Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЫРДЫН ЫРЫ

1-БӨЛҮМ

Биринчи ыр

1 «Ал мени оозу менен өпсүн! Анткени сенин сүйүүң шараптан артык.

2 Сенин жыпар жыттуу майларың кандай сонун жыттанат, сенин атың төгүлгөн миррадай, ошондуктан сени кыздар сүйүшөт».

3 «Мени өзүңө тарт!» «Биз сенин артыңдан чуркайбыз». «Падыша мени өзүнүн ички бөлмөлөрүнө киргизди». «Биз сага суктанабыз, сага кубанабыз. Сенин шараптан артык сүйүүңдү мактайбыз. Сен сүйүүгө татыктуусуң!»

4 «Иерусалим кыздары! Мен кара торумун, бирок Кейдардын чатырындай, Сулаймандын пардасындай сулуумун.

5 Менин кара торулугума карабагыла, анткени мен күнгө күйүп калгамын. Энемдин уулдары мага ачууланып, жүзүмзарларды кайтартып коюшту, ошондуктан өзүмдүн жүзүмзарымды кайтарган жокмун.

6 Айтчы мага, жаным сүйгөн жигитим, койлоруңду кайсы жерге жаясың? Түштө кайда эс аласың? Койлорун кайтарган жолдошторуңдун жанында жүзүн жапкан аял сыяктуу жүрө беремби?»

7 «Аялдардын эң сулуусу, эгерде сен муну билбесең, анда койлордун изи менен бар, улактарыңды койчулардын чатырларынын жанына кайтар.

8 Сүйгөн кызым, мен сени фараондун арабасына чегилген байталга окшоштурам.

9 Таажы алдындагы жүзүң, мончок тагылган мойнуң кандай сонун.

10 Биз сага күмүш менен жээктелген алтын таажы жасап беребиз».

11 «Падыша дасторкон үстүндө отурганда, менин жыпар жыттуу майымдын жыты аңкып турду.

12 Менин сүйгөн жигитим төшүмдө жүргөн бир тутам миррадай.

13 Менин сүйгөн жигитим Эйин-Геди жүзүмзарларындагы кипердин сабагындай».

14 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң, сенин көзүң көгүчкөндүн көзүндөй».

15 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн жигитим, өзүңө тартып турасың! Төшөгүбүз көк шибер,

16 үйүбүздүн чатыры кедр жыгачынан, үйүбүздүн шыбы кипарис тактайынан».

2-БӨЛҮМ

1 «Мен Шарондун нарцисс гүлүмүн, өрөөндүн лилия гүлүмүн.

2 Тикенектин арасында лилия гүлү кандай болсо, кыздардын арасында сүйгөн кызым ошондой».

3 «Токойдогу бак-дарактын арасында алма багы кандай болсо, жигиттердин арасында менин сүйгөн жигитим ошондой. Мен анын көлөкөсүндө отурганды жакшы көрөм, анын мөмөлөрү таңдайымда таттуу.

4 Ал мени той үйүнө алып кирди, анын менин үстүмдөгү туусу – сүйүү.

5 Мени мейиз менен кубаттандыргыла, алма менен сергиткиле, анткени мен сүйүүдөн алсырап баратам.

6 Сүйгөн жигитимдин сол колу менин башымдын астында, ал эми оң колу менен мени кучактайт».

7 «Иерусалим кыздары, мага жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».

Экинчи ыр

8 «Сүйгөн жигитимдин үнү чыгып жатат! Мына, ал келе жатат, тоолор менен чаап, адырлар менен секирип келе жатат.

9 Менин досум жейренге же жаш бугуга окшош. Мына, ал биздин дубалдын ары жагында туруп алып, терезеден карап жатат, терезенин торунан тиктеп жатат!

10 Сүйгөн жигитим мага минтип сүйлөй баштады: “Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!

11 Мына, кыш да өтүп кетти, жаан жаачу учур бүтүп, жаан басылды.

12 Жер бетине гүлдөр чыга баштады, ырдай турган мезгил келди, өлкөбүздө бактек үнү угула баштады.

13 Анжыр багы бүчүр жарды, жүзүм сабактары гүлдөп, жытын аңкытып жатат. Тур, сүйгөн кызым, сулуум, жүр мени менен!

14 Аска-зоонун далдасындагы, аскалардын жаракасындагы көгүчкөнүм! Мага жүзүңдү көрсөт, мага үнүңдү угуз! Анткени үнүң таттуу, жүзүң жагымдуу!”

15 Бизге жүзүмзарларды бүлдүрүп жаткан түлкүлөрдү, бачикилерди кармап бергиле, анткени жүзүмзарларыбыз гүлдөп жатат.

16 Сүйгөн жигитим мага таандык, мен ага таандыкмын, ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт.

17 Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин кайрылып кел, жейрендей же тоонун жаракасындагы жаш бугудай бол!

3-БӨЛҮМ

1 Түн ичинде төшөгүмдө жатканда, жаным сүйгөн жигитти издедим, аны издедим, бирок таппай койдум.

2 Мен эми турайын, шаарды, көчөлөрдү, аянттарды аралап, жаным сүйгөн жигитти издейин. Мен аны издедим, бирок таппай койдум.

3 Менин алдыман шаарды кыдырып жүргөн күзөтчүлөр чыгышты, мен алардан: “Силер менин жаным сүйгөн жигитти көрдүңөрбү?” – деп сурадым.

4 Бирок мен алардан өтө бергенде жаным сүйгөн жигитимди таптым. Мен аны бек кармап алып, энемдин үйүнө алып келгенче, энемдин төркү үйүнө алып келгенче коё берген жокмун».

5 «Иерусалим кыздары, жейрен менен, элик менен ант бергиле: өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла».

Үчүнчү ыр

6 «Күйүп жаткан миррадан, фимиамдан жана мирра кайнаткан адамдын ар кандай аралашмасынан чыккан түтүн түрмөгүндөй болуп, чөлдөн келе жаткан бул ким?

7 Бул – Сулаймандын көтөрүп жүрмө тактысы, аны Ысрайыл уулдарынан тандалган алтымыш жигит кайтарып турат.

8 Алардын баары бирден кылыч кармап турат, баары майданда тажрыйбалуу, түнкү коркунучтан улам ар биринин белинде кылыч.

9 Сулайман өзүнө Лебанон дарагынан көтөрүп жүрмө такты жасады.

10 Анын мамыларын күмүштөн, чыканак койчу кырларын алтындан, отургучун кочкул кызыл жибектен жасады, ичин Иерусалим кыздарынын сүйүүсү менен жасалгалаган.

11 Сиондун кыздары, келгиле, таажы кийип отурган Сулайман падышаны көргүлө. Бул таажыны энеси үйлөнүү той күнү, жүрөгү кубанычка баткан күнү кийгизген».

4-БӨЛҮМ

1 «Оо, кандай сулуусуң, сүйгөн кызым, кандай сулуусуң! Тармал чачыңдын астындагы көзүң көгүчкөндүн көзүндөй. Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей.

2 Тиштериң суудан чыгып келе жаткан кыркылган койлордой, алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.

3 Эрдиң кызыл тасмадай, оозуң татынакай, тармал чачтарыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.

4 Мойнуң Дөөттүн курал-жарактар үчүн курулган мунарасындай, ага баатырлардын миңдеген калкандары илинген.

5 Төшүң лилия гүлдөрүнүн арасында оттоп жүргөн эгиз жаш жейрендей.

6 Таң агарып, көлөкөлөр кача баштаганга чейин, мирра тоосуна, фимиам адырына барайын.

7 Бүт турпатың келишкен, сүйгөн кызым, сенде эч кандай кемчилик жок!

8 Колуктум, жүр мени менен, Лебанондон кетели! Жүр, Лебанондон кетели, Амана тоосунан, Сенир менен Хермон тоосунан, арстандардын үңкүрүнөн, илбирстердин тоосунан кеткенге шашыл!

9 Сен менин жүрөгүмдү туткундап алдың, карындашым, колуктум! Сен менин жүрөгүмдү көз карашың менен эле, мойнуңдагы шуруң менен эле туткундап алдың.

10 Оо, сенин сүйүүң теңдешсиз, карындашым, колуктум! Сенин сүйүүң шараптан таттуу, сенин аңкыган жытың бардык жыпар жыттуу заттардан жыттуу!

11 Оо колуктум, оозуңдан тартылбаган бал тамат, тилиңдин асты – бал менен сүт. Кийимиңдин аңкыган жыты Лебанондун аңкыган жытындай!

12 Карындашым, колуктум, кулпуланган баксың, бекитилген кудуксуң, мөөр басылган булаксың.

13 Сенин көчөт отургузулган багың – сонун мөмөлүү анар багы,

14 шиңгил мөмөлүү кипер бадамы, нард, заапаран, айир, дарчин, ар кыл жыпар жыттуу бак-дарактар, мирра, алой, ар кандай, эң сонун жыпар жыттуу өсүмдүктөр өскөн бак.

15 Сен бак ичиндеги булаксың – тирүү суусу бар кудуксуң, Лебанон тоосунан агып түшкөн суусуң.

16 Ойгон, түндүк шамалы, кел, түштүк шамалы! Менин багыма сок, ошондо анын жыпар жыты аңкыйт!» «Сүйгөн жигитим өзүнүн багына келсин, анын ширин мөмөлөрүнөн жесин!»

5-БӨЛҮМ

1 «Мен өз багыма келдим, карындашым, колуктум. Өз миррамды жыпар жыттуу чөптөрүм менен кошо чогултуп алдым. Өзүмдүн тартыла элек балым менен кошо балымды жедим, шарабым менен сүтүмдү ичтим». «Жегиле, достор! Ичкиле, тойгула, сүйүктүүлөр!»

Төртүнчү ыр

2 «Мен уктап жатам, бирок жүрөгүм сергек. Эшикти черткен сүйгөн жигитимдин үнү угулуп жатат: “Эшигиңди ач, карындашым, сүйгөнүм, көгүчкөнүм, таптазам! Анткени менин башымды бүт бойдон шүүдүрүм каптады, түнкү шүүдүрүмдүн тамчыларынан тармал чачым ным болду”.

3 Мен кийимимди чечип салдым, эми аны кайра кантип киейин? Буттарымды жууп алдым, эми аларды кайра кантип булгайын?

4 Сүйгөн жигитим тешиктен колун сунду, аны көрүп, жан дүйнөм толкунданып кетти.

5 Сүйгөн жигитиме эшигимди ачайын деп, мен ордумдан турдум, колдорумдан мирра тамчылап турду. Колдорумдагы мирра кулпуга таамп жатты.

6 Сүйгөн жигитиме эшикти ачтым, бирок сүйгөн жигитим бурулуп кетип калды. Ал сүйлөп жатканда, мен үчүн жашоонун мааниси жоголду. Мен аны издедим, бирок таппай койдум, аны чакырдым, бирок ал жооп берген жок.

7 Шаарды аралап жүргөн сакчылар алдыман чыгып, мени уруп-сабап, жарадар кылышты, дубалды кайтаргандар жамынчымды сыйрып алышты.

8 Иерусалим кыздары, эгерде силер менин сүйгөн жигитиме жолугуп калсаңар, менин сүйүүдөн алсырап бара жатканымды айтабыз деп, мага ант бергиле».

9 «Аялдын сулуусу, сенин сүйгөн жигитиң башкалардын сүйүктүүлөрүнөн эмнеси менен артык? Бизге ушинтип ант бердиргидей, сенин сүйгөн жигитиң башкалардан эмнеси менен артык?»

10 «Менин сүйгөн жигитим ак жуумал, кызыл жүздүү, ал он миң эркектен артык.

11 Башы – таза алтын, чачы тармал, карганын канатындай капкара.

12 Көзү сүткө киринип, ыракаттанып отурган суу боюндагы көгүчкөндөй.

13 Бети – жыпар жыттуу гүлзар, жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн жөөктөрү, эриндери – лилия, суюк мирра таамп турат.

14 Колу – топаз таштары жаткырылган жумуру алтын устун, ал эми ичи – сапфир таштары бастырылган пил сөөгү.

15 Буту – алтын таканычка коюлган мармар мамы. Сырткы көрүнүшү Лебанондой, кедр жыгачындай бийик.

16 Оозу таттуу, анын бүт келбети келишкен, Иерусалим кыздары, менин сүйгөн жигитим мына ушундай, менин досум мына ушундай!»

6-БӨЛҮМ

1 «Аялдын сулуусу, сүйгөн жигитиң кайда кетти? Сенин сүйгөнүң кай тарапка багыт алды? Биз сени менен кошо издейли».

2 «Менин сүйгөн жигитим өзүнүн койлорун бак ичинде кайтарыш үчүн, лилия гүлдөрүн териш үчүн, өзүнүн багына, жыпар жыттуу гүлзарына кетти.

3 Мен сүйгөн жигитиме таандыкмын, ал мага таандык. Ал лилия гүлдөрүнүн арасында кой кайтарып жүрөт».

Бешинчи ыр

4 «Сүйгөн кызым, Тирса сымал сулуусуң! Иерусалимдей татынасың, туу көтөргөн кошуундай сүрдүүсүң!

5 Менден көзүңдү ал, анткени көздөрүң мени толкундантып жатат!

6 Чачың Гилат тоосунан түшүп келе жаткан эчкилердей. Тиштериң суудан чыгып келе жаткан койлордой. Алардын ар биринин эгиз козулары бар, алардын арасында кысыр калганы жок.

7 Тармал чачыңдын астындагы эки бетиң экиге бөлүнгөн анардай.

8 Алтымыш ханыша, сексен күң аял, сан жеткис кыз бар.

9 Бирок менин көгүчкөнүм, таптазам – теңдеши жок кыз. Ал – энесинин жалгыз кызы, төрөгөн энесинин эң сүйүктүү кызы. Кыздар аны көрүп макташты, ханышалар жана күң аялдар аны даңкташты».

10 «Таң нурундай жаркыраган, ай сыяктуу суйкайган, күн сыяктуу жарык, туу көтөргөн кошуундай сүрдүү бул ким?»

11 «Мен өрөөндөгү бак-дарактардын көгөргөнүн көрөйүн деп, жүзүм сабагы бүчүр алды бекен, анар гүлдөдү бекен деп жаңгак багына келдим.

12 Элимдин атактуу адамдарынын арабаларына жаным мени кантип алып барганын билбейм».

7-БӨЛҮМ

1 «Бери кара, бери кара, Шуламит, бери кара, бери кара, биз сени көрөлү». «Манайимдин ыр-бийлерин көргөнсүп, Шуламитти көрүп эмне кыласыңар?

2 Оо атактуу кыз, сандал кийген буттарың кандай сонун! Бутуңдун сулуулугу чебер устанын колунан чыккан жасалгадай!

3 Киндигиң жыпар жыттуу шарабы түгөнбөгөн тегерек чөйчөктөй. Ичиң лилия гүлдөрү менен жээктелген буудай боосундай.

4 Төшүң эки улактай, эгиз жейрендей.

5 Мойнуң пилдин сөөгүнөн жасалган мамыдай, көздөрүң Бат-Рабимдин дарбазасынын жанындагы Кешпон көлүндөй, мурдуң Дамаскты караган Лебанон мунарасындай.

6 Башың Кармел тоосундай, башыңдагы чачың кочкул кызыл жибектей. Тармал чачың падышаны өзүнө тартып турат.

7 Өзүңдүн сүйкүмдүү келбетиң менен кандай сулуусуң, кандай жагымдуусуң, сүйгөн кызым!

8 Сенин бул келбетиң курма пальмасына, төшүң жүзүм шиңгилине окшош.

9 “Пальмага чыксам, анын бутактарын кармасам”, – деп ойлодум. Төшүң мен үчүн жүзүм шиңгилиндей, таноолоруңдан чыккан жыт алманын жытындай болсун.

10 Оозуң эң сонун шараптай». «Ал түз эле досумдун оозуна агып жатат, чаңкагандарды кандырат.

11 Мен өз досума таандыкмын, анын эңсегени менмин.

12 Кел, сүйгөн жигитим, талаага чыгалы, айыл-кыштактарда түнөйлү.

13 Эртең менен жүзүмзарларга баралы, жүзүм сабактары өсүп чыктыбы, бүчүрлөрү ачылдыбы, анар гүлдөдүбү, көрөлү. Ошол жерде мен сага сүйүүмдү көрсөтөм.

14 Мандрагорлор аңкыган жытын чыгарышты, эшигибиздин алдында ар кандай сонун мөмөлөр, жаңысы да, эскиси да бар. Буларды мен сен үчүн сактадым, сүйгөн жигитим.

8-БӨЛҮМ

1 Оо, сен менин энемдин эмчегин эмген бир тууганым болсоң кана! Көчөдөн жолукканымда, мен сени өпкүлөмөкмүн, бирок мени айыпташмак эмес.

2 Мен сени энемдин үйүнө жетелеп келмекмин. Сен мени окутмаксың, мен болсо сага жыттуу шараптан жана өзүмдүн анар ширемден ичирмекмин.

3 Сүйгөн жигитимдин сол колу башымдын астында болсун, ал эми оң колу мени кучактап жатсын».

4 «Иерусалим кыздары! Өзү кааламайынча, сүйгөн кызымды ойготпогула, тынчын албагыла!»

Алтынчы ыр

5 «Өзүнүн сүйгөн жигитине жөлөнүп чөлдөн чыккан бул ким?» «Мен сени алма бактын түбүнөн ойготтум, ошол жерде сени энең төрөгөн, сени төрөгөн аял ошол жерде төрөгөн.

6 Сен мени жүрөгүңө мөөр баскандай басып ал, колуңа шакектей кылып салып ал. Анткени сүйүү өлүмдөй күчтүү, кызганыч өлгөндөр жаткан жайдай коркунучтуу, анын жебеси – оттуу жебе, ал – өтө күчтүү жалын.

7 Сүйүүнү чоң суулар да өчүрө албайт, дарыялар каптай албайт. Адам сүйүү үчүн үйүндөгү бүт байлыгын берсе, ал жек көрүнүү менен четке кагылып калмак».

8 «Биздин бир карындашыбыз бар, ал али жаш, төшү да чыга элек. Карындашыбызга жуучу түшкөндө, биз аны эмне кылабыз?

9 Эгерде ал дубал болсо, анда биз анын үстүнө күмүштөн чатырларды тикмекпиз. Эгерде ал эшик болсо, анда биз аны кедр тактайлары менен каптамакпыз».

10 «Мен дубалмын, төштөрүм мунарадай, ошондуктан мен анын көзүнө бойго жеткен кыздаймын».

11 «Сулаймандын Баал-Амон жеринде жүзүмзары бар эле. Ал бул жүзүмзарын кайтаруучуларга берген эле, ар бир кайтаруучу анын жемиши үчүн миңден күмүш жеткирип турушу керек болчу».

12 «Ал эми жүзүмзарым менин алдымда. Сулайман, миңи – сага, ал эми эки жүзү – анын жемишин кайтаргандарга».

13 «Бактардын арасында жашаган кыз! Достор үнүңдү угуп жатышат, үнүңдү мага да угуз».

14 «Чурка, сүйгөн жигитим! Бальзам тоолорундагы жейрендей же жаш бугудай бол!»








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz