Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

НАКУМ

1-БӨЛҮМ

Теңирдин Нинебиге каарданышы

1 Нинеби тууралуу пайгамбарчылык. Элкоштук Накумдун көрүнүш китеби.

2 Теңир – кызганчаак, өч алуучу Кудай. Теңир – өч алуучу, Анын каары коркунучтуу: Теңир Өзүнүн душмандарынан өч алат, Ал Өзүнүн жоолорун аябайт.

3 Теңир чыдамдуу, кудурети менен улуу, Ал жазасыз калтырбайт. Теңирдин жолу куюнда жана бороондо, булут – Анын таманынан чыккан чаң.

4 Ал деңизге тыюу салат, ошондо ал кургап калат, бардык өзөндөр соолуп калат. Башан менен Кармел куурайт, Лебанондун гүлү соолуйт.

5 Анын алдында тоолор титиреп турат, адырлар эрийт, Анын алдында жер, аалам жана анда жашагандардын баары титиреп турат.

6 Анын каарына ким туруштук бере алат? Анын каарынын жалынына ким чыдай алат? Анын каары оттой чачырайт. Анын алдында аскалар жарылат.

7 Теңир ырайымдуу, кайгы күнү Ал – баш паана, Ал Өзүнө таянгандарды билет.

8 Бирок баарын каптаган ташкыны менен Нинебини негизине чейин кыйратып салат, Анын душмандарына караңгылык түшөт.

9 Силер Теңирге каршы эмнени ойлоп жатасыңар? Ал кырып жок кылат, алаамат экинчи жолу кайталанбайт,

10 анткени тикенек сыяктуу өз ара чырмалышкандар жана аракечтер сыяктуу мас болгондор кургак самандай болуп таптакыр өрттөнүп кетишет.

11 Сенден Теңирге каршы жамандык ойлогон, жаман кеңеш берген адам чыкты.

12 Теңир мындай дейт: «Алар күчтүү жана өтө көп болушканына карабастан, кырылып жок болушат. Мен сени кыйнап келгем, мындан ары кыйнабайм.

13 Мен эми сенин мойнуңдагы анын моюнтуругун талкалайм, сенин кишендериңди үзөм».

14 Сен жөнүндө болсо, Ашур, Теңир мындай өкүм чыгарып койгон: «Мындан ары сенин ысымың менен атала турган тукумуң болбойт. Сенин кудайыңдын үйүнөн таш буркандарды жана жасалма кудайларды жок кылам, ал жерге сага мүрзө даярдайм, анткени сен жек көрүндүсүң».

15 Мына, тынчтыкты кабарлаган жакшы кабарчынын буттары тоолордун үстүндө. Өз майрамдарыңды майрамдай бер, Жүйүт, өз убадаларыңды аткара бер, анткени мындан ары сенин жериңден мыйзамсыз адам өтпөйт: ал таптакыр жок болду.

2-БӨЛҮМ

Нинеби жөнүндөгү пайгамбарчылык

1 Сага каршы кыйратуучу көтөрүлдү: чептериңди кайтар, жолуңду сакта, белиңди бек буу, күчүңдү жыйна.

2 Анткени Теңир Жакыптын даңкын Ысрайылдын даңкындай кылып калыбына келтирет, анткени кыйратуучулар аларды кыйратышты, алардын жүзүм сабактарын талкалашты.

3 Анын баатырларынын калканы кызыл, анын жоокерлери кочкул кызыл кийим кийишкен. Салгылашка даярдануу күнүндө майдан арабалары оттой жаркырайт, найзалары калың чердей кылкылдайт.

4 Майдан арабалары көчөлөрдө зуулдайт, аянттарда дүңгүрөйт. Алар шаманадай жаркырайт, чагылгандай жаркылдайт.

5 Ал өзүнүн кайраттууларын чакырып жатат, бирок алар басып баратып мүдүрүлүп жатышат. Алар шаардын дубалдарына шашылып жатышат, бирок курчоо коюлуп калган.

6 Дарыялардын дарбазалары ачылды, падыша сарайы кулап калды.

7 Чечилди: аны жылаңачтап, туткундап кетишет, анын күңдөрү төшүн койгулап, көгүчкөндөрдөй онтошот.

8 Байыртадан бери Нинеби сууга толгон көлмөгө окшош. Алар болсо качып бара жатышат. «Токтогула! Токтогула!» – деп кыйкырып жатышат. Бирок эч ким кылчайган жок.

9 Алтын-күмүштөрдү ташып кеткиле! Топтолгон ар кандай кымбат баалуу буюмдарга сан жетпейт.

10 Ал таланып-тонолду, ээн калды жана кыйратылды, ошондуктан жүрөк өлүп, тизелер титиреп жатат. Бардыгынын бели катуу ооруп жатат, бардыгынын өңү карарып кетти.

11 Арстандардын үңкүрү, арстан күчүктөрүнүн жүргөн жери азыр кайда? Ал жерде эркек арстан, ургаачы арстан, күчүк арстан жүрөр эле, аларды эч ким коркутчу эмес.

12 Күчүктөрүн тойгузуш үчүн, башкаларды тыткылап өлтүргөн, ургаачы арстандары үчүн башкаларды муунтуп өлтүргөн, өз үңкүрүн олжого, өз ийинин талап-тоноп алган нерсесине толтурган арстан кайда?

13 «Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – сенин майдан арабаларыңды түтөтүп өрттөйм, сенин арстан күчүктөрүңдү кылыч жалмайт, олжоңду жер бетинен жок кылам, ошондон кийин сенин элчилериңдин үнү угулбайт.

3-БӨЛҮМ

Нинебинин талкаланышынын себептери

1 Канкор шаарга кайгы! Ал бүт бойдон алдамчылыкка жана киши өлтүрүүгө толгон. Анын ичинде талап-тоноочулук токтобой жатат.

2 Камчынын үнү, чимирилген дөңгөлөктөрдүн калдырттаганы, аттын азынаганы жана катуу келе жаткан майдан арабанын дүңгүрөгү угулат.

3 Атчан зымырайт, кылыч жалаңдайт, найза жаркылдайт. Өлтүрүлгөндөр өтө көп, өлүктөр үстү-үстүнө үйүлүп жатат; өлүктөргө сан жетпейт, аларга мүдүрүлүп жатышат.

4 Бул чебер сыйкырчылык кылган, сырты жагымдуу бузулган аялдын көп бузуку иштери үчүн болду, ал өзүнүн бузуку иштери менен элдерди, сыйкырчылыгы менен урууларды сатат.

5 Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – кийимиңдин этегин бетиңе чейин көтөрүп, элдерге жылаңач этиңди көрсөтөм, падышачылыктарга абийириңди ачам.

6 Анан сенин үстүңө жийиркеничтүү нерселерди үйөм, сени жек көрүндү кылам, сени маскара кылам.

7 Ошондо сени көргөндөрдүн баары сенден качып: Нинеби талкаланды! Аны ким аяйт? Сени сооротуучуларды кайдан табам? – дешет.

8 Сен дарыялардын ортосунда жайгашкан, суулар менен курчалган, чеби деңиз болгон, деңиз ага дубал болгон Но-Амон шаарынан артыксыңбы?

9 Эфиопия менен Мисир анын күчү эле. Пут менен Либия ага жардамга келип турушкан.

10 Бирок ал да көчүрүлүп кетти, туткундалып кетти. Атүгүл, анын наристелери да бардык көчөлөрдүн кесилиштеринде өлүп жатышат, анын атактуулары жөнүндө өкчөмө таш ыргытышты, анын бардык төрөлөрү чынжыр менен кишенделди.

11 Сен да мас болосуң, жашынасың, сен да душманыңдан качып, баш паана издейсиң.

12 Сенин бардык сепил-чептериң мөмөсү бышкан анжырга окшош. Эгерде аларды күбүсө, алар түз эле жегиси келгендин оозуна түшөт.

13 Сенин элиң өзүңдөгү аялдарга окшош. Жериңдин дарбазалары душмандарыңа аңырая ачылат, кулпуларыңды от жалмайт.

14 Курчоо убагына чейин суу ташып ал. Сепил-чептериңди бекемде. Ылайга кирип, баткак тебеле, кыш бышыра турган мешиңди оңдо.

15 Ошол жерде сени от жалмайт, кылыч кыя чабат. Сен кырк аяктай көбөйсөң да, чегирткедей жайнасаң да, сени кырк аяктай жейт.

16 Көпөстөрүңдү асмандагы жылдыздардан да көп кылдың. Бирок бул чегиртке туш-тушка учуп кетет.

17 Сенин төрөлөрүң чегирткелердей, аскер башчыларың чиркейлердин уюгундай, алар суукта дубалдардын кычыктарына уялашат, күн чыкканда, туш-тушка учуп кетишет, алардын орду кайда экенин билбей каласың.

18 Ашур падышасы, сенин койчуларың уктап жатышат, төрөлөрүң эс алып жатышат. Сенин элиң тоолорго чачырап кетти, аларды чогултар эч ким жок.

19 Сенин жараатыңа даба жок, жараатың оор. Сен тууралуу кабар уккандардын бардыгы кол чабышат, анткени сенин тыйылбаган кыянаттыгың кимге гана багытталган жок?!»








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz