Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

АМОС

1-БӨЛҮМ

Кудайдын соту жөнүндө пайгамбарчылык

1 Текоялык койчулардын бири Амостун сөздөрү. Ал Жүйүт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу көрүнүш көргөн.

2 Ошондо ал: «Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.

3 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.

4 Хазаелдин үйүнө от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.

5 Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен өрөөнүнүн тургундарын жана Эден үйүнөн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

6 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Азаны аябайм, анткени алар бүт элди Эдомдун колуна салып берүү үчүн туткундашты.

7 Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.

8 Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду Экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Теңир».

9 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды Эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди эстешкен жок.

10 Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».

11 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин өчүрдү, ал дайыма каарданып турду, өзүнүн жаалын таптакыр токтоткон жок.

12 Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».

13 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Амон уулдарын аябайм, анткени алар өз жерлерин кеңейтиш үчүн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.

14 Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын үйлөрүн салгылашуу күнүндө кыйкырыктар менен, бороон-чапкын күнүндө куюн менен жалмайт.

15 Ошондо алардын падышасы төрөлөрү менен бирге туткундалып кетет, – дейт Теңир».

2-БӨЛҮМ

1 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Маапты аябайм, анткени ал Эдом падышасынын сөөгүн акиташтай болгуча өрттөдү.

2 Маапка от жиберем, ал от Кериоттун падыша сарайларын жалмайт. Ошентип, Маап сурнай тартылып, ызы-чуу, бүлгүн болуп жатканда өлөт.

3 Алардын арасынан башкаруучусун жок кылам, аны менен бирге анын бардык төрөлөрүн өлтүрөм», – дейт Теңир.

Жүйүт менен Ысрайылдын жазаланары жөнүндө

4 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Жүйүттү аябайм, анткени алар Теңирдин мыйзамдарын четке кагышты, Анын көрсөтмөлөрүн сакташкан жок, ата-бабалары табынган буркандар аларды жолдон чыгарышты.

5 Жүйүткө от жиберем, ал от Иерусалимдин падыша сарайларын жалмайт».

6 Теңир мындай дейт: «Кылган үч кылмышы үчүн, төрт кылмышы үчүн Ысрайылды аябайм, анткени алар адилет адамды күмүшкө, жакырды бир жуп сандалга сатышат.

7 Алар жакырлардын башын топуракка матырууну көксөшөт, момундарды жолдон чыгарышат, атүгүл, Менин ыйык ысымымды булгаш үчүн, атасы менен уулу бир аялга барат.

8 Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, күрөөгө алынган кийимдердин үстүндө жамбаштап жатышат, айыпкерлерден төлөтүлүп алынган шараптарды өз кудайларынын үйүндө ичишет.

9 Мен болсо алардын көз алдында бийиктиги кедр дарагындай, бекемдиги эмен дарагындай болгон Аморду өлтүрдүм. Мен анын башындагы мөмөсүн, түбүндөгү тамырларын жок кылдым.

10 Мен силерди Мисир жеринен алып чыктым, аморлуктардын жерин мурастап калышыңар үчүн, силерди чөлдө кырк жыл алып жүрдүм.

11 Мен силердин уулдарыңардан пайгамбарларды, уландарыңардан назирлерди чыгардым. Же ушундай эмеспи, Ысрайыл уулдары? – дейт Теңир.

12 Силер болсо назирлерге шарап ичирдиңер, пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылбагыла!” – деп буйрук бердиңер.

13 Боолор жүктөлгөн араба жерди кандай басса, Мен да силерди ошондой басам.

14 Ошондо шамдагай да качып кутула албайт, күчтүү да өзүнүн күчүн көрсөтө албайт, эр жүрөк жоокер да өз өмүрүн сактап кала албайт,

15 жаа тарткыч да туруштук бере албайт, жөө күлүк да качып кете албайт, атчан да өз өмүрүн сактап кала албайт,

16 эр жүрөктөрдүн эң кайраттуусу ошол күнү жылаңач качат», – дейт Теңир.

3-БӨЛҮМ

Теңирдин Жакыптын тукумуна каршы өкүм чыгарышы

1 «Ысрайыл уулдары, Теңирдин силерге каршы айткан сөзүнө кулак салгыла, Мен Мисир жеринен алып чыккан бардык урууга каршы мындай дейм:

2 “Жердеги бардык уруулардын ичинен Мен силерди гана тандап алдым, ошондуктан бардык мыйзамсыздыгыңар үчүн Мен силерди жазалайм”.

3 Эки адам өз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?

4 Алдында жем жок болсо, токойдо арстан ырылдайбы? Эч нерсе кармабаса, жаш арстан үңкүрүнөн үн салабы?

5 Жердеги тордо жем жок болсо, куш торго түшөбү? Торго эч нерсе түшпөсө, тор жерден көтөрүлөбү?

6 Шаарда сурнай тартылганда, эл коркпой коймок беле? Теңир жол бербесе, шаарда алаамат болмок беле?

7 Анткени Кудай-Теңир Өз кулдары – пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт.

8 Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?

9 Азоттогу жана Мисир жериндеги чептердин үстүнөн: “Самария тоолоруна чогулгула, анын ичиндеги чектен чыккан баш аламандыкты, ал жердеги ырайымсыздыкты көргүлө”, – деп жар салгыла.

10 Алар адилеттик боюнча иш кылганды билишпейт, – дейт Теңир, – алар үйлөрүнө зордук-зомбулук жана талап-тоноочулук менен байлык жыйнашат».

11 Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына душман бүт жерди курчайт! Ал сенин күчүңдү алсыратат, сенин үйлөрүң таланып-тонолот».

12 Теңир мындай дейт: «Койчу арстандын оозунан койдун эки шыйрагын же кулагынын бир бөлүгүн кандай сууруп алса, Самарияда төшөгүнүн бир четинде отурган, Дамаскта төшөгүнүн үстүндө жаткан Ысрайыл уулдары ошондой куткарылышат.

13 Уккула, Жакыптын тукумуна каршы күбөлөндүргүлө, – дейт Кудай-Теңир, Себайот Кудай.

14 Анткени Мен Ысрайылды өз кылмыштары үчүн жазага тарткан күнү Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары үчүн да жазага тартам, ошондо курмандык чалынуучу жайдын мүйүздөрү кыйылып, жерге түшөт.

15 Мен кышкы үйдү жайкы үй менен кошо кыйратам, пил сөөгү менен кооздолгон үйлөр талкаланат, көп үйлөр жок кылынат, – дейт Теңир».

4-БӨЛҮМ

1 Самария тоосундагы Башан кунажындары, силер, кедей-кембагалдарды кысымга алгандар, жакырларды эзгендер, өз мырзаларына: «Алып кел, ичели!», – дегендер, бул сөздү уккула!

2 «Силерди илмектер менен, тирүү калгандарды кайырмактар менен сүйрөп кете турган күндөр келет деп, Кудай-Теңир Өзүнүн ыйыктыгы менен ант берди.

3 Ошондо баарыңар дубалдын тешиктеринен чыгып, Армон тоолоруна ыргытыласыңар, – дейт Теңир.

Ысрайылдын тоң моюндугу

4 Бейтелге баргыла да күнөөгө баткыла, Гилгалга жөнөгүлө да кылмышыңарды көбөйткүлө. Курмандыгыңарды ар бир таңда чалгыла, ал тургай, ондуктарыңарды үч күндө бир алып баргыла.

5 Ыраазычылык курмандыгына ачыткы кошулган курмандыкты алып келгиле, өз каалооңор менен алып келген тартууларыңар жөнүндө жарыя кылгыла, алар жөнүндө жар салгыла, анткени, Ысрайыл уулдары, силер ушундай кылганды жакшы көрөсүңөр,– дейт Кудай-Теңир.

6 Ошон үчүн Мен силерге бардык шаарларыңарда таза тиштерди бердим, бардык айыл-кыштактарыңарда нанды тартыш кылдым. Бирок силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

7 Оруп-жыюуга дагы үч ай бар болсо да, Мен жамгыр жаадырган жокмун, бир шаарга жамгыр жаадырдым, ал эми экинчи шаарга жамгыр жаадырган жокмун. Бир жер жамгырга сугарылды, ал эми жамгырга сугарылбаган жер кургады.

8 Ошондо суу ичиш үчүн, эки-үч шаардын эли бир шаарга чогулуп жатты, бирок суусундарын кандыра иче алышкан жок. Ошондо да силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

9 Мен силерди эгиниңерге дат каптатып, аны саргартып жазаладым. Көп сандаган жемиш бактарыңарды, жүзүмзарларыңарды, анжыр дарактарыңарды, зайтун дарактарыңарды кырк аяк жеди, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

10 Мен силерге Мисирге жибергендей жугуштуу оору жибердим, уландарыңарды кылыч менен өлтүрдүм, аттарыңарды туткундап кеттим, кошуундарыңардан чыккан сасык жыт каңылжаарыңарды жарды, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

11 Содом менен Аморду кандай кыйратсам, Мен силерди ошондой кыйраттым, ошондо силер оттон алынган чычаладай болдуңар, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

12 Ошон үчүн, Ысрайыл, Мен сага ушундай кылам. Мен сага ушундай кылганы жаткандыктан, Ысрайыл, сен өз Кудайың менен жолугушууга даярдан.

13 Анткени Ал – тоолор менен шамалды жараткан, ойлорун адамга билдирген, таңкы жарыкты караңгылыкка айланткан, жердин бийиктиктеринде басып жүргөн Теңир, Анын ысымы – Себайот Кудай-Теңир».

5-БӨЛҮМ

Теңирге кайрылууга чакыруу

1 Ысрайыл, мына бул сөзгө, силер тууралуу кошогума кулак салгыла:

2 Ысрайыл кызы жыгылды, эми ал мындан ары турбайт! Ал өз жеринде кулатылды, аны тургузар эч ким жок».

3 Анткени Кудай-Теңир: «Ысрайылда миң аскери менен чыккан шаардын жүз аскери гана калат, жүз аскери менен чыккан шаардын он аскери гана калат», – деп жатат.

4 Анткени Теңир Ысрайылга мындай деп жатат: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар.

5 Бейтелди издебегиле, Гилгалга барбагыла, Бейер-Шебага өтпөгүлө, анткени Гилгал бүт бойдон туткунга кетет, Бейтел болсо жок болот».

6 Теңирди издегиле, ошондо тирүү болосуңар, Анын каары Жусупка от сыяктуу жалындап, аны жалмап салбасын, Бейтелде ал отту өчүрө турган эч ким болбойт.

7 Оо, силер, адилеттикти эрменге айланткандар, чындыкты тебелегендер!

8 Жети Аркар жана Алты Аркар топ жылдыздарын ким жаратты, өлүм көлөкөсүн жарык таңга ким айлантат, күндү ким түндөй караңгы кылат, ким деңиз сууларын чакырып, жер бетине төгөт? Анын ысымы – Теңир!

9 Ал кыйратуучуну күчтүүгө каршы чыңдайт, ошондо кыйратуучу сепилге кирет.

10 Алар болсо дарбазанын алдында ашкере кылган адамды жек көрүшөт, чындыкты сүйлөгөн адамдан жийиркенишет.

11 Силер жакырды тебелеп-тепсеп, анын нанынын жакшысын тартып алып жатканыңар үчүн, жылмаланган таштардан үйлөрдү курсаңар да, ал үйлөрдө жашабайсыңар, эң сонун жүзүмзарларды өстүрсөңөр да, алардын шарабын ичпейсиңер.

12 «Анткени Мен силердин кылмышыңар канчалык көп экенин, күнөөлөрүңөрдүн кандай оор экенин билем: силер адил адамдын душманысыңар, пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалайсыңар».

13 Ошондуктан акыл-эстүү адам бул мезгилде унчукпайт, анткени бул – жаман мезгил.

14 Тирүү калыш үчүн, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле. Ошондо өзүңөр айтып жаткандай, Себайот Кудай-Теңир силер менен болот.

15 Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө, дарбазаңардын алдында акыйкаттыкты жактагыла. Балким, Себайот Кудай-Теңир Жусуптун калдыгына ырайым кылар.

16 Ошондуктан Бардыгын Кармап Туруучу, Себайот Кудай-Теңир, мындай дейт: «Бардык аянттарда ый болот, бардык көчөлөрдө: “Аттиң! Аттиң!” – деп кыйкырышат. Дыйканды өкүргөнгө, мыкты кошокчуларды кошок кошконго чакырышат.

17 Бардык жүзүмзарларда ый болот, анткени Мен сени аралап өтөм, – дейт Теңир.

18 Теңирдин күнүн каалагандарга кайгы! Силерге Теңирдин ал күнүнүн эмне кереги бар? Ал күн – жарык эмес, караңгы күн.

19 Ал күн – арстандан качкан адамдын алдынан аюу чыккандай, же үйүнө келип, колу менен дубалга таянган адамды жылан чаккандай болгон күн.

20 Эмне, Теңирдин күнү караңгы эмеспи, жарыкпы? Ал караңгы, анда жаркыроо да жок.

21 Силердин майрамдарыңарды четке кагам, аларды жек көрөм, салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарыңарды жыттабайм.

22 Мага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык жана нан курмандыгын алып келсеңер да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыңарды карабайм.

23 Ырларыңдын үнүн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыңдын үнүн укпайм.

24 Акыйкаттык суудай, чындык тынбай аккан дарыядай агып турсун!

25 Ысрайыл, силер чөлдө жүргөн кырк жыл ичинде Мага арнап курмандыктарды, нан курмандыктарын чалдыңар беле?

26 Силер Молохтун чатырын жана өзүңөр үчүн жасап алган кудайыңардын жылдызы болгон Райпан бурканыңарды көтөрүп жүрдүңөр.

27 Ошон үчүн Мен силерди Дамасктан ары көчүрүп жиберем, – дейт Теңир. Анын ысымы – Себайот Кудай!

6-БӨЛҮМ

Ысрайылдын талкаланышы

1 Сиондо бейкапар жаткан, Самария тоосуна үмүттөнүп бейгам жаткан, элдердин арасында биринчилер деп аталган, Ысрайыл тукуму келип турган адамдарга кайгы!

2 Калнейге өткүлө да, карап көргүлө. Ал жерден улуу Хаматка баргыла, анан пелиштиликтердин Гат шаарына түшкүлө. Алар бул падышачылыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердин жериңерден кенен бекен?

3 Силер алаамат күндү алыс деп эсептеп, зомбулуктун бийлигин жакындатып жатасыңар,

4 пил сөөгүнөн жасалган сөрүдө жатасыңар, төшөктө керилип жатасыңар, койлордун эң жакшысын, оттуу жайыттагы букачарларды жеп жатасыңар,

5 гуслинин коштоосунда ырдап, аспапта Дөөткө окшоп ойнойбуз деп ойлойсуңар,

6 шарапты ченебей ичип, эң жакшы майлар менен майланасыңар, Жусуптун кайгысын бөлүшпөйсүңөр!

7 Ошон үчүн силер азыр туткундардын алдында туткундалып кетесиңер. Ошентип, керилип жаткандар, силердин кубанычыңар токтойт.

8 Кудай-Теңир Өзү менен ант берип жатат, Себайот Кудай-Теңир мындай деп жатат: «Жакыптын текебердигинен жийиркенем, анын үйлөрүн жек көрөм, ошондуктан Мен шаарды жана анын ичинде эмне болсо, ошонун баарын душмандын колуна салып берем.

9 Ошондо мындай болот: кайсы бир үйдө он адам калса, алар да өлөт.

10 Ошондо алардын тууганы же сөөк өрттөөчү адам алардын сөөктөрүн үйдөн алып чыгып бара жатып, үйдүн жанында тургандан: “Жаныңда дагы киши барбы?” – деп сурайт. Тигил: “Эч ким жок”, – деп жооп берет. Анда ал ага: “Унчукпа! Анткени Теңирдин ысымын эскерүүгө болбойт”, – деп айтат.

11 Анткени мына, Теңир буйрук берип, чоң үйлөрдү уратат, кичине үйлөрдү жарака кетирип кыйратат.

12 Аттар аска менен чуркай алабы? Асканы өгүз менен айдоого болобу? Силер болсо акыйкаттыкты ууга, чындыктын жемишин эрменге айланттыңар.

13 Силер болбогон нерселерге кубанып: “Биз бул кудуретке өзүбүздүн күчүбүз менен ээ болгон жокпузбу?” – дейсиңер.

14 Мына, Мен, – дейт Себайот Кудай-Теңир, – Ысрайыл, силерге каршы бир элди көтөрөм, ошондо ал эл силерди Хаматтын кире беришинен чөл суусуна чейин эзет».

7-БӨЛҮМ

Ысрайыл менен Жүйүттүн жазаланары жөнүндөгү үч көрүнүш

1 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жайкы чөп чыга баштаганда, Теңир чегирткени жаратты. Ал чөп падышанын чөп чабыгынан кийин чыккан чөп эле.

2 Чегиртке жердеги чөптөрдү жеп бүткөндө, мен: «Кудай-Теңир, ырайым кыла көр. Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.

3 Ошондо Теңир өкүнүп: «Андай болбойт», – деди.

4 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, жазалаш үчүн, Кудай-Теңир от чыгарды, ошондо ал от түпкүрдөгү чоң сууларды, жердин бир бөлүгүн жалмады.

5 Ошондо мен: «Кудай-Теңирим, токтото көр! Жакып кантип туруштук берет? Ал өтө эле кичине», – дедим.

6 Ошондо Теңир өкүнүп: «Бул да болбойт», – деди.

7 Ал мага мындай көрүнүш көрсөттү: Мына, Теңир тик дубал үстүндө турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.

8 Теңир мага: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Теңир мындай деди: «Мына, Мен Өз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.

9 Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».

Амос жана Аматсия

10 Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат. Анын бүт сөздөрүнө жер чыдай албайт.

11 Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет”».

12 Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарчылык кыл.

13 Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарчылык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын үйү».

14 Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт дарагын өстүрчүмүн.

15 Бирок Теңир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.

16 Эми Теңирдин сөзүнө кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга каршы пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сөз сүйлөбө”, – деп жатасың.

17 Ошон үчүн Теңир мындай дейт: “Шаарда сенин аялың бузуктук кылат. Уулдарың менен кыздарың кылычтан өлөт. Сенин жериң жер бөлгөн аркан менен бөлүнөт, өзүң болсо таза эмес жерде өлөсүң, Ысрайыл өз жеринен сөзсүз куулуп чыгат”».

8-БӨЛҮМ

Жемиш салынган себет жөнүндөгү көрүнүш

1 Кудай-Теңир мага мындай көрүнүш көрсөттү: мен бир себет бышкан жемишти көрдүм.

2 Ал менден: «Амос, сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен: «Бир себет бышкан жемишти», – дедим. Ошондо Теңир мага мындай деди: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм.

3 Ошол күнү падыша сарайындагы ырлар ыйга айланат, – дейт Кудай Теңир, – өлүктөр көп болот, ар кайсы жерде аларды үн-сөзсүз ыргытышат».

Ысрайылга чыгарылган өкүм

4 Кембагалдарды жеп-жуткусу келгендер, жакырларды өлтүргүсү келгендер,

5 «Жаңырган ай майрамы өтсө, биз нан сата алабыз, ишемби күнү өтсө, биз кампаларды ачабыз, эйфанын көлөмүн азайтабыз, шекелдин баасын көтөрөбүз, туура эмес таразалар менен алдайбыз,

6 кедейлерди күмүшкө, кембагалдарды бир жуп бут кийимге сатып алабыз, ал эми дандын калбырдан өтпөй калганын сатабыз», – дегендер, муну уккула!

7 Теңир Жакыптын даңкы менен ант берди: «Чындыгында, алардын бул иштеринин эч бирин түбөлүккө унутпайм!

8 Мына ушундан жер солкулдабас бекен, анын үстүндө жашаган ар бир адам ыйлабас бекен? Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, ал Мисир дарыясына окшоп бирде көтөрүлүп, бирде төмөн түшөт.

9 Ошол күнү мындай болот, – дейт Кудай-Теңир, – чак түштө күндү батырам, күндүз жерди караңгылатам,

10 майрамдарыңарды кайгыга, ырларыңардын бардыгын ыйга айлантам, баарыңарга зумбал кийгизип, чачыңарды кырам. Өлкөдө жалгыз уулун жоктоп ыйлагандагыдай ый көтөрөм, анын аягы кайгылуу күн сыяктуу болот.

11 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү Мен жер үстүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем.

12 Ошондо Теңирдин сөзүн издеп, деңизден деңизге теңселип басышат, түндүктөн чыгышка сандалышат, бирок аны табышпайт.

13 Ошол күнү ошол суусоодон сулуу кыздар менен жигиттер соолушат.

14 Алар Самариянын күнөөсү менен: “Дан, сенин кудайың тирүү! Бейер-Шебага барчу жол тирүү!” – деп ант беришет. Алар кулашат, ошол бойдон турушпайт».

9-БӨЛҮМ

Теңирдин жазалары

1 Мен курмандык чалынуучу жайдын жанында турган Теңирди көрдүм, Ал мындай деди: «Мамылардын үстүнкү бөлүгүн ур, үйдүн төбөсү солкулдап, алардын башына түшсүн, ал эми калгандарын Мен кылыч менен өлтүрөм, алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт.

2 Алар өлгөндөр жаткан жайга кирип кетишсе да, Менин колум аларды ошол жактан алып чыгат. Асманга чыгып кетишсе да, аларды ал жактан кулатам.

3 Алар Кармел тоосунун чокусуна чыгып жашынып алышса да, ошол жерден аларды таап алып, колго түшүрөм. Менин көзүмдөн жашынып, деңиздин түпкүрүнө түшүп кетишсе да, ошол жерден деңиз жыланына аларды чагууга буйрук берем.

4 Аларды өз душмандары туткундап кетишсе, ошол жерден да кылычка аларды өлтүрүүгө буйрук берем. Мен көзүмдү аларга жакшы күн көрсөтүү үчүн эмес, алаамат түшүрүү үчүн бурам».

5 Анткени Себайот Кудай-Теңир жерге колун тийгизгенде, ал эрип кетет, ошондо анын үстүндө жашагандардын баары ыйлашат. Жер бүт бойдон дарыядай ташкындайт, Мисир дарыясындай төмөн түшөт.

6 Ал Өзүнүн жогорку үйлөрүн асманга тургузган, Өзүнүн негизин жер үстүнө орноткон. Ал деңиз сууларын чакырып, жер үстүнө төгүп турат. Анын ысымы – Теңир.

7 «Ысрайыл уулдары, силер Мен үчүн Эфиопия уулдарындай эле эмессиңерби? – дейт Теңир. – Ысрайылды Мисир жеринен, пелиштиликтерди Каптордон, арамейлерди Кирден Мен алып чыккан жок белем?

8 Мына, Кудай-Теңирдин көздөрү күнөөкөр падышачылыкка каршы, Мен аны жер бетинен жок кылам. Бирок Жакыптын тукумун биротоло кырып салбайм, – дейт Теңир.

9 Анткени Мен буйрук берип, данды калбырлагандай, Ысрайыл урууларын бүт элдердин арасында калбырлайм, бир да дан жерге түшпөйт.

10 Менин элимдин: “Бул алаамат бизге жетпейт, бизге келбейт”, – деген күнөөкөрлөрүнүн баары кылычтан өлөт.

Дөөттүн падышачылыгынын калыбына келтирилиши

11 Ошол күнү Мен Дөөттүн кулаган чатырын калыбына келтирем, анын жик кеткен жерлерин бүтөйм, бузулган жерин оңдойм, аны байыркы күндөрдөгүсүндөй кылып тургузам.

12 Алар Эдомдун калдыгын жана Менин ысымым менен аталган элдердин баарын ээлеп алышы үчүн ошондой кылам, – дейт ушунун бардыгын жасаган Теңир.

13 Мына, күндөр келе жатат, – дейт Теңир, – ошол күндөрү жер айдаган дыйкан оруп-жыюучуну кууп жетет, ал эми жүзүм сыккыч себүүчүнү кууп жетет. Ошондо тоолордон чыккан жүзүм ширеси бардык адырлардан агат.

14 Ошондо Мен Өз элим Ысрайылды туткундан кайра алып келем, алар кыйраган шаарларды кайрадан куруп, аларга отурукташышат; жүзүмзарларды отургузуп, алардын шарабын ичишет; жемиш бактарын тигип, алардын мөмөлөрүн жешет.

15 Мен аларды өздөрүнүн жерине жайгаштырам, ошондон кийин алар өздөрүнүн Мен берген жеринен куулуп чыгарылбайт, – дейт сенин Кудай-Теңириң».








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz