Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ДАНИЕЛ

1-БӨЛҮМ

Небухаданасардын падыша сарайында

1 Жүйүт падышасы Жайакимдин падышачылыгынын үчүнчү жылында Бабыл падышасы Небухаданасар Иерусалимге келип, аны курчап алды.

2 Ошондо Теңир анын колуна Кудай үйүнүн идиштеринин бир бөлүгүн жана Жүйүт падышасы Жайакимди берди. Небухаданасар аларды Шинар жерине, өз кудайынын үйүнө жөнөттү. Ал идиштерди өз кудайынын казынасына киргизди.

3 Анан падыша эбнухтардын башчысы Ашпеназга Ысрайыл уулдарынын ичинен, падыша жана төрө тукумунан,

4 денесинде эч кандай кемчилиги жок, келишимдүү, ар тараптуу билими бар, илимди түшүнө билген, зээндүү, падыша сарайында кызмат кылууга жарактуу өспүрүмдөрдү алып келүүнү, аларга каздим тилин жана жазуусун үйрөтүүнү буйруду.

5 Падыша аларга күн сайын өз дасторконундагы тамактан жана өзү ичип жүргөн шараптан берип турууну дайындады, аларды үч жыл окутууну буйруду, үч жыл өткөндөн кийин алар падыша алдына келүүгө тийиш эле.

6 Алардын арасында Жүйүт уулдары Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария бар эле.

7 Эбнухтардын башчысы аларга башка ат койду: Даниелге Белтешатсар, Хананияга Шадрах, Мишаелге Мейшах жана Азарияга Абет-Него.

8 Даниел өз жүрөгүндө падыша дасторконундагы тамак менен, падыша ичкен шарап менен булганбоону чечип койду. Ошондуктан ал булганбаш үчүн, эбнухтардын башчысынан уруксат сурады.

9 Кудай эбнухтардын башчысына Даниелге карата ырайым жана сүйүү берди.

10 Эбнухтардын башчысы Даниелге: «Мен өзүмдүн мырзам падышадан корком, силерге тамак менен шарапты падыша өзү дайындаган. Өзүңөр курактуу өспүрүмдөрдөн айырмаланып, өңүңөрдүн азыңкы экенин падыша көрсө, анда мен падыша алдында айыптуу болуп калам», – деди.

11 Ошондо Даниелдин, Хананиянын, Мишаелдин жана Азариянын үстүнөн эбнухтардын башчысы көзөмөлдөөчү кылып койгон Амелсарга Даниел мындай деди:

12 «Кулдарыңа байкоо жүргүз: он күн бою бизге жегенге жашылча, ичкенге суу берип турушсун.

13 Ошондон кийин биздин өңүбүздү жана падыша тамагынан тамактанган өспүрүмдөрдүн өңүн көр, анан кулдарыңа өзүңдүн көргөнүңө жараша кыл».

14 Амелсар алардын бул айтканына макул болуп, аларга он күн байкоо жүргүздү.

15 Он күн өткөндөн кийин алар падыша дасторконунан тамактанган бардык өспүрүмдөргө караганда келишимдүү, келбеттүү болуп калышты.

16 Ошондо Амелсар аларга дайындалган тамак менен шараптын ордуна аларга жашылча берип турду.

17 Кудай ал төрт өспүрүмгө ар кандай китептерди жана акылмандыкты түшүнө билүү үчүн билим жана акыл берди. Даниелге болсо, андан тышкары, ар кандай көрүнүштөрдү жана түштөрдү түшүнө билүү жөндөмдүүлүгүн берди.

18 Белгиленген жылдар өткөндөн кийин, падыша аларды алып келүүнү буйруду, эбнухтардын башчысы аларды Небухаданасардын алдына алып келди.

19 Падыша алар менен сүйлөштү. Бардык өспүрүмдөрдүн ичинен Даниелге, Хананияга, Мишаелге жана Азарияга тең келген эч ким болгон жок. Ошондон тартып алар падыша алдында кызмат кыла башташты.

20 Падыша акылмандык талап кылынган нерселер боюнча алардан эмнени гана сурабасын, алар терең акылмандык көрсөтүштү. Ошондо падыша алардын өзүнүн бүт падышачылыгындагы жашыруун сырларды билүүчүлөр менен сыйкырчылардан он эсе жогору турарын билди.

21 Даниел ал жерде падыша Корештин падышачылыгынын биринчи жылына чейин болду.

2-БӨЛҮМ

Небухаданасардын түшү

1 Небухаданасар өзүнүн падышачылыгынын экинчи жылында түш көрдү. Ошондо анын тынчы кетти, түшү эсинен чыгып кетти.

2 Ошондо падыша өзүнүн түшүн айттырыш үчүн, жашыруун сырларды билүүчүлөрдү, төлгөчүлөрдү, сыйкырчыларды жана каздимдерди чакырууну буйруду. Алар келип, падыша алдында турушту.

3 Падыша аларга: «Мен түш көрдүм, бул түштүн маанисин билгим келип, тынчым кетип жатат», – деди.

4 Каздимдер падышага арамей тилинде: «Падыша! Түбөлүк жаша! Түшүңдү кулдарыңа айт, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – дешти.

5 Падыша каздимдерге мындай деп жооп кылды: «Мен айткан сөз өзгөрүлбөйт: эгерде силер мага түштү жана анын маанисин айтып бербесеңер, анда силерди бөлө чаап, үйүңөрдү урандыга айландырышат.

6 Эгерде түштү жана анын маанисин айтып берсеңер, анда менден белек жана сыйлык аласыңар, силерге чоң сый көрсөтүлөт. Ошондуктан мага түштү жана анын маанисин айтып бергиле».

7 Алар экинчи жолу: «Падыша өзүнүн кулдарына түшүн айтсын, ошондо биз анын маанисин түшүндүрүп беребиз», – деп жооп беришти.

8 Ошондо падыша аларга: «Менин сөзүмдүн өзгөрүлбөстүгүн билгендиктен, убакытты уткуңар келип жатканын билип эле турам.

9 Мага түштү айтпай жатканыңардын себеби – бир жаман оюңар бар: убакытты өткөрүп, мага жалганды, калпты айтканы жатасыңар. Түшүмдү айтып бергиле, ошондо мен силердин анын маанисин да айтып бере аларыңарды билем», – деди.

10 Каздимдер падышага мындай деп жооп беришти: «Бул ишти падышага ачып бере ала турган адам жер жүзүндө жок, ошондуктан улуу жана кудуреттүү болгон бир да падыша буга окшогон ишти бир да жашыруун сырларды билүүчүдөн, бир да сыйкырчыдан, бир да төлгөчүдөн жана бир да каздимден талап кылган эмес.

11 Падыша талап кылып жаткан бул иш ушунчалык кыйын болгондуктан, аны падышага адамдар менен жашабаган кудайлардан башка эч ким ачып бере албайт».

12 Буга падыша аябай каарданып, аябай ачууланып, Бабылдын бардык акылмандарын кырып салууну буйрук кылды.

13 Акылмандарды өлтүрүү жөнүндөгү бул буйрук чыкканда, Даниелди жана анын жолдошторун да өлтүрүү үчүн издешти.

Кудайдын Даниелге түштүн маанисин ачып бериши

14 Ошондо Даниел Бабыл акылмандарын өлтүргөнү чыккан падыша сакчыларынын башчысы Ариохко акылмандык жана билгичтик менен кайрылды.

15 Ал падышанын башкы кызматчысы Ариохтон: «Эмне үчүн падыша ушундай катуу буйрук чыгарды?» – деп сурады. Ариох Даниелге бардык ишти айтып берди.

16 Даниел падышага кирип, түштүн маанисин билүүгө убакыт сурады.

17 Анан Даниел үйүнө келип, өзүнүн жолдоштору Хананияга, Мишаелге жана Азарияга болгон ишти айтып берди.

18 Бабылдын башка акылмандары менен кошо өлүп калбаш үчүн, асмандагы Кудай ырайым кылып, бул сырды ачып берүүсүн өтүнгүлө деп, Даниел жолдошторуна кайрылды.

19 Ошондо бул жашыруун сыр Даниелге түнкү көрүнүштө ачылды, Даниел асмандагы Кудайды даңктады.

20 Даниел мындай деди: «Теңирдин ысымы кылымдан кылымга даңкталсын, анткени акылмандык менен күч Ага таандык.

21 Ал мезгилдер менен жылдарды өзгөртөт, падышаларды кулатат, падышаларды коёт, акылдууларга акылмандык, түшүнө ала тургандарга билим берет.

22 Ал терең жана жашыруун сырларды ачат, караңгылыкта эмне бар экенин билет, жарык Аны менен жашайт.

23 Ата-бабаларымдын Кудайы, Сен мага акылмандык жана күч бергениң үчүн, биз Сенден эмне жөнүндө сурасак, ошону мага ачып бергениң үчүн, Сени даңктайм жана даңазалайм, анткени Сен бизге падышанын ишин ачып бердиң».

Даниелдин түштүн маанисин чечмелеп бериши

24 Ошондон кийин Даниел падышадан Бабылдын акылмандарын өлтүрүү жөнүндө буйрук алган Ариохко келип: «Бабылдын акылмандарын өлтүрбө. Мени падышага алып бар, мен ага түштүн маанисин ачып берем», – деди.

25 Ошондо Ариох Даниелди падышага дароо алып келип, ага: «Мен Жүйүттүн туткунда жүргөн уулдарынын ичинен падышага түштүн маанисин ачып бере ала турган бир адамды таптым», – деди.

26 Падыша Белтешатсар деген да ысымы бар Даниелден: «Сен мага мен көргөн түштү жана анын маанисин айтып бере аласыңбы?» – деп сурады.

27 Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша сурап жаткан сырды падышага акылмандар да, көз боёочулар да, жашыруун сырларды билүүчүлөр да, төлгөчүлөр да ачып бере алышпайт.

28 Бирок асманда жашыруун сырларды ача турган Кудай бар. Ал акыркы күндөрдө эмне болорун Небухаданасар падышага ачып берди. Сен көргөн түш – төшөгүңдө жатып көргөн көрүнүш мындай:

29 сен, падыша, төшөгүңдө жатып, мындан ары эмне болот деп ойлодуң. Ошондо сырларды Ачуучу эмне боло тургандыгын сага көрсөттү.

30 Бирок бул сыр мага жер жүзүндө жашаган бардык адамдардан акылдуу болгондугум үчүн ачылган жок. Бул сыр мага падышага түшүнүк бериш үчүн, сен өзүңдүн жүрөгүңдөгү ойлоруңду билишиң үчүн ачылды.

31 Сен, падышам, мындай көрүнүш көрдүң: алдыңда бир чоң буркан турганын көрдүң, ал буркан эбегейсиз чоң эле. Ал аябай жаркырап, сенин алдыңда турду, анын көрүнүшү коркунучтуу эле.

32 Ал буркандын башы таза алтындан, көкүрөгү менен колдору күмүштөн, курсагы менен сандары жезден эле.

33 Анын шыйрактары темирден, тамандарынын бир бөлүгү темирден, бир бөлүгү чоподон эле.

34 Сен карап турганда, колдун жардамысыз эле тоодон бир чоң таш учуп келип, бурканга, анын темир жана чопо буттарына бир тийип, аларды талкалап салды.

35 Ошондо темир, чопо, жез, күмүш жана алтындын баары талкаланып, жайкы кырмандагы топондой болуп калды, аларды шамал учуруп кетти, алардын изи да калган жок. Бурканды талкалаган таш болсо чоң тоого айланып, бүт жерди ээледи.

36 Сен ушундай түш көрдүң! Падыша алдында анын маанисин да айтып беребиз.

37 Сен, падыша, падышалардын падышасысың. Асмандагы Кудай сага падышачылык, бийлик, күч-кубат жана атак-даңк берген.

38 Кайсы жерде гана жашабасын, бардык адамдарды, жердеги жаныбарлар менен асмандагы канаттууларды Ал сенин колуңа берип, сени алардын баарынын үстүнөн падыша койгон, алтындан жасалган ошол баш сенсиң!

39 Сенден кийин сенин падышачылыгыңдан төмөн болгон башка падышачылык келет, андан кийин бүт жер жүзүнө үстөмдүк кыла турган үчүнчү падышачылык – жез падышачылыгы келет.

40 Төртүнчү падышачылык болсо темирдей катуу болот. Анткени темир бардыгын талкалап бүлүнткөндөй эле, ал да бардыгын кыйратуучу темирдей болуп талкалап бүлүнтөт.

41 Сен көргөн буттар жана бир бөлүгү чопо, бир бөлүгү темир болгон буттардын манжалары падышачылыктын бөлүнөрүн билдирет, ал падышачылыкта темирдин анча-мынча күчү калат, анткени сен чопо менен аралашкан темирди көрдүң.

42 Буттардын манжаларынын бир бөлүгү чоподон, бир бөлүгү темирден тургандыгы падышачылыктын жарымы бекем, жарымы борпоң болорун билдирет.

43 Ал эми чопо менен аралашкан темирди көргөнүң алардын адам тукуму аркылуу аралашарын билдирет, бирок темир чопо менен аралашпагандай эле, алар бири-бири менен бирикпейт.

44 Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат.

45 Тоодон таш колдун жардамысыз эле учуп келип, темирди, жезди, чопону, күмүштү жана алтынды талкалаганын көрдүң. Кудуреттүү Кудай мындан ары эмне болорун падышага билдирди. Бул түш чындык, анын чечмелениши туура!»

Даниелдин жогорку кызматка коюлушу

46 Ошондо Небухаданасар падыша жүзтөмөндөп жыгылып, Даниелге таазим кылып, ага белектерди жана жыпар жыттуу заттарды алып келгиле деп буйрук кылды.

47 Анан падыша Даниелге: «Чыны менен эле, силердин Кудайыңар – кудайлардын Кудайы, сен бул жашыруун сырды ача алгандан кийин, силердин Кудайыңар – жашыруун сырларды ачкан падышалардын Эгедери!» – деди.

48 Ошондо падыша Даниелди жогорку кызматка койду, ага көптөгөн чоң белектерди берди, аны Бабылдын бардык дубандарына башчы, Бабылдын бардык акылмандарына эң башкы башчы кылып койду.

49 Бирок Даниел падышадан өтүнгөндүктөн, ал Бабыл өлкөсүнүн иштерин башкарууга Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону койду. Даниел болсо падыша сарайында калды.

3-БӨЛҮМ

Небухаданасардын буйругу

1 Небухаданасар падыша бийиктиги алтымыш чыканак, туурасы алты чыканак болгон алтын буркан жасап, аны Бабыл өлкөсүндөгү Дур талаасына койду.

2 Анан Небухаданасар падыша орноткон буркандын салтанаттуу ачылышына келишсин деп, падыша Небухаданасар жергиликтүү төрөлөрдү, жогорку бийликтегилерди, аскер башчыларды, жогорку сотторду, казына кармоочуларды, мыйзам чыгаруучуларды, сотторду жана бүт дубан башчыларын чогултканга киши жиберди.

3 Жергиликтүү төрөлөр, жогорку бийликтегилер, аскер башчылар, жогорку соттор, казына кармоочулар, мыйзам чыгаруучулар, соттор жана бүт дубан башчылары падыша Небухаданасар орноткон буркандын ачылышына чогулуп, Небухаданасар орноткон буркандын алдында турушту.

4 Ошондо жар салуучу катуу үн менен мындай деп жарыя кылды: «Элдер, уруулар жана улуттар, силерге жарыя кылынат:

5 Сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угарыңар менен, Небухаданасар падыша орноткон алтын бурканга таазим кылгыла.

6 Ким жыгылып таазим кылбаса, ал ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытылат».

7 Ошондуктан бардык элдер, уруулар жана улуттар сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угушары менен, Небухаданасар падыша орноткон алтын бурканга таазим кылышты.

Yч эврей уландын бурканга таазим кылуудан баш тартышы

8 Дал ушул убакта каздимдерден бир нече киши келип, жүйүттөрдү жамандашты.

9 Алар Небухаданасар падышага мындай дешти: «Падыша, түбөлүк жаша!

10 Падыша, сен сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн уккан ар бир адам алтын бурканга жыгылып таазим кылсын,

11 ким жыгылып таазим кылбаса, ал жалындап күйүп турган мешке ыргытылсын деген буйрук бергенсиң.

12 Падыша, сенин буйругуңа баш ийбеген адамдар бар. Алар – Бабыл өлкөсүнүн иштерин башкарууга өзүң койгон Шадрах, Мейшах жана Абет-Него деген Жүйүт эркектери. Алар сенин кудайларыңа кызмат кылбай, өзүң орноткон алтын бурканга табынбай жатышат».

13 Ошондо Небухаданасар ачууланып, каарданып, Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону алып келүүнү буйрук кылды. Аларды падышага алып келишти.

14 Небухаданасар аларга мындай деди: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него, менин кудайларыма кызмат кылбай, мен орноткон алтын бурканга таазим кылбай жатканыңар чынбы?

15 Ушул убакыттан тартып, эгерде силер даяр болсоңор, сурнайдын, чоордун, лиранын, арфанын, гуслинин, волынканын жана башка ар кандай музыкалык аспаптардын үнүн угарыңар менен жыгылып, мен жасаган бурканга табынгыла. Эгерде табынбасаңар, анда ошол замат жалындап күйүп турган мешке ыргытыласыңар, ошондо силерди менин колумдан кайсы Кудай куткарат?»

16 Ошондо Шадрах, Мейшах жана Абет-Него Небухаданасар падышага мындай дешти: «Сенин бул сурооңо жооп берүүнүн зарылчылыгы жок.

17 Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди жалындап күйүп турган мештен куткара алат, падыша, Ал сенин колуңдан да куткарат.

18 Андай болбогон учурда да, падыша, сага маалым болсун, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз».

Жалындап күйүп турган мештин аларга эч кандай зыян келтирбегендиги

19 Ошондо Небухаданасар катуу каарданып, Шадрахка, Мейшахка жана Абет-Негого каардана карады. Анан ал мешти демейдегиден жети эсе катуу жагууну буйрук кылды.

20 Анан өзүнүн аскерлеринин эң күчтүүлөрүнө Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону байлап, жалындап күйүп турган мешке ыргытууну буйрук кылды.

21 Ошондо алар бул үчөөнү байлап, ички-тышкы кийимдери, башындагы чалмалары менен жалындап күйүп турган мешке ыргытышты.

22 Падышанын катуу буйругу боюнча мештеги от алоолонто жагылгандыктан, Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону ыргыткан адамдар оттун жалынынан өлүштү.

23 Ал эми Шадрах, Мейшах жана Абет-Него үчөө байланган бойдон жалындап күйүп турган мештеги отко кулашты.

24 Небухаданасар падыша таң калып, шашылыш тура калып, төрөлөрүнөн: «Биз отко байланган үч адамды ыргыттык беле?» – деп сурады. Алар падышага: «Ооба, падыша!» – деп жооп беришти.

25 Буга ал: «Мен байланбаган төрт адамды көрүп турам, алар оттун ичинде басып жүрүшөт, эч кандай зыян тартышпаптыр. Төртүнчүсү Кудайдын Уулуна окшош экен», – деди.

26 Ошондо Небухаданасар жалындап күйүп турган мештин оозуна келип: «Шадрах, Мейшах, Абет-Него, баарынан жогору турган Кудайдын кулдары! Мештен чыккыла, бери келгиле!» – деди. Ошондо Шадрах, Мейшах жана Абет-Него от ичинен чыгышты.

27 Жергиликтүү төрөлөр, жогорку бийликтегилер, аскер башчылар, падыша кеңешчилери чогулуп, аларды карап чыгып, алардын денесине от зыян келтирбегенин, башындагы чачтары күйбөгөнүн, кийимдери өзгөрбөгөнүн, ал турсун, алардан оттун жыты да келбегенин көрүштү.

28 Ошондо Небухаданасар мындай деди: «Шадрахтын, Мейшахтын жана Абет-Негонун Кудайына даңк! Ал Өзүнүн периштесин жиберип, Өзүнө таянган, падышанын буйругуна баш ийбеген, өздөрүнүн Кудайынан башка кудайга кызмат кылбаш үчүн, табынбаш үчүн, денелерин отко берген Өзүнүн кулдарын куткарып алды.

29 Ошондуктан мен мындай буйрук берем: Бардык элдердин, уруулардын жана улуттардын ичинен ким Шадрахтын, Мейшахтын жана Абет-Негонун Кудайына акарат келтирсе, аны бөлө чаап, үйүн урандыга айландырышат, анткени ушинтип куткара алган башка Кудай жок».

30 Ошондон кийин падыша Бабыл өлкөсүндө Шадрахты, Мейшахты жана Абет-Негону жогорку кызматка койду.

31 Небухаданасар падыша жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, урууларга жана улуттарга мындай деди: «Силерде тынчтык көбөйсүн!

32 Баарынан жогору турган Кудайдын мага көрсөткөн жышаандары менен кереметтерин силерге жарыя кылууну туура таптым.

33 Анын жышаандары кандай улуу! Анын кереметтери кандай кудуреттүү! Анын падышачылыгы – түбөлүк падышачылык, Анын бийлиги кылымдан кылымга!

4-БӨЛҮМ

Небухаданасардын экинчи түшү

1 Мен, Небухаданасар, өз үйүмдө, падыша сарайымда тынч жашап, чоң ийгиликтерге жетиштим.

2 Бирок мен мени коркуткан бир түш көрдүм. Төшөгүмдө жатып ойлогон ойлорум, көргөн көрүнүштөрүм тынчымды алды.

3 Ошондо мага түштүн маанисин айтып беришсин деп, Бабылдын бардык акылмандарын алып келүүнү буйрук кылдым.

4 Ошондо жашыруун сырларды билүүчүлөр, сыйкырчылар, каздимдер жана төлгөчүлөр келишти. Мен аларга түшүмдү айтып бердим, бирок алар мага анын маанисин түшүндүрүп бере алышкан жок.

5 Акырында, мага кудайымдын атынан Белтешатсар деген ат коюлган, ичинде ыйык Кудайдын Руху бар Даниел келди. Мен ага түшүмдү айтып бердим.

6 “Белтешатсар, акылмандардын башчысы! Сенде ыйык Кудайдын Руху бар экенин, эч кандай жашыруун сыр сен үчүн кыйын эмес экенин билем, мага көргөн түшүмдү жана анын маанисин айтып бер.

7 Төшөгүмдө жатканда көргөн көрүнүштөр мындай эле: түшүмдө жер ортосунда өтө бийик бир дарак турганын көрдүм.

8 Ал дарак чоң жана бекем эле, анын бийиктиги асманга жетип, бүт жер жүзүнүн учу-кыйырына чейин көрүнүп турду.

9 Анын жалбырактары кооз, жемиши мол эле. Анда бардыгы үчүн азык бар эле. Анын түбүнө талаа жырткычтары көлөкөлөп, бутактарына канаттуулар уялашат экен, андан бардык тирүү жандар тамактанып турушат экен.

10 Мен төшөгүмдө жатканда көргөн көрүнүштө муну көрдүм: асмандан Уктабай Карап Туруучу, Ыйык, түшүп келди.

11 Ал катуу кыйкырып, мындай деди: «Бул даракты кыйып салгыла, бутактарын бутап салгыла, жалбырактарын күбүп салгыла, жемиштерин чачып жибергиле. Анын түбүндөгү жырткычтар, бутактарындагы канаттуулар кетсин.

12 Бирок анын негизги тамырын жерде калтыргыла, ага темир жана жез кишен салынсын, талаа чөптөрүнүн арасында асман шүүдүрүмү менен сугарылсын. Ал жаныбарлар менен бирге талаа чөптөрүн жесин.

13 Андан адамдын жүрөгү алынып, жырткычтын жүрөгү салынсын, анын үстүнөн жети мезгил өтсүн.

14 Бул Уктабай Карап Туруучулардын буйругу менен чечилди, Ыйыктардын өкүмү менен белгиленди. Ошондуктан жер жүзүндө жашагандардын баары адамзат падышачылыктарынын үстүнөн Баарынан Жогору Турган бийлик кыларын, падышачылыкты Өзү кимге кааласа, ошого берерин жана ага кемсинтилген адамды коёрун билишсин»”.

15 Мен, Небухаданасар падыша, ушундай түш көрдүм. Ал эми сен, Белтешатсар, анын маанисин түшүндүрүп бер, анткени менин падышачылыгымдагы акылмандардын ичинен эч ким анын маанисин түшүндүрүп бере алган жок, бирок сен түшүндүрүп бере аласың, анткени сенде ыйык Кудайдын Руху бар».

Даниелдин экинчи түштү чечмелеп бериши

16 Ошондо Белтешатсар деген да ысымы бар Даниел бир саатка жакын таң калып турду, ойлору тынчын алды. Падыша ага: «Белтешатсар! Бул түш жана анын мааниси сенин тынчыңды албасын», – деди. Белтешатсар мындай деп жооп берди: «Мырзам! Бул түш сени жек көргөндөрдүн түшүнө кирсе гана! Мунун мааниси душмандарыңа болсо гана!

17 Сен көргөн чоң жана бекем, бийиктиги асманга жеткен, жердин учу-кыйырына көрүнүп турган,

18 жалбырактары кооз, жемиши мол, бардыгы үчүн азыгы бар, түбүндө талаа жырткычтары жашаган, бутактарында асман канаттуулары уялаган дарак –

19 бул атак-даңкка ээ болгон, күч-кубаттуу, атак-даңкың алыска кетип, асманга чейин жеткен, бийлигиң жердин учу-кыйырына жеткен падыша сенсиң.

20 Ал эми падышанын асмандан түшүп келе жаткан Уктабай Карап Туруучуну, Ыйыкты, көрүп, Анын: “Даракты кыйып салгыла, аны жок кылгыла, анын жердеги негизги тамырын гана калтыргыла, ага темир жана жез кишен салынсын, талаа чөптөрүнүн арасында асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, анын үстүнөн белгиленген жети мезгил өткөнчө, ал талаа жырткычтары менен болсун”, – деп айтканын укканы,

21 падыша, анын мааниси, Бардыгынан Жогору Тургандын мырзам падышага чыгарган өкүмү мындай:

22 Сени адамдардан бөлүп салышат, сен талаа жырткычтары менен жашайсың, сени өгүзгө окшотуп чөп менен багышат, асман шүүдүрүмү менен сугарыласың, адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кыларын жана аны кимге кааласа, ошого берерин сен түшүнгөнчө, сенин үстүңөн жети мезгил өтөт.

23 Ал эми дарактын негизги тамырын калтырууга буйрук берилгени муну билдирет: сен асман бийлигин таанып билгенден кийин, падышачылыгың өзүңдө калат.

24 Ошондуктан, падыша, сага берген кеңешимди кабыл ал: күнөөлөрүңдү адилеттүүлүк кылуу менен, мыйзамсыздыгыңды кембагалдарга боорукердик кылуу менен жуу, ошондо сенин тынчтыгың уланат».

25 Ушунун бардыгы Небухаданасар падышанын башына келди.

26 Он эки ай өткөндөн кийин, Бабылдагы падыша сарайында ары-бери басып жүргөн падыша мындай деди:

27 «Падыша шаары болсун деп, даңкым үчүн өз кудуретим менен курган улуу Бабыл ушул эмеспи!»

28 Падыша бул сөздү айтып бүтө электе эле, асмандан үн угулду: «Сага айтылып жатат, Небухаданасар падыша, сенден падышачылык бийлик алынды!

29 Сени адамдардан бөлүп салышат, талаа жырткычтары менен жашайсың, сени өгүзгө окшотуп чөп менен багышат, адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кыларын, аны кимге кааласа, ошого берерин сен түшүнгөнчө, сенин үстүңөн жети мезгил өтөт!»

30 Небухаданасар жөнүндө айтылган бул сөз ошол замат орундалды, аны адамдардан бөлүп салышты, ал өгүзгө окшоп чөп жеди, анын денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылып турду, чачтары арстандыкындай, тырмактары куштукундай болуп өстү.

31 «Бул күндөр өткөндөн кийин, мен, Небухаданасар, асманды карадым, ошол учурда акыл-эсим өзүмө кайтып келди. Ошондо мен Бардыгынан Жогору Турганды даңктадым, Түбөлүк Жашоочуну даңазаладым. Анын бийлиги – түбөлүк бийлик, падышачылыгы – кылымдан кылымга!

32 Жерде жашагандын бардыгы эч нерсеге арзыбайт. Ал асман кошуундарында да, жерде жашагандардын арасында да Өз эркин ишке ашырат. Анын колуна каршы чыгып, Ага: “Сен эмне кылдың?” – деп айта ала турган эч ким жок.

33 Ошол учурда менин акыл-эсим өзүмө кайтып келди, өз падышачылыгымдын даңкы үчүн өз улуулугум жана мурунку көрүнүшүм кайтып келди. Ошондо кеңешчилерим менен төрөлөрүм мени издеп табышты, мен падышачылык тагыма кайрадан отургузулдум, атак-даңкым мурдагыдан да артты.

34 Азыр мен, Небухаданасар, Асмандагы Падышаны даңктаймын, мактаймын, даңазалаймын. Анын бардык иштери – чындык, жолдору адилет, текеберлерди моюн сундурууга Анын күчү жетет».

5-БӨЛҮМ

Белшатсардын той өткөрүшү

1 Белшатсар падыша өзүнүн миңдеген төрөлөрүнө чоң той өткөрүп, миңдеген адамдардын алдында шарап ичип отурду.

2 Ал шарап ичип алып, атасы Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан падыша, падышанын төрөлөрү, аялдары жана күңдөрү шарап ичиши үчүн алып чыккан алтын-күмүш идиштерди алып келүүнү буйруду.

3 Ошондо Иерусалимдеги Кудай үйүнүн ыйык бөлмөсүнөн алынган алтын идиштерди алып келишти. Падыша, анын төрөлөрү, аялдары жана күңдөрү ал идиштер менен шарап ичип жатышты.

4 Шарап ичип алып, алтындан жана күмүштөн, жезден жана темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды даңктап жатышты.

5 Так ошол саатта адам колу чыгып, падыша сарайындагы, чырактандын маңдайындагы акталган дубалга жазды. Падыша дубалга жазып жаткан колдун манжасын көрдү.

6 Ошондо падышанын өңү бузулуп кетти. Ойлору тынчын алды, белинин муундары бошоду, тизелери титиреп, бири-бирине урунду.

7 Сыйкырчыларды, каздимдерди жана төлгөчүлөрдү алып келгиле деп, падыша катуу кыйкырды. Анан падыша Бабылдын даанышмандарына: «Ким бул жазууну окуп, мага анын маанисин түшүндүрүп берсе, ага кочкул кызыл чапан кийгизилет, мойнуна алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта үчүнчү өкүмдар болот», – деди.

8 Ошондо падышанын бардык акылмандары киришти, бирок жазылган сөздөрдү окуй албай коюшту жана алардын маанисин падышага түшүндүрүп бере албай коюшту.

9 Белшатсар падыша аябай тынчсызданды, анын өңү бузулду, анын төрөлөрүнүн да тынчы кетти.

10 Падышанын энеси падышанын жана анын төрөлөрүнүн сөздөрүн угуп, той болуп жаткан үйгө кирди. Падышанын энеси сөз баштап, мындай деди: «Падыша, түбөлүк жаша! Ойлоруң тынчыңды албасын, өңүң да бузулбасын.

11 Сенин падышачылыгыңда ыйык Кудайдын руху бар бир адам бар. Атаңдын убагында ал адамда жарык, акыл, кудайлардын акылмандыгындай акылмандык бар экени билинген. Ошондо Небухаданасар падыша, сенин атаң, аны жашыруун сырларды билүүчүлөрдүн, сыйкырчылардын, каздимдердин жана төлгөчүлөрдүн башчысы кылып койгон, аны атаң, падыша, өзү койгон.

12 Анткени ал адамда, падыша өзү Белтешатсар деп ат койгон Даниелде, өзгөчө рух, билим жана түштөрдү чечмелей ала турган, табышмактарды таба ала турган, жашыруун сырларды ача ала турган акылмандык бар болуп чыккан. Ошондуктан Даниелди чакырып келишсин, ал жазуунун маанисин түшүндүрүп берет».

Даниелдин дубалдагы жазууну түшүндүрүп бериши

13 Ошондо Даниелди падышанын алдына алып келишти. Падыша Даниелге мындай деди: «Менин атам, падыша, Жүйүт жеринен алып келген, туткунда жүргөн Жүйүт уулдарынын бири Даниел деген сенсиңби?

14 Мен сен жөнүндө, сенде Кудайдын руху, жарык, акыл жана бийик акылмандык бар экенин уктум.

15 Мына, бул жазууну окуп, маанисин чечмелеп бериш үчүн, мага акылмандар менен сыйкырчыларды алып келишти. Бирок алар мага анын маанисин түшүндүрүп бере алышкан жок.

16 Сени чечмелеп бере алат, жашыруун сырларды ача алат деп уктум. Эгерде бул жазууну окуй алсаң жана анын маанисин чечмелеп бере алсаң, анда кочкул кызыл чапан киесиң, мойнуңа алтын чынжыр тагылат, падышачылыкта үчүнчү өкүмдар болосуң».

17 Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Белектериң өзүңдө калсын, жогорку кызматты башкага бер. Дубалдагы жазууну болсо окуп берем жана маанисин чечмелеп берем.

18 Падыша! Бардыгынан жогору турган Кудай атаң Небухаданасарга падышачылыкты, улуулукту, урмат-сыйды жана атак-даңкты берген.

19 Кудай берген улуулуктун алдында андан бардык элдер, уруулар жана улуттар титиреп, коркуп турушкан: ал каалаганын өлтүргөн, каалаганын тирүү калтырган, каалаганын жогору көтөргөн, каалаганын баскан.

20 Бирок анын жүрөгү текеберденип кеткенде, руху катаалданып, тоотпос болуп калганда, ал өзүнүн падышачылык тактысынан кулатылды, атак-даңкынан ажыратылды,

21 адамдардан бөлүндү, жүрөгү жырткычтыкындай болуп калды, жапайы эшектер менен жашады. Аны өгүзгө окшотуп чөп менен багышты, денеси асман шүүдүрүмү менен сугарылды. Адамзат падышачылыгынын үстүнөн бардыгынан жогору турган Кудай бийлик кыларын, Өзү кимди кааласа, ошону коёорун ал түшүнгөнгө чейин ушундай болду.

22 Сен да, анын уулу Белшатсар, ушунун баарын билсең да, жүрөгүңдү жоошуткан жоксуң.

23 Тескерисинче, асмандагы Теңирге каршы чыктың, сага Анын үйүндөгү идиштерди алып келишти, сен, сенин төрөлөрүң, аялдарың жана күңдөрүң ал идиштер менен шарап ичишти. Көрбөгөн, укпаган, түшүнбөгөн, алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды даңктадың. Өмүрүң, бардык жолдоруң колунда турган Кудайды болсо даңктаган жоксуң.

24 Мына ошон үчүн Андан колдун манжалары жиберилип, бул жазуу жазылды.

25 Анда мындай деп жазылган: “МЕНЕ, МЕНЕ, ТЕКЕЛ, УПАРСИН”.

26 Сөздөрдүн мааниси мындай: “МЕНЕ” – Кудай сенин падышачылык кылган күндөрүңдү эсептеп чыгып, ага чекит койду.

27 “ТЕКЕЛ” – сен таразага тартылып, өтө жеңил болуп чыктың.

28 “ПАРАС” – сенин падышачылыгың бөлүнүп, мадайлыктар менен персиялыктарга берилди».

29 Ошондо Белшатсардын буйругу боюнча Даниелге кочкул кызыл чапан кийгизишти, мойнуна алтын чынжыр тагышты жана аны падышачылыкта үчүнчү өкүмдар кылып жарыялашты.

30 Ошол эле түнү Каздим падышасы Белшатсар өлтүрүлдү.

31 Падышачылыкка алтымыш эки жаштагы мадайлык Дарий келди.

6-БӨЛҮМ

Даниелдин арстандарга ыргытылышы

1 Падышачылыкты башкарууга Дарий жүз жыйырма дубан башчы коюуну туура тапты.

2 Ал эми алардын үстүнөн үч төрөнү койду, алардын бири Даниел эле. Дубан башчылар аларга эсеп берип турушмак. Ошондо падышага эч кандай оордук түшмөк эмес.

3 Даниел башка төрөлөрдөн, дубан башчылардан жогору эле, анткени анда өзгөчө рух бар эле. Падыша аны бүт падышачылыктын үстүнөн коюуну ойлоду.

4 Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышачылыкты башкаруу иштери боюнча Даниелди айыпташ үчүн, шылтоо издей башташты. Бирок эч кандай шылтоо да, жаңылыштык да таба алышкан жок, анткени ал ишенимдүү болчу, анда кемчилик да, айып да жок эле.

5 Анан бул адамдар: «Эгерде биз Даниелге каршы шылтоону анын өз Кудайынын мыйзамынан таппасак, ага каршы эч кандай шылтоо таба албайбыз», – дешти.

6 Ошондо төрөлөр менен дубан башчылар падышага келип, мындай дешти: «Дарий падыша! Түбөлүк жаша!

7 Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга же сенден башка кишиге кайрылса, падыша, анда ал арстандар жаткан орго ташталсын деп, падыша ушундай мыйзам жана буйрук чыгарсын деп, падышачылыктын бардык төрөлөрү, жергиликтүү төрөлөрү, дубан башчылары, кеңеш берүүчүлөрү, аскер башчылары өз ара макулдашышты.

8 Ошондуктан, падыша, бул мыйзам менен буйрукту бекемдеп, кол кой. Ал Мадай менен Персиянын мыйзамындай өзгөрүлгүс болсун, бузулбасын».

9 Дарий падыша бул мыйзам менен буйрукка кол койду.

10 Даниел болсо ушундай мыйзамга кол коюлганын билип, өз үйүнө кетти. Анын бөлмөсүнүн терезелери Иерусалимди карап турчу. Ал адаттагысындай эле күн сайын үч маал тизе бүгүп, Кудайына сыйынып, Аны даңазалай берди.

11 Ошол учурда тиги кишилер аңдып, Даниелдин өз Кудайына сыйынып, Андан ырайым сурап жатканын көрүштү.

12 Ошондо алар падышага келип, ага өзүнүн буйругу жөнүндө айтышты: «“Ким отуз күндүн ичинде кайсы бир кудайга жана падышадан башка кишиге кайрылса, падыша, ал арстандар жаткан орго ташталсын” деген мыйзамга кол койбодуң беле?» Падыша: «Бул сөз мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамындай өзгөрүлгүс», – деп жооп берди.

13 Ошондо алар падышага: «Падыша, туткунда жүргөн Жүйүт уулдарынын бири Даниел сага да, сен кол койгон мыйзамга да көңүл бурбай, күнүнө үч маал өзүнүн Кудайына сыйынып жатат», – дешти.

14 Падыша муну укканда, аябай кайгырып, жүрөгүндө Даниелди сактап калууну чечти, ал турсун, аны күн батканга чейин куткарып калууга катуу аракет кылды.

15 Бирок тиги кишилер падышага келип: «Падыша, мадайлыктар менен персиялыктардын мыйзамы боюнча падыша бекиткен бир да мыйзам жана бир да буйрук өзгөртүлүшү мүмкүн эмес экенин эсиңден чыгарба», – дешти.

16 Ошондо падыша буйрук кылды. Даниелди алып келип, арстандар жаткан орго ташташты. Падыша Даниелге: «Сен дайыма кызмат кылган Кудай Өзү сени куткарат!» – деди.

17 Анан таш алып келип, ордун оозуна коюшту, Даниел жөнүндө чыккан буйрук өзгөрүлбөс үчүн, падыша ташка өзүнүн мөөрүн жана төрөлөрүнүн мөөрүн басты.

18 Андан кийин падыша өзүнүн падыша сарайына барып, кечки тамакты ичпестен, уктаганы жатты, атүгүл, өзүнө тамак алып келүүнү да буйрук кылган жок, анын уйкусу качты.

19 Эртеси падыша таң заардан туруп, арстандар жаткан орго шашыла жөнөдү.

20 Ал орго жакын келип, аянычтуу үн менен Даниелди чакырып: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Сен дайыма кызмат кылган Кудайың сени арстандардан куткара алдыбы?» – деди.

21 Ошондо Даниел падышага мындай деп жооп берди: «Падыша! Түбөлүк жаша!

22 Менин Кудайым Өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, ошондуктан алар мага эч кандай зыян келтиришкен жок, анткени мен Анын алдында таза болуп чыктым. Сенин алдыңда да, падыша, кылмыш кылган эмесмин».

23 Ошондо падыша аябай кубанып, Даниелди ордон чыгарууну буйруду. Даниел ордон чыгарылды, анын денесинен эч кандай жаракат табышкан жок, анткени ал өз Кудайына ишенген эле.

24 Анан падыша буйрук кылды, Даниелди айыптаган адамдарды алып келишип, арстандар жаткан орго алардын өздөрүн да, балдарын да, аялдарын да ташташты. Алар ордун түбүнө түшүп-түшө электе эле, арстандар чапчып алып, сөөктөрү менен кошо чайнап салышты.

25 Ошондон кийин Дарий падыша бүт жер жүзүндө жашаган бардык элдерге, урууларга жана улуттарга мындай деп жазды: «Силердин тынчтыгыңар арта берсин!

26 Мен мындай буйрук кылам: Менин падышачылыгымдын бардык аймагында жашагандардын баары Даниелдин Кудайынын алдында титиреп турушсун, Андан коркуп турушсун. Анткени Ал – тирүү жана түбөлүк бар болуп туруучу Кудай, Анын падышачылыгы кыйрагыс, Анын бийлиги чексиз.

27 Ал куткарат жана сактайт, асманда да, жерде да кереметтерди жана жышаандарды көрсөтөт. Ал Даниелди арстандардын азуусунан куткарды».

28 Ошентип, Даниел Дарийдин падышачылыгынын убагында да, персиялык Корештин падышачылыгынын убагында да ийгиликтерге жетти.

7-БӨЛҮМ

Даниелдин жырткычтар жөнүндө көргөн көрүнүшү

1 Бабыл падышасы Белшатсардын падышачылыгынын биринчи жылында Даниел төшөгүндө жатып, түш жана пайгамбарчылык көрүнүштөрдү көрдү. Ошондо ал түшүн баяндап жазды.

2 Даниел сөзүн баштап, мындай деди: «Түндө мен мындай көрүнүш көрдүм: асмандын төрт шамалы улуу деңизди толкундатып жатты.

3 Анан деңизден бири экинчисине окшобогон төрт чоң жырткыч чыкты.

4 Биринчиси арстанга окшош, бирок анын бүркүттүкүндөй канаттары бар экен. Мен анын канаттары жулунгуча, өзү жерден көтөрүлүп, адамга окшоп бутуна тургуча карап турдум. Ага адамдын жүрөгү берилди.

5 Экинчи жырткыч аюуга окшош экен, ал бир капталы менен турду, оозунда, тиштеринин арасында үч азуусу бар экен. Ага мындай деп айтылды: “Тур, көп эт же!”

6 Андан кийин илбирске окшогон жырткычты көрдүм, анын жонунда куштун төрт канаты бар экен, ал жырткычтын төрт башы бар экен. Ага бийлик берилди.

7 Ошондон кийин мен түнкү көрүнүштөрдө өтө коркунучтуу, үрөйдү учурган, абдан күчтүү төртүнчү жырткычты көрдүм. Анын чоң темир тиштери бар экен. Ал жеп-жутуп, кыйратып, калганын буттары менен тебелеп жатты. Ал мурунку жырткычтардан айырмаланып турду, анын он мүйүзү бар эле.

8 Мен ал мүйүздөрдү карап турдум, ошондо алардын арасынан анча чоң эмес дагы бир мүйүз чыкты, мурунку мүйүздөрдүн үчөө анын алдында түбү менен жулунду, ал мүйүздүн адамдын көздөрүндөй болгон көздөрү, текебер сүйлөгөн оозу бар экен.

Күндөрү Байыркы жана Уул

9 Акырында, мен тактылар коюлганын көрдүм, ага Күндөрү Байыркы олтурду. Анын кийими кардай аппак, башындагы чачтары таза жүндөй экен; Анын тактысы оттун жалынындай, дөңгөлөктөрү жалындап күйгөн оттой экен.

10 Күйүп турган бир оттуу дарыя чыгып, Анын алдында агып жатты. Миңдеген адамдар Ага кызмат кылып жатышты, түмөндөгөн адамдар Анын алдында турушту. Соттор отурушту, китептер ачылды.

11 Ошол учурда мен текеберденип сүйлөгөн мүйүздүн сөздөрү үчүн жырткыч өлтүрүлүп, денеси жанчылып, отко ташталганын көрдүм.

12 Башка жырткычтар да бийликтен ажыратылды, бирок алардын өмүрү белгиленген бир убакытка, бир мөөнөткө чейин узартылды.

13 Мен түнкү көрүнүштөрдө адам Уулуна окшогон бирөөнүн асман булуттары менен келе жатканын көрдүм. Ал Күндөрү Байыркыга келди, Аны Күндөрү Байыркынын алдына алып келишти.

14 Ошондо бардык элдер, уруулар жана улуттар Ага кызмат кылышы үчүн, Ага бийлик, даңк жана падышачылык берилди. Анын бийлиги – өтүп кетпей турган түбөлүктүү бийлик, Анын падышачылыгы – кулагыс падышачылык.

Жырткычтар жөнүндөгү көрүнүштүн түшүндүрмөсү

15 Мен, Даниел, коркуп кеттим, көргөн көрүнүштөрүм тынчымды алды.

16 Ошондо мен алдыда тургандардын бирине жакын барып, бул көрүнүштөрдүн бардыгынын чыныгы мааниси жөнүндө сурадым. Ал мага айтылгандардын маанисин түшүндүрүп берди:

17 “Бул төрт чоң жырткыч жерден төрт падыша чыгарын билдирет.

18 Андан кийин падышачылыкты Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктары кабыл алып, түбөлүккө, кылымдан кылымга падышачылык кылышат”.

19 Ошондо мен баарынан айырмаланып турган, эң коркунучтуу, темир тиштүү, жез тырмактуу, жеп-жуткан, кыйраткан, ал эми калгандарын буттары менен тебелеп-тепсеген төртүнчү жырткыч жөнүндө,

20 анын башындагы он мүйүз жөнүндө, түшүп калган мурунку үч мүйүздүн ордуна чыккан, көздөрү жана текебер сүйлөгөн оозу бар, башкалардан чоң көрүнгөн мүйүз жөнүндө так түшүндүрмө берүүсүн кааладым.

21 Мен ал мүйүздүн ыйыктар менен салгылашканын,

22 Күндөрү Байыркы келип, сот иши Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктарына берилгенге чейин, падышачылыкты ыйыктар ээлей турган убакыт келгенге чейин, аларды жеңгенин көрдүм.

23 Бул тууралуу ал мындай деди: “Төртүнчү жырткыч – жер үстүндөгү төртүнчү падышачылык, ал бүт падышачылыктардан айырмаланып, бүт жер жүзүн жеп-жутуп, тебелеп-тепсеп кыйратат.

24 Ал эми он мүйүз бул падышачылыктан он падыша чыгарын билдирет. Алардан кийин мурдагылардан айырмаланган башка бир падышачылык чыгат, ал үч падышачылыкты багынтып алат.

25 Ал Бардыгынан Жогору Турганга каршы сөздөрдү айтып, Бардыгынан Жогору Тургандын ыйыктарын эзет. Ал турсун, алардын майрамдары менен мыйзамдарын өзгөртүүнү ойлойт, алар бир мезгилге, мезгилдерге жана жарым мезгилге чейин анын колуна берилет.

26 Андан кийин соттор чогулушат, аны бийликтен ажыратышат, аны биротоло кыйратып жок кылышат.

27 Падышачылык да, бийлик да, асман астындагы падышачылык улуулугу да падышачылыгы түбөлүк болгон Бардыгынан Жогору Тургандын ыйык элине берилет, бардык падышалар Ага кызмат кылышат, Ага баш ийишет”».

28 Сөздүн аягы ушул. Мен, Даниел, өзүмдүн ойлорумдан аябай тынчым кетти, өңүм бузулду, бирок бул сөздү жүрөгүмө сактадым.

8-БӨЛҮМ

Дарыянын жээгинде кочкор жөнүндө жана теке жөнүндө көрүнүш көрүү

1 Белшатсардын падышачылыгынын үчүнчү жылында мен, Даниел, мурунку көрүнүштөн башка көрүнүш көрдүм.

2 Мен ал көрүнүштү көрүп жатканда, Эйлам дубанындагы борбор шаар Шушанда элем, мен ал көрүнүштө Улай дарыясынын жээгинде жүрүптүрмүн.

3 Башымды көтөрүп, дарыянын жээгинде бир кочкор турганын көрдүм. Анын эки мүйүзү бар экен, эки мүйүзү тең узун экен, бирок бир мүйүзү экинчисинен узунураак экен, узуну кыскасынан кийин көтөрүлдү.

4 Мен ал кочкордун батышты, түндүктү, түштүктү сүзгүлөп жатканын көрдүм, эч бир жырткыч ага каршы тура алган жок, андан эч ким кутула алган жок. Ал эмнени кааласа, ошону кылып жатты, текеберденип турду.

5 Мен муну көңүл коюп карап турдум, ошондо батыштан бир теке бүт жер жүзүн ээлеп келе жатты, бирок буту жерге тийген жок. Ал текенин көздөрүнүн ортосунда бир чоң мүйүзү бар экен.

6 Ал мен дарыянын жээгинде турганда көргөн эки мүйүздүү кочкордун жанына келип, ага катуу каары менен атырылды.

7 Мен анын кочкорго жакын келип, ага аябай каарданып, аны сүзүп, эки мүйүзүн сындырганын көрдүм. Ага туруштук бергенге кочкордун күчү жеткен жок, теке аны жерге кулатып, тебелеп салды, кочкорду андан куткарып алганга эч ким чыккан жок.

8 Ошондо теке аябай күчкө толду, бирок күчүнө киргенде, чоң мүйүзү сынып, анын ордуна асмандын төрт шамалын караган төрт мүйүз чыкты.

9 Алардын биринен түштүктү, чыгышты жана эң сонун өлкөнү карай аябай өскөн, анча чоң эмес бир мүйүз өсүп чыкты.

10 Ал асман кошуунуна чейин көтөрүлүп, ошол кошуундун жана жылдыздардын бир бөлүгүн жерге кулатып, тебелеп-тепсеп салды.

11 Ал турсун, ал ошол кошуундун Жол башчысына чейин көтөрүлдү. Андан күн сайын чалынуучу курмандык тартылып алынды, Анын ыйык жайы турган жер булганды.

12 Асман кошууну мыйзамсыздык үчүн күн сайын чалынуучу курмандык менен бирге анын колуна салынып берилди. Ал чындыкты жерге кулатып, ар кандай иш-аракеттерди кылып, ийгиликке ээ болуп жатты.

13 Ошондо мен бир ыйыктын сүйлөп жатканын уктум. Ал ыйык «Ыйык жай менен кошуундардын тебеленип-тепселенүүсү жөнүндөгү, күн сайын чалынуучу курмандык жөнүндөгү жана ээн калтыруучу мыйзамсыздык жөнүндөгү бул көрүнүш канча убакытка созулат?» деген суроо берген бирөөгө мындай деп жооп берди:

14 Ал мага: «Бул эки миң үч жүз кечке жана таңга созулат, ошондон кийин ыйык жай тазаланат», – деди.

Бул көрүнүштүн түшүндүрмөсү

15 Анан мындай болду: мен, Даниел, бул көрүнүштү көрүп, анын маанисин издеп жатканымда, менин алдыма адамга окшош бирөө туруп калды.

16 Анан мен Улай дарыясынын ортосунан адамдын үнүн уктум, ал: «Жебирейил! Ага бул көрүнүштүн маанисин түшүндүрүп бер», – деди.

17 Ошондо ал мен турган жерге келди, ал келгенде, мен коркуп кетип, жүзтөмөндөп жыгылдым, ал мага: «Адам уулу, бул көрүнүш акыркы мезгилге таандык экенин билип ал», – деди.

18 Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен эч нерсе сезбей, жерде жүзтөмөндөп жаттым. Бирок ал мага колун тийгизип, мени кайра ордума тургузуп, мындай деди:

19 «Мына, мен сага каар төгүлгөн күндөрдүн акыркы күндөрүндө эмне болорун билдирип жатам, анткени бул белгиленген мезгилдин акырына тиешелүү.

20 Сен көргөн эки мүйүздүү кочкор – Мадай жана Персия падышалары.

21 Ал эми түктүү теке – Грециянын падышасы, анын эки көзүнүн ортосундагы чоң мүйүз болсо – анын биринчи падышасы.

22 Анын сынганы, анын ордуна башка төрт мүйүз чыкканы бул элден төрт падышачылык чыгарын, бирок ал падышанын күчү менен эмес экенин билдирет.

23 Алардын падышачылыгынын акырында, мыйзамсыздар өздөрүнүн мыйзамсыздыктарынын чегине жеткенде, абийирсиз, өтө айлакер падыша келет.

24 Анын күчү бекемделет, бирок өз күчү менен эмес. Ал таң каларлык кыйратуу иштерин жүргүзөт, ийгиликке жетет, ар кандай иш-аракеттерди кылат, күчтүүлөрдү жана ыйык элди кырат.

25 Ал акылы менен, эки жүздүүлүгү менен ийгиликке ээ болот, ал жүрөгүндө көтөрүлөт, тынчтык өкүм сүрүп турганда, көптөрдү өлтүрөт, эгедерлердин Эгедерине каршы көтөрүлөт. Бирок ал колдун жардамысыз кыйратылат.

26 Кеч менен таң жөнүндө айтылган көрүнүш чындык, бирок сен бул көрүнүштү ичиңе сакта, анткени ал акыркы күндөргө тиешелүү».

27 Ошондо мен, Даниел, алсырап, бир нече күн оорудум. Андан кийин туруп, падышанын иштерин аткара баштадым. Мен бул көрүнүшкө таң калдым, аны түшүнгөн жокмун.

9-БӨЛҮМ

Даниелдин Ысрайыл эли жөнүндө сыйынуусу

1 Каздим падышачылыгынын үстүнө падыша болуп коюлган, Мадай уруусунан чыккан Акашбейрош уулу Дарийдин падышачылыгынын биринчи жылында

2 мен, Даниел, китептерден, Теңирдин Жеремия пайгамбарга айткан сөзүнөн Иерусалим жетимиш жыл ээн каларын түшүндүм.

3 Ошондо мен орозо кармап, зумбал кийип, башыма күл чачып, Кудай-Теңирге жүзүмдү буруп сыйындым, жалындым.

4 Мен Кудай-Теңириме сыйынып, күнөөлөрүмдү ачык айтып кечирим сурап, мындай дедим: «Өзүн сүйгөндөргө жана Өзүнүн буйруктарын аткаргандарга келишимди жана ырайымды сактаган, улуу жана коркунучтуу Кудай-Теңир!

5 Биз күнөөгө баттык, мыйзамсыз, адилетсиз иштерди кылдык, өжөрлөнүп, Сенин осуяттарың менен мыйзамдарыңдан баш тарттык.

6 Падышаларыбызга, төрөлөрүбүзгө, ата-бабаларыбызга, өлкөнүн бардык элине Сенин ысымыңдан сүйлөгөн Сенин кулдарыңды – пайгамбарларды уккан жокпуз.

7 Теңир, адилеттик Сенде, ал эми бүгүн биз – ар бир жүйүт, Иерусалим тургундары жана Сага ишенимсиз болгону үчүн Өзүң кууп жиберген, жакынкы жана алыскы жерлердеги, бардык өлкөлөрдөгү бүт Ысрайыл эли уят болдук.

8 Теңир! Биз – падышаларыбыз да, төрөлөрүбүз да, ата-бабаларыбыз да уят болдук, анткени биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык.

9 Биздин Кудай-Теңирибиз боорукер жана кечиримдүү. Биз болсо Ага каршы чыктык,

10 Кудай-Теңирибиздин үнүнө кулак салган жокпуз, Өзүнүн кулдары – пайгамбарлар аркылуу берген мыйзамдары менен жүргөн жокпуз.

11 Бүт Ысрайыл Сенин мыйзамыңды бузуп, андан баш тартты, Сенин үнүңө кулак салган жок. Ошон үчүн Кудайдын кулу Мусанын мыйзамында жазылган каргыш тийип, ант аткарылды, анткени биз Ага каршы күнөөгө баттык.

12 Ал бизге жана бизди башкарып турган башкаруучуларга каршы айткан Өзүнүн сөзүн аткарып, башыбызга чоң алаамат түшүрдү. Андай алаамат, Иерусалимдин үстүнө түшкөндөй алаамат, асман астында болгон эмес.

13 Мусанын мыйзамында жазылгандай, бүт алааматтын баары башыбызга түштү. Бирок биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизден бурулуш үчүн, Сенин чындыгыңды түшүнүш үчүн, Кудай-Теңирибизге жалынган жокпуз.

14 Теңир ошол алааматты көзөмөлгө алып, аны биздин үстүбүзгө каптатты. Анткени биздин Кудай-Теңирибиз Өзү жүзөгө ашырып жаткан бардык иштеринде адилет, биз болсо Анын үнүн уккан жокпуз.

15 Өз элин Мисир жеринен күчтүү колу менен алып чыккан, атүгүл, бүгүнкү күнгө чейин Өз даңкын көрсөтүп келе жаткан биздин Кудай-Теңирибиз, биз күнөөгө баттык, мыйзамсыз иштерди кылдык.

16 Теңир! Өзүңдүн адилеттигиң боюнча Өзүңдүн шаарың Иерусалимге, Өзүңдүн ыйык тооңо болгон каарың кайтса экен, ачууң тараса экен, анткени биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин ата-бабаларыбыздын мыйзамсыздыктары үчүн Иерусалим менен Өзүңдүн элиң тегерегиндеги элдердин баарына шылдың болду.

17 Кудайыбыз, азыр да Өзүңдүн кулуңдун сыйынуусу менен жалынуусун ук. Теңир, ээн калган ыйык жайыңды Өзүң үчүн Өзүңдүн жарык жүзүң менен кара.

18 Кудайым, кулагыңды төшөп, уга көр. Көзүңдү ачып, биздин кыйраганыбызды жана Өзүңдүн ысымың менен аталган шаарды кара, анткени биз өзүбүздүн адилдигибизге эмес, Сенин улуу ырайымыңа таянып, Сенин алдыңа өзүбүздүн сыйынууларыбызды алып келебиз.

19 Теңир, уга көр! Теңир, кечире көр! Теңир, кулак төшөп, аткара көр! Кудайым, Өзүң үчүн создуктурба, анткени Сенин шаарың да, Сенин элиң да Өзүңдүн ысымың менен аталган».

Пайгамбарчылыктын түшүндүрмөсү

20 Мен сүйлөп жатканда, сыйынып, өз күнөөм үчүн, өз элим Ысрайылдын күнөөсү үчүн кечирим сурап жатканда, Кудай-Теңиримдин алдына Кудайымдын ыйык тоосу жөнүндөгү сыйынуумду алып келип жатканда,

21 сыйынуумду улантып жатканымда, мен мурунку көрүнүштө көргөн Жебирейил тез учуп келип, кечки курмандык чалуу убагына жакын мага колун тийгизип,

22 акыл айтып, мени менен сүйлөшүп, мага мындай деди: «Даниел! Мен азыр сага акыл айтуу үчүн келдим.

23 Сен сыйына баштаганыңда, мага сөз айтылды, мен аны сага айтканы келдим, анткени сен эң сүйүктүү адамсың. Ошондуктан сөздү дит коюп угуп, көрүнүштү түшүн.

24 Сенин элиң үчүн жана сенин ыйык шаарың үчүн жетимиш жума белгиленди. Ал кылмыш жабылышы үчүн, күнөөлөргө мөөр басылышы үчүн, мыйзамсыздыктар өчүрүлүшү үчүн, түбөлүк чындык келиши үчүн, көрүнүшкө жана пайгамбарчылыкка мөөр басылышы үчүн, ыйыктардын Ыйыгы майланышы үчүн белгиленди.

25 Ошондуктан билип, түшүнүп ал: Иерусалимди кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыккан убакыттан Эгедер Машайак келгенге чейин жети жума жана алтымыш эки жума өтөт. Ошондо эл кайрылып келет, көчөлөр менен дубалдар кайра курулат, бирок бул кыйын мезгилдерде болот.

26 Алтымыш эки жума өткөндөн кийин, Машайак өлүм жазасына тартылат, Ал жок кылынат. Ал эми шаар менен ыйык жайды келе турган бир аскер башчынын эли талкалайт, ал ташкындан кыйрагансып кыйрайт, кыйроолор согуштун аягына чейин болот.

27 Ошондон кийин ал көп элдер менен түзгөн келишимди бир жуманын ичинде күчүнө киргизет, ал эми жуманын ортосунда курмандык чалууну, тартуу алып келүүнү токтотот, ыйык жайга кыйратуучу жийиркенич орнотулат, алдын ала белгиленген толук кыйроо кыйратуучунун өз башына келет».

10-БӨЛҮМ

Кудайдын даңкы жөнүндөгү көрүнүш

1 Персия падышасы Корештин падышачылыгынын үчүнчү жылында Белтешатсар деген да ысымы бар Даниел бир аян алды. Бул аян чындык эле жана чоң күчкө ээ эле. Ал бул аянды түшүндү, бул көрүнүштү баамдады.

2 Бул күндөрү мен, Даниел, үч жума кайгыга баттым.

3 Yч жума өткөнчө, даамдуу тамак жебедим, эт менен шарапты оозума албадым, жыпар жыттуу майлар менен майланган жокмун.

4 Ал эми биринчи айдын жыйырма төртүнчү күнү мен Тигир деген чоң дарыянын жээгинде элем.

5 Башымды көтөрүп, зыгыр кездемеден кийим кийген, белин Упаздын алтыны менен курчаган бир кишини көрдүм.

6 Анын денеси топаз ташындай, жүзү чагылгандай, көздөрү күйүп турган чырактай, колдору менен буттарынын көрүнүшү жалтылдаган жездей, үнү топ адамдын үнүндөй экен.

7 Мен, Даниел, бул көрүнүштү жалгыз мен көрдүм, менин жанымдагы кишилер бул көрүнүштү көрүшкөн жок. Бирок аларды чоң коркунуч басты, алар жашыныш үчүн качып кетишти.

8 Мен жалгыз калып, бул улуу көрүнүштү карап турдум, бирок күч-кубаттан тайдым, өңүм абдан бузулду, шайым кетти.

9 Анан мен анын үнүн уктум. Анын үнүн укканымда, өзүмдү жоготуп, жүзтөмөндөп жыгылдым, жерде бетим менен жаттым.

10 Бирок ал мага колун тийгизип, мени тиземе тургузуп, алаканым менен жер таянтып койду.

11 Анан ал мага: «Даниел, эң сүйүктүү адам! Сага айта турган сөздөрдү түшүн, түз тур, анткени азыр мен сага жиберилдим», – деди. Ал мага бул сөздөрдү айтканда, мен титиреп, ордуман турдум.

12 Бирок ал мага мындай деди: «Коркпо, Даниел, жүрөгүңдү акылмандыкка жетүүгө жана Кудайыңдын алдында өзүңдү моюн сундурууга бурган күндөн тартып эле сенин сөздөрүң угулган. Ошондо эле мен сенин сөздөрүң боюнча келмекмин,

13 бирок Персия падышачылыгынын төрөсү мага жыйырма бир күн каршы турду. Башкы төрөлөрдүн бири Михаел мага жардам бериш үчүн келгенге чейин, мен ошол жерде, Персия падышаларынын жанында кармалып калдым.

14 Азыр болсо сага акыркы күндөрү сенин элиң эмне болорун билдиргени келдим, анткени көрүнүш акыркы күндөргө тиешелүү».

15 Ал мага ушундай сөздөрдү айтып жатканда, мен жүзтөмөндөп жыгылып, сүйлөй албай калдым.

16 Бирок ошондо адам баласына окшогон бирөө оозума колун тийгизди. Мен оозумду ачып, сүйлөй баштадым, анан алдымда турганга мындай дедим: «Мырзам! Бул көрүнүштөн менин ички дүйнөм аңтарылып кетти, алсырап калдым.

17 Мырзам, мен, сенин кулуң, сендей мырзам менен кантип сүйлөшө алат? Анткени менде күч жок, демим чыкпай калды».

18 Ошондо адам баласына окшогон ал кайрадан колун тийгизип, мага күч берди.

19 Анан мындай деди: «Коркпо, эң сүйүктүү адам! Сага тынчтык болсун. Кайраттан, кайраттан!» Ал мени менен сүйлөшүп жатканда, мен күчүмө кирип: «Сүйлөй бер, мырзам, анткени сен мага күч бердиң», – дедим.

20 Ошондо ал мындай деди: «Мен сага эмне үчүн келгенимди билесиңби? Азыр мен Персия төрөсү менен салгылашканы жөнөйм. Мен кеткенде, Грециянын төрөсү келет.

21 Ошондой болсо да мен сага чыныгы жазууда эмне жазылганын билдирем. Аларга каршы салгылашта мага силердин төрөңөр Михаелден башка жардам бере турган эч ким жок.

11-БӨЛҮМ

Кийинки күндөрдүн падышалары жөнүндө пайгамбарчылык

1 Падышачылыгынын биринчи жылынан тартып, мен мадайлык Дарийдин таянычы жана тиреги болдум.

2 Азыр сага чындыкты билдирейин: Персиядан дагы үч падыша чыгат. Төртүнчүсү эбегейсиз байлыгы менен баарынан ашып түшкөн падыша болот. Ал байлыгы менен күч алганда, бардыгын Греция падышачылыгына каршы көтөрөт.

3 Андан кийин күч-кубаттуу бир падыша чыгат, ал зор күчү менен бийлик жүргүзөт, өз эрки менен иш кылат.

4 Бирок ал падыша чыкканда, анын падышачылыгы кыйрап, төрт бөлүккө бөлүнөт, падышачылык анын тукумуна өтпөйт, бийлик мурунку күчүн жоготот, анткени анын падышачылыгы бөлүнүп кетет, падышачылык алардан башкаларга өтөт.

5 Анан түштүк падышасы күч алат, бирок аны өзүнүн төрөлөрүнүн бири жеңип чыгып, бийлик жүргүзө баштайт, анын бийлиги зор болот.

6 Бирок бир нече жылдан кийин алар бири-бирине жакындашат, өз ара тынчтык мамилесин түзүш үчүн, түштүк падышасынын кызы түндүк падышасына келет. Бирок түштүк падышасынын кызы күчүн жоготот, анын тукуму да туруштук бере албайт, ал өзү да, анын жандоочулары да, анын баласы да, ошол учурда ага жардам бергендер да чыккынчылык менен өлтүрүлүшөт.

7 Бирок анын тукумунан бир адам чыгып, аскерлерге келип, түндүк падышасынын чептүү шаарына кирип, салгылашып, жеңет.

8 Ал турсун, алардын кудайларын, алардын жасалма кудайларын, кымбат баалуу алтын-күмүш идиштерин Мисирге алып кетет. Ал бир нече жыл түндүк падышасынан жогору турат.

9 Ал түштүк падышасынын падышачылыгына чабуул коёт, бирок өз жерине кайтып келет.

10 Андан кийин анын уулдары куралданып, көп сандаган аскер жыйнашат. Алардын бири ыкчам келип, кыяндай каптап өтөт, кайра келе жатканда, түштүк падышачылыгы менен анын чептүү шаарына чейин салгылашып жүрүп отурат.

11 Түштүк падышасы каарданып, түндүк падышасы менен салгылашканы чыгып, сансыз аскерин коёт, бирок аскер түштүк падышасынын колуна салынып берилет.

12 Түштүк падышасынын аскерлери кайраттанат, падышанын жүрөгү көтөрүлөт. Ал миңдеген аскерлерди сулатат, бирок күч-кубаттуу бойдон калбайт.

13 Анткени түндүк падышасы кайрылып келип, мурунку аскерге караганда көп аскер коёт; бир нече жылдан кийин сансыз аскер менен, көп байлык менен келет.

14 Ошол учурда түштүк падышасына көптөр каршы чыгышат, көрүнүш аткарылышы үчүн, сенин элиңдин козголоңчул уулдары да ага каршы көтөрүлүшөт, бирок кулап калышат.

15 Ошондо түндүк падышасы келип, жал куруп, чептүү шаарды ээлеп алат. Түштүк падышачылыгы да, анын тандалма аскерлери да туруштук бере алышпайт, каршы турууга күчтөрү жетпей калат.

16 Ким ага каршы чыкса, анын эрки менен иш-аракет кылат, эч ким ага туруштук бере албайт. Даңктуу жерге өзүнүн кошуунун коёт, ал жер анын колунан жабыр тартат.

17 Өз падышачылыгынын бүт күчү менен, өзүнүн адилдери менен басып кирүүнү ойлоп, аны жүзөгө ашырат. Аны өлтүрүш үчүн, ага өзүнүн кызын аялдыкка берет, бирок бул ою ишке ашпайт, ал андан пайда таппайт.

18 Андан кийин жүзүн аралдарга буруп, алардын көбүн ээлеп алат. Бирок кайсы бир жол башчы анын шылдыңын токтотот, ал тургай, шылдыңын өз башына салат.

19 Андан кийин ал өз жүзүн өз жериндеги чептерге бурат, бирок мүдүрүлүп жыгылып, жок болот.

20 Анын ордуна башка падыша келет, ал даңктуу падышачылыкты аралап чыгууга салык жыйноочуну жиберет, бирок ал да козголоңсуз эле, согушсуз эле бир аз күндөн кийин өлөт.

Сириянын адилетсиз падышасы

21 Анын ордуна жек көрүндү падыша келет, ага падышачылык урмат-сый көрсөтүшпөйт, бирок ал чуусуз келип, падышачылыкты айла-амал менен ээлеп алат.

22 Ал селдей каптаган сан жеткис аскерди селдей каптап кыйратат, атүгүл, келишимдин башчысын да кыйратат.

23 Анткени ал аны менен келишим түзгөндөн кийин, алдамчылык менен иш жүргүзөт, анан чыгып, аз сандагы эл менен жеңишке ээ болот.

24 Ал өлкөнүн тынч жаткан түшүмдүү жерлерине кирип, ата-бабалары да кылбаган иштерди кылат. Олжону, талап-тоноп алган мал-мүлктү, байлыкты өзүнүн кишилерине чачып жок кылат, чептерди да кыйратууну ойлойт, бирок ал ою белгилүү бир убакытка чейин эле ишке ашат.

25 Андан кийин өз күчүн жана өз рухун козгоп, көп сандаган аскерлери менен түштүк падышасына каршы чыгат. Түштүк падышасы көп сандаган, аныкынан күчтүү аскерлери менен согушка чыгат, бирок туруштук бере албайт, анткени ага каршы айла-амал уюштурулат.

26 Атүгүл, аны менен дасторкондо чогуу отургандар да аны өлтүрүүнү ойлошот, анын аскери талкаланат, өлтүрүлгөндөр көп болот.

27 Бул эки падышанын тең жүрөктөрүндө арам ой болот, бир дасторкондо отуруп, жалган сүйлөшөт, бирок ийгиликке жетишпейт, анткени алардын акыры бир убакытка белгиленген.

28 Ал өз жерине өтө көп байлык менен, ыйык келишимге карата жаман ой менен жөнөйт, ал аны аткарып, өз жерине кайтат.

29 Белгиленген убакытта ал кайрадан түштүк падышачылыгына барат, бирок акыркы жортуулу мурункудай болбойт.

30 Анткени ага каршы Китим кемелери келет; анын шаабайы сууп, артка кетет, ыйык келишимге каарданып, өзүнүн оюн ишке ашырат, ыйык келишимден баш тарткандар менен кайрадан келишим түзөт.

31 Ал аскерлеринин бир бөлүгүн коюп, чепти, ыйык жайды булгайт, күн сайын чалынуучу курмандыкты токтотуп, кыйратуучу жийиркеничти орнотот.

32 Келишимге каршы мыйзамсыздык кылгандарды ал кошоматтык менен өзүнө тартып алат. Бирок өз Кудайын урматтаган адамдар күч алып, каршылык көрсөтүшөт.

33 Элдин ичиндеги акылдуу адамдар кылычтан жана оттон, туткундан жана талап-тоноодон бир нече убакыт азап тартышарына карабастан, көптөрдү акылына келтиришет.

34 Азап тартып жатышканда, аларга бир аз жардам болот, аларга көптөр кошулушат, бирок анткордук менен.

35 Акылдуу адамдардын ичинен кээ бирлери акыркы күн келгенге чейин сыналыш үчүн, күнөөдөн тазаланыш үчүн, агарыш үчүн азап тартышат, анткени белгиленген мөөнөткө чейин дагы убакыт бар.

36 Ал падыша өзү каалагандай иш жүргүзөт, менменсинип, өзүн бардык кудайлардан жогору коёт, кудайлардын Кудайы жөнүндө жаман сөздөрдү сүйлөйт, каар төгүлгөнгө чейин, ал ийгиликке жетет, анткени алдын ала эмне белгиленсе, ошол ишке ашат.

37 Ал өз ата-бабаларынын кудайлары жөнүндө да, аялдардын каалоосу жөнүндө да ойлобойт, эч бир кудайды сыйлабайт, анткени өзүн бардыгынан жогору коёт.

38 Бирок анын ордуна күчтүн кудайына урмат көрсөтөт, ата-бабалары билбеген ал кудайга алтын-күмүштөр менен, асыл таштар менен, ар кандай кымбат баалуу буюмдар менен урмат көрсөтөт.

39 Чоочун кудайдын урматына бекем чеп тургузат: аны кабыл алгандардын даражасын көтөрүп, көп элдин үстүнө бийликке коёт, жерди сыйлык катары бөлүп берет.

40 Мезгилдин акырында аны менен түштүк падышасы салгылашат, түндүк падышасы майдан арабалары, атчан аскерлери жана көп сандаган кемелери менен ага каршы бороондой көтөрүлүп келип, өлкөлөргө кол салып, аларды ташкындай каптап, тебелеп-тепсеп өтүп кетет.

41 Анан ал эң жакшы жерге кирет, көптөгөн өлкөлөр жабыр тартат, анын колунан Эдом, Маап жана Амон уулдарынын чоң бөлүгү гана кутулат.

42 Ал өзүнүн колун ар кайсы өлкөлөргө каршы сунат. Мисир жери да кутулбайт.

43 Ал Мисирдин казынадагы алтын-күмүшүн, бардык байлыгын ээлеп алат. Анын артынан луптуктар менен эфиопиялыктар ээрчишет.

44 Бирок чыгыштан жана түндүктөн угулган кабарлар анын тынчын алат, ошондо ал катуу каарданып, көп элдерди кырып жок кылуу үчүн чыгат.

45 Анан ал өзүнүн падыша чатырларын деңиз менен даңктуу ыйык жай турган тоонун ортосуна тигет. Бирок анын акыры келет, ага эч ким жардам бербейт.

12-БӨЛҮМ

Акыркы күндөр жөнүндө

1 Ошол учурда өз элиңдин уулдары үчүн турган улуу төрө Михаел келет. Адам жаралгандан ушул мезгилге чейин болуп көрбөгөн оор мезгил келет. Бирок ошол учурда сенин элиңдин ичинен китепте жазылгандардын баары куткарылат.

2 Топуракта уктап жаткандардын көбү ойгонот, бири түбөлүк жашаш үчүн, бири уятка калып, түбөлүк кордолуш үчүн ойгонот.

3 Акылдуулар асман чырактарындай жаркырашат, көп адамдарды чындыкка бургандар кылымдан кылымга, түбөлүккө жылдыздай жаркырашат.

4 Ал эми сен, Даниел, акыркы мезгилге чейин бул сөздөрдү жашырып кой, бул китепке мөөр басып кой. Аны көптөр окушат, билим көбөйөт».

5 Ошондо мен, Даниел, карасам, башка эки адам туруптур, бири дарыянын берки жээгинде, экинчиси дарыянын наркы жээгинде.

6 Алардын бири дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдан: «Бул укмуштуу окуялардын акыры качан болот?» – деп сурады.

7 Ошондо мен дарыянын үстүндө турган, зыгыр кездемеден кийим кийген адамдын оң колу менен сол колун асманга көтөрүп, Түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант бергенин уктум: «Ушунун баары бир мезгилдин, мезгилдердин жана жарым мезгилдин акырында, ыйык элдин күчү таптакыр майтарылгандан кийин болот».

8 Мен муну уктум, бирок түшүнгөн жокмун, ошондуктан: «Мырзам! Андан кийин эмне болот?» – деп сурадым.

9 Ал мындай деп жооп берди: «Бар, Даниел, анткени бул сөздөр акыркы мезгилге чейин жашырылган, аларга мөөр басылган.

10 Көптөр тазаланышат, агарышат жана кайрадан эритилишет. Мыйзамсыздар болсо мыйзамсыздык кылышат, муну мыйзамсыздардын эч кимиси түшүнбөйт, ал эми акылдуулар түшүнүшөт.

11 Күн сайын чалынуучу курмандыктар токтотулуп, кыйратуучу жийиркенич орнотулгандан кийин, бир миң эки жүз токсон күн өтөт.

12 Бир миң үч жүз отуз беш күн чыдап күткөн адам бактылуу.

13 Сен болсо өмүрүңдүн акырына чейин барып, тынч ал, бирок акыркы күнү өзүңдүн үлүшүңдү алыш үчүн тирилесиң».








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz