Жаныбек Жанызактын менчик айылы | ЫЙЫК КИТЕПКАНА | даярдаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2005-ж. |
ЭСТЕР1-БӨЛҮМАкашбейроштун Баштини ханышалыктан ажыратышы1 Акашбейрош падышанын тушунда мындай окуя болду (Акашбейрош падыша Индиядан Эфиопияга чейинки жүз жыйырма жети дубанды башкарып турган): 2 Акашбейрош падыша борбор шаар Шушанда падышачылык тактыда отурган күндөрү, 3 падышачылыгынын үчүнчү жылында, бардык төрөлөрүнө, кол астындагы кызматчыларына, персиялык жана мадайлык башкы аскер башчыларына, өз дубандарынын дубан башчыларына чоң той берди. 4 Ал падышачылыгынын сан жеткис байлыгын, өзүнүн шаан-шөкөткө толгон сарайларын көп күндүн аралыгында, жүз сексен күндүн ичинде, көрсөтүп чыкты. 5 Ошол күндөрдөн кийин падыша борбор шаар Шушанда жашаган өзүнүн эли үчүн, кичинесинен чоңуна чейин, падыша сарайынын бакчасында жети күн той өткөрдү. 6 Зыгыр буласынан токулган ак түстөгү жана жүндөн токулган жакут түстөгү көшөгөлөр илинип турду. Алар зыгыр буласынан жана кочкул кызыл кездемеден жасалган боолор менен күмүш шакектерге байланып, мармар мамыларга илинип турду. 7 Алтын-күмүш менен капталган супалар жакут, мармар, седеп жана кара таштар кынала жаткырылган жерге жайгашкан. 8 Суусундуктар баасы отуз миң талант турган, бири-бирине окшошпогон алтын идиштер менен сунулуп жатты. Падышанын байлыгына жараша шарап көп болду, бирок тартип менен ичилип жатты, эч ким эч кимди мажбурлаган жок. Анткени падыша үй башкаруучуларына ар кимди өз эркине коюуну буйрук кылган. 9 Башти ханыша да падыша Акашбейроштун падыша сарайында аялдар үчүн той өткөрдү. 10 Шарап ичип көңүлү көтөрүлгөн Акашбейрош падыша тойдун жетинчи күнү элге жана төрөлөргө аялынын сулуулугун көрсөтүш үчүн, 11 өзүнө кызмат кылган эбнухтарына – Меуманга, Бистага, Харбонго, Биктага, Абахтага, Зейтарга, Каркаска ханыша Баштини ханышалык таажысы менен өзүнүн алдына алып келүүнү буйруду. Анткени ал аябай сулуу эле. 12 Бирок ханыша Башти падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругу боюнча келгиси келген жок. 13 Ошондо падыша абдан ачууланып, каары кайнады. Ал өткөн мезгилдерди билген акылмандарга кайрылды, анткени мыйзам менен укуктарды билгендер менен кеңешип турчу. 14 Ошол убакта Персия менен Мадайдын жети төрөсү: Каршена, Шейтар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена, Мемухан падышанын кеңешчилери эле. Алар падышага бардык учурда кире алышкан, падышачылыкта алдыңкы орунда отурушкан. 15 «Акашбейрош падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругун аткарбай койгону үчүн, мыйзам боюнча ханыша Баштини эмне кылыш керек?» 16 Ошондо Мемухан төрө падыша менен төрөлөрдүн алдында мындай деп айтты: «Башти ханыша жеке эле падышанын алдында айыптуу болуп отурган жок, ал бардык төрөлөрдүн жана Акашбейрош падышанын бардык дубандарында жашаган бардык элдердин алдында айыптуу болду. 17 Анткени ханышанын бул жоругу бардык аялдарга жетет да, алар өздөрүнүн күйөөсүн барктабай: “Акашбейрош падыша Башти ханышаны өзүнүн алдына алып келүүнү буйруганда, ал келбей койгон”, – дешет. 18 Ханышанын бул жоругун уккан Персия менен Мадай төрайымдары да падышанын төрөлөрүнө ушинтип айтышат. Тоотпостук, каардануу көп болот. 19 Эгерде падыша ылайык тапса, “Мындан ары Башти ханыша Акашбейрош падышанын алдына келбесин, падыша анын ханышалык даражасын андан артык турган башка аялга берсин” деген токтом чыгарсын, ал Персия менен Мадай мыйзамына жазылсын, өзгөртүлбөсүн. 20 Падышанын бул токтому, анын падышачылыгы канчалык чоң болбосун, анын бүткүл булуң-бурчуна тарайт. Ошондо аны уккан аялдар күйөөлөрүн, атактуу болобу, жөнөкөй болобу, сыйлай башташат». 21 Бул сөз падыша менен төрөлөргө жакты. Падыша Мемухандын айтканындай кылып, өзүнүн бардык дубандарына 22 ар бир эркек өз үйүндө кожоюн болсун, бул токтом ар бир адамга өз эне тилинде жарыялансын деп, ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазылган кат жөнөттү. 2-БӨЛҮМЭстердин ханыша болушу1 Акашбейрош падышанын ачуусу тарагандан кийин, Башти тууралуу, анын эмне кылганы тууралуу, ага кандай токтом чыгарылганы тууралуу эстеди. 2 Падышага кызмат кылган кеңешчилери мындай дешти: «Падышага сулуу, жаш кыздарды таап келишсе кандай болот. 3 Падыша өзүнүн бардык дубандарына кишилерди дайындаса, алар сулуу, жаш кыздарды чогултуп, борбор шаар Шушандагы аялдарды кайтарган, падышанын эбнуху Эйгенин көзөмөлүндөгү үйгө алып келишсе, аларга майлоочу заттарды беришсе, 4 анан падышага жаккан кыз Баштинин ордуна ханыша болуп калса кандай болот». Падыша бул сөздү жактырып, так ошондой кылды. 5 Борбор шаар Шушанда Бенжемин уруусунан Мордохай деген жүйүт бар эле. Ал – Жайырдын уулу, Жайыр – Шемейдин уулу, Шемей – Киштин уулу. 6 Ал Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен Жүйүт падышасы Жайахин менен бирге Иерусалимден туткундалып келген. 7 Ал агасынын кызы Адасаны (Эстерди) тарбиялап өстүргөн, анткени кыздын атасы да, энеси да жок болчу. Ал келбети келишкен, сулуу кыз эле. Атасы менен энеси көз жумгандан кийин, кызды Мордохай асырап алган. 8 Падышанын буйругу менен токтому жарыялангандан кийин, борбор шаар Шушанга көптөгөн кыздар чогултулуп, Эйгенин көзөмөлүнө тапшырылганда, Эстер да падыша үйүнө, падыша аялдарын кайтарган Эйгенин көзөмөлүнө алынган. 9 Бул кыз Эйгеге жагып, андан ырайым тапты. Ошондо Эйге майлоочу заттарды жана ага арналган нерселердин баарын бергенче, ошондой эле падыша үйүндөгү кыздардан анын жанында болууга татыктуу болгон жети кызды койгончо шашты. Аны жана анын жанындагы кыздарды аялдар турган үйдүн эң жакшы бөлмөсүнө жайгаштырды. 10 Эстер өз эли жөнүндө, өз теги жөнүндө эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деп үйрөткөн. 11 Мордохай Эстердин ден соолугун, аны эмне кылып жатышканын билиш үчүн, ар күнү аялдар турган үйдүн короосуна келип турду. 12 Ар бир кыздын Акашбейрош падышага кирүү маалы келгенге чейин, аларды майлоочу заттар менен, башкача айтканда, алты ай мирра менен, алты ай жыпар жыттуу заттар менен, аялдардын ар кандай майлары менен майлашчу. Он эки айдын ичинде аялдарга белгиленген шарттын бардыгы аткарылып бүткөндөн кийин гана кыз падышанын үйүнө кирчү. 13 Аялдар үйүнөн падыша үйүнө кириш үчүн, кыз эмнени талап кылса, ага ошонун бардыгын беришчү. 14 Кыз кечинде кирип, эртең менен аялдарга даярдалган бөлөк үйгө, күң аялдарды кайтарган падышанын эбнуху Шаашхаздын көзөмөлүнө кайтып келчү. Андан кийин падыша өзү кааламайынча, аты аталып чакырылмайынча, ал падышага кирчү эмес. 15 Мордохай асырап алган, агасы Абыгайылдын кызы Эстердин падышага кирер маалы келгенде, ал падыша аялдарын кайтарган падышанын эбнуху Эйгенин айтканынан башка эч нерсе сураган жок. Эстерди көргөндөрдүн баары жактырып калышты. 16 Ошентип, Эстер Акашбейрош падышанын падыша үйүнө анын падышачылыгынын жетинчи жылынын онунчу айында, башкача айтканда, Тебейт айында алынды. 17 Падыша Эстерди бардык аялдарынан жакшы көрүп калды. Ал падышага башка кыздарга караганда көбүрөөк жагып, андан ырайым тапты. Падыша анын башына ханышалык таажы кийгизип, Баштинин ордуна ханыша кылды. 18 Анан падыша Эстер үчүн өзүнүн бардык төрөлөрү менен кызматчыларына чоң той берди. Падыша бардык дубандарга жеңилдик берип, берешендик менен белек таратты. Мордохайдын падышанын өмүрүн сактап калышы19 Кыздарды экинчи жолу чогултушканда, Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурган. 20 Мордохай үйрөткөндөй, Эстер өз эли, өз теги жөнүндө айта элек болчу. Эстер Мордохайдын айткан сөзүн анын колунда тарбияланып жаткан кездегисиндей эле, азыр да так аткарды. 21 Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурганда, босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Тереш падышага кыжырланып, Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлошту. 22 Аны Мордохай билип калып, Эстерге кабарлап койду, Эстер болсо аны Мордохайдын атынан падышага айтты. 23 Бул иш изилденип, чын болуп чыкты. Ошондо экөөнү тең даракка асып ташташты. Мордохайдын кылган жакшылыгы жөнүндө падышанын күндөлүк жазуу китебине жазылып калды. 3-БӨЛҮМАмандын кыянатчылыгы1 Ошондон кийин Акашбейрош падыша агактык Амадат уулу Аманды жогорку кызматка көтөрүп, аны өзүнүн карамагындагы бардык төрөлөрдөн жогору койду. 2 Ошондо падышанын карамагындагы, падыша дарбазасынын алдындагы кызматчылардын бардыгы Амандын алдында жерге жете ийилип таазим кылышчу, анткени падыша ошондой кылууну буйруган. Бирок Мордохай жерге жете ийилип таазим кылчу эмес. 3 Падышанын дарбазасынын алдында кызмат кылган падыша кызматчылары Мордохайга: «Сен эмне үчүн падышанын буйругун аткарбай жатасың?» – дешти. 4 Алар күндө айтып жатышса да, ал укпай койду. Ошондо алар Мордохай өз сөзүнө турар бекен деп, Аманга билдиришти. Анткени ал өзүнүн жүйүт экенин аларга айткан болчу. 5 Аман өзүнө Мордохайдын жерге жете ийилип таазим кылбай жатканын көргөндө, каары кайнады. 6 Бирок Аманга жалгыз Мордохайды өлтүрүп коюу аз көрүндү. Ага Мордохайдын кайсы элден экенин айтышканда, ал Акашбейроштун падышачылыгындагы бардык жүйүттөрдү Мордохайдын эли катары кырып салууну туура көрдү. 7 Биринчи айда, башкача айтканда, Нисан айында падыша Акашбейроштун падышачылыгынын он экинчи жылында Амандын алдында күн сайын, ай сайын өкчөмө таш ыргытышты. Ошондо өкчөмө таш он экинчи айга – Адар айына түштү. 8 Аман Акашбейрош падышага мындай деди: «Сен падышачылык кылган бардык дубандарда эл арасына чачылган, таралган бир эл бар. Алардын мыйзамы башка элдердин мыйзамдарынан айырмаланат, алар падышанын мыйзамын аткарышпайт, падыша аларды ушул бойдон калтырбашы керек. 9 Эгерде падыша туура көрсө, аларды кырып салууга буйрук берсин. Падышанын казынасына салыш үчүн, мен падыша кызматчыларынын колуна он миң талант күмүш тартып берем». 10 Ошондо падыша жүйүттөргө каршы чыгарган буйругун бекитиш үчүн, колундагы шакекти чыгарып, агактык Амадаттын уулу Аманга берди. 11 Анан падыша Аманга: «Күмүштү да, элди да сага бердим. Кандай кылам десең, өзүң бил», – деди. 12 Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Амандын буйругун падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, ар бир дубандагы башчыларга, ар бир элдин төрөлөрүнө ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазып жөнөтүштү. Бардыгы Акашбейрош падышанын атынан жазылып, падышанын мөөр шакеги менен бекитилди. 13 Он экинчи айдын он үчүнчү күнү, башкача айтканда, Адар айында бардык жүйүттөрдү: жашын да, карысын да, балдарды да, аялдарды да бир күндө кырып, алардын мал-мүлкүн талап алыш үчүн, чабармандар аркылуу падышанын бардык дубандарына каттар жөнөтүлдү. 14 Ошол күнгө бардык элдер даяр туруш үчүн, буйруктун көчүрмөсү мыйзам катары ар бир дубанга жарыяланды. 15 Чабармандар падышанын буйругун алып, шашылыш жөнөп кетишти. Бул буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды. Падыша да, Аман да ичип-жеп отурушту, Шушан шаары болсо дүрбөлөңгө түшүп жатты. 4-БӨЛҮМЖүйүттөрдүн орозо кармап сыйынышы1 Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына күл сээп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап, 2 падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу өткөрүшчү эмес. 3 Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жүйүттөр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен күл көбүнө төшөк болду. 4 Эстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду. 5 Ошондо Эстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен Эстерге кызмат кылууга бөлүп койгон. Эстер Мордохайга эмне болгонун, эмне үчүн ушинтип жатканын билиш үчүн, Атахты ага жөнөттү. 6 Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды. 7 Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жүйүт элин кырыш үчүн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган күмүшүнүн салмагын да айтты. 8 Анан ал жүйүт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун көчүрмөсүн Эстерге көрсөтүш үчүн, ага баарын билдириш үчүн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, өз эли үчүн өтүнүшү үчүн, аны Атахтын колуна тапшырды. 9 Атах келип, Мордохайдын сөзүн Эстерге айтып берди. 10 Эстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу үчүн кайра жөнөттү: 11 «Эркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал өлүм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз күндүн жүзү болду». 12 Эстердин сөзүн Мордохайга айтып беришти. 13 Мордохай Эстерге мындай жооп айтты: «Жүйүттөрдүн ичинен жалгыз өзүң падышанын үйүндө аман калам деп ойлобо. 14 Эгерде сен азыр унчукпай койсоң, анда жүйүт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атаңдын тукуму менен кошо өлөсүң. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил үчүн жеткендирсиң?» 15 Ошондо Эстер Мордохайга мындай жооп жөнөттү: 16 «Бар, Шушандагы бардык жүйүттөрдү чогулт. Мен үчүн орозо кармагыла, үч күн күнү-түнү менен эч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен өзүм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соң мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Өлсөм, өлөйүн». 17 Мордохай жөнөп кетти. Эстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды. 5-БӨЛҮМЭстердин эрдиги1 Yчүнчү күнү Эстер ханыша кийимин кийип, падыша сарайынын ички короосуна келди. Падыша ошол учурда падыша сарайында, өз тактысында, эшиктин тушунда отурган. Падыша кире бериште турган Эстер ханышаны көрдү. Ошондо Эстер падышадан ырайым тапты. 2 Падыша колундагы алтындан жасалган падыша таягын Эстерге сунду, ошондо Эстер жанына келип, таяктын учуна колун тийгизди. 3 Падыша ага: «Эстер ханыша, сага эмне керек? Кандай өтүнүчүң бар? Ал турсун, сага жарым падышачылык да берилет», – деди. 4 Эстер: «Эгерде падыша туура көрсө, бүгүн Аман менен тойго келсин, мен падыша үчүн той даярдадым», – деди. 5 Падыша: «Эстердин сөзүн аткарыш үчүн, тезирээк Аманды алып келгиле», – деди. Ошентип, Эстер даярдаган тойго падыша Аман менен келди. 6 Шарап ичилип жатканда, падыша Эстерге: «Эмне каалайсың? Сенин каалаганың канааттандырылат. Кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышачылыкты сурасаң да, берем», – деди. 7 Ошондо Эстер падышага мындай деди: «Менин каалаганым жана өтүнүчүм мындай: 8 эгерде мен падышанын алдында ырайым тапсам, эгерде падыша каалаганымды канагаттандыргысы келсе, өтүнүчүмдү аткаргысы келсе, анда мен алар үчүн даярдай турган тойго падыша Аман менен эртең да келсин, падышанын сөзүн мен эртең аткарам». 9 Ошол күнү Аман падышанын үйүнөн өзүн бактылуу сезип, көңүлдүү чыкты. Бирок Аман падышанын дарбазасынын алдында отурган Мордохайды көргөндө, абдан кыжыры келди, анткени ал ордунан турмак түгүл, козголуп да койгон жок. 10 Бирок Аман өзүн өзү кармады. Үйүнө келгенде, достору менен аялы Зерешти чакыртты. 11 Аман аларга өзүнүн сан жеткис байлыгы жөнүндө, уулдарынын көптүгү жөнүндө, падыша зоболосун көтөргөндүгү жөнүндө, кызматчылары менен төрөлөрүнөн канчалык жогору көтөргөндүгү жөнүндө айтып берди. 12 Ал дагы мындай деди: «Ханыша Эстер да өзү даярдаган тойго менден бөлөк эч кимди падышага кошуп чакырбаптыр. Эртең да мен падыша менен аныкына чакырылдым. 13 Бирок мен падышанын дарбазасынын алдынан жүйүт Мордохайдын отурганын көрүп турганда, ушунун баарына ыраазы эмесмин». 14 Ошондо аялы Зереш жана келген бардык достору ага: «Бийиктиги элүү чыканакка жеткен жыгач мамы даярдашсын, эртең менен эрте падышага айт, Мордохайды ошого астырып салсын, андан соң падыша менен тойго көңүлдүү бара бер», – дешти. Бул сөз Аманга абдан жагып, жыгач мамы даярдап койду. 6-БӨЛҮМАмандын Мордохайга урмат көрсөтүшү1 Ошол түнү Теңир падышанын уйкусун алды. Ошондо падыша күндөлүк иштер жазылган тарых китебин алып келүүнү буйруду. Китепти падыша алдында окушту. 2 Ал китептен Мордохайдын босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Терештин Акашбейрош падышаны өлтүрүүнү ойлогонун кабарлаганы тууралуу окушту. 3 Ошондо падыша: «Бул үчүн Мордохайга кандай урмат-сый көрсөтүлдү эле?» – деп сурады. Падышанын кызматчылары: «Эч кандай сый көрсөтүлгөн эмес», – деп жооп беришти. 4 Падыша: «Босогодо турган ким?» – деп сурады. Ошондо Аман өзү даярдаган жыгач мамыга Мордохайды астырыш үчүн, падыша менен сүйлөшүүгө падыша сарайынын кире беришиндеги бөлмөгө келген эле. 5 Кызматчылар падышага: «Кире бериште Аман турат», – деп айтышты. Падыша: «Кирсин», – деди. 6 Аман кирди. Падыша ага: «Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга эмне кылыш керек?» – деди. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге урмат көрсөтмөк эле?» – деп ойлоду. 7 Аман падышага мындай деди: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга мындай кылыш керек: 8 ага падыша кийчү кийимди алып келишсин, алдына падыша минип жүргөн атты тартышсын, башына падыша таажысын кийгизишсин. 9 Ал кийимдерди, атты падышанын атактуу төрөлөрүнүн бирине берсин, ал төрө падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, атты жетелеп, шаар аянтына алып чыгып, анын алдында: “Падыша урмат-сый көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!” – деп жар салсын». 10 Ошондо падыша Аманга: «Өзүң айткан кийим менен атты тезинен алып, падыша дарбазасынын алдында отурган жүйүт Мордохайга ошондой кыл, өзүң айткандын баарын жаса, эч нерсе калтырба», – деди. 11 Аман кийим менен атты алып, кийимди Мордохайга кийгизип, атын жетелеп, шаар аянтына алып чыкты да, анын алдында: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адамга ушундай кылынат!» – деп жар салды. 12 Андан кийин Мордохай падыша дарбазасына кайтып келди. Аман капаланган, башын жапкан бойдон үйүнө шашып жөнөдү. 13 Эмне болгонунун баарын Аман аялы Зерешке жана досторуна айтып берди. Акылмандары менен аялы Зереш ага: «Сен Мордохайдын айынан кулай баштадың, ал жүйүттөрдүн тукумунан чыкса, анда ага күчүң жетпейт, анын алдында кулап калат окшойсуң», – дешти. Амандын өлтүрүлүшү14 Алар Аман менен сүйлөшүп бүтө электе эле, падышанын эбнухтары келип, аны Эстер даярдаган тойго шаштырышты. 7-БӨЛҮМ1 Ошентип, падыша Аман менен ханыша Эстердин тоюна келди. 2 Тойдун экинчи күнү падыша Эстерге: «Эмне каалайсың, Эстер ханыша? Ошол каалооң канааттандырылат, кандай өтүнүчүң бар? Жарым падышачылыкты сурасаң да, берем», – деди. 3 Эстер ханыша мындай деп жооп берди: «Падыша, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, эгерде падыша туура көрсө, анда менин каалоом боюнча жанымды куткарып кал, менин өтүнүчүм боюнча элим аман калсын! 4 Анткени мен да, менин элим да кырылыш үчүн, жок болуш үчүн, өлүш үчүн сатылганбыз. Эгерде биз кулдукка, күңдүккө эле сатылган болсок, анда мен унчукпайт элем, бирок душман падышанын жоготуусунун ордун толтура албайт». 5 Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханышага: «Мындай кылууга батынган неме ким, ал кайда?» – деди. 6 Эстер: «Касыбыз да, душманыбыз да – ушул кыянатчыл Аман!» – деди. Ошондо Аман падыша менен ханышанын алдында калтырап кетти. 7 Падыша тойдон каарданып чыгып, падыша сарайынын багына барды. Аман болсо жан соогалап, Эстер ханышага жалынды, анткени падышанын катуу өкүм чыгарганын билди. 8 Падыша сарайынын багынан падыша той өтүп жаткан жерге кайра келгенде, тахтадагы Эстерге жабышкан Аманды көрүп: «Ал тургай, менин үйүмдө ханышаны зордуктагысы барбы?» – деди. Бул сөз падышанын оозунан чыгары менен, Амандын жүзүн чүмкөй салышты. 9 Ошондо падышага кызмат кылган эбнухтардын бири Харбон: «Падышага жакшылык каалагандыктан кабар берген Мордохай үчүн Аман даярдаган, бийиктиги элүү чыканак болгон жыгач мамы Амандын үйүнүн жанында турат», – деди. Падыша: «Ошол жыгач мамыга өзүн асып салгыла!» – деди. 10 Ошентип, алар Амандын Мордохай үчүн жасаган жыгач мамысына өзүн асып салышты. Ошондо гана падышанын ачуусу тарады. 8-БӨЛҮММордохайдын жогорку кызматка коюлушу1 Ошол күнү Акашбейрош падыша жүйүттөрдүн душманы Амандын үйүн Эстер ханышага берди. Мордохай падышанын алдына кирди, анткени Эстер падышага Мордохай эмнеси болорун айткан эле. 2 Ошондо падыша Амандын колунан чыгарып алган өз шакегин Мордохайдын колуна салды. Эстер болсо Мордохайды Амандын үйүнө башчы кылды. 3 Эстер падыша менен кайрадан сүйлөшүп, анын бутуна жыгылып, ыйлап, андан агактык Амандын кыянат ишин жана анын жүйүттөргө каршы жаман ниетин жокко чыгаруусун өтүндү. 4 Падыша Эстерге алтындан жасалган падыша таягын сунду. Эстер өйдө болуп, падышанын алдында турду. 5 Анан мындай деди: «Эгерде падыша туура көрсө, эгерде мен анын алдында ырайым тапсам, эгерде бул иш падышанын алдында адилеттүү болуп эсептелсе, эгерде мен ага жаксам, анда агактык Амадат уулу Амандын жаман ниети боюнча падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөрдү кыруу жөнүндө жазылган каттар кайтарылышы үчүн буйрук жазылса экен. 6 Мен өз элимдин башына түшкөн мүшкүлдү кантип карап турам, бир туугандарымдын кырылып жатканын кантип карап турам?» 7 Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханыша менен жүйүт Мордохайга мындай деди: «Амандын үйүн Эстерге бердим, өзүн болсо жүйүттөргө каршы чыкканы үчүн, жыгач мамыга астырып салдым. 8 Силер да падышанын атынан жүйүттөр жөнүндө өзүңөр каалагандай буйрук жазып, падышанын мөөр шакегин баскыла, анткени падыша атынан жазылып, анын мөөр шакеги басылган катты өзгөртүүгө болбойт». 9 Yчүнчү айда, башкача айтканда, Сибан айынын жыйырма үчүнчү күнү падышанын катчылары чакыртылды. Алар Мордохай буйругандай кылып жүйүттөргө, падышанын бийлөөчү төбөлдөрүнө, аймак башкаруучуларына, дубан башчыларына, Индиядан Эфиопияга чейин жайгашкан жүз жыйырма жети дубандын ар бирине өз ариби менен, ар бир элдин өз тилинде, жүйүттөргө өз ариби менен, өз тилинде каттарды жазышты. 10 Мордохай аларды Акашбейрош падышанын атынан жазып, падышанын мөөр шакегин басып, чабармандарды ат, төө, качыр менен жөнөттү. 11 Ал катта ар кайсы шаарларда турган жүйүттөр чогулуп, өз өмүрлөрүн сакташ үчүн, өздөрүнө каршы чыккан элдин арасындагы жана дубандагы күчтүүлөрдүн баарын кырып, жок кылып, өлтүрүп, алардын балдарын, аялдарын, мал-мүлкүн талап-тоноп алууга падышанын жүйүттөргө уруксат бергени жөнүндө жазылган эле. 12 Акашбейрош падышанын бул буйругу бардык дубандарда бир күндө, он экинчи айдын, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү аткарылсын деп көрсөтүлгөн. 13 Бүт элдерге мыйзам катары жарыялана турган бул буйруктун көчүрмөсү ар бир дубанга жеткирилсин, жүйүттөр ошол күнү душмандарынан өч алууга даяр турушсун деп айтылган. 14 Падышанын буудандарына минген чабармандар падышанын буйругун шашылыш алып жөнөштү. Буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды. 15 Ошондо Мордохай падышадан үстүнө ак, жакут түстүү падыша кийимин, башына чоң алтын таажы кийип, зыгыр кездемеден тигилген кочкул кызыл жамынгыч жамынып чыкты. Шушан шаары кубанычка жана шаттыкка бөлөндү. 16 Ошол күн жүйүттөр үчүн жарык чачкан, кубанычтуу, шаңдуу майрам күн болду. 17 Падышанын буйругу менен токтому жеткен бардык дубандардагы, бардык шаарлардагы, бардык жерлердеги жүйүттөрдүн кубанычы койнуна батпай, майрамдап, той өткөрүп жатышты. Өлкөдөгү элдердин көпчүлүгү жүйүттөрдөн корккондуктан, жүйүт болуп алышты. 9-БӨЛҮМЖүйүттөрдүн өз душмандарынан өч алышы1 Он экинчи айда, башкача айтканда, Адар айынын он үчүнчү күнү – падышанын буйругу менен токтому орундалар убак келгенде, жүйүттөргө душмандары үстөмдүк кылабыз деп турган күнү бардыгы тескерисинче болду, жүйүттөр душмандарына бийлик кылып калышты. 2 Ошол күнү Акашбейрош падышанын бардык дубандарындагы жүйүттөр жамандык каалаган душмандарына кол салыш үчүн, өз шаарларына топтолуп жатышты. Алардын алдында эч ким туруштук бере алган жок, анткени алардан бардык элдердин үрөйү учуп калган эле. 3 Дубандардагы төрөлөр, бийлөөчү төбөлдөр, дубан башчылар, падышанын иштерин аткаруучу кызматчылар жүйүттөрдү колдоп кетишти, анткени алар Мордохайдан коркуп калышкан эле. 4 Анткени Мордохай падыша сарайында чоң кызматчы болчу. Анын кадыр-баркы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, атагы бүт дубандарга тарап жаткан. 5 Жүйүттөр бардык душмандарын кылычтап кырып, жок кылып жатышты, аларды өз билгендериндей кылып жатышты. 6 Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини кырышты. 7 Алар Паршандатты, Далпону, Аспатты, 8 Поратты, Адалияны, Аридатты, 9 Пармаштаны, Арисайды, Аридайды, Байзатты – 10 жүйүттөрдүн душманы Амадат уулу Амандын аталган он баласын өлтүрүп салышты, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок. 11 Ошол эле күнү борбор шаар Шушандагы өлтүрүлгөндөрдүн санын падышага жеткиришти. 12 Ошондо падыша Эстер ханышага мындай деди: «Жүйүттөр борбор шаар Шушанда беш жүз кишини, Амандын он баласын өлтүрүштү. Алар падышанын калган дубандарында эмне кылышты экен? Эмнени каалайсың? Каалаганың канагаттандырылат. Дагы кандай өтүнүчүң бар? Ал өтүнүчүң да аткарылат». 13 Эстер: «Эгер падыша туура көрсө, Шушанда жашаган жүйүттөргө бүгүнкү кылгандарын эртең да кылууга, Амандын он уулун жыгач мамыга асып салууга уруксат берсин», – деди. 14 Падыша ошондой кылууга буйрук берди, ал буйрук Шушанда берилди, Амандын он уулун асып салышты. 15 Шушандагы жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнү да чогулуп келип, Шушанда үч жүз кишини өлтүрүштү, бирок мал-мүлктөрүнө тийишкен жок. 16 Падышанын башка дубандарында жашаган жүйүттөр да өз өмүрлөрүн коргош үчүн, душмандарынан коопсуз болуш үчүн чогулушуп, душмандарынан жетимиш беш миң адамды кырып салышты, бирок алардын мал-мүлктөрүнө тийишкен жок. 17 Бул Адар айынын он үчүнчү күнү болду, ошол эле айдын он төртүнчү күнү алар тынчып, ал күндү көңүлдүү, кубанычтуу майрам катары кабыл алышты. 18 Шушандагы жүйүттөр он үчүнчү күнү да, он төртүнчү күнү да чогулушуп, он бешинчи күнү гана тынчып, ал күндү алар кубанычтуу майрам катары өткөрүштү. 19 Ошондуктан айыл-кыштактарда жашаган жүйүттөр Адар айынын он төртүнчү күнүн майрам күн катары белгилеп, бири-бирине белектерди жиберип, салтанат менен өткөрүшөт. Пурим майрамы20 Мордохай бул окуяларды жазып, Акашбейрош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык жүйүттөргө кат аркылуу жөнөттү. 21 Ал катта «Жүйүттөр жыл сайын Адар айынын он төртүнчү жана он бешинчи күнүн майрамдашсын» деген буйрук жазылган. 22 «Бул күндөрдү жүйүттөр душмандарынан коопсуз болуп, тынч жашаган күндөр катары, бул айды болсо кайгысы шаттыкка айланган, муңу майрамга айланган ай катары, бири-бирине белек берип, жардыларга кайыр берүүчү кубанычтуу, көңүл ачуучу майрам катары майрамдашсын». 23 Жүйүттөр Мордохайдын жазган каты боюнча майрам өткөрө башташты, өздөрү да буга чейин майрамдап жатышкан эле. 24 Ал катта жүйүттөрдүн душманы агактык Амадат уулу Амандын жүйүттөрдү жок кылууну ойлоп, өкчөмө таш ыргытканы, 25 Эстердин падышага киргени, падышанын жаңы буйругу боюнча Амандын жүйүттөргө каршы ойлогон жаман ниети өз башына тийгени, өзүн да, уулдарын да жыгач мамыга асып салышканы жөнүндө жазылган эле. 26 Ошондуктан бул күндөрдү “пур” деген сөздөн Пурим деп аташты. Болгон иштерди өздөрү көрүп, өздөрүнүн башынан өткөргөндүктөн, бул каттагы бардык сөздөргө макул болушту. 27 Жазылган кат боюнча алар мындай токтом кабыл алышты: жүйүттөр ушул эки күндү жыл сайын, өз убагында балдары менен бирге, өздөрүнө кошулган эл менен бирге үзгүлтүксүз майрамдашсын; 28 бул күндөрдү ар бир уруу, ар бир дубан, ар бир шаар укумдан-тукумга, жыл сайын майрамдасын. Бул Пурим күндөрүн жүйүттөр алып салышпасын, бул күндөр алардын укум-тукумунун эсинен чыкпасын. 29 Абыгайыл кызы Эстер ханыша менен жүйүт Мордохай Пурим тууралуу жазылган жаңы каттагы буйрук аткарылсын деп, катуу талап менен дагы бир кат жазышты. 30 Тынчтык жана чындык сөздөрү жазылган ал каттарды бардык жүйүттөргө, Акашбейрош падышанын жүз жыйырма жети дубанына жөнөтүштү. 31 Ал каттарда жүйүт Мордохай менен Эстер ханыша алар үчүн белгилеген Пурим күндөрүн өз убагында өткөрүп туруу жөнүндө, орозо кармап, боздоп ыйлаган күндөрдү эстеринен чыгарбаш үчүн, өздөрү да, балдары да бул күндөрдү майрам катары өткөрүшү керектиги жөнүндө жазылган. 32 Пурим тууралуу жазылган ушул катты Эстер ушундай буйрук менен бекитти, ал буйрук китепке жазылды. 10-БӨЛҮММордохайдын падышадан кийинки экинчи адам болуп калышы1 Акашбейрош падыша бүт жерге жана деңиз аралдарына салык салды. 2 Акашбейроштун улуу иштери, ошондой эле анын Мордохайга урмат көрсөткөнү, аны жогорку кызматка койгону толугу менен Мадай жана Персия падышаларынын тарых китептеринде жазылды. 3 Жүйүт Мордохай Акашбейрош падышадан кийинки экинчи адам болду. Ал жүйүттөрдүн улуу инсаны жана өз бир туугандарынын сүйүктүү адамы болду, анткени ал дайыма өз элине жакшылык каалап, өз элинин жыргалчылыгын көздөп сүйлөчү. | |
|