Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЭКИНЧИ ПАДЫШАЛАР КИТЕБИ

1-БӨЛҮМ

Илияс пайгамбар менен Ахазай падыша

1 Ахап өлгөндөн кийин, Маап Ысрайылдан бөлүнүп кетти.

2 Ахазай Самариядагы өз үйүнүн үстүнкү бөлмөсүнүн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жөнөттү: «Баргыла, Экрон кудайы Белзебулдан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»

3 Ошондо Теңирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “Экрон кудайы Белзебулдан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?

4 Ошон үчүн Теңир: “Жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”, – дейт». Илияс жөнөп кетти.

5 Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдиңер?» – деп сурады.

6 Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: “Силерди жиберген падышаңарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: Теңир мындай дейт: "Экрондун кудайы Белзебулдан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон үчүн сен жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң"”», – деп жооп беришти.

7 Ошондо ал алардан: «Силердин алдыңардан чыгып, ушул сөздү айткан адамдын сырткы көрүнүшү кандай экен?» – деп сурады.

8 Алар ага: «Ал түктүү кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.

9 Анан ал ага элүү кишиси менен элүү башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени түшсүн, – дейт», – деди.

10 Илияс элүү башыга: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

11 Падыша ага башка элүү кишини элүү башы менен жөнөттү. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирээк түшсүн дейт», – деди.

12 Илияс ага: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

13 Yчүнчү жолу да элүү башыны элүү кишиси менен жиберди. Үчүнчү элүү башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен.

14 Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» – деп жалынды.

15 Ошондо Теңирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.

16 Илияс ага: «Теңир мындай дейт: “Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, Экрон кудайы Белзебулдан сураганың үчүн, жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”», – деди.

17 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча Ахазай өлдү. Анын баласы жок болгондуктан, Жүйүт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.

18 Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

2-БӨЛҮМ

Илиястын асманга алынышы

1 Теңир Илиясты асманга куюн менен көтөрүп кеткиси келди. Ошол учурда Илияс Элиша менен Гилгалдан келе жаткан.

2 Илияс Элишага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Бейтелге жиберип жатат», – деди. Бирок Элиша: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Бейтелге жөнөштү.

3 Бейтелдеги пайгамбар уулдары Элишанын алдынан чыгып, ага: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.

4 Илияс ага: «Элиша, бул жерде кал, анткени Теңир мени Жерихого жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, алар Жерихого келишти.

5 Жериходогу пайгамбар уулдары Элишага жакын келишип: «Бүгүн Теңир сенин мырзаңды жогору алып кетерин билесиңби?» – дешти. Ал: «Аны мен да билем, унчукпагыла», – деди.

6 Илияс ага: «Бул жерде кал, анткени Теңир мени Иорданга жиберип жатат», – деди. Ал: «Теңир тирүү, сен да тирүүсүң! Сени таштабайм», – деди. Ошентип, экөө бирге жөнөштү.

7 Пайгамбар уулдарынан элүү киши жөнөдү, алар Илияс менен Элишанын бет маңдайында, алыста турушту. Экөө Иордандын жээгинде турган эле.

8 Илияс өз чапанын алып, ороп туруп сууга чапты. Ошондо суу эки жакка тартылып, алар кургак жер менен өтүп кетишти.

9 Алар өтүп кетишкенден кийин, Илияс Элишага: «Сура, мен сенин жаныңдан алынып кетерден мурун сага эмне кылып берейин?» – деди. Элиша ага: «Сендеги рух менде эки эсе болсун», – деди.

10 Ошондо ал: «Оор нерсени сурап жатасың. Эгер сенин жаныңдан кантип алынып бара жатканымды көрсөң, анда сураганыңдай болот. Эгер көрбөсөң, болбойт», – деди.

11 Алар жолдо сүйлөшүп бара жатышканда, күтүлбөгөн жерден оттуу араба менен оттуу аттар пайда болду да, экөөнү бөлүп, Илиясты куюн менен асманга көтөрүп кетти.

12 Элиша муну көрүп: «Ата, ата, Ысрайылдын арабасы жана атчан жоокери!» – деп кыйкырды. Анан ал аны көрбөй калды. Өзүнүн кийимин кармап туруп, экиге бөлүп айрып салды.

13 Илиястын жерге түшүп калган чапанын алып, артты көздөй жөнөп, Иордандын жээгине келип турду.

14 Анан ал Илиястын жерге түшүп калган чапанын сууга чаап: «Илиястын Кудай-Теңири кайда?» – деди. Ошондо суу эки жакка тартылып, Элиша өтүп кетти.

15 Жериходогу пайгамбар уулдары аны алыстан көрүп: «Илиястын руху Элишага түштү», – дешти. Аны алдынан тосуп чыгышып, жерге чейин ийилип таазим этишти.

16 Анан ага мындай деп айтышты: «Кулдарыңдын элүү күчтүү кишиси бар. Алар барып, мырзаңды издеп келишсин. Балким, аны Теңирдин Руху алып кетип, бир тоого же бир өрөөнгө таштап койгондур?» Бирок ал: «Жибербей эле койгула», – деди.

17 Бирок алар кайра-кайра айтып, аны жадатышкандыктан, ал: «Жибергиле», – деди. Ошондо алар элүү кишини жиберишти, алар аны үч күн издеп таппай коюшту.

18 Алар Жериходо калган Элишага кайтып келишкенде, ал: «Мен силерге: “Барбагыла”, – деп айтпадым беле?» – деди.

Элиша пайгамбар көрсөткөн кереметтер

19 Шаардын тургундары Элишага: «Мырзабыз өзү көрүп тургандай, бул шаар жакшы жерге жайгашкан, бирок суусу жаман, жери түшүм бербейт», – дешти.

20 Ал: «Жаңы чөйчөккө туз салып, мага алып келгиле», – деди. Ага ошентип беришти.

21 Ал суунун башатына барып, ага тузду чачып: «Теңир мындай дейт: “Мен бул сууну тазарттым, мындан ары бул суу өлүмдүн да, түшүмсүздүктүн да себепкери болбойт”», – деди.

22 Элишанын сөзү боюнча суу таза болуп калды. Ушул күнгө чейин ошондой.

23 Ал жерден ал Бейтелге кетти. Жолдо бара жатканда, шаардан кичинекей балдар чыгып, аны: «Кашка баш, кет! Кет, кашка баш!» – деп шылдыңдашты.

24 Ал артына кылчайып, аларды карап, Теңирдин атынан каргады. Ошондо токойдон эки ургаачы аюу чыгып, алардын ичинен кырк эки баланы жарып салды.

25 Ал жерден ал Кармел тоосуна жөнөдү, ал жактан Самарияга кайтып келди.

3-БӨЛҮМ

Ысрайыл менен Жүйүттүн Маап менен согушушу

1 Жүйүт падышасы Жошапаттын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Ахап уулу Жорам Ысрайылга падыша болуп, Самарияда он эки жыл падышачылык кылды.

2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок атасы менен энесинчелик кылган жок. Ал атасы жасаган Баалдын айкелин алып салды.

3 Бирок ысрайылдыктарды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кайталап, алардан баш тарткан жок.

4 Маап падышасы Мейша малга бай эле. Ал Ысрайыл падышасына жыл сайын жүз миң кыркылбаган кой жана жүз миң кыркылбаган кочкор жиберип турчу.

5 Бирок Ахап өлгөндөн кийин, Маап падышасы Ысрайыл падышасынан бөлүнүп кетти.

6 Ошол убакта Жорам падыша Самариядан чыгып, ысрайылдыктардын баарын карап чыкты.

7 Жүйүт падышасы Жошапатка киши жиберип: «Маап падышасы менден бөлүнүп кетти, Маапка каршы согушууга мени менен барасыңбы?» – деп айттырды. Ал: «Барам, сен кандай болсоң, мен да ошондоймун, сенин элиң кандай болсо, менин элим да ошондой, сенин аттарың кандай болсо, менин аттарым да ошондой», – деди.

8 Анан: «Кайсы жол менен барышыбыз керек?» – деп сурады. Тиги: «Эдом чөлү аркылуу», – деди.

9 Ошондо Ысрайылдын, Жүйүттүн, Эдомдун падышалары жөнөштү. Алар айланып баруучу жол менен жети күн жүрүштү, алардын артындагы аскерлерине да, малына да ичкенге суу жок эле.

10 Ошондо Ысрайыл падышасы: «Теңир бул үч падышаны мааптыктардын колуна салып бергени чакырган турбайбы!» – деди.

11 Бирок Жошапат: «Бул жерде Теңирдин пайгамбары барбы? Ал аркылуу Теңирдин эркин сурайт элек», – деди. Ысрайыл падышасынын бир кызматчысы мындай деп жооп берди: «Бул жерде Шапаттын уулу Элиша бар, ал Илиястын колуна суу куюп берчү».

12 Жошапат: «Анда Теңирдин сөзү бар», – деди. Ошондо Ысрайыл падышасы, Жошапат жана Эдом падышасы ага барышты.

13 Элиша Ысрайыл падышасына: «Менден сага эмне керек? Атаң менен энеңдин пайгамбарларына бар», – деди. Ысрайыл падышасы ага: «Жок, андай дебе, анткени Теңир бул үч падышаны бул жерге Мааптын колуна салып берүү үчүн чакырды», – деди.

14 Элиша ага: «Мен алдында турган Себайот Теңир тирүү! Эгерде мен Жүйүт падышасы Жошапатты сыйлабасам, анда сага көңүл буруп да, карап да коймок эмесмин.

15 Эми мага гусли черткен адамды чакыргыла», – деди. Ал гусли чертип жатканда, Теңирдин колу Элишанын үстүндө болду.

16 Анан ал мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Ушул өрөөнгө аңгек артынан аңгек казгыла”.

17 Анткени Теңир мындай дейт: “Шамалды да, жаанды да көрбөйсүңөр, бирок бул өрөөнгө суу толуп, андан өзүңөр да, майда жана бодо малыңар да ичет”.

18 Бирок Теңирдин алдында бул да аздык кылат. Ал силердин колуңарга мааптыктарды да салып берет.

19 Ошондо силер алардын бардык чептүү шаарлары менен башкы шаарларын талкалайсыңар, бардык мыкты дарактарын кыйып, бардык суу башаттарын бөгөйсүңөр жана бардык мыкты талаа аянттарына таш ыргытып бузасыңар».

20 Эртең менен нан курмандыгын тартуулап жаткан учурда, күтүлбөгөн жерден Эдом тараптан суу келип, жер сууга толуп кетти.

21 Мааптыктар падышалардын согушканы келе жатышканын угушканда, кур курчанганынан чоңуна чейин, баары чогулуп, чек арада турушту.

22 Алар эртең менен эрте турушту. Күн суу үстүнө жарыгын төккөндө, мааптыктарга суу алыстан кан сымал кыпкызыл болуп көрүндү.

23 Ошондо алар: «Бул – кан. Падышалар өз ара согушуп, бири-бирин кырып салышкан турбайбы. Маап, эми олжого!» – дешти.

24 Ошентип, алар Ысрайыл кошуунуна келишти. Ошондо ысрайылдыктар көтөрүлүп, мааптыктарга сокку урушту, мааптыктар ысрайылдыктардан качышты. Ысрайылдыктар болсо мааптыктарды кыйратып жүрүп отурушту.

25 Алар шаарларды талкалашты, талаанын жакшы жерлеринин баарына ар бири бирден таш ыргытып, таш толтуруп салышты. Суу башаттарынын бардыгын бөгөштү, бардык жакшы дарактарын кыйып салышты, таш дубалдуу Кир-Харесет гана калды. Аны да салмоорчулар тегеректеп, бузуп салышты.

26 Маап падышасы өзүнүн согушта жеңиле баштаганын көрүп, Эдом падышасына жарып өтүп барыш үчүн, жанына кылыч чапканды билген жети жүз кишини алды, бирок өтө алган жок.

27 Ошондо ал өзүнүн ордуна падыша боло турган тун уулун алып, аны дубалдын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды. Алар ысрайылдыктарды абдан ачуулантышты. Ошондо ысрайылдыктар мааптыктар менен согушканын токтотушуп, өз жерине кайтышты.

4-БӨЛҮМ

Элиша менен жакыр жесир аял

1 Пайгамбар уулдарынын биринин аялы боздоп, Элишага мындай деди: «Сенин кулуң, менин күйөөм, өлүп калды. Сен болсо кулуңдун Теңирден корккон адам болгонун билесиң. Бизге карыз берген адам келип, эки баламды өзүнө кулдукка алып кеткени жатат».

2 Элиша ага: «Сага эмне кылышым керек? Айтчы, үйүңдө эмнең бар?» – деди. Ал: «Күңүңдүн үйүндө кумурадагы зайтун майынан башка эч нерсеси жок», – деди.

3 Ошондо ал мындай деди: «Барып, тегерегиңдеги бардык кошуналарыңдын бош идиштерин сурап кел, көп идиш чогулт.

4 Анан уулдарың менен үйүңө кир да, эшигиңди бекитип алып, ошол идиштердин баарына май куюп, ары алып коё бер».

5 Аял барды да, уулдары менен үйүнө кирип, эшигин бекитти. Алар идиштерди алып берип турушту, өзү болсо май куюп жатты.

6 Идиштерге май толгондо, ал уулуна: «Мага дагы идиш берчи», – деди. Уулу ага: «Башка идиш жок», – деди. Ошондо май да токтоду.

7 Аял келип, муну Кудайдын кишисине айтып берди. Ал ага: «Бар, майды сатып, карыздарыңды төлөп бер. Калганына балдарың менен жан бак», – деди.

Элиша жана Шунемдеги бай аял

8 Бир күнү Элиша Шунемге келди. Ал жерде жашаган бир бай аял жалынып-жалбарып, аны өзүнүкүнөн тамак ичкенге көндүрдү. Элиша ал жерден өткөн сайын, аныкына кирип, дайыма тамак ичип жүрдү.

9 Аял күйөөсүнө: «Биздин үйүбүздүн жанынан өткөн киши Кудайдын ыйык кишиси экенин билдим.

10 Yйдүн үстүнө чакан бөлмө куруп, ага төшөк, үстөл, отургуч, чырак коюп берели. Ал биздикине келгенде, ошол жакка кирсин», – деди.

11 Ал бир күнү алардыкына келип, ошол бөлмөгө кирип жатты.

12 Анан ал кызматчысы Гейхазиге: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аялды чакырды, аял Элишанын алдына келди.

13 Анан кызматчысына: «Аялга айт: “Сен биз үчүн аябай кам көрүп жатасың, сага эмне кылып берели? Сен жөнүндө падыша же аскер башы менен сүйлөшүш керекпи?”» – деди. Аял: «Жок, мен өз элимдин арасында жашап жатам», – деди.

14 Ал: «Аялга эмне кылсам?» – деди. Ошондо Гейхази: «Анын баласы жок, күйөөсү болсо кары», – деди.

15 Ал: «Чакырчы аны», – деди. Гейхази аялды чакырды, аял босогого келип турду.

16 Ошондо ал: «Бир жылдан кийин, так ушул убакта уулдуу болосуң», – деди. Аял ага: «Жок, мырзам, Кудайдын кишиси, күңүңдү алдаба», – деди.

17 Аялдын боюна бүтүп, кийинки жылы, Элиша айткан убакта уул төрөдү.

18 Бала чоңоюп, бир күнү атасына, орокчуларга барды.

19 Ал атасына: «Башым! Башым ооруп жатат!» – деди. Ал кызматчысына: «Муну энесине алып бар», – деди.

20 Ал аны көтөрүп, энесине алып келди. Ал энесинин тизесинде түшкө чейин отуруп, өлүп калды.

21 Энеси аны Кудайдын кишисинин төшөгүнө алып келип жаткырып, эшикти бекитип, сыртка чыкты.

22 Анан күйөөсүн чакырып: «Мага бир кызматчыны жана бир ургаачы эшекти жибер. Мен Кудайдын кишисине барып келем», – деди.

23 Ал: «Ага эмнеге барасың? Бүгүн ай да жаңыра элек, ишемби да эмес», – деди. Бирок аял: «Эч нерсе эмес, бардыгы жакшы болот», – деди.

24 Анан ал ургаачы эшекти токуп, өз кызматчысына: «Жетелеп бас. Мен айтмайынча токтобо», – деди.

25 Ошентип, ал жолго чыкты. Кудайдын кишисине, Кармел тоосуна келди. Кудайдын кишиси аны алыстан көрүп, кызматчысы Гейхазиге мындай деди: «Бул – баягы шунемдик аял.

26 Алдынан чуркап чыгып: “Аман-эсен жүрөсүңбү? Күйөөң менен балаң аман-эсенби?” – деп сура». Аял: «Аман-эсенбиз», – деп жооп берди.

27 Анан ал тоого, Кудайдын кишисине келип, анын бутун кучактап калды. Гейхази аялды анын жанынан алып кетмекчи болду, бирок Кудайдын кишиси: «Тим кой. Мунун кайгысы бар, Теңир мага айтпай, жашырып койгон тура», – деди.

28 Аял: «Мен мырзамдан бала сурадым беле? “Мени алдаба”, – деп айткан жок белем?» – деди.

29 Ошондо Элиша Гейхазиге: «Белиңди курчап, колуңа менин таягымды алып, жөнө. Эгер алдыңан киши кезиксе, саламдашпа, бирөө салам берсе, алик алба. Баланын бетине менин таягымды кой», – деди.

30 Баланын энеси: «Теңир тирүү, сенин жаның да тирүү! Мен сенсиз кетпейм», – деди. Элиша туруп, анын артынан жөнөдү.

31 Гейхази алардан мурун барып, баланын бетине таякты койду. Бирок үн да, жооп да болбоду. Анан Элишанын алдынан чыгып: «Бала ойгонбой жатат», – деп билдирди.

32 Элиша үйгө кирсе, төшөгүндө өлгөн бала жатыптыр.

33 Ал кирип, эшикти бекитип, Теңирге сыйынды.

34 Анан туруп, баланын үстүнө жатты. Оозуна оозун, көзүнө көзүн, алаканына алаканын тийгизип, буту-колун сунуп жатты, ошондо баланын денеси жылыды.

35 Анан туруп, бөлмөдө ары-бери басты. Анан кайра туруп, анын үстүнө буту-колун сунуп жатты. Ошондо бала жети жолу чүчкүрүп, көзүн ачты.

36 Элиша Гейхазини чакырып: «Шунемдик аялды чакыр», – деди. Ал аны чакырды. Аял киргенде, ал: «Уулуңду ал», – деди.

37 Аял жакын келип, анын бутуна жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды. Анан уулун көтөрүп кетти.

Элишанын Гилгалда көрсөткөн кереметтери

38 Элиша болсо Гилгалга кайтты. Ал жерде ачарчылык болду. Пайгамбар уулдары анын алдында отурушту. Ал кызматчысына: «Казан асып, пайгамбар уулдарына сорпо бышыр», – деди.

39 Алардын бири талаага жашылча тергени чыгып, чырмалып өскөн жапайы өсүмдүктү таап алып, анын жемишинен этегине толтура терип алды. Анан ал келип, аларды туурап, казандагы сорпого салды. Алар мунун кандай жемиш экенин билишчү эмес.

40 Анан аларга сорпо куюп беришти. Бирок алар сорпону ооз тийишери менен: «Кудайдын кишиси, казанда өлүм!» – деп кыйкырып жиберишти. Ошентип, алар иче албай коюшту.

41 Ошондо Элиша: «Ун бергиле», – деди. Ал аны казанга сээп, Гейхазиге: «Элге куюп бер, ичишсин», – деди. Ошондо казандагы зыяндуу нерсе жок болуп калды.

42 Баал-Шалиштен бир киши келип, Кудайдын кишисине түшүмдүн алгачкы данынан: жыйырма арпа нан жана кабыгы сыйрылбаган, быша элек дан алып келип берди. Элиша: «Элге бер, жешсин», – деди.

43 Анын кызматчысы: «Ушунун эмнесин жүз кишиге берем?» – деди. Ал: «Элге бер, жешсин, анткени Теңир мындай дейт: “Курсактары тоёт, артып да калат”», – деди.

44 Ал аларга таратып берди, Теңирдин сөзү боюнча алар жеп тоюшту, артып да калды.

5-БӨЛҮМ

Наамандын айыгышы

1 Сирия падышасынын аскер башчысы Нааман өз мырзасынын кадырлуу жана мыкты деп эсептелген адамы эле, себеби сириялыктарга жеңишти Теңир ошол аркылуу берген. Ал киши мыкты жоокер болчу, бирок пес оорулуу эле.

2 Сириялыктар бир жолу жоокерлери менен барып, Ысрайыл жеринен бир кичинекей кызды туткундап келишкен, ал Наамандын аялына кызмат кылчу.

3 Ал өзүнүн мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» – деди.

4 Ошондо Нааман өз мырзасына барып: «Жанагы Ысрайыл жеринен келген кыз ушундай-ушундай деп айтып жатат», – деди.

5 Сирия падышасы Нааманга: «Барып кел, мен Ысрайыл падышасына кат жиберем», – деди. Ал жанына он талант күмүш, алты миң шекел алтын жана он сыйра кийим алып, жөнөп кетти.

6 Ал Ысрайыл падышасына катты алып келди. Ал катта мындай деп жазылган эле: «Мен ушул кат менен бирге кызматчым Нааманды сага жиберип жатам, сен аны пес оорусунан айыктыр».

7 Ысрайыл падышасы катты окуганда, өз кийимин айрып: «“Пес оорусунан айыктыр”, – деп, мага жибергидей, өлтүргүдөй же тирилткидей, мен, эмне, Кудаймынбы? Мына көрдүңөрбү, ал мени менен касташуу үчүн шылтоо издеп жатат», – деди.

8 Кудайдын кишиси Элиша Ысрайыл падышасынын өз кийимин айрыганын угуп, падышага: «Сен эмне үчүн өз кийимиңди айрыдың? Ал мага келсин, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин», – деп айттырып жиберди.

9 Ошондо ал өзүнүн аттары жана майдан арабалары менен келип, Элишанын үйүнүн алдына токтоду.

10 Элиша ага кызматчысынан: «Барып, Иорданга жети жолу жуунгун, ошондо сенин денең айыгып, таза болосуң», – деп айттырып жиберди.

11 Наамандын ачуусу келип: «Ал мага өзү келип, өз Кудай-Теңиринин ысымын чакырып, колун ооруган жериме коюп, пес оорусунан айыктырат деп ойлогом.

12 Дамасктын Абана жана Парпар дарыялары Ысрайылдын сууларынан артык эмеспи? Эмне, мен ошолорго түшүп жуунсам, тазаланбаймынбы?» – деди. Ошентип, ал бурулду да, ачууланган бойдон жөнөп кетти.

13 Ошондо анын кулдары жанына келип: «Атабыз, эгер пайгамбар сага бир чоң ишти айтса, сен аны кылмаксың да. Эми анын жөн гана: “Жуунгун, ошондо таза болосуң”, – деген сөзүн аткарбай коёсуңбу?» – дешти.

14 Ал барып, Кудайдын кишисинин сөзү боюнча Иорданга жети жолу чөмүлдү, ошондо анын денеси айыгып, жаш баланын денесиндей таптаза болуп калды.

15 Ал өзүнүн коштоп жүргөн кишилери менен Кудайдын кишисине кайтып келип, анын алдына туруп: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин мен эми билдим. Ошондуктан кулуңдун белегин кабыл ал», – деди.

16 Элиша: «Мен алдында турган Теңир тирүү! Белегиңди албайм», – деди. Тигил: «Ал», – деп суранды, бирок ал макул болбой койду.

17 Ошондо Нааман мындай деди: «Анда кулуңа эки качыр көтөрө алгыдай топурак берилсин, анткени кулуң ушул күндөн тартып, Теңирден бөлөк кудайларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалбайт.

18 Бирок Теңир кулуңа мындай учурда кечирим кылсын: менин төрөм Римон үйүнө табынганы барганда, менин колума таянат, ошондо мен Римон үйүндө табынам, ушундай учурда Римон үйүндө табынганым үчүн, Теңир кулуңду кечирсин».

19 Ошондо ал ага: «Тынчтык менен бара бер!» – деди. Ал андан бир аз узап кеткенден кийин,

20 Кудайдын кишиси Элишанын кызматчысы Гейхази ичинен мындай деп ойлоду: «Мырзам сириялык Нааман алып келген белектерди албай койду. Теңир тирүү! Анын артынан чуркап барайын да, андан бир нерсе алайын».

21 Ошентип, Гейхази Наамандын артынан кетти. Нааман артынан чуркап келе жаткан кишини көрүп, майдан арабасынан түшүп, аны утурлап чыгып: «Баары жайындабы?» – деп сурады.

22 Ал: «Баары жайында, бирок мырзам мени сага мындай деп жөнөттү: “Мага азыр Эпрайым тоосунан, пайгамбар уулдарынан эки жаш жигит келди. Аларга бир талант күмүш жана эки сыйра кийим бер”», – деди.

23 Ошондо Нааман: «Ал, эки талант ал», – деди. Аны көндүрүп, эки талант күмүштү, эки сыйра кийимди эки капка салып, өзүнүн эки кызматчысына берди. Алар көтөрүп алып, тигинин алдына түшүштү.

24 Гейхази дөбөгө жеткенде, буюмдарды кулдардын колунан алып, үйүнө катып койду. Аларды коё берди, алар кетишти.

25 Гейхази келип, өз мырзасына көрүнгөндө, Элиша ага: «Гейхази, кайда барып келдиң?» – деди. Ал: «Сенин кулуң эч жакка барган жок», – деп жооп берди.

26 Элиша ага: «Эмне, жанагы киши майдан арабасынан түшүп, сени утурлап чыкканда, жүрөгүм сенин жаныңда эмес беле? Азыр күмүш, кийим, зайтун бак, жүзүмзар, майда жана бодо мал, күң жана кул ала турган убакпы?

27 Наамандын пес оорусу сенден жана сенин тукумуңдан түбөлүккө кетпесин», – деди. Ошондо Гейхази пес оорусуна чалдыгып, Элишаныкынан кардай аппак болуп чыкты.

6-БӨЛҮМ

Элишанын сууга түшүп кеткен балтаны алып чыгышы

1 Пайгамбар уулдары Элишага мындай деп айтышты: «Сенин жаныңдагы биз жашап жаткан жер бизге тардык кылат.

2 Иорданга баралы, ал жерден ар бирибиз бирден устун алалы да, ал жерге өзүбүзгө жашаганга жай куралы». Ал: «Баргыла», – деди.

3 Алардын бири: «Ырайым этип, кулдарың менен сен да бар», – деди. Ал: «Макул, барайын», – деди.

4 Ошентип, ал алар менен бирге кетти. Алар Иорданга келип, бак кыя башташты.

5 Бирөө бак кулатып жатканда, балтасы сууга түшүп кетти. Ошондо ал: «Ий, мырзам! Бул убактылуу пайдаланууга алынган балта эле», – деп кыйкырып жиберди.

6 Кудайдын кишиси: «Ал кайсы жерге түштү?» – деп сурады. Ал ага балта түшкөн жерди көрсөттү. Элиша бактан бир бутак кыйып алып, сууга таштады, ошондо балта калкып чыкты.

7 Анан ал ага: «Балтаны ал», – деди. Тигил колун сунуп, балтаны алды.

Теңирдин сириялыктарды сокур кылышы

8 Сирия падышасы ысрайылдыктар менен согушууга жөнөп жатып, өз кызматчылары менен кеңешип: «Мен өз кошуунумду мындай-мындай жерге жайланыштырам», – деди.

9 Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасына: «Ушундай жерден өтүүдөн сак бол, анткени ал жерде сириялыктар жашынып жатышат», – деп айттырып жиберди.

10 Ысрайыл падышасы Кудайдын кишиси айтып эскерткен жанагы жерге бир нече ирет киши жиберди. Ошентип, ал ошол жерге баруудан сактанды.

11 Ушундан улам Сирия падышасынын тынчы кетип, өз кулдарын чакырып, аларга: «Арабыздан кимдин Ысрайыл падышасы менен байланышы бар, айткылачы мага?» – деди.

12 Кызматчыларынын бири: «Мырзам падыша, андай эч ким жок. Ысрайылдагы Элиша пайгамбар сенин уктоочу бөлмөңдө айткан сөздөрүңдү да Ысрайыл падышасына айтып берет», – деди.

13 Ошондо ал: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле. Киши жиберип, мен аны алдырып келем», – деди. Ага: «Азыр ал Дотанда», – деп билдиришти.

14 Ал ошол жерге аттарды, майдан арабаларды жана көп аскерлерди жөнөттү. Алар түнү менен келишип, шаарды курчоого алышты.

15 Кудайдын кишисинин кызматчысы эртең менен туруп, тышка чыкса, аскерлер, аттар жана майдан арабалар шаарды курчап алышыптыр. Ошондо кызматчысы ага: «Мырзам, эми эмне кылабыз?!» – деди.

16 Ал: «Коркпо, анткени биздикилер тигилердикинен көп», – деди.

17 Элиша Кудайга: «Теңир! Мунун көзүн ач, көрсүн», – деп сыйынды. Теңир анын кызматчысынын көзүн ачты. Ошондо ал Элишаны курчаган тоодон жер жайнаган оттуу аттар менен майдан арабаларды көрдү.

18 Сириялыктар Элишага жакындап келген кезде, ал Теңирге: «Аларды сокур кылып сал», – деп сыйынды. Элишанын сөзү боюнча Теңир аларды сокур кылып салды.

19 Элиша аларга: «Бул силер түшүүчү жол эмес, силер баруучу шаар эмес. Менин артымдан ээрчигиле, мен силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам», – деди. Элиша аларды Самарияга алып келди.

20 Алар Самарияга келишкенде, Элиша: «Теңир! Булардын көзүн ач, көрүшсүн», – деди. Теңир алардын көзүн ачканда, алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турушканын көрүштү.

21 Буларды көрүп, Ысрайыл падышасы Элишадан: «Ата, буларды өлтүрөйүнбү?» – деп сурады.

22 Ал: «Өлтүрбө. Өлтүргүдөй, сен буларды кылыч шилтеп, жаа тартып, туткундап келдиң беле? Булардын алдына нан, суу кой. Ичип-жешсин да, өз падышасына барышсын», – деди.

23 Ошентип, аларга мол тамак даярдалды, алар ичип-жешти. Анан аларды коё берди, алар өз падышасына кетишти. Ошондон кийин сириялык бул аскер тобу Ысрайыл жерине келген жок.

Самариянын курчоого алынышы

24 Андан кийин Сирия падышасы Бенадат өзүнүн бүткүл аскерин чогултуп, Самарияны курчап алды.

25 Алар Самарияны курчап алган убакта ал жерде чоң ачарчылык болуп, эшектин башы сексен күмүш шекелден, көгүчкөндүн кыгынын төрттөн бир кабы беш күмүш шекелден сатылып жаткан.

26 Бир жолу Ысрайыл падышасы дубалдын үстүндө бара жатса, бир аял ага: «Мырзам падыша, жардам кыл», – деп жалбарды.

27 Падыша ага: «Эгер сага Теңир жардам бербесе, мен эмне кылып жардам бермек элем? Кырманда дан жок, жүзүм сыгылуучу жайда шарап жок», – деди.

28 Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады. Аял: «Бул аял мага: “Балаңды бер, биз аны бүгүн жейли, менин баламды болсо эртең жейбиз”, – деген.

29 Ошентип, менин уулумду бышырып жедик. Эртеси күнү мен ага: “Эми балаңды сен бер, аны жейли”, – дедим. Бирок ал уулун катып койду», – деди.

30 Аялдын сөзүн укканда, падыша өз кийимин айрып жиберди. Ал дубал менен өтүп бара жатканда, эл анын жылаңач денесине зумбал кийип алганын көрдү.

31 Падыша: «Эгер бүгүн Шапат уулу Элишанын башы ийнинде кала турган болсо, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деди.

32 Элиша болсо өз үйүндө отурган, аныкында аксакалдар да отурушкан. Падыша өз атынан киши жиберди. Өзүнө жиберилген адам келерден мурун ал аксакалдарга мындай деди: «Бул киши өлтүргүчтүн уулу менин башымды алдырганы киши жибергенин көрдүңөрбү? Жиберилген адам келгенде, эшикти бекитип, ачпай койгула. Мына, анын артынан келе жаткан мырзасынын да дүбүртү угулуп жатат!»

33 Элиша алар менен сүйлөшүп бүтө электе, жиберилген адам келип: «Теңир башыбызга мына ушундай мүшкүл салды! Теңирден эми эмнени күтсөм болот?» – деди.

7-БӨЛҮМ

1 Элиша: «Теңирдин сөзүн уккула, Теңир мындай дейт: “Эртең ушул убакта Самария дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот”», – деди.

2 Колуна падыша таянган төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деди. Элиша ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деди.

Сириялык аскерлердин качышы

3 Дарбазанын кире беришинде пес оорулуу төрт киши отурган. Алар бири-бирине: «Өлүмдү күтүп, ушул жерде отура беребизби?

4 Шаарга барсак деле өлөбүз, анткени шаарда ачарчылык болуп жатат. Бул жерде отура берсек да өлөбүз. Андан көрө сириялыктардын кошуунуна барганыбыз жакшы. Бизди тирүү калтырышса, жашайбыз; өлтүрүшсө, өлөбүз», – дешти.

5 Күүгүм киргенде алар сириялыктардын кошуунуна жөнөштү. Алар сириялыктардын кошуунунун четине келишсе, ал жерде бир да киши жок экен.

6 Теңир мындай кылган эле: сириялыктардын кошуунуна майдан арабалардын дүңгүрөгөнү, аттардын кишенегени, көптөгөн аскерлердин чуусу угулду. Ошондо алар бири-бирине: «Чын эле, Ысрайыл падышасы бизге кол салыш үчүн, мисирликтер менен хеттиктердин падышаларын жалдаса керек», – деп,

7 күүгүм киргенде алар чатырларын, аттарын, эшектерин, бүт кошуунун, ал кандай болсо, ошол бойдон таштап, жандарын гана сактап качып кетишти.

8 Жанагы пес оорулуулар кошуундун четине келип, бир чатырга кирип, ичип-жешти да, андан күмүштөрдү, алтындарды, кийимдерди алышты да, барып, катып коюшту. Башка чатырга да кирип, андан да алышты да, барып, катып коюшту.

9 Анан алар бири-бирине: «Биз туура эмес кылып жатабыз. Бул күн – кубанычтуу кабардын күнү. Эгер биз муну айтпай, жарык киргенче күтө турган болсок, анда айыпка жыгылабыз. Барып, падыша үйүнө билдирели», – деп айтышты.

10 Алар барып, шаар дарбазачыларын чакырып, аларга: «Биз сириялыктардын кошуунуна барсак, ал жерде бир да киши жок экен, адамдын үнү да угулбайт. Байланган аттар, байланган эшектер гана калыптыр, чатырлар кандай болсо, ошондой боюнча туруптур», – деп айтып беришти.

11 Дарбазачылар бул кабарды падыша сарайындагыларга айтып барышты.

12 Падыша түн ичинде туруп, өзүнүн кызматчыларына: «Мен силерге сириялыктардын бизге эмне кылганы жатышканын айтайын. Алар бизде ачкачылык болуп жатканын билишет, ошондуктан: “Алар шаардан чыкканда, биз аларды тирүү кармап, шаарды басып киребиз”, – деп ойлоп, кошуундан чыгып, талаага жашынып калышты», – деди.

13 Ошондо анын кызматчыларынын бири: «Шаарда калган беш атты алып, кишилерибизди жиберип көрөлү (Ысрайылдын кырылып калган атчан аскерлеринин кошуунунан калганы ошол гана болчу)», – деди.

14 Эки майдан арабага түгөйү менен чегилген аттарды алышты. Падыша аларды: «Барып, көрүп келгиле», – деп, сириялыктардын аскеринин артынан жиберди.

15 Алардын артынан Иорданга чейин жол жүрүштү. Жолдо сириялыктар шашылыш качып бара жатканда таштап кеткен кийимдери менен буюмдары жайнап жатыптыр. Жиберилгендер кайра кайтып келип, падышага билдиришти.

16 Эл жапырт чыгып, сириялыктардын кошуунун талап-тоноп алды. Теңирдин сөзү боюнча бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы да бир шекелден болду.

17 Анан падыша колуна таянган төрөнү дарбазанын жанына койду. Эл аны дарбазанын жанында тебелеп салды. Ал өлдү, падыша Кудайдын кишисине келгенде, Кудайдын кишиси ага кандай айтса, ошондой болду.

18 Ошондо Кудайдын кишиси падышага: «Эртең ушул убакта Самариянын дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун жана эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот», – деген.

19 Ошондо ушул төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деген эле. Кудайдын кишиси болсо ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деген.

20 Ага кандай айтылса, ошондой болду. Эл аны дарбазанын алдында тепсеп салды, ал өлдү.

8-БӨЛҮМ

Шунемдик аялга талаасын кайра алып берүү

1 Элиша уулун тирилткен баягы аялга: «Тур, үй-бүлөң менен жолго чык, кайсы жерде жашай ала турган болсоң, ошол жерде жаша, анткени Теңир ачарчылык чакырды, бул жерде жети жыл ачарчылык болот», – деди.

2 Тиги аял туруп, Кудайдын кишиси айткандай кылды. Ал үй-бүлөсү менен Пелишти жерине барып, ал жерде жети жыл жашады.

3 Жети жыл өткөндөн кийин ал аял Пелишти жеринен кайтып келип, өз үйүн, өз жерин кайра сурап алуу үчүн падышага келди.

4 Ошол учурда падыша Кудайдын кишисинин кызматчысы Гейхази менен сүйлөшүп отурган. Падыша ага: «Мага Элиша кылган жакшы иштердин баарын айтып берчи», – деди.

5 Ал Элишанын өлгөндү тирилткенин падышага айтып жатканда, Элиша тирилткен баланын энеси падышадан өз үйүн, өз жерин сурады. Ошондо Гейхази: «Мырза падыша, бул – ошол аял, бул – анын Элиша тирилткен уулу», – деди.

6 Падыша аялдан сурады, аял ага айтып берди. Падыша ага сарай кызматчыларынын бирин кошуп берип: «Ага таандык болгондун баарын жана өз өлкөсүн таштап кеткен күндөн ушул күнгө чейинки талаасынан түшкөн кирешесинин баарын бүт кайрып бергиле», – деди.

Элиша жана Хазаел

7 Сирия падышасы Бенадат ооруп жатканда, Элиша Дамаскка келди. Бенадатка: «Кудайдын кишиси бул жерге келди», – деп билдиришти.

8 Падыша Хазаелге: «Колуңа тартуу алып, Кудайдын кишисинин алдынан чыгып, андан Теңирдин эркин сура: “Мен ушул оорудан айыгамбы?”» – деди.

9 Хазаел анын алдынан тосуп чыгууга кетти. Тартууну – Дамасктын баалуу нерселерин кырк төөгө жүктөп алып, анын алдына келип: «Сенин уулуң, Сирия падышасы Бенадат мени сага жөнөттү, ал: “Мен ушул оорудан айыгамбы?” – деп сурап жатат», – деди.

10 Элиша ага: «Барып, ага: “Айыгасың”, – деп айт, бирок Теңир мага: “Ал өлөт”, – деди».

11 Элиша андан көзүн албай карап тура бергендиктен, ал өзүн ыңгайсыз сезди. Анан Кудайдын кишиси ыйлап жиберди.

12 Ошондо Хазаел: «Менин мырзам эмнеге ыйлап жатат?» – деп сурады. Ал: «Сенин Ысрайыл уулдарына кандай жамандык кыларыңды билем, ошон үчүн ыйлап жатам. Сен алардын чептерин өрттөйсүң, жаш уландарын кылычтап өлтүрөсүң, эмчектеги балдарын жанчып өлтүрөсүң, кош бойлуу аялдарынын курсагын жарасың», – деди.

13 Хазаел: «Мындай чоң кылмыш кылгыдай, сенин кулуң, эмне, дөбөт беле?» – деди. Элиша: «Теңир мага сенин Сирияга падыша болоруңду көрсөттү», – деди.

14 Ал Элишанын жанынан кетип, өз падышасына келди. Ал андан: «Элиша сага эмне деди?» – деп сурады. Ал ага: «Ал мага сенин айыгарыңды айтты», – деди.

15 Эртеси күнү ал жуурканды алып, аны сууга малып, Бенадаттын бетине жапты, ал өлдү. Анын ордуна Хазаел такка отурду.

Жорам – Жүйүт падышасы

16 Ысрайыл падышасы Ахаптын уулу Жорамдын падышачылыгынын бешинчи жылында Жүйүт падышасы Жошапаттын ордуна уулу Жорам такка отурду.

17 Ал такка отурганда, отуз эки жашта эле. Ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.

18 Ал Ахаптын тукуму кылган иштерди кылып, Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрдү, себеби Ахаптын кызы анын аялы болчу. Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды.

19 Бирок Теңир Жүйүттү Өз кулу Дөөт үчүн жок кылгысы келбеди, анткени Ал анын тукумунун чырагы түбөлүккө жаркырап турарын убада кылган эле.

20 Анын убагында эдомдуктар Жүйүттүн кол астынан чыгып, өздөрүнө падыша коюп алышты.

21 Жорам бүт майдан арабалары менен Сайырга жөнөдү. Ал түн ичинде туруп, өзүн курчаган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады, бирок эл өз чатырларына качып кетти.

22 Ушул күнгө чейин Эдом Жүйүттүн кол астында эмес. Ошол эле убакта Либна да бөлүнүп чыкты.

23 Жорам жөнүндө, анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Ахазай – Жүйүт падышасы

24 Жорам ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Ахазай такка отурду.

25 Ысрайыл падышасы Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он экинчи жылында Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай такка отурду.

26 Ахазай такка отурганда, жыйырма эки жашта эле. Ал Иерусалимде бир жыл падышачылык кылды. Энесинин аты – Аталея, ал Ысрайыл падышасы Омринин кызы болчу.

27 Ал да Ахаптын тукумунун жолу менен жүрүп, Ахаптын тукумуна окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды, анткени ал Ахаптын тукуму менен тууган эле.

28 Ал Ахаптын уулу Жорам менен Гилаттын Рамотуна Сирия падышасы Хазаел менен согушууга барды. Сириялыктар Жорамды жарадар кылышты.

29 Падыша Жорам Рамотто Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келди. Жүйүт падышасы Жорамдын уулу Ахазай ооруп жаткан Ахаптын уулу Жорамды көрүү үчүн, Изрейелге келди.

9-БӨЛҮМ

Жейунун Ысрайылга падыша болушу

1 Элиша пайгамбар пайгамбар уулдарынын бирин чакырып, ага мындай деди: «Белиңди бууп, колуңа зайтун майы куюлган мына бул идишти алып, Гилаттын Рамотуна бар.

2 Ал жерге барарың менен Нимшинин уулу, Жошапаттын уулу Жейуну издеп таап, аны өз бир туугандарынын арасынан бөлүп чыгып, ички бөлмөгө киргиз.

3 Анан зайтун майы куюлган идишти алып, анын башына куюп, мындай де: “Теңир мындай дейт: "Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам"”. Анан эшикти ачып, качып кет, күтпө».

4 Ошентип, жаш улан, пайгамбардын кызматчысы, Гилаттын Рамотуна жол тартты.

5 Улан ал жерге келсе, аскер башчылар отурушуптур. Ал аларга: «Аскер башчы, сага айта турган сөзүм бар», – деди. Ошондо Жейу: «Кимибизге?» – деп сурады. Ал: «Сага, аскер башчы», – деди.

6 Ал туруп, үйгө кирди. Улан анын башына зайтун майын куюп, мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сени Теңирдин эли Ысрайылга падыша кылып майлап жатам.

7 Сен мырзаң Ахаптын тукумун кырып жок кыласың. Изебел колдуу болуп өлгөн Менин кулдарымдын – пайгамбарлардын каны үчүн, Теңирдин бардык кулдарынын каны үчүн Мен ошентип өч алам.

8 Ошентип, Ахаптын бүт тукуму кырылат. Ахаптын эркек аттууларынын баарын, камактагыларын да, Ысрайылда калгандарын да жок кылам.

9 Ахаптын тукумун Небат уулу Жаробам менен Акия уулу Баашанын тукумундай кылам.

10 Изебелди болсо Изрейел талаасында иттер жейт, аны эч ким көргө койбойт”». Анан ал эшикти ачып, качып кетти.

11 Жейу өз мырзасынын кулдары отурган жерге чыкканда, андан: «Баары жайындабы? Сага бул келесоо эмнеге келди?» – деп сурашты. Ал аларга: «Бул кишини да, анын эмне деп айтканын да силер билесиңер», – деп жооп берди.

12 Алар: «Бул калп, айт бизге», – деп айтышты. Ал мындай деди: «Ал мага муну айтты: “Теңир мындай дейт: Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап жатам”».

13 Ошондо алар шашылыш түрдө кийимдерин чечип, анын астына, тепкичке төшөй салып: «Жейу падыша болду!» – деп сурнай тартышты.

Жейунун Жорамды өлтүрүшү

14 Нимши уулу, Жошапат уулу Жейу Жорамга каршы көтөрүлдү. Жорам болсо бүт ысрайылдыктар менен бирге Гилаттын Рамотун Сирия падышасы Хазаелден коргоп турду.

15 Падыша Жорам Сирия падышасы Хазаел менен согушуп жатканда сириялыктардан алган жараатын айыктыруу үчүн, Изрейелге кайтып келген эле. Жейу ага: «Эгер силер макул болсоңор, анда ушул кабарды Изрейелге жеткирем деп, шаардан эч ким чыкпасын», – деди.

16 Анан Жейу аттанып, ооруп жаткан Жорамды көргөнү Изрейелге жөнөп кетти. Ал жерге Жүйүт падышасы Ахазай да Жорамды көргөнү келген эле.

17 Изрейелдеги мунаранын үстүндө турган сакчы Жейунун келе жаткан көп аскерин көрүп: «Мен көп аскерди көрүп жатам», – деди. Жорам: «Атчан аскер жөнөт, ал алардын астынан тосуп чыгып: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?” – деп сурасын», – деди.

18 Ошондо атчан аскер анын алдынан чыгып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди. Сакчы мындай деп кабарлады: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек».

19 Анан ал башка атчан аскерди жөнөттү, ал аларга барып, мындай деди: «Падыша мындай дейт: “Тынчтык менен келе жатасыңарбы?”» Жейу ага: «Тынчтыкты эмне кыласың? Менин аркамдан бастыр», – деди.

20 Сакчы кайрадан: «Жиберилген киши аларга жетти, бирок кайра кайта элек. Жүрүшүнө караганда, ал Нимшинин уулу Жейу окшойт, себеби ал катуу чаап келе жатат», – деп билдирди.

21 Ошондо Жорам: «Арабаны чеккиле», – деди. Анын майдан арабасын чегишти. Ошондо Ысрайыл падышасы Жорам жана Жүйүт падышасы Ахазай өздөрүнүн майдан арабалары менен жөнөштү. Алар Жейунун алдынан чыгып, ага изрейелдик Наботтун талаасында жолугушту.

22 Жейуну көргөндө, Жорам: «Жейу, тынчтык менен келе жатасыңбы?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин энең Изебел бутка табынып, көп сыйкырчылык кылып жатса, кайдагы тынчтыкты айтасың?» – деди.

23 Ошондо Жорам бурулуп, качып жөнөдү, анан Ахазайга: «Ахазай, чыккынчылык!» – деди.

24 Жейу болсо жаасын колуна алып, тартып жиберди. Жебе Жорамдын эки далысынын ортосуна кадалды, жебе анын жүрөгүн тешип өттү. Ал өзүнүн майдан арабасына жыгылып жан берди.

25 Анан Жейу өз төрөсү Бидекарга мындай деди: «Муну изрейелдик Наботтун талаасына алып барып ташта. Экөөбүз мунун атасы Ахаптын артынан келе жатканыбызда, Теңирдин буга каршы кандай пайгамбарчылык айттырганы эсиңдеби?

26 Теңир мындай деген: “Мен кечээ Наботтун жана анын уулдарынын канын көрдүм, ошол талаада сенден сөзсүз өч алам”. Андыктан Теңирдин сөзү боюнча аны талаага алып барып ташта».

Ахазайдын өлтүрүлүшү

27 Жүйүт падышасы Ахазай муну көргөндө, бактын ичиндеги үйгө кеткен жол менен качып жөнөдү. Жейу анын артынан түшүп: «Муну да өзүнүн майдан арабасында өлтүргүлө», – деди. Бул Иблейемдин жанындагы Гур дөңсөөсүндө болду. Ал Мегидого качып барып, ошол жерде өлдү.

28 Кулдары аны Иерусалимге алып барып, Дөөттүн шаарындагы ата-бабалары жаткан мүрзөгө коюшту.

29 Ахап уулу Жорамдын падышачылыгынын он биринчи жылында Ахазай Жүйүткө падыша болгон.

Изебелдин өлтүрүлүшү

30 Жейу Изрейелге келди. Изебел муну укканда, бетине эндик сыйпап, чачы-башын жасап, терезеден карап турду.

31 Жейу дарбазадан киргенде, Изебел: «Өз падышасын өлтүргөн Зимри, тынчтык менен келдиңби?» – деди.

32 Жейу терезени карап: «Ким мени менен, ким?» – деди. Эки-үч эбнух терезеден башбагып, аны карады.

33 Ал: «Изебелди терезеден ыргытып жибергиле», – деди. Алар аны ыргытып жиберишти. Анын каны дубалга, аттарга чачырады. Аны тепсеп салышты.

34 Жейу келип, ичип-жеп, анан: «Бул каргыш тийгенди таап келип, көргө койгула, ал падышанын кызы эмеспи», – деди.

35 Аны көргө койгону барышса, анын баш сөөгүнөн, буттарынан, колунун манжаларынан башка эч нерсе калбаптыр.

36 Кайра келишип, ага билдиришти. Ошондо ал мындай деди: «Теңирдин Өз кулу тишпилик Илияс аркылуу айткан сөзү ушундай болчу: Изебелдин денесин Изрейел талаасында иттер жейт.

37 Изрейел талаасында Изебелдин өлүгү кык сыяктуу болот, ошондо: “Бул – Изебел”, – деп, эч ким айтпайт».

10-БӨЛҮМ

Ахаптын тукумунун жазаланышы

1 Ахаптын Самарияда жетимиш уулу бар эле. Жейу Изрейел жетекчилерине, аксакалдарына, Ахаптын балдарынын тарбиячыларына кат жазып, Самарияга жөнөттү. Ал каттын мазмуну мындай эле:

2 «Бул катты аларыңар менен падышаңардын уулдарынын ичинен эң мыктысын, эң татыктуусун тандап, аны атасынын тагына отургузгула.

3 Мырзаңардын уулдары да, майдан арабалар да, аттар да, чептүү шаарлар да, курал-жарак да силерде болгондуктан, падышаңардын тукуму үчүн согушкула».

4 Алар аябай коркуп кетип: «Мына, ага эки падыша туруштук бере алган жок, биз кантип туруштук беребиз?» – дешти.

5 Падыша сарайынын башчысы, шаар башчысы, аксакалдар жана тарбиячылар Жейуга: «Биз сенин кулдарыңбыз, бизге эмне десең, ошону кылабыз. Биз эч кимди падыша койбойбуз. Өзүң туура көргөндү кыл», – деп айттырып жиберишти.

6 Ал экинчи жолу аларга мындай кат жөнөттү: «Эгер силер мен тарапта болсоңор, мага баш ийсеңер, анда эртең ушул убакта мага, Изрейелге падышаңардын уулдарынын баштарын алып келгиле».

7 Аларга кат жеткенде, алар падышанын жетимиш уулун мууздап, алардын баштарын себеттерге салышып, Жейуга, Изрейелге жөнөтүштү.

8 Жиберилген киши келип, ага: «Падыша уулдарынын баштарын алып келишти», – деп билдирди. Ал: «Аларды эртең мененкиге чейин дарбазанын кире беришине экиге бөлүп үйүп койгула», – деди.

9 Ал эртең менен сыртка чыгып, жалпы элге мындай деди: «Силер күнөөлүү эмессиңер. Мына, мен өз падышама каршы чыгып, аны өлтүрдүм. Ал эми булардын баарын ким өлтүрдү?

10 Эми билип койгула, Теңирдин Ахаптын тукуму жөнүндө айткан бир да сөзү жерде калбайт. Теңир Өз кулу Илияс аркылуу айтканын аткарды».

11 Жейу Ахаптын тукумунун Изрейелде калгандарынын бардыгын: анын даражалуу төрөлөрүн, жакындарын, ыйык кызмат кылуучуларын өлтүрдү. Ошентип, эч кимиси тирүү калган жок.

Ахазайдын бир туугандарынын өлтүрүлүшү

12 Анан ал туруп, Самарияга келди. Жейу койчулардын Бейт-Эйкетинин жанынан өтүп бара жатканда,

13 Жүйүт падышасы Ахазайдын бир туугандарына кезигип, алардан: «Силер кимсиңер?» – деп сурады. Алар: «Биз Ахазайдын бир туугандарыбыз, падыша менен ханышанын уулдарынын ден соолугун билели деп бара жатабыз», – деп жооп беришти.

14 Ошондо ал: «Аларды тирүү кармагыла», – деди. Аларды тирүү кармап, кырк эки кишини Бейт-Эйкет кудугунун жанында мууздап салышты. Алардын бирөө да тирүү калган жок.

Ахаптын бир туугандарынын өлтүрүлүшү

15 Андан ары жөнөп, аны утурлап келе жаткан Рейхаптын уулу Жонадапка жолугуп, аны менен саламдашып, андан: «Менин сага ниетим ак, сенин да мага ниетиң акпы?» – деп сурады. Жонадап: «Ак», – деп жооп берди. Жейу ага: «Эгер андай болсо, анда колуңду бер», – деди. Ал колун берди, Жейу аны өзүнүн майдан арабасына салып алды.

16 Анан: «Мени менен жүр, менин Теңирге болгон кызганчаактыгымды көр», – деди. Аны майдан арабага отургузушту.

17 Жейу Самарияга келип, Ахаптын тирүү калгандарынын баарын өлтүрдү, Теңирдин Илияска айткан сөзү боюнча аларды таптакыр жок кылды.

Баалдын кызматчыларынын өлтүрүлүшү

18 Жейу бүт элди чогултуп, аларга мындай деди: «Ахап Баалга аз кызмат кылган. Жейу ага көп кызмат кылат.

19 Ошондуктан мага Баалдын пайгамбарларынын, буткана кызматчыларынын бирин калтырбай чакыргыла, анткени мен Баалга чоң курмандык чалам. Ким келбей калса, ал тирүү калбайт». Баалга кызмат кылгандарды жок кылуу үчүн, Жейу ушундай куулук кылды.

20 Жейу: «Баалдын урматына майрамдык чогулуш жарыялагыла», – деди. Чогулуш жарыялашты.

21 Жейу Ысрайылдын бүт жерине чабарман жөнөттү. Ошондо Баалга кызмат кылгандардын бардыгы келишти. Келбей калган бир да киши болгон жок. Алар Баал үйүнө киришти, Баал үйү кишиге толду.

22 Ошондо ал кийим кайтаруучуга: «Баалга кызмат кылгандардын бардыгына кийим алып кел», – деди. Ал аларга кийим алып келди.

23 Жейу Рейхаптын уулу Жонадап менен Баалдын үйүнө кирип, Баалдын кызматчыларына: «Силердин араңарда Теңирдин кызматчылары жокпу, карап көргүлөчү, анткени бул жерде бир гана Баалдын кызматчылары болушу керек», – деди.

24 Анан алар бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чала башташты. Жейу үйдүн сыртына сексен киши коюп: «Мен силердин колуңарга салып берип жаткан кишилердин бирин ким качырып жиберсе, анда ал качып кеткен адамдын ордуна өлөт», – деди.

25 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлгөндөн кийин, Жейу жөө күлүктөрүнө жана башчыларына: «Баргыла, аларды өлтүргүлө, бири да качып кетпесин», – деди. Аларды кылычтап өлтүрүштү, башчылар менен жөө күлүктөр аларды сыртка ыргытышты, анан Баалдын бутканасы жайгашкан шаарга жөнөштү.

26 Баалдын бутканасынан буркандарды алып чыгып өрттөштү.

27 Анан Баалдын айкелин талкалап, бутканасын кыйратышты. Ал жерди ажатканага айландырышты, ал ушул күнгө чейин ошондой.

28 Ошентип, Жейу Ысрайыл жеринен Баалды жок кылды.

29 Бирок Жейу Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн таштаган жок, Дан менен Бейтелдеги алтын музоолорго табынуусун токтоткон жок.

30 Теңир Жейуга: «Менин алдымда адилеттүү эсептелген нерсени чын көңүлүңдөн аткарганың үчүн, Ахаптын тукумун кырып, Менин жүрөгүмдөгүнүн бардыгын аткаргандыгың үчүн, сенин уулдарың төртүнчү муунга чейин Ысрайылдын тагында отурат», – деди.

31 Бирок Жейу Ысрайылдын Кудай-Теңиринин мыйзамы менен жүрүүгө бүт жүрөгүн берип аракет кылган жок. Ал Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын күнөөлөрүн таштаган жок.

Жейунун өлүшү

32 Ошол күндөрдө Теңир Ысрайылдын жеринин аянтын кичирейте баштады. Хазаел Ысрайылдын бардык жериндеги ысрайылдыктарды кырды.

33 Ал Иордандын чыгыш тарабындагы жерди – Гилат жерин, Гат, Рубейин, Менаше урууларынын жерин, Арнон дарыясынын боюндагы Аройерден тартып Гилат менен Башанга чейинки жерлерди басып алды.

34 Жейу жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

35 Жейу ата-бабаларына кошулду, сөөгү Самарияга коюлду, ордуна уулу Жаахаз такка отурду.

36 Жейу ысрайылдыктарга Самарияда жыйырма сегиз жыл падышачылык кылды.

11-БӨЛҮМ

Аталея ханыша

1 Ахазайдын энеси Аталея уулунун өлгөнүн көрүп, падышанын бардык тукумун кырдырып салды.

2 Бирок падышанын уулдарын өлтүрүп жатканда, Жорам падышанын кызы, Ахазайдын эжеси Жешеба Ахазайдын уулу Жаашты баккан энеси менен кошо уктоочу бөлмөгө жашыруун алып кетти. Аны Аталеядан жашырып, аман алып калды.

3 Жешеба аны Теңир үйүндө алты жыл жашырды, ошол убакта ал жерде Аталея падышачылык кылып турду.

4 Жетинчи жылы Жойат киши жиберип, сакчылардын арасынан жүз башыларды жана жөө күлүктөрдү өзүнө, Теңир үйүнө алдырып, алар менен келишим түзүп, Теңир үйүндө алардан ант алып, аларга падышанын уулун көргөздү.

5 Анан аларга мындай деп буйруду: «Мындай кылгыла: ишемби күнү күзөткө туруучуларыңардын үчтөн бир бөлүгү падыша үйүнүн күзөтүндө тургула.

6 Экинчи бөлүгүңөр Шур дарбазасынын алдында, үчүнчү бөлүгүңөр сакчылардын арт жагындагы дарбазанын алдында турасыңар. Талкалап кетпеши үчүн, үйдү тегеректеп, күзөттө тургула.

7 Ишемби күнү күзөттөн кетүүчүлөрүңөрдүн эки бөлүгү Теңир үйүндө падышаны кайтарып, күзөттө тургула.

8 Ар бириңер колуңарга курал алып, падышаны бардык жагынан курчап тургула. Ким катарды бузуп кирем десе, ал өлтүрүлсүн. Падыша киргенде да, чыкканда да, жанында болгула».

9 Ыйык кызмат кылуучу Жойат кандай буйруса, жүз башылар бардыгын ошондой кылышты. Алар ишемби күнү күзөткө келүүчү жана күзөттөн кетүүчү өз кишилерин алып, ыйык кызмат кылуучу Жойатка келишти.

10 Ыйык кызмат кылуучу Дөөт падышанын Теңир үйүндөгү найзалары менен калкандарын жүз башыларга таратып берди.

11 Жөө күлүктөрдүн ар бири колдоруна курал алып, үйдүн оң бурчунан сол бурчуна чейин, курмандык чалынуучу жайдын жанында жана үйдүн жанында падышаны курчап турушту.

12 Ошондо Жойат падышанын уулун алып чыгып, анын башына таажы кийгизип, келишимдин көчүрмөсүн берди. Аны такка отургузушту, зайтун майы менен майлашты, анан кол чаап: «Жашасын падыша!» – деп кыйкырышты.

13 Аталея чуркап бара жаткан элдин ызы-чуусун угуп, Теңир үйүндөгү элге жөнөдү.

14 Анан ал падышалар туруучу секичеде падыша турганын, падышанын жанында төрөлөр, сурнайчылар турганын көрдү. Ал жердеги элдин баары сүйүнүп, сурнай тартып жатышкан эле. Ошондо Аталея кийимин айрып жиберип: «Чыккынчылык! Чыккынчылык!» – деп кыйкырды.

15 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Жойат жүз башыларга, аскер жетекчилерине, мындай деп буйрук берди: «Аны бул жерден алып кеткиле. Ал Теңир үйүндө өлтүрүлбөшү керек. Ким анын артынан жөнөсө, аны кылычтап өлтүргүлө».

16 Аялга жол беришти, ал аттар кирүүчү эшиктен өтүп, падыша үйүнө бара жатканда өлтүрүлдү.

Ыйык кызмат кылуучу Жойат

17 Анан эл Теңирдин эли болушу үчүн, Жойат Теңир менен падышанын жана элдин, эл менен падышанын ортосунда келишим түздү.

18 Анан ал жердин бүт эли Баал үйүнө барып, ага курмандык чалуучу жайларды кыйратышты, анын айкелдерин тыптыйпыл кылып талкалашты, Баал бутканасынын кызматчысы Матанды курмандык чалынуучу жайлардын алдында өлтүрүштү. Ыйык кызмат кылуучу Теңир үйүнө сакчыларды койду.

19 Жүз башыларды, сакчыларды, жөө күлүктөрдү жана ал жердин бүт элин алып, Теңир үйүнөн падышаны узатып, сакчылардын дарбазасы аркылуу өтүп, падышанын үйүнө келди. Анан падышаны такка отургузушту.

20 Ал жердин бүт эли шаттанды, шаар тынчтыкка бөлөндү. Аталеяны болсо падыша үйүндө кылычтап өлтүрүштү.

21 Жааш тактыга отурганда, жети жашта эле.

12-БӨЛҮМ

Жааш – Жүйүт падышасы

1 Жейунун падышачылыгынын жетинчи жылында Жааш такка отуруп, Иерусалимде кырк жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Сибия, ал бейер-шебалык болчу.

2 Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойаттын көзү өткөнчө, анын кеңешин угуп жүргөн күндөрү Теңирге жаккан иштерди кылды.

3 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

4 Жааш ыйык кызмат кылуучуларга мындай деди: «Элдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн: Теңир үйүнө келгендер алып келген күмүштү, ар бир адамдын өз жаны үчүн берген күмүшүн, элдин Теңир үйүнө өз каалоосу менен алып келген күмүштөрүн

5 ыйык кызмат кылуучулар алышсын, ар бири өз таанышынан алып, ийбадаткананын бардык бузулган жерлерин оңдошсун».

6 Бирок Жааш падышанын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылына чейин ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдошпогондуктан,

7 Жааш ыйык кызмат кылуучу Жойатты жана башка ыйык кызмат кылуучуларды чакырып: «Эмне үчүн силер ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдобой жатасыңар? Мындан ары тааныштарыңардан күмүш албагыла, аны ийбадаткананы оңдогонго бергиле», – деди.

8 Ыйык кызмат кылуучулар ийбадаткананын бузулган жерлерин оңдогонго элден күмүш албоого макул болушту.

9 Анан ыйык кызмат кылуучу Жойат бир үкөк алып, анын үстүнө тешик жасап, аны курмандык чалынуучу жайдын оң жагына, Теңир үйүнүн кире беришине койду. Элдин Теңир үйүнө алып келген бардык күмүштөрүн кире бериште турган сакчы ыйык кызмат кылуучулар ошого салып жатышты.

10 Алар үкөккө көп күмүш чогулганын көрүшкөндө, башкы ыйык кызмат кылуучу менен падышанын катчысы келип, Теңир үйүндөгү күмүштү эсептеп, баштыктарга салып бууп коюшчу.

11 Күмүштөрдү эсептеп туруп, Теңир үйүн-дө иш алып барууга дайындалгандарга беришчү, алар болсо аны Теңир үйүндө иштеген усталарга, куруучуларга,

12 таш тизүүчүлөргө, таш сомдоочуларга беришчү, Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоого керектелүүчү жыгачтарды, жылмаланган таштарды сатып алууга жана башка бардык керектүү нерселерге сарп кылышчу.

13 Бирок ал күмүштөн Теңир үйү үчүн күмүш табактарды, кычкачтарды, чараларды, сурнайларды, алтын-күмүш идиштерди жасоого сарпталган жок.

14 Ал күмүштөрдү иш башкаруучуларга берип турушту, алар аны Теңир үйүн оңдоого сарп кылышты.

15 Жумушчулар үчүн берилген күмүштү таратып берүүчү адамдардан күмүштүн эсеби талап кылынчу эмес, анткени алар чынчылдык менен таратышчу.

16 Кылмыш үчүн, күнөө үчүн түшкөн күмүштөр Теңир үйүнө киргизилчү эмес. Алар ыйык кызмат кылуучуларга таандык болуп калчу.

17 Ошол убакта Сирия падышасы Хазаел согушка аттанып чыгып, Гатка согуш ачып, аны басып алды. Анан Хазаел Иерусалимге барууну чечти.

18 Бирок Жүйүт падышасы Жааш Жүйүт падышаларынын – өзүнүн аталары Жошапаттын, Жорамдын, Ахазайдын жана өзүнүн ийбадаткана үчүн курмандык кылгандарынын баарын, Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтындын баарын алып, Сирия падышасы Хазаелге жөнөттү. Ошондо Хазаел Иерусалимден кетти.

19 Жааш жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

20 Кызматчылары Жаашка каршы көтөрүлүп, чыккынчылык кылышты, аны Сылага бара жаткан жолдогу Милка үйүндө өлтүрүштү.

21 Аны өз кызматчылары: Шиматтын уулу Жозахар, Шомердин уулу Жейозабат өлтүрдү, ал өлдү. Анын сөөгүн ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна өз уулу Аматсия такка отурду.

13-БӨЛҮМ

Жаахаз – Ысрайыл падышасы

1 Жүйүт падышасы Ахазай уулу Жааштын падышачылыгынын жыйырма үчүнчү жылында Ысрайылга Жейу уулу Жаахаз падыша болду. Ал Самарияда он жети жыл падышачылык кылды.

2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам кылган күнөөлөрдү кылды, ошол күнөөлөрдү кылганын токтоткон жок.

3 Теңир Ысрайылга каарданып, аны узак убакытка Сирия падышасы Хазаелдин жана Хазаел уулу Бенадаттын колуна салып берди.

4 Ошондо Жаахаз Теңирге сыйынды, Теңир аны укту, себеби ысрайылдыктардын эзилгенин, Сирия падышасынын аларды кандай эзгенин көрдү.

5 Теңир ысрайылдыктарга куткаруучуну берди. Ошондо алар сириялыктардын бийлиги астынан чыгышты. Ысрайыл уулдары өз чатырларында мурункудай жашап калышты.

6 Бирок алар Ысрайылды күнөөгө батырган Жаробамдын тукумунун күнөөлөрүн кылганды токтотушкан жок, ошол күнөөлөрдү кылышты, Самарияда Ашейра мамысы тура берди.

7 Жаахаздын аскеринен элүү атчан жоокер, он майдан араба жана он миң жөө аскери гана калды. Анткени Сирия падышасы аларды кырып, таш-талканын чыгарды.

8 Жаахаз жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

9 Жаахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү Самарияга коюлду. Анын ордуна уулу Жааш такка отурду.

Жааш – Ысрайыл падышасы

10 Жүйүт падышасы Жааштын падышачылыгынын отуз жетинчи жылында Ысрайылга Жаахаздын уулу Жааш падыша болду. Ал Самарияда он алты жыл падышачылык кылды.

11 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок, ошол күнөөлөрдү кылды.

12 Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

13 Жааш ата-бабаларына кошулду, Жаробам анын тагына отурду. Жааш Самарияга, падышалардын жанына коюлду.

Элишанын көз жумушу

14 Элиша катуу ооруп, кийинчерээк ошол оорудан каза болду. Ысрайыл падышасы Жааш анын алдына келип: «Ата! Ата! Ысрайылдын майдан арабасы жана атчан жоокери!» – деп ыйлады.

15 Элиша ага: «Жаа менен жебелерди ал», – деди. Ал жаа менен жебелерди алды.

16 Анан ал Ысрайыл падышасына: «Колуңду жаанын үстүнө кой», – деди. Ал колун койду. Элиша колун падышанын колуна коюп:

17 «Чыгыш жакты караган терезени ач», – деди. Ал терезени ачты. Элиша ага: «Ат!» – деди. Ал атты. Анан Элиша мындай деди: «Бул жебе – Теңирдин куткаруучу жебеси, сириялыктардан куткаруучу жебе, сен Апейикте сириялыктарды толугу менен талкалайсың».

18 Анан Элиша: «Жебелерди ал», – деди. Ал алды. Анан ал Ысрайыл падышасына: «Аны жерге ур», – деди. Ал жерге үч жолу урду, анан токтоп калды.

19 Ошондо Кудайдын кишиси ага ачууланып: «Беш же алты жолу уруш керек эле. Ошондо сен сириялыктарды таптакыр талкалайт элең, эми сириялыктарды үч гана жолу талкалайсың», – деди.

20 Элиша көз жумуп, аны көргө коюшту. Кийинки жылы мааптыктардын сансыз аскери алардын жерине келди.

21 Бир жолу бир кишини коюп жаткан учурда, бул сансыз аскерди көрүп, анын сөөгүн Элишанын мүрзөсүнө таштап жиберишкен. Ал кулап бара жатканда, Элишанын сөөгүнө тийип кетип, тирилип, туруп кеткен.

Ысрайыл менен Сириянын ортосундагы согуш

22 Сирия падышасы Хазаел Жаахаздын көзү өткөнчө, ысрайылдыктарды кысымга алып турду.

23 Бирок Теңир аларга боор ооруп, ырайым кылып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен түзгөн келишими үчүн аларга жүзүн бурду, аларды кыргысы келген жок, аларды ушул күнгө чейин четке каккан жок.

24 Сирия падышасы Хазаел көз жумуп, анын ордуна уулу Бенадат такка отурду.

25 Согуш убагында Хазаел Жааштын атасы Жаахаздан шаарларды тартып алган. Бирок Жааш Хазаелдин уулу Бенадаттан ал шаарларды кайра тартып алды. Жааш аны үч ирет талкалап, Ысрайылдын шаарларын кайра тартып алды.

14-БӨЛҮМ

Аматсия – Жүйүт падышасы

1 Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааштын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия такка отурду.

2 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жейодан, ал иерусалимдик болчу.

3 Ал Теңирге жаккан иштерди кылды, бирок атасы Дөөтчөлүк кылган жок. Ал атасы Жааш кылган иштерди кылды.

4 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5 Падышачылык бийлиги бекемделгенде, ал падышаны – өзүнүн атасын өлтүргөн кызматчыларды өлтүрдү.

6 Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, себеби Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебинде: «Балдары үчүн аталары өлүм жазасына тартылбасын, аталары үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Ар ким өз күнөөсү үчүн өлүм жазасына тартылсын», – деп жазылган.

7 Ал Туздуу өрөөнүндө он миң эдомдукту талкалады, согуш учурунда Селаны басып алып, аны Жоктейел деп атады, ал ушул күнгө чейин ушундай аталат.

8 Ошондо Аматсия Жейунун уулу, Жаахаздын уулу, Ысрайыл падышасы Жаашка элчилерди жиберип: «Кел, жекеме-жеке беттешебиз», – деп айттырды.

9 Ысрайыл падышасы Жааш Жүйүт падышасы Аматсияга мындай деп айттырып жиберди: «Лебанондо өскөн тикенек ошол эле Лебанондо өскөн кедр дарагына: “Менин уулума кызыңды бер”, – деп айттырды. Бирок Лебанондон жапайы жырткыч келип, тикенекти тепсеп салды.

10 Сен эдомдуктарды жеңгениңе текеберденип жатасың. Текебердене бер, бирок үйүңдө отур. Өз башыңа мүшкүл түшүрүп эмне кыласың? Сен да, сени менен кошо Жүйүт да өлөт».

11 Бирок Аматсия кулак салбады. Ысрайыл падышасы Жааш аттанып, Жүйүт падышасы Аматсия менен Жүйүттөгү Бейт-Шемеште жекеме-жеке беттешти.

12 Ошондо ысрайылдыктар жүйүттөрдү талкалашты, жүйүттөр чатырларына качып кетишти.

13 Ысрайыл падышасы Жааш Бейт-Шемеште Жааштын уулу, Ахазайдын уулу, Жүйүт падышасы Аматсияны колго түшүрүп, ал жерден Иерусалимге келип, Иерусалим дубалын – Эпрайым дарбазасынан Бурч дарбазасына чейин, төрт жүз чыканак дубалды уратты.

14 Анан ал Теңирдин үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы бардык алтын-күмүштөрдү, идиштерди, ошондой эле туткундаган адамдарын алып, Самарияга кайтып келди.

15 Жааш жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери, Жүйүт падышасы Аматсия менен кантип согушканы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

16 Жааш ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Самарияга, Ысрайыл падышаларынын жанына коюлду. Анын ордуна уулу Жаробам такка отурду.

Аматсиянын өлүшү

17 Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсия Ысрайыл падышасы Жаахаз уулу Жааш өлгөндөн кийин, дагы он беш жыл жашады.

18 Аматсиянын кылган иштери Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

19 Иерусалимде ага каршы чыккынчылык уюштурулду, ошондо ал Лакишке качып кетти. Артынан Лакишке киши жиберип, аны ошол жерде өлтүрүштү.

20 Аны аттар менен Дөөттүн шаары Иерусалимге алып келип, ата-бабаларынын жанына коюшту.

21 Жүйүт эли он алты жаштагы Азарияны атасы Аматсиянын ордуна такка отургузду.

22 Падыша ата-бабаларына кошулгандан кийин, Азария Эйлатты кайра куруп, Жүйүткө кайрып берди.

Жаробам – Ысрайыл падышасы

23 Жүйүт падышасы Жааш уулу Аматсиянын падышачылыгынын он бешинчи жылында Ысрайыл падышасы Жааш уулу Жаробам падыша болуп, Самарияда кырк бир жыл падышачылык кылды.

24 Ал Теңирге жакпаган иштерди жасады. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

25 Ал Ысрайылдын Кудай-Теңиринин гат-акейперлик пайгамбар Амитай уулу Жунус аркылуу айткан сөзү боюнча Ысрайылдын чек араларын, Хаматтын кире беришинен баштап чөлдөгү деңизге чейин калыбына келтирди.

26 Теңир Ысрайылдын башына түшкөн оор мүшкүлдү көрдү, алардын камакта отурган да, эркиндикте жүргөн да кишиси калган эмес эле, Ысрайылга жардам берер эч ким жок эле.

27 Теңир асман астынан ысрайылдыктардын атын өчүрүүнү каалабай, Жааш уулу Жаробам аркылуу аларды куткарды.

28 Жаробам жөнүндө, анын кылган бардык иштери, көрсөткөн эрдиктери жөнүндө, кантип согушуп, Жүйүткө караштуу Дамаск менен Хаматты Ысрайылга кантип кайрып бергени жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

29 Жаробам ата-бабаларына, Ысрайыл падышаларына кошулду. Анын ордуна уулу Захария такка отурду.

15-БӨЛҮМ

Азария – Жүйүт падышасы

1 Ысрайыл падышасы Жаробамдын падышачылыгынын жыйырма жетинчи жылында Жүйүт падышасы Аматсия уулу Азария такка отурду.

2 Ал такка отурганда, он алты жашта эле. Ал Иерусалимде элүү эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жехолия, ал иерусалимдик болчу.

3 Ал атасы Аматсияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

4 Бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5 Теңир падышаны жазалады. Ал өлөр күнүнө чейин пес оорусу менен ооруп, өзүнчө үйдө жашады. Падыша уулу Жотам болсо падыша сарайын жана элди башкарды.

6 Азария жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

7 Азария ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгүн Дөөттүн шаарына, ата-бабаларынын жанына коюшту. Анын ордуна уулу Жотам такка отурду.

Захария – Ысрайыл падышасы

8 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз сегизинчи жылында Ысрайылга Жаробам уулу Захария падыша болуп, Самарияда алты ай падышачылык кылды.

9 Ал аталарына окшоп, Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

10 Ага Жабес уулу Шалум чыккынчылык кылып, аны эл алдында өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

11 Захария жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

12 Теңирдин Жейуга «Сенин уулдарың төртүнчү муунга чейин Ысрайылдын тагында отурушат» деп айткан сөзү аткарылды.

Шалум – Ысрайыл падышасы

13 Жабестин уулу Шалум Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында такка отуруп, Самарияда бир ай падышачылык кылды.

14 Тирсалык Гадинин уулу Менахейим Самарияга келип, Жабес уулу Шалумду өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

15 Шалум жөнүндө жана анын уюштурган чыккынчылыгы жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Менахейим – Ысрайыл падышасы

16 Шаар дарбазасын ачпагандыгы үчүн, Менахейим Типсакты жана анда жашагандардын баарын, анын тегерек-четин Тирсадан баштап кыйратты. Ал жердеги бардык кош бойлуу аялдардын курсагын жарды.

17 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын отуз тогузунчу жылында Ысрайылга Гади уулу Менахейим падыша болду. Ал Самарияда он жыл падышачылык кылды.

18 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Өмүрү өткөнчө Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

19 Ошол учурда Ашур падышасы Пул Ысрайыл жерине келди. Менахейим Пулду өзүнө тарапташ кылуу үчүн жана өзүнүн падышачылык бийлигин бекемдөө үчүн, Пулга миң талант күмүш берди.

20 Менахейим ал күмүштөрдү Ашур падышасына берүү үчүн, ысрайылдыктардын бардык бай адамдарынан, алардын ар биринен элүү шекелден чогултуп алды. Ошентип, Ашур падышасы артка кетти, ал жерде калган жок.

21 Менахейим жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

22 Менахейим ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Пекахия такка отурду.

Пекахия – Ысрайыл падышасы

23 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүүнчү жылында Менахейимдин уулу Пекахия Ысрайылга падыша болуп, Самарияда эки жыл падышачылык кылды.

24 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

25 Төрөсү Ремалия уулу Пеках ага чыккынчылык уюштуруп, Аргоп жана Арийей менен, гилаттык элүү киши менен аны падыша сарайында, Самарияда өлтүрүп, анын ордуна такка отурду.

26 Пекахия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Пеках – Ысрайыл падышасы

27 Жүйүт падышасы Азариянын падышачылыгынын элүү экинчи жылында Ремалия уулу Пеках Ысрайылга падыша болуп, Самарияда жыйырма жыл падышачылык кылды.

28 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды. Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробамдын күнөөлөрүн кылганын токтоткон жок.

29 Ысрайыл падышасы Пекахтын убагында Ашур падышасы Тиглат-Пилесер келип, Ийонду, Абел-Бейт-Маакты, Жаноахты, Кедешти, Хатсорду, Гилатты жана Галилеяны, Напталынын бүт жерин басып алып, аларды Ашурга көчүрүп кетти.

30 Ошондо Эйла уулу Ошуя Ремалия уулу Пекахка чыккынчылык уюштуруп, аны өлтүрүп, Узия уулу Жотамдын падышачылыгынын жыйырманчы жылында анын ордуна такка отурду.

31 Пеках жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

Жотам – Жүйүт падышасы

32 Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын экинчи жылында Жүйүт падышасы Узиянын уулу Жотам такка отурду.

33 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жеруша, ал Садоктун кызы болчу.

34 Ал атасы Узияга окшоп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

35 Бийик жерлердеги бутканалар жок кылынган жок. Эл дагы эле бийик жерлердеги бутканаларда курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты. Жотам Теңир үйүнүн жогорку дарбазасын тургузду.

36 Жотам жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

37 Ошол күндөрү Теңир Сирия падышасы Ретсинди жана Ремалия уулу Пекахты Жүйүткө каршы жиберип турду.

38 Жотам ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, атасы Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Ахаз такка отурду.

16-БӨЛҮМ

Ахаз – Жүйүт падышасы

1 Ремалия уулу Пекахтын падышачылыгынын он жетинчи жылында Жүйүт падышасы Жотамдын уулу Ахаз такка отурду.

2 Ахаз такка отурганда, жыйырма жашта эле. Ал Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылды. Атасы Дөөт Теңирге жаккан иштерди жасаган, Ахаз болсо анткен жок.

3 Тескерисинче, ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, атүгүл, өз уулун отко өрттөдү.

4 Ал бутканаларда, дөбөлөрдө, көлөкөлүү дарактардын түбүндө курмандык чалып, жыпар жыттуу зат түтөтүп жатты.

5 Ошол учурда Сирия падышасы Ретсин жана Ысрайыл падышасы Ремалия уулу Пеках Иерусалимди басып алыш үчүн согуш ачышты. Ахазды курчоодо кармап турушту, бирок жеңе алышкан жок.

6 Ошол убакта Сирия падышасы Ретсин Сирияга Эйлатты кайрып берип, жүйүттөрдү Эйлаттан кууп чыгарды. Эдомдуктар Эйлатка келишти. Алар ушул күнгө чейин ошол жерде жашашат.

7 Ахаз Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды: «Мен сенин кулуңмун жана уулуңмун. Келип, мага каршы көтөрүлгөн Сирия падышасы менен Ысрайыл падышасынан мени куткар».

8 Ахаз Теңир үйүндөгү жана падыша сарайынын казыналарындагы алтын-күмүштөрдү алып, Ашур падышасына тартуу катарында жөнөттү.

9 Ашур падышасы анын тилин алып, Дамаскка барып, аны басып алып, анын тургундарын Кирге көчүрүп жиберди, Ретсинди болсо өлтүрүп салды.

10 Ахаз падыша Ашур падышасы Тиглат-Пилесерге жолугуш үчүн Дамаскка барып, ал жерден курмандык чалынуучу жайды көрдү. Анан Ахаз падыша курмандык чалынуучу жайдын түзүлүшүнүн толук чиймесин ыйык кызмат кылуучу Урийге жөнөттү.

11 Ыйык кызмат кылуучу Урий Дамасктан Ахаз падыша жиберген үлгү боюнча курмандык чалынуучу жай курду. Ахаз падыша Дамасктан келгенче, ыйык кызмат кылуучу Урий ушундай кылды.

12 Падыша Дамасктан келип, курмандык чалынуучу жайды көрүп, анын үстүнө курмандык чалды.

13 Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгын жана нан курмандыгын өрттөп, үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, өзүнүн тынчтык курмандыгынын канын курмандык чалынуучу жайга чачты.

14 Ал эми Теңирдин алдында турган жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды ийбадаткананын алдынан, жаңы курмандык чалынуучу жай менен Теңир үйүнүн ортосундагы ордунан жылдырып, жаңы курмандык чалынуучу жайдын түндүк жагына койду.

15 Ахаз падыша ыйык кызмат кылуучу Урийге мындай буйрук берди: «Чоң курмандык чалынуучу жайдын үстүнө эртең мененки бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана кечки нан курмандыгын, падышанын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен нан курмандыгын, өлкөдөгү бардык адамдардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктары менен нан курмандыктарын өрттө, алардын үстүнө куюлуучу курмандыктарды куй, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктардын канын чач. Эмне кылуу керек экенин чечкенге чейин, жез курмандык чалынуучу жайды мага калтыр».

16 Ыйык кызмат кылуучу Урий Ахаз падыша буйругандай кылды.

17 Ахаз падыша дөңгөлөктүү койгучтардын алкактарын сындырып, алардын үстүндөгү чараларды алып салды. Анан жез өгүздөрдүн үстүндө турган чараны да алып, аны төшөлгөн таштын үстүнө койду.

18 Анан ал Ашур падышасы үчүн ийбадатканага ишемби күнү кире турган эшикти жана падышанын Теңир үйүнө кире турган сырткы эшигин жаап салды.

19 Ахаз жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

20 Ахаз ата-бабаларына кошулду, анын сөөгү ата-бабаларынын жанына, Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Хиския такка отурду.

17-БӨЛҮМ

Ошуя – Ысрайыл падышасы

1 Жүйүт падышасы Ахаздын падышачылыгынын он экинчи жылында Эйла уулу Ошуя Ысрайылга падыша болуп, Самарияда тогуз жыл падышачылык кылды.

2 Ал Теңирге жакпаган иштерди кылды, бирок өзүнөн мурдагы Ысрайыл падышалары кылганчалык кылган жок.

3 Ага Ашур падышасы Шалманесер кол салды, Ошуя ага кул болуп, салык төлөп турду.

4 Ашур падышасы Ошуянын чыккынчылык уюштурганын билди, себеби Ошуя Мисир падышасы Собуга элчилерди жөнөтүп, Ашур падышасына жыл сайын берип туруучу салыкты бербей калган эле. Ошондуктан Ашур падышасы аны зынданга камап салды.

Самариянын курчоого алынышы

5 Ашур падышасы бүт Ысрайылга согуш ачып, Самарияга келип, аны үч жыл бою курчоого алды.

6 Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Ашур падышасы Самарияны басып алып, ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп кетти. Аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.

7 Ысрайыл уулдары Мисир жеринен алып чыккан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарган өзүнүн Кудай-Теңиринин алдында күнөө кылып, башка кудайларга табына башташты.

8 Алар Теңир кууп чыккан элдердин мыйзамдары боюнча, Ысрайыл падышаларынын мыйзамдары боюнча жашай башташты.

9 Ысрайыл уулдары өздөрүнүн Кудай-Теңирине жакпаган иштерди кылып, күзөт мунарасынан баштап чептүү шаарга чейин, өздөрүнө караштуу бардык шаарларга бутканаларды кура башташты.

10 Алар бардык бийик дөбөлөргө жана көлөкөлүү дарактардын түбүнө Ашейра мамысын жана буркандарын коюшту.

11 Теңир кууп чыккан элдерге окшоп, бардык бийик дөбөлөрдө жыпар жыттуу заттарды түтөтүп, Теңирди каарданткан жийиркеничтүү иштерди кылышты.

12 Алар жасалма кудайларга кызмат кылышты, бирок Теңир аларга: «Мындай кылбагыла», – деп айткан.

13 Ошондо Теңир Өзүнүн бардык пайгамбарлары жана көрөгөчтөрү аркылуу Ысрайыл менен Жүйүткө: «Жаман жолуңардан кайткыла, силердин ата-бабаларыңарга осуят кылган, Өзүмдүн кулдарым – пайгамбарларым аркылуу берген Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаргыла», – деп эскерткен.

14 Бирок алар кулак салбай коюшту, өздөрүнүн Кудай-Теңирине ишенбеген тоң моюн ата-бабаларына окшоп, тоң моюндук кылышты.

15 Алар Теңирдин мыйзамдарын, алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимин, эскертүүлөрүн жек көрүп, Теңирдин «Алар кылгандай кылбагыла» деген буйругунан четтеп, тегерегинде жашаган элдерге окшоп, эч нерсеге арзыбаган кудайларды ээрчишип, өздөрү да эч нерсеге арзыбай калышты.

16 Алар өздөрүнүн Кудай-Теңиринин бардык мыйзамдарын таштап, эки музоо куюп, Ашейра мамысын тургузуп, бүткүл асман кошуундарына табынып, Баалга кызмат кылышты.

17 Уулдары менен кыздарын отко өрттөп, төлгө тартып, сыйкырчылык кылып, Теңирге жакпаган, Аны каарданткан иштерди кылууга дитин беришти.

18 Ошондо Теңир ысрайылдыктарга абдан каарданып, аларды четке какты. Жүйүт уруусунан башка эч бир уруу калган жок.

19 Жүйүт да өз Кудай-Теңиринин осуяттарын аткарбай, ысрайылдыктардын кылганын кылды.

20 Теңир Ысрайылдын бардык тукумунан жүзүн буруп, аларды моюн сундурду, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берип турду, акыры аларды четке какты.

21 Ысрайылдыктар Дөөттүн тукумунан бөлүнүп чыгып, Небат уулу Жаробамды такка отургузушту. Жаробам ысрайылдыктарды Теңирден четтетип, аларды чоң күнөөгө батырды.

22 Ысрайыл уулдары Жаробам кылган күнөөлөрдүн бардыгын кылышты, ошол күнөөлөрдү кылганын токтотушкан жок.

23 Теңир Өзүнүн бардык кулдары – пайгамбарлары аркылуу эскерткендей, Ысрайылды таштап салганга чейин, алар ушундай кылышты. Ошентип, Ысрайыл өз жеринен Ашурга көчүрүлүп, ушул күнгө чейин ошол жерде жашайт.

Ысрайыл шаарларына башка элдердин көчүрүлүп келиши

24 Ашур падышасы Бабылдан, Кутадан, Абахтан, Хаматтан, Сепарбайымдан элдерди көчүрүп келип, аларды Самария шаарларына, Ысрайыл уулдарынын ордуна отурукташтырды. Алар Самарияны ээлеп, анын шаарларында жашап калышты.

25 Алар ал жерде жашай башташканда, Теңирден коркушкан жок, ошондуктан Теңир аларга арстандарды жиберип турду. Алар арстандарга жем болуп жатышты.

26 Анан Ашур падышасына мындай деп билдиришти: «Сен көчүрүп келип, Самария шаарларына отурукташтырган элдер ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпегендиктен, Кудай аларга арстандарды жиберип жатат. Алар арстандарга жем болуп жатышат, анткени ошол жердин Кудайынын мыйзамын билишпейт».

27 Ошондо Ашур падышасы мындай буйрук берди: «Силер ошол жактан көчүрүп келген ыйык кызмат кылуучулардан бирөөнү ал жакка жөнөткүлө. Ал барып, ошол жерде жашап, аларга ошол жердин Кудайынын мыйзамын үйрөтсүн».

28 Самариядан көчүрүлүп кеткен ыйык кызмат кылуучулардын бири келип, Бейтелде жашап, аларга Кудайдан коркууну үйрөттү.

29 Ар бир эл өзүнүн кудайларын жасап, самариялыктар курган бийик жерлердеги бутканаларга койду. Ар бир эл өзү жашаган шаарга койду.

30 Бабылдыктар Сукот-Бенотту, куталыктар Нейиргалды, хаматтыктар Ашиманы,

31 абахтыктар Нибхаз менен Тартакты жасашты, сепарбайымдыктар болсо өздөрүнүн кудайлары Анамелек менен Адрамелекке арнап уулдарын отко өрттөштү.

32 Ошол эле учурда алар Теңирден да коркуп, өздөрүнүн арасынан буткана кызматчыларын шайлашты. Алар бутканаларда кызмат кылышты.

33 Алар Теңирден да коркушту, ошондой эле өздөрү көчүп келген өлкөнүн салттары боюнча өздөрүнүн кудайларына да кызмат кылышты.

34 Алар ушул күнгө чейин өздөрүнүн мурунку салттары боюнча жашашат. Теңирден коркушпайт, Теңирдин Ысрайыл деген ысым берген Жакып уулдарына берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн аткарышпайт.

35 Теңир алар менен келишим түзүп, мындай деп осуят кылган: «Башка кудайларга табынбагыла, таазим этпегиле, кызмат кылбагыла, курмандык чалбагыла.

36 Силерди сунулган колу, күчтүү билеги менен Мисир жеринен алып чыккан Теңирге табынгыла, таазим кылгыла, курмандык чалгыла.

37 Анын силерге жазып берген мыйзамдарын, осуяттарын, буйруктарын, көрсөтмөлөрүн өмүрүңөр өткөнчө аткарууга аракет кылгыла, башка кудайларга табынбагыла.

38 Менин силер менен түзгөн келишимимди унутпагыла, башка кудайлардан коркпогула.

39 Өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерден гана корккула, ошондо Ал силерди бардык душмандарыңардан куткарат».

40 Бирок алар тил алышкан жок, тескерисинче, мурунку каада-салттары боюнча жашашты.

41 Бул элдер Теңирден коркушту, бирок буркандарына да кызмат кылышты. Алардын балдары, балдарынын балдары да ата-бабаларына окшоп, ушул күнгө чейин ушундай кылып келе жатышат.

18-БӨЛҮМ

Хиския – Жүйүт падышасы

1 Ысрайыл падышасы Эйла уулу Ошуянын падышачылыгынын үчүнчү жылында Жүйүт падышасы Ахаз уулу Хиския такка отурду.

2 Ал такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма тогуз жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Абы, ал Захариянын кызы эле.

3 Ал атасы Дөөттөй болуп, Теңирге жаккан иштерди кылды.

4 Ал бутканаларды жок кылды, буркандарды талкалады, Ашейра мамысын кыйды. Ошондой эле Муса жасаган жез жыланды кыйратты, себеби Ысрайыл уулдары ошол күнгө чейин ага арнап жыпар жыттуу зат түтөтүшчү жана аны Нехуштан дешчү.

5 Ал Ысрайылдын Кудай-Теңирине таянчу. Бардык Жүйүт падышаларынын арасында андан мурун да, андан кийин да андай падыша болгон эмес.

6 Ал Теңирге жабышты, Андан четтеген жок, Теңирдин Мусага берген осуяттарын аткарды.

7 Теңир аны менен болду: кайда гана барбасын, ал бардык жерде акылмандык менен иш кылды. Ашур падышасынан бөлүнүп, ага кызмат кылбай калды.

8 Ал пелиштиликтерди Азага чейин жана анын жанындагы күзөт мунарасынан сепилдүү шаарга чейин талкалады.

9 Хиския падышанын падышачылыгынын төртүнчү жылында, башкача айтканда, Ысрайыл падышасы Эйла уулу Ошуянын падышачылыгынын жетинчи жылында Ашур падышасы Шалманесер Самарияга келип, аны курчап алды.

10 Аны үч жылдан кийин басып алды. Хискиянын падышачылыгынын алтынчы жылында, башкача айтканда, Ысрайыл падышасы Ошуянын падышачылыгынын тогузунчу жылында Самария басылып алынды.

11 Ашур падышасы ысрайылдыктарды Ашурга көчүрүп, аларды Халахка, Хаборго, Гозан дарыясынын боюна жана Мадайдын шаарларына отурукташтырды.

12 Анткени алар өздөрүнүн Кудай-Теңиринин үнүн укпай, Анын келишимин бузушту, Теңирдин кулу Муса берген осуяттарды укпай да, аткарбай да коюшту.

Ашурлуктардын Иерусалимди курчоого алышы

13 Хиския падышанын падышачылыгынын он төртүнчү жылында Ашур падышасы Санхейрип Жүйүттүн чептүү шаарларынын баарын басып алды.

14 Ошондо Жүйүт падышасы Хиския Лакишке, Ашур падышасына мындай деп айттырып жиберди: «Мен айыптуумун. Артка кайт, кандай салык салсаң да, төлөйүн». Ашур падышасы Жүйүт падышасы Хискияга үч жүз талант күмүш жана отуз талант алтын салык салды.

15 Хиския ага Теңирдин үйүндөгү, падыша сарайынын казыналарындагы бардык күмүштү берди.

16 Ошол учурда Жүйүт падышасы Хиския өзү алтын менен каптаткан Теңир үйүнүн эшиктериндеги, эшиктин кашектериндеги алтындарды чыгарып, Ашур падышасына берди.

17 Бирок Ашур падышасы Лакиштен Тартанды, Рапшакты жана Рап-Саристи көп аскер менен Хиския падышага, Иерусалимге жөнөттү. Алар Иерусалимге келип, жуугучтун талаасына кеткен жолдогу жогорку көлмөнүн суу түтүгүнүн жанында турушту.

18 Анан алар падышаны чакырышты. Ошондо падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна жана тарыхчы Асап уулу Жаах чыкты.

19 Рапшак аларга мындай деди: «Хискияга айткыла: Улуу падыша Ашур падышасы мындай дейт: “Сен деги эмнеге таянып жатасың?

20 Согушуу үчүн кеңешчилерим менен күчүм бар дегенсиң, бирок мунуң болбогон сөз. Мага каршы чыккыдай, сен азыр кимге таянып жатасың?

21 Сен сынык таякка – Мисирге таянып жатасың. Ага ким таянса, ал анын алаканына кирип, көзөп өтөт. Мисир падышасы фараонго таянгандарга мына ушундай болот.

22 Эгерде силер мага: "Өзүбүздүн Кудай-Теңирибизге таянабыз", – дей турган болсоңор, анда ал кудайыңардын курмандык чалынуучу жайлары менен бутканаларын Хиския алып салып, Жүйүт менен Иерусалимге: "Иерусалимдеги ушул гана курмандык чалынуучу жайдын алдында табынгыла", – дебеди беле. Ошол Кудайыңарга таянып жатасыңарбы?

23 Ошондуктан менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз: мен сага эки миң ат берем, аларга чабандес таба аласыңбы?

24 Сен менин мырзамдын эң кичине кулдарынын бирин жеңе аласыңбы? Мисирдин аттары менен майдан арабаларына таянып жатасыңбы?

25 Мен бул жерди бүлдүрүүгө Теңирдин эркисиз келиптирминби? Мага Теңир: "Бар, ал жерди бүлдүр", – деп айткан”».

26 Хилкия уулу Элийаким, Шебна жана Жаах Рапшактан: «Кулдарың менен арамей тилинде сүйлөш, себеби биз ал тилди түшүнөбүз. Биз менен жүйүт тилинде сүйлөшпө, дубалдагы эл укпай эле койсун», – деп өтүнүштү.

27 Рапшак аларга: «Мырзам мени ушул сөздү мырзаң экөөңө айттырганы жибериптирби? Жок, ал мени силер менен кошо өздөрүнүн заңын жеп, заарасын ичиш үчүн, дубалда отурган кишилерге да айттырганы жиберген», – деди.

28 Анан Рапшак туруп, жүйүт тилинде мындай деп кыйкырды: «Улуу падыша Ашур падышасынын сөзүн уккула!

29 Падыша мындай дейт: “Хиския силерди азгырбай эле койсун, анткени ал силерди менин колумдан куткара албайт.

30 "Теңир бизди сактайт. Бул шаар Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, Хиския силерди Теңир менен үмүттөндүрбөй эле койсун”.

31 Хискияны укпагыла. Анткени Ашур падышасы мындай дейт: “Шаарыңардан чыгып, мени менен тынчтык келишимин түзгүлө. Мен келип, силерди өзүңөрдүн жериңердей: нанга, шарапка, жемишке, жүзүмгө, зайтун дарагына жана балга бай жерге алып кеткенге чейин,

32 ар ким өзүнүн жүзүм багынын, анжыр дарагынын мөмөсүн жеп, өз кудугунан суу ичет. Менин айткандарымды кылсаңар, өлбөй тирүү каласыңар”. “Бизди Теңир сактайт”, – деп, силерди азгырып жаткан Хискияны укпагыла.

33 Кайсы элдин кудайы Ашур падышасынын колунан өз жерин сактап калды эле?

34 Арпат менен Хаматтын кудайлары кайда? Сепарбайымдын, Эйнанын жана Ибанын кудайлары кана? Алар Самарияны менин колумдан сактап калышты беле?

35 Ушул жерлердин кудайларынын кайсынысы менин колумдан өз жерин сактап калды эле? Анан кантип Теңир менин колумдан Иерусалимди сактап калсын?»

36 Эл унчуккан жок, ага бир да сөз менен жооп берген жок, себеби падышанын «Ага жооп бербегиле» деген буйругу бар эле.

37 Падыша сарайынын башчысы Хилкия уулу Элийаким, катчы Шебна, тарыхчы Асап уулу Жаах айрылган кийимдери менен Хискияга келишип, Рапшактын сөздөрүн айтып беришти.

19-БӨЛҮМ

Хискиянын Ышайага кайрылышы

1 Хиския падыша муну укканда, кийимин айрып, зумбал жамынып, Теңир үйүнө барды.

2 Ал падыша сарайынын башчысы Элийакимди, катчы Шебнаны жана зумбал жамынган башкы ыйык кызмат кылуучуларды Амостун уулу Ышайа пайгамбарга жөнөттү.

3 Алар ага келип, мындай деп айтышты: «Хиския мындай дейт: “Бул күн – кайгы тарта турган, жазалана турган, маскара боло турган күн, анткени ымыркайлар жатындын оозуна келип калышты, бирок энелердин төрөгөнгө күчү жок.

4 Тирүү Кудайга акарат келтирип, тил тийгизиш үчүн, мырзасы Ашур падышасы жиберген Рапшактын сөздөрүн Кудай-Теңириң угуп, ушул сөздөрдү айткандыгы үчүн, аны жазаласа экен. Тирүү калган эл үчүн сыйын”».

5 Хиския падышанын кызматчылары Ышайага келишти.

6 Ышайа аларга мындай деди: «Мырзаңарга Теңир мындай дейт деп айткыла: “Ашур падышасынын кызматчыларынын Мага тил тийгизип айткан сөздөрүнөн коркпо.

7 Мен ага бир рух жиберем, ал бир кабар угуп, өз жерине кайтат, ошондо Мен аны өз жеринде кылыч менен өлтүрөм”».

Рапшактын коркутуусу жана Хискиянын сыйынуусу

8 Рапшак Ашур падышасынын Лакиштен кеткенин угуп кайтып келсе, ал Либна менен согушуп жатыптыр.

9 Ашур падышасына Эфиопия падышасы Тирак жөнүндө «Ал сени менен согушууга чыкты» деген кабар айтышты. Ошондо ал Хискияга кайрадан элчилерин жөнөтүп, мындай деп айттырды:

10 «Жүйүт падышасы Хискияга мындай деп айткыла: “Сен таянган Кудайың: "Иерусалим Ашур падышасынын колуна салынып берилбейт", – деп, сени алдабай эле койсун.

11 Ашур падышаларынын башка жерлерди эмне кылганын, аларды талкалаганын уккансың да, анан сен аман калмак белең?

12 Менин ата-бабаларым бүлүнткөн элдерди кудайлары сактап калды беле? Гозан, Харан жана Ретсеп, Теласардагы Эден уулдарын сактап калышты беле?

13 Хамат, Арпат, Сепарбайым, Эйна жана Иба шаарларынын падышалары кана?”»

14 Хиския элчилердин колунан катты алып окуду да, Теңир үйүнө барып, аны Теңирдин алдына жайды.

15 Анан Хиския Теңирдин алдында мындай деп сыйынды: «Керуптардын арасында жашаган Ысрайылдын Кудай-Теңири! Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын Кудайы жалгыз Сенсиң, асман менен жерди Сен жараткансың.

16 Теңир, кулак сала көр. Теңир, көздөрүңдү ачып, назар сала көр. Тирүү Кудай Сага тил тийгизиш үчүн киши жиберген Санхейриптин сөздөрүн ук!

17 Оо, Теңир, Ашур падышаларынын элдерди, алардын жерлерин бүлүнткөнү чын.

18 Алардын кудайларын отко ыргытышкан, бирок алар кудайлар эмес эле, адамдын колу менен жасалган буюм, жыгач, таш болчу. Ошондуктан аларды жок кылышкан.

19 Кудай-Теңирибиз, эми бизди анын колунан сактай көр, ошондо, Теңир, Сенин жалгыз Кудай экениңди бардык падышачылыктар билишет».

Кудайдын Ышайа пайгамбар аркылуу жооп бериши

20 Амостун уулу Ышайа Хискияга мындай деп айттырып жиберди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен сенин Ашур падышасы Санхейрип жөнүндөгү сыйынууңду уктум”.

21 Теңирдин ал жөнүндө айткан сөзү мындай: “Сиондун эркек көрө элек кызы сени жек көрөт, сени шылдыңдап күлөт. Иерусалим кызы артыңдан башын чайкайт.

22 Сен кимге тил тийгиздиң, кимди шылдыңдадың? Кимге үнүңдү көтөрдүң, кимге текеберденип карадың? Ысрайылдын Ыйыгына!

23 Элчилериң аркылуу Теңирге акарат келтирип: "Мен өзүмдүн көп сандаган майдан арабаларым менен тоолордун чокусуна, Лебанондун эң бийик жерлерине чыктым. Эми анын бийик кедр дарактарын, эң сонун кипаристерин кыям, анын эң алыскы жерлерине, эң жакшы токоюна келем.

24 Кудук казып, жат жердин суусун ичтим. Эми Мисирдин бардык дарыяларын таманым менен какшытам", – дедиң.

25 Муну Мен мурун эле кылганымды, байыркы заманда эле алдын ала белгилеп койгонумду уккан жок белең? Сен азыр ошону ишке ашырдың, чептүү шаарларды кыйратып, үйүлгөн урандыга айланттың.

26 Алардын тургундары кайратын жоготуп, титиреп, уятка калып жатышат. Алар талаадагы чөптөй, назик өсүмдүктөй, чатырдын үстүнө чыккан чөптөй, баш алгыча эле күйүп кеткен эгиндей болушту.

27 Мен сенин отурганыңды да, чыкканыңды да, киргениңди да – баарын билем. Мага текеберденип тил тийгизгениңди да билем.

28 Мага текеберденип тил тийгизгендигиң үчүн, менменсингендигиң Менин кулагыма жеткендиги үчүн, Мен сенин танооңо шакегимди, оозуңа ооздугумду салып, келген жолуң менен артка кетирем”.

29 Хиския, сага мындай жышаан берем: бул жылы түшүп калган дандан өсүп чыкканын, кийинки жылы өзү өсүп чыкканын жегиле, ал эми үчүнчү жылы аштык сээп оруп алгыла, жүзүм отургузуп, мөмөсүн жегиле.

30 Жүйүт тукумунун аман калгандары кайрадан тамырын төмөн жайып, жогору жагынан түшүм берет.

31 Анткени Иерусалимден калдык чыгат, Сион тоосунан куткарылгандар чыгат. Муну Себайот Теңирдин кызганычы ишке ашырат.

32 Ошондуктан Теңир Ашур падышасы жөнүндө мындай дейт: “Ал бул шаарга кирбейт, ал жакка бир да жебе атпайт, ага калканы менен жакын да келбейт, ага каршы жал үйбөйт.

33 Келген жолу менен артка кайтат, бул шаарга кирбейт, – дейт Теңир.

34 Мен бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн куткарам жана коргойм”».

35 Ошол түнү мындай болду: Теңирдин периштеси Ашур кошуунуна барып, жүз сексен беш миң адамын өлтүрдү. Эртең менен туруп, өлүп жаткан адамдарды көрүштү.

36 Ошондо Ашур падышасы Санхейрип келген жолу менен артка кайтты. Ал өзү жашаган Нинебиге кайтып барды.

37 Ал өзүнүн кудайы Нисрох үйүндө табынып жатканда, аны уулдары Адрамелек менен Саретсер кылыч менен өлтүрүп, Арарат жерине качып кетишти. Анын ордуна уулу Эйсар-Хадон такка отурду.

20-БӨЛҮМ

Хискиянын оорушу жана айыгышы

1 Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амос уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: “Өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың”», – деди.

2 Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:

3 «Оо Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.

4 Ышайа шаардан чыга электе, ага Теңирден мындай сөз болду:

5 «Кайра кайтып, Менин элимдин башчысы Хискияга айт: “Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: "Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени айыктырам. Yчүнчү күнү Теңир үйүнө барасың.

6 Сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом, сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн коргойм"”».

7 Ышайа: «Кургатылган анжырды алгыла», – деди. Алар кургатылган анжырды алып, жарага жабышты. Ал айыгып кетти.

8 Ошондо Хиския Ышайадан: «Мени Теңир айыктырарын, үчүнчү күнү Теңир үйүнө барарымды билишим үчүн, кандай жышаан берилет?» – деп сурады.

9 Ышайа ага: «Өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн Теңир берген жышаан бул: көлөкө он тепкич алдыга жылсынбы же он тепкич артка жылсынбы?» – деди.

10 Хиския: «Көлөкөнүн он тепкич алдыга жылышы оңой. Жок, көлөкө он тепкич артка жылсын», – деди.

11 Ышайа пайгамбар Теңирге сыйынып, Ахаздын тепкичтеринен түшүп келе жаткан көлөкөнү он тепкич артка жылдырды.

Хискиянын акылсыздык кылышы

12 Ошол убакта Бабыл падышасы Баладан уулу Меродах-Баладан Хискияга кат жана белек жиберди, анткени Хискиянын ооруп жатканын уккан.

13 Хиския элчилердин айтканын угуп, аларга өзүнүн казыналарын, алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын жана курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн нерсеси калган жок.

14 Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.

15 Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн нерсе калган жок», – деп жооп берди.

16 Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук:

17 “Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетүүчү күндөр келет. Эч нерсе калбайт, – дейт Теңир.

18 Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат”».

19 Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот!» – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.

Хискиянын өлүшү

20 Хиския жөнүндө, анын бардык эрдиктери, көлмө жана арык казганы, шаарга суу киргизгени жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

21 Хиския ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Менаше такка отурду.

21-БӨЛҮМ

Менаше – Жүйүт падышасы

1 Менаше такка отурганда, он эки жашта эле. Ал Иерусалимде элүү жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты Хепси-Ба болчу.

2 Ал Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир кууп чыккан, жийиркеничтүү иштерди кылган элдерди туурап, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

3 Ал атасы Хиския жок кылган бутканаларды кайра тургузуп, Ысрайыл падышасы Ахапка окшоп, Баалга курмандык чалынуучу жайларды курду, Ашейра мамысын тургузуп, асман кошуундарына табынып, аларга кызмат кылды.

4 Теңир үйүнө курмандык чалынуучу жайларды тургузду, ал үй жөнүндө Теңир: «Мен Өз ысымымды Иерусалимге орнотом», – деген эле.

5 Теңир үйүнүн эки короосуна бардык асман кошуундарына арнап курмандык чалынуучу жайларды тургузду.

6 Өз уулун курмандыкка өрттөп, төлгө салып, сыйкырчылык кылып, өлгөндөрдү чакыруучуларды жана сыйкырчылык кылгандарды колдоду. Теңирди каардантып, Ага жакпаган иштерди көп кылды.

7 Менаше өзү жасаган Ашейра бурканын Теңир үйүнө койду, ал үй жөнүндө Теңир Дөөткө жана анын уулу Сулайманга мындай деген эле: «Ушул үйгө жана Ысрайылдын бардык урууларынын ичинен Өзүм тандап алган Иерусалимге Мен Өз ысымымды түбөлүккө орнотом.

8 Эгерде ысрайылдыктар Менин буйруктарымды жана Менин кулум Муса берген мыйзамдарды сактоого аракет кылышса, ата-бабаларына берген жерден Мен аларды мындан ары кууп чыкпайм».

9 Бирок алар тил албай коюшту, аларды Менаше жолдон чыгарды. Алар Ысрайыл уулдарынын алдынан Теңир жок кылган элдер жасаган иштерден да жаман иштерди кылышты.

10 Ошондо Теңир Өз кулдары – пайгамбарлары аркылуу мындай деп сүйлөдү:

11 «Жүйүт падышасы Менаше жийиркеничтүү иштерди кылып, өзүнө чейинки аморлуктардан да ашып түшкөндүгү үчүн, өзүнүн жасалма кудайлары менен Жүйүттү күнөөгө батыргандыгы үчүн,

12 Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Мен Иерусалим менен Жүйүткө оор мүшкүл түшүрөм, ошондо ал жөнүндө уккан адамдын кулагы зыңылдайт.

13 Иерусалимдин үстүнөн Самариянын өлчөөчү жибин жана Ахаптын тукумунун салмоорун тартам. Иерусалимди идишти сүрткөнсүп сүртүп, көңтөрүп коём.

14 Өз энчимдин калдыгынан баш тартып, душмандарынын колдоруна салып берем, аларды бардык душмандары талап-тоноп, чаап алышат.

15 Бул алардын Мага жакпаган иштерди кылганы үчүн, алардын ата-бабалары Мисирден чыккан күндөн ушул күнгө чейин Мени каардантышканы үчүн болот».

16 Менаше Жүйүттү күнөөгө батырганы аз келгенсип, күнөөсүз канды көп төгүп, Иерусалимди канга толтурду. Ал Жүйүттүн Теңирге жакпаган иштерди кылуусуна себепкер болду.

17 Менаше жөнүндө, анын кылган бардык иштери, кылган күнөөлөрү жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

18 Менаше ата-бабаларына кошулду. Ал өз үйүнүн жанындагы Уза багына коюлду. Анын ордуна уулу Амон такка отурду.

Амон – Жүйүт падышасы

19 Амон жыйырма эки жашында такка отуруп, Иерусалимде эки жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Мешулемет, ал жотпалык Харустун кызы болчу.

20 Ал атасы Менашедей болуп, Теңирге жакпаган иштерди кылды.

21 Ал атасынын жолун жолдоп, атасы кызмат кылган жасалма кудайларга кызмат кылып, аларга табынды.

22 Ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап койду, Теңирдин жолу менен жүргөн жок.

23 Кызматчылары Амон падышага каршы чыккынчылык уюштурушуп, аны өз үйүндө өлтүрүштү.

24 Бирок эл Амон падышага каршы чыккынчылык уюштургандардын бардыгын кырып, анын ордуна уулу Жошияны такка отургузду.

25 Амон жөнүндө жана анын кылган иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

26 Аны Уза багындагы өз мүрзөсүнө коюшту. Анын ордуна уулу Жошия такка отурду.

22-БӨЛҮМ

Жошия – Жүйүт падышасы

1 Жошия сегиз жашында такка отуруп, Иерусалимде отуз бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Жедида, ал батсекаттык Адаянын кызы эле.

2 Ал Теңирге жаккан иштерди кылып, атасы Дөөттүн бардык жолу менен жүрүп, оңго да, солго да бурулган жок.

Мыйзам китеби

3 Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында падыша Мешуламдын уулу, Атсалиянын уулу катчы Шапанды Теңир үйүнө жиберип, мындай деп айттырды:

4 «Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга бар, ал элдин Теңир үйүнө алып келген, босогодо турган күзөтчүлөр жыйнаган күмүштөрүн эсептесин.

5 Аны Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна берсин. Ал эми алар аны Теңир үйүнүн бузулган жерлерин оңдоп жаткан

6 жыгач усталарга, таш сомдоочуларга, таш тизүүчүлөргө таратып беришсин жана үйдү оңдоо үчүн сатылып алынуучу жыгачтарга, жылмаланган таштарга жумшашсын.

7 Алардын колуна берилген күмүштөрдүн эсебин талап кылбагыла, себеби алар чынчылдык менен таратышат».

8 Башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкия катчы Шапанга мындай деди: «Мен Теңир үйүнөн мыйзам китебин таап алдым». Хилкия китепти Шапанга сунду, ал аны окуду.

9 Катчы Шапан падышага келип, мындай деди: «Теңир үйүндөгү күмүштөрдү сенин кулдарың алып, Теңир үйүндө иш алып барууга дайындалгандардын колуна өткөрүп беришти».

10 Катчы Шапан падышага дагы мындай деп билдирди: «Ыйык кызмат кылуучу Хилкия мага китеп берди». Шапан аны падышанын алдында окуп берди.

11 Падыша мыйзам китебиндеги сөздөрдү укканда, өз кийимин айрып жиберди.

12 Анан падыша ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, Шапандын уулу Акикамга, Михей уулу Акбарга, катчы Шапанга, падыша кызматчысы Асаяга мындай деп буйруду:

13 «Баргыла, мен жөнүндө, эл жөнүндө жана бүткүл Жүйүт жөнүндө бул табылган китепте эмне жазылгандыгын Теңирден сурагыла, аткарышыбыз үчүн жазылган бул китептеги сөздөрдү ата-бабаларыбыз укпай коюшкандыктан, Теңир бизге катуу каарданып жатат».

14 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Хилкия, Акикам, Акбар, Шапан жана Асая кийим кайтаруучу Хархас уулу, Тикпа уулу Шалумдун аялы, пайгамбар Хулдага барып, аны менен сүйлөшүштү. Ал аял Иерусалимдин экинчи бөлүгүндө жашачу.

15 Аял аларга мындай деди: «Жүйүт падышасы окуган китептеги сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Силерди мага жиберген кишиге айткыла:

16 Теңир мындай дейт: Мен ошол жерге жана анын тургундарына мүшкүл түшүрөм.

17 Алар Мени таштап, башка кудайларга жыпар жыттуу зат түтөтүп, жасап алган кудайлары менен Мени каардантышкандыгы үчүн, Мен ошол жерге каарымды төгөм, каарым кайтпайт”.

18 Силерди Теңирдин эркин сураганы жиберген Жүйүт падышасына айткыла: “Сен уккан сөздөр боюнча Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт:

19 "Мен ошол жердин кыйрарын, ошол жердин тургундарынын кырыларын айтканымды уккандан кийин, жүрөгүң жумшаргандыгы үчүн, Теңир алдында моюн сунганың үчүн, кийимиңди айрып, Менин алдымда ыйлаганың үчүн, Мен да сени уктум, – дейт Теңир.

20 Ошон үчүн Мен сени ата-бабаларыңа кошом, сен көрүңө тынч коюласың, Мен бул жерге түшүрө турган мүшкүлдү көрбөйсүң"”». Падышага ушундай жооп алып келишти.

23-БӨЛҮМ

Жошиянын бутпарастардын кудайларын жок кылышы

1 Падыша киши жиберип, Жүйүт менен Иерусалимдеги бүт аксакалдарды чогултту.

2 Падыша Теңир үйүнө келди. Аны менен бардык жүйүттөр, Иерусалимдин бүт тургундары, ыйык кызмат кылуучулар, пайгамбарлар, кичинеcинен чоңуна чейин, бүт эл келди. Ал Теңир үйүнөн табылган мыйзам китептеги бардык сөздөрдү угуза окуду.

3 Андан кийин падыша бийик жерге чыгып, Теңирдин жолу менен жүрүш үчүн, Анын осуяттарын, буйруктарын жана мыйзамдарын жан-дили менен, чын жүрөктөн аткарыш үчүн, ушул китепте жазылган келишимдин сөздөрүн аткарыш үчүн, Теңирдин алдында келишим түздү, эл келишимге кошулду.

4 Анан падыша башкы ыйык кызмат кылуучу Хилкияга, андан кийинки ыйык кызмат кылуучуларга жана босогодо турган күзөтчүлөргө Ашейра үчүн, Баал үчүн жана бүткүл асман кошуундары үчүн жасалган бардык нерселерди Теңирдин ийбадатканасынан алып чыгып, Иерусалимдин сыртында, Кидрон өрөөнүндө өрттөп, күлүн Бейтелге жеткирүүнү буйруду.

5 Жүйүт шаарларындагы, Иерусалимдин айланасындагы бутканаларда жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн Жүйүт падышалары койгон буткана кызматчыларын кызматынан четтетти, алар Баалга, күнгө, айга, жылдыздарга, бардык асман кошуундарына жыпар жыттуу зат түтөтүшчү.

6 Анан ал Ашейра мамысын Теңир үйүнөн Иерусалимдин сыртындагы Кидрон суусуна алып чыгып, Кидрондун жээгинде өрттөп, күлгө айлантып, жалпы элдин көрүстөнүнө ыргытты.

7 Анан Теңирдин ийбадатканасынын жанындагы бачабаздардын үйүн талкалады. Ал жерде аялдар Ашейрага кийим токушчу.

8 Жүйүт шаарларындагы буткана кызматчыларынын баарын алып чыкты, Гебадан Бейер-Шебага чейинки буткана кызматчылары жыпар жыттуу зат түтөткөн бутканаларды булгады, дарбазалардын алдындагы бутканаларды – шаар башчысы Жошуянын дарбазасынын кире беришиндеги буткананы жана шаар дарбазасынын сол жагындагы буткананы кыйратты.

9 Ошондой болсо да бутканалардын кызматчылары Теңирдин Иерусалимдеги курмандык чалынуучу жайында курмандык чалышчу эмес, бирок өз бир туугандары менен бирге ачыткысыз нан жешчү.

10 Эч ким уулун же кызын Молохко арнап курмандыкка чалбашы үчүн, Ином уулдарынын өрөөнүндөгү Топетти булгады.

11 Парбаримдеги эбнух Нетан-Мелехтин бөлмөлөрүнүн жанындагы Теңир үйүнүн кире беришине Жүйүт падышалары күнгө арнап койгон аттарды алып таштады. Күнгө арналган майдан арабаларды өрттөп жиберди.

12 Падыша Жүйүт падышалары курган Ахаздын үйүнүн чатырындагы курмандык чалынуучу жайларды, Теңир үйүнүн эки короосуна Менаше курган курмандык чалынуучу жайларды бузуп, кулатты, алардын күлүн Кидрон суусуна ыргытты.

13 Иерусалимдин алдына, Зайтун тоосунун оң жагына Сидондун жийиркеничи Ашейра үчүн, Мааптын жийиркеничи Кемош үчүн, Амон уулдарынын жийиркеничи Милком үчүн Ысрайыл падышасы Сулайман курган бутканаларды падыша булгады.

14 Балбалдарды талкалап, Ашейра мамыларын кыйып, алардын ордун кишинин сөөктөрү менен толтурду.

15 Ошондой эле Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды, Ысрайылды күнөөгө батырган Небат уулу Жаробам курган буткананы кыйратып, өрттөп, күлгө айландырды, Ашейра мамыларын өрттөп жиберди.

16 Анан Жошия көз чаптырып, тоодогу мүрзөлөрдү көрдү. Киши жөнөтүп, мүрзөдөн сөөктөрдү алдырып, курмандык чалынуучу жайда өрттөдү, Кудайдын кишиси алдын ала айткан Теңирдин сөзү боюнча аны булгады.

17 Анан Жошия: «Мен көрүп турган эмне деген эстелик?» – деп сурады. Шаардын тургундары ага мындай дешти: «Бул – Жүйүт аймагынан келген Кудайдын кишисинин мүрзөсү. Ал Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайды эмне кыларыңды айткан».

18 Ошондо ал: «Аны жайына койгула. Анын сөөгүнө эч кимиңер тийбегиле», – деди. Ошентип, анын сөөгүнө жана Самариядан келген пайгамбардын сөөгүнө тийишкен жок.

19 Жошия ошондой эле Ысрайыл падышаларынын Теңирди каардантып курган Самария шаарларынын бийик жерлериндеги бутканалардын баарын Бейтелдегидей кылып кыйратты.

20 Ал жердеги курмандык чалынуучу жайлардын үстүндө буткана кызматчыларынын баарын мууздап өлтүрүп, кишилердин сөөгүн өрттөп, Иерусалимге кайтып келди.

Пасах майрамын өткөрүү

21 Анан падыша бүткүл элге мындай буйрук кылды: «Бул мыйзам китепте жазылгандай, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге арнап Пасах майрамын өткөргүлө».

22 Анткени мындай Пасах Ысрайылды башкарган башкаруучулардын убагынан бери өткөрүлө элек эле, Ысрайыл жана Жүйүт падышаларынын убагында да өткөрүлгөн эмес.

23 Жошия падышанын падышачылыгынын он сегизинчи жылында Иерусалимде Теңирге арналган ушундай Пасах майрамы өткөрүлдү.

Жошия кылган иштер

24 Теңир үйүнөн ыйык кызмат кылуучу Хилкия тапкан китепте жазылган мыйзам сөздөрүн аткарыш үчүн, Жошия Жүйүт аймагында жана Иерусалимде пайда болгон өлгөндөрдү чакыруучуларды, сыйкырчыларды терафимдерди, жасалма кудайларды, жийиркеничтерди жок кылды.

25 Мусанын бардык мыйзамдары боюнча Теңирге бүт жүрөгү менен, жан-дили менен, бардык күчү менен берилген Жошиядай падыша буга чейин да, мындан кийин да болгон эмес.

26 Бирок Менаше Теңирге акарат келтирип, Аны каардантканы үчүн, Теңир Жүйүткө каарданганын токтоткон жок.

27 Теңир мындай деди: «Мен Ысрайылды таштап койгондой, Жүйүттү да таштап коём, Өзүм тандап алган ушул Иерусалим шаарын да, “Менин ысымым ошол жерде болот” деп айткан үйдү да таштап коём».

Жошиянын өлүшү

28 Жошия жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

29 Анын тушунда Мисир падышасы фараон Нехо Ашур падышасы менен согушуу үчүн, Эфрат дарыясын көздөй жөнөдү. Ошондо Жошия падыша анын алдынан чыкты. Нехо Жошияны көрүп, аны Мегидодо өлтүрдү.

30 Кулдары анын өлүгүн майдан арабага салып, Мегидодон Иерусалимге алып келип, өз мүрзөсүнө коюшту. Ал жердин эли Жошиянын уулу Жаахазды падыша кылып майлап, атасынын ордуна такка отургузушту.

Жаахаз – Жүйүт падышасы

31 Жаахаз такка отурганда, жыйырма үч жашта эле. Ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.

32 Ал аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

33 Ал Иерусалимде падыша болбошу үчүн, фараон Нехо аны Хамат жериндеги Риблада каматып, ал жерге жүз талант күмүш, бир талант алтын салык салды.

34 Фараон Нехо Жошия уулу Элийакимди атасы Жошиянын ордуна такка отургузуп, анын атын Жайаким деп өзгөрттү. Жаахазды болсо Мисирге алып кетти, ал ошол жерде өлдү.

Жайаким – Жүйүт падышасы

35 Жайаким фараонго күмүш да, алтын да берип турду. Ал фараондун буйругу боюнча күмүш берип туруш үчүн, жерди баалады. Фараон Нехого берип туруш үчүн, ал ошол жердеги элге, ар бир кишиге жерине жараша алтын-күмүш төлөттү.

36 Жайаким такка отурганда, жыйырма беш жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Зебуда, ал румалык Педаянын кызы эле.

37 Ал өзүнүн аталарындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

24-БӨЛҮМ

1 Жайакимдин тушунда Бабыл падышасы Небухаданасар кол салды. Жайаким үч жыл анын бийлиги астында болду, бирок кийин андан бөлүнүп кетти.

2 Теңир аларды Өзүнүн кулдары – пайгамбарлары аркылуу айткан сөзү боюнча Жүйүттү кырып жок кылуу үчүн, ага каршы каздимдердин, сириялыктардын, мааптыктардын жана амондуктардын аскерлерин жиберди.

3 Менашенин күнөөсү жана кылган бардык иштери үчүн Теңирдин буйругу боюнча Жүйүттү Өзүнөн четтетүү үчүн,

4 Менашенин жазыксыз кан төгүп, Иерусалимди жазыксыз канга толтурганы үчүн Жүйүттү ушундай кылды, Теңир аны кечиргиси келген жок.

5 Жайаким жөнүндө жана анын кылган бардык иштери жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

6 Жайаким ата-бабаларына кошулуп, анын ордуна уулу Жайахин такка отурду.

7 Мисир падышасы андан кийин өз жеринен чыккан жок, себеби Бабыл падышасы Мисир падышасына караштуу жерлерди, Мисир дарыясынан Эфрат дарыясына чейинки жерлерди басып алган эле.

Жайахин – Жүйүт падышасы

8 Жайахин такка отурганда, он сегиз жашта эле, ал Иерусалимде үч ай падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Нехушта, ал иерусалимдик Элнатандын кызы эле.

9 Ал атасындай болуп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

10 Ошол убакта Бабыл падышасы Небухаданасардын кулдары Иерусалимге келип, шаарды курчап алышты.

11 Кулдары шаарды курчап жатканда, Бабыл падышасы Небухаданасар шаарга келди.

12 Жүйүт падышасы Жайахин энеси, кызматчылары, төрөлөрү жана эбнухтары менен Бабыл падышасына багынып берди. Бабыл падышасы шаарды өз падышачылыгынын сегизинчи жылында басып алды.

13 Небухаданасар ал жерден Теңир үйүндөгү жана падыша сарайындагы кымбат баалуу буюмдарды алып кетти. Теңир айткандай, Ысрайыл падышасы Сулайман жасаган Теңирдин ийбадатканасындагы алтын идиштердин баарын талкалады.

14 Ал Иерусалимдин бүт элин, бардык төрөлөрүн, эр жүрөк аскерлерин туткундап кетти. Туткундалып кеткендердин саны он миң эле. Ал бардык жыгач усталарды, темир усталарды туткундап кетти. Ал жерде жарды элден башка эч ким калган жок.

15 Жайахинди ал Бабылга туткундап кетти. Падышанын энесин, аялдарын, эбнухтарын, ал жердин күчтүүлөрүн Иерусалимден Бабылга туткундап кетти.

16 Жети миң аскерин, кол өнөрчүлөрү менен миң куруучусун, согушка жарактуу эр жүрөк адамдарын Бабыл падышасы Бабылга туткундап кетти.

17 Бабыл падышасы Жайахиндин ордуна анын жакын тууганы Матанияны такка отургузуп, атын Ситкия кылып өзгөрттү.

Ситкия – Жүйүт падышасы

18 Ситкия такка отурганда, жыйырма бир жашта эле. Ал Иерусалимде он бир жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Хамутал, ал либналык Жеремиянын кызы болчу.

19 Ал Жайакимге окшоп, бардык нерседе Теңирге жакпаган иштерди кылды.

20 Теңир Жүйүт менен Иерусалимге абдан катуу каарданып, аларды таштап салды. Ситкия Бабыл падышасынан бөлүнүп кетти.

25-БӨЛҮМ

Иерусалимдин курчоого алынышы

1 Бабыл падышасы Небухаданасар өз падышачылыгынын тогузунчу жылынын онунчу айынын онунчу күнү бүт аскери менен Иерусалимге келип, аны курчап, тегерете жал үйдү.

2 Ситкия падышанын падышачылыгынын он биринчи жылына чейин шаар курчоодо турду.

3 Айдын тогузунчу күнү шаарда ачарчылык күчөгөндүктөн, ал жердин элинин жегенге наны жок эле.

4 Шаар басылып алынып, бардык аскерлер түн ичинде падыша багынын жанындагы, эки дубалдын ортосундагы дарбазадан чыгып, качып кетишти. Каздимдер болсо шаарды курчап турушкан, падыша ошол жол менен түздүккө чыгып кетти.

5 Каздим аскерлери падышанын артынан түшүп, аны Жерихо түздүгүндө кууп жетишти. Бүт аскерлери аны таштап, туш-тушка качып кетишти.

6 Падышаны кармап, Бабыл падышасына, Риблага алып кетишти. Анан анын үстүнөн сот жүргүзүштү.

7 Ситкиянын балдарын анын көзүнчө мууздап өлтүрүштү. Ал эми Ситкиянын көзүн оюп, кишендеп, Бабылга алып кетишти.

Ийбадаткананын кыйратылышы

8 Бешинчи айдын жетинчи күнү, башкача айтканда, Бабыл падышасы Небухаданасардын падышачылыгынын он тогузунчу жылында Бабыл падышасынын кызматчысы, сакчылардын башчысы Небузарадан Иерусалимге келди.

9 Ал Теңир үйүн, падыша сарайын, Иерусалимдеги бардык үйлөрдү өрттөдү, бардык чоң үйлөрдү өрттөдү.

10 Сакчылардын башчысы менен келген каздим аскерлери Иерусалимди курчаган дубалдарды бузушту.

11 Шаарда калган элди, Бабыл падышасы тарапка өтүп кеткендерди, калган карапайым элди сакчылардын башчысы Небузарадан туткундап кетти.

12 Сакчылардын башчысы жүзүм багындагы жумуштарга жана жер айдоого ал жердин жарды элинен бир нече кишини гана калтырды.

13 Каздимдер Теңир үйүндөгү жез устундарды, дөңгөлөктүү койгучтарды, жезден жасалган чоң чараны талкалап, алардын жезин Бабылга алып кетишти.

14 Теңир үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу бардык казандарды, калактарды, бычактарды, кашыктарды, жез идиштерди алып кетишти.

15 Сакчылардын башчысы жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөктөрдү, алтындан жана күмүштөн жасалган бардык нерселерди, идиштерди алып кетти.

16 Сулайман Теңир үйүнө жасаткан эки мамыга, чоң чарага, дөңгөлөктүү койгучтарга кеткен жездин салмагы белгисиз болчу.

17 Ар бир мамынын бийиктиги он сегиз чыканак. Башында жез таажы, ал эми таажынын бийиктиги үч чыканак, таажыны курчаган тор менен анарлардын баары жезден болчу. Мамылар ушундай жасалган эле.

Жүйүттөрдүн Бабылга туткундалып кетиши

18 Сакчылардын башчысы башкы ыйык кызмат кылуучу Сераяны, экинчи ыйык кызмат кылуучу Сепанияны, Теңир үйүнүн кире беришинде күзөттө турган үч сакчыны алып кетти.

19 Шаардан аскерлерди башкарган бир эбнухту, падышанын алдында турган беш кишини, ал жердин элин аскерге каттаган башкы катчыны, ошол жердин элинин ичинен шаарда болгон алтымыш кишини алып кетти.

20 Сакчылардын башчысы Небузарадан аларды Риблага, Бабыл падышасына алып кетти.

21 Бабыл падышасы аларды Хамат жеринде, Риблада өлтүрдү. Ошентип, жүйүттөр өз жеринен туткундалып кетишти.

Гедалия – Жүйүт башчысы

22 Бабыл падышасы Небухаданасар Жүйүт жеринде калтырган элге Шапан уулу, Акикам уулу Гедалияны башчы кылып койду.

23 Бардык аскер башчылар жана алардын кишилери Бабыл падышасынын Гедалияны башкаруучу койгонун угушканда, Гедалияга, Миспага келишти, атап айтканда, алар: Нетаниянын уулу Ысмайыл, Карейахтын уулу Жоханан, нетопалык Танхуметтин уулу Серая, маахалык бир кишинин уулу Жазания жана алардын кишилери.

24 Гедалия аларга, алардын кишилерине мындай деп ант берди: «Каздимдердин бийлиги астында болуудан коркпогула, ушул жерде жашай бергиле, Бабыл падышасына кызмат кылгыла, ошондо силерге жакшы болот».

25 Бирок жетинчи айда падыша тукумунан болгон Элишама уулу, Нетания уулу Ысмайыл он киши менен келип, Гедалияны жана Миспада аны менен жүргөн жүйүттөр менен каздимдерди өлтүрүп салды.

26 Ошондо бүт эл, кичинесинен чоңуна чейин, аскер башчылар да Мисирге кетишти, анткени каздимдерден коркушту.

Жайахиндин зындандан чыгарылышы

27 Жүйүт падышасы Жайахиндин туткундалып келгенине отуз жети жыл болгондо, он экинчи айдын жыйырма жетинчи күнү Бабыл падышасы Эбил-Мередах такка отурганына бир жыл болгондо, Жүйүт падышасы Жайахинди зындандан чыгарды.

28 Аны менен жакшы сүйлөштү, анын тактысын Бабылдагы падышалардын тактыларынан жогору койду.

29 Анын зындан кийимдерин алмаштырды. Жайахин өмүрүнүн акырына чейин аныкынан тамактанды.

30 Өмүрүнүн акырына чейин ага Бабыл падышасы Эбил-Мередах тарабынан кам көрүлдү.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz