Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

НАСААТЧЫ

1-БӨЛҮМ

Бардыгы курулай убаракерчилик

1 Иерусалимдеги падыша Дөөттүн уулу, Насаатчынын сөздөрү.

2 «Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – түйшүктүн түйшүгү – бардыгы түйшүк!

3 Адамга өзүнүн күн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда?

4 Бир муун өтөт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет.

5 Күн чыгат, күн кайра батат, ал өзүнүн ордуна, чыккан жерине шашат.

6 Шамал түштүккө согот, андан түндүккө өтөт, ал өз жолу менен тегеренип жүрүп, чыккан жерине кайтат.

7 Дарыялардын баары деңизге барып куят, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш үчүн, дарыялар өздөрүнүн чыккан жерине кайтышат.

8 Бардыгы эмгектенүүдө. Эч ким аны сөз менен айтып жеткире албайт. Көз көргөнүнө тойбойт, кулак укканына тойбойт.

9 Мурун эмне болсо, азыр да ошол боло берет, мурун эмне жасалса, азыр да ошол жасала берет, демек, күн астында жаңы эч нерсе жок.

10 Адамдар: “Карасаң, бул – жаңы нерсе”, – деп айта турган бир нерсе болушу мүмкүн, бирок ал бизден мурун, өткөн кылымдарда эле болгон.

11 Мурун болгон нерселер эстелбейт, ошондой эле боло турган нерселер кийинкилердин эсинде калбайт.

Насаатчынын турмуштук тажрыйбасы

12 Мен, Насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом.

13 Мен асман астында эмне болуп жатса, ошонун баарын акыл менен сынаганга, изилдегенге көңүл койдум: бул татаал ишти Кудай адам баласына машыгып турсун деп берген.

14 Мен күн астында жасалып жаткан иштердин баарын көрдүм, анын бардыгы – курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу!

15 Ийри түзөлбөйт, жок нерсени бар деп эсептөөгө болбойт.

16 Мен өзүмө өзүм мындай дедим: “Мына, мен Иерусалимге менден мурун бийлик кылгандарга караганда көбүрөөк акылмандуулукка ээ болдум. Менин жүрөгүм көп акылмандыкты жана көп билимди көрдү”.

17 Мен акылмандыкты таанып билүүгө, акылсыздык менен түркөйлүктү таанып билүүгө көңүл койдум. Бул да рухтун кыйналуусу экенин билдим.

18 Анткени акылмандуулук канчалык көп болсо, кайгы ошончолук көп, билимин арттырган адам кайгысын арттырат.

2-БӨЛҮМ

1 Мен жүрөгүмдө: “Мен сени шаттык менен сынап көрөйүн, жакшы нерселерден ыракат ал”, – дедим. Бирок бул да курулай убаракерчилик экен!

2 Мен күлкү тууралуу: “Бул – акылсыздык», – дедим, ал эми шаттык тууралуу: «Мындан эмне пайда?” – дедим.

3 Жүрөгүмдө денемди шарап менен ыракаттандырайын деген ойго келдим. Бирок жүрөгүмдү акыл башкаргандыктан, адам баласы үчүн эмне жакшы экенин, ал өзүнүн кыска өмүрүндө, асман астында эмне кылыш керек экенин билүү үчүн, акылсыздыкты сынап көрөйүн дедим.

4 Мен чоң иштерди жасадым: өзүмө үйлөрдү, жүзүмзарларды отургуздум,

5 бакчаларды, сейил бактарды өстүрдүм, аларга мөмөлүү дарактардын түрүн отургуздум.

6 Токойдо өскөн бак-дарактарды сугарып туруу үчүн, көлмөлөрдү курдум.

7 Кулдарды жана күңдөрдү сатып алдым, менин үйүмдө төрөлгөн кулдар да бар болчу. Ошондой эле менин бодо жана майда малым Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарыныкынан көп болчу.

8 Падышалардан жана дубан башчылардан алтын, күмүш, кымбат баалуу таштарды чогулттум. Көп ырчы кыз-жигиттерди күттүм, адам баласынын ырахаты болгон ар түрдүү музыкалык аспаптарым бар эле.

9 Ошентип, мен Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан улуу жана бай адам болдум; акылмандыгым да мага жардам берди.

10 Көзүмдүн бир да каалоосун четке каккан жокмун. Жүрөгүм каалаган кубанычты тыйган жокмун, анткени жүрөгүм менин бардык иштериме кубанып турду, бул менин бардык иштеримден алган үлүшүм болду.

11 Анан мен өз колум менен жасаган иштердин баарын жана өзүм эмгектенген эмгегимди карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу, күн астында алардан пайда жок!

12 Ошондо мен акылмандыкка да, акылсыздыкка да, түркөйлүккө да көз салып көрөйүнчү деп кайрылдым. Падышадан кийин келген адам эмне кыла алат? Буга чейин жасалып келген нерсени эле кыла алат.

13 Ошентип, мен караңгылыктын жанында жарык кандай артыкчылыкка ээ болсо, акылсыздыктын жанында акылмандык ошондой артыкчылыкка ээ экенин көрдүм.

14 Акылмандын көзү өз башында, ал эми акылсыз караңгылыкта жүрөт. Бирок баарынын башына бир эле нерсе түшөрүн билдим.

15 Анан жүрөгүмдө мындай дедим: “Акылсыздын башына түшкөн нерсе, менин башыма да түшөт, андай болсо эмне үчүн мен абдан акылдуу болдум?” Ошондо: “Бул да – курулай убаракерчилик”, – дедим.

16 Анткени акылдууну деле акылсыздай түбөлүккө унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле өлөт.

17 Мен өмүрдү жек көрүп калдым, анткени күн астында жасалып жаткан иштердин бардыгы мага жакпай калды. Анткени бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

18 Ошентип, мен күн астында жасаган эмгегимдин бардыгын жек көрүп калдым, анткени мен аны өзүмдөн кийинки адамга калтырышым керек.

19 Анын акылдуу болорун же акылсыз болорун ким билет? Бирок ал менин күн астында акылмандуулук кылып эмгектенген иштеримдин баарына ээлик кылат. Бул да курулай убаракерчилик экен!

20 Ошондо мен жүрөгүмдү күн астында кылган бардык эмгектеримден көңүл калууга бурдум,

21 анткени кайсы бир адам акылын, билимин колдонуп, ийгиликтүү эмгектенип, анан бардыгын эмгектенбеген адамга ошонун үлүшү болгонсуп калтырууга тийиш. Бул да курулай убаракерчилик жана чоң жамандык экен!

22 Ошондуктан адам күн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жүрөгүнүн түйшүктөрүнөн эмне табат?

23 Анткени анын бүт өмүрү – кайгы, бардык эмгеги – тынчсыздануу. Атүгүл, түн ичинде анын жүрөгү тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен!

24 Ичип-жеп жыргоо, өз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин көрдүм.

25 Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат?

26 Анткени Теңир Өзүнө жаккан адамга акыл да, билим да, кубаныч да берет, ал эми күнөөкөр адамга жыюу, чогултуу түйшүгүн берет. Анан анын жыйгандарын Кудай Өзүнө жаккан адамга берет. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

3-БӨЛҮМ

Бардык нерсенин өз убагы бар

1 Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар.

2 Төрөлө турган убак бар, өлө турган убак бар. Отургуза турган убак бар, жула турган убак бар.

3 Өлтүрө турган убак бар, дарылай турган убак бар. Буза турган убак бар, кура турган убак бар.

4 Ыйлай турган убак бар, күлө турган убак бар. Кайгыра турган убак бар, бийлей турган убак бар.

5 Таштарды чача турган убак бар, таштарды жыйнай турган убак бар. Кучакташа турган убак бар, кучакташпай турган убак бар.

6 Издей турган убак бар, жогото турган убак бар. Сактай турган убак бар, таштай турган убак бар.

7 Жырта турган убак бар, жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сүйлөй турган убак бар.

8 Сүйө турган убак бар, жек көрө турган убак бар. Согуша турган убак бар, тынч жашай турган убак бар.

9 Жумушчуга өзүнүн иштеген ишинен эмне пайда?

10 Кудай адам баласына машыксын деп берген мына ушул түйшүктү көрдүм.

11 Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды.

12 Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм.

13 Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул – Кудайдын белеги.

14 Кудай жасагандын бардыгы түбөлүктүү экенин түшүндүм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Өзүнөн коркуп турушу үчүн ушундай кылып жараткан.

15 Мурун болгон нерсе азыр да бар, боло турган нерсе мурун да болгон. Кудай өткөндү кайра чакырат.

Дүйнөдөгү адилетсиздик жөнүндө

16 Дагы мен күн астынан адилеттик боло турган жерде мыйзамсыздык болуп жатканын көрдүм, чындык боло турган жерде алдамчылык болуп жатканын көрдүм.

17 Ошондо мен жүрөгүмдө мындай деп айттым: “Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин өз убагы бар, ал жерде ар бир иштин үстүнөн сот болот”.

18 Мен жүрөгүмдө адам баласы тууралуу мындай дедим: “Аларды Кудай сынасын, алар өздөрүнүн жаныбар сыяктуу эле экенин көрүшсүн”.

19 Анткени адам баласынын үлүшү менен жаныбарлардын үлүшү бир. Адамдар өлгөндөй эле, булар да өлүшөт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы – курулай убаракерчилик!

20 Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат.

21 Адам баласынын жаны жогору көтөрүлөбү, жаныбарлардын жаны төмөн жакка түшөбү, муну ким билет?

22 Ошентип, мен адам үчүн өз иштери менен ыракаттангандан артык эч нерсе жок экенин көрдүм, анткени бул – анын үлүшү. Өзүнөн кийин эмне болорун көргөнгө аны ким алып келет?

4-БӨЛҮМ

1 Анан мен күн астында болуп жаткан ар кандай эзүүнү көрдүм: мына, эзилгендердин көз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда – күч, ал эми алардын сооротуучусу жок.

2 Ошондо мен ушул күнгө чейин жашап жаткан тирүүлөргө караганда небак өлгөндөр бактылуу деп эсептедим.

3 Ал эми бул экөөнө караганда төрөлбөгөндөр – күн астында болуп жаткан кыянат иштерди көрбөгөндөр бактылуу.

4 Мен ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында өз ара көрө албастыкты туудуруп жатканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

5 Акылсыз адам колун куушуруп отура берип, өз денесин жейт.

6 Мээнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык.

7 Анан мен күн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти көрдүм:

8 жалгыз адам, анын эч кимиси жок, баласы да, бир тууганы да жок, бирок иши бүтпөйт, көзү да байлыкка тойбойт. “Деги мен ким үчүн эмгектенип, жанымды жыргалдан ажыратып жатам?” Бул да курулай убаракерчилик жана жакшы иш эмес экен!

9 Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы, анткени алар өздөрүнүн эмгеги үчүн жакшы сыйлык алышат.

10 Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.

11 Эгерде экөө чогуу жатса, аларга жылуу болот. Ал эми жалгыз адам кантип жылыйт?

12 Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат. Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт.

13 Кары, бирок кеңешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык.

14 Ал өз өлкөсүндө жарды болуп төрөлсө да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.

15 Мен күн астында жүргөн адамдардын баары анын ордун ээлей турган башка улан менен бирге жүргөнүн көрдүм.

16 Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

17 Кудайдын үйүнө баратканыңда, бутуңду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын түшүнүшпөйт.

5-БӨЛҮМ

Ойлонбой убада берүүдөн абайлатуу

1 Сүйлөгөнгө шашылба, жүрөгүң да Кудайдын алдында сүйлөгөнгө ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесиң, ошондуктан аз сүйлө.

2 Түштөр түйшүктүн көптүгүнөн кирет; акылсыздын үнү көп сүйлөгөнүнөн билинет.

3 Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Ал акылсыздарга ырайым кылбайт, берген убадаңды аткар.

4 Убада берип аткарбай койгондон көрө, убада бербегениң жакшы.

5 Тилиңдин денеңди күнөөгө батыруусуна жол бербе. Кудайдын периштесинин алдында: “Бул – жаңылыштык”, – дебе. Болбосо Кудай сенин сөзүңө каарданып, колуң менен кылган иштериңди кыйратып салат.

6 Анткени көп түш көргөндөн курулай убаракерчилик жана сөз көп болот, бирок сен Кудайдан корк.

7 Эгерде сен кайсы бир дубанда кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын көрсөң, буга таң калба, анткени жогоркунун үстүнөн андан жогорку карап турат, анын үстүнөн эң жогорку көз салып турат.

8 Өлкөнүн артыкчылыгы болсо өлкөсү үчүн кам көргөн падыша болуп эсептелет.

9 Күмүштү сүйгөн адам күмүшкө тойбойт. Байлыкты сүйгөн адам андан пайда таппайт. Бул да – курулай убаракерчилик!

10 Мал-мүлк көбөйгөн сайын, аны пайдалангандар да көбөйөт. Ага ээлик кылгандар аны карап туруудан бөлөк кайсы бакытты табышат?

11 Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт.

12 Мен күн астында кайгылуу нерсе бар экенин көрдүм: байлык, сактап жүргөн ээсине зыян келтирет.

13 Ал байлык күтүлбөгөн кырсыктардан жок болот: андан уул төрөлдү, бирок анын колунда эч нерсе жок.

14 Ал энесинин курсагынан кандай жылаңач чыкса, ошондой жылаңач кетет, өз эмгегинен колуна эч нерсе көтөрүп кете албайт.

15 Бул да кайгылуу нерсе: ал кандай келсе, ошондой кетет. Текке кеткен эмгегинен ал эмне пайда тапты?

16 Ал болсо өмүрү өткөнчө караңгыда, туталанып, капаланып, ачууланып тамак жеген.

17 Мен жакшы жана жагымдуу нерсени да таптым, бул – адамдын өзүнүн Кудай берген бүт өмүрүндө күн астында кылган бардык эмгегинен ыракат алуусу, жеп-ичүүсү, анткени бул – анын үлүшү.

18 Эгерде кайсы бир адамга Кудай байлык жана мал-мүлк берсе жана ага аларды пайдаланууга бийлик берсе, өз үлүшүн алса, эмгегинин үзүрүн көрсө, анда бул – Кудайдын белеги.

19 Ал өз жашоосунун кыскалыгы жөнүндө көп ойлонбойт, анткени Кудай анын жүрөгүн кубанычка толтурган.

6-БӨЛҮМ

1 Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, бул нерсе адамдар арасында көп кездешет.

2 Кудай адамга байлыкты да, мал-мүлктү да, атак-даңкты да берет, анын жаны эч нерседен кем эмес, анын каалаганынын баары бар, бирок Кудай ага аларды пайдаланууга жол бербейт, аларды башка киши пайдаланат. Бул – курулай убаракерчилик жана оор дарт!

3 Эгерде кайсы бир адам жүз балалуу болуп, көп жыл жашаса, анын өмүрү дагы узарса, бирок анын жаны жакшылык көрүп ыракаттанбаса, атүгүл, аны көмүшпөсө, анда мен: “Ага караганда бойдон түшкөн бала бактылуу, – дээр элем.

4 Анткени ал бекер эле келип, караңгылыкка кетти. Анын ысымын караңгылык жашырып коёт.

5 Ал күндү көргөн да, билген да эмес. Тигиге караганда буга тынчыраак.

6 Ал эми тиги эки миң жыл жашап, жакшылык көрүп ыракаттанбаса да, баары эле бир жерге барат эмеспи!”

7 Адамдын бүткүл эмгеги – кекиртеги үчүн, бирок анын жаны тойбойт.

8 Акылдуу акылсыздын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Адамдар менен мамилелешкенди билген жардынын кандай артыкчылыгы бар?

9 Жаны менен адашканча, көзү менен көргөн артык. Бул да ошондой эле курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

10 Азыр бар нерсеге мурун эле ат коюлган, ал адам экени да белгилүү, анын өзүнөн Күчтүү менен талашып-тартыша албасы да белгилүү.

11 Түйшүктү арбыткан ушундай нерселер көп. Деги адам үчүн эмне жакшы болду экен?

12 Жашоодо адам үчүн эмне жакшы экенин ким билет? Анын түйшүктүү өмүрү көлөкө сыяктуу өтүп кетет. Адамдын көзү өтүп кеткенден кийин, күн астында эмне болорун ага ким айтып берет?

7-БӨЛҮМ

Жашоо жөнүндө ой жүгүртүү

1 Жакшы ат кымбат баалуу, жыпар жыттуу майдан артык, өлгөн күн туулган күндөн артык.

2 Той болуп жаткан үйгө баргыча, өлгөн кишини жоктоп ыйлап жаткан үйгө барган жакшы, анткени ар бир адам өлөт, тирүү адам муну жүрөгүнө салып койсун.

3 Күлкүгө караганда кайгы жакшы, анткени адам кайгырганда, жүрөгү жакшы болуп калат.

4 Акылдуу адамдардын жүрөгү – ыйлагандардын үйүндө, ал эми акылсыз адамдардын жүрөгү – көңүл ачкандардын үйүндө.

5 Акылсыздардын ырларын уккандан көрө, акылмандын ашкерелегенин уккан жакшы.

6 Анткени акылсыздардын күлкүсү – казандын астындагы тикенектин чартылдаганындай. Бул да – курулай убаракерчилик!

7 Акылдуу адам башка бирөөлөрдү кысымга алып акылсыз болот. Белек жүрөктү бузат.

8 Иштин аягы иштин башталышынан жакшы, чыдамкай адам менменсинген адамдан артык.

9 Ачууланганга шашпа, анткени ачуу акылсыздардын жүрөгүндө уялайт.

10 “Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?” дебе, анткени сен муну акылдуу болгонуңдан сурап жаткан жоксуң.

11 Акылмандуулук мурас сыяктуу эле жакшы, айрыкча күндү көрүп тургандарга жакшы.

12 Анткени анын далдаасында болуу – күмүштүн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка ээ болгон адамга өмүр берет.

13 Кудайдын кылган ишине көз чаптыр: Ал кыйшык кылып койгон нерсени ким түздөй алат?

14 Бакыбат күндөрү кубан, ал эми бактысыздык болуп турган күндөрү ойлон. Адам баласы өзүнүн келечеги жөнүндө билбесин деп, аны да, муну да Ал Өзү кылган.

15 Мен өзүмдүн түйшүктүү өмүрүмдө баарын: адил адамдын адил жашап жүрүп өлгөнүн, мыйзамсыз адам мыйзамсыздык кылып көп жашаганын көрдүм.

16 Өзүңдү өтө адил адам кылып көрсөтпө, акылдуусунба, өзүңдү өзүң ойрон кылып эмне кыласың?

17 Күнөөгө берилбе, акылсыз болбо, мезгилсиз өлгөндүн сага эмне кереги бар?

18 Эгерде сен бирин сактап, экинчисинен да колуңду албасаң, анда жакшы, анткени Кудайдан корккон адам экөөнөн тең качып кутулат.

19 Акылмандык акылдуу адамды шаардагы он өкүмдардан күчтүү кылат.

20 Жер үстүндө жакшылык кылып, күнөө кылбаган бир да адил адам жок.

21 Кулуңдун сени жамандап жатканын угуп калбашың үчүн, айтылган ар кандай сөзгө көңүл бура бербе.

22 Анткени сенин жүрөгүң өзүңдүн да бирөөлөрдү жамандаган учурларыңды жакшы билет.

23 Мен мунун баарын акылмандык менен сынап көрдүм, мен: “Акылдуу адам болом”, – дедим, бирок акылмандык менден алыс.

24 Болуп өткөн нерсе алыс жана терең: аны ким таанып биле алат?

25 Мен акылды жана акылмандыкты билгенге, изилдегенге, издеп тапканга жана акылсыздын мыйзамсыздыгын жана наадандыкты, акылсыздыкты таанып билгенге көңүл койдум.

26 Ошондой эле мен аялдын өлүмдөн да ачуу экенин түшүндүм, анткени аял өзү – тор, жүрөгү – тузак, колу – кишен. Кудайдын алдында адил адам андан куткарылат, ал эми күнөөкөр анын торуна түшөт.

27 Биринин артынан бирин сынап жатып, мен мына ушуну түшүндүм, – деди Насаатчы.

28 Менин жаным издеп, бирок таба албаган дагы эмне бар? Миңдин арасынан бир гана эркек таптым, алардын арасынан бир да аял таппадым.

29 Мен муну гана түшүндүм: Кудай адамды адил кылып жараткан, бирок адамдар ар кандай ойлоп чыгарылган нерселерге берилип кетишкен.

8-БӨЛҮМ

1 Ар кандай нерсенин маанисин акылман түшүнгөндөй ким түшүнө алат? Адамдын акылдуулугу өзүнүн жүзүн жарык кылат, анын катаал жүзү өзгөрөт.

Падышага баш ийүү

2 Мен мындай кеңеш берем: “Падышанын сөзүн Кудайдын алдындагы антты аткаргандай аткар.

3 Анын алдынан кеткенге шашпа, жаман ишиңден кайтпай туруп алба, анткени ал каалаганынын баарын кылып коё алат”.

4 Падышанын сөзү бар жерде бийлик бар. Ага: “Эмне кылып жатасың?” – деп, ким айта алат?

5 Осуятты сактаган адам эч жамандык көрбөйт: акылдуу адамдын жүрөгү убакытты да, мыйзамды да билет.

6 Анткени ар бир нерсенин өз убактысы, өз мыйзамы бар. Бирок адамдын көп жамандык көргөнү –

7 келечекте эмне болорун билбегенинде. Келечеги кандай болорун ага ким айтып берет?

8 Адамдын шамалды кармап калыш үчүн, шамалдын үстүнөн бийлиги жок, анын өлүм келген күндүн үстүнөн бийлиги жок, согуш учурунда бошонуу жок, мыйзамсызды мыйзамсыздык куткара албайт.

Мыйзамсыздар жана адил адамдар

9 Мен булардын баарын көрдүм, күн астында болуп жаткан ар кандай иштерге көңүл койдум. Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот.

10 Мен ошондо ыйык жерге келип-кетип жүргөн мыйзамсыздарды көмүп жатышканын көрдүм. Алар шаарда ушундай иштерди кылышчу, бирок ошол шаардын тургундары аларды унутуп коюшканын көрдүм. Бул да курулай убаракерчилик экен!

11 Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жүрөгү кыянаттык кылуудан коркпойт.

12 Күнөөкөр адам жүз ирет кыянаттык кылса жана анысын уланта берсе да, мен Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болорун билем.

13 Ал эми мыйзамсыз адам жакшылык көрбөйт, ким Кудайды урматтабаса, ал көлөкө сыяктуу көпкө турбайт.

14 Жер үстүндө дагы мындай түйшүк бар: мыйзамсыздар өз иштерине жараша көрө турганды адил адамдар көрөт, ал эми адил адамдар өз иштерине жараша көрө турганды мыйзамсыздар көрөт. Ошондо мен: “Бул да – курулай убаракерчилик!” – дедим.

15 Ошондо мен кубанычты мактадым, анткени адам үчүн күн астында жеп-ичип көңүл ачкандан артык эч нерсе жок. Кудай күн астында берген өмүрү өткөнчө, адамдын бүт эмгегин бул кубаныч коштоп жүрөт.

16 Мен акылмандуулукка жетүүгө жана жер үстүндө болуп жаткан иштерди, адам баласынын күндүз да, түн ичинде да уйку көрбөй иштеген иштерин көрүүгө көңүл койдум.

17 Ошондо мен Кудайдын бардык иштерин көрүп, күн астында болуп жаткан нерселерди адам баласы түшүнө албастыгын билдим. Адам аны изилдөөгө канчалык аракеттенбесин, баары бир түшүнө албайт. Эгерде бир даанышман мен билем десе да, ал аны түшүнө албайт.

9-БӨЛҮМ

1 Мен ушулардын баарын изилдегенге көңүл коюп, адил адамдар да, акылдуу адамдар да, алардын иштери да Кудайдын колунда экенин, адам өзүнүн алдында сүйүүбү же жек көрүүбү, кайсынысы күтүп турганын билбегенин билдим.

2 Баарына: адил адамга да, мыйзамсыз адамга да, ак ниетке да, кара ниетке да, тазага да, таза эмеске да, курмандык чалганга да, курмандык чалбаганга да, жакшылык кылганга да, күнөөкөргө да, ант бергенге да, анттан коркконго да бир үлүш.

3 Күн астында болуп жаткан нерселердин ичинен эң жаманы – бардыгынын үлүшү бир экендиги. Адам баласынын жүрөгү жамандыкка толгон, алардын жүрөгүндө да, жашоосунда да акылсыздык. Анан алар өлгөндөргө кошулушат.

4 Тирүүлөрдүн арасында жашаган адамдын дагы үмүтү бар, анткени өлгөн арстанга караганда тирүү дөбөткө жакшы.

5 Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт, алар эми иштерине жараша тиешесин ала алышпайт, анткени алар унутулушат.

6 Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да жок болду, мындан ары, түбөлүккө аларга күн астында жасалып жаткан нерселердин эч биринен үлүш жок.

7 Ошондуктан Кудай сенин иштериңе ийгилик берип турганда, бар, наныңды кубаныч менен же, жүрөгүңдөгү кубаныч менен шарабыңды ич.

8 Ар убакта кийимиң ак болсун, башыңа сыйпалчу зайтун майы түгөнбөсүн.

9 Түйшүктүү өмүрүң өткөнчө, сүйгөн аялың менен жашоонун ыракатын көр, Кудай сага күн астындагы түйшүктүү өмүр үчүн берген жашоонун ыракатын көр, анткени бул – жашоодогу энчиң, күн астында кылган эмгегиңдин үзүрү.

10 Колуңдан келген иштерди алыңдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок.

11 Анан мен күн астынан муну көрдүм: жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдүүлөргө эле тиешелүү эмес экен, бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экен.

12 Анткени адам өзүнүн мезгилин билбейт. Балыктар өлүм торуна түшөт, канаттуулар кылтакка чалынат, ошол сыяктуу эле адам баласы да күтүлбөгөн жерден кырсыкка кабылат.

Акылмандык жана акылсыздык жөнүндө ой жүгүртүү

13 Мен күн астынан дагы мындай акылмандыкты көрдүм, ал мага маанилүү болуп көрүндү:

14 Бир чакан шаар, анда жашаган адамдар да анча көп эмес. Ал шаарга улуу падыша кол салып, аны курчап алып, камоо үчүн чеп курду.

15 Бирок ал шаардан бир акылдуу жакыр адам чыгып, өзүнүн акылы менен ошол шаарды куткарып алды. Ошентсе да ал жакыр адамды эч ким эскерген жок.

16 Ошондо мен мындай деп айттым: “Күчкө караганда акылмандык жакшы, ошондой болсо да жакыр адамдын акылмандыгын баркташпайт, анын сөзүн да угушпайт”.

17 Акылсыздар арасындагы өкүмдардын кыйкырыгына караганда, акылдуу адамдын сабырдуулук менен айтылган сөздөрүн жакшы угушат.

18 Жоокердин курал-жарагына караганда акылмандык артык. Бирок күнөөгө баткан бир адам көп жакшы нерсени ойрон кылат.

10-БӨЛҮМ

1 Өлгөн чымындар жыпар жыттуу майдын жытын бузат, кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы да анын акылмандуулугу менен кадыр-баркына шек келтирет.

2 Акылдуу адамдын жүрөгү оңго, акылсыздын жүрөгү солго жетелейт.

3 Акылсыз кайсы жол менен бара жатса да, ага акыл жетишпейт, ал өзүнүн акылсыз экенин ар кимге эле айта берет.

4 Эгер башкаруучуң сага каарданса, ордуңду таштап кетпе, анткени сабырдуулук чоң кылмыштарды да жаап коёт.

5 Мен күн астынан дагы бир жамандыкты көрдүм, ал – өкүмдардан кеткен жаңылыштык:

6 акылсыздарды өтө бийик орунга отургузушат, ал эми байлар төмөнкү орунда отурушат.

7 Мен ат үстүндө жүргөн кулдарды, ал эми төрөлөрдүн кулдарга окшоп жөө жүргөнүн көрдүм.

8 Ор казган адам казган оруна өзү түшөт. Дубалды ураткан адамды жылан чагат.

9 Ташты ордунан жылдырган адам бир жерин мертинтип алышы мүмкүн. Отун жарган адам бир жерин кокустатып алышы мүмкүн.

10 Эгерде балта мокоп калса, анын мизи курчутулбаса, анда күчкө салууга туура келет, бирок акылмандык муну оңдой алат.

11 Эгерде жылан дарымдаганга чейин чагып алса, анда дарымдоочудан эч кандай пайда жок.

12 Акылдуу адамдын оозунан чыккан сөз – ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сөз өзүн өлтүрөт.

13 Анын оозунан чыккан сөздүн башы – акылсыздык, анын оозунан чыккан сөздүн аягы – акылдан адашкандык.

14 Адам алдыда эмне болорун билбегенине карабастан, акылсыз адам оозуна келгенди сүйлөй берет. Өзүнөн кийин эмне болорун ага ким айтып берет?

15 Эмгек акылсызды алсыратат, анткени ал шаарга бара турган жолду да билбейт.

16 Өлкө, падышаң жаш бала болсо, сага кайгы! Төрөлөрүң таң атпай тамак иче баштаса, сага кайгы!

17 Өлкө, падышаң тектүү тукумдан болсо, сага жакшы! Төрөлөрүң тамакты ашыра тоюш үчүн эмес, кубаттаныш үчүн өз убагында жесе, сага жакшы!

18 Жалкоолуктан шып салаңдап калат, шалдайып отура берсе, үйдүн чатырынан суу өтөт.

19 Тойду ыракаттаныш үчүн өткөрүшөт, шарап жашоону шаттандырат. Бирок бардыгын күмүш чечет.

20 Падышаны оюңда да жамандаба, байды уктоочу бөлмөңдө да жамандаба, анткени асман куштары сөзүңдү жеткирип барышы мүмкүн, канаттуу куштар сүйлөгөн сөзүңдү айтып барышы мүмкүн.

11-БӨЛҮМ

Акылдуу адам кылчу нерсе

1 Наныңды сууга агыз, аны анткени көп күн өткөндөн кийин кайрадан таап аласың.

2 Жети кишиге, атүгүл, сегиз кишиге бөлүп бер, анткени жер үстүндө кандай кырсык болорун билбейсиң.

3 Булуттар сууга толгондо, жерге жамгыр төгөт, эгерде дарак түштүккө же түндүккө куласа, ал кулаган жеринде калат.

4 Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт.

5 Сен шамалдын жолун, боюнда бар аялдын курсагында баланын сөөктөрү кантип жаралып жатканын билбегендей эле, бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин да билбейсиң.

6 Эртең менен үрөнүңдү сеп, кечинде да колуңду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтүү болорун же экөө тең жакшы болорун билбейсиң.

7 Жарык – жакшы нерсе, көз үчүн күндү көрүү жакшы.

8 Эгер адам көп жыл жашаса, анда ал өмүрү өткөнчө кубансын, көп боло турган кайгылуу күндөрдү эстей жүрсүн: боло тургандын бардыгы – курулай убаракерчилик!

Жаштарга кеңеш

9 Жаш чагыңда кубан, жаш улан, жаш күнүңдө жүрөгүң кубанычтын даамын татып калсын, жүрөгүңдүн каалоосу, көзүңдүн жетеги менен жүр, бирок билип кой, ошонун баары үчүн Кудай сени сотко тартат.

10 Жүрөгүңдөн кайгыны жок кыл, денеңди жамандыктан алыс кыл, анткени балалык да, жаштык да – курулай убаракерчилик.

12-БӨЛҮМ

1 Оор күндөр келгенге чейин, “Жашоого ыраазы эмесмин” дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба.

2 Күн да, жарык да, ай да, жылдыздар да өчө электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыңды эсте.

3 Ошол күнү үй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан, алардын иши токтойт, терезени карагандар караңгылайт.

4 Көчөнү караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын үнү басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын үнү басылат.

5 Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп көрүнөт, жолдордо үрөй учурган иштер болот, бадамдар гүлдөп бүтөт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу өсүмдүктөр күбүлүп түшөт. Анткени адам өзүнүн түбөлүктүү үйүнө кеткени жатат, көчөдө кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.

6 Күмүш чынжыр үзүлө электе, алтын чөйчөк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун үстүндөгү бара талкалана электе, Жаратканыңды эсте.

7 Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.

8 “Түйшүктүн түйшүгү, – деди Насаатчы, – бардыгы түйшүк!”»

Жыйынтыктоо

9 Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап көргөн, изилдеген, көп накыл сөздөрдү түзгөн.

10 Насаатчы көркөм накыл сөздөрдү тапканга аракет кылган, чындык сөздөрдү туура жазган.

11 Акылдуу адамдардын сөздөрү ийнедей, кагылган мыктай, аларды түзгөндөр бир Кайтаруучудан.

12 Ал эми ушул сөздөрдөн тышкары айтылган сөздөрдөн сак бол, уулум: китепти көп жаза берсе, аягы болбойт; көп окуса, дене чарчайт.

13 Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга өтө керек.

14 Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz