Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЖЕРЕМИЯНЫН ЫЙЫ

1-БӨЛҮМ

Кыйраган Иерусалим үчүн кайгыруу

1 Бир кезде көп элдүү болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! Элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын төрөсү салык төлөөчү болуп калды.

2 Түнкүсүн ал катуу ыйлайт, анын көзүнөн жаш куюлат. Аны сүйгөндөрдүн ичинен сооротор эч кимиси жок. Досторунун баары ага чыккынчылык кылышты, ага душман болуп калышты.

3 Жүйүт алааматтын, оор кулчулуктун айынан туткундалып кетти, бутпарастардын арасына көчүп барды, бирок тынчтык таба алган жок, куугунтуктагандардын баары аны тар жерлерде кууп жетишти.

4 Сион жолдору капаланып жатат, себеби майрамга барган эч ким жок. Анын бүт дарбазаларынын алды бош калды. Анын ыйык кызмат кылуучулары үшкүрүп жатышат, анын кыздары кайгыга батты, ал өзү да кайгырып жатат.

5 Ага өзүнүн душмандары башчылык кылып жатат, анын кас адамдары жыргап жашап жатышат, анткени Теңир ага өзүнүн көптөгөн мыйзамсыздыктары үчүн алаамат түшүрдү. Балдары душмандарынын алдына түшүп туткундалып кетишти.

6 Ошентип, Сион кызынан көрк кетти. Анын төрөлөрү жайыт таппаган бугулардай болуп калышты. Алсыраган алар куугунчулардын алдына түшүштү.

7 Иерусалим өзүнүн башына алаамат түшкөн күндөрү, азап чеккен күндөрү өзүнүн мурунку баалуулуктарын эстеди. Эли душмандын колунан кырылып жатканда, ага эч ким жардамга келген жок. Душмандары аны карап, анын ишемби күндөрүн шылдыңдап күлүп жатышат.

8 Иерусалим оор күнөөгө батты, ошондуктан жийиркеничтүү болуп калды. Мурда даңктап жүргөндөрдүн баары азыр аны жек көрө карашат, анткени анын жылаңачтыгын көрүштү, ал өзү да үшкүрүнө жүзүн бурат.

9 Анын этегинде ыпыластык бар эле, бирок ал өз келечеги жөнүндө ойлогон эмес, ошондуктан ал өзгөчө кемсинди, анын сооротору жок. «Теңир, менин башыма түшкөн оор күнгө назар сал, анткени душманым салтанат куруп жатат!»

10 Душман анын эң кымбат нерселерине колун сунду. Ал өзүнүн ыйык жайына бутпарастардын кантип кирип жатканын көрүп турат. Сен бутпарастарды Өзүңдүн ыйык жамаатыңа кирбесин деп буйругансың.

11 Анын бүт эли нан издеп үшкүрүп жатат, жанына кубат берчү тамак үчүн өзүнүн эң кымбат нерселерин берип жатат. «Теңир, кара, менин кандай кемсингенимди көр!

12 Жол менен өтүп бара жаткандар, силердин башыңарга мындай күн түшпөсүн! Карап көргүлөчү, мен чалдыккан оорудай оору бар бекен? Теңир мага Өзүнүн жалындаган каарын төккөн күнү жиберген оорудай оору бар бекен?

13 Жогору жактан Ал менин сөөктөрүмө от жиберди, от сөөктөрүмдү кургатты. Буттарыма тузак тартып, мени көмөлөнттү, мени жакыр жана күн сайын жапа чеккен адам кылды.

14 Менин мыйзамсыздыктарымдын моюнтуругу Анын колунда байланып турат. Алар бири-бирине байланып, мойнума салынды. Ал мени алсыратты. Теңир мени каршы турууга күчүм жетпеген душмандарымдын колуна салып берди.

15 Менин бүт күчтүүлөрүмдү Теңир өз жеримде кулатты. Менин уландарымды жок кылуу үчүн, мага каршы эл чакырды. Кызды, Жүйүт кызын, Теңир жүзүм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебеледи.

16 Мен ушул тууралуу ыйлап жатам. Көзүмдүн жашы көл болду, анткени менин жанымды тирилте турган сооротуучу менден алыс. Балдарым кыргынга учурады, анткени душман мени жеңди».

17 Сион өз колун сунуп жатат, бирок анын сооротуучусу жок. Теңир душмандарга Жакыпты курчоону буйрук кылды. Алардын арасында Иерусалим жийиркеничтүү болуп калды.

18 «Теңир адилеттүү, анткени мен Анын сөзүнө моюн сунган эмесмин. Бардык элдер, уккула, менин оорумду көргүлө: кыздарым менен уулдарым туткундалып кетишти.

19 Досторумду чакырдым, бирок алар мени алдап кетишти. Ыйык кызмат кылуучуларым менен аксакалдарым жандарына бир аз кубат алыш үчүн, шаарда нан издеп үшкүрүп жүрүшөт.

20 Теңир, көз кырыңды сал, анткени мен Сага көшөрүп каршы турганым үчүн кыйналып жатам, жаным жай таппай жатат, жүрөгүм эңшерилип кетти. Сырттан кылыч мени балдарымдан ажыратты, ал эми үйүмдөн өлүм конуш алды.

21 Менин онтоп жатканымды угушту, бирок менин сооротуучум жок. Бүт душмандарым менин башыма түшкөн мүшкүл жөнүндө угуп, муну Сен кылганың үчүн кубанып жатышат. Оо, эгерде Сен Өзүң алдын ала айткан күндү кел деп буйруй турган болсоң, анда алар да мага окшоп калышат эле!

22 Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыңа келсе экен. Бүт күнөөлөрүм үчүн Сен мени кандай жазаласаң, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жүрөгүм сыздап жатат».

2-БӨЛҮМ

Иерусалимдин жазалангандыгы жөнүндө

1 Теңир Сион кызына Өзүнүн каарынын кара булутун каптатты! Ысрайылдын көркүн асмандан жерге кулатты, Өзү каарданган күнү Өзүнүн буттары турган жерди эсине алган жок.

2 Теңир Жакыптын бардык турак жайларын талкалады, аяган жок. Теңир каарданып, Жүйүт кызынын чептерин кыйратып, жерге кулатты, анын падышачылыгын жана төрөлөрүн четке какты.

3 Катуу каарданып, Ысрайылдын бүт мүйүздөрүн сындырды. Душманга каршы сунулган Өзүнүн оң колун тартып алды, тегерегиндегинин баарын жалмаган, алоолонгон оттой болуп, Жакыпка каршы жалындады.

4 Душмандай болуп Өз жаасын тартты, жоодой болуп Өзүнүн оң колун каршы сунду, көздү суктанткандардын баарын өлтүрдү. Сион кызынын жыйын чатырына Өзүнүн каарын оттой төктү.

5 Теңир душмандай болуп калды, Ысрайылды жок кылды, анын бүт үйлөрүн кыйратты, анын чептерин талкалады, Жүйүт кызынын кайгысы менен ыйын көбөйттү.

6 Бактын тосмосун алып салгандай, Ал Өз коргонун алып салды. Өзүнүн жамааты чогулган жайды талкалады. Теңир Сиондо өткөрүлүүчү майрамдар менен ишемби күндөрдү эстен чыгарууга мажбур кылды. Катуу каарданып, падышаны жана ыйык кызмат кылуучуну четке какты.

7 Теңир Өзүнүн курмандык чалынуучу жайын четке какты, Өзүнүн ыйык жайынан Өзүнүн жүрөгүн буруп кетти, анын үйлөрүнүн дубалдарын душмандардын колуна салып берди. Теңирдин үйүндө алар майрам күндөгүдөй дуулдап жатышты.

8 Теңир Сион кызынын дубалдарын кыйратууга чечим чыгарды, аркан тартты, Өз колун тартып алган жок, кыйратуусун токтоткон жок. Сырткы чептерин талкалады, дубалдарын кошо кыйратты.

9 Анын дарбазалары жерге матырылып калды. Теңир алардын кулпуларын талкалады, сындырды. Анын падышасы да, төрөлөрү да бутпарастардын арасында. Алар үчүн мыйзам жок болуп калды, анын пайгамбарлары Теңирден көрүнүш көрбөй калышты.

10 Сион кызынын карылары баштарына күл чачып, зумбал курчанып, жерде унчукпай отурушат. Иерусалим кыздары баштарын жерге салышты.

11 Көз жашымды төгө берип, көзүм начарлап калды, жаным кыйналып жатат, өз элимдин кызынын кырылганынан улам боорум эзилип, жерге төгүлүп жатат. Анткени балдар менен эмчектеги ымыркайлар ачарчылыктан шаардын көчөлөрүндө өлүп жатышат.

12 Алар шаардын көчөлөрүндө жарадарларга окшоп өлүп бара жатып, энелерине: «Нан менен шарап кана?» – деп, энелеринин кучагында жан берип жатышат.

13 Мен сага эмнени айтсам болот, сени эмнеге салыштырсам болот, Иерусалим кызы? Кыз, Сион кызы, сооротуш үчүн сени эмнеге окшоштурсам болот? Анткени сенин жараатың деңиздей чоң. Сени ким сакайта алат?

14 Пайгамбарларың сага пайдасыз, жалган нерселерди айтышты, сени туткундалып кетүүдөн алдын ала сактап калыш үчүн мыйзамсыз иштериңди ачышкан жок. Сенин куугунтукталып кетүүңө себеп болгон жалган аяндарды айтышты.

15 Жолдо өтүп бара жаткандардын бардыгы сени көрүп, алакандарын шак коюп жатышат. Ышкырып, баштарын чайкап: «Сулуулуктун жеткилеңдиги, бүт жер жүзүнүн кубанычы деген шаар ушулбу?» – деп, Иерусалим кызы жөнүндө айтып жатышат.

16 Душмандарыңдын бардыгы ооздорун араандай ачып, ышкырып, тиштерин кычыратып: «Аны биз жуттук, биз ушул күндү гана күткөнбүз, күткөнүбүз келди, көзүбүз менен көрдүк», – деп жатышат.

17 Теңир эмнени белгилесе, ошону жүзөгө ашырды. Өзүнүн байыркы күндөрү айткан сөзүн аткарды, аёосуз талкалады. Душмандын сени жеңип кубануусуна жол берди, душмандарыңдын мүйүзүн жогору көтөрдү.

18 Алардын жүрөгү Теңирге кайрылып ыйлап жатат. Оо Сион кызынын дубалы! Көз жашыңды күнү-түнү дарыядай агыз, жаныңды жай алдырба, көзүңдүн каректерин эс алдырба.

19 Тур, түн ичинде кайрыл, ар бир күзөт маалы башталганда кайрыл: Теңирдин алдында жүрөгүңдү суудай төк. Көчөлөрдүн булуң-бурчтарында ачарчылыктан өлүп жаткан балдарыңдын жаны үчүн Ага колуңду сун.

20 «Кара, Теңир, көр, Сен кимге ушундай кылдың? Аялдар өз балдарын, эмчек берип баккан өз наристелерин жеп жатышат. Теңирдин ыйык жайында ыйык кызмат кылуучуну жана пайгамбарды өлтүрүп жатышат.

21 Балдар менен карылар жерде, көчөлөрдө жатышат. Кыздарым менен уландарым кылычтан өлүштү. Сен аларды Өзүң каарданган күнү өлтүрдүң, аёосуз сойдуң.

22 Сен мага коркунучтарды, майрамга чакыргандай, туш тараптан чакырдың. Теңир каарын төккөн күнү эч ким качып кутулган жок, эч ким тирүү калган жок. Багып өстүргөнүмдүн баарын өзүмдүн душманым жок кылды».

3-БӨЛҮМ

Жеремиянын кайгырышы

1 Мен Теңирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан өткөргөн адаммын.

2 Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, караңгылыкка киргизди.

3 Ал мага каршы бурулуп, күнү бою Өз колун менден тарткан жок.

4 Менин денем менен теримди жабыркатты, сөөктөрүмдү талкалады.

5 Мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады.

6 Мени небак өлгөндөрдөй кылып, караңгы жерге отургузду.

7 Чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту.

8 Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду.

9 Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды.

10 Ал мен үчүн буктурмада бугуп жаткан аюудай, жашыруун жерде жаткан арстандай болуп калды.

11 Ал менин жолдорумду бузуп салды, мени тытып таштады, мени киши санынан чыгарды.

12 Өз жаасын тартты, мени жаа үчүн бута кылып койду.

13 Өз саадагындагы жебелер менен бөйрөктөрүмө атты.

14 Мен өзүмдүн бүт элиме шылдың болдум, алардын күндөлүк ырына айландым.

15 Ал мени кайгыга тойгузду, мага эрмен ичирди.

16 Тиштеримди таш менен талкалады, мени күлгө оонатты.

17 Жанымдан тынчтык кетти, жакшы күн жөнүндө унутуп койдум.

18 Ошондо мен: «Алсырап калдым, Теңирге болгон үмүтүм үзүлдү.

19 Менин кайгым жөнүндө, кыйынчылыктарым жөнүндө, эрмен менен өт жөнүндө ойло», – дедим.

20 Аларды менин жаным тынымсыз эстеп, кыйналып жатат.

21 Мен өз жүрөгүмө мындай деп жооп берип, үмүт кылып жатам:

22 «Теңир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы түгөнгөн жок.

23 Анын ырайымы ар бир таңда жаңырып турат. Сенин ишенимдүүлүгүң зор!

24 Теңир менин бөлүгүм, – дейт менин жаным, – ошондуктан мен Андан үмүттөнөм».

25 Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу.

26 Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы.

27 Жаш кезинде моюнтурук көтөргөн адамга жакшы.

28 Ал унчукпастан жалгыз отурат, анткени аны ага Теңир салды.

29 Ал оозун топуракка коюп: «Балким, дагы үмүт бардыр», – деп ойлойт.

30 Ал уруп жатканга бетин тосот, кордукка тоёт.

31 Бирок Теңир түбөлүккө таштабайт.

32 Кайгы жиберсе да, Өзүнүн улуу ырайымдуулугу менен ырайым кылат.

33 Анткени Ал адам уулдарын Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча жазалабайт, Өз жүрөгүнүн каалоосу боюнча кайгыга салбайт.

34 Бирок жер жүзүндөгү бардык туткундарды тебелеп жатышканда,

35 Бардыгынан Жогору Тургандын алдында адамды адилетсиз соттоп жатышканда,

36 адамды өз ишинде кысымга алып жатышканда, Теңир көрбөйт бекен?

37 «Теңир буйрук кылбаган нерселер деле боло берет», – деп, ким айтып жатат?

38 Алаамат да, тынчтык да Бардыгынан Жогору Тургандын оозунан чыккан буйрук боюнча болуп жаткан жокпу?

39 Жашап жаткан адам эмнеге кайгырып жатат? Ар ким өз күнөөлөрү үчүн кайгырсын.

40 Өзүбүздүн жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Теңирге кайрылалы.

41 Асманда жашаган Кудайга жүрөгүбүз менен колубузду көтөрөлү:

42 «Биз күнөө кетирип, өжөрлөндүк, Сен кечирген жоксуң.

43 Сен Өзүңдү каар менен жаап алып, биздин артыбыздан түштүң, бизди өлтүрдүң, аяган жоксуң.

44 Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш үчүн, Сен Өзүңдү булут менен жаап алдың.

45 Элдердин арасында Сен бизди таштандыга, жийиркеничке айланттың.

46 Душмандарыбыздын бардыгы бизге каршы ооздорун араандай ачышты.

47 Коркунуч жана ор, кыйроо жана бүлүнүү биздин энчибиз болду».

48 Элимдин кызы кыйрагандыктан, көзүмдүн жашы көл болуп жатат.

49 Көз жашым токтобой төгүлүп жатат, анткени жеңилдик жок.

50 Теңир асмандан качанга чейин көз кырын салбайт, качанга чейин көрбөйт?

51 Менин шаарымдын бүт кыздары үчүн көзүм жанымды кайгыга салып жатат.

52 Мага эч себепсиз душман болгондор мени чымчык сыяктуу торго түшүрүү үчүн, ар кандай аракет кылышты.

53 Менин өмүрүмдү орго салып, мага таш жаадырышты.

54 Суу башыма чейин көтөрүлдү, ошондо мен: «Өлдүм!» – дедим.

55 Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым.

56 Сен менин үнүмдү уктуң. Менин үшкүрүгүмдү, ыйымды укпаш үчүн, Өз кулагыңды жаап алба!

57 Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: «Коркпо!» – дечүсүң.

58 Теңир, Сен менин жанымдын ишин коргоп турчусуң, менин өмүрүмдү куткарып турчусуң.

59 Теңир, Сен менин таарынычымды көрүп турасың, менин ишимди чечип бер!

60 Сен алардын бүт кегин, алардын мага каршы ойлогон бүт оюн көрүп турасың.

61 Теңир, Сен алардын тилдегенин, алардын мага каршы ойлогон ойлорун угуп турасың.

62 Сен күн сайын мага каршы чыккандардын сөздөрүн, алардын мага каршы колдонгон айла-амалдарын угуп турасың.

63 Аларды карачы, отурса да, турса да, алардын ыры – мен.

64 Теңир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере көр.

65 Алардын жүрөгүнө караңгылык жибер, аларга Өзүңдүн каргышыңды жибер.

66 Теңир, каарың менен алардын артынан түш, аларды асман астынан жок кыл.

4-БӨЛҮМ

Иерусалимдин жазалангандыгынын себептери

1 Алтын кандай карарды! Эң жакшы алтын кандай өзгөрдү! Ыйык жайдын таштары көчөлөрдүн кесилишине чачылды.

2 Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!

3 Чөөлөр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чөлдөгү төө кушка окшоп, таш боор болуп калды.

4 Суусаганынан эмчектеги баланын тили таңдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген эч ким жок.

5 Таттуу тамак жегендер көчөлөрдө соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоңойгондор кык кучактап жатышат.

6 Элимдин кызынын күнөөсү үчүн алган жазасы Содомдун күнөөсү үчүн алган жазасынан ашып түштү: Содом көз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.

7 Элимдин төрөлөрү кардан таза, сүттөн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми көрүнүшү сапфирдей эле.

8 Азыр болсо алардын жүзү бардык кара нерседен да кара. Көчөлөрдө аларды таанышпайт. Алардын териси сөөктөрүнө жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.

9 Кылычтан өлгөндөр ачарчылыктан өлгөндөргө караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып өлүп жатышат.

10 Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жүрөгү жумшак аялдар өздөрүнө тамак болуш үчүн, өз балдарын бышырышты.

11 Теңир Өзүнүн каарын, Өзүнүн жалындаган каарын төктү, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.

12 Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жүзүнүн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.

13 Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын күнөөлөрү үчүн, шаардын ичинде адил адамдардын канын төккөн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары үчүн болду.

14 Көчөлөрдө сокурлардай тентиреп жүрүштү, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизүү мүмкүн эмес эле.

15 Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. Элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.

16 Теңирдин жүзү аларды чачат. Теңир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».

17 Биздин көзүбүз келбес жардамды күтүп талыды. Өзүбүздүн күзөт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди күттүк.

18 Өз көчөлөрүбүздө баса албашыбыз үчүн, алар биздин ар бир кадамыбызды аңдып турушту. Биздин акыркы күнүбүз жакындап калды, күнүбүз бүттү, биздин акыркы күнүбүз келди.

19 Бизди куугунтуктагандар асмандагы бүркүттөрдөн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жүрүштү, чөлдө биз үчүн буктурма коюп жатышты.

20 Биздин өмүрүбүздүн деми – Теңирдин майланганы алардын оруна түштү. Биз ал жөнүндө: «Биз элдер арасында анын көлөкөсү астында жашайбыз», – дечү элек.

21 Эдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чөйчөк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылаңачтанасың.

22 Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгың үчүн жазалоо бүттү. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгың үчүн, Эдом кызы, Ал сени жазалайт, күнөөлөрүңдү ачат.

5-БӨЛҮМ

Элдин ырайым сурап сыйынышы

1 Теңир, биздин башыбызга эмне түшкөнүн эсте. Көз кырыңды сал, биздин кордолгонубузду кара.

2 Биздин мурасыбыз чоочун элге өттү, үйлөрүбүз бөтөн урууларга өттү.

3 Биз атасыз жетим калдык, энелерибиз жесирлердей болуп калышты.

4 Биз өзүбүздүн суубузду күмүшкө сатып алып ичип жатабыз, өз отундарыбызды акчага алып жатабыз.

5 Мойнубузга моюнтурук салып айдап алышты, биз иштеп жатабыз, бизде эс алуу жок.

6 Нанга тоюш үчүн, мисирликтер менен ашурлуктарга колубузду сунуп жатабыз.

7 Биздин ата-бабаларыбыз күнөөгө батышкан, азыр алар жок. Алардын мыйзамсыздыктары үчүн биз жазаланып жатабыз.

8 Бизге кулдар үстөмдүк кылып жатышат, бизди алардын колунан куткарып алчу эч ким жок.

9 Өмүрүбүздү кылыч коркунучуна салып, чөлдө өзүбүзгө нан таап жатабыз.

10 Жанга баткан ачкачылыктан терибиз мештей карарып кетти.

11 Сиондо аялдардын, Жүйүт шаарларында кыздардын абийирин булгап жатышат.

12 Төрөлөрдү асышты, аксакалдарды урматташкан жок.

13 Уландарды тегирмен таштарын айлантууга алып жатышат, өспүрүмдөр көтөргөн отундарынын оордугунан жыгылып жатышат.

14 Аксакалдар дарбаза алдында отурбай калышты, уландар ырдабай калышты.

15 Жүрөгүбүз кубанбай калды, ыр-бийлерибиз кайгы-муңга айланды.

16 Башыбыздан таажы түштү. Бизге кайгы, анткени биз күнөөгө баттык!

17 Мына ошон үчүн жүрөгүбүз кыйналып жатат, ошон үчүн көздөрүбүз тунарды.

18 Сион тоосу ээн калгандыктан, түлкүлөр жойлоп жүрөт.

19 Сен, Теңир, түбөлүктүүсүң. Сенин тагың укумдан-тукумга турат.

20 Эмне үчүн бизди таптакыр эсиңден чыгарып салдың? Эмне үчүн бизди узак убакытка таштап койдуң?

21 Теңир, бизди Өзүңө кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин күндөрүбүздү байыркы күндөрдөгүдөй кылып жаңырт.

22 Чын эле, Сен бизди биротоло четке кагып салдыңбы, бизге катуу каардандыңбы?








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz