Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

СЕПАНИЯ

1-БӨЛҮМ

Теңирдин улуу күнү жөнүндө пайгамбарчылык

1 Жүйүт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда Жехиския уулу, Амария уулу, Гедалия уулу, Куши уулу Сепанияга Теңирден болгон сөз.

2 «Бардыгын жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир. –

3 Адамдарды да, жаныбарларды да, асман канаттууларын да, деңиз балыктарын да жок кылам, мыйзамсыздарды азгырыктары менен кошо жок кылам. Адамдарды жер үстүнөн жок кылам, – дейт Теңир.

4 Мен Өз колумду Жүйүткө жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам. Бул жерден Баалдын калдыгын, анын буткана кызматчыларынын ысымын да, кызматчыларын да жок кылам.

5 Yйдүн үстүндө туруп алып, асман кошуундарына табынгандарды, Теңир менен ант бергендерди, өздөрүнүн падышалары менен ант бергендерди жок кылам.

6 Теңирден баш тарткандарды, Теңирди издебегендерди, Ал жөнүндө сурабагандарды жок кылам.

7 Кудай-Теңирдин алдында унчукпа, анткени Теңирдин күнү жакын. Чалына турган курмандыкты Теңир даярдап койгон, кимди чакырууну белгилеп койгон.

8 Курмандык чалына турган Теңирдин күнү мындай болот: Мен төрөлөрдү, падышанын уулдарын жана бөтөн уруулардын кийимин кийгендердин бардыгын жазалайм.

9 Мен ошол күнү босогодон секирип өткөндөрдүн баарын, өз Теңиринин үйүн зордук-зомбулукка, алдамчылыкка толтургандардын баарын жазалайм.

10 Ошол күнү, – дейт Теңир, – Балык дарбазасынын алдында ый, башка дарбазалардын алдында өкүрүк, дөбөлөрдө чоң кыйроо болот.

11 Шаардын төмөнкү бөлүгүндө жашагандар, боздоп ыйлагыла, анткени соода-сатык кылган эл бүт бойдон жок болот, күмүштүн түйшүгүн тарткандар кырылат.

12 Ошол учурда мындай болот: Мен Иерусалимди чырактан менен карап чыгам да, өздөрүнүн ачыткысынын үстүндө отуруп алып, ичинен “Теңир жакшылык да, жамандык да кылбайт” дегендерди жазалайм.

13 Алардын байлыгы олжого кетет, үйлөрү ээн калат: үйлөрдү салышат, бирок ал үйлөрдө жашашпайт, жүзүмдүктөрдү отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт.

14 Теңирдин улуу күнү жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат. Теңир күнүнүн добушу угулуп жатат. Ошондо эң күчтүү да ачуу кыйкырат!

15 Ал күн – каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бүлгүн-чапкындын, караңгы менен туңгуюктун, булут менен мунарыктын,

16 сепил-чептүү шаарларга жана бийик мунараларга каршы сурнай тартуу жана согуш ураандарын чакыруу күнү.

17 Мен адамдарды кысымга алам, ошондо алар сокурларга окшоп басып калышат, анткени алар Теңирге каршы күнөө кылышты, алардын каны топурактай, денелери кыктай туш-тушка чачылат.

18 Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды күмүшү да, алтыны да куткара албайт, бул жер бүт бойдон Анын кызганычынын оту менен өрттөлөт, анткени Ал бул жерде жашагандардын бардыгын күтүлбөгөн жерден кырып жок кылат».

2-БӨЛҮМ

Элди Кудайдан кечирим суроого чакыруу

1 Жүгөнсүз эл, өзүңөрдү жакшылап изилдегиле,

2 Кудайдын өкүмү чыкканга чейин, топон сыяктуу сапырылып кеткениңерге чейин, силерди Теңирдин жалындуу каары каптаганга чейин, силерге Теңирдин катуу каары төгүлө турган күн келгенге чейин, өзүңөрдү изилдегиле!

3 Жердеги бардык момундар, Теңирдин мыйзамдарын аткаргандар, Теңирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Теңирдин каары төгүлгөн күнү аман каларсыңар.

Элдердин жазаланары жөнүндө

4 Анткени Азаны таштай качышат, Ашкелонду ээн калтырышат, Азотту чак түштө кууп чыгышат, Экронду түп-тамыры менен жок кылышат.

5 Деңиз жээгиндеги өлкөнүн тургундарына, Крит элине кайгы! Канаан, Пелишти жери, Теңирдин сөзү силерге каршы! Мен сени жок кылам, сенин тургундарың жок болот.

6 Деңиз жээгиндеги өлкө койчулардын кой короосуна жана малдын кашаасына айланат.

7 Бул аймак Жүйүттүн калдыгына тиет, ошол жерге мал жайышат, кечкисин Ашкелондун үйлөрүндө эс алышат, анткени аларга өздөрүнүн Кудай-Теңири келип, алардын туткундарын кайрып келет.

8 Мен Мааптын шылдыңын, Амон уулдарынын жаман сөздөрүн уктум, алардын Менин элимди кандай кордогонун, анын аймактарында кандай текеберденгенин уктум.

9 Ошондуктан – дейт Ысрайылдын Кудайы, Себайот Теңир, – Маап Содомдой, Амон уулдары Амордой болот, алар чалкан баскан жерге, шор баскан чуңкурчаларга, түбөлүк эрме чөлгө айланышат. Менин элимдин калдыгы аны талап-тоноп алат, Менин адамдарымдын ичинен аман калгандары аларды мурастап алышат, Мен тирүүмүн!

10 Бул аларга алардын текебердиги үчүн, Себайот Теңирдин элине кордук көрсөтүп, менменсинишкени үчүн болот.

11 Алар Теңирден коркуп калышат, анткени Ал жер үстүндөгү бардык кудайларды жок кылат. Бардык аралдардын элдери, ар бири өз жеринде Ага табынышат.

12 Силер да, эфиопиялыктар, Менин кылычым менен өлтүрүлөсүңөр».

13 Ал Өз колун түндүккө каршы сунуп, Ашурду жок кылат, Нинебини урандыга, чөл сыяктуу какшыган жерге айлантат.

14 Ал жерге ар кандай мал жана жапайы жаныбарлар байыр алышат. Анын дарбазаларынын мамыларына биргазан менен кирпи чечен түнөйт. Алардын үндөрү терезелерден угулат, эшиктердин мамылары кыйраган, анткени аларга капталган кедр жыгачтары сыйрылып калган.

15 Салтанат куруп, бейкапар жашаган, жүрөгүндө: «Мен эле бармын, менден башка эч ким жок», – деген шаарга ушундай болот. Ал кандай кыйрады! Ал жырткычтардын түнөгүнө айланды! Анын жанынан өткөн ар бир адам ышкырып, колун шилтейт.

3-БӨЛҮМ

Иерусалимдин күнөөсү

1 Козголоңчул, булганган, ырайымсыз шаарга кайгы!

2 Ал сөздү укпайт, акыл-насаатты кабыл албайт, Теңирге таянбайт, өз Кудайына жакындабайт.

3 Анын төрөлөрү – ырылдаган арстандар, башкаруучулары – иңирдеги карышкырлар, алар таңга чейин бир да сөөк калтырышпайт.

4 Анын пайгамбарлары – жеңил ойлуу, ишенимсиз адамдар. Анын ыйык кызмат кылуучулары ыйык нерселерди булгашат, мыйзамды тебелеп-тепсешет.

5 Адилет Теңир анын ичинде, адилетсиздик жасабайт, ар дайым эртең менен Өзүнүн адилет өкүмүн көрсөтүп турат. Бирок мыйзамсыз адам уят-сыйытты билбейт.

6 «Мен элдерди кырдым, алардын чептери кыйратылды. Алардын көчөлөрүн ээн калтырдым, эми ал көчөлөрдөн эч ким баспайт. Алардын шаарлары талкаланды: аларда эч ким жашабай калды, бир да адам калган жок.

7 Мен ага: “Менден гана корк, акыл-насаатты кабыл ал!” – дегем. Менден коркуп, акыл-насаатымды кабыл алганда, анын турак жайы кыйратылмак эмес, ал үчүн Мен белгилеген нерсе анын башына түшмөк эмес. Бирок алар өздөрүнүн бардык жаман иштерин тырышчаактык менен улантып жатышты.

8 Ошондуктан Мен кыйратуу үчүн ордуман турган күнгө чейин, Мени күткүлө, – дейт Теңир, – анткени Мен элдерди чогултуш үчүн, падышачылыктарды чакырыш үчүн, аларга Өзүмдүн каарымды, Өзүмдүн жалындаган каарымды төгүш үчүн өкүм чыгардым. Анткени бүт жер жүзүн Менин кызганычымдын оту жалмайт.

9 Ошондо бардык элдер Теңирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз берем.

10 Эфиопия дарыяларынын аркы өйүзүндөгү өлкөлөрдөн Мага табынуучулар – Менин чачырап кеткен элимдин балдары Мага тартуу алып келишет.

11 Ошол күнү сен өзүңдү Мага каршы жасаган ар кандай күнөөлүү иштериң менен булгабайсың, анткени Мен ошол күнү сенин ичиңден сенин атагың менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо өзүңдү жогору көтөрбөйсүң.

12 Бирок сенин ичиңе момун, жөнөкөй элди калтырам, алар Теңирдин ысымына таянышат.

13 Ысрайылдын калдыгы адилетсиздик кылбайт, жалган сүйлөбөйт, алардын оозунда айлакер тил болбойт. Алар тынч оттоп, жайылып жүргөн койлордой болушат, эч ким алардын тынчын албайт».

Теңирден кечирим суроого чакыруу

14 Кубан, Сион кызы! Салтанат кур, Ысрайыл! Бүт жүрөгүң менен кубан, шаттан, Иерусалим кызы!

15 Теңир сени жазалабай турган болду, сенин душманыңды кууп чыкты! Теңир, Ысрайыл Падышасы, сени менен, мындан ары жамандыктан коркпойсуң.

16 Ошол күнү Иерусалимге: «Коркпогун», Сионго: «Сенин колуңдан күч кетпесин!

17 Сенин Кудай-Теңириң сени менен, Анын сени куткарганга күчү жетет. Ал сен үчүн абдан кубанат, Өз сүйүүсү менен сага ырайым кылат, сен жөнүндө шаттанып салтанат курат», – дешет.

18 «Салтанаттуу майрамдар үчүн кайгыргандарды Мен чогултам. Алар сенин адамдарың, алардын үстүндө маскарачылык жатат.

19 Мына, Мен ошол учурда сени кысымга алгандардын баарын жок кылам, аксагандарды куткарам, чачырап кеткендерди чогултам, алар кайсы жерде кордолушса, ошол жерде аларды атактуу, даңктуу кылам.

20 Ошол учурда силерди алып келем, ошол эле учурда силерди чогултам. Мен силердин туткундарыңарды көз алдыңарда кайрып келип, силерди жер үстүндөгү бардык элдердин арасында атактуу, даңктуу кылам», – дейт Теңир.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz