Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЗАХАРИЯ

1-БӨЛҮМ

Кудайдан кечирим суроого чакыруу

1 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, сегизинчи айда Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

2 «Теңир силердин ата-бабаларыңарга катуу каарданды.

3 Ошондуктан сен аларга айт: Себайот Теңир мындай дейт де: “Мага кайтып келгиле, – дейт Себайот Теңир, – ошондо Мен да силерге кайтып келем, – дейт Себайот Теңир.

4 Ата-бабаларыңардай болбогула, аларга мурунку пайгамбарлар мындай деп айтышкан: Себайот Теңир мындай дейт: «Кыянат жолдоруңардан, жаман иштериңерден кайткыла». Бирок алар тил албай, Мага кулак салбай коюшкан, – дейт Теңир.

5 Ата-бабаларыңар азыр кайда? Пайгамбарларыңарчы? Алар түбөлүк жашамак беле?

6 Бирок Өзүмдүн кулдарым пайгамбарларга осуят кылган сөздөрүм менен чечимдерим силердин ата-бабаларыңарга жеткен жок беле? Алар кайрылып: «Себайот Теңир жолдорубузга жана иштерибизге жараша бизге эмне кылууну чечсе, ошону кылды»”», – деп айтышкан.

Жээрде ат минген адам жөнүндөгү көрүнүш

7 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, он биринчи ай – Шебат айынын жыйырма төртүнчү күнү Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Теңирден мындай сөз болду:

8 Мен түндө мындай көрүнүш көрдүм: капчыгайдагы мирта дарактарынын арасында жээрде ат минген бир киши туруптур, анын артында жээрде, тору жана боз аттар бар экен.

9 Ошондо мен: «Булар кимдер, мырзам?» – деп сурадым. Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште мага: «Булардын кимдер экенин мен сага көрсөтөм», – деди.

10 Анан мирта дарактарынын арасында турган киши: «Булар – жер үстүн кыдырып чыгууга Теңир тарабынан жиберилгендер», – деди.

11 Ошондо алар мирта дарактарынын арасында турган Теңирдин периштесине: «Биз жер үстүн кыдырып чыктык, бардык жерге эл отурукташыптыр, бүт жер тынч экен», – дешти.

12 Ошондо Теңирдин периштеси: «Себайот Теңир! Иерусалимге жана Жүйүт шаарларына качанкыга чейин ырайым кылбайсың? Сен аларга жетимиш жылдан бери каарыңды төгүп келе жатасың», – деди.

13 Ошондо мени менен сүйлөшкөн периштеге жооп кылып, Теңир жакшы сөздөрдү, соорото турган сөздөрдү айтты.

14 Анан мени менен сүйлөшкөн периште мага мындай деди: «Жар салып айт, Себайот Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду чоң кызганыч менен кызганып жатам.

15 Тынч жаткан элдерге катуу каарданып жатам, анткени Мен аларга аз каарданганда, алар мыйзамсыздыкты күчөтүп жиберишти”.

16 Ошондуктан Теңир мындай дейт: “Мен Иерусалимге ырайым кылуу үчүн кайтып келдим. Иерусалимге Менин үйүм курулат, – дейт Себайот Теңир, – жер ченегич аркан Иерусалимдин үстүнөн тартылат”.

17 Дагы мындай деп жар сал: Себайот Теңир мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан байлыкка толот, Теңир Сионду кайрадан сооротот, Иерусалимди кайрадан тандап алат”».

Төрт мүйүз жана төрт темир уста жөнүндөгү көрүнүш

18 Мен башымды көтөрүп, төрт мүйүздү көрдүм.

19 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне?» – деп сурадым. Ал мага: «Булар – Жүйүттү, Ысрайылды жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген мүйүздөр», – деп жооп берди.

20 Андан кийин Теңир мага төрт темир устаны көрсөттү.

21 Мен: «Булар эмне кылганы келе жатышат?» – деп сурадым. Ал мага: «Бул мүйүздөр Жүйүттү туш-тушка чачыратып жиберишти, алардын эч бири башын көтөрө албай калды. Бул төрт темир уста болсо аларды коркутуш үчүн, Жүйүттү туш-тушка чачыратып жибериш үчүн, Жүйүт жерине каршы өздөрүнүн мүйүзүн көтөргөн элдердин мүйүздөрүн сындырыш үчүн келди», – деп жооп берди.

2-БӨЛҮМ

Жер ченеген арканы бар адам жөнүндө көрүнүш

1 Анан мен башымды дагы көтөрүп, колунда жер ченегич арканы бар бир адамды көрдүм.

2 Мен андан: «Кайда бара жатасың?» – деп сурадым. Ал мага: «Иерусалимди ченеш үчүн, анын туурасы менен узуну канча экенин билиш үчүн бара жатам», – деп жооп берди.

3 Анан мени менен сүйлөшкөн периште кетти, кетип бара жатканда, анын алдынан дагы бир периште тосуп чыгып, мындай деди:

4 «Тезинен барып, бул жаш уланга мындай де: “Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт”».

5 «Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам.

6 Эй, эй! Түндүк өлкөсүнөн качкыла, – дейт Теңир. – Анткени Мен силерди туш тарапка чачып жибердим, – дейт Теңир.

7 Бабылдын кыздарыныкында жашап жаткан Сион, качып кутул».

8 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силер урматталышыңар үчүн, Ал Мени силерди талап-тоногон элдерге каршы жиберди. Анткени силерге ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот.

9 Мен колумду аларга каршы көтөрөм, алар өз кулдарынын олжосу болушат. Ошондо Мени Себайот Теңир жибергенин билесиңер.

10 Кубан, шаттан, Сион кызы! Анткени Мен келип, сенин ичиңде жашайм, – дейт Теңир.

11 Ошол күнү көп элдер Теңирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичиңде жашайм, ошондо Мени сага Себайот Теңир жибергенин билесиң.

12 Ошондо Теңир Жүйүттү, ыйык жердеги Өзүнүн энчисин, Өзүнө энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.

13 Теңирдин жүзүнүн алдында эч бир адам унчукпасын! Анткени Ал Өзүнүн ыйык турагынан туруп келе жатат».

3-БӨЛҮМ

Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя жөнүндө көрүнүш

1 Ал мага Теңирдин периштесинин алдында турган улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуяны жана ага каршылык кылыш үчүн, анын оң кол тарабында турган шайтанды көрсөттү.

2 Ошондо Теңирдин периштеси шайтанга мындай деди: «Сага Теңир тыюу салсын, шайтан! Сага Иерусалимди тандап алган Теңир тыюу салсын! Ал оттон чыгарып алынган чычала эмеспи?»

3 Булганган кийим кийген Жешуя периштенин алдында турду.

4 Ошондо периште өзүнүн алдында тургандарга: «Анын булганган кийимин чечкиле», – деди. Анын өзүнө болсо: «Кара, Мен сенден айыбыңды алып салдым, сага жакшы кийим кийгизип жатам», – деди.

5 Анан мындай деди: «Анын башына таза кидар кийгизгиле!» Ошондо анын башына таза кидар, үстүнө кийим кийгизишти. Теңирдин периштеси болсо ошол жерде турду.

6 Теңирдин периштеси Жешуяга мындай деп күбөлөндүрдү:

7 Себайот Теңир мындай дейт: «Эгерде сен Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин күзөтүмдө турсаң, анда Менин үйүмдү башкарасың, Менин короо-жайларымды көзөмөлдөйсүң, Мен сени ушул жерде тургандардын арасында жүрө тургандай кылам.

8 Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя, сен да, сенин алдыңда отурган бир туугандарың, атактуу адамдар да, уккула: мына, Мен Өзүмдүн кулум Бутакты алып келе жатам.

9 Анткени Жешуянын алдына Мен койгон таш мына. Ал таштын жети көзү бар, Мен анын үстүнө оюп жазам, – дейт Себайот Теңир, – ошентип, бул жердин күнөөсүн бир күндө өчүрөм.

10 Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бири-бириңерди жүзүм багынын жана анжыр дарагынын түбүнө чакырасыңар».

4-БӨЛҮМ

Алтын чырактан менен эки зайтун дарагы жөнүндөгү көрүнүш

1 Мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту.

2 Анан ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Чылк алтындан жасалган чырактанды, анын үстүндөгү зайтун майы куюла турган чөйчөкчөнү, анын үстүндөгү жети чыракты, анын үстүндөгү чырактардын ар биринин жетиден түтүгүн көрүп турам.

3 Анын үстүндө эки зайтун дарагы бар экен, бири чөйчөктүн оң тарабында, экинчиси сол тарабында турат».

4 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне, мырзам?» – деп сурадым.

5 Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште менден: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деп сурады. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – деп жооп бердим.

Зоробабылга берилген убада

6 Ошондо ал мага мындай деди: «Бул Теңирдин Зоробабылга айткан сөзү: “Аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен”, – дейт Себайот Теңир.

7 Сен кимсиң, улуу тоо? Зоробабылдын алдында сен бир түздүксүң. Ал негизги ташты “Кандай жыргал, кандай сонун!” деген кыйкырыктын астында алып чыгат».

8 Ошондо мага Теңирден мындай сөз болду:

9 «Бул үйдүн негизин Зоробабылдын колу койгон, анын колу бүтүрөт. Мени силерге Себайот Теңир жибергенин сен ошондо билесиң.

10 Анткени ким бул күндү мааниси жок күн деп эсептей алат? Зоробабылдын колундагы курулуш салмоорду кубаныч менен карап турган жанагы жети көз – Теңирдин бүт жер жүзүн карап турган жети көзү».

11 Ошондо мен андан: «Чырактандын оң тарабында да, сол тарабында да турган бул эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» – деп сурадым.

12 Мен ага экинчи жолу суроо бердим: «Эки алтын түтүк аркылуу өзүнөн алтын куюп турган эки зайтун бутагы эмнени билдирет?»

13 Ошондо ал мага: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деди. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – дедим.

14 Ошондо ал: «Бул экөө – зайтун майы менен майлангандар, бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында тургандар», – деп жооп берди.

5-БӨЛҮМ

Учуп келе жаткан түрмөк китеп жөнүндөгү көрүнүш

1 Кайрадан башымды көтөрүп, учуп келе жаткан түрмөк китепти көрдүм.

2 Ошондо ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен ага: «Учуп келе жаткан түрмөк китепти көрүп турам, анын узундугу жыйырма чыканак, туурасы он чыканак экен», – дедим.

3 Ал мага мындай деди: «Бул – бүт жер бетине түшкөн каргыш. Анткени анын бир жак бетинде жазылгандай, ким уурулук кылса, ал жок кылынат; анын экинчи бетинде жазылгандай, ким калп карганса, ал жок кылынат».

4 «Мен аны каптаттым, – дейт Себайот Теңир, – ал уурунун үйүнө жана Менин ысымым менен калп каргангандын үйүнө кирип, анын үйүндө болуп, анын өзүн да, дарактарын да, таштарын да жок кылат».

Эйфанын ичиндеги аял жөнүндөгү көрүнүш

5 Анан мени менен сүйлөшкөн периште чыгып, мага мындай деди: «Башыңды дагы көтөрүп кара: Эмне чыгып келе жатат?»

6 Мен: «Бул эмне?» – деп сураганда, ал: «Бул чыгып келе жаткан – эйфа, бул – алардын бүт жер жүзүндөгү бейнеси», – деп жооп берди.

7 Ошондо бир тегерек коргошун өйдө көтөрүлдү. Ал жерде, эйфанын ичинде бир аял отуруптур.

8 Анан ал: «Бул аял – мыйзамсыздыктын өзү», – деди да, аны эйфанын ичине түрттү, ал эми эйфанын оозуна тегерек коргошунду ыргытты.

9 Анан мен башымды көтөрүп карасам, эки аял чыгып келе жатыптыр, алардын канаттарында шамал бар экен, алардын канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар эйфаны жер менен асмандын ортосунда көтөрүп жөнөштү.

10 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Алар бул эйфаны кайда көтөрүп бара жатышат?» – деп сурадым.

11 Ошондо ал мага: «Аялга Шинар жеринде үй куруп бериш үчүн көтөрүп бара жатышат. Yй даяр болгондо, ал ошол жерге, өзүнүн ордуна коюлат», – деп жооп берди.

6-БӨЛҮМ

Төрт майдан араба жөнүндөгү көрүнүш

1 Анан мен башымды дагы көтөрүп, эки тоонун ортосундагы капчыгайдан төрт майдан араба чыгып келе жатканын көрдүм. Ал тоолор жез тоолор эле.

2 Биринчи арабадагы аттар жээрде, экинчи арабадагы аттар кара,

3 үчүнчү арабадагы аттар ак, төртүнчү арабадагы аттар тору, күчтүү аттар экен.

4 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Булар эмне, мырзам?» – деп сурадым.

5 Периште мага мындай деп жооп берди: «Булар – бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында турган жеринен чыгып келе жаткан төрт асман руху.

6 Кара аттар чыгып, түндүк өлкөсүн көздөй бара жатышат, ак аттар алардын артынан келе жатышат, тору аттар чыгып, түштүк өлкөсүн көздөй бара жатышат».

7 Күчтүү аттар чыгып, бүт жер жүзүн аралап чыгууга уруксат сурашты. Ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла», – деди. Алар жерди аралап чыгышты.

8 Ошондо ал мени чакырып, мага: «Кара, түндүк жерине чыккандар түндүк жеринде Менин рухумду тынчтандырышты», – деди.

Жешуянын таажы кийиши

9 Анан мага Теңирден мындай сөз болду:

10 «Туткундан келген адамдардан – Хелдайдан, Тобиядан жана Жедаядан күмүш менен алтын алып, ошол эле күнү Сепания уулу Жошиянын үйүнө, алар Бабылдан кайсы үйгө келишсе, ошол үйгө бар.

11 Алардан алган күмүш менен алтындан таажы жаса. Анан аны улуу ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын башына кийгиз.

12 Анан ага мындай де: Себайот Теңир мындай дейт: Мына Адам, Анын ысымы – Бутак, Ал Өзүнүн тамырынан өнүп чыгып, Теңирдин ийбадатканасын тургузат.

13 Ал Теңирдин ийбадатканасын тургузуп, даңкты кабыл алат, такка отурат, Өзүнүн тагында отуруп падышачылык кылат. Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот, экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши болот.

14 Ал таажы болсо Хейлем, Тобия, Жедая, Сепания уулу Хейин үчүн Теңирдин ийбадатканасында эстелик болуп тура берет.

15 Алыстан да келип, Теңирдин ийбадатканасын курууга катышышат, ошондо Мени силерге Себайот Теңир жибергенин билесиңер. Эгерде Кудай-Теңириңердин үнүн кунт коюп уга турган болсоңор, ушундай болот».

7-БӨЛҮМ

Теңирге орозо эмес, кайрымдуулук иштери жагат

1 Дарийдин падышачылыгынын төртүнчү жылы, тогузунчу ай – Кислеп айынын төртүнчү күнү Захарияга Теңирден сөз болду.

2 Ошондо Бейтел эли Саретсер менен Регем-Мелехти жана анын адамдарын Теңирдин алдында сыйынууга,

3 Себайот Теңирдин үйүндөгү ыйык кызмат кылуучулардан жана пайгамбарлардан «Көп жылдан бери ыйлап орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап орозо кармасам болобу?» деп суратканы жиберди.

4 Ошондо мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:

5 «Бул жердин бүт элине жана ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: “Жетимиш жылдан бери бешинчи жана жетинчи айда орозо кармап ыйлаганыңарда, Мен үчүн орозо кармадыңар беле? Мен үчүн беле?

6 Жегениңерде жана ичкениңерде, өзүңөр үчүн жеген жок белеңер, өзүңөр үчүн ичкен жок белеңер?

7 Иерусалимге эл отурукташып, шаар тынч жашап жатканда, анын айланасындагы шаарларга, түштүк өлкөсүнө жана ойдуң жерлерге элдер отурукташканда, мурунку пайгамбарлар аркылуу Теңир ушул эле сөздөрдү айткан жок беле?”»

Ысрайылдын чачырашынын себеби

8 Ошондо Захарияга Теңирден мындай сөз болгон:

9 Ошондо Себайот Теңир мындай деген: «Адилет сот жүргүзгүлө, ар бириңер өз бир тууганыңарга ырайым жана боорукердик көрсөткүлө.

10 Жесир менен жетимге, келгин менен жакырга кысым көрсөтпөгүлө, жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык ойлобогула.

11 Бирок алар уккулары келбей, Менден жүздөрүн буруп кетишти, укпаш үчүн, кулактарын жаап алышты.

12 Себайот Теңир Өзүнүн Руху менен мурунку пайгамбарлар аркылуу жиберген мыйзамды жана сөздөрдү укпаш үчүн, жүрөктөрүн таш кылып алышты. Ошон үчүн алар Себайот Теңирдин катуу каарына калышты.

13 Мен чакырганда, алар укпай коюшту, алар чакырганда, Мен да укпай койдум, – дейт Себайот Теңир.

14 Мен аларды өздөрү билбеген элдердин арасына чачып жибердим, алардан кийин бул жер ээн калды, бул жерде эч ким жашабай калды, бул сонун өлкөнү алар чөлгө айландырышты».

8-БӨЛҮМ

Кудайдын Ысрайылды куткарары жана ага бата берери жөнүндөгү убадасы

1 Себайот Теңирден мындай сөз болду:

2 Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Сионду чоң кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».

3 Теңир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Теңирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».

4 Себайот Теңир мындай дейт: «Иерусалимдин көчөлөрүндө кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак өмүр сүрүшөт.

5 Бул шаардын көчөлөрү ойноп жүргөн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».

6 Себайот Теңир мындай дейт: «Эгерде бул ошол күндөрү бул элдин көзүнө укмуш болуп көрүнсө эле, Менин көзүмө да укмуш болуп көрүнмөк беле? – дейт Себайот Теңир».

7 Себайот Теңир мындай дейт: «Мен Өз элимди чыгыш өлкөсүнөн жана батыш өлкөсүнөн куткарып алам.

8 Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».

9 Себайот Теңир мындай дейт: «Себайот Теңирдин үйүнүн пайдубалы орнотулган күнү пайгамбарлар аркылуу айтылган сөздөрдү азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш үчүн, кайраттуу болгула.

10 Анткени ошол күндөрдөн мурун адамдарга акы төлөө болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги үчүн да акы төлөө болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчүмүн.

11 Азыр болсо бул элдин калдыгы үчүн Мен мурдагы күндөрдөй эмесмин, – дейт Себайот Теңир.

12 Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жүзүм сабагы өз жемишин берет, жер өз түшүмүн берет, асман өз шүүдүрүмүн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем.

13 Жүйүт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуңар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуңар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»

14 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыңар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди өзгөрткөн эмесмин, – дейт Себайот Теңир.

15 Бирок Мен бул күндөрү Иерусалимге жана Жүйүткө кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!

16 Силер кыла турган иштер булар: бири-бириңерге чындыкты айткыла, дарбазаңардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жүргүзгүлө.

17 Силердин араңардан эч ким өз жүрөгүндө жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сүйбөгүлө, анткени мунун баары – Мен жек көргөн нерселер, – дейт Теңир».

18 Анан мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:

19 Себайот Теңир мындай дейт: «Төртүнчү айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жүйүт тукуму үчүн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сүйгүлө».

20 Себайот Теңир мындай дейт: «Көптөгөн элдер жана көптөгөн шаарлардын тургундары келишет.

21 Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Теңирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Теңирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.

22 Иерусалимде Себайот Теңирди издеш үчүн, Теңирге сыйыныш үчүн, көптөгөн уруулар жана күчтүү элдер келишет».

23 Себайот Теңир мындай дейт: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».

9-БӨЛҮМ

Ысрайылдын душмандарынын жазаланышы

1 Теңирдин Хадрах жерине каршы айткан пайгамбарчылык сөзү Дамаскка келип токтойт. Анткени Теңирдин көзү Ысрайылдын бардык уруусун кандай карап турса, бардык элдерди ошондой карап турат.

2 Ага чектеш Хаматты да, Тирди да, Сидонду да карап турат, анткени алар акылдуу.

3 Тир өзүнө чеп курду, күмүштү топурактай, алтынды көчөдөгү баткактай жыйып алды.

4 Бирок Теңир аны жакырдантат, анын күчүн деңиздин үстүндө талкалайт, өзүн от жалмайт.

5 Муну көрүп, Ашкелондун үрөйү учат, Азаны да катуу калтырак басат. Экронду да, анткени анын үмүтү жокко чыгат: Азада падыша калбайт, Ашкелон элсиз калат.

6 «Азотто бөтөн уруу жашап калат, пелиштиликтердин менменсингендигин жок кылам.

7 Анын оозунан канды, тиштеринин арасынан өзүнүн жийиркеничтүү нерселерин сууруп алам, ошондо ал да биздин Кудайыбызга таандык болот, ал Жүйүттө миң башы катарында болот, Экрон Жебус сыяктуу болот.

8 Мен Өз үйүмдүн жанына аскерге каршы, нары-бери өткөндөргө каршы кошуун коём, ошондон кийин кысым көрсөтүүчү ал жерден өтпөйт. Анткени Мен эми муну Өзүм карап турам.

Ысрайылдын келе турган Падышасы

9 Кубанып, шаттыкка бөлөн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет.

10 Ошондо Эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдеги аттарды жок кылам, согуш жаалары кыйрайт. Ал элдерге тынчтыкты кабарлайт, Ал деңизден деңизге чейин, дарыядан жер кыйырына чейин үстөмдүк кылат.

11 Сен жөнүндө айтсам, Мен сенин туткундарыңды өзүңдүн келишимиңдин каны үчүн суусу жок ордон чыгарам.

12 Yмүтү бар туткундар, өзүңөрдүн чебиңерге кайтып келгиле! Эки эселеп кайтарып береримди сага азыр айтып жатам.

13 Анткени Мен Жүйүттү Өзүмө жаа кылам, Эпрайымды жебе кылам, Сион, сенин уулдарыңды Жабандын уулдарына каршы көтөрөм, сени алп жоокердин кылычы сыяктуу кылам».

14 Теңир алардын үстүнө келет, Анын жебеси чагылгандай учуп чыгат, Кудай-Теңир сурнай тартып, түштүк бороону менен жүрөт.

15 Аларды Себайот Теңир коргойт, алар өз душмандарын кырышат, салмоор таштарды тебелешет, канга тоюп, шарапка мас болгонсуп күүлдөшөт, алар курмандык чалынуучу идиштер сыяктуу, курмандык чалынуучу жайдын бурчтары сыяктуу канга толушат.

16 Койчу койлорун кандай куткарып алса, ошол күнү алардын Кудай-Теңири Өз элин ошондой куткарып алат. Анткени алар Анын жеринде таажыдагы асыл таштардай болуп жаркырашат.

17 Кандай жыргал, кандай сонун! Алардын уландары нан менен, кыздары шарап менен өсүшөт.

10-БӨЛҮМ

Теңирдин убадалары

1 Жазгы жамгырлар убагында Теңирден жамгыр сурагыла. Теңир чагылган чартылдатып, силерге мол жамгыр берет, талаадагы ар бир өсүмдүккө суу берет.

2 Анткени терафимдер жок нерсени айтышат, алдын ала айтуучулар жалган көрүнүштөрдү көрүшөт, жалган түштөрдү айтышат. Алар курулай көңүл жубатышат. Ошон үчүн алар койлорго окшоп адашып жүрүшөт, алар кыйналып жүрүшөт, анткени койчу жок.

3 «Койчуларга Менин каарым жалындады, текелерди Мен жазалайм. Анткени Себайот Теңир Өзүнүн койлоруна, Жүйүткө, келет, аларды Өзүнүн мыкты согуш аты катары коёт.

4 Андан негизги таш чыгат, андан чатырдын казыгы чыгат, андан согуш жаасы чыгат, андан эл бийлеген башкаруучулар чыгат.

5 Алар согушта душманды көчөдөгү ылайды тебелегендей тебелеп, баатырларча салгылашышат, анткени Теңир алар менен, алар атчан аскерлерди уятка калтырышат.

6 Жүйүттү чыңдайм, Жусупту куткарам, аларды кайрып келем, анткени аларга Менин боорум ооруду, алар Мен аларды эч качан таштабагандай болушат, анткени Мен алардын Кудай-Теңиримин, ошондуктан алардын үнүн угам.

7 Эпрайым баатыр сыяктуу болот. Алардын жүрөгү шарап ичкендегидей болуп шаттыкка бөлөнөт. Алардын уулдары муну көрүп кубанышат. Алардын жүрөгү Теңир менен кубанат.

8 Мен аларга белги берип, аларды чогултам, анткени Мен аларды кун төлөп куткарып алдым. Алар мурдагыдай көп болушат.

9 Мен аларды элдердин арасына чачыратып жиберем, алыскы өлкөлөрдө алар Мени эстешет, өз балдары менен бирге жашашат, анан кайрылып келишет.

10 Мен аларды Мисир жеринен кайрып келем, аларды Ашурдан жыйнап келем, аларды Гилат жерине жана Лебанонго алып келем, аларга жер жетпей калат.

11 Деңизге алаамат түшөт, ал деңиз толкундарын талкалайт, дарыянын бардык терең жерлери какшыйт, Ашурдун текебердиги талкаланат, Мисирдин бийлик таягы тартылып алынат.

12 Аларды Теңир менен бекемдейм, ошондо алар Анын ысымы үчүн жашашат, – дейт Теңир.

11-БӨЛҮМ

Машайактын келери жана четке кагылары жөнүндө

1 Лебанон, дарбазаларыңды ач, сенин кедр дарактарыңды от жалмасын.

2 Боздоп ыйла, кипарис, анткени кедр кулады, анткени чоң дарактар да кыйратылды. Башандын эмен дарактары, өкүргүлө, анткени чытырман токой кыйылды.

3 Койчулардын өкүрүп ыйлаганы угулуп жатат, анткени алардын жайыттары кыйратылды; жаш арстандардын ырылдаган айкырыгы угулуп жатат, анткени Иордандын даңкы талкаланды».

4 Менин Кудай-Теңирим мындай дейт: «Мууздала турган койлорду кайтар,

5 сатып алгандар аларды өлтүрүп жатышат, бирок өздөрүн айыптуубуз деп эсептешпейт, ал эми аларды саткандар: “Теңирге алкыш, мен байып калдым!” – деп жатышат. Аларды өздөрүнүн койчулары аяшпайт.

6 Анткени Мен мындан ары бул жердин тургундарына ырайым кылбайм, – дейт Теңир, – мына, Мен ал адамдардын ар бирин өз жакынынын колуна, өз падышасынын колуна салып берем, алар жерди кыйратышат, Мен ал адамдардын эч кимисин алардын колунан куткарбайм.

7 Мен мууздала турган койлорду, чыны менен эле байкуш койлорду кайтарам. Өзүмө эки таяк алам, биринчисин Ырайым, экинчисин Бирдик деп атайм, ошолор менен койлорду кайтарам.

8 Бир айда үч койчуну жок кылам. Алардын жаны Менден кандай жийиркенсе, Менин жаным да алардан ошондой жийиркенет.

9 Ошондо Мен мындай дейм: “Силерди кайтарбайм. Өлө турганы өлсүн, жоголо турганы жоголсун, ал эми калгандары биринин этин бири жесин”.

10 “Ырайым” таягымды алам да, Өзүмдүн бардык элдер менен түзгөн келишимимди бузуш үчүн, аны сындырып салам.

11 Келишим ошол күнү бузулат, ошондо Мени күтүп турган койлордун ичинен байкуштары бул Теңирдин сөзү экенин билишет.

12 Анан аларга: “Эгерде кааласаңар, Мага Менин акымды бергиле. Каалабасаңар, бербей эле койгула”, – дейм. Ошондо алар Менин акыма отуз күмүш шекел тартып беришет».

13 Анан Теңир мага мындай деди: «Аны Теңир үйүнүн казынасына ташта. Алар Мени кандай кымбат баалашты!» Мен отуз күмүш шекелди алып, Теңир үйүнө карапачы үчүн таштадым.

14 «Жүйүт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандыкты бузуш үчүн, Өзүмдүн экинчи таягымды – “Бирдик” таягын сындырдым».

Кудайдын ишенимсиз койчуларга каарданышы

15 Анан Теңир мага мындай деди: «Акылсыз койчулардын ичинен бирөөнүн куралын ал.

16 Анткени Мен бул жерге бир койчу коём, ал өлүп бара жаткан койлор үчүн кам көрбөйт, жоголгондорун издебейт, ооругандарын айыктырбайт, соолоруна тамак бербейт, бирок семиз койлордун этин жейт, алардын туяктарын талкалайт.

17 Койлорду таштап койгон жаман койчуга кайгы! Анын колуна жана оң көзүнө каршы кылыч келсин! Анын колу шал болуп калсын, анын оң көзү таптакыр көрбөй калсын!»

12-БӨЛҮМ

Иерусалимдин куткарылары жөнүндө

1 Ысрайыл тууралуу Теңирдин пайгамбарчылык сөзү. Асманды жайган, жерди негиздеген, адамдын ичиндеги рухту жараткан Теңир мындай дейт:

2 «Мына, Мен Иерусалим курчоодо жатканда, тегеректеги бардык элдер үчүн, ошондой эле Жүйүт үчүн Иерусалимди баш айландыруучу ичимдик куюлган чөйчөк кылам.

3 Ошол күнү мындай болот: бардык уруулар үчүн Иерусалимди оор таш кылам, аны көтөргөндөрдүн бардыгы өздөрүнө зыян келтирип алышат, бирок ага каршы жер жүзүнүн бардык элдери чогулушат.

4 Ошол күнү, – дейт Теңир, – Мен бардык аттарды элиртем, алардын үстүндө отургандарды акылынан ажыратам, ал эми Жүйүткө назар салам, элдердин бардык аттарын сокур кылам.

5 Жүйүт төрөлөрү өз жүрөгүндө мындай дешет: “Менин күчүм – өздөрүнүн Кудайы, Себайот Теңир менен күчтүү болгон Иерусалим тургундары”.

6 Ошол күнү Мен Жүйүт төрөлөрүн отундардын ортосундагы алоолонуп күйгөн мештей кылам, боолордун арасында күйүп турган шаманадай кылам, алар тегеректеги бардык элдерди, оң тарапты да, сол тарапты да жок кылышат. Иерусалим эли кайрадан өз ордуна, Иерусалимге, отурукташат».

7 Дөөттүн тукуму менен Иерусалим тургундары Жүйүттүн алдында өздөрүн жогору көтөрбөш үчүн, Теңир адегенде Жүйүттүн тукумун куткарат.

8 Ошол күнү Теңир Иерусалим тургундарын коргойт, ошол күнү алардын эң алсызы Дөөттөй болот, ал эми Дөөт тукуму Кудайдай, өздөрүнүн алдындагы Теңирдин периштесиндей болот.

9 Ошол күнү мындай болот: «Мен Иерусалимге кол салган бардык элдерди жок кылам.

10 Ал эми Дөөттүн тукумуна жана Иерусалим тургундарына ырайым руху менен моюн сунуу рухун төгөм, алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт, Аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, Ал үчүн тун баласына кайгыргандай кайгырышат.

11 Ошол күнү Иерусалимде Мегидо өрөөнүндөгү Адатримон ыйындай болгон чоң ый болот.

12 Өлкө боздоп ыйлайт, ар бир уруу өзүнчө боздоп ыйлайт: Дөөт тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Натан тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

13 Леби тукумунун уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө; Шымон уруусу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө;

14 калган уруулардын бардыгы, ар бир уруу өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө боздоп ыйлашат.

13-БӨЛҮМ

1 Ошол күнү Дөөт тукумуна жана Иерусалим тургундарына күнөө менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.

2 Ошол күнү мындай болот, – дейт Себайот Теңир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.

3 Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага өзүнүн атасы менен энеси: “Сен жашабашың керек, анткени сен Теңирдин ысымы менен жалган сүйлөп жатасың”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны өзүнүн атасы менен энеси өлтүрүп салат.

4 Ошол күнү мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири өзү көргөн көрүнүшү үчүн уят болот, ошондон кийин алар алдаш үчүн кийген өздөрүнүн кыл чапанын кийбей калышат.

5 Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.

6 Андан: “Эки колуңдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сүйгөндөрдүн үйүндө Мени сабашты”, – деп жооп берет.

Улуу Кайтаруучунун өлүмү

7 Оо кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы көтөрүл! – дейт Себайот Теңир, – койчуну өлтүр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.

8 Бүт жер жүзүндө мындай болот: жер үстүндө жашагандардын үчтөн эки бөлүгү жок кылынат, ал эми үчтөн бир бөлүгү аман калат, – дейт Теңир.

9 Бул үчтөн бир бөлүктү отко салып, күмүштү эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Теңир менин Кудайым!” – дешет.

14-БӨЛҮМ

Теңир күнү

1 Мына, Теңирдин күнү келе жатат, сенден талап-тоноп алышкан олжону сенин ичиңде өз ара бөлүп алышат.

2 Бардык элдерди Иерусалимге каршы согушка топтойм, шаар каратылып алынат, үйлөр таланып-тонолот, аялдардын абийири булганат, шаардын жарымы туткунга кетет, ал эми шаарда калган эл жок кылынбайт.

3 Ошондо Теңир куралданып чыгып, согуш күнүндө кандай салгылашса, бул элдер менен ошондой салгылашат.

Теңирдин келиши жөнүндө

4 Ошол күнү Теңирдин буттары Иерусалимдин чыгыш жагында жаткан Зайтун тоосунун үстүндө турат. Ошондо Зайтун тоосу чыгыштан батышты көздөй экиге бөлүнөт, өтө чоң өрөөн пайда болот, тоонун жарымы түндүккө, жарымы түштүккө кетет.

5 Ошондо силер Менин тоолуу өрөөнүм менен качасыңар, анткени тоолуу өрөөн Атсалга чейин созулат. Жүйүт падышасы Узиянын убагында болгон жер титирөөдөн качкандай качасыңар. Менин Кудай-Теңирим келет, Аны менен кошо бардык ыйыктар келишет.

6 Ошол күнү мындай болот: жарык болбойт, күн, ай, жылдыздар жок болот.

7 Ошол күн Теңир гана билген күн болот: күн да, түн да болбойт, кечкурун гана жарык пайда болот.

Теңирдин бүт жер жүзүнө падыша болушу

8 Ошол күнү мындай болот: Иерусалимден тирүү суулар агып чыгат, алардын жарымы чыгыш деңизине, жарымы батыш деңизине агат: жайында да, кышында да ушундай болот.

9 Теңир бүт жер жүзүнө Падыша болот. Ошол күнү жалгыз Теңир болот, Анын ысымы да бирөө болот.

10 Бул жер Гибондон Ремонго чейин, Иерусалимден түштүккө карай бүт бойдон түздүк болот. Иерусалим бийик жерде, өз ордунда турат жана ага Бенжемин дарбазасынан биринчи дарбазага чейин, бурчтагы дарбазага чейин, ошондой эле Кананел мунарасынан падышанын жүзүм сыккан барасына чейин эл отурукташат.

11 Анын ичинде жашашат, ошондон кийин каргыш деген болбойт. Иерусалим коопсуз жашайт.

12 Иерусалимге каршы согушкан бардык элдерди Теңир мындай кылып жазалайт: буту менен басып эле жүргөн адамдын денеси чирийт, көздөрү көзүнүн чанагында турганда эле агып калат, оозундагы тили кургап калат.

13 Ошол күнү мындай болот: алардын арасына Теңир чоң дүрбөлөң түшүрөт, ошондо биринин колун бири кармайт, ар ким өз жакынына кол көтөрөт.

14 Жүйүт өзү да Иерусалимде салгылашат, тегеректеги бардык элдердин байлыгы: алтын, күмүш жана сан жеткис кийим жыйналат.

15 Аттар да, жылкылар да, качырлар да, төөлөр да, эшектер да, алардын кошуундарындагы бардык мал кырылат.

16 Ошондон кийин Иерусалимге каршы салгылашыш үчүн келген бардык элдердин ичинен тирүү калгандары Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн жана Алачык майрамын майрамдаш үчүн жыл сайын келип турушат.

17 Ошондо мындай болот: эгерде жер үстүндөгү уруулардын кайсынысы Себайот Теңир Падышага табыныш үчүн келбесе, анда анын жерине жамгыр жаабайт.

18 Эгерде Мисир уруусу жолго чыкпаса жана келбесе, анда ага да жамгыр жаабайт, Алачык майрамын майрамдоого келбеген урууларды Теңир кандай жазаласа, аларды да ошондой жазалайт.

19 Алачык майрамын майрамдоого келбеген Мисирдин жана бардык элдердин жазасы ушундай болот!

20 Ошол убакта, атүгүл, ат жабдыктарына да “Теңирге арналган ыйык нерсе” деген жазуулар жазылат, Теңир үйүндөгү казандар курмандык чалынуучу жайда колдонулуучу чаралардай болот.

21 Иерусалим менен Жүйүттөгү бардык казандар Себайот Теңирге арналган ыйык нерсе болот, курмандык алып келгендер ал казандарды алып, курмандыктарын бышырышат. Ошол күнү Себайот Теңирдин үйүндө бир да канаандык болбойт».








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz