Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

БИРИНЧИ ЖЫЛНААМА КИТЕБИ

1-БӨЛҮМ

Санжыра. Эйсенин тукуму

1 Адам, Шет, Энош,

2 Кейнан, Маалалел, Жарет,

3 Энох, Матушал, Лемек,

4 Нух, Шейим, Хам жана Жепет.

5 Жепеттин уулдары: Гомер, Магог, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.

6 Гомердин уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.

7 Жабандын уулдары: Элиша, Таршыш, Китим жана Роданим.

8 Хамдын уулдары: Куш, Мисрайым, Пут жана Канаан.

9 Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба менен Дыдан.

10 Куштан ошондой эле Нимрот төрөлдү. Ал жер үстүндө эң күчтүү адам боло баштады.

11 Мисрайимден Лут, Анамим, Леябим, Наптухим,

12 Патрус, Каслухим төрөлдү, алардан пелиштиликтер менен капторлуктар тарады.

13 Канаандан тун уулу Сидон, Хет,

14 Жебус, Амор, Гиргеш,

15 Хиби, Арк, Сини,

16 Арба, Семари жана Хамати төрөлдү.

17 Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам, Ус, Хул, Гетер жана Мешех.

18 Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан Эйбер төрөлдү.

19 Эйберден эки уул төрөлдү: биринин ысымы – Пелек, анткени анын убагында жер бөлүнгөн. Анын бир тууганынын ысымы – Жоктан.

20 Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах,

21 Адорам, Узал, Дикла,

22 Эйбал, Абымайыл, Шеба,

23 Опур, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.

24 Шем, Арпакшат, Шелах,

25 Эйбер, Пелек, Рейу,

26 Серук, Нахор, Терах,

27 Ыбрам (Ыбрайым).

28 Ыбрайымдын уулдары: Ыскак менен Ысмайыл.

29 Булардын санжырасы мындай: Ысмайылдын туну Ныбайот, андан кийин Кейдар, Адбаел, Мипсам,

30 Мишма, Дума, Маса, Хадат, Тейма,

31 Жетур, Напиш жана Кедма. Булар – Ысмайылдын уулдары.

32 Ыбрайымдын күң аялы Кетурадан төрөлгөн уулдар: Зимран, Жокшан, Медан, Мидиан, Жишпах жана Шубах. Жокшандын уулдары: Шеба менен Дедан.

33 Мидиандын уулдары: Эйпа, Эйпер, Ханох, Абида жана Элдаа. Булардын баары – Кетуранын уулдары.

34 Ыбрайымдан Ыскак төрөлдү. Ыскактын уулдары: Эйсап менен Ысрайыл.

35 Эйсаптын уулдары: Элипаз, Ребуел, Жейуш, Жалом жана Корак.

36 Элипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепи, Гатам, Кеназ, Амалык.

37 Ребуелдин уулдары: Нахат, Зерах, Шама жана Миза.

38 Сеирдин уулдары: Лотан, Шобал, Сибон, Ана, Дишон, Эйитсер жана Дишан.

39 Лотандын уулдары: Хори менен Омам. Ал эми Лотандын карындашы Тимна.

40 Шобалдын уулдары: Алыйан, Манахат, Эйбал, Шепо жана Онам. Сибондун уулдары: Айа менен Ана.

41 Ананын уулу – Дишон. Дишондун уулдары: Хамран, Эшпан, Итран менен Керан.

42 Эйитсердин уулдары: Билан, Заабан жана Акан. Дишандын уулдары: Ус менен Аран.

43 Ысрайыл уулдарына падышалар коюлганга чейин Эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар: Бейордун уулу Бела, ал жашаган шаардын аты – Динаба.

44 Бела көз жумуп, анын ордуна Ботсрадан чыккан Зерахтын уулу Жобап падышачылык кылды.

45 Жобап көз жумуп, анын ордуна теймандыктардын жеринен чыккан Хушам падышачылык кылды.

46 Хушам көз жумуп, анын ордуна Маап талаасында мидиандарды кырган Быдаттын уулу Адат падышачылык кылды. Анын шаарынын аты – Абыт.

47 Адат көз жумуп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падышачылык кылды.

48 Самла көз жумуп, анын ордуна дарыя боюндагы Рехоботтон чыккан Шабул падышачылык кылды.

49 Шабул көз жумуп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падышачылык кылды.

50 Баал-Канан көз жумуп, анын ордуна Хадар падышачылык кылды. Анын шаарынын аты – Пайы. Анын аялынын аты – Мейтабел, ал – Матрейданын кызы, Матрейда – Мей-Зааптын кызы.

51 Хадар көз жумуп, Эдомду башчылар башкарды: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,

52 Олибама башчы, Эйла башчы, Пинон башчы,

53 Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,

54 Магдиел башчы, Ирам башчы. Эдомдуктардын башчылары мына ушулар.

2-БӨЛҮМ

Жакып менен Жүйүттүн тукуму

1 Ысрайылдын уулдары булар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Забулун,

2 Дан, Жусуп, Бенжемин, Напталы, Гат жана Ашыр.

3 Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан жана Шило. Бул үч уулу канаандык Шуйинин кызынан төрөлгөн. Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жаккан эмес, ошондуктан Ал аны өлтүрүп салган.

4 Келини Тамар ага Перес менен Зеракты төрөп берди. Жүйүттүн бардыгы болуп беш уулу болгон.

5 Перестин уулдары: Хесрон менен Хамул.

6 Зерактын уулдары: Зимри, Эйтан, Эйман, Калкол жана Дара. Бардыгы болуп бешөө.

7 Карминин уулу – Ахар (Ахан), ал Кудайга арналган буюмдарды алып, Ысрайылдын башына мүшкүл түшүргөн.

8 Эйтандын уулу – Азария.

9 Хесрондун уулдары: Жерахмейел, Рам жана Хелубай.

10 Рамдан Аминадап төрөлдү. Аминадаптан Жүйүт уулдарынын төрөсү Нахшон төрөлдү.

11 Нахшондон Салмон төрөлдү. Салмондон Бууз төрөлдү.

12 Бууздан Обейт төрөлдү. Обейттен Жышай төрөлдү.

13 Жышайдын тун баласы – Элийап, экинчи уулу – Аминадап, үчүнчүсү – Шима,

14 төртүнчүсү – Натанаел, бешинчиси – Радай,

15 алтынчысы – Отсем, жетинчиси – Дөөт.

16 Булардын карындаштары: Серуя менен Абигейил. Серуянын үч уулу: Абышай, Жойап жана Асаел.

17 Абигейил Амасаны төрөдү. Амасанын атасы ысмайылдык Жетер болгон.

18 Хесрондун уулу Калептин Жерийоттун кызы Азубадан төрөлгөн уулдары: Жейшер, Шобап жана Ардон.

19 Азуба көз жумгандан кийин, Калеп Эпратка үйлөндү, ал Хурду төрөп берди.

20 Хурдан Ури төрөлдү. Уриден Бетселел төрөлдү.

21 Андан кийин Хесрон алтымыш жашка келгенде, Гилаттын атасы Махирдин кызын алды. Ал ага Сегупту төрөп берди.

22 Сегуптан Жайыр төрөлдү, Гилат жеринде анын жыйырма үч шаары болгон.

23 Бирок гешурлар менен сириялыктар Жайырдын кыштактарын, Кенат шаарын жана ага караштуу алтымыш шаарды каратып алышты. Бул шаарлардын бардыгы Гилаттын атасы Махирдин уулдарыныкы болгон.

24 Хесрон Калеп-Эфратада көз жумду. Ал өлгөндөн кийин, анын аялы Абия ага Текоянын атасы Ашкурду төрөп берди.

25 Хесрондун тун уулу Жерахмейелдин уулдары: Рам, бул – туну, артынан Буна, Орен, Отсем жана Акия төрөлдү.

26 Жерахмейелдин дагы бир аялы болгон, анын аты Атара эле, ал – Онамдын энеси.

27 Жерахмейелдин тун уулу Рамдын уулдары: Маас, Жамин жана Эйкер.

28 Онамдын уулдары: Шамай менен Жада. Шамайдын уулдары: Надап менен Абышур.

29 Абышурдун аялынын аты – Абикейил. Ал ага Акбан менен Молидди төрөп берди.

30 Надаптын уулдары: Селет менен Апайым. Селет бала көрбөй өттү.

31 Апайымдын уулу – Жиши, Жишинин уулу – Шейшан, Шейшандын уулу – Аклай.

32 Шамайдын бир тууганы Жаданын уулдары: Жетер менен Жонатан. Жетер бала көрбөй өттү.

33 Жонатандын уулдары: Пелет менен Заза. Булар – Жерахмейелдин уулдары.

34 Шейшандын эркек балдары болгон эмес, кызы гана болгон. Шейшандын мисирлик кулу бар эле, аты Жарха болчу.

35 Шейшан өз кызын ошол кулу Жархага аялдыкка берди. Ал ага Атайды төрөп берди.

36 Атайдан Натан төрөлдү. Натандан Забат төрөлдү.

37 Забаттан Эплал төрөлдү. Эплалдан Обейт төрөлдү.

38 Обейттен Жейу төрөлдү. Жейудан Азария төрөлдү.

39 Азариядан Хелез төрөлдү. Хелезден Элас төрөлдү.

40 Эластан Сисемай төрөлдү. Сисемайдан Шалум төрөлдү.

41 Шалумдан Жекамия төрөлдү. Жекамиядан Элишама төрөлдү.

42 Жерахмейелдин бир тууганы Калептин уулдары: Мейша, ал – тун баласы, Зуптун атасы. Калептин уулу – Марейша, Марейшанын уулу – Хеброн.

43 Хеброндун уулдары: Корак, Тапуах, Рекем жана Шема.

44 Шемадан Жоркеямдын атасы Рахам төрөлдү. Ал эми Рекемден Шамай төрөлдү.

45 Шамайдын уулу – Маон. Маон – Бейт-Сурдун атасы.

46 Калептин күң аялы Эйпа Харанды, Мотсаны жана Газести төрөдү. Харандан Газес төрөлдү.

47 Жадайдын уулдары: Регем, Жотам, Гейшан, Пелет, Эйпа жана Шаап.

48 Калептин күң аялы Мааха Шебер менен Тирханды төрөдү.

49 Ал Мадмананын атасы Шаапты, Махбейнанын атасы Шебаны жана Гибанын атасын да төрөдү. Калептин кызы – Акса.

50 Калептин уулдары мына булар: Эпраттан төрөлгөн тун баласы – Хур, Кирийат-Жейаримдин атасы – Шобал.

51 Бейт-Лехемдин атасы – Салма. Бейт-Гадейирдин атасы – Хареп.

52 Кирийат-Жейаримдин атасы Шобалдын уулдары: Аройе, менухоттордун жарымы.

53 Кирийат-Жейаримдин уруулары: житриликтер, путтуктар, шуматтыктар жана мишрайлыктар. Булардан соралыктар менен эштаулдуктар тараган.

54 Салманын уулдары: Жаабап тукумунун таажысы болгон бейт-лехемдиктер менен нетопалыктар, манахиттердин жарымын түзгөн соралыктар,

55 Жабесте жашаган сопереттиктердин уруулары: тирликтер, шимейликтер, сухаттыктар. Булар – Бейт-Рейкаптын атасы Хаматтан тараган кейниликтер.

3-БӨЛҮМ

Дөөттүн тукуму. Жүйүт падышалары

1 Дөөттүн Хеброндо төрөлгөн уулдары булар: тун уулу – Амнон, ал изрейелдик аялы Акинаамдан төрөлгөн; экинчи уулу – Даниел, ал кармелдик аялы Абигейилден төрөлгөн;

2 Yчүнчү уулу – Абышалом, ал Гешур падышасы Талмайдын кызы Маахадан төрөлгөн; төртүнчү уулу – Адония, ал Кагыттан төрөлгөн;

3 Бешинчи уулу – Шепатия, ал Абыталдан төрөлгөн; алтынчы уулу – Житреям, ал Эгладан төрөлгөн.

4 Анын бул алты уулу Хеброндо төрөлгөн. Ал жерде ал жети жыл, алты ай падышачылык кылган. Отуз үч жыл Иерусалимде падыша болгон.

5 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдары булар: Шима, Шобап, Натан, Сулайман. Бул төртөө Амиелдин кызы Бат-Шебадан төрөлгөн.

6 Дөөттүн дагы тогуз уулу болгон: Жибхар, Элишама, Элипелет,

7 Нога, Непек, Жапия,

8 Элишама, Элийада жана Элипелет.

9 Булар – Дөөттүн күң аялдарынан төрөлгөн уулдарынан тышкаркы уулдары. Тамар алардын карындашы болгон.

10 Сулаймандын уулу – Рехабам. Рехабамдын уулу – Абиям. Абиямдын уулу – Аса. Асанын уулу – Жошапат.

11 Жошапаттын уулу – Жорам. Жорамдын уулу – Ахазай. Ахазайдын уулу – Жааш.

12 Жааштын уулу – Аматсия. Аматсиянын уулу – Азария. Азариянын уулу – Жотам.

13 Жотамдын уулу – Ахаз. Ахаздын уулу – Хиския. Хискиянын уулу – Менаше.

14 Менашенин уулу – Амон. Амондун уулу – Жошия.

15 Жошиянын уулдары: туну – Жаахаз, экинчиси – Жайаким, үчүнчүсү – Ситкия, төртүнчүсү – Шалум.

16 Жайакимдин уулдары: Жайахин, Жайахиндин уулу – Ситкия.

17 Жайахиндин уулдары: Асир, Асирдин уулу – Шалтиел;

18 Малкирам, Педая, Шенатсар, Жекамия, Ошама жана Недабия.

19 Педаянын уулдары: Зоробабыл менен Шимей. Зоробабылдын уулдары болсо: Мешулам менен Ханания, алардын карындашы – Шеломит,

20 Зоробабылдын дагы беш уулу болгон: Хашуба, Ойел, Берекия, Хасадия жана Жушап-Хесет.

21 Хананиянын уулдары: Пелатия менен Ышайа. Анын уулу – Репая, анын уулу – Арнан, анын уулу – Обадия, анын уулу – Шехания,

22 Шеханиянын уулу – Шемая. Шемаянын уулдары: Хатуш, Игал, Бариах, Неярия жана Шапат – алтоо.

23 Неяриянын уулдары: Элийойнай, Хиския жана Азрикам – үчөө.

24 Элийойнайдын уулдары: Одабия, Элийашип, Пелая, Акуп, Жоханан, Делая жана Анани – жетөө.

4-БӨЛҮМ

Жүйүт менен Шымондун тукуму

1 Жүйүттүн уулдары: Перес, Хесрон, Карми, Хур жана Шобал.

2 Шобалдын уулу Рейайдан Жахат төрөлдү. Жахаттан Акумай жана Лаада төрөлдү. Алардан Сора уруулары тарады.

3 Эйтамдын уулдары булар: Изрейел, Жишма, Житпаш, булардын карындашынын ысымы – Атселелпони.

4 Гедордун атасы – Пенуел, Куштун атасы – Эйзер. Булар – Бейт-Лехемдин атасы Эпраттын туну Хурдун уулдары.

5 Текоянын атасы Ашкурдун Хела жана Наара деген эки аялы болгон.

6 Наара ага Акузамды, Хейперди, Тейменини жана Акаштарды төрөп берди. Булар – Нааранын уулдары.

7 Хеланын уулдары: Серет, Сохар жана Этнан.

8 Кутустан Ануп, Собеп төрөлдү. Кутус – Харумдун уулу Акархелден тараган уруулардын да атасы.

9 Жабес өз бир туугандарынын атактуусу болгон. Энеси: «Мен муну ооруп төрөдүм», – деп, атын Жабес койгон.

10 Жабес Ысрайылдын Кудайына мындай деп кайрылды: «Мага Өзүңдүн батаңды бер, менин жеримди кеңейт, Сенин колуң мени менен болсун, кайгы тартпашым үчүн, жамандыктан сакта!» Кудай анын сураганын берди.

11 Шуханын бир тууганы Хелуптан Мехир төрөлдү. Ал Эштонанын атасы болду.

12 Эштонадан Бейт-Рапа, Пасейах жана Нахаш шаарынын атасы Техина төрөлдү. Булар – Рейханын тургундары.

13 Кеназдын уулдары: Отниел жана Серая. Отниелдин уулу – Хатат.

14 Мейонотайдан Опра төрөлдү, Сераядан Жойап төрөлдү. Жойап өрөөндө жашаган жыгач усталардын уруу башчысы болгон, анткени алар жыгач усталар эле.

15 Жепундун уулу Калептин уулдары: Ир, Эйла жана Наам. Эйланын уулу – Кеназ.

16 Жейелелейдин уулдары: Зуп, Зипа, Тирея жана Асарел.

17 Эзранын уулдары: Жетер, Мерет, Эйпер жана Жалон. Жетерден болсо Мириям, Шамай жана Эштемоанын атасы Жишпах төрөлдү.

18 Анын аялы Жейудей Гедордун атасы Жеретти, Сохонун атасы Хеберди, Заноахтын атасы Жекутиелди төрөдү. Мереттин аялы, фараон кызы Бития да уулдарды төрөп берген.

19 Кеиланын атасы Нахамдын эжеси Одиянын аялы эле, андан төрөлгөн уулдар: маахалык Гармы менен Эштемоа.

20 Шымондун уулдары: Амнон, Рина, Бен-Канан жана Тилон. Жишинин уулдары: Зохет менен Бен-Зохет.

21 Жүйүттүн уулу Шилонун уулдары: Леханын атасы Эйир, Марейшанын атасы Лада жана Ашбеянын тукумунан чыккан кездеме токуучу уруулар.

22 Жоким менен Хозейбанын тургундары, Жааш менен Сарап Маапты жана Жашуп-Лекемди башкарып келишкен. Булардын бардыгы байыркы заманда болгон.

23 Алар карапачылар болушкан. Нетайим менен Гедерада жашап, падышанын жумушун кылышкан.

24 Шымондун уулдары: Немуел, Жамин, Жарип, Зерах жана Шабул.

25 Шабулдун уулу – Шалум, Шалумдун уулу – Мипсам, Мипсамдын уулу – Мишма.

26 Мишманын уулдары: Хамуел, Закур, Шимей.

27 Шимейдин он алты уулу жана алты кызы болгон. Анын бир туугандарынын уулдары аз эле, алардын бүтүн уруусу Жүйүт уулдарындай көп эмес эле.

28 Алар Бейер-Шебада, Моладада, Хатсар-Шуалда,

29 Билада, Этсемде, Толатта,

30 Бетуелде, Хормада, Сыклакта,

31 Бейт-Маркаботто, Хатсар-Сусимде, Бейт-Бириде жана Шаарайымда жашашкан. Дөөт падыша болуп, бийлик кылганга чейин алардын жашаган шаарлары мына ушулар.

32 Алардын айыл-кыштактары: Эйтам, Айын, Римон, Тохен жана Ашан – бешөө.

33 Алардын Баалга чейин созулуп жаткан айыл-кыштактары ушулар. Алардын жашаган жерлери жана санжырасы ушул.

34 Мешобап, Жамлек жана Аматсиянын уулу Жоша,

35 Жоел жана Асиелдин уулу, Сераянын уулу, Жошибиянын уулу Жейу.

36 Элийойнай, Жакып, Жешохая, Асая, Адиел, Жесимиел жана Беная,

37 Шемаянын уулу, Шимринин уулу, Жедаянын уулу, Алондун уулу, Шипинин уулу Зиза.

38 Бул аталгандар өз урууларынын төрөлөрү болгон жана булардын аталарынын тукуму көп урууларга бөлүнүп кеткен.

39 Булар өз малдарына жайыт табыш үчүн, Герарга чейин жана өрөөндүн күн чыгышына чейин барышкан.

40 Алар оттуу жайыттарды, жакшы конуштарды, кенен жерлерди, коопсуз, тынч өрүштөрдү таап жайланышкан, анткени аларга чейин ал жерлерде бир азыраак гана хамдыктар жашашкан.

41 Аттары жазылган ушул кишилер Жүйүт падышасы Хиския башкарып турган күндөрдө келишип, ал жерлерде отурукташкандарды да, көчүп жүргөндөрдү да талкалап, биротоло жок кылып, алардын ордуна отурукташып калышты. Анткени ал жерлерде алардын малдары үчүн жайыт бар эле.

42 Алардын арасынан, Шымондун уулдарынан Сеир тоосуна беш жүз адам барган. Алардын башында Жишинин уулдары Пелатия, Неярия, Репая жана Узиел турган.

43 Алар ал жердеги амалыктыктардын аман калгандарын кырып салышкан. Алар ушул кезге чейин ал жерде жашашат.

5-БӨЛҮМ

Рубейиндин, Гаттын, Менашенин жана Лебинин тукуму

1 Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары (Рубейин Ысрайылдын тун уулу болгон, бирок ал өз атасынын төшөгүн булгагандыктан, анын тунгучтугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген, ал санжырага тунгуч болуп жазылган эмес.

2 Жүйүт өз бир туугандарынан алда канча күчтүү болсо да, анын уруусунан жол башчы чыкса да, тунгучтук Жусупка ыйгарылган эле).

3 Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Хесрон жана Карми.

4 Жоелдин уулдары: Шемая, Шемаянын уулу – Гок, Гоктун уулу – Шимей,

5 Шимейдин уулу – Миха, Миханын уулу – Рейай, Рейайдын уулу – Баал,

6 Баалдын уулу – Бейра, аны Ашур падышасы Тиглат-Пилесер туткундап кеткен. Ал рубейиндиктердин төрөсү болгон.

7 Уруулары боюнча, санжырасы боюнча анын бир туугандары: биринчиси – Жейел, анан Захария менен Бела.

8 Бела – Азаздын уулу, Азаз – Шеманын уулу, Шема – Жоелдин уулу. Ал Небо менен Баал-Мейонго чейин жаткан Аройерде жашаган.

9 Чыгышта болсо ал Эфрат дарыясынан бери жаткан чөлгө чейинки жерлерде жашаган, анткени Гилат жеринде алардын малы өтө көп болчу.

10 Шабулдун доорунда алар агрылыктар менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан алар Гилаттын чыгыш тарабында, агрылыктардын чатырларында жашап калышкан.

11 Гаттын уулдары алардын каршысында, Башан жеринде Салхага чейин жайгашышкан.

12 Башанда Жоел башчы болгон, Шапам экинчи, андан соң Жаанай менен Шапат турган.

13 Алардын бир туугандарынан жети уруу тараган: Михаел, Мешулам, Шеба, Жорай, Жаакан, Зия жана Эйбер.

14 Булар – Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары. Хури – Жаройахтын уулу, Жаройах – Гилаттын уулу, Гилат – Михаелдин уулу, Михаел – Жешишайдын уулу, Жешишай – Жахдонун уулу, Жахдо – Бузанын уулу.

15 Абдиелдин уулу Аки өз уруусунун башчысы болгон. Абдиел – Гунинин уулу.

16 Алар Гилатта, Башанда жана анын карамагындагы шаарларда, Шарондун бардык аймактарынын четине чейин жайгашышкан.

17 Булардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын жана Ысрайыл падышасы Жаробамдын тушунда каттоого кирген.

18 Рубейин менен Гат уулдарынан, Менашенин жарым уруусунан калкан жана кылыч көтөргөн, жаа тарткан, согушууга үйрөтүлүп, майданга аттанган жоокерлердин саны кырк төрт миң жети жүз алтымыш болду.

19 Алар агрылыктар менен, Жетур менен, Напиш менен, Нодап менен согушкан.

20 Алар агрылыктар менен согушканда, жардам берилди, ошондо алардын колуна агрылыктар да, алардын бардык нерселери да салынып берилди. Анткени согуш учурунда алар Кудайга жалынышты, жардам сурашты. Ага таянышкандыктан, Ал аларды укту.

21 Алар агрылыктардын элүү миң төөсүн, эки жүз элүү миң майда жандыгын, эки миң эшегин, жүз миң адамын туткундап кетишти.

22 Бул салгылашуу Кудайдан болгондуктан, өлтүрүлгөндөр өтө көп эле. Өздөрү туткундалып кеткенче, алардын жеринде жашап турушту.

23 Менашенин жарым уруусунан тараган уруулар ошол жерде Башандан тартып Баал-Хермонго – Сенирге (Хермон тоосуна) чейин жайгашышкан. Алар да өтө көп болгон.

24 Алардын урууларынын уруу башчылары мына булар: Эйпер, Жиши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия жана Жахдиел. Булар күч-кубаттуу, атактуу адамдар болгон, өз урууларын башкарып турган.

25 Бирок алар өз ата-бабаларынын Кудайына каршы күнөө кылышты, Кудай алардын алдынан кууп чыккан ал жердеги элдердин кудайларына табынып кетишти.

26 Ошондо Ысрайыл Кудайы Ашур падышасы Пулдун рухун жана Ашур падышасы Тиглат-Пилесердин рухун козгоду. Ал рубейиндиктер менен гаттыктарды жана Менашенин жарым уруусун туткундап, Халах менен Хаборго, Арага жана Гозан дарыясына алып кетти. Алар ошол жерлерде бүгүнкү күнгө чейин жашашат.

6-БӨЛҮМ

Леби менен Арундун тукуму

1 Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

2 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.

3 Амрамдын уулдары: Арун, Муса жана Мириям. Арундун уулдары: Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.

4 Элазардан Пинехас төрөлдү. Пинехастан Абышуа төрөлдү.

5 Абышуадан Буки төрөлдү. Букиден Уззи төрөлдү.

6 Уззиден Зерахия төрөлдү. Зерахиядан Мерайот төрөлдү.

7 Мерайоттон Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.

8 Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Акимаас төрөлдү.

9 Акимаастан Азария төрөлдү. Азариядан Жаканан төрөлдү.

10 Жаканандан Азария төрөлдү. Ал – Иерусалимдеги Сулайман тургузган ийбадатканада ыйык кызмат кылуучу болгон киши.

11 Азариядан Амария төрөлдү. Амариядан Акитуп төрөлдү.

12 Акитуптан Садок төрөлдү. Садоктон Шалум төрөлдү.

13 Шалумдан Хилкия төрөлдү. Хилкиядан Азария төрөлдү.

14 Азариядан Серая төрөлдү. Сераядан Жетсадак төрөлдү.

15 Теңир жүйүттөрдү жана иерусалимдиктерди Небухаданасардын колуна салып бергенде, Жетсадак туткунга түшүп кеткен.

16 Ошентип, Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

17 Гейиршон уулдарынын ысымдары булар: Либни жана Шимей.

18 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел.

19 Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Уруулары боюнча Леби тукуму мына ушулар.

20 Гейиршондун уулдары: Гейиршондун уулу – Либни, Либнинин уулу – Жахат, Жахаттын уулу – Зима,

21 Зиманын уулу – Жаах, Жаахтын уулу – Идо, Идонун уулу – Зерах, Зерахтын уулу – Жейатрай.

22 Кааттын уулдары: Кааттын уулу – Аминадап, Аминадаптын уулу – Корак, Корактын уулу – Асир,

23 Асирдин уулу – Элкана, Элкананын уулу – Эбийасап, Эбийасаптын уулу – Асир,

24 Асирдин уулу – Тахат, Тахаттын уулу – Уриел, Уриелдин уулу – Узия, Узиянын уулу – Шабул.

25 Элкананын уулдары: Амасай менен Акимот.

26 Акимоттун уулу – Элкана, Элкананын уулу – Сопай, Сопайдын уулу – Нахат,

27 Нахаттын уулу – Элийап, Элийаптын уулу – Жерохам, Жерохамдын уулу – Элкана.

28 Шемуелдин уулдары: туну – Жоел, экинчиси – Абия.

29 Мераринин уулдары: Мераринин уулу – Махли, Махлинин уулу – Либни, Либнинин уулу – Шимей, Шимейдин уулу – Уза,

30 Узанын уулу – Шима, Шиманын уулу – Хагыя, Хагыянын уулу – Асая.

31 Теңир үйүнө мыйзам сандыкты койгондон кийин Дөөт ырчыларга койгон башчылар ушулар.

32 Сулайман Иерусалимде Теңир үйүн тургузганга чейин, булар жыйын чатырында ырчылык кызматын аткарышкан. Алар өздөрүнө берилген көрсөтмө боюнча кызмат кылышкан.

33 Өз уулдары менен бирге бул кызматта тургандар мына булар: Кааттын уулдарынан – Эйман ырчы, ал – Жоелдин уулу, Жоел – Шемуелдин уулу,

34 Шемуел – Элкананын уулу, Элкана – Жерохамдын уулу, Жерохам – Элиелдин уулу, Элиел – Тойахтын уулу,

35 Тойах – Зуптун уулу, Зуп – Элкананын уулу, Элкана – Махаттын уулу, Махат – Амасайдын уулу,

36 Амасай – Элкананын уулу, Элкана – Жоелдин уулу, Жоел – Азариянын уулу, Азария – Сепаниянын уулу,

37 Сепания – Тахаттын уулу, Тахат – Асирдин уулу, Асир – Абыйасаптын уулу, Абыйасап – Корактын уулу,

38 Корак – Житсардын уулу, Житсар – Кааттын уулу, Каат – Лебинин уулу, Леби – Ысрайылдын уулу.

39 Анын оң жагында тууганы Асап турган. Ал – Берекиянын уулу, Берекия – Шиманын уулу,

40 Шима – Михаелдин уулу, Михаел – Баасеянын уулу, Баасея – Малкиянын уулу,

41 Малкия – Жепуненин уулу, Жепуне – Зерахтын уулу, Зерах – Адаянын уулу,

42 Адайа – Эйтандын уулу, Эйтан – Зиманын уулу, Зима – Шимейдин уулу,

43 Шимей – Жахаттын уулу, Жахат – Гейиршондун уулу, Гейиршон – Лебинин уулу.

44 Мераринин уулдарынан, анын сол тарабында тууганы Эйтан турду, ал – Кишинин уулу, Киши – Обадиянын уулу, Обадия – Малухтун уулу,

45 Малух – Хашабиянын уулу, Хашабия – Аматсиянын уулу, Аматсия – Хилкиянын уулу,

46 Хилкия – Амисийдин уулу, Амисий – Банинин уулу, Бани – Шемердин уулу,

47 Шемер – Махлинин уулу, Махли – Мушинин уулу, Муши – Мераринин уулу, Мерари – Лебинин уулу.

48 Алардын леби бир туугандары Кудайдын үйүндө ар кандай кызматка бекитилген.

49 Кудай Өзүнүн кулу Муса аркылуу осуяттагандай, ысрайылдыктарды бардык жагынан тазалоо үчүн, Арун жана анын уулдары курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайда жыпар жыттуу заттарды түтөтүп турушчу, ыйыктын ыйыгында ар кандай ыйык кызматтарды аткарышчу.

50 Арундун уулдары булар: Арундун уулу – Элазар, Элазардын уулу – Пинехас, Пинехастын уулу – Абыйут,

51 Абыйуттун уулу – Буки, Букинин уулу – Узи, Узинин уулу – Зерахия,

52 Зерахиянын уулу – Мерайот, Мерайоттун уулу – Амария, Амариянын уулу – Акитуп,

53 Акитуптун уулу – Садок, Садоктун уулу – Акимаас.

Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге берилген шаарлар

54 Алар жашаган шаарлар жана алардын тегерегиндеги айыл-кыштактар: Каат уруусундагы Арундун уулдарына өкчөмө таш ыргытканда тийген жерлер:

55 Жүйүт жериндеги Хеброн шаары жана анын тегерегиндеги жерлер.

56 Бул шаардын талаасы менен айыл-кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.

57 Арундун уулдарына дагы баш калкалай турган шаарларды: Хебронду жана Либнаны чет-жакаларындагы жерлери менен, Жатирди жана Эштемоаны чет-жакасындагы жерлери менен,

58 Хилейинди чет-жакасы менен, Дебирди чет-жакасы менен,

59 Ашанды чет-жакасы менен, Бейт-Шемешти чет-жакасы менен беришти.

60 Ал эми Бенжемин уруусунан Гебаны жана анын чет-жакасын, Алеметти жана анын чет-жакасын, Анатотту жана анын чет-жакасын беришти. Алардын урууларына бардыгы болуп он үч шаар берилди.

61 Ушул уруудагы үй-бүлөлөрдүн ичинен Кааттын калган уулдарына Менашенин жарым уруусунан өкчөмө таш боюнча он шаар берилди.

62 Гейиршондун уулдарынан тараган урууларга Исахар уруусунан, Ашыр уруусунан, Напталы уруусунан жана Башандагы Менаше уруусунан он үч шаар берилди.

63 Мераринин уулдарынан тараган урууларга Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан өкчөмө таш боюнча он эки шаар берилди.

64 Ысрайыл уулдары лебилерге шаарларды жана чет-жакасындагы жерлерди ушинтип бөлүштүрүштү.

65 Алар өкчөмө таш ыргытып, Жүйүт уулдарынан тараган уруулардан, Шымон уулдарынан тараган уруулардан жана Бенжеминдин уулдарынан тараган уруулардан аттары аталган ушул шаарларды беришти.

66 Каат уулдарынын кайсы бир урууларына Эпрайым уруусунан шаарлар берилди.

67 Аларга баш калкалай турган шаарларды: Эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын чет-жакасын, Гезер шаарын жана анын чет-жакасын,

68 Жокмеямды жана анын чет-жакасын, Бейт-Коронду жана анын чет-жакасын,

69 Айалонду жана анын чет-жакасын, Гат-Римонду жана анын чет-жакасын беришти.

70 Менашенин жарым уруусунан Анейерди жана анын чет-жакасын, Биланды жана анын чет-жакасын беришти. Бул жерлер Кааттын калган урууларына берилди.

71 Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусунан Башандагы Голанды жана анын чет-жакасын, Аштаротту жана анын чет-жакасын беришти.

72 Исахар уруусунан Кедешти жана анын чет-жакасын, Дабератты жана анын чет-жакасын,

73 Рамотту жана анын чет-жакасын, Анейемди жана анын чет-жакасын;

74 Ашыр уруусунан Машалды жана анын чет-жакасын, Абдонду жана анын чет-жакасын,

75 Хукокту жана анын чет-жакасын, Рехопту жана анын чет-жакасын;

76 Напталы уруусунан Галилеядагы Кедешти жана анын чет-жакасын, Хамонду жана анын чет-жакасын, Кирийатайимди жана анын чет-жакасын беришти.

77 Ал эми Мераринин калган уулдарына Забулун уруусунан Римонду жана анын чет-жакасын, Таборду жана анын чет-жакасын беришти.

78 Рубейин уруусунан Иордандын аркы бетиндеги Иордандан чыгышка карай кеткен Жерихонун каршысындагы чөлдөгү Бетсерди жана анын чет-жакасын, Жаасты жана анын чет-жакасын,

79 Кедемотту жана анын чет-жакасын, Мейпаатты жана анын чет-жакасын беришти.

80 Гат уруусунан Гилат жериндеги Рамотту жана анын чет-жакасын, Маханайимди жана анын чет-жакасын,

81 Кешпонду жана анын чет-жакасын, Жазерди жана анын чет-жакасын беришти.

7-БӨЛҮМ

Ысрайылдын калган урууларынын тукуму

1 Исахардын уулдары: Пуя, Тола, Жашуп жана Шимрон – төртөө.

2 Толанын уулдары: Узи, Репая, Жериел, Жахмай, Жипсам жана Шемуел. Алар Толанын уруу башчылары болушкан. Алардын урууларындагы адамдар жоокерлер эле. Алардын саны Дөөттүн убагында жыйырма эки миң алты жүзгө жеткен.

3 Узинин уулу – Жизрахия. Ал эми Жизрахиянын уулдары: Михаел, Обадия, Жоел жана Жишия – бешөө. Булардын бардыгы башчылар болгон.

4 Алардын урууларында согушка даяр турган отуз алты миң жоокери болгон. Анткени алар көп аял алгандыктан, уулдары көп болгон.

5 Алардын бир туугандары болгон Исахардын урууларындагы жоокер адамдардын санжырага киргендеринин саны сексен жети миң.

6 Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Жедийаел – үчөө.

7 Беланын уулдары: Эспон, Узи, Узиел, Жеримот жана Ири – бешөө. Уруу башчылары жоокер адамдар болгон. Алардын санжырага киргендеринин саны жыйырма эки миң отуз төрт.

8 Бехердин уулдары: Земира, Жааш, Элиезер, Элийойнай, Омри, Жереймот, Абия, Анатот жана Алемет. Булардын баары – Бехердин уулдары.

9 Санжырасында алардын уруулары боюнча, урууларга башчылык кылган жоокер адамдары жыйырма миң эки жүз болуп катталган.

10 Жедийаелдин уулу – Билан. Биландын уулдары: Жейуш, Бенжемин, Эйут, Кенаана, Зейтан, Таршыш жана Акишакар.

11 Жедийаелдин ушул уулдары уруулардын башында турган жоокер адамдар болгон. Согушка чыга тургандары он жети миң эки жүз эле.

12 Шупим жана Хупим – Ирдин уулдары. Хушим – Ахейирдин уулу.

13 Напталынын уулдары: Жахсиел, Гуни, Жетсер жана Шалум. Булар – Биладан төрөлгөн уулдары.

14 Менашенин уулдары: Асриел жана Гилаттын атасы Махир. Буларды рамдык күң аялы төрөгөн.

15 Махир Хупим менен Шупимдин карындашына үйлөнгөн, алардын карындашынын ысымы – Мааха. Дагы башка уулунун ысымы – Салапат. Салапаттын кыздары гана болгон.

16 Махирдин аялы Мааха уул төрөп, ысымын Переш койду, анын бир тууганынын ысымы – Шереш. Анын уулдары: Улам менен Рекем.

17 Уламдын уулу – Бедан. Булар – Гилаттын уулдары. Гилат – Махирдин уулу, Махир – Менашенин уулу.

18 Анын карындашы Амолехет Ишоданы, Абиезерди жана Махланы төрөгөн.

19 Шемиттин уулдары: Ахийан, Шехем, Лики жана Аниям.

20 Эпрайымдын уулдары: Шуталах, Беред, Тахат, Элат, Тахат, Забат,

21 Шутелах, Эзер жана Элат. Эпрайымдын уулдарын Гаттын тургундары өлтүрүп салышкан, анткени алар гаттыктардын малын тартып алганы барышкан.

22 Алардын атасы Эпрайым уулдарын жоктоп, көп күн аза күттү. Бир туугандары аны соороткону келишти.

23 Анан ал өз аялына жакындады. Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Атасы баланын ысымын Берия койду, анткени анын үйүнө мүшкүл түшкөн эле.

24 Анын Шейера деген кызы болгон. Ал кыз төмөнкү жана жогорку Бейт-Корон менен Узейин-Шейераны курду.

25 Эпрайымдын уулу – Репай, Репайдын уулу – Решеп, Решептин уулу – Телах, Телахтын уулу – Тахан,

26 Тахандын уулу – Ладан, Ладандын уулу – Амийут, Амийуттун уулу – Элишама,

27 Элишаманын уулу – Нун, Нундун уулу – Жашыя.

28 Алар ээлеген, алар турган жерлер: Бейтел жана анын карамагындагы шаарлар; чыгыш жактагы Нааран, батыш жактагы Гезер жана анын карамагындагы шаарлар; Шекем жана анын карамагындагы шаарлар, Аза жана анын карамагындагы шаарлар.

29 Ал эми Менашенин уулдары Бейт-Шейанды жана анын карамагындагы шаарларды, Таанахты жана анын карамагындагы шаарларды, Мегидону жана анын карамагындагы шаарларды, Дорду жана анын карамагындагы шаарларды ээлешкен. Ал шаарларда Ысрайыл уулу Жусуптун уулдары жашап турушкан.

30 Ашырдын уулдары: Имна, Жишпа, Жишпи менен Берия, булардын карындашы Серак болгон.

31 Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел. Малкиел – Бирзайиттин атасы.

32 Хеберден Жаплет, Шомер, Хотам жана алардын карындашы Шуя төрөлдү.

33 Жаплеттин уулдары: Пасах, Бимал жана Ашбат. Булар – Жаплеттин уулдары.

34 Шемердин уулдары: Аки, Рага, Хуба жана Рам.

35 Анын бир тууганы Эйлемдин уулдары: Сопах, Имна, Шейлеш жана Амал.

36 Сопахтын уулдары: Субах, Харнепер, Шубал, Бейри, Жимра,

37 Бетсер, От, Шама, Шилша, Житран жана Бейра.

38 Жетердин уулдары: Жепун, Писпа жана Ара.

39 Уланын уулдары: Арах, Ханиел жана Ритсия.

40 Булардын баары – Ашырдын уулдары, уруу башчылары, тандалган жоокер адамдары, башкы жетекчилери. Алардын санжырасына кирген, согушка даяр жоокерлердин саны жыйырма алты миң.

8-БӨЛҮМ

Бенжеминдин тукуму. Шабул

1 Бенжеминден тун уулу Бела, экинчи уулу Ашбел, үчүнчү уулу Акрак,

2 төртүнчү уулу Нох, бешинчи уулу Рапа төрөлдү.

3 Беланын уулдары: Адар, Гейра, Абыйут,

4 Абышуа, Нааман, Акойак,

5 Гейра, Шепупан жана Хурам.

6 Гебада жашап, анан Манахатка көчүрүлгөн өз уруусунун уруу башчылары болгон Эйуттун уулдары булар:

7 Нааман, Акия жана Гейра. Гейра аларды көчүрүп кеткен, андан Уза менен Акикут төрөлгөн.

8 Шахарайым өз аялдары Хушим менен Баананы коё бергенден кийин, Маап жеринде балалуу болду.

9 Алган аялы Ходеш ага Жобапты, Сибияны, Мейшаны, Малкамды төрөп берди.

10 Жейусту, Сахейди жана Мирманы да төрөдү. Уруу башчылары болгон уулдары ушулар.

11 Анын аялы Хушимден төрөлгөн уулдары – Абытуп жана Элпаал.

12 Элпаалдын уулдары: Эйбер, Мишам жана Шемет. Шемет Оно менен Лодду жана анын карамагындагы шаарларды курду.

13 Берия менен Шема Айалон тургундарынын үй-бүлө башчылары болгон. Алар Гаттын тургундарын кубалап чыгышкан.

14 Ахио, Шашак, Жереймот,

15 Зебадия, Арат, Эйдер,

16 Михаел, Жишпа жана Жоха – Бериянын уулдары.

17 Зебадия, Мешулам, Хиски, Хебер,

18 Жишмерай, Жизлия жана Жобап – Элпаалдын уулдары.

19 Жаким, Зихри, Забдий,

20 Элийенай, Силтай, Элиел,

21 Адая, Берая жана Шимрат – Шимейдин уулдары.

22 Жишпан, Эйбер, Элиел,

23 Абдон, Зихри, Ханан,

24 Ханания, Эйлам, Антотия,

25 Ипдея жана Пенуел – Шашактын уулдары.

26 Шамшерай, Шехария, Аталея,

27 Жаарешия, Эйлия жана Зихри – Жерохамдын уулдары.

28 Булар – уруу башчылары, өз уруусундагы башкы адамдар. Алар Иерусалимде жашап турушкан.

29 Гибондо гибондуктардын атасы жашаган, анын аялынын аты – Мааха,

30 анын тун уулу – Абдон, андан кийинкилери – Сур, Киш, Баал, Надап,

31 Гедор, Ахио, Зехер жана Миклот.

32 Миклоттон Шимей төрөлдү. Алар бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге турушту.

Шабул менен Жонатандын тукуму

33 Нейирден Киш төрөлдү. Киштен Шабул төрөлдү. Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.

34 Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.

35 Миханын уулдары: Питон, Мелех, Таарея жана Ахаз.

36 Ахаздан Жейада төрөлдү. Жейададан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.

37 Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая. Репаянын уулу – Элас. Эластын уулу – Атсел.

38 Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары булар: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булардын баары – Атселдин уулдары.

39 Анын бир тууганы Эйшектин уулдары: туну – Улам, экинчиси – Жейуш, үчүнчүсү – Элипелет.

40 Уламдын уулдары жоокер, жаа тарткан адамдар болгон, алардын балдары, неберелери көп эле, саны – жүз элүү. Алардын баары Бенжеминдин уулдарынан тараган.

9-БӨЛҮМ

Иерусалим менен Гибондун тургундары жөнүндө

1 Бүт ысрайылдыктар өз уруулары боюнча эсептелген. Алар Ысрайыл падышаларынын китебине жазылган. Жүйүттөр болсо мыйзамсыз иштери үчүн Бабылга туткундалып кетишкен.

2 Өздөрү ээлеп алган жерлерде, Ысрайыл шаарларында жашаган алгачкы тургундар ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана нетиндер болгон.

3 Иерусалимде Жүйүттүн кээ бир уулдары, Бенжеминдин уулдарынан, Эпрайым менен Менашенин уулдарынан жашап турушкан:

4 Жүйүттүн уулу Перестин уулдарынан Утай, Утай – Амийуттун уулу, Амийут – Омринин уулу, Омри – Имринин уулу, Имри – Банинин уулу.

5 Шилондун уулдарынан тун уулу Асая жана анын уулдары.

6 Зерактын уулдарынан Жейуел жана анын алты жүз токсон бир тууганы.

7 Бенжемин уулдарынан Салу, ал – Мешуламдын уулу, Мешулам – Одабиянын уулу, Одабия – Асенуйдун уулу,

8 Жерохамдын уулу – Жибнея, Узинин уулу – Эйла, Узи – Михринин уулу, Шепатиянын уулу – Мешулам, ал – Ребуелдин уулу, Ребуел – Жибнеянын уулу.

9 Үй-бүлөлөрү боюнча алардын бир туугандары – тогуз жүз элүү алты киши, булардын бардыгы өз урууларында үй-бүлө башчылары болгон.

Ыйык кызмат кылуучулар жөнүндө

10 Ал эми ыйык кызмат кылуучулар булар: Жедая, Жойарип, Жахин жана

11 Азария. Азария – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Кудайдын үйүндө башкаруучу болгон Акитуптун уулу.

12 Ошондой эле Адая. Адая – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пашкурдун уулу, Пашкур – Малкиянын уулу. Ошондой эле Масай. Масай – Адиелдин уулу, Адиел – Жахзердин уулу, Жахзер – Мешуламдын уулу, Мешулам – Мешилеймиттин уулу, Мешилеймит – Имердин уулу.

13 Ошондой эле алардын бир туугандары, өз үй-бүлөлөрүнүн башчылары – бир миң жети жүз алтымыш адам. Алар Кудайдын үйүндө ак ниет кызмат кылган эң жакшы адамдар болгон.

Лебилер жөнүндө

14 Ал эми лебилерден: Шемая. Ал – Хашубанын уулу, Хашуба – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия Мераринин тукуму болгон.

15 Ошондой эле Бакбакар, Хереш, Галал жана Матания. Матания – Миханын уулу, Миха – Зихринин уулу, Зихри – Асаптын уулу.

16 Ошондой эле Обадия. Ал – Шемаянын уулу, Шемая – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу, Жедутун – Берекиянын уулу, Берекия – Асанын уулу, Аса – нетопалыктардын айыл-кыштактарында жашаган Элкананын уулу.

17 Ал эми дарбазачылар: Шалум, Акуп, Талмон, Акиман жана алардын бир туугандары. Алардын башчысы – Шалум.

18 Леби уулдарынын бул дарбазачылары чыгыш жактагы падыша дарбазасын бүгүнкү күнгө чейин кайтарышат.

19 Шалум – Корейдин уулу, Корей – Эбийасаптын уулу, Эбийасап – Корактын уулу. Шалум жана анын уруусундагы бир туугандары, корактыктар, кызмат абалы боюнча жыйын чатырынын босогосунда күзөтчүлөр болушкан. Алардын аталары болсо Теңирдин станынын кире беришин кайтарышкан.

20 Алардын үстүнөн мурда Элазар уулу Пинехас башчы болгон. Теңир аны колдоп турган.

21 Мешелемия уулу Захария жыйын чатырынын эшигин кайтарган.

22 Дарбазачы болуу үчүн тандалгандардын саны эки жүз он эки болгон. Алар өз кыштактары боюнча тизмеге кирген. Аларды Дөөт менен көрөгөч Шемуел ишенимдүү адамдар болгону үчүн койгон.

23 Алар да, алардын уулдары да жыйын чатырынын, Теңир үйүнүн дарбазасын кайтарып турушкан.

24 Дарбазачылар төрт тарапта: чыгышта, батышта, түндүктө, түштүктө турган.

25 Кыштактарда жашаган бир туугандары аларга мезгил-мезгили менен жети күнгө келип турушкан.

Өзгөчө кызматка дайындалган лебилер

26 Күзөтчүлөрдүн төрт башчысы, лебилер, ишенимдүү адамдар болгон. Аларга Кудай үйүнүн турак-жайлары менен казынасын кайтаруу дайындалган.

27 Кудай үйүнүн айланасында алар түн күзөтүшкөн, анткени аларга кайтаруу иши тапшырылган. Алар ар күнү эртең менен эшиктерди ачып туруулары керек эле.

28 Алардын кээ бирөөлөрү кызмат кылууда колдонулуучу идиштерге жооптуу болуп дайындалышкан, алар идиштерди эсептеп кабыл алып, эсептеп берип турушкан.

29 Башкаларына башка буюмдар менен керектүү ыйык нерселер: эң жакшы деп эсептелген ун, шарап, зайтун майы, жыпар жыттуу заттар тапшырылган.

30 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынын кээ бири жыпар жыттуу заттардан жыпар жыттуу аралашма жасап турушкан.

31 Корактык Шалумдун тун уулуна – лебилерден чыккан Мататияга көмөч казанга нан бышыруу тапшырылган.

32 Ишемби сайын нан курмандыктарын коюп туруу үчүн, алардын Каат уулдарынан тараган бир туугандарынын кээ бирлерине нан курмандыктарын бышыруу тапшырылган.

33 Ырчылар – Леби урууларындагы уруу башчылар ийбадатканадагы бардык кызматтардан бошотулган, анткени алар күнү-түнү өз кызматын кылууга милдеттүү болчу.

34 Булар – леби урууларынын уруу башчылары, өз урууларынын башчылары. Алар Иерусалимде турушкан.

35 Гибондуктардын атасы Жейел Гибондо жашаган, анын аялынын аты – Мааха,

36 анын тун уулу – Абдон, андан кийин Сур, Киш, Баал, Нейир, Надап,

37 Гедор, Ахио, Захария жана Миклот.

38 Миклоттон Шимам төрөлдү. Алар өздөрүнүн бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге жашап турушкан.

39 Нейирден Киш төрөлдү, Киштен Шабул төрөлдү, Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.

40 Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.

41 Миханын уулдары: Питон, Мелех, Тахрей жана Ахаз.

42 Ахаздан Жара төрөлдү. Жарадан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.

43 Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая, Репаянын уулу – Элас, Эластын уулу – Атсел.

44 Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булар – Атселдин уулдары.

10-БӨЛҮМ

Шабулдун өлүшү

1 Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылып жатышты.

2 Пелиштиликтер Шабулдун жана анын уулдарынын артынан түшүп, Шабулдун уулдарын: Жонатанды, Абынадапты, Малки-Шууну өлтүрүштү.

3 Шабулга каршы салгылаш күч алды. Жаа аткычтар Шабулду атып, аны катуу жарадар кылышты.

4 Шабул курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени мууздап сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени мазакташат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени аябай коркуп кетти. Ошондо Шабул кылычын сууруп алып, ага сайыла жыгылды.

5 Курал көтөргөн жигит Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына өзү сайыла жыгылды.

6 Шабул өлдү, анын үч уулу, аны менен бирге бүт үй-бүлөсү өлдү.

7 Өрөөндөгү ысрайылдыктар бардыгынын качып баратканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, шаарларын таштап, туш-тушка качып кетишти. Ал шаарларга пелиштиликтер келип отурукташып алышты.

8 Эртеси күнү пелиштиликтер өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн табышты.

9 Алар Шабулдун кийимин чечип, башын кесип, курал-жарагын алып, өз буркандарынын жана элдин алдында жарыялаш үчүн, Пелишти жерине киши жөнөтүштү.

10 Анын курал-жарагын өз кудайларынын бутканасына коюшту, башын Дагон үйүнүн ичине сайып коюшту.

11 Гилатта жашаган бүт жабештиктер пелиштиликтердин Шабулду эмне кылганын угушту.

12 Ошондо алардын бардык эр жүрөк адамдары келип, Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн алып, Жабешке алып келишти да, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү жана жети күн орозо кармашты.

Шабулдун мыйзамсыздык кылгандыгы үчүн падышачылыктан ажырашы

13 Шабул өзүнүн Теңирдин алдында кылган мыйзамсыздыгы үчүн, Теңирдин сөздөрүн сактабагандыгы үчүн жана Теңирдин эркин сурабай, сыйкырчы аялга кайрылгандыгы үчүн мына ушинтип өлдү.

14 Ошондуктан Теңир аны өлтүрдү да, падышачылыкты Жышай уулу Дөөткө өткөрүп берди.

11-БӨЛҮМ

Дөөттүн падыша болушу

1 Бардык ысрайылдыктар Хебронго, Дөөттүн алдына чогулушту да, мындай дешти: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

2 Мурун эле, Шабул падыша болуп турганда эле, сен Ысрайылды алып чыгып, алып кирип тургансың. Ошондо Кудай-Теңириң сага мындай деген: “Менин элим Ысрайылды сен кайтарасың, Менин элим Ысрайылга сен жол башчы болосуң”».

3 Ошентип, Ысрайылдын бардык аксакалдары Хебронго, падышага келишти. Дөөт Теңирдин алдында, Хеброндо алар менен келишим түздү. Алар Теңирдин Шемуел аркылуу айткан сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

Иерусалим – бириккен падышачылыктын борбору

4 Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Иерусалимге, башкача айтканда, Жебуска бет алышты. Ал жерде ошол жердин жергиликтүү тургундары жебустуктар жашашчу.

5 Жебустун тургундары Дөөткө: «Бул жакка сен кирбейсиң», – дешти. Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Ал Дөөттүн шаары болуп калды.

6 Дөөт: «Ким баарынан мурда жебустуктарды кыйратып кирсе, ал жетекчи жана аскер башчы болот», – деди. Ошондо баарынан мурда Серуянын уулу Жойап кирип, аскер башчы болуп калды.

7 Дөөт ошол сепилде жашагандыктан, аны Дөөттүн шаары деп атап калышты.

8 Ал Милодон тартып шаарды тегерете бүт айланасын кайрадан курду, Жойап болсо шаардын калган бөлүгүн жаңыртып чыкты.

9 Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди. Себайот Теңир аны менен болду.

Дөөттү колдогон эр жүрөк адамдар

10 Теңирдин сөзү боюнча Дөөттү Ысрайылга падыша коюш үчүн, бардык ысрайылдыктар менен бирге анын падышачылыгын колдогон эң күчтүү адамдарынын башчылары булар:

11 Дөөттүн эр жүрөк адамдары булар: отуз жоокердин башчысы – Ахаман уулу Жашобам. Ал найзасын үч жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

12 Андан кийинкиси, үч эр жүрөктүн бири – акойактык Додонун уулу Элазар.

13 Ал Дөөт менен Паз-Дамимде болгон, ал жерге пелиштиликтер согушууга келишкен. Ал жерде талаанын бир бөлүгүнө арпа себилген болчу. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып жөнөштү.

14 Бирок алар талаанын ортосуна туруп, аны сактап калышты, пелиштиликтерди кыйратышты. Ошондо Теңир аларга улуу куткарылуу тартуулады.

15 Пелиштиликтердин кошууну Репа уулдарынын жерине жайланышкан кезде, отуз баатырдын бул үч кол башчысы аскага чыгып, Дөөткө, Адулам үңкүрүнө келишти.

16 Ошол кезде Дөөт бекемделген жерде болчу, пелиштиликтердин күзөт аскерлери болсо ал кезде Бейт-Лехемде турган.

17 Дөөт абдан суусап: «Ким дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу алып келип, менин суусунумду кандырат?» – деди.

18 Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөт ичкиси келген жок, ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

19 «Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Өлүмгө баш койгон бул эр жигиттердин канын ичмек белем! Анткени булар өз өмүрүн тобокелге салып, суу алып келишти», – деди. Ошентип, ал сууну ичпей койду. Бул үч эр жүрөк ушундай эрдик кылган.

20 Үч баатырдын ичинен Жойаптын бир тууганы Абышай башчы болчу. Ал өз найзасы менен үч жүз адамды өлтүргөн. Тигил үчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

21 Үчөөнүн ичинен ал эң атактуусу болгон, ал экөөнүн башчысы болгон, бирок тигил үчөөнө тең келчү эмес.

22 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

23 Ал бою беш чыканак болгон мисирлик алп адамды өлтүргөн. Мисирлик алптын колундагы найзасы токуучу куралдын баканындай эле. Бирок ал ага союл менен чыгып, мисирликтин колунан найзасын жулуп алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

24 Жойат уулу Беная мына ушундай кылган. Тигил үч эр жүрөктүн арасында анын кадыры бар эле.

25 Ал отуздун эң атактуусу эле, бирок үчөөнө тең келчү эмес. Дөөт аны өз буйруктарын аткарган жакын кишиси кылып койду.

26 Ал эми жоокерлердин эң күчтүүлөрү булар: Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додо уулу Элханан,

27 арордук Шамот, пелондук Хейлез,

28 текоялык Икеш уулу Ира, анатоттук Абиезер,

29 хушалык Сипкай, акойактык Илай,

30 нетопалык Марай, нетопалык Баана уулу Хейлет,

31 Бенжеминдин Гибасынан Рибайдын уулу Итай, пиратондук Беная,

32 нахалей-гаашалык Хурай, аравиялык Абиел,

33 бакарумдук Азмабет, шаалбондук Элийакпа.

34 Гизондук Ашейимдин уулдары: арардык Шагей уулу Жонатан,

35 арардык Сакар уулу Ахиям, Урдун уулу Элипал,

36 мехейралык Хейпер, пелондук Акия,

37 кармелдик Хесро, Эзбайдын уулу Наарай,

38 Натандын бир тууганы Жоел, Агринин уулу Мибхар,

39 амондук Селек, бейроттук Нахрай, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүп жүрүүчүсү,

40 житрилик Ира, житрилик Гареп,

41 хеттик Урий, Аклайдын уулу Забат,

42 рубейиндик Шиза уулу Адынай, ал – рубейиндиктердин башчысы, анын да отуз эр жүрөк кишиси болгон.

43 Мааханын уулу Ханан, митнилик Жошапат,

44 аштароттук Узия, аройердик Хотамдын уулдары Шама менен Жейел,

45 Шимринин уулу Жедийаел жана анын бир тууганы тистик Жоха,

46 махабимдик Элиел, Элнаамдын уулдары Жерибай менен Жашабия жана мааптык Житма,

47 Метсобайдан чыккан Элиел, Обейт жана Жаасиел.

12-БӨЛҮМ

Сыклакка, Дөөттүн жанына чогулган эр жүрөк адамдар

1 Дөөт Сыклакта Киштин уулу Шабулдан жашынып жүргөн кезде, салгылашта ага жардам берүү үчүн келген эр жүрөк адамдар булар.

2 Алар жаа менен куралданган, оң колу менен да, сол колу менен да таш ыргыткан, жаа тарткан адамдар болушкан. Алар – Бенжеминден тараган Шабулдун бир туугандары:

3 эң башкысы – Акиезер, андан кийинкиси – Жааш, булар – гибалык Шемаянын уулдары. Азмабеттин уулдары Жезиел менен Пелет, анатоттук Берак менен Жейу.

4 Отуздун ичинен эр жүрөк, отузду башкарган гибондук Жишмая, Жеремия, Жахазиел, Жоханан жана гедейралык Жозабат,

5 Элузай, Жеримот, Беялия, Шемария, харуптук Шепатия,

6 Элкана, Жишия, Азариел, Жоезер жана Жашабам, корактыктар,

7 Гедорлук Жерохамдын уулдары Жоела менен Зебадия.

8 Калкан, найза менен куралданган, эр жүрөк жоокер, гаттык аскерлер чөлгө, Дөөт жашынган бекемделген жерге өтүп келишти. Алар жүздөрүндө арстандын сүрү бар, тоодогу жейрендей тез чуркаган адамдар эле.

9 Башчысы – Эйзер, экинчиси – Обадия, үчүнчүсү – Элийап,

10 төртүнчүсү – Мишмана, бешинчиси – Жеремия,

11 алтынчысы – Атай, жетинчиси – Элиел,

12 сегизинчиси – Жоханан, тогузунчусу – Элзабат,

13 онунчусу – Жеремия, он биринчиси – Махбанай.

14 Гаттын бул уулдары аскер башчылар эле: кичүүсү – жүз башы, улуусу – миң башы.

15 Биринчи айда, Иордан дарыясы ташкындап турган кезде, Иордандан өткөн ушулар болчу. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында жашагандардын бардыгын туш-тушка кууп жиберишкен.

16 Дөөттүн сепилине Бенжемин менен Жүйүттүн уулдарынан да өтүп келишти.

17 Дөөт аларды тосуп чыгып: «Эгерде силер мага жардам бергени, тынчтык ой менен келсеңер, анда менин жүрөгүм силер менен бирге болсун. Менин колумда жамандык жок болгонуна карабастан, эки жүздүүлүк менен душмандарымдын колуна салып бергени келсеңер, анда ата-бабаларыбыздын Кудайы көрүп турат, Ал Өзү жазалайт», – деди.

18 Отуздун башчысы Амасайды рух каптап, ал: «Тынчтык сага, Дөөт, биз сени мененбиз, Жышайдын уулу. Тынчтык сага, жардамчыларыңа да тынчтык, анткени сага Кудайың жардам берип жатат», – деди. Ошондо Дөөт аларды кабыл алып, аскер башчы кылып койду.

19 Дөөт пелиштиликтер менен бирге Шабулга каршы согушка бара жатканда, Менаше тукумунан да кээ бирөөлөр Дөөт тарапка өтүп кетишкен, бирок Дөөт аларга жардам берген эмес, себеби пелиштиликтердин башчылары өз ара кеңешип: «Биздин башыбызга мүшкүл түшүрүп, ал өз мырзасы Шабул тарапка өтүп кетет», – деп, аны артка жөнөтүп жиберишкен.

20 Дөөт Сыклакка кайтып келе жатканда, Менашенин миң башылары Аднак, Жозабат, Жедийаел, Михаел, Жозабат, Элийу жана Силтай ал тарапка өтүштү.

21 Алар Дөөткө сансыз аскерлер менен согушууда жардам беришти. Бул адамдардын баары эр жүрөк адамдар жана аскер башчылар болушкан.

22 Ошентип, Дөөткө күн сайын жардамга келе беришкендиктен, анын аскери Кудайдын аскериндей көп болду.

23 Теңирдин сөзү боюнча Шабулдун падышачылыгын Дөөткө өткөрүш үчүн, ага, Хебронго келген аскер башчылардын саны мынча болду:

24 Жүйүт уулдарынан калкан жана найза көтөрүп, согушка даяр тургандардын саны алты миң сегиз жүз;

25 Шымондун уулдарынан кошуундагы эр жүрөк адамдардын саны жети миң бир жүз;

26 Леби уулдарынан төрт миң алты жүз;

27 Арундун уруусунан Жойат төрө, аны менен үч миң жети жүз адам;

28 эр жүрөк жигит Садок жана анын уруусу, жыйырма эки башчы;

29 Шабулдун бир туугандарынан, Бенжеминдин уулдарынан, үч миң, бирок алардын көпчүлүгү дагы эле Шабулду жактап турушкан;

30 Эпрайым уулдарынан өз урууларында атагы чыккан, кайраттуу адамдардын саны жыйырма миң сегиз жүз;

31 Менашенин жарым уруусунан Дөөттү такка отургузуу үчүн барып, атайын аттары аталган адамдардын саны он сегиз миң;

32 Исахардын уулдарынан Ысрайыл элинин качан, эмне кылуу керек экенин билген акыл-эстүү адамдар келишти, алардын башкы адамдарынын саны эки жүз эле, алардын бардык бир туугандары алардын айткан сөзү менен жүргөн;

33 Забулун уруусунан согушка даяр турган, ар түрдүү согуш куралдары менен куралданган, катарда бир кишидей турган элүү миң жоокер;

34 Напталы уруусунан миң жол башчы; алар менен калкан жана найза көтөргөн отуз жети миң жоокер;

35 Дан уруусунан согушка даяр турган жыйырма сегиз миң алты жүз жоокер;

36 Ашыр уруусунан согушка даяр турган кырк миң жоокер;

37 Иордандын аркы бетинен, Рубейин, Гат урууларынан жана Менашенин жарым уруусунан ар кандай согуш куралын көтөргөн жүз жыйырма миң жоокер.

38 Бул жоокерлердин бардыгы катарга тизилип, Дөөттү бүткүл Ысрайылга падыша кылып көтөрмөкчү болуп, чын жүрөктөн Хебронго келишти. Бүт Ысрайыл эли да Дөөттү такка отургузганга макул эле.

39 Алар ал жерде, Дөөттүн жанында үч күн болуп, ичип-жешти, анткени бир туугандары аларга бардыгын даярдап коюшкан эле.

40 Ошондой эле алардын жакындары да, атүгүл, Забулун, Напталы, Исахар уруулары да жей турган азыктарды төөлөргө, эшектерге, качырларга, өгүздөргө жүктөп келишкен. Ун, анжыр, мейиз, шарап, зайтун майы, бодо мал, майда мал өтө мол келди, анткени Ысрайыл элинин кубанычы койнуна батпай турган эле.

13-БӨЛҮМ

Иштин жакшы башталып, жаман аякташы

1 Дөөт миң башылар, жүз башылар, бардык жол башчылар менен кеңешип турган.

2 Дөөт бүт ысрайылдыктарга мындай деди: «Эгерде силер ылайык көрсөңөр, эгерде бул биздин Кудай-Теңирибиздин эркине туура келсе, бардык жерге, бүткүл Ысрайыл жеринде жашаган биздин калган бир туугандарыбызга, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, алардын шаарларына, кыштактарына киши жиберип, аларды бул жерге чакыралы.

3 Кудайыбыздын келишим сандыгын өзүбүзгө көчүрүп келели, анткени Шабулдун тушунда биз ага кайрылган жокпуз».

4 Ошондо жыйналган элдин бардыгы: «Ошондой болсун», – дешти, анткени бул иш бардык элге туура көрүндү.

5 Ошентип, Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден көчүрүш үчүн, Мисирдин Шихорунан тартып Хаматтын кире беришине чейин бардык ысрайылдыктарды чогултту.

6 Кудайдын ысымы менен аталган, керуптардын үстүндө отурган Кудай-Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн, Дөөт менен бүткүл Ысрайыл Жүйүт аймагындагы Кирийат-Жейаримге жөнөдү.

7 Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты.

8 Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып бара жатышты.

Келишим сандыгынын Абет-Эдомдун үйүндө калтырылышы

9 Алар Горен-Кидондун кырманына жеткенде, Уза келишим сандыгын кармап калыш үчүн, колун суна койду, анткени өгүздөр келишим сандыгын кыйшайтып жиберишкен эле.

10 Ошондо Теңир Узага каарданды. Келишим сандыгына колун сунганы үчүн, аны өлтүрүп салды. Ал ошол жерде Кудай алдында өлдү.

11 Теңир Узаны өлтүргөнү үчүн, Дөөт абдан кайгырды. Ал жерди Уза өлгөн жер деп атады. Ал жер бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

12 Ошол күнү Дөөт Кудайдан коркуп: «Кудайдын келишим сандыгын мен өзүмө кантип алып кетем?» – деди.

13 Ошентип, Дөөт келишим сандыгын өзүнө – Дөөттүн шаарына алып кетпей, аны гаттык Абет-Эдомдун үйүнө бурду.

14 Кудайдын келишим сандыгы Абет-Эдомдун үйүндө үч ай турду, Теңир Абет-Эдомдун үй-бүлөсүнө, анда эмне болсо, ошонун бардыгына батасын берди.

14-БӨЛҮМ

Дөөт падышанын күчү жана байлыгы

1 Тир падышасы Хирам Дөөткө үй куруп бериши үчүн, ага элчилери менен кедр жыгачтарын, таш жонуучуларды, жыгач усталарды жөнөттү.

2 Ошондо Дөөт Теңирдин Ысрайылга падыша кылып бекемдегенин, өзүнүн эли Ысрайыл үчүн падышачылыгы жогору көтөрүлгөнүн билди.

3 Ал Иерусалимде дагы бир нече аял алып, дагы уул-кыздуу болду.

4 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдарынын аттары мына булар: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

5 Жибхар, Элишуа, Элпелет,

6 Нога, Непек, Жапия,

7 Элишама, Белиада жана Элипелет.

8 Пелиштиликтер Дөөттүн бүткүл Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, түп көтөрүлө Дөөттү өлтүргөнү чыгышты. Дөөт муну укканда, алар менен согушканы жөнөдү.

9 Пелиштиликтер Репа уулдарынын өрөөнүнө келип жайланышышты.

10 Дөөт Кудайдан: «Пелиштиликтерге каршы барайынбы, аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир ага: «Бар, Мен аларды сенин колуңа салып берем», – деди.

11 Алар Баал-Ператсимге бет алышты. Дөөт аларды ошол жерде талкалады. Ошондо Дөөт: «Кудай менин душмандарымды менин колум менен суу жарып киргендей талкалады», – деди. Ошондуктан бул жерди Баал-Ператсим деп аташты.

12 Пелиштиликтер ошол жерге өз кудайларын таштай качышты. Дөөт буйрук берип, аларды өрттөтүп салды.

13 Бирок пелиштиликтер кайрадан келип, өрөөнгө жайланышышты.

14 Дөөт Кудайдан дагы сурады, Кудай ага мындай деди: «Аларга түз беттеп барба, аларды айланып өтүп, тыт дарактары тарабынан кир.

15 Тыт дарактарынын үстүнөн басып келе жаткандай болгон дабышты укканыңда, согушка кир, анткени пелиштиликтердин кошуунун талкалаш үчүн, Кудай Өзү сенин алдыңда чыккан болот».

16 Дөөт Кудай буйругандай кылды. Алар пелиштиликтердин кошуунун Гибондон Гезерге чейин кыйратышты.

17 Ошондо Дөөттүн ысымы бүт жер жүзүнө тарады. Теңир бардык элдерди Дөөттөн корко тургандай кылды.

15-БӨЛҮМ

Дөөттүн келишим сандыгын алып келүүнү буйрушу

1 Дөөт өзүнө Дөөттүн шаарында үйлөрдү курду. Кудайдын келишим сандыгы үчүн жай камдап, ал үчүн жыйын чатырын тургузду.

2 Ошондо Дөөт: «Кудайдын келишим сандыгын лебилерден башка эч ким көтөрүүгө тийиш эмес, анткени Теңир аларды Кудайдын келишим сандыгын көтөрүүгө, Өзүнө кылымдар бою кызмат кылууга тандап алган», – деди.

3 Ал келишим сандыгы үчүн өзү даярдап койгон жерге Кудайдын келишим сандыгын алып келиш үчүн, бардык ысрайылдыктарды Иерусалимге чогултту.

4 Дөөт Арундун уулдарын жана лебилерди:

5 Каат уулдарынан Уриел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз жыйырма кишини,

6 Мераринин уулдарынан Асая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз жыйырма кишини,

7 Гейиршондун уулдарынан Жоел башчыны жана анын бир туугандарын – жүз отуз кишини,

8 Элитсапан уулдарынан Шемая башчыны жана анын бир туугандарын – эки жүз кишини,

9 Хеброн уулдарынан Элиел башчыны жана анын бир туугандарын – сексен кишини,

10 Узиелдин уулдарынан Аминадап башчыны жана анын бир туугандарын – жүз он эки кишини чакырды.

11 Дөөт ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарды, ошондой эле лебилерди: Уриелди, Асаяны, Жоелди, Шемаяны, Элиелди жана Аминадапты чакырып алып, мындай деди:

12 «Силер, леби урууларынын башчылары, өзүңөр да, бир туугандарыңар да ыйыкталгыла. Мен даярдап койгон жерге Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын алып келгиле.

13 Анткени бул ишти мурункудай эле, силер кылбаганыңар үчүн, аны кантип алып келүүнү Теңирден сурабаганыбыз үчүн, бизди Кудай-Теңирибиз жазалады».

14 Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Ысрайылдын Кудай-Теңиринин келишим сандыгын көтөрүп келиш үчүн ыйыкталышты.

15 Теңирдин сөзү боюнча, Муса айткандай, лебилердин уулдары Кудайдын келишим сандыгын шыргыйларынан алып, ийинге салып, көтөрүп жөнөштү.

16 Дөөт лебилердин башчыларына алардын ырчы бир туугандары музыкалык аспаптар менен, арфа чертип, лира тартып, жез табак кагып, катуу ырдап, элдин алдында турушун буйруду.

17 Лебилер Жоелдин уулу Эйманды, анын бир туугандарынан Берехиянын уулу Асапты, ал эми Мерари уулдарынан алардын бир туугандарын, Кушаянын уулу Эйтанды коюшту.

18 Алар менен кошо туугандары: Захарияны, Бенайды, Жаазиелди, Шемирамотту, Жехиелди, Унини, Элийапты, Бенаяны, Маасеяны, Мататияны, Элипейди, Микнеяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди коюшту. Булар дарбазачылар болушкан.

19 Эйман, Асап жана Эйтан жез табактарды катуу кагышты.

20 Захария, Азиел, Шемирамот, Жехиел, Уни, Элийап, Маасея жана Беная арфа чертип, бийик үн менен ырдашты.

21 Мататия, Элипей, Микнея, Обейт-Эдом, Жейел жана Азазия болсо жоон үндүү арфа чертишти.

22 Ал эми лебилердин башчысы Кенания ырчыларды үйрөтүүчү болчу, анткени ал бул иште машыккан чебер эле.

23 Берехия менен Элкана келишим сандыгынын жанында эшик кайтаруучулар болушту.

24 Шебания, Жошапат, Натанаел, Амасай, Захария, Беная жана Элиезер ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын келишим сандыгынын алдында сурнай тартып бара жатышты. Обейт-Эдом менен Жехия мыйзам сандыктын жанында эшик кайтаруучулар болуп турушту.

Келишим сандыгынын Дөөттүн шаарына көчүрүлүшү

25 Ошентип, Дөөт, Ысрайыл аксакалдары жана миң башылар Теңирдин келишим сандыгын Обейт-Эдомдун үйүнөн ыр-күү менен көчүрүп келгени жөнөштү.

26 Теңирдин келишим сандыгын көтөргөн лебилерге Кудай жардам берди. Ошондо жети букачарды жана жети кочкорду курмандыкка чалышты.

27 Дөөт жана келишим сандыгын көтөргөн бардык лебилер, ырчылар, музыкалык аспаптарды чертүүчүлөр менен ырчылардын башчысы Кенания зыгыр буласынан токулган кийим кийишкен. Дөөттүн үстүндө зыгыр буласынан токулган эфод да бар эле.

28 Ошентип, бүт Ысрайыл Теңирдин келишим сандыгын мүйүз менен сурнайдын, жез табактын, арфанын, лиранын коштоосу менен, салтанат менен алып киришти.

29 Теңирдин келишим сандыгы Дөөттүн шаарына киргенде, терезеден карап турган Шабулдун кызы Михал кубанычы койнуна батпай бийлеп келе жаткан Дөөт падышаны көрүп, аны жүрөгүндө кемсинтти.

16-БӨЛҮМ

Кудайга салтанаттуу ийбадат кылуу.Дөөттүн келишим сандыгынын жанына ырчыларды дайындашы

1 Алар Кудайдын келишим сандыгын алып келишип, аны Дөөт тургузган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Кудайга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалышты.

2 Дөөт бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалгандан кийин, элге Кудайдын ысымынан бата берди.

3 Анан бардык ысрайылдыктарга, эркектерге жана аялдарга бирден нан, бир кесимден эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты.

4 Ысрайылдын Кудай-Теңирин даңктап, ыр менен мактап, ыраазычылык билдирип туруш үчүн, Теңирдин келишим сандыгынын алдына лебилерди кызматка койду.

5 Асапты башчы кылып койду. Арфа чертип, лира тартып туруш үчүн, экинчи катарга Захарияны, Жейелди, Шемирамотту, Жехиелди, Мататияны, Элийапты, Бенаяны, Обейт-Эдомду жана Жейелди койду. Жез табак кагып турушу үчүн Асапты койду.

6 Ал эми ыйык кызмат кылуучулар Беная менен Жехазиелди Кудайдын келишим сандыгынын алдында дайыма сурнай тартып туруу үчүн койду.

Дөөттүн ыраазычылык билдирген забуру

7 Ошол күнү Дөөт биринчи жолу Асапка жана анын бир туугандарына Теңирди даңктап ырдап туруш үчүн, бул забурду тапшырды:

8 «Теңирди даңктагыла, Анын ысымын жар салгыла, Анын иштерин бүт элдерге жарыялагыла.

9 Ага ырдагыла, Аны даңктагыла, Анын бардык кереметтери жөнүндө айткыла.

10 Анын ыйык ысымы менен мактангыла. Теңирди издегендердин жүрөгү кубансын.

11 Теңирди жана Анын күчүн издегиле, Анын жүзүн тынымсыз издегиле.

12 Ысрайыл тукуму, Анын кулдары, Жакыптын уулдары, Анын тандалгандары, силер,

13 Ал жасаган кереметтерди, Анын жышаандарын жана Анын оозунан чыккан өкүмдөрүн унутпагыла.

14 Ал биздин Кудай-Теңирибиз. Анын өкүмдөрү бүт жер жүзүндө.

15 Анын келишимин, Анын муундан муунга осуят кылган сөзүн унутпагыла.

16 Ал сөз – Ыбрайымга берилген осуят, Ыскакка берилген ант.

17 Аны Жакыпка мыйзам кылып, Ысрайылга түбөлүк келишим кылып берем.

18 Ал: “Мен сага Канаан жерин мураска берем”, – деп айткан.

19 Ошол убакта алардын саны аз, өтө эле аз эле. Ал жерде алар келгин эл болуп жашап турушкан.

20 Алар бир элден бир элге, бир өлкөдөн бир өлкөгө барып жер кезишкен.

21 Бирок Ал эч кимдин аларды кордоосуна жол берген эмес, алар үчүн падышаларды ашкере кылган:

22 “Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла”.

23 Бүт жер жүзү, Теңирге ырда, Анын куткаруусун күн сайын жарыялагыла.

24 Анын даңкын бутпарастарга, кереметтерин жер жүзүндөгү бардык элдерге жарыя кылгыла.

25 Анткени Теңир улуу жана мактоого татыктуу, бардык кудайлардан коркунучтуу.

26 Анткени башка элдердин кудайлары – болбогон нерсе. Ал эми Теңир асманды жараткан.

27 Даңк менен улуулук Анын алдында, кудурет жана кубаныч Ал турган жерде.

28 Бүт элдер, Теңирге Өзүнө тиешелүүсүн бергиле, Теңирди даңктагыла жана урматтагыла.

29 Теңирди даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла. Тартуу алып, Анын алдына баргыла, Ага Өзүнүн ыйык жайында табынгыла.

30 Бүт жер жүзү, Анын алдында титире, анткени Ал ааламды негиздеген, ал солк этпейт.

31 Асман кубансын, жер шаттансын, элдер: “Теңир падышачылык кылып жатат!” – дешсин.

32 Деңиз шарпылдасын, анын ичиндегилер кубансын. Талаа жана андагы бардык нерселер кубансын.

33 Токойдогу дарактардын бардыгы Теңирдин алдында кубанышсын, анткени Теңир жерди соттогону келе жатат.

34 Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

35 “Кудайыбыз, Куткаруучубуз, бизди куткар! Бизди чогулт, бизди башка элдерден куткар, биз Сенин ыйык ысымыңды даңктайлы, Сенин даңкың менен мактаналы!” – дегиле.

36 Ысрайылдын Кудай-Теңири кылымдан кылымга даңкталсын!» Ошондо бүт эл: «Оомийин! Теңирди даңктагыла!» – деди.

37 Келишим сандыгынын алдында дайыма, ар күнү кызмат кылып туруш үчүн, Асапты жана анын бир туугандарын Дөөт ошол жерге калтырды.

38 Обейт-Эдомду жана анын бир туугандарын, алтымыш сегиз адамды калтырды. Жедутундун уулу Обейт-Эдомду жана Хосаны дарбазачы кылып койду.

39 Ал эми ыйык кызмат кылуучу Садок менен анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандарын Гибон дөңсөөсүндөгү Кудай үйүнүн алдына,

40 курмандык чалынуучу жайда дайыма, ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөп туруу үчүн, Теңирдин Ысрайылга берген мыйзамында жазылгандын бардыгын аткарып туруш үчүн койду.

41 Алар менен бирге Эйманды, Жедутунду жана Теңирди даңктап туруш үчүн, аттары аталып, атайы дайындалган дагы башка тандалган адамдарды койду, анткени Теңирдин ырайымы кылымдардан кылымдарга!

42 Алардын алдында Эйман менен Жедутун сурнай тартып, жез табак кагып, ар түрдүү күү аспаптарды чертип, Кудайды даңктап турушту. Ал эми Жедутундун уулдарын дарбазанын алдына койду.

43 Ошондон кийин бардык эл, ар ким өз үйүнө кайтты. Дөөт да өз үй-бүлөсүнө бата бериш үчүн кайтып келди.

17-БӨЛҮМ

Дөөттүн ийбадаткана курууга даярданышы

1 Дөөт өз үйүндө жашап турганда, Натан пайгамбарга: «Мен кедр жыгачынан салынган үйдө турам, ал эми Теңирдин келишим сандыгы чатырдын астында турат», – деди.

2 Натан Дөөткө: «Жүрөгүңдө эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Кудай сени менен», – деди.

3 Бирок ошол түнү Натанга Кудайдан мындай сөз болду:

4 «Бар, Менин кулум Дөөткө айт: Теңир мындай дейт: “Мен жашай турган үйдү сен курбайсың.

5 Анткени Мен Ысрайыл уулдарын алып чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин үйдө жашаган жокмун, чатырдан чатырга, турак жайдан турак жайга көчүп жүрдүм.

6 Бүткүл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жүрбөйүн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Өзүм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: "Эмне үчүн Мага кедрден үй куруп бербейсиңер?" – деп айттым беле?”

Теңирдин Дөөткө аян бериши

7 Азыр Менин кулум Дөөткө: Себайот Теңир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуң үчүн, Мен сени кой короодон алгам.

8 Сен кайда барсаң да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыңда бардык душмандарыңды кырдым. Сенин атыңды чыгарып, жер үстүндөгү улуу адамдар сыяктуу даңктуу кылдым.

9 Мен Өзүмдүн элим Ысрайыл үчүн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал өз жеринде бейпил жашайт, ошондон кийин эч ким анын тынчын албайт,

10 Өз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон күндөн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сенин душмандарыңдын баарын моюн сундурам. Теңир сенин үйүңдү Өзү тургузарын сага кабарлайм.

11 Күнүң бүтүп, ата-бабаларың жаткан жайга кеткениңде, сенин ордуңа Мен сенин тукумуңду, уулдарыңдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.

12 Ал Мага үй тургузат, Мен анын тагын түбөлүккө бекемдейм.

13 Мен ага Ата болом, ал Мага уул болот. Сенден мурунку падышаны Өз ырайымымдан ажыраткандай, аны Өз ырайымымдан ажыратпайм.

14 Мен аны Өз үйүмө жана Өз падышачылыгыма түбөлүккө коём, анын тагы түбөлүккө бекем болот”».

15 Натан бул сөздөрдүн бардыгын, көрүнүштү толугу менен, так өзүндөй кылып, Дөөткө айтып берди.

Дөөт падышанын сыйынуусу

16 Дөөт падыша келди да, Теңирдин алдына туруп, мындай деди: «Кудай-Теңирим, Сен мени ушунча көтөргүдөй, мен киммин, менин тукумум ким?

17 Бирок Сенин көзүңө бул да аз көрүндү, Кудайым. Өз кулуңдун тукумунун келечеги жөнүндө айттың, мени улуу адамдай көрдүң, Кудай-Теңир!

18 Сен Өз кулуңду ушунча көкөлөттүң, Сенин алдыңда Дөөт дагы эмне дей алат? Сен Өз кулуңду билесиң!

19 Теңир! Өз жүрөгүңө жаккан Өз кулуңа бардык улуулукту көрсөтүш үчүн, сен ушул улуу иштерди кылып жатасың.

20 Теңир! Өз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тең келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!

21 Жер жүзүндө Сенин элиң Ысрайылдай эл барбы?! Кун төлөп, Өзүңө эл кылып алыш үчүн, Мисирден куткарган Өз элиңдин алдында элдерди кууп чыгып, Өз ысымыңды улуу жана коркунучтуу кылыш үчүн, жер үстүндөгү жалгыз ушул элге Өзүң келгенсиң!

22 Сен Өз элиң Ысрайылды түбөлүккө Өзүңдүн элиң кылып алдың. Сен, Теңир, анын Кудайы болдуң.

23 Ошондуктан эми, оо Теңир, Өзүңдүн кулуң тууралуу жана анын тукуму тууралуу айткан сөзүңдү түбөлүккө бекемде, Өзүң айткандай кыл.

24 Сенин ысымың кылымдарга жашасын, түбөлүккө даңазалансын. “Себайот Теңир, Ысрайылдын Кудайы – Ысрайылдын үстүндө турган Кудай”, – дешсин. Сенин алдыңда Өз кулуң Дөөттүн тукуму бекем болсун.

25 Анткени Сен, менин Кудайым, Өз кулуңа анын үйүн тургузарын ачып бердиң, ошондуктан Сенин кулуң Сенин алдыңда сыйынууга батынды.

26 Теңирим, Сен Кудайсың, азыр Сен Өз кулуң тууралуу ушундай жакшы нерсени айттың.

27 Сенин алдыңда түбөлүк болушу үчүн, Өз кулуңдун тукумуна батаңды бере башта. Теңир, эгерде Сен бата берсең, анда ал түбөлүккө баталуу болот».

18-БӨЛҮМ

Дөөттүн падышачылыгынын бекемделиши

1 Ошондон кийин Дөөт пелиштиликтерди талкалап, аларды багындырып, алардын колунан Гатты жана ага караштуу шаарларды тартып алды.

2 Ал ошондой эле мааптыктарды талкалады. Мааптыктар Дөөткө салык төлөөчү кулдар болуп калышты.

3 Дөөт Соба падышасы Ададезерди Хаматта өлтүрдү. Ал Эфрат дарыясынын боюна бийлигин орноткону бара жаткан эле.

4 Дөөт анын бир миң майдан арабасын, жети миң атчан аскерин жана жыйырма миң жөө аскерин колго түшүрүп, майдан арабалардын баарын талкалап, өзүнө жүз гана майдан араба алып калды.

5 Соба падышасы Ададезерге Дамасктан сириялыктар жардамга келишти. Бирок Дөөт жыйырма эки миң сириялыкты кыйратты.

6 Дөөт сакчы аскерлерин Сириядагы Дамаскка койду. Сириялыктар Дөөткө кул болуп, салык төлөп калышты. Дөөт кайда барбасын, бардык жерде Теңир ага жардам берип турду.

7 Дөөт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.

8 Ал эми Ададезердин шаарлары Тапхат менен Кундан Дөөт абдан көп жез алды. Андан Сулайман чоң жез чараны, жез мамыларды, жез идиштерди жасады.

9 Хамат падышасы Той Дөөттүн Соба падышасы Ададезердин аскерин кырып салганын укту.

10 Дөөттүн Ададезер менен согушуп, аны талкалаганы үчүн, Той аны куттуктап, ыраазычылыгын билдирип, ага өз уулу Адорамды жөнөттү, анткени Той Ададезер менен согушуп турган эле. Уулу менен кошо ар кандай алтын, күмүш, жез идиштерди берип жиберди.

11 Падыша Дөөт аларды бардык элдерден олжого түшкөн алтын, күмүштөр менен бирге Теңирге арнады. Алар эдомдуктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан түшкөн олжолор эле.

12 Серуянын уулу Абышай Туздуу өрөөнүндө он сегиз миң эдомдукту талкалады.

13 Ал Эдомго сакчы аскерлерин койду, бардык эдомдуктар анын кулу болуп калды. Дөөт кайда гана жүрбөсүн, аны Теңир колдоп жүрдү.

14 Дөөт бүт Ысрайылга бийлик кылды. Ал өз элине туура өкүм жүргүзүп, адилеттик көрсөттү.

15 Серуянын уулу Жойап аскер башчы болду. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы болду.

16 Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Абы-Мелек ыйык кызмат кылуучу, Шапша болсо катчы болду.

17 Жойаттын уулу Беная – керейлер менен пелейлердин үстүнөн башкаруучу, ал эми Дөөттүн уулдары падыша алдындагы биринчи кызматтагы адамдар болушту.

19-БӨЛҮМ

Жойаптын жетекчилиги астындагы амондуктар менен болгон согуш

1 Ошондон кийин амондуктардын падышасы Нахаш дүйнөдөн кайтып, анын ордуна уулу падыша болду.

2 Ошондо Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, Нахаштын уулу Ханунга ырайым көрсөтөм», – деп айтты. Атасы өлгөн Ханунга көңүл айттырыш үчүн, Дөөт элчилерин жөнөттү. Ханунга көңүл айтыш үчүн, Дөөттүн кулдары амондуктардын жерине келишти.

3 Бирок амондуктардын төрөлөрү Ханунга: «Көңүл айтуучуларды Дөөт сага сенин атаңды сыйлагандыктан жиберди деп ойлойсуңбу? Анын кулдары сага жериңди чалгындап, карап чыгып, анан чаап алыш үчүн келип жүрүшпөсүн?» – деп айтышты.

4 Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын сакалынын жарымын кырып, кийген кийимдерин белинен ылдый кесип салды, анан аларды коё берди.

5 Алар жөнөп кетишти. Бул кишилер тууралуу Дөөткө кабар жетти. Булар маскара болушкандыктан, жолунан тосуп чыгууга ал чабармандарды жөнөттү. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле», – деди.

6 Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Ханун менен амондуктар Месопотамиянын Сириясынан, Мааханын Сириясынан жана Собадан майдан арабалар менен атчандарды жалдаш үчүн, бир миң талант күмүш жөнөтүштү.

7 Алар отуз эки миң майдан арабаны жана Мааха падышасын эли менен кошо жалдап алышты. Алар Мейдебанын алдына келип, кошуундарын жайланыштырышты. Амондуктар өз шаарларынан топ-топ болуп чогулушуп, майданга киришти.

8 Дөөт бул тууралуу укканда, Жойапты бардык эр жүрөк аскерлери менен кошо жөнөттү.

9 Амондуктар салгылашка киришти, алар шаар дарбазасынын алдына катар-катар турушту, ал эми келген падышалар өздөрүнчө талаада турушту.

10 Жойап өзүнүн алдынан да, артынан да салгылашарын билип, Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, аларды сириялыктарга каршы тизди.

11 Ал эми калган элдин бөлүгүн амондуктарга каршы катар тургузууну өз бир тууганы Абышайга тапшырды.

12 Ал мындай деди: «Эгерде сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң. Эгерде амондуктар сени жеңип бара жатса, сага мен жардам берем.

13 Кайраттуу бол, өз элибиз үчүн жана Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем турабыз, Теңир Өзүнө жакканды кылсын».

14 Жойап өзүнүн адамдары менен сириялыктарга каршы салгылашка кирди. Алар андан качып жөнөштү.

15 Амондуктар сириялыктардын качканын көрүп, өздөрү да анын бир тууганы Абышайдан качып, шаарга киришти. Жойап Иерусалимге кайтып келди.

16 Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүп, элчилерин жөнөтүп, дарыянын аркы бетиндеги сириялыктарды алып чыгышты. Ададезердин аскер башчысы Шобак аларга жол башчылык кылды.

Дөөттүн аскерлердин башында турушу

17 Бул тууралуу Дөөткө билдиришкенде, ал бардык ысрайылдыктарды чогултуп, Иордандан өтүп, аларга келип, сириялыктарга каршы аскерин тизди. Дөөт сириялыктарга каршы салгылашка кирди, алар аны менен согушту.

18 Сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү, Дөөт сириялыктардын жети миң майдан арабасын талкалап, кырк миң жөө аскерин жана аскер башчысы Шобакты өлтүрдү.

19 Ададезердин кулдары өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшүп, Дөөт менен тынчтык келишим түзүп, ага баш ийип беришти. Ошондон кийин сириялыктардын амондуктарга жардам бергилери келбей калды.

20-БӨЛҮМ

Дөөт менен Жойаптын Рабени жеңиши

1 Бир жылдан кийин, падышалар согушууга чыга турган кезде, Жойап өзүнүн аскерлери менен чыгып, амондуктардын жерин талкалай баштады, анан Рабе шаарына келип, аны курчоого алды. Дөөт болсо Иерусалимде калган. Жойап Рабени каратып алып, аны талкалады.

2 Дөөт алардын падышасынын башынан таажысын алды. Ал таажынын салмагы бир талант алтын, анын үстүндө кымбат баалуу асыл таштар бар эле. Таажыны Дөөттүн башына кийгизишти. Дөөт шаардан өтө көп олжо алып чыкты.

3 Ал шаардагы кишилерди алып чыгып, араа, чот жана балта менен оор жумуштарды иштетти. Дөөт амондуктардын бардык шаарын ушундай кылды, анан бүт эли менен Иерусалимге кайтты.

Пелиштиликтер менен болгон согуш

4 Ошондон кийин Гезерде пелиштиликтер менен согуш башталды. Ошондо хушалык Сипхай Репа тукумунан болгон Сыпайды өлтүрдү. Алар багынып беришти.

5 Пелиштиликтер менен дагы согушушту. Ошондо Жайырдын уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийаттын бир тууганы Лахмини өлтүрдү.

6 Гатта дагы согуш болду. Ал жерде бир узун бойлуу киши бар эле, анын буту-колунда алтыдан манжасы, бардыгы жыйырма төрт манжасы бар эле. Ал да Репа тукумунан болгон.

7 Ал Ысрайылды шылдыңдаган, бирок Дөөттүн бир тууганы Шиманын уулу Жонатан аны өлтүргөн.

8 Булар Гаттагы Репа тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кызматчыларынын колунан өлүштү.

21-БӨЛҮМ

Эл каттоонун Кудайга жакпагандыгы. Жугуштуу оору

1 Шайтан Ысрайылга каршы чыгып, Дөөттү Ысрайылды санап чыгууга азгырды.

2 Дөөт Жойапка жана эл башкаргандарга: «Баргыла, Бейер-Шебадан Данга чейин Ысрайылды эсептеп чыккыла, алардын эсебин алып келгиле, мен алардын санын билейин», – деп айтты.

Жойаптын эл каттоого каршы болушу

3 Жойап: «Теңир Өз элин азыркыга караганда жүз эсе көбөйтсүн. Мырзам падыша, алардын бардыгы сенин кулдарың эмеспи? Менин таксырым муну эмнеге талап кылып жатат? Ысрайылды күнөөгө батырыш үчүнбү?» – деди.

4 Бирок падышанын сөзү Жойапты жеңип кетти. Жойап жөнөп кетип, бүткүл Ысрайылды кыдырып чыгып, Иерусалимге кайтып келди.

5 Жойап эл каттоо тизмесин Дөөткө берди. Кылычын кынынан сууруган бардык ысрайылдыктардын саны бир миллион жүз миң адам болду, кылычын кынынан сууруган жүйүттөрдүн саны төрт жүз жетимиш миң болду.

6 Алардын ичинен лебилер менен бенжеминдиктерди ал санаган жок, анткени падышанын сөзү Жойапка жаккан эмес.

7 Бул иш Кудайга жаккан жок, андыктан Ал Ысрайылды жазалады.

8 Дөөт Кудайга: «Ушуну кылып, оор күнөөгө баттым. Эми Өз кулуңдун күнөөсүн кечире көр, анткени мен акылсыз иш кылдым», – деди.

9 Теңир Дөөттүн көрөгөчү Гатка мындай деди:

10 «Бар, Дөөткө айт: Теңир мындай дейт дегин: “Мен сага үч жаза сунуш кылам, үчөөнүн бирин тандап ал, Мен аны өзүңдүн башыңа салам”».

11 Гат Дөөткө келип: «Теңир мындай деп жатат: “Өзүңө бирөөнү тандап ал:

12 Же үч жыл ачарчылык болот, же үч ай душмандарыңдан качып жүрөсүң, душмандарыңдын кылычы сага жетет, же үч күн Теңир кылычын сунат, жерди жугуштуу оору каптайт, ошондо Теңирдин периштеси бүткүл Ысрайыл элин кырат”. Эми ойлон, бул сөздү айттырып Жибергенге эмне деп жооп берейин», – деди.

13 Дөөт Гатка: «Бул мага абдан оор болду. Бирок Теңирдин колуна түшкөнүм жакшы, анткени Ал өтө ырайымдуу, адамдын гана колуна түшпөсөм болду», – деп айтты.

14 Ошондо Теңир Ысрайылга жугуштуу оору каптатты. Ысрайылдыктардын жетимиш миң адамы кырылды.

15 Иерусалимди тукум курут кылыш үчүн, Кудай периште жөнөттү. Ал элди кыра баштаганда, Теңир бул апааттан кырылып жаткандарды көрүп, аларды аяп кетип, кырып жаткан периштеге: «Жетишет! Эми колуңду тарт», – деди. Ошол учурда Теңирдин периштеси жебустук Арабенанын кырманынын үстүндө турган.

16 Дөөт башын көтөрүп, жер менен асмандын ортосунда жалаңдаган кылычын Иерусалимге сунуп турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо Дөөт да, уруу аксакалдары да зумбал жамынып, жүзтөмөндөп жыгылышты.

17 Дөөт Кудайга: «Элдин санын алгыла деп, мен жибербедим беле. Күнөө кылган мен, кыянаттык кылган мен. Бул койлор эмне кылды? Кудай-Теңирим! Сенин колуң Өз элиңе эмес, мага каршы, менин атамдын тукумуна каршы болсун, Өз элиң тукум курут болбосун», – деп айтты.

Дөөттүн Арабенанын кырманын сатып алышы

18 Гат Дөөткө айтсын деп, Теңирдин периштеси ага: «Дөөт келип, жебустук Арабенанын кырманына Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курсун», – деди.

19 Дөөт Теңирдин атынан сүйлөгөн Гаттын сөзү боюнча жөнөп кетти.

20 Арабена бурулуп, периштени көрүп, төрт уулу менен жашынып калды. Арабена эгин бастырып жаткан.

21 Дөөт Арабенага келди. Арабена башын көтөрүп, Дөөттү көрдү да, кырманынан чыгып, Дөөткө жерге жете таазим кылды.

22 Дөөт Арабенага: «Кырманың турган жерди мага бер. Мен бул жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курам. Аны мага өз баасына бер, элди кыруу токтосун», – деди.

23 Арабена Дөөткө мындай деди: «Ала бер, мырзам падыша көңүлүнө жакканын кылсын. Мына, мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка өгүздөрүмдү, отунга эгин бастырган шайманымды, нан курмандыгына буудайымды кошо берем. Бардыгын бекер берем».

24 Дөөт падыша Арабенага: «Жок, мен буларды сенден өз баасына сатып алам, анткени сенин менчиктериңди Теңирге арнагым келбейт жана бекер алгандарды бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалгым келбейт», – деди.

25 Дөөт кырман турган жер үчүн Арабенага алты жүз шекел алтын берди.

26 Дөөт ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалды. Анан Кудайды чакырды, Ал анын үнүн укту да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык өрттөлгөн жайга асмандан от жиберди.

27 Теңир периштеге: «Кылычыңды кынына сал», – деди.

28 Ошол учурда Дөөт жебустук Арабенанын кырманында Теңир анын үнүн укканын көрүп, ошол жерге курмандык чалды.

29 Муса чөлдө жасаган Теңирдин жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жай ошол кезде Гибондогу дөңсөөдө эле.

30 Дөөт Кудайга кайрылуу үчүн, ал тарапка бара алган жок, анткени Теңирдин периштесинин кылычынан коркту.

22-БӨЛҮМ

Дөөттүн ийбадаткана курууга даярдык көрүшү

1 Дөөт: «Кудай-Теңирдин үйү менен ысрайылдыктардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалуучу жайы ушул жерде болот», – деди.

2 Дөөт Ысрайыл жеринде турган келгиндердин бардыгын жыйнап келүүгө буйрук берди да, Кудайдын үйүн куруш үчүн, таш жонгонго таш жонуучуларды койду.

3 Ал дарбазага мык жана илгич жасаш үчүн, эң көп темир даярдады, ошондой эле сансыз көп жез даярдады.

4 Эсепсиз көп кедр жыгачын даярдады, анткени сидондуктар менен тирликтер Дөөткө көп кедр жыгачын жеткиришти.

5 Дөөт мындай деди: «Менин уулум Сулайман жаш, күчү да аз, ал эми Теңир үчүн курула турган үй абдан чоң, жер жүзүндөгү эң мыкты, эң кооз имарат болушу керек. Ошондуктан ал үчүн бардыгын мен өзүм даярдайм». Дөөт көзү өткөнгө чейин көп нерсе даярдап койду.

Дөөттүн Сулайманга ийбадаткананын курулушу жөнүндө көрсөтмө бериши

6 Ал өз уулун, Сулайманды, чакырып, Ысрайылдын Кудай-Теңирине үй курууну буйруду.

7 Дөөт Сулайманга мындай деди: «Уулум! Менин жүрөгүмдө Кудай-Теңирим үчүн үй курам деген ой бар эле.

8 Бирок мага Теңирден сөз болуп, мындай деп айтылган: “Сен көп согуштуң, көп кан төктүң, ошондуктан сага Менин ысымыма арнап үй курганга болбойт, анткени сен Менин көз алдымда жерге көп кан төктүң.

9 Сенден уул төрөлөт, тынчтыкта жашаган адам болот. Мен аны курчап турган бардык душмандардан ага тынчтык берем, ошондуктан анын ысымы Сулайман болот. Анын тушунда Ысрайылга тынчтык жана бейпилдик берем.

10 Ал Менин ысымыма арнап үй тургузат, ал Менин уулум болот, Мен анын атасы болом, Мен анын падышачылык тагын Ысрайылга түбөлүккө бекитем”.

11 Эми, уулум, Теңир сени менен болсун, ийгиликке жет, Ал Өзү сен жөнүндө айткандай, Кудай-Теңириңе үй кур!

12 Теңир сага акыл-эс берсин, сени Ысрайылдын үстүнөн койсун, Кудай-Теңириңдин мыйзамын сакта!

13 Эгерде Ысрайыл үчүн Теңир Мусага берген мыйзам менен буйруктарын так аткарууга аракет кыла турган болсоң, анда сен зор ийгиликке жетесиң. Бекем, кайраттуу бол, коркпо, чөкпө.

14 Мына, мен көп аракет кылып, Теңирдин үйү үчүн жүз миң талант алтын, бир миллион талант күмүш даярдап койдум, ал эми темир менен жездерге сан жетпейт, анткени алар эсепсиз көп. Ошондой эле жыгач менен таштарды да даярдап койдум. Сен булардын үстүнө дагы кош.

15 Сенин көп сандаган жумушчуларың, таш жонуучуларың, кескичтериң, жыгач усталарың жана ар кандай ишке жөндөмдүү адамдарың бар.

16 Алтын, күмүш, темир, жездерге эсеп жок. Башта да, жасай бер. Теңир сени менен болот».

Дөөттүн төрөлөргө Сулайманга жардам берүүнү буйрук кылышы

17 Дөөт Ысрайылдын бардык төрөлөрүнө уулу Сулайманга жардам кылуусун буйрук кылды:

18 «Туш тараптан силерге бейкуттук, тынчтык берген биздин Кудай-Теңирибиз силер менен, анткени Ал жер жүзүндө жашоочуларды менин колума салып берди. Жер жүзү Теңирге жана Анын элине багынып берди.

19 Жүрөгүңөрдү да, жаныңарды да Кудай-Теңириңерди издөөгө бургула. Тургула, Теңирдин келишим сандыгы менен Кудайдын ыйык идиштерин көчүрүп келүү үчүн, Теңирдин ысымына арнап, Кудай-Теңириңерге ыйык жай кургула».

23-БӨЛҮМ

Дөөттүн көз жумар алдында Сулайманды өзүнүн ордуна падыша кылып коюшу

1 Дөөт картайып, өмүргө тойгон соң, уулу Сулайманды Ысрайылга падыша көтөрдү.

Лебилерге жана Гейиршондун уулдарына берилген буйруктар

2 Анан ысрайылдыктардын бардык төрөлөрүн, ыйык кызмат кылуучуларын, лебилерин чогултту.

3 Отуз жаштагы жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды. Аларды бирден санап чыкканда, отуз сегиз миң адам болду.

4 Алардын ичинен Теңирдин үйүндөгү иштерге жыйырма төрт миңи дайындалды, катчылары менен башкаруучулары алты миң болду.

5 Төрт миң дарбазачы, Теңирди мактап ырдоочу төрт миң адам дайындалды, алар Кудайды даңктоо үчүн, Дөөт жасаган күү аспаптарда ойношот.

6 Дөөт аларды Лебинин уулдары Гейиршонго, Каатка жана Мерариге өздөрүнүн кызмат кезеги боюнча бөлүп берди.

7 Гейиршон уулдарынан Ладан менен Шимейди бөлүп алды.

8 Ладандын уулдары: биринчи Жехиел, Зейтам жана Жоел – үчөө.

9 Шимейдин уулдары: Шеломит, Хазиел жана Аран – үчөө. Булар – Ладан уруусунун башчылары.

10 Шимейдин башка уулдары: Жахат, Зиза, Жейуш жана Берия. Бул төртөө – Шимейдин уулдары.

11 Жахат булардын башчысы болду, Зиза – экинчиси. Жейуш менен Берия көп балалуу эмес эле, андыктан алар атасынын үй-бүлөсү менен бир эсепке киришти.

Кааттын тукуму жөнүндө

12 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел – төртөө.

13 Амрамдын уулдары: Арун менен Муса. Арун ыйыктын ыйыгына кызмат кылууга дайындалган, ал уулдары менен Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн, Ага кызмат кылыш үчүн, Анын ысымын түбөлүккө даңктап туруш үчүн бөлүнгөн.

14 Ал эми Кудайдын кишиси Муса жана анын уулдары Леби тукумуна кирген.

15 Мусанын уулдары: Гейиршом менен Элиезер.

16 Гейиршомдун уулдары: биринчиси – Шебуел.

17 Элиезердин уулу: биринчиси – Рехабия. Элиезердин мындан башка уулу болгон эмес. Рехабиянын уулдары өтө көп болгон.

18 Житсардын уулдары: биринчиси – Шеломит.

19 Хеброндун уулдары: биринчиси – Жерия, экинчиси – Амария, үчүнчүсү – Жахазиел, төртүнчүсү – Жекамам.

20 Узиелдин уулдары: биринчиси – Миха, экинчиси – Жишия.

Мераринин тукуму жөнүндө

21 Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Махлинин уулдары: Элазар менен Киш.

22 Элазар дүйнөдөн өттү. Анын эркек балдары болгон эмес, кыздары эле бар болчу. Аларды өздөрүнүн бир туугандары болгон Киштин уулдары аялдыкка алышты.

23 Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жереймот – үчөө.

Лебилердин жаңы милдеттери

24 Булар – Леби уулдарынан тараган уруулар, уруу башчылар. Теңирдин үйүндө кызмат кылып турган, жыйырма жана андан жогорку жаштагы аттары аталып эсепке кирген Леби уулдары ушулар.

25 Анткени Дөөт мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз элине бейпилдик берип, аны түбөлүккө Иерусалимге жайгаштырды.

26 Эми лебилер жыйын чатырын жана андагы кызмат кылууда колдонулуучу ар кандай буюмдарды көтөрүп жүрүшпөйт».

27 Ошондуктан Дөөттүн акыркы буйругу боюнча, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды.

28 Алар Теңирдин үйүнө кызмат кылуу үчүн, короодо жана кошумча үйлөрдө, бүт ыйык жайда тазалыкты сакташ үчүн, Кудайдын үйүндөгү ар кандай кызматтарды аткарыш үчүн, алар Арун уулдарынын кол астында болушат.

29 Алар Кудайдын алдына коюлуучу нанга, нан курмандыгына алып келинген буудай унуна, ачыткысыз нандарга, бышырылган, куурулган тамактарга, алардын өлчөмү менен салмагына көз салышат.

30 Алар ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге ыраазычылык билдирип, Аны даңазалап турушат.

31 Ар дайым Теңирдин алдында, мыйзамда жазылгандай, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөгөн учурда кызмат кылышат.

32 Алар келишим сандыгын, ыйык жайды жана Теңир үйүндө кызмат кылып жаткан өз бир туугандары болгон Арундун уулдарын кайтарышат.

24-БӨЛҮМ

Арундун уулдарынын өкчөмө таш боюнча жыйырма төрт кезекке бөлүнүшү

1 Арундун уулдары мындай бөлүндү: Арундун уулдары: Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.

2 Надап менен Абыйут атасынан мурун каза болушту, алардын уулдары болгон эмес. Ошондуктан Элазар менен Итамар ыйык кызмат кылышты.

3 Дөөт аларды кызматка бөлүштүрдү – Элазардын уулдарынан Садокту, Итамардын уулдарынан Акимелекти кызматы боюнча бөлдү.

4 Итамардын уулдарына караганда Элазардын уулдарынын башчылары көбүрөөк болуп чыкты. Ошондуктан ал буларды мындай бөлдү: Элазар уулдарынан он алты уруу башчы, Итамар уулдарынан сегиз уруу башчы.

5 Аларды өкчөмө таш ыргытып бөлдү, анткени Элазардын уулдарынан да, Итамардын уулдарынан да ыйык жайда жана Кудайдын алдында башчы болуп турушту.

6 Аларды лебилерден катчы болгон Натанаелдин уулу Шемая падыша менен төрөлөрдүн алдында, ыйык кызмат кылуучу Садоктун алдында жана Абыйатардын уулу Акимелектин алдында, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулар тукумунун башчыларынын алдында тизмеге жазды. Өкчөмө таш ыргытканда, Элазар уруусунан бир үй-бүлөнү, Итамар уруусунан бир үй-бүлөнү алышты.

7 Биринчи өкчөмө таш Жейойарипке, экинчи таш Жедаяга түштү.

8 Yчүнчүсү Харимге, төртүнчүсү Сейоримге,

9 бешинчиси Малкияга, алтынчысы Мияминге,

10 жетинчиси Акоско, сегизинчиси Абияга,

11 тогузунчусу Жейшуяга, онунчусу Шеханияга,

12 он биринчиси Элийашипке, он экинчиси Жакимге,

13 он үчүнчүсү Хупага, он төртүнчүсү Жешебапка,

14 он бешинчиси Билгага, он алтынчысы Имерге,

15 он жетинчиси Хейзирге, он сегизинчиси Апитсеске,

16 он тогузунчусу Петахияга, жыйырманчысы Хискияга,

17 жыйырма биринчиси Жахинге, жыйырма экинчиси Гамулга,

18 жыйырма үчүнчүсү Делаяга, жыйырма төртүнчүсү Мазияга түштү.

19 Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алардын атасы Арунга берген буйругу боюнча алардын Теңирдин үйүнө келип кызмат кылуу кезеги ушундай.

Лебинин башка уулдарынын бөлүнүшү

20 Лебинин башка уулдарынын бөлүнүшү: Амрам уулдарынан: Шубаел. Шубаел уулдарынан: Жехдея.

21 Рехабиядан: Жишия. Ал Рехабиянын тун уулу болчу.

22 Житсардан: Шеломот. Шеломот уулдарынан: Жахат.

23 Хеброндун уулдарынан: биринчи Жерия, экинчи Амария, үчүнчү Жахазиел, төртүнчү Жекамам.

24 Узиелдин уулдарынан: Миха. Миханын уулдарынан: Шамир.

25 Миханын бир тууганы Жишия. Жишиянын уулдарынан: Захария.

26 Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Жаазиянын уулдарынан: Бено.

27 Мераринин уулдарынын ичинен Жаазиядан: Бено менен Шоям, Закур жана Ибри.

28 Махлиден Элазар, Элазардын уулдары болгон эмес.

29 Киш тукумунан, Киштин уулдарынан: Жерахмейел.

30 Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жеримот. Уруулары боюнча лебилердин уулдары ушулар.

31 Алар да өз бир тууганы Арундун уулдары менен кошо Дөөт падышанын, Садоктун, Акимелектин жана ыйык кызмат кылуучулар менен леби урууларынын башчыларынын алдында өкчөмө таш ыргытышты. Уруу башчылары кенже бир туугандары менен бирдей укукта болду.

25-БӨЛҮМ

Ырчылардын саны жана алардын милдеттери

1 Дөөт менен аскер башчылар Асаптын, Эймандын жана Жедутундун уулдарын кызмат кылууга бөлүп коюшту. Алар лира тартып, арфа чертип, жез табак кагып, пайгамбарчылык кылып туруулары керек эле. Ушул кызматты аткарууга бөлүнгөн адамдар булар:

2 Асаптын уулдарынан: Закур, Жусуп, Нетания жана Асарел. Булар – падышанын буйругу боюнча, Асаптын жетекчилиги астында ойной турган Асаптын уулдары.

3 Жедутундан Жедутундун уулдары: Гедалия, Сери, Ышайа, Шемей, Хашабия жана Мататия – алтоо. Булар – атасы Жедуттун жетекчилиги астында Теңирди мактап жана даңктап, лира черте тургандар.

4 Эймандан Эймандын уулдары: Букия, Матания, Узиел, Шебуел, Жеримот, Ханания, Ханани, Элийап, Гидалети, Ромамти-Эзер, Жошбекеша, Малоти, Отир жана Махазиот.

5 Кудайдын сөзү боюнча, Анын даңкын даңазалоого коюлган падышанын көрөгөчү Эймандын уулдары ушулар. Кудай Эйманга он төрт уул жана үч кыз берген.

6 Булардын баары – падышанын же Асаптын, Жедутундун жана Эймандын көрсөтүүсү боюнча Кудайдын үйүндө кызмат кылып, атасынын жетекчилиги астында Теңирдин үйүндө жез табак кагып, арфа жана лира чертип ырдагандар.

7 Бул өнөрдү билген, Теңирдин алдында ырдоого үйрөнгөн бир туугандары менен бирге алардын саны эки жүз сексен сегиз эле.

Алардын өкчөмө таш боюнча жыйырма төрт кезекке бөлүнүшү

8 Алар кызмат кылуу кезегин билиш үчүн, улуу-кичүү, устат-шакирт дебей, өкчөмө таш ыргытышты.

9 Биринчи кезек Асапка тийди, Жусуп үчүн. Экинчи кезек бир туугандары жана уулдары менен Гедалияга тийди. Алар – он эки.

10 Yчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Закурга тийди. Алар – он эки.

11 Төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Житсириге түштү. Алар – он эки.

12 Бешинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Нетанияга тийди. Алар – он эки.

13 Алтынчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Букияга тийди. Алар – он эки.

14 Жетинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жесарелге тийди. Алар – он эки.

15 Сегизинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Ышайага тийди. Алар – он эки.

16 Тогузунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Матанияга тийди. Алар – он эки.

17 Онунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Шимейге тийди. Алар – он эки.

18 Он биринчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Азариелге тийди. Алар – он эки.

19 Он экинчи кезек, уулдары жана бир туугандары менен Хашабияга тийди. Алар – он эки.

20 Он үчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Шубаелге тийди. Алар – он эки.

21 Он төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Мататияга тийди. Алар – он эки.

22 Он бешинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жеримотко тийди. Алар – он эки.

23 Он алтынчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Хананияга тийди. Алар – он эки.

24 Он жетинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Жошбекешага тийди. Алар – он эки.

25 Он сегизинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Хананиге тийди. Алар – он эки.

26 Он тогузунчу кезек уулдары жана бир туугандары менен Малотиге тийди. Алар – он эки.

27 Жыйырманчы кезек уулдары жана бир туугандары менен Элийапка тийди. Алар – он эки.

28 Жыйырма биринчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Отирге тийди. Алар – он эки.

29 Жыйырма экинчи кезек уулдары жана бир туугандары менен Гидалетиге тийди. Алар – он эки.

30 Жыйырма үчүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Махазиотко тийди. Алар – он эки.

31 Жыйырма төртүнчү кезек уулдары жана бир туугандары менен Ромамти-Эзерге тийди. Алар – он эки.

26-БӨЛҮМ

Дарбаза кайтаруучуларды бөлүштүрүү

1 Дарбазачылардын бөлүштүрүлүшү: Корак тукумунан: Асап уулдарынан Корактын уулу Мешелемия.

2 Мешелемиянын уулдары: туну – Захария, экинчиси – Жедийаел, үчүнчүсү – Зебадия, төртүнчүсү – Жатниел,

3 бешинчиси – Эйлам, алтынчысы – Жоханан, жетинчиси – Элийонай.

4 Обейт-Эдомдун уулдары: туну – Шемая, экинчиси – Жейозабат, үчүнчүсү – Жаах, төртүнчүсү – Сакар, бешинчиси – Натанаел,

5 алтынчысы – Амиел, жетинчиси – Исахар, сегизинчиси – Пейултай, анткени ага Кудай батасын берген.

6 Анын уулу Шемаядан да өз уруусуна башчылык кылган уулдар төрөлгөн. Алар күчтүү адамдар болгон.

7 Шемаянын уулдары: Отни, Репаел, Обейт жана Элзабат, анын бир туугандары Элийу менен Семакия – күчтүү адамдар.

8 Булардын баары Обейт-Эдомдун уулдарынан болгон. Алар, алардын уулдары жана бир туугандары тырышчаак, кызматка жөндөмдүү адамдар эле. Обейт-Эдомдун тукуму – алтымыш эки адам.

9 Мешелемиянын жөндөмдүү уулдары менен бир туугандары – он сегиз адам.

10 Мераринин уулдарынын бири Хосанын уулдары: Шимри – башчысы, ал тун уулу болбосо да, атасы аны башчы кылып койгон.

11 Экинчиси – Хилкия, үчүнчүсү – Тебалия, төртүнчүсү – Захария. Хосанын уулдары менен бир туугандары он үч.

12 Теңир үйүндө кызмат кылуу үчүн, бир туугандары сыяктуу эле жөндөмдүү дарбазачылардын башчы болуп бөлүнүшү мына ушундай.

13 Алар өз уруулары боюнча ар бир дарбаза үчүн, улуу-кичүү дебей, өкчөмө таш ыргытышты.

14 Өкчөмө ташты ыргытканда, Шелемияга чыгыш тарап түштү. Анын уулу акылман кеңешчи Захарияга түндүк тарап түштү.

15 Обейт-Эдомго түштүк тарап, анын уулдарына кампанын капкасын кайтаруу түштү.

16 Шупим менен Хосага батыш тарап жана жол өр тарткан жердеги Шалехет дарбазасы, эки күзөтчү бетме-бет турган жерди кайтаруу түштү.

17 Чыгыш тарапка алтыдан леби, түндүк тарапка төрттөн, түштүк тарапка төрттөн, кампанын алдына экиден,

18 батыш тарабынан короого кире турган жолго төрттөн, короонун өзүнө экиден.

19 Корак уулдары менен Мерари уулдарынан бөлүнгөн дарбазачылар ушулар.

Казынаны кайтарууга коюлган лебилер

20 Алардын бир туугандары лебилер болсо Кудайдын үйүндөгү казынаны жана Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышты.

21 Гейиршуни уулу Ладандын уулдарынан Жехиел. Ал Ладан уруусунун уруу башчысы эле.

22 Жехиелдин уулдары: Зейтам жана анын бир тууганы Жоел Кудайдын үйүндөгү казынаны кайтарышты,

23 алар менен бирге Амрамдын, Житсардын, Хеброндун жана Узиелдин уруулары турду.

24 Мусанын уулу Гейиршомдун уулу Шебуел казына кайтаруучулардын башчысы болду.

25 Шебуелдин бир тууганы – Элиезер, Элиезердин уулу – Рехабия, Рехабиянын уулу – Ышайа, Ышайанын уулу – Жорам, Жорамдын уулу – Зихри, Зихринин уулу – Шеломит.

26 Шеломит жана анын бир туугандары Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казынаны кайтарышкан, ал буюмдарды Дөөт падыша, уруу башчылар, миң башылар, жүз башылар жана аскер башчылар Кудайга арнашкан.

27 Алар Теңир үйүнө керектөө үчүн, чаап алгандарынан, олжолоп алгандарынан Кудайга арнап турушкан.

28 Шемуел пайгамбар эмнени арнаса, ошонун баары, Киштин уулу Шабулдун, Нейирдин уулу Абенердин, Серуянын уулу Жойаптын арнагандарынын бардыгы Шеломит менен анын бир туугандарынын колунда болгон.

Катчылар менен башкаруучулар

29 Житсар уруусунан: Кенания менен анын уулдары ысрайылдыктардын тышкы иштерин тейлеген катчылар жана башкаруучулар болуп дайындалышты.

30 Хеброн уруусунан: Хашабия жана анын бир туугандары, бир миң жети жүз эр жүрөк адамдар падышанын кызматтарында, Теңирдин ар кандай иштеринде, Иордандын берки тарабында батышты карай жайгашкан бүт Ысрайылды кайтарып турушту.

31 Хеброн уруусунда уруулары менен укум-тукумун башкарып, Хеброн урууларына башчы болуп Жерия турду. Дөөттүн бийлигинин кыркынчы жылында алар санакка киришти, алардын арасынан гилаттык Жазерден баатыр адамдар чыкты.

32 Анын бир туугандарынан жөндөмдүү эки миң жети жүз адамы уруу башчы болду. Аларды Дөөт Рубейиндин, Гаттын уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна башчы кылып, Кудайдын бардык иштери менен падышанын бардык иштерин башкартып койгон.

27-БӨЛҮМ

Аскер бөлүктөрүнүн үстүнөн ай сайын кызмат кылып туруу үчүн бөлүштүрүлгөн башчылар

1 Бул – Ысрайыл уулдарынын жылдын бардык айында, ар ай сайын келип-кетип турган, падышанын бардык иштеринде бөлүм-бөлүм боюнча кызмат кылган уруу башчылардын, миң башылардын, жүз башылардын жана иш башкаруучулардын саны. Ар бир бөлүмдө алар жыйырма төрт миңден болгон.

2 Биринчи ай үчүн, биринчи бөлүмдө Забдиелдин уулу Жашобам башчылык кылган. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

3 Ал Перестин уулдарынан болгон, ал биринчи айда бардык аскер башчылардын үстүнөн башчы болгон.

4 Экинчи айда бөлүмдүн үстүнөн акойактык Додай башчылык кылган. Анын бөлүмүндө Миклот төрө да болгон, бөлүмдө жыйырма төрт миң киши бар эле.

5 Yчүнчү ай үчүн үчүнчү аскер башчы Жойаттын, ыйык кызмат кылуучунун уулу Беная болду, анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң киши болгон.

6 Бул Беная – отуз эр жүрөк жоокердин бири, алардын башчысы. Анын бөлүмүндө өз уулу Амизабат бар болчу.

7 Төртүнчү ай үчүн, төртүнчүсү Жойаптын бир тууганы Асаел болду, андан кийин анын уулу Зебадия. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

8 Бешинчи ай үчүн, бешинчиси жизрахиялык Шамут төрө болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

9 Алтынчы ай үчүн, алтынчысы текоялык Икештин уулу Ира болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

10 Жетинчи ай үчүн, жетинчиси пелондук Хелез болду, ал Эпрайымдын уулдарынан эле. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

11 Сегизинчи ай үчүн, сегизинчиси Зерак уруусунан хушалык Сипхай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

12 Тогузунчу ай үчүн, тогузунчусу Бенжемин уулдарынан анатоттук Абиезер болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

13 Онунчу ай үчүн, онунчусу Зерак уруусунан нетопалык Марай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

14 Он биринчи ай үчүн, он биринчиси Эпрайым уулдарынан пиратондук Беная болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

15 Он экинчи ай үчүн, он экинчиси Отниелдин уруусунан нетопалык Хелдай болду. Анын бөлүмүндө жыйырма төрт миң адам болгон.

Ысрайыл урууларынын башчылары

16 Ал эми Ысрайыл урууларына коюлган башчылар: Рубейинге Зихринин уулу Элиезер, Шымонго Мааханын уулу Шепатия,

17 Лебиге Кемуелдин уулу Хашабия, Арунга Садок,

18 Жүйүткө Дөөттүн бир туугандарынан Элийап, Исахарга Михаелдин уулу Омри,

19 Забулунга Обадиянын уулу Жишмая, Напталыга Азриелдин уулу Жеримот,

20 Эпрайым уулдарына Азазиянын уулу Ошуя, Менашенин жарым уруусуна Педая уулу Жоел,

21 Гилаттагы Менашенин жарым уруусуна Захариянын уулу Идо, Бенжеминге Абенердин уулу Жаасиел,

22 Данга Жерохамдын уулу Азариел болду. Булар Ысрайыл урууларынын жол башчылары эле.

23 Жыйырма жаштагыларды жана андан төмөнкүлөрдү Дөөт санакка киргизген жок, анткени Теңир Ысрайыл тукумун асмандагы жылдыздардай көбөйтөм деп айткан.

24 Серуянын уулу Жойап эсептей баштады, бирок бүтпөй калды. Бул санак үчүн Кудай Ысрайылга каарданды. Бул санак Дөөт падышанын тарыхына кирген жок.

25 Падышанын казыналарынын үстүнөн Адиел уулу Азмабет коюлду. Ал эми талаадагы, шаардагы, айыл-кыштактардагы, мунаралардагы кампаларга Узиянын уулу Жонатан коюлду.

Дөөт койгон калган кызматчылар

26 Талаада иштегендердин үстүнөн, дыйканчылыкка Хелуптун уулу Эзри,

27 жүзүмзарларга рамалык Шимей, жүзүмзарлардагы шарап сакталуучу кампалардын үстүнөн шепамдык Забдий,

28 өрөөндөгү зайтун жана анжыр бактарына гедейралык Баал-Канан, өсүмдүк майлары сакталуучу кампаларга Жааш,

29 Шарон жайытындагы бодо малга шарондук Шитрай, өрөөндөгү малга Адлайдын уулу Шапат,

30 төөлөргө Ысмайыл тукумунан Обил, эшектерге мейрондук Жехдея,

31 майда малга агрылык Жазиз жоопкерчиликтүү эле. Булардын баары – Дөөт падышанын мал-мүлкүнө жооптуу адамдар.

32 Дөөттүн агасынын баласы Жонатан даанышман адам болгондуктан, анын кеңешчиси жана катчысы болду. Хахмоминин уулу Жехиел падышанын уулдарына көзөмөлчү болду.

33 Акитопел падышанын кеңешчиси болду. Архилик Хушай падышанын жан досу болду.

34 Акитопелден кийин Бенаянын уулу Жойат жана Абыйатар кеңешчи болду. Ал эми Жойап падышанын аскер башчысы болду.

28-БӨЛҮМ

Дөөт падышанын Ысрайыл жол башчыларынын салтанаттуу чогулушунда өзүнүн тилегин жарыя кылышы

1 Дөөт Иерусалимде падышага кызмат кылган Ысрайылдын бардык жол башчыларын, уруу башчыларын, бөлүм башчыларын, миң башыларын, жүз башыларын, мал-мүлкүнө жооптуу адамдарын, өз уулдары менен кошо эбнухтарын, аскер башчыларын, бардык эр жүрөк адамдарын чогултту.

2 Анан ал ордунан туруп, мындай деди: «Мени уккула, бир туугандарым, элим! Менин жүрөгүмдө биздин Кудайдын бутунун астына, Теңирдин келишим сандыгы үчүн бир бейпил үй курсам деген тилегим бар эле, курулуш үчүн керектүүнүн баарын даярдап койдум.

3 Бирок Кудай мага: “Менин ысымыма арнап үй курба, анткени сен жоокер адамсың, сен кан төккөнсүң”, – деди.

4 Ошондой болсо да Теңир, Ысрайылдын Кудайы, менин атамдын тукумунан мени тандап алып, түбөлүккө Ысрайылга падыша кылып койду, анткени Жүйүттү төрө кылып тандап алды. Жүйүттүн тукумунан менин атамдын тукумун, атамдын уулдарынын ичинен мени бүткүл Ысрайылга падыша кылып коюш үчүн ырайым кылды.

5 Теңир мага көп уул берди, ошол көп уулдарымдын ичинен Ал менин уулум Сулайманды Ысрайылдын үстүнөн болгон падышачылык такка отургузууга тандап алды.

6 Анан Ал мага мындай деди: “Менин үйүмдү жана Менин короо-жайларымды сенин балаң Сулайман курат, анткени Мен аны Өзүмө уул кылып тандап алдым, Мен ага Ата болом.

7 Эгерде ал бүгүнкү күнгө чейин Менин мыйзамдарым менен буйруктарымды сактап келгендей, мындан ары да аларды бек сактаса, анын падышачылыгын Мен түбөлүккө бекитем”.

8 Мен эми Теңирдин жыйыны болгон бардык ысрайылдыктардын көз алдында, Кудайдын кулагына угуза мындай демекмин: Мынабу асыл жерге ээ болуп, көзүңөр өткөндөн кийин, аны балдарыңарга жана урпактарыңарга түбөлүккө мураска калтырышыңар үчүн, Кудай-Теңириңердин бардык мыйзамдарын бек сактап, так аткаргыла.

9 Уулум, Сулайман, сен да атаңдын Кудайын бил, ага чын жүрөгүңдөн, жан-дилиңден кызмат кыл, анткени Теңир бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат. Эгерде Кудайды издесең, Аны табасың. Эгерде Аны таштай турган болсоң, Ал сени түбөлүккө таштайт.

10 Байкагын, анткени Теңир ыйык жай үчүн үй курууга сени тандап алды, бекем бол жана бул ишти жаса».

11 Дөөт өз уулу Сулайманга кире бериш бөлмөнүн, үйлөрдүн, кампалардын, үстүнкү бөлмөлөрдүн, ички бөлмөлөрдүн жана келишим сандыгы туруучу жайдын,

12 ошондой эле жүрөгүндөгү нерселердин, Теңир үйүнүн короо-жайларынын, тегерегиндеги бүт бөлмөлөрдүн, Кудай үйүндөгү казынанын, Кудайга арналган буюмдар сакталуучу казыналардын,

13 ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин бөлмөлөрүнүн, Теңир үйүндөгү ар кандай кызматка арналган бөлмөлөрдүн, Теңир үйүндөгү бардык идиштердин,

14 салмагы белгиленген алтын буюмдардын, ар кандай кызматка колдонула турган идиштердин, салмагы белгиленген күмүш буюмдардын, ар кандай кызматка колдонула турган идиштердин чиймесин чийип берди.

15 Алтын чырактандар менен алардын чырактарына, алардын ар бирине канча алтын кетерин, ошондой эле күмүш чырактандар менен чырактарга, алардын ар бирине канча күмүш кетерин жазып берди.

16 Нан курмандыгы коюлуучу үстөлдөргө, ар бир үстөлгө канча алтын кетерин, күмүш үстөлдөргө канча күмүш кетерин,

17 таза алтындан жасала турган аш айрыларга, чөйчөктөргө, чараларга, алтын табактарга канча алтын кетерин, күмүш табактарга канча күмүш кетерин,

18 алтындан куюлуп жасала турган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайга канча алтын кетерин жазып берди. Ошондой эле майдан арабанын жана канаттарын жайып, Теңирдин келишим сандыгын жаап турган алтын керуптардын чиймесин чийип берди.

19 «Мунун баарын мен Теңирдин жетекчилиги астында жазгам, Ал мага кандай куруу керектигин түшүндүрүп берген», – деди Дөөт.

Дөөттүн Сулайманга Теңир үйүн курууну тапшырышы

20 Дөөт уулу Сулайманга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, ишке кириш, коркпо, үрөйүңдү учурба. Кудай-Теңир, менин Кудайым, сени менен болот. Теңирдин үйүнө талап кылынуучу иштерди аягына чейин бүтүрмөйүнчө, Ал сенден четтебейт, сени таштабайт.

21 Кудайдын үйүндөгү ар кандай иштерди аткарууга ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин тобу даяр. Сенин дитин коюп иштеген, колунан көөрү төгүлгөн адамдарың бар. Башчылар да, эл да бардык буйруктарыңды аткарууга даяр».

29-БӨЛҮМ

Дөөттүн бүткүл элге акыл-насаат айтып кайрылышы

1 Дөөт падыша бүткүл жыйынга мындай деди: «Кудай уулдарымдын ичинен бир гана Сулайман уулумду тандап алды. Бирок ал жаш, кубаты аз, бул иш болсо эбегейсиз чоң иш, анткени бул имарат адам үчүн эмес, Кудай-Теңир үчүн!

2 Менин Кудайымдын үйүнө алтын буюмдар үчүн алтын, күмүш буюмдар үчүн күмүш, жез буюмдар үчүн жез, темир буюмдар үчүн темир, жыгач буюмдар үчүн жыгач, акак таштарды, коюлуучу таштарды, ар түрдүү кооз таштарды, ар кандай асыл таштарды, көп мрамор таштарды болгон күч-кубатым менен даярдап койдум.

3 Алтын-күмүш сакталган өзүмдүн казынам бар. Ыйык жай үчүн даярдагандарымдан тышкары, мен аны Кудайдын үйүн сүйгөндүктөн, Кудайдын үйү үчүн берем.

4-5 Yйдүн дубалдарын капташ үчүн, алтындан жасала турган алтын буюм үчүн, күмүштөн жасала турган ар бир буюм үчүн, чебер усталар жасай турган ар кандай нерселер үчүн үч миң талант Опир алтынын, жети миң талант таза күмүш бердим. Бүгүн дагы ким өз каалоосу менен Теңир үчүн курмандык кылат?»

Башчылар менен элдин чын жүрөктөн берген тартуулары

6 Ошондо уруу башчылары, Ысрайыл урууларынын башчылары, миң башылары, жүз башылары, падышанын чарба иштерин башкаруучулары ар кандай курмандык бере башташты.

7 Кудай үйүн тургузуш үчүн, алар беш миң талант таза алтын, он миң алтын драхма, он миң талант күмүш, он сегиз миң талант жез, жүз миң талант темир беришти.

8 Кимдин асыл таштары болсо, аларды Кудай үйүндөгү казынага, гейиршунилик Жехиелдин колуна беришти.

9 Эл алардын демилгесине аябай кубанды, анткени алар Теңирге чын жүрөктөн курмандык кылышты. Буга Дөөт падыша да абдан кубанды.

Дөөттүн Теңирди даңктап, Ага ыраазычылык билдириши

10 Дөөт бүт жыйындын көз алдында Теңирди мындай деп даңктады: «Атабыз Ысрайылдын Кудай-Теңири, Сага кылымдан кылымга даңк!

11 Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сага таандык, жердеги менен асмандагынын баары Сеники! Теңир, падышачылык бийлик да Сеники! Бардыгынын Эгедери Сенсиң, бир Өзүң бардыгынан жогорусуң!

12 Байлык да, атак-даңк да Сенден келет, бардыгына Сен үстөмдүк кылып турасың, Сен күчтүүсүң жана кудуреттүүсүң. Жогору көтөрүү жана бардыгын бекемдөө Сенин колуңда!

13 Бүгүн биз Сени, Теңир, даңазалап, улуу ысымыңды мактап жатабыз!

14 Анткени ушундай курмандык кылууга кудуретибиз жеткидей, мен киммин да, менин элим ким? Анткени бардыгы Сенден, Сенин колуңдан алганыбызды кайра Өзүңө бердик.

15 Себеби биз ата-бабаларыбыздай эле Сенин алдыңда жолоочубуз, келгинбиз. Жер үстүндөгү биздин өмүрүбүз көлөкө сыяктуу, эч кандай үмүт жок.

16 Теңир, Кудайыбыз! Сага, Сенин ыйык ысымыңа арнап үй куруу үчүн даярдап койгондорубуздун баары Сенин колуңдан чыккан, баары Сеники!

17 Кудуреттүү Кудайым, Сенин жүрөктү сынарыңды, таза жүрөктү сүйөрүңдү билем. Мен ушунун бардыгын чын жүрөгүмдөн курмандык кылдым, бул жерде турган элиңдин да Сага кубаныч менен курмандык кылып жатканын көрүп турам.

18 Теңир, биздин ата-бабаларыбыз Ыбрайымдын, Ыскактын, Ысрайылдын Кудайы! Өз элиңдин жүрөгүндөгү ушул жакшы ниетти түбөлүккө сактай көр, алардын жүрөгүн Өзүңө бур.

19 Сенин осуяттарыңды, көрсөтмөлөрүңдү, мыйзамдарыңды сакташы үчүн, ушунун бардыгын аткарышы үчүн жана керек-жарактарын өзүм даярдап берген имаратты курушу үчүн, менин уулум Сулайманга таза жүрөк бер».

20 Дөөт бүт жыйынга: «Биздин Кудай-Теңирибизди даңктагыла!» – деди. Ошондо жыйындагы бүт жамаат ата-бабаларынын Кудай-Теңирин даңктады, жерге жыгылып, Теңирге жана падышага таазим кылышты.

21 Эртеси күнү алар Теңирге курмандыктарын алып келишти, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды: бир миң букачар, бир миң кочкор, бир миң козу, куюлуучу курмандыктарын жана бүт Ысрайылдан көп курмандыктарды алып келишти.

22 Ошол күнү Теңирдин алдында зор кубаныч менен ичип-жешти. Дөөттүн уулу Сулайманды экинчи ирет падыша көтөрүп, Теңирдин алдында жогорку бийликке майлашты, Садокту болсо ыйык кызмат кылуучу кылып майлашты.

Сулаймандын падыша болушу. Дөөт падышанын көз жумушу

23 Сулайман өз атасы Дөөттүн ордуна Теңирдин тагына падыша болуп отурду, аны ийгилик коштоп жүрдү. Бүткүл Ысрайыл эли ага баш ийип турду.

24 Бардык башчылар, бардык күчтүүлөр, ошондой эле Дөөттүн башка бардык уулдары Сулайман падышага баш ийишти.

25 Теңир бүткүл Ысрайылдын көз алдында Сулаймандын зоболосун көтөрдү. Ага буга чейин Ысрайылдын эч бир падышасы ээ болбогон падышачылык атак-даңкты берди.

26 Жышай уулу Дөөт Ысрайылга падышачылык кылды,

27 ал Ысрайылга кырк жыл падыша болду: Хеброндо жети жыл падышачылык кылды, Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

28 Ал бакыбат өмүр сүрүп, өмүргө тоюп, байлыкка, даңкка ээ болуп көз жумду. Анын ордуна уулу Сулайман падыша болду.

29 Дөөттүн алгачкы жана акыркы иштери көрөгөч Шемуелдин жазууларында, пайгамбар Натандын жазууларында жана көрөгөч Гаттын жазууларында жазылган.

30 Ошондой эле ал жазууларда Дөөттүн падышачылык кылышы, эрдиги, анын башынан өткөргөн окуялары, Ысрайылдын жана жер жүзүндөгү бардык падышачылыктардын тарыхы жазылган.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz