Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

БИРИНЧИ ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ

1-БӨЛҮМ

Дөөттүн картайышы

1 Дөөт аябай карып калган кезде, аны канчалык жылуулап жабышпасын, жылыбай койду.

2 Ошондо кулдары ага: «Мырзабыз падышага жаш кыз издешсин, ал падышанын жанында болсун, аны карасын, аны менен жатсын, ошондо мырзабыз падыша жылыйт», – дешти.

3 Бүткүл Ысрайыл жеринен сулуу кыз издеп, шунамдык Абишага деген кызды таап, падышага алып келишти.

4 Кыз абдан сулуу эле. Ал падышаны карап, ага кызмат кылып жүрдү. Бирок падыша ага жакындаган жок.

Адониянын падыша болгусу келгени

5 Дөөттүн Кагыттан төрөлгөн уулу Адония текеберденип: «Мен падыша болом», – деди. Ошентип, ал майдан араба, атчан жоокер жана элүү жөө күлүк күттү.

6 Атасы аны «Эмне үчүн минтип жатасың?» деген суроо менен капалантчу эмес. Ал абдан келишимдүү эле. Ал анын Абышаломдон кийин төрөлгөн уулу эле.

7 Адония Серуя уулу Жойап менен, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен кеңешти, алар ага жардам беришти.

8 Бирок ыйык кызмат кылуучу Садок, Жойат уулу Беная, Натан пайгамбар, Шемей, Рея жана Дөөттүн эр жүрөк адамдары Адония тарапта болушкан жок.

9 Адония Эйин-Рогел булагынын жанындагы Зохелет ташынын жанында койлорду, өгүздөрдү, букачарларды союп, падышага кызмат кылган бардык жүйүттөр менен өз бир туугандарын, падышанын уулдарын чакырды.

10 Бирок ал Натан пайгамбарды, Бенаяны жана Дөөттүн эр жүрөк адамдарын, бир тууганы Сулайманды чакырган жок.

Сулаймандын падыша болушу

11 Ошондо Натан Сулаймандын энеси Бат-Шебага мындай деди: «Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония падыша болуп алганын уктуңбу? Бирок бул жөнүндө мырзабыз Дөөт билбейт.

12 Эми менин кеңешимди ук: өзүңдүн жаныңды жана уулуң Сулаймандын жанын сакта.

13 Бар, Дөөт падышага кирип, ага мындай де: “Мырзам падыша, "Менден кийин уулуң Сулайман падыша болот, ал менин тагыма отурат", – деп, өз күңүңө ант бербедиң беле? Эмне үчүн Адония падыша болуп калды?”

14 Сен ошол жерде падыша менен сүйлөшүп жатканыңда, сенин артыңан мен да кирип, сенин сөзүңдү толуктайм».

15 Бат-Шеба падышанын уктоочу бөлмөсүнө келди. Падыша өтө кары эле. Ага шунамдык Абишага кызмат кылып жүргөн.

16 Бат-Шеба ийилип, падышага таазим кылды. Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

17 Бат-Шеба ага: «Мырзам падыша, “Уулуң Сулайман менден кийин падыша болот, ал менин тагыма отурат”, – деп, күңүңө Кудай-Теңириң менен ант бербедиң беле.

18 Бирок азыр Адония падыша болду, мырзам падыша, сен болсо ал жөнүндө билбейсиң.

19 Ал көп өгүз, букачар, кой союп, падышанын бардык уулдарын, ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды, аскер башчы Жойапты чакырды, бирок кулуң Сулайманды чакырган жок.

20 Бирок, мырзам падыша, бүт ысрайылдыктар сени карап, өзүңдөн кийин кимди тактыга отургузуп, падыша кылып жарыяларыңды күтүп жатышат.

21 Болбосо мырзам падыша ата-бабалары жаткан жайга коюлганда, айып мага жана уулум Сулайманга коюлат», – деди.

22 Ал падыша менен сүйлөшүп жатканда, Натан пайгамбар да келди.

23 Падышага: «Натан пайгамбар келди», – дешти. Ал падышанын үстүнө кирип, жерге чейин ийилип таазим кылды.

24 Анан Натан мындай деди: «Мырзам падыша! “Менден кийин Адония падышачылык кылат, менин тагыма отурат”, – деп айттың беле?

25 Себеби ал бүгүн түшүп келип, көптөгөн өгүз, кой, букачар союп, падышанын бардык уулдарын, аскер башчыларды жана ыйык кызмат кылуучу Абыйатарды чакырды. Алар аныкында ичип-жеп отурушат. “Жашасын Адония падыша!” – деп жатышат.

26 Бирок кулуң мени, ыйык кызмат кылуучу Садокту, Жойат уулу Бенаяны жана кулуң Сулайманды чакырган жок.

27 Бул менин мырзам падышанын каалоосу менен болдубу? Өзүңдөн кийин тагыңа ким отурарын кулуңа эмне үчүн айткан жоксуң?»

28 Дөөт падыша: «Мага Бат-Шебаны чакырып келгиле», – деди. Ал кирип, падышанын алдына келди.

29 Падыша мындай деп ант берди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткаруучу Теңир тирүү!

30 Мен сага: “Менден кийин сенин уулуң Сулайман падышачылык кылат, ал менин тагыма отурат”, – деп, Ысрайылдын Кудай-Теңири менен ант бергем. Мен аны бүгүндөн калбай орундатам».

31 Ошондо Бат-Шеба жерге чейин ийилип, падышага таазим этип: «Мырзам, Дөөт падыша, кылымдан кылымга жашасын!» – деди.

32 Дөөт падыша: «Мага ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны чакырып келгиле», – деди. Алар падышага келишти.

33 Падыша аларга мындай деди: «Менин кулдарымды алып, уулум Сулайманды качырыма мингизип, Гихонго алып баргыла.

34 Ал жерде ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Ысрайылга падыша кылып майлашсын. Анан сурнай тартып: “Жашасын Сулайман падыша!” – деп жар салгыла.

35 Анан аны кайра алып келгиле, ал келип, менин тагыма отурат. Менин ордума ал падышачылык кылат. Мен аны Ысрайыл менен Жүйүткө жол башчы кылып дайындадым».

36 Жойат уулу Беная падышага мындай деди: «Оомийин! Мырзам падышанын Кудай-Теңири да ушинтип айтсын!

37 Кудай-Теңир мырзам падыша менен болгондой эле, Сулайман менен да болсун. Ал анын тактысын менин мырзам Дөөт падышанын тактысынан да жогору кылсын!»

38 Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Садок, Натан пайгамбар, Жойат уулу Беная, керейликтер менен пелейликтер Сулайманды Дөөт падышанын качырына мингизип, Гихонго алып жөнөштү.

39 Ыйык кызмат кылуучу Садок жыйын чатырынан мүйүзгө куюлган зайтун майын алып, Сулайманды майлады. Анан сурнай тартышты, бүт эл: «Жашасын Сулайман падыша!» – деп жар салды.

40 Бүт эл Сулайманды коштоп жүрдү. Эл чоор тартып, аябай кубанып, жер жаңырта кыйкырып жатты.

41 Муну Адония жана анын чакырган коноктору тамак жеп бүтүшөрү менен угушту. Жойап сурнай үнүн угуп: «Бул эмне деген ызы-чуу? Шаарда эмне болуп жатат?» – деп сурады.

42 Ал сүйлөп жатканда, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар уулу Жонатан келди. Адония: «Кир, сен жакшы адам элең, жакшы кабар менен келгендирсиң», – деди.

43 Жонатан Адонияга мындай деп жооп берди: «Ооба, мырзабыз Дөөт падыша Сулайманды падыша койду.

44 Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокту, Натан пайгамбарды, Жойат уулу Бенаяны, керейликтер менен пелейликтерди аны менен кошо жиберди, алар аны падышанын качырына мингизишти.

45 Ыйык кызмат кылуучу Садок менен Натан пайгамбар аны Гихондо падыша кылып майлашты. Алар ал жактан кубаныч менен кайтышты, шаар кыймылга келди. Силер уккан ызы-чуу мына ушундан».

46 Сулайман падышачылык такка отургандан кийин,

47 падышанын кулдары мырзабыз Дөөт падышаны куттуктаганы келип: «Кудайың Сулаймандын атын сеникинен да жогору кылсын, анын тактысын сеникинен да жогору койсун!» – дешти. Падыша төшөгүндө отуруп таазим кылды.

48 Анан падыша: «Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Бүгүн Ал менин тагыма өз уулумду отургузду, муну менин көзүм көрдү!» – деди.

49 Ошондо Адониянын чакырган конокторунун баары корккондорунан тура калып, ар кимиси өз жолуна түштү.

50 Адония болсо Сулаймандан коркуп, ордунан турду да, барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.

51 Сулайманга мындай деп билдиришти: «Адония Сулайман падышадан коркуп, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармап алып: “Сулайман падыша кулун кылычтап өлтүрбөйм деп, мага азыр ант берсин”, – деп жатат».

52 Ошондо Сулайман: «Эгерде ал ак ниет адам болсо, анда бир тал чачы да жерге түшпөйт. Эгерде арам ою болсо, анда өлөт», – деди.

53 Анан Сулайман падыша киши жиберип, аны курмандык чалынуучу жайдан алдырды. Ал келип, Сулайман падышага таазим кылды. Сулайман ага: «Yйүңө бар!» – деди.

2-БӨЛҮМ

Дөөттүн Сулайманга айткан керээзи

1 Дөөт өлөр күнү жакындап калганда, уулу Сулайманга мындай керээз айтты:

2 «Мына, мен бардык адамдар баруучу жайга кеткени жатам, сен болсо бекем, кайраттуу бол.

3 Эмне гана кылба, бардык нерседе, кайда гана барба, бардык жерде акыл-эстүү болушуң үчүн, Кудай-Теңириңдин Мусанын мыйзамында жазылган мыйзамдарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн, осуяттарын аткар, Анын жолдору менен жүр, Анын келишимин сакта.

4 Теңир Өзүнүн мен жөнүндө айткан сөзү аткарылышы үчүн мындай деген эле: “Эгерде сенин уулдарың чын жүрөктөн, жан-дили менен Менин алдымда туура жүрүү үчүн, өздөрүнүн жолдоруна көз салып жүрсө, анда сенин тукумуңдан Ысрайылдын тагында отурган адам үзүлбөйт”.

5 Серуянын уулу Жойаптын мага эмне кылганын, Ысрайылдын эки аскер башчысы Нейир уулу Абенер менен Жетер уулу Амасага эмне кылганын, бейпил убакта кан төгүп, аларды кандай өлтүргөнүн, белиндеги курун, бутундагы бут кийимин канга боёгонун билесиң.

6 Ошондуктан акылга салып иш кыл, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга тынчтык менен жөнөтпө.

7 Ал эми гилаттык Барзелай уулдарына жакшылык кыл, алар сенин дасторконуңдан тамактангандардын арасында болсун, анткени агаң Абышаломдон качып жүргөнүмдө, алар мага жардамга келишкен.

8 Сенде Бенжемин уруусундагы бакуримдик Гейранын уулу Шемей да бар. Мен Маханайимге бара жатканда, ал мени абдан жаман сөздөр менен тилдеген. Бирок ал мени Иордандын жанынан тосуп чыкканда, мен ага Теңир менен: “Мен сени кылычтап өлтүрбөйм”, – деп ант берип койгом.

9 Сен болсо аны жазасыз калтырба, анткени сен акылдуу адамсың, ага эмне кылышты билесиң, анын ак чач башын өлгөндөр жаткан жайга канга боёп жөнөт».

Дөөттүн көз жумушу

10 Ошентип, Дөөт ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду.

11 Дөөт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды. Ал жети жыл Хеброндо, отуз үч жыл Иерусалимде падышачылык кылды.

12 Сулайман атасы Дөөттүн тагына отурду, анын падышачылыгы абдан бекем болду.

Адониянын өлүшү

13 Падышанын Кагыттан төрөлгөн уулу Адония Сулаймандын энеси Бат-Шебага келди. Бат-Шеба: «Тынчтык менен келдиңби?» – деп сурады. Адония болсо: «Тынчтык менен», – деп жооп берди.

14 Анан мындай деди: «Сага айтчу сөзүм бар». Бат-Шеба ага: «Айта бер», – деди.

15 Адония мындай деди: «Сен билесиң, падышачылык мага таандык эле. Бүт Ысрайыл мени өздөрүнүн падышасы катары карачу, бирок падышачылык менден четтеп, менин бир тууганыма тийди, анткени бул Теңирден болду.

16 Эми сенден бир нерсе сурайын, жок дей көрбө». Ал ага: «Айт», – деди.

17 Адония: «Сулайман падыша менен сүйлөш, суранам сенден, анткени ал сага жок дебейт, шунамдык Абишаганы мага аялдыкка берсин», – деди.

18 Бат-Шеба мындай деди: «Болуптур, сен жөнүндө падыша менен сүйлөшөйүн».

19 Бат-Шеба Адония жөнүндө сүйлөшүү үчүн, Сулайман падышага кирди. Падыша ордунан тура калып таазим кылды да, тагына кайра отурду. Падышанын энесине да такты коюшту, ал анын оң жагына отуруп, мындай деди:

20 «Сага бир кичине өтүнүч менен келдим, жок дебе», – деди. Падыша ага: «Сурагын, энеке, сага кантип жок дейин», – деди.

21 Энеси ага: «Бир тууганың Адонияга шунамдык Абишаганы аялдыкка бер», – деди.

22 Сулайман падыша энесине: «Шунамдык Абишаганы эмне үчүн Адонияга сурап жатасың? Анда ага падышачылыкты да кошо сура, анткени ал менин улуу агам, ыйык кызмат кылуучу Абыйатар менен Серуянын уулу Жойап – анын достору», – деп жооп берди.

23 Анан Сулайман Теңир менен мындай деп ант берди: «Адония ушул сөзү үчүн өз өмүрү менен жооп бербей турган болсо, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын.

24 Мени бекемдеп, атам Дөөттүн тагына отургузган, Өзү айткандай, мага жана менин тукумума падышачылыкты берген Теңир тирүү! Адония ушул күнү өлүшү керек».

25 Анан Сулайман падыша Жойаттын уулу Бенаяны жиберди, ал Адонияны өлтүрдү. Ошентип, ал өлдү.

Абыйатардын ыйык кызматтан четтетилиши. Жойаптын өлүшү

26 Ал эми ыйык кызмат кылуучу Абыйатарга падыша: «Өз жериң Анатотко кет. Сен өлүмгө татыктуусуң, бирок азыр мен сени өлтүрбөйм, анткени сен атам Дөөттүн алдында Эгедер Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөнсүң, атам тарткан азапты сен да тарткансың», – деди.

27 Сулайман Абыйатарды Теңирге ыйык кызмат кылуудан четтетти. Ошентип, Теңирдин Шилодо Эйлинин тукуму жөнүндө айткан сөзү аткарылды.

28 Бул жөнүндө Жойапка да жетти. Ал Сулайман жакка ообой, Адония жакка оогон эле. Ошондуктан Жойап Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрүн кармады.

29 Жойаптын Теңирдин жыйын чатырына качып барып, курмандык чалынуучу жайдын жанында турганын Сулайман падышага билдиришти. Сулайман Жойат уулу Бенаяны: «Барып, аны өлтүр», – деп жиберди.

30 Беная Теңирдин жыйын чатырына келип, ага мындай деди: «Падыша сага: “Бери чык”, – деп жатат». Жойап болсо: «Жок, мен ушул жерде өлгүм келет», – деди. Беная падышага: «Жойап ушинтип айтты, мага ушинтип жооп берди», – деп жеткирди.

31 Падыша ага мындай деди: «Аны өзү айткандай кылып өлтүрүп, көргө кой. Жойап төккөн күнөөсүз канды менин жана атамдын тукумунун мойнунан алып ташта.

32 Өзүнөн мыкты, айыпсыз эки жоокерди өлтүргөндүгү үчүн, алардын каны анын мойнунда болсун. Ал атам Дөөткө билдирбей, Ысрайылдын аскер башчысы Нейир уулу Абенерди жана Жүйүттүн аскер башчысы Жетер уулу Амасаны кылычтап өлтүргөн.

33 Алардын каны түбөлүккө Жойаптын жана анын тукумунун мойнунда болсун, ал эми Дөөткө, анын тукумуна, үй-бүлөсүнө, тагына Теңирден түбөлүккө тынчтык болсун!»

34 Жойат уулу Беная барды да, Жойапты кылыч менен сайып өлтүрдү. Ал чөлдөгү өз үйүнө коюлду.

35 Сулайман падыша Жойат уулу Бенаяны Жойаптын ордуна аскер башчы койду. Ыйык кызмат кылуучу Садокту болсо Абыйатардын ордуна койду.

Шемейдин өлүшү

36 Падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «Иерусалимге үй салып, ушул жерде жаша, бул жерден эч жакка чыкпа.

37 Билип кой, чыккан күнү, Кидрон суусунан өткөн күнү сөзсүз өлөсүң. Өз каның өз мойнуңда болот».

38 Шемей падышага мындай деди: «Жакшы болот, мырзам падыша кандай буйруса, кулуң ошондой аткарат». Ошентип, Шемей Иерусалимде көпкө жашады.

39 Бирок үч жылдан кийин Шемейдин эки кулу Гат падышасы Мааханын уулу Акиштикине качып кетти. Шемейге: «Сенин кулдарың Гатта», – деп айтышты.

40 Шемей турду да, эшегин токуп, кулдарын издеп таап келүү үчүн, Гатка, Акиштикине жөнөдү. Гаттан Шемей кулдарын алып кайтып келди.

41 Шемейдин Иерусалимден чыгып, Гатка барып келгенин Сулайманга билдиришти.

42 Ошондо падыша Шемейди чакыртып, ага мындай деди: «“Билип кой, сен чыккан күнү, бир жакка барган күнү сөзсүз өлөсүң”, – деп, Теңир менен ант бербедим беле? Сен мага: “Жакшы болот”, – дебедиң беле.

43 Эмне үчүн сен Теңир алдында ант берип айткан буйругумду аткарган жоксуң?»

44 Анан падыша Шемейге мындай деп айтты: «Атам Дөөткө жасаган жамандыгыңдын баарын билесиң, жүрөгүң да билет. Ошол жамандыгыңды Теңир өз мойнуңа салсын!

45 Ал эми Сулайманга Теңир батасын берсин! Теңир алдында Дөөттүн тагы түбөлүккө бекем болсун!»

46 Падыша Жойат уулу Бенаяга буйрук кылды. Ал барып, Шемейди өлтүрдү.

3-БӨЛҮМ

Сулаймандын сыйынуусу

1 Сулайман Мисир падышасы фараон менен туугандашып, анын кызын аялдыкка алды. Өзүнүн үйүн, Теңир үйүн, Иерусалим дубалдарын кура элек болгондуктан, аялын Дөөттүн шаарына алып келди.

2 Бирок эл курмандыкты дагы эле бийик жерлерде чалып жаткан, анткени ошол убакка чейин Теңирдин ысымына арналып үй курула элек эле.

3 Сулайман Теңирди сүйдү, атасы Дөөттүн осуяты боюнча жүрдү, бирок ал да бийик жерлерде курмандык чалчу, жыпар жыттуу зат түтөтчү.

4 Курмандык чалуу үчүн, падыша Гибонго кетти, анткени ал жерде чоң курмандык чалынуучу жай бар эле. Ошол курмандык чалынуучу жайда Сулайман бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан миңди чалды.

5 Гибондо, түн ичинде Сулаймандын түшүнө Теңир кирди. Кудай ага: «Сура, сага эмне берейин?» – деди.

6 Сулайман мындай деди: «Сен Өз кулуң Дөөткө, менин атама, зор ырайым көрсөттүң. Ал Сенин алдыңда туура, түз жүрүп, чынчыл болгондугу үчүн Сен ага ушул улуу ырайымды сактадың, тагына отура турган уул бердиң. Ал мына ушул күндө жүзөгө ашып отурат.

7 Кудай-Теңирим, Сен азыр кулуңду атам Дөөттүн ордуна падыша кылдың, бирок мен жашмын, көп нерсени билбейм.

8 Кулуң Өзүң тандаган элиңдин, көп сандаган элиңдин арасында турат, көптүгүнөн аларды санап чыгуу да, карап чыгуу да мүмкүн эмес.

9 Сенин элиңди башкарууга, жаман-жакшыны ажырата билүүгө Өз кулуңа акылдуу жүрөк бер, анткени Сенин көп сандуу элиңди ким башкара алат?»

10 Сулаймандын бул суранычы Теңирге жакты.

11 Кудай ага: «Сен ушуну сураганың үчүн, узун өмүрдү, байлыкты жана душмандарыңдын жанын сурабай, туура бийлик жүргүзүүгө акыл сураганың үчүн

12 Мен сенин сөзүң боюнча кылам. Мына, мен Сага акылдуу, даанышман жүрөк берип жатам, сендей адам сенден мурун да болгон эмес, сенден кийин да болбойт.

13 Мен сага сен сурабаган нерсени, байлыкты, даңкты берип жатам, андыктан өмүрүң өткөнчө, падышалар арасында сендей адам болбойт.

14 Эгерде сен атаң Дөөттөй болуп, Менин жолум менен жүрсөң, мыйзамдарым менен осуяттарымды аткарсаң, Мен сенин өмүрүңдү да узун кылам», – деди.

15 Сулайман ойгонгондо, бул түш экенин билди. Анан ал Иерусалимге барып, Теңирдин келишим сандыгынын алдында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, кызматчыларына чоң той берди.

Сулаймандын даанышмандыгы

16 Ошондо бузулган эки аял келип, падышанын алдында турду.

17 Аялдын бири мындай деди: «Оо мырзам! Бул аял экөөбүз бир үйдө жашайбыз. Ошол үйдө мен мунун көз алдында төрөдүм.

18 Мен төрөгөндөн кийин, үчүнчү күнү бул аял да төрөдү. Экөөбүз чогуу болчубуз, үйдө бизден бөлөк эч ким жок эле. Yйдө экөөбүз эле болчубуз.

19 Түн ичинде бул аялдын баласы өлүп калды. Анткени ал уктап калып, баласын басып өлтүрүп алды.

20 Анан ал түн ичинде, күңүң мен уктап жатканда, туруп келип, менин баламды өзүнүн койнуна алып, өзүнүн өлгөн баласын менин койнума салып коюптур.

21 Баламды эмизейин деп, эртең менен турсам, ал өлүп калыптыр. Эртең менен жакшылап карасам, ал мен төрөгөн бала эмес экен».

22 Анда тиги аял: «Жок, менин балам тирүү, сенин балаң өлгөн», – деди. Ал эми берки аял: «Жок, өлгөн бала сеники, менин балам тирүү», – деди. Падышанын алдында алар ушинтип талашып жатышты.

23 Ошондо падыша мындай деди: «Бул аял: “Тирүү бала меники, өлгөн бала сеники”, – дейт. Тиги аял болсо: “Жок, өлгөн бала сеники, тирүү бала меники”, – дейт».

24 Анан падыша: «Мага кылычты алып бергиле», – деди. Падышага кылычты алып келип беришти.

25 Падыша: «Тирүү баланы экиге бөлө чаап, жарымын бирине, жарымын экинчисине бергиле», – деди.

26 Баласы тирүү аял баласын аяп, жан алакетке түшүп, падышага: «Оо мырзам! Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө», – деди. Тиги аял болсо: «Бөлө чапкыла, бала меники да, аныкы да болбосун», – деди.

27 Ошондо падыша: «Тирүү баланы буга бергиле, аны өлтүрбөгүлө, анткени бул – анын энеси», – деп жооп берди.

28 Бүт Ысрайыл падышанын өкүмү жөнүндө укту, ошондон кийин падышадан коркуп калышты, анткени анда сот жүргүзүү үчүн Кудайдан болгон даанышмандык бар экенин көрүштү.

4-БӨЛҮМ

Сулаймандын убагындагы башкаруучулар

1 Ошентип, Сулайман бүт Ысрайылга падыша болуп турду.

2 Анын кол астындагы башкаруучулары мына булар эле: ыйык кызмат кылуучу: Садоктун уулу Азария.

3 Катчылар: Шиши уулдары Элихореп менен Акия. Тарыхчы: Акилут уулу Жошапат.

4 Аскер башчы: Жойат уулу Беная. Ыйык кызмат кылуучулар: Садок менен Абыйатар.

5 Натан уулу Азария – дубан кызматчылардын үстүнөн башчы, ыйык кызмат кылуучу Натандын уулу Забут – падышанын досу.

6 Падыша сарайынын башчысы – Акишар, салык жыйноочулардын башчысы – Абда уулу Адонурам.

7 Сулаймандын бүткүл Ысрайылга койгон он эки башкаруучусу бар эле, алар падышага, анын үйүнө азык-түлүк жеткирип турушчу. Ар бири жыл сайын бир айга жеткидей азык жеткирчү.

8 Алардын аттары: Эпрайым тоосун Хур уулу,

9 Макасты, Шаалбимди, Бейт-Шемешти, Эйлонду жана Бейт-Кананды Декер уулу,

10 Арубатты Хесет уулу башкарчу. Сохо менен бүт Хейпер жерин да ал башкарчу.

11 Бүтүн Напат-Дорду Абинадап уулу башкарчу. Сулаймандын кызы Тафат анын аялы эле.

12 Акилут уулу Баана Таанахты, Мегидону, Изрейелдин төмөн жагындагы Саретандын жанындагы Бейт-Шейанды, Бейт-Шейандан Абел-Мекелге чейинки жерлерди, атүгүл, Жокмаамдын ары жагындагы жерлерди да башкарчу.

13 Гебер уулу Гилаттын Рамотун башкарчу. Анын карамагында Менашенин уулу Жайырдын Гилаттагы кыштактары бар эле. Ошондой эле анын карамагына Башандагы Аргоп дубаны дубалдуу жана жез кулпулуу алтымыш чоң шаары менен тиешелүү эле.

14 Маханайимди Идо уулу Акинадап башкарчу.

15 Напталы жерин Акимаас башкарчу. Ал Сулаймандын кызы Басематты аялдыкка алган.

16 Бейалот жана Ашыр жерин Хушайдын уулу Баана башкарчу.

17 Исахар жерин Паруахтын уулу Жошапат башкарчу.

18 Бенжемин жерин Эйланын уулу Шимей башкарчу.

19 Гилат жерин, Амор падышасы Сихондун жерин жана Башан падышасы Огдун жерин Ури уулу Гебер башкарчу.

Сулаймандын убагындагы бакыбат жашоо

20 Деңиз жээгиндеги кумдай көп Жүйүт менен Ысрайыл ичип-жеп, көңүл ачып жатты.

21 Сулайман Эфрат дарыясынан Пелишти жерине чейинки, Мисир жерине чейинки бүт падышачылыктарга ээлик кылды. Алар Сулаймандын көзү өткөнчө кызмат кылып, тартуу алып келип турушту.

22 Сулаймандын бир күнкү азык-түлүгү отуз кор буудай унунан, алтымыш кор башка ундан,

23 бугулардан, жейрендерден, бөкөндөрдөн жана семиртилген канаттуулардан тышкары бордолгон он өгүздөн, жайыттан алынган жыйырма өгүздөн, жүз койдон турган.

24 Анткени ал дарыянын берки өйүзүндөгү бардык жерге, Типсактан Азага чейин, дарыянын берки өйүзүндөгү бардык падышаларга үстөмдүк кылды жана тегерегиндеги бардык өлкөлөр менен тынчтыкта болду.

25 Сулаймандын көзү өткөнчө, Дандан Бейер-Шебага чейин жаткан Ысрайыл менен Жүйүт эли өздөрүнүн анжыр жыгачынын, жүзүм багынын астында бейкапар жашады.

26 Сулаймандын майдан арабага чегилген аттары үчүн кырк миң мамысы, аттары үчүн он эки миң мамысы бар эле.

27 Ошол башкаруучулардын ар бири өзүнө белгиленген айда Сулайман падышанын дасторконуна тиешелүү болгон бардык нерселерди жеткирип турушту, аны эч нерсеге муктаж кылышкан жок.

28 Падыша конуш алган жерге ар бири өз кезеги менен аттарга, качырларга арпа, саман жеткирип турушту.

29 Кудай Сулайманга деңиз жээгиндеги кумдай көп акылмандык, даанышмандык, кеменгерлик берди.

30 Сулаймандын акылмандуулугу чыгыш уулдарынын бүт акылмандуулугунан жана мисирликтердин бүт акылмандуулугунан жогору эле.

31 Ал бардык адамдардан акылдуу болчу, акылы эзрахилик Эйтандан, Эйман, Калкол, Дарда, Махол уулдарынан алда канча өйдө болчу. Тегерек-четтеги бардык элдерге аты чыкты.

32 Ал үч миң накыл сөз айткан, анын бир миң беш ыры бар эле.

33 Ошондой эле дарактар жөнүндө, Лебанондогу кедр жыгачынан баштап дубалга жабышып өсүүчү иссопко чейин айткан. Жаныбарлар, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар жөнүндө айткан.

34 Сулаймандын акылмандыгы жөнүндө уккан жер үстүндөгү бардык падышачылыктардан, бардык элдерден анын акылмандуулугун угуу үчүн келип турушчу.

5-БӨЛҮМ

Сулаймандын ийбадаткана курууга даярданышы

1 Тир падышасы Хирам Сулаймандын атасынын ордуна падыша болуп майланганын угуп, ага өкүлдөрүн жөнөттү, анткени Хирам Дөөттүн түбөлүк досу болгон.

2 Сулайман да Хирамга мындай деп айттырды:

3 «Өзүң билесиң, атам Дөөт тегерегиндеги элдер менен согушуп тургандыктан, Теңир ал элдерди анын бут алдына жыкканга чейин, өз Кудай-Теңиринин ысымына арнап үй кура алган жок.

4 Ушул кезде мага Кудай-Теңирим бардык жактан тынчтык берди. Душман жок, мындан ары тоскоолдук кыла турган эч ким жок.

5 Теңир атам Дөөткө: “Сенин ордуңа, тагыңа Мен отургуза турган уулуң Менин ысымыма арнап үй курат”, – деген, ошондуктан мен Кудай-Теңиримдин ысымына арнап үй курууну ниет кылып жатам.

6 Андыктан мен үчүн Лебанондон кедр дарагын кыюуну буйрук кыл. Менин кулдарым сенин кулдарың менен бирге болот, мен сенин кулдарыңа сен белгилегендей акы төлөйм, анткени бизде дарак кыюуну сидондуктардай билген киши жок экенин сен билесиң».

7 Сулаймандын сөзүн укканда, Хирам абдан кубанып: «Ушул көп элди башкаруу үчүн, Дөөткө акылман уул берген Теңир даңкталсын!» – деди.

8 Хирам Сулайманга мындай деп айттырды: «Мага элчи жибергениңдин себебин уктум, кипарис жана кедр жыгачтары жөнүндөгү бүт каалооңду аткарам.

9 Менин кулдарым жыгачтарды Лебанондон деңизге жеткиришет, сен айткан жерге деңиз аркылуу сал менен жеткирип, жыйып коюшат, аларды ошол жерден аласың. Бирок сен да менин каалоомду аткарып, үй-бүлөмө дан жеткиртип бер».

10 Хирам Сулаймандын каалоосун толук аткарып, кипарис жана кедр жыгачтарын берип турду.

11 Сулайман болсо Хирамга, анын үйү үчүн жыйырма миң кор буудай, жыйырма миң кор жанчылган зайтун майын берип турду. Жыл сайын Сулайман Хирамга ушунчадан берип турду.

12 Теңир Сулайманга убада кылган акылмандыкты берди. Сулайман менен Хирам өз ара келишим түзүп, тынчтыкта болушту.

13 Анан Сулайман падыша бүт Ысрайылга милдеттенме берди. Милдеттенмени аткаруучулардын саны отуз миң адам болду.

14 Аларды Лебанонго ай сайын он миңден кезек менен жөнөтүп турду. Алар бир ай Лебанондо, эки ай үйлөрүндө болуп турушту. Аларга Адонурам башчылык кылды.

15 Сулаймандын тоодо оор жүк көтөргөн жетимиш миң адамы, таш сомдогон сексен миң адамы болгон.

16 Элдин ишин көзөмөлдөө үчүн, Сулайман үч миң үч жүз башчы койгон.

17 Падыша үйдүн пайдубалы үчүн чоң, кымбат, жылмаланган таштарды ташып келүүнү буйрук кылды.

18 Аларды Сулаймандын, Хирамдын жумушчулары жана гебалдыктар сомдошкон. Алар үй курууга жыгачтар менен таштарды даярдашкан.

6-БӨЛҮМ

Ийбадаткананын курулушу

1 Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына төрт жүз сексен жыл болгондо, Сулаймандын Ысрайылга падыша болгонуна төрт жыл болгондо, Зуп айында, экинчи айда ал Теңирге арнап ийбадаткана кура баштады.

2 Теңирге арнап Сулайман курган ийбадаткананын узундугу алтымыш, туурасы жыйырма, бийиктиги отуз чыканак эле.

3 Ийбадаткананын алдындагы кире бериш бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак (имараттын туурасына барабар), туурасы он чыканак эле.

4 Сулайман үйгө тосмо торлуу, ачылбаган терезелерди жасады.

5 Ийбадаткананын дубалын тегерете, ийбадаткананы тегерете, ички бөлмөнү тегерете курулуш улады. Тегерете каптал бөлмөлөрдү курду.

6 Үйгө улай салынган курулуштун төмөнкү кабатынын туурасы беш чыканак, ортоңкусунун туурасы алты чыканак, үчүнчүсүнүн туурасы жети чыканак болду, улай салынган курулуш ийбадаткананын дубалына тийип турбаш үчүн, ийбадаткананын сыртына тегерете чыгып турган кошумча дубал тургузулду.

7 Ийбадаткана курулуп жатканда, ага жылмаланган таштар пайдаланылды. Ийбадаткананы куруу убагында балтанын да, балканын да, башка темир куралдардын да үнү угулган жок.

8 Yйгө улай салынган курулуштун ортоңку кабатына кирүүчү эшик оң жагында эле. Тегерек тепкич аркылуу ортоңкуга, ал эми ортоңкудан үчүнчү кабатка чыгышкан.

9 Сулайман ийбадаткананы куруп бүтүп, сыртын кедр тактайы менен каптады.

10 Ийбадаткананын бардык капталына бийиктиги беш чыканак бөлмөлөрдү курду. Ийбадатканага алар кедр устундары менен бириктирилди.

11 Сулайманга Теңирден сөз болду, ага мындай айтылды:

12 «Сен ийбадаткананы куруп жатасың, эгерде сен Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарым боюнча жүрүп, осуяттарымдын баарын сактап, аткара турган болсоң, анда Мен атаң Дөөткө айткан сөзүмдү орундатам.

13 Ысрайыл уулдарынын арасында жашап, Өз элим Ысрайылды таштабайм».

14 Сулайман ийбадаткананы куруп бүттү.

15 Ал ийбадаткананын ичин кедр тактайы менен каптады. Ийбадаткананын полунан шыбына чейин тактай менен каптап, полуна кипарис тактайын төшөдү.

16 Ийбадаткананын арт жагынан, четинен жыйырма чыканак ары карай дубал тургузду. Шыбы менен дубалын кедр тактайы менен каптап, ички бөлмөнү курду.

17 Ийбадаткананын алдыңкы бөлүгү кырк чыканак эле.

18 Ийбадаткананын ичиндеги кедр тактайынын бетине бадыраңдын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтү оюлуп түшүрүлдү. Баары кедр менен капталып, ташы көрүнбөй калды.

19 Ийбадаткананын ичине жасалган ички бөлмөнү ал Теңирдин келишим сандыгын коюу үчүн даярдады.

20 Ички бөлмөнүн узундугу жыйырма чыканак, туурасы жыйырма чыканак, бийиктиги да жыйырма чыканак болду. Аны таза алтын менен каптады. Кедрден жасалган курмандык чалынуучу жайды да алтын менен каптады.

21 Сулайман ийбадаткананын ичин таза алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдына алтын чынжыр тартып, аны да алтын менен каптады.

22 Ийбадаткананы бүт бойдон алтын менен каптады, ички бөлмөнүн алдындагы курмандык чалынуучу жайды да бүт бойдон алтын менен каптады.

23 Ички бөлмөгө зайтун жыгачынан бийиктиги он чыканак болгон эки керуп жасады.

24 Керуптун бир канаты беш чыканак, экинчи канаты беш чыканак эле. Бир канатынын четинен экинчи канатынын четине чейин он чыканак болчу.

25 Экинчи керуп да он чыканак болчу. Эки керуптун өлчөмү менен сырткы көрүнүшү бирдей эле.

26 Эки керуптун тең бийиктиги он чыканак эле.

27 Ал керуптарды ийбадатканадагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосуна койду. Керуптардын канаты жазылып, бирөөнүн канаты дубалдын бир жагына, экинчи керуптун канаты дубалдын экинчи жагына тийип турчу. Алардын экинчи канаттары да ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн ортосунда бири-бирине тийишип турчу.

28 Ал керуптарды да алтын менен каптады.

29 Ийбадаткананын бардык дубалынын бетине керуптардын, пальмалардын, ачылган гүлдөрдүн сүрөттөрүн ичинен да, тышынан да оюп түшүрдү.

30 Ийбадаткананын ички жана алдыңкы бөлмөлөрүнүн полун алтын менен каптады.

31 Ички бөлмөнүн кире беришиндеги эшикти жана беш бурчтуу кашегин зайтун жыгачынан жасады.

32 Зайтун жыгачынан жасалган, эки жакка ачылма эшиктердин бетине керуптардын, пальмалардын жана ачылган гүлдөрдүн сүрөтүн оюп түшүрүп, алтын менен каптады. Керуптарды да, пальмаларды да алтын менен каптады.

33 Ийбадаткананын эшигинин төрт бурчтуу кашегин да зайтун жыгачынан жасады.

34 Кипарис жыгачынан эки эшик жасады. Бир эшигинин эки каалгасын да, экинчи эшиктин эки каалгасын да жылып турма кылды.

35 Алардын бетине да керуптарды, пальмаларды жана ачылган гүлдөрдү оюп түшүрүп, алтын менен каптады.

36 Жылмаланган таштардан үч катар, кедр устундарынан бир катар коюп, ички короону курду.

37 Ал төртүнчү жылдын Зуп айында Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалын койгон.

38 Ал эми он биринчи жылдын Бул айында – сегизинчи айда ийбадаткананы жана ага тиешелүү бардык нерселерди долбоор боюнча бүтүрдү. Аны жети жыл курду.

7-БӨЛҮМ

Падыша сарайынын курулушу

1 Ал эми өз үйүн Сулайман он үч жылда куруп бүтүрдү.

2 Ал Лебанондун жыгачынан үй тургузду, анын узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги отуз чыканак эле. Кедрден төрт катар мамы орнотту. Мамылардын үстүнө кедр устундары коюлду.

3 Бир катарда он бештен турган кырк беш мамынын үстүнө кедр секи жабылды.

4 Бири-бирине тушташ үч катар терезе коюлду.

5 Бардык эшиктер жана алардын кашектери төрт бурчтуу болду, үч катар терезелер бири-бирине тушташ болду.

6 Узундугун элүү чыканак, туурасын отуз чыканак кылып, мамылардан кире бериш бөлмө курду. Анын алдына мамыларды тургузду, тепкичтүү аянтча жана босого курду.

7 Бийлик жүргүзүүчү тагы бар дагы бир кире бериш бөлмө курду. Сот жүргүзүү үчүн кире бериш бөлмө куруп, анын полуна кедр төшөдү.

8 Өзү жашаган үйдүн кире бериш бөлмөсүнүн артындагы короону да ушундай жасады. Сулайман аялдыкка алган фараондун кызынын үйүнө да ушундай кире бериш бөлмө курду.

9 Мунун баары, пайдубалынан баштап үй чатырынын астындагы чыгып турган кырбусуна чейин, сырт жагынан чоң короого чейин ичи-тышы арааланган, өлчөмү менен жылмаланган кымбат таштардан жасалды.

10 Yйдүн пайдубалына он чыканак жана сегиз чыканак болгон чоң, кымбат таштар коюлду.

11 Анын үстүнө да өлчөмү менен жылмаланган таштар, кедр жыгачы коюлду.

12 Чоң короо үч катар коюлган жылмаланган таштар менен, бир катар коюлган кедр устундары менен тегерете тосулган. Теңирдин ийбадатканасынын ички короосу да, кире бериш бөлмөсү да ушундай эле.

13 Сулайман падыша Тирге киши жиберип, Хурамды чакыртты.

14 Ал Напталы уруусундагы жесир аялдын уулу эле. Анын атасы тирлик зергер болгон. Ал жезден ар кандай нерселерди жасаган жөндөмдүү, чебер уста эле. Ал Сулайман падышага келип, анын ар кандай жумуштарын кылды.

15 Ал бийиктиги он сегиз чыканак болгон эки жез мамы жасады, эки мамыны тең он эки чыканак чынжыр менен курчады.

16 Мамынын башына коюуга жезден эки таажы куйду. Бир таажынын бийиктиги беш чыканак, экинчи таажыныкы да беш чыканак эле.

17 Мамылардын үстүндөгү таажылар үчүн согулган торлорду жана чынжыр түрүндөгү боолорду жасады. Ар бир таажыга жетиден чынжыр.

18 Мамылардын үстүндөгү таажыларды жаап туруш үчүн, ал торду айланта эки катар анар жемишин жасады. Экинчи таажыга да дал ошондой жасады.

19 Ал эми кире бериш бөлмөдөгү мамылардын үстүндөгү таажылардын бийиктиги төрт чыканак болуп, лилия гүлүнө окшош жасалды.

20 Эки мамынын үстүнө, тордун жанындагы чыгып турган капталынын үстүнө таажылар жасалды. Башка таажыга да тегерете катар-катар эки жүз анар жемишин жасады.

21 Мамыларды ийбадаткананын кире бериш бөлмөсүнүн алдына койду. Оң жагына койгон мамыга Жахин деген ат берди, сол жагына койгон мамыга Бууз деген ат берди.

22 Мамылардын үстүнө лилия гүлүнө окшош жасалган таажыларды койду. Мамылар ушундайча жасалып бүттү.

23 Бир четинен экинчи четине чейин он чыканак болгон, жезден куюлган тептегерек чоң чара жасады, анын бийиктиги беш чыканак, аны отуз чыканак чынжыр менен тегерете курчады.

24 Чаранын кырбусунун астына жез бадыраңдар тегерете эки катар болуп кошо куюлду, бир чыканакка он бадыраң туура келди. Бадыраңдар чара менен бирге куюлду.

25 Ал чара он эки өгүздүн үстүндө турган. Өгүздөрдүн үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турган. Алардын үстүнө чара коюлган, өгүздөрдүн арты чаранын астына кирип турган.

26 Анын калыңдыгы алакандай эле, жээги болсо табактын жээгиндей, ачылган лилия гүлүнө окшош жасалган. Анын сыйымдуулугу эки миң бат эле.

27 Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, аларды жезден жасады. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун узундугу төрт чыканак, туурасы төрт чыканак, бийиктиги үч чыканак эле.

28 Дөңгөлөктүү койгучтардын түзүлүшү мындай: алардын капталдары болгон, капталдары бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосунда болгон.

29 Бурчтарындагы тирөөчтөрдүн ортосундагы капталдарына арстандардын, өгүздөрдүн, керуптардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бурчтарындагы тирөөчтөрдө да ошондой, ал эми өгүздөр менен арстандардын өйдө жагына да, ылдый жагына да бажырайган гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

30 Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун жезден жасалган төрт дөңгөлөгү жана октору болгон. Анын төрт бурчуна, идиштин астына уркуюп чыгып турган тирөөч куюлуп жасалган, бардык тарабына гүлдөр оюлуп түшүрүлгөн.

31 Дөңгөлөктүү койгучтун ичинин тереңдиги бир чыканак. Анын ичи тегерек болгон, диаметри бир жарым чыканак, ага өрүлгөн оймолор түшүрүлгөн. Бирок анын капталдары тегерек эмес, төрт бурчтуу.

32 Капталдарынын астына төрт дөңгөлөк октору менен бекитилген, ар бир дөңгөлөктүн диаметри бир жарым чыканак.

33 Дөңгөлөктөрдүн түзүлүшү майдан арабанын дөңгөлөктөрүнүн түзүлүшүнө окшош. Дөңгөлөктөрдүн октору, алкактары, чабактары жана күпчөктөрү куюлуп жасалган.

34 Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун төрт бурчу уркуюп чыгып турган. Анын бурчтары уркуюп чыгып турган.

35 Дөңгөлөктүү койгучтун үстү тегерек болуп жасалган, анын бийиктиги жарым чыканак. Дөңгөлөктүү койгучтун жогору жагына – капталдарына туткалары кошо куюлуп жасалган.

36 Анын туткаларынын бетине, капталдарына керуптардын, арстандардын, пальмалардын жана гүлдөрдүн сүрөтүн тегерете жыш түшүрдү.

37 Ал он дөңгөлөктүү койгучту мына ушундай жасады. Куюлуп жасалган алардын баарынын өлчөмү, сырткы көрүнүшү бирдей.

38 Анан жезден он жуунгуч жасады. Жуунгучтардын ар биринин сыйымдуулугу кырк бат. Ар бир жуунгучтун бийиктиги төрт чыканак. Ар бир дөңгөлөктүү койгучтун үстүнө жуунгуч коюлган.

39 Ийбадаткананын оң жагына беш, сол жагына беш дөңгөлөктүү койгуч койду. Ал эми чоң чараны ийбадаткананын оң жагына, түштүк-чыгыш тарабына койду.

40 Ошентип, Хурам жуунгучтарды, калактарды, чараларды жасады. Хурам Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падыша тапшырган бардык жумушту бүтүрдү.

41 Эки мамыны жана алардын башын курчаган эки таажыны, мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап турган эки торду,

42 эки тордун үстүнө төрт жүз анарды жасады, анарлар торлордо эки катар болуп жайгаштырылган. Ал анарлар мамылардын башын курчаган эки таажыны жаап туруу үчүн жасалган.

43 Анан ал он дөңгөлөктүү койгуч жасады, ал дөңгөлөктүү койгучтардын үстүнө он жуунгуч жасады.

44 Бир чоң чара жана анын астындагы он эки өгүздү,

45 казандарды, калактарды, чараларды жасады. Теңирдин ийбадатканасы үчүн Сулайман падышага Хурам жасап берген бардык нерселер жылмаланып жылтыратылган жезден эле.

46 Падыша аларды Иордандын жанында, Саретан менен Сукоттун ортосундагы чопо топурактуу жерде куйган.

47 Анан Сулайман ушул нерселердин бардыгын өз ордуна койду. Алардын өтө көптүгүнөн жездин салмагы аныкталган жок.

48 Сулайман Теңирдин ийбадатканасындагы бардык буюмдарды жасады. Алтындан курмандык чалынуучу жай, нан курмандыктары коюлуучу үстөл,

49 таза алтындан ийбадаткананын арткы бөлмөсүнүн алдына, сол жагына жана оң жагына беш-бештен чырактан, алтындан чырактарды, гүлдөрдү, кычкачтарды,

50 таза алтындан табактарды, бычактарды, чараларды, салгычтарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, алтындан ийбадаткананын ички бөлмөсүнүн – ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнүн эшиктеринин илгичтерин, ийбадаткананын эшиктеринин илгичтерин жасады.

51 Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасы үчүн бардык жумуштарды мына ушундай бүтүрдү. Сулайман атасы Дөөттүн Теңирге арнаган алтын-күмүштөрүн, буюмдарын алып келип, Теңирдин ийбадатканасынын казыналарына тапшырды.

8-БӨЛҮМ

Келишим сандыгынын ийбадатканага киргизилиши

1 Ошондо Сулайман падыша Ысрайылдын аксакалдарын, уруу башчыларын, үй-бүлө башчыларын Иерусалимге чакырды, анткени Дөөттүн шаарынан, атап айтканда, Сиондон Теңирдин келишим сандыгын алып келүү керек эле.

2 Жетинчи деп эсептелген Эйтаним айында бардык ысрайылдыктар майрамга, Сулайман падышанын алдына чогулушту.

3 Ысрайылдын бүт аксакалдары келишти. Ыйык кызмат кылуучулар келишим сандыгын көтөрүштү.

4 Алар Теңирдин келишим сандыгын, жыйын чатырын, анын ичиндеги бардык ыйык буюмдарды көтөрүп жөнөштү. Аларды ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер көтөрүп жүрүштү.

5 Ал эми Сулайман падыша жана анын алдына чогулган бүт Ысрайыл жамааты келишим сандыгынын алдында бара жатышты. Бодо, майда малдан курмандыкка чалып бара жатышты, көптүгүнөн аларды саноого мүмкүн эмес эле.

6 Ыйык кызмат кылуучулар Теңирдин келишим сандыгын ийбадаткананын ички бөлмөсүнө, ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнө алып кирип, керуптардын канаттарынын астындагы орунга коюшту.

7 Анткени сандык коюлуучу жерде керуптар канаттарын жайып турушкан. Сандыкты жана анын шыргыйларын керуптар жаап турган.

8 Шыргыйлардын учтары ички бөлмөнүн алдындагы ыйыктын ыйыгы бөлмөсүнөн көрүнүп турчу, бирок сыртына чыгып турчу эмес. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде.

9 Сандыкта эки таш лооктон башка эч нерсе жок эле. Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Теңир алар менен келишим түзгөндө, Муса ал таш лоокторду Хорепте сандыкка салган болчу.

10 Ыйык кызмат кылуучулар ыйык жайдан чыкканда, булут каптап, Теңирдин үйүн толтурду.

11 Булут каптап тургандыктан, ыйык кызмат кылуучулар кызмат кыла алышкан жок, анткени Теңирдин даңкы Теңирдин ийбадатканасын толтуруп турган эле.

12 Ошондо Сулайман: «Теңир Өзүнүн караңгылыкта жашоону кааларын айткан.

13 Сен түбөлүк жашашың үчүн, Сага ийбадаткана тургуздум», – деди.

Сулаймандын элге кайрылышы

14 Анан падыша бурулуп, чогулган ысрайылдыктарга батасын берди. Ысрайылдыктардын бүткүл жамааты туруп турду.

15 Падыша аларга мындай деди: «Атам Дөөткө Өз оозу менен айткан, ушул күндө Өз колу менен аткарган Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк! Ал мындай деп айткан:

16 “Өз элим Ысрайылды Мисирден алып чыккан күндөн бери Ысрайыл урууларынын бир да шаарын Өзүмдүн ысымым болуп тура турган үй курууга тандап алган жокмун. Бирок Ысрайыл элимди башкарсын деп, Дөөттү тандап алдым”.

17 Атам Дөөттүн жүрөгүндө Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургузам деген каалоо бар эле.

18 Бирок Теңир атам Дөөткө: “Сенин жүрөгүңдө Менин ысымыма арнап ийбадаткана курам деген каалоо бар. Жүрөгүңдө ушул каалоонун болгону жакшы.

19 Бирок ийбадаткананы сен курбайсың. Менин ысымыма арнап ийбадаткананы өз дениңден чыккан уулуң курат”, – деген.

20 Теңир Өзү айткан сөздү аткарды. Теңир Өзү айткандай, мен атам Дөөттүн ордун басып, Ысрайылдын тагына отуруп, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин ысымына арнап ийбадаткана тургуздум.

21 Ата-бабаларыбызды Мисир жеринен алып чыкканда, Теңирдин алар менен түзгөн келишими салынган сандык үчүн ошол жерге орун даярдадым».

Сулаймандын сыйынуусу

22 Сулайман Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында, бүткүл Ысрайыл элинин алдында туруп, колдорун асманга көтөрүп, мындай деди:

23 «Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жогоруда асманда жана төмөндө жерде Сендей Кудай жок. Сага чын жүрөгү менен берилген кулдарыңа Сен Өзүңдүн келишимиңди сактап, ырайымыңды көрсөтөсүң.

24 Сен Өз кулуң Дөөткө, атама, айткан Өз сөзүңдү аткардың. Өз оозуң менен айтканды Өз колуң менен ушул күнү аткардың.

25 Ысрайылдын Кудай-Теңири, “Сен Менин алдымда жүргөндөй, сенин уулдарың да Менин алдымда жүрүшсө, өз жолдоруна көңүл бурушса, Менин алдымда сенин тукумуң Ысрайылдын тагынан түшпөйт”, – деп, Өз кулуң Дөөткө, атама, айткан Өз сөзүңдү эми аткар.

26 Ысрайылдын Кудайы, кулуң Дөөткө, менин атама, айткан сөзүң ушул күнү орундалса экен!

27 Бирок Кудай жерде жашамак беле? Сени мен курган бул ийбадаткана түгүл, асман да, асмандын асманы да батыра албайт.

28 Бирок Өз кулуңдун сыйынуусуна, өтүнүчүнө кулак сала көр, Кудай-Теңирим! Кулуңдун Сага жалбарган үнүн жана сыйынуусун ук.

29 “Менин ысымым ошол жерде болот”, – деп Өзүң айткан ушул жерден, ушул ийбадатканадан күнү-түнү көзүңдү алба. Ушул жерде сыйынган Өз кулуңдун сыйынуусун ук.

30 Ушул жерде Өз кулуң жана Өз элиң Ысрайыл сыйынганда, алардын жалынуусун ук. Өзүң жашаган жайдан – асмандан угуп, ырайым кыл.

31 Жакынына каршы күнөө кылган адамдын каргануусун талап кылышканда, ал карганыш үчүн Сенин курмандык чалынуучу жайыңдын алдына, ушул ийбадатканага келгенде,

32 Сен асмандан ук, Өз кулдарыңдын үстүнөн сот жүргүз, күнөөлүүнү айыпта, анын кылган ишин өз мойнуна жүктө, айыпсызды акта, ага актыгына жараша тиешесин бер.

33 Өз элиң Ысрайыл Сенин алдыңда күнөө кылгандыгы үчүн душманга жеңилип калганда, Өзүңө кайрылып, Сенин ысымыңды даңктаганда, ушул ийбадатканада Өзүңдөн жалынып сураганда,

34 аны асмандан угуп, Өз элиң Ысрайылдын күнөөсүн кечир, алардын ата-бабаларына берген жерге кайра алып кел.

35 Сенин алдыңда күнөө кылышкандыгы үчүн асман жабылып, жамгыр жаабай калганда, алар ушул жерде сыйынып, Сенин ысымыңды даңктап, күнөөсүнөн баш тартышканда,

36 Сен асмандан ук, Өзүңдүн кулдарыңдын, Өзүңдүн Ысрайыл элиңдин күнөөлөрүн кечир, аларга жүрө турган туура жолду көрсөт, Өз элиңе мураска берген Өз жериңе жамгыр жаадыр.

37 Жерде ачарчылык, же жугуштуу оору, же куйкалоочу шамал болгондо, же эгинди коңур дат басканда, же жерди чегиртке, курт каптаганда, же душман аларды өздөрүнүн жеринде кысымга алганда, же оору, же алаамат каптаганда,

38 Өз элиң Ысрайылдын ичинен кайсы бир адам сыйынып жалынганда, алар алааматты жүрөгү менен сезип, ушул ийбадатканага колун сунушканда,

39 Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан угуп, ырайым кыл. Алардын жүрөгүн карап көрүп, ар кимге өз жолуна жараша тиешесин бер, анткени адам баласынын жүрөгүн бир гана Сен билесиң.

40 Сен Өзүң ата-бабаларыбызга берген жерде жашап жатканда, алар бардык убакта Сенден коркушу үчүн ушундай кыл.

41-43 Сенин улуу ысымың, сунулган колуң жана күчтүү билегиң жөнүндө уккан Сенин элиң Ысрайылдын ичинен эмес, бөтөн элден, алыскы жерден Сенин ысымың үчүн кимдир бирөө келип, ушул ийбадаткананын жанында сыйынса, Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан ук, Сени чакырган ошол бөтөн элдик адамдын сураганын бер. Сенин ысымыңды жер бетиндеги бардык элдер билиши үчүн, Өз элиң Ысрайыл сыяктуу Сенден коркушу үчүн, мен курган ушул ийбадаткана Сенин ысымың менен аталарын билиши үчүн ушундай кыл.

44 Сенин элиң Сен жиберген жол менен өз душманына каршы согушка чыкканда, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап, Сага сыйынганда,

45 Сен асмандан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

46 Алар Сенин алдыңда күнөө кылышканда (анткени күнөө кылбаган адам жок), Сен каарданып, аларды душман колуна салып бергенде, душмандар аларды туткундап, алыскы же жакынкы душман жерине алып кетишкенде,

47 алар туткунда жүргөн жерде күнөөлөрү үчүн өкүнүп, аларды туткундап кеткендердин жеринде Сага: “Биз күнөө кетирдик, мыйзамсыз иштерди кылдык, биз айыптуубуз”, – деп сыйынышканда,

48 аларды туткундап кеткен душмандардын жеринде алар Сага чын жүрөгү менен, жан-дили менен кайрылышканда, Сен алардын ата-бабаларына берген жерди, Сен тандап алган шаарды, Сенин ысымыңа арнап мен курган ийбадаткананы карап сыйынышканда,

49 Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан алардын сыйынуусун, өтүнүчүн ук, аларга керектүүсүн бер.

50 Өз элиңдин Сенин алдыңда кылган күнөөсүн, Сенин алдыңда кылган мыйзамсыздыгын кечир. Аларга ырайымдуу мамиле кылышы үчүн, аларды туткунга алгандардын жүрөгүндө аёо сезимин ойгот.

51 Анткени алар Сен Мисирден, темир мештен алып чыккан Өз элиң жана Өз энчиң.

52 Өз кулуң жана Өз элиң Ысрайыл Сени чакырганда, алардын сыйынуусун дайыма ук, көздөрүң ачык болуп турсун.

53 Анткени, Эгедер Теңир, Сен ата-бабаларыбызды Мисирден алып чыккандан кийин, Өзүңдүн кулуң Муса аркылуу айткандай, аларды бардык элдердин арасынан бөлүп алып, Өзүңө энчилеп алгансың!»

Сулаймандын элге бата бериши

54 Сулайман Теңирге ушинтип сыйынып, өтүнүчүнүн баарын айтып бүткөндөн кийин, Теңирдин курмандык чалынуучу жайынын жанында тизелеп турган жеринен турду, анын колдору болсо жогору көтөрүлүп турган.

55 Туруп, Ысрайылдын бүткүл жамаатына катуу үн менен мындай деп батасын берди:

56 «Өзү айтканындай, Өз эли Ысрайылга тынчтык берген Теңир даңкталсын! Анын Өз кулу Муса аркылуу айткан жакшы сөздөрүнүн бири да аткарылбай калган жок.

57 Кудай-Теңир биздин ата-бабаларыбыз менен болгондой эле, биз менен да болсун, бизди таштабасын, бизди калтырбасын.

58 Биз Анын жолдору менен жүрүшүбүз үчүн, Анын ата-бабаларыбызга берген осуяттарын, буйруктарын, мыйзамдарын аткарышыбыз үчүн, жүрөгүбүздү Өзүнө бурсун.

59 Теңирдин алдында сыйынганда айткан бул сөздөрүм күнү-түнү Кудай-Теңирибиздин жүрөгүндө болсун, Өз кулуна жана Өзүнүн эли Ысрайылга эмне керек болсо, ошону күн сайын берсин.

60 Теңир Кудай экенин, Андан башка Кудай жок экенин бардык элдер билишсин.

61 Буйруктарын аткарып жашашыңар үчүн жана осуяттарын сакташыңар үчүн, жүрөгүңөр азыркыдай эле Кудай-Теңирибизге толук берилсин».

Ийбадаткананын ыйыкталышы

62 Анан падыша жана бардык ысрайылдыктар Теңирге арнап курмандык чалышты.

63 Сулаймандын Теңирге арнап чалган тынчтык курмандыктары булар: жыйырма эки миң бодо, жүз жыйырма миң майда мал. Падыша жана бардык Ысрайыл уулдары Теңирдин ийбадатканасын ушинтип ыйыкташты.

64 Ошол эле күнү падыша Теңирдин ийбадатканасынын алдындагы короонун ортоңку бөлүгүн ыйыктап, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарынын майларын өрттөдү. Теңир алдындагы жезден жасалган курмандык чалынуучу жай бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыктарын өрттөөгө кичинелик кылды.

65 Сулайман бүт Ысрайыл эли менен жети күн, дагы жети күн, бардыгы он төрт күн майрам өткөрдү. Биздин Кудай-Теңирибиздин алдына Хаматтын кире беришинен Мисир дарыясына чейин жашаган жамаат чогулду.

66 Сулайман сегизинчи күнү элди таратты. Алар падышага бата берип, Теңирдин Өз кулу Дөөткө жана Өз эли Ысрайылга көрсөткөн ырайымына чын жүрөктөрүнөн кубанып, шаттанып, чатырларына кайтышты.

9-БӨЛҮМ

Теңирдин Сулайманга келиши

1 Сулайман Теңирдин ийбадатканасын, падыша сарайын куруп бүттү, эмнени кааласа, ошонун баарын жасап бүттү.

2 Ошондо Теңир мурда Гибондо келгендей, ага экинчи жолу келди.

3 Теңир ага мындай деди: «Мен сенин сыйынууңду жана өтүнүчүңдү уктум. Сен курган бул ийбадатканада Менин ысымым түбөлүк жашашы үчүн, Мен аны ыйыктадым. Менин көзүм да, жүрөгүм да ал жерде дайыма болот.

4 Эгер сен Мен сага осуят кылгандардын бардыгын аткарып, Менин алдымда атаң Дөөт сыяктуу таза жүрөк менен адил жашасаң, Менин буйруктарым менен мыйзамдарымды сактасаң,

5 анда “Сенин тукумуң Ысрайыл элинин тагынан түшпөйт” деп, атаң Дөөткө айтканымдай, сенин падышачылык тагыңды Ысрайылга түбөлүк коём.

6 Эгерде силер да, уулдарыңар да Менден четтеп кетсеңер, Менин силерге берген осуяттарым менен буйруктарымды аткарбасаңар, башка кудайларга кызмат кылып, табына баштасаңар,

7 анда Мен Өзүм берген жерден Ысрайылды жок кылам, Өзүмдүн ысымым үчүн ыйыктаган ийбадаткананы таштап кетем, ошондо Ысрайыл бүт элдер арасында лакап жана күлкү болот.

8 Ушул бийик ийбадаткананын жанынан өткөн ар бир адам үрөйү учуп, ышкырып: “Теңир бул жерди жана бул ийбадаткананы эмне үчүн ушундай кылды?” – деп айтат.

9 Ошондо: “Булар ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккан өздөрүнүн Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларды кабыл алып, аларга табынып, кызмат кылышкандыгы үчүн ушул алааматтын баарын Теңир алардын башына салды”, – деп айтышат».

Сулайман менен Хирамдын ортосундагы келишим

10 Сулайман эки үйдү – Теңир үйү менен падыша сарайын жыйырма жылда куруп бүттү.

11 Тир падышасы Хирам Сулайманга каалашынча кедр жана кипарис жыгачын, алтын жеткирип тургандыгы үчүн, Сулайман падыша Хирамга Галилея жеринен жыйырма шаар берди.

12 Хирам Сулайман берген шаарларды көрүү үчүн, Тирден чыкты. Бирок алар ага жаккан жок.

13 Ал: «Бир тууганым, сен мага эмне деген шаарларды бергенсиң?» – деди. Анан Хирам аларды Кабул жери деп атады, ушул күнгө чейин ал ушундай аталат.

14 Падышага Хирам жүз жыйырма талант алтын жөнөттү.

Сулаймандын убагында Ысрайылдын гүлдөшү

15 Сулайман падыша Теңирдин ийбадатканасын, өз үйүн курууга, Мило сепилин, Иерусалим дубалын, Хатсорду, Мегидону жана Гезерди калыбына келтирүүгө жумшоо үчүн ушундай салык салган эле.

16 Мисир падышасы фараон келип, Гезерди басып алды да, аны өрттөп, шаарда жашаган канаандыктарды кырып, аны Сулаймандын аялы болгон өз кызынын себине берди.

17 Сулайман Гезерди жана төмөнкү Бейт-Коронду,

18 Баалатты жана чөлдөгү Тадморду,

19 эгин сактай турган бардык шаарларды, майдан арабалар үчүн, атчан аскерлер үчүн шаарларды, Иерусалимде, Лебанондо жана өзүнө караштуу бардык жерлерде эмнени кургусу келсе, ошолордун бардыгын курду.

20 Аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, хибиликтердин жана жебустуктардын аман калгандарын,

21 Ысрайыл уулдары жок кыла албай калган алардын балдарын Сулайман кул сыяктуу жумушка салды, ушул күнгө чейин ошондой.

22 Сулайман Ысрайыл уулдарын жумушка салган жок, аларды жоокер, кызматчы, төрө, аскер башчы, майдан арабаларга жана атчан жоокерлерге башчы кылды.

23 Сулаймандын жумушчуларынын үстүнөн караган көзөмөлдөөчүлөрдүн саны беш жүз элүү болчу.

24 Фараондун кызы Дөөттүн шаарынан Сулайман куруп берген үйгө көчүп келди. Анан Сулайман Мило сепилин курду.

25 Сулайман Теңирге арнап өзү курган курмандык чалынуучу жайга жылына үч жолу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалып, Теңирдин алдында жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турду. Ошентип, ал үйдү куруп бүтүрдү.

26 Сулайман падыша ошондой эле Эдом жериндеги, Кызыл деңиздин жээгиндеги, Эйлаттын жанындагы Этсатон-Геберде кеме курду.

27 Хирам деңизди жакшы билген кол астындагы кемечилерин Сулаймандын кол астындагы кишилери менен бирге кеме менен жөнөттү.

28 Алар Опирге сүзүп барып, ал жактан Сулайман падышага төрт жүз жыйырма талант алтын алып келишти.

10-БӨЛҮМ

Шебалык падыша аял

1 Теңирдин ысымын даңктаган Сулаймандын даңкы жөнүндө уккан шебалык падыша аял аны табышмак айтып сынаганы келди.

2 Ал Иерусалимге өтө көп байлык менен келди. Төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды, көп сандаган алтындарды, асыл таштарды жүктөп алган эле. Ал Сулайманга келип, жүрөгүндөгү бардык нерсе жөнүндө аны менен сүйлөштү.

3 Сулайман анын бардык суроолоруна жооп берди. Падыша билбеген, жооп бере албаган бир да суроо болгон жок.

4 Шебалык падыша аял Сулаймандын акылмандуулугун жана анын курган үйүн,

5 анын дасторконундагы тамак-ашын, кулдарынын турак-жайын, анын кызматчыларынын кызматын, алардын кийимдерин, анын шарап сунуучуларын, Теңирдин ийбадатканасында бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалганын көрдү. Таң калганын жашыра албай, падышага мындай деди:

6 «Өз жеримде сенин иштериң менен акылмандуулугуң жөнүндө уккандарым чындык экен.

7 Бирок келип, өз көзүм менен көрмөйүнчө, айтылган сөздөргө ишенген эмес элем. Мага жарымы да айтылбаптыр. Сен мен уккандан да акылдуу экенсиң, байлыгың мен уккандан да көп экен.

8 Дайыма сенин алдыңда туруп, акылмандуулугуңду уккан элиң да, кызматчыларың да бактылуу!

9 Сени Ысрайылдын тагына отургузуп, сага ырайым кылган Кудай-Теңириңе даңк! Теңир Ысрайылды түбөлүктүү сүйүү менен сүйгөндүктөн, адилет жана туура сот жүргүзсүн деп, сени падыша коюптур».

10 Ал падышага жүз жыйырма талант алтын, өтө көп жыпар жыттуу зат жана асыл таш белек кылды. Сулайман падышага шебалык падыша аял тартуу кылганчалык көп жыпар жыттуу зат эч качан келген эмес.

11 Опирден алтын ташыган Хирамдын кемеси менен Опирден өтө көп кызыл жыгач жана асыл таштарды алып келишти.

12 Ошол кызыл жыгачтардан падыша Теңирдин ийбадатканасынын, падыша сарайынын тепкичтери үчүн тосмолорду, ырчылар үчүн гуслилер менен арфаларды жасатты. Мынчалык көп кызыл жыгач буга чейин эч качан келген эмес, мындайды ушул күнгө чейин эч ким көргөн эмес.

13 Сулайман падыша шебалык падыша аялга өз колу менен берген белектеринен тышкары анын каалаганынын жана сураганынын баарын берди. Анан ал кулдары менен өз жерине кайтты.

Сулайман падышанын байлыгы

14 Сулайманга жыл сайын келүүчү алтындын салмагы алты жүз алтымыш алты алтын талант.

15 Андан тышкары, соодагерлер, көпөстөр, Аравиянын бардык падышалары, дубан башчылары ага алтын алып келип турушчу.

16 Сулайман падыша алтынды балка менен согуп, эки жүз чоң калкан жасады. Ар бир калканга алты жүз шекелден алтын кетти.

17 Алтынды балка менен согуп, үч жүз кичине калкан жасады, ар бир калканга үчтөн мина алтын кетти. Падыша аларды Лебанон жыгачынан курулган үйгө койду.

18 Падыша пилдин сөөгүнөн чоң такты жасап, аны таза алтын менен каптады.

19 Ал тактынын алты баскычы бар эле. Тактынын артынын жогору жагы тегерек болчу, орундугунун эки жагында чыканак койгучу бар болчу. Тактынын эки капталында эки арстан турчу.

20 Алты баскычтын эки жагында он эки арстан турчу. Мындай бир да падышачылыкта болгон эмес.

21 Сулайман падышанын суусундук ичүүчү идиштеринин бардыгы алтындан, Лебанон жыгачынан курулган үйдөгү идиштердин бардыгы таза алтындан эле. Күмүштөн жасалган эч нерсе жок болчу, анткени Сулаймандын убагында күмүш бааланчу эмес.

22 Себеби Хирамдын кемеси менен бирге падышанын деңизде Таршыш кемеси болгон. Таршыш кемеси менен үч жылда бир жолу алтын-күмүштөр, пил сөөгү, маймылдар жана тоос куштары алып келинип турчу.

23 Сулайман падыша байлыгы жана акылмандуулугу жагынан бүт жер жүзүндөгү падышалардан жогору эле.

24 Кудай тарабынан берилген Сулаймандын акылмандуулугун угуш үчүн, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сулайманды көргүлөрү келген.

25 Алар ага белек катарында алтын жана күмүш идиштерди, кийимдерди, куралдарды, жыпар жыттуу заттарды, аттарды жана качырларды жыл сайын тартуулап турушчу.

26 Ошондой эле Сулайман майдан арабаларын жана атчан жоокерлерин көбөйттү. Анын атчан жоокерлери он эки миң, майдан арабалары бир миң төрт жүз болду. Падыша аларды майдан арабалар үчүн курулган шаарларга жана өзү жашаган шаарга, Иерусалимге жайгаштырды.

27 Падыша Иерусалимде күмүштү жөнөкөй таштарга теңеди, кедр жыгачы өтө көп болгондуктан, аларды ойдуңда өсүүчү тытка теңеди.

28 Сулайман падышага аттарды Кебейден жана Мисирден алып келишчү. Аларды Кебейден падышанын соодагерлери акчага сатып алышчу.

29 Мисирден алып келинген бир майдан араба алты жүз шекел күмүш, ал эми бир ат жүз элүү шекел күмүш турчу. Алар мунун баарын ушундай жол менен хеттик жана арамейлик падышаларга өз колдору менен жеткирип беришчү.

11-БӨЛҮМ

Сулаймандын Кудайды унутушу

1 Сулайман падыша фараондун кызынан башка, жат жердик көп аялдарды: мааптык, амондук, эдомдук, сидондук, хеттик аялдарды сүйдү.

2 Теңир Ысрайыл уулдарына ал элдер жөнүндө: «Алар силердин жүрөгүңөрдү өз кудайларына буруп кетпеши үчүн, аларга кошулбагыла, алар да силерге кошулбасын», – деп айткан эле. Сулайман аларды сүйүп, аларга жүрөгүн берди.

3 Анын жети жүз аялы, үч жүз күң аялы бар эле. Ал аялдар анын жүрөгүн ээлеп, жолдон чыгарышты.

4 Сулайман карып калган мезгилде, аялдары анын жүрөгүн башка кудайларга бурушту, анын жүрөгү атасы Дөөттүн жүрөгү сыяктуу Кудай-Теңирге толук берилген жок.

5 Сулайман сидондуктардын кудайы Ашейрага жана амондуктардын жийиркеничине – Милкомго кызмат кыла баштады.

6 Сулайман Теңирге жакпаган иштерди кылды, атасы Дөөт сыяктуу Теңирди толук ээрчиген жок.

7 Сулайман Иерусалимдин чыгышындагы тоого мааптыктардын жийиркеничине – Кемошко, амондуктардын жийиркеничине – Молохко арнап буткана курду.

8 Өз кудайларына арнап жыпар жыттуу зат түтөткөн жана курмандык чалган бардык жат жердик аялдары үчүн ал ушундай кылды.

9 Эки жолу келген Ысрайылдын Кудай-Теңиринен жүрөгүн алыстаткандыгы үчүн, Теңир Сулайманга каарданды.

10 Теңир ага башка кудайларды ээрчибөөнү буйрук кылды, бирок ал Теңирдин буйругун аткарган жок.

11 Ошондо Теңир Сулайманга мындай деди: «Ушундай кылганың үчүн, Менин келишимимди, сага буйруган мыйзамдарымды сактабаганың үчүн, сенден падышачылыкты тартып алып, өзүңдүн кулуңа берем.

12 Бирок атаң Дөөт үчүн Мен муну сенин убагыңда кылбайм. Аны сенин уулуңдун колунан тартып алам.

13 Бирок падышачылыкты толугу менен тартып албайм. Өз кулум Дөөт үчүн, Өзүм тандап алган Иерусалим үчүн уулуңа бир урууну берем».

Сулаймандын душмандары

14 Ошентип, Теңир Эдом падышасынын тукумунан эдомдук Адатты Сулайманга душман кылды.

15 Дөөт Эдомдо жүргөндө, аскер башчы Жойап өлтүрүлгөндөрдү көргө койгону келип, Эдомдогу эркек аттуунун баарын кырып салганда,

16 Жойап менен ысрайылдыктар Эдомдогу эркек аттуулардын баарын кырып бүткөнчө, ал жерде алты ай жашап турушкан.

17 Ушул Адат жана анын атасына кызмат кылган бир нече эдомдук Мисирге качып кетишкен. Ошондо Адат кичинекей бала болчу.

18 Алар Мидиан жеринен чыгып, Паранга келишкен. Анан алар Парандан кишилерди алып, Мисирге, Мисир падышасына, фараонго келишкен. Фараон ага үй берген, кызмат акы белгилеген, жер берген.

19 Адат фараондон чоң ырайым тапкан, андыктан ал ага өзүнүн аялы ханыша Тахпенестин сиңдисин аялдыкка берген.

20 Тахпенестин сиңдиси ага Генубат аттуу уул төрөп берген. Аны Тахпенес фараондун үйүндө тарбиялаган. Генубат фараондун балдары менен бирге фараондун үйүндө жашаган.

21 Адат Дөөттүн ата-бабаларына кошулганын жана аскер башчы Жойаптын өлгөнүн укканда, фараонго: «Мени коё бер, өз жериме кетейин», – деген.

22 Фараон ага: «Өз жериңе кеткиң келгидей, менин жеримде бир нерсеге муктаж болуп жатасыңбы?» – деген. Ал: «Эч нерсеге муктаж болгон жокмун, бирок мени коё бер», – деп жооп берген.

23 Өз мырзасы Соба падышасы Ададезерден качып кеткен Элийада уулу Резонду да Кудай Сулайманга душман кылды.

24 Адедазар Дөөттөн жеңилип калганда, Резон тегерегине кишилерди топтоп, каракчылар тобунун жетекчиси болуп алган. Алар Дамаскка барып отурукташып, Дамаскта бийлик кылышкан.

25 Ал Сирияга падыша болуп алып, Сулаймандын өмүрү өткөнчө, Ысрайылга душман болду. Адат кылган жамандыктан тышкары ал Ысрайылга дайыма зыян келтирчү.

Кудайдын Жаробамга берген убадасы

26 Эпрайым уруусунан серейдалык Небат уулу Жаробам, Сулаймандын кулу, падышага кол көтөрдү. Анын жесир калган энесинин аты – Серуя.

27 Анын падышага кол көтөргөнүнүн себеби мындай: Сулайман Мило сепилин куруп, атасы Дөөттүн шаарын оңдоп жатты.

28 Жаробам эр жүрөк жигит эле. Сулайман бул жаш жигиттин ишке жөндөмдүү экендигин байкап, аны Жусуптун тукумундагы жумушчуларга көзөмөлдөөчү кылып дайындады.

29 Ошол убакта Жаробам Иерусалимден чыкты. Ага жолдон шилолук Акия пайгамбар жолукту. Анын кийими жаңы эле. Талаада алар экөө гана болчу.

30 Акия кийимин чечип, аны он эки бөлүк кылып айрып салды.

31 Анан Жаробамга мындай деди: «Он бөлүгүн өзүңө ал, анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мына, Мен Сулаймандын колунан падышачылыкты тартып алып, он урууну сага берип жатам.

32 Ал эми ага Менин кулум Дөөт үчүн жана бүт Ысрайыл урууларынын ичинен Мен тандап алган Иерусалим шаары үчүн бир уруу калат.

33 Анткени алар Мени таштап, Сидон кудайы Ашейрага, Маап кудайы Кемошко, Амон кудайы Милкомго табына башташты. Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган атасы Дөөттөй болбой, Менин алдымда Мага жакпаган иштерди кылышты, Менин жолум менен жүрүшкөн жок.

34 Мен анын колунан бүт падышачылыкты тартып албайм, Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактаган, Өзүм тандап алган кулум Дөөт үчүн Мен аны өмүрү өткөнчө өкүмдар кылып калтырам.

35 Бирок падышачылыкты анын уулунун колунан тартып алып, сага он урууну берем.

36 Өзүмдүн ысымым болуп турушу үчүн тандап алган Иерусалим шаарында, Менин алдымда кулум Дөөттүн чырагы түбөлүккө жаркырап турушу үчүн, анын уулуна бир урууну берем.

37 Мен сени тандап алдым, сен жүрөгүң каалаган нерсенин бардыгынын үстүнөн бийлик кыласың, Ысрайылга падыша болосуң.

38 Эгер сен Менин кулум Дөөттөй болуп, Мен берген осуяттардын бардыгын сактасаң, Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин көз алдымда Мага жаккан иштерди кылсаң, Мен берген мыйзамдар менен буйруктардын бардыгын аткарсаң, Мен сени менен болуп, Дөөттүн үйүн тургузгандай, сенин үйүңдү бекем тургузам, Ысрайылды сага берем.

39 Мен Сулайман үчүн Дөөт тукумун басынтам, бирок түбөлүккө эмес”».

40 Сулайман Жаробамды өлтүргүсү келди, бирок Жаробам турду да, Мисирге, Мисир падышасы Шишакка качып кетти. Ал Мисирде Сулайман өлгөнгө чейин жашады.

Сулаймандын көз жумушу

41 Сулаймандын калган сөздөрү, кылган бардык иштери, акылмандуулугу Сулаймандын иштери жазылган китепте баяндалган.

42 Сулайман Иерусалимде, бүт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды.

43 Сулайман ата-бабаларына кошулду, сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Рехабам тактыга отурду.

12-БӨЛҮМ

Ысрайылдын эки падышачылыкка бөлүнүшү

1 Рехабам Шекемге кетти, анткени аны такка отургузуу үчүн, бүт Ысрайыл эли Шекемге келди.

2 Сулайман падышадан качып, дагы эле Мисирде жүргөн Небат уулу Жаробам бул жөнүндө угуп, Мисирден кайтып келди.

3 Киши жиберип, аны чакыртышты. Ошондо Жаробам жана ысрайылдыктардын бүт жамааты Рехабамга келип, мындай деп айтышты:

4 «Сенин атаң биздин мойнубузга оор моюнтурук салган, эми сен атаң жүктөгөн оор жумушту, мойнубузга салган оор моюнтурукту жеңилдет, ошондо биз сага кызмат кылабыз».

5 Рехабам аларга: «Баргыла да, үч күндөн кийин мага кайра келгиле», – деди. Эл тарап кетти.

6 Рехабам падыша атасы Сулайман тирүү кезинде анын алдында жүргөн карыялар менен кеңешип: «Бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?» – деди.

7 Алар ага: «Эгер сен ушул күнү бул элге кул болуп, аларга кызмат кылсаң, аларды ыраазы кылсаң, аларга жакшы сөздөрдү айтсаң, анда алар түбөлүккө сага кул болушат», – деп айтышты.

8 Бирок ал карылардын айткан кеңешин четке какты. Ал өзү менен бирге өскөн, алдында кызмат кылган жаштар менен кеңешти.

9 Аларга мындай деди: «“Атаң мойнубузга салган моюнтурукту жеңилдет”, – деген бул элге эмне деп жооп берейин? Кандай кеңеш бересиңер?»

10 Аны менен бирге өскөн жаштар ага мындай дешти: «“Атаң мойнубузга оор моюнтурук салган, сен аны жеңилдет”, – деп айткан элге: “Менин чыпалагым атамдын белинен жоонураак.

11 Атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салып эзген болсо, мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм”, – деп айт».

12 Падышанын «Yч күндөн кийин мага келгиле» деген буйругу боюнча үчүнчү күнү Жаробам жана бүт эл Рехабамга келишти.

13 Падыша элге катаал жооп берди, карыялардын берген кеңешин четке какты.

14 Ал жаш адамдардын кеңеши менен: «Менин атам силердин мойнуңарга оор моюнтурук салган, а мен аны андан бетер оорлотом. Атам силерди камчы менен жазалаган, а мен силерди тикенек менен жазалайм», – деди.

15 Падыша элге кулак салган жок, анткени Теңирдин шилолук Акия аркылуу Небат уулу Жаробамга айткан сөзү ордунан чыгышы үчүн Теңир тарабынан ушундай белгиленген эле.

16 Бүт ысрайылдыктар падышанын укпай койгонун көрүштү. Ошондо эл падышага: «Дөөттө биздин кайсы бөлүгүбүз бар эле? Жышайдын уулунда үлүшүбүз жок. Ысрайыл, өз-өз чатырыңа жөнө! Дөөт, эми сен өз тукумуңду бил!» – деп айтты. Ошентип, Ысрайыл өз чатырларына тарады.

17 Рехабам Жүйүттүн шаарларында жашаган Ысрайыл уулдарына гана падышачылык кылды.

18 Рехабам падыша салык жыйноочулардын башчысы Адонурамды жиберди, бирок ысрайылдыктар аны таш бараңга алып өлтүрүп салышты. Рехабам падыша Иерусалимге качып кетиш үчүн, шашылыш түрдө майдан арабага түштү.

19 Ысрайыл ушул күнгө чейин Дөөттүн тукумуна каршы.

20 Ысрайылдыктар Жаробамдын кайтып келгенин угушканда, киши жиберип, аны жыйынга чакыртышып, ысрайылдыктарга падыша кылып алышты. Дөөт тарапта Жүйүт жана Бенжемин урууларынан башка эч ким калган жок.

Шемайдын пайгамбарчылыктары

21 Рехабам Иерусалимге келип, Ысрайыл уруулары менен согушуп, Сулаймандын уулу Рехабамга падышачылыкты кайтарыш үчүн, бүткүл Жүйүт уруусунан жана Бенжемин уруусунан тандалган жүз сексен миң аскер топтоду.

22 Кудайдын кишиси Шемайга Кудайдан мындай сөз айтылды:

23 «Жүйүт падышасы Сулаймандын уулу Рехабамга, Жүйүт жана Бенжемин урууларына жана калган элге айт:

24 Теңир мындай дейт: “Бир тууганыңар Ысрайыл уулдарына барбагыла жана согуш баштабагыла. Ар бириңер үйүңөргө кайткыла, анткени бул Менден болду”». Алар Теңирдин тилин алышып, Теңирдин сөзү боюнча кайра кайтышты.

Жаробамдын жасалма кудайга табынышы

25 Жаробам Эпрайым тоосундагы Шекемди чеп куруп бекемдеп, ошол жерге отурукташты. Ал жерден чыгып, Пенуелди чеп куруп бекемдеди.

26 Анан Жаробам өз жүрөгүндө мындай деди: «Падышачылык Дөөттүн тукумуна кайра өтүп кетиши ыктымал.

27 Эгерде бул эл Иерусалимдеги Теңир үйүнө курмандык чалууга бара турган болсо, анда бул элдин жүрөгү өз өкүмдарына, Жүйүт падышасы Рехабамга тартылып кетет. Анан мени өлтүрүп, Жүйүт падышасы Рехабамга кайра кетип калышат».

28 Анан падыша кеңешип, алтындан эки букачар жасап, элге: «Силерге Иерусалимге баруунун кереги жок. Ысрайыл, сени Мисир жеринен алып чыккан кудайларың мына!» – деди.

29 Анын бирин Бейтелге, экинчисин Данга койду.

30 Бул элди күнөөгө түрттү, анткени эл Бейтелге, атүгүл, Данга да барып турду.

31 Ал бийик жерге буткана курду да, Леби уулдарынан эмес, эл ичинен буткана кызматчыларын койду.

32 Жүйүт жериндеги майрамга окшош кылып, Жаробам сегизинчи айдын он бешинчи күнүн майрам кылып белгиледи. Курмандык чалынуучу жайда курмандыктарды чалды. Бейтелде да өзү жасаган букачарларга курмандык чалды. Ал Бейтелге курган бутканага кызматчыларды койду.

33 Ал Бейтелге курган курмандык чалынуучу жайда өз каалоосу менен белгилеп алган сегизинчи айдын он бешинчи күнү курмандыктарды чалды. Ысрайыл уулдары үчүн майрам белгилеп, жыпар жыттуу зат түтөтүш үчүн, курмандык чалынуучу жайдын жанына келди.

13-БӨЛҮМ

Пайгамбардын Жаробамды ашкерелеши

1 Жаробам курмандык чалынуучу жайдын жанына туруп, жыпар жыттуу зат түтөткөнү жатканда, Теңирдин сөзү боюнча Жүйүт жеринен Бейтелге Кудайдын кишиси келди.

2 Ал Теңирдин сөзүн жарыя кылып, курмандык чалынуучу жайга мындай деди: «Курмандык чалынуучу жай, курмандык чалынуучу жай! Теңир мындай дейт: “Дөөттүн тукумунан Жошия деген уул төрөлөт, ал сенин үстүңдө жыпар жыттуу зат түтөткөн буткана кызматчыларын сенин үстүңдө курмандыкка чалып, сенин үстүңдө адамдардын сөөктөрүн өрттөйт”.

3 Бул сөздү Теңир айтканын мына бул жышаан далилдейт: бул курмандык чалынуучу жай урайт, үстүндөгү күлү чачылат», – деп, ошол күнү жышаан берди.

4 Падыша Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайга сүйлөгөн Кудайдын кишисинин сөзүн укканда, Жаробам курмандык чалынуучу жайдан колун сунуп: «Аны кармагыла», – деди. Ошондо анын сунган колу сенейип катып калды, ал колун өзүнө тарта албай койду.

5 Курмандык чалынуучу жай урап, үстүндөгү күлү Теңирдин сөзү боюнча, Кудайдын кишиси көрсөткөн белги боюнча чачылды.

6 Ошондо падыша Кудайдын кишисине: «Колу калыбыңа келсин деп, Кудай-Теңириңе жалынып сыйын», – деди. Кудайдын кишиси Теңирге жалынды. Падышанын колу калыбына келип, мурункусундай болуп калды.

7 Падыша Кудайдын кишисине: «Мени менен үйгө кирип, тамак ичип, кубаттанып ал, мен сага белек берем», – деди.

8 Бирок Кудайдын кишиси падышага мындай деди: «Мага үйүңдүн жарымын берсең да, сени менен барбайм, бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

9 Анткени: “Ал жерден нан да жебе, суу да ичпе, өзүң барган жол менен кайтып келбе”, – деп, Теңир мага буйрук берген».

10 Ал башка жол менен кетти, Бейтелге келген жолу менен кайткан жок.

11 Бейтелде бир кары пайгамбар жашачу. Баласы келип, ага Кудайдын кишисинин Бейтелде кылган иштерин айтып берди. Анын падышага айткан сөздөрүн да балдары атасына айтып беришти.

12 Ошондо атасы алардан: «Ал кайсы жол менен кетти?» – деп сурады. Балдары ага Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисинин кайсы жол менен кеткенин көрсөтүп беришти.

13 Ал балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар эшекти токуп беришти, ал эшекке минди.

14 Ал Кудайдын кишисинин артынан барып, аны эмен дарагынын түбүндө отурган жеринен таап, мындай деди: «Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишиси сенсиңби?» Ал: «Менмин», – деди.

15 Тиги: «Менин үйүмө кирип, нан же», –деди.

16 Ал мындай деди: «Мен артка кайрылып, сеникине бара албайм. Бул жерде нан да жебейм, суу да ичпейм.

17 Анткени Теңир мага: “Ал жерде нан да жебе, суу да ичпе, барган жолуң менен кайра келбе”, – деп айткан».

18 Ошондо ал ага мындай деди: «Мен деле сендей пайгамбармын, периште мага Теңирдин сөзүн айткан: “Аны үйүңө кайрып кел. Нан жеп, суу ичип алсын”». Бирок ал калп айтып койду.

19 Тигил аны менен кайрылып келди, анын үйүнөн нан жеп, суу ичти.

20 Алар дасторкондо отурушканда эле, аны артка кайрып келген пайгамбарга Теңирден сөз болду.

21 Ал Жүйүт жеринен келген Кудайдын кишисине мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Теңирдин сөзүнө моюн сунбаганың үчүн, Кудай-Теңириңдин "Нан да жебе, суу да ичпе" деген буйругун аткарбай,

22 кайрылып келип, ал жерде суу ичип, нан жегениң үчүн, сөөгүң ата-бабаларыңдын мүрзөсүнө коюлбайт”».

23 Жолунан кайрылып келген пайгамбар нан жеп, суу ичкенден кийин, кары пайгамбар ага эшек токуп берди.

24 Ал жолуна түштү. Жолунан арстан чыгып, аны өлтүрүп салды. Анын өлүгү жолдо жатты. Эшек менен арстан болсо өлүктүн жанында турду.

25 Жолдо жаткан өлүктү жана анын жанында турган арстанды алардын жанынан өткөн кишилер көрүшүп, кары пайгамбар жашаган шаарга келип айтышты.

26 Аны жолдон кайрып келген пайгамбар муну угуп: «Ал – Теңирдин сөзүнө моюн сунбаган Кудайдын кишиси. Ага айтылган Теңирдин сөзү боюнча Теңир аны арстанга салып берди, арстан аны жара тартып өлтүрдү», – деди.

27 Анан балдарына: «Мага эшекти токуп бергиле», – деди. Алар токуп беришти.

28 Ал барып, анын жолдо жаткан өлүгүн тапты. Эшек менен арстан өлүктүн жанында турган экен. Арстан өлүктү жебептир, эшекти да жара тартпаптыр.

29 Пайгамбар Кудайдын кишисинин өлүгүн көтөрүп, эшекке артып, алып кетти. Аза күтүп көргө коюш үчүн, кары пайгамбар аны өз шаарына алып кетти.

30 Анын өлүгүн өз мүрзөсүнө коюп: «Оо, бир боорум ай!» – деп ыйлады.

31 Аны көргө койгондон кийин, ал өз балдарына мындай деди: «Мен өлгөндө, мени Кудайдын кишиси коюлган мүрзөгө койгула. Менин сөөгүмдү анын сөөгүнүн жанына койгула.

32 Анткени анын Бейтелдеги курмандык чалынуучу жай жөнүндө жана Самария шаарларындагы бийик жерлерде турган бутканалар жөнүндө Теңирдин буйругу боюнча айткан сөзү орундалат».

Жаробамдын жаман иштерин улантышы

33 Ушул окуядан кийин да Жаробам өзүнүн жаман жолунан кайткан жок, бийик жерлердеги бутканаларга элден ыйык кызмат кылуучуларды коюуну уланта берди. Ким кааласа, ал аны буткана кызматчысы кылып дайындачу, ал буткана кызматчысы болуп калчу.

34 Бул Жаробамдын тукумунун күнөөгө батуусуна, өлүшүнө, жер бетинен кырылып жок болуусуна себеп болду.

14-БӨЛҮМ

Жаробамдын уулунун өлүшү

1 Ошол убакта Жаробамдын уулу Абия ооруп калды.

2 Жаробам аялына мындай деди: «Тур, менин аялым экениңди тааный албагыдай болуп кийин да, Шилого жөнө. Ал жерде Акия деген пайгамбар бар. Ал менин ушул элге падыша болорумду алдын ала айткан.

3 Он нан, бир нече токоч, бир кумура бал алып, ага баргын. Ал сага баланын эмне болорун айтат».

4 Жаробамдын аялы ошондой кылды. Турду да, Шилого бет алып, Акиянын үйүнө келди. Акия карып, көзү көрбөй калган эле.

5 Ошондо Теңир Акияга: «Сага Жаробамдын аялы уулу жөнүндө сураганы келе жатат, анткени ал ооруп жатат. Ага ушундай, ушундай деп айт. Ал башкача кийинип келет», – деди.

6 Аял эшиктен киргенде, Акия анын баскан кадамынын дабышын угуп, мындай деди: «Кир, Жаробамдын аялы. Башкача кийингениңе эмне себеп болду? Менин сага айта турган жаман кабарым бар.

7 Жаробамга барып айт: Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени жөнөкөй элдин арасынан көтөрүп, Өзүмдүн Ысрайыл элиме жол башчы койгом.

8 Дөөттүн тукумунан падышачылыкты тартып алып, аны сага бердим. Сен болсо Менин осуяттарымды аткарган, Менин алдымда Мага жаккан гана иштерди кылып, Мени чын жүрөгү менен ээрчиген кулум Дөөттөй болгон жоксуң.

9 Сен өзүңдөн мурункулардын баарынан жаман иш кылдың. Мени четке кагып, өзүңө моло таштарды жана жасалма кудайларды жасап, Мени каарданттың.

10 Бул үчүн Мен Жаробамдын тукумуна каран түн түшүрөм, Жаробамдын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, эркиндиктегилерин да кырам, таштандыны шыпыргандай, Жаробамдын тукумун да шыпырып салам.

11 Шаарда Жаробамдын тукумунан кимиси өлсө да, аны иттер жейт, талаада өлгөндөрүн асман куштары чокуп жейт”. Анткени Теңир ушинтип айтты.

12 Тур, үйүңө бар, шаарга кирериң менен балаң өлөт.

13 Бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө коёт, анткени Жаробамдын тукумунан ошол гана көргө кирет. Анткени андан, Жаробамдын тукумунан Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында жакшы нерсе табылды.

14 Теңир Ысрайылга падыша коёт, ал Жаробамдын ушул күнү төрөлгөн тукумун да, кийин төрөлгөн тукумун да жок кылат. Бул абдан жакын калды.

15 Теңир Ысрайылды талкалайт, ал сууда термелген камыштай болот, ата-бабаларына берген бул асыл жерден ысрайылдыктарды алып ыргытат, өздөрүнө буркандарды жасап, Теңирди каардантышкандыгы үчүн, аларды дарыядан ары чачыратат.

16 Жаробамдын кылган күнөөлөрү үчүн жана ал өз күнөөлөрү менен бүт Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн Теңир Ысрайылды таштап салат».

17 Жаробамдын аялы туруп, үйүн көздөй бет алып, Тирса шаарына келди. Ал үйүнүн босогосун жаңы гана аттаганда, баласы өлүп калды.

18 Теңирдин Өз кулу Акия пайгамбар аркылуу айткан сөзү боюнча бүт Ысрайыл аза күтүп, аны көргө койду.

Жаробамдын өлүшү

19 Жаробамдын кандай согуш жүргүзүп, кандай падышачылык кылганы жана башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

20 Жаробам жыйырма эки жыл падышачылык кылды. Ал ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Надап такка отурду.

Рехабам – Жүйүт падышасы

21 Сулаймандын уулу Рехабам Жүйүт жеринде падышачылык кылды. Теңир Өзүнүн ысымы болуп турушу үчүн Ысрайыл урууларынын ичинен тандап алган Иерусалим шаарында Рехабам он жети жыл падышачылык кылды. Ал такка отурган кезде кырк бир жашта эле. Анын энеси Наама деген амондук аял эле.

22 Жүйүт Теңирге жакпаган иштерди кылып, ата-бабаларынан көбүрөөк күнөө кылып, Теңирди каардантты.

23 Алар ар кандай бийик жерлерге, көлөкөлүү дарактардын астына бутканаларды куруп, балбалдарды, Ашейра бурканын орнотушту.

24 Ушул жерде бузулгандар да бар эле, алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан элдердин бардык жийиркеничтүү иштерин жасашчу.

25 Рехабамдын падышачылыгынын бешинчи жылы Мисир падышасы Шишак Иерусалимге кол салып,

26 Теңир үйүндөгү, падыша сарайындагы асыл буюмдардын баарын алды. Сулайман жасаган алтын калкандарды да алды.

27 Рехабам падыша алардын ордуна жезден калкандарды жасап, аларды падыша сарайын кайтарган сакчылардын башчыларынын колуна берди.

28 Падыша Теңир үйүнө бара жатканда, аларды сакчылар көтөрүп алышчу, анан кайра сакчылар үйүнө алып барып коюшчу.

29 Рехабам жөнүндө жана анын бүт иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

30 Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.

31 Рехабам өлүп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду. Анын энеси Наама деген амондук аял эле. Анын ордуна уулу Абиям такка отурду.

15-БӨЛҮМ

Абиям – Жүйүт падышасы

1 Небат уулу Жаробамдын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Абиям жүйүттөргө падыша болду.

2 Ал Иерусалимде үч жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

3 Ал атасы кылган күнөөлөрдүн баарын кылды, атасы Дөөттүн жүрөгү берилгендей, анын жүрөгү Кудай-Теңирине берилген жок.

4 Бирок Дөөт өлгөндөн кийин, ордуна уулун көтөрүп, Иерусалимди душмандардан коргош үчүн, Дөөт үчүн анын Кудай-Теңири ага Иерусалимде чырак берди.

5 Себеби хеттик Урийге кылганын эске албаганда, Дөөт өмүрү өткөнчө Теңирдин осуяттарынын биринен да четтебей, Теңирге жаккан иштерди кылган.

6 Рехабам менен Жаробамдын ортосунда дайыма согуш болуп турган.

7 Абиямдын башка бардык иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Абиям менен Жаробамдын ортосунда согуш болуп турган.

Аса – Жүйүт падышасы

8 Абиям көз жумуп, аны Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Аса такка отурду.

9 Ысрайылдын падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында жүйүттөргө Аса падыша болду.

10 Ал Иерусалимде кырк бир жыл падышачылык кылды. Анын чоң энесинин аты Мааха эле, ал Абышаломдун кызы болчу.

11 Аса атасы Дөөткө окшоп, Теңирдин алдында Теңирге жаккан иштерди кылган.

12 Ал бузулгандарды өлкөдөн кууп, аталары жасаган жасалма кудайларды жок кылды.

13 Ал тургай, ал өз энеси Мааханы Ашейра бурканын жасаганы үчүн, ханышалык наамынан ажыратты. Аса анын бурканын талкалап, өрттөп, күлүн Кидрон суусуна чачып жиберди.

14 Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. Бирок Асанын жүрөгү өмүрү өткөнчө Теңирге толук берилди.

15 Ал атасы жана өзү Теңирге арнаган алтындарды, күмүштөрдү, идиштерди Теңир үйүнө киргизди.

16 Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

17 Ысрайыл падышасы Бааша Жүйүткө каршы көтөрүлдү. Жүйүт падышасы Асага эч ким өтүп кетпесин деп, ал Рама чебин кура баштады.

18 Аса Теңир үйүндөгү казынада жана падыша сарайындагы казынада калган бардык алтын менен күмүштөрдү алып, кулдарынын колуна берип, Дамаскта жашаган Сирия падышасы Хезиондун уулу, Табримондун уулу Бенадатка жөнөтүп, мындай деп айттырды:

19 «Менин атам менен сенин атаңдын ортосундагыдай, экөөбүздүн ортобузда да тынчтык келишими түзүлсүн. Мен сага алтын менен күмүштөрдү белек кылып берип жибердим. Ысрайыл падышасы Бааша менин жеримден кетиши үчүн, аны менен түзгөн тынчтык келишимиңди буз».

20 Бенадат Аса падышанын тилин алып, өз аскер башчыларын Ысрайылдын шаарларына каршы жөнөтүп, Айынды, Данды, Абел-Бейт-Маакты, Кинроттун тегерегиндеги бүт жерди жана Напталынын бүт жерин талкалады.

21 Бааша бул жөнүндө угуп, Рама чебин курууну токтотуп, Тирсага кайтып келди.

22 Аса падыша болсо эч кимисин калтырбай, бардык жүйүттөрдү чогултту. Алар Бааша курулушка керектеген таштар менен жыгачтарды Рамадан алып чыгышты. Аса падыша аларды алып, Бенжеминдин Гибасын жана Миспаны курду.

23 Асанын башка бардык иштери, анын бардык эрдиктери, ал эмне кылса, ошонун баары, кайсы шаарларды тургузганы Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган. Бирок Ал карыганда бутунан оорукчал болуп калды.

24 Аса көз жумуп, ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жошапат тактыга отурду.

Надап – Ысрайыл падышасы

25 Жүйүт падышасы Асанын падышачылык кылганына эки жыл болгондо, Жаробам уулу Надап Ысрайылга падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

26 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган атасынын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

27 Надап жана бүт ысрайылдыктар Гиптонду курчап алган учурда, Исахар уруусунан Акия уулу Бааша Надапка каршы чагым уюштуруп, аны пелиштиликтердин Гиптонунун жанында өлтүрдү.

28 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Бааша Надапты өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

29 Ал такка отурганда, Теңирдин Өз кулу шилолук Акия аркылуу айткан сөзү боюнча Жаробамдын бүт тукумун кырып салды, Жаробамдын бир да кишисин тирүү калтырган жок.

30 Бул Жаробамдын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батыргандыгы үчүн, акарат келтирип Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткандыгы үчүн болду.

31 Надаптын башка бардык иштери, ал эмне кылса, ошонун баары Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

32 Аса менен Ысрайыл падышасы Баашанын ортосунда дайыма согуш болуп турду.

Бааша – Ысрайыл падышасы

33 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын үчүнчү жылында Акиянын уулу Бааша Тирсада бүт Ысрайылга падыша болуп, жыйырма төрт жыл падышачылык кылды.

34 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, ал кылган күнөөлөрдү кылды.

16-БӨЛҮМ

1 Ханани уулу Жейуга Бааша жөнүндө Теңирден сөз болду:

2 «Мен сени жогору көтөрүп, Өзүмдүн элим Ысрайылга жол башчы кылдым, сен болсо Жаробамдын жолун жолдоп, Менин элим Ысрайылды күнөөгө батырдың, ал Мени күнөөлөрү менен каардантты.

3 Мен эми Баашаны жана анын тукумун жок кылам, Небат уулу Жаробамдын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам.

4 Шаарда Баашанын кимиси өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт».

5 Баашанын башка бардык иштери жана эрдиктери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

6 Бааша ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Тирсага коюлду. Анын ордуна уулу Эйла такка отурду.

7 Ханани уулу Жейу аркылуу Бааша жөнүндө, анын тукуму жөнүндө, анын Теңирдин көз алдында кылган бардык жаман иштери жөнүндө, Жаробамдын тукумун туурап, өз колу менен кылган иштери менен Теңирди каарданткандыгы үчүн, Теңир аны өлтүргөндүгү жөнүндө Теңирдин сөзү мурун айтылган эле.

Эйла – Ысрайыл падышасы

8 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма алтынчы жылында Тирсада Ысрайылга Бааша уулу Эйла падыша болуп, эки жыл падышачылык кылды.

9 Майдан арабаларынын жарымынын башчысы, кулу Зимри ага каршы чагым уюштурду. Эйла Тирсадагы падыша сарайынын башчысы Арсанын үйүндө шарап ичип мас болуп калганда,

10 Зимри кирип, аны сайып өлтүрүп, анын ордуна такка отурду. Бул Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында болду.

11 Ал падыша болуп, анын тагына отургандан кийин, Баашанын бүт тукумун кырып салды, анын бир да эркегин, бир да тууганын, бир да досун тирүү калтырган жок.

12 Жейу пайгамбар аркылуу Бааша жөнүндө айтылган Теңирдин сөзү боюнча Зимри Баашанын бүт тукумун кырып салды.

13 Бул Баашанын жана анын уулу Эйланын өз күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө түртүшкөндүгү үчүн, жасалма кудайлары менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин каардантышкандыгы үчүн болду.

14 Эйланын башка бардык иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Зимри – Ысрайыл падышасы

15 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында, Ысрайыл эли пелиштиликтердин Гиптонун курчап жатканда, Зимри такка отуруп, жети күн Тирсада падышачылык кылды.

16 Курчап жаткан Ысрайыл эли Зимринин чагым уюштуруп, падышаны өлтүргөнүн угуп, ошол эле күнү кошуунда Ысрайылга аскер башчы Омрини падыша кылышты.

17 Омри жана бардык ысрайылдыктар Гиптондон артка кайтып келип, Тирсаны курчап алышты.

18 Зимри шаардын басылып алынганын көргөндө, падыша сарайынын ички бөлмөсүнө кирип, от коюп, өрттөнүп өлдү.

19 Ал күнөөлөрү менен Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын жолун жолдоп, Теңирге жакпаган иштерди кылгандыгы үчүн өлдү.

20 Зимринин башка иштери жана анын уюштурган чагымы Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Омри – Ысрайыл падышасы

21 Ошондо Ысрайыл эли экиге бөлүндү: такка отургузуу үчүн, элдин жарымы Гинат уулу Тибни тарапта, жарымы Омри тарапта болду.

22 Омри тараптагы эл Гинат уулу Тибни тараптагы элди жеңди. Тибни өлүп, Омри такка отурду.

23 Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз биринчи жылында Ысрайылга Омри падыша болуп, он эки жыл падышачылык кылды. Ал Тирсада алты жыл падышачылык кылды.

24 Омри эки күмүш талантка Шемерден Самария тоосун сатып алып, тоо үстүнө шаар куруп, аны тоонун ээси Шемердин атынан Самария деп атады.

25 Омри Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынанан да жаман иштерди кылды.

26 Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирин өзүнүн жасалма кудайлары менен каардантып, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын жолун бардык жагынан жолдоду.

27 Омринин башка иштери, көрсөткөн эрдиги Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

28 Омри ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Ахап такка отурду.

Ахап – Ысрайыл падышасы

29 Омри уулу Ахап Ысрайылга Жүйүт падышасы Асанын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында падыша болду. Омри уулу Ахап Ысрайылга Самарияда жыйырма эки жыл падышачылык кылды.

30 Омри уулу Ахап Теңирге жакпаган иштерди, өзүнөн мурункулардыкынан да жаман иштерди кылды.

31 Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталаганы аз келгенсип, ал Сидон падышасы Этпаалдын кызы Изебелди аялдыкка алып, Баалга табынып кызмат кыла баштады.

32 Ал Самарияда өзү курган Баалдын бутканасына Баалга арнап курмандык чалынуучу жай тургузду.

33 Ахап Ашейра мамысын тургузуп, Ысрайылдын Кудай-Теңирин каарданткан иштерди, Ысрайылдын мурунку падышаларыныкынан да жаман иштерди кылды.

34 Анын убагында бейтелдик Хиел Жерихону кайра калыбына келтирди. Ал анын пайдубалын тургузганда, тун уулу Абырамдан ажырады, дарбазасын орноткондо, кичүү уулу Сегуптан ажырады. Бул Нундун уулу Жашыя аркылуу айтылган Теңирдин сөзү боюнча болду.

17-БӨЛҮМ

Илияс пайгамбар жана кургакчылык

1 Гилат тургундарынын бири тишпилик Илияс пайгамбар Ахапка: «Мен алдында турган Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Ушул жылдары, менин сөзүм боюнча шүүдүрүм түшпөйт, жамгыр жаабайт», – деди.

2 Теңирден ага мындай сөз болду:

3 «Бул жерден чыгып, чыгышка бурулуп, Иордандын каршысындагы Керит суусунун жанына жашын.

4 Сен ошол суудан ичесиң, сени багууну Мен каргаларга буйрудум».

5 Ал барып, Теңирдин айтканындай кылды. Иордандын каршысындагы Керит суусунун боюна барып токтоду.

6 Каргалар ага эртең менен да, кечинде да нан жана эт алып келип турушту, сууну болсо ал агын суудан ичип турду.

7 Бир аз убакыт өткөндөн кийин, агын суу какшыды, анткени жерге жамгыр жааган эмес эле.

Илияс жана сарепаттык жесир аял

8 Ошондо ага Теңирден сөз болду:

9 «Тур, Сидондун Сарепат шаарына барып, ошол жерде кал. Мен ал жердеги бир жесир аялга сени багууну буйрудум».

10 Ал туруп, Сарепатка жөнөдү. Шаар дарбазасына келсе, ошол жерде бир жесир аял отун терип жүрүптүр. Илияс аны чакырып: «Мага ичкенге кичине суу берчи», – деди.

11 Ошондо ал аял суу алып келгени кетти. Илияс анын артынан кыйкырды: «Мага бир кесим нан да ала келчи».

12 Аял мындай деди: «Сенин Кудай-Теңириң тирүү! Менде нан жок, жыгач челекте бир ууч гана ун, кумурада бир аз май бар. Бир аз чырпык терип алып, уулум экөөбүзгө тамак даярдайм. Ошону жейбиз да өлөбүз».

13 Ошондо Илияс ага мындай деди: «Коркпо, барып, өзүң айтканды жаса. Бирок адегенде мага ошондон кичине ачыткысыз нан жасап алып кел. Балаң менен өзүңө андан кийин жасайсың.

14 Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Теңир жерге жамгыр жаадырган күнгө чейин үкөктөгү ун түгөнбөйт, кумурадагы май бөксөрбөйт”».

15 Аял барып, Илияс айткандай кылды. Илияс, аял жана анын үй-бүлөсү бир топ убакыт жан багышты.

16 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча үкөктөгү ун түгөнгөн жок, кумурадагы май бөксөргөн жок.

17 Ушундан кийин ал аялдын, үйдүн ээсинин, баласы ооруп калды. Оорусу катуу болгондуктан, анын дем алуусу токтоп калды.

Жесир аялдын баласынын тирилиши

18 Ошондо аял Илияска: «Кудайдын кишиси, мага кандай каршылыгың бар? Сен менин күнөөлөрүмдү эсиме салып, баламды өлтүргөнү келдиңби?» – деди.

19 Илияс аялга: «Мага уулуңду бер», – деди. Анан ал аялдын колунан баланы алып, өзү жашаган үстүнкү бөлмөгө алып барып, төшөгүнө жаткырды.

20 Анан Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Мен үйүндө жашап жаткан бул жесир аялга да жамандык кылып, уулун өлтүрүп коёсуңбу?»

21 Анан ал баланын үстүнө үч жолу жатып, Теңирди чакырып, мындай деди: «Кудай-Теңирим! Бул баланын жаны өзүнө кайтсын!»

22 Теңир Илиястын үнүн укту. Баланын жаны өзүнө кайтып келди, ал тирилди.

23 Илияс баланы өз бөлмөсүнөн алып түшүп, энесине берип: «Карачы, сенин уулуң тирүү», – деди.

24 Ошондо ал аял Илияска мындай деди: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен, чын эле, Теңирдин сөзүн сүйлөп жатканыңды мен эми билдим».

18-БӨЛҮМ

Илияс жана Баалдын пайгамбарлары

1 Көп күндөр өткөндөн кийин, үчүнчү жылы Илияска Теңирден сөз болду: «Барып, Ахапка көрүн, Мен жерге жамгыр жаадырам».

2 Илияс Ахапка көрүнгөнү кетти. Самарияда болсо катуу ачарчылык болуп жаткан эле.

3 Ахап ак сарай башчысы Обадияны чакыртты. Обадия Кудайдан аябай корккон киши эле.

4 Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Обадия жүз пайгамбарды алып, элүү кишиден үңкүрлөргө катып, аларды нан жана суу менен баккан.

5 Ахап Обадияга мындай деди: «Бүт жерди кыдырып, суу башаттарын, өзөндөрдү издеп кел. Аттар менен качырларды тойгузуш үчүн, малдан айрылбас үчүн, оттуу жер табылып калар».

6 Алар карап чыгуу үчүн жерди өз ара бөлүп алышты: Ахап өзүнчө бир жолго, Обадия өзүнчө бир жолго түштү.

7 Обадия жолдо бара жатканда, алдынан Илияс чыкты. Ал Илиясты таанып, жүзтөмөндөп жыгылып: «Илияс мырза, бул сенсиңби?» – деди.

8 Илияс: «Ооба, менмин. Барып, мырзаңа айт. “Илияс бул жерде де”», – деди.

9 Ошондо Обадия мындай деди: «Ахаптын колуна салып берип өлтүргүдөй, кулуң кандай күнөө кылды?

10 Кудай-Теңириң тирүү! Менин өкүмдарым сени издетпеген бир да эл, бир да падышачылык калган жок. Сени жок деген элдерди, падышачылыктарды: “Таппай койдук”, – деп каргантты.

11 Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да.

12 Мен сенин жаныңдан кеткенде, сени Теңирдин Руху алып кетет, кайда алып кетерин билбейм. Мен барып, Ахапка билдиргенде, ал сени таппай калса, мени өлтүрөт. Кулуң болсо жаштайынан Кудайдан коркот.

13 Изебел Теңирдин пайгамбарларын кырган кезде, Теңирдин пайгамбарларынан жүз кишини, элүү кишиден үңкүргө катып, суу менен нан берип бакканым мырзама айтылган жок беле?

14 Сен болсо мага: “Мырзаңа барып: "Илияс бул жерде", – деп айт” дейсиң да. Ал мени өлтүрүп коёт».

15 Ошондо Илияс: «Мен алдында турган Теңир Себайот тирүү! Ага бүгүн көрүнөм», – деди.

16 Обадия Ахаптын алдынан чыгып, ага билдирди. Ахап Илияска кезиккени жөнөдү.

17 Ахап Илиясты көргөндө, ага: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган сенсиңби?» – деди.

18 Илияс мындай деди: «Ысрайылдын башына мүшкүл салган мен эмесмин, ал сенсиң жана сенин атаңдын үй-бүлөсү, анткени силер Теңирдин буйруктарын жек көрүп, Баалдын артынан ээрчип жүрөсүңөр.

19 Эми бар да, Изебелдин дасторконунан тамактанган Ашейранын төрт жүз пайгамбарын жана Баалдын төрт жүз элүү пайгамбарын, бүт Ысрайылды Кармел тоосуна, менин алдыма чогултуп бер».

20 Ахап Ысрайылдын бардык уулдарына чабарман жиберип, Кармел тоосуна бүт пайгамбарларды чогултту.

21 Ошондо Илияс элдин алдына келип: «Качанкыга чейин эки бутуңардан аксайсыңар? Эгер Теңирди Кудай десеңер, анда Аны ээрчигиле. Эгерде Баалды Кудай десеңер, анда аны ээрчигиле», – деди. Эл ага эч нерсе деп жооп берген жок.

22 Анан Илияс элге мындай деди: «Теңирдин пайгамбарларынан жалгыз мен калдым, ал эми Баалдын пайгамбарлары төрт жүз элүү.

23 Бизге эки букачар беришсин, алар бир букачарды тандап алып, жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө коюшсун, бирок от коюшпасын. Мен болсо экинчи букачарды даярдап, отундун үстүнө коём, бирок от койбойм.

24 Силер өз кудайыңардын атын чакыргыла, а мен өз Кудай-Теңиримдин атын чакырам. Кудайлардын кимиси от аркылуу жооп берсе, ошол – Кудай». Бүт эл: «Жакшы болот», – деди.

25 Илияс Баалдын пайгамбарларына: «Бир букачар тандап алып, адегенде силер даярдагыла, анткени силер көпсүңөр. Анан өз кудайыңардын атын чакыргыла, бирок от койбогула», – деди.

26 Алар өздөрүнө берилген букачарды алып, даярдашты да, таң аткандан түшкө чейин Баалдын атын чакырышты: «Баал, бизди ук!» Бирок үн да, жооп да болгон жок. Алар өздөрү жасаган курмандык чалынуучу жайды айлана бийлеп жүрүштү.

27 Түштө Илияс аларга күлүп: «Катуу кыйкыргыла, анткени ал – кудай. Балким, ойго батып кеткендир, же бир иш менен алек болуп жаткандыр, же жолдодур, а балким, уктап жаткандыр, ойгонор», – деди.

28 Алар катуу кыйкыра башташты, анан өздөрүнүн адаты боюнча бычак менен, найза менен өздөрүн кан аккыча сайгылашты.

29 Түш ооду, тигилер болсо кечки курмандык чалуучу убакка чейин ушинтишти. Бирок үн да, сөз да, жооп да болгон жок.

30 Ошондо Илияс бүт элге: «Мага жакын келгиле», – деди. Бүт эл ага жакын келди. Ал Теңирдин бузулган курмандык чалынуучу жайын калыбына келтирди.

31 Теңир: «Сенин ысымың Ысрайыл болот», – деп айткан Жакып уулдарынын урууларынын саны боюнча Илияс он эки таш алды.

32 Ошол таштардан Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, курмандык чалынуучу жайды тегерете эки сата дан баткыдай аң казды.

33 Анан отундарды койду, букачарды жиликтеп бөлүп, отундун үстүнө койду.

34 Анан: «Төрт чакага суу толтургула, аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка жана отундун үстүнө куйгула», – деди. Анан: «Кайталагыла», – деди. Алар кайталашты. Анан: «Үчүнчү жолу ушундай кылгыла», – деди. Алар үчүнчү жолу ошондой кылышты.

35 Курмандык чалынуучу жайдын айланасынан суу куюлуп, аңга суу толду.

36 Кечки курмандык чалуу убагында Илияс пайгамбар курмандык чалынуучу жайдын жанына келип, мындай деди: «Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудай-Теңири! Ушул күнү Ысрайылдагы жалгыз Кудай Сен экениңди, мен Сенин кулуң экенимди, баарын Сенин сөзүң боюнча кылганымды билишсин.

37 Уга көр мени, Теңир, уга көр мени! Ушул эл, Теңир, Сенин Кудай экениңди билсин, Сен алардын жүрөгүн Өзүңө бурасың».

38 Ошондо Теңирдин оту түшүп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, отунду да, таштарды да, топуракты да, аңдагы сууну да жалмап кетти.

39 Муну көргөн эл жүзтөмөндөп жыгылып: «Теңир – Кудай, Теңир – Кудай!» – деди.

40 Илияс аларга: «Баалдын пайгамбарларын кармагыла, алардын бирөө да жашынып калбасын», – деди. Аларды кармап келишти, Илияс аларды Кишон суусуна алып барып, кылыч менен сайып өлтүрдү.

Илияс Кармел тоосунда

41 Анан Илияс Ахапка: «Бар, тамактанып ал, анткени жамгырдын дабышы угулуп жатат», – деди.

42 Ахап тамактанганы кетти, Илияс болсо Кармел тоосунун башына чыгып, эңкейип, эки тизесинин ортосуна башын койду.

43 Анан өзүнүн кызматчы уланына: «Барып, деңиз жакты кара», – деди. Ал көрүп келип: «Эч нерсе жок экен», – деди. Ал ага: «Ушуну жети жолу кайтала», – деди.

44 Улан жетинчи жолу көрүп келип: «Деңиз тараптан чоңдугу адамдын алаканындай болгон булут көтөрүлүп келе жатат», – деди. Ал ага: «Барып, Ахапка: “Жаанга калбаш үчүн, майдан арабаңды чегип, жөнө”, – деп айт», – деди.

45 Аңгыча шамал согуп, булут каптап, асман түнөрүп, кара нөшөр куйду. Ахап болсо майдан арабасына отуруп, Изрейелге жөнөдү.

46 Теңирдин колу Илиястын үстүндө эле. Ал белин курчап алып, Изрейелге жеткенче Ахаптын алдында чуркап барды.

19-БӨЛҮМ

Илияс Хореп тоосунда

1 Ахап Изебелге Илиястын кылган иштеринин баарын, бүт пайгамбарларды кылычтап өлтүргөнүн айтып берди.

2 Изебел Илияска элчи жиберип: «Сен тигилерди өлтүргөндөй, мен да сени эртең ушул убакта өлтүрбөсөм, анда кудайлар мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп айттырды.

3 Илияс муну укканда, ордунан туруп, жанын сактап калыш үчүн, Жүйүттүн Бейер-Шебасына келип, ал жерге өз кызматчысын калтырды.

4 Өзү бир күн жол жүрүп, чөлгө келип, бир бадалдын түбүнө отуруп, өзүнө өлүм сурап: «Теңир, эми жетишет. Жанымды ал, анткени мен аталарымдан артык эмесмин», – деди.

5 Анан ал бадалдын түбүнө жатып уктап калды. Ошондо ага периште колун тийгизип: «Тур, тамактан», – деди.

6 Илияс көзүн ачса, баш жагында чокко бышырылган ачыткысыз нан жана бир кумура суу туруптур. Тамактангандан кийин, кайра уктап калды.

7 Теңирдин периштеси кайрылып келип, экинчи жолу колун тийгизип: «Тур, тамактан, анткени алдыңда узак жол турат», – деди.

8 Илияс туруп, тамактанып, кубаттанып алып, Кудайдын тоосу Хорепке чейин кырк күн, кырк түн жол жүрдү.

9 Ал ошол жердеги үңкүргө кирип, түнөп калды. Ошондо Теңирден ага сөз болуп, Теңир ага: «Илияс, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» – деди.

10 Ал: «Мен Себайот Кудай-Теңир үчүн кызганчаактык көрсөттүм, анткени Ысрайыл уулдары Сенин келишимиңден баш тартып, Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды бузуп, Сенин пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Мен жалгыз калдым, бирок менин жанымды да алыш үчүн, издеп жүрүшөт», – деди.

11 Теңир ага мындай деди: «Чык, тоонун үстүнө, Теңирдин алдында тур. Ошондо Теңир өтөт, Теңирдин алдында тоолорду жарган, аскаларды кыйраткан чоң, катуу шамал болот, бирок Теңир шамалда эмес. Шамалдан кийин жер титирөө болот, бирок Теңир жер титирөөдө эмес.

12 Жер титирөөдөн кийин от келет, бирок Теңир отто эмес. Оттон кийин акырын соккон жел болот».

13 Илияс муну укканда, чапаны менен бетин жашырып, үңкүрдөн чыгып, анын кире беришинде турду. Ага дагы үн угулуп: «Илияс, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» – деди.

14 Ал: «Мен Себайот Кудай-Теңир үчүн кызганчаактык көрсөттүм, анткени Ысрайыл уулдары Сенин келишимиңден баш тартып, Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды бузуп, Сенин пайгамбарларыңды кылычтап өлтүрүштү. Мен жалгыз калдым, бирок менин жанымды да алыш үчүн, издеп жүрүшөт», – деди.

15 Теңир ага мындай деди: «Кайра чөл аркылуу өз жолуң менен Дамаскка бар. Барганыңда, Сирияга Хазаелди падыша кылып майла.

16 Ал эми Нимши уулу Жейуну Ысрайылга падыша кылып майла. Абел-Мекелалык Шапат уулу Элишаны болсо өзүңдүн ордуңа пайгамбар кылып майла.

17 Хазаелдин кылычынан качып кутулганды Жейу өлтүрөт, ал эми Жейунун кылычынан качып кутулганды Элиша өлтүрөт.

18 Бирок Мен Ысрайылда жети миң эркек калтырдым. Алардын бардыгынын тизелери Баалдын алдында бүгүлгөн эмес, алардын бирөө да аны өпкөн эмес».

Элишанын пайгамбарлыкка чакырылышы

19 Илияс ошол жерден кетип, кош айдап жаткан Шапат уулу Элишаны тапты. Анын он эки кош өгүзү бар эле, өзү он экинчисинин жанында болчу. Илияс анын жанынан өтүп бара жатып, ага өзүнүн чапанын ыргытты.

20 Ошондо Элиша өгүздөрүн таштап, Илиястын артынан чуркап барып: «Атам менен энемди өөп келгенге уруксат бер, анан мен сенин артыңдан барам», – деди. Ал ага: «Барып кел. Мен сага эмне кыла алмак элем?» – деди.

21 Ал Илиястын жанынан кеткенден кийин, эки өгүз алып, аларды союп, алардын буурусунун отко жагып, эт бышырып, элге таратты, алар жешти. Өзү болсо ордунан туруп, Илиястын артынан барып, ага кызмат кыла баштады.

20-БӨЛҮМ

Сирия менен болгон согуш

1 Сирия падышасы Бенадат өзүнүн бардык аскерин жыйнап, отуз эки падышасын ээрчитип, аттары, майдан арабалары менен барып, Самарияны курчоого алып, кол салды.

2 Анан ал шаарга, Ысрайыл падышасы Ахапка элчилерин жөнөтүп,

3 ага: «Бенадат мындай дейт: “Сенин күмүшүң менен алтының меники, сенин аялдарың менен мыкты уулдарың меники”», – деп айттырды.

4 Ысрайыл падышасы: «Сенин айтканыңдай болсун, мырзам падыша. Мен жана менде эмне болсо, ошонун бардыгы сеники», – деп жооп берди.

5 Элчилер кайра келип айтышты: «Бенадат мындай дейт: Мен сага мындай деп айттырып жибердим: “Күмүшүңдү да, алтыныңды да, аялдарыңды да, уулдарыңды да мага бер”.

6 Ошондуктан мен эртең ушул убакта сага өзүмдүн кулдарымды жиберем. Алар сенин үйүңдү жана сенин алдыңдагы кызматчыларыңдын үйлөрүн карап чыгып, көзүңө кымбат болуп көрүнгөн нерселериңдин бардыгын өз колдору менен алып, көтөрүп кетишет».

7 Ысрайыл падышасы өлкөнүн аксакалдарынын баарын чакыртып, мындай деди: «Байкадыңарбы, ал бизге жамандык кылганы жатат. Ал менин аялдарымды, уулдарымды, күмүштөрүмдү, алтындарымды алганы киши жибергенде, мен ага каршы болгон жокмун».

8 Ошондо бардык аксакалдар менен бүт эл ага: «Укпагын да, макул болбогун», – дешти.

9 Ал Бенадаттын элчилерине: «Мырзам падышага айткыла: “Кулуңа биринчи жолу эмне деп жиберсең, ошонун бардыгын кылууга даярмын. Бирок мунуңду аткара албайм”», – деди. Элчилер өздөрүнүн падышасына анын жообун айтып барышты.

10 Бенадат ага: «Артымда келе жаткан адамдардын баарына Самариянын топурагы бир уучтан жетсе, анда мени кудайлар жазаласын, катуу жазаласын», – деп айттырганы киши жиберди.

11 Ысрайыл падышасы: «Айткыла: Кур курчанып жаткан киши кур чечип жаткан кишидей мактанбасын», – деп жооп берди.

12 Падышалар менен чатырларда ичип отурган Бенадат бул сөздү угуп, кулдарына: «Шаарды курчоого алгыла», – деди. Алар шаарды курчоого алышты.

13 Ошондо бир пайгамбар Ысрайыл падышасы Ахаптын жанына келип: «Теңир мындай дейт: “Бул сансыз көп аскерди көрүп жатасыңбы? Сен Менин Теңир экенимди билишиң үчүн, булардын баарын Мен бүгүн сенин колуңа салып берем”», – деди.

14 Ахап: «Ким аркылуу?» – деп сурады. Ал ага: «Теңир мындай дейт: “Дубан башчыларынын кызматчылары аркылуу”», – деп жооп берди. Ахап: «Салгылашты ким баштайт?» – деп сурады. Ал: «Сен», – деди.

15 Ахап дубан башчыларынын кызматчыларын эсептегенде, алардын саны эки жүз отуз эки болду. Алардан кийин бүткүл элди санаганда, бардык Ысрайыл уулдарынын саны жети миң болду.

16 Алар чак түштө аттанып чыгышты. Бенадат өзүнө жардамдашкан отуз эки падыша менен чатырларда мас болгуча ичти.

17 Адегенде дубан башчыларынын кызматчылары чыгышты. Бенадат жиберген кишилер келип, ага Самариядан кишилер чыгышканын билдиришти.

18 Ал: «Тынчтык менен чыгышса да, согушканы чыгышса да, тирүүлөй колго түшүргүлө», – деди.

19 Шаардан дубан башчыларынын кулдары чыгышты, алардын аркасынан аскерлер чыгышты.

20 Ар бири өз душманын талкалап жатты. Сириялыктар качып жөнөштү, ысрайылдыктар алардын артынан кууп жөнөштү. Сирия падышасы Бенадат болсо атчан жоокерлер менен качып кетти.

21 Ысрайыл падышасы чыгып, майдан арабалар менен аттарды тартып алып, сириялыктарды катуу талкалады.

22 Жанагы пайгамбар Ысрайыл падышасынын жанына келип: «Бар, күч топто, эмне кылышың керек экенин билип байкаштыр, анткени бир жыл өткөндөн кийин Сирия падышасы сага кайра кол салат», – деди.

Сириялыктардын экинчи жолу кол салышы

23 Сирия падышасына аскер башчылары мындай дешти: «Алардын Кудайы тоо Кудайы экен, ошондуктан алар бизди жеңишти. Эгер биз алар менен түздүктө салгылашсак, анда биз сөзсүз жеңебиз.

24 Ошондуктан мындай кыл: падышалардын ар бирин турган ордунан алып, алардын ордуна дубан башчыларын кой.

25 Канча аскер кырылса, ошончо аскер жыйна, канча ат кырылса, ошончо ат жыйна, канча майдан араба талкаланса, ошончо майдан араба жыйна, алар менен түздүктө салгылашабыз, ошондо аларды сөзсүз жеңебиз». Алардын сөзүн угуп, ал ушундай кылды.

26 Бир жыл өткөндөн кийин Бенадат сириялыктарды чогултту да, Ысрайыл менен салгылашуу үчүн, Апейикке жөнөдү.

27 Ысрайыл уулдары да жыйналып, азык-түлүк алып, аларга каршы аттанышты. Ысрайыл уулдары алардын каршысына анча чоң эмес текенин эки үйүрүндөй болуп жайгашты, сириялыктар болсо жер бетин каптап калды.

28 Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасынын жанына келип: «Теңир мындай дейт: Сириялыктар “Теңир – өрөөндүн Кудайы эмес, тоо Кудайы” деп айтышканы үчүн, Мен бул сансыз аскерди сенин колуңа салып берем, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер», – деди.

29 Ошентип, алар бири-биринин каршысында жети күн турушту. Жетинчи күнү салгылаш башталды. Ысрайыл уулдары сириялыктардын жүз миң жөө аскерин бир күндө талкалашты.

30 Калгандары Апейик шаарына качып кетишти. Ал жерде калган жыйырма жети миң адамды дубал басып калды. Бенадат болсо шаарга качып келип, ички бөлмөлөрдүн биринен экинчисине чуркап жүрдү.

31 Кулдары ага: «Ысрайыл тукумунун падышалары ырайымдуу деп укканбыз. Андыктан белибизге зумбал курчанып, башыбызга жип салып, Ысрайыл падышасына барууга уруксат кыл. Балким, ал сени аяп, аман калтырар», – дешти.

32 Алар белдерине зумбал курчанып, баштарына жип салып, Ысрайыл падышасына барып: «Сенин кулуң Бенадат: “Жан соога”, – дейт», – дешти. Ошондо тиги: «Ал, эмне, али тирүүбү? Ал менин бир тууганым», – деди.

33 Алар бул сөздү жакшы белги катары кабыл алып, анын оозунан чыккан сөздү илип алып: «Ооба, Бенадат сенин бир тууганың», – дешти. Ошондо ал: «Барып, аны алып келгиле», – деди. Бенадат ага келгенде, ал аны өзүнүн майдан арабасына отургузду.

34 Бенадат ага: «Сенин атаңдан менин атам тартып алган шаарларды мен кайтарып берем. Менин атамдын Самарияда базар аянттары болгондой, сенин да Дамаскта базар аянттарың болот», – деди. Ахап ага: «Келишим түзгөндөн кийин, мен сени коё берем», – деди. Экөө келишим түзгөндөн кийин, Ахап аны коё берди.

Ахаптын күнөөсүнүн ашкерелениши

35 Теңирдин сөзү боюнча пайгамбар уулдарынын бири экинчисине: «Мени саба», – деди. Бирок экинчиси макул болбой койду.

36 Ошондо ал: «Теңирдин айтканын кылбаганың үчүн, менин жанымдан кеткенден кийин, сени арстан жара тартат», – деди. Ал анын жанынан кеткенден кийин, алдынан арстан чыгып, аны жара тартып салды.

37 Ал башка кишини таап: «Мени саба», – деди. Ал киши аны жарадар кылгыча сабады.

38 Пайгамбар көзүн жабуу менен жаап алып, жолдо бара жаткан падышанын алдына келди.

39 Падыша жанынан өтүп бара жатканда, ал падышага мындай деп кыйкырды: «Кулуң салгылашууга барган, ошондо бир киши четке чыгып, мага бир кишини алып келип: “Бул кишини кайтар. Эгер ал жоголуп кетсе, анда сенин жаның анын жаны үчүн кыйылат же бир талант күмүш тартып бересиң”, – деди.

40 Кулуң ар кайсы иштер менен алек болуп жатканда, ал жоголуп кетти». Ысрайыл падышасы ага: «Сага ошондой өкүм чыгарылсын. Өзүң чечип койдуң», – деди.

41 Ал ошол замат жабууну көзүнөн алды. Падыша анын пайгамбарлардын бири экенин тааныды.

42 Пайгамбар ага мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Мен өлүмгө өкүм кылган кишини колуңдан чыгарып жибергениң үчүн, сенин жаның анын жаны үчүн кыйылат, сенин элиң анын элинин ордуна кырылат”».

43 Ысрайыл падышасы көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө, Самарияга келди.

21-БӨЛҮМ

Наботтун жүзүмзары

1 Ушул окуялардан кийин мындай болду: Самария падышасы Ахаптын падыша сарайынын жанында, Изрейелде изрейелдик Наботтун жүзүмзары бар эле.

2 Ахап Наботко: «Жүзүмзарыңды мага бер, ал жерге мен жашылча өстүрөм, анткени ал менин үйүмө жакын. Анын ордуна мен сага андан да жакшы жүзүмзар берем. Эгер кааласаң, канча турса, ошончо күмүш берем», – деди.

3 Бирок Набот Ахапка: «Ата-бабаларымдын мурасын сага берүүдөн Теңирим мени сактасын!» – деди.

4 Ахап изрейелдик Наботтун «Ата-бабаларымдын мурасын сага бербейм» деген сөзүнө көңүлү чөгүп, санаага батып, үйүнө келди да, төшөгүнө тескери карап жатып алды, тамак ичкен жок.

5 Анын үстүнө аялы Изебел кирип: «Эмнеге мынча көңүлүң чөктү? Эмнеге тамак ичпей койдуң?» – деди.

6 Ал ага мындай деди: «Изрейелдик Наботко: “Жүзүмзарыңды күмүшкө бер, кааласаң, анын ордуна башка жүзүмзар берем”, – десем, ал мага: “Жүзүмзарымды сага бербейм”, – деди».

7 Ошондо аялы Изебел ага: «Сен ушундай кылсаң, Ысрайылда эмне деген падышачылык болот? Тур, тамак ич, кайгырба, мен сага изрейелдик Наботтун жүзүмзарын алып берем», – деди.

8 Анан ал Ахаптын атынан каттарды жазып, аларга анын мөөрүн басты да, ал каттарды Набот менен бир шаарда жашаган аксакалдарга жана атактуу кишилерге жиберди.

9 Ал каттарга мындай деп жазды: «Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузгула.

10 Ал эми анын маңдайына жүзү кара эки кишини отургузгула. “Сен Кудайга жана падышага акарат келтирдиң” деп, алар ага жалаа жабышсын. Анан аны алып чыгып, таш бараңга алып өлтүргүлө».

11 Анын шаарында жашаган эркектер: аксакалдар, атактуу кишилер Изебел жиберген каттарда кандай жазылса, ошондой кылышты.

12 Орозо жарыя кылып, Наботту элдин алдына отургузушту.

13 Анан жүзү кара эки киши чыгып, анын маңдайына отурду. Ал жаман адамдар элдин алдында ага: «Набот Кудайга жана падышага акарат келтирди», – деп жалаа жабышты. Ошентип, аны шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүрүштү.

14 Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн Изебелге айттырып жиберишти.

15 Изебел Наботту таш бараңга алып өлтүрүшкөнүн укканда, Ахапка: «Тур, барып, изрейелдик Наботтун күмүшкө бергиси келбеген жүзүмзарын ээле, анткени Набот жок, ал өлдү», – деди.

16 Ахап Наботтун өлгөнүн укканда, ордунан турду да, анын жүзүмзарын ээлеп алганы жөнөдү.

17 Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду:

18 «Тур, барып, Самариядагы Ысрайыл падышасы Ахапка жолук. Ал азыр Наботтун жүзүмзарын ээлеп алганы келди.

19 Ага мындай дегин: Теңир мындай дейт: “Өлтүргөнүң аз келгенсип, эми мурасын ээлеп алгың барбы?” Дагы мындай де: Теңир мындай дейт: “Наботтун канын иттер кайсы жерде жалашса, сенин каныңды да ошол жерде жалашат”».

20 Ахап Илияска: «Душманым, мени таптың!» – деди. Илияс мындай деди: «Таптым, анткени сен Теңирге жакпаган иштерди кылууга дитиңди бердиң.

21 Теңир мындай дейт: “Мен сага каран түн түшүрөм, артыңа тукум калтырбай, жер үстүнөн шыпырып таштайм, Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.

22 Акарат келтирип, Мени каардантканың үчүн, Ысрайылды күнөөгө батыргандыгың үчүн, Небат уулу Жаробамдын тукумун жана Акиянын уулу Баашанын тукумун кандай кылсам, сенин тукумуңду да ошондой кылам”.

23 Теңир Изебел жөнүндө да: “Изрейел дубалынын сыртында Изебелди иттер жейт”, – деди.

24 Шаарда Ахаптын тукумунан ким өлсө, аны иттер жейт. Ал эми талаада кимиси өлсө, аны асман куштары чокуп жейт.

25 Аялы Изебелдин сөзүнө кирип, Теңирге жакпаган иштерди кылган Ахаптай адам мурун болгон эмес.

26 Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан аморлуктардай болуп жасалма кудайларды ээрчип, өтө ыпылас иштерди кылды».

27 Ахап ушул сөздүн баарын укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, орозо кармап, зумбалчан жатып, кайгылуу жүрдү.

28 Ошондо тишпилик Илияска Теңирден сөз болду, Теңир мындай деди:

29 «Менин алдымда Ахаптын моюн сунганын көрдүңбү? Менин алдымда моюн сунганы үчүн Мен ага көзү тирүүсүндө каран түн түшүрбөйм. Анын тукумуна баласынын убагында каран түн түшүрөм».

22-БӨЛҮМ

Михей пайгамбар жана Ахап

1 Yч жылдын аралыгында Сирия менен Ысрайылдын ортосунда согуш болгон жок.

2 Yчүнчү жылы Жүйүт падышасы Жошапат Ысрайыл падышасына барды.

3 Ысрайыл падышасы өзүнүн кызматчыларына: «Гилаттын Рамоту биздики экенин билесиңерби? Биз болсо көптөн бери унчукпай эле жүрөбүз, аны Сирия падышасынын колунан албай жатабыз», – деди.

4 Анан ал Жошапаттан: «Мени менен бирге Гилаттын Рамотуна каршы согушканы барасыңбы?» – деп сурады. Жошапат Ысрайыл падышасына: «Сен кандай болсоң, мен да ошондоймун. Сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой. Сенин аттарың кандай болсо, меники да ошондой», – деп жооп берди.

5 Жошапат Ысрайыл падышасына: «Теңирдин эмне айтарын бүгүн сура», – деди.

6 Ысрайыл падышасы төрт жүзгө жакын пайгамбарды чогултуп, алардан: «Мен Гилаттын Рамотуна каршы согушканы барсам болобу же болбойбу?» – деп сурады. Алар: «Бар, Теңир аны падышанын колуна салып берет», – дешти.

7 Жошапат: «Бул жерде Теңирдин пайгамбарларынан дагы барбы? Биз ал аркылуу Теңирдин эркин сурайт элек», – деп сурады.

8 Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Дагы бир киши бар, ал аркылуу Теңирдин эркин сураса болот, бирок мен аны жек көрөм, анткени ал мага жакшы кабар айтпайт, жаман гана кабар айтат. Ал – Жимланын уулу Михей», – деди. Жошапат ага: «Падыша, андай дебе», – деди.

9 Ысрайыл падышасы бир эбнухту чакырып: «Тезирээк Жимланын уулу Михейди чакырып кел», – деди.

10 Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат падыша кийимин кийип, Самария дарбазасынын жанындагы аянтта ар бири өзүнүн тактысында отурушту, алардын алдында бардык пайгамбарлар пайгамбарчылык кылып жатышты.

11 Ошондо өзүнө темир мүйүз жасап алган Кенаана уулу Ситкия: «Теңир мындай дейт: Бул мүйүз менен сириялыктарды сүзүп жок кыласың», – деди.

12 Пайгамбарлардын бардыгы ушундай эле пайгамбарчылык кылышты: «Гилаттын Рамотуна каршы бар, жеңишке жетесиң, аларды Теңир падышанын колуна салып берет».

13 Михейди чакырып келгени барган эбнух ага: «Мына, пайгамбарлардын баары бир добуштан падышага жакшы кабар айтышты. Сенин сөзүң да алардын сөзү менен бирдей болсун, сен да жакшы кабар айт», – деди.

14 Ошондо Михей: «Теңир тирүү! Теңир мага эмне деп айтса, мен ошону айтам», – деди.

15 Ал падышага келди. Падыша андан: «Михей! Гилаттын Рамотуна согушканы барсак болобу же болбойбу?» – деп сурады. Михей ага: «Бар, жеңишке жетесиң, Теңир аны падышанын колуна салып берет», – деп жооп берди.

16 Падыша ага: «Мага Теңирдин атынан чындыктан башка эч нерсе айтпа деп, канча жолу суранышым керек?» – деди.

17 Ошондо ал: «Мен тоолордо койчусу жок чачырап жүргөн койлордой болгон ысрайылдыктарды көрүп жатам. Теңир мындай деди: “Булардын башчысы жок, ошондуктан ар бири өз үйүнө тынчтык менен кайтсын”», – деди.

18 Ошондо Ысрайыл падышасы Жошапатка: «Мага ал жакшы кабарды эмес, жаман кабарды гана айтат деп, мен сага айтпадым беле?» – деди.

19 Михей дагы мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук: Мен Өзүнүн тактысында отурган Теңирди көрдүм. Анын жанында, оң жана сол тарабында асман кошууну туруптур.

20 Анан Теңир мындай деди: “Гилаттын Рамотуна барып өлүшү үчүн, Ахапты ким көндүрө алат?” Бирөө мындай, бирөө тигиндей айтты.

21 Ошондо бир рух чыгып, Теңирдин алдына келип: “Аны мен көндүрөм”, – деди. Теңир андан: “Кантип?” – деп сурады.

22 Ал: “Мен чыгам да, пайгамбарлардын баарынын оозуна жалган рух болуп кирем”, – деди. Теңир ага: “Сен аны көндүрөсүң, ушуну аткарасың. Бар, ушундай кыл”, – деди.

23 Мына, Теңир азыр пайгамбарларыңдын баарынын оозуна жалган рухтун кирүүсүнө жол берди, бирок Теңир сен жөнүндө жакшы нерсе айткан жок».

24 Ошондо Кенаана уулу Ситкия Михейге жакын келип, аны жаакка бир чаап: «Кандайча, Теңирдин Руху сен аркылуу сүйлөш үчүн, менден кетип калдыбы?» – деди.

25 Михей: «Сен муну жашыныш үчүн бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө чуркап жүргөн күнү көрөсүң», – деди.

26 Ошондо Ысрайыл падышасы мындай деди: «Михейди алгыла да, шаар башчысы Амонго жана падыша уулу Жаашка алып баргыла.

27 Анан аларга: Падыша мындай дейт: “Муну зынданга салгыла да, мен тынчтык менен кайтып келгенче, жарыбаган нан, жарыбаган суу берип тамактандырып тургула”, – деди».

28 Михей: «Эгер тынчтык менен кайтып келсең, анда мен аркылуу Теңир сүйлөгөн эмес», – деди. Анан дагы: «Бүт эл, ук!» – деди.

Ахаптын өлүшү

29 Ысрайыл падышасы менен Жүйүт падышасы Жошапат Гилаттын Рамотуна кетишти.

30 Ысрайыл падышасы Жошапатка мындай деди: «Мен кийимимди алмаштырам да, согушка кирем, а сен өзүңдүн падыша кийимиңди кий». Ысрайыл падышасы кийимин алмаштырды да, согушка кирди.

31 Сирия падышасы майдан арабаларынын отуз эки башчысына: «Кичүүсү менен да, улуусу менен да салгылашпагыла, бир гана Ысрайыл падышасы менен салгылашкыла», – деп буйрук берди.

32 Майдан арабалардын башчылары Жошапатты көрүп: «Ысрайыл падышасы ушул», – деп ойлоп, аны менен согушууга бурулушту. Ошондо Жошапат кыйкырып жиберди.

33 Майдан арабалардын башчылары анын Ысрайыл падышасы эмес экенин көрүп, кайра бурулуп кетишти.

34 Бир адам кокусунан жаа тартып жибергенде, жебе Ысрайыл падышасынын соот кийиминин тигишинен өтүп, аны жарадар кылды. Ошондо ал өзүнүн арабакечине: «Артка тарт, мени аскерлердин ичинен алып чык, мен жарадармын», – деди.

35 Бирок ошол күнү салгылаш күчөдү. Падыша сириялыктардын каршысында майдан арабасында турду. Ал кечинде өлдү, анын жараатынын каны майдан арабага акты.

36 Күн батканда бүткүл кошуунга: «Ар кимиң өз шаарыңа кайт, ар кимиң өз жериңе кайт!» – деп жарыя кылынды.

37 Ошентип, падыша өлүп, сөөгүн Самарияга алып келишип, ошол жерге коюшту.

38 Теңирдин айткан сөзү боюнча Самария көлмөсүнө анын майдан арабасын жуушту, анын канын иттер жалашты, ал көлмөгө бузулган аялдар жуунушчу.

39 Ахаптын башка иштери, пилдин сөөгүнөн үй тургузганы, шаарларды курганы Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

40 Ошентип, Ахап ата-бабаларына кошулду, анын ордуна уулу Ахазай такка отурду.

Жошапат – Жүйүт падышасы

41 Асанын уулу Жошапат Жүйүткө Ысрайыл падышасы Ахаптын падышачылыгынын төртүнчү жылында падыша болду.

42 Жошапат такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энеси Шилхинин кызы Азуба болчу.

43 Ал Теңирге жаккан иштерди кылып, бардык нерседе атасы Асанын жолун жолдоду, ал жолдон чыккан жок. Бирок бийик жерлердеги бутканалар алынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

44 Жошапат Ысрайыл падышасы менен тынчтык келишимин түздү.

45 Жошапаттын башка иштери, анын көрсөткөн эрдиктери жана согуш жүргүзүүсү Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

46 Ал атасы Асанын убагынан калган бузулгандарды жер бетинен жок кылды.

47 Ошол кезде Эдомдо падыша жок эле, аны падыша дайындаган адам башкарган.

48 Жошапат Опирге алтынга барыш үчүн, деңизде сүзүүчү кемелерди жасады. Бирок алар Опирге жеткен жок, анткени Этсион-Геберде кыйроого учурады.

49 Ошондо Ахаптын уулу Ахазай Жошапатка: «Кемелерде менин кулдарым сенин кулдарың менен чогуу барышсын», – деди. Бирок Жошапат макул болгон жок.

50 Жошапат ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жорам такка отурду.

Ахазай – Ысрайыл падышасы

51 Ахаптын уулу Ахазай Жүйүттүн падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он жетинчи жылында Ысрайылга падыша болуп, Самарияда эки жыл падышачылык кылды.

52 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылып, атасы менен энесинин, ошондой эле Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын жолун жолдоду.

53 Ал Баалга кызмат кылып табынды. Атасы кылган иштердин баарын кылып, Ысрайылдын Кудай-Теңирин каардантты.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz