Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

СУЛАЙМАНДЫН НАКЫЛ СӨЗДӨРY

1-БӨЛҮМ

Накыл сөздөрдүн жазылышынын себеби

1 Ысрайыл падышасы Дөөттүн уулу Сулаймандын накыл сөздөрү.

2 Бул сөздөр акылмандыкка жетиш үчүн, акыл-насаатты угуш үчүн, накыл кептерди түшүнүш үчүн,

3 эстүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, соттун, чындыктын эрежелерин өздөштүрүш үчүн,

4 жөнөкөйлөргө зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк бериш үчүн жазылган.

5 Бул сөздөргө акылман адам кулак төшөп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат.

6 Ошондо ал накыл сөздөрдү, нуска кептерди, даанышмандардын сөздөрүн жана табышмактарын түшүнөт.

Жаштарга берилген кеңеш

7 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек көрүшөт.

8 Уулум, атаңдын акыл-насаатын ук, энеңдин кеңешин четке какпа.

9 Анткени бул – башыңа кооз таажы, мойнуңа мончок.

10 Уулум! Эгерде сени күнөөкөрлөр азгырса, макул болбо.

11 Эгерде алар мындай дей турган болсо: «Жүр биз менен, киши өлтүрүш үчүн буктурма коёбуз, айыпсыз, таза адамды аңдыйбыз,

12 аларды өлгөндөр жаткан жай жуткансып, тирүүлөй жутуп алабыз, көргө түшкөндөргө окшотуп, бүкүлү жутуп алабыз.

13 Ар кыл асыл буюмдарды жыйып алабыз, үйлөрүбүздү олжого толтурабыз.

14 Биз менен бирге өкчөмө таш ыргытасың, баарыбыздын казынабыз бир болот!»

15 Уулум! Аларга кошулба, алардын жолуна түшпө.

16 Анткени алардын буттары кыянаттык кылууга чуркайт, кан төгүүгө шашат.

17 Канаттуулардын көзүнчө тор жаюу бекер,

18 алардын канын төгүш үчүн буктурма коюшат, алардын жанын алыш үчүн аңдып турушат.

19 Бирөөнүн байлыгына көз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот: тартып алган байлыгы аны өмүрүнөн ажыратат.

Акылмандыктын чакырыгы

20 Акылмандык көчөлөрдө жар салып жүрөт, аянттарда угуза сүйлөп жатат,

21 көп эл чогулган жерлерде жар салып, шаар дарбазасынын кире беришинде мындай деп сүйлөп жатат:

22 «Түркөйлөр, качанга чейин түркөйлүктү жакшы көрө бересиңер? Шылдыңчылдар качанга чейин өздөрүнүн шылдыңдоолоруна маашырлана беришет? Акылсыздар качанга чейин билимди жек көрүшөт?

23 Мен ашкерелеп жатам, көңүл бургула: мына, мен силерге өз рухумду төгөм, өз сөзүмдү жарыя кылам.

24 Мен силерди чакырдым, бирок силер укпай койдуңар. Силерге колумду сундум, бирок силер көңүл бурбай койдуңар.

25 Менин кеңештеримдин бардыгын четке кактыңар, ашкере кылганымды кабыл албай койдуңар.

26 Ошон үчүн мен да силердин өлүмүңөргө күлөм, башыңарга мүшкүл түшкөндө сүйүнөм.

27 Силерди коркунуч бороондой каптаганда, кырсык бурганактай басканда, башыңарга кайгы жана кыйынчылык келгенде,

28 мени чакырасыңар, бирок мен силерди укпайм. Мени таң заардан издейсиңер, бирок таппайсыңар.

29 Анткени алар билимди жек көрүштү, Теңирден коркууну тандап алышкан жок.

30 Менин кеңештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек көрүштү.

31 Ошон үчүн алар өздөрүнүн жолунун жемиштеринен жешет, өздөрүнүн ойлорунун жемишине тоюшат.

32 Анткени наадандарды өжөрлүгү өлтүрөт, акылсызды камырабастыгы өлтүрөт.

33 Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат».

2-БӨЛҮМ

Акыл-насааттар

1 Уулум! Эгерде менин сөздөрүмдү кабыл алсаң, менин акыл-насааттарымды сактасаң,

2 кулагыңды акылмандыкка төшөсөң, жүрөгүңдү ой жүгүртүүгө бурсаң,

3 билимди чакырсаң, акылга кайрылсаң,

4 аны күмүш менен кенчти издегендей издесең,

5 Теңирден коркуу деген эмне экенин түшүнөсүң, Кудай жөнүндөгү билимге жетесиң.

6 Анткени акылмандыкты Теңир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат.

7 Ал адил адамдар үчүн куткарылуу сактайт. Ал – түз жүргөндөрдүн калканычы.

8 Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал Өз ыйыктарынын жолун коргойт.

9 Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты түшүнөсүң.

10 Акылмандык жүрөгүңө киргенде, билим жаныңа жакканда,

11 сени эстүүлүк сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт,

12 жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт,

13 караңгылыктын жолунда жүрүш үчүн түз жолду таштагандардан,

14 жамандык жасап кубангандардан, бузукулук кылып жыргагандардан,

15 жаман жолдо бара жаткандардан, адашып жүргөндөрдөн,

16 башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.

17 Ал аял жаш чагындагы жолдошун таштаган, Кудайдын келишимин унуткан.

18 Анын үйү өлүмгө жетелейт, анын жолу өлгөндөргө алып барат.

19 Анын үйүнө киргендердин бири да кайрылып келбейт, өмүрдүн жолуна түшпөйт.

20 Андыктан ак ниеттүүлөрдүн жолу менен жүр, адил адамдардын жолун жолдо.

21 Анткени жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт.

22 Мыйзамсыздар болсо жер үстүнөн жок кылынышат, ишенимсиздер жер үстүнөн тукум курут болушат.

3-БӨЛҮМ

Уулдарга берилген кеңеш

1 Уулум! Менин акыл-насаатымды эсиңден чыгарба, жүрөгүң осуяттарымды сактасын.

2 Анткени алар сага узун өмүр, узак өмүр жаш, тынчтык берет.

3 Сени ырайым менен чындык таштабасын. Буларды мойнуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал,

4 ошондо Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым жана жакшылык табасың.

5 Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба.

6 Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт.

7 Өзүңдү акылман эсептебе, Теңирден корк, жамандыктан кач.

8 Бул денеңе саламаттык, сөөгүңө азык болот.

9 Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт.

10 Ошондо кампаларың ашыгы менен данга толот, жүзүм сыгылуучу жайыңдан жаңы шарап ашып-ташып төгүлүп турат.

11 Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыңды ачканын оор көрбө.

12 Анткени Теңир сүйгөн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.

13 Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу!

14 Анткени акылга ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык.

15 Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага эч нерсе тең келбейт.

16 Анын оң колунда – узун өмүр, сол колунда – байлык менен атак-даңк.

17 Анын жолу – жагымдуу жол, анын бардык жолу – бейпилдик.

18 Ага ээ болгондор үчүн ал – өмүр дарагы, аны сактагандар – бактылуу адамдар!

19 Теңир жерди кеменгерлиги менен негиздеген, асманды акылмандыгы менен орноткон.

20 Анын акылмандыгы менен түпсүз туңгуюктар ачылган, булуттар шүүдүрүм себелейт.

21 Уулум! Булардан көзүңдү алба, туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сакта,

22 алар жаның үчүн өмүр, мойнуң үчүн мончок болот.

23 Ошондо өз жолуңду коркпостон улайсың, мүдүрүлбөйсүң.

24 Жатканыңда коркпойсуң, уйкуң таттуу болот.

25 Күтүлбөгөн коркунучтан, мыйзамсыздардын кол салганынан коркпойсуң.

26 Анткени Теңир сенин таянычың болот, бутуңду тузактан сактайт.

27 Жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгүң бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа.

28 Жаныңда бар болуп туруп, досуңа: «Эртең кел, эртең берем», – дебегин.

29 Сени менен капарсыз жашап жаткан жакыныңа жамандык кылууну ойлобо.

30 Сага жамандык кылбаган адам менен себепсиз чатакташпа.

31 Зордук-зомбулук кылган адамга көз артпа, анын жолдорунун бирине да түшпө.

32 Анткени бузулган адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар.

33 Теңирдин каргышы мыйзамсыздын үйүнүн үстүндө, ал эми адил адамдардын үйүнө Ал батасын берет.

34 Эгерде Ал шылдыңчыл текеберлерди уятка калтырып жатса, анда момундарга ырайым кылат.

35 Акылмандар атак-даңкты, акылсыздар маскарачылыкты мурасташат.

4-БӨЛҮМ

Акылмандыктын жана билимдин пайдасы

1 Балдар, атаңардын акыл-насаатын уккула, акыл-эстүү болуу үчүн кулак салгыла!

2 Анткени мен силерге жакшы сабак бердим. Менин осуяттарымды таштабагыла.

3 Анткени мен да бир кезде атамдын уулу элем, энемдин жалгыз, сүйүктүү уулу элем.

4 Ошондо атам мага акыл үйрөтүп: «Жүрөгүңө менин сөздөрүмдү тутуп ал, осуяттарымды сактап жаша», – деген.

5 Даанышмандыкка ээ бол, акылмандуулукка ээ бол. Муну эсиңден чыгарба, менин айткандарымдан четтебе.

6 Менин сөзүмдү таштаба, ошондо ал сени сактап жүрөт; аны сүй, ошондо ал сени коргоп жүрөт.

7 Эң негизгиси – акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мүлкүң менен акыл-эстүүлүккө ээ бол.

8 Аны бийик бааласаң, ал сени бийикке көтөрөт. Эгерде ага жабышсаң, ал сенин даңкыңды чыгарат.

9 Ал сенин башыңа эң сонун гүлчамбар кийгизет, эң сонун таажыга жеткирет.

10 Кулак сал, уулум, менин сөздөрүмдү кабыл ал, ошондо өмүрүң узарат.

11 Мен сага акылмандыктын жолун көрсөтүп жатам, түз жол менен алып бара жатам.

12 Бара жатканыңда жолуң тарыбайт, чуркап жөнөсөң мүдүрүлбөйсүң.

13 Акыл-насааттарды бекем карма, аны таштаба, сактап жүр, анткени ал сенин өмүрүң.

14 Мыйзамсыздардын жолуна түшпө, зулумдардын жолу менен жүрбө.

15 Ал жолду ташта, ал жол менен баспа, ал жолго жолобо, ал жолдон кыя өт.

16 Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт, бирөөнү кулатмайынча, алардан уйку качат.

17 Анткени алар мыйзамсыздык менен нан таап жешет, уурдалган шарап ичишет.

18 Адил адамдардын жолу – жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет.

19 Мыйзамсыздардын жолу – караңгылык, алар эмнеге мүдүрүлөрүн билишпейт.

20 Уулум! Менин сөздөрүмө кулак сал, айткандарыма кулагыңды төшө!

21 Алар сенин көз алдыңдан кетпесин, аларды жүрөгүңдүн түпкүрүндө сакта.

22 Анткени ал – аны тапкандар үчүн өмүр, бүт денеси үчүн – саламаттык.

23 Баарынан да, сактай тургандардан жүрөгүңдү сакта, анткени өмүрдүн булагы анда.

24 Калп айтуудан баш тарт, анткорлонуп сүйлөөдөн кач.

25 Көзүң түз карасын, көз карашың түз болсун.

26 Басар жолуңду ойлонуп бас, ошондо сенин бүт жолуң бекем болот.

27 Оңго да, солго да бурулба, бутуңду жаман жолдон алыс кыл.

5-БӨЛҮМ

Ойноштук кылбоо жөнүндө эскертүү

1-2 Уулум! Акыл-эстүү болушуң үчүн, оозуңда билим болушу үчүн, менин даанышмандык менен айткан сөздөрүмө кулак сал, акылмандык менен айткан сөздөрүмө кулак төшө.

3 Анткени башка бирөөнүн аялы тилинен бал тамызып сүйлөйт, сүйлөгөн сөздөрү зайтун майынан да жумшак.

4 Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздүү кылычтай курч.

5 Анын буту өлүмгө алып барат, таманы өлгөндөр жаткан жайга түшүрөт.

6 Эгерде сен анын баскан жолун билгиң келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсың.

7 Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сөздөрдөн четтебегиле.

8 Ал аялдан алыс жүр, анын үйүнүн эшигине жакын барба,

9 болбосо ден соолугуңду башкаларга алдырасың, өмүрүңдү кыйноочуга бересиң,

10 күчүңө башка бирөөлөр тоёт, эмгегиң башка бирөөнүн үйүнө кетет.

11 Дене-мүчөң күч-кубаттан ажыраганда, онтоп,

12 мындай деп айтасың: «Эмне үчүн мен акыл-насаатты жек көрдүм экен, эмне үчүн жүрөгүм ашкерелөөнү капарына албады экен?

13 Эмне үчүн устаттарымдын үнүн укпадым экен, эмне үчүн насаатчыларыма кулак төшөбөдүм экен?

14 Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым».

15 Өз көлмөңдөгү, өз кудугуңдагы суудан ич.

16 Булактарың көчөгө, агын сууларың аянттарга акпасын.

17 Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун.

18 Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган,

19 маралдай сүйкүмдүү, жейрендей сулуу аялың менен кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан.

20 Уулум, башка бирөөнүн аялына кызыгып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?

21 Адамдын жолдору Теңирдин көз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат.

22 Мыйзамсыз адамды өзүнүн мыйзамсыздыгы тузакка түшүрөт, ал өз күнөөсүнүн торунда камалып турат.

23 Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен өлөт, акылсыздыгынын көптүгүнөн жок болот.

6-БӨЛҮМ

Башка эскертүүлөр

1 Уулум! Эгерде жакыныңа кепил болуп, башка бирөө үчүн кол берсең,

2 анда сен оозуңдан чыккан сөзүң менен өзүңдү чырмап алдың, өз оозуңдан чыккан сөздөрүң менен кармалдың.

3 Уулум, мындай кыл: өзүңдү куткар, анткени сен жакыныңдын колуна түшүп калдың, бар, бутуна жыгыл, жакыныңа жалынып-жалбар.

4 Көзүңдү ирмебе, кирпик какпа.

5 Мергенчинин колунан кутулган жейрендей, кушчунун колунан кутулган куштай кутул.

6 Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин көр, анан акылыңа кел.

7 Алардын башчысы да, көзөмөлчүсү да, өкүмдары да жок.

8 Бирок алар өздөрүнүн нанын жайында камдап алышат, өздөрүнүн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат.

9 Жалкоо, качанга чейин уктай бересиң, качан ойгоносуң?

10 Бир аз уктай турсаң, колуңду бооруңа алып, үргүлөп, бир аз жата турсаң,

11 жакырлыгың жолоочудай, муктаждыгың каракчыдай кирип келет.

12 Анткор, мыйзамсыз адам жалган сүйлөйт.

13 Көзүн кысат, буту менен сүйлөп, манжалары менен белги берет.

14 Анын жүрөгүндө жүзү каралык, качан болбосун, ойлогону жамандык, арага чагым салат.

15 Ошон үчүн ал күтүлбөгөн жерден өлөт, капыстан талкаланат, айыкпас дартка чалдыгат.

16 Теңир жек көргөн алты нерсе, атүгүл, Анын жанына жийиркеничтүү болгон жети нерсе:

17 менменсинген көздөр, жалган тил, жазыксыз адамдын канын төккөн кол,

18 жамандык ойлогон жүрөк, кыянаттык кылганга тез чуркаган буттар,

19 жалган жалаа жапкан жалган күбө, бир туугандардын ортосуна от жаккандар.

Бузулган аялдан сак болуу жөнүндө

20 Уулум! Атаңдын осуяттарын сакта, энеңдин акыл-насаатын четке какпа.

21 Аларды жүрөгүңө түбөлүккө байлап ал, мойнуңа тегерете байлап ал.

22 Жолго чыкканыңда, алар сени жетектейт, уктап жатканыңда кайтарат, ойгонгонуңда сени менен маектешет.

23 Анткени осуят – чырак, акыл-насаат – жарык, насыятты үйрөнүү – өмүргө жол.

24 Алар сени бузулган аялдан, башка бирөөнүн аялынын жасакерленип сүйлөгөн сөзүнөн сактайт.

25 Жүрөгүңдө анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен өзүнө тартып кетпесин.

26 Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирөөнүн аялы кымбат жанды торго түшүрөт.

27 Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат?

28 Ким бутун күйгүзбөй, күйүп турган чоктун үстүнөн басып жүрө алат?

29 Жакынынын аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам күнөөгө батпай койбойт.

30 Курсагын тойгузуш үчүн, ачкалыктын айынан ууруга кирген кишини жек көрүшпөйбү?

31 Ал кармалганда, жети эселеп төлөп берет, үйүндөгү бардык мал-мүлкүн берет.

32 Ал эми бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын өлтүрөт.

33 Ал токмок да жейт, абийири да кетет, маскара болгону унутулбайт.

34 Анткени кызганчаактык – күйөөсүнүн каары, ал өч алган күнү аябайт.

35 Эч кандай кун кабыл албайт, канчалык белек берсең да канагаттанбайт.

7-БӨЛҮМ

1 Уулум! Менин сөздөрүмдү сакта, осуяттарымды катып ал.

2 Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды көзүңдүн карегиндей сакта.

3 Аларды колуңа байлап ал, жүрөгүңдүн лоокторуна жазып ал.

4 Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсың», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсың», – де.

5 Булар сени башка бирөөнүн аялынан, жылуу сүйлөгөн бөтөн аялдан сактайт.

Акылсыз жигит жана бузулган аял жөнүндө

6 Бир күнү мен үйүмдүн терезесинен, тордон карап турдум.

7 Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды көрүп калдым.

8 Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан өтүп, ошол аялдын үйүнө барчу жолдо бара жатты.

9 Ал убак күн батып, күүгүм кирип, караңгы боло баштаган убак эле.

10 Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкөй,

11 чуулгандуу, жүгөнсүз бир аял чыкты, ал үйүндө турбайт.

12 Ал бирде көчөдө, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.

13 Ал жаш уланды кармап алып өөп, уялбастан ага мындай деди:

14 «Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бүгүн аткардым.

15 Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.

16 Килемдерди, Мисирдин түркүн түстүү кездемелерин төшөп, төшөк салдым.

17 Уктоочу бөлмөмдү смирна, алой жана корица менен аңкытып койдум.

18 Yйгө кир, таң атканча эркелешип, сүйүүгө ыракаттанабыз.

19 Анткени күйөөм үйдө жок, ал узак сапарга кеткен.

20 Күмүшкө толгон капчыгын ала кеткен, үйгө ай толгон күнү келет».

21 Ал жаш уланды көптөгөн жылуу сөздөр менен азгырып, жылуу жумшак сүйлөп, бийлеп алды.

22 Ошол замат жаш улан союларын билбеген өгүздөй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жөнөдү.

23 Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын өлүмү үчүн жайылганын билбейт.

24 Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сөздөрүмө көңүл бургула.

25 Жүрөгүң ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна түшүп адашпагын.

26 Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, көптөгөн күчтүү адамдар ал аялдын колунан өлүшкөн.

27 Анын үйү – өлүмдүн ички бөлмөлөрүнө түшүрө турган, өлгөндөр жаткан жайга алып барчу жол.

8-БӨЛҮМ

Акылмандыкты даңктоо

1 Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Акыл үнүн бийик чыгарып жаткан жокпу?

2 Ал бийик жерлерге, жолдорго, жол тоомдоруна туруп алып чакырып жатат.

3 Ал шаардын дарбазасынын жанына, шаардын кире беришине туруп алып чакырып жатат:

4 «Адамдар, мен силерге чакырык салып жатам. Менин үнүм адам баласына!

5 Эси жоктор, эстүү болгула, акылы жоктор, акылдуу болгула!

6 Уккула, анткени мен маанилүү сөз айтам, менин оозумдан чыккан сөз чындык.

7 Анткени менин тилим чындыкты сүйлөйт, жаман сөздөрдү сүйлөгөндөн оозум жийиркенет.

8 Менин оозумдан чыккан сөздүн бардыгы адилет, анда жалган да, анткорлук да жок.

9 Булардын бардыгы акылдуулар үчүн айкын, билимге ээ болгондор үчүн адилет.

10 Күмүштү эмес, менин окутуумду кабыл алгыла, тандамал алтындан билим артык.

11 Анткени акылмандык берметтен артык, ага адам каалаган нерселердин эч бири тең келбейт.

12 Мен, акылмандык, акыл менен чогуу жашайм, туура билимди издейм.

13 Теңирден коркуу – жамандыкты жек көрүү. Текебердикти, менменсингендикти, кыянат жолду, жалган оозду мен жек көрөм.

14 Менде кеңеш менен чындык бар; мен акылмын, менде күч бар.

15 Падышалар менин жардамым менен бийлик кылышат, өкүмдарлар менин жардамым менен чындыктын негизинде мыйзам чыгарышат.

16 Башчылар да, төрөлөр да, жер жүзүндөгү башкаруучулар да менин жардамым менен башкарышат.

17 Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм, мени издегендер мени табышат.

18 Байлык да, даңк да, жок болбой турган казына да, чындык да менде.

19 Менин жемишим алтындан, эң таза алтындан артык, тандамал күмүшкө караганда менден пайда көп.

20 Мен чындыктын жолу менен, адилеттиктин жолу менен жүрөм.

21 Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем, алардын казыналарын толтурам.

22 Теңир мени Өзүнүн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан.

23 Мен кылымдар мурун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам.

24 Мен түпсүз туңгуюктар жарала электе эле, суусу мол булактар жарала электе эле төрөлгөм.

25 Мен тоолор орнотула электе эле, адырлар жаратыла электе эле төрөлгөм.

26 Теңир жерди да, талааларды да, ааламдын алгачкы чаңчаларын да жарата электе эле төрөлгөм.

27 Теңир асманды даярдай баштаганда, мен ошол жерде болчумун. Ал түпсүз туңгуюктардын үстүнөн тегерете сызык жүргүзүп жатканда,

28 асманга булуттарды орнотуп жатканда, түпсүз туңгуюк булактарын бекемдеп жатканда,

29 суулар чегинен ашып кетпесин деп, деңизге мыйзам берип жатканда, жердин негизин орнотуп жатканда,

30 мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым кубанып турчумун.

31 Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон.

32 Ошентип, балдарым, мени уккула. Менин жолумду сактагандар бактылуу!

33 Акыл-насааттарды угуп, акылдуу болгула, четке какпагыла.

34 Ар күнү менин дарбазамдын жанында сергек болуп, эшигимдин алдында сакчылыкта туруп, мени уккан адам бактылуу!

35 Анткени мени тапкан адам өмүрдү тапты, ал Теңирден ырайым табат.

36 Ал эми мага каршы күнөө кылган адам өз жанына зыян келтирет, мени жек көргөндөрдүн бардыгы өлүмдү жакшы көрүшөт».

9-БӨЛҮМ

Акылдуулук жана акылсыздык

1 Акылмандык өзүнө үй куруп, анын жети мамысын жонуп жылмалады,

2 курмандык мууздап, шарап ачытып, өзүнө дасторкон даярдады.

3 Өзүнүн кулдарын шаардын бийик жерлеринен жар салууга жөнөттү:

4 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын». Кем акылга ал мындай деди:

5 «Келгиле, менин нанымды жегиле, мен ачытып койгон шарапты ичкиле!

6 Акылсыздыкты таштагыла, жашагыла, акылдын жолу менен жүргүлө».

7 Шылдыңчыл адамды үйрөткөн жаманаттыга калат, мыйзамсыз адамды ашкерелеген өз бетине көө жабат.

8 Шылдыңчыл адамды ашкерелебе, болбосо ал сени жек көрүп калат, акылдуу адамды ашкереле, ал сени жакшы көрүп калат.

9 Акылдуу адамга акыл-насаат айтсаң, ал ого бетер акылдуу болот, адил адамды үйрөтсөң, ал билимин дагы арбытат.

10 Акылмандыктын башталышы – Теңирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билүү – акыл.

11 Анткени мен аркылуу өмүрүң узарат, өмүрүңө өмүр кошулат.

12 Акылдуу болсоң, өзүң үчүн акылдуусуң; шылдыңчыл болсоң, азабын өзүң тартасың.

13 Ойлонуп иш кылбаган, чуулгандуу, акылсыз, эч нерсе билбеген аял

14 өзүнүн үйүнүн эшигинин алдындагы отургучка, шаардын бийик жерлерине отуруп алып,

15 жолдон өтүп бара жаткандарды, өз жолу менен түз бара жаткандарды чакырып:

16 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын», – дейт, анан кем акыл адамга мындай деп айтат:

17 «Уурдап ичкен суу таттуу болот, катып жеген нан даамдуу болот».

18 Ал адам бул аялдын үйү өлгөндөр жаткан жай экенин, анын өтүнүп чакырып алган адамдары өлгөндөр жаткан жайдын түбүндө экенин билбейт.

10-БӨЛҮМ

Мыйзамсыздык – акылсыздык. Адилдик – акылмандык

1 Сулаймандын накыл сөздөрү. Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул – энесинин кайгысы.

2 Жалган жолдор менен табылган байлык пайда алып келбейт, адилдик болсо өлүмдөн куткарат.

3 Теңир адил адамга ачкачылыктын азабын тартууга жол бербейт, мыйзамсыздын жыйып алганын алып ыргытат.

4 Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат.

5 Жайында түшүм жыйган уул – акылдуу уул, оруу-жыюу маалында уктап жаткан уул – уятка калтырчу уул.

6 Адил адам батага ээ болот, мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат.

7 Адил адам алкоо менен эскерилет, мыйзамсыздардын аты өчөт.

8 Жүрөгү акылдуу адам осуяттарды кабыл алат, акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

9 Түз жүргөн адам коопсуз жашайт, ал эми түз жолдон чыккан адам жазаланат.

10 Көзүн ымдаган адам бирөөнү ыза кылат, ал эми акылсыз адам оозунан жаңылып жыгылат.

11 Адил адамдын оозу – өмүр булагы, ал эми мыйзамсыздардын оозу зулумдукту жаап-жашырат.

12 Жек көрүү жаңжал чыгарат, ал эми сүйүү бардык күнөөнү жабат.

13 Акылдуунун оозунда акыл бар, ал эми акылсыздын денесинен таяк кетпейт.

14 Акылдуулар билимди сакташат, акылсыздардын оозу – тез келүүчү өлүм.

15 Байдын мүлкү – өзүнө чептүү шаар, жакырлардын кайгысы – өздөрүнүн начар турмушу.

16 Адил адамдын эмгеги өмүргө ээ кылат, мыйзамсыздын ийгилиги күнөөгө алып барат.

17 Акыл-насаатты сактаган адам өмүр жолунда, акыл-насааттан баш тарткан адам адашып жүрөт.

18 Жек көрүүсүн жашырган адамдын оозу жалган. Ушак тараткан адам – акылсыз адам.

19 Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам.

20 Адил адамдын тили – тандамал күмүш, мыйзамсыздын жүрөгү эч нерсеге арзыбайт.

21 Адил адамдын сөзү көптү багат, акылсыздар акыл жетишпегенден өлүшөт.

22 Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт.

23 Акылсыз адамга кылмыш кылуу – оюн-тамаша, ал эми акылдуу адамга акыл таандык.

24 Мыйзамсыз эмнеден корксо, анын башына ошол түшөт, ал эми адил адамдын тилеги аткарылат.

25 Мыйзамсыз адам куюн учургандай жок болот, ал эми адил адам түбөлүк негизде турат.

26 Тишке уксус кандай болсо, көзгө түтүн кандай болсо, жалкоону жумшаган адамга жалкоо да ошондой.

27 Кудайдан коркуу өмүрдү узартат, ал эми мыйзамсыздардын өмүрү кыскарат.

28 Адил адамдарды кубаныч күтүп турат, мыйзамсыздардын үмүтү таш кабат.

29 Теңирдин жолу – кемчиликсиз адамдар үчүн чеп, мыйзамсыздар үчүн коркунуч.

30 Адил адам түбөлүккө олку-солку болбойт, мыйзамсыздар болсо жер үстүндө калышпайт.

31 Адил адамдын оозунан акылдуу сөз чыгат, ал эми алдамчы тил кесилет.

32 Адил адам орундуу сүйлөгөндү билет, ал эми мыйзамсыздын оозунан ыпылас сөз чыгат.

11-БӨЛҮМ

1 Туура эмес тараза Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура тараза Ага жагат.

2 Текебердик келгенде, маскаралык да келет, ал эми момундарда акылмандык.

3 Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жүзү караларды амалкөйлүгү өлтүрөт.

4 Каар төгүлө турган күнү байлык жардам бербейт, ал эми адилдик өлүмдөн куткарат.

5 Кемчиликсиз адамдын жолун өзүнүн адилдиги түздөйт, ал эми мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт.

6 Куулугу жок адамдарды өздөрүнүн адилдиги куткарат, ал эми мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыгы менен торго түшүшөт.

7 Күнөөкөр адамдын үмүтү өзү менен кошо жоголот, мыйзамсыздардын үмүтү жок болот.

8 Адил адам кырсыктан кутулат, анын ордуна мыйзамсыз тутулат.

9 Эки жүздүү өз жакынын тили менен өлтүрөт, ал эми адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат.

10 Адил адамдар жакшы жашап жатканда, шаар кубанат; мыйзамсыз адамдар өлгөндө, майрам болот.

11 Адил адамдардын батасы менен шаар гүлдөйт, ал эми мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат.

12 Кем акыл жакынына жек көрөрүн айтат, ал эми акылдуу адам унчукпайт.

13 Сөз ташыган адам жашыруун сырды ачат, ал эми ишенимдүү киши ичинде сактайт.

14 Туура кеңештин жоктугунан элдин абалы начарлайт, кеңешчилер көп болсо, эл куткарылат.

15 Бирөөнүн милдетин мойнуна алган адам өзүнө өзү жамандык кылат, ал эми кепилдикти жек көргөн адам коопсуз болот.

16 Адептүү аял даңкка ээ болот, ал эми эмгекти сүйгөндөр байлыкка ээ болушат.

17 Кайрымдуу адам өз жанына жакшылык кылат, ал эми таш боор адам өз денесин кыйратат.

18 Мыйзамсыз адам жалган жол менен пайда табат, ал эми чындыкты сепкен адам чыныгы белек алат.

19 Адилдик өмүргө ээ кылат, ал эми жамандыкка умтулган адам өлүмгө умтулат.

20 Жүрөгү бузук адамдар Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз жашагандар Ага жагат.

21 Бузуку адам жазаланбай калбайт деп, кепилге өтүүгө болот, ал эми адил адамдардын тукуму куткарылат.

22 Сулуу, бирок акылсыз аял мурдуна алтын шакек тагылган чочкодой.

23 Адил адамдардын каалаганы – жалаң жакшылык, мыйзамсыздарды каар күтүп турат.

24 Бирөө мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирөө ашкере үнөмчүл, ошого карабастан жакырдана берет.

25 Кайрымдуу жан ток болот. Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат.

26 Данды кампасына катып алган адам элдин каргышына калат, ал эми саткан адамдын үстүндө бата болот.

27 Жакшылыкка умтулган адам жакшылык табат, жамандык издеген адамга жамандык келет.

28 Байлыгына таянган адам кулайт, ал эми адил адамдар жалбырактай көгөрүшөт.

29 Yйүн бузган адам энчисине шамал алат, акылсыз адам жүрөгү акылдуу адамга кул болот.

30 Адил адамдын жемиши – өмүр дарагы, акылдуу адам адамдарды өзүнө тартат.

31 Ошентип, адил адамга жер үстүндө өз тиешеси берилсе, андан бетер мыйзамсызга да, күнөөкөргө да өз тиешеси берилет.

12-БӨЛҮМ

1 Акыл-насаатты сүйгөн адам билимди сүйөт, ал эми ашкерелөөнү жек көргөн адам акылсыз.

2 Жакшы адам Теңирден ырайым табат, ал эми жаман ойлуу адамды Теңир жазалайт.

3 Адам өзүн мыйзамсыздык менен бекемдей албайт, ал эми адил адамдын тамыры ордунан козголбойт.

4 Жакшы аял – күйөөсүнүн таажысы, ал эми абийирсиз аял – сөөктөгү ириң.

5 Адил адамдардын ойлогону – акыйкаттык, ал эми мыйзамсыздардын ойлогону – жамандык.

6 Мыйзамсыздардын тили – кан төгүү үчүн коюлган буктурма, ал эми адил адамдарды өздөрүнүн оозу куткарат.

7 Мыйзамсыздар кырсык басары менен жок болушат, ал эми адил адамдардын үйү тура берет.

8 Адамды акылына жараша макташат, ал эми жүрөгү бузук адам жек көрүндү болот.

9 Нанга муктаж болуп туруп, өзүн көрүнүктүү адам кылып көрсөткөнгө караганда, өзү үчүн эмгектенген жөнөкөй адам артык.

10 Адил адам малы үчүн да кам көрөт, мыйзамсыз адамдар болсо таш боор.

11 Өз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сүйгөндөрдү туураган адам кем акыл.

12 Мыйзамсыз адам адил адамды жамандыктын торуна түшүргүсү келет, бирок адил адамдын тамыры бекем.

13 Мыйзамсыз адам өз оозунун күнөөлөрү менен торго түшөт, ал эми адил адам жамандыктан кутулат.

14 Адил адам өз оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт, адам өзүнүн кылган ишине жараша тиешесин алат.

15 Акылсыз адамга өзүнүн жолу түз көрүнөт, ал эми кеңеш уккан адам акылдуу.

16 Акылсыз адамдын ачуусу дароо эле сыртка чыгат, ал эми акылдуу адам ызасын сыртка чыгарбайт.

17 Билгенин айткан адам чындыкты айтат, ал эми жалган күбөнүн айтканы жалган.

18 Маңызсыз сүйлөгөн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат.

19 Адил адамдын тили түбөлүк жашайт, ал эми алдамчынын тили көз ирмемге эле жашайт.

20 Кара ниеттин жүрөгүндө – жаман ой, тынчтык орнотуучулардын жүрөгүндө – кубаныч.

21 Адил адам эч жамандык көрбөйт, мыйзамсыздар болсо көп жамандык көрүшөт.

22 Жалган сүйлөгөн тил Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми чындыкты сүйлөгөндөр Ага жагат.

23 Акыл-эстүү адам билимин жашырат, ал эми акылсыздын акылсыздыгын өзүнүн жүрөгү көрсөтүп турат.

24 Аракетчилдердин колу башкарат, ал эми жалкоонун колу салык төлөйт.

25 Жүрөгүндөгү санаа адамдын көңүлүн чөктүрөт, ал эми жылуу сөз аны кубантат.

26 Адил адам жакынына жол көрсөтөт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат.

27 Жалкоо адам өзүнүн илбээсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мүлкү баалуу.

28 Чындыктын жолунда өмүр бар, анын жолунда өлүм жок.

13-БӨЛҮМ

1 Акылдуу уул атасынын акыл-насаатын угат, ал эми ээ-жаа бербеген уул айыбын ачкандарды укпайт.

2 Адам өз оозунун жемишинен жакшылык көрөт, ал эми мыйзамды бузгандардын жаны жамандык көрөт.

3 Тилин тыйган адам жанын сактайт, ал эми оозун чоң ачкан адам кыйынчылыкка дуушар болот.

4 Жалкоо эңсейт, бирок эңсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат.

5 Адил адам жалган сөздү жек көрөт, ал эми мыйзамсыз адам өз абийирин өзү төгүп, өзүн өзү маскара кылат.

6 Кемчиликсиз адамды чындык сактайт, ал эми күнөөкөрдү мыйзамсыздыгы өлтүрөт.

7 Бирөө эч нерсеси жок болсо да, өзүн бай көрсөтөт. Экинчи бирөө байлыгы ашып-ташып турса да, өзүн бечара көрсөтөт.

8 Адам байлыгы менен өз өмүрүн сатып алат, ал эми жардыны эч ким коркутпайт.

9 Адил адамдардын жарыгы жаркырап турат, мыйзамсыздардын чырагы болсо өчөт.

10 Менменсинүүдөн чыр чыгат, ал эми кеңешкендерде акыл бар.

11 Оңой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат.

12 Көпкө чейин ишке ашпаган үмүт жүрөктү кыйнайт, ал эми ишке ашкан үмүт – өмүр дарагы.

13 Кудайдын сөзүн этибар албаган адам өзүнө зыян келтирет, ал эми осуяттан корккон адам тиешесин алат.

14 Акылдуунун окутуусу – өлүмдүн торунан сактап кала турган өмүр булагы.

15 Жакшы акыл жакшы нерсеге жеткирет, ал эми мыйзамсыздардын жолу катаал.

16 Ар бир эстүү адам акыл менен иш кылат, ал эми акылсыз адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.

17 Жаман элчи кырсыкка кабылат, ал эми ишенимдүү элчи куткарат.

18 Үйрөнүүдөн баш тарткан адамды жакырлык менен маскарачылык күтүп турат, ал эми акыл-насаатты сактаган адам урматка ээ болот.

19 Ишке ашкан тилек жанга жагымдуу, ал эми жамандыктан четтөө – акылсыздар үчүн чыдагыс нерсе.

20 Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.

21 Күнөөкөрлөрдү жамандык ээрчип жүрөт, ал эми адил адамдар жакшылык көрүшөт.

22 Жакшы адам неберелерине да мурас калтырат, ал эми күнөөкөрдүн байлыгы адил адам үчүн сакталат.

23 Жардылардын талаасында да мол түшүм болот, бирок кээ бир адамдар баш аламандыктан өлүп жатышат.

24 Чыбык аяган адам уулун жек көрөт, ал эми уулун сүйгөн адам аны бала чагынан жазалайт.

25 Адил адам тамакты тойгончо жейт, ал эми мыйзамсыз адамдардын карды ач болот.

14-БӨЛҮМ

1 Акылдуу аял үйүн курат, ал эми акылы жок аял аны өз колу менен бузат.

2 Түз жол менен бара жаткандар Теңирден коркушат, ал эми кимдин жолу түз эмес болсо, ал Теңирди тоотпойт.

3 Акылсыздын тили – текебердиктин камчысы, ал эми акылдууларды тили сактайт.

4 Бука жок жерде акыр бош, ал эми мол киреше букалардын күчүнөн.

5 Ишенимдүү күбө калп айтпайт, ал эми жалган күбө көп жалаа жабат.

6 Шылдыңчыл адам акылмандыкты издейт, бирок таба албайт, ал эми акылдуу адамга билим алуу оңой.

7 Акылсыз адамдан кач, анын оозунан акылдуу сөз чыкпайт.

8 Акылдуу адамдын акылдуулугу – өз жолун билгендиги, акылсыз адамдардын акылсыздыгы болсо – адашуу.

9 Акылсыз адамдар күнөөгө күлүшөт, ал эми адил адамдардын арасында ынтымак.

10 Жүрөк өз жанынын кайгысын билет, анын кубанычын бөлөк бирөө бөлүшө албайт.

11 Мыйзамсыздардын үйү бүлгүнгө учурайт, ал эми адил адамдардын үйү гүлдөйт.

12 Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын акыры – өлүмгө алып баруучу жол.

13 Күлүп жаткан адамдын да жүрөгү ооруйт, кээде кубанычтын аягы кайгы менен бүтөт.

14 Жүрөгү бузук адам өз жолунун жемишине тоёт, жүрөгү таза адам да өз жолунун жемишине тоёт.

15 Акылсыз адам ар бир сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт.

16 Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан качат, ал эми акылсыз адам ачуулуу, өзүнө өзү ишенген адам болот.

17 Ачуусу чукул адам акылсыздык кылышы мүмкүн, ал эми атайылап кыянаттык кылган адам жек көрүндү болот.

18 Түркөй адамдар энчисине акылсыздыкты алышат, ал эми акылдуу адамдар билим менен сыйланышат.

19 Кара ниет адамдар ак ниет адамдарга, мыйзамсыз адамдар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат.

20 Жакыр өз жакындарына да жек көрүндү болот, ал эми бай кишинин достору көп.

21 Өз жакынын жек көрүп жаткан адам күнөө кылып жатат, ал эми жакырга кайрымдуу болгон адам бактылуу.

22 Жамандык кылууну ойлоп жаткандар адашып жатышкан жокпу? Ал эми жакшылык кылууну ойлогон адамдарда ырайым, ишеним бар.

23 Ар бир эмгектен киреше кирет, ал эми маңызсыз сөз зыянга гана учуратат.

24 Акылдуу адамдардын таажысы – өздөрүнүн байлыгы, ал эми түркөй адамдардын таажысы – өздөрүнүн акылсыздыгы.

25 Ишенимдүү күбө адамдарды куткарат, ал эми жалган күбө жалаа жабат.

26 Теңирден коркуу – бекем таяныч, Ал – Өз уулдарына баш паана.

27 Теңирден коркуу – өмүр булагы, ал өлүм торунан сактайт.

28 Эли көп падыша – улуу падыша, эли аз падыша – шордуу падыша.

29 Сабырдуу адамдын акылы мол, ал эми ачуусу чукул адам өзүнүн акылсыздыгын көрсөтөт.

30 Момун жүрөк – денеге өмүр, ал эми көрө албастык – сөөккө ириң.

31 Жакырды кордогон адам анын Жаратканына акарат келтирет, ал эми Аны урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат.

32 Мыйзамсыз адам кылган жамандыгы үчүн четке кагылат, ал эми адил адамдын өлүм алдында да үмүтү бар.

33 Акылмандык акылдуунун жүрөгүндө жашайт, акылсыздар арасында ал өзү жөнүндө билдирип турат.

34 Адилдик элдин даңкын чыгарат, ал эми мыйзамсыздык элдин абийирин төгөт.

35 Падыша акылдуу кулга ырайым кылат, ал эми аны уят кылган адамга каарын чачат.

15-БӨЛҮМ

1 Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сөз ачууну козгойт.

2 Акылдуу адамдардын тили билимди кабарлайт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздыкты сүйлөйт.

3 Теңирдин көзү бардык жерде, ал жакшыларды да, жамандарды да көрүп турат.

4 Момун тил – өмүр дарагы, ал эми ооздукталбаган тил рухту талкалайт.

5 Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу.

6 Адил адамдын үйүндө байлык көп, ал эми мыйзамсыздын кирешеси өзүнө бүлүнүү алып келет.

7 Акылдуу адамдардын оозу билим таратат, акылсыздардын жүрөгү андай эмес.

8 Мыйзамсыздардын курмандыгы Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат.

9 Мыйзамсыздын жолу Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми акыйкат жолу менен жүргөн адамды Ал жакшы көрөт.

10 Түз жолдон чыккандар катуу жазаланат, айыбын ачкан адамды жек көргөн адам өлөт.

11 Өлгөндөр жаткан жай менен Абадон Теңирдин алдында ачык, андан бетер адам баласынын жүрөгү Анын алдында ачык.

12 Шылдыңчыл адам айыбын ашкере кылган адамдарды сүйбөйт, акылдуу адамдарга да барбайт.

13 Жүрөктөгү кубаныч жүздү жайдары кылат, ал эми жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөт.

14 Акылдуунун жүрөгү билим издейт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздык менен тамактанат.

15 Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той.

16 Бай болуп тынчсызданып жашаганча, кедей болуп Теңирден коркуп жашаган жакшы.

17 Жек көрүү бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сүйүү бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы.

18 Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат.

19 Жалкоонун жолу – тикенектүү чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз.

20 Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул энесин барктабайт.

21 Акылсыздык – кем акыл адам үчүн кубаныч, ал эми акылдуу адам түз жол менен жүрөт.

22 Кеңешпей кылган иштер бузулат, кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат.

23 Адам берген туура жообунан кубаныч алат, ошондой эле өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!

24 Төмөн жактагы өлгөндөр жаткан жайга түшпөс үчүн, акылмандын өмүр жолу жогору кетет.

25 Теңир менменсингендердин үйүн кыйратат, ал эми жесирдин чегин бекемдейт.

26 Кара ниеттердин ойлору Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал эми кемчиликсиз адамдардын сөздөрү Теңирге жагат.

27 Алдым-жуттум адам өз үйүн бүлдүрөт, ал эми параны жек көргөн адам жашайт.

28 Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сөз чыгат.

29 Теңир мыйзамсыздардан алыс, ал эми адил адамдардын сыйынуусун угат.

30 Жарык жүз жүрөктү кубантат, жакшы кабар сөөктү агартат.

31 Турмуш сабактарын кунт коюп уккан адам акылдуу адамдардын арасында болот.

32 Акыл-насаатты четке каккан адам өз жанына кайдыгер, ал эми сынга кулак салган адам акылга ээ болот.

33 Теңирден коркуу акылдуу кылат, моюн сунуудан кийин даңк келет.

16-БӨЛҮМ

1 Адам жүрөгүндө бир нерсени ниет кылат, бирок анын жообу Теңирден болот.

2 Адамга өзүнүн бардык жолдору таза көрүнөт, бирок жүрөктөрдү Теңир салмактайт.

3 Иштериңди Теңирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруң ишке ашат.

4 Бардыгын Теңир Өзү үчүн жаратты. Атүгүл, мыйзамсызды кайгы күнгө сактап турат.

5 Жүрөгү текебер адам Теңирдин алдында жийиркеничтүү, ал жазасыз калбайт деп, кепилге өтсө болот.

6 Ырайым жана чындык менен күнөө тазаланат, Теңирден коркуу жамандыктан алыстатат.

7 Адамдын жолдору Теңирге жакканда, Ал аны душмандары менен да элдештирет.

8 Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык.

9 Адамдын жүрөгү өз жолун ойлонуштурат, бирок анын кадамын Теңир багыттайт.

10 Падышанын оозунан Кудайдын өкүмү чыгат, сотто анын оозу күнөө кылбайт.

11 Туура тараза жана өлчөөчү идиштер Теңирден, баштыктагы бардык тараза таштар да Теңирден.

12 Мыйзамсыз иш падышалар үчүн жийиркеничтүү, анткени такты чындык менен бекемделет.

13 Чын сүйлөгөн ооз падышага жагат, ал чындыкты сүйлөгөн адамды жакшы көрөт.

14 Падышанын каары – өлүмдүн кабарчысы, бирок акылдуу адам анын каарын кайттырат.

15 Падышанын жарык жүзү – өмүр, анын ырайым кылганы жазгы жамгырдай.

16 Даанышмандыкка ээ болуу алтынга ээ болуудан алда канча жакшы, акылмандыкка ээ болуу тандамал күмүшкө ээ болуудан жакшы.

17 Адил адамдардын жолу – жамандыктан оолак болуу. Өз жолун сактаган адам өз жанын сактайт.

18 Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет.

19 Текеберлер менен олжо бөлүшкөнчө, момундар менен бирге моюн сунган жакшы.

20 Ишти акылдуулук менен жүргүзгөн адам ийгилик табат, Теңирге таянган адам бактылуу.

21 Жүрөгү акылдуу адам акылдуу деп аталат, жагымдуу сөз акылга акыл кошот.

22 Акылы бар адам үчүн акыл – өмүрдүн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык.

23 Акылдуу адамдын жүрөгү өз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат.

24 Жагымдуу сөз – бал, ал – жанга жагымдуу, сөөккө дары.

25 Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы – өлүмгө алып баруучу жол.

26 Эмгекчи өзү үчүн эмгектенет, анткени эмгектенүүгө оозу мажбурлап жатат.

27 Амалкөй адам жамандык ойлоп турат, анын оозунан куйкалоочу от чыгат.

28 Эки жүздүү адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.

29 Жакшылык ойлобогон адам өз жакынын бузуп, жаман жолго түртөт.

30 Ал кыянаттык ойлоп табыш үчүн, көзүн жүлжүйтөт, эриндерин тиштеп, кыянаттык кылат.

31 Даңктын таажысы – чындык жолунда жүргөн ак чач.

32 Көпкө чыдаган адам эр жүрөк адамдан артык, өзүн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.

33 Өкчөмө таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Теңирден болот.

17-БӨЛҮМ

1 Уруш-талаш кетпеген үйдөгү толо эттен тынч жашаган үйдөгү бир сындырым каткан нан артык.

2 Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска ээ болот.

3 Эритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт.

4 Бузуку адам мыйзамсыздын сөзүн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.

5 Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирөөнүн башына мүшкүл түшкөнүнө кубанган адам жазасыз калбайт.

6 Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын даңкы – ата-энелери.

7 Акылсыз адамга маанилүү сөз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.

8 Пара – берчү киши үчүн асыл таш, ал каякка кайрылса да үлгүрөт.

9 Айыпты жаап койгон адам сүйүү издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.

10 Акылсыз адамга жүз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сөгүш катуу таасир этет.

11 Жаңжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жөнөтүлөт.

12 Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.

13 Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын үйүнөн жамандык кетпейт.

14 Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты күчөп кете электе токтот.

15 Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Теңирдин алдында жийиркеничтүү.

16 Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетүүгө анын акылы жок.

17 Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет.

18 Кем акыл адам колун берип, өз жакынына кепилдикке өтөт.

19 Чатакты жакшы көргөн адам күнөөнү жакшы көрөт. Дарбазасын бийик көтөргөн адам – жыгылууну издеген адам.

20 Анткор жүрөк жакшылык көрбөйт, амалкөй тил кырсыкка кабылат.

21 Акылсызды төрөгөн адам башына балаа үйдү, акылсыздын атасы да кубаныч көрбөйт.

22 Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сөөктү кургатат.

23 Акыйкаттыктын жолун бурмалаш үчүн, мыйзамсыз адам жең ичинен пара алат.

24 Даанышмандык акылдуу адамдын көз алдында, ал эми акылсыздын көзү жердин түбүндө.

25 Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.

26 Айыбы жокту айыптаган, чындык үчүн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.

27 Акылдуу адам токтоолук менен сүйлөйт, акыл-эстүү адам сабырдуу болот.

28 Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп көрүнүшү мүмкүн, ооз ачпаган адам акыл-эстүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн.

18-БӨЛҮМ

1 Өз дегенин бербеген адам өз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.

2 Акылсыз адам билимди сүйбөйт, бирок ал өзүнүкүн гана айткысы келет.

3 Мыйзамсыздын келиши менен жек көрүү кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдың келет.

4 Адамдын оозунан чыккан сөз – терең суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.

5 Адил адамды сотто айыпка жыгыш үчүн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.

6 Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сөзү үчүн таяк жейт.

7 Акылсыздын тили – өзүнө өлүм, оозу – жаны үчүн жайылган тор.

8 Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.

9 Өз ишине кош көңүл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.

10 Теңирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.

11 Байдын мал-мүлкү – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.

12 Жыгылардын алдында адамдын жүрөгү текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-даңкка жеткирет.

13 Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.

14 Адамдын руху адамдын алсыздыгын көтөрөт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?

15 Акылдуу адамдын жүрөгү билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.

16 Берилген белек адамдын жолун ачып, аны төрөлөргө чейин жеткирет.

17 Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жүйөөлүүдөй туюлат.

18 Өкчөмө таш талаш-тартышты токтотуп, күчтүүлөрдүн ортосундагы талаш-тартышты чечет.

19 Каарданган бир тууган кире алгыс чептүү шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.

20 Адамдын ичи өз тилинин жемишине толот, ал өз оозунун чыгармасына тоёт.

21 Өлүм менен өмүр тилдин бийлигинде, аны сүйгөндөр анын жемишинен татышат.

22 Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Теңирден ырайым көргөнү.

23 Жакыр жалбарып сүйлөйт, бай орой жооп берет.

24 Дос күткүсү келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыңдан да жакын дос болот.

19-БӨЛҮМ

1 Жалган сүйлөгөн, анан калса, акылсыз байга караганда такыбаа жашаган кембагал артык.

2 Билимсиз болуу жакшы эмес, шашкан адам мүдүрүлөт.

3 Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жүрөгү болсо Теңирге кыжырданат.

4 Байлык досту көбөйтөт, ал эми жакырды досу да таштап кетет.

5 Жалган күбө жазасыз калбайт, калп айткан адам качып кутулбайт.

6 Адамдардын көбү атактууларга кошомат кылат, белек берген адамга баары дос.

7 Жакыр адамды өзүнүн бүт бир туугандары жек көрөт, достору андан бетер андан качышат, алар менен сүйлөшөйүн деп, ал алардын артынан чуркайт, бирок сүйлөшө албайт.

8 Акылга жеткен адам өз жанын сүйөт, акыл-эсти сактаган адам бакыт табат.

9 Жалган күбө жазасыз калбайт, жалган айткан адам өлөт.

10 Акылсыз адамга сөөлөт жарашпайт, андан бетер кулга төрөлөргө бийлик кылуу жарашпайт.

11 Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт, бирөөнүн кылмышын кечирип коюу – ал үчүн даңк.

12 Падышанын ачуусу арстандын айкырыгындай, ал эми ырайымы чөптүн үстүндөгү шүүдүрүмдөй.

13 Акылсыз уул – өз атасына кайгы, ажаан аял – тынымсыз тамчылаган суу.

14 Yй менен мал-мүлк – ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял – Теңирден.

15 Эринчээктик уйкуга чөмүлтөт, шалаакы адам ачка калат.

16 Мыйзамды сактаган адам өз жанын сактайт, ал эми өз жолуна кайдыгер адам өлөт.

17 Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт.

18 Yмүтүң барда уулуңду жазала, анын ыйына көңүл бөлбөй эле кой.

19 Ачуулуу адам жазасын алсын, аяп койсоң, андан көбүрөөк жазалоого туура келет.

20 Акылдуу болом десең, кеңешти ук, айыбыңды ачса, кабыл ал.

21 Адам жүрөгүндө көп нерсени ниет кылат, бирок Теңирдин белгилеп койгону гана ишке ашат.

22 Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык.

23 Теңирден коркуу өмүргө алып барат, Теңирден корккон адам дайыма ыраазы болот, анын башына жамандык келбейт.

24 Эринчээк адам колун чөйчөккө салат да, аны оозуна жеткиргиси келбейт.

25 Шылдыңчыл адамды жазаласаң, жөнөкөй адам да эстүү болуп калат. Акылдуу адамдын айыбын ачсаң, ал акыл-насаатты түшүнөт.

26 Абийири жок, уятсыз уул атасынын мүлкүн чачып, энесин үйдөн кууп чыгат.

27 Уулум, насаат сөздөн четтөөнү үгүттөгөндөрдү укканыңды токтот!

28 Жалган күбө акыйкаттыкты шылдың кылат, мыйзамсыз адамдардын оозу жалганды жутат.

29 Шылдыңчыл адамдарга жаза, акылсыз адамдарга токмок даяр.

20-БӨЛҮМ

1 Шарап адамды шылдың кылат, күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары акылсыз.

2 Падышанын каары арстандын айкырыгындай, аны каарданткан адам өзүнө каршы күнөө кылат.

3 Чыр-чатактан качуу – адам үчүн абийир, ал эми акылсыз адам жаңжалчыл болот.

4 Жалкоо адам кышында жер айдабайт, оруу-жыюу маалында издеп, эч нерсе таппайт.

5 Адамдын жүрөгүндөгү ойлор – терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет.

6 Көптөр адамды ырайымдуулугу үчүн макташат, бирок чынчыл адамды ким табат?

7 Адил адам түз жүрөт, анын артында калган балдары бактылуу!

8 Сот тагында отурган падыша көз карашы менен бардык жамандыкты кубалайт.

9 «Мен жүрөгүмдү тазаладым, мен күнөөмдөн тазамын», – деп, ким айта алат?

10 Бирдей эмес тараза, бирдей эмес чен-өлчөм Теңирдин алдында жийиркеничтүү.

11 Өспүрүмдүн жүрүм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот.

12 Уккан кулакты, көргөн көздү Теңир жараткан.

13 Жакыр болбошуң үчүн, уктаганды жакшы көрбө. Көзүңдү ачып сергек бол, ошондо нанды тойгуча жейсиң.

14 Сатып алуучу: «Жаман, жаман», – дейт, бирок мындай басканда: «Жакшы, жакшы», – деп мактанат.

15 Алтын да, көп бермет да бар, бирок акылдуу сүйлөгөн ооз алардан кымбат.

16 Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.

17 Алдамчылык менен табылган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ооз шагылга толот.

18 Ой-максат кеңеш аркылуу бекемделет, кеңешип алып согуш жүргүз.

19 Сөз ташыган адам бирөөнүн сырын ачат. Оозун чоң ачкан адам менен байланышпа.

20 Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу караңгылыкта өчөт.

21 Шашылыш тартылып алынган мурас бата алып келбейт.

22 «Жамандык үчүн өч алам», – дебе, Теңирге кой, ошондо Ал сени сактайт.

23 Туура эмес тараза таштары Теңирдин алдында жийиркеничтүү, туура эмес таразалар жакшы эмес.

24 Адамдын кадамын Теңир багыттайт, ошондуктан адам өз жолун кантип биле алат?

25 Шашып убада берип коюп, андан кийин ойлонуу – адамга тузак.

26 Акылдуу падыша мыйзамсыздарды сапырат, аларды дөңгөлөк астында калтырат.

27 Адамдын руху – Теңирдин чырагы, ал адамдын жүрөгүнүн тереңин сынайт.

28 Падышаны кайрымдуулук менен акыйкаттык сактап турат, ал өз тагын ырайымы менен кармап турат.

29 Жаштардын атак-даңкы – алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү – алардын ак чачы.

30 Таяктан алган жараат – кыянаттыкка каршы даба, ичти аралап өткөн соккулар – жамандыкка каршы даба.

21-БӨЛҮМ

1 Падышанын жүрөгү Теңирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат.

2 Адамдын бардык жолу өзүнө түз көрүнөт, бирок жүрөктү Теңир салмактайт.

3 Курмандык чалганга караганда, акыйкаттык менен чындыкты сактоо Теңирге көбүрөөк жагат.

4 Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер көз менен менменсинген жүрөк – күнөө.

5 Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат.

6 Жалган тил менен тапкан байлык – бат тараган буу, андай байлыкка умтулгандар өздөрүнө өлүм издешет.

7 Мыйзамсыздардын зордук-зомбулугу өздөрүнүн башына түшөт, анткени алар акыйкаттыкты сактоодон баш тартышты.

8 Бузулган адам терс жолдо жүрөт, ал эми таза адам туура иш кылат.

9 Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.

10 Мыйзамсыздын жаны кыянаттыкты жакшы көрөт, ал өз досуна да ырайым кылбайт.

11 Шылдыңчыл адам жазаланганда, жөнөкөй адам акылдуу болуп калат; акылдуу адам насаат укканда, билими дагы көбөйөт.

12 Адил адам мыйзамсыздын үйүн карап, анын жамандыкка кабылганын көрөт.

13 Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам өзү да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт.

14 Жашыруун берилген белек ачууну басат, жең ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат.

15 Акыйкаттыкты сактоо – адил адам үчүн кубаныч, кыянаттык кылгандар үчүн коркунуч.

16 Түз жолдон чыккан адам өлгөндөргө кошулат.

17 Оюн-күлкүнү жакшы көргөн адам жакырданат, ал эми шарап менен майды жакшы көргөн адам эч качан байыбайт.

18 Адил адамдын кунуна мыйзамсыз адам кетет, арамдыгы жок адамдын кунуна амалкөй адам кетет.

19 Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы.

20 Акылдуунун үйүндө суктандырган байлык жана май болот, ал эми акылсыз аларды чачат.

21 Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган адам өмүрдү, чындыкты, атак-даңкты табат.

22 Акылдуу адам күчтүүлөрдүн шаарына кирет да, алардын таянган чебин кулатат.

23 Оозун жана тилин тыйган адам өз жанын жамандыктан сактайт.

24 Текебер бузукунун аты – шылдыңчыл, ал текеберликтин күүсү менен иш кылат.

25 Жалкоону өзүнүн ачкөздүгү өлтүрөт, анткени анын колдору иштегиси келбейт.

26 Ал күн сайын аябай ачка болуп турат, адил адам болсо бере берет, бергенине өкүнбөйт.

27 Мыйзамсыздардын курмандыгы жийиркеничтүү, айрыкча алардын эки жүздүүлүк менен алып келгени жийиркеничтүү.

28 Жалган күбө өлөт, ал эми билгенин айткан адам ар дайым сүйлөйт.

29 Мыйзамсыз адамдын бети калың, ал эми адил адам түз жүрөт.

30 Теңирге каршы даанышмандык да, акылмандуулук да, акыл-кеңеш да жок.

31 Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет.

22-БӨЛҮМ

1 Көп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык; алтын менен күмүшкө караганда урматка ээ болуу артык.

2 Бай менен кедей кезигишпей койбойт, экөөнү тең Теңир жараткан.

3 Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.

4 Моюн сунуудан кийин, Теңирден коркуу, байлык, атак-даңк жана өмүр келет.

5 Тикенек менен тузак бузукунун жолунда, ким жанын сактагысы келсе, алардан оолак болсун.

6 Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт.

7 Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат.

8 Жалганды сепкен адам жамандыкты оруп алат, анын каар таягы да жок болот.

9 Кайрымдуу адам бата алат, анткени ал жакырга өз нанынан берип жатат.

10 Шылдыңчылды кууп жибер, ошондо талаш-тартыш токтойт, чыр-чатак да, уруш да басылат.

11 Жүрөктүн тазалыгын сүйгөн адамдын оозунан чыккан сөздөр жагымдуу, ага падыша – жолдош.

12 Теңирдин көзү билимди сактап турат, ал эми мыйзамды бузган адамдын сөзүн Ал четке кагат.

13 Жалкоо адам: «Көчөдө арстан жүрөт! Аянтта мени өлтүрүп коюшат!» – деп айтат.

14 Бузулган аялдардын оозу – терең аң. Теңир кимге каарданса, ал ошол аңга түшөт.

15 Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышса, тарбиялоочу чыбык андагы акылсыздыкты жок кылат.

16 Өзүнүн байлыгын көбөйтүш үчүн, жакырды кордогон адам, ошондой эле байга бир нерсе берген адам жакырданат.

Отуз накыл сөз

17 Кулагыңды төшөп, акылдуу адамдардын сөздөрүн ук, жүрөгүңдү менин билимиме бур.

18 Эгерде сен аларды жүрөгүңө сактасаң, алар оозуңда болсо, анда алар сени сооротот.

19 Теңирге таянышың үчүн, мен сени бүгүн да үйрөтүп жатам, муну эсиңе тут.

20 Кеңештерим менен акыл-насааттарымда сага үч мертебе жазган жок белем?

21 Сага чындыктын так сөздөрүн үйрөтүү үчүн, сени жиберген адамдарга чындыктын сөздөрүн айтып турушуң үчүн жазгам.

22 Жакырды тонобо, анткени ал жакыр. Бактысыз адамга дарбаза алдында кысым көрсөтпө.

23 Анткени алардын ишине Теңир кийлигишет, аларды талап-тоногондордун жанын алат.

24 Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа,

25 болбосо анын жолун үйрөнүп аласың жана өз жаныңа сыйыртмак саласың.

26 Ортого түшүп, карыздын милдетин алба.

27 Эгерде төлөй турган эч нерсең жок болсо, өзүңдү астыңдагы төшөгүңдү алдырганга чейин жеткирүүнүн кандай кажети бар?

28 Ата-бабаларың өткөргөн мурунку чек араны жылдырба.

29 Өз ишин жакшы билген адамды көрдүң беле? Ал жөнөкөй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.

23-БӨЛҮМ

1 Өкүмдар менен бир дасторконго отуруп калсаң, ким менен отурганыңды унутпа.

2 Эгерде тамаксоо болсоң, кекиртегиңди тый.

3 Анын таттуу тамактарына азгырылба, анткени ал – алдамчы тамак.

4 Байлык жыйнаш үчүн түйшүк тартпа, мындай ойлоруңду ташта.

5 Сен ага көзүңдү бурарың менен, ал жок болуп кетет, анткени ал өзүнө канат жасап алып, бүркүт сыяктуу асманга учуп кетет.

6 Сараң кишинин колунан тамак жебе, анын таттуу тамактарына азгырылба.

7 Анткени анын жүрөгүндөгү ойлору кандай болсо, өзү да ошондой, ал сага: «Ич, же», – дей берет, бирок жүрөгү сени менен эмес.

8 Жеген бир кесимиңди кайра кусасың, жакшы сөздөрүңдү текке кетиресиң.

9 Акылсыздын кулагына сүйлөбө, анткени ал сенин акылдуу сөздөрүңдү жек көрөт.

10 Мурунку чек араны жылдырба, жетимдин талаасына кирбе.

11 Анткени алардын Коргоочусу күчтүү, Ал сага каршы чыгып, аларга болушат.

12 Жүрөгүңдү билимге кой, кулагыңды акылдуу сөздөргө төшө.

13 Баланы жазасыз калтырба, чыбык менен жазалагандан ал өлбөйт.

14 Чыбык менен жазалап, жанын өлгөндөр жаткан жайдан сактап каласың.

15 Уулум! Эгерде сенин жүрөгүң акылдуу болсо, анда менин жүрөгүм да кубанат.

16 Сенин оозуңдан туура сөздөр чыкканда, ички дүйнөм кубанат.

17 Жүрөгүң күнөөкөрлөргө көз артпасын, тескерисинче, жүрөгүң бардык күндөрдө Теңирден коркуп турсун.

18 Анткени келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.

19 Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жүрөгүңдү түз жолго бур.

20 Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо.

21 Анткени ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет.

22 Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө.

23 Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-эсти сатпа.

24 Адил адамдын атасы сүйүнөт, акылманды төрөгөн кубанат.

25 Атаң кубансын, төрөгөн энең сүйүнсүн.

26 Уулум! Жүрөгүңдү мага бер, көзүң менин жолдорумду карап турсун.

27 Анткени бузулган аял – терең аң, ошондой эле бирөөнүн аялы – тар кудук.

28 Бузулган аял каракчыдай болуп буктурмада отуруп алып, эл арасында мыйзамды бузгандарды көбөйтөт.

29 Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Көзү канталап кызарган ким?

30 Алар – керээли-кечке шарап ичип отургандар, алар – күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр.

31 Шараптын кызарганына, чөйчөктө көбүргөнүнө, мелтирегенине караба.

32 Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат.

33 Башка бирөөнүн аялын карайсың, жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт.

34 Ошондо деңиздин ортосунда, кеменин үстүндө уктап жаткан адамдай болосуң.

35 Ошондо сен: «Мени сабашты, бирок эч жерим ооруган жок, мени түрткүлөштү, бирок эч нерсе сезген жокмун. Ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм», – деп айтасың.

24-БӨЛҮМ

1 Жаман адамдарга көз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.

2 Анткени алардын жүрөгү зордук-зомбулук жөнүндө ойлойт, тили жамандык жөнүндө сүйлөйт.

3 Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.

4 Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мүлккө билгичтик менен толтурулат.

5 Акылдуу адам күчтүү, даанышман адам өзүнүн күч-кубатын чыңдайт.

6 Ошондуктан согушту ойлонуп жүргүз. Көп кеңеш ийгиликке жеткирет.

7 Акылмандык акылсыз адам үчүн өтө бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.

8 Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.

9 Акылсыз адамдын ою – күнөө, шылдыңчыл адам адамдар үчүн жийиркеничтүү.

10 Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз.

11 Өлүмгө кыйылгандарды куткар. Өлүмгө өкүм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасың?

12 Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыңбы? Эмне, жүрөктөрдү Сыноочу билбейт бекен? Сенин жүрөгүңдү Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.

13 Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы таңдайыңан кетпеген балды да же.

14 Акылмандыкты таанып билүү да сенин жаныңа дал ошондой жагымдуу. Эгерде аны тапкан болсоң, анда келечегиң бар, үмүтүң ишке ашат.

15 Мыйзамсыз, адил адамдын үйүнө жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.

16 Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, өлүмгө дуушар болушат.

17 Душманың кулаганда сүйүнбө, ал мүдүрүлгөндө жүрөгүң кубанбасын.

18 Анткени муну Теңир көрөт, бул Ага жакпайт, Ал Өзүнүн ага болгон каарын токтотуп коёт.

19 Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга көз артпа.

20 Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы өчөт.

21 Уулум, Теңирден жана падышадан корк, козголоңчулар менен байланышпа.

22 Анткени Теңир менен падышадан өлүм күтүлбөгөн жерден келет, экөөнөн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?

Акылмандардын насааттары

23 Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.

24 Күнөөкөргө: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек көрөт.

25 Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы көрөт, алар бата алышат.

26 Туура жооп ооздон өпкөндөй.

27 Адегенде үйүңдөн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан үйүңдү кур.

28 Жакыныңа жалган күбө болбо. Жалган сүйлөп эмне кыласың?

29 «Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.

30 Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жүзүмзарынын жанынан өттүм.

31 Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.

32 Муну көрүп, жүрөгүмдү өзгөрттүм, муну көрүп, өзүмө сабак алдым:

33 «Бир аз уктай турсаң, бир аз үргүлөп жата турсаң, бир аз колуңду бооруңа алып жата турсаң,

34 жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».

25-БӨЛҮМ

Уландысы. Акылмандыктын сыйлыгы – урмат

1 Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сөздөрү.

2 Кудайдын даңкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын даңкы – ишти изилдөө.

3 Асмандын бийиктиги, жердин тереңдиги жана падышалардын жүрөгү изилденгис.

4 Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.

5 Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.

6 Падышалардын алдында өзүңдү жогору көтөрбө, улуу адамдардын ордуна турба.

7 Анткени сени көзүң көргөн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден көрө, сага: «Кел бул жерге, жогору өт», – деп айтышканы жакшы.

8 Талашып-тартышканга шашпа, атаандашың маскара кылса эмне болот?

9 Атаандашың менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши үчүн,

10 бирөөнүн жашыруун сырларын ачпа, болбосо өмүр бою маскара болуп өтөсүң.

11 Орундуу сөз – жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма.

12 Акылдуу ашкерелөөчү – көңүл коюп уккан кулак үчүн алтын сөйкө жана таза алтындан жасалган жасалга.

13 Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдүү элчи аны жиберген адам үчүн ошондой. Ал мырзасынын жүрөгүн кубантат.

14 Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.

15 Момундук төрөнү ырайым кылууга түртөт, жумшак тил сөөктү сындырат.

16 Сен бал таап алдыңбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсаң, кусасың.

17 Досуңдун үйүнө кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек көрүп калат.

18 Жакынына каршы жалган күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.

19 Башка мүшкүл түшкөн күнү ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.

20 Кайгылуу жүрөккө ырдоо суук күнү бирөөнүн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.

21 Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.

22 Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок үйөсүң. Ошондо Теңир сага тиешеңди берет.

23 Түндүктөн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сөзү нааразы жүздөрдү туудурат.

24 Ажаан аял менен заңгыраган үйдө жашаганча, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.

25 Алыскы өлкөдөн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.

26 Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.

27 Балды көп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-даңк – атак-даңк эмес.

28 Өз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.

26-БӨЛҮМ

Уландысы. Жалкоолор менен калпычылар урмат-сыйга татыктуу эмес

1 Акылсыз адамга көрсөтүлгөн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.

2 Жөн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.

3 Камчы ат үчүн, жүгөн эшек үчүн, ал эми таяк акылсыздар үчүн.

4 Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо өзүң да ага окшоп акылсыз болуп каласың.

5 Акылсыз өзүн акылдуу эсептеп калбашы үчүн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.

6 Акылсызды чабарман кылуу өз бутун өзү кескенге барабар, анткен адам балээни башына үйөт.

7 Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.

8 Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат көрсөтүүгө барабар.

9 Акылсыздын оозунан чыккан накыл сөз мастын колундагы тикенектей.

10 Күчтүү адам бардык нерсени өз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, өтүп бара жаткан кишини да сыйлайт.

11 Дөбөт өзүнүн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.

12 Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле? Ага караганда акылсыз адамга көбүрөөк үмүттөнсө болот.

13 Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.

14 Эшик өзүнүн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо өзүнүн төшөгүндө оонайт.

15 Эринчээк адам колун чөйчөккө сунат, бирок аны оозуна жеткирүү – ал үчүн кыйын иш.

16 Жалкоо өзүн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.

17 Өтүп бара жатып бирөөнүн чыр-чатагына кийлигишүү дөбөттү кулактан алганга барабар.

18 Акылынан ажырамыш болуп, оттуу өлүм жебелерин ыргытуу

19 досуна эки жүздүүлүк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.

20 Отун жок жерде от өчөт, ушакчы жок жерде чатак басылат.

21 Жыгачтын көмүрү ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.

22 Ушакчынын сөздөрү таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.

23 Таза эмес жүрөктөн чыккан жагымдуу сөздөр таза эмес күмүш менен капталган чопо идиштей.

24 Душман тили менен анткорлонуп сүйлөйт, бирок жүрөгүндө жамандык ойлоп турат.

25 Ал назик үн менен сүйлөсө да, ага ишенбе, анткени анын жүрөгүндө жети кыянатчылык бар.

26 Эгерде жек көргөнүн билгизбей алдап жүрсө, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.

27 Бирөөгө ор казган адам орго өзү түшөт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын өзүнө келип тиет.

28 Жалганчы тил өзү ыза кылган адамдарды жек көрөт, кошоматчы ооз бирөөгө жыгылуу даярдайт.

27-БӨЛҮМ

Уландысы. Өзүн өзү мактоодон алыс болуу

1 Эртеңки күн менен мактанба, анткени эртеңки күнү эмне болорун билбейсиң.

2 Сени өз оозуң эмес, башка бирөөнүн оозу мактасын. Сени өз тилиң эмес, бөлөк бирөөнүн тили мактасын.

3 Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экөөнөн тең оор.

4 Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат?

5 Жашыруун сүйүүгө караганда ачык айтылган ашкере жакшы.

6 Сүйгөн адамдын жемеси чын жүрөктөн чыгат, жек көргөн адамдын өбүүсү жалган.

7 Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу.

8 Өз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай.

9 Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу.

10 Өз досуңду да, атаңдын досун да таштаба. Башыңа мүшкүл түшкөн күнү бир тууганыңдын үйүнө барба, алыстагы бир тууганыңдан жаныңдагы кошунаң артык.

11 Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам.

12 Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз барып кырсыкка учурашат.

13 Бирөөгө кепил болгон адамдын көйнөгүн алып кал, чоочун бирөө үчүн кепил болгон адамдан күрөө ал.

14 Досун таң заардан катуу мактай баштаган адамды жамандап жаткан адам катары эсептешет.

15 Ажаан аял жамгыр жааган күнү тынымсыз тамчылаган тамчыдай,

16 аны жашыргысы келген адам шамалды жашыргысы келген адамдай жана өзү жөнүндө билдирип турган майды оң колуна жашыргысы келген адамдай.

17 Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат.

18 Анжырды кайтарган адам анын мөмөсүн жейт. Мырзасын сактаган адам урматка ээ болот.

19 Адамдын жүзүнүн кандай экенин суу көрсөтөт, адамдын өзү кандай экенин жүрөгү көрсөтөт.

20 Өлгөндөр жаткан жай менен Абадон – тойбогон жай. Адамдын көзү да ошолор сыяктуу эле тойбойт.

21 Күмүш үчүн эритүүчү меш, алтын үчүн көөрүктүн очогу кандай болсо, адам үчүн аны мактаган ооз ошондой.

22 Акылсызды сокуга салып, сокбилек менен жанчсаң да, андан акылсыздык ажырабайт.

23 Бодо малыңды жакшы кара, майда малыңды бак.

24 Анткени байлык түбөлүк эмес, ал тургай, бийлик да муундан муунга өтпөйт.

25 Чөп чабылат, кайра чөп чыгат, анан тоонун чөбү чабылат.

26 Койлоруң кийим, эчкилериң жер сатып алууга кетет.

27 Эчкинин сүтү өзүңдүн да, үйүңдөгүлөрдүн да, үйүңдөгү күңдөрүңдүн да тамак-ашына жетет.

28-БӨЛҮМ

Уландысы. Такыбаа адамга – урмат, мыйзамсызга – каргыш

1 Мыйзамсыз адам артынан эч ким кубалабаса деле качып жүрөт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.

2 Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар көбөйөт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал көпкө жашайт.

3 Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нөшөрдөй.

4 Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.

5 Кара өзгөй кишилер адилеттикти түшүнүшпөйт, ал эми Теңирди издегендер бардыгын түшүнүшөт.

6 Бай болуп терс жолдо жүргөнгө караганда, кедей болуп күнөөсүз жашаган жакшы.

7 Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.

8 Сүткордук кылып ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам үчүн жыйнап жатат.

9 Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтүү.

10 Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам өз оруна өзү түшөт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.

11 Бай адам өзүн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.

12 Адил адамдар салтанат курушканда, чоң кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.

13 Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.

14 Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жүрөгүн өжөрлөнткөн адам кырсыкка кабылат.

15 Жакыр элге үстөмдүк кылган мыйзамсыз өкүмдар айкырган арстандай, ачка аюудай.

16 Акылы жок өкмөт башчысы көп кысымчылык көрсөтөт, ал эми ачкөздүктү жек көргөн өкүмдардын өмүрү узун болот.

17 Адамдын канын төгүп айыптуу болгон адам бирөө кармап албасын деп, көргө киргенге чейин качып жүрүп өтөт.

18 Түз жүргөн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жүргөн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.

19 Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.

20 Ишенимдүү адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.

21 Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан үчүн да адилетсиздикке барат.

22 Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.

23 Тили менен жасакерленген адамга караганда бетке айткан адам акыры чоң ылым табат.

24 Өз атасы менен өз энесин тоноп, «Бул күнөө эмес» деген адам – каракчылардын шериги.

25 Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам жыргал турмуш өткөрөт.

26 Өзүнө таянган адам акылсыз, акылмандык менен жүргөн адам аман-эсен болот.

27 Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга көзүн жумуп койгон адам көп каргышка калат.

28 Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар көбөйө башташат.

29-БӨЛҮМ

Уландысы. Акылмандык жакшылык алып келет. Күнөө менен мыйзамсыздык өлүмгө алып барат

1 Айыбы ашкереленген адам моюн сунбай өжөрлөнүп койсо, күтүлбөгөн жерден кыйрайт, дартына даба табылбайт.

2 Адил адамдар көбөйө баштаганда, эл шаттыкка бөлөнөт, ал эми мыйзамсыз адам үстөмдүк кылганда, эл онтойт.

3 Акылмандыкты сүйгөн адам атасын кубантат, ал эми бузулган аялдар менен жүргөн адам мал-мүлктү чачат.

4 Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт, ал эми алык-салыкты көбөйткөн падыша аны жакырчылыкка алып келет.

5 Досуна кошомат кылган адам анын бутуна тузак тартат.

6 Жаман адамдын күнөөсү өзүнө жайылган тор болот, ал эми адил адам кубанып, шаттанып жүрөт.

7 Адил адам жакырлардын ишин кылдаттык менен териштирет, ал эми мыйзамсыз адам ишти териштирбейт.

8 Бузулган адамдар шаарды дүрбөлөңгө салышат, ал эми акылдуу адамдар дүрбөлөңдү басышат.

9 Акылдуу адам акылсыз адам менен соттошкондо, ачууланса да, күлсө да тынчтыгын жоготот.

10 Канкор адамдар ак ниет адамды жек көрүшөт, ал эми адил адамдар анын өмүрү үчүн кам көрүшөт.

11 Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат.

12 Эгерде башкаруучу жалган сөз угуп жатса, анда анын кызматчыларынын баары – мыйзамсыз адамдар.

13 Жакыр менен паракор кезигишпей койбойт, экөөнө тең жарыкты Теңир берет.

14 Эгерде падыша кембагалдарды акыйкат соттосо, анда анын тагы түбөлүккө бекемделет.

15 Чыбык жана ашкерелөө акылмандык берет, бирок өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат.

16 Мыйзамсыз адамдар көбөйгөндө, мыйзамсыздык көбөйөт, бирок адил адамдар алардын кыйраганын көрүшөт.

17 Уулуңду жазала, ошондо ал жаныңа тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.

18 Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт, ал эми Кудайдын мыйзамын сактаган адам бактылуу.

19 Кулду сөз менен үйрөтө албайсың, анткени ал сөздү түшүнсө да, тил албайт.

20 Алды-артын ойлобой сүйлөгөн адамды көрдүң беле? Ага үмүттөнгөнгө караганда, акылсызга көбүрөөк үмүттөнсө болот.

21 Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, акыры ал сага бала болгусу келет.

22 Каардуу адам чыр-чатак чыгарат, ачуусу чукул адам көп күнөө кылат.

23 Адамды өзүнүн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка ээ болот.

24 Ууру менен үлүштөш болгон адам өз жанын жек көрөт, ал каргыштарды укса да, бул жөнүндө эч кимге айтпайт.

25 Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Теңирден үмүттөнгөн адам коопсуз болот.

26 Адамдардын көбү башкаруучунун алдында ырайым тапкысы келет, бирок адамдын тагдыры Теңирдин колунда.

27 Мыйзамсыз адам адил адамдар үчүн жийиркеничтүү, түз жол менен жүргөн адам мыйзамсыз адам үчүн жийиркеничтүү.

30-БӨЛҮМ

Агурдун накыл сөздөрү

1 Жакеп уулу Агурдун сөздөрү. Ал кишинин Итиелге жана Ухалга айткан, адамды шыктандырган накыл сөздөрү мындай:

2 «Чындыгында, эл ичинде мен эң акылсыз адаммын, менде адамдык акыл жок.

3 Мен акылмандыкты да үйрөнө алган жокмун, менде ыйык адамдарда болгон Кудайды таанып билүү да жок.

4 Асманга көтөрүлүп, кайра түшкөн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине түйүп алган барбы? Жердин бүт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесиңби?

5 Кудайдын ар бир сөзү таза, Ал – Өзүнө таянгандарга калкан.

6 Ал сени ашкерелебеши үчүн, алдамчы болуп калбашың үчүн, Анын сөздөрүнө эч нерсе кошпо.

7 Мен Сенден эки нерсе сурайын, орундатпай койбо:

8 бул жашоомдо менден курулай убаракерчиликти жана алдамчылыкты алыс кыл, мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл.

9 Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, “Теңир ким?” деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын.

10 Каргышына калбашың үчүн, күнөөлүү болуп калбашың үчүн, кулду мырзасынын алдында жамандаба.

11 Атасына наалат айткан, энесине ыраазы болбогон адамдар бар.

12 Өзүнүн ыпыластыгынан жуулбай туруп, өзүн тазамын деп эсептеген адамдар бар.

13 Менменсинген, боюн көтөргөн адамдар бар.

14 Жер үстүндөгү жакырларды жана эл ичиндеги жарды-жалчыларды жей турган тиштери кылыч, жаактары шамшар болгон адамдар бар.

15 Тойбостун “Келе, келе” деген эки кызы бар. Тойбогон үч нерсе бар, “Жетет” дебеген төрт нерсе бар.

16 Булар: өлгөндөр жаткан жай жана тукумсуз жатын, сууга тойбогон жер жана “Жетишет” дебеген от.

17 Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген көздү чөл кузгундары чокуп салат, бүркүттүн барчындары жеп салат.

18 Мен үчүн үч нерсе кол жеткис, төрт нерсени түшүнбөйм:

19 асмандагы бүркүт жолу, аскадагы жылан жолу, деңиздеги кеме жолу, кызга барган жигиттин жолу.

20 Бузулган аялдын жолу да ошондой: жеп бүтүп, оозун аарчып: “Мен эч кандай жамандык кылган жокмун”, – дейт.

21 Yч нерседен жер солкулдайт, төрт нерсени көтөрө албайт:

22 кулдун падыша болгонуна, акылсыздын нанды тоё жегенине,

23 бузулган аялдын күйөөгө тийгенине, күңдүн өзүнүн мырзайымынын ордун ээлеп алганына.

24 Жер үстүндө төрт майда жаныбар бар, бирок алар акылдуулардан да акылдуу:

25 кумурскалар, күчтүү эл эмес, бирок алар өздөрүнүн азыгын жайында камдап алышат;

26 тоо чычкандары, алсыз эл, бирок алар үйлөрүн аскаларга салышат;

27 чегирткелер, алардын падышасы жок, бирок бардыгы тизилип чыгышат;

28 жөргөмүштөр, алар буттары менен илинип турушат, бирок падышанын ак сарайларында болушат.

29 Басканы сонун үч нерсе бар, жүрүшү укмуш төрт нерсе бар:

30 арстан, ал – жырткычтардын эң күчтүүсү, эч кимге жол бербейт;

31 жылкы, эчки жана өз элинин арасындагы падыша.

32 Эгерде сен өзүңдүн текебердигиң менен акылсыздык кылып, бирөөгө жамандык ойлогон болсоң, анда колуң менен оозуңду жап.

33 Анткени сүттү бышса май түшөт, мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат».

31-БӨЛҮМ

Лемуел падышанын сөздөрү

1 Лемуел падышанын сөздөрү. Энесинин ага айткан акыл-насааттары булар:

2 «Эмне болду, уулум? Эмне болду, жатынымдан чыккан уулум? Эмне болду, убада берип төрөгөн уулум?

3 Күчүңдү аялдарга бербе, жолдоруңду падышаларды ойрон кылган бузулган аялдарга бербе.

4 Лемуел, падышаларга шарап, мырзаларга күчтүү ичимдик ичкенге болбойт.

5 Алар ичкилик ичип алып, мыйзамды унутуп коюшпасын, эзилгендерге адилетсиздик кылышпасын.

6 Ичкиликти өлүп бара жаткан адамга бергиле, шарапты кайгыга баткан адамга бергиле.

7 Ал ичип, жакырлыгын унутсун, өзүнүн кайгысын эсинен чыгарсын.

8 Оозуңду сүйлөй албай тургандар үчүн, жетимдерди коргош үчүн ач.

9 Оозуңду акыйкаттык үчүн, алсыздар менен жарды-жалчылардын иши үчүн ач».

10 Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору.

11 Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт.

12 Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат.

13 Ал жүн, зыгыр буласын өндүрөт, өз колу менен чын жүрөктөн иштейт.

14 Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, өзүнүн нанын алыстан табат.

15 Ал таң ата электе эле туруп, үйүндөгүлөргө тамак берип, күңдөрүнө белгиленген иштерди тапшырат.

16 Жер алгысы келсе, ага да ээ болот. Өз колунун жемиши менен жүзүмзар отургузат.

17 Белин бекем бууп, булчуңдарын чыңайт.

18 Ал өз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы түн ичинде да өчпөйт.

19 Колун жип ийрүүчү чарыкка сунат, колуна ийик алат.

20 Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат.

21 Суук болгондо үй-бүлөм үшүйт деп коркпойт, анткени анын бүт үй-бүлөсү эки сыйрадан кийим кийген.

22 Ал өзүнө килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет.

23 Анын күйөөсү – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат.

24 Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет.

25 Күч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт.

26 Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат.

27 Ал өз үйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт.

28 Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт:

29 «Жакшы аялдар көп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып түштүң».

30 Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу.

31 Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында даңктасын!








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz