Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

НЕКЕМИЯ

1-БӨЛҮМ

Некемиянын Иерусалим үчүн кайгыруусу

1 Ахалиянын уулу Некемиянын сөзү. Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, Кислеп айында мен борбор шаар Шушанда элем.

2 Менин бир туугандарымдын бири Ханани бир топ киши менен Жүйүт аймагынан келди. Мен алардан туткундан аман калган жүйүт эли тууралуу, Иерусалим тууралуу сурадым.

3 Алар мага: «Туткундан аман калгандар ошол жерде, өз жеринде жашап жатышат. Алардын башына өтө оор күн түшүп, кордук көрүп жатышат. Иерусалимдин дубалдары уратылган, дарбазалары өрттөлгөн», – дешти.

4 Бул сөздөрдү укканда, отуруп алып ыйладым, бир нече күн кайгыга батып жүрдүм. Анан асмандагы Кудайдын алдында орозо кармап, сыйынып,

5 мындай дедим: «Оо Теңир, асмандагы Кудай, Өзүнүн келишимин бек сактаган, Өзүн сүйгөндөргө жана осуяттарын аткаргандарга ырайым кылган улуу жана коркунучтуу Кудай!

6 Өзүңдүн кулуңдун сыйынуусун уга көр, көз кырыңды сала көр. Мен азыр Сенин алдыңда күнү-түнү Сенин кулдарың – Ысрайыл уулдары үчүн, Сенин алдыңда биздин, Ысрайыл уулдарынын кылган күнөөлөрү үчүн, өзүмдүн да, атамдын тукумунун да күнөөлөрү үчүн сыйынып жатам.

7 Биз Өз кулуң Мусага берген осуяттарыңды, мыйзамдарыңды, буйруктарыңды аткарбай, Сенин алдыңда кылмышкер болдук.

8 Бирок Өз кулуң Мусага: “Эгерде силер ишенимсиз болсоңор, анда Мен силерди эл арасына чачыратып жиберем.

9 Эгерде Мага кайрылсаңар, Менин осуяттарымды сактап, аларды аткара турган болсоңор, анда жердин түбүнө чейин куулсаңар да, силерди ошол жактан чогултуп, Өзүмдүн ысымымды орнотуш үчүн, Өзүм тандап алган жерге алып келем”, – деп осуяттаган сөзүңдү эсте.

10 Алар Өзүңдүн улуу күч-кубатың, кудуреттүү колдоруң менен куткарган Өз элиң, Өз кулдарың эмеспи.

11 Оо Теңир, жалынам Сага! Өз кулуңдун сыйынуусуна жана Сенин атыңдын алдында коркуп турууну сүйгөн Өз кулдарыңдын сыйынуусуна кулак сала көр, Теңир! Эми Өз кулуңду колдой көр, аны мына бул адамдын ырайымына ээ кыла көр». Мен ошол убакта падышанын шарап сунуучусу элем.

2-БӨЛҮМ

Некемиянын Иерусалимге кайтып келиши

1 Нисан айында, Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылында, падышанын алдына шарап тартылды. Мен ал шарапты алып, падышага сундум. Адатта, мен анын алдында капалуу болуп турчу эмесмин.

2 Бирок падыша мага: «Эмне үчүн капалуусуң? Ооруп жатасың дейин десем, оорубай эле турасың, бирок жүрөгүңдү бир нерсе өйүп турса керек?» – деди. Ошондо мен абдан коркуп кетип,

3 падышага: «Падышам кылымдан кылымга жашасын! Ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаар кыйрап, дарбазалары өрттөнүп жатса, кантип капа болбойм!» – дедим.

4 Ошондо падыша мага: «Каалаганың эмне?» – деди. Мен асмандагы Кудайга сыйынып,

5 падышага: «Эгерде падышам ылайык көрсө, эгерде өзүңдүн алдыңдагы кулуңа ырайым кылгың келсе, мени Жүйүт аймагына, ата-бабаларымдын сөөгү коюлган шаарга жибер, мен ал шаарды кайра курайын», – дедим.

6 Ошондо падыша жана анын жанында отурган падышанын аялы менден: «Канча убакыт жол жүрөсүң, кайра качан кайтасың?» – деп сурашты. Мен бир убакытты белгилегенден кийин, падыша мени жиберүүнү туура көрдү.

7 Анан мен падышага мындай дедим: «Эгерде падышам туура көрсө, Жүйүт аймагына бара жатканымда дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчылар өз жеринен өтүүмө уруксат берип турушу үчүн, аларга кат жазып берсе экен.

8 Падышанын токойлорун кайтарган Асапка да кат берсе экен, ал Кудай үйүнүн тегерегиндеги чептин дарбазасы үчүн, шаар дубалдары үчүн жана мен тура турган үй үчүн карагай берсин». Кудайдын жакшылык кылуучу колу менин үстүмдө тургандыктан, падыша мага сураганымды берди.

9 Мен дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчыларга келип, падышанын каттарын бердим. Падыша мени менен кошо аскер башчыларды жана атчан аскерлерди жиберген эле.

10 Хорондук Санбалат менен амондук кул Тобия Ысрайыл уулдарынын жыргалчылыгы үчүн кам көргөнү бир адам келгендигин укканда, абдан ачууланышты.

11 Анан мен Иерусалимге келдим. Ал жерге келгениме үч күн болгондо,

12 түн ичинде ордумдан турдум. Жанымда бир нече киши бар эле. Бирок Иерусалим үчүн иштөөнү жүрөгүмө Кудайым салганын эч кимге айткан жокмун. Өзүм минип келген жаныбардан башка жанымда эч кандай жаныбар жок эле.

13 Түнү менен Ажыдаар башатынын алдындагы Өрөөн дарбазасынан өтүп, Кык дарбазасына чейин келип, Иерусалимдин кыйраган дубалдары менен өрттөлгөн дарбазаларын карап чыктым.

14 Анан Башат дарбазасы менен падыша көлмөсүнө келдим, бирок ал жерде астымдагы жаныбар өтө турган жер жок болгондуктан,

15 артыма кайрылып, коктуну өрдөп чыгып, дубалдарды байкап көрдүм, анан кайра Өрөөн дарбазасынан өтүп, кайрылып келдим.

16 Мен кайда барып, эмне кылып жүргөнүмдү башчылар билишкен жок: жүйүттөргө да, ыйык кызмат кылуучуларга да, атактуу адамдарга да, башчыларга да, башка жумуш башчыларга да мен буга чейин эч нерсе ачкан эмесмин.

17 Мен аларга мындай деп айттым: «Силер биздин башыбызга түшкөн кырсыкты көрүп турасыңар. Иерусалим кыйрады, дарбазалары өрттөлдү, жүргүлө, Иерусалим дубалдарын тургузалы, ошондо мындан ары мындай кордукту көрбөйбүз».

18 Анан мен аларга Кудайдын мага жакшылык кылган колу тууралуу, падышанын мага айткан сөздөрү тууралуу айтып бердим. Ошондо алар: «Курабыз», – дешип, жакшы ишти баштоого бел байлашты.

19 Муну уккан хорондук Санбалат, амондук кул Тобия жана аравиялык Гешем бизди шылдыңдап, жек көрүү менен: «Эмне иш кылганы жатасыңар? Падышага каршы чыкканы жатасыңарбы?» – дешти.

20 Ошондо мен аларга жооп кылып: «Бизди асмандагы Кудай Өзү колдойт, биз болсо, Анын кулдары, шаарды курабыз. Ал эми силердин Иерусалимде үлүшүңөр да, укугуңар да, атыңар да жок», – дедим.

3-БӨЛҮМ

Иерусалим дубалынын калыбына келтирилиши

1 Башкы ыйык кызмат кылуучу Элийашип ыйык кызмат кылуучу бир туугандары менен ордунан туруп, Кой дарбазасын курду. Алар аны ыйыктап, эшиктерин орнотушту, аны Мея мунарасынан Хананел мунарасына чейин ыйыкташты.

2 Анын жанында жерихолуктар куруп жатышты, алардын жанында Имри уулу Закур куруп жатты.

3 Балык дарбазасын Сенаа тукуму тургузду, алар эшиктин кашектерин орнотуп, анын эшиктерин, кулпуларын, бекиткичтерин салышты.

4 Алардын жанында дубалды Урийдин уулу Меремот оңдоп жатты. Урий Акостун уулу эле. Алардын жанында Берекиянын уулу Мешулам оңдоп жатты. Берекия Мешейзабелдин уулу эле. Алардын жанында Баананын уулу Садок оңдоп жатты.

5 Алардын жанында текоялыктар иштеп жатышты. Бирок алардын атактуу адамдары өз мырзалары үчүн иштөөгө моюн сунушкан жок.

6 Эски дарбазаны Пасейах уулу Жойада жана Бесодия уулу Мешулам оңдоп жатты, алар эшиктин кашектерин орнотуп, анын эшиктерин, кулпуларын, бекиткичтерин салышты.

7 Алардын жанында дарыянын наркы өйүзүндөгү дубан башчынын бийлиги астындагы гибондук Мелатия, мейрондук Жадон Гибон жана Миспе тургундары менен бирге оңдоп жатты.

8 Анын жанында Харая уулу Узиел зергер оңдоп жатты. Анын жанында Гарахаким уулу Ханания оңдоп жатты. Алар Иерусалимди жазы дубалга чейин калыбына келтиришти.

9 Алардын жанында Иерусалимдин жарым аймагын башкарган Хур уулу Репая оңдоп жатты.

10 Алардын жанында жана өз үйүнүн маңдайында Харумап уулу Жедая оңдоп жатты. Анын жанында Хашабнея уулу Хатуш оңдоп жатты.

11 Кийинки бөлүгүн Харим уулу Малкия менен Пахат-Маап уулу Хашуп оңдоп жатты. Алар Меш мунарасын да оңдоп жатышты.

12 Алардын жанында Иерусалимдин жарым дубанын башкарган Алокеш уулу Шалум кыздары менен оңдоп жатты.

13 Өрөөн дарбазасын Заноах тургундары менен Ханун оңдоп жатты. Алар дарбазаны орнотуп, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитишти. Алар дагы Кык дарбазасына чейин миң чыканак дубалды оңдошту.

14 Ал эми Кык дарбазасын Бейт-Акерем дубанынын башчысы Рейхап уулу Малкия оңдоду. Ал аны орнотуп, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитти.

15 Булак дарбазасын Миспе дубанынын башчысы Кол-Хозенин уулу Шалун оңдоп жатты. Ал дарбазаны орнотуп, үстүн жаап, эшиктерин коюп, кулпуларын салып, бекиткичтерин бекитти. Ал ошондой эле падыша багынын каршысындагы Селах көлмөсүнүн жанындагы дубалды Дөөттүн шаарынан ылдый түшкөн тепкичтерге чейин оңдоду.

16 Андан кийинки бөлүктү Бейт-Сур жарым дубанынын башчысы Азбык уулу Некемия Дөөттүн мүрзөсүнө, казылган көлмөгө жана баатырлардын үйлөрүнө чейин оңдоду.

Дубалды курууга катышкан лебилер

17 Андан кийинки бөлүктү лебилер: Бани уулу Рехум оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү Кеила жарым дубанынын башчысы Хашабия өз дубаны үчүн оңдоп жатты.

18 Андан кийинки бөлүктү алардын бир туугандары: Кеила жарым дубанынын башчысы Хейнадат уулу Бабай оңдоп жатты.

19 Анын жанында, кийинки бөлүктү, бурчтагы курал кампага чыга бериштин каршысындагы дубалды Миспе башчысы Жешуя уулу Эйзер оңдоп жатты.

20 Андан кийинки бөлүктү, дубалдын кийинки бөлүгүн, бурчтан башкы ыйык кызмат кылуучу Элийашиптин үйүнүн эшигине чейин Запкай уулу Барух тырышып оңдоп жатты.

21 Андан кийинки бөлүктү, Элийашиптин үйүнүн эшигинен үйүнүн аягына чейин Урий уулу Меремот оңдоп жатты. Урий – Акостун уулу.

Дубалды курууга катышкан ыйык кызмат кылуучулар

22 Андан кийинки бөлүктү Иордандын тегерегинде жашаган ыйык кызмат кылуучулар оңдоп жатышты.

23 Андан кийинки бөлүктү, өз үйүнүн каршысында Хашуп менен Бенжемин оңдоп жатты, андан кийинки бөлүктү, өз үйүнүн каршысында Анания уулу, Маасея уулу Азария оңдоп жатты.

24 Андан кийинки бөлүктү, Азариянын үйүнөн бурчка чейин, бурулушка чейин Хейнадат уулу Бинуй оңдоп жатты.

25 Андан кийинки бөлүктү, зындан короосундагы падышанын үстүнкү үйүнөн чыгып турган мунара менен бурчтун каршысын Узай уулу Палал оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү Парош уулу Педая оңдоп жатты.

26 Опелде турган нетиндер болсо Суу дарбазасынын чыгыш тарабынын каршысындагы дубалды дарбазанын жанындагы мунарага чейин оңдоп жатышты.

Калган куруучулар

27 Андан кийинки бөлүктү, чоң мунаранын каршысынан Опел дубалына чейин текоялыктар оңдоп жатышты.

28 Жылкы дарбазасынан нары ыйык кызмат кылуучулардын ар бири өз үйүнүн тушун оңдоп жатты.

29 Андан кийинки бөлүктү Имер уулу Садок өз үйүнүн тушун оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү чыгыш дарбазаларынын сакчысы Шехания уулу Шемая оңдоп жатты.

30 Андан кийинки бөлүктү Шелемия уулу Ханания менен Салаптын алтынчы уулу Ханун оңдоп жатты. Андан кийинки бөлүктү, Берекия уулу Мешулам өз бөлмөсүнүн тушун оңдоп жатты.

31 Андан кийинки бөлүктү, Хамикат дарбазасынын каршысындагы нетиндер менен соодагерлердин үйүнө чейин жана бурчтагы турак жайга чейин Хатсорпий уулу Малкия оңдоп жатты.

32 Ал эми бурчтагы турак жай менен Кой дарбазасына чейинки бөлүктү зергерлер менен соодагерлер оңдоп жатышты.

4-БӨЛҮМ

Некемиянын сыйынуулары

1 Санбалат дубалды куруп жатканыбызды укканда, ачуусу келип, кыжырланып, жүйүттөрдү шылдыңдады.

2 Ал өз бир туугандарынын алдында жана самариялык аскер адамдарынын алдында мындай деди: «Бул байкуш жүйүттөр эмне кылып жатышат? Аларга ушуну курганга жол берилмек беле? Алар курмандык чалабыз деп жатышабы? Бир күнү бүтүрөбүз деп жатышабы? Үйүлгөн топурактан таштарды кайра тургуза алышмак беле? Анан калса, күйүп калган таштарды кайра тургуза алышмак беле?»

3 Жанында турган амондук Тобия болсо мындай деди: «Кура беришсин, түлкү секирип чыкса эле, булардын таш дубалдары талкаланат».

4 «Оо Кудайыбыз, кандай жек көрүндү абалда турганыбызды уга көр! Булардын шылдыңын өз баштарына сал, буларды туткун болуп барган жеринде жек көрүндү кыл.

5 Булардын мыйзамсыз иштерин жаап койбо, Сенин алдыңда булардын күнөөлөрү жуулбасын, анткени булар курулушта иштеп жаткандарды капа кылышты».

6 Бирок биз дубалды тургуза бердик. Ошентип, дубалды жарымына чейин көтөрүп койдук. Анткени элдин иштегенге каалоосу бар эле.

7 Иерусалимдин дубалы калыбына келтирилип жатканын, бузулган жерлери оңдолуп жатканын укканда, Санбалат да, Тобия да, аравиялыктар да, амондуктар да, азоттуктар да абдан ачууланышты.

8 Анан алар Иерусалим менен согушууга, дубалдарын талкалап салууга бирге барууну макулдашышты.

9 Биз болсо Кудайыбызга сыйындык. Булардан сактаныш үчүн, күнү-түнү күзөтчүлөрдү койдук.

10 Бирок жүйүттөр: «Жүк ташуучулар чарчап калышты, ал эми урандылар өтө көп. Дубалды кура албайбыз», – дешти.

11 Душмандарыбыз болсо: «Булардын ортосуна кирип барабыз да, талкалайбыз, иштерин токтотобуз, алар биздин капыстан киргенибизди билбей да, көрбөй да калышат», – деп ойлоп жатышты.

12 Алардын жанында жашаган жүйүттөр келишип, бизге душмандар ар кайсы жактан кол саларын он жолу айтканда,

13 мен дубалдын ары жагына, ойдуң жана ачык жерлерге элди кылыч, найза, жаа менен куралдантып, уруу-уруусу боюнча койдум.

14 Анан мен аларды карап чыгып, атактуу адамдарга, башчыларга жана элге: «Душмандан коркпогула. Улуу, коркунучтуу Теңириңерди эстегиле, өз бир туугандарыңар үчүн, өз уулдарыңар үчүн, өз кыздарыңар үчүн, өз аялдарыңар үчүн, өз жайыңар үчүн салгылашкыла», – деп айттым.

15 Душмандарыбыз өздөрүнүн арам ойлору бизге белгилүү болуп калганын угушту, Кудай алардын арам ниетин талкалады. Ошондо биз дубалга кайра келип, ар кимибиз өз жумушубузга кириштик.

16 Ошол күндөн тартып менин жаш жигиттеримдин жарымы жумушта болду, жарымы найза, калкан, жаа, соот кармап турду, аскер башчылар жүйүт элинин артында болушту.

17 Дубал тургузуп жаткандар, жүк ташуучулар бир колу менен иш кылып, экинчи колуна найза кармап жүрүштү.

18 Ар бир куруучу белине кылычын байлап иштеп жатты. Ал эми менин жанымда сурнайчы турду.

19 Анан мен атактуу адамдарга, башчыларга жана калган элге мындай дедим: «Жумуш көп, жумуш чоң, биз дубалдын аяк-башында жүрөбүз, арабыз алыс.

20 Ошондуктан силер сурнай үнүн кайсы жерден уксаңар, ошол жерге чогулуп, бизге келгиле. Биз үчүн Кудайыбыз Өзү күрөшөт».

21 Биз жумушту ушундай аткардык. Таң сүргөндөн жылдыз чыкканга чейин жарымыбыз найза кармап турдук.

22 Мындан тышкары, Иерусалимде бардыгы өз кулдары менен бирге түнөсүн дедим. Алар түнкүсүн күзөттө турушат да, күндүз иштешет.

23 Өзүм да, бир туугандарым да, кишилерим да, кайтарган сакчыларым да кийимибизди чеччү эмеспиз. Сууга барганда да, ар бирибиз кылыч алып жүрчүбүз.

5-БӨЛҮМ

Жардылардын кысымга алынышы

1 Ошондо эркектердин жана алардын аялдарынын арасында өздөрүнүн бир туугандары болгон жүйүттөргө каршы катуу нааразычылык туулду.

2 Алардын арасында: «Биз көппүз, уулдарыбыз менен кыздарыбыз да көп. Биз нан таап, ичип-жеп жашагыбыз келет», – деп айткандар да болду.

3 «Ачарчылыкта нан табыш үчүн, талаалар менен жүзүмзарларыбызды жана үйлөрүбүздү күрөөгө коюп жатабыз», – деп айткандар да болду.

4 «Падышага салык төлөө үчүн, биз эгин талааларыбыз менен жүзүмзарларыбызды күрөөгө коюп, карызга күмүш алып жатабыз.

5 Бир туугандарыбыздын денеси кандай болсо, биздин денебиз да ошондой, алардын балдары кандай болсо, биздин балдарыбыз да ошондой. Бирок биз уулдарыбыз менен кыздарыбызды кулдукка беришибиз керек, кыздарыбыздан күң болгондор да бар. Кун төлөп кайрып алууга колубузда эч кандай каражат жок. Биздин эгин талааларыбыз да, жүзүмзарларыбыз да бирөөлөрдүн колунда», – деп айткандар да болду.

6 Мен алардын нааразылыгын, ушундай сөздөрүн укканда, абдан ачууландым.

7 Бул жөнүндө ойлонуп, атактууларга жана башчыларга: «Өз бир туугандарыңардан үстөк алып жатасыңар», – деп катуу айттым. Аларга каршы жамаат чогулттум.

8 Анан аларга: «Жат элдерге сатылып кеткен жүйүт бир туугандарыбызды күчүбүздүн жетишинче кун төлөп куткарып алдык. Силер болсо өз бир туугандарыңарды сатып жатасыңар, алар бизге сатылышы үчүн ушундай кылып жатасыңар», – дедим. Алар үндөбөй, жооп таба албай калышты.

9 Ошондо мен мындай дедим: «Бул кылганыңар жакшы эмес. Бизге душман болгон элдерге шылдың болбош үчүн, Кудайыбыздан корксоңор болбойбу?

10 Мен да, бир туугандарым да, мага кызмат кылгандар да аларга карызга күмүш жана эгин бергенбиз. Бул карыздарды кечип коёлу.

11 Силер алардын эгин талааларын, жүзүмзарлары менен зайтун бактарын, үй-жайларын азыр эле кайтарып бергиле. Карызга берген күмүшүңөрдүн, дан-эгиндериңердин, шараптарыңардын, май азыктарыңардын үстөгүн алып таштагыла».

12 Ошондо алар: «Кайтарып беребиз, алардан эч нерсе талап кылбайбыз. Сен айткандай кылабыз», – дешти. Анан мен ыйык кызмат кылуучуларды чакырып, аларга ушундай кылабыз деп ант берүүнү буйрудум.

13 Анан мен кийимимди силкип көрсөтүп: «Сөзүнө турбаган ар бир кишини Кудай мына ушундай кылып силкип салсын, ал өз үйүнөн, өз мүлкүнөн ажырап, куру жалак калсын!» – дедим. Ошондо бүт эл: «Оомийин!» – деди. Анан Кудайды даңазалады. Эл айтылган сөздү так аткарды.

Некемиянын керт башынын кызыкчылыгын ойлобогондугу

14 Ошондой эле Артакшаштанын падышачылыгынын жыйырманчы жылынан отуз экинчи жылына чейин, мен Жүйүт жеринде он эки жыл дубан башчы болуп турганымда өзүм да, бир туугандарым да дубан башчылыктын нанын жеген жокпуз.

15 Ал эми мага чейин болгон мурдагы дубан башчылар элге оорчулук салып, кырк күмүш шекелден тышкары, алардан эгин да, шарап да алып турушкан. Атүгүл, алардын кызматчылары да элге үстөмдүк кылышкан. Мен болсо Кудайдан корккондуктан, анткен жокмун.

16 Ошол эле учурда дубал куруу жумуштарын колдоп турдум. Биз талааларды сатып алган жокпуз. Менин кызматчыларымдын бардыгы чогулуп, ошол жерде иштешти.

17 Чет-жакадан келген элден тышкары, жүйүттөр менен башчылардан жүз элүү киши дасторконумдан тамактанып турду.

18 Бир күндүк тамакка бир бука, бордолгон алты кой, ар кандай канаттуулар даярдалчу. Он күндө бир жолу шараптын ар кыл түрлөрү дасторконго коюлчу. Ушундай болсо да дубан башчылыктын энчисин талап кылбадым, анткени элдин жумушу абдан оор эле.

19 Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, бул элге кылган бардык кызматымды унутпа!

6-БӨЛҮМ

Душмандардын Некемияга каршы айла-амалы

1 Менин дубалды куруп бүткөнүм жана бузулган жерлердин оңдолуп бүткөнү Санбалаттын да, Тобиянын да, аравиялык Гешемдин да кулагына жетти. Бирок дарбазалардын эшиктерин коё элек болчумун.

2 Ошондо Санбалат менен Гешем мага киши жиберип: «Кел, Оно түздүгүндөгү бир кыштактан кездешели», – деп айттырышты. Алар мага кыянаттык кылууну ойлошту.

3 Бирок мен аларга элчилерди жөнөтүп: «Мен чоң иш менен алек болуп жатам, бара албайм. Эгер жумушумду таштап, силер менен жолугуша турган болсом, анда иш токтоп калат», – деп айттырдым.

4 Алар ушундай деп айттырып, мага төрт жолу киши жиберишти, мен аларга мурдагыдай эле жоопту бердим.

5 Ошондо Санбалат мага бешинчи ирет өз кызматчысын жөнөттү, колунда ачык кат бар экен.

6 Анда мындай деп жазылыптыр: «Эл арасында мындай сөздөр айтылып жүрөт, Гешем да айтып жатат: Сен да, жүйүттөр да бөлүнгөнү жаткан экенсиңер, алардын айтымына караганда, аларга падыша болом деп, дубалды куруп жатыптырсың.

7 Өзүң жөнүндө: “Жүйүт падышасы мына!” – деп жарыялатыш үчүн, Иерусалимге пайгамбарларды да коюптурсуң. Мындай сөздөр падышага да жетип калат. Ошондуктан сөзсүз кел, чогуу кеңешели».

8 Бирок мен ага киши жөнөтүп: «Сенин айткандарыңдын бири да болгон эмес. Сен муну өз акылың менен ойлоп тапкансың», – деп айттырдым.

9 Анткени алар: «Алардын ындыны өчүп, бул ишти аягына чыгара албай калышат», – деп, бизди коркутушкан. Бирок ошенткен сайын мен ого бетер кайраттандым.

10 Мен Мейтабел уулу болгон Делаянын уулу Шемаянын үйүнө келдим, ал эшиктерди бекитип: «Кудайдын үйүнө барып, ийбадаткананын ичине кирип, эшикти бекитип алалы. Анткени алар сени өлтүргөнү жатышат, алар сени өлтүрүү үчүн түндө келишет», – деди.

11 Бирок мен: «Мендей адам кантип качсын? Мендей адам тирүү калам деп, ийбадатканага кантип кирсин? Барбайм», – дедим.

12 Ал мага пайгамбардай сүйлөсө да, аны Кудай жибербегенин, аны Тобия менен Санбалат сатып алышканын билгем.

13 Анткени мени коркутуш үчүн, ушинтип күнөөгө батырыш үчүн, мени жаманатты кылып, мени жемелеп, куугунтукка алыш үчүн, аны сатып алышкан.

14 Оо Кудайым, Тобия менен Санбалаттын ушул иштерин унута көрбө, мени коркуткусу келген пайгамбар аял Ноядияны жана башка пайгамбарларды да унута көрбө!

Дубалдын курулуп бүтүшү

15 Дубал Элул айынын жыйырма бешинчи күнү, элүү эки күндө курулуп бүттү.

16 Бул тууралуу бүт душмандарыбыз укканда жана биздин тегерегибиздеги бүт элдер көргөндө, алар абдан коркуп калышты, бул ишти биздин Кудай кылганын билишти.

17 Бирок ошол күндөрү жүйүттөрдүн атактуу адамдары катты көп жазып, Тобияга жөнөтүп турушту, Тобиядан да аларга кат келип жатты.

18 Анткени Жүйүт аймагындагы көп адамдар ага ант беришип, бир келишимде болушту, себеби ал Арах уулу Шеханиянын күйөө баласы эле. Анын уулу Жоханан Берехия уулу Мешуламдын кызын алган.

19 Атүгүл, менин көзүмчө анын кең пейилдигин кеп кылышчу, менин сөздөрүм да ага жеткирилип турчу. Тобия мени коркутуш үчүн, кат жөнөтүп турду.

7-БӨЛҮМ

1 Дубал курулуп, эшиктери салынып, кызмат кыла турган дарбазачылар, ырчылар жана лебилер өз кызматтарына коюлуп бүткөн соң,

2 мен бир тууганым Хананиге жана Иерусалим чебинин башчысы Хананияга буйрук бердим. Анткени ал башкаларга караганда Кудайдан корккон, ишенимдүү адам эле.

3 Анан мен аларга мындай дедим: «Дарбазачылар күн жылыганча Иерусалим дарбазаларын ачышпасын, эшиктерди күн бата электе жаап, бекитип салышсын». Ошентип, Иерусалим тургундарын күзөткө койдум, ар бирин өз ордунда, өз үйүнүн маңдайында сакчы кылып койдум.

Туткундан кайтып келгендердин тизмеси

4 Бирок шаар кенен, чоң эле, анда жашаган эл болсо аз болчу, жаңы үйлөр курулуп бүтө элек эле.

5 Элди каттоодон өткөрүш үчүн, атактуулар менен эл башчыларын чогултууну Кудайым жүрөгүмө салды. Бул жакка биринчи келгендердин санжырасын таап алдым, анда мындай деп жазылган экен:

6 Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге, Жүйүт аймагына, ар бири өз шаарына келген тургундар булар:

7 Зоробабыл, Жешуя, Некемия, Азария, Раамия, Нахмани, Мордохай, Билшан, Мисперет, Бикбай, Нехум, Баана жана алар менен кошо келгендер. Ысрайыл элинин саны:

8 Пароштун уулдары эки миң бир жүз жетимиш эки.

9 Шепатиянын уулдары үч жүз жетимиш эки.

10 Арахтын уулдары алты жүз элүү эки.

11 Жашыя менен Жойаптын уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки миң сегиз жүз он сегиз.

12 Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.

13 Затунун уулдары сегиз жүз кырк беш.

14 Закайдын уулдары жети жүз алтымыш.

15 Бинуйдун уулдары алты жүз кырк сегиз.

16 Бейбайдын уулдары алты жүз жыйырма сегиз.

17 Азгаттын уулдары эки миң үч жүз жыйырма эки.

18 Адонукамдын уулдары алты жүз алтымыш жети.

19 Бикбайдын уулдары эки миң алты жүз жети.

20 Адиндин уулдары алты жүз элүү беш.

21 Хиския тукумунан Атейирдин уулдары токсон сегиз.

22 Хашумдун уулдары үч жүз жыйырма сегиз.

23 Бейтсайдын уулдары үч жүз жыйырма төрт.

24 Хариптин уулдары жүз он эки.

25 Гибондо туулгандар токсон беш.

26 Бейт-Лехем менен Нетопанын тургундары жүз сексен сегиз.

27 Анатоттун тургундары жүз жыйырма сегиз.

28 Бейт-Азмабеттин тургундары кырк эки.

29 Кирийат-Жейаримдин, Кепиранын жана Бейроттун тургундары жети жүз кырк үч.

30 Рама менен Гебанын тургундары алты жүз жыйырма бир.

31 Мукмастын тургундары жүз жыйырма эки.

32 Бейтел менен Айдын тургундары жүз жыйырма үч.

33 Башка Небонун тургундары элүү эки.

34 Башка Эйламдын уулдары бир миң эки жүз элүү төрт.

35 Харимдин уулдары үч жүз жыйырма.

36 Жериходо туулгандар үч жүз кырк беш.

37 Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жүз жыйырма бир.

38 Сенаада туулгандар үч миң тогуз жүз отуз.

39 Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын тукумунан Жедаянын уулдары тогуз жүз жетимиш үч.

40 Имердин уулдары бир миң элүү эки.

41 Пашкурдун уулдары бир миң эки жүз кырк жети.

42 Харимдин уулдары бир миң он жети.

43 Лебилер: Кадмиел тукумунан Жешуянын уулдары, Адея тукумунан жетимиш төрт.

44 Ырчылар: Асаптын уулдары жүз кырк сегиз.

45 Дарбазачылар: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары жүз отуз сегиз.

46 Нетиндер: Зиханын, Хасупанын, Табаотанын,

47 Кейростун, Сиянын, Падондун,

48 Лебандын, Хагаптын, Салмайдын,

49 Ханандын, Гиделдин, Гахардын,

50 Рейайдын, Ретсиндин, Некоданын,

51 Газамдын, Узанын, Пасейахтын,

52 Бейсайдын, Мейунимдин, Непишсимдин,

53 Бакбуктун, Хакупанын, Хархурдун,

54 Батсилиттин, Мехиданын, Харшанын,

55 Баркостун, Сисранын, Тамахтын,

56 Нетсиахтын, Хатипанын уулдары.

57 Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын, Сопереттин, Периданын,

58 Жааланын, Даркондун, Гиделдин,

59 Шепатиянын, Хатилдин, Похерет-Атсебайымдын, Амондун уулдары.

60 Бардык нетиндер менен Сулаймандын кулдарынын уулдары үч жүз токсон эки.

61 Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп-Адондон жана Имерден чыккандар ушулар. Бирок алар өз тукумдарынын, өз урууларынын Ысрайылдан чыкканын көрсөтүп бере алышкан жок.

62 Делаянын, Тобиянын, Некоданын уулдары алты жүз кырк эки.

63 Ыйык кызмат кылуучулардан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары, Барзелайдын уулдары бар. Ал гилаттык Барзелайдын кызын алып, ошонун аты менен аталып калган.

64 Булар өз санжырасынын тизмесин таба алышпай, ыйык кызмат кылуучулардын тизмесинен чийилип калышкан.

65 Тиршапа аларга: «Урим менен тумим аркылуу Кудайдан сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебегиле», – деди.

66 Бардык жамаат биригип, кырк эки миң үч жүз алтымыш адам болду.

67 Булар – жети миң үч жүз отуз жети кулдары менен күңдөрүнөн тышкары санакка киргендер. Алардын дагы эки жүз кырк беш ырчы кыз-жигиттери бар эле.

68 Булардын жети жүз отуз алты жылкысы, эки жүз кырк беш куланы,

69 төрт жүз отуз беш төөсү, алты миң жети жүз жыйырма эшеги болгон.

70 Кээ бир уруу башчылар ишти жүргүзүш үчүн каражат беришти. Тиршапа казынага миң алтын драхма, элүү чөйчөк, ыйык кызмат кылуучулар үчүн беш жүз отуз кийим берди.

71 Кээ бир уруу башчылар жумуштарды жүргүзүш үчүн, казынага жыйырма миң алтын драхма, эки миң эки жүз мина күмүш беришти.

72 Калган эл жыйырма миң алтын драхма, эки миң мина күмүш, ыйык кызмат кылуучулар үчүн алтымыш жети кийим беришти.

73 Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, дарбазачылар да, ырчылар да, нетиндер да, жалпы эл да, бүткүл Ысрайыл эли да өз шаарларында жашап калышты.

8-БӨЛҮМ

Эзранын элге мыйзамды окуп бериши

1 Жетинчи айда, Ысрайыл уулдары өз шаарларында жашап турушканда, бүт эл бир кишидей Суу дарбазасынын алдындагы аянтка чогулду да, китеп көчүргүч Эзрага Теңирдин Ысрайылга осуят кылган Мусанын мыйзам китебин алып кел деди.

2 Ыйык кызмат кылуучу Эзра китепти жетинчи айдын биринчи күнү жамааттын, эркектер менен аялдардын жана мыйзамды түшүнө алгандардын алдына алып келди.

3 Анан ал андан Суу дарбазасынын алдындагы аянтта таң сүргөндөн чак түшкө чейин эркектер менен аялдарга жана аны түшүнө алган адамдарга окуп берди. Элдин бардыгы мыйзам китебин кунт коюп угушту.

4 Окутуучу Эзра атайы жасалган жыгач секичеде турду. Анын жанында, оң кол тарабында, Матития менен Шема, Аная менен Урий, Хилкия менен Маасея, ал эми сол кол тарабында Педая менен Мишаел, Малкия менен Хашум, Хашбадана менен Захария жана Мешулам турду.

5 Эзра китепти бүт элдин көз алдында ачты, анткени ал бардык элден бийик турган. Ал китепти ачканда, бүт эл ордунан турду.

6 Анан Эзра улуу Кудай-Теңирди даңктады, бүт эл колдорун көтөрүп, «Оомийин, оомийин», – деп жерге жете ийилип, Теңирге табынышты.

7 Жешуя, Бани, Шейребия, Жамин, Акуп, Шаптай, Одия, Маасея, Келита, Азария, Жозабат, Ханан, Пелая жана лебилер ошол жерде турган элге мыйзамды түшүндүрүп жатышты.

8 Алар китептеги Кудайдын мыйзамдарын элге так окуп, түшүндүрүп берип жатышты. Алар окуганды эл түшүнүп жатты.

9 Ошондо тиршапа Некемия, китеп көчүргүч Эзра, ыйык кызмат кылуучу, элди окутуп жаткан лебилер бүт элге: «Бул күн – Кудай-Теңириңерге арналган ыйык күн, кайгырбагыла да ыйлабагыла», – дешти, анткени эл мыйзам сөздөрүн угуп жатканда, ыйлап турушкан эле.

10 Некемия аларга: «Баргыла, тамактын майлуусунан жеп, ичимдиктин таттуусунан ичкиле, эч нерсе даярдабагандар менен бөлүшкүлө, анткени бул күн – Теңирибизге арналган ыйык күн. Кайгырбагыла. Анткени Теңирдин алдында кубануу силерге күч болот», – деди.

11 Лебилер да: «Сабыр кылгыла, бул күн – ыйык күн, капа болбогула», – деп, бүт элди сооротуп жүрүштү.

12 Ошондо бүт эл барып, ичип-жеп, эч нерсе даярдабагандар менен да бөлүшүп, өз көңүлдөрүн көтөрүп, салтанат менен майрамдашты, анткени аларга айтылган сөздөрдү терең түшүнүштү.

Алачыктар майрамы

13 Эртеси уруу башчылар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер мыйзам сөздөрүн түшүндүрүп берсин деп, бүт элдин атынан китеп көчүргүч Эзрага келишти.

14 Алар Теңирдин Муса аркылуу берген мыйзам китебинен «Ысрайыл уулдары жетинчи айда, майрам күндөрү алачыктарда жашашсын» деп жазылган сөздөрдү табышты.

15 Ошондуктан өздөрү жашаган бардык шаарларга жана Иерусалимге жар салышып: «Жазылган сөздөрдүн негизинде алачыктарды жасаш үчүн, тоого баргыла да, зайтун дарагынын, жапайы зайтун дарагынын, мирта дарагынын, курма пальмасынын жана жазы жалбырактуу дарактардын бутактарын кыйып келгиле», – дешти.

16 Эл жабыла барып, бутактарды кыйып келди да, ар ким өз турак-жайынын үстүнө, өз короосуна, Кудайдын үйүнө, Суу дарбазасынын алдындагы аянтка жана Эпрайым дарбазасынын алдындагы аянтка алачык жасашты.

17 Туткундан кайрылып келген бүткүл жамаат алачык жасап, ошол алачыктарда жашап турушту. Нундун уулу Жашыянын күндөрүнөн ушул күнгө чейин Ысрайыл уулдары мындай кылышкан эмес. Бул зор кубаныч болду.

18 Кудайдын мыйзам китебин күн сайын, биринчи күндөн акыркы күнгө чейин окуп жатышты. Жети күн майрамдашты, сегизинчи күнү мыйзамга ылайык майрамдык жыйналыш болду.

9-БӨЛҮМ

Элдин өз күнөөлөрүн мойнуна алышы

1 Ушул айдын жыйырма төртүнчү күнү Ысрайыл уулдары зумбал кийип, баштарына күл сээп, орозо кармашты.

2 Ысрайыл тукуму бөлөк тукумдардан бөлүнүп, өз бетинче турду да, өз күнөөлөрү менен ата-бабаларынын кылмыштарын моюндарына алып, кечирим сурады.

3 Алар өз орундарында туруп, күндүн чейрегине чейин өз Кудай-Теңиринин мыйзам китебинен окуп, чейрек күн өз Кудай-Теңирине таазим кылып, кечирим сурашты.

4 Жешуя, Бани, Кадмиел, Шебания, Буни, Шейребия, Бани, Хенани лебилердин секичесине чыгып, катуу үн менен өз Кудай-Теңирине кайрылышты.

5 Анан лебилер – Жешуя, Кадмиел, Бани, Хашабнея, Шейребия, Одия, Шебания, Петахия мындай дешти: «Тургула, өз Кудай-Теңириңерди кылымдан кылымга даңктагыла! Даңктоого татыктуу болгон, бардык мактоолордон жогору турган Сенин атың мактала берсин да, даңктала берсин!

6 Теңир, Сен жалгыз Кудайсың, Сен асманды, асмандардын асманын, асман кошуунун, жерди жана андагынын бардыгын, деңиздерди жана андагылардын бардыгын жараттың, ошонун баарына өмүр бердиң, асман кошуунунун бардыгы Сага таазим кылат.

7 Кудай-Теңир, Сен Өзүң Ыбрамды тандап алып, аны каздимдердин Ур-Каздим деген шаарынан алып чыгып, ага Ыбрайым деген ат бердиң.

8 Анын жүрөгүнүн Өзүңө берилгенин көрүп, анын тукумуна канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, жебустуктардын жана гиргештиктердин жерлерин берем деп, аны менен келишим түздүң. Сен Өз сөзүңдү орундаттың, анткени Сен адилетсиң.

9 Сен биздин ата-бабаларыбыздын Мисирде тарткан азабын көрдүң, алардын Кызыл деңиздин жанындагы зарын уктуң.

10 Ошондо фараонго, анын кызматчылары менен ал жердин бардык элине жышаандарың менен кереметтериңди көрсөттүң, анткени Сен алардын бул элге текебердик менен мамиле кылганын билчүсүң, Сен Өз атыңды чыгардың, алар аны бүгүнкү күнгө чейин билишет.

11 Сен алардын алдында турган деңизди экиге бөлдүң, ошондо алар деңиздин ортосунан, кургак жер менен өтүп кетишти. Алардын артынан куугандарды ташкындаган сууга таш чөккөндөй чөгөрдүң.

12 Алар бара турган жолду жарык кылыш үчүн, күндүз булут мамы болуп, түнкүсүн от мамы болуп, аларды алып жүрдүң.

13 Синай тоосуна түшүп келип, алар менен асмандан сүйлөштүң да, аларга адилеттүү өкүмдү, ишенимдүү мыйзамды, жакшы буйруктарды жана осуяттарды бердиң.

14 Аларга Өз кулуң Муса аркылуу Өзүңдүн ыйык ишембиңди, осуяттарыңды, буйруктарыңды, мыйзамдарыңды бердиң.

15 Алар ачка болгондо, Сен аларга асмандан нан берип турдуң, суусаганда, таштан суу чыгарып берип турдуң, Сен аларга берем деп, колуңду көтөрүп ант берген жерге барып, ал жерди ээлеп алгыла дедиң.

16 Бирок алар, биздин ата-бабаларыбыз, өжөрлөнүп моюн сунбай, Сенин осуяттарыңды укпай коюшту.

17 Алар Сага баш ийгиси келбей, Сенин аларга көрсөткөн керемет иштериңди эстеринен чыгарып, моюн сунбай, өздөрүнүн өжөрлүгү менен кайрадан кул болуш үчүн, өздөрүнө жол башчы коюп алышты. Бирок Сен кечиргенди сүйгөн, жакшы, боорукер, чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай болгондуктан, аларды таштаган жоксуң.

18 Алар өздөрүнө алтындан музоо жасап: “Мисирден алып чыккан кудайыңар ушул”, – деп, Сага акарат келтиришкенине карабай,

19 Сен Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды чөлгө таштаган жоксуң. Аларды жол менен алып жүрүш үчүн, алар бара жаткан жолдо аларга жарык берип туруш үчүн, күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы алардан алыстаган жок.

20 Аларды үйрөтүш үчүн, Өзүңдүн жакшы Рухуңду жибердиң, алардын оозунан маннаны үзбөдүң, суусунун кандырууга суу берип турдуң.

21 Сен аларды кырк жыл чөлдө бактың. Алар эч нерседен кем болушкан жок, кийген кийимдери эскирген жок, буттары шишиген жок.

22 Сен аларга падышачылыктар менен элдерди каратып бердиң, аларга жер бөлүп бердиң, алар Сихон жерлерине, Кешпон падышасынын жерлерине, Башан падышасы Огдун жерлерине ээ болушту.

23 Алардын уулдарын асмандагы жылдыздардай көбөйттүң, келип ээлешет деп, ата-бабаларына Өзүң айткан жерге аларды алып бардың.

24 Алардын уулдары келип, ал жерди ээлешти. Ал жердин тургундарын – канаандыктарды Сен аларга багынтып бердиң, эмне кылса өздөрү билсин деп, ал жерде жашаган элдерди, алардын падышаларын колдоруна салып бердиң.

25 Алар чептүү шаарларды, семиз жерди ээлеп, дүнүйө-мүлккө толгон үйлөрдү, таштан жасалган көлмөлөрдү, жүзүмзарлар менен зайтун бактарын, мөмөлүү дарактарды тартып алышты. Өзүңдүн кең пейилдигиң менен ичип-жешти, тоюшту, семиришти, жыргашты.

26 Алар тоң моюн тартып, Өзүңө каршы чыгышты, мыйзамыңды жек көрүштү, Сага кайрылгыла деп эскерткен пайгамбарларыңды өлтүрүштү, Сага акарат келтиришти.

27 Ошондо Сен аларды кысымга алган душмандардын колуна салып бердиң. Алар кыйналганда, Сага кайрылышчу, Сен алардын үнүн асмандан укчусуң, Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларга куткаруучуларды жиберчүсүң, куткаруучулар аларды душмандардын колунан куткарышчу.

28 Тынч алып калышканда, алар Сенин көз алдыңда кайрадан жамандык кыла башташчу. Ошондо Сен аларды кайрадан душман колуна салып берчүсүң, душмандары аларга үстөмдүк кылышчу. Бирок алар Сага кайрадан кайрылганда, Сен алардын үнүн асмандан угуп, Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды куткарып турчусуң.

29 Сен аларга Өзүңдүн мыйзамыңа кайрылууну эскертип турдуң, бирок алар көшөрүп, Сенин осуяттарыңды аткарышчу эмес, Сенин мыйзамдарыңдан четтеп кетишчү. Аларды аткарган адам жашамак. Бирок алар тил албай, моюн сунбай өжөрлөнүштү.

30 Аларды кайрылар бекен деп, көп жылдар күтүп, Өзүңдүн Рухуң менен, пайгамбарларың аркылуу алардын эсине салып турдуң, бирок алар укпай коюшту. Ошондо Сен аларды бөтөн жердеги элдердин колдоруна салып бердиң.

31 Бирок Өзүңдүн улуу боорукердигиң менен аларды таптакыр кырып салган жоксуң, таштап койгон жоксуң, анткени Сен жакшы, ырайымдуу Кудайсың.

32 Оо Кудай, Сен азыр да Өзүңдүн келишимиң менен ырайымыңды сактап турган кудуреттүү да, коркунучтуу да улуу Кудайсың! Ашур падышаларынын күндөрүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биздин, падышаларыбыздын, төрөлөрүбүздүн, ыйык кызмат кылуучуларыбыздын, пайгамбарларыбыздын, ата-бабаларыбыздын жана бүт элдин тарткан азаптары Сага аз болуп көрүнбөсө экен.

33 Биз кандай азап тартсак да, ошонун бардыгын Сен туура кылдың, анткени Сен бардык иште адилет болдуң, ал эми биз күнөөлүү болдук.

34 Биздин падышаларыбыз, төрөлөрүбүз, ыйык кызмат кылуучуларыбыз, ата-бабаларыбыз Сенин мыйзамыңды аткарышкан жок, Сен эскертип турган осуяттарың менен эскертүүлөрүңдү укпай коюшту.

35 Өзүңдүн улуу ырайымың менен берген падышачылыкта, Өзүң бөлүп берген кең, семиз жерде жашап турушканда, алар Сага кызмат кылышкан жок, өздөрүнүн кыянат иштерин калтырышкан жок.

36 Азыр биз кулбуз, Сен ата-бабаларыбызга жер-жемиштери жана түшүмдөрү менен азыктанууга берген жерде биз кулдукта жүрөбүз.

37 Күнөөбүз үчүн Сен бизди багынтып берген падышаларга бул жер көп түшүм берип жатат. Алар өзүбүзгө да, мал-жаныбызга да өздөрү каалагандай үстөмдүк кылып жатышат. Биз кыйын кысталышта калдык.

Келишимге мөөр баскандардын тизмеси

38 Ушулардан улам биз бекем келишим түзүп, колубузду коюп жатабыз, колдорубуздун үстүндө биздин төрөлөрдүн, лебилердин, ыйык кызмат кылуучулардын мөөрлөрү турат».

10-БӨЛҮМ

1 Мөөр баскандар булар болду: Хахалия уулу Некемия-Тиршата жана Ситкия,

2 Серая, Азария, Жеремия,

3 Пашкур, Амария, Малкия,

4 Хатуш, Шебания, Малух,

5 Харим, Меремот, Обадия,

6 Даниел, Гиптон, Барух,

7 Мешулам, Абия, Миямин,

8 Мазия, Билгай, Шемая. Булар – ыйык кызмат кылуучулар.

9 Лебилер: Азания уулу Жешуя, Хейнадат уулдарынан Бинуй, Кадмиел.

10 Алардын бир туугандары: Шебания, Одия, Келита, Пелая, Ханан,

11 Миха, Рехоп, Хашабия,

12 Закур, Шейребия, Шебания,

13 Одия, Бани, Бенуну,

14 Эл башчылар: Парош, Пахат-Маап, Эйлам, Зату, Бани,

15 Буни, Азгат, Бейбай,

16 Адония, Бикбай, Адин,

17 Атейир, Хиския, Азур,

18 Одия, Хашум, Бейтсай,

19 Харип, Анатот, Нейбай,

20 Махпийаш, Мешулам, Хейзир,

21 Мешейзабел, Садок, Жадуя,

22 Пелатия, Ханан, Аная,

23 Ошуя, Ханания, Хашуп,

24 Алокейиш, Пилха, Шобек,

25 Рехум, Хашабна, Маасея,

26 Акия, Ханан, Анан,

27 Малух, Харим, Баана.

28 Калган элдер, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, дарбазачылар, ырчылар, нетиндер, бөтөн жерлик элдерден бөлүнүп, Кудайдын мыйзамына киргендер, алардын аялдары, уулдары, кыздары – мыйзамды түшүнө алгандардын баары

29 бир туугандарына, алардын атактууларына кошулуп, Кудайдын Өзүнүн кулу Муса аркылуу берген мыйзамы боюнча жүрүүгө жана өз Кудай-Теңирибиздин осуяттарын сактап, буйруктарын, мыйзамдарын аткарууга,

30 кыздарын бөтөн жерлик элдерге бербөөгө, уулдарына алардын кыздарын алып бербөөгө,

31 бөтөн жерликтер өздөрүнүн сата турган мал-мүлкүн ишембиде алып келгенде, ишембиде, ыйык күндө, алардан эч нерсе албоого жана жетинчи жылы ар кандай карыздарын кечип коюуга ант беришип, антты бузсак, бизге каргыш тийсин дешти.

32 Кудайыбыздын үйүнүн керектөөлөрүнө жылына шекелдин үчтөн бир бөлүгүн берип турууну да өзүбүзгө мыйзам кылып койдук:

33 алар нан тартууларына, күн сайын коюлуучу нан курмандыктарына, күн сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарга, ишемби күнү, ай жаңырган сайын өткөрүлүүчү майрамда, ар кандай майрамдарда чалынуучу курмандыктарга, ыйык буюмдарга, Ысрайылдын күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыктарга – Кудайыбыздын үйүндө өткөрүлүүчү бардык нерселерге арналсын.

34 Биз, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, эл, мыйзамда жазылгандай, Кудай-Теңирибиздин курмандык чалынуучу жайында дайыма от күйүп туруш үчүн, жыл сайын белгиленген убакта жеткирилип туруучу отунду кайсы уруу кайсы убакта Кудайыбыздын үйүнө жеткирип турарын билиш үчүн, өкчөмө таш ыргыттык.

35 Жыл сайын Теңирдин үйүнө жерибиздин алгачкы түшүмү менен жемиш бактарыбыздын алгачкы мөмөлөрүнөн жеткирип турууга да милдеттенме алдык.

36 Ошондой эле, мыйзамда жазылгандай, Кудайыбыздын үйүнө, ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайдын үйүндө кызмат кылгандарга, тун уулдарыбызды, ири жана майда малыбыздын биринчи төлүн жеткирип берүүгө милдеттенме алдык.

37 Бастырылган даныбыздын алгачкы түшүмүн, ар кандай тартууларыбызды, жемиш бактарыбыздын мөмөлөрүн, зайтун майларыбызды, шараптарыбызды ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайыбыздын үйүндөгү кампаларга жеткирип беребиз, лебилерге болсо жерибизден алынган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жеткирип турабыз. Бардык шаарлардан, дыйканчылык кылган бардык жерлерден лебилер түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алып турушат.

38 Лебилер ондон бир бөлүктү алып жатканда, Арундун тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучу алардын жанында турат, лебилер алган ондуктарынын ондон бир бөлүгүн Кудайдын үйүндөгү кампалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөргө жеткиришет.

39 Анткени ал бөлмөлөргө Ысрайыл уулдарындай эле, лебилер да тартууга келген дан, шарап, зайтун майларын жеткирип турууга тийиш. Ал жерде ыйык идиштер, кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулар, дарбазачылар, ырчылар турат. Ошентип, биз Кудайыбыздын үйүн таштабайбыз.

11-БӨЛҮМ

Иерусалимдин тургундары

1 Эл башчылар Иерусалимде жашап калышты, ал эми калган элдин ондон бир бөлүгү Иерусалимде жашаш үчүн, калган тогуз бөлүгү башка шаарларда жашаш үчүн, өкчөмө таш ыргытышты.

2 Эл өз ыктыяры менен Иерусалимде жашоого макул болгондордун баарына батасын берди.

3 Иерусалимде жашаган өлкө башчылары булар – Жүйүт аймагынын шаарларында ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, нетиндер, Сулаймандын кулдарынын уулдары ар бири өздөрүнө таандык шаарларда жашашты.

4 Иерусалимде Жүйүттүн уулдары менен Бенжемин уулдары жашап калышты. Жүйүттүн уулдарынан: Атая. Атая – Узиянын уулу, Узия – Захариянын уулу, Захария – Амариянын уулу, Амария – Шепатиянын уулу, Шепатия – Маалалелдин уулу, Маалалел Перес тукумунан.

5 Ошондой эле Маасея. Маасея – Барухтун уулу, Барух – Кол-Хозенин уулу, Кол-Хозе – Хазаянын уулу, Хазая – Адаянын уулу, Адая – Жойарыптын уулу, Жойарып – Захариянын уулу, Захария – Шейланын уулу.

6 Иерусалимде жашаган Перестин бардык уулдары төрт жүз алтымыш сегиз эле. Алар жоокер адамдар болчу.

7 Бенжемин уулдары: Ышайа уулу, Итиел уулу, Маасея уулу, Колая уулу, Педая уулу, Жойет уулу, Мешулам уулу Салу.

8 Алардын соңунан Габай, Салай, бардыгы болуп тогуз жүз жыйырма сегиз адам.

9 Зихри уулу Жоел аларга башчы болду, ал эми Асенуа уулу Жүйүт шаардын экинчи башчысы болду.

10 Ыйык кызмат кылуучулардан: Жойарип уулу Жедая, Жахин жана

11 Кудай үйүндө башчы болгон Серая. Ал – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Акитуптун уулу.

12 Кудайдын үйүндө кызмат кылган алардын бир туугандары сегиз жүз жыйырма эки болду. Ошондой эле Адая. Ал – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пелалиянын уулу, Пелалия – Амисийдин уулу, Амисий – Захариянын уулу, Захария – Пашхурдун уулу, Пашхур – Малкиянын уулу.

13 Уруу башчылары болгон анын бир туугандары эки жүз кырк эки адам болду. Ошондой эле Амашсай. Амашсай – Азариелдин уулу, Азариел – Аказайдын уулу, Аказай – Мешилеймоттун уулу, Мешилеймот – Имердин уулу.

14 Алардын бир туугандары жүз жыйырма сегиз эр жүрөк аскерлер эле. Аларга Хагедолим уулу Забдиел башчы болду.

15 Ал эми лебилерден: Шемая. Шемая – Хашуптун уулу, Хашуп – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия – Бунинин уулу.

16 Кудай үйүндөгү тышкы иштер боюнча леби башчылардан Шаптай менен Жозабат,

17 Кудайга сыйынардагы даңктоо ырлардын башкы баштоочусу – Матания. Ал – Миханын уулу, Миха – Забдийдин уулу, Забдий – Асаптын уулу жана анын бир туугандарынын арасында экинчи болгон Бакбукея, ошондой эле Абда. Абда – Шамуянын уулу, Шамуя – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу.

18 Ыйык шаардагы бардык лебилер эки жүз сексен төрт адам болду.

19 Ал эми дарбазачылар: Акуп, Талмон жана дарбаза сакчылыгында турган алардын бир туугандары – жүз жетимиш эки адам.

Калган шаарлардын тургундары

20 Калган ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жүйүттөрдүн бардык шаарларында, ар ким өз энчисине тийген жерде жашап турушту.

21 Ал эми нетиндер Опелде жашашкан. Нетиндердин үстүндө Зиха менен Гишпа турду.

22 Асаптын Кудай үйүндө кызмат кылган ырчы уулдарынын бири Узи Иерусалимде лебилердин башчысы эле. Узи – Банинин уулу, Бани – Хашабиянын уулу, Хашабия – Матаниянын уулу, Матания – Миханын уулу.

23 Алар тууралуу падышадан өзгөчө буйрук болуп, ырчылар үчүн күн сайын белгилүү кызмат акы бөлүнгөн.

24 Жүйүт уруусунан, Зерак уулдарынан чыккан Мешейзабел уулу Петахия элге тиешелүү ар кандай иштер боюнча падышанын ишенимдүү кишиси болгон.

25 Ал эми айыл-кыштактарда, өз жерлеринде жашаган Жүйүт уулдары Кирийат-Арбада жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Дибондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Жекапсейелде жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

26 Жейшуяда, Моладада, Бейт-Палетте,

27 Хатсар-Шуалда, Бейер-Шебада жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

28 Сыклакта, Мехондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

29 Эйин-Римондо, Сорада, Жармутта,

30 Заноахта, Адуламда жана аларга караштуу айыл-кыштактарда, Лакиште жана анын талааларында, Азейкада жана ага караштуу шаарларда жашап турушту. Алар Бейер-Шебадан Ином өрөөнүнө чейин жайгашышкан.

31 Бенжемин уулдары Гебадан тартып, Мукмаста, Айда, Бейтелде жана ага караштуу шаарларда,

32 Анатотто, Нопто, Хананиде,

33 Хатсордо, Рамада, Гитайимде,

34 Хадитте, Себоимде, Небалатта,

35 Лоддо, Онодо, Гей-Ахарашим өрөөнүндө жашап турушту.

36 Лебилердин Жүйүт менен Бенжемин жерлеринде да турак-жайлары болгон.

12-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин тизмеси

1 Шалтиел уулу Зоробабыл жана Жешуя менен келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер булар: Серая, Жеремия, Эзра,

2 Амария, Малух, Хатуш,

3 Шехания, Рехум, Меремот,

4 Идо, Гинтой, Абия,

5 Миямин, Мадия, Билга,

6 Шемая, Жойарип, Жедая,

7 Салу, Амок, Хилкия, Жедая. Булар – Жешуянын тушундагы башкы ыйык кызмат кылуучулар жана алардын бир туугандары.

8 Ал эми лебилер: Жешуя, Бинуй, Кадмиел, Шейребия, Жүйүт, ырчылардын башчысы Матания жана анын бир туугандары,

9 Бакбукея менен Уни, алардын бир туугандары бир катарда сакчылыкта турушту.

Ыйык кызмат кылуучулардын санжырасы

10 Жешуядан Жайаким, Жайакимден Элийашип, Элийашиптен Жойада,

11 Жойададан Жонатан, Жонатандан Жадуя төрөлгөн.

12 Жайакимдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар, уруу башчылар булар: Серая тукумунан Мерая, Жеремия тукумунан Ханания,

13 Эзра тукумунан Мешулам, Амария тукумунан Жоханан,

14 Мелиху тукумунан Жонатан, Шебания тукумунан Жусуп,

15 Харим тукумунан Адна, Мерайот тукумунан Хилкия,

16 Идо тукумунан Захария, Гиптон тукумунан Мешулам,

17 Абия тукумунан Зихри, Миниямин, Моадия тукумунан Пилтай,

18 Билга тукумунан Шамуя, Шемая тукумунан Жонатан,

19 Жойарип тукумунан Матенай, Жедая тукумунан Узи,

20 Салай тукумунан Калай, Амок тукумунан Эйбер,

21 Хилкия тукумунан Хашабия, Жедая тукумунан Натанаел.

22 Элийашип, Жойада, Жоханан жана Жадуянын тушундагы уруу башчы лебилер, ошондой эле Персия падышасы Дарийдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар тизмеге кирди.

23 Уруу башчылары болгон Леби уулдары, Элийашип уулу Жоханандын тушуна чейинки санжырада жазылган.

24 Лебилердин башчылары: Хашабия, Шейребия, Кадмиел уулу Жешуя жана алардын бир туугандары. Алардын бир туугандары Кудайдын кишиси Дөөт түзгөн кезек боюнча Кудайга ыраазычылык билдирип даңктап туруу үчүн, алардын каршысына коюлган.

25 Матания, Бакбукея, Обадия, Мешулам, Талмон, Акуп – булар дарбазаларда эшик кайтарган сакчылар.

26 Алар Жотсадак уулу Жешуянын уулу болгон Жайакимдин тушунда, дубан башчы Некемия менен китеп көчүргүч, ыйык кызмат кылуучу Эзранын тушунда жашап, ошол кызматтарды аткарып турушкан.

Иерусалим дубалдарын ыйыктоо

27 Иерусалим дубалын ыйыктарда, лебилерди жашаган жерлеринен Иерусалимге келишин талап кылышты. Аларга ыйыктоо ишин кубанычтуу майрам менен, жез табактардын, арфанын, гуслинин коштоосунда Кудайды мактоо жана даңазалоо ырлары менен өткөрүүнү буйрук беришти.

28 Иерусалимдин тегереги менен Нетопанын кыштактарынан да ырчылардын уулдары келишти.

29 Бейт-Гилгалдан да, Геба жана Азмабет талааларынан да келишти, себеби ырчылар Иерусалимдин чет-жакаларына кыштак куруп алышкан.

30 Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер өздөрү тазаланып, анан элди да, дарбазаларды да, дубалдарды да ыйыкташты.

31 Ошондо мен Жүйүт аймагынын эл башчыларын дубалдарга алып бардым да, салтанаттуу жүрүш үчүн, ырчылардын эки чоң тобун койдум, алардын бири Кык дарбазасын көздөй дубалдын оң тарабы менен бара жатты.

32 Алардын соңунан Ошая жана Жүйүт аймагынын эл башчыларынын теңи:

33 Азария, Эзра, Мешулам,

34 Жүйүт, Бенжемин, Шемая жана Жеремия бара жатты.

35 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан сурнай менен бара жаткандар: Захария. Захария – Жонатандын уулу, Жонатан – Шемаянын уулу, Шемая – Матаниянын уулу, Матания – Михейдин уулу, Михей – Закурдун уулу, Закур Асаптын уулу.

36 Ошондой эле анын бир туугандары: Шемая, Азариел, Милалай, Гилалай, Маай, Натанаел, Жүйүт жана Ханани. Булар Кудайдын кишиси Дөөттүн музыкалык аспаптары менен бара жатышты. Алардын алдында китеп көчүргүч Эзра бара жатты.

37 Алардын каршысында турган Булак дарбазасынын жанынан алар Дөөттүн шаарына чыга турган тепкичтер менен, Дөөттүн үйүнүн үстүндөгү дубалдарга чыга турган тепкичтер менен чыгыштагы Суу дарабазасына чейин чыгышты.

38 Алардын каршысында ырчылардын экинчи тобу бара жатты, алардан кийин мен бара жаттым. Менден кийин элдин теңи дубал менен Меш мунарасынан жазы дубалга карай бара жатты.

39 Эпрайым дарбазасынан, эски дарбазанын алдынан, Балык дарбазасынын, Хананел мунарасынын, Мея мунарасынын алдынан өтүп, Кой дарбазасына жетип, Зындан дарбазасынын алдына токтодук.

40 Анан ырчылардын эки тобу тең, мен жана мени менен келген эл башчылардын теңи Кудай үйүнүн алдына келип туруп калдык.

41 Ыйык кызмат кылуучулар: Элийаким, Маасея, Миниямин, Михей, Элийонай, Захария, Ханания сурнайлар менен турушту,

42 Маасея, Шемая, Элазар, Узи, Жоханан, Малкия, Эйлам жана Эзер турушту. Анан ырчылар жер жаңырта ырдашты. Аларга Жизрахия башчы болду.

43 Ошол күнү көп курмандык чалышты, анан ырдап шаттанышты, анткени Кудай аларга зор кубаныч берди. Аялдары да, балдары да ырдап шаттанышты. Иерусалимдеги кубаныч алыска угулуп жатты.

Ийбадатканадагы кызмат тартиби

44 Ошол эле күнү алгачкы түшүм менен ондуктар сакталуучу кампаларга, шаарлардын четиндеги эгин талаалардан алган түшүмдөн мыйзам боюнча ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге тиешелүү болгон үлүштү чогултуш үчүн кишилер коюлду. Анткени жүйүт эли өз Кудайына кызмат кылып жаткан, ыйыктоо иштерин аткарып жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көрүп кубанды.

45 Алар өз Кудайына кызмат кылышты, ыйыктоо иштерин жүргүзүштү, ошондой эле Дөөттүн жана анын уулу Сулаймандын буйругу боюнча ырчы жана дарбазачы болуп турушту.

46 Анткени эзелтен эле, Дөөт менен Асаптын тушунда, Кудайды мактоо, ыраазычылык билдирүү ырлары чыгарылып, аларды аткарган ырчылардын жетекчилери коюлган.

47 Зоробабылдын тушунда да, Некемиянын тушунда да бүт ысрайылдыктар ырчыларга да, дарбазачыларга да күн сайын өз үлүштөрүн берип келишкен. Ыйык үлүштөрдү лебилерге берип турушкан, лебилер болсо ыйык үлүштөрдү Арундун уулдарына берип турушкан.

13-БӨЛҮМ

Эврейлердин башка элдерден бөлүнүшү

1 Ошол күнү Мусанын китебинен мындай жерлер элге угуза окулду: «Амондуктар менен мааптыктар Кудайдын коомуна кире албайт,

2 анткени алар Ысрайылдын уулдарын нан, суу менен тосуп алышкан эмес, аларды каргатыш үчүн Биламды жалдашкан. Бирок биздин Кудай ал каргышты батага айлантып койгон».

3 Алар бул мыйзамды укканда, бардык бөтөн урууларды Ысрайылдан бөлүп салышты.

Некемиянын киргизген өзгөртүүлөрү

4 Тобиянын жакын тууганы, Кудайыбыздын үйүндөгү кампа бөлмөлөрүнө коюлган ыйык кызмат кылуучу Элийашип,

5 Тобияга чоң бөлмөнү даярдап бериптир. Ал бөлмөгө мурун нан курмандыктары, ладан, идиштер, ошондой эле мыйзам боюнча лебилерге, ырчыларга, дарбазачыларга тиешелүү болгон түшүмдүн, шарап, зайтун майларынын ондон бир бөлүгү жана ыйык кызмат кылуучуларга берилүүчү курмандыктар коюлчу.

6 Мунун баары болуп жатканда, мен Иерусалимде жок болчумун, анткени Бабыл падышасы Артакшаштанын бийлигинин отуз экинчи жылы мен падышага баргам, бир нече күн өткөндөн кийин, падышадан кайра суранып кеткем.

7 Мен Иерусалимге келгенде, Элийашиптин Кудайдын үйүнүн короосунан Тобияга бөлмө оңдоп берип, жаман иш кылганын билдим.

8 Ошондо мен абдан жаман болуп, Тобиянын бардык үй буюмдарын ал бөлмөдөн сыртка ыргыттым да,

9 бөлмөнү тазалагыла дедим, бөлмөгө Кудай үйүнүн идиштерин, нан курмандыктарын, ладанды кайрадан алып киргиле деп буйрук кылдым.

10 Лебилерге үлүштөрү берилбей жатканын жана кызматта турган лебилер менен ырчылар өз талааларына качып кеткенин да уктум.

11 Бул үчүн башкаруучуларды катуу эскертип, эмне үчүн биз Кудайдын үйүн таштап койдук дедим. Анан мен аларды чогултуп, өз-өз орундарына койдум.

12 Ошондо бардык жүйүттөр эгиндин, шараптын, зайтун майларынын ондон бир бөлүгүн кампаларга алып келе башташты.

13 Мен кампаларга ыйык кызмат кылуучу Шелемияны, китеп көчүргүч Садокту, лебилерден Педаяны, алардын жанына Матания уулу болгон Закурдун уулу Хананды койдум, анткени алар ишенимдүү адамдар болуп эсептелчү. Өз бир туугандарына үлүш бөлүштүрүү ошолорго жүктөлдү.

14 «Оо Кудайым, мени ушул ишим үчүн унутпа, Кудайымдын үйү үчүн берилип кылган иштеримди, ошол жердеги кызматты тартипке келтиргенимди эсиңден чыгарба!»

15 Ошол күндөрү мен жүйүт элинин ишемби күнү жүзүм сыгып, боо ташып, эшектерге шарап, жүзүм, анжыр, ар кандай жүк артып, Иерусалимге алып келип жатканын көрдүм. Ошол эле күнү алар тамак-аш сатып жатканда, катуу эскерттим.

16 Жүйүт аймагында жашаган тирликтер да балыкты жана башка нерселерди ташып келип, ишембиде Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарына сатып турушкан.

17 Ошондо мен жүйүт элинин атактууларын катуу эскертип, мындай дедим: «Эмне үчүн силер мындай кыянаттык кылып, ишемби күндү булгап жатасыңар?

18 Ата-бабаларыңар да ушундай кылгандыктан, Кудайыбыз бизге жана бул шаарга алаамат каптатпады беле. Силер болсо ишембини булгап, Анын Ысрайылга болгон каарын күчөтүп жатасыңар».

19 Ушундан кийин, ишембинин алдында, кеч кире баштаганда Иерусалимдин дарбазаларын бекитип, ишемби күндүн эртеси эртең менен гана ачууну буйрук кылдым. Ишемби күнү эч кандай жүк өтпөш үчүн, кызматчыларымды дарбазага койдум.

20 Ошондо ар кандай мал-мүлк саткан сатуучулар менен соодагерлер Иерусалимдин сыртына бир-эки жолу түнөп калышты.

21 Бирок аларды катуу эскертип, мен: «Силер эмне үчүн шаар сыртына түнөп жатасыңар? Эгер дагы ушинте турган болсоңор, анда силерди жазага тартам», – дедим. Ошондон тартып алар ишембиде келбей калышты.

22 Анан мен лебилерге ишемби күндү ыйык тутуш үчүн, тазаланып, дарбазалардын алдында сакчылыкта турсун дедим. «Оо Кудайым, мына ушунум үчүн да мени унутпа, улуу ырайымың менен мага ырайым кыл!»

23 Ошол күндөрү мен дагы азоттук, амондук, мааптык кыздардан аял алган жүйүттөрдү көрдүм.

24 Ошондуктан алардын уулдарынын жарымы азоттуктарча же башка элдердин тилдеринде сүйлөшөт, жүйүт тилинде сүйлөй алышпайт.

25 Бул үчүн мен аларга сөгүш берип, каргыш айтып, кээ бир эркектерин уруп, чачын жулуп, алардан Кудайдын аты менен убада берүүнү талап кылып, өз кыздарыңарды алардын балдарына бербегиле, алардын кыздарын уулдарыңар албасын, өзүңөр да албагыла дедим.

26 Ысрайыл падышасы Сулайман ушулардын айынан күнөөгө батпады беле дедим. Башка көп элдердин мындай падышасы болгон эмес. Ал Кудайдын сүйүктүү кишиси болгондуктан, Кудай аны бүткүл Ысрайылга падыша кылып койгон, бирок бөтөн жердин аялдары азгырып, аны да күнөөгө түрткөн.

27 Бөтөн жердик аялдар менен жашап, Кудайыбыздын алдында күнөө кылып, ушундай зор кыянаттык кылып жатканыңар жөнүндө угат белек?

28 Башкы ыйык кызмат кылуучу Элийашиптин уулу Жойаданын уулдарынын бири хорондук Санбалаттын күйөө баласы болгон. Мен аны өзүмдүн жанымдан кууп жибергем.

29 «Оо Кудайым, ыйык кызматты, ыйык кызмат кылуучулардын жана лебилердин келишимин бузганы үчүн, аларды жазала!»

30 Мен аларды бөтөн жерликтердин бардык нерселеринен ушинтип тазаладым, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин кызматын калыбына келтирдим, ар бирин өз ишине койдум.

31 Ошондой эле элдин отунду жана алгачкы түшүмдү өз убагында алып келип туруусун калыбына келтирдим. «Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!»








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz