Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ОШУЯ

1-БӨЛҮМ

Ошуянын аялы жана балдары

1 Жүйүт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда жана Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда Бейринин уулу Ошуяга айтылган Теңирдин сөзү.

2 Теңирдин Ошуяга сүйлөгөн сөзүнүн башы. Теңир Ошуяга: «Бар, өзүңө бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Теңирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат», – деди.

3 Ошондо Ошуя барып, Диблайимдин кызы Гомерди алды. Анын боюна бүтүп, ага уул төрөп берди.

4 Анан Теңир ага мындай деди: «Ага Изрейел деген ат кой, анткени бир аз убакыт өткөндөн кийин, Изрейелдин каны үчүн Жейу тукумун жазалайм, ошентип, Мен Ысрайыл падышачылыгын жок кылам.

5 Ошол күнү мындай болот: Мен Изрейел өрөөнүндө Ысрайылдын жаасын сындырам».

6 Гомердин дагы боюна бүтүп, кыз төрөдү. Ошондо Теңир Ошуяга мындай деди: «Ага Ло-Рухам деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм.

7 Жүйүт тукумуна болсо ырайым кылам, аларды өздөрүнүн Кудай-Теңири аркылуу куткарам. Мен аларды жаа менен, кылыч менен, согуш менен, аттар менен, атчан аскерлер менен куткарбайм».

8 Ло-Рухамды эмчектен чыгаргандан кийин, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.

9 Ошондо Теңир мындай деди: «Ага Ло-Ами деген ат кой, анткени силер Менин элим эмессиңер, Мен да силердин Кудайыңар болбойм.

Ысрайылдын кайра калыбына келтирилиши жөнүндө

10 Бирок Ысрайыл уулдарынын саны деңиз кумундай өлчөнгүс, саналгыс болот. “Силер Менин элим эмессиңер” деген жерде аларга: “Силер тирүү Кудайдын уулдарысыңар”, – дешет.

11 Ошондо Жүйүт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп, өздөрүнө бир башчы коюшат, өздөрү куулуп барган жерден чыгышат. Анткени Изрейелдин күнү улуу болот!

2-БӨЛҮМ

1 Бир туугандарыңарга “Ами (Менин элим)” деп айткыла, эже-карындаштарыңарга “Рухам (Ырайым кылынган)” деп айткыла.

Ысрайыл – ишенимсиз Гомер

2 Өзүңөрдүн энеңер менен соттошкула, соттошкула, анткени ал Менин аялым эмес, Мен анын күйөөсү эмесмин.

3 Мен аны энеден туума жылаңач кылып көрсөтүп, чөлгө, какшыган жерге айлантып, суусатып өлтүрбөшүм үчүн, ал жүзүнөн бузуктукту, төшүнөн ойноштукту четтетсин.

4 Анын балдарына ырайым кылбайм, анткени алар – бузуктуктун балдары.

5 Анткени алардын энеси бузуктук кылды. Аларды төрөгөн аял өзүн уят кылды, анткени ал: “Мага нан, суу, жүн, зыгыр, зайтун майын жана ичимдик берип жаткан ойношторумду ээрчийм”, – деген.

6 Ошон үчүн Мен анын жолун тикендер менен тосом, аны тосмо менен курчайм, ошондо ал өз жолун таппай калат.

7 Ойношторунун артынан чуркайт, бирок аларга жетпейт. Аларды издейт, бирок таппайт. Ошондо: “Мен биринчи күйөөмө кайра барайын, анткени мага ошол убакта азыркыга караганда жакшы болчу”, – деп айтат.

8 Бирок ага нанды, шарапты жана зайтун майын Мен бергенимди, анын алтын менен күмүшүн Мен көбөйткөнүмдү ал билген жок. Алар ошол алтын менен күмүштөн Баал бурканын жасашты.

9 Ошон үчүн эгин жыйноо маалы келгенде, Өз нанымды кайра алам, даяр болгондо, Өз шарабымды кайра алам, анын жылаңач этин жапкан Өзүмдүн жүнүм менен зыгырымды кайра тартып алам.

10 Ошентип, азыр Мен анын маскарачылыгын ойношторунун көз алдында ачам, аны Менин колумдан эч ким куткара албайт.

11 Анын бардык кубанычын: майрамдарын, ай жаңыргандагы майрамдарын, ишембилерин, бардык салтанаттуу жыйындарын токтотом.

12 “Бул белектерди мага ойношторум берген”, – деген анын жүзүм сабактары менен анжыр дарактарын кыйратам. Мен аларды токойго айлантам, ошондо аларды талаа жырткычтары жеп салышат.

13 Мен аны жыпар жыттуу зат түтөтүп, Баал буркандарына кызмат кылган күндөрү үчүн жазалайм. Ал сөйкөлөр менен шуруларды тагынып алып, ойношторунун артынан жүрдү, Мени болсо эсинен чыгарып койду, – дейт Теңир.

Теңирдин Өз элине болгон сүйүүсү

14 Ошондуктан Мен аны Өзүмө тартып, чөлгө алып барып, жүрөгүнө сүйлөйм.

15 Ошол жерден Мен ага өзүнүн жүзүмзарларын берем, Акор өрөөнүн үмүттүн босогосу кылып берем. Ал ошол жерде өзүнүн жаш күндөрүндөгүдөй, Мисир жеринен чыккан күнүндөгүдөй ырдайт.

16 Ошол күнү, – дейт Теңир, – сен Мени “Иши” деп чакырасың, ошондон кийин Мени “Баали” деп чакырбайсың.

17 Мен анын оозунан Баал буркандарынын ысымдарын алып салам, ошондон кийин алардын ысымдары эскерилбейт.

18 Ошол күнү алар үчүн талаа жырткычтары менен, асмандагы канаттуулар менен, жерде сойлоочу жаныбарлар менен келишим түзөм. Ал жерден жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам.

19 Мен сени менен түбөлүккө никелешем, Мен сени менен чындык жана адилеттиктин, ырайым жана боорукердиктин негизинде никелешем.

20 Мен сени менен ишенимдүүлүктүн негизинде никелешем, ошондо сен өзүңдүн Теңириңди таанып билесиң.

21 Ошол күнү Мен жооп берем, – дейт Теңир, – Мен асманга жооп берем, асман жерге жооп берет,

22 жер нанга, шарапка жана зайтун майына жооп берет, алар болсо Изрейелге жооп беришет.

23 Мен аны жерге Өзүм үчүн себем. Ло-Рухамды Рухам дейм, Ло-Амини Ами дейм, ал Мага: “Сен Менин Кудайымсың” – дейт».

3-БӨЛҮМ

Ишенимсиз Ысрайылдын куткарылышы

1 Анан Теңир мага мындай деди: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат, алардын мейиз кошулган токочторун жакшы көрүшөт».

2 Ошондо мен аны он беш күмүш тыйынга, бир хомер арпага жана жарым хомер арпага сатып алдым.

3 Анан ага: «Меникинде көп күн жаша. Бузуктук кылба, эч ким менен болбо, мен да сага жакындабайм», – дедим.

4 Анткени Ысрайыл уулдары көп убакытка чейин падышасыз, төрөсүз, курмандыксыз, курмандык чалынуучу жайсыз, эфодсуз жана терафимсиз калышат.

5 Ошондон кийин Ысрайыл уулдары күнөөлөрү үчүн өкүнүп, өздөрүнүн Кудай-Теңирин жана өздөрүнүн падышасы Дөөттү издешет. Акыркы күндөрү Теңирдин жана Анын ырайымынын алдында титирешет.

4-БӨЛҮМ

Ысрайылдын күнөөсүн ашкере кылуу

1 Ысрайыл уулдары, Теңирдин сөзүн уккула! Анткени Теңир бул жердин тургундарын соттойт. Себеби бул жерде акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билүү да жок.

2 «Ант берүү, алдамчылык, киши өлтүрүү, уурулук кылуу, бузуктук кылуу аябай жайылган, кан төгүүнүн артынан кан төгүү.

3 Ошон үчүн бул жер ыйлайт, анын үстүндө жашагандын баары – талаадагы айбанаттар да, асмандагы канаттуулар да алсырайт, атүгүл, деңиздеги балыктар да кырылат.

4 Бирок бири-бири менен талашып-тартышпасын, бирин-бири ашкерелебесин. Анткени сенин элиң ыйык кызмат кылуучулар менен талашып-тартышкандарга окшош.

5 Сен күндүз мүдүрүлүп жыгыласың, сени менен кошо пайгамбар түн ичинде мүдүрүлүп жыгылат, энеңди жок кылам.

6 Элим Мени таанып билбегендиктен кырылды. Сен таанып билүүнү четке каккандыктан, Мен да сени Менин алдымда ыйык кызмат кылуудан четтетем. Сен өз Кудайыңдын мыйзамын унуткандыктан, Мен да сенин балдарыңды унутам.

7 Алар канчалык көбөйгөн сайын, Мага каршы ошончолук көп күнөө кылып жатышат. Алардын даңкын маскарачылыкка айлантам.

8 Алар Менин элимдин күнөөлөрү менен азыктанып жатышат, алардын жаны анын мыйзамсыздыгына умтулуп жатат.

9 Элге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот. Аны өзүнүн жолдоруна жараша жазалайм, ага өзүнүн кылган иштерине жараша тиешесин берем.

10 Жешет, бирок тоюшпайт, бузуктук кылышат, бирок көбөйүшпөйт, анткени Теңирге кызмат кылууну таштап коюшкан.

11 Бузуктук, шарап жана ичимдиктер алардын жүрөгүн ээлеп алган.

Ысрайылдын бутка табынуучулугу

12 Менин элим өзүнүн дарагынан сурап жатат, ага өзүнүн таягы жооп берип жатат. Анткени бузуктук руху аларды адаштырды, алар бузуктук кылып, өз Кудайынан баш тартышты.

13 Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып жатышат, дөңсөөлөрдөгү эмен дарактарынын, кайыңдардын жана кара жыгачтардын түбүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, анткени алардын көлөкөсү жакшы. Ошондуктан кыздарыңар бузуктук кылып жатышат, келиндериңер ойноштук кылып жатышат.

14 Мен бузуктук кылып жаткан кыздарыңарды, ойноштук кылып жаткан келиндериңерди жазалабайм, анткени силер өзүңөр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыңар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыңар, түркөй эл болсо өлүп жатат.

15 Ысрайыл, сен бузуктук кылсаң да, Жүйүт күнөө кылбасын. Гилгалга барбагыла, Бейт-Абенге чыкпагыла, “Теңир тирүү!” деп ант бербегиле.

16 Анткени Ысрайыл өжөр кунажындай өжөр болуп калды, ошон үчүн Теңир эми аларды кенен жайытта козу кайтаргансып кайтармак беле?

17 Эпрайым буркандарга байланып калды. Аны буркандары менен калтыр!

18 Алар масы тарагандан кийин бузуктук кылганын улантышат. Алардын төрөлөрү уятсыз иштерди жакшы көрүшөт.

19 Шамал аларды канаттары менен курчап алат, алар өздөрү чалган курмандыктары үчүн уят болушат.

5-БӨЛҮМ

Теңирдин Эпрайым менен Жүйүттү жазалары жөнүндө

1 Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша үйү, кулак төшөгүлө, себеби силердин үстүңөрдөн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуңар.

2 Алар бузуктукка батып кетишти, бирок Мен алардын бардыгын жазалайм.

3 Мен Эпрайымды билем, Ысрайыл да Менден жашыруун эмес, анткени сен, Эпрайым, бузуктук кылып жатасың, Ысрайыл булганды.

4 Алардын иштери өз Кудайына кайрылууга жол бербейт, анткени алардын ичинде бузуктук руху бар, алар Теңирди билишпейт.

5 Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат. Ысрайыл менен Эпрайым өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн мүдүрүлүшөт, алар менен бирге Жүйүт да мүдүрүлөт.

6 Алар өздөрүнүн койлору жана өгүздөрү менен Теңирди издегени чыгышат, бирок Аны табышпайт. Теңир алардан алыстап кеткен.

7 Алар Теңирге бейопалык кылышты, анткени алардан чоочун балдар төрөлдү. Эми душман аларды жаңырган айда мал-мүлкү менен кошо жеп жутат.

8 Гибада мүйүз тарткыла, Рамада сурнай тарткыла. “Бенжемин, артыңда душман!” деп, Бейт-Абенде кыйкыргыла.

9 Жазалоо күнү Эпрайым жери ээн калат. Муну Ысрайыл урууларынын арасында Мен кабарладым.

10 Жүйүттүн жол башчылары чек араларды бузуучуларга окшоп калышты: Мен аларга Өз каарымды суудай төгөм.

11 Эпрайым эзилди, жазаланып талкаланды, анткени ал жалган кудайлардын артынан жүргүсү келген.

12 Мен Эпрайым үчүн күбөдөй болом, Жүйүт үчүн курттай болом.

13 Эпрайым өз дартын, Жүйүт өз жараатын көрдү. Эпрайым Ашурга жөнөдү, Жареп падышасына чабарман жөнөттү. Бирок ал силерди сакайта албайт, силердин жараатыңарды айыктыра албайт.

14 Анткени Мен Эпрайым үчүн арстандай, Жүйүт үчүн жаш арстандай болом. Мен, Мен тыткылап туруп, кетип калам; алып кетем, эч ким куткара албайт.

15 Алар өздөрүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алып, Менин жүзүмдү издегенге чейин, кетем, Мен Өз ордума кайтам.

6-БӨЛҮМ

Эпрайым менен Жүйүттүн жалган такыбаалыгы

1 Алар кайгы тартып жатканда, таң азандан Мени издеп, “Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Өзү таңат.

2 Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.

3 Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат”, – дешет.

4 Эпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй.

5 Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сөздөр менен өлтүрдүм, Менин акыйкаттыгым таңкы жарыктай.

6 Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм.

7 Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.

8 Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.

9 Адамды аңдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулар Шекемге бара жаткан жолдо киши өлтүрүп жатышат, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат.

10 Мен Ысрайылдан үрөйдү учурган нерсени көрүп турам: ал жерде Эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.

11 Жүйүт, сен үчүн да оруу-жыюу күнү белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.

7-БӨЛҮМ

1 Мен Ысрайылды дарылап жатканда, Эпрайымдын күнөөсү, Самариянын жаман иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Үйлөргө уурулар кирип жатышат, көчөлөрдө каракчылар талап-тоноп жатышат.

2 Алардын жаман иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар өздөрүнүн иштеринин курчоосунда калышты. Алар Менин көз алдымда.

Ысрайылдын ишенимсиздиги

3 Алар өздөрүнүн жаман иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен төрөлөрдү кубандырып жатышат.

4 Алар өздөрүнүн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап күйүп жатышат.

5 Биздин падышабыздын күнүндө төрөлөр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыңчылдарга колун сунду.

6 Алар буктурмада отуруп алышып, жүрөктөрүн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы түнү бою уктап жатат, ал эми эртең менен меш жалындаган оттой болуп күйөт.

7 Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап күйүп, өздөрүнүн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган эч ким жок.

8 Эпрайым элдер менен аралашып калды, Эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.

9 Анын күч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.

10 Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.

11 Эпрайым эси жок, акылсыз көгүчкөнгө окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.

12 Алар бара жатышканда, Мен алардын үстүнө Өзүмдүн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып түшүрөм. Аларды өздөрүнүн жамаатына айтылгандай жазалайм.

13 Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сүйлөп жатышты.

14 Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап үчүн чогулушат, Менден болсо алысташат.

15 Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыңдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.

16 Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын төрөлөрү өздөрүнүн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жеринде алардын үстүнөн болгон шылдың ушул.

8-БӨЛҮМ

Ысрайылдын бутка табынып кеткендиги үчүн ашкерелениши

1 Сурнайды оозуңа ал! Алар Менин келишимимди бузуп, Менин мыйзамымдын чегинен чыкканы үчүн, душман Теңир үйүнө бүркүттөй болуп кол салат.

2 Алар Мага: “Кудайым! Биз, Ысрайыл, Сени таанып билдик!” – деп кыйкырышат.

3 Ысрайыл жакшы нерсени четке какты, аны душман куугунтукка алат.

4 Алар Менсиз эле падышаларды коюп жатышты. Төрөлөрдү коюп жатышты, бирок Мага билдиришкен жок. Күмүштөрү менен алтындарынан өздөрүнө буркандарды жасашты: алардын өлүмү ошондон болду.

5 Самария, сени өзүңдүн музооң таштады! Аларга Менин каарым жалындады. Качанга чейин алар тазалана алышпайт?

6 Анткени ал да – Ысрайылдын иши. Аны сүрөтчү жасады, ошондуктан ал кудай эмес. Самариянын музоосу сыныкка айланат!

7 Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат: алардын эгини дан байлабайт, даны ун бербейт, берсе да, аны башкалар жутат.

8 Ысрайыл жутулду. Азыр алар элдер арасында жараксыз идиштей болуп калышты.

9 Алар жалгыз тентип жүргөн жапайы эшектей болуп, Ашурга жөнөштү. Эпрайым белектер менен жагынды.

10 Алар башка элдерге белек жиберишкенине карабастан, Мен аларды жакында чогултам, ошондо алар төрөлөрдүн падышасынын эзүүсү астында жабыр тарта башташат.

11 Анткени Эпрайым күнөөгө батыш үчүн, курмандык чалынуучу жайларды көбөйттү, ошол курмандык чалынуучу жайлар анын күнөө кылуусуна түрткү болду.

12 Мен аларга Өзүмдүн мыйзамдарымдын негиздерин жазып бердим, бирок алар аны бөтөн мыйзам катары эсептешти.

13 Алар курмандыкка Мага арнап эт алып келишет да, аны жешет. Бирок алардын курмандыктары Теңирге жакпайт. Азыр Ал алардын кылмыштарын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөсү үчүн жазалайт: алар Мисирге кайтышат.

14 Анткени Ысрайыл өз Жаратканын унутту, бутканаларды курду, Жүйүт болсо чептүү шаарларды көбөйттү. Бирок Мен анын шаарларына от жиберем, ал анын падыша сарайларын жалмайт».

9-БӨЛҮМ

Ысрайылдын жазаланары жөнүндө

1 Ысрайыл, башка элдерге окшоп кубанба, шаттанба! Анткени сен өз Кудайыңдан алыстап, бузуктук кылып жатасың. Бардык кырмандарда бузуктук тартууларын алганды сүйөсүң.

2 Кырман менен жүзүм сыгылуучу жай аларды бакпайт, алардын жүзүм ширесине болгон үмүтү акталбайт.

3 Алар Теңирдин жеринде жашашпайт: Эпрайым Мисирге кайтат, алар Ашурда таза эмес нерсени жешет.

4 Алар Теңирге арнап шарап куюшпайт, Теңирге алардын курмандыктары жакпайт. Алардын наны аза күткөндөрдүн нанындай болот: аны жегендердин бардыгы булганышат, анткени алардын наны – өздөрүнүн жаны үчүн, ал Теңир үйүнө киргизилбейт.

5 Салтанаттуу жыйын күнү жана Теңирдин майрам күнү эмне кыласыңар?

6 Анткени мына, алар кыйроонун айынан качып кетишет. Мисир аларды жыйнайт, Ноп аларды көмөт. Алардын күмүштөн жасалган асыл буюмдарын чалкан басат, алардын чатырларын тикендүү өсүмдүк каптайт.

7 Жазалоо күндөрү келди, тиешеңерди бере турган күндөр келди: Ысрайыл муну билет. Мыйзамсыздыгыңардын көптүгүнөн, кастыгыңардын зордугунан улам, пайгамбарчылык кылган адамды акылсыз, Кудайдын руху жетелеген адамды акылынан адашкан дейсиңер.

8 Эпрайымдын коргоочусу – пайгамбар менин Кудайымдын жанында, пайгамбардын бардык жолдоруна тузак тартылган. Анын Кудайынын үйүндө да кастык бар.

9 Алар Гиба күндөрүндөгүдөй күнөөгө батышты, абдан бузулушту. Теңир алардын мыйзамсыздыгын эстейт, аларды өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн жазага тартат.

Күнөөнүн кесепети

10 «Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таптым. Мен силердин ата-бабаларыңарды көргөндө, анжыр дарагынын биринчи мөмөсүн көргөндөй болдум, бирок алар Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишти, өздөрү да сүйгөндөрүнө окшоп жийиркеничтүү болуп калышты.

11 Эпрайымдыктардын атак-даңкы куш сыяктуу учуп кетет: бала төрөлбөйт, бойго бүтпөйт, түйүлдүк түйүлбөйт.

12 Алар өз балдарын тарбиялап чоңойтушса да, аларды тартып алам. Анткени Мен алардан четтеп кеткенде, алардын башына кайгы түшөт!

13 Мен Эпрайымдын Тирге окшоп эң жакшы жерге отургузулганын көрдүм. Бирок Эпрайым өз балдарын киши өлтүргүчкө чыгарып берет».

14 Теңир, аларга бер, аларга Сен эмне бересиң? Аларга төрөбөс жатын, сүтсүз эмчек бер.

15 «Алардын бардык мыйзамсыздыгы Гилгалда: ошол жерде Мен аларды жек көрүп калдым, Мен аларды жаман иштери үчүн Өз үйүмдөн кууп чыгарам, аларды мындан ары сүйбөйм. Алардын бардык төрөлөрү – козголоңчулдар.

16 Эпрайым кулады, алардын тамыры соолуду, эми алар жемиш беришпейт. Алар төрөсө да, Мен алардын курсагынан чыккан сүйүктүү жемишин өлтүрүп салам».

17 Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жүргөн эл болот.

10-БӨЛҮМ

Ысрайылдын мыйзамсыздыгынын жемиши

1 Ысрайыл – жемишти көп берген жүзүм сабагы. Ал өзүнүн жемиши канчалык көбөйгөн сайын, курмандык чалынуучу жайларын ошончолук көбөйттү. Анын жерлери канчалык жакшы болгон сайын, жасалма кудайларын ошончолук кооздоп жатат.

2 Алардын жүрөгү бөлүндү, ошон үчүн алар жазаланышат: алардын курмандык чалынуучу жайлары талкаланат, жасалма кудайлары кыйратылат.

3 Азыр алар: «Биздин падышабыз жок, анткени биз Теңирден корккон эмеспиз! Ал эми падыша бизге эмне кыла алат?» – деп жатышат.

4 Алар курулай сөздөрдү сүйлөп жатышат, жалган ант берип жатышат, келишимдерди түзүп жатышат. Ошон үчүн алардын үстүнөн боло турган сот талаанын бороздоруна чыккан уу чөптөй болуп өсүп чыгат.

5 «Самария тургундары Бейт-Абендеги музоо үчүн титирешет. Анын эли ал үчүн ыйлайт. Ал тууралуу кубанган анын буткана кызматчылары анын атак-даңкы жөнүндө ыйлашат, анткени андан атак-даңк кетет.

6 Ал өзү да Жареп падышага тартуу катары Ашурга жөнөтүлөт. Эпрайым уятка калат, Ысрайыл өз ою үчүн маскара болот.

7 Самариянын падышасы суунун үстүндөгү көбүк сыяктуу жоголот.

8 Ысрайылдын күнөөсү болгон Абен бутканалары талкаланат. Алардын курмандык чалынуучу жайларына тикенек жана төө тикен өсүп чыгат. Алар тоолорго: “Бизди жапкыла!” – дешет, адырларга: “Биздин үстүбүзгө кулагыла!” – дешет.

9 Ысрайыл, сен Гиба күндөрүнөн бери күнөө кылып келе жатасың. Алар күнөө кылууну токтотушкан жок. Мыйзамсыздыктын уулдарына каршы Гибада болгон согуш бизге жетпейт деп ойлошобу?

10 Мен аларды Өзүмдүн каалоом боюнча жазалайм, аларга каршы элдер чогулат, алар өздөрүнүн эки кылмышы үчүн байлоого алынышат.

11 Эпрайым – үйрөтүлгөн, дан бастырууну жакшы көргөн кунажын, анын жоон мойнуна моюнтурукту Мен Өзүм салам. Эпрайымды минишет, Жүйүт жер айдайт, Жакып малалайт.

12 Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласынар. Дың жериңерди айдагыла, ошондо Ал келип, үстүңөргө адилдикти жамгырдай төгөт, анткени Теңирди издей турган убакыт келди.

13 Силер жамандыкты эккенсиңер, ошондуктан мыйзамсыздыкты оруп алып жатасыңар, жалганчылыктын жемишин жеп жатасыңар, анткени сен өз жолуңа жана жоокерлериңдин көптүгүнө үмүттөнгөнсүң.

14 Ошон үчүн сенин элиңдин ичинде дүрбөлөң болот, согуш күнү Шалман Бейт-Арбелди кыйраткандай, сенин бардык сепилдүү шаарларың кыйрайт: ошол согушта энеси балдары менен кошо өлтүрүлгөн.

15 Силердин чектен чыккан жаман иштериңер үчүн, Бейтел силерге мына ушуну кылат.

11-БӨЛҮМ

Ашур кулчулугу

1 Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.

2 Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты.

3 Мен Өзүм Эпрайымга басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.

4 Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эңкейип, аларга тамак берип турдум.

5 Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.

6 Ошон үчүн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды өздөрүнүн жаман ойлору үчүн жеп жутат.

7 Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, анын ичинен эч ким көтөрүлгөн жок.

Кудайдын Өз элине боор ооруусу

8 Эпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрүлдү, Менин бүт аёом ойгонду.

9 Мен Өзүмдүн катуу каарым боюнча кылбайм, Эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин араңарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.

10 Алар арстанга окшоп үн салган Теңирдин артынан жөнөшөт, Ал үн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.

11 Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жеринен көгүчкөндөрдөй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды үйлөрүнө киргизем, – дейт Теңир.

Ысрайыл менен Жүйүттү айыптоо

12 Эпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкөйлүк менен курчады. Жүйүт болсо Кудайга, ишенимдүү Ыйыкка, ишенимдүү болгон жок».

12-БӨЛҮМ

1 Эпрайым шамалды кайтарып жүрөт, чыгыш шамалынын артынан кууп жүрөт, күн сайын жалганчылыкты жана талап-тоноону көбөйтүп жатат. Алар Ашур менен келишим түзүп жатышат, Мисирге зайтун майы жеткирилип жатат.

2 Бирок Теңир Жүйүт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет.

3 Ал энесинин курсагында жатканда эле бир тууганын тепкен, ал эми эр жеткенде Кудай менен кармашты.

4 Ал периште менен кармашты, аны жеңип чыкты, ыйлап, ага жалынып-жалбарды. Бейтелде Ал бизди таап, ошол жерде биз менен сүйлөштү.

5 Теңир болсо – Себайот Кудай. Жахаба – Анын ысымы.

6 Сен да өз Кудайыңа кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыңа таян.

Күнөөнү ашкерелөө

7 «Канаандык адамдын колунда туура эмес тараза бар. Ал жеп калганды жакшы көрөт.

8 Эпрайым: “Мен байыдым. Өзүмө мал-мүлк жыйнап алдым, менин бардык эмгектеримден күнөө болуп эсептелген мыйзамсыз бир да нерсе таба алышпайт”, – деп айтып жатат.

9 Мен болсо сен Мисир жеринен чыккандан бери сенин Кудай-Теңириңмин, сени майрам күндөрүндөгүдөй, кайрадан алачыктарга отурукташтырам.

10 Мен пайгамбарларга сүйлөдүм, аяндарды көбөйттүм жана пайгамбарлар аркылуу үлгү-насаат аңгемелерди колдондум.

11 Эгерде Гилат жараксыз нерсе болуп калса, анда анын тургундары да болбогон нерсе болуп калышты, Гилгалда букачарларды курмандыкка чалышты, алардын курмандык чалынуучу жайлары талаалардын чектеринде турган үймөк таштардай.

12 Жакып Сирия талаасына качып кетти, Ысрайыл аял үчүн кызмат кылды, аял үчүн кой кайтарды.

13 Теңир пайгамбар аркылуу Ысрайылды Мисирден алып чыкты, Ал аны пайгамбар аркылуу сактап жүрдү.

14 Эпрайым Теңирди катуу каардантты, ошон үчүн ал төккөн кандын кунун Теңир анын өз мойнуна коёт, Теңир анын шылдыңын өз башына келтирет.

13-БӨЛҮМ

Кудайдын Ысрайылга каарданышы

1 Эпрайым сүйлөгөндө, бардыгы титиреп турчу. Ал Ысрайылда жогору көтөрүлгөн, бирок Баал аркылуу күнөөгө батып өлдү.

2 Азыр да алар күнөөлөрүнө күнөө кошуп алышты. Алар өздөрүнүн түшүнүгү боюнча өздөрүнүн күмүшүнөн өздөрүнө куйма буркандарды жасашты, алардын баары – толугу менен сүрөтчүнүн колунан чыккан иш. Алар курмандык чалган адамдарга: “Букачарларды өпкүлө!” – деп жатышат.

3 Ошон үчүн алар таңкы булуттай, тез эле жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй, кырмандан шамал учурган топондой, мордон чыккан түтүндөй болушат.

4 Бирок сен Мисир жеринен чыккандан бери Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Ошондуктан сен Менден башка кудайды билбешиң керек, Менден башка Куткаруучу жок.

5 Мен сени чөлдө, какшыган жерде таанып билдим.

6 Жайыты бар алар ток эле. Тойгондуктан алардын жүрөгү текеберденди, ошондо алар Мени эстеринен чыгарып коюшту.

7 Ошон үчүн Мен аларга арстандаймын, кабыланга окшоп жолдо аңдып турам.

8 Мен аларга мамалактарынан ажыраган ургаачы аюудай кол салам, алардын көөдөнүн жарып салам, Мен аларды ошол жерде ургаачы арстандай болуп жеп салам, аларды талаа жырткычтары тытып кетишет.

9 Сен өзүңдү өлтүрдүң, Ысрайыл, анткени сен өзүңдүн таянычың болгон Мага каршы чыктың!

10 Сени куткара турган падышаң азыр кайда? Сенин бардык шаарларыңдагы башчыларың кайда? Сен алар жөнүндө “Мага падыша жана башчыларды бер!” деп айткансың.

11 Ошондо Мен сага каарым менен падыша бердим, анан аны ачуум менен тартып алдым.

12 Эпрайымдын мыйзамсыздыгы түйүнчөккө түйүлүп турат, анын күнөөсү сакталып турат.

13 Ал төрөп жаткан аялдай кыйналат. Ал – акылсыз уул, болбосо ал өзүнүн төрөлүүсүн создуктурмак эмес.

14 Мен аларды өлгөндөр жаткан жайдын бийлигинен кун төлөп куткарам, аларды өлүмдөн куткарам. Өлүм! Сенин уу тишиң кайда? Өлгөндөр жаткан жай! Сенин жеңишиң кайда? Өкүнүү көздөрүмдөн жашыруун.

15 Эпрайым бир туугандарынын арасында жемиштүү болсо да, чыгыш шамалы, чөлдөн көтөрүлгөн Теңир шамалы, келет, ошондо анын булагы соолуйт, башаты какшыйт: ал шамал бардык кымбат баалуу нерселер сакталган казынаны кыйратат.

14-БӨЛҮМ

1 Самария бүлгүнгө учурайт, анткени өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.

Теңирге кайрылууга чакыруу

2 Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын айынан мүдүрүлүп жыгылдың.

3 Өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: “Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.

4 Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуз менен жасаган буюмдарды «биздин кудайларыбыз» деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат”.

Кудайдын сүйүүсү

5 Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду.

6 Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.

7 Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.

8 Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.

9 “Эми буркандар менен эмне ишим бар?” – дейт Эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен түбөлүк көгөрүп турган кипаристей болом: сенин жемиштериң Менден болот.

10 Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт».








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz