөт биздин жерде, Жешимондун оң жагындагы Хахил дөңсөөсүндө жашынып жатат», – деп айтышты.

2 Ошондо Шабул ордунан туруп, Зуп чөлүн көздөй ылдый түштү, аны менен Ысрайылдын тандалган үч миң кишиси Зуп чөлүнөн Дөөттү издегени чыкты.

3 Шабул Жешимондун оң жагындагы, жол боюндагы Хахил дөңсөөсүнө жайланышты. Дөөт чөлдө болчу, ал өзүнүн артынан Шабулдун чөлгө келгенин көрдү.

4 Дөөт тыңчыларды жиберип, Шабулдун келгени чын экенин билди.

5 Ошондо Дөөт ордунан турду да, Шабулдун кошууну турган жерге келди. Анан Дөөт Шабулдун жана анын аскер башчысы Hейир уулу Абенердин жайгашкан жерин көрдү. Шабул чатырда уктап жатыптыр, эл анын тегерегине жайланышыптыр.

6 Дөөт хеттик Акимелекке жана Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышайга мындай деп кайрылды: «Шабулга, кошуунга мени менен ким барат?» Абышай: «Сени менен мен барам», – деп жооп берди.

7 Дөөт Абышай менен түн ичинде Шабулдун кишилерине келди. Шабул чатырында уктап жатыптыр, баш жагында найзасы жерге сайылып туруптур. Абенер жана эл анын тегерегинде экен.

8 Ошондо Абышай Дөөткө: «Кудай бүгүн душманыңды колуңа салып берди. Эми мага уруксат бер, аны найза менен жерге кадайын, мен бир эле саям, кайталабайм», – деди.

9 Бирок Дөөт Абышайга: «Аны өлтүрбө, анткени Теңирдин майланганына кол көтөргөн адам жазаланбай калмак беле!» – деди.

10 Дөөт мындай деди: «Теңир тирүү! Аны Теңир Өзү өлтүрсүн, же анын өлөр күнү келет, же согушта ажал табат! Теңир Өзүнүн майланганына кол көтөрүүмө жол бербесин.

11 Анын баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин ал, өзүбүз жакка кетели».

12 Дөөт Шабулдун баш жагындагы найзасы менен суу куюлган идишин алды. Анан алар өздөрү жакка кетишти. Эч ким көргөн да, билген да жок, эч ким ойгонгон да жок, баары уктап жаткан, анткени аларды Теңир уктатып салган эле.

13 Дөөт тоонун башка бетине өтүп, алыста, чокуда турду. Алардын ортосундагы аралык алыс эле.

14 Анан Дөөт элди жана Hейир уулу Абенерди чакырып: «Абенер, жооп бер», – деди. Абенер: «Сен кимсиң, эмнеге падышанын тынчын алып, кыйкырып жатасың?» – деди.

15 Дөөт Абенерге мындай деди: «Сен эр жигитсиң, сага Ысрайылда ким тең келет? Эмне үчүн өз мырзаңды, падышаны, жакшы коргобойсуң? Анткени падышаны, мырзаңды, өлтүрүү үчүн, эл ичинен бирөө келип кетти.

16 Сенин мындай кылып жатканың жакшы эмес. Теңир тирүү! Мырзаңарды, Теңирдин майланганын, коргобогонуңар үчүн, силер өлүмгө татыктуусуңар. Карачы, падышанын баш жагында турган найза жана суу куюлган идиш кана?»

17 Шабул Дөөттүн үнүн таанып: «Дөөт, уулум, бул сенин үнүңбү?» – деди. «Менин үнүм, мырзам падыша», – деп жооп берди Дөөт.

18 Дөөт дагы мындай деди: «Мырзам өз кулунун артынан эмнеге аңдып жүрөт? Мен эмне кылдым? Кандай кыянаттык кылдым?

19 Эми менин мырзам, падыша, өз кулунун сөзүн угуп турсун: Эгер Теңир сени мага каршы чыгарып жатса, анда бул кылып жатканың сенин Теңирге арнаган жыпар жыттуу курмандыгың болсун. Эгерде сени мага адам баласы каршы тукурса, анда аларга Теңирдин каргышы тийсин, анткени алар: “Бар, жат кудайларга кызмат кыл”, – деп, мени Теңирдин мурасчысы кылбай, кууп жиберишкен.

20 Теңирдин алдында менин каным жерге төгүлбөсүн, анткени тоодон чил кубалагансып, Ысрайыл падышасынын издеп чыкканы – бир бүргө».

21 Ошондо Шабул: «Мен күнөө кылдым. Дөөт уулум, кайтып кел, анткени сага мындан кийин жамандык кылбайм, себеби менин жаным бүгүн сенин көз алдыңда кымбат болду. Мен акылсыздык кылдым, катуу жаңылдым», – деди.

22 Дөөт мындай деп жооп берди: «Мына, падышанын найзасы. Жигиттердин бири келип, алып кетсин.

23 Теңир ар бир адамга анын адилеттүүлүгүнө жана ишенимдүүлүгүнө жараша берсин, анткени сени Теңир менин колума салып берген, бирок мен Теңирдин майланганына кол көтөрүүнү каалаган жокмун.

24 Бүгүн менин көз алдымда сенин өмүрүң кандай кымбат болсо, Теңирдин көз алдында менин өмүрүм да ошондой кымбат болсун, Ал мени ар кандай жамандыктан сактасын!»

25 Шабул Дөөткө: «Уулум Дөөт, Кудай сага батасын берсин! Сен улуу иштерди кыласың, бардык ишиңде ийгиликке жетесиң!» – деди. Ошентип, Дөөт өз жолу менен кетти, Шабул да өз үйүнө кайтты.

27-БӨЛҮМ

Дөөт пелиштиликтердин арасында

1 Дөөт ичинен минтип ойлоду: «Акыры бир күнү мен Шабулдун колуна түшөм, андыктан мен үчүн пелиштиликтердин жерине качып баргандан артык эч нерсе жок. Ошондо Шабул мени аңдыганын коёт, Ысрайыл жеринен мындан ары издебей калат, анын колунан мен ошентип качып кутулам».

2 Дөөт ордунан туруп, жанындагы алты жүз кишиси менен Гат падышасы Маох уулу Акишке келди.

3 Ошентип, Дөөт өз кишилери менен, алардын ар бири өз үй-бүлөсү менен, өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун кармелдик Hабалдын аялы болгон Абигейил менен Гаттагы Акиштикинде жашап калды.

4 Дөөттүн Гатка качып кеткенин Шабулга билдиришти, ошондон кийин ал аны издебей калды.

5 Дөөт Акишке мындай деди: «Эгер мен сенин алдыңда ырайым тапсам, анда кичинекей шаарлардын биринен мага орун берилсин, мен ошол жерде жашайын. Сенин кулуңа сени менен бирге падышанын шаарында жашоонун кандай кажети бар?»

6 Ошондо Акиш ага Сыклакты берди. Ошондон ушул кезге чейин Сыклак Жүйүттүн падышаларына тиешелүү.

7 Дөөт Пелишти өлкөсүндө бир жыл, төрт ай жашады.

8 Дөөт өз кишилери менен чыгып, гешурлуктарды, гезриликтерди, амалыктыктарды талкалап турду, алар бул өлкөдө Шурга чейин, ал тургай, Мисир жерине чейин эчактан бери жашап келишкен.

9 Дөөт ал өлкөнү талкалады, аял-эркегин тирүү калтырбай, койлорун, өгүздөрүн, эшектерин, төөлөрүн, кийимдерин талап-тоноп, Акишке кайтып келип турду.

10 Акиш Дөөттөн: «Бүгүн кимдерге кол салдыңар?» – деп сурады. Дөөт ага: «Жүйүт аймагынын түштүк жагына, Жерахмейелдин түштүк жагына, Кейнинин түштүк жагына», – деп жооп берди.

11 Дөөт эркегин да, аялын да тирүү калтырган жок, ал: «Алар биз жөнүндө: “Дөөт ушундай кылган, анын Пелишти өлкөсүндө өткөргөн мезгилинде кылган иштери ушундай болгон”, – деп айтышпасын», – деп, аларды Гатка алып келген жок.

12 Акиш Дөөткө ишенип: «Ал өз эли Ысрайылга жек көрүндү болуп калды, эми ал менин түбөлүк кулум болот», – деди.

28-БӨЛҮМ

1 Ошол убакта пелиштиликтер Ысрайыл менен согушуу үчүн, өз аскерин топтоду. Акиш Дөөткө: «Билип кой, өзүң жана сенин кишилериң мени менен, менин аскерим менен барасыңар», – деди.

2 Дөөт Акишке: «Кулуңдун кандай кыларын көрөсүң», – деди. Акиш Дөөткө: «Мен ошон үчүн сени түбөлүккө башымды коргой турган сакчы кылам», – деди.

Шабул сыйкырчы аялдыкында

3 Шемуел каза болуп, бүт Ысрайыл аза күтүп, аны өзүнүн шаары Рамага коюшту. Шабул болсо өлкөдөн сыйкырчылар менен төлгөчүлөрдү кууп чыкты.

4 Пелиштиликтер чогулушту да, Шунемде кошуун болуп жайгашышты. Шабул болсо бүт Ысрайыл элин чогултту, алар Гилбояда кошуун болуп жайгашышты.

5 Шабул пелиштиликтердин кошуунун көргөндө, коркуп, жүрөгү болк дей түштү.

6 Ошондо Шабул Теңирге кайрылды, бирок Теңир ага түш аркылуу да, урим аркылуу да, пайгамбарлар аркылуу да жооп берген жок.

7 Ошондо Шабул өз кулдарына: «Мага сыйкырчы аял издеп таап бергиле, мен ошого барып, ошондон сурайм», – деди. Кулдары ага: «Эйен-Дордо сыйкырчы аял бар», – деп айтышты.

8 Шабул кийимин чечип, башка кийим кийди да, жанына эки киши алып, түн ичинде ошол аялдыкына келди. Шабул ага: «Сенден суранам, сыйкырчылык кылып, мен айткан кишини чакырып бер», – деди.

9 Бирок аял ага: «Шабулдун эмне кылганын, сыйкырчылар менен төлгөчүлөрдү өлкөдөн кандай кууп чыкканын билесиң. Сен эмнеге мени өлтүрүш үчүн тор жайып жатасың?» – деди.

10 Шабул сыйкырчы аялга Теңир менен ант берип: «Теңир тирүү! Бул иш үчүн сен жазаланбайсың», – деди.

11 Ошондо аял: «Сага кимди чакырып берейин?» – деп сурады. Ал ага: «Мага Шемуелди чакырып бер», – деди.

12 Аял Шемуелди көргөндө, катуу кыйкырып жиберди. Анан аял Шабулга кайрылып: «Сен эмнеге мени алдадың? Сен Шабул турбайсыңбы!» – деди.

13 Падыша андан: «Коркпо, сен эмнени көрүп жатасың?» – деп сурады. Аял Шабулга: «Жерден чыгып келе жаткан, кудайга окшогон бирөөнү көрүп жатам», – деп жооп берди.

14 Шабул андан: «Анын кебетеси кандай экен?» – деп сурады. Ал: «Жерден карыган, узун кийим кийген эркек киши чыгып келе жатат», – деди. Ошондо Шабул анын Шемуел экенин таанып, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды.

15 Шемуел Шабулга: «Сен эмне үчүн менин тынчымды алып чакырдың?» – деди. Шабул мындай деп жооп берди: «Мен аябай жаман болуп турам. Пелиштиликтер мага кол салышты, бирок Кудай мени таштап койду, пайгамбарлар аркылуу да, түшүмдө да жооп бербей жатат. Эмне кылышым керек экендигин үйрөтсүн деп, сени чакырдым».

16 Ошондо Шемуел ага мындай деди: «Теңир сени таштап, сага душман болуп калганда, менден эмнеге сурап жатасың?

17 Теңир мен аркылуу айтканын кылат. Ал падышачылыкты колуңдан тартып алып, аны жакыныңа, Дөөткө, берет.

18 Теңирдин тилин албай, Анын амалыктыктарга чыгарган каардуу өкүмүн аткарбаганың үчүн Теңир сага ушундай кылып жатат.

19 Теңир сени менен кошо Ысрайылды пелиштиликтердин колуна салып берет. Өзүң да, уулдарың да эртең мени менен болосуңар. Теңир Ысрайылдын кошуунун пелиштиликтердин колуна салып берет».

20 Ошондо күтүлбөгөн жерден Шабул эт-бети менен жыгылды, себеби Шемуелдин сөзүнөн абдан коркуп кетти. Ал ошол күнү, ошол түнү оозуна наар албагандыктан, алсырап калган эле.

21 Тигил аял Шабулдун жанына келип, анын абдан коркуп кеткенин көргөндө, мындай деди: «Мен, сенин күңүң, тилиңди алып, өмүрүмдү тобокелге салып, айткан буйругуңду аткардым.

22 Эми сенден суранам, сен да күңүңдүн тилин ал. Мен сага бир кесим нан берем, жегин, ал сага жол жүргөндө кубат болот».

23 Бирок ал: «Жебейм», – деп баш тартты. Кулдары да, аял да аны көндүрө башташты. Ошондо ал алардын тилин алып, туруп келип, төшөккө отурду.

24 Аялдын үйүндө бордолгон торпогу бар болчу, ал аны мууздоого шашты. Ун алып жууруп, ачыткысыз нан бышырды.

25 Анан Шабулдун жана анын кулдарынын алдына койду. Алар жешти, анан орундарынан туруп, ошол эле түнү кетишти.

29-БӨЛҮМ

Дөөттүн Кудайдын башкаруусу менен ысрайылдыктарга каршы чыкпай калышы

1 Пелиштиликтер өздөрүнүн бардык аскерин Апейикке чогултушту. Ысрайылдыктардын кошууну Изрейелдеги булактын жанына жайланышты.

2 Пелишти төрөлөрү жүздөп-миңдеп келе жатышты. Дөөт жана анын кишилери болсо артта Акиш менен келе жатышты.

3 Пелишти төрөлөрү: «Бул кайсы эврейлер?» – деп сурашты. Акиш Пелишти төрөлөрүнө: «Эмне, силер мунун Ысрайыл падышасы Шабулдун кулу Дөөт экенин билбейсиңерби? Ал бир жылдан ашуун убактан бери менин жанымда, ал келгенден бери мен андан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун», – деп жооп берди.

4 Пелишти төрөлөрү Дөөткө кыжырданып, Акишке мындай деп айтышты: «Сен бул кишини артка жибер, ал сен дайындаган өз ордунда тынч отурсун. Ал биз менен согушка барбасын, согушта өзүбүзгө каршы чыкпасын. Ал өз мырзасын мына бул жигиттердин башынан башка эмне менен ыраазы кыла алат?

5 “Шабул миңди жеңди, Дөөт он миңди жеңди”, – деп, ушул Дөөт жөнүндө ырдап-бийлешпеди беле!»

6 Ошондо Акиш Дөөттү чакырып, ага мындай деди: «Теңир тирүү! Сенин ниетиң ак, аскерлердин арасында мени менен жүргөнүң мага жакшы болор эле, анткени сен мага келгенден бери мен сенден жаман нерсе байкаган жокмун, бирок сага төрөлөрдүн көз карашы жакшы эмес.

7 Ошондуктан азыр кайра артка кайт, тынчтык менен кете бер. Пелишти төрөлөрүн кыжырдантпа».

8 Бирок Дөөт Акишке мындай деди: «Мен эмне кылдым, алдыңа келген күндөн ушул күнгө чейин кулуңдан кандай айып таптың, эмне үчүн мага мырзам падышанын душмандары менен согушканы барууга болбосун?»

9 Акиш Дөөткө мындай деп жооп берди: «Ишен, сен мен үчүн Кудайдын периштесиндей жагымдуусуң, бирок Пелишти мырзалары: “Ал биз менен согушка барбасын”, – дешти.

10 Ошондуктан өзүң да, мырзаңдын өзүң менен кошо келген кулдары да эртең менен туруп, жарык киргенде жөнөгүлө».

11 Эртең менен Пелишти жерине кайтыш үчүн, Дөөт жана анын кишилери эрте турушту. Пелиштиликтер болсо согушка, Изрейелге кетишти.

30-БӨЛҮМ

Амалыктыктардын жеңилиши

1 Дөөт жана анын кишилери үчүнчү күнү Сыклакка келишсе, амалыктыктар Сыклакка түштүк тарабынан кол салып, аны басып алып өрттөп кетишиптир.

2 Аялдарды жана шаарда жашагандардын бардыгын, кичинесинен чоңуна чейин өлтүрбөстөн, туткундап, жолуна түшүшүптүр.

3 Дөөт өз кишилери менен шаарга келсе, шаар өрттөнүп, алардын аялдары, уулдары жана кыздары туткундалып кеткен экен.

4 Дөөт жана анын жанындагы эл боздоп ыйлады, алар ыйлаганга алы келбей калганча ыйлашты.

5 Дөөттүн эки аялы да – изрейелдик Акинаам жана мурда кармелдик Hабалдын аялы болгон Абигейил туткундалып кетиптир.

6 Дөөт абдан кыйналды, анткени эл аны таш бараңга алгысы келди. Анткени уулдары менен кыздарынан ажыраган эл кайгырып турган эле.

7 Бирок Дөөт өзүнүн Кудай-Теңиринен күч алды. Ал Акимелектин уулу Абыйатарга: «Мага эфодду алып кел», – деди. Абыйатар Дөөткө эфодду алып келди.

8 Дөөт Теңирге кайрылып: «Бул сансыз аскердин артынан түшөйүнбү? Аларды кууп жетемби?» – деп сурады. Ага: «Артынан түш, кууп жетесиң, туткундарды алып каласың», – деп айтылды.

9 Ошондо Дөөт өзү да, жанындагы алты жүз жигити да жөнөдү. Алар Бесор суусуна келишкенде, чарчап-чаалыккандары ошол жерде калышты.

10 Дөөт төрт жүз кишиси менен тигилердин артынан түштү. Эки жүз кишиси токтоп калды, анткени алар Бесор суусун кечип өтө алышкан жок.

11 Алар талаадан мисирлик бир кишини таап алып, Дөөткө алып келишти да, ага нан беришти, ал жеди, ага суу беришти.

12 Анжыр жемишинин таңгагынан бир бөлүк, эки таңгак мейиз беришти. Ал аны жеп, күчүнө кирди, анткени ал үч күн, үч түн нан да жебептир, суу да ичпептир.

13 Дөөт андан: «Сен кимдин кулусуң? Кайдан болосуң?» – деп сурады. Ал ага: «Мен мисирликмин, амалыктык бир кишинин кулумун, кожоюнум мени таштап кетти, анткени үч күндөн бери ооруп жатам.

14 Биз Керейтинин, Жүйүттүн жана Калептин түштүк жагынан басып кирдик, Сыклакты болсо өрттөп жибердик», – деп жооп берди.

15 Дөөт андан: «Ошол сансыз аскерге мени алып барасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «“Сени өлтүрбөйм, кожоюнуңдун колуна салып бербейм”, – деп, Кудай менен ант бер, ошондо мен сени ошол сансыз аскерге алып барам», – деп жооп берди.

16 Ошентип, ал Дөөттү алып барды. Амалыктыктар бүт өлкөгө чачырап, Пелишти менен Жүйүт жеринен алган чоң олжого тунуп, ичип-жеп тойлоп жатышкан экен.

17 Дөөт аларды иңирден баштап эртеси күндүн кечине чейин талкалады, төө минип качып кеткен төрт жүз уландан башка эч ким кутулган жок.

18 Дөөт амалыктыктар алгандын баарын тартып алды. Өзүнүн эки аялын да алып калды.

19 Амалыктыктар алып кеткендин эч нерсеси: кичинеси да, чоңу да, уулдары да, кыздары да, олжосу да жоголгон жок, Дөөт бардыгын кайра кайтарып алды.

20 Дөөт алардын бардык майда жана бодо малын алды. Аларды өздөрүнүн малынын алдына салып айдап алып: «Бул – Дөөттүн олжосу», – дешти.

21 Анан Дөөт өзүнүн артынан жүрө албай калган эки жүз кишиге келди. Аларды Дөөт Бесор суусунун боюна калтырган эле. Алар Дөөттү жана анын жанындагы кишилерди тосуп чыгышты. Дөөт ал кишилерге келип, алардын ал-жайын сурады.

22 Ошондо Дөөт менен баргандардын арасындагы жаман, начар кишилер мындай дешти: «Булар биз менен барбагандыгы үчүн, аларга өзүбүз тартып алган олжодон бербейбиз. Ар ким өз аялын, балдарын гана алсын да, кете берсин».

23 Бирок Дөөт аларга мындай деди: «Бир туугандарым, Теңир бергенден кийин, мындай кылбагыла. Ал бизди сактап, бизге каршы келген сансыз аскерди колубузга салып бербедиби.

24 Силердин бул сунушуңарды ким укмак эле? Согушка баргандардын үлүшү кандай болсо, арабалардын жанында калгандардын үлүшү да ошондой болушу керек, баарына тең бөлүнүшү керек», – деди.

25 Ошол күндөн баштап, Дөөт муну Ысрайыл элиндеги мыйзам жана милдет катары бекитти, ал ушул күнгө чейин сакталып келе жатат.

26 Анан Дөөт Сыклакка келип, Жүйүттүн аксакалдарына, досторуна: «Бул силерге Теңирдин душмандарынан тартылып алынган олжодон белек», – деп, олжодон жөнөттү.

27 Ал бейтелдегилерге, түштүк рамоттогуларга, жатирдегилерге,

28 аройердегилерге, сипмоттогуларга, эштемоадагыларга,

29 рахалдагыларга, Жерахмейел жана Кейни шаарларындагыларга,

30 хормадагыларга, хор-ашандагыларга, атахтагыларга,

31 хеброндогуларга жана Дөөт өз кишилери менен жүргөн бардык жерлерге жөнөттү.

31-БӨЛҮМ

Шабулдун жана анын уулдарынын өлүшү

1 Пелиштиликтер болсо ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайыл эркектери пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылышты.

2 Пелиштиликтер Шабулду жана анын уулдарын кууп жетип, Шабулдун уулдары Жонатанды, Аминадапты жана Малкишуаны өлтүрүштү.

3 Шабулга каршы согуш катаал болду, аны жаа аткычтар атышты, ал аткычтардан катуу жарадар болду.

4 Ошондо Шабул өзүнүн курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени сайып сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени өлтүрүп, маскара кылышат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени абдан коркуп турган эле. Ошондо Шабул өз кылычын алып, ага сайынып жыгылды.

5 Курал көтөргөн жигити Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына жыгылып, аны менен кошо өлдү.

6 Ошентип, ошол күнү Шабул, анын үч уулу жана курал көтөргөн жигити, ошондой эле бардык кишилери аны менен кошо өлүштү.

7 Өрөөн тарапта жана Иордан суусунун наркы өйүзүндө жашаган ысрайылдыктар Ысрайыл элинин качканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, өз шаарларын таштап качышты. Пелиштиликтер келип, алардын шаарларына отурукташып алышты.

8 Эртеси күнү пелиштиликтер Гилбоя тоосуна өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын үч уулунун өлүгүн табышты.

9 Алар Шабулдун башын кесип, куралын чечип алып, буркандарынын бутканаларына жана өздөрүнүн элине бул окуяны кабарлаш үчүн, Пелиштинин бүт жерине жөнөтүштү.

10 Анын куралын Ашейранын бутканасына коюшту, денесин Бейт-Шандын дубалына асып коюшту.

11 Пелиштиликтердин Шабулду эмне кылышканын Гилаттагы Жабештин тургундары угушту.

12 Ошондо бардык эр жүрөктөр туруп, түнү бою жол жүрүп келип, Шабулдун жана анын уулдарынын денелерин Бейт-Шандын дубалынан алып, Жабешке алып келип, ошол жерде өрттөп салышты.

13 Алардын сөөгүн алып, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү да, жети күн орозо кармашты.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz