Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ХАБАКУК

1-БӨЛҮМ

Хабакуктун сыйынуусу

1 Хабакук пайгамбар көргөн көрүнүш.

2 Теңир, мен качанга чейин боздой берем? Сен мени качанга чейин укпайсың? Сага качанга чейин зордук-зомбулук тууралуу зар какшай берем? Сен качанга чейин куткарбайсың?

3 Эмне үчүн Сен мага кыянат иштерди, кыйынчылыктарды көрсөтүп жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту өз көзүм менен көрүп жатам, касташуулар менен уруш-чатактар болуп жатат.

4 Ушундан улам мыйзам өз күчүн жоготту, адилеттүү сот жок. Мыйзамсыз адам адил адамга үстөмдүк кылгандыктан, сот да туура эмес жүрүп жатат.

Теңирдин жообу

5 «Башка элдерге көз жүгүртүп, кунт коюп карагылачы, ошондо силер абдан таң каласыңар. Анткени Мен силердин күндөрүңөрдө бир иш жасайм, эгерде ал жөнүндө силерге айтышса, ишенмек эмессиңер.

6 Анткени Мен каздимдерди, жерди узун-туурасынан аралап жүргөн ырайымсыз жана жүгөндөлбөгөн элди, өздөрүнө таандык эмес айыл-кыштактарды басып алууга көтөрөм.

7 Ал – коркунучтуу, каардуу эл. Анын өкүмү да, бийлиги да өзүнөн чыгат.

8 Анын аттары илбирстерден күлүк, иңирдеги карышкырлардан ыкчам. Анын атчан аскерлери ар тарапка чапкылашат. Анын атчандары алыстан келишет, жемине шукшурулуп келип тийген бүркүттөй болуп учуп келишет.

9 Алардын баары талап-тонош үчүн келишет. Ал алдыга умтулуп, кумдай сансыз адамдарды туткундап кетет.

10 Ал падышаларды шылдың кылат, төрөлөр анын күлкүсүнө айланат. Ал бүт сепилдерге күлөт, курчоо жалын үйүп, аны каратып алат.

11 Ошондо ал текеберденет, жаалданып, ары-бери басат. Анын кудайы – өзүнүн күчү».

Хабакуктун экинчи ирет сыйынуусу

12 Бирок менин Кудай-Теңирим, менин Ыйыгым эзелтен бери эле Сен эмес белең? Биз өлбөйбүз! Сен, Теңир, аны сот үчүн койгонсуң. Менин аска-зоом! Сен аны жазалаш үчүн дайындагансың.

13 Сенин таза көздөрүң кыянат иштерди карап тура албайт, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсың. Бирок эмне үчүн Сен кыянат иш кылгандарды карап турасың, эмне үчүн Сен мыйзамсыз адам өзүнөн адилеттүүрөөк адамды жутуп жатканда унчукпайсың?

14 Эмне үчүн Сен адамдарды башчысы болбогон деңиз балыктарындай, жерде сойлоочулардай кылып таштап салдың?

15 Ал алардын баарын кайырмактары менен сүйрөп чыгып, тору менен кармап, балык кармаган торлоруна чогултуп жатат, ошон үчүн кубанып, салтанат куруп жатат.

16 Ошон үчүн өз торуна арнап курмандыктарды чалып жатат, балык кармаган торуна арнап жыпар жыттуу зат түтөтүп жатат, анткени алар аркылуу анын үлүшү майлуу, тамак-ашы мол.

17 Эмне, ал өз торун ошон үчүн бошотуп жатабы? Ошон үчүн элдерди аёосуз уруп-согуп жатабы?

2-БӨЛҮМ

Теңирдин жообу

1 Мен өз күзөт ордумда турдум, мунара үстүндө туруп, Теңир мага эмне деп айтарын билиш үчүн, менин даттануума эмне деп жооп берерин билиш үчүн, күтүп турдум.

2 Ошондо Теңир мага мындай деп жооп берди: «Көрүнүштү жаз, окуй турган адам оңой окуй алыш үчүн, аны таш лоокторго даана жазып кой.

3 Анткени көрүнүш белгилүү бир мезгилге таандык, ал акыркы күн жөнүндө айтат, алдабайт. Анын аткарылуу убактысы создуктурулуп жатса да, күт, анткени ал сөзсүз ишке ашат, аткарылбай койбойт.

4 Текебер адам тынч ала албайт, ал эми адил адам өз ишеними менен тирүү болот.

Адилетсиздерге чыгарылган өкүм

5 Текебер адам ачыган шарапка окшош, тынчыбайт. Ал өлгөндөр жаткан жайга окшоп араанын ачат, өлүмгө окшоп эч нерсеге тойбойт, ал өзүнө бардык элдерди чогултат, бардык урууларды жыйнайт.

6 Бирок элдердин баары ал тууралуу лакап айтып, шылдыңдуу ыр чыгарып: “Өзүн өзүнүкү эмес, башка бирөөнүкү менен ченемсиз байыткан, өзүнө күрөөнү үйүп алган адамга кайгы! Бул качанкыга чейин созулат дейсиң!” – дешет.

7 Сени тытып жей тургандар капысынан чыкпайт бекен? Талап-тоноочулар сага каршы көтөрүлбөйт бекен? Алар сени талап-тоношот.

8 Сен көп элдерди талап-тоногонсуң, адам канын төккөнсүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраткансың, ошон үчүн сени да башка элдер талап-тоношот.

9 Өзүн жамандыктан сакташ үчүн, уясын бийик жерге салыш үчүн, арам жол менен байлык жыйнаган адамга кайгы!

10 Сен көп элдерди кырып, өз үйүңдү уят кылдың, өз жаныңа каршы күнөө кылдың.

11 Дубалдардын таштары боздоп ыйлашат, жыгач устундар аларга мындай деп жооп беришет:

12 “Кан төгүп шаар курганга, мыйзамсыздык менен чеп курганга кайгы!”»

13 Элдердин эмгегин от жалмап жатканы, уруулардын өздөрүн өздөрү бекер кыйнап жатышканы Себайот Теңирден эмес бекен?

14 Анткени суулар деңизди толтургандай, жер Теңирдин даңкын таанып билүүгө толот.

15 Сага кайгы, анткени сен жакыныңа өзүңдүн кыянаттыгың кошулган ичимдик берип жатасың, анын жылаңач этин көрүш үчүн, аны мас кылып жатасың!

16 Сен даңкка эмес, маскарачылыкка тойдуң. Сен да ич, жылаңач этиңди көрсөт. Теңирдин оң колундагы чөйчөк сага да жетет. Сага даңк эмес, маскарачылык келет.

17 Анткени сен Лебанондо кыянаттык кылдың, үрөйү учкан жаныбарларды кырдың, адам канын төктүң, өлкөнү, шаарды жана анда жашагандардын баарын кыйраттың.

18 Сүрөтчү жасаган буркандан, куюлуп жасалган бул жалган окутуучудан эмне пайда? Уста сүйлөбөгөн кудайларды жасап, өз чыгармасына таянганы менен, андан эмне пайда?

19 Жыгачка: «Тур!» – деген, үнсүз ташка: «Ойгон!» – деген адамга кайгы! Ошолор бир нерсеге үйрөтө алышабы? Ал алтын-күмүш менен капталган, анын жаны жок.

20 Теңир болсо Өзүнүн ыйык ийбадатканасында. Анын алдында бүт жер жүзү үндөбөсүн!

3-БӨЛҮМ

Хабакуктун сыйынуусу

1 Хабакук пайгамбардын сыйынуусу, ырдоо үчүн.

2 Теңир! Мен Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим. Теңир! Жакынкы жылдары Өз ишиңди бүтүр, жакынкы жылдары аны жүзөгө ашыр. Каарданып жатканыңда, ырайым жөнүндө эсте.

3 Кудай Теймандан келе жатат, Ыйык Паран тоосунан келе жатат. Анын улуулугу асманды каптады, жер Анын даңкына толду.

4 Анын жаркырашы күндүн жарыгындай. Анын колунан нур чачырайт. Анын күчү сакталган жашыруун жер – ошол жер!

5 Анын алдында жугуштуу дарт бара жатат, артында куйкалоочу шамал келе жатат.

6 Ал туруп, жерди солкулдатты. Карап, элдерди калтыратты. Байыркы тоолор кулады, алгачкы адырлар урады. Анын жолдору түбөлүктүү.

7 Мен эфиопиялыктардын чатырларынын кайгыга батканын көрдүм. Мидиан жериндеги алачыктар солкулдап жатат.

8 Теңир, Сенин каарың дарыяларга жалындады беле? Өз аттарыңа минип, Өзүңдүн куткаруучу майдан арабаларыңа түшкүдөй, Сен дарыяларга кыжырдандың беле же деңизге каардандың беле?

9 Урууларга берген антың боюнча Сен Өз кылычыңды кынынан суурудуң. Сен жерди суулар менен жардың.

10 Сени көрүп, тоолор титиреди, суулар ташыды, туңгуюк өз добушун чыгарды, өз колдорун бийик көтөрдү.

11 Сенин атылган жебелериңдин жарыгынан, Сенин жалтылдаган найзаларыңдын жарыгынан күн менен ай өз ордунда токтоп калды.

12 Сен жер үстүндө каарданып басып жүрдүң, кыжырданып, элдерди тебеледиң.

13 Сен Өз элиңди куткарыш үчүн, Өзүңдүн майланганыңды куткарыш үчүн чыктың. Сен мыйзамсыз үйдүн башчысын кыйраттың, ал үйдү пайдубалынан төбөсүнө чейин жылаңачтадың.

14 Сен анын аскер башчысын өзүнүн найзасы менен башка сайдың. Алар мени кыйратыш үчүн, куюндай жулкунуп келишти. Алардын кубанычы жакырды жашыруун жутуп алгысы келгендин кубанычына окшош.

15 Сен Өз аттарың менен деңиздерден, чоң суулардын иримдеринен өттүң.

16 Муну укканда, менин ички дүйнөм титиреп кетти. Бул кабардан эриндерим дирилдеп, сай-сөөгүм сыздап кетти, тизелерим титиреди. Бирок мен алаамат түшкөн күнү, элиме талоончу келгенде, кабатыр болбошум керек.

17 Анжыр гүлдөбөй калса да, жүзүм сабагы мөмө бербей калса да, зайтун дарагы жемиш бербей калса да, эгин талаасы аштык бербей калса да, короодо майда мал калбай калса да, акырларда байланган бодо мал калбай калса да,

18 мен Теңирим менен кубанам, мени куткарган Кудайым менен шаттанам.

19 Кудай-Теңир менин күчүм, Ал менин буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени өзүмдүн бийик жерлериме чыгарат! (Ырчылар тобунун башчысына).








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz