Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЭКИНЧИ ШЕМУЕЛ КИТЕБИ

1-БӨЛҮМ

Дөөттүн Шабулдун өлгөнүн угушу

1 Шабул өлгөндөн кийин, Дөөт амалыктыктарды талкалап кайтты да, Сыклакта эки күн болду.

2 Үчүнчү күнү Шабулдун кошуунунан үстүндөгү кийими айрылган жана башы топурак болгон бир киши келди. Ал Дөөткө келип, жерге жыгылып, ага таазим этти.

3 Дөөт андан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Ал Дөөткө: «Мен Ысрайылдын кошуунунан качып келдим», – деп жооп берди.

4 Дөөт ага: «Эмне болду? Мага айтып бер», – деди. Ал: «Эл согуштан качты, элдин көбү жыгылды, өлүмгө дуушар болду, Шабул жана анын уулу Жонатан да өлдү», – деди.

5 Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Шабул менен анын уулу Жонатандын өлгөнүн сен кайдан билдиң?» – деп сурады.

6 Ага баяндап жаткан улан мындай деп жооп берди: «Мен кокусунан Гилбоя тоосуна барып калдым. Шабул өз найзасына кулады, арабалар жана атчан жоокерлер болсо ага жеткени калышкан эле.

7 Шабул артын карап, мени көрүп, өзүнө чакырды.

8 “Мына мен”, – дедим. Ал мага: “Сен кимсиң?” – деди. “Мен амалыктык болом”, – дедим.

9 Ошондо ал мага: “Мага жакын келип, мени өлтүр, анткени мен жаным чыкпай, кыйналып жатам”, – деди.

10 Мен жакын бардым да, аны өлтүрдүм, анткени анын жыгылган соң тирүү калбасын билдим. Анын башындагы таажысын, колундагы билеригин алдым да, аларды өз мырзама, бул жерге алып келдим».

11 Ошондо Дөөт өзүнүн кийимин кармап туруп айрып жиберди, жанында турган кишилер да ошондой кылышты.

12 Алар кылычтан өлгөн Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп, Теңирдин эли жана Ысрайыл тукуму үчүн боздоп ыйлап, кечке чейин орозо кармашты.

13 Дөөт айтып берип жаткан уландан: «Сен кайдансың?» – деп сурады. Ал: «Мен келгин амалыктыктын уулумун», – деп жооп берди.

14 Ошондо Дөөт ага мындай деди: «Кантип коркпой, Теңирдин майланганын өлтүрүүгө кол көтөрдүң?»

15 Анан Дөөт уландардын бирин чакырып: «Жакын келип, муну өлтүрүп сал», – деди. Улан аны өлтүрдү, ал өлдү.

16 Дөөт ага мындай деди: «Өз каның өз башыңда, анткени “Теңирдин майланганын өлтүрдүм” деп айткан сөзүң өзүңө каршы күбө болду».

Дөөттүн Шабул менен Жонатанды жоктоп ыйлашы

17 Дөөт Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлады.

18 Анан ал адилеттүүнүн китебинде жазылгандай, Жүйүт уулдарына «Жаа» ырын үйрөтүүнү буйрук берип, мындай деп айтты:

19 «О Ысрайыл, сенин сыймыгың бийиктиктериңде өлтүрүлдү! Күчтүүлөрүң кандай кулады!

20 Пелиштиликтердин кыздары кубанычка батпашы үчүн, сүннөткө отургузулбагандардын кыздары салтанат курбашы үчүн, Гатта айтпагыла, Ашкелондун көчөлөрүндө жарыя кылбагыла.

21 Гилбоя тоолору! Силерге шүүдүрүм түшпөсүн, жамгыр жаабасын, силерде жемиштүү талаа болбосун, анткени ошол жерде күчтүүлөрдүн калканы талкаланды, Шабулдун калканы зайтун майы менен майланбагансып талкаланды.

22 Жарадарлардын канысыз, күчтүүлөрдүн майысыз Жонатандын жаасы кайра артка кайтчу эмес, Шабулдун кылычы кынынан бекер суурулчу эмес.

23 Шабул менен Жонатан тирүү кезинде бири-бирин жакшы көрүшчү, ынтымактуу болчу, өлгөндө да ажырашпай бирге өлүштү. Алар бүркүттөрдөн учкул, арстандардан күчтүү жандар эле.

24 Ысрайыл кыздары! Силерге кочкул кызыл жана кооз кийим кийгизген, кийимиңерге алтын жасалгаларды тактырган Шабулду жоктоп ыйлагыла.

25 Күчтүүлөр майданда өлүштү! Сенин бийиктиктериңде Жонатан өлтүрүлдү.

26 Бир боорум Жонатан, сен үчүн аза күтөм. Сен мен үчүн абдан кымбат элең, сенин сүйүүң мен үчүн аялдын сүйүүсүнөн артык эле.

27 Күчтүүлөр кулады, согуш куралдары кыйрады!»

2-БӨЛҮМ

Жүйүт элинин Дөөттү падышачылыкка чакырышы

1 Ушундан кийин Дөөт Теңирден: «Жүйүт шаарларынын бирине барсам болобу?» – деп сурады. Теңир ага: «Баргын», – деди. Дөөт дагы: «Кайсынысына барайын?» – деп сурады. Ал: «Хебронго», – деп жооп берди.

2 Дөөт өзүнүн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил менен ошол жакка бет алды.

3 Дөөт өзүнүн жанындагы кишилерди, алардын ар биринин үй-бүлөсүн Хеброн шаарына отурукташтырды.

4 Ошондо Жүйүт эркектери келип, Дөөттү ошол жерде майлап, Жүйүт тукумуна падыша кылышты. Шабулду гилаттык Жабештин тургундары көргө коюшканын Дөөткө билдиришти.

5 Дөөт гилаттык Жабештин тургундарына элчилерди жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Мырзаңар Шабулга ушундай ырайым кылып, аны көргө койгонуңар үчүн Теңир силерге батасын берсин.

6 Ушул күндө Теңир силерге ырайымын жана ишенимдүүлүгүн көрсөтсүн. Ушундай кылганыңар үчүн мен да силерге жакшылык кылам.

7 Эми силер кайраттуу, бекем болгула. Мырзаңар Шабул өлдү, мени болсо жүйүттөр өздөрүнө падыша кылып майлашты».

Абенердин Ишпошетти он бир урууга падыша кылышы

8 Бирок Шабулдун аскер башчысы, Нейир уулу Абенер, Шабулдун уулу Ишпошетти алып, аны Маханайимге алып келди.

9 Ал аны Гилаттын, Ашурдун, Изрейелдин, Эпрайымдын, Бенжеминдин жана бүт Ысрайылдын үстүнөн падыша кылды.

10 Шабулдун уулу Ишпошет Ысрайылга падыша болгондо, кырк жашта эле, ал эки жыл падышачылык кылды. Жүйүттөр гана Дөөт менен калышты.

11 Дөөт Хеброндо жүйүттөргө бардыгы болуп жети жыл, алты ай падышачылык кылды.

12 Нейир уулу Абенер жана Шабул уулу Ишпошеттин кулдары Маханайимден чыгып, Гибонго келишти.

13 Серуянын уулу Жойап да Дөөттүн кулдары менен чыгып, Гибон көлмөсүнүн жанында жолугушту. Тигилер көлмөнүн аркы өйүзүнө, булар берки өйүзүнө жайгашышты.

14 Абенер Жойапка: «Жигиттер туруп, биздин алдыбызда тамаша курушсун», – деди. Жойап: «Болуптур, турушсун», – деди.

15 Ошондо Шабулдун уулу Ишпошет тараптан бенжеминдик он эки жигит, Дөөттүн кулдарынын ичинен он эки адам туруп барышты.

16 Алар бири-бирин баштан кармап, бири-бирин капталга кылыч менен сайып, бирге өлүштү. Ошондон улам Гибондогу бул жер Хелкат-Атсурим деп аталып калды.

17 Ошол күнү катуу кыргын болду. Абенер ысрайылдык кишилер менен бирге Дөөттүн кулдары тарабынан кыйроого учурады.

18 Ал жерде Серуянын үч уулу бар болчу: Жойап, Абышай жана Асаел. Асаел талаадагы жейрендей тез чуркачу.

19 Абенердин изинен оңго да, солго да бурулбай, Асаел Абенердин артынан кууду.

20 Абенер артына кылчайып карап: «Бул сенсиңби, Асаел?» – деп сурады. Тиги: «Менмин», – деди.

21 Абенер ага: «Оңго же солго бурулуп кет, уландардын арасынан бирөөнү тандап, анын куралын ал», – деди. Бирок Асаел андан калгысы келбеди.

22 Абенер Асаелге дагы бир жолу: «Кууганыңды токтот, болбосо сени жерге сулатып салам. Анан бир тууганың Жойапты кайсы бетим менен карайм?» – деди.

23 Бирок тиги калгысы келген жок. Ошондо Абенер найзанын арткы учу менен аны ичке урду. Найза анын ичин тешип өттү, ал ошол жерге жыгылып жан берди. Асаел жыгылып өлгөн жерден өткөндөрдүн баары токтоп өтүп жатышты.

24 Ошондо Жойап менен Абышай Абенердин артынан түшүштү. Алар Гибон чөлүнө кетчү жолдогу Гийахтын бет маңдайындагы Айма дөңсөөсүнө келгенде, күн батып калган.

25 Бенжеминдиктер Абенердин тегерегине бир топ болуп чогулуп, бир дөбөнүн чокусуна турушту.

26 Абенер Жойапка мындай деп кыйкырды: «Дайыма эле кылычтан кырыла беребизби? Же мунун акыры кайгы менен бүтөрүн билбейсиңби? “Бир туугандарыңардын артынан куубагыла”, – деп, элге качанкыга чейин айтпайсың?»

27 Жойап: «Кудай тирүү! Сен башкача сүйлөгөндө, алар өз бир туугандарынын артынан кууганын эртең менен эле токтотушмак», – деди.

28 Жойап сурнайын алып тартканда, элдин баары токтоп, ысрайылдыктарды андан ары куубай калышты, салгылаш токтоду.

29 Абенер болсо өз кишилери менен түзөң аркылуу түнү бою жүрүп отуруп, Иорданды кечип өтүп, Битронду аралап өтүп, Маханайимге келди.

30 Жойап Абенерди кууганын токтотуп, кайтып келди да, өз кишилерин чогултту. Дөөттүн кулдарынан Асаелден башка он тогуз адам кемигенин тактады.

31 Дөөттүн кулдары болсо бенжеминдиктер менен Абенердин кишилерин өлтүрүштү. Алардын үч жүз алтымыш кишиси өлдү.

32 Асаелди Бейт-Лехемдеги өз атасынын мүрзөсүнө алып барып коюшту. Жойап болсо өз кишилери менен түнү бою жол жүрүп, таңга маал Хебронго келди.

3-БӨЛҮМ

Дөөттүн Хеброндогу үй-бүлөсү

1 Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда узакка созулган чатак болду. Дөөт барган сайын күч алды, Шабулдун тукуму болсо барган сайын алсырады.

2 Хеброндо Дөөттүн уулдары төрөлдү. Анын тун уулу изрейелдик Акинаамдан төрөлгөн Амнон болчу.

3 Ал эми экинчи уулу – Килап, аны мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил төрөгөн, үчүнчүсү – Абышалом, аны Гешур падышасы Талмайдын кызы Мааха төрөгөн.

4 Төртүнчүсү – Кагыт төрөгөн уулу Адония, бешинчиси – Абытал төрөгөн уулу Шепатия.

5 Алтынчысы – Дөөттүн аялы Эгла төрөгөн Итраам. Булар Дөөттөн Хеброндо төрөлүштү.

6 Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда чатак болгондо, Абенер Шабулдун үйүн колдочу.

Абенердин Дөөт тарапка өтүшү

7 Шабулдун Риспа деген күң аялы бар болчу, ал Айанын кызы эле. Ишпошет Абенерге: «Сен эмне үчүн менин атамдын күң аялына жакындадың?» – деди.

8 Ишпошеттин сөзүнө Абенер абдан ачууланып, мындай деди: «Мен, эмне, Жүйүт итинин башымынбы? Мен Жүйүткө каршы туруп, атаң Шабулдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, досторуна ушул күнгө чейин жакшылык кылып келдим, сени Дөөттүн колуна салып берген жокмун, сен болсо мени ушул аял үчүн күнөөлөп жатасың.

9-10 “Шабулдун тукумунан падышачылыкты тартып алып, Дөөттү такка отургузам, ал Ысрайылдын жана Жүйүттүн үстүнөн, Дандан Бейер-Шебага чейин падышачылык кылат”, – деп, Теңирдин Дөөткө берген антын аткарбасам, Кудай Абенерди жазаласын, катуу жазаласын!».

11 Ишпошет Абенерге каршы сүйлөй алган жок, анткени андан коркчу.

12 Абенер өзүнөн Дөөткө элчилерди жиберип: «Бул кимдин жери? Мени менен келишим түз, Ысрайылдын бүт элин сага каратыш үчүн, менин колум сени менен болот», – деп айттырды.

13 Дөөт мындай деди: «Макул, мен сени менен келишим түзөм, бирок сенден бир нерсени талап кылам: мени менен көрүшкөнү келгенде, өзүң менен кошо Шабулдун кызы Михалды алып келбесең, менин жүзүмдү көрбөйсүң».

14 Дөөт Шабулдун уулу Ишпошетке элчилеринен: «Менин аялым Михалды бер, аны мен жүз пелиштиликтин сүннөтүн кескендигим үчүн алгам», – деп айттырып жиберди.

15 Ишпошет киши жиберип, күйөөсүнөн – Лаиштин уулу Палтиелден Михалды алдырды.

16 Күйөөсү ыйлап, аялынын артынан Бакуримге чейин ээрчип барды. Бирок Абенер ага: «Артыңа кайт», – деди. Ал артка кайтты.

17 Абенер Ысрайыл аксакалдарына мындай деп кайрылды: «Силер Дөөттүн өзүңөргө падыша болушун ушуга чейин каалап келгенсиңер.

18 Эми ишке ашыргыла, анткени Теңир Дөөткө: “Мен Өз кулум Дөөттүн колу менен Өз элим Ысрайылды пелиштиликтердин колунан, бардык душмандарынын колунан куткарам”, – деп айткан».

19 Бенжеминдиктерге да Абенер ушуну айтты. Ошентип, Абенер Ысрайылдын жана бүт Бенжемин уруусунун каалоосун Дөөткө айтып берүү үчүн, Хебронго жөнөдү.

20 Абенер өзүнүн жыйырма кишиси менен Дөөткө, Хебронго келди, Дөөт Абенердин жана анын жанындагы адамдардын урматына той өткөрдү.

21 Ошондо Абенер Дөөткө: «Мен барып, бүтүн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим түзүшөт, сен бардыгына өзүң каалагандай падышачылык кыласың», – деди. Дөөт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.

22 Ошондо Дөөттүн кулдары жана Жойап жортуулдан көп олжо менен келишти. Хеброндо, Дөөттүн жанында Абенер жок болчу, анткени Дөөт аны коё берген, ал тынчтык менен кеткен.

23 Жойап жана аны менен жүргөн бүт аскерлер келишкенде, Жойапка: «Падышага Нейир уулу Абенер келип кетти, падыша аны коё берди, ал тынчтык менен кетти», – деп айтышты.

24 Жойап падышага келип, мындай деди: «Сен эмне кылдың? Абенер сага келип кетиптир. Аны эмне үчүн коё бердиң, эмне үчүн кетирип жибердиң?

25 Нейир уулу Абенерди сен жакшы билесиң да. Ал сени алдаганы, киргениңди, чыкканыңды билгени, эмне кылып жатканыңдын баарын изилдеп билгени келген».

26 Анан Жойап Дөөттүн жанынан кетип, Абенердин артынан чабармандарды жиберди. Асир кудугуна жеткенде, аны артка кайттырышты. Бирок Дөөт муну билген жок.

Жойаптын Абенерди өлтүрүшү

27 Абенер Хебронго кайра келгенде, Жойап аны менен атайын жашыруун сүйлөшөм демиш болуп, аны короого киргизип, ичке сайып өлтүрдү. Ошентип, Абенер Жойаптын бир тууганы Асаелдин каны үчүн каза тапты.

28 Дөөт бул жөнүндө укканда, мындай деди: «Нейир уулу Абенердин каны үчүн Теңир алдында мен да, менин падышачылыгым да эч качан күнөөлүү эмес.

29 Анын каны үчүн Жойап жана анын атасынын бүт тукуму күнөөлүү болсун. Жойаптын тукумунан эрендиги аккандар, пес оорулуулар, таяк таянгандар, кылычтан өлгөндөр, нанга муктаж болгондор үзүлбөсүн».

30 Жойап менен Абышай Гибондогу салгылашта өздөрүнүн бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн Абенерди өлтүрүштү.

31 Дөөт Жойапка жана анын жанындагы кишилердин баарына: «Кийимиңерди айрыгыла да, зумбал кийип, Абенерди жоктоп ыйлагыла», – деди. Падыша Дөөт да сөөктүн артында бара жатты.

32 Хеброндо Абенерди көргө коюп жатышканда, Абенердин мүрзөсүнүн жанында падыша катуу ыйлады. Элдин баары ыйлады.

33 Падыша Абенерди жоктоп мындай деп ыйлады: «Абенер ушинтип жүзү карага окшоп өлөт беле?

34 Колуң байланган жок, бутуң кишенделген жок. Сен каракчылардын колунан өлгөндөй өлдүң». Ошондо элдин баары ыйлашты.

35 Эртеден кечке бүткүл эл Дөөткө тамак алып келип жатышты, бирок Дөөт: «Эгер мен күн батканга чейин нан же башка бир нерсе ооз тийсем, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп ант берди.

36 Падышанын кылган бардык иши бүт элге жаккандай эле, бул ишин да бүт эл жактырды.

37 Нейир уулу Абенерди падыша өлтүртпөгөнүн бардык эл жана бүт Ысрайыл ошол күнү билди.

38 Анан падыша өзүнүн кулдарына мындай деди: «Бүгүн Ысрайылда аскер башчы, улуу адам өлгөнүн билдиңерби?

39 Падышачылыкка майланганыма карабастан, мен азыр али алсызмын. Ал эми бул кишилер, Серуянын уулдары менден күчтүү. Теңир ушул жамандыкты кылган адамга кылган жамандыгына жараша тиешесин берсин».

4-БӨЛҮМ

Ишпошеттин өлтүрүлүшү

1 Хеброндо Абенердин өлгөнүн укканда, Шабулдун уулу Ишпошеттин ындыны өчтү, бүт Ысрайылдын үрөйү учту.

2 Шабулдун уулу Ишпошеттин эки аскер башчысы бар эле. Бирөөнүн аты – Баана, экинчисинин аты – Рейхап, алар – Ремондун уулдары, бейроттук Бенжеминдин тукумунан. Анткени Бейрот да Бенжеминге таандык болчу.

3 Бейроттуктар Гитайимге качып кетишип, ошол жерде келгин болуп жашап калышкан.

4 Шабулдун уулу Жонатандын аксак баласы бар эле. Изрейелден Шабул менен Жонатан жөнүндө кабар келгенде, баккан аял аны алып качканда, ал беште болчу. Аял шашып чуркап бара жатканда, бала жыгылып кетип, аксак болуп калган. Анын аты Мепибешет эле.

5 Бейроттук Ремондун уулдары Рейхап менен Баана күн ысыган маалда Ишпошеттин үйүнө келишти. Ал чак түштө төшөгүндө уктап жаткан.

6 Рейхап бир тууганы Баана менен буудай алганы келген болуп, үйдүн ичине киришти да, аны ичке сайып, качып кетишти.

7 Алар үйгө киришкенде, Ишпошет өзүнүн уктоочу бөлмөсүндөгү төшөгүндө жаткан. Алар аны сайып өлтүрүп, башын кесип алышты да, түнү бою чөл менен жол жүрүштү.

8 Ишпошеттин башын Дөөткө, Хебронго алып келишти да, падышага: «Бул – сени өлтүргүсү келген душманың Шабулдун уулу Ишпошеттин башы. Эми Теңир менин мырзам падыша үчүн Шабулдан жана анын тукумунан өч алды», – деп айтышты.

9 Ошондо Дөөт Рейхапка жана анын бир тууганы Баанага, бейроттук Ремондун уулдарына, мындай деди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткарган Теңир тирүү!

10 Мага “Шабул өлдү” деген кабарды айтып, өзүн жакшы кабарчы эсептеген адамга сыйлык бергендин ордуна аны кармап алып, Сыклакта өлтүргөм.

11 Эми күнөөсү жок адамды өз үйүндө, өз төшөгүндө жаткан жеринен өлтүргөн кара санатай кишилерди анын каны үчүн кантип жазалабай коёюн да, кантип жер үстүнөн жок кылбай коёюн?»

12 Дөөттүн буйругу боюнча кулдары аларды өлтүрүп, буту-колдорун кыя чабышты да, Хеброндогу көлмөнүн үстүнө илип коюшту. Ал эми Ишпошеттин башын Абенердин мүрзөсүнө, Хебронго алып барып коюшту.

5-БӨЛҮМ

Дөөттүн Ысрайылга падыша болушу

1 Ысрайылдын бардык уруулары Хебронго, Дөөткө келишти да, минтип айтышты: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

2 Шабул бизге падышачылык кылып турганда эле сен Ысрайылды баштап жүрчүсүң. Теңир сага: “Сен Менин элим Ысрайылды кайтарасың, Ысрайылдын жол башчысы болосуң”, – деп айткан».

3 Ысрайылдын бардык аксакалдары падышага, Хебронго келишти. Дөөт падыша Хеброндо, Теңирдин алдында алар менен келишим түздү. Ошондо алар Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

4 Дөөт падыша болгондо, отуз жашта эле. Ал кырк жыл падышачылык кылды.

5 Ал Хеброндо Жүйүткө жети жыл, алты ай падышачылык кылды, Ысрайыл менен Жүйүткө Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

Иерусалим – бириккен падышачылыктын борбору

6 Падыша өзүнүн кишилери менен Иерусалимге, ал жерде жашаган жебустуктарга каршы жөнөдү. Бирок алар Дөөткө мындай деп айтышты: «Сен бул жакка кирбейсиң. Сени сокурлар менен төкөрлөр кууп чыгышат». Бул «Дөөт бул жакка кире албайт» дегенди билдирет.

7 Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Кийин ал Дөөттүн шаары болуп калды.

8 Дөөт ошол күнү: «Жебустуктарды өлтүрүп жаткан адам төкөрлөрдү, сокурларды, Дөөттү жек көргөндөрдү найза менен кырсын», – деди. Ошондон улам «Теңирдин үйүнө сокур менен төкөр кирбейт» деп айтылып калган.

9 Дөөт сепилге жайгашты, аны Дөөттүн шаары деп атады, Милодон тартып айландыра курду жана ичин курду.

10 Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди, Себайот Кудай-Теңир аны менен болду.

11 Тир падышасы Хирам Дөөткө элчилерди, кедр жыгачтарын, жыгач усталарын, таш тизүүчү жумушчуларын жиберди. Алар Дөөткө үй куруп беришти.

12 Ысрайылга падыша кылып дайындаган, Өз эли Ысрайыл үчүн падышачылыгынын зоболосун көтөргөн Теңир экенин Дөөт түшүндү.

13 Дөөт Хеброндон Иерусалимге келгенден кийин, өзүнө дагы күң аялдарды жана аялдарды алды.

14 Дөөт дагы көп уулдуу жана кыздуу болду. Анын Иерусалимде төрөлгөн балдарынын аттары мындай: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

15 Жибхар, Элишуа, Непек, Жапия,

16 Элишама, Элийада, Элипелет.

Пелиштиликтер менен болгон согуш

17 Пелиштиликтер Дөөттүн Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, бардыгы Дөөттү издеп чыгышты. Дөөт муну угуп, сепилге кетти.

18 Пелиштиликтер келип, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

19 Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Мен пелиштиликтерге каршы барайынбы? Аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Баргын, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

20 Дөөт Баал-Ператсимге жөнөп, ал жерден аларды талкалады да: «Теңир менин алдымда душмандарымды сел алгандай кыйратты», – деди. Ошондон улам ал жерге Баал-Ператсим деген ат берилди.

21 Пелиштиликтер ошол жерге өздөрүнүн буркандарын таштап кетишкен эле. Дөөт болсо өз кишилери менен аларды алып кетти.

22 Пелиштиликтер кайра келишти да, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

23 Дөөт Теңирден сурады. Ал ага мындай деп жооп берди: «Алардын алдынан чыкпа, артынан, тыт токою жактан кир.

24 Тыт жыгачтарынын үстүнөн бирөөнүн басып келе жаткандай болгон дабышын угарың менен жөнө, анткени ошондо Теңир сенин алдыңда пелиштиликтердин аскерин талкалоого бара жаткан болот».

25 Теңир кандай буйруса, Дөөт ошондой кылды. Ал пелиштиликтерди талкалап, Гебадан Гезерге чейин кууп барды.

6-БӨЛҮМ

Дөөттүн Иерусалимге келишим сандыгын алып келиши

1 Дөөт кайрадан Ысрайылдын тандалган отуз миң адамын чогултту.

2 Дөөт туруп, өзүнүн бүт эли менен керуптардын ортосундагы Себайот Теңирдин ысымы менен аталган Кудайдын келишим сандыгын Жүйүттүн Баал жеринен көчүрүп келүү үчүн жөнөдү.

3 Алар Кудайдын келишим сандыгын жаңы арабага салып, адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып чыгышты. Аминадаптын уулдары Уза менен Ахио болсо жаңы арабаны айдап бара жатышты.

4 Ошентип, Кудайдын келишим сандыгы салынган арабаны адырдагы Аминадаптын үйүнөн алып жөнөштү. Ахио келишим сандыгынын алдында бара жатты.

5 Дөөт менен бүт Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кипарис жыгачынан жасалган ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойноп, лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп, жез табак кагып бара жатышты.

6 Нахондун кырманына жетишкенде, Уза колун сунуп, Кудайдын келишим сандыгын кармап калды, анткени аны өгүздөр солкулдатып жиберген эле.

7 Бирок Теңир Узага каарданып, аны коркпой батынгандыгы үчүн ошол жерден эле өлтүрүп салды, ал Кудайдын келишим сандыгынын жанында өлдү.

8 Теңир Узаны өлтүрүп салганы үчүн Дөөт кайгыга батты. Ошол жер азыркыга чейин «Уза өлгөн жер» деп аталат.

9 Ошол күнү Дөөт Теңирден коркуп: «Теңирдин келишим сандыгы меникине кантип кирет?» – деди.

10 Дөөт Теңирдин келишим сандыгын өзүнө, Дөөттүн шаарына алып барууну каалабай, гаттык Абет-Эдомдун үйүн көздөй алып жөнөдү.

11 Ошентип, Теңирдин келишим сандыгы гаттык Абет-Эдомдун үйүндө үч ай турду. Теңир Абет-Эдомго жана анын бүт үй-бүлөсүнө батасын берди.

Келишим сандыгын көчүрүп келүү

12 Дөөт падышага: «Кудайдын келишим сандыгы үчүн Теңир Абет-Эдомдун үй-бүлөсүнө жана анын бардык нерсесине батасын берди», – деп билдиришкенде, Дөөт барып, Кудайдын келишим сандыгын Абет-Эдомдун үйүнөн Дөөттүн шаарына салтанат менен көчүрүп келди.

13 Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп бара жаткандар алты кадам шилтеген сайын ал бир букачар, бир койду курмандыкка чалып жатты.

14 Дөөт Теңирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Дөөт зыгыр буласынан токулган эфод кийип жүргөн эле.

15 Ошентип, Дөөт менен бүт Ысрайыл эли Теңирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып көтөрүп келе жатышты.

16 Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Теңирдин алдында секирип, бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.

17 Алар Теңирдин келишим сандыгын алып келишип, өзүнүн ордуна, Дөөт ал үчүн курган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Дөөт Теңир алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды.

18 Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып бүткөндөн кийин, Себайот Теңирдин атынан элге бата берди.

19 Анан ал бардык элге, көп сандаган Ысрайыл элине, эркек дебей, аял дебей, бирден нан, бир кесимден куурулган эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты. Анан бардык эл өз үйлөрүнө тарады.

20 Дөөт өз үй-бүлөсүнө бата берүү үчүн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел өпкө адамдай болуп, өз күңдөрүнүн, кулдарынын көз алдында жылаңачтанган Ысрайыл падышасынын бүгүн кадыры укмуш артты го!» – деди.

21 Ошондо Дөөт Михалга мындай деди: «Теңирим мени сенин атаңдан, анын бүт тукумунан артык көрүп, Теңирдин эли Ысрайылга мени жол башчы кылып бекиткендиги үчүн Теңирдин алдында шаттанамын да бийлеймин.

22 Мен мындан да төмөн болуп, өзүмдү санда жок киши кылам, бирок сен айткан күң аялдардын алдында даңкка бөлөнөм».

23 Шабулдун кызы Михал өмүрү өткөнчө балалуу болгон жок.

7-БӨЛҮМ

Дөөттүн ийбадаткана куруу жөнүндөгү ою

1 Падыша өз үйүндө жашап жатты, Теңир анын айланасындагы бардык душмандарынан ага тынчтык берди.

2 Ошол учурда падыша Натан пайгамбарга мындай деди: «Мен кедр жыгачынан салынган үйдө жашап жатам, ал эми Кудайдын келишим сандыгы чатырдын астында турат».

3 Ошондо Натан падышага: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Теңир сени менен», – деди.

Кудайдын Дөөт менен келишим түзүшү

4 Бирок ошол эле түнү Натанга Теңирден мындай сөз болду:

5 «Баргын да, Менин кулум Дөөткө айт: “Теңир мындай деди де: "Мен жашай турган үйдү кура турган сенсиңби?

6 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мен үйдө жашаган жокмун, чатырда, жыйын чатырында жашап келдим.

7 Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: Эмне үчүн Мага кедрден үй куруп бербейсиңер? – деп айттым беле?"”

8 Азыр Менин кулум Дөөткө Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.

9 Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.

10 Мен Өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, мындан ары эч ким анын тынчын албайт,

11 Өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сени душмандарыңдан куткарып, тынчтык берем. Теңир сенин үйүңдү Өзү тургузарын сага кабарлайт.

12 Сенин күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.

13 Ал Менин ысымыма арнап үй тургузат, Мен анын падышачылык тагын түбөлүккө бекемдейм.

14 Мен ага ата болом, ал Мага уул болот. Эгерде ал күнөө кылса, Мен аны адамдардын таягы менен, адам баласынын соккулары менен жазалайм.

15 Бирок Мен сенин көз алдыңда четке каккан Шабулду Өз ырайымымдан ажыраткандай, аны Өз ырайымымдан ажыратпайм.

16 Менин алдымда сенин тукумуң жана падышачылыгың түбөлүккө бекем болот, тагың түбөлүккө турат”».

17 Ушул айтылган сөздөрдүн баарын, ушул көрүнүштүн баарын Натан Дөөткө айтып берди.

Дөөттүн сыйынуусу

18 Дөөт падыша барды да, Теңирдин алдында туруп, мындай деди: «Эгедер Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?

19 Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, Эгедер Теңирим, бирок Сен Өзүңдүн кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө да айттың. Эгедер Теңирим, бул адам үчүн кадыресе нерсе эмес!

20 Дөөт Сага дагы эмне деп айта алат? Эгедер Теңирим! Сен Өзүңдүн кулуңду билесиң.

21 Сен бул улуу нерсенин баарын Өз кулуңа ачып берип, Өзүңдүн сөзүң боюнча жана Өзүңдүн жүрөгүңдүн каалоосу боюнча ишке ашырып жатасың.

22 Сен улуусуң, Теңирим, Кудайым, анткени өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!

23 Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! Өзүңө эл кылып алыш үчүн, Өз ысымыңды даңкташ үчүн, Мисир жеринен алып чыккан Өз элиңдин алдында элдерди жана кудайларды кууп чыгып, улуу жана коркунучтуу иштерди кылыш үчүн, жалгыз ушул элге Өзүң келгенсиң!

24 Сен Өз элиң Ысрайылды Өзүңө менчик эл кылып түбөлүккө бекемдедиң, Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.

25 Эми Кудай-Теңир, Өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын тукуму жөнүндө айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, айтканыңды аткар.

26 “Себайот Теңир – Ысрайылдын Кудайы”, – деп, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңазалашсын. Сенин алдыңда Өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.

27 Сен, Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы, Өз кулуңа: “Сенин үйүңдү тургузам”, – деп айтканың үчүн кулуң Сага ушундай сыйынууга батынды.

28 Эгедер Теңирим! Сен Кудайсың, Сенин сөзүң чындык, Өзүңдүн кулуңа Сен ушундай жакшы нерсени билдирдиң!

29 Дайыма Сенин алдыңда болушу үчүн, ушул күндөн баштап, Өз кулуңдун тукумуна батаңды бер, анткени муну Эгедер Теңирим, Сен айттың, Сенин батаң менен Өз кулуңдун тукуму түбөлүккө баталуу болот».

8-БӨЛҮМ

Дөөттүн жеңиштери

1 Ушундан кийин Дөөт пелиштиликтерди жеңип, аларды багындырды. Дөөт пелиштиликтерден Метек-Ааманы тартып алды.

2 Мааптыктарды жеңип, аларды жерге жаткырып, аркан менен ченеди. Эки ченем аркандын астындагыларды өлтүрүү үчүн, ал эми бир ченем аркандын астындагыларды тирүү калтыруу үчүн ченеди. Ошентип, мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдарга айланышты.

3 Дөөт Эфрат дарыясынын боюна өзүнүн бийлигин калыбына келтирүү үчүн келе жаткан Соба падышасы, Рехоптун уулу Ададезердин аскерин талкалады.

4 Ал анын бир миң жети жүз атчан жоокерин жана жыйырма миң жөө адамын колго түшүрдү. Алардын майдан арабаларын тарткан аттарынын ичинен өзүнүн жүз арабасы үчүн ат калтырып, калган аттардын тарамыштарын кесип салды.

5 Сириянын Дамаск шаарынан Соба падышасы Ададезерге жардамга кишилер келишти, бирок Дөөт сириялыктардын да жыйырма эки миң адамын өлтүрдү.

6 Дөөт Сириянын Дамаск шаарына сакчыларын койду. Ошентип, сириялыктар да Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты. Дөөт кайда гана барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

7 Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.

8 Ал эми Ададезердин Бетак жана Бейрот шаарларынан Дөөт падыша абдан көп жез алды.

9 Дөөттүн Ададезердин бүт аскерин талкалаганын Хамат падышасы Той укту.

10 Той Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалагандыгы үчүн өзүнүн уулу Адорамды ага салам айтып куттуктоого жөнөттү, анткени Ададезер Той менен согуш жүргүзүп келген эле. Адорамдын колунда болсо күмүштөн, алтындан жана жезден жасалган идиштер бар эле.

11-12 Дөөт падыша өзү жеңген элдерден: сириялыктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан, Соба падышасы Рехоптун уулу Ададезерден тартып алган күмүш менен алтынды Теңирге арнагандай, ошол идиштерди да Теңирге арнады.

13 Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң сириялыкты талкалап келгенден кийин, Дөөттүн атагы чыкты.

14 Анан Дөөт Эдомго сакчыларын койду. Бүткүл Эдомго сакчыларын койду, бүткүл эдомдуктар Дөөткө кул болушту. Дөөт кайсы жерге барбасын, Теңир аны бардык жерде сактап жүрдү.

15 Ошентип, Дөөт бүт Ысрайылга падышачылык кылды. Ал өз элин адилеттүүлүк жана калыстык менен башкарды.

16 Серуянын уулу Жойап болсо аскер башчы болчу. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы эле.

17 Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Акимелек ыйык кызмат кылуучулар, Серая болсо катчы болчу.

18 Жойаттын уулу Беная болсо керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн башкаруучу, Дөөттүн уулдары падыша сарайында биринчи кызматчылар эле.

9-БӨЛҮМ

Дөөт менен Мепибешет

1 Дөөт: «Шабулдун тукумунан калдыбы? Жонатан үчүн ага жакшылык кылат элем», – деди.

2 Шабулдун үйүндө Сиба деген кулу бар болчу. Аны Дөөткө чакырып келишти, падыша андан: «Сиба деген сенсиңби?» – деп сурады. Ал: «Ооба, менмин, сенин кулуң», – деп жооп берди.

3 Падыша ага мындай деди: «Шабулдун тукумунан дагы ким бар? Мен ага Кудайдын ырайымын көрсөтөм». Сиба падышага: «Жонатандын аксак уулу бар», – деди.

4 Падыша андан: «Ал кайда?» – деп сурады. Сиба падышага: «Ал Амиелдин уулу Махирдин үйүндө, Ло-Дебарда», – деп жооп берди.

5 Дөөт падыша киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдин үйүнөн, Ло-Дебардан алдырды.

6 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дөөттүн алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылып таазим кылды. Дөөт: «Мепибешет!» – деди. Мепибешет: «Мына сенин кулуң», – деп жооп берди.

7 Дөөт ага: «Коркпо, мен сага сенин атаң Жонатан үчүн жакшылык кыламын. Атаң Шабулдун жерлеринин баарын сага кайрып берем, сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасың», – деди.

8 Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Сенин кулуң ким эле? Мендей өлгөн итке эмнеге көз кырыңды салдың?» – деди.

9 Анан падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып, мындай деди: «Шабулга жана анын тукумуна эмне тиешелүү болсо, ошонун баарын сенин мырзаңдын уулуна бердим.

10 Балдарың жана кулдарың менен анын жерин иштеткин, анын түшүмүн жыйна, мырзаңдын уулунун жээр азыгы болсун. Мырзаңдын уулу Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат». Сибанын он беш уулу жана жыйырма кулу бар эле.

11 Сиба падышага: «Мырзам падыша өз кулуна эмнени буйрук кылса, кулуң ошонун баарын аткарат», – деди. Падышанын балдарынын бириндей эле, Мепибешет Дөөттүн дасторконунан тамактанчу.

12 Мепибешеттин Миха деген жаш баласы бар эле. Сибанын үйүндө жашагандардын баары Мепибешеттин кулдары эле.

13 Мепибешет Иерусалимде жашады, анткени ал дайыма падышанын дасторконунан тамактанчу. Ал эки бутунан тең аксап басчу.

10-БӨЛҮМ

Сириялыктар жана амондуктар менен болгон согуш

1 Бир нече мезгил өткөндөн кийин Амон падышасы өлүп, анын ордуна уулу Ханун падыша болду.

2 Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, мен Нахаштын уулу Ханунга жакшылык кыламын», – деди. Дөөт Ханунга көңүл айтуу үчүн, өз кулдарын жиберди. Дөөттүн кулдары Амон жерине келишти.

3 Бирок Амон төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга мындай дешти: «Эмне, Дөөт сенин атаңды сыйлаганынан сага көңүл айтуучуларды жиберди деп ойлоп жатасыңбы? Дөөт сага өз кулдарын шаарды карап чыгууга, чалгындоого, андан соң талкалоого жиберип жүрбөсүн?»

4 Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын ар биринин сакалынын жарымын кырып, кийимдерин белинен ылдый кесип, коё берди.

5 Бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал алардын алдынан тосууга кишилерди жиберди, анткени алар маскара болушкан эле. Падыша аларга мындай деп айттырууну буйруду: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле».

6 Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Бейт-Рекоп менен Собадан сириялык жыйырма миң жөө аскер, Мааха падышасынан миң адам, Тобадан он эки миң адам жалдаганы кишилерди жиберишти.

7 Дөөт муну укканда, Жойапты эр жүрөк аскерлери менен жөнөттү.

8 Салгылашууга чыккан амондуктар дарбаза алдына тизилишти, ал эми Рехоп менен Собадан келген сириялыктар, Мааха менен Тобадан келген кишилер талаада турушту.

9 Жойап душмандын аскеринин алдынан да, артынан да өзүнө каршы коюлганын көрдү. Ошондо ал Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, сириялыктарга каршы катарга тургузду.

10 Ал эми элдин калган бөлүгүн өзүнүн бир тууганы Абышайга тапшырды, аларды ал амондуктарга каршы тизди.

11 Жойап мындай деди: «Эгер сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң; эгер амондуктар сени жеңе баштаса, мен сага жардамга келем.

12 Кайраттуу болгун, өз элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем туралы, Теңир болсо Өзүнө жакканды кылат».

13 Ошентип, Жойап жанындагы эл менен сириялыктарга каршы согушка кирди, сириялыктар андан качып жөнөштү.

14 Амондуктар болсо сириялыктардын качканын көргөндө, Абышайдан качып, шаарга бет алышты. Жойап амондуктардан кайтып, Иерусалимге келди.

15 Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көргөндө, баары бир жерге чогулду.

16 Ададезер суунун аркы өйүзүндөгү сириялыктарды чакырууга киши жиберди. Алар Хейламга келишти. Ададезердин аскер башчысы Шобак болсо аларга жетекчилик кылды.

17 Дөөткө бул жөнүндө билдиргенде, ал ысрайылдыктардын бардыгын жыйнап, Иордандан өтүп, Хейламга келди. Сириялыктар Дөөткө каршы тизилип, аны менен салгылашышты.

18 Бирок сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү. Дөөт сириялыктардын жети жүз майдан арабасы менен кырк миң атчан жоокерин жок кылды. Аскер башчы Шобакты да өлтүрдү, ал ошол жерде өлдү.

19 Ададезерге баш ийген бардык падышалар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшкөндө, алар менен тынчтык келишимин түзүп, багынып беришти. Ошондон кийин сириялыктар амондуктарга жардам берүүдөн коркуп калышты.

11-БӨЛҮМ

Дөөттүн күнөөсү

1 Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дөөт Жойапты өзүнүн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жөнөттү. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дөөт болсо Иерусалимде калган.

2 Бир күнү Дөөт кечке жуук төшөгүнөн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жүрүп, сууга түшүп жаткан бир аялды көрдү. Ал аял абдан сулуу эле.

3 Дөөт анын кайсы аял экенин билүүгө киши жиберди. Ага: «Ал – Элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты.

4 Дөөт аялды алып келүүгө кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял өзүнүн таза эместигинен тазаланды). Анан ал үйүнө кайтты.

5 Аялдын боюна бүттү. Ал Дөөткө киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды.

6 Дөөт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дөөткө жиберди.

7 Урий келгенде, Дөөт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жүрүшү тууралуу сурады.

8 Анан Дөөт Урийге: «Yйүңө барып, бутуңду жуу», – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди.

9 Бирок Урий өз мырзасынын кулдары менен падыша үйүнүн дарбазасынын жанында уктады, үйүнө барган жок.

10 Дөөткө: «Урий үйүнө барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дөөт Урийден: «Жол жүрүп келдиң. Эмне үчүн үйүңө барган жоксуң?» – деп сурады.

11 Урий Дөөткө: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жүйүт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жүрсө, мен үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин өмүрүң менен, сенин жаның менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди.

12 Дөөт Урийге: «Бүгүн да бул жерде кал, эртең мен сени коё берем», – деди. Ошентип, ошол күнү да, эртеси күнү да Урий Иерусалимде калды.

13 Дөөт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дөөт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен өз төшөгүнө жатканы кетти, үйүнө барган жок.

14 Эртең менен Дөөт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди.

15 Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эң катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, өлүмгө дуушар болушу үчүн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда өлсүн».

16 Ошон үчүн Жойап өзү курчап алган шаардын эр жүрөк адамдары турган жерге Урийди койду.

17 Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дөөттүн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да өлдү.

18 Жойап Дөөткө согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат бериш үчүн киши жөнөттү.

19 Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жүрүшүн айтып бүткөндө,

20 падыша ачууланып, сага: “Эмне үчүн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуңар? Силерди дубалдын үстүнөн атышарын билген жоксуңарбы?

21 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким өлтүрдү эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде өлбөдү беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыңар?” – деп айтса, сен: “Кулуң хеттик Урий да өлдү”, – де».

22 Чабарман Дөөткө келип, Жойап эмне үчүн жибергенин, согуштун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берди.

23 Ошондо чабарман Дөөткө мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык.

24 Ошондо жаа тарткычтар кулдарыңа дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан кээ бирөөлөрү өлүштү. Алардын ичинен кулуң хеттик Урий да өлдү».

25 Дөөт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш үчүн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту күчөтүп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер».

26 Урийдин аялы күйөөсү өлгөнүн угуп, күйөөсүн жоктоп ыйлады.

27 Аза күтүү убактысы бүткөндөн кийин, Дөөт киши жиберип, аны өз үйүнө алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул төрөп берди. Бирок Дөөттүн бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болчу.

12-БӨЛҮМ

Дөөттүн күнөөсүн мойнуна алып өкүнүшү

1 Теңир Натанды Дөөткө жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен.

2 Бай адамдын абдан көп майда жандыктары, бодо малы бар экен.

3 Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка эч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоңойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.

4 Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал өзүнүкүнө келген жолоочудан өз койлору менен өгүздөрүн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет».

5 Дөөт ошол адамга абдан кыжырданып, Натанга мындай деди: «Теңир тирүү! Муну кылган адам өлүмгө татыктуу.

6 Ал бул кылганы үчүн, таш боордугу үчүн козунун ордун төрт эсе төлөп берсин».

7 Ошондо Натан Дөөткө мындай деди: «Ошол киши сенсиң. Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам.

8 Сага мырзаңдын үйүн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жүйүт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын үстүнө дагы көп нерсени кошуп берет элем.

9 Теңирдин алдында жаман иш кылып, Анын сөзүн эмнеге барк алган жоксуң? Хеттик Урийди кылыч менен өлтүрдүң, анын аялын өзүңө аял кылып алдың, аны амондуктардын кылычы менен өлтүрдүң.

10 Мени барк албаганың үчүн, Урийдин аялын алып алганың үчүн, эми сенин тукумуңдан эч качан кылыч кетпейт”».

11 Теңир мындай дейт: «Мен сага өз тукумуң жамандык кылгыдай кылам, өзүңдүн көз алдыңда аялдарыңды алып, жакыныңа берем, ал сенин аялдарың менен ачык эле жатат.

12 Сен жашыруун жасадың, ал эми Мен муну бүткүл Ысрайыл алдында ачык жасайм».

13 Ошондо Дөөт Натанга: «Мен Теңирдин алдында күнөө кылдым», – деди. Натан Дөөткө: «Теңир күнөөңдү кечирди, сен өлбөйсүң.

14 Бирок ушул ишиң менен душмандарынын Теңирди жамандоосуна себепкер болгонуң үчүн, төрөлгөн балаң өлөт», – деди.

15 Анан Натан өз үйүнө кайтты. Теңир Урийдин аялы төрөгөн Дөөттүн баласына оору жиберди, ал ооруп калды.

16 Дөөт наристе үчүн Кудайга сыйынып, орозо кармап, өзүнчө бөлүнүп, жерге жатып түн өткөрдү.

17 Жаткан жеринен тургузууга өз уруусундагы аксакалдар киришти, бирок ал тургусу келген жок, алар менен тамактанган жок.

18 Жетинчи күнгө караган күнү бала өлдү, кулдары баланын өлгөнүн Дөөткө угузуудан коркушту, анткени алар: «Бала тирүү кезинде эле, биз ага айтканбыз, бирок ал бизди укпай койгон. Эми “Бала өлдү” деп кантип айтабыз? Ал өзүнө залал келтирип коёт», – дешти.

19 Дөөт кулдарынын бири-бири менен шыбырашып турганын көрүп, баланын өлгөнүн түшүндү да, алардан: «Бала өлдүбү?» – деп сурады. Алар: «Ооба, өлдү», – деп жооп беришти.

20 Ошондо Дөөт жерден туруп, жуунуп, майланып, кийимин которду да, Теңирдин үйүнө барып, Теңирге таазим кылды. Yйүнө кайтып, тамак сурады. Ага тамак алып келишти, ал жеди.

21 Ошондо кулдары андан: «Бала тирүүсүндө, сен орозо кармап ыйладың, ал эми бала өлгөндөн кийин туруп тамактандың. Муну кандай түшүнсө болот?» – деп сурашты.

22 Дөөт мындай деп жооп берди: «Бала тирүүсүндө мен орозо кармап ыйладым, анткени ким билет, балким, Теңир мага ырайым кылып, бала тирүү калабы деп ойлодум.

23 Эми ал өлдү. Эмнеге орозо кармамак элем? Эми мен аны кайра алып келе алмак белем? Мен ага барам, ал болсо мага кайрылып келбейт».

Сулаймандын төрөлүшү

24 Дөөт Бат-Шебаны сооротуп, аны менен жатты. Ал уул төрөп, атын Сулайман койду. Теңир Сулайманды сүйдү.

25 Теңир Натан пайгамбарды жиберди, ал Теңирдин сөзү боюнча наристеге Жедидия деген ат койду.

Дөөт менен Жойаптын Рабени басып алуусу

26 Жойап амондуктарга кол салып, падыша шаары Рабени басып алды.

27 Анан Жойап Дөөткө мындай деп айттырып жиберди: «Мен Рабеге кол салып, шаардын суусун ээлеп алдым.

28 Эми калган элди чогултуп, шаарды курчап, аны каратып ал, анткени аны мен алсам, анда ага менин атым коюлат».

29 Дөөт бүткүл элди чогултту да, барып, Рабеге кол салып, шаарды басып алды.

30 Дөөт алардын падышасынын башындагы таажысын алып, аны өз башына кийди. (Таажы бир талант алтындан, кымбат баалуу таштардан жасалган эле). Дөөт ал шаардан көп олжо алып чыкты.

31 Дөөт ал шаардын элин алып чыгып, араа, темир мала, темир балта менен иштетти, мешке кыш бышыртты. Амондуктардын бардык шаарларын ал ушундай кылды. Ошондон кийин Дөөт бүт эли менен Иерусалимге кайтып келди.

13-БӨЛҮМ

Амнондун кылмышы

1 Ошондон кийин мындай окуя болду: Дөөттүн уулу Абышаломдун Тамар деген сулуу карындашы бар эле. Дөөттүн уулу Амнон аны сүйүп калды.

2 Амнон карындашы Тамар үчүн аябай кайгыргандыктан, ооруп калды, анткени ал кыз эле, ага бир нерсе кылуу Амнон үчүн кыйын сезилчү.

3 Амнондун Жонадап деген абдан айлакер досу бар болчу. Ал Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу эле.

4 Ал Амнондон: «Күн өткөн сайын эмнеге арыктап бара жатасың, канзаада, мага ачык айта алар бекенсиң?» – деп сурады. Амнон: «Аталаш агам Абышаломдун карындашы Тамарды сүйүп калдым», – деп жооп берди.

5 Жонадап ага мындай деди: «Төшөгүңө жатып, оорумуш болуп кал. Атаң сени көргөнү келгенде: “Карындашым Тамар келип, мага тамак берсин. Ал менин көзүмчө тамак жасасын, мен көрүп турайын, анын колунан тамак жейин”, – деп айт».

6 Ошентип, Амнон жатып, оорумуш болуп калды. Ошондо падыша аны көргөнү келди. Амнон падышага мындай деди: «Карындашым Тамар келсин, менин көзүмчө бир-эки нан бышырып берсин, мен анын колунан нан жейин».

7 Дөөт Тамардын үйүнө: «Бир тууганың Амнондун үйүнө барып, ага тамак жасап бер», – деп айттырып жиберди.

8 Тамар агасы Амнондукуна барды. Ал төшөктө жаткан. Ал ун алып, камыр жууруп, анын көзүнчө даярдап, нан бышырды.

9 Табаны алып, анын алдына койду, бирок ал жегиси келбеди. Амнон: «Yйдөгүлөрдүн баары чыгып кетсин», – деди. Баары чыгып кетти.

10 Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты үйдүн ички бөлмөсүнө алып бар, мен аны сенин колуңдан жейин», – деди. Тамар бышырган нанын агасы Амнондун ички бөлмөсүнө алып барды.

11 Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: «Кел, карындашым, мени менен жат», – деди.

12 Бирок кыз мындай деди: «Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтүү ишти кыла көрбө.

13 Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен өзүң да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуң. Падыша менен сүйлөш, ал каршы болбойт, мени сага берет».

14 Бирок ал анын сөзүн уккусу келген жок, күчкө салып зордуктап, аны менен жатты.

15 Анан Амнон аны абдан жек көрүп калды, ошол жек көрүүсү ага болгон сүйүүсүнөн да күчтүү болду. Анан Амнон ага: «Тур да, кет», – деди.

16 Тамар: «Жок, мени кубалап чыкканың биринчи жасаган ишиңден да жаман», – деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок.

17 Ал өзүнө кызмат кылган уланды чакырып: «Муну сыртка кууп чыгып, эшикти бекитип кой», – деди.

18 Кыздын кийими түрдүү түстүү эле, анткени мындай кийимди падышанын турмушка чыга элек кыздары кийишчү. Жаш улан аны сыртка кууп чыгып, артынан эшикти бекитти.

19 Тамар башына күл чачып, кийип жүргөн түрдүү түстөгү кийимин айрып, башын мыкчыган бойдон буркурап ыйлап бара жатты.

20 Агасы Абышалом карындашы Тамардан мындай деп сурады: «Сени менен болгон бир тууганың Амнон эмеспи? Бирок азыр унчукпа, карындашым, ал сенин бир тууганың, бул үчүн кайгырба». Тамар агасы Абышаломдун үйүндө жалгыз жашады.

21 Бул тууралуу Дөөт падыша угуп, абдан ачууланды.

22 Абышалом Амнон менен жаман-жакшы айтышкан жок, бирок карындашы Тамардын абийирин булгагандыктан, Амнонду жек көрүп калды.

Абышаломдун өч алуусу

23 Эки жылдан кийин Эпрайым тоосунда, Баал-Хатсордо Абышаломдун кой кыркыны болуп, Абышалом падышанын бүт уулдарын чакырды.

24 Абышалом падышага келип: «Бүгүн сенин кулуңдун кою кыркылып жатат, ошондуктан падыша жана анын кулдары кулуң менен барышсын», – деди.

25 Бирок падыша Абышаломго: «Жок, уулум, сага оордук келтирип, баарыбыз барбай эле коёлу», – деди. Абышалом өтө жалбарып суранды, бирок ал баргысы келген жок, ага батасын берди.

26 Абышалом ага: «Жок дегенде, биз менен бир тууганым Амнон барсын», – деди. Падыша: «Ал эмнеге сени менен бармак эле?» – деди.

27 Бирок Абышалом аны жалынып-жалбарып жатып көндүрдү, падыша Амнонду жана өзүнүн бардык уулдарын ага кошуп жиберди.

28 Абышалом болсо өзүнүн кулдарына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, көңүлү көтөрүлө баштаганда, мен силерге: “Амнонду өлтүргүлө!” – дейм, ошондо аны өлтүргүлө, коркпогула. Бул менин буйругум, чечкиндүү, эр жүрөк болгула», – деп буйруду.

29 Абышалом буйругандай, Абышаломдун кулдары Амнонду өлтүрүштү. Ошондо падышанын уулдарынын баары туруп, ар кимиси өз качырына минип, качып кетти.

30 Алар жолдо келе жатышканда эле, Дөөткө “Абышалом падышанын бардык уулдарын өлтүрдү, алардан эч ким тирүү калган жок” деген кабар жетти.

31 Падыша туруп, өз кийимин айрып, жерге кулады, анын алдындагы кулдары да өз кийимдерин айрышты.

32 Бирок Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу Жонадап мындай деди: «Мырзам падышанын уулдары, бардык уландары өлтүрүлдү деп ойлобосун, бир гана Амнон өлдү, анткени Амнон анын карындашынын абийирин булгаган күндөн баштап, Абышаломдун ойлогон ою ушундай болчу.

33 Ошондуктан мырзам падыша уулдарымдын баары өлдү деп ойлоп тынчсызданбасын. Бир гана Амнон өлдү».

34 Абышалом качып кетти. Кароолдо турган улан башын көтөрүп, тоонун боорундагы жол менен келе жаткан көп кишини көрдү.

35 Ошондо Жонадап падышага: «Мына, кулуң айткандай болуп чыкты, падышанын уулдары келе жатышат», – деди.

36 Тигил ушинтип айтары менен, падышанын уулдары келип, өкүрүп ыйлашты. Падыша да, кулдары да боздоп ыйлашты.

37 Абышалом болсо Гешур падышасы, Амийут уулу Талмайга качып барды. Дөөт өзүнүн уулу үчүн күн сайын ыйлап жүрдү.

38 Абышалом Гешурга качып барып, ошол жерде үч жыл болду.

39 Дөөт падыша Абышаломдун артынан түшкөн жок, анткени Амнондун өлгөнүн унутуп, сооронуп калган эле.

14-БӨЛҮМ

Жойаптын Абышаломго болушканы

1 Серуянын уулу Жойап Дөөт падышанын оюнун баары Абышалом экенин билди.

2 Жойап Текояга киши жиберип, ал жерден акылдуу аялды алдырып, ага мындай деди: «Кайгырып жаткан аялдай болуп, кара кий, зайтун майын сүйкөнбө. Көп күн аза күткөн аялдай болуп,

3 падышага бар да, ага мындай деп айт». Жойап ага эмнени айтуу керек экендигин үйрөттү.

4 Текоялык аял падышага кирип, жүзтөмөндөп жерге жыгылып, таазим этти да: «Жардам кыл, падыша!» – деди.

5 «Сага эмне керек?» – деди падыша. Аял: «Мен жесирмин, күйөөм өлүп калган.

6 Сенин күңүңдүн эки уулу бар эле. Алар талаада чатакташа кетип, ажыраткан эч ким жок, бирөө экинчисин өлтүрүп салды.

7 Ошондо бардык туугандар күңүңө каршы чыгып: “Өз бир тууганын өлтүргөн балаңды бизге бер, бир тууганынын жаны үчүн биз аны мурасчы экенине карабай өлтүрөбүз”, – деп жатышат. Эми алар менин калган отумду өчүрүшөт, күйөөмдүн атын жер үстүнөн өчүрүп, тукумун калтырышпайт», – деди.

8 Падыша аялга: «Yйүңө бара бер, мен сен жөнүндө буйрук берем», – деди.

9 Бирок текоялык аял падышага: «Мырзам падыша, күнөө менде жана менин атамдын тукумунда болсун, ал эми падыша жана анын тактысы күнөөлүү эмес», – деди.

10 Падыша: «Сага ким каршы болсо, аны мага алып кел, ал сага мындан ары тийбейт», – деди.

11 Аял: «Кудай-Теңириңди эсиңе ал, падыша, кан куугандар көбөйүп, уулумду өлтүрүп салышпасын», – деди. Падыша ага: «Теңир тирүү! Уулуңдун бир тал чачы да жерге түшпөйт», – деди.

12 Аял: «Күңүңдүн мырзам падышага дагы бир сөз айтуусуна уруксат эт», – деди.

13 Ал: «Айт», – деди. Аял мындай деди: «Сен эмне үчүн Кудайдын элине каршы ушундай кылууну ойлодуң? Падыша ушул сөздү айтуу менен өзүн өзү айыптуу кылды, анткени куугунтукталган кишисин кайрып келбей жатат.

14 Биз өлөбүз, жерге төгүлгөндө, кайра куюп алууга мүмкүн эмес болгон суу сыяктуубуз. Бирок Кудай жанды өлүмгө кыюуну каалабайт, четке кагылган адамды да Өзүнөн четке какпоонун жолун ойлойт.

15 Мен азыр ушул сөздү мырзам падышага айтканы келдим, себеби эл мени коркутуп жатат. Мен, сенин күңүң, мындай деп ойлодум: “Падыша менен сүйлөшөйүн, балким, күңүнүн сөзүнө макул болор.

16 Падыша кулак салып, Кудайдын мурасынын ичинен уулум экөөбүздү жок кылгысы келгендердин колунан күңүн куткарар”.

17 Мырзам падышанын сөзү мага сооронуч болсун, анткени мырзам падыша Кудайдын периштесиндей эле жаман-жакшыны айырмалай билет. Кудай-Теңириң сени менен болсун».

18 Падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, менден жашырбагын», – деди. Аял: «Айт, мырзам падыша», – деп жооп берди.

19 Падыша: «Ушунун баарын сага Жойап айттырып жаткан жокпу?» – деди. Аял мындай деп жооп берди: «Сенин жаның жашасын, мырзам падыша. Мырзам падыша айткан сөздөн оңго да, солго да бурулганга болбойт. Чын эле, мага кулуң Жойап буйруган, күңүңдүн оозуна ушул сөздүн баарын ошол салган.

20 Бул ишти башкача жол менен айтууну мага кулуң Жойап үйрөттү, бирок менин мырзам Кудайдын периштесиндей акылдуу, жер үстүндө эмне болуп жатканынын баарын билет».

Дөөттүн Абышаломду кечириши

21 Падыша Жойапка: «Мен сен айткандай кылдым. Барып, менин балам Абышаломду алып кел», – деди.

22 Ошондо Жойап жүзтөмөндөп жыгылып, таазим кылып, батасын берди да: «Мырзам падыша, кулуң сенин алдыңда ырайым тапканын, кулунун сөзүн падыша аткарганын азыр билди», – деди.

23 Жойап туруп, Гешурга барып, Абышаломду Иерусалимге алып келди.

24 Падыша: «Ал өз үйүнө кайтсын, бирок менин жүзүмдү көрбөйт», – деди. Абышалом өз үйүнө кетти, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

25 Ысрайылда келишимдүүлүгү менен оозго алынган Абышаломдой эркек жок эле. Ал таманынан башына чейин кемчиликсиз болчу.

26 Ал чачын алдырганда (ал жыл сайын чачын алдырчу, себеби чачы оор болуп кетчү), салмагы падышачылык өлчөм менен эки жүз шекел болчу.

27 Абышалом үч уулдуу, Тамар деген бир кыздуу болду. Тамар сулуу аял эле.

28 Абышалом Иерусалимде эки жыл жашады, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.

29 Абышалом Жойапты падышага жиберүү үчүн, ага киши жөнөттү, бирок Жойап ага келүүнү каалаган жок. Дагы бир жолу жөнөттү, бирок ал келгиси келген жок.

30 Ошондо Абышалом өзүнүн кулдарына: «Жойаптын жери менин жеримдин жанында экенин билесиңер. Ошол жерде анын арпасы бар эмеспи. Баргыла да, өрттөп жибергиле», – деди. Абышаломдун кулдары Жойаптын жерин өрттөп жиберишти.

31 Жойап туруп, Абышаломдун үйүнө келди да, ага: «Эмне үчүн сенин кулдарың менин жеримди өрттөп жиберишти?» – деди.

32 Абышалом Жойапка мындай деди: «Падышага: “Гешурдан эмнеге келдим? Ошол жерде калганым артык эмес беле! Падышанын жүзүн көргүм келет. Эгерде мен күнөөлүү болсом, анда мени өлтүрүп сал”, – деп айттырыш үчүн, мен сени чакыртканы киши жибергем».

33 Жойап падышага барып, ушул сөздөрдү айтып берди. Падыша Абышаломду чакырды. Ал келип, падышанын алдына жүзтөмөндөп жыгылды. Падыша Абышаломдун жүзүнөн сүйдү.

15-БӨЛҮМ

Абышаломдун он уруунун колдооруна ишениши

1 Ошондон кийин Абышалом өзүнө аттарды, майдан арабаларды жана элүү жөө күлүк топтоду.

2 Абышалом эртең менен эрте туруп, жол боюндагы дарбазанын жанында туруп алып, кимдир бирөө арыз-муңун айтканы падышага, сотко бара жатса, аны өзүнө чакырып: «Кайсы шаардансың?» – деп сурачу. Тиги: «Кулуң Ысрайылдын баланча деген уруусунан», – деп жооп бергенде,

3 Абышалом ага: «Сенин ишиң жакшы, адилеттүү экен, бирок падышанын сени уга турган эч кимиси жок», – дечү.

4 Абышалом: «Оо, мени бул жерге башкаруучу кылганда, талаш-тартышы, арыз-муңу барлардын баары мага келмек, аларга мен адилет өкүм чыгармакмын», – деп айтчу.

5 Кимдир бирөө анын жанына келип, таазим кылмакчы болгондо, ал колун сунуп, аны кучактап өпчү.

6 Падышага даттанып келген ар бир ысрайылдыкка ушундай мамиле кылып, Абышалом акырындап ысрайылдыктардын ишенимине кире берди.

Абышаломдун Дөөткө каршы чыгышы

7 Кырк жылдан кийин, Абышалом падышага мындай деди: «Мен Хебронго барып, Теңирге берген убадамды аткарайын.

8 Анткени мен, кулуң, Гешурда, Сирияда жашап турганда, мындай деп убада бергем: “Эгер Теңир мени Иерусалимге кайтарса, анда мен Теңирге курмандык чалам”».

9 Падыша ага: «Тынчтык менен баргын», – деди. Ал туруп, Хебронго бет алды.

10 Абышалом Ысрайылдын бүт урууларына чалгынчыларын жөнөтүп жатып, мындай деди: «Силер сурнай үнүн укканда: “Абышалом Хебронго падыша болду”, – дегиле».

11 Абышалом чакырган эки жүз киши эч жаман ойлобой, иштин чоо-жайын билбей эле Иерусалимден Абышалом менен бирге жөнөдү.

12 Курмандык чалуу убагында Абышалом Дөөттүн кеңешчиси, гилолук Акитопелди Гило шаарынан киши жиберип чакыртты. Дөөткө каршы чоң козголоң уюштурулуп, Абышаломдун жанына чогулгандар көбөйө берди.

Дөөттүн качышы

13 Дөөткө кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти», – деди.

14 Дөөт өзүнүн Иерусалимдеги бүт кулдарына: «Тургула, качалы, анткени Абышалом бизди соо койбойт, тездегиле. Ал бизди кууп жетип, кармап алып, шаарыбыздын элин кылычтап кырып, башыбызга мүшкүл түшүрбөсүн», – деди.

15 Падышанын кулдары падышага: «Мырзабыз падыша эмне десе, кулдарың ошону кылууга даяр», – дешти.

16 Падыша бүт үй-бүлөсү менен жөө чыкты. Yйдү кайтарганга падыша өзүнүн он күң аялын калтырды.

17 Падыша менен кошо жөө чыккан эл Бейт-Амеркакка келип, ошол жерге токтоду.

18 Анын бардык кулдары жанында бара жатышты, бардык керейликтер, пелейликтер, аны менен бирге Гаттан келген алты жүз киши – гаттыктар падышанын алдында бара жатышты.

19 Падыша гаттык Итайга мындай деди: «Эмнеге сен да биз менен бара жатасың? Кайткын да, тиги падыша менен кал, анткени сен бөтөн жерликсиң, бул жерде сен келгинсиң.

20 Сен кечээ эле келсең, бүгүн мен сени биз менен кетүүгө зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыңды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!»

21 Итай падышага: «Теңир тирүү, мырзам падыша жашасын. Өлсө да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуң да сени менен ошол жерде болот», – деп жооп берди.

22 Дөөт Итайга: «Болуптур, мени менен бирге жүр», – деди. Ошентип, гаттык Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары бирге жөнөштү.

23 Ошондо бүт өлкө боздоп ыйлады. Эл менен падыша Кидрон суусун кечип өттү. Бүт эл чөлгө кеткен жолго түштү.

24 Садок менен бардык лебилер Бетарадан Кудайдын келишим сандыгын көтөрүп келишип, аны жерге коюшту. Бүт эл шаардан чыгып кеткиче, Абыйатар бийик жерде турду.

25 Падыша Садокко мындай деди: «Кудайдын келишим сандыгын шаарга кайра алып бар. Эгер Теңирдин алдында ырайым тапсам, анда Ал мени кайра алып келет, аны да, анын турак жайын да көрсөтөт.

26 Эгерде Теңир: “Мен сага ырайым кылбайм”, – десе, анда мен мына! Ал мага Өз каалаганындай кылсын».

27 Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокко мындай деди: «Өзүң көрүп турбайсыңбы, тынчтык менен кайра шаарга кайт. Сен өзүңдүн уулуң Акимаасты, Абыйатар өзүнүн уулу Жонатанды алып, шаарга кеткиле.

28 Силерден мага кабар келгиче, мен чөл түздүгүндө кармала турам».

29 Ошондо Садок менен Абыйатар Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге кайра алып барышты да, ошол жерде калышты.

30 Дөөт болсо Зайтун тоосуна ыйлап чыгып бара жатты. Башын жаап алып, жылаңайлак кетип бара жаткан эле. Аны менен кошо бара жаткан эл да башын жаап алып, ыйлап бара жатты.

31 Дөөткө: «Акитопел да Абышалом менен бирге кастык уюштургандардын ичинде экен», – деп кабарлашты. Дөөт: «Оо Теңирим! Акитопелдин кеңешин буза көр», – деди.

32 Дөөт тоонун чокусуна, Кудайга табынуучу жайга чыкканда, бет алдынан архилик досу Хушай чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак экен.

33 Дөөт ага мындай деди: «Эгер сен мени менен бара турган болсоң, мен үчүн оор болот.

34 Тескерисинче, шаарга кайтып, Абышаломго: “Падыша, мен сенин кулуңмун. Буга чейин сенин атаңдын кулу болчумун, азыр болсо сенин кулуңмун”, – десең, ошондо мен үчүн Акитопелдин кеңешин бузасың.

35 Ал жерде ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатар сени менен болот, падышанын үйүнөн уккан сөздөрдү аларга айтып тур.

36 Ал жерде алардын эки уулу бар: Садоктун уулу Акимаас, Абыйатардын уулу Жонатан. Укканыңардын баарын ошолор аркылуу мага билдиргиле».

37 Ошондо Дөөттүн досу Хушай шаарга келди. Ошол кезде Абышалом Иерусалимге кирүүгө даярданып жаткан эле.

16-БӨЛҮМ

Мепибешеттин кулунун калп айтышы

1 Дөөт тоонун чокусунан бир аз ылдый түшкөндө, эки эшекке эки жүз нан, жүз таңгак мейиз, жүз таңгак анжыр, бир чанач шарап артып алган Мепибешеттин кулу Сиба жолукту.

2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» – деп сурады. Сиба: «Эшектер падышанын үй-бүлөсү мингенге, нан менен жемиштер жаш уландарга, ал эми шарап чөлдө алсырап калгандарга», – деп жооп берди.

3 Падыша: «Мырзаңдын уулу кайда?» – деп сурады. Сиба падышага мындай деп жооп берди: «Ал Иерусалимде калды. Анткени ал: “Эми Ысрайыл тукуму мага атамдын падышачылыгын кайтарып берет”, – деп айтып жатат».

4 Ошондо падыша Сибага: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун», – деди. Сиба таазим этип: «Мырзам падышанын алдында ырайым тапсам экен!» – деп жооп берди.

Шемейдин падышаны тилдеши

5 Дөөт падыша Бакуримге жеткенде, Шабулдун тукумунан Гейранын уулу Шемей деген бир киши чыкты. Ал Дөөттү тилдеп келе жатты.

6 Ал Дөөткө, Дөөт падышанын бүт кулдарына таш ыргытып келе жатты. Бардык эр жүрөк кишилер падышанын оң жана сол жагында эле.

7 Шемей аны: «Жүзү кара, киши өлтүргүч, жогол, бул жерден кет.

8 Теңир Шабулдун тукумунун каны үчүн сени жазалап жатат, сен анын ордуна падыша болгонсуң. Бирок Теңир падышачылыкты уулуң Абышаломдун колуна берди. Мына, сенин башыңа мүшкүл түштү, анткени сен канкорсуң», – деп тилдеди.

9 Ошондо Серуянын уулу Абышай падышага: «Мырзам падышаны мына бул өлгөн ит эмнеге тилдеп жатат? Мен барып, анын башын аламын», – деди.

10 Падыша мындай деди: «Серуянын уулдары, мен эмне кыла алмак элем да, силер эмне кыла алмак элеңер? Мейли, тилдей берсин, анткени Дөөттү тилде деп, ага Теңир буйруган. “Сен эмнеге ушундай кылып жатасың?” – деп, ага ким айта алат?»

11 Дөөт Абышайга жана өз кулдарына дагы мындай деди: «Өзүмдөн чыккан уулум мени өлтүргүсү келип жатса, Бенжеминдин уулу андан бетер кылбайбы. Жайына койгула, тилдей берсин, анткени ага Теңир буйруган.

12 Балким, Теңир басынтылганыма назар салар, ал бүгүн мага тил тийгизгени үчүн Теңир мага жакшылык кылар».

13 Дөөт өз кишилери менен, өз жолу менен кете берди, Шемей болсо тилдеп, ага таш ыргытып, топурак чачып, тоонун капталында бара жатты.

14 Падыша жана анын жанындагы алсыраган бүт эл ошол жерге келип эс алды.

15 Абышалом болсо бүт Ысрайыл эли менен Иерусалимге келди, аны менен Акитопел да келди.

16 Дөөттүн архилик досу Хушай Абышаломго келип: «Жашасын падыша, жашасын падыша!» – деди.

17 Абышалом Хушайга: «Досуңа кылган жакшылыгың ушулбу! Эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» – деди.

18 Хушай Абышаломго мындай деди: «Жок, Теңир жана бул эл, бүт Ысрайыл, кимди тандаса, мен ошону менен болом, ошону менен калам.

19 Анын уулуна кызмат кылбаганда, кимге кызмат кылам? Сенин атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам».

20 Ошондо Абышалом Акитопелге кайрылып: «Эмне кылалы, кеңеш бер», – деди.

21 Акитопел Абышаломго: «Атаңдын үй кайтартып койгон күң аялдарына кир, ошондо бүт ысрайылдыктар атаңа жек көрүндү болуп калганыңды угушат, сени менен болгондор да күч алат», – деди.

22 Ошондо Абышалом үчүн үйдүн төбөсүнө чатыр тигишти. Бүт ысрайылдыктардын көзүнчө Абышалом атасынын күң аялдарына кирди.

23 Ошол учурда Акитопелдин берген кеңештери Кудайдын берген кеңештериндей эсептелчү. Акитопелдин ар бир кеңеши Дөөт үчүн кандай болсо, Абышалом үчүн да ошондой эле.

17-БӨЛҮМ

Акитопелдин айла-амалдарынын ишке ашпай калышы жана анын уят болуп өлүшү

1 Акитопел Абышаломго мындай деди: «Мен он эки миң киши тандап алып, ушул түнү Дөөттүн артынан түшөйүн.

2 Ал чарчап-чаалыгып, алсырап калганда, мен ага кол салып коркутам. Анын жанындагы элдин баары туш тарапка качып кетет, ошондо мен жалгыз падышаны өлтүрөм,

3 бардык адамдарды сага каратам. Сен өлтүрө турган адам жок болгондон кийин, бүт элге тынчтык болот».

4 Бул сөз Абышаломго жана Ысрайылдын бүт аксакалдарына жакты.

5 Бирок Абышалом: «Архилик Хушайды чакыргыла. Ал эмне дейт экен, угалы», – деди.

6 Хушай Абышаломго келди, ошондо Абышалом ага: «Акитопел ушундай деди, анын сөзү боюнча кылалыбы? Эгер антпейбиз десең, анда айт», – деди.

7 Хушай Абышаломго: «Бул жолу Акитопелдин айткан кеңеши жакшы эмес», – деп жооп берди.

8 Хушай сөзүн улантты: «Сен атаңды жана анын кишилерин билесиң, алар эр жүрөк жана балдарынан ажыраган талаадагы ургаачы аюудай абдан ачуулуу. Сенин атаң – жоокер адам. Ал эл менен чогуу түнөбөйт.

9 Ушул кезде ал кайсы бир үңкүрдө же башка жерде жашынып жатат. Эгерде аларга биринчи чабуул койгон киши өлсө, анда аны уккандар: “Абышаломду ээрчигендер жеңилип калышты”, – деп айтышат.

10 Ошондо кабылан жүрөк, кайраттуу шерлердин да көңүлү чөгүп алсырашат. Анткени сенин атаңдын эр жүрөк экенин, анын кишилеринин кайраттуу экенин бүт Ысрайыл билет.

11 Ошондуктан менин кеңешим мындай: Дандан Бейер-Шебага чейин деңиз жээгиндеги кумдай сансыз бүт Ысрайыл сенин жаныңа чогулсун. Аны өзүң баштап барасың.

12 Ошондо ал кайсы гана жерде болбосун, ага каршы барабыз. Жерге шүүдүрүм түшкөндөй, ага чабуул коёбуз. Анын жанындагы адамдарынан бирөө да калбайт.

13 Эгерде ал кайсы бир шаарга кирсе, бүт Ысрайыл аркан алып келет да, аны дайрага сүйрөп түшөбүз, кыскасы, бир да майда таш калбайт».

14 Ошондо Абышалом жана бүт Ысрайыл: «Акитопелдин кеңешинен архилик Хушайдын кеңеши жакшы», – деди. Абышаломдун башына мүшкүл түшүрүү үчүн, Теңир Акитопелдин жакшы кеңешин ушинтип бузду.

15 Хушай ыйык кызмат кылуучулар Абыйатар менен Садокко мындай деди: «Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына Акитопел тигиндей кеңеш берди, мен болсо мындай кеңеш бердим.

16 Азыр Дөөткө тезирээк киши жибергиле да, минтип айткыла: “Ушул түнү чөл түздүгүндө түнөй көрбө, сени менен кошо жаныңдагы кишилердин баары набыт болбош үчүн, тезирээк өтүп кеткин”».

17 Жонатан менен Акимаас Рогейил булагынын жанында турушкан. Кызматчы аял барып, аларга айтты, алар барып, Дөөт падышага билдиришти, анткени алар шаар ичинде көрүнбөшү керек эле.

18 Бир жаш улан аларды көрүп, Абышаломго жеткирди, бирок экөө тезинен кетишти да, Бакуримдеги бир кишиникине барып, анын короосундагы кудукка түшүп кетишти.

19 Ал кишинин аялы кудуктун оозуна жабуу жапты да, эч нерсе билинбегендей кылып, үстүнө акшак чачып салды.

20 Абышаломдун кулдары ошол үйгө, аялга келип: «Акимаас менен Жонатан кайда?» – деп сурашты. Аял аларга: «Алар өзөндү кечип өтүп кетишти», – деп жооп берди. Алар издеп-издеп таппаган соң, Иерусалимге кайтып келишти.

21 Алар кетишкен соң, тигилер кудуктан чыгып, Дөөт падышага: «Тургула да, тезирээк суудан өтүп кеткиле, анткени силерге каршы Акитопел ушундай кеңеш берди», – деп билдиришти.

22 Дөөт жана анын жанындагы адамдардын баары туруп, Иорданды кечип өтүштү. Таңга чейин Иорданды кечип өтпөгөн бир да жан калган жок.

23 Акитопел өзүнүн кеңешинин аткарылбаганын көрүп, эшегин токуп, жолго чыкты да, өз шаарына барып, үй-бүлөсүнө керээзин айтып, асынып өлдү, сөөгү атасынын мүрзөсүнө коюлду.

24 Анан Дөөт Маханайимге келди, Абышалом бүт Ысрайыл менен Иорданды кечип өттү.

25 Абышалом Жойаптын ордуна Амасаны аскер башчы кылып койду. Амаса изрейелдик Жетер аттуу кишинин уулу эле. Ал Нахаштын кызы Абигейилге жакындаган. Абигейил – Жойаптын энеси Серуянын сиңдиси.

26 Абышалом башында турган Ысрайыл кошууну Гилат жерине жайланышты.

27 Дөөт Маханайимге келгенде, амондуктардын Рабесинен Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин уулу Махир жана Роглимден гилаттык Барзелай

28 жууркан-төшөк, табак, чопо идиш, буудай, арпа, ун, таруу, буурчак, кызыл жасмык, куурулган дан алып келди.

29 Алар: «Эл чөлдө ачкалыктан алсырап, чаалыгып-чарчап, чаңкашты», – деп, Дөөткө жана анын кишилерине азык кылып бал, май, кой, уйдун сүтүнүн быштагын алып келип беришти.

18-БӨЛҮМ

Эпрайым тоосунун жанындагы салгылашуу

1 Дөөт өзүнүн кишилерин карап чыгып, алардын үстүнөн жүз башы, миң башыларды койду.

2 Дөөт элдин үчтөн бир бөлүгүнө Жойапты, үчтөн бир бөлүгүнө Жойаптын бир тууганы, Серуянын уулу Абышайды, үчтөн бир бөлүгүнө гаттык Итайды башчы кылып, элди жөнөттү. Падыша элге: «Силер менен өзүм барам», – деди.

3 Бирок эл ага: «Барба, эгер биз кача турган болсок, алар буга көңүл бурушпайт, жарымыбыз өлсөк да, көңүл бурушпайт. Жалгыз өзүң он миңибизге тетесиң, ошондуктан бизге шаардан эле жардам берип турганың жакшы», – деди.

4 Падыша аларга: «Силер эмнени жакшы деп эсептесеңер, мен ошондой кылам», – деди. Падыша дарбазанын жанында турду, бүт эл жүздөн, миңден болуп чыга баштады.

5 Падыша Жойапка, Абышайга, Итайга: «Уулум Абышаломду мен үчүн сактагыла», – деп буйрук кылды. Падышанын өз жол башчыларына Абышалом жөнүндө берген буйругун бардык эл укту.

6 Эл талаага ысрайылдыктар менен беттешүүгө чыкты, салгылашуу Эпрайым токоюнда болду.

7 Ысрайыл эли Дөөттүн кулдарынан жеңилди. Ошол күнү ал жерде чоң кыйроо болуп, жыйырма миң адам өлдү.

8 Согуш бүт өлкөгө жайылды. Ал күнү кылыч менен кырылганга караганда, токойдон өлгөндөр көп болду.

Абышаломдун өлүшү

9 Абышалом Дөөттүн кулдарына жолугуп калды. Ал качыр минип алган эле. Качыр менен чоң бутактуу эмен жыгачынын астынан өтүп бара жатканда, Абышалом эмендин бутактарына чачынан илинип, асман менен жердин ортосунда асылып калды, астындагы качыры болсо качып кетти.

10 Муну бирөө көрүп, Жойапка: «Мен Абышаломдун эмен дарагына асылып турганын көрдүм», – деп кабарлады.

11 Жойап муну кабарлаган кишиге: «Сен аны көрүп туруп, эмне үчүн ошол жерден өлтүргөн жоксуң? Мен сага он күмүш шекел жана бир кур берет элем», – деди.

12 Ал киши Жойапка мындай деп жооп берди: «Мага миң күмүш шекел берсе да, падышанын уулуна колумду көтөрбөйт болчумун, анткени падыша бизге угуза сага да, Абышайга да, Итайга да: “Уулум Абышаломду мен үчүн сактагыла”, – деп буйрук кылбады беле.

13 Эгерде мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, башкача кылган күндө да, бул ишти падыша билбей калмак эмес, өзүң да мага каршы чыкмаксың».

14 Ошондо Жойап: «Мен сага убакыт коротуп отурбайм», – деп, үч жебени колуна алды да, эмен дарагында илинип турган, жаны чыга элек Абышаломдун жүрөгүнө кадады.

15 Жойаптын курал көтөргөн он уланы Абышаломду тегеректеп алып өлтүрүштү.

16 Жойап сурнай тартты, Ысрайылды кууган эл артка кайтты, анткени Жойап элди токтотту.

17 Абышаломду алышты да, аны токойдогу терең аңга таштап, үстүнө таш үйүп салышты. Анан ысрайылдыктардын бардыгы чатырларына качып кетишти.

18 Абышалом тирүү кезинде эле: «Менин атымды өчүрбөй турган уулум жок», – деп, өзүнө падыша өрөөнүндө эстелик тургузуп, ошол эстеликке өз ысымын калтырган. Ушул күнгө чейин ал «Абышаломдун эстелиги» деп аталат.

Уулунун өлгөнүнө Дөөттүн кайгырышы

19 Садоктун уулу Акимаас Жойапка: «Мен падышага чуркап барып, аны душмандарынан Теңир Өзү куткарганын кабарлайын», – деди.

20 Бирок Жойап ага: «Бүгүн сен жакшы кабарчы болбойсуң. Жакшы кабарды бүгүн эмес, башка күнү кабарлайсың, анткени падышанын уулу өлдү», – деди.

21 Жойап куштук кишиге мындай деди: «Баргын, көргөнүңдү падышага билдир». Куштук киши Жойапка таазим этти да, чуркап кетти.

22 Бирок Садоктун уулу Акимаас көшөрүп, Жойапка мындай деди: «Эмнеси болсо да, мен да куштук кишинин артынан чуркап барам». Жойап болсо ага: «Уулум, чуркап эмне кыласың? Сен жакшы кабар алып барбайсың», – деди.

23 Акимаас: «Мен баары бир чуркап барам», – деди. Ошондо Жойап: «Чурка», – деди. Ошентип, Акимаас түз жол менен чуркап, куштук кишиден ашып кетти.

24 Дөөт ошол учурда эки дарбазанын ортосунда отурган. Күзөтчү дарбазанын дубалынын үстүнө чыгып, башын көтөрүп, бирөөнүн чуркап келе жатканын көрдү.

25 Ошондо күзөтчү кыйкырып, падышага кабарлады. Падыша: «Эгер ал жалгыз болсо, анда кабар айтканы келе жатат», – деди. Тиги жакындагандан жакындап келе жатты.

26 Күзөтчү чуркап келе жаткан экинчи кишини да көрдү. Анан күзөтчү дарбазачыга: «Дагы бир киши чуркап келе жатат», – деп кыйкырды. Падыша: «Бул да кабарчы», – деди.

27 Күзөтчү: «Басканына караганда, биринчиси Садоктун уулу Акимаас окшойт», – деди. Падыша: «Ал – жакшы киши, жакшы кабар менен келе жатат», – деди.

28 Акимаас падышага: «Тынчтык!» – деп кыйкырды. Анан падышага жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзам падышага кол көтөргөн адамдарды колуңа салып берген Кудай-Теңириңе даңк!» – деди.

29 Ошондо падыша: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп сурады. Акимаас: «Падышанын кулу Жойап кулуңду жиберип жатканда, дүрбөлөң түшүп жатышканын көрдүм, бирок мен ал жерде эмне болгонун билбейм», – деп жооп берди.

30 Падыша: «Мындай туруп тур», – деди. Ал четке туруп турду.

31 Анан куштук киши да келди. Куштук киши: «Мырзам падышага жакшы кабар! Теңир сага адилеттик кылып, өзүңө каршы көтөрүлгөндөрдүн баарынан куткарды», – деди.

32 Падыша куштук кишиге: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп кайрылды. Куштук киши: «Мырзам падыша, сенин душмандарың, сага жамандык ойлоп каршы чыккандардын баары уулуң дуушар болгон нерсеге дуушар болсун!» – деп жооп берди.

33 Падыша капаланып, дарбазанын үстүндөгү бөлмөсүнө кетип бара жатып, мындай деп ыйлады: «Оо, уулум Абышалом! Уулум, уулум Абышалом! Оо, Абышалом, сенин ордуңа мен өлсөм кана, уулум!»

19-БӨЛҮМ

Жойаптын Дөөттү жемелеши

1 Жойапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат», – деп айтышты.

2 Ошол күнкү жеңиш бардык эл үчүн ыйга айланды, анткени эл ошол күнү падышанын уулун жоктоп ыйлап жатканын укту.

3 Согуштан качып келе жатканына уялган адамдардай болуп, эл ошол күнү шаарга уурданып кирип жатты.

4 Падыша болсо жүзүн жаап алып, өкүрүп жатты: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум, уулум менин!»

5 Жойап падышанын үйүнө барды да, мындай деп айтты: «Сенин уул-кыздарыңдын, аялдарыңдын жана күң аялдарыңдын өмүрүн сактап калган кулдарыңдын бардыгын бүгүн сен уятка калтырдың.

6 Өзүңдү жек көргөндөрдү сүйөсүң да, сүйгөндөрдү жек көрөсүң, анткени жол башчыларың менен кулдарың сен үчүн эч ким эмес экендигин сен бүгүн көргөздүң. Абышалом тирүү калып, биз баарыбыз өлүп калсак, сага жакшы болорун бүгүн билдим.

7 Азыр тургун да, чыгып, кулдарыңдын көңүлүн көтөрүп сүйлө. Эгер чыкпай турган болсоң, Теңирдин алдында ант берем, бул түнү сенин жаныңда эч ким калбайт. Ошондо бул жаш кезиңден ушул убакка чейин көргөн бардык кыйынчылыктарыңдан жаман болот».

8 Ошондо падыша туруп келип, дарбазанын алдына отурду. Элдин баарына падышанын дарбазанын алдында отурганын жарыя кылышты. Ошондо бүт эл падышанын алдына келди. Ысрайылдыктар болсо чатырларына качып кетишти.

Дөөттүн Иерусалимге кайтып келиши

9 Ысрайылдын бардык урууларындагы бүт эл мындай деп талашып жатышты: «Падыша бизди душмандарыбыздан куткарды, пелиштиликтердин колунан бошотту, азыр болсо өлкөдөн, Абышаломдон качып кетти.

10 Бирок биз өзүбүзгө падыша кылып майлаган Абышалом согушта өлдү. Эми эмнеге силер падышаны өз үйүнө алып келбей, кечиктирип жатасыңар?»

11 Дөөт падыша ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Жүйүттүн аксакалдарына айткыла: Силер падышаны үйүнө биринчилерден болуп кайра алып келсеңер болбойбу? Бул бүт Ысрайылда сөз болуп, падышанын үйүнө эбак эле жетпеди беле?

12 Силер менин бир туугандарым, сөөгүм жана денемсиңер. Падышаны өз үйүнө кайтарууда эмне үчүн силер акыркы болгуңар келет?

13 Анан Амасага айткыла: “Менин сөөгүм да, денем да сен эмес белең? Эгер сен Жойаптын ордуна өмүрүң өткөнчө менин аскер башчым болбосоң, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын!”»

14 Ошентип, ал бардык жүйүттөрдүн жүрөгүн бир кишидей өзүнө бурду. Ошондо алар падышага: «Өзүң да, кулдарың да кайтышсын», – деп айттырганы киши жиберишти.

15 Падыша кайтып, Иорданга келди. Жүйүттөр падышаны тосуп алып, Иордандан өткөрүү үчүн, Гилгалга келишти.

16 Бенжемин уруусунан бакуримдик Гейранын уулу Шемей шашылган боюнча жүйүттөр менен бирге Дөөт падышаны тоскону жөнөдү.

17 Аны менен Бенжеминден миң киши, Шабулдун үй башкаруучусу Сиба өзүнүн он беш уулу жана жыйырма кулу менен келишти да, Иордандан өтүп, падышаны тосуп чыгышты.

18 Падышанын үй-бүлөсүн алып өтүү үчүн жана анын каалоосун аткаруу үчүн, сал наркы өйүзгө өткөндөн кийин, Гейранын уулу Шемей Иордандан өтөрү менен падышанын алдына жыгылды.

19 Ал падышага мындай деди: «Иерусалимден мырзам падыша чыгып бара жаткан күнү кулуңдун кылган күнөөсүн эске алба, жүрөгүңдө сактаба мырзам падыша, мени кылмышкер катары эсептебе.

20 Анткени кулуң күнөө кылганын билет, мен азыр Жусуптун бардык тукумунан биринчи болуп, мырзам падышаны тоскону келдим».

21 Серуянын уулу Абышай: «Теңирдин майланганын тилдегени үчүн Шемей кантип өлүм жазасына тартылбасын?» – деди.

22 Ошондо Дөөт: «Серуянын уулдары, мени менен силердин эмне ишиңер бар, мени эмнеге тукуруп жатасыңар? Бүгүн Ысрайылда адам өлтүргүдөй күн болуп жатабы? Азыр мен Ысрайылга падыша экенимди көрбөй турамбы?» – деди.

23 Падыша Шемейге: «Сен өлбөйсүң», – деди. Падыша ага ант берди.

24 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет да падышаны тосуп алганы келди. Ал падыша чыккан күндөн тартып тынчтык менен кайра кайткан күнгө чейин, бутун да, кийимдерин да жууган эмес, сакалын да караган эмес.

25 Ал Иерусалимден чыгып, падышаны тоскону келгенде, падыша андан: «Мепибешет, сен эмне үчүн мени менен кеткен жоксуң?» – деп сурады.

26 Тиги мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша! Мени өз кулум алдады. Мен, сенин кулуң: “Эшегимди токуп минип алып, падыша менен кетейин”, – деп айткам. Анткени мен, сенин кулуң, аксак эмесминби.

27 Ал мырзам падышанын алдында кулуңду ушактады. Бирок мырзам падыша Кудайдын периштесиндей. Каалаганыңды кыл.

28 Мырзам падышанын алдында атамдын бүт үй-бүлөсү өлүмгө татыктуу болсо да, сен кулуңду өз дасторконуңдан тамактангандардын арасына отургуздуң. Падышанын алдында даттанууга акым барбы?»

29 Падыша ага: «Мунун баарын эмне үчүн айтып жатасың? Талааны Сиба экөөңөр өз ара бөлүшүп алгыла деп айтпадым беле?» – деди.

30 Бирок Мепибешет падышага мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша өз үйүнө тынчтык менен кайтып келген соң, ал баарын ала берсин».

31 Падыша менен Иордандан бирге өтүп, аны андан ары узатуу үчүн, Роглимден гилаттык Барзелай да келди.

32 Барзелай сексенге чыккан абдан кары адам эле. Падыша Маханайимде жүргөндө, ал аны азык-түлүк менен камсыз кылып турган, себеби ал бай адам эле.

33 Падыша Барзелайга: «Жүр мени менен, мен сени Иерусалимде азык-түлүк менен камсыз кылып турам», – деди.

34 Бирок Барзелай падышага мындай жооп берди: «Падыша менен Иерусалимге баргыдай, көпкө жашамак белем?

35 Азыр сексен жаштамын, жаман-жакшыны айырмалай алмак белем. Кулуң ичкен-жегенинин даамын билмек беле. Ырчы кыздар менен балдардын үнүн уга алмак белем. Мырзам падыша, кулуңду жүк кылып эмне кыласың?

36 Кулуң падышаны Иордандан ары бир аз узатып бара алат. Падыша мени эмне кылганым үчүн ушунча урматтап жатат?

37 Кайтып барып, өз шаарымда, ата-энемдин мүрзөсүнүн жанында өлүүгө кулуңа уруксат эт. Бирок сенин кулуң, менин уулум Кимам, мырзам падыша менен барсын, аны эмне кылам десең, өзүң бил».

38 Падыша: «Кимам мени менен барсын, ага сен каалагандай кылам. Каалаганыңдын баарын кылам», – деди.

39 Бүт эл жана падыша Иордандан өтүштү. Анан падыша Барзелайды өөп, ага батасын берди. Ал өз жерине кайтты.

40 Падыша Гилгалга жөнөдү, Кимам да аны менен жөнөдү. Бүт Жүйүт эли жана Ысрайыл элинин жарымы падышаны узатты.

41 Бүт ысрайылдыктар падышага келип: «Эмне үчүн бир туугандарыбыз жүйүттөр сени уурдап, үй-бүлөң менен, бардык кишилериң менен Иордан аркылуу өткөрүп жиберишти?» – дешти.

42 Ошондо Жүйүттүн кишилеринин баары ысрайылдыктарга: «Падыша биздин жакыныбыз, бул нерсеге эмнеге ачууланып жатасыңар? Биз падышанын бир нерсесин жедикпи же андан белек алдыкпы?» – деп жооп беришти.

43 Ысрайылдыктар жүйүттөргө жооп кылып, мындай дешти: «Биз падышачылыктын он бөлүгүн түзөбүз, Дөөттүн жанында силерге караганда биз көппүз. Эмне үчүн силер бизди кемсинттиңер? Падышабызды алып келүү жөнүндө биринчи биз сүйлөшүбүз керек эмес беле?» Бирок ысрайылдыктардын сөзүнө караганда жүйүттөрдүн сөзү күчтүү болду.

20-БӨЛҮМ

Шебанын көтөрүлүш чыгарышы

1 Бенжеминдик Бихра уулу Шеба деген жаман киши ошол жерде эле. Ал сурнай тартты да: «Дөөттө биздин эч кандай бөлүгүбүз жок. Жышайдын уулунда энчибиз жок. Ысрайылдыктар, бардыгыңар өз-өз чатырыңарга тарагыла!» – деди.

2 Ошондо бардык ысрайылдыктар Дөөттөн бөлүнүштү да, Бихранын уулу Шебанын артынан жөнөштү. Жүйүттөр болсо өз падышасы тарапта калышты, алар Иордандан Иерусалимге чейин аны менен барышты.

3 Дөөт Иерусалимдеги өз үйүнө келип, үйүн кайтарган он күң аялын өзгөчө бир үйгө жайгаштырды. Аларга көзөмөл коюп, багып турду, бирок аларга жакындаган жок. Алар өлөр-өлгөнчө ошол жерде багылып, жесир катарында жашашты.

Жойаптын Амасаны өлтүрүшү

4 Дөөт Амасага: «Мага үч күндүн ичинде жүйүттөрдү чакырып кел, өзүң да кел», – деди.

5 Амаса жүйүттөрдү чакырууга жөнөп кетти, бирок Дөөт айткан убактан көп кечикти.

6 Ошондо Дөөт Абышайга: «Эми Бихранын уулу Шеба бизге Абышалом кылган жамандыктан да чоң жамандык кылат. Ал чептүү шаарларды таап, бизден жашынып кала электе, сен мырзаңдын кулдарын алып, анын артынан түш», – деди.

7 Анын артынан Жойаптын кишилери, керейликтер, пелейликтер, эр жүрөк адамдар Иерусалимден чыгышты да, Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

8 Алар Гибондун жанындагы чоң ташка жеткенде, Амасага жолугушту. Жойап аскер кийимчен эле, белиндеги курунда кынына салынган кылычы бар эле. Анын кылычы кынынан оңой суурулуп, кайра кынына оңой салынчу.

9 Жойап Амасага: «Амансыңбы, бир тууганым?» – деп кайрылды. Жойап Амасаны өбүш үчүн, оң колу менен сакалынан кармады.

10 Амаса Жойаптын колундагы кылычын байкаган жок. Ал аны курсакка сайганда, анын ичеги-карды жерге түшүп калды. Соккуну ал кайталаган жок, тиги жан берди. Жойап жана бир тууганы Абышай Бихранын уулу Шебанын артынан түшүштү.

11 Амасанын жанында турган Жойаптын уландарынын бири: «Ким Жойап десе, ким Дөөт тарапта болсо, Жойаптын артынан жүрсүн!» – деди.

12 Амаса болсо жолдун ортосунда канжалап жатты. Ал улан нары өткөн, бери өткөн элдин баары токтоп өтүп жатканын көрүп, Амасаны жолдон алып, талаага сүйрөп барып, кийимдери менен жаап салды.

Шебанын көтөрүлүшүн басуу

13 Ал жолдон сүйрөлүп ташталгандан кийин, бүт Ысрайыл эли Жойапты ээрчип, Бихранын уулу Шебанын артынан түштү.

14 Шеба болсо Абел-Бейт-Маакка чейин Ысрайылдын бардык урууларын жана бүт Бейрини аралап өттү. Бейринин тургундары жыйналып, анын аркасынан жөнөштү.

15 Алар Абел-Бейт-Маакка келишип, аны ошол жерде курчоого алышты. Шаардын дубалынын жанына жал куруп, дубалга чыгышты. Жойап менен келген бардык адамдар дубалды бузууга аракеттеништи.

16 Ошондо шаар дубалынан бир акылдуу аял: «Уккула, уккула, Жойапка айткыла, ал бул жерге келсин, мен аны менен сүйлөшөм», – деп кыйкырды.

17 Жойап жакын келгенде, аял: «Жойап деген сенсиңби?» – деди. Ал: «Ооба, менмин», – деди. Аял: «Күңүңдүн сөзүн ук», – деди. Ал: «Угуп жатам», – деди.

18 Аял мындай деди: «Мурда мындай айтышчу эле: “Ким сурагысы келсе, абелдиктерден сурасын”. Иш ушинтип чечилчү.

19 Мен Ысрайылдын тынч, ишеничтүү шаарларынын бириненмин. Сен болсо Ысрайыл шаарларынын энесин талкалагың бар. Теңирдин мурасын жок кылып эмне кыласың?»

20 Жойап мындай деп жооп берди: «Мен талкалайын же жок кылайын деген жокмун, андай оюм жок!

21 Андай кылбайм, бирок Эпрайым тоосунда жашаган Бихранын уулу Шеба аттуу киши Дөөт падышага каршы чыкты. Жалгыз гана ошону мага чыгарып бергиле, анан мен шаардан кетем». Ошондо аял Жойапка: «Азыр анын башы сага дубалдан ыргытылат», – деди.

22 Анан аял бүт элге акылдуу сөздөрдү айтты. Алар Бихранын уулу Шебанын башын алып, Жойапка ыргытышты. Ошондо Жойап сурнай тартты, бардыгы өз чатырларына тарашты. Жойап болсо падышага, Иерусалимге кайтты.

23 Жойап Ысрайылдын бүт аскеринин үстүнөн коюлду, Жойат уулу Беная керейликтер менен пелейликтердин үстүнөн коюлду.

24 Адорам салык жыйноонун үстүнөн коюлган, Акилуттун уулу Жошапат – тарыхчы,

25 Шеба – катчы, Абыйатар менен Садок – ыйык кызмат кылуучулар.

26 Ошондой эле жариттик Ира Дөөткө ыйык кызмат кылуучу болду.

21-БӨЛҮМ

Yч жылга созулган ачарчылык

1 Дөөттүн убагында ал жерде катары менен үч жыл ачарчылык болду. Дөөт Теңирден сурады. Теңир: «Бул ачарчылык Шабул үчүн жана анын кан ичкич үй-бүлөсү үчүн, ал гибондуктарды өлтүргөндүгү үчүн болду», – деди.

2 Ошондо падыша гибондуктарды чакырып, алар менен сүйлөштү. Гибондуктар Ысрайыл тукумунан эмес, аморлуктардын калдыктарынан болчу. Ысрайылдыктар аларга ант беришкен, бирок Шабул Ысрайыл менен Жүйүт тукумун кызганып, аларды кыргысы келген.

3 Дөөт гибондуктардан: «Теңирдин мурасына бата берүүңөр үчүн, Ысрайылды күнөөсүнөн арылтыш үчүн, силерге эмне кылышым керек?» – деп сурады.

4 Гибондуктар ага: «Бизге Шабулдун күмүшүнүн да, алтынынын да кереги жок, анын үйүндөгү эч нерсесинин кереги жок. Ысрайылдыктардан эч кимди өлтүргүбүз келбейт», – деп жооп беришти. Ал: «Анда эмнени каалайсыңар? Мен аткарып берем», – деди.

5 Алар падышага: «Бизди Ысрайылдын бир да жеринде калтырбоону каалаган, бизди өлтүрүп, тукум курут кылгысы келген ошол кишинин тукумунан бизге жети киши бер.

6 Биз аларды Теңирдин алдында, Теңир тандап алган Шабулдун Гиба тоосунда дарга асабыз», – деп айтышты. Падыша: «Берем», – деди.

7 Бирок падыша Шабулдун уулу Жонатанга Теңирдин алдында берген анты үчүн Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти аяп койду.

8 Бирок падыша Шабулдун Айанын кызы Риспадан төрөлгөн эки уулун: Армоний менен Мепибешетти жана Шабулдун кызы Мейраптын мехолалык Барзелай уулу Адриелге төрөп берген беш уулун алып,

9 аларды гибондуктардын колуна салып берди. Гибондуктар аларды тоодо, Теңирдин алдында асышты. Жетөө бирге өлдү. Алар өлгөн күн түшүм жыйноонун алгачкы күндөрү, арпа оруп-жыюу мезгилинин башталышы эле.

10 Ошондо Айанын кызы Риспа зумбал алып, аны ошол тоодо алдына жайып, орок маалы башталгандан тартып, алардын үстүнө асмандан Кудайдын суулары төгүлгөнчө отурду. Ал аларга күндүз асман куштарын, түнкүсүн талаа жырткычтарын тийгизбеди.

11 Шабулдун күң аялы – Айанын кызы Риспанын эмне кылганын Дөөткө билдиришти.

12 Дөөт гилаттык Жабештин тургундарына барып, Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алды. Жабештин тургундары алардын сөөгүн Бейт-Шан аянтынан жашыруун алып кетишкен. Пелиштиликтер Шабулду Гилбояда өлтүрүп, аларды ошол аянтка асып коюшкан.

13 Дөөт ал жерден Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн алып келди. Дарга асылгандардын сөөгүн жыйнашты.

14 Алар Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сөөгүн Бенжемин жеринде, Сейлада, Шабулдун атасы Киштин мүрзөсүнө коюшту. Падыша кандай буйруса, баарын ошондой жасашты. Ошондон кийин Кудай өлкөгө ырайым кылды.

Пелиштиликтер менен болгон согуш

15 Ысрайыл менен пелиштиликтердин ортосунда кайрадан согуш болду. Дөөт өзүнүн кулдары менен чыгып, пелиштиликтер менен салгылашты. Дөөт алсырады.

16 Ошондо репалыктардын тукумунан жаңы кылыч курчанган Жишпи деген киши Дөөттү сайып өлтүргүсү келди. Анын найзасынын салмагы үч жүз жез шекел эле.

17 Бирок Дөөткө Серуянын уулу Абышай жардамга келип, пелиштилик кишини сайып өлтүрдү. Ошондо Дөөттүн кишилери мындай деп ант беришти: «Ысрайылдын чырагы өчпөш үчүн, мындан ары сен биз менен согушка чыкпайсың».

18 Андан кийин Гобада пелиштиликтер менен кайрадан согуш болду. Ошондо хушалык Сипхай репалыктардын тукумунун бири болгон Сапты өлтүрдү.

19 Гобада дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда бейт-лехемдик Жарей-Оргим уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийатты өлтүрдү.

20 Гатта дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда колу менен бутунда алтыдан манжасы бар, бардыгы жыйырма төрт манжалуу, узун бойлуу репалыктардын тукумунан бир киши бар болчу.

21 Ал ысрайылдыктарды шылдыңдады, бирок аны Дөөттүн агасы Шимейдин уулу Жонатан өлтүрдү.

22 Бул төртөө Гаттагы репалыктардын тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кулдарынын колунан каза табышты.

22-БӨЛҮМ

Куткаруучусу Теңирди мактап Дөөттүн ырдаган ыры

1 Теңир Дөөттү бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарган күнү ал Теңирди мындай деп мактап ырдады:

2 «Теңирим менин тирегим, сепилим, Куткаруучум.

3 Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, коргоочум, баш паанам. Сен мени бардык жамандыктан куткарган Куткаруучумсуң!

4 Табынууга татыктуу Теңирди чакырып, душмандарымдан кутулам.

5 Мени өлүм толкуну курчап алды, мыйзамсыздыктардын агымы үрөйүмдү учурду.

6 Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.

7 Бирок мен кысталышта калганымда, Теңирди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Өзүнүн турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.

8 Жер силкинип термелди, асмандын негизи козголуп солкулдады, анткени Теңир каарданды.

9 Анын таноосунан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмап жиберчү от чыкты. Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.

10 Асманды эңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.

11 Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.

12 Ал караңгылыкты Өзүнө чатыр сыяктуу жабуу кылды, Ал асмандагы булут сууларын коюулантып, Өзүнө чатыр кылды.

13 Анын алдындагы жарыктан оттуу чоктор жалбырттап күйүп жатты.

14 Асмандан Теңир күркүрөдү, Баарынан Жогору Турган үн салды.

15 Өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты. Чагылганды жарк эттирип, аларды жок кылды.

16 Теңирдин коркунучтуу добушунан, Анын таноосунан чыккан демден деңиз булактары ачылып, ааламдын негиздери жылаңачтанды.

17 Ал бийиктен колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.

18 Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.

19 Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты, бирок Теңир мага жөлөк болду.

20 Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.

21 Теңир менин адилдигиме жараша тиешемди берди, колумдун тазалыгына жараша сыйлык берди.

22 Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген жокмун.

23 Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.

24 Мен Анын алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.

25 Теңир Өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, тазалыгыма жараша тиешемди берди.

26 Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга Сен адилет мамиле кыласың,

27 тазага тазалыгына жараша, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.

28 Сен эзилген адамдарды куткарасың, менменсингендерди Өзүңдүн көз карашың менен кемсинтесиң.

29 Теңир, Сен менин чырагымсың. Теңир менин караңгымды жарык кылат.

30 Мен Сени менен аскерлерди талкалайм. Кудайым менен чепти ашып түшөм.

31 Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза, Ал – Өзүнө таянгандардын баарына калкан.

32 Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка сактоочу барбы?

33 Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.

34 Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлерге чыгарат.

35 Колумду согушка даярдайт, булчуңдарымды жез жаадай чоёт.

36 Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.

37 Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.

38 Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылам, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.

39 Аларды талкалайм, кырып жок кылам. Алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.

40 Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.

41 Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.

42 Алар чакырып жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.

43 Мен аларды топурактай чачам, аларды көчөдөгү баткактай ийлеп, тебелеп-тепсейм.

44 Сен мени өз элимдин козголоңунан куткарып алдың. Сен мени бөтөн элдерге эл башчы кылыш үчүн сактадың. Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.

45 Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет. Алар мен жөнүндө угуп эле мага баш ийишет.

46 Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.

47 Теңир тирүү, менин Тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын.

48 Мен үчүн өч алган, мага бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,

49 мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.

50 Ошон үчүн, Теңир, сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.

51 Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, Өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм!»

23-БӨЛҮМ

Дөөттүн акыркы сөзү

1 Бул жогору коюлган адамдын, Жакыптын Кудайынын майланганынын, Ысрайылдын мукам үндүү ырчысы, Жышайдын уулу Дөөттүн акыркы сөздөрү:

2 «Теңирдин Руху мен аркылуу сүйлөйт, Анын сөзү менин оозумда.

3 Ысрайылдын Кудайы айтты, Ысрайылдын аскасы мен жөнүндө мындай деди: “Эл үстүнөн бийлик кылуучу адам адилет болсо, Кудайдын коркунучу менен бийлик жүргүзсө,

4 анда ал ачык асманга күн чыгып келе жаткандагы таңкы жарыктай, жамгырдан кийин чыккан жаркыроодой, ал жаркыроодон жерден чөп чыгат”.

5 Менин тукумум Кудай алдында ушундай эмеспи? Анткени Ал мени менен түбөлүк, бекем жана бузулбас келишим түздү. Менин бүт куткарылуум, бүт каалоом Андан келип жаткан жокпу?

6 Кудайсыздар ыргытылган, кол менен кармаганга болбой турган тикенектей болушат.

7 Бирок ким аны колу менен кармагысы келсе, ал темир менен же найзанын сабы менен куралданат, аны турган жеринде өрттөшөт».

Дөөттүн эр жүрөк аскерлери

8 Дөөттүн эр жүрөк аскерлеринин аттары: эснилик Жошеп-Башебет – үчөөнүн башкысы. Ал найзасын сегиз жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

9 Андан кийинкиси Дөөт менен жүргөн үч эр жүрөк аскердин бири, Акойактын небереси, Додонун уулу Элазар эле. Алар согушуу үчүн чогулган пелиштиликтерди намысына тийип чакырышканда, ал да Дөөттүн жанында эле.

10 Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы чыгышты, ошондо ал туруп, пелиштиликтерди колу чарчап, кылычка жабышып калгыча кырды. Ошол күнү Теңир улуу жеңиш тартуулады, эл болсо талап-тоноо үчүн анын артында жүрдү.

11 Андан кийинкиси – арардык Агея уулу Шама. Пелиштиликтер Тиреяга, жасмык себилген талаага чогулганда, Ысрайыл эли пелиштиликтерден качты.

12 Ошондо ал талаанын ортосуна туруп, аны сактап калды, пелиштиликтерди кырды. Ошол күнү Теңир Ысрайылга улуу жеңиш тартуулады.

13 Отуз жол башчынын ичинен үчөө барды да, оруп-жыюу маалында Дөөткө, Адулам үңкүрүнө киришти. Ошол учурда Репа өрөөнүндө пелиштиликтердин кошууну турган.

14 Ошол учурда Дөөт бекемделген жерде эле, пелиштиликтердин кошууну болсо Бейт-Лехемде болчу.

15 Дөөт суу ичкиси келип: «Дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан ким мага суу алып келип, суусунумду кандырат?» – деди.

16 Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөттүн ичкиси келген жок. Ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

17 «Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Бул өз өмүрүн тобокелге салып барып келген адамдардын каны эмеспи?» Ошентип, сууну ичүүнү каалаган жок. Yч эр жүрөк ушундай кылган!

18 Ушул үчөөнүн ичинен Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышай башчы эле. Ал өз найзасы менен үч жүз кишини өлтүргөн, тигил үчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

19 Ал үчөөнүн эң атактуусу жана башчысы болчу, бирок тиги үчөөнө тең келчү эмес.

20 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

21 Ал мисирлик бир алп кишини өлтүргөн. Колунда найзасы бар мисирликке союл менен чыгып, колунан найзасын тартып алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

22 Жойат уулу Беная ушундай эрдик кылып, үч баатырдын ичинен атактуу болду.

23 Ал отуз баатырдын ичинен эң атактуу болчу, бирок тиги үчөөнө тең келе алчу эмес. Дөөт аны өз сакчыларына башчы кылып дайындаган.

24 Отуздун ичинде Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додонун уулу Элханан,

25 хароттук Шама, хароттук Элика,

26 палтилик Хейлез, текоялык Икеш уулу Ира,

27 анатоттук Абиезер, хушалык Мебунай,

28 акойактык Салмон, нетопалык Марай,

29 нетопалык Баана уулу Хейлеп, Бенжемин уулдарынын Гибасынан Рибайдын уулу Итай,

30 пиратондук Беная, нахелей-гааштык Идай,

31 арабалык Абы-Албан, баркумдук Азмабет,

32 шаалбондук Элийакпа, Жашен уулдарынан Жонатан,

33 арардык Шама, арараттык Шарар уулу Ахиям,

34 Маахалыктын небереси, Ахазбайдын уулу Элипелет, гилолук Акитопел уулу Элиям,

35 кармелдик Хесрай, арбилик Паарай,

36 собалык Натан уулу Игал, гаттык Бани,

37 амондук Селек, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүүчүсү бейроттук Нахрай,

38 итрилик Ира, итрилик Гареп,

39 хеттик Урий бар эле. Бардыгы отуз жети.

24-БӨЛҮМ

Дөөт элди санаганы үчүн Теңирдин каарданышы

1 Теңир Ысрайылга кайрадан каарданып, Дөөттү Ысрайыл элине каршы козгоп: «Бар, Жүйүт менен Ысрайылды санап кел», – деп айттырды.

2 Падыша жанындагы аскер башчысы Жойапка жана анын кишилерине кайрылды: «Дандан Бейер-Шебага чейинки Ысрайылдын бүт урууларын аралап чыгып, элдин санын эсептеп келгиле, мен элдин санын билишим керек».

3 Жойап падышага: «Кудай-Теңириң канча элиң болсо, дагы ошончо көбөйтсүн, жүз эсе көбөйтсүн, мырзам падыша муну өз көзү менен көрсүн, бирок мырзам падыша бул ишти эмнеге каалап калды экен?» – деди.

4 Бирок падышанын сөзү Жойаптын жана аскер башчылардын сөзүнөн күчтүү болду. Ошентип, Жойап аскер башчылары менен Ысрайыл элин саноо үчүн падышанын алдынан кетишти.

5 Алар Иордандан өтүп, Гат өрөөнүнүн ортосундагы шаардын оң тарабындагы, Жазер тараптагы Аройер шаарына токтошту.

6 Анан Гилатка жана Тахтим-Хотши жерине келишти. Анан алар Дан-Янга келип, Сидонду айланып өтүштү.

7 Тир чебине, анан хиптиктер менен канаандыктардын бардык шаарларына келип, Жүйүт аймагынын түштүгүнө, Бейер-Шебага чыгышты.

8 Ошентип, бардык жерди айланып өтүп, тогуз ай, жыйырма күн дегенде, Иерусалимге келишти.

9 Жойап падышага элдин тизмесин тапшырды. Ысрайылдыктардан сегиз жүз миң, ал эми жүйүттөрдөн беш жүз миң, согушка жарактуу, күчтүү адам бар экени маалым болду.

Теңирдин Ысрайыл элине жугуштуу оору жибериши

10 Элди санап чыккандан кийин, Дөөттүн жүрөгү солк этти. Анан Дөөт Теңирге: «Мен ушул ишти кылып, оор күнөө кетирдим. Эми Сага жалынам, Теңир, Өзүңдүн кулуңдун күнөөсүн кечир, анткени мен өтө акылсыз иш кылдым», – деди.

11 Дөөт эртеси эртең менен турганда, Дөөттүн көрөгөчү Гат пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

12 «Баргын да, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, алардын ичинен өзүң тарта турган бир жазаны тандап ал”».

13 Гат Дөөткө келип, мындай деп билдирди: «Өлкөңдө жети жыл ачарчылык болсунбу, же душмандарың сени кууп, алардан үч ай качып жүрөсүңбү, же өлкөңдү үч күн удаа жугуштуу оору каптасынбы? Өзүң танда. Ойлонуп, мени Жибергенге эмне деп жооп беришим керек экенин чеч».

14 Дөөт Гатка: «Мага абдан оор болду, бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал абдан боорукер. Адамдын колуна түшпөсөм эле болду», – деди.

15 Теңир ысрайылдыктарга эртең мененден баштап, белгиленген убакытка чейин жугуштуу оору жиберди. Ошондо Дандан Бейер-Шебага чейин жетимиш миң киши өлдү.

16 Периште Иерусалимди кыйратуу үчүн, ага каршы колун сунду. Бирок Теңир алаамат түшүргөнүнө өкүнүп, элге кыргын салган периштеге: «Жетишет, эми колуңду түшүр», – деди. Теңирдин периштеси ошол учурда жебустук Арабенанын кырманынын жанында эле.

17 Дөөт элге кыргын салган периштени көрүп, Теңирге: «Мен күнөө кетирдим, мыйзамсыз иш кылдым. А бул койлор эмне кылды? Сенин колуң мага жана менин атамдын тукумуна каршы бурулсун», – деди.

Дөөттүн Арабенанын кырманын сатып алышы

18 Ошол күнү Гат Дөөткө келип: «Баргын да, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургуз», – деди.

19 Дөөт Гаттын сөзү, Теңирдин буйругу боюнча барды.

20 Арабена карап, өзүн көздөй келе жаткан падышаны жана анын кулдарын көрдү. Ошондо ал чыгып, падышага жерге чейин ийилип таазим этти.

21 Арабена: «Мырзам падыша өз кулуна эмнеге келди?» – деп сурады. Дөөт: «Элдин кырылганы токтош үчүн, кырманыңды сатып алып, Теңирге курмандык чалынуучу жай тургузганы келдим», – деп жооп берди.

22 Арабена Дөөткө мындай деди: «Мырзам падыша каалаганын алып, курмандыкка чалсын. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынчу өгүздөр мына, эгин бастыргыч менен өгүздүн догосу отун болсун.

23 Падышам, ушунун бардыгын Арабена падышага берип жатат». Арабена падышага дагы мындай деди: «Кудай-Теңир сага ырайым кылсын!»

24 Бирок падыша Арабенага: «Жок! Канча турса, мен сага ошончо төлөп берем. Кудай-Теңириме бекер алынган курмандыкты чалбайм», – деди. Дөөт кырманды, өгүздөрдү элүү күмүш шекелге сатып алды.

25 Анан Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалды. Ошондо Теңир өлкөгө ырайым кылды, Ысрайылдын кырылганы токтоду.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz