Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЭЗРА

1-БӨЛҮМ

Кореш падышанын Иерусалимдеги ийбадаткананы кайра куруу жөнүндөгү буйругу

1 Персия падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында, Теңирдин Жеремия аркылуу айткан сөзү ордунан чыгыш үчүн, Теңир Персия падышасы Корештин рухун ойготту. Ошондуктан ал өзү башкарган бүт падышачылыкка оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды:

2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: “Жер жүзүнүн бардык падышачылыктарын асмандагы Кудай, Теңир, мага берди. Ал мага Жүйүт аймагындагы Иерусалимде Ага арнап үй курууну буйрук кылды.

3 Силердин араңарда ким Анын элинен болсо, Кудай Өзү аны менен болсун, ал Жүйүт аймагындагы Иерусалимге барсын. Ал Иерусалимдеги Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн курсун.

4 Ал эми кетпей калган ысрайылдыктарга, алар кайсы жерде жашаганына карабастан, ошол жердин тургундары Иерусалимдеги Кудайдын үйү үчүн чын жүрөгү менен күмүш, алтын, ар кандай буюм, мал берип, жардам кылышсын”».

5 Ошондо Иерусалимдеги Теңир үйүн курууга барыш үчүн, Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана Кудай кимге каалоо берсе, ошолордун баары турду.

6 Кошуна жашаган элдин баары чын жүрөгү менен бергендеринен тышкары, алтын-күмүш идиштерин, ар кандай буюмдарын, малын, ар кандай кымбат баалуу буюмдарын алып келип көмөк көрсөттү.

7 Падыша Кореш Небухаданасардын Иерусалимден алып кетип, өз кудайынын үйүнө коюп алган Теңир үйүнүн идиштерин алып чыкты.

8 Персия падышасы Кореш казына кармаган Митредатка аларды алып чыгууну буйруду. Митредат болсо аларды санап туруп, Жүйүт төрөсү Шешпатсарга тапшырды.

9 Алардын эсеби мынча болду: алтын идиштен отуз, күмүш идиштен миң, бычактан жыйырма тогуз,

10 алтын чөйчөктөн отуз, кош кабат күмүш чөйчөктөн төрт жүз он, башка ар кандай идиштен миң.

11 Алтын-күмүш идиштердин бардыгы беш миң төрт жүз болду. Шешпатсар туткундарды Бабылдан Иерусалимге жөнөтүп жатканда мунун баарын ала кетти.

2-БӨЛҮМ

Туткундан бошогон адамдардын тизмеси

1 Бабыл падышасы Небухаданасар Бабылга туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге жана Жүйүт аймагына, өз жерине кайтып келген бул өлкөнүн уулдары булар:

2 Зоробабыл менен, Жешуя менен, Некемия менен, Серая менен, Рейлай менен, Мордохай менен, Билшан менен, Миспар менен, Бикбай менен, Рехум менен, Баан менен келген Ысрайыл элинин саны:

3 Парош уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки;

4 Шепатия уулдары үч жүз жетимиш эки;

5 Арах уулдары жети жүз жетимиш беш;

6 Жашыя менен Жойап уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он эки;

7 Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;

8 Затунун уулдары тогуз жүз кырк беш;

9 Закайдын уулдары жети жүз алтымыш;

10 Банинин уулдары алты жүз кырк эки;

11 Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма үч;

12 Азгаттын уулдары бир миң эки жүз жыйырма эки;

13 Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш алты;

14 Бикбайдын уулдары эки миң элүү алты;

15 Адындын уулдары төрт жүз элүү төрт;

16 Жехискиянын үй-бүлөсүнөн Атейирдин уулдары токсон сегиз;

17 Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма үч;

18 Жоранын уулдары бир жүз он эки;

19 Хашумдун уулдары эки жүз жыйырма үч;

20 Гибардын уулдары токсон беш;

21 Бейт-Лехемде туулгандар бир жүз жыйырма үч;

22 Нетопада жашагандар элүү алты;

23 Анатотто жашагандар бир жүз жыйырма сегиз;

24 Азмабетте туулгандар кырк эки;

25 Кирийат-Жейаримде, Кепирада жана Бейротто туулгандар жети жүз кырк үч;

26 Рамада жана Гебада туулгандар алты жүз жыйырма бир;

27 Мукмаста жашагандар бир жүз жыйырма эки;

28 Бейтелде жана Айда жашагандар эки жүз жыйырма үч;

29 Небодо туулгандар элүү эки;

30 Магбиште туулгандар бир жүз элүү алты;

31 Башка Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт;

32 Харимдин уулдары үч жүз жыйырма;

33 Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма беш;

34 Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш;

35 Сенаада туулгандар үч миң алты жүз отуз.

36 Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын үй-бүлөсүнөн Жедая уулдары тогуз жүз жетимиш үч;

37 Имердин уулдары бир миң элүү эки;

38 Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети;

39 Харимдин уулдары бир миң он жети.

40 Лебилер: Одабия уулдарынан Жешуя менен Кадмиелдин уулдары жетимиш төрт;

41 Ырчылар: Асаптын уулдары бир жүз жыйырма сегиз;

42 Дарбазачылардын уулдары: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары, бардыгы болуп бир жүз отуз тогуз.

43 Нетиндер: Зиханын уулдары, Хасупанын уулдары, Табаотанын уулдары.

44 Кейростун уулдары, Сиянын уулдары, Падондун уулдары,

45 Лебандын уулдары, Хагаптын уулдары, Акуптун уулдары,

46 Хагаптын уулдары, Самлайдын уулдары, Ханандын уулдары,

47 Гиделдин уулдары, Гахардын уулдары, Рейайдын уулдары,

48 Ретсиндин уулдары, Некоданын уулдары, Газамдын уулдары,

49 Узанын уулдары, Пасейахтын уулдары, Бейсайдын уулдары,

50 Аснанын уулдары, Мейунимдин уулдары, Непусимдин уулдары,

51 Бакбуктун уулдары, Хакупанын уулдары, Хархурдун уулдары,

52 Батсулуттун уулдары, Мехиданын уулдары, Харшанын уулдары,

53 Баркостун уулдары, Сисранын уулдары, Тамахтын уулдары,

54 Нетсиахтын уулдары, Хатипанын уулдары.

55 Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын уулдары, Сопереттин уулдары, Перуданын уулдары,

56 Жааланын уулдары, Даркондун уулдары, Гиделдин уулдары,

57 Шепатиянын уулдары, Хатилдин уулдары, Похерет-Себайымдын уулдары, Аминин уулдары,

58 бардыгы болуп нетиндер менен Сулаймандын кулдары үч жүз токсон эки.

59 Ысрайылданбы, кайсы уруудан экенин көрсөтө албаган Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп, Адан, Имейерден чыккандар мына булар:

60 Делаянын уулдары, Тобиянын уулдары, Некоданын уулдары алты жүз элүү эки адам.

61 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары жана гилаттык Барзелайдын кызына үйлөнүп, ошолордун аты менен аталып калган Барзелайдын уулдары.

62 Алар өздөрүнүн санжырасын издешкен, бирок ал табылган жок. Ошондуктан алар ыйык кызматтан чыгарылган.

63 Тиршапа аларга урим менен тумим аркылуу Кудайдын эркин сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебеш керектигин айтты.

64 Бардык жамаат биригип кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.

65 Алардын жети миң үч жүз отуз жети кулу менен күңүнөн тышкары, дагы эки жүз ырчы кыз-жигити болгон.

66 Алардын жети жүз отуз алты аты, эки жүз кырк беш качыры,

67 төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.

68 Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө келген уруу башчылардын кээ бирөөлөрү Теңир үйүн өзүнүн мурунку турган жерине кайра тургузуш үчүн, өз каалоосу менен курмандык кылышты.

69 Байлыктарына жараша, алар курулуш иштери үчүн, анын казынасына алтымыш бир миң драхма алтын, беш миң мина күмүш жана ыйык кызмат кылуучулар кие турган жүз кийим беришти.

70 Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, эл да, ырчылар да, дарбазачылар да, нетиндер да өз шаарларында жашап калышты, ошондой эле бүт ысрайылдыктар да өз шаарларында жашап калышты.

3-БӨЛҮМ

Кудайга табынуунун калыбына келтирилиши

1 Жетинчи ай болгондо, бүт Ысрайыл уулдары шаарларынан Иерусалимге келишти, алар бир кишидей чогулушту.

2 Жотсадактын уулу Жешуя, анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандары, Шалтиел уулу Зоробабыл, анын бир туугандары ордунан турушту да, Кудайдын кулу Мусанын мыйзамында жазылгандай, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык алып келиш үчүн, Ысрайыл Кудайына арнап курмандык чалынуучу жай курушту.

3 Алар башка элдерден корккондуктан, курмандык чалынуучу жайды мурунку ордуна курушту да, Кудайга арнап ар күнү эртең менен жана кечинде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып турушту.

4 Алар мыйзам боюнча Алачык майрамын өткөрүшүп, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты ар бир күндүн мыйзамы боюнча белгиленген санда чалып турушту.

5 Ошондон кийин Теңирге арналган бардык майрамдарда, ай жаңырганда дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөп турушту, ар ким өз ыктыяры менен Теңирге арнап тартууларын берип турушту.

6 Жетинчи айдын биринчи эле күнүнөн баштап Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды өрттөй башташты. Бирок Теңирдин ийбадатканасынын пайдубалы коюла элек болчу.

7 Алар таш сомдоочуларга, жыгач усталарга күмүш берип турушту. Ошондой эле кедр жыгачын Персия падышасы Корештин уруксаты менен Лебанондон деңиз аркылуу Жапага жеткирип туруш үчүн, сидондуктар менен тирликтерге тамак, суусундук, май берип турушту.

Ийбадаткананы калыбына келтирүүнүн башталышы

8 Алар Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө келгенине эки жыл, эки ай болгондо, Шалтиел уулу Зоробабыл менен Жотсадак уулу Жешуя жана алардын бөлөк бир туугандары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, Иерусалимге кайтып келген бардык туткундар курулушту башташты. Кудайдын үйүндөгү жумуштарга көзөмөл кылыш үчүн, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилерди коюшту.

9 Жүйүт тукуму болгон Жешуя менен анын уулдары, бир туугандары, Кадмиел менен анын уулдары Кудайдын үйүн куруп жаткандарга бир кишидей башчылык кылып турушту, ошондой эле Хейнадаттын уулдары, алардын уулдары менен бир туугандары, лебилер, кошо турушту.

10 Куруучулар ийбадаткананын пайдубалын тургузуп бүткөндөн кийин, ыйык кийимдерин кийген ыйык кызмат кылуучуларды сурнайлары менен, Асаптын уулдарын, лебилерди жез табактары менен Ысрайыл падышасы Дөөттүн көрсөтмөсү боюнча Теңирди даңкташ үчүн коюшту.

11 Ошондо алар кезектешип: «Теңирди мактагыла, даңктагыла, анткени Ал ырайымдуу, Анын Ысрайыл элине болгон ырайымы түбөлүктүү», – деп ырдай башташты. Бүт эл да ийбадаткананын пайдубалы коюлганы үчүн, Теңирди даңктап кыйкырып жатты.

12 Ошондо мурдагы ийбадаткананы көргөн ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, уруу башчылардын, карыялардын көпчүлүгү өздөрүнүн көз алдында курулуп жаткан ийбадаткананын азыркы пайдубалын көрүп, катуу ыйлашты. Кээ бирөөлөр кубанганынан жер жаңырта кыйкырып жатышты.

13 Ошондо эл кубанычтын кыйкырыгы менен ый өкүрүгүн ажырата албай калды. Анткени эл жер жаңырта кыйкырып, алардын үнү алыска угулуп жатты.

4-БӨЛҮМ

Душмандардын ийбадаткананын калыбына келтирилишине каршы болушу

1 Жүйүт менен Бенжеминдин душмандары туткундан кайткан кишилердин Ысрайылдын Кудай-Теңирине арнап ийбадаткана куруп жатканын угушту.

2 Ошондо алар Зоробабылга жана уруу башчыларга келип, мындай дешти: «Биз да силер менен курушабыз, анткени Сирия падышасы Эйсар-Хадон бизди бул жакка алып келгенден бери биз да силердей эле силердин Кудайыңарга кайрылып, силердин Кудайыңарга курмандык чалып жүрөбүз».

3 Зоробабыл, Жешуя жана Ысрайылдын башка уруу башчылары аларга мындай деп айтышты: «Биздин Кудайыбыздын үйүн силер биз менен бирге курбайсыңар. Персия падышасы Кореш буйрук кылгандай, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн биз өзүбүз эле курабыз».

4 Ошондо ал жердин адамдары жүйүт элин алсыратып, курулушка тоскоол кыла башташты.

5 Алар жүйүт элинин иштерин бузуш үчүн, Персия падышасы Корештин падышачылыгынан Персия падышасы Дарийдин падышачылыгына чейин, аларга каршы кеңешчилерди пара берип сатып алып турушту.

6 Акашбейроштун падышачылыгынын башында, Жүйүт аймагы менен Иерусалимде жашагандарды айыптап кат жазышты.

7 Артакшаштанын тушунда Бишлам, Митредат, Табел жана алардын башка жолдоштору Персия падышасы Артакшаштага кат жазышты. Кат сирия тамгасы менен сирия тилинде жазылды.

8 Кеңешчи Рехум менен катчы Шимшай Иерусалимге каршы Артакшашта падышага мындай деп жазышты:

9 «Биз, Рехум кеңешчи менен Шимшай катчы жана алардын башка жолдоштору: динайлыктар, апарсаткалыктар, тарпелдиктер, апарастыктар, аркеликтер, бабылдыктар, шушандыктар, дайлыктар, эйламдыктар,

10 даңазалуу, улуу падыша Аснапар самариялык шаарларга жана дарыянын наркы өйүзүндөгү башка шаарларга көчүргөн жана башка элдер».

11 Ага жиберилген каттын мазмуну мындай: «Падыша Артакшаштага дарыянын наркы өйүзүндө жашаган кулдарыңдан жана башка элдерден.

12 Падышага белгилүү болсун, өзүңдөн чыккан жүйүттөр бизге, Иерусалимге келип, бул козголоңдуу жаман шаарды кайрадан куруп, дубалдарын тургузуп жатышат, пайдубалдарын болсо куруп коюшту.

13 Падышага белгилүү болсун, эгерде бул шаар кайрадан курулуп, дубалдары калыбына келе турган болсо, анда булар салык да, бажы акысын да, алым да төлөбөй калышат, ошондо падышанын казынасына зыян келет.

14 Биз падыша сарайынын тузун жеп жаткандыктан, падышанын уят болгонун көргүбүз келбейт, ошондуктан падышага ушул маалыматты жиберип жатабыз.

15 Сенин ата-бабаларыңдын тарых китебин таап беришсин, ошол тарых китебин карасаң, бул шаар падышалар үчүн, дубандар үчүн козголоңдуу, зыяндуу шаар болгонун, ал шаарда эзелтеден эле козголоңдор болуп турганын, ошон үчүн ал талкаланганын билесиң.

16 Ошондуктан биз падышага маалымдап жатабыз, эгерде бул шаар курулуп, калыбына келип, дубалдары тургузулуп калса, дарыянын наркы өйүзүнөн алган жерден айрыласың».

17 Ошондо падыша кеңешчи Рехумга, катчы Шимшайга, алардын Самарияда жана дарыянын наркы өйүзүндөгү шаарларда жашаган жолдошторуна мындай жооп жөнөттү: «Салам! ... жана башка.

18 Силердин бизге жөнөткөн катыңар менин алдымда ачык окулду.

19 Мен буйрук бердим, изилдеп, бул шаардын эзелтен бери падышаларга каршы чыгып турганын, бул шаарда козголоңдор, көтөрүлүштөр болуп турганын,

20 Иерусалимде дарыянын наркы өйүзүндөгү жерлердин баарын ээлеген күч-кубаттуу падышалар болгонун, алар алым, салык, бажы акысын алып турушканын билдик.

21 Ошондуктан буйрук бергиле, бул адамдар жумушту токтотушсун, менден буйрук болмоюнча, бул шаар курулбасын.

22 Бул ишти көзөмөлдөгүлө. Зыяндуу иштерди көбөйтүп, падышаларга зыян келтирүүнүн эмне кереги бар?»

23 Артакшашта падышанын бул каты кеңешчи Рехум менен катчы Шимшайдын жана алардын жолдошторунун алдында окулары менен, алар токтоосуз Иерусалимге, жүйүт элине келишти да, куралдуу күч менен жумушту токтотушту.

24 Ошондо Иерусалимдеги Кудайдын үйүндөгү жумуш токтоду. Бул жумуш Персия падышасы Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылына чейин токтоп турду.

5-БӨЛҮМ

Иштин кайра башталышы

1 Бирок Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захария пайгамбар Жүйүт аймагында жана Иерусалимде жашаган жүйүттөргө Ысрайылдын Кудайынын ысымынан пайгамбарчылык сөздөрүн айтышты.

2 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жотсадак уулу Жешуя Иерусалимдеги Кудай үйүн кура башташты, аларды Кудайдын пайгамбарлары колдоп турушту.

3 Ошол учурда аларга дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору келип: «Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?» – дешти.

4 Ошондо биз аларга бул имаратты куруп жаткан адамдардын аттарын айттык.

5 Бирок Кудай жүйүт аксакалдарына көз салып турду. Тигилер бул ишти Дарийге жөнөткөнчө, андан бул иш боюнча чечим келгенче, жүйүттөргө тыюу салбай турушту.

Дарий падышага билдирүү

6 Дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторунун – апарсаткалыктардын Дарий падышага жөнөткөн катынын мазмуну мындай:

7 Алар жөнөткөн билдирүүдө мындай деп жазылган: «Дарий падышага бардык жактан тынчтык болсун!

8 Биздин Жүйүт аймагындагы улуу Кудайдын үйүнө барганыбыз падышага маалым болсун. Ал үй чоң-чоң таштардан курулуп жатат, дубалдарына устундар коюлуп жатат, бул жумуш тез жүрүп, алардын колдору менен ийгиликтүү бүтүп бара жатат.

9 Ошондо биз алардын аксакалдарынан: “Бул үйдү курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?” – деп сурадык.

10 Мындан тышкары, алардын аттарын сурадык, биз алардын башчыларынын аттары сага белгилүү болушу үчүн жазып алдык.

11 Алар мындай деп жооп беришти: “Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз, биз мындан көп жыл мурда курулган үйдү кайра куруп жатабыз, аны Ысрайылдын улуу падышасы курган.

12 Биздин ата-бабаларыбыз асмандагы Кудайдын каарына калганда, Ал Бабыл падышасы, каздимдик Небухаданасардын колуна аларды салып берген. Ал бул үйдү талкалап, элин Бабылга туткундап кеткен.

13 Бирок Бабыл падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Кудайдын бул үйүн кайра курууга Кореш падыша уруксат берген.

14 Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыгып, Бабыл ийбадатканасына койгон Кудай үйүндөгү алтын-күмүш идиштерди да Кореш падыша кайрадан Бабыл ийбадатканасынан алып, өзү дубан башчы кылып дайындаган Шешпатсар дегендин колуна тапшырып,

15 ага: "Бул идиштерди Иерусалимдеги ийбадатканага алып бар. Кудайдын үйү өзүнүн мурунку турган жеринде курула берсин", – деген.

16 Ошондо ошол Шешпатсар келип, Иерусалимге Кудай үйүнүн пайдубалын курган. Ошондон бери ал курулуп жатат, бирок бүтө элек”.

17 Ошондуктан падыша туура тапса, Иерусалимдеги Кудайдын бул үйүн курууга Кореш падышанын уруксат бергени чын бекен падышанын Бабылдагы казына үйүнөн карап көрүшсүн. Ал тууралуу бизге падыша өз буйругун жөнөтсүн».

6-БӨЛҮМ

Корештин буйругунун табылышы

1 Ошондо Дарий падыша Бабылдагы казынадагы китеп сактагычтан ал буйрукту табууга буйрук кылды.

2 Мадай дубанындагы Ахмета сарайынан бир түрмөк китеп табылды, анда мындай деп жазылган экен: «Эстетүү үчүн:

3 Кореш падышанын падышачылыгынын биринчи жылында Иерусалимдеги Кудай үйү тууралуу Кореш падыша мындай буйрук берген: “Курмандык чалына турган жай – Кудай үйү курулсун, ал үчүн бекем пайдубал орнотулсун. Анын бийиктиги алтымыш чыканак, туурасы алтымыш чыканак болсун.

4 Чоң таштардан үч катар, жыгач устундардан бир катар коюлсун. Каражат падыша үйүнөн берилсин.

5 Иерусалимдеги ийбадатканадан Небухаданасар Бабылга алып кеткен Кудай үйүндөгү алтындан, күмүштөн жасалган идиштер кайрадан Иерусалимдеги ийбадатканага жеткирилип, ар бири Кудай үйүндөгү өз-өз ордуна коюлсун”».

Дарий падышанын буйругу

6 «Ошондуктан дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай жана Шетар-Бознай, дарыянын наркы өйүзүндөгү жолдошторуңар – апарсаткалыктар менен кошо ал жерден кеткиле.

7 Кудай үйүндөгү жумуштарды токтотпогула; жүйүттөрдүн дубан башчысы менен жүйүт аксакалдары Кудайдын бул үйүн өз ордуна кайрадан курушсун.

8 Кудайдын үйүн куруп жаткан жүйүт аксакалдарына мындай жардам берүүнү буйрук кылам, атап айтканда, падышанын мал-мүлкүнөн – дарыянын наркы өйүзүнөн түшкөн алык-салыктан тезинен алып, иш токтобош үчүн, ошол адамдарга бергиле.

9 Канча керек болсо, асмандагы Кудайга арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка букачардан болобу, койлордон же козудан болобу, ошондой эле Иерусалимдин ыйык кызмат кылуучулары кандай айтса, буудай, туз, шарап, май болобу, эмне керек болсо, күн сайын үзгүлтүксүз берилсин.

10 Алар асмандагы Кудайга жаккан курмандык чалып, падышанын жана анын балдарынын өмүрү үчүн сыйынышсын.

11 Мен мындай буйрук берем: ким бул көрсөтмөнү бузса, анда анын үйүнүн устунун сууруп, ал устунга ээсин керип ташташсын, үйү болсо уратылсын.

12 Кудайдын аты турган Иерусалимдеги Кудайдын ыйык үйүнө суук колун сунуп, зыян келтире турган ар кандай элдерди да, алардын падышаларын да Кудай жок кылсын деп мен, Дарий, бул буйрукту бердим. Бул буйрук так аткарылсын».

13 Ошондо дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчы Татнай, Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору Дарий кандай буйруса, так ошондой аткарышты.

14 Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захариянын пайгамбарчылыгы боюнча Жүйүт аксакалдары курулушту улантып, чоң ийгиликке жетишти. Ысрайыл Кудайынын эрки менен, Персия падышалары: Корештин, Дарийдин, Артакшаштанын буйругу менен алар курулушту бүткөрүштү.

Ийбадаткананын ыйыкталышы

15 Ал үй Адар айынын үчүнчү күнү, Дарийдин падышачылыгынын алтынчы жылында курулуп бүттү.

16 Ысрайыл уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, туткундан келген башка кишилер Кудайдын бул үйүн кубаныч менен ыйыкташты.

17 Кудайдын бул үйүн ыйыктаган учурда жүз букачар, эки жүз кой, төрт жүз козу, Ысрайыл уруусунун санына жараша, бардык Ысрайылдын күнөөсү үчүн он эки теке курмандыкка чалышты.

18 Мусанын китебинде жазылгандай, Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө кызмат кылууга ыйык кызмат кылуучуларды тобу боюнча, лебилерди кезеги боюнча орундарына коюшту.

Пасах

19 Биринчи айдын он төртүнчү күнү туткундан кайткандар Пасах майрамын өткөрүштү.

20 Анткени ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин бири калбай тазаланышты. Туткундан кайткандардын бардыгы үчүн, ыйык кызмат кылуучу бир туугандары үчүн жана өздөрү үчүн Пасах майрамына арналган козуларды союшту.

21 Туткундалып кетип, кайра кайтып келген Ысрайыл уулдары да Пасах тамагынан жешти, ошондой эле Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылып туруш үчүн, башка элдердин тазалангандарынын баары жешти.

22 Алар Ачыткысыз нан майрамын жети күн кубаныч менен өткөрүштү. Анткени Кудай аларды кубантып, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин үйүн курууда күч-кубат бериш үчүн, аларга Ашур падышасынын жүрөгүн бурду.

7-БӨЛҮМ

Эзранын Иерусалимге келиши

1 Бул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшаштанын тушунда Эзра Бабылдан чыкты. Ал – Сераянын уулу, Серая – Азариянын уулу, Азария – Хилкиянын уулу,

2 Хилкия – Шалумдун уулу, Шалум – Садоктун уулу, Садок – Акитуптун уулу,

3 Акитуп – Амариянын уулу, Амария – Азариянын уулу, Азария – Мерайоттун уулу,

4 Мерайот – Захариянын уулу, Захария – Узинин уулу, Узи – Букинин уулу,

5 Буки – Абышуанын уулу, Абышуа – Пинехастын уулу, Пинехас – Элазардын уулу, Элазар – башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу.

6 Эзра Бабыл жеринен чыкты. Ал китеп көчүргүч болгон, Ысрайылдын Кудай-Теңири берген Мусанын мыйзамдарын жакшы билген. Падыша анын каалаганын берди, анткени Кудай-Теңиринин колу анын үстүндө эле.

7 Эзра менен бирге Ысрайылдын кээ бир уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, ырчылар, дарбазачылар, нетиндер Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылы Иерусалимге келишти.

8 Ал Иерусалимге Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылынын бешинчи айында келди.

9 Бабылдан чыгуу биринчи айдын биринчи күнү башталды. Ал бешинчи айдын биринчи күнү Иерусалимге келди, анткени Кудайдын жакшылык кылуучу колу анын үстүндө эле.

10 Эзра өзүнүн жүрөгүн Теңирдин мыйзамын изилдөөгө, аны аткарууга, Ысрайыл элине мыйзамды жана чындыкты үйрөтүүгө бурган эле.

Артакшашта падышанын каты

11 Артакшашта падышанын Ысрайыл элине Теңирдин осуяттары менен мыйзамдарын үйрөткөн ыйык кызмат кылуучу, китеп көчүргүч Эзрага берген катынын мазмуну мындай:

12 «Падышалардын падышасы Артакшаштадан асмандагы Кудайдын мыйзамын окутуучу, ыйык кызмат кылуучу Эзрага салам.

13 Менин падышачылыгымдагы Ысрайыл элинин, анын ыйык кызмат кылуучуларынын, лебилеринин арасынан ким Иерусалимге барууну кааласа, ал сени менен барсын деп буйрук бердим.

14 Анткени сен падышанын жана анын жети кеңешчисинин атынан сенин колуңдагы Кудайдын мыйзамы боюнча Жүйүт аймагы менен Иерусалимдин акыбалын карап көрүү үчүн,

15 падыша менен анын кеңешчилери Иерусалимдеги Ысрайыл Кудайынын үйүнө курмандыкка арнаган алтын-күмүштөрүн жеткириш үчүн,

16 Бабылдын бардык дубанынан өзүң жыйнап алган алтын-күмүштөрдү ыйык кызмат кылуучулардын жана элдин Иерусалимдеги Кудайдын үйүнө арнап өз каалоолору боюнча курмандыкка берген тартуулары менен бирге жеткириш үчүн жөнөтүлүп жатасың.

17 Ошондуктан бул акчаларга токтоосуз өгүздөрдү, койлорду, козуларды, алар менен кошо чалынуучу нан курмандыктарын, куюлуучу курмандыктарды сатып ал, аларды Иерусалимдеги Кудайыңардын үйүндөгү курмандык чалынуучу жайда чал.

18 Калган алтын-күмүштөрдү өз Кудайыңардын эрки менен өзүң жана бир туугандарың эмнени туура деп тапса, ошого жумшагыла.

19 Кудайыңдын үйүндө кызмат кылууда пайдаланылуучу сага тапшырылган идиштерди Иерусалим Кудайынын алдына алып барып койгун.

20 Кудайыңдын үйү үчүн дагы эмне керек деп эсептесең, ошонун баарын падышанын казынасынан бер.

21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын наркы өйүзүндөгү казына кайтаруучулардын бардыгына буйрук берем: асмандагы Кудайдын мыйзамдарын үйрөтүүчү, ыйык кызмат кылуучу Эзра эмне талап кылса, ошону токтоосуз бергиле:

22 Жүз талантка чейин күмүш, жүз батка чейин буудай, жүз батка чейин шарап, жүз батка чейин май бергиле, тузду болсо өлчөөсүз бергиле.

23 Асмандагы Кудайдын үйү үчүн асмандагы Кудай берген бардык буйрук тактык менен орундалсын, болбосо Кудайдын каары падышанын жана анын балдарынын падышачылыгына тиет.

24 Силерге дагы билдире кетчү нерсе: Кудайдын үйүндө кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, ырчылардын, дарбазачылардын, нетиндердин эч кимисинен алым, салык, бажы акысы алынбасын.

25 Сен болсо, Эзра, Кудайың берген даанышмандыгың менен башчыларды жана башкаруучуларды кой, алар дарыянын наркы өйүзүндөгү элди – Кудайыңдын мыйзамдарын билген элди башкарышсын, билбегендерди үйрөткүлө.

26 Ким Кудайыңдын мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаса, аны токтоосуз өлүм жазасына болобу, же сүргүнгө болобу, же акчалай айыпка болобу, же зынданга болобу өкүм чыгарышсын».

Эзранын Кудайды даңкташы

27 Падышанын жүрөгүнө Иерусалимдеги Кудай үйүн жасалгалоону салган,

28 мага падышанын, анын кеңешчилеринин, анын бардык күч-кубаттуу төрөлөрүнүн ырайымын бурган ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине алкыш! Ошондо мен кайраттандым, анткени Кудай-Теңиримдин колу менин үстүмдө эле. Ошондуктан мени менен барышсын деп, Ысрайылдын уруу башчыларын чогулттум.

8-БӨЛҮМ

Туткундан келген кишилердин тизмеси

1 Падыша Артакшаштанын падышачылыгында, мени менен Бабылдан чыккан уруу башчылары булар. Алардын санжырасы:

2 Пинехас уулдарынан Гейиршом; Итамар уулдарынан Даниел; Дөөт уулдарынан Хатуш;

3 Шехания уулдарынан, Пароштун уулдарынан Захария жана анын санжырасына кирген жүз элүү эркек;

4 Пахат-Маап уулдарынан Зерахиянын баласы Элийонай жана аны менен кошо эки жүз эркек;

5 Шехания уулдарынан Жахазиелдин баласы, аны менен кошо үч жүз эркек;

6 Адын уулдарынан Эбед, Жонатандын баласы, аны менен кошо элүү эркек;

7 Эйлам уулдарынан Жешая, Аталеянын баласы, аны менен кошо жетимиш эркек;

8 Шепатия уулдарынан Зебадия, Михаелдин баласы, аны менен кошо сексен эркек;

9 Жойап уулдарынан Обадия, Жехиелдин баласы, аны менен кошо эки жүз он сегиз эркек;

10 Шеломит уулдарынан Жосипиянын баласы, аны менен кошо жүз алтымыш эркек;

11 Бейбай уулдарынан Захария, Бейбайдын баласы, аны менен кошо жыйырма сегиз эркек;

12 Азгат уулдарынан Жоханан, Акатандын баласы, аны менен кошо жүз он эркек;

13 Адонукамдын акыркы уулдарынан: Элипелет, Жейел, Шемая, алар менен кошо алтымыш эркек;

14 Бикбайдын уулдарынан Утай менен Закур, алар менен кошо жетимиш эркек;

Эзранын лебилерди кызматка чакырышы

15 Мен аларды Агапка келип куйган дарыянын жээгине чогулттум. Ал жерде үч күн турдук. Мен элди жана ыйык кызмат кылуучуларды карап чыкканда, Леби уулдарынан эч кимди таппадым.

16 Ошондо мен алардын башчылары: Элиезерди, Ариелди, Шемаяны, Элнатанды, Жарипти, Элнатанды, Натанды, Захарияны, Мешуламды, ошондой эле окутуучулар: Жойарип менен Элнатанды чакыртууга киши жөнөттүм.

17 Аларды Касипия жеринин башчысы Идого тапшырма менен жибердим, биздин Кудайыбыздын үйүнө кызматчыларды алып келиш үчүн, Идого жана анын бир туугандарына, Касипия жериндеги нетиндерге эмне айтууну айтып бердим.

18 Кудайыбыздын жакшылык кылуучу колу биздин үстүбүздө тургандыктан, алар бизге Ысрайыл уулу Лебинин, Леби уулу Махлинин уулдарынан чыккан бир акылдуу адамды, атап айтканда, Шейребияны жана анын уулдары менен бир туугандарынан он сегиз кишини,

19 Мераринин уулдарынан Хашабияны, аны менен бирге Жешаяны жана анын бир туугандары менен уулдарынан жыйырма кишини,

20 Дөөт менен анын төрөлөрү лебилерге кызмат кылууга беришкен нетиндерден эки жүз жыйырма нетинди алып келишти; алардын бардыгынын аттары аталды.

Агап дарыясынын жанында орозо менен сыйынууну жарыялоо

21 Анан Кудайыбыздын алдында моюн сунуп, өзүбүз үчүн да, балдарыбыз үчүн да, мал-мүлкүбүз үчүн да Андан ак жол суроо үчүн, Агап дарыясынын боюнда орозо жарыяладым.

22 Анткени бизди жолдо душмандардан сакташ үчүн, мен падышадан аскерлерди жана атчан аскерлерди сурагандан уялдым. Биз падыша менен сүйлөшкөндө: «Кудайдын жакшылык кылуучу колу Өзүнө жардам сурап кайрылгандардын үстүндө, ал эми кудурети менен каары андан четтеп кеткендердин үстүндө!» – деген элек.

23 Ошентип, биз орозо кармап, Кудайдан ушуну жалынып сурадык, Ал биздин үнүбүздү укту.

Ийбадатканага арналган курмандыктар

24 Анан мен башкы ыйык кызмат кылуучулардын ичинен он эки кишини: Шейребия менен Хашабияны, алар менен кошо алардын бир туугандарынан он кишини бөлүп койдум.

25 Анан падыша менен анын кеңешчилеринин, төрөлөрүнүн жана ал жерде болгон бардык Ысрайыл элинин Кудайыбыздын үйүнө тартуулаган алтын-күмүштөрүн, идиштерин таразага тартып туруп, алардын колуна бердим.

26 Таразага тартып туруп, алардын колуна алты жүз элүү талант күмүш, жүз талант күмүш идиш, жүз талант алтын бердим.

27 Миң драхма турган жыйырма алтын чөйчөктү, алтынга тете бааланган, жаркырак жезден жасалган эки идишти тапшырдым.

28 Анан аларга мындай дедим: «Силер Теңирдин ыйык адамдарысыңар, ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине чын жүрөктөн тартуулаган алтын-күмүштөр да, идиштер да ыйык.

29 Аларды Иерусалимдеги Ысрайыл уруу башчыларынын, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин башында тургандардын колуна өткөрүп бермейинче, Кудай үйүнүн сактоочу жайларына тапшырмайынча абайлагыла, өтө сак болгула».

30 Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Иерусалимдеги Кудайыбыздын үйүнө жеткириш үчүн, таразага тартылган алтын-күмүштөрдү, идиштерди кабыл алышты.

Иерусалимге кайтып келүү

31 Ошентип, биз Иерусалимге Агап дарыясынан биринчи айдын он экинчи күнү чыктык. Кудайыбыздын колу биздин үстүбүздө болду, Ал бизди душмандардын, жолубузду торогондордун колунан коргоп жүрдү.

32 Анан биз Иерусалимге келип, ал жерде үч күн болдук.

33 Төртүнчү күнү Кудайыбыздын үйүнө арналган алтын-күмүштөрдү, идиштерди таразага тартып, Урийдин уулу, ыйык кызмат кылуучу Меремоттун, лебилер Пинехастын уулу Элазардын, Жешуянын уулу Жозабаттын жана Бинуйдун уулу Ноядиянын колдоруна өткөрүп бердик.

34 Бардыгын таразага тартып, эсептеп тапшырдык. Ошол эле учурда таразага тартылгандардын баары жазылып жатты.

35 Туткундан кайткандар Ысрайыл Кудайына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалыш үчүн, бүт Ысрайылдын күнөөсү үчүн он эки букачар, токсон алты кочкор, жетимиш жети козу, он эки теке алып келишти. Мунун баары Теңирдин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгына арналды.

36 Анан алар падышанын буйруктарын дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчыларга, падышанын төрөлөрүнө беришти. Ошондо алар Кудайдын элине жана үйүнө урмат көрсөтүштү.

9-БӨЛҮМ

Эзранын бөтөн элден аял алган жүйүттөр жөнүндө билиши

1 Бул иштер бүткөндөн кийин, башчылар мага келип, мындай дешти: «Ысрайыл эли, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер бөтөн элдердин: канаандыктардын, хеттиктердин, периздиктердин, жебустуктардын, амондуктардын, мааптыктардын, мисирликтердин, аморлуктардын жийиркеничтүү иштеринен арыла элек.

2 Анткени өздөрү да, уулдары да алардын кыздарынан алышты. Ыйык тукум бөтөн уруулар менен аралашып кетти. Кала берсе, эң атактууларынын, башчыларынын колдору биринчилерден болуп ушундай мыйзамсыз иштерге барды».

3 Мен бул сөздөрдү укканда, ич кийимимди да, тыш кийимимди да айрып, башымдагы чачымды, ээгимдеги сакалымды жулуп, кайгырып отурдум.

4 Ошондо туткундан кайткандардын кылмышынан улам Ысрайылдын Кудайынын сөзүнөн корккондордун баары мага чогулуп келишти. Мен кайгыга батып, кечки курмандык чалынуучу маалга чейин отурдум.

5 Кечки курмандык чалынуучу маалда кайгырып отурган жеримен туруп, айрылган ички, тышкы кийимчен чөгөлөп, Кудай-Теңириме колумду сунуп,

6 мындай деп жалындым: «Оо Кудайым! Сени карагандан уялып да, коркуп да жатам, Кудайым, анткени биздин мыйзамсыздыгыбыз башыбыздан ашты, биздин мыйзамсыз иштерибиз, кылган күнөөлөрүбүз асманга жетти.

7 Ата-бабаларыбыз жашаган күндөрдөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биз абдан айыптуубуз. Мыйзамсыз иштерибиз үчүн биз да, падышаларыбыз да, ыйык кызмат кылуучуларыбыз да ушул күнгө чейин башка элдердин падышаларынын колуна салынып берилип, кылыч мизине, туткунга, талоонго, кордоого алынып келе жатабыз.

8 Мына, Кудай-Теңирибиз бизге бир азга ырайым көрсөттү, кээ бирөөбүздү туткундан аман алып чыкты, Анын ыйык жеринде турууга ырайым кылды, Кудайыбыз көзүбүздү ачып, кулчулукта жүргөндө бир аз жанданууга мүмкүндүк берди.

9 Биз кулдарбыз, бирок Кудайыбыз бизди кулдукта жүргөндө да калтырган жок. Ал бизге Персия падышаларынан ырайым таптырды, ошондо алар бизге жанданууга, кыйрап калган Кудайдын үйүн курууга, кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк беришти, Жүйүт аймагы менен Иерусалимде жашап турганда бизге калканыч болушту.

10 Кудайыбыз, эми биз Сага ушундан кийин эмне деп айта алабыз? Анткени биз Сенин кулдарың, пайгамбарларың аркылуу:

11 “Силер ээлеш үчүн бара жаткан жер таза эмес, ал жер бөтөн элдердин таза эмес иштери менен булганып калган, алар өздөрүнүн жийиркеничтүү иштери менен ал жерди башынан аягына чейин толтуруп салышкан.

12 Ошондуктан силер кыздарыңарды алардын уулдарына бербегиле, алардын кыздарын силердин уулдарыңар албасын, ал жерге отурукташыш үчүн, ал жердин түшүмү менен азыктаныш үчүн, укум-тукумуңарга түбөлүккө мурас калтырыш үчүн, аларга тынчтык да, ийгилик да каалабагыла”, – деп айткан осуятыңдан четтеп кеттик.

13 Өзүбүздүн жаман иштерибиз үчүн, көп күнөөбүз үчүн тарткан азабыбыздан кийин да, Сен, Кудайыбыз, бизди мыйзамсыз иштерибиздин өлчөмүнө карабай аядың, бизди ушинтип куткарып алдың.

14 Биз кайра эле Сенин осуяттарыңды бузуп, бул жийиркеничтүү эл менен туугандаша беребизби? Анда Сен каарданып, бизди кырып саласың, ошондо бизден ким тирүү калат, бизди ким куткарып алат?

15 Оо Теңир, Ысрайылдын Кудайы! Бир Өзүң адилетсиң! Анткени биз ушул күнгө чейин жашап келе жатабыз. Мыйзамсыз иштерибиз менен Сенин алдыңда турууга акыбыз жок болсо да, Сенин алдыңда турабыз».

10-БӨЛҮМ

Бөтөн элден аял алуу жөнүндөгү суроонун чечилиши

1 Эзра Кудай үйүнүн алдында жыгылып, күнөөлөрүн мойнуна алып ыйлап, ушинтип сыйынып жатканда, жанына Ысрайыл элинен эң көп эл – эркектер, аялдар, балдар чогулуп калды, анткени эл да катуу ыйлап турган эле.

2 Ошондо Эйлам уулдарынан Жехиелдин баласы Шехания Эзрага мындай деп айтты: «Биз башка элдердин кыздарынан аял алып, Кудайыбыздын алдында күнөө кылганбыз, бирок Ысрайылдын бул ишти оңдойбуз деген үмүтү бар.

3 Эми Кудайыбыз менен келишим түзөлү, мырзамдын жана Кудайыбыздын осуяттарынан корккондордун кеңеши боюнча аялдарыбызды алардан туулган балдарыбыз менен кошо коё берели, бул мыйзам боюнча болсун!

4 Тур, анткени бул сенин ишиң, биз сени мененбиз, кайраттан, ишке кириш!»

5 Ошондо Эзра турду да, бардык ыйык кызмат кылуучуларды, лебилерди жана бүткүл Ысрайыл элин башкаргандарды ошондой кылабыз деп ант берүүгө чакырды. Алар ант беришти.

6 Анан Эзра туруп, Кудай үйүнөн кетти да, Элийашип уулу Жоханандын үйүнө келди. Нан жебей, суу ичпей койду, анткени туткундан кайткандардын кылмышы үчүн кайгырып турду.

7 Анан мурдагы туткундардын бардыгын Иерусалимге чогултуш үчүн, Жүйүт аймагы менен Иерусалимге жарлык жарыялашты.

8 Yч күндүн ичинде ким келбей турган болсо, ал башкаруучулардын жана уруу аксакалдарынын чечими менен турак жайынан ажырайт, өзү болсо туткундан келгендердин жамаатынан четтетилет.

9 Ошондо Жүйүт менен Бенжемин жеринде жашаган бардык эл үч күн ичинде Иерусалимге чогулду. Бул тогузунчу айдын жыйырманчы күнү болду. Бардык эл Кудай үйүнүн алдындагы аянтта ушул иштен улам жана жамгырдан титиреп отурду.

10 Анан ыйык кызмат кылуучу Эзра ордунан туруп, аларга мындай деди: «Силер бөтөн элдерден аял алып, кылмыш кылдыңар, ошону менен Ысрайылдын күнөөсүн көбөйтүп жибердиңер.

11 Ошондуктан ата-бабаларыңардын Кудай-Теңиринин алдында ушул үчүн өкүнүп, кечирим сурагыла да, Анын эркин аткаргыла. Бөтөн элдерден, башка уруулардан алган аялдарыңардан бөлүнгүлө».

12 Ошондо бүт эл катуу үн менен мындай деп жооп берди: «Сен кандай десең, биз ошондой кылабыз.

13 Бирок эл көп, жамгыр да жаап турат, сыртта турганга мүмкүн эмес. Анын үстүнө, бул иш бир же эки күндүк иш эмес, анткени биз бул иште өтө көп күнөөгө баттык.

14 Биздин башчылар бүт жамаат үчүн чечим чыгарышсын, биздин шаарлардагы бөтөн элдерден аял алгандардын баары өз шаарларынын башкаруучулары, аксакалдары менен бул жерге белгиленген убакта келип турсун, ошондо Кудай бул иш үчүн каарданганын токтотот».

15 Ошондо Асаел уулу Жонатан, Тикпа уулу Жахзея бул иштин башында турду, аларга Мешулам менен леби Шаптай жардамчы болду.

16 Туткундан кайткандар так ошондой кылышты. Буга ыйык кызмат кылуучу Эзра, ар бир уруунун уруу башчылары бөлүнүп, аттары аталды. Бул ишти иликтеп-изилдеш үчүн, алар онунчу айдын биринчи күнү кеңешме курушту.

17 Бөтөн элдерден аял алгандарды изилдөө иши биринчи айдын биринчи күнү бүттү.

Бөтөн элдерден аял алган Жүйүт уулдары

18 Ошондо бөтөн элдерден аял алган ыйык кызмат кылуучулардын уулдары булар деп табылды: Жотсадак уулу Жешуянын балдары менен бир туугандарынан: Маасея, Элиезер, Жарип жана Гедалия.

19 Алар аялдарын коё берүүгө, күнөөлөрү үчүн, айыптары үчүн курмандыкка кочкор чалууга кол берип убада кылышты.

20 Имердин уулдарынан: Ханани менен Зебадия;

21 Харимдин уулдарынан: Маасея, Эйлия, Шемая, Жехиел жана Узия;

22 Пашкурдун уулдарынан: Элийойнай, Маасея, Ысмайыл, Натанаел, Жозабат, Эласа;

23 Лебилерден: Жозабат, Шимей, Кейлая (Келита), Петахия, Жүйүт, Элиезер;

24 Ырчылардан: Элийашип; дарбазачылардан: Шалум, Телем, Ури;

25 Ысрайылдыктардан: Пароштун уулдарынан: Рамия, Жизия, Малкия, Миямин, Элазар, Малкия, Беная;

26 Эйламдын уулдарынан: Матания, Захария, Жехиел, Абды, Жереймот, Эйлия;

27 Затунун уулдарынан: Элийойнай, Элийашип, Матания, Жереймот, Забат, Азиза;

28 Бейбайдын уулдарынан: Жоханан, Ханания, Забай, Аплай;

29 Банинин уулдарынан: Мешулам, Малух, Адая, Жашуп, Шейал, Жереймот;

30 Пахат-Мааптын уулдарынан: Адна, Келал, Беная, Маасея, Матания, Бетселел, Бинуй, Менаше;

31 Харимдин уулдарынан: Элиезер, Жишия, Малкия, Шемая, Шымон;

32 Бенжемин, Малух, Шемария;

33 Хашумдун уулдарынан: Матнай, Матата, Забат, Элипелет, Жеремай, Менаше, Шимей.

34 Банинин уулдарынан: Маадай, Амрам, Уел,

35 Беная, Бейдей, Келуу,

36 Беная, Меремот, Элийашип,

37 Матания, Матнай, Жишия,

38 Бани, Бинуй, Шимей,

39 Шелемия, Натан, Адая,

40 Махнадбай, Шашай, Шарай,

41 Азарел, Шелемия, Шемария,

42 Шалум, Амария, Жусуп;

43 Небонун уулдарынан: Жейел, Матития, Забат, Зебина, Жадай, Жоел, Беная.

44 Мына ушулардын баары – бөтөн элдерден аял алгандар. Булардын айрымдарынын аялдары бала төрөп беришкен.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz