Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЖУНУС

1-БӨЛҮМ

Жунустун чакырылышы жана качышы

1 Амитай уулу Жунуска Теңирден мындай сөз болду:

2 «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жөнүндө пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти».

3 Ошондо Жунус Теңирдин жүзүнөн Таршышка качып кетмекчи болду. Ал туруп, Жапага келди да, Таршышка жөнөп жаткан бир кемени таап, жол акысын төлөдү. Теңирдин жүзүнөн качып, Таршышка алар менен бирге кетиш үчүн, кемеге түштү.

4 Бирок Теңир деңизге катуу шамал жөнөттү, ошондо деңизде катуу бороон башталып, кеме талкалана турган болду.

5 Кеме айдоочулардын үрөйү учуп, ар ким өз кудайын чакырды. Анан алар кемени жеңилдетиш үчүн, андагы жүктү деңизге ыргыта башташты. Жунус болсо кеменин ылдый жагына түшүп, жатып уктап калган эле.

6 Ошондо кеме башчысы ага келип: «Сен эмне уктап жатасың? Тур, өз Кудайыңды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, өлбөй каларбыз», – деди.

7 Анан алар бири-бирине: «Жүргүлө, өкчөмө таш ыргытып, кимдин айынан ушул кырсыкка кабылып жатканыбызды билели», – дешти. Өкчөмө таш ыргытышты, ал Жунуска түштү.

8 Ошондо андан: «Айтчы, бул кырсыкка кимдин айынан кабылдык? Эмне иш кыласың? Кайдан келе жатасың? Кайсы өлкөдөнсүң? Кайсы элденсиң?» – деп сурашты.

9 Жунус аларга: «Мен эвреймин, деңизди жана кургактыкты жараткан асмандагы Кудай-Теңирден корком», – деп жооп берди.

10 Жунустун айтып бергенинен улам, алар анын Теңирдин жүзүнөн качып бара жатканын билишти. Ошондо алардын үрөйү учуп, ага: «Эмне үчүн мындай кылдың?» – дешти.

11 Анан алар андан: «Деңиз тынчыш үчүн, биз сени эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Анткени толкун күчөп бара жаткан эле.

12 Жунус аларга мындай деди: «Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем».

13 Бирок ал адамдар кургактыкка жетиш үчүн, бардык күчү менен калак шилтей башташты, бирок жете алышкан жок, анткени деңизде аларга каршы толкун күчөдү.

14 Ошондо алар Теңирди чакырып: «Оо Теңир, Сенден суранабыз, бул адамдын жаны үчүн биз кырылып калбасак экен, жазыксыз канды мойнубузга сала көрбө, анткени Сен, Теңир, Өзүңө эмне жакса, ошону кылдың!» – дешти.

15 Анан Жунусту алып, деңизге ыргытышты. Ошондо деңиздеги толкун басылды.

16 Ошондо бул адамдар Теңирден абдан коркуп калышты. Теңирге курмандык чалышты жана убадаларды беришти.

2-БӨЛҮМ

Жунустун сыйынуусу

1 Теңир бир чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болду.

2 Жунус чоң балыктын ичинен өз Кудай-Теңирине сыйынды.

3 Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Теңирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин үнүмдү уктуң.

4 Сен мени деңиздин тереңине, деңиздин ортосуна ыргыттың, мени суу курчады, Сенин бүт иримдериң менен толкундарың менин үстүмдөн өттү.

5 Ошондо мен: “Сенин көз алдыңдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык үйүңдү мен кайрадан көрөм”, – дедим.

6 Мени суу курчап, жаныма коркунуч туулду, мени туңгуюк кучагына алды, башыма деңиз чөптөрү оролду.

7 Мен тоолордун түбүнө чейин түштүм, жер мени өзүнүн кулпулары менен түбөлүккө бекитти. Бирок, Сен, менин Кудай-Теңирим, менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың.

8 Жаным алсырап калганда, Теңирди эстедим, менин сыйынуум Сага, Сенин ыйык ийбадатканаңа жетти.

9 Эч нерсеге арзыбаган жалган кудайларды урматтагандар өздөрүнүн боорукер Кудайын таштап коюшту.

10 Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!»

11 Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды.

3-БӨЛҮМ

Жунустун тил алуусу

1 Анан Жунуска Теңирден экинчи жолу сөз болду:

2 «Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла».

3 Ошондо Жунус туруп, Теңирдин сөзү боюнча Нинебиге жөнөдү. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле.   4 Жунус шаарды аралап, бир күндө канча жол басууга мүмкүн болсо, ошончо жол басып: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды.

5 Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишти.

6 Бул сөз Нинеби падышасына жетти, ошондо ал тагынан туруп, үстүндөгү падыша кийимин чечип, зумбал кийип, күлгө отурду.

7 Анан падыша өзүнүн жана төрөлөрүнүн атынан Нинебиде мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Адам да, мал да, өгүз да, кой да эч нерсе жебесин, жайытка чыкпасын, суу да ичпесин.

8 Адамдар да, мал да зумбал жамынып, Кудайга боздоп жалынышсын, ар бири өзүнүн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартсын.

9 Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, Өзүнүн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз өлбөй каларбыз».

10 Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын көрүп, аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок.

4-БӨЛҮМ

Жунустун капа болушу жана Кудайдын ырайымы

1 Жунус буга абдан капа болуп туталанды.

2 Ал Теңирге сыйынып, мындай деди: «Оо Теңир! Мен өз өлкөмдө экенде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон үчүн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин жакшы, боорукер, абдан чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай экениңди жана алаамат үчүн өкүнөрүңдү билгем.

3 Теңир, эми менин жанымды ал, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык».

4 Ошондо Теңир: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» – деди.

5 Жунус шаардан чыгып, анын чыгыш тарабындагы бир жерге алачык жасады да, шаар эмне болорун көрүш үчүн, ошол алачыктын алдында, көлөкөдө отурду.

6 Кудай-Теңир бир өсүмдүк өстүрдү. Жунусту кайгыдан куткарыш үчүн, анын башына көлөкө болуш үчүн, ал өсүмдүк жогору көтөрүлдү. Жунус ал өсүмдүккө абдан кубанды.

7 Бирок эртеси таң атканда, Кудай бир курт чыгарды. Курт өсүмдүктүн тамырын жеп салды, өсүмдүк куурап калды.

8 Күн чыкканда Кудай аптаптуу чыгыш шамалын жиберди. Күн Жунустун башын куйкалай баштады, ошондо ал алсырап, өзүнө өлүм тилеп: «Жашагандан көрө, өлгөнүм артык», – деди.

9 Кудай Жунустан: «Чыны менен эле, сен бул өсүмдүк үчүн ушунчалык капа болдуңбу?» – деп сурады. «Ооба, мен аябай капа болдум», – деди ал.

10 Ошондо Теңир мындай деди: «Сен өзүң мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндө өсүп, бир түндө соолуп калган өсүмдүк үчүн өкүнүп жатасың.

11 Анан Мен кантип оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?»








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz