Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

АЮБ

1-БӨЛҮМ

Аюбдун такыбаалыгы

1 Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам болчу.

2 Анын жети уулу, үч кызы болгон.

3 Анын энчисинде: жети миң майда мал, үч миң төө, беш жүз жуп өгүз, беш жүз ургаачы эшек жана көп сандаган үй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгон.

4 Анын уулдары чогулуп, ар бири өз үйүндө, өз күнү келгенде, той өткөрүп турчу. Алар чогуу ичип-жеш үчүн, үч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу.

5 Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу.

6 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.

7 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.

8 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам», – деди.

9 Ошондо шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?

10 Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар.

11 Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»

12 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуңда, бирок өзүнө тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетти.

Аюбдун балдарынан жана байлыгынан ажырашы

13 Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жаткан күнү

14 Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди:

15 «Өгүздөр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жүрүшкөн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

16 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Асмандан Кудайдын оту түшүп, малды да, кулдарды да күйгүзүп кетти. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

17 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип: «Каздимдиктер үч топко бөлүнүп алып, төөлөргө кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап өлтүрүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.

18 Ал сүйлөп бүтө электе, дагы бирөө келип, мындай деди: «Сенин уулдарың менен кыздарың тун бир тууганынын үйүндө тамак жеп, шарап ичип жатышканда,

19 чөлдөн катуу шамал келип, үйдү талкалады. Балдарыңды үй басып калды, алар өлүштү. Сага кабарлаш үчүн, жалгыз мен качып кутулдум».

20 Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга таазим кылып:

21 «Мен бул дүйнөгө жылаңач келгем, жылаңач кетем. Берген да Теңир, алган да Теңир. Теңирдин ысымы даңкталсын!» – деди.

22 Ошонун бардыгына карабастан, Аюб күнөө кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!

2-БӨЛҮМ

Аюбдун пес оорусуна чалдыгышы

1 Бир күнү Кудайдын уулдары Теңирдин алдында туруш үчүн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.

2 Ошондо Теңир шайтандан: «Сен кайдан келдиң?» – деп сурады. Шайтан Теңирге: «Мен бүт жер жүзүн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.

3 Теңир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга көңүл бурдуңбу? Анткени жер жүзүндө андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам. Ал ушуга чейин өзүнүн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден өлтүрүш үчүн, Мени ага каршы тукурдуң», – деп айтты.

4 Шайтан Теңирге мындай деп жооп берди: «Тери үчүн тери, адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет.

5 Бирок Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктар бекен?»

6 Ошондо Теңир шайтанга: «Мына, ал сенин колуңда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты.

7 Ошентип, шайтан Теңирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптатты.

8 Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш үчүн, карапа сыныгын алып, күлгө отурду.

9 Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы? Кудайга акарат келтир да, өл», – деди.

10 Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сүйлөп жатасың. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен күнөөгө баткан жок.

Аюбдун достору

11 Аюбдун үч досу: теймандык Элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына түшкөн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири өз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бөлүшүш үчүн, аны сооротуш үчүн чогулушту.

12 Алар Аюбду алыстан көргөндө, таанышкан жок. Жакындаганда өкүрүп-бакырып, боздоп ыйлашты, ар бири өз кийимин айрып, башынан өйдө топурак чачышты.

13 Алар жети күн, жети түн аны менен бирге жерде отурушту. Эч кимиси бир ооз сөз сүйлөгөн жок, анткени анын кайгысы өтө оор экенин көрүштү.

3-БӨЛҮМ

Аюбдун кайгырышы

1 Ошондон кийин Аюб сөз баштап, өзү туулган күндү каргады.

2 Аюб сөзүн мындай деп баштады:

3 «Мен туулган күн курусун, “Эркек бала түйүлдү”, – деген түн курусун!

4 Ал күн караңгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал күндү издебесин, ал күнгө жарык тийбесин!

5 Ал күндү караңгылык менен өлүм сөлөкөтү караңгылатсын, ал күндү кара булут каптасын, куйкалаган аптаптан корккондой, ал күндөн коркуп турушсун!

6 Ал түндү караңгылык басып калсын, ал түн жыл эсебине кирбесин, айлардын санына кирбесин!

7 Оо, ошол түн! Ошол түн тукумсуз калсын, ошол түнү шаттык үнү угулбасын!

8 Ал түндү күндү каргаган лебийатанды ойготууга жөндөмдүүлөр каргашсын!

9 Анын таң атардагы жылдыздары өчсүн, ал түн жарыкты күтсүн, бирок ал келбесин, ал түн таңдын нурун көрбөсүн!

10 Анткени ал түн энемдин жатынын бууган жок, кайгыны көздөрүмдөн жашырган жок!

11 Энемдин жатынынан чыгып баратканда эле, эмне үчүн өлүп калбадым экен, энемдин ичинен чыкканда, эмне үчүн өлүп калбадым экен?

12 Эмне үчүн мен төрөлгөндө, мени энемдин тизелерине жаткырышты экен? Эмне үчүн эмчек эмдим экен?

13 Азыр мен эс алып, уктап жатмакмын, жаныма тынч болмок,

14 өздөрүнө күмбөз курган жер жүзүндөгү падышалар жана кеңешчилер менен,

15 же алтынга бай, үйлөрүн күмүшкө толтурган төрөлөр менен жатмакмын.

16 Же бойдон түшүп, жерге жашырылып калсам эмне, же жарык дүйнөнү көрбөй калган наристедей болуп өлүп калсам эмне!

17 Ал жакта мыйзамсыздар үрөй учурбай калышат, ал жакта күчтөн тайып алсырагандар эс алышат.

18 Ал жакта туткундар да тынчтыкка магдырашат, көзөмөлчүлөрдүн кыйкырыгын угушпайт.

19 Ал жакта кичине да, чоң да бирдей, кул өз кожоюнунан кутулган.

20 Жабыр тартканга жарык эмнеге берилди экен, жаны кыйналганга жашоо эмнеге берилди экен?

21 Өлүмдү күткөндөргө өлүм келбейт, алар кенчке караганда өлүмдү жан-дили менен казып алышпайт беле?

22 Алар көрдөн жай тапканына сүйүнүп, кубанычтары коюндарына батмак эмес.

23 Жолу жабык адамга жарык эмнеге берилди? Кудай караңгылык менен курчаган адамга жарык эмнеге берилди?

24 Yшкүрүгүм нан жегизбей жатат, онтоолорум суудай агып жатат.

25 Анткени мен эмнеден үрөйүм учуп качып жүрсөм, ошол мени кууп жетти. Мен эмнеден корксом, ошол келди.

26 Мага тынчтык да жок, эс алуу да жок, кубаныч да жок, башыма мүшкүл түштү».

4-БӨЛҮМ

Элипаздын биринчи сөзү

1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2 «Эгерде биз бир сөз айтсак, сага катуу тийбес бекен? Бирок сөзгө ким тыюу сала алат?

3 Сен көптөргө акыл-насаат айтчусуң, алсыз колдорго күч берчүсүң,

4 сенин сөздөрүң жыгылганды тургузган, алсырап тизе бүккөнгө күч берген.

5 Эми өзүңдүн башыңа мүшкүл түшкөндө, алсырап калдың. Сага тийди эле, көңүлүң чөктү.

6 Кудайдан корккондугуң сенин үмүтүң, такыбаа жашаганың сенин тирегиң болуш керек эле да.

7 Эстеп көрчү, айыпсыз адам өлдү беле? Адил адамдар тукум курут болду беле?

8 Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат.

9 Кудайдын деминен өлүшөт, Кудайдын каардуу рухунан жок болуп кетишет.

10 Арстандын айкырыгы менен жаш арстандын үнү басылат, жаш арстандын азуусу сынат.

11 Зор арстан жем таба албай өлөт, ургаачы арстандын күчүктөрү тентип кетишет.

12 Мына, мага бир сөз жашыруун жетти, мен ал сөздөн шыбыш уктум.

13 Түнкү көрүнүштөр жөнүндө ойлоп жатканда, адамдарды уйку басканда,

14 мени коркунуч каптап, калтырак басып, сай-сөөгүм сыздады.

15 Yстүмөн бир рух учуп өттү, төбө чачым тик турду.

16 Ал турду, бирок мен анын өңүн тааный алган жокмун, көз алдымда бир кебете гана турду. Акырын соккон жел жүрдү, мен үн уктум:

17 “Адам Кудайдан да адилеттүү бекен? Адам өз Жаратканынан да таза бекен?”

18 Ал Өз кулдарына да ишене албайт, Өз периштелеринен да кемчиликтерди көрөт.

19 Андан бетер топурактан жасалган ийбадатканада жашагандардан да кемчилик көрөт. Алардын негизи топуракта, алар күбөдөн да тез жок болушат.

20 Алар таң атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун көрбөй да каласың.

21 Өздөрү менен кошо алардын кадыр-баркы да жок болуп жаткан жокпу? Алар акылмандыкка жетпей өлүп жатышат.

5-БӨЛҮМ

1 Эгерде сага жооп бере турган бирөө болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласың?

2 Ошентип, акылсызды каардуулугу өлтүрөт, эси жокту туталангычтыгы өлтүрөт.

3 Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын көрдүм. Ошол замат анын үйүн каргадым.

4 Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар эч ким болбойт.

5 Анын түшүмүн ачка адам жейт, ал аны тикенектин арасында өскөн жеринен да жыйнап алат, анын мал-мүлкүн суусагандар жутуп алышат.

6 Ошондуктан кайгы топурактан чыкпайт, мүшкүл жерден өсүп чыкпайт.

7 Бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат.

8 Бирок мен Кудайга кайрылар элем, ишимди Кудайга тапшырар элем,

9 Ал изилдегис, сансыз көп, укмуштуу, улуу иштерди жаратып жатат.

10 Ал жер үстүнө жамгыр берет, талаага сууларды жаят.

11 Кемсинтилгендерди жогору көтөрөт, кайгы тарткандар куткарылат.

12 Ал жүзү каралардын арам ойлорун бузуп салат, ошондуктан алар ийгиликке жете алышпайт.

13 Ал акылмандарды өздөрүнүн эле амалы менен кармайт, митайымдардын ойлору ишке ашпайт.

14 Күндүз алар караңгыга туш болушат, чак түштө түндөгүдөй сыйпалап басышат.

15 Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана күчтүүнүн колунан куткарат.

16 Ошондуктан жакырдын үмүтү бар, жалган өз оозун жабат.

17 Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттүү Кудайдын жазасын четке какпа!

18 Анткени Ал Өзү жарадар кылат да, Өзү жаратты таңат. Ал уруп жарадар кылат да, кайра эле Өз колу менен дарылайт.

19 Ал сени алты кайгыдан куткарат, жетинчисинде сага жамандык жолобойт.

20 Ал ачарчылыкта сени ажалдан алып калат, майданда кылычтан куткарат.

21 Камчыдай тийген тилден жашынып каласың, кыйроо келгенде, коркпойсуң.

22 Кыйроо жана ачарчылык келгенде, күлөсүң, жер үстүндөгү жырткычтардан үрөйүң учпайт,

23 анткени сен талаадагы таштар менен тынчтыктасың, талаадагы жырткычтар менен ынтымактасың.

24 Ошондо өз чатырың коопсуз экенин билип, өз үйүңө көз салып, күнөөгө батпай жашайсың.

25 Өз уругуңдун сан жетпей көбөйгөнүн, өз тукумуңдун жер үстүндөгү чөптөй өскөнүн көрөсүң.

26 Буудай боолору өз маалында жыйылгандай, сен да көргө карылыкка жетип киресиң.

27 Биз ушулардын баарын изилдесек, ушундай экен. Муну сен да угуп, көкүрөгүңө түйүп ал».

6-БӨЛҮМ

Аюбдун Элипазга жооп бериши

1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Оо, менин муң-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!

3 Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сөздөрүм токтолбостон куюлат.

4 Анткени мага кудуреттүү Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.

5 Жапайы эшек чөп үстүндө айкырмак беле? Өгүз өз тоютунун алдында мөөрөмөк беле?

6 Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?

7 Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтүү тамагым болду.

8 О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эңсегенимди качан аткарат?

9 О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! Өз колун сунуп, мени өлтүрүп салса кана!

10 Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук көрсөтмөкмүн, анткени мен Ыйыктын сөзүнөн баш тарткан жокмун.

11 Үмүттөнгүдөй, менде кайсы күч бар эле? Өмүрүмдүн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен күтпөйт белем?

12 Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?

13 Өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?

14 Эгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттүү Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.

15 Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.

16 Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.

17 Күн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта өз ордунан жок болуп кетишет.

18 Алар аккан багытын буруп, чөлгө кирип жок болушат.

19 Аларды Тейма жолдору күтүп турат, алардан Шеба жолдору үмүт кылат.

20 Бирок үмүттөрү таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жүзү кызарат.

21 Азыр силер да мен үчүн ошондой болдуңар, коркунучту көргөндө, жүрөгүңөр түшүп калды.

22 Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыңардан мен үчүн төлөп койгула,

23 мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун төлөп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?

24 Үйрөткүлө, мен унчукпай калайын. Менин күнөөм эмнеде, көрсөткүлө.

25 Чын сөз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелөөңөр эмнени далилдейт?

26 Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар.

27 Силер жетимге кол салып, өз досуңарга ор казып жатасыңар.

28 Эми силерден суранарым, жүзүмө тике карасаңар, силердин алдыңарда мен калп айтмак белем?

29 Кайра карап көргүлө, калпы бар бекен? Кайра карап көргүлө, меники туура.

30 Менин сөзүмдө жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?

7-БӨЛҮМ

1 Адамдын жердеги жашоо мөөнөтү белгиленген эмеспи? Анын күндөрү жалчынын күндөрүндөй эле эмеспи?

2 Кул көлөкөнү эңсегендей, жалчы жумушунун бүтүшүн күткөндөй,

3 менин энчиме түйшүктүү айлар тийди, мага кайгылуу түндөр эсептелип берилди.

4 Жатарымда: “Качан таң атат?” – дейм, бирок түн созула берет, мен таң аткыча кыйналып оодарыла берем.

5 Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ириңдеп жатат.

6 Менин күндөрүм чыгырыктан тез айланып, үмүтсүз өтүп жатат.

7 Менин өмүрүм жел экенин, көздөрүм кайра жакшылык көрбөстүгүн эсиңден чыгарба.

8 Мени көргөн көз эми мени көрбөйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.

9 Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле өлгөндөрдүн жайына түшкөн адам кайра чыкпайт,

10 ал өз үйүнө кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.

11 Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынан улам сүйлөп жатам, жан-дүйнөм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.

12 Сен мага сакчы койгудай, мен деңиз белем же деңизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?

13 “Төшөгүм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,

14 Сен мени түштөр менен коркутасың, көрүнүштөр менен үрөйүмдү учурасың.

15 Ошондо менин жаным сөөктөрүм калганга караганда, дем алуумдун токтошун, өлүмдү артык көрөт.

16 Жашоодон жададым. Түбөлүк жашамак белем. Мени өз жайыма кой, анткени менин күндөрүм курулай убаракерчилик.

17 Сен ушунчалык баалагыдай, көңүл бургудай, адам баласы ким?

18 Ага ар таңда келип турасың, көз ирмем сайын аны сынап турасың.

19 Сен качан менден көзүңдү аласың, качан коё бересиң, качан шилекейимди жутканга мүмкүнчүлүк бересиң?

20 Эгерде мен күнөө кылган болсом, адам күзөтчүсү болгон Сага эмне кыла алам? Эмне үчүн Сен мени Өзүңө бута кылып алдың? Мен өзүмө өзүм жүк болуп калдым.

21 Эмне үчүн менин күнөөмдү жууп, мыйзамсыз иштеримди кечирбейсиң? Анткени мен эми топуракка жатам. Эртең мени издейсиң, бирок мен жок болом».

8-БӨЛҮМ

Билдаттын биринчи сөзү

1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:

2 «Сен ушинтип көпкө сүйлөй бересиңби? Оозуңдан чыккан сөздөр – дуулдаган шамал!

3 Кантип эле Кудай өкүмүн бузсун? Кантип эле кудуреттүү Кудай чындыкты өзгөртсүн?

4 Эгерде Анын алдында сенин уулдарың күнөө кылса, анда Ал аларды өз мыйзамсыздыгынын колуна салып берди.

5 Эгерде сен Кудайды издесең, кудуреттүү Кудайга сыйынсаң,

6 эгерде сен таза болсоң, эгерде сеники туура болсо, анда Ал азыр эле келип, сенин адил жашооңду калыбына келтирет.

7 Эгерде мурда сенин колуңда аз болсо, эми өтө көп болот.

8 Мурдагы муундардан сура, алардын аталарынын баамдагандарын көңүлүңө түй.

9 Биз болсо кечээкилер элебиз да, эч нерсе билбейбиз, анткени биздин жердеги өмүр – көлөкө.

10 Мына ошолор сага үйрөтүшөт, айтышат, сөздөрүн чын жүрөктөн айтышат.

11 Тал чыбык нымсыз көтөрүлөбү, камыш суусуз өсөбү?

12 Ал көк бойдон, чабыла элек, бирок ар кандай чөптөн мурда куурап калат.

13 Кудайды унуткандардын бардыгынын жолу ушундай. Эки жүздүүнүн үмүтү таш кабат.

14 Анын үмүтү – желе, анын ишеними – жөргөмүштүн үйү.

15 Өз үйүнө жөлөнөйүн десе, анысы туруштук бере албайт. Бек кармайын десе, анысы кулап калат.

16 Ал күн алдында көгөрөт, анын бутактары бактын сыртына жайылат.

17 Анын тамырлары үймөк таштын түбүнө чырмалат да, ташты жарып чыгат.

18 Аны ордунан жулуп алса, өскөн жери андан баш тартып: “Мен сени көргөн эмесмин”, – дейт.

19 Анын өмүр жолунун кубанычы ушул! Жерден болсо башкалары өсүп чыгат.

20 Көрдүңбү, Кудай такыбааны четке какпайт, зулумдарды колдобойт.

21 Ал дагы ууртуңду күлкүгө, оозуңду кубанычтуу сөздөргө толтурат.

22 Сени жек көргөндөр уятка калышат, мыйзамсыздардын чатырлары жок болот».

9-БӨЛҮМ

Аюбдун Билдатка жооп бериши

1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?

3 Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын миң суроосунун бирине да жооп бере албайт.

4 Кудай терең акылдуу, күчү зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?

5 Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды өзгөртүп салат.

6 Ал жерди ордунан козгогондо, анын түркүктөрү солкулдайт.

7 Күнгө буйрук берсе, күн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.

8 Жалгыз Өзү асманды жайып, деңиз толкундарынын үстүндө жүрөт.

9 Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана түштүктөгү жылдыздарды Ал жараткан.

10 Ал укмуштуу, улуу, изилденгис, сансыз кереметтерди жаратат!

11 Ал менин бет алдыман өткөндө, мен Аны көрө албайм. Жаныман өткөндө, мен Аны байкай албайм.

12 Алып кетсе, ким Ага каршы сөз айта алат? “Сен эмне кылып жатасың?” – деп, Ага ким айта алат?

13 Кудай Өз каарын төкпөй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.

14 Андан бетер мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сөз таба аламбы?

15 Меники туура болгон күндө да, жооп бербейм, Өкүмдардын алдында ырайым гана сурайм.

16 Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин үнүмдү укканына ишенбес элем.

17 Ал алай-дүлөй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,

18 жанымды жай алдырбайт, азапка малат.

19 Күчкө салайын десем, Ал эбегейсиз күчтүү. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?

20 Эгерде мен актана турган болсом, өз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон күндө да, Ал мени айыптуу деп табат.

21 Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, өмүрүмдү жек көрөм!

22 Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да өлтүрөт”, – деп айттым.

23 Эгерде Ал айыптууну күтпөгөн жерден өлтүрүп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына күлөт.

24 Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жүздөрүн Ал чүмбөттөп койгон. Эгерде Ал болбосо, анда ким?

25 Менин өмүрүм чабармандан да тез чуркап, жакшылык көрбөстөн качып бара жатат.

26 Ал камыш кайыктай, жемине шукшурулуп келе жаткан бүркүттөй сызып бара жатат.

27 Мен: “«Муң-зарымды унутуп, түнөргөн жүзүмдү өзгөртүп, көңүлүмдү көтөрөйүн», – десем да,

28 азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыңды билем.

29 Эгерде мен айыптуу болсом, анда эмне үчүн бекер эле кыйналып жатам?

30 Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,

31 Сен мени баткакка батырасың, кийген кийимим менден жийиркенет”.

32 Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.

33 Экөөбүздүн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.

34 Ал менден таягын тартсын, коркунучу үрөйүмдү учурбасын.

35 Ошондо мен сүйлөйм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.

10-БӨЛҮМ

1 Жашоодон жададым. Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм.

2 Кудайга мындай деп айтам: “Айыптабачы мени. Айтчы мага, эмне үчүн мени менен күрөшүп жатасың?

3 Өз колуң менен жаратканыңды кыйнаганың, аны жек көргөнүң, ал эми мыйзамсыздардын ишине жарык бергениң Сен үчүн жакшыбы?

4 Көзүң адамдыкындай көзбү? Сен адам карагандай карайсыңбы?

5 Өмүрүң адамдын өмүрүндөйбү, жашың эркек кишинин жашындайбы?

6 Эмнеге менден айып издеп жатасың? Эмнеге менин күнөөмдү изилдеп жатасың?

7 Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуңдан мени эч ким куткара албастыгын билесиң да.

8 Мени Өз колуң менен жасадың эле, мени бүт бойдон Өзүң жараттың эле, эми мени Өзүң жок кыласыңбы?

9 Эстечи, Сен мени топурактан жасабадың беле? Эми мени күлгө айлантканы турасыңбы?

10 Мени сүт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан Сен эмес белең?

11 Мага тери менен эт чаптап, мени сөөк жана тарамыш менен бекиткенсиң.

12 Мага өмүр жана ырайым бербедиң беле, менин рухумду Сенин камкордугуң сактабады беле?

13 Бирок муну да Сен Өз жүрөгүңө жашырып койдуң, Сенин оюңда бул бар экенин билем,

14 эгерде мен күнөө кылсам, Сен байкап каласың, күнөөмдү жазасыз калтырбайсың.

15 Эгерде мен айыптуу болсом, мага кайгы! Ак болгон күндө да, башымды көтөргөнгө батына албайм. Мен кордукка тойдум, менин кыйынчылыгыма көңүл бур.

16 Азабым арбып баратат. Сен менин артымдан арстандай кубалап келип, мага кайрадан кол саласың, кудуретиңди көрсөтөсүң.

17 Мага каршы улам жаңы күбөлөрүңдү коюп жатасың. Каарыңды күчөтүп жатасың. Мени кырсык үстүнөн кырсык басып жатат.

18 Сен мени эмнеге энемдин ичинен алып чыктың? Көз көрө электе эле өлүп калганым артык эмес беле?

19 Мен жарык дүйнөгө келбей эле койсом эмне, энемдин ичинен чыкканда эле көргө коюлсам эмне!

20 Менин өмүрүм кыска эмеспи? Мени жайыма кой, менден четтеп кет.

21 Караңгылык менен өлүм сөлөкөтү өкүм сүргөн өлкөгө келбес болуп кеткенге чейин,

22 баш аламан, жарыгы да караңгы, караңгылыгы өлүм сөлөкөтүнүн караңгылыгындай болгон караңгы өлкөгө кеткенге чейин, бир аз көңүлүмдү көтөрүп алайын”».

11-БӨЛҮМ

Сопардын биринчи сөзү

1 Ошондо наамалык Сопар мындай деп жооп берди:

2 «Көп сөз кантип жоопсуз калсын? Же көп сүйлөгөн адамдыкы эле туура бекен?

3 Сенин маңызсыз сөздөрүң адамдардын оозун жаба алабы? Же ооз көптүргөн сөздөрүң үчүн сени уяткарып койчу адам жок бекен?

4 Сен: “Менин оюм туура, Сенин алдыңда мен тазамын”, – дедиң.

5 Эгерде Кудай сүйлөсө, Ал сага каршы сүйлөсө,

6 сага адамдын акылы жеткис терең сырларын ачса, анда сен эки эсе жазаланат элең! Ошондуктан билип кой, Кудай сенин кээ бир мыйзамсыз иштериңди эсине алган жок.

7 Кудайды сен изилдөөң менен таба аласыңбы? Кудуреттүү Кудайды толук түшүнө аласыңбы?

8 Ал асмандан да бийик, эмне кыла аласың? Ал өлгөндөр жаткан жайдан терең, эмне биле аласың?

9 Анын ченеми жерден узун, деңизден кенен.

10 Эгерде Ал өтүп бара жатып эле кимдир бирөөнү туткундап алып, жазага тартса, Ага ким каршы чыга алат?

11 Анткени Ал калпычы адамдарды билет, мыйзамсыздыкты көрүп турат, анан кантип ага көңүл бурбай койсун?

12 Жапайы эшектен адам төрөлбөгөндөй эле, акылсыз адам акылдуу боло албайт.

13 Эгерде жүрөгүңдү өзгөртүп, Кудайга колдоруңду сунсаң,

14 эгерде сенин колуңда күнөө болсо, бирок аны жоюп койсоң, өз чатырыңда мыйзамсыздыктын жашашына жол бербесең,

15 анда жүзүң жарык болот, бекем болосуң, коркпойсуң.

16 Ошондо сен кайгыны унутасың, аны агып кеткен суудай эскересиң.

17 Өмүрүң чайыттай ачык күндөн да ачык болот. Таң сыяктуу агарасың.

18 Тынч жашайсың, анткени үмүтүң бар. Сен коргоодосуң, ошондуктан тынч уктай берсең болот.

19 Жатканда, сени эч ким коркутпайт. Көпчүлүк сенден ырайым издейт.

20 Ал эми мыйзамсыздар карайлап калышат, баш калкалар жайынан айрылышат, үмүттөрү үзүлөт».

12-БӨЛҮМ

Аюбдун үчөөнө тең жооп бериши

1 Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Чынында, силер, бар болгону, адамсыңар, акылмандыгыңар өзүңөр менен кошо жок болот!

3 Менде да силердикиндей эле жүрөк бар. Силерден мен кем эмесмин. Муну ким билбейт?

4 Өз досума шылдың болдум, Кудайга кайрылып жүргөн, Анын Өзүнөн жооп алып жүргөн мендей адил, кемчиликсиз адам күлкү болду.

5 Тынч жашаган адам кырсыкты жек көрүү керек деп эсептейт, кырсык бутунан мүдүрүлгөнгө даярдалган деп ойлойт!

6 Талап-тоноочулар өз үйлөрүндө тынч жашашат, Кудайды өз колуна көтөрүп жүргөнсүп, Аны каарданткандар да коопсуз жашашат.

7 Чынында, жаныбардан сурасаң, ал сага үйрөтөт, асмандагы чымчыктан сурасаң, ал сага кабарлайт.

8 Же болбосо жер менен маектешип көр, ал сага акыл-насаат айтат, деңиздеги балыктар да сага айтып беришет.

9 Ушунун бардыгын көрүп туруп, муну Теңирдин колу жаратканын ким билбейт?

10 Ар бир тирүү жандын жаны, ар бир адамдын руху Анын колунда.

11 Сөздү айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?

12 Даанышмандык карыларда, акыл көп жашагандарда болот.

13 Акылмандык менен күч Кудайда. Акыл менен кеңеш Анда.

14 Ал кыйраткан нерсе кайра курулбайт. Ал камаган бошонбойт.

15 Сууларды токтотуп койсо, бардыгы куурап калат. Коё берсе, жер көркүнө чыгат.

16 Кудурет да, даанышмандык да Анда, адашкан адам да, адаштырган адам да Анын алдында.

17 Ал кеңешчилерди акыл-эсинен ажыратат, сотторду акылсыз кылат.

18 Ал падышаларды кишенден бошотот, алардын белдерин кур менен курчайт.

19 Төрөлөрдү даражасынан ажыратат, эр жүрөктөрдүн күчүн майтарат.

20 Чечендерди тилинен, карыларды акылынан ажыратат.

21 Атактууларды уятка калтырат, күчтүүлөрдү алсыратат.

22 Караңгы туңгуюктун түпкүрүн ачат, өлүм көлөкөсүн жарыкка чыгарат.

23 Элдерди көбөйтөт да жок кылат. Элдерди чачыратып жиберет да чогултат.

24 Эл башчыларын акылдан ажыратат, жолсуз чөлгө калтырат.

25 Алар жарыгы жок караңгы жерде сыйпалап басышат, мастардай темтеңдешет».

13-БӨЛҮМ

1 «Мына ушунун баарын көзүм көрдү, кулагым укту, өзүм үчүн көңүлүмө түйүп койдум.

2 Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.

3 Бирок мен кудуреттүү Кудай менен сүйлөшкүм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.

4 Силер болсо жалганчысыңар. Бардыгыңар эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер.

5 Унчукпай калсаңар кана! Силердин акылмандуулугуңар ошол болмок.

6 Менин сөзүмө кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме көңүл бургула.

7 Кудай үчүн калп айтыштын кереги бар беле, Ал үчүн жалган сүйлөштүн зарылдыгы бар беле?

8 Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?

9 Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыңарбы?

10 Тымызын эки жүздүүлүк кылсаңар да, Ал силерди катуу жазалайт.

11 Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?

12 Силердин эскертүүңөр күлгө окшош. Силердин таяныч-чебиңер – ылай коргондор.

13 Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай күн түшсө түшсүн, мен сүйлөйүн.

14 Эмне үчүн мен өз денемди өз тишим менен тиштегилешим керек, эмне үчүн өз жанымды өз колум менен кыйышым керек?

15 Мына, Ал мени өлтүрүп жатат, бирок мен Андан үмүт кылам. Анын алдында өз жолумду коргосом эле болду!

16 Ушунун өзү эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жүздүү адам Анын алдына келбейт.

17 Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, менин түшүндүргөнүмө кулак салгыла.

18 Мен өз ишимди сотко өткөрүүгө даярмын, анткени меники туура экенин билем.

19 Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? Эгерде бар болсо, мен унчукпай, өлүп калмакмын.

20 “Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жүзүңдөн жашынбайм.

21 Менден колуңду тарт, Сенин коркунучуң мени калтыратпасын.

22 Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сүйлөйүн, Сен мага жооп бер.

23 Менин канча кемчилигим, канча күнөөм бар? Айыбым менен күнөөмдү көрсөт!

24 Эмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени Өзүңө душман санайсың?

25 Сен үзүлгөн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуңбу? Куураган бир тал самандын артынан сая түшкөн жоксуңбу?

26 Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасың, жаш кездеги күнөөлөрүмдү мойнума коюп жатасың,

27 буттарымды көзөнөк жыгач калканга салып жатасың, менин баскан изимди аңдып турасың, артымдан сая түшөсүң.

28 Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, күбө жеген кийимдей болуп калдым.

14-БӨЛҮМ

1 Аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон.

2 Ал гүл сыяктуу чыгат да, соолуп, күбүлүп калат. Көлөкөдөй качат, токтобойт.

3 Сен ушундай адамга да көзүңдү кадайсыңбы, мени Өзүң менен соттошууга алып барасыңбы?

4 Таза эместен ким таза болуп төрөлсүн? Эч ким.

5 Эгерде анын өмүрүн ченеп койсоң, ай-күндөрү Сенин колуңда турса, эгерде Сен анын өтө албаган чегин чектеп койсоң,

6 анда андан жүзүңдү бур. Ал жалчынын күндөрүндөй болгон күндөрү бүткүчө, эс алып алсын.

7 Даракта үмүт бар, ал кыйылса да, кайра өсөт, чырпыктары токтоосуз чыга берет.

8 Эгерде анын жердеги тамыры картайып, дүмүрүн топурак басып катып калса да,

9 сууну сезери менен, жаш чырпык чыгарып, жаңы отургузулган көчөттөй болуп, бутактарын жаят.

10 Адам болсо өлөт, анан чирийт. Адам өлдү, эми ал кайда?

11 Көлдөн суулар агып кетет, дарыя соолуп, какшыйт,

12 адам да жатса турбайт. Асман жок болмоюнча, ал ойгонбойт, уйкусунан турбайт.

13 Оо, каарың тарап кеткенче, Сен мени өлгөндөр жаткан жайга бекитип, жашырып турсаң кана! Анан мага мөөнөт берип, ошондон кийин гана мени эстесең кана!

14 Адам өлгөн соң, кайра жашамак беле? Анда мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды күтөр элем.

15 Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең.

16 Ошондо Сен менин кадамымды эсептер элең, күнөө кылып жатканымда карап турбас элең.

17 Сен менин мыйзамсыздыгымды түрмөк кагазга жазып мөөр басып салар элең, менин айыбымды жаап салар элең.

18 Бирок тоо кулап талкаланат, аска-зоо ордунан козголот.

19 Суу таштарды жеп кетет, анын ташкыны жер топурагын жууп кетет. Сен адамдын үмүтүн да так ошондой жок кыласың.

20 Аны акырына чейин кысымга аласың, ал кетет. Жүзүн өзгөртүп, аны кетиресиң.

21 Балдары ардакталып жатабы, ал аны билбейт; кор болуп жатабы, ал аны сезбейт.

22 Бирок анын денеси сыздап, жаны кыйналып жатат”».

15-БӨЛҮМ

Элипаздын экинчи сөзү

1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2 «Акылман маңызы жок билим менен жооп бермек беле? Кардын ысык желге толтурмак беле?

3 Пайдасыз сөздөр менен, күчү жок кеп менен актанмак беле?

4 Кудайдан коркконду да унуттуң, Кудайга сүйлөгөндү да оңой көрүп жатасың.

5 Күнөөң оозуңду ушунчалык күүлөгөн экен, сен амалкөй адамдардын тилин тандап алдың.

6 Сени мен эмес, өз оозуң айыптап жатат, өз тилиң өзүңө каршы сүйлөп жатат.

7 Сен эмне, биринчи адам болуп туулдуң беле? Адырлардан мурда жаралдың беле?

8 Сен эмне, Кудайдын кеңешин угуп, акылмандыкка ээ болуп калдың беле?

9 Биз билбегенди сен билесиңби? Биз түшүнбөгөндү сен түшүнөсүңбү?

10 Арабызда атаңан да улуу, ак сакалдуу да, кары да бар.

11 Сага Кудайдын сооротуусу аздык кылабы? Сен ушуну да билбейсиңби?

12 Жүрөгүң сени кайда ээликтирип жатат, эмнеге мынчалык текебер карайсың?

13 Эмнеге Кудайга каршы рухуңду багыттайсың? Мындай сөздөрдү кантип оозуңа алдың?

14 Таза болгудай, адам ким? Аялдан төрөлгөн адил болмок беле?

15 Ал Өз ыйыктарына да ишене албайт, Анын алдында асман да таза эмес.

16 Адилетсиздикти суудай ичкен адам андан бетер таза эмес, ыпылас.

17 Мен сүйлөйүн, сен кулак сал. Көргөнүмдү сага айтып берейин.

18 Акылмандар аталарынан уккандарын жашырышкан эмес.

19 Жер аларга гана берилген, алардын арасында бөлөк-бөтөн элдер болгон эмес.

20 Мыйзамсыз өмүр бою өзүн өзү кыйнап өтөт, зулумга өмүр жылдары жашыруун.

21 Анын кулагына үрөй учурган дабыштар угулат. Бейкапар жашап жатканда, ага кыйратуучу келет.

22 Караңгылыктан кутуларына ишенбейт. Өзүн кылыч күтүп турганын билет.

23 Бир сындырым нан үчүн анын кыдырбаган жери калбайт. Өзү үчүн караңгылыктын күнү даярдалганын билет.

24 Жокчулук менен кысымчылык анын жүрөгүнүн үшүн алып, аны согушка камданган падышадай басып алат.

25 Анткени ал Кудайга каршы кол сунуп, кудуреттүү Кудайга каршы чыкты.

26 Калың калканын алып, кекирейип, Ага каршы бет алды.

27 Анткени анын бетин май басты, сандары жоонойду.

28 Ал бүлүнгөн шаарларды, урап түшөрүнө аз калган ээн үйлөрдү турак кылат.

29 Ал бай болбойт, анын мал-мүлкү тура бербейт, тапканы жер жүзүнө тарабайт.

30 Караңгылыктан качып кутулбайт. Анын көчөттөрүн жалын жалмайт, аны Өзүнүн оозунун жели менен алып кетет.

31 Адашкан адам курулай убаракерчиликке таянбай эле койсун, анткени анын шыбагасы да курулай убаракерчилик болот.

32 Ал мезгилсиз өлөт, анын бутагы көгөрбөйт.

33 Ал жүзүм сабагы сыяктуу, бышпаган мөмөсүн силкип салат, зайтун дарагы сыяктуу, гүлүн күүп салат.

34 Кудайсыздардын үйү ушинтип кыйрайт, паракордун үйүн өрт жалмайт.

35 Анын боюна кыянаттык бүтүп, жалгандык төрөдү, курсагы алдамчылык даярдайт».

16-БӨЛҮМ

Аюбдун төртүнчү жообу

1 Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Мен мындайдын далайын уккам. Баарыңар эч нерсеге жарабаган сооротуучусуңар.

3 Маанисиз сөзүңөрдүн аягы болобу? Ушинтип жооп берүүңө эмне түрткү болду?

4 Эгерде силер менин ордумда болсоңор, мен да силердей эле сүйлөмөкмүн. Силерге каршы сөз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.

5 Силерди сөзүм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.

6 Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.

7 Бирок азыр Ал мени алсыратып бүттү. “Сен менин бүт үй-бүлөмдү кыйраттың.

8 Мага каршы күбө катары бетиме бырыш түшүрдүң. Менин жабыркаганым өзүмө каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат”.

9 Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген көзүн албайт.

10 Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыңдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сүйлөшүп алышкан.

11 Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.

12 Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, Өзүнө бута кылып койду.

13 Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, өтүмдү жерге төктү.

14 Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени көздөй жоокердей атырылып келе жатат.

15 Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.

16 Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – өлүм сөлөкөтү.

17 Ошондой болсо да эч кимге зордук көрсөткөн жокмун, сыйынуум да таза.

18 Оо жер! Менин канымды жашыра көрбө, менин муң-зарыма орун болбосун.

19 Азыр менин Күбөм асманда, менин Коргоочум жогоруда!

20 Көп сүйлөгөн досторум! Көз жашым Кудайга төгүлүп жатат.

21 Оо, адам баласы өз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!

22 Анткени менин көрөр күнүм бүттү, келбес сапарыма кеткени турам.

17-БӨЛҮМ

1 Алдан тайдым, өмүрүмдүн шамы өчүп баратат, көр оозунда турам.

2 Алардын шылдыңы болбогондо, талаш-тартышта солк этпей туруп берет элем.

3 “Мага болуш, мен үчүн Өзүңдүн алдыңда Өзүң кепилдикке өт! Болбосо ким мага кепил болот?

4 Анткени Сен түшүнбөсүн деп, алардын акылын жаап салдың, ошондуктан алардын жеңишке жетишине жол бербейсиң”.

5 Досторун душманга олжо кылган адамдын балдарынын көзү агып калат.

6 Ал мени элге лакап, күлкү кылды.

7 Кайгыдан көздөрүм тунарды, бүт мүчөм сөлөкөт болуп калды.

8 Бул тууралуу адил адамдар таң калышат. Айыпсыз адам эки жүздүү адамга кыжырданат.

9 Бирок адил адам өз жолун бек кармайт, колу таза адам барган сайын күч алат.

10 Баарыңар чогулуп келип сүйлөсөңөр да, араңардан акылманды таппайм.

11 Менин өмүрүм өттү. Жүрөгүмдүн энчиси болгон ойлорум кыйрады.

12 Алар болсо түндү күнгө айланткысы, жарыкты караңгыга жакындаткысы келет.

13 Канчалык күтсөм да, менин үйүм – өлгөндөр жаткан жай. Мен төшөгүмдү караңгы жерге төшөйм.

14 Көрүмө: “Сен менин атамсың”, – дейм, куртка: “Менин энемсиң да эжемсиң”, – дейм.

15 Ушундан кийин мен эмнеден үмүттөнөм? Менин күткөнүмдү ким көрөт?

16 Ал үмүт мени менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүп, мени менен бирге топуракка жатат».

18-БӨЛҮМ

Билдаттын экинчи сөзү

1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:

2 «Ушундай сөзүңөрдү качан токтотосуңар? Жакшылап ойлонгула, анан сүйлөйбүз.

3 Эмне үчүн биз айбан катары эсептелишибиз керек? Эмне үчүн биз сенин алдыңда кемсинтилишибиз керек?

4 Оо, сен, ачууланып, өзүн азапка салган неме! Сен үчүн жер ээн калмак беле, сен үчүн аска-зоо ордунан козголмок беле?

5 Ооба, мыйзамсыздын жарыгы өчөт, анын отунан учкун калбайт!

6 Чатырындагы жарык караңгылайт, анын үстүндөгү шамы да өчөт.

7 Анын кудуреттүү кадамы кыскарат, өзүнүн ою өзүн кулатат.

8 Анткени ал өз буту менен торго түшөт, тордун үстүндө басат.

9 Анын буту тузакка түшөт, ошондо тоноочу аны кармап алат.

10 Ал үчүн жерге тузак жашыруун тартылган, жолуна капкан коюлган.

11 Бардык тарабынан коркунучтар анын үрөйүн учуруп, ары-бери алдастатат.

12 Ачкалыктан алы кетет, өлүм анын жанында даяр турат.

13 Анын дене мүчөлөрүн оору жейт, анын мүчөлөрүн эң жаман оору мүлжүйт.

14 Үмүтү чатырынан куулат, бул аны үрөй учурган коркунучтар падышасына түшүрөт.

15 Анын чатырына башка бирөөлөр кирет, анткени ал эми аныкы эмес. Анын үйүнө күкүрт чачылат.

16 Түбүндөгү тамыры кургайт, үстүндөгү шак-бутактары соолуп калат.

17 Анын аты жер үстүнөн өчөт, анын ысымы аянтта оозго алынбай калат.

18 Аны жарыктан караңгылыкка кууп, жер үстүнөн жок кылышат.

19 Өзүнүн элинде анын уулу да, небереси да болбойт, анын турагында эч ким калбайт.

20 Ал жөнүндө укканда, кийинки муундун үрөйү учат, замандаштары калтырап турушат.

21 Мыйзамсыздын өмүрү мына ушундай, Кудайды билбегендин тагдыры мына ушундай».

19-БӨЛҮМ

Аюбдун бешинчи жообу

1 Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Качанкыга чейин жанымды кейите бересиңер? Качанкыга чейин мени сөзүңөр менен кыйнай бересиңер?

3 Мына, мени ушуну менен он мертебе маскара кылдыңар, мени кыйнап-кыстагандан уялбадыңар.

4 Эгерде мен чындыгында эле кылмыш кылсам, анда менин күнөөм өзүмдө калат.

5 Эгерде өзүңөрдү менден жогору койгуңар келсе жана мени маскара болгонум үчүн жемелегиңер келсе,

6 анда мени Кудай жыкканын, туш-тушума Өзүнүн торун жайып койгонун билгиле.

7 Ошондуктан мен: “зордук!” – деп кыйкырып жатам, бирок эч ким укпайт. Жардамга чакырып жатам, бирок акыйкаттык жок.

8 Ал менин жолумду бөгөдү, ошондуктан мен өтө албай жатам, менин жолума караңгылык түшүрдү.

9 Менден атак-даңкты буруп кетти, башымдан таажымды чечип алды.

10 Мени бүт бардыгынан ажыратты, өзүм да бүтүп баратам. Yмүтүмдү дарак сыяктуу түбүнөн омкорду.

11 Мага Өзүнүн каарын чачып, мени Өзүнүн кас душманы катары эсептеди.

12 Анын түмөн кошууну биригип келди, багытын мага буруп, менин чатырымды курчап алышты.

13 Ал менден бир туугандарымды алыстатты, мени билгендер менден оолактап калышты.

14 Жакындарым мени таштап кетишти, тааныштарым мени унутуп коюшту.

15 Yйүмдөгү келгиндер жана күңдөрүм мени бөтөн адам катары эсептешет. Аларга мен жат кишидей болуп калдым.

16 Кызматчымды чакырсам, ал мага жооп бербейт. Мен ага жалынып-жалбарышым керек.

17 Дем алганым өз аялыма жакпай калды, өзүмдөн чыккан балдарым үчүн ага жалынышым керек.

18 Атүгүл, мени кичинекей балдар да жек көрүшөт. Өйдө турсам, алар мени шылдың кылышат.

19 Ынак досторум да менден жийиркенип калышты. Жакшы көргөн адамдарым да мага каршы чыгып калышты.

20 Сөөктөрүм денем менен териме жабышып, тишимдин бүйлөсү менен гана калдым.

21 Ырайым кылгыла мага, досторум, мага силер ырайым кылгыла, анткени мага Кудайдын колу тийди!

22 Эмнеге силер да мени Кудай сыяктуу куугунтуктайсыңар, эмнеге этиме тойбой жатасыңар?

23 Оо, менин сөздөрүм жазылып калса кана! Алар китепке жазылса кана!

24 Коргошунга темир кескич менен чегилсе кана! Аска ташка түбөлүккө басылса кана!

25 Мен болсо Куткаруучум тирүү экенин билем, Ал акыркы күнү менин чирип бара жаткан теримди топурактан кайра тургузат.

26 Мен өз денемде Кудайды көрөм.

27 Мен Аны өзүм көрөм. Башка бирөөнүн көзү эмес, Аны өзүмдүн көзүм көрөт. Көкүрөгүмдө жүрөгүм эрип бара жатат!

28 Силер: “Биз аны эмнеге куугунтукка алып жатабыз?” – деп айтууңар керек эле. Менден кыянаттыктын тамыры табылгандай карайсыңар да.

29 Кылычтан корккула, анткени кылыч жалгандан өч алат. Сот бар экенин билип койгула».

20-БӨЛҮМ

Сопардын сөзү

1 Наамалык Сопар мындай деп жооп берди:

2 «Өзүмдүн ойлорум мени жооп берүүгө түртүп жатат, ошондуктан мен аны билдирүүгө шашылам.

3 Мени ыза кылган жемени уктум, мен үчүн акыл-эсим жооп берет.

4 Сен эмне, байыртадан бери, адам баласы жер бетине коюлгандан бери эмне болгонун билбейсиңби?

5 Мыйзамсыздардын шаттыгы убактылуу экенин, эки жүздүүнүн кубанычы көз ирмем экенин билбейсиңби?

6 Анын даражасы асманга жетсе да, төбөсү булуттарга тийсе да,

7 өзүнүн заңына окшоп, ал түбөлүккө жоголот. Аны көргөндөр: “Ал кайда?” – дешет.

8 Көргөн түштөй көздөн кайым болот, аны таппай калышат. Ал түнкү көрүнүштөй жоголот.

9 Аны көргөн көз аны экинчи көрбөйт, ал отурган орун аны билбей калат.

10 Анын уулдары жакырлардан кайыр сурап калат, ал уурдагандарын өз колу менен кайрып берет.

11 Анын сөөктөрү жаштыктын күчүнө толгон, бирок ал аны менен бирге топуракка жатат.

12 Эгерде кыянаттык анын оозунда балдай таттуу болсо, ал аны тилинин астында жашырып турса,

13 аны сактап жүрсө, таштап салбай, оозунда кармап жүрсө,

14 анда анын ушул тамагы ичинде уулуу жыландын уусуна айланат.

15 Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат. Кудай аны анын курсагынан чыгарат.

16 Ал жыландын уусун соруп жатат, аны уулуу жыландын тили өлтүрөт.

17 Ал бал менен сүт аккан өзөндөрдү, дарыяларды көрбөй өтөт.

18 Тапканын кайтарып берет, жутпайт. Анын алган жазасы да байлыгына жараша болот, кубанбайт.

19 Анткени ал жакырларды эзген, куру кол коё берген, өзү курбаган үйлөрдү тартып алган.

20 Курсагы тойгонун билбеген, ач көздүгүнөн эч нерсени аяган эмес.

21 Анын соргоктугунан эч нерсе качып кутулган эмес. Ошон үчүн анын бактысы туруктуу эмес.

22 Ашып-ташыган молчулук болуп турса да, ал кысталышта калат. Ыза болгон ар ким ага кол көтөрөт.

23 Ал курсагын толтургандан кийин, Кудай ага Өзүнүн каарын чачат да, анын денесине дарт жаадырат.

24 Ал темир куралдан качып кутулса, аны жез жебе тешип өтөт.

25 Жебени сууруп алайын десе, ал денесин тешип чыгат, жарк этип, өтүн тешип чыгат. Аны өлүм коркунучу басып калат!

26 Бардык караңгы нерселер анын ичинде жашырылган. Аны эч ким тутантпаган от жалмайт. Анын чатырында тирүү калганын да кырсык басат.

27 Анын мыйзамсыздыгын асман ачат, жер ага каршы чыгат.

28 Анын үйүнө жыйганы жок болот, Кудайдын каары келген күнү бардыгы агып жок болот.

29 Мыйзамсыз кишиге Кудай берген үлүш ушул, кудуреттүү Кудай бөлүп берген мурас ушул».

21-БӨЛҮМ

Аюбдун алтынчы жообу

1 Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Менин сөзүмдү кунт коюп уккула, силердин укканыңар менин көңүлүмдү жубатат.

3 Чыдап тургула, мен сүйлөйүн. Мен айтып бүткөндөн кийин, шылдыңдай бергиле.

4 Мен адамга даттанып жатамбы? Анан кантип мен жүрөкзаадалык кылбайын?

5 Мени карагыла, үрөйүңөр учсун. Колуңар менен оозуңарды жапкыла.

6 Эстесем эле селт этем, денемди калтырак басат.

7 Эмне үчүн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет, анан калса, күүлүү-күчтүү?

8 Балдары тегерегинде, неберелери маңдайында.

9 Yйлөрү коркунучтан коопсуз, алардын үстүндө Кудайдын таягы жок.

10 Алардын букалары тукум берет, уругун бекер агызбайт. Алардын уйлары тууйт, музоо салбайт.

11 Өз балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат, алардын балдары так секирип ойношот.

12 Дап менен кыл аспаптын коштоосунда ырдашат, чоордун коштоосунда көңүл ачышат.

13 Күндөрүн бактылуу өткөрүшөт да, өлгөндөр жаткан жайга көз ирмемде киришет.

14 Ошондой болсо да алар Кудайга мындай дешет: “Бизден ары кет, Сенин жолдоруңду билгибиз келбейт!

15 Биз кызмат кылгыдай, кудуреттүү Кудай ким болуп калыптыр? Ага кайрылганда эмне пайда?”

16 Көрдүңбү, алардын бактысы өздөрүнүн колунан чыккан эмес. Мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!

17 Мыйзамсыздардын чырагы кээде эле өчөт, алардын башына кээде эле мүшкүл түшөт, Кудай Өзүнүн каары менен аларды кээде эле кайгыга салат.

18 Алар шамал алдындагы самандай, куюн учурган жука кабыктай болушу керек.

19 “Кудай алардын ордуна балдарын жазалайт”, – дейсиң. Ал өз күнөөсүн билиш үчүн, Кудай анын өзүн жазаласын.

20 Ал өз жазасын өзү тартсын, кудуреттүү Кудайдын каарын ал өзү ичсин.

21 Анткени анын көзү өткөндөн кийин, үй-бүлөсүнө кандай тиешеси бар?

22 Кудай асмандагыларды да жазага тартып жатса, ким Ага акыл үйрөтө алат?

23 Кээ бирөөлөр өз күчү толуп турганда, кайгы-капасыз тынч өлүшөт.

24 Анын ичеги-карды майлуу, анын жилиги чучуктуу.

25 Кээ бирөөлөр жакшылык көрбөй, жаны кайгыга батып өлүшөт.

26 Бирок экөө тең топуракка жатат, аларды курт каптайт.

27 Мага каршы ойлоп тапкан оюңар менен амалыңарды билем.

28 “Төрөнүн үйү кайда? Мыйзамсыздар жашаган чатыр кайда?” – дейсиңер.

29 Силер саякатчы адамдардан сураган жок белеңер? Алардын байкоолору менен тааныш эмессиңерби?

30 Зулумга өлөр күнү да ырайым болорун, каар күнү ал четте каларын билбейсиңерби?

31 Ага жолун ким көрсөтөт? Кылган иши үчүн анын жазасын ким берет?

32 Аны көргө узатышат, анын мүрзөсүнө сакчы коюшат.

33 Ага өрөөндүн кесек таштары да жакшы көрүнөт, анын артында толгон эл баратат, алдында бараткандарга сан жетпейт.

34 Мени курулай сөздөр менен соороткуңар барбы? Силердин жообуңар жалаң калп болуп жатат».

22-БӨЛҮМ

Элипаздын үчүнчү сөзү

1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2 «Адам Кудайга пайда келтире алмак беле? Акылдуу өзүнө пайда келтирет.

3 Сенин адил болгонуңдан кудуреттүү Кудай кандай ырахат алмак эле? Өз жолуңду таза сактаганыңдан Ага кандай пайда?

4 Ал сенден коркуп кетип, сени менен талашып-тартышмак беле? Сени менен соттошмок беле?

5 Чын эле, сенин кыянаттыгың чоң болсо керек, сенин мыйзамсыздыгыңа чек жок болсо керек.

6 Чын эле, сен эч нерсе бербей туруп, бир туугандарыңдан күрөө алсаң керек, ач-жылаңачтардын кийимин сыйрып алсаң керек.

7 Суусаганга суу бербесең керек, ачкага нан бербесең керек.

8 Ал эми алдуу-күчтүүгө жер берсең керек, ал жерге мансабы чоң киши отурукташса керек.

9 Жесирлерди эч нерсе бербей кетирсең керек, жетимдерди куру кол калтырсаң керек.

10 Ошон үчүн туш тарабыңа тузак коюлду, сени күтүлбөгөн коркунуч басты.

11 Же болбосо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады, ташкындаган сел астында калдың.

12 Кудай асмандан да жогоруда эмеспи! Тээ бийиктеги жылдыздарды карачы, алар канчалык бийик!

13 Сен болсо: “Кудай эмнени билет? Ал караңгылыктан бизди көрүп, соттой алмак беле?

14 Булут – Анын пардасы, ошондуктан Ал эч нерсе көрбөйт, асман мейкиндигинде гана жүрөт”, – дейсиң.

15 Сен, чын эле, байыркылардын жолун жолдоп жүрсөң керек. Ал жол менен мыйзамсыз адамдар жүрүшкөн,

16 алардын негизинин астын суу каптаганда, алар мезгилсиз кырылышкан.

17 Алар Кудайга: “Бизден оолак бол” – дешкен. Алар: “Кудуреттүү Кудай бизге эмне кыла алмак эле?” – дешкен.

18 Бирок алардын үйлөрүн Ал мал-мүлккө толтурду. Бирок мыйзамсыздардын кеңеши менден алыс болсун!

19 Адилдер көрүп кубанышты, такыбаа адам аларга:

20 “Душманыбыз кырылды, алардан эмне калса, ошону от жалмады”, – деп күлдү.

21 Кудайга жакында, Аны менен элдеш, ушул аркылуу сага жакшылык келет.

22 Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Анын сөздөрүн көкүрөгүңө түйүп ал.

23 Эгерде кудуреттүү Кудайга кайрылсаң, анда кайра калыбыңа келесиң, үйүңдү мыйзамсыздыктан арылтасың.

24 Алтын сен үчүн топурактай, Опир алтындары суудагы таштардай болуп калат.

25 Кудуреттүү Кудай сенин алтының жана жаркыраган күмүшүң болот.

26 Ошондо сен кудуреттүү Кудайдан кубаныч аласың, Кудайга башыңды көтөрөсүң.

27 Сыйынасың, үнүңдү угат, сен да өз убадаларыңды орундатасың.

28 Бир нерсени ниет кыласың, ал ниетиң ишке ашат, жолуңа жарык чачырайт.

29 Кимдир бирөө кемсинтилгенде, сен: “Жогору көтөрүлүү”, – дейсиң. Ошондо Ал көңүлү чөккөндү куткарат.

30 Ал айыптуу адамды да куткарат. Ал адам сенин колуңдун тазалыгы менен куткарылат».

23-БӨЛҮМ

Аюбдун жетинчи жообу

1 Аюб мындай деген жооп айтты:

2 «Бүгүн да менин сөзүм кайгылуу. Тарткан азаптарым онтоолорумдан оор.

3 Оо, мен Аны кантип табарымды билсем кана, Анын тагына жакындай алсам кана!

4 Анда мен анын алдында өз иштеримди айтып бермекмин, оозумду актана турган сөзгө толтуруп алмакмын.

5 Анын мага эмне деп жооп берерин билип алмакмын, Анын мага эмне айтарын түшүнүп алмакмын.

6 Кантип эле Ал эбегейсиз кудуреттүү болуп туруп, мени менен таймашсын? Жок, Ал антпейт! Ал мага көңүл буруп эле койсо кана!

7 Ошондо адил адам Аны менен таймаша алмак, ошондо мен да өз Өкүмдарымдан түбөлүк азаттык алмакмын.

8 Бирок мен чыгышка барсам да, Ал жок, батышка барсам да, Аны байкабайм.

9 Түндүктөн издесем да, Аны таппайм, Ал түштүктө жашынып турабы дейин десем, ал жактан да көрүнбөйт.

10 Бирок Ал менин жолумду билет. Мейли, мени сынап көрсүн, ошондо мен алтындай болуп чыгам.

11 Менин бутум Анын жолунда бекем турат. Анын жолун сактадым, эч жакка бурулбадым.

12 Анын оозунан чыккан осуяттардан бурулуп кетпедим. Анын оозунан чыккан сөздөрдү өз эрежемден артык сактадым.

13 Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал Өз жүрөгүнүн каалаганын жасайт.

14 Ошон үчүн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат. Анын ушуга окшогон ойлору көп.

15 Ошондуктан мен Анын алдында калтырайм, ойлоном жана Андан корком.

16 Кудай жүрөгүмдү алсыратты, кудуреттүү Кудай мени коркутту.

17 Мен эмне үчүн бул караңгылыктан мурун жок болбодум? Эмне үчүн Ал да менин жүзүмдөн караңгыны алып таштабады?

24-БӨЛҮМ

1 Эмне үчүн мезгилдер кудуреттүү Кудайдан жашырылган эмес? Эмне үчүн аны билгендер Анын күндөрүн көрүшпөйт?

2 Мыйзамсыздар жер чектерин жылдырып, жайылган малдарды айдап кетип, өз жайыттарында жайып жүрүшөт.

3 Жетимдин эшегин тартып алып, жесирдин өгүзүн күрөөгө алышат.

4 Жакырларды жолдон түртүп кетишет, алардан жердеги кордук көргөндөрдүн баары жашырынууга мажбур.

5 Мына, алар чөлдөгү жапайы эшектердей, жем табыш үчүн эртең менен эрте туруп, өз иштерине чыгышат! Талаа аларга да, алардын балдарына да азык берет.

6 Алар өздөрүнүн эмес, башкалардын талааларынан эгин орушат, мыйзамсыздын жүзүмүн жыйнашат.

7 Жылаңачтар суукта жамынчысыз, кийимсиз түнөшөт.

8 Тоолордогу жамгырдан суу болушат, баш паана таппай, аскалардын жаракаларына корголошот.

9 Жетимди эмчектен ажыратышат, жакырдан күрөө алышат.

10 Кийимсиз, жылаңач жүрүүгө мажбур кылышат, ачкаларга машак беришет.

11 Дубалдардын ортосунда зайтун майын сыгышат, жүзүм сыгылуучу жайда жүзүм тебелешет, бирок суусап жүрүшөт.

12 Шаарда адамдар онтоп жатышат, өлтүрүлгөн адамдардын жаны жардам сурап бакырып жатат, бирок Кудай мындай мыйзамсыздыкка тыюу салбайт.

13 Алардын арасында жарыктын душмандары бар, алар Кудайдын жолун билишпейт, Анын жолу менен жүрүшпөйт.

14 Адам өлтүрүүчү таң ата электе туруп, жарды менен кайырчыны өлтүрөт, ал эми түн киргенде уурулук кылат.

15 Бузулган адам күүгүмдү күтүп: “Мени эч ким көрбөйт”, – деп, бетин жаап алат.

16 Күндүз белгилеп койгон үйгө түн ичинде астынан казып киришет. Алар жарыкты билишпейт.

17 Алар үчүн таң – өлүм көлөкөсү, себеби алар өлүм көлөкөсүнүн коркунучун билишет.

18 Ал суу үстүндө жеңил, анын жердеги үлүшү каргышка калган, ал жүзүмзарга кеткен жолго карабайт.

19 Кургакчылык менен ысык аптап кар сууларын жутуп турат. Өлгөндөр жаткан жай да күнөөкөрлөрдү ошондой жутуп турат.

20 Аны эненин жатыны унутсун. Аны курт тамшанып жесин. Анын аты жер үстүнөн өчсүн. Мыйзамсыз адам жыгачтай сынсын.

21 Ал төрөбөгөн баласыз аялды кордогон, жесир аялга жакшылык кылган эмес.

22 Ал күчтүүлөрдү да өз күчү менен өзүнө тартат. Ал ордунан турганда, эч ким тирүү каларына көзү жетпей калат.

23 Ал ага коопсуз болушу үчүн бардыгын берет, ал ошого таянат. Анын көздөрү алардын баскан жолун көрүп турат.

24 Алар жогору көтөрүлүшөт, анан жок болушат. Алар бардык адамдардай эле кулашат, анан өлүшөт, машактай болуп орулушат.

25 Эгерде мындай эмес болсо, жалган айтты деп, мени ким ашкерелейт жана ким менин сөзүмдү жокко чыгарат?»

25-БӨЛҮМ

Билдаттын үчүнчү сөзү

1 Шухтук Билдат мындай жооп айтты:

2 «Зор бийлик да, коркунуч да Анын колунда! Ал Өзүнүн бийиктиктеринде тынчтык жаратат!

3 Анын асман кошуундарына сан жетеби? Анын жарыгы кимге тийбейт?

4 Анан кантип адам Кудайдын алдында адилет боло алсын? Анан кантип аялдан туулгандар таза болсун?

5 Анын көз алдында, атүгүл, ай да жарык эмес, жылдыздар да таза эмес.

6 Адам эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, курт, адам баласы эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, күбө!»

26-БӨЛҮМ

Аюбдун сегизинчи жообу

1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Күчсүзгө сен кандай жардам бердиң, алсызга сен кандай күч бердиң!

3 Акылсызга сен кандай кеңеш бердиң, ишти толугу менен кандай түшүндүрдүң!

4 Сен бул сөздөрдү кимге айттың? Сенден кимдин руху чыгып жатат?

5 Репалыктар суулардын астында калтырашат, сууда жашагандар да калтырашат.

6 Анын алдында өлгөндөр жаткан жай да ачык, Абадондун жабуусу жок.

7 Ал түндүк уюлду боштук үстүнө жайган, жерди жок нерсенин үстүнө илип койгон.

8 Ал сууларды Өзүнүн булуттарынын ичинде кармап турат, булуттар да суулардын салмагынан жарылбай турат.

9 Ал Өзүнүн тагын орнотуп, анын үстүнө Өзүнүн булуттарын жайып койгон.

10 Жарык менен караңгынын чегине чейин суу үстүнөн чек өткөрүп койгон.

11 Анын каарынан асман түркүктөрү титиреп, үрөйү учуп турат.

12 Ал Өз күчү менен деңизди толкутат, Өзүнүн акылы менен Рахапты талкалады.

13 Асмандын сонундугу – Анын рухунан. Анын колу тез чуркаган жыланды жараткан.

14 Анын жолдорунун бир бөлүгү – мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?»

27-БӨЛҮМ

1 Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

2 «Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирүү, жанымды кейиткен кудуреттүү Кудай тирүү.

3 Жаным өзүмдө турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда,

4 менин оозум жалганды сүйлөбөйт, тилим калп айтпайт!

5 Мен силерди адилеттүү деп эсептөөдөн алысмын. Өмүрүм өткөнчө өзүмдүн таза экендигимден танбайм.

6 Мен өз чындыгымды бек кармадым, эми аны коё бербейм. Өмүрүм өткөнчө жүрөгүм мени жемелебейт.

7 Душманым кара ниет адамдай болот, мага каршы чыккан адам мыйзамсыз адамдай болот.

8 Анткени Кудай эки жүздүү кишинин жанын сууруп алганда, ал эмнеден үмүттөнмөк эле?

9 Башына мүшкүл түшкөндө, Кудай анын зар-муңун укмак беле?

10 Ал кудуреттүү Кудайдан сооронуч алмак беле? Ар убакта Кудайды чакырмак беле?

11 Кудайдын колунда эмне бар экенин силерге жарыялайм, бардыгын кармап туруучу Кудайдын колунда эмне бар экенин силерден жашырбайм.

12 Мына, силер өзүңөр да бардыгын көрдүңөр! Сөз деп эле сүйлөй берүүнүн силерге эмне кереги бар?

13 Мыйзамсыз адамдын Кудайдан тийген энчиси бул, зулумдардын кудуреттүү Кудайдан алган мурасы мындай:

14 эгерде алардын уулдары көбөйсө, анда кылычтан өлүшөт. Урпактары нанга тойбойт.

15 Артында калгандарды өлүм көргө түшүрөт, жесирлери ыйлабайт.

16 Ал күмүштү топурактай жыйып алат, кийимди ылайдай көп даярдап алат.

17 Даярдаганы менен, анын кийимин адил адам киет, күмүшү айыпсыз адамдын энчисине тиет.

18 Ал өз үйүн күбө курттай курат, өз чатырын күзөтчүдөй жасап алат.

19 Ал бай адам болуп уктайт, бирок турганда бай адам болуп турбайт. Көзүн ачса, ал мурункудай эмес.

20 Коркунучтар аны суудай каптайт, түн ичинде аны бороон учуруп кетет.

21 Аны чыгыш шамалы көтөрүп учуруп кетет, ал аны турган жеринен учуруп кетет.

22 Ага жулкунуп кирет, анын колунан ал канчалык качууга аракет кылса да, ал аны аябайт.

23 Аны табалап кол чабышат, анын турган ордунан ага таң калып ышкырышат».

28-БӨЛҮМ

Кудайды акылмандуулугу үчүн даңктоо

1 «Чындыгында, күмүштүн кени бар, алтындын эритүүчү жайы бар.

2 Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.

3 Адам караңгылыкка чек коёт, караңгылыкта, өлүм көлөкөсүндө кылдаттык менен таш издейт.

4 Эч кимдин буту баспаган жерден кен казат, түпкүргө түшөт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.

5 Дан өскөн жердин түпкүрүндө от балбылдап жаткансыйт.

6 Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.

7 Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун көзү көргөн эмес.

8 Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.

9 Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду түп-тамыры менен омкорот.

10 Аскаларды тешип жол чыгарат, анын көздөрү бардык асыл байлыктарды көрөт.

11 Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.

12 Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?

13 Адам анын баасын билбейт, ал тирүүлөр жашаган жерден табылбайт.

14 Түпкүр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, деңиз да: “Менде эмес”, – дейт.

15 Аны алтынга ала албайсың, күмүшкө сатып ала албайсың.

16 Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, көк жакут менен да бааланбайт.

17 Ага алтын да, тунук кристалл да тең келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсың.

18 Ал эми маржан менен берметтерди айтып өтүүнүн кажети да жок, акылмандыкка жетүү кыпкызыл лаалга жетүүдөн алда канча артык.

19 Ага Эфиопиянын сары жакут таштары да тең келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.

20 Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?

21 Ал бардык тирүү жандардын көзүнөн жашыруун, асман куштарына да көрүнбөйт.

22 Абадон менен өлүм: “Ал жөнүндөгү сөздү биз өз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.

23 Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.

24 Анткени Ал жердин түпкүрүнө чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын көрүп турат.

25 Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды өлчөмү менен жайгаштырып жатканда,

26 жамгырга мыйзам берип жатканда, күркүрөгөн чагылгандын жолун түзүп жатканда,

27 аны көрдү жана көрсөттү, аны даярдады, сыноодон да өткөрдү.

28 Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».

29-БӨЛҮМ

Аюбдун акыркы сөзү

1 Аюб маанилүү сөздөрүн улантып, мындай деди:

2 «Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жүргөн күндөрдөгүдөй болсом кана!

3 Анын чырактаны менин үстүмдө күйүп турчу, караңгыда мен Анын жарыгы менен жүрчүмүн.

4 Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!

5 Кудуреттүү Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!

6 Жолдорума сүт төгүлүп турчу, аскалар мен үчүн зайтун майын чыгарып турчу.

7 Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,

8 жигиттер мени көрүп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.

9 Төрөлөр сөзүн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.

10 Атактуулардын үнү басылып, тилдери таңдайына жабышып калар эле.

11 Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени көргөн көз мени даңктап турар эле.

12 Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.

13 Мага өлүп бара жаткандын батасы тийчү, жесир аялдын жүрөгүнө кубаныч берчүмүн.

14 Мен адилеттиктин кийимин кийип жүрчүмүн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жүрчүмүн.

15 Мен сокурга көз, аксакка бут болчумун.

16 Кайырчыларга ата болчумун. Өзүм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.

17 Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.

18 Мен мындай деп айтчумун: “Өз уямда өлөм, жашоо күндөрүм кумдай көп болот.

19 Тамырым сууга жетет, бутактарыма шүүдүрүм түнөйт.

20 Атак-даңкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.

21 Мага кулак салып турушчу, күтүп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.

22 Мен сүйлөгөндөн кийин, алар сүйлөшчү эмес, менин сөздөрүм алардын кулактарына куюлчу.

23 Мени жамгырды күткөндөй күтүшчү, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.

24 Аларга жылмайып койсом, көргөн көздөрүнө ишенишчү эмес. Алар менин жүзүмдөгү жарыкты өчүрүшчү эмес.

25 Мен аларга жол көрсөтүп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын көңүлүн жубаткан сооротуучудай болчумун.

30-БӨЛҮМ

1 Азыр болсо мени өзүмдөн кичүүлөр шылдың кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.

2 Алардын күчтүү колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы өтүп кеткен.

3 Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар түнөргөн, ээн калган, суусуз талаада каңгып жүрүшөт.

4 Тикенектин түбүнөн майда чөп терип жешет, тикенектүү бадалдын мөмөсү – алардын тамагы.

5 Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.

6 Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коңулдарында жашоого туура келет.

7 Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын түбүнө корголошот.

8 Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жүзүнүн таштандылары!

9 Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан түшпөгөн сөзү болдум.

10 Алар мени жек көрүшөт, менден качышат, менин бетиме түкүрүүдөн тартынышпайт.

11 Теңир менин жаамдын жибин үзүп, мени талкалады, ошон үчүн алар менин көз алдымда өздөрүнүн ооздорундагы ооздукту алып салышты.

12 Бул жер жайнаган эл менин оң капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, өздөрүнүн кыйратуучу жолдорун мени көздөй буруп жатышат.

13 Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин өлүмүм үчүн бардыгын камдоого үлгүрүштү.

14 Алар мага чоң тешиктен түшкөнсүп түшүп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.

15 Өтө жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.

16 Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу күндөр курчады.

17 Түнкүсүн сай-сөөгүм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.

18 Yстүмдөгү кийимим өтө кыйынчылык менен чечилет, көйнөгүмдүн жакасы кысып турат.

19 Ал мени ылайга таштады, мен күл менен топуракка окшоп калдым.

20 “Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың.

21 Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың.

22 Сен мени көтөрүп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасың, бороон менен көтөрүп чаап жатасың.

23 Ошондуктан мен билем, Сен мени өлүмгө дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасың”.

24 Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык түшкөн адам кыйкырбай коймок беле?

25 Мен башына мүшкүл түшкөндөрдү көргөндө, ыйлаган жок белем? Жардыларды көргөндө, жаным кыйналган жок беле?

26 Мен жакшылыкты эңсеп турганда, жамандык келди, жарыкты күтүп турганда, караңгылык келди.

27 Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу күнгө туш келдим.

28 Мен капкара болуп басып жүрөм, бирок бул күндөн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.

29 Мен чөөлөрдүн бир тууганы болуп калдым, төө куштардын досу болуп калдым.

30 Менин терим карарып кетти, сөөктөрүм ысыктан куйкаланды.

31 Лирамдын үнү кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын үнү ыйга окшоп калды.

31-БӨЛҮМ

1 Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм.

2 Мага жогорудан, Кудайдан кандай үлүш тиймек эле? Асмандан, кудуреттүү Кудайдан кандай мурас берилмек эле?

3 Өлүм мыйзамсыздар үчүн эмеспи, кырсык кыянаттык кылгандардын башына түшпөйбү?

4 Кудай менин жолдорумду көргөн жок беле? Менин баскан кадамымды эсептеген жок беле?

5 Эгерде мен жалган жолдо жүргөн болсом, эгерде менин буттарым амалкөйлүккө шашкан болсо,

6 анда мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет.

7 Эгерде менин бутум жолдон бурулган болсо, жүрөгүм көзүмдү ээрчип жүргөн болсо, эгерде таза эмес бир нерсе колума жабышып калган болсо,

8 анда мен сепкенди башка бирөө жесин жана мен өндүргөн нерсе тамырынан жулунсун.

9 Эгерде менин жүрөгүм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом,

10 анда менин аялым башка бирөөнүн жаргылчагын тартсын, аны башка бирөөлөр маскара кылышсын.

11 Анткени бул – ойноштук, бул – сотко тартыла турган күнөө.

12 Бул – менин бүт мал-мүлкүмдү түп-тамыры менен жок кылып сала турган жалмап салуучу от.

13 Кулум менен күңүм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом,

14 анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем?

15 Мени да, аны да эненин курсагында жараткан Өзү эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган Өзү эмеспи?

16 Жакырлардын сураганын бербей койдум беле? Жесирдин көзүн жалдыраттым беле?

17 Бир үзүм нанды жалгыз жедим беле? Андан жетим да жеген жок беле?

18 Анткени ал бала күнүнөн бери меникинде атасыныкында жашагандай жашады, энемдин курсагынан чыккандан бери мен жесирге көз салып келдим.

19 Мен кийими жок өлүп бара жатканды, жамынчысы жок жардыны көргөндө,

20 ал мага чын жүрөктөн батасын бербей койду беле? Ал менин койлорумдун жүнүнө жылынган жок беле?

21 Дарбаза алдында мага жардам беришсе да, жетимге кол көтөрсөм,

22 анда менин ийиним далымдан бөлүнүп түшүп калсын, колум чыканагымдан сынып түшсүн.

23 Анткени Кудайдын жазасы мен үчүн өтө коркунучтуу. Анын улуулугунун алдында мен туруштук бере алмак эмесмин.

24 Мен алтынга таяндым беле? Байлыкка: “Менин үмүтүм сенсиң!” – деп айттым беле?

25 Байлыгымдын ашып-ташыганына, колумдун көп тапканына кубандым беле?

26 Күндүн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сөөлөттүү калкып баратканын карап туруп,

27 жүрөгүм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду өптү беле?

28 Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттүү Кудайдан баш тарткан болор элем.

29 Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына түн түшкөндө, салтанат курдум беле?

30 Оозумдун аны каргап күнөөгө батуусуна жол берген эмесмин.

31 Менин чатырымдагы кишилер: “Оо, анын этинен жегендерден эч ким тойбой калган эмес!” – дешкен жок беле?

32 Бөтөн жерден келген киши көчөдө түнөгөн эмес. Жолоочуга эшигимди ачып берчүмүн.

33 Эгерде мен адам катары күнөөлөрүмдү жашырып койгон болсом, мыйзамсыз иштеримди көкүрөгүмө катып койгон болсом,

34 анда мен чоң жамааттан коркор элем, урук-туугандарымдын жек көрүүсү үрөйүмдү учурар эле, мен ооз ачпас элем, босогодон сыртка чыкпас элем.

35 Оо, мени кимдир бирөө укса кана! Менин каалоом мындай: кудуреттүү Кудай мага жооп берсе экен, менин коргоочум буларды китепке жазып койсо экен.

36 Мен аны ийиниме көтөрүп жүрөр элем, башыма гүл таажыдай кийип алар элем.

37 Баскан кадамымдын санын ага кабарлар элем, ага төрөгө жакындагандай жакындар элем.

38 Эгерде жерим менин үстүмөн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин үстүмөн даттанган болсо,

39 эгерде мен анын түшүмүн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом,

40 анда буудай ордуна төө тикенек, арпа ордуна карамык өссүн». Ошентип, Аюбдун сөзү бүттү.

32-БӨЛҮМ

Элийунун сөзү

1 Аюб өзүнүкүн туура деп эсептегендиктен, тигил үч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту.

2 Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу Элийунун каары кайнады. Өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени үчүн, ал Аюбга аябай ачууланды.

3 Эмне деп жооп берүүнү билбей туруп, Аюбду айыптай берген үч досуна да ачууланды.

4 Алар өзүнөн улуу болгондуктан, Элийу Аюбга каршы сүйлөй элек эле.

5 Элийу тигил үч кишинин оозунда жооп жок экенин көргөндө, абдан ачууланды.

6 Буздук Барахел уулу Элийу мындай деп жооп берди: «Мен силерден жашмын, силер карысыңар, ошондуктан ыйбаа кылып, оюмду айткандан корктум.

7 Мен өзүмчө: “Карылык сүйлөсүн, көп жашагандар акылмандыкка үйрөтсүн”, – дедим.

8 Бирок адамга акылды адамдын ичиндеги рух менен кудуреттүү Кудайдын деми берет.

9 Көп жашагандар эле акылман боло бербейт, чындыкты карылар эле түшүнө бербейт.

10 Ошондуктан мен мындай дейм: “Мени уккула, мен да өз пикиримди айтайын”.

11 Мен силер сүйлөп бүткөнчө күтүп турдум, силердин пикириңерди көңүл коюп угуп турдум, силер айтар сөзүңөрдү ойлоп тапкыча күтүп турдум.

12 Мен силерди кадала карап турдум, бирок Аюбду эч кимиңер ашкерелеген жоксуңар, анын сөздөрүнө эч кимиңер жооп берген жоксуңар.

13 Ошондуктан силер: “Биз акылмандыкка жеттик, аны адам эмес, Кудай ашкерелейт”, – деп айтпагыла.

14 Эгерде Аюб мага карата сүйлөсө, анда мен силерге окшоп жооп бермек эмесмин.

15 Коркуп кетишти, жооп бере албай калышты, сүйлөбөй калышты.

16 Мен күтө бердим, алар болсо сүйлөбөй коюшту, токтоп калышты, жооп бере албай калышты.

17 Ошондуктан өзүм тараптан мен да жооп берейин, мен да өз оюмду айтайын.

18 Анткени айтар сөзүм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат.

19 Ичим оозу ачыла элек шараптай, жарылганы турган жаңы чаначтай болуп турат.

20 Сүйлөсөм, жеңилдеп калам, оозумду ачып жооп берейин.

21 Эч кимге бет карамалык кылбайм, эч бир адамга жагынып, кошомат кылбайм.

22 Анткени мен кошоматчылык кылганды билбейм, эгерде ошондой болсо, Жаратканым, мени азыр өлтүр!

33-БӨЛҮМ

1 Ошондуктан, Аюб, менин сөздөрүмө кулак сал, менин бардык сөздөрүмдү ук.

2 Мына, мен оозумду ачып жатам, менин тилим көмөкөйүмдө сүйлөп жатат.

3 Менин сөздөрүм таза жүрөктөн чыгат, оозум таза билимди сүйлөйт.

4 Мени Кудайдын Руху жараткан, мага кудуреттүү Кудайдын деми жан берген.

5 Эгерде жооп бере алсаң, жооп бер, даярдан, менин алдымда сүйлө.

6 Кудайдын алдында мен да сендеймин, мен да сага окшоп топурактан жаратылгам.

7 Ошондуктан менден коркуп тынчың кетпесин, менин колум сен үчүн оор болбосун.

8 Сен менин кулагыма сүйлөдүң, мен сенин сүйлөгөн үнүңдү уктум.

9 Сен: “Мен тазамын, кемчилигим жок, күнөөлүү эмесмин, менде жалганчылык жок.

10 Бирок Кудай менден айып тапты, мени Өзүнүн душманы деп эсептейт.

11 Менин буттарымды көзөнөк жыгачка салып, менин бардык жолдорумду карап турат”, – дедиң.

12 Сенин ушинтип айтканың туура эмес, мен сага муну далилдеп берем, анткени Кудай адамдан жогору.

13 Эмне үчүн сен Аны менен айтышып жатасың? Ал Өзүнүн иштеринин биринин да эсеп-кысабын бербейт.

14 Кудай бир жолу айтат, эгерде аны байкабай калышса, экинчи жолу:

15 түшүндө, түнкү көрүнүштө, адамдардын баары уктап жатканда, төшөгүндө үргүлөп жатканда айтат.

16 Ошол учурда Ал адамдын кулагын ачып, Өзүнүн насаатын куят.

17 Адамды кандайдыр бир жаман иштен буруп кетиш үчүн жана анын текеберлигин жок кылыш үчүн,

18 анын жанын туңгуюктан сакташ үчүн жана анын өмүрүн кылычтан өлүүдөн сакташ үчүн ошентет.

19 Же болбосо ал оору аркылуу, сай-сөөгүн сыздаткан оору аркылуу төшөктө жатып эсине келет.

20 Анын нанга көңүлү чаппай калат, жаны жактырган тамакты жээрип калат.

21 Эти качат, көрүнбөгөн сөөктөрү көрүнүп, оркоюп чыгат.

22 Анын жаны көргө, өмүрү өлүмгө жакындайт.

23 Эгерде анын адамга түз жол көрсөтүүчү, миңдеген периштелердин бири болгон насаатчы периштеси бар болсо,

24 Кудай ага боор ооруп: “Аны көрдөн куткар, Мен анын жаны үчүн төлөнүүчү кун таптым”, – дейт.

25 Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал өзүнүн жаш чагына кайрылып келет.

26 Кудайга сыйына турган болсо, Ал ага ырайым кылат. Ал анын жүзүнө кубаныч менен карайт. Адамга адилдигин кайра берет.

27 Ошондо ал адамдарга карап, мындай деп айтат: “Мен күнөөгө батып, чындыкты бурмалагам, бирок жазаланган эмесмин.

28 Ал менин жанымды көрдөн куткарды, ошондуктан менин өмүрүм жарыкты көрүп жатат”.

29 Кудай адамга ушунун баарын эки-үч жолу кылат.

30 Анын жанын көрдөн алып калыш үчүн жана тирүүлөрдүн жарыгы менен жарык кылыш үчүн, ушундай кылат.

31 Көңүл бур, Аюб. Ук мени, үндөбө, мен сүйлөйүн!

32 Эгер айтар жообуң болсо айт, сүйлө, анткени мен сенин актанышыңды каалар элем.

33 Эгер жок десең, анда мени ук, унчукпа, мен сени акылмандыкка үйрөтөм».

34-БӨЛҮМ

1 Элийу сөзүн мындай деп улантты:

2 «Уккула, акылмандар, менин сөзүмдү! Акыл-эстүүлөр, мага кулак салгыла!

3 Анткени таңдай тамактын даамын кандай айырмаласа, кулак сөздү ошондой айырмалайт.

4 Ой-пикирибизди ортого салып, эмне жакшы экенин билели.

5 Анткени Аюб мындай деди: “Меники туура, бирок Кудай мени укуктан ажыратты.

6 Менин адилдигимди төгүнгө чыгарды. Жазыксыз алган жараатым айыккыс”.

7 Шылдыңды суудай ичип жаткан Аюбдай адам барбы?

8 Ал мыйзамсыз иштерди жасагандардын уюмуна кирип, мыйзамсыз адамдар менен жүрөт.

9 Анткени ал мындай деп айтты: “Кудайга жакшы иштер менен жагынуудан адамга пайда жок”.

10 Ошондуктан мени уккула, акылдуу адамдар! Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт.

11 Анткени Ал өзүнүн иштерине жараша кылат, ар бир адамга жолдоруна жараша берет.

12 Чындыгында, Кудай жалган нерсе жасабайт, кудуреттүү Кудай сотту бурмалабайт.

13 Жер жүзүн Ага ким тапшырды? Бүткүл ааламды Ага ким башкартып койду?

14 Эгерде Ал Өз жүрөгүн Өзүнө каратып, руху менен демин Өзүнө ала турган болсо,

15 анда бардык тирүү жандар ошол замат өлүп калышмак, адам топуракка айланмак.

16 Ошентип, эгерде сенде акыл болсо, анда буга кулак сал, менин сөздөрүмдү көңүл коюп ук.

17 Чындыкты жек көргөн адам бийлик кыла алабы? Бардыгынан Адилеттүүнү сен айыптай аласыңбы?

18 Падышага: “Сен адилетсизсиң”, – деп, төрөлөргө: “Силер мыйзамсызсыңар”, – деп айтууга болобу?

19 Бирок Ал төрөлөрдүн жүзүнө карабайт, байды кедейден артык көрбөйт, анткени баары Анын колунан чыккан.

20 Алар күтүлбөгөн жерден өлүшөт, эл түн ичинде дүрбөлөңгө түшөт, ошентип, алар жок болушат. Күчтүүлөрдү кууп чыгышат, бирок кол менен эмес.

21 Анткени Анын көздөрү адамдын жолдорунда, Ал адамдын бардык кадамдарын көрүп турат.

22 Мыйзамсыз иштерди кылгандар жашына турган караңгы жер жок, өлүм көлөкөсү да жок.

23 Ошондуктан Кудайга адамдын ишин иликтеп отуруунун зарылдыгы жок.

24 Ал күчтүүлөрдү изилдебей эле жок кылат да, алардын ордуна башкаларды коёт.

25 Анткени алардын иштерин Ал ачыкка чыгарат да, аларды түн ичинде кыйратат, ошентип, алар тукум курут болушат.

26 Кудай аларды мыйзамсыз кишилер катары башкалардын көз алдында кыйратат.

27 Анткени алар Андан баш тартышты, Анын бардык жолдорун түшүнгүлөрү келген жок.

28 Ошондуктан жакырлардын зар-муңу Кудайга жетти, Ал эзилгендердин онтогонун укту.

29 Эгерде Ал тынчтык тартууласа, ким буза алат? Эгерде Ал Өз жүзүн жашырса, ким Аны көрө алат? Элди да, адамды да Ал көзөмөлдөп турат.

30 Элди азгырган эки жүздүү адам падышачылык кылбасын деп, көз салып турат.

31 Кудайга мындай деп айтуу керек: “Мен өз жазамды алдым, эми күнөө кылбайм.

32 Ал эми мен билбегенди Сен үйрөт. Эгерде мен мыйзамсыз иш кылсам, мындан ары антпейм”.

33 Ал сага сенин каалооң боюнча бериши керекпи? Кабыл албай жаткандан кийин, мен эмес, өзүң тандап алышың керек. Эмне билсең, ошону айт.

34 Акылдуу адамдар жана сөзүмдү уккан даанышман мага мындай деп айтышат:

35 “Аюб акылсыз сүйлөп жатат, анын сөздөрүнүн мааниси жок”.

36 Аюбдун мыйзамсыз адамдарга окшоп жооп берген жообуна жараша толугу менен сыноодон өтүшүн каалар элем.

37 Болбосо ал өз күнөөсүнө Кудайдан чегингендигин кошуп алат, арабызда алакан чаап, Кудайга мындан да көп акарат келтирет».

35-БӨЛҮМ

1 Элийу сөзүн мындай деп улантты:

2 «Сен: “Мен Кудайдан да адилмин”, – деген сөзүңдү туура деп эсептейсиңби?

3 Сен: “Мага эмне пайда? Мен күнөө кылбаган күндө да, андан кандай киреше алмакмын?” – дедиң.

4 Мен сага жана сенин досторуңа жооп берейин:

5 Асманга көз чаптырып кара. Булуттарды кара, алар сенден бийик турат.

6 Эгер сен күнөө кылсаң, Ага эмне кыла аласың? Эгер сенин кылмышың көбөйүп кетсе, Ага кандай зыян келтире аласың?

7 Эгерде сен адилет болсоң, анда Ага эмне бересиң? Же Ал сенин колуңдан эмне алмак?

8 Сенин адилетсиздигиң сага окшогон адамга тиешелүү, сенин адилеттигиң адам баласына тиешелүү.

9 Эзүүчүлөр көп болсо, эзилгендер онтошот, күчтүүлөрдүн колунан ыйлашат.

10 Бирок бир да киши: “Менин Кудайым, Жаратуучум кайда, түнкүсүн ыр берген Теңир кайда?

11 Жер үстүндөгү айбандарга караганда бизге көбүрөөк үйрөткөн, асмандагы куштарга караганда бизге көбүрөөк акыл-эс берген Теңир кайда?” – деп айтпайт.

12 Ал жерде алар боздоп жатышат, бирок Ал жаман кишилердин текебердүүлүгүнөн аларга жооп бербей жатат.

13 Бирок Кудай укпайт, кудуреттүү Кудай муну көрбөйт деген туура эмес.

14 Аны көрбөй жатамын десең да, Анын алдында сот болот, ошон үчүн аны күт.

15 Бирок азыр ага Кудайдын каары тие элек, ошондуктан ал аны толук биле элек.

16 Ошондуктан Аюб жеңил ойлуулук менен сүйлөп жатат, сөзүн текке кетирип жатат».

36-БӨЛҮМ

1 Элийу сөзүн мындай деп улантты:

2 «Бир аз чыдай тур, Кудайдын атынан дагы айта турган сөзүм бар экенин мен сага көрсөтөйүн.

3 Мен пикиримди алыстан баштайм, Жаратканымдын адилеттүүлүгүн далилдеп берем.

4 Анткени, чынында эле, менин сөздөрүм жалган эмес. Сенин алдыңда билими жеткилең бирөө турат.

5 Мына, Кудай кудуреттүү, Ал жүрөгү таза адамды четке какпайт!

6 Ал мыйзамсыздарды колдобойт, эзилгендерге тиешелүүсүн берет.

7 Ал адилдерден көзүн албайт, аларды падышалардын тагына отургузат, аларды жогорулатат.

8 Эгерде алар чынжыр менен кишенделип, кырсыктын кишендеринде кармалып турушса,

9 анда Ал алардын иштерин өздөрүнө көрсөтөт, алардын мыйзамсыздыгы көбөйүп кеткенин өздөрүнө көрсөтөт.

10 Эскертиш үчүн, алардын кулактарын ачат, аларга: “Мыйзамсыз иштерден баш тарткыла”, – дейт.

11 Эгерде тил алып, Ага кызмат кылышса, анда өз күндөрүн жыргалчылыкта, өз жылдарын шаттыкта өткөрүшөт.

12 Эгерде тил алышпаса, анда жаа жебесинен өлүшөт, акылдан ажырап өлүшөт.

13 Бирок эки жүздүүлөр жүрөгүнө каар топтойт, Кудай аларды кишендеп салганда, Ага кайрылышпайт.

14 Ошондуктан алардын жаны жаш чагында өлөт, өмүрлөрү бузулгандар менен өтөт.

15 Ал жакырды башына түшкөн кырсыктан куткарат, эзилип жатканда, анын кулагын ачат.

16 Ал сени да тар жерден кысымчылык жок, кең жерге алып чыгат эле, дасторконуң майга толот эле.

17 Бирок сен мыйзамсыздардын түшүнүктөрүнө жык толгонсуң: түшүнүк менен айыптоо сага жакын.

18 Кудайдын каары сени жазалап, өлтүрүп койбосун! Сени чоң кун куткарбайт.

19 Ал сенин байлыгыңды бааламак беле? Жок! Алтыныңды да, байлыгыңды да баалабайт.

20 Элдер өздөрүнүн турган жеринде кырылып жаткан ошол түндү тилебе.

21 Сактан, мыйзамсыздыкка барба, анткени сен азап тартканды мыйзамсыздык кылгандан артык көрдүң.

22 Кудай Өзүнүн кудурети менен бийик, Андай насаатчы барбы?

23 Ким Ага Анын жолун көрсөтөт? “Сен адилетсиз иш кылып жатасың”, – деп, Ага ким айта алат?

24 Адамдар көрүп турган Анын иштерин даңазалоону унутпа.

25 Анын иштерин ар бир адам көрө алат, адам аларды алыстан байкай алат.

26 Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис.

27 Ал суу тамчыларын чогултат, алар көп болгондо, жамгыр болуп төгүлөт.

28 Жамгыр булуттардан тамчылайт, адамдарга мол төгүлөт.

29 Ошондой эле булуттардын жайылышын, Анын чатырынын күркүрөгөнүн ким түшүнө алат?

30 Азыр алардын үстүнө Ал Өз жарыгын чачыратып, деңиз түбүн жаап жатат.

31 Ал жактан Ал элдерди башкарып, тамак-ашты мол берип жатат.

32 Ал чагылганды Өз колдоруна жашырып, ага кимди урууну буйруйт.

33 Анын күркүрөөсү Өзү жөнүндө билдирет, жаныбарлар да эмне болуп жатканын сезишет.

37-БӨЛҮМ

1 Бул жөнүндө ойлогондо, жүрөгүм титиреп, ордунан козголуп кетти.

2 Уккула, Анын үнүн уккула, Анын оозунан чыккан күркүрөөнү уккула!

3 Анын жаңырыгы бүт асманга жаңырат, анын жарыгы бүт жер үстүнө жаркырайт.

4 Анын артынан үн күркүрөйт. Кудай Өзүнүн улуулугунун үнү менен күркүрөйт. Анын үнүн эч ким токтотпойт.

5 Кудай Өз үнү менен укмуштуудай күркүрөп жатат, биздин акылыбыз жетпеген улуу иштерди жасап жатат.

6 Анткени Ал карга: “Жерге түш!” – деп айтат. Жамгыр да, нөшөр да Анын бийлиги астында.

7 Анын ишин бардык адамдар билиш үчүн, Ал ар бир адамдын колуна мөөр басат.

8 Ошондо айбандар ийиндерине кирип, чээндеринен чыкпай калышат.

9 Түштүктөн бороон, түндүктөн ызгаар келет.

10 Кудайдын деминен муз жаралат, суунун үстү тартылат.

11 Ошондой эле Ал булуттарды сууга толтурат, булуттар Анын жарыгын таратышат.

12 Булуттар Анын каалоосу боюнча багыт алып, жер бетинде Анын буйруктарын аткарышат.

13 Ал аларды, же жазалаш үчүн, же жакшылык үчүн, же ырайым кылыш үчүн жиберет.

14 Буга көңүл бур, Аюб. Токтой тур, Кудайдын укмуш иштерин түшүн.

15 Кудай аларды кандай жайгаштырганын, Өзүнүн булуттарынын арасынан чагылганды кандай чартылдатарын билесиңби?

16 Булуттардын кантип илинип турганын, билимдин Кеменгери жасаган керемет иштерди билесиңби?

17 Ал түштүктүн ысык шамалы менен жерди тынчытканда, кийген кийимиң кандай ысырын билесиңби?

18 Сен Аны менен кошо жез күзгүдөй жаркыраган асманды жайдың беле?

19 Бизге Ага эмне деп айтууну үйрөт. Биз бул караңгылыкта эч нерсе түшүнө албай жатабыз.

20 Менин айтканым Ага жетет болду бекен? Айтылган сөздүн Ага жеткенин айткан бирөө бар бекен?

21 Азыр булуттардан күндүн жарыгы көрүнбөй жатат, бирок шамал согуп, асманды тазалап кетет.

22 Жаркыроо түндүктөн келет, Кудайдын тегереги укмуштуудай жарык.

23 Кудай кудуреттүү! Ага биздин акылыбыз жетпейт. Ал күчү, өкүмү жана адилеттүүлүгү менен улуу. Ал эзбейт.

24 Ошондуктан адамдар Анын алдында коркуп турушсун, бардык акылмандар Анын алдында титиреп турушсун!»

38-БӨЛҮМ

Кудайдын Аюбга берген жообу

1 Теңир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди:

2 «Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?

3 Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер!

4 Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең? Айт, эгер билсең.

5 Анын көлөмүн ким чектеди? Айт, эгер билсең. Аны ким жип менен ченеп чыкты?

6 Анын негизи эмненин үстүнө орнотулган? Же болбосо анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон?

7 Таңкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элең?

8 Деңиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту?

9 Мен ага булутту кийим кылып, мунарыкты жалаяк кылып бергенде, сен кайда элең?

10 Мен ага чек коюп, дарбаза, кулпу салып:

11 “Ушуга чейин жетесиң, андан ары өтпөйсүң, текебердүү толкунуңдун чеги ушул жер болот”, – деп айтканда, сен кайда элең?

12 Сен өз өмүрүңдө таңга буйрук бердиң беле? Таң нуруна өз ордун көрсөттүң беле?

13 Сен ага төгөрөктүн төрт бурчун нурга бөлө дедиң беле? Жер жүзүнөн мыйзамсыздарды силкип сал дедиң беле?

14 Чопо мөөрдүн астында өзгөрүлгөндөй, жер да өзгөрүлүп, түрдүү түстөгү кийимдей болуп калсын дедиң беле?

15 Мыйзамсыздардын чырагы өчсүн дедиң беле? Алардын суук колдору сынсын дедиң беле?

16 Сен деңиздин тереңине түштүң беле? Түпкүрдүн түбүн изилдегени түштүң беле?

17 Сен үчүн өлүм дарбазасы ачылды беле? Өлүм көлөкөсүнүн дарбазасын көрдүң беле?

18 Жердин кеңдигин карап чыктың беле? Эгерде ушулардын бардыгын билсең, түшүндүрүп бер.

19 Жарык жашаган жерге барчу жол кайда? Караңгынын турган жери кайда?

20 Анын чегине жеткениң чын, анын үйүнө алып баруучу жолду билериң чын.

21 Сен муну билесиң, анткени сен ошол кезде эле төрөлгөнсүң, сен жашаган күндөрдүн саны өтө көп.

22 Сен кар сактагыч кампага кирдиң беле? Мөндүрлөр сакталган казынаны көрдүң беле?

23 Мен аларды алаамат күндөргө, салгылаш менен кан майдан күндөрүнө сактап турам.

24 Жарык кайсы жол менен жайылат? Чыгыш шамалы жер үстүнөн кайсы жол менен өтөт?

25 Суулардын нугун ким буруп турат, чартылдаган чагылгандын жолун ким салып турат?

26 Эл жашабаган жерлерге, адам жашабаган эрме чөлдөргө ким жамгыр жаадырып жатат?

27 Чөлдөр менен талаалардын суусунун ким кандырып жатат? Ким чөптөрдүн тамырын жибитип, өскөнгө түрткү берип жатат?

28 Жамгырдын атасы барбы? Же шүүдүрүмдүн тамчыларын ким жаратып жатат?

29 Муз кимдин курсагынан чыгат, асман бубагын ким жаратып жатат?

30 Суулар таштай болуп катат, түпсүздүктүн үстү тоңот.

31 Сен Ким топ жылдызынын түйүнүн байлай аласыңбы, Кесил топ жылдызынын түйүнүн чече аласыңбы?

32 Топ жылдызды өз маалында чыгара аласыңбы? Ашты балдары менен алып жүрө аласыңбы?

33 Асмандын мыйзамдарын билесиңби, жер жүзүнө анын бийлигин орното аласыңбы?

34 Суу мол болуп, сени капташ үчүн, булуттарга үнүңдү көтөрө аласыңбы?

35 Чагылгандарды жибере аласыңбы? Алар сага келип: “Биз мына”, – деп айтышмак беле?

36 Жүрөккө акылмандыкты ким салды, же болбосо акылга маанини ким берди?

37 Ким өз акылы менен булуттарды санап чыга алат? Ким асман идиштериндеги сууларды токтото алат?

38 Топурак чылага айланып, чоң кесектер бири-бирине жабышып жатканда, аларды ким токтото алат?

39 Ургаачы арстандын тамагын сен таап берип жатасыңбы? Арстандын балдарын сен тойгузуп жатасыңбы?

40 Алар чээнде жатканда же көлөкөлүү буктурмада жем аңдып отурганда, тамагын сен камдап берип жатасыңбы?

41 Балапандары тамак таппай каңгып, Кудайга кайрылып чыйпылдап жатканда, каргалардын жемин ким даярдап берип жатат?

39-БӨЛҮМ

1 Сен аскалардагы жапайы эчкилердин тууй турган маалын билесиңби? Маралдардын тууп жатканын көрдүң беле?

2 Алардын боозуган ай-күнүн эсептей аласыңбы? Алардын тууй турган маалын билесиңби?

3 Алар балдарын тууп, өз жүктөрүн ыргытып жатышканда ийилишет.

4 Алардын балдары күчкө кирип, талаада чоңоюп, бөлүнүп кетишет, аларга кайрылып келишпейт.

5 Жапайы эшекти эркин коё берген ким? Жапайы качырды кишенден чыгарган ким?

6 Аларга талааны үй кылып, шор жерди турак кылып берген Менмин.

7 Ал көп эл жашаган шаарга күлөт, айдагандардын кыйкырыгын укпайт.

8 Тоолордон жем издейт, ар кандай өсүмдүктөрдү издеп табат.

9 Жапайы өгүз сага кызмат кылгысы келеби? Ал сенин малканаңа түнөйбү?

10 Жапайы өгүздү аркан менен байлап алып, жер айдай аласыңбы? Аны менен талааны малалай аласыңбы?

11 Күчтүү деп, ага ишене аласыңбы? Ага өзүңдүн ишиңди таштап коё аласыңбы?

12 Ал сенин үрөнүңдү кайрып, кырманыңа жыйып берерине ишене аласыңбы?

13 Тоос кушка кооз канатты, төө кушка канат менен мамык жүндү сен бердиң беле?

14 Ал жумурткасын жерге таштайт, аларды кумга жылытат.

15 Аларды бирөөнүн буту басып кетерин же жырткыч айбандар тебелеп кетерин унутуп калат.

16 Ал өгөй балдарына мамиле кылгансып, өз балдарына катаал мамиле кылат, мээнетим текке кетет деп коркпойт.

17 Анткени Кудай ага даанышмандык берген эмес, ага акыл да бөлүп берген эмес.

18 Бирок ал бийиктикке көтөрүлгөндө, атка да, атчанга да күлөт.

19 Атка кубат берип, мойнуна жал жапкан сенби?

20 Аны чегирткени коркуткандай коркута аласыңбы? Таноосунан чыккан кошкурук – бир укмуш!

21 Буттары менен жер казып, күчүнө сыймыктанат, куралга каршы барат.

22 Ал коркунучка күлөт, андан коркпойт, кылычтан жалтанбайт.

23 Yстүндө саадак кагылат, найза менен кыска найза жаркылдайт.

24 Жаалы келип турганда, топурак жутат, сурнай тартылганда, ордунда тура албайт.

25 Сурнай тартылганда, “куу-куу” деп кишенеп турат. Ал салгылашты, жол башчылардын катуу үндөрүн, кыйкырыкты алыстан сезет.

26 Туйгун сенин акылмандыгың менен учуп жүрөбү? Канаттарын сенин акылмандыгың менен түштүккө жайып жатабы?

27 Бүркүт сенин сөзүң менен асманга көтөрүлүп, аскага уясын салабы?

28 Ал зоокада жашайт, зооканын кырында, эч ким бара албас жерде түнөйт.

29 Ошол жактан өзүнүн жемин көрөт, анын көздөрү алыстан көрөт.

30 Анын балапандары кан ичет, өлүк кайсы жерде жатса, ал ошол жерде».

31 Теңир сөзүн улантып, Аюбга мындай деди:

32 «Кудуреттүү Кудай менен талашып-тартышкан адам да үйрөтөбү? Кудайды ашкере кылган адам Ага жооп берсин».

33 Ошондо Аюб Кудайга мындай деп жооп берди:

34 «Мына, мен эч нерсеге арзыбаган адаммын! Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам.

35 Мен бир жолу айткан болчумун, эми жооп бербейм, эки жолу айткан болсом да, мындан ары жооп бербейм».

40-БӨЛҮМ

1 Теңир Аюбга бороон ичинен мындай деп жооп берди:

2 «Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер.

3 Өзүңдү акташ үчүн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагың келеби?

4 Сенин күчүң Кудайдыкындайбы? Ал күркүрөгөндөй күркүрөй аласыңбы?

5 Андай болсо өзүңдү улуулук менен, даңаза менен шөкөттөп көрчү, жаркыраган шаан-шөкөт менен, келишкен кооздук менен курчанып көрчү.

6 Каарыңдын жаалын чачып көрчү, текебер болгон бардык нерсени карап, аны моюн сундуруп көрчү.

7 Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип көрчү, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып көрчү.

8 Алардын баарын жерге көмүп көрчү, алардын жүзүн караңгылык менен каптап көрчү.

9 Мен ошондо сени өзүңдүн оң колуң куткара алат деп билем.

10 Мына бегемот, Мен аны сени жараткандай эле жараткам. Ал өгүздөй болуп чөп жейт.

11 Анын күчү белинде, анын кубаттуулугу белинин булчуңунда.

12 Куйругун кедр жыгачындай бурат, белиндеги тарамыштары тутумдашып турат.

13 Анын буттары жез кернейдей, сөөктөрү темир таяктардай.

14 Бул – Кудайдын жолдорунун жеткен чеги. Аны Жараткан гана ага Өз кылычын жакындата алат.

15 Анын тамагын тоолор камдайт, ал жерде бардык жапайы айбандар оюн салып жүрүшөт.

16 Ал саябандуу дарактардын түбүндө, калың камыштардын арасында, саздарда жатат.

17 Аны саябандуу дарактар көлөкөсү менен жаап, өзөн боюндагы талдар курчап турат.

18 Мына, ал дарыядан суу ичип жатат, шашпайт, Иордан суусу оозуна кирип жатса да, козголуп койбойт.

19 Аны өзүнүн көзүнчө ким кармай алат? Ким анын тумшугун темир илгек менен теше алат?

20 Сен лебийатанды кайырмак менен тартып чыгара аласыңбы? Жип менен тилинен байлай аласыңбы?

21 Анын таноосун тешип чүлүктөй аласыңбы? Жаагын ийне менен теше аласыңбы?

22 Ал сага көпкө жалынып турмак беле? Сага жылуу сөздөрдү сүйлөмөк беле?

23 Ал сени менен келишим түзмөк беле? Аны өзүңө биротоло кул кыла аласыңбы?

24 Аны менен чымчык менен эрмектешкендей эрмектеше аласыңбы, аны кыздарың үчүн байлап бере аласыңбы?

25 Аны балыкчылар сатышат болду бекен? Аны Канаан соодагерлеринин арасында бөлүшөт болду бекен?

26 Анын терисин найза менен теше аласыңбы, башын балыкка ыргыткан дегээ менен сая аласыңбы?

27 Ага кол салып көрчү! Күрөш жөнүндө унутпа, мындан кийин мындай кылбайсың.

41-БӨЛҮМ

1 Сенин үмүтүң бекер, анын бир эле көз карашынан кулап калбайт бекенсиң?

2 Анын тынчын алганга батынгыдай баатыр жок, анан Менин алдымда ким туруштук берип тура алат?

3 Мен карыз болгудай, Менден мурун бирөө бар беле? Асман астындагынын бүт бардыгы Меники.

4 Анын дене мүчөлөрү тууралуу, анын күчү тууралуу, анын төп келишкен келбети тууралуу унчукпай коё албайм.

5 Ким анын терисин сыйрый алат, ким анын кош жаагына жакындап бара алат?

6 Ким анын оозун ача алат? Анын тегерете тизилген тиштери үрөйдү учурат.

7 Анын сыймыгы – катуу кабырчыгы. Алар бири-бирине бекем жабыштырылган.

8 Алар бири-бирине тийип турат, арасынан аба да өтпөйт.

9 Бири-бирине тыгыз жатат, бири-бирине жармашып турат, ажырабайт.

10 Анын чүчкүрүгүнөн жарык көрүнөт, анын көздөрү таңдын кирпиктериндей.

11 Анын оозунан жалын чыгып, от учкундары чачырайт.

12 Кайнап жаткан казандан түтүн чыккансып, анын таноолорунан түтүн чыгат.

13 Анын деми көмүрдү күйгүзүп кетет, анын оозунан жалын чыгат.

14 Анын мойнунда күч жатат, анын алдында коркунуч качат.

15 Анын денесинин эт бөлүктөрү өз ара бекем бириккен, козголбойт.

16 Анын жүрөгү таштай катуу, тегирмендин астынкы ташындай катуу.

17 Ал ордунан турганда, балбандарды коркунуч басып, үрөйлөрү учкандыктан, өздөрүн таптакыр жоготуп коюшат.

18 Ага тийген кылыч да, найза да, дегээ да, соот да туруштук бере албайт.

19 Темирди ал саман катары, жезди чириген дарак катары эсептейт.

20 Жаа кызы аны качыра албайт. Салмоор таштары ал үчүн топондой.

21 Чокморду ал бир тал самандай көрөт, дегээнин ышкырып учканына анын күлкүсү келет.

22 Анын астында курч таштар жатат, ал баткактагы учтуу таштардын үстүндө жатат.

23 Ал иримди казандай боркулдатып, деңизди майдай кайнатат.

24 Артына жарык чачкан жол калтырат, ошондо түпсүздүк агарып калгандай көрүнөт.

25 Жер үстүндө ага эч нерсе тең келе албайт, ал коркпос болуп жаратылган.

26 Бийик тургандардын баарына тайманбай карайт, ал – бардык текебер уулдардын падышасы».

42-БӨЛҮМ

1 Ошондо Аюб Теңирге мындай деп жооп берди:

2 «Сенин баарын жасай аларыңды, Сенин ниетиңди эч ким токтото албастыгын билем.

3 Сен: “Эч нерсени түшүнбөй туруп, Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким?” – деп айттың. Ошондуктан мен өзүм түшүнбөгөн нерселер жөнүндө, өзүм билбеген кереметтүү иштер жөнүндө айткам.

4 “Ук, мен сүйлөйүн. Мен сенден сурайын, Сен болсо мага түшүндүрүп бер”, – дегем.

5 Мен Сен жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам.

6 Ошондуктан мен мурунку айткан сөздөрүмдөн баш тартам, топурак менен күлгө отуруп алып өкүнөм».

Жыйынтык

7 Теңир Аюбга ушул сөздөрдү айткандан кийин, теймандык Элипазга Теңир мындай деди: «Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура сүйлөбөгөнүңөр үчүн, сага жана сенин эки досуңа Менин каарым кайнап турат.

8 Ошондуктан жети букачар, жети кочкор алып, Менин кулум Аюбга барып, өзүңөр үчүн курмандык чалгыла. Ошондо Менин кулум Аюб силер үчүн сыйынат. Силер Мен жөнүндө Менин кулум Аюбдай туура айткан жоксуңар. Ошондуктан силерди жазалабашым үчүн, Мен Аюбду гана кабыл алам».

9 Ошондо теймандык Элипаз, шухтук Билдат, наамалык Сопар барып, Кудай кандай буйруса, ошондой кылышты. Ошондо Теңир Аюбду кабыл алды.

10 Аюб өз достору үчүн Кудайга сыйынгандан кийин, Теңир Аюбдун жоготууларын кайра берди. Теңир Аюбга мурункусунан эки эсе көп берди.

11 Ошондо ага ага-инилери, эже-карындаштары, мурунку тааныштары келишти, анын үйүндө аны менен бирге ичип-жеп, кайгы-капасын бөлүшүп, сооротушту, анткени Теңир анын башына көп азап салган эле. Ар бири ага бирден кесита, бирден алтын шакек берди.

12 Теңир Аюбдун мурунку күндөрүнө караганда, акыркы күндөрүнө аябай батасын берди. Ал он төрт миң майда малдуу, алты миң төөлүү, бир миң жуп өгүздүү, бир миң ургаачы эшектүү болду.

13 Ал жети уулдуу, үч кыздуу болду.

14 Биринчи кызына Эмима, экинчисине Кетсия, үчүнчүсүнө Керенапух деген ат койду.

15 Бүт жер жүзүндө Аюбдун кыздарындай сулуу аялдар болгон жок, атасы аларга бир туугандары менен кошо мурас бөлүп берди.

16 Ошондон кийин Аюб дагы жүз кырк жыл жашады, уулдарын жана уулдарынын уулдарын төртүнчү тукумуна чейин көрдү.

17 Ошентип, Аюб картайып, өмүргө тоюп көз жумду.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz