Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

МИХЕЙ

1-БӨЛҮМ

Теңирдин Өз элине каарданышы

1 Жүйүт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда морейшилик Михейге Теңирден сөз болду. Ал Самария жана Иерусалим тууралуу көрүнүш көрдү.

2 Бардык элдер, уккула, бүт жер жүзү жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Теңир, Теңир, Өзүнүн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы күбө болсун!

3 Анткени мына, Теңир Өз ордунан чыгып келе жатат, түшүп келип, жердин бийик жерлеринде басат.

4 Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт.

5 Мунун баары Жакыптын мыйзамсыздыгы үчүн, Ысрайылдын күнөөсү үчүн болот. Жакыптын мыйзамсыздыгы ким? Самария эмеспи? Жүйүттүн бийик жерлердеги бутканаларын ким курду?

6 «Ошон үчүн Самарияны талаадагы үйүлгөн урандыга, жүзүмдүк өстүрө турган жерге айлантам. Анын таштарын өрөөнгө кулатам, анын негиздерин жылаңачтайм.

7 Анын бүт таш буркандары талкаланат, бузуктук тартуулары өрттөлөт, анын бардык жасалма кудайларын кыйратам, анткени ал аларды бузуктук тартуулары менен орноткон, алар бузуктук тартууларына айланат».

Жүйүт менен Ысрайыл үчүн ыйлоо

8 Мен бул тууралуу ыйлайм, боздоп ыйлайм, таланып-тонолгон, жылаңачталган адамдай болуп басам, чөөлөргө окшоп улуйм, төө куштарга окшоп ыйлайм.

9 Анткени анын жарасы айыккыс, ал айыккыс жарасы Жүйүткө чейин жетти, атүгүл, ал менин элимдин дарбазасы болгон Иерусалимге чейин жетти.

10 Бул тууралуу Гатта жарыя кылбагыла, ал жерде катуу ыйлабагыла, бирок Опра кыштагында өзүңөргө күл чачкыла.

11 Шапирдин маскара болуп жылаңачталган тургуну, көчүп кет. Саанандын тургуну да качып кутулбайт. Бейт-Аетселдеги ый силерге ал жерге токтогонго жол бербейт.

12 Марота тургуну өзүнүн жакшы нерсеси үчүн күйүт тартып жатат, анткени Теңирден Иерусалим дарбазасына алаамат түштү.

13 Лакиш тургуну, арабага күлүк аттарды чек. Сион кызынын күнөөсүнүн башталышы сенсиң, анткени Ысрайылдын кылмыштары сенде пайда болду.

14 Ошондуктан сен Морешет-Гатка тартууларды жөнөтөсүң. Бирок Аказип кыштактары Ысрайыл падышаларынын үмүтүн актабайт.

15 Мореш тургуну, мен сага дагы бир мураскор алып келем. Ысрайылдын даңкы Адуламга чейин кетет.

16 Чачыңды ал, сакал-мурутуңду кыр, өзүңдүн сүйүктүү уулдарың үчүн аза күт. Жүнү түшкөн бүркүттүкүндөй кылып, алар үчүн башыңды дагы кыра түш, анткени алар сенин жаныңдан көчүрүлүп кетишет.

2-БӨЛҮМ

Жакырларды кысымга алгандарды жазалоо

1 Мыйзамсыздык ойлогондорго жана төшөгүндө жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди таң агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда күч бар.

2 Талааларды каалашат, аларды күч менен тартып алышат; үйлөрдү каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды үйү менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.

3 Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуңарды кыймылдата албай каласыңар жана түз баса албай каласыңар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.

4 Ошол күнү силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бөтөн урууларга бөлүнүп берилди”, – дешет.

5 Ошондуктан сенде Теңирдин алдындагы жыйында жерди бөлүш үчүн өкчөмө таш ыргыткан эч ким болбойт.

6 Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыңар үчүн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.

7 Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! Эмне, Теңирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сөзүм жакшылык алып келбейт бекен?

8 Мурун Менин элим болуп жүргөн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч өтүп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыңар.

9 Менин элимдин аялдарын өздөрүнүн жакшынакай үйлөрүнөн кууп чыгарып жатасыңар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыңар.

10 Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жериңер эмес. Ал өзүнүн ыпыластыгы үчүн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.

11 Эгерде жеңил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана күчтүү ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.

12 Жакып, сенин бүт тукумуңду сөзсүз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сөзсүз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин көптүгүнөн бака-шака болушат.

13 Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында өздөрүнүн падышасы, ал эми алардын башында Теңир барат».

3-БӨЛҮМ

Эл башчыларынын жазаланары жөнүндө

1 Ошондо мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, уккула! Чындыкты силер билишиңер керек эмеспи?

2 Силер болсо жакшы нерсени жек көрүп, жаман нерсени жакшы көрүп жатасыңар. Алардын терисин сыйрып жатасыңар, этин сөөктөрүнөн ажыратып жатасыңар,

3 Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыңар, ал эми сөөктөрүн карапага сала тургансып сындырып, этин казанга сала тургансып бөлүп жатасыңар».

4 Ошондо алар Теңирди чакырышат, бирок Теңир аларды укпайт, ошол убакта алардан Өз жүзүн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат.

5 Менин элимди адаштырган, тиштери менен кемирген, «Тынчтык!» деп кыйкырган, ал эми өздөрүнүн оозуна эч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылган пайгамбарларга каршы Теңир мындай дейт:

6 «Ошон үчүн көрүнүштүн ордуна силерге түн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна караңгылык болот. Пайгамбарлардын үстүнөн күн батат, алардын үстүнөн күн караңгылайт.

7 Көрөгөчтөр уятка калышат, төлгөчүлөр шылдың болушат. Алардын бардыгы ооздорун жабышат, анткени Кудайдан жооп болбойт».

8 Мен болсо Жакыпка өзүнүн кылмышын, Ысрайылга өзүнүн күнөөсүн айтыш үчүн, Теңирдин Рухунун күчүнө, адилеттүүлүккө жана кайраттуулукка толдум.

9-10 Акыйкаттыктан жийиркенген, түз нерсенин баарын кыйшык кылган, Сионду кан менен, Иерусалимди адилетсиздик менен курган Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, муну уккула!

11 Анын башчылары пара алып сот жүргүзүп жатышат, ыйык кызмат кылуучулары акы алып окутуп жатышат, пайгамбарлары акча алып пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок ошол эле учурда алар: «Теңир биздин арабызда эмеспи? Биздин башыбызга алаамат түшпөйт!» – деп, Теңирге таянып жатышат.

12 Ошондуктан силердин айыңардан Сион айдоо талаасындай болуп айдалат, Иерусалим үйүлгөн урандыга айланат, ал эми бул үй турган тоо токойлуу адырга айланат.

4-БӨЛҮМ

Теңирдин жер үстүндөгү падышачылыгы

1 Акыркы күндөрдө мындай болот: Теңир үйү турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору көтөрүлөт, элдер ага агылып келишет.

2 Көп элдер келип: «Келгиле, Теңирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын үйүнө кирели, Ал бизге Өзүнүн жолдорун үйрөтөт, ошондо биз Анын жолдору менен жүрөбүз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Теңирдин сөзү чыгат», – дешет.

3 Ал көп элдерди соттойт, алыскы өлкөлөрдөгү көптөгөн уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт,

4 тескерисинче, ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир Өзү айтты.

5 Анткени бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты үчүн жашайт. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин аты үчүн жашайбыз.

Ысрайылдын туткундан кайтып келери жөнүндө

6 «Ошол күнү, – дейт Теңир, – аксагандарды чогултам, куулуп кеткендерди, Өзүм кимдин башына алаамат түшүрсөм, ошолорду чогултам.

7 Аксагандарды калдык кылам, алыска чачырап кеткендерди күчтүү эл кылам, Теңир Сион тоосунда азыр жана түбөлүккө алардын үстүнөн падышачылык кылат.

8 Сен болсо, үйүр мунарасы, Сион кызынын адыры! Сага мурунку бийлигиң кайрылып келет, Иерусалим кыздарына падышачылык кайра келет.

9 Эмнеге сен азыр ушунчалык катуу өкүрүп жатасың? Эмне, сенин падышаң жокпу? Төрөп жаткан аялга окшоп, эмне кыйналып жатасың? Эмне, кеңешчиңден айрылып калдыңбы?

10 Сион кызы, төрөп жаткан аялга окшоп азап тарт, кыйнал, анткени сен эми шаардан чыгасың, талаада жашайсың, Бабылга чейин жетесиң. Ошол жерде куткарыласың, ошол жерде Теңир сени душмандарыңдын колунан куткарат.

11 “Ал булгансын, Сиондун кыйроосун көзүбүз көрсө экен” деген көптөгөн элдер азыр сага каршы чогулушту.

12 Бирок алар Теңирдин ойлорун билишпейт, Анын кеңешин түшүнүшпөйт, анткени Теңир аларды кырмандагы боолордой кылып чогултту.

13 Сион кызы, тур, кырман бастыр, анткени Мен сенин мүйүзүңдү темирден, туяктарыңды жезден жасайм. Ошондо сен көп элдерди талкалайсың, алардын талап-тоноп алгандарын Теңирге, алардын байлыгын бүт жер жүзүнүн Эгедерине арнайсың.

5-БӨЛҮМ

1 Кошуундардын кызы, эми куралдан. Бизди айланта курчап алышты, Ысрайылдын башкаруучусун таяк менен бетке урушат.

Машайак жөнүндөгү убада

2 Бирок Сен, Бейт-Лехем Эфрата, Жүйүттүн миңдеген урууларынын ичинен кичине болсоң да, сенден Мен үчүн Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эң башында эле, байыркы күндөрдө эле төрөлгөн.

3 Ошондуктан Теңир аларды төрөй турган аял төрөгөн мезгилге чейин таштап салат. Ошондо Ысрайыл уулдарына өздөрүнүн калган бир туугандары кайрылып келишет.

4 Ал туруп, аларды Теңирдин күчү менен, Кудай-Теңирдин ысымынын улуулугу менен кайтарат, ошондо алар коопсуз жашашат, анткени Анын улуулугу жер кыйырына чейин белгилүү болот.

Жакыптын калдыгы – элдер үчүн шүүдүрүм

5 Ал биздин тынчтыгыбыз болот. Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин үйлөргө киргенде, биз ага каршы жети койчуну, сегиз төрөнү коёбуз.

6 Алар кылыч менен Ашур жерин, Нимрот жерин дарбазаларынын алдында кыйратат, Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин чек араларыбызды аттаганда, Ал бизди андан куткарат.

7 Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай болот, ал адамга көз каранды болбойт жана адам уулдарына таянбайт.

8 Жакыптын калдыгы элдердин арасында, көп уруулардын арасында токой жырткычтарынын арасындагы арстандай, койлордун арасындагы жаш арстандай болот, эгерде ал арстан атырылып чыгып, басып жыгып тыткылай турган болсо, анын колунан эч ким куткара албайт.

9 Сенин колуң душмандарыңдын үстүнөн салтанат менен көтөрүлөт, сенин бардык душмандарың жок кылынат.

10 Ошол күнү, – дейт Теңир, – сенин аттарыңды жок кылам, майдан арабаларыңды талкалайм.

11 Сенин жериңдеги шаарларды кыйратам, сенин бардык сепил-чептериңди уратам.

12 Сенин колуңдан сыйкырчылыкты жулуп ыргытам, сенин жаратылыш кубулуштары боюнча алдын ала айтуучуларың жок болот.

13 Сенин буркандарыңды талкалайм, жасалма кудайларыңды жок кылам, ошондон кийин сен өз колуң менен жасаган нерселерге табынганыңды коёсуң.

14 Сенин ыйык токойлоруңду түп-тамыры менен жок кылам, шаарларыңды талкалайм.

15 Ошентип, Мага тил албаган элдерден каарым менен, ачуум менен өч алам».

6-БӨЛҮМ

Кудайдын жазасы жана ырайымы

1 Теңирдин эмне деп айтып жатканын уккула: «Тур, тоолордун алдында соттош, сенин үнүңдү адырлар уксун!»

2 Тоолор, ошондой эле силер да, жердин бекем негиздери, Теңирдин сотун уккула, анткени Теңир Өз элин соттоп жатат, Ал Ысрайыл менен соттошуп жатат.

3 «Элим! Мен сага эмне кылдым, сага кандай оорчулук келтирдим? Жооп берчи Мага.

4 Мен сени Мисир жеринен алып чыктым, сени кулчулуктун үйүнөн куткарып алдым, сени жетектеп жүрүшү үчүн, Мусаны жана Арун менен Мириямды жибердим.

5 Элим! Теңирдин адилеттүү иштерин таанып билишиң үчүн, Маап падышасы Балак кандай арамдык ойлогонун, Бейор уулу Билам ага эмне деп жооп бергенин жана Шитимден Гилгалга чейин эмне болгонун эстечи».

6 «Теңирдин алдына мен эмне менен келем, асмандагы Кудайга кантип таазим кылам? Анын алдына бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен, бир жашар букачарлар менен келемби?

7 Бирок миңдеген койлор менен, он миңдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен Теңирге жагууга болобу? Өзүмдүн кылмышым үчүн Ага тун уулумду, өз жанымдын күнөөсү үчүн ичимден чыккан баламды беремби?»

8 Оо адам! Эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган бул – адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо.

9 Теңирдин үнү шаарга чакырып жатат, акылмандуулук Сенин ысымыңдын алдында коркуп турат. «Бийлик таякты жана аны Ким койсо, Ошону уккула!

10 Арам байлык жана кемитилген, жийиркеничтүү ченем мыйзамсыздын үйүндө азыр деле жок эмес бекен?

11 Мен туура эмес тараза менен, баштыктагы туура эмес кадак таштар менен таза боло аламбы?

12 Анын байлары зордук-зомбулдук кылышат, анын тургундары жалганды сүйлөшөт, алардын тили алдамчы.

13 Ошондуктан Мен сени айыккыс кылып урдум, сени күнөөлөрүң үчүн кыйраттым.

14 Сен жейсиң, бирок тойбойсуң, сенин ичиң бош болот. Кайтарасың, бирок сактап кала албайсың, ал эми сактап калганыңды кылыч мизине салып берем.

15 Эгесиң, бирок оруп-жыйбайсың; зайтун сыгасың, бирок май менен майланбайсың; жүзүм ширесин сыгасың, бирок шарап ичпейсиң.

16 Силерде Омринин каада-салттары, Ахаптын тукумунун бардык иштери сакталып калган, силер ошолордун кеңештери менен иш кыласыңар. Ошондуктан Мен сени кыйратам, сенин тургундарыңды күлкү кылам, ошентип, силер Менин элимдин маскарачылыгын көтөрөсүңөр».

7-БӨЛҮМ

Адамзаттын бузулушу

1 Мага кайгы! Анткени мен жайкы жемиштерди жыйнап алгандан кийинки, жүзүмдү терип алгандан кийинки мезгилдей болуп калдым. Жегенге бир да мөмө жок, менин жаным каалаган, бышкан бир да жемиш жок.

2 Жерде ырайымдуу адамдар калбай калды, адамдардын арасында адил адамдар жок. Кан төгүш үчүн, бардыгы тузак коюшат, ар бири өз бир тууганына тор жаят.

3 Алардын колдору жамандык кылып, жакшылык күтүшөт: жетекчи белек талап кылат, сот пара алып соттойт, төрөлөр болсо өздөрүнүн жаман каалоолорун ачык айтышат, ишти бурмалашат.

4 Алардын эң жакшысы тикенектей, эң адилеттүүсү тикенектүү тосмодон жаман. Сенин пайгамбарларың айткан күн, Сен жазалай турган күн келе жатат. Эми аларга дүрбөлөң түшөт.

5 Досуңарга ишенбегиле, жолдошуңарга таянбагыла. Койнуңда жаткан аялыңдан оозуңдун эшигин сакта.

6 Анткени уулу атасын уят кылат, кызы энесине каршы чыгат, келини кайын энесине каршы болот. Адамдын душманы – өзүнүн үйүндөгүлөрү.

7 Мен болсо Теңирден үмүттөнөм, мени куткарган Кудайга таянам: Кудайым мени угат.

Куткарылуу Теңирден

8 Душманым, мени табалаба! Мен кулап калсам да, кайра турам. Мен караңгылыкта отурсам да, Теңир мен үчүн жарык.

9 Менин ишимди чечкенге чейин, мени соттогонго чейин, Теңирдин каарын көтөрөм, анткени Анын алдында күнөө кылдым. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо мен Анын адилеттүүлүгүн көрөм.

10 Мага «Сенин Кудай-Теңириң кайда?» деген душманым муну көрүп, уятка калат. Ал көчөдөгү баткакка окшоп тебеленгенде, аны көрүп, көзүмдүн моокуму канат.

11 Сен өзүңдүн дубалдарыңды курган күнү, ошол күнү чек араң чоңоёт.

12 Ошол күнү сага Ашурдан жана Мисир шаарларынан келишет, Мисирден тартып Эфрат дарыясына чейин, деңизден деңизге чейин, тоодон тоого чейин жашаган элдер келишет.

13 Ал жер болсо өзүнүн тургундарынын күнөөлөрү үчүн, алардын иштеринин жемиштери үчүн чөлгө айланат.

Теңирдин Ысрайылга ырайым көрсөтүшү

14 Кармелдин ортосундагы токойдо обочо жашаган Өз элиңди, Өз мурасың болгон койлоруңду, Өзүңдүн таягың менен кайтар. Алар Башан менен Гилатта байыркы күндөрдөгүдөй оттоп жүрүшсүн!

15 «Сен Мисирден чыгып келе жаткан күндөрдө кандай кереметтерди көрсөтсөм, азыр да ага ошондой кереметтерди көрсөтөм».

16 Муну көргөн элдер өздөрүнүн бардык күч-кубатына карабастан, уят болушат: колдору менен ооздорун жабышат, кулактары дүлөй болуп калат.

17 Жыландай болуп топурак жалашат, жер курттарындай болуп чептеринен сойлоп чыгышат. Биздин Кудай-Теңирден коркушат, Сенден үрөйлөрү учат.

18 Өз мурасынын калдыгынын мыйзамсыздыгын кечирип, айыбын мойнуна салбаган Сендей Кудай барбы? Ал түбөлүккө каарданбайт, анткени ырайым кылганды жакшы көрөт.

19 Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды өчүрөт. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың.

20 Сен байыркы күндөрдөн бери биздин ата-бабаларыбызга ант берип убада кылып келгениңдей, Жакыпка ишенимдүүлүгүңдү, Ыбрайымга ырайымдуулугуңду көрсөтөсүң.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz