Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

АКАЙ

1-БӨЛҮМ

Ийбадаткананы калыбына келтирүү жөнүндөгү Теңирдин буйругу

1 Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылында, алтынчы айдын биринчи күнү Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга жана башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду.

2 Себайот Теңир мындай деди: «Бул эл: “Али убакыт келе элек, Теңир үйүн курганга убакыт келе элек”, – деп жатат».

3 Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:

4 «Бул үй кыйрап жатса, өзүңөрдүн жасалгалуу үйүңөрдө жашай турган убакпы?»

5 Ошондуктан бүгүн Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

6 Силер үрөндү көп сээп, бирок түшүмдү аз алып жатасыңар; жеп, бирок тойбой жатасыңар; ичип, бирок суусунуңар канбай жатат; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыңар; эмгек акы тапкандар түбү тешик намыян үчүн эмгектенип жатышат».

7 Себайот Теңир мындай дейт: «Жүрөгүңөрдү өзүңөрдүн жолдоруңарга бургулачы.

8 Тоого чыгып, жыгач көтөрүп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана даңкталам, – дейт Теңир.

9 Көп нерсени күтүп, бирок аз нерсе алып жатасыңар. Yйүңөргө эмнени алып келсеңер, Мен аны сапырып жиберем. Эмне үчүн? – дейт Себайот Теңир. – Менин үйүм үчүн, ал кыйрап жатса, ар кимиңер өз үйүңөргө чуркайсыңар.

10 Ошон үчүн асман жабылып, силерге шүүдүрүм бербей жатат, жер өз түшүмүн бербей жатат.

11 Мен жерге, тоолорго, эгинге, жүзүм ширесине, зайтун майына, жер эмнени өстүрүп чыгарса, ошонун баарына, адамга, малга, ар кандай кол эмгекке кургакчылык чакырдым».

Элдин тил алуусу

12 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жетсадак уулу Жешуя жана элдин бардыгы өз Кудай-Теңиринин үнүн, өздөрүнүн Кудай-Теңири жиберген Акай пайгамбардын сөзүн угушту. Эл Теңирден коркуп калды.

13 Ошондо Теңирдин кабарчысы Акай элге Теңирдин сөзүн айтты: «Мен силер мененмин, – дейт Теңир».

14 Теңир Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылдын рухун, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын рухун жана элдин бүт калдыгынын рухун козгоду, ошондо алар келишип, өз Кудайынын – Себайот Теңирдин үйүндө иштей башташты.

15 Ишти Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылы, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү башташты.

2-БӨЛҮМ

Акыркы ийбадаткананын даңкы жөнүндө

1 Жетинчи айдын жыйырма биринчи күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден мындай сөз болду:

2 «Эми Жүйүт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга жана элдин калдыгына мындай де:

3 “Араңарда бул үйдү мурунку даңкы менен көргөндөр барбы? Азыр силер аны кандай абалда көрүп турасыңар? Силердин көзүңөргө ал эч нерсеге арзыбаган нерсе катары көрүнүп турган жокпу?

4 Бирок сен азыр кайраттан, Зоробабыл, – дейт Теңир, – башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуя, кайраттан! Бул жердин бүт эли, кайраттан, – дейт Теңир, – иштей баштагыла, анткени Мен силер мененмин, – дейт Себайот Теңир.

5 Мисирден чыкканыңарда Менин силер менен түзгөн келишимим жана Менин рухум силер менен, коркпогула!”»

6 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Жакын арада Мен асман менен жерди, деңиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам,

7 бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер өздөрүнүн кымбат баалуу нерселери менен келишет, бул үйдү даңкка толтурам, – дейт Себайот Теңир.

8 Күмүш Меники, алтын да Меники, – дейт Себайот Теңир.

9 Бул акыркы ийбадаткананын даңкы мурунку ийбадаткананын даңкынан жогору болот, – дейт Себайот Теңир. – Мен бул жерге тынчтык берем, – дейт Себайот Теңир».

Пайгамбардын ыйык кызмат кылуучуларга берген суроолору

10 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылы, тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбар аркылуу Теңирден сөз болду:

11 Себайот Теңир мындай дейт: «Ыйык кызмат кылуучулардан мыйзам тууралуу сура:

12 “Эгерде кимдир бирөө ыйык этти этегине салып бара жатып, этегин нанга, же бышкан ашка, же шарапка, же зайтун майына, же болбосо кандайдыр бир тамакка тийгизип алса, ал нерсе ыйык болуп калабы?”» Ыйык кызмат кылуучулар: «Жок», – деп жооп беришти.

13 Анан Акай мындай деди: «Эгерде өлүккө тийип булганган адам ушул нерселердин бирине тийип кетсе, ал нерсе таза эмес болуп калабы?» Ыйык кызмат кылуучулар: «Таза эмес болуп калат», – деп жооп беришти.

14 Ошондо Акай мындай деди: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай, – дейт Теңир, – алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес.

Өжөрлүктүн айынан жеңилүү

15 Эми жүрөгүңөрдү бүгүнкү күндөн Теңир ийбадатканасында таш үстүнө таш коюла элек мезгилге карай бургулачы.

16 Ошол убактарда мындай болгон: жыйырма өлчөм боло турган чөмөлөгө келишсе, он өлчөм болуп чыккан; жүзүм сыгылуучу жайга элүү өлчөм сузуп алганы келишсе, жыйырма эле өлчөм болуп чыккан.

17 Мен силерди эгиниңерге коңур дат оорусун жиберип, эгиниңерди күйгүзүп, кылган бардык ишиңерди мөндүр менен талкалап жазаладым, ошондо да силер Мага кайрылган жоксуңар, – дейт Теңир.

18 Бүгүнкү күндөн тартып – тогузунчу айдын жыйырма төртүнчү күнүнөн, Теңирдин ийбадатканасы негизделген күндөн тартып артка карай жүрөгүңөрдү бургулачы. Жүрөгүңөрдү бургула:

19 Кампаларда дагы үрөн барбы? Буга чейин жүзүм сабагы да, анжыр дарагы да, анар дарагы да, зайтун дарагы да түшүм берген эмес. Ушул күндөн тартып Мен силерге батамды берем».

Зоробабылга берилген убада

20 Айдын жыйырма төртүнчү күнү Акай пайгамбарга Теңирден экинчи ирет сөз болуп, мындай деп айтылды:

21 «Жүйүт башчысы Зоробабылга мындай деп айт: “Мен асман менен жерди солкулдатам.

22 Падышачылык тактыларды кулатам, бутпарас падышачылыктардын күчүн жок кылам, майдан арабаларын жана аларда отургандарды аласалдырам, аттары да, чабандестери да жерге кулатылат, ар бири өз бир тууганынын кылычы менен кулатылат.

23 Кулум, Шалтиел уулу Зоробабыл, – дейт Себайот Теңир, – ошол күнү Мен сени Өзүмө алам, – дейт Теңир, – сени мөөр шакеги катары сактайм, анткени Мен сени тандап алдым”, – дейт Себайот Теңир».








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz