Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЖАКАН жазган Жакшы Кабар

1-БӨЛҮМ

Сөз адам болду

1 Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.

2 Сөз эң башында Кудайда болгон.

3 Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес.

4 Анда өмүр болгон, ал өмүр адамдар үчүн жарык болгон.

5 Жарык караңгыда жаркырап турат, караңгылык жарыкты каптаган жок.

6 Кудай жиберген бир адам болгон, анын ысымы Жакан эле.

7 Ал күбөлөндүрүү үчүн келген. Баары ал аркылуу ишенип калыш үчүн, ал Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.

8 Ал Жарык эмес болчу, бирок Жарык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн келген.

9 Бул дүйнөгө келген ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык бар эле.

10 Ал бул дүйнөдө болгон, дүйнө Ал аркылуу жаралган, бирок бул дүйнө Аны тааныган жок.

11 Ал Өз элине келди, бирок Өз эли Аны кабыл алган жок.

12 Ал эми Аны кабыл алып, Ага ишенгендерге Кудайдын балдары болуу бийлиги берилди.

13 Алар кандан эмес, дененин каалоосу менен эмес, эркектин каалоосу менен эмес, Кудайдан төрөлүштү.

14 Сөз адам болуп, биз менен жашап турду. Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк. Ал ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле.

Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсү

15 Жакан Ал жөнүндө бийик үн менен мындай деп күбөлөндүрдү: «“Менден кийин Келе Жаткан менин алдыма чыкты, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам».

16 Андагы толуктуктан бардыгыбыз ырайым үстүнө ырайым кабыл алдык.

17 Анткени мыйзам Муса аркылуу берилди, ал эми ырайым менен чындык Ыйса Машайак аркылуу пайда болду.

18 Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Аны бизге Атанын ичиндеги жалгыз Уул көрсөттү.

19 Жүйүттөр Иерусалимден ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди жиберип, «Сен кимсиң?» – деп суратышканда, Жакан аларга:

20 «Мен Машайак эмесмин», – деп күбөлөндүрдү. Ал жооп берүүдөн баш тарткан жок, ачык эле айтты.

21 Ошондо алар: «Анда сен кимсиң, Илияссыңбы?» – деп сурашты. «Жок», – деди ал. «Пайгамбарсыңбы?» – деп сурашканда, ал: «Жок», – деп жооп берди.

22 «Деги сен кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу: өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» – дешти алар.

23 Ошондо Жакан мындай деди: «Ышайа пайгамбар: “"Теңирге жолду түздөгүлө", – деп, ээн талаада бир үн жар салат”, – деп айткан. Ошол үн менмин».

24 Жиберилген адамдар фарисейлерден эле.

25 Алар Жакандан: «Эгерде Сен Машайак да, Илияс да, пайгамбар да эмес болсоң, анда эмне үчүн сууга чөмүлдүрүп жатасың?» – деп сурашты.

26 Жакан аларга: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган Бирөө турат.

27 Ал менден кийин келип, менин алдыма турду. Мен Анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыксызмын», – деп жооп берди.

28 Бул Иордан дарыясынын чыгыш тарабындагы Битабара айылында, Жакан сууга чөмүлдүрүп жаткан жерде болду.

Ыйса – Кудайдын курмандык Козусу

29 Кийинки күнү Жакан өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп: «Бул – Кудайдын курмандык Козусу, Ал дүйнөнүн күнөөсүн Өз мойнуна алат.

30 “Менден кийин келген Адам менин алдыма турду, анткени Ал менден мурун эле бар болчу”, – деп, мен ушул Адам жөнүндө айткам.

31 Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок Ысрайыл эли Аны билип калсын деп, сууга чөмүлдүрүү үчүн келгем», – деди.

32 Жакан күбөлөндүрүүсүн мындай деп улантты: «Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, Анын үстүндө турганын көрдүм.

33 Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок адамдарды сууга чөмүлдүртүү үчүн мени жиберген Кудай мага: “Рухтун кимдин үстүнө түшүп, Анда болуп турганын көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол”, – деген.

34 Мен көрдүм да: “Бул – Кудайдын Уулу”, – деп күбөлөндүрдүм».

Ыйсанын биринчи шакирттери

35 Эртеси күнү да Жакан өзүнүн эки шакирти менен турган эле.

36 Ал өтүп бара жаткан Ыйсаны көргөндө: «Мына, Кудайдын курмандык Козусу!» – деди.

37 Жакандан бул сөздөрдү укканда, эки шакирт тең Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

38 Ыйса артына бурулуп, алардын ээрчип келе жатканын көрүп: «Силерге эмне керек?» – деп сурады. Алар Андан: «Устат, кайсы жерде турасың?» – деп сурашты.

39 «Барып, өзүңөр көргүлө», – деди Ыйса. Алар барып, Ыйсанын кайсы жерде турарын көрүштү да, ал күнү Аныкында калып калышты. Бул убак онунчу саат чамасы эле.

40 Жакандан угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген эки адамдын бири Шымон Петирдин бир тууганы Андрей эле.

41 Ал адегенде агасы Шымонду таап, ага: «Биз Машайакты таптык», – деди.

42 Андрей бир тууганы Шымонду Ыйсага алып келди. Ыйса аны карап: «Жунус уулу Шымон, сага Кейфа деген ысым коюлат», – деди.

43 Эртеси күнү Ыйса Галилеяга бармакчы болду. Филипти таап: «Менин артымдан ээрчи!» – деди.

44 Филип болсо Андрей менен Петир жашаган Бетсайида шаарынан эле.

45 Филип Натанаелди таап, ага: «Мусанын “Тоорат” китебинде, ошондой эле “Пайгамбарлар” китебинде жазылган Машайакты таптык, Ал – назареттик Жусуптун Уулу Ыйса», – деди.

46 Бирок Натанаел ага: «Назареттен жакшы нерсе чыкмак беле?» – деп койду. Ошондо Филип ага: «Барып, өзүң көр», – деди.

47 Ыйса келе жаткан Натанаелди көрүп: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул», – деди.

48 Натанаел Андан: «Мени кайдан билесиң?» – деп сурады. Ыйса ага: «Филип сени чакыра электе эле, Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм», – деди.

49 Ошондо Натанаел: «Устат, Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» – деди.

50 Ыйса ага: «Сен Мага: “Мен сени анжыр дарагынын түбүндө отурганыңда көргөм”, – дегеним үчүн ишенип жатасың. Мындан чоңун көрөсүң», – деди.

51 Дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, мындан ары ачылган асманды жана Адам Уулун көздөй жогору чыгып, кайра төмөн түшүп жаткан Кудайдын периштелерин көрөсүңөр».

2-БӨЛҮМ

Ыйсанын биринчи керемети

1 Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана шаарында үйлөнүү тою болду. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.

2 Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

3 Шарап жетпей калганда, энеси Ыйсага: «Шараптары түгөнүп калыптыр», – деди.

4 Ыйса ага: «Сен экөөбүздүн ишибиз эмне, аял! Менин убагым али келе элек», – деди.

5 Энеси кулдарга: «Ал силерге эмнени айтса, ошону кылгыла», – деди.

6 Ошол жерде жүйүттөрдүн тазалануу расмисин аткарууга арналган, эки-үч ченем суу баткан алты таш идиш турган эле.

7 Ыйса кулдарга: «Идиштерге суу толтургула», – деди. Кулдар идиштерге мелт-калт кылып суу толтурушту.

8 Андан кийин аларга: «Эми сузуп алгыла да, той башкаруучуга алып баргыла», – деди. Алар алып барышты.

9 Той башкаруучу шарапка айланган суудан татып көргөндөн кийин, (ал шараптын кайдан экенин билген жок, аны суу сузуп алган кулдар гана билишчү), күйөөнү чакырып:

10 «Элдин баары адегенде шараптын жакшысын беришет, коноктор кызып калгандан кийин, начарын беришет. Сен болсо шараптын жакшысын ушул убакка чейин сактап коюптурсуң», – деди.

11 Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанада Өзүнүн эң алгачкы кереметин жасап, Өзүнүн даңкын көрсөттү. Ошондо шакирттери Ага ишенип калышты.

12 Ошондон кийин Ыйса энеси, инилери жана шакирттери менен Капернаумга барып, ал жерде бир нече күн болду.

Пасах майрамы жана Кудай үйүн тазалоо

13 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге келип,

14 ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.

15 Аркандан камчы жасап алып, алардын баарын кой, өгүздөрү менен кошо ийбадаткананын короосунан кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын акчасын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп салды.

16 Анан көгүчкөн саткандарга: «Буларыңарды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» – деди.

17 Ошондо шакирттер Ыйык Жазуудагы «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат» деген сөздөрдү эстешти.

18 Жүйүттөр Ыйсадан: «Ушундай кылууга укугуң бар экенин кандай жышаан менен көрсөтө аласың?» – деп сурашты.

19 Ыйса аларга: «Бул ийбадаткананы бузгула, Мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам», – деп жооп берди.

20 Жүйүттөр буга: «Бул ийбадаткана кырк алты жылда курулуп бүткөн. Сен аны үч күндүн ичинде тургузуп коёсуңбу?» – дешти.

21 Ыйса болсо «ийбадаткана» деп, Өзүнүн денеси жөнүндө айткан эле.

22 Ыйса өлүп, кайра тирилгенден кийин, шакирттери Анын ушул жөнүндө айтканын эстешип, Ыйык Жазууда жазылгандарга жана Анын сөзүнө ишеништи.

23 Көп адамдар Ыйсанын Иерусалимде, Пасах майрамында кылган кереметтерин көрүп, Ага ишенип калышты.

24 Алардын баарынын кандай экендигин билгендиктен, Ыйса Өзүн аларга ишенип тапшырган жок.

25 Адамдын жүрөгүндө эмне бар экендигин билгендиктен, Ал кимдир бирөөнүн адам жөнүндө күбөлөндүрүүсүнө муктаж эмес эле.

3-БӨЛҮМ

Никедимдин Ыйса менен сүйлөшүүсү

1 Фарисейлер арасында жүйүт эл башчыларынын бири Никедим деген киши бар эле.

2 Ал бир күнү түн ичинде Ыйсага келип: «Устат, Сенин Кудайдан келген Устат экениңди билебиз. Анткени Сен кылып жаткандай кереметтерди Кудайсыз эч ким кыла албайт», – деди.

3 Ыйса ага: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким жогорудан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгын көрбөйт», – деп жооп берди.

4 Никедим Андан: «Карыган адам кайра кантип төрөлмөк эле? Эмне, ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлөбү?» – деп сурады.

5 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, кимде-ким суудан жана Рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт.

6 Денеден төрөлгөн – дене, Рухтан төрөлгөн – рух.

7 “Жогорудан төрөлүшүң керек”, – деп айтканыма таң калба!

8 Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кетерин билбейсиң. Ыйык Рухтан төрөлгөн адамда да ушундай болот».

9 Ошондо Никедим Андан: «Бул кандай болушу мүмкүн?» – деп сурады.

10 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ысрайыл элинин окутуучусу болуп туруп, ушуну билбейсиңби?

11 Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, биз билгенибизди айтабыз, көргөнүбүздү күбөлөндүрөбүз, силер болсо биздин күбөлөндүрүүбүздү кабыл албайсыңар.

12 Мен силерге жердеги нерселер жөнүндө айтсам ишенбейсиңер, анан асмандагы нерселер жөнүндө айтсам, кантип ишенесиңер?

13 Асманда жашаган, асмандан түшкөн Адам Уулунан башка эч ким асманга көтөрүлгөн эмес.

14 Муса чөлдө жыланды жогору көтөргөндөй, Адам Уулу да жогору көтөрүлүүгө тийиш.

15 Ошондо Ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болот.

16 Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди.

17 Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө дүйнөнү соттош үчүн эмес, Ал аркылуу дүйнөнү куткаруу үчүн жиберди.

18 Ага ишенген адам соттолбойт, ал эми ишенбеген адам соттолду. Анткени ал Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей койду.

19 Соттун себеби мында: «Дүйнөгө жарык келди, бирок адамдар жарыкка караганда караңгылыкты жакшы көрүштү. Анткени алардын кылган иштери жаман эле.

20 Жаман иштерди жасаган адам жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбеши үчүн, жарыкка келбейт.

21 Ал эми акыйкаттык жолунда жүргөн адам кылган иштеринин Кудайдын жардамы менен кылынгандыгы көрүнүп туруш үчүн, жарыкка келет».

Чөмүлдүрүүчү Жакандын акыркы күбөлөндүрүүсү

22 Ошондон кийин Ыйса шакирттери менен Жүйүт жерине келди. Алар менен ошол жерде калып, адамдарды сууга чөмүлдүрүп жатты.

23 Жакан болсо Шалемдин жанындагы Айнондо чөмүлдүрүп жатты, анткени ал жерде суу көп эле. Адамдар келип, сууга чөмүлдүрүлүп жатышты.

24 Анткени Жакан түрмөгө камала элек болчу.

25 Жакандын шакирттери менен бир жүйүттүн ортосунда тазалануу жөнүндө талаш чыгып кетти.

26 Шакирттери Жаканга келип: «Устат! Иордан дарыясынын наркы өйүзүндө сени менен чогуу болгон, сен күбөлөндүргөн Адам элди сууга чөмүлдүрүп жатат. Элдин баары Ага барып жатышат», – дешти.

27 Жакан аларга мындай деп жооп берди: «Кудай бермейинче, адам өз мойнуна эч нерсени ала албайт.

28 “Мен Машайак эмесмин, бирок Анын алдынан жиберилгем” дегениме силер өзүңөр күбөсүңөр.

29 Колуктусу бар адам – күйөө. Ал эми күйөөнү жанында туруп алып тыңшап турган күйөө жолдош анын үнүн укканда, аябай кубанат. Мен ошол кубанычты башымдан өткөрдүм.

30 Ал өсүшү керек, мен болсо кичирейишим керек.

31 Жогорудан Келген баарынан жогору. Бул дүйнөдөн келген бул дүйнөгө таандык, ошондуктан дүйнөдөгүнү сүйлөйт. Асмандан Келген баарынан жогору.

32 Ал асмандан көргөн-укканы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бирок Анын күбөлөндүрүүсүн эч ким кабыл албайт.

33 Ал эми Анын күбөлөндүрүүсүн кабыл алган адам Кудайдын чындык экендигин далилдеди.

34 Кудай жиберген Адам Кудайдын сөзүн сүйлөйт. Анткени Кудай Рухту ченемсиз берет.

35 Атасы Уулун сүйөт, ошондуктан бардыгын Анын колуна берди.

36 Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот».

4-БӨЛҮМ

Ыйса жана самариялык аял

1 Ыйса «Ал Жаканга караганда көбүрөөк шакирт күтүп, элди сууга чөмүлдүрүп жатат» деген сөз фарисейлерге жеткенин билгенде,

2 (чынында, Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жатышкан эле),

3 Жүйүт аймагынан кайра Галилеяга жөнөдү.

4 Ыйса Самария аймагы аркылуу өтүүгө тийиш эле.

5 Ошондуктан Ал Самариянын Шекем шаарына келди. Ал шаар Жакып өзүнүн уулу Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан эле.

Ыйса менен самариялык аялдын аңгемелешүүсү

6 Ошол жерде «Жакыптын кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Алтынчы саат чамасы эле.

7 Ошол маалда самариялык бир аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан ичкенге суу сурады.

8 Шакирттери тамак сатып алуу үчүн, шаарга кетишкен эле.

9 Самариялык аял Ага: «Өзүң жүйүт болуп туруп, менден, самариялык аялдан, суу сурайсыңбы?» – деди. Себеби жүйүттөр самариялыктар менен мамилелешчү эмес.

10 Ыйса аялга: «Эгерде Кудайдын белеги эмне экендигин жана сенден суу сураган Ким экендигин билсең, сен Андан өзүң сурар элең, ошондо Ал сага тирүү суу бермек», – деп жооп берди.

11 Аял Ага: «Мырза, суу сузуп алгыдай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кайдан болсун?

12 Сен, эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушул кудуктан суу ичишкен», – деди.

13 Ыйса аялга мындай деп жооп берди: «Бул суудан ичкен адам кайра эле суусайт.

14 Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүк суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айланат».

15 Ошондо аял Ага: «Мырза, суусабашым үчүн, бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи!» – деди.

16 «Барып, күйөөңдү бул жерге чакырып кел», – деди Ыйса.

17 «Менин күйөөм жок», – деп жооп берди аял. Ошондо Ыйса ага: «“Күйөөм жок”, – деп, чындыкты айттың.

18 Сен беш жолу күйөөгө чыккансың, бирок азыркысы күйөөң эмес. Муну сен туура айттың», – деди.

19 Аял Ага: «Мырза, Сенин пайгамбар экениңди билдим.

20 Биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоодо Кудайга табынышчу экен, силер болсо Кудайга табынуучу жай Иерусалимде болуш керек дейсиңер», – деди.

21 Ыйса ага мындай деди: «Мага ишен, бул тоонун үстүндө да, Иерусалимде да Атага табынбай турган убак келет.

22 Силер эмнеге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени куткарылуу жүйүттөрдөн келет.

23 Чыныгы табынуучулар Атага рух менен, чындык боюнча табына турган убакыт келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Ата да Өзүнө ошондой табынуучуларды издейт.

24 Кудай – Рух. Ага табынуучулар да рух менен, чындык боюнча табынуулары керек».

25 Аял Ыйсага: «Машайак келерин билем. Ал келгенде, бизге баарын айтып берет», – деди.

26 Ошондо Ыйса ага: «Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың», – деди.

27 Ошол мезгилде шакирттери келип калышты. Алар Анын аял менен сүйлөшүп жатканын көрүп таң калышты. Бирок эч кимиси Андан: «Андан эмнени сурап жатасың?» же «Аны менен эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасың?» – деп сураган жок.

28 Аял суу алган идишин таштап, шаарга барды да, элге:

29 «Жүргүлө, кылганымдын баарын айтып берген Адамды көргүлө! Ал Машайак эмеспи?» – деп айта баштады.

30 Ошондо алар шаардан чыгып, Ыйсаны көздөй жөнөштү.

Оруу-жыюу маалы

31 Ошол арада шакирттери Ыйсадан: «Устат, тамактанып ал», – деп өтүнүштү.

32 Бирок Ыйса аларга: «Менде силер билбеген тамак бар», – деди.

33 Шакирттери бири-бирине: «Ага бирөө тамак алып келип бергенби?» – дешти.

34 Ыйса аларга мындай деди: «Менин тамагым – Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү.

35 Силер: “Төрт айдан кийин орок маалы башталат”, – дейсиңер. Бирок Мен силерге айтып коёюн: талаага көз чаптырып, эгинди карагылачы, ал орууга даяр болуп бышып калды.

36 Орокчу азыртадан эле эмгек акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн түшүм жыйнап жатат. Ошентип, себүүчү да, орокчу да кубанат.

37 Анткени ушул учурга “Бирөө себет, бирөө орот” деген сөз туура келет.

38 Мен силерди өзүңөр эмгектенбегенди орушуңар үчүн жибергем. Башкалар эмгектеништи, силер болсо түшүмүн жыйнап жатасыңар».

39 Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү: «Ал мага кылганымдын баарын айтып берди», – деп күбөлөндүргөн аялдын сөзү аркылуу Ыйсага ишенип калышты.

40 Ошондуктан алар Ага келип, Андан өздөрү менен калуусун өтүнүштү. Ыйса ал жерде эки күн болду.

41 Анын сөзүн угуп, Ага дагы көп киши ишенип калды.

42 Алар аялга: «Биз эми Ага сенин сөзүң боюнча эле ишенип жаткан жокпуз. Анткени Анын сөзүн өзүбүз да угуп, Анын, чын эле, дүйнөнүн Куткаруучусу, Машайак экенин билдик», – дешти.

43 Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден Галилеяга жөнөп кетти.

44 Анткени Ыйса Өзү: «Пайгамбар өз жеринде урматталбайт», – деп күбөлөндүргөн эле.

45 Галилеяга келгенде, ал жердин тургундары Аны кабыл алышты. Анткени алар да Иерусалимде болгон майрамга барып, Анын майрамда кылган иштеринин баарын көрүшкөн болчу.

Сарай кызматчысынын уулунун айыгышы

46 Ошентип, Ыйса Галилеядагы Каанага дагы келди. Ал жерде Ал сууну шарапка айландырган эле. Капернаумда падышанын сарай кызматчысынын уулу ооруп жаткан.

47 Ал Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенин угуп, Ага келди да: «Келип, өлүм алдында жаткан баламды айыктыра көр», – деп өтүндү.

48 Ыйса ага: «Силер Мага керемет-жышаандарды көрмөйүнчө ишенбейсиңер!» – деди.

49 Сарай кызматчысы Ага: «Теңир! Балам өлүп кала электе келе көр!» – деди.

50 Ошондо Ыйса ага: «Кете бер, балаң айыкты», – деди. Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөдү.

51 Аны кулдары тосуп чыгышып: «Балаң айыгып калды», – дешти.

52 Ал кулдарынан баласынын кайсы убакта жакшы болуп калганын сурады. «Кечээ, жетинчи саат чамасында ысытмасынан айыкты», – деп жооп беришти алар.

53 Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң айыкты», – деп, дал ошол убакта айтканын эстеди. Ал бүт үй-бүлөсү менен Ыйсага ишенип калды.

54 Бул Ыйсанын Жүйүт аймагынан Галилеяга келгенден кийин жасаган экинчи керемети эле.

5-БӨЛҮМ

Ыйсанын көлмөнүн жанындагы оорулууну айыктырышы

1 Ошол күндөрдөн кийин жүйүттөрдүн бир майрамы болуп, Ыйса Иерусалимге келди.

2 Иерусалимдин «Кой дарбазасы» деп аталган дарбазасынын жанында арамейче «Бетезда»1 деп аталган көлмө бар эле. Аны беш бастырма курчап турчу.

3 Ал жерде көптөгөн оорулуулар: сокурлар, аксактар, шал болуп калгандар суунун чайпалышын күтүп жатышчу.

4 Себеби Кудайдын бир периштеси кайсы бир убакта ушул көлмөгө түшүп, сууну чайпачу. Суу чайпалары менен, сууга эң биринчи түшкөн адам, кандай оорусу болсо да, айыгып чыкчу.

5 Ошол жерде отуз сегиз жылдан бери шал болуп ооруган бир адам бар эле.

6 Ыйса аны көргөндө, анын көптөн бери жатканын билип: «Айыккың келеби?» – деп сурады.

7 Оорулуу Ага: «Мырза, суу чайпалганда, мени көлмөгө түшүрө турган адамым жок. Мен жеткенче эле, башка бирөө түшүп кетет», – деп жооп берди.

8 Ыйса ага: «Ордуңан туруп, төшөгүңдү ал да, бас!» – деди.

9 Ал ошол замат оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул ишемби күн эле.

10 Ошондуктан жүйүттөр айыгып калган адамга: «Бүгүн ишемби күн. Төшөгүңдү көтөрүп жүргөнгө болбойт!» – дешти.

11 Ал болсо аларга: «Мени айыктырган адам: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деди», – деп жооп берди.

12 «Сага: “Төшөгүңдү ал да, бас!” – деп айткан адам ким?» – деп сурашты алар.

13 Айыккан киши Анын ким экенин билген жок, анткени Ыйса ошол жердеги элдин арасына кирип кеткен эле.

14 Кийин Ыйса ага ийбадатканадан жолугуп: «Мына, сен айыктың, абалың мурункудан да жаман болбош үчүн, мындан ары күнөө кылба», – деди.

15 Ал барып, өзүн айыктырган Ыйса экендигин жүйүттөргө айтты.

16 Ошондо жүйүттөр Ыйсаны ишемби күнү айыктыргандыгы үчүн, өлтүрмөкчү болуп, куугунтуктай башташты.

17 Ыйса болсо аларга: «Атам ушул күнгө чейин иш кылып жатат, ошондуктан Мен да иш кылып жатам», – деди.

18 «Ал ишемби күнүн гана бузбастан, Кудайды “Атам” деп, Өзүн Кудайга теңеди», – деп, жүйүттөр Ыйсаны өлтүрүү үчүн, мурдагыдан да көбүрөөк аракет кыла башташты.

Ыйсанын бийлиги

19 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат.

20 Анткени Атасы Уулун жакшы көргөндүктөн, Өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай, силер таң кала турган мындан чоң иштерди көрсөтөт.

21 Анткени Атасы өлгөндөрдү тирилтип, аларга өмүр бергендей эле, Уулу да каалаган адамына өмүр берет.

22 Анткени Атасы эч кимди соттобойт. Ал соттун бүт бийлигин Уулуна берген.

23 Ал аны Өзүн урматташкандай эле, Уулун да баары урматташы үчүн берген. Уулун урматтабаган адам Аны жиберген Атасын да урматтабайт.

24 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү угуп, Мени жиберген Кудайга ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал соттолбойт, анткени өлүмдөн өмүргө өттү.

25 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, өлгөндөр Кудайдын Уулунун үнүн угуп тирилер убакыт келет, ал тургай, келип да калды.

26 Анткени Атанын Өзүндө өмүр бар болгон сыяктуу эле, Уулунда да Атасы берген өмүр бар.

27 Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да берди. Анткени Ал – Адам Уулу.

Тирилүү жөнүндө

28 Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет.

29 Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат: жакшылык кылгандар өмүргө ээ болуу үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет.

30 Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Атам Мага кандай айтса, ошондой соттойм. Менин сотум адилет, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарам.

Ыйса жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр

31 Эгерде Мен Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам, анда Менин күбөлөндүрүүм чындык эмес.

32 Мен жөнүндө күбөлөндүргөн башка бирөө бар. Мен Анын күбөлөндүрүүсүнүн чындык экенин билем.

33 Жаканга киши жибердиңер эле, ал чындык жөнүндө күбөлөндүрдү.

34 Дегинкиси, Мен адамдын күбөлөндүрүүсүн кабыл албайм, бирок муну силердин куткарылып калышыңар үчүн айтып жатам.

35 Жакан жарык чачып, жанып турган чырак эле, силер болсо анын жарыгы менен бир аз убакыт кубангыңар келди.

36 Бирок Менде Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери – Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт.

37 Мени жиберген Атам Өзү да Мен жөнүндө күбөлөндүрдү. Силер эч качан Анын үнүн уккан эмессиңер, жүзүн да көргөн эмессиңер.

38 Анын сөзү силердин жүрөгүңөрдөн орун алган эмес. Анткени Ал жиберген Мага ишенбей жатасыңар.

39 Силер Ыйык Жазууну изилдеп жатасыңар, анткени ал аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар. Ыйык Жазуу болсо Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.

40 Бирок силер өмүргө ээ болуу үчүн, Мага келүүнү каалабайсыңар.

41 Адамдардан даңк кабыл албайм.

42 Бирок Мен силерди билем: жүрөгүңөрдө Кудайга болгон сүйүү жок.

43 Мен Атамдын атынан келдим, бирок Мени кабыл албай жатасыңар. Эгерде башка бирөө өз атынан келсе, аны кабыл аласыңар.

44 Жалгыз Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-бириңерден даңктоо кабыл алып жатсаңар, кантип ишене аласыңар?

45 Мени Атасынын алдында айыптайт деп ойлобогула. Айыптоочуңар бар: ал – өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса.

46 Эгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен.

47 Эгерде анын жазгандарына ишенбей жатсаңар, Менин сөздөрүмө кантип ишенесиңер?»

6-БӨЛҮМ

Беш миң адамды тойгузуу

1 Андан кийин Ыйса Галилея көлүнүн наркы өйүзүнө кетти.

2 Аны көп эл ээрчип алды, анткени алар Анын оорулууларды айыктырганын көрүшкөн эле.

3 Ыйса шакирттери менен тоого чыгып отурду.

4 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калган эле.

5 Ыйса Өзүн көздөй келе жаткан көп элди көрүп, Филипке: «Элди тойгузуу үчүн, нанды кайдан сатып алабыз?» – деди.

6 Ал бул сөздү аны сыноо үчүн айтты. Өзү болсо эмне кылуу керектигин билген.

7 Филип Ага: «Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга эки жүз динарийге келе турган нан жетпейт», – деп жооп берди.

8 Ошондо шакирттеринин бири Шымон Петирдин иниси Андрей Ыйсага мындай деди:

9 «Ушул жердеги бир балада беш арпа нан жана эки кичинекей балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге эмне болмок эле?»

10 Ыйса аларга: «Элди жерге отургузгула», – деди. Ошол жер шиберлүү эле. Аялдар менен балдарды эсептебегенде, ал жерге беш миңге жакын киши отурду.

11 Ыйса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, шакирттерине берди. Алар отургандарга таратышты. Балыктан да алардын каалашынча беришти.

12 Эл тойгондон кийин, Ал шакирттерине: «Ысырап болбошу үчүн, арткан нанды жыйнап алгыла», – деди.

13 Алар эл жеген беш арпа нандын артканын жыйнашканда, он эки себет толду.

14 Ошондо Ыйса жасаган кереметти көргөн адамдар: «Дүйнөгө келе турган Пайгамбар ушул», – дешти.

Ыйсанын көлдүн үстүнөн басышы

15 Алар Ыйсаны кармап алып, падыша шайламакчы болуп жатышты. Ыйса алардын бул оюн билип, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.

16 Кеч киргенде, Анын шакирттери көлгө барып,

17 бир кайыкка түшүштү да, көлдүн наркы өйүзүнө, Капернаумга бет алышты. Караңгы кирип калган эле, Ыйса болсо аларга келе элек болчу.

18 Катуу шамал болуп, көл толкуй баштады.

19 Алар жыйырма беш-отуз стадий сүзүшкөндөн кийин, көлдүн үстүндө кайыкты көздөй басып келе жаткан Ыйсаны көрүп коркуп кетишти.

20 Ыйса аларга: «Коркпогула, бул Менмин!» – деди.

21 Алар Ыйсаны кайыкка түшүрүп алмакчы болушту. Бирок кайык ошол замат алар бет алган жээкке жетип калды.

Ыйса – өмүр берүүчү нан

22 Көлдүн наркы өйүзүндө калган эл кийинки күнү жээкте шакирттер түшкөн кайыктан башка кайык болбогонун, Ыйсанын алардын кайыгына түшпөгөнүн, шакирттер өздөрү гана сүзүп кетишкенин эстешти.

23 Ошол арада эл нан жеген жерден алыс эмес жерге Тибериядан башка кайыктар келип жатты. Теңир нан үчүн ыраазычылык билдиргенден кийин, ошол жерде эл нан жеген эле.

24 Ал жерде Ыйса да, шакирттери да жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп Капернаумга келди.

25 Алар Ыйсаны көлдүн берки өйүзүнөн табышты да: «Устат, бул жерге качан келдиң?» – деп сурашты.

26 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, керемет көргөнүңөр үчүн эмес, нан жеп тойгонуңар үчүн, Мени издеп жүрөсүңөр.

27 Күнүмдүк тамак үчүн эмес, түбөлүктүү тамак үчүн аракеттенгиле. Аны силерге Адам Уулу берет. Анткени Кудай Ата Ага Өз мөөрүн баскан».

28 Ошондо алар Ыйсадан: «Кудайдын иштерин аткарыш үчүн, эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты.

29 Ыйса аларга: «Ал Кимди жиберсе, Ошого ишенгиле. Кудайдын иши – мына ушул», – деп жооп берди.

30 Ошондо алар Ыйсага мындай дешти: «Кандай керемет көрсөтөсүң? Биз көрүп, Сага ишенип калалы. Кана, эмне кыласың?

31 Ыйык Жазууда: “Кудай аларга асман нанын берди”, – деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен».

32 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, нанды силерге Муса берген эмес, Атам силерге асман нанын, чыныгы нанды берет.

33 Анткени Кудайдын наны асмандан түшүп, адамзатка өмүр берет».

34 Ошондо алар Ага: «Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип турчу!» – дешти.

35 Ыйса аларга мындай деди: «Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт.

36 Бирок Мен силерге айтканымдай эле, Мени көрсөңөр да, ишенбей жатасыңар.

37 Атам бергендердин баары Мага келет. Мага келген адамды Мен кубалабайм.

38 Анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм.

39 Мени жиберген Атамдын каалоосу мындай: Ал бергендердин эч кимисин жоготпой, баарын тең акыркы күнү тирилтүүм керек.

40 Атамдын каалоосу – Уулун көргөн, Уулуна ишенген ар бир адамдын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аны акыркы күнү тирилтем».

41 Ыйсанын: «Асмандан түшкөн нан Менмин», – дегенине жүйүттөр мындай деп күңкүлдөй башташты:

42 «Мына бул Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Биз Мунун ата-энесин билебиз да! Анан Бул кандайча: “Асмандан түштүм”, – деп жатат?»

43 Ыйса аларга мындай деди: «Күңкүлдөбөгүлө.

44 Мени жиберген Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем.

45 “Пайгамбарлар” китебинде: “Алардын бардыгын Кудай үйрөтөт”, – деп жазылган. Атадан угуп үйрөнгөн ар бир адам Мага келет.

46 Бул кимдир бирөө Атаны көргөн дегенди билдирбейт. Атаны Кудайдан келген Бирөө гана көргөн.

47 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ.

48 Мен өмүр берүүчү нанмын.

49 Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешти, өлүштү.

50 Ал эми асмандан түшкөн нанды жеген адам өлбөйт.

51 Мен асмандан түшкөн тирүү нанмын. Бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт. Мен бере турган нан – бул Менин Денем. Мен аны адамзаттын өмүрү үчүн берем».

52 Ошондо жүйүттөр: «Кантип Ал бизге Өз Денесин жегенге бермек эле?» – деп, өз ара талаша башташты.

53 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар.

54 Ким Менин Денемди жеп, Канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ, Мен аны акыркы күнү тирилтем.

55 Анткени Менин Денем – чыныгы азык, Каным – чыныгы суусундук.

56 Денемди жеп, Канымды ичкен адам Менин ичимде болот, Мен анын ичинде болом.

57 Тирүү Атам Мени жиберип, Мен Ал аркылуу жашап жаткандай эле, Менин Денемди жеген адам Мен аркылуу жашайт.

58 Асмандан түшкөн бул нан ата-бабаларыңар жеген маннадай эмес, манна жеген алар өлүштү. Ал эми бул нанды жеген адам түбөлүк жашайт».

59 Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада элди окутуп жатканда айтты.

Ыйсаны ээрчүүдөн баш тарткан шакирттер

60 Шакирттеринин бир тобу муну укканда: «Катуу айтылган сөздөр экен, муну ким угуп тура алат? » – дешти.

61 Шакирттеринин ушул тууралуу нааразылык билдиргенин билген Ыйса аларга мындай деди: «Ушул сөз силердин кыжырыңарды келтирип жатабы?

62 Адам Уулунун мурун болгон жерине көтөрүлүп бара жатканын көргөндө кантесиңер?

63 Рух өмүр берет, дене эч кандай пайда келтирбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүм – рух жана өмүр.

64 Бирок араңарда ишенбегендер да бар». Кимдер ишенбей коёрун, кимдин чыккынчылык кыларын Ыйса алдын ала эле билген.

65 Анан Ал дагы мындай деди: «“Атам чакырбаса, Мага эч ким келе албайт”, – деп, Мен ошон үчүн айткам».

66 Ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышты.

Петирдин Ыйсаны Теңир катары таанышы. Жүйүт – чыккынчы

67 Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» – деп сурады.

68 Шымон Петир мындай деп жооп берди: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде.

69 Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык».

70 Ыйса аларга: «Ушул он экиңди Мен тандап алган эмес белем? Бирок араңардагы бирөө – шайтан», – деди.

71 Ал Шымондун уулу Жүйүт Искариот жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.

7-БӨЛҮМ

Бир туугандарынын Ыйсаны майрамга чакырышы

1 Андан кийин Ыйса Галилея аймагын аралап жүрдү. Ал Жүйүт аймагында жүргүсү келген жок, анткени жүйүттөр Аны өлтүрмөкчү болуп жатышкан эле.

2 Жүйүттөрдүн «Алачык майрамы» жакындап калган.

3 Ошондо бир туугандары Ыйсага: «Бул жерден чыгып, Жүйүт аймагына бар, кылып жаткан иштериңди шакирттериң да көрүшсүн.

4 Анткени белгилүү болгусу келген адам иштерин жашырбайт. Ушундай иштерди кылып жаткандан кийин, Өзүңдү дүйнөгө көрсөт», – дешти.

5 Анткени бир туугандары да Ага ишенишчү эмес.

6 Ыйса аларга мындай деди: «Менин убагым келе элек. Ал эми силер үчүн бардык учурда боло берет.

7 Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Анткени Мен анын иштеринин жаман экендигин күбөлөндүрүп жатам.

8 Силер майрамга бара бергиле! Мен азырынча бул майрамга барбайм, анткени Менин убагым келе элек».

9 Ал ушуну айтып, Галилеяда калып калды.

Ыйсанын майрамга жөнөшү

10 Бир туугандары кеткенден кийин, Ыйса да майрамга жашыруун жөнөдү.

11 Жүйүттөр болсо: «Ал кайда?» – деп, майрам убагында Ыйсаны издей башташты.

12 Элдин арасында Ал жөнүндө ар кандай сөз жүрүп жатты. Бирөөлөр Аны: «Жакшы», – десе, бирөөлөр: «Жок, Ал элди адаштырып жатат», – деп жатышты.

13 Бирок жүйүттөрдөн коркушкандыктан, Ал тууралуу ачык айта алышкан жок.

Ыйса майрамда

14 Майрамдын ортосунда Ыйса ийбадатканага келип, элди окута баштады.

15 «Бул окубаса деле Ыйык Жазууну кайдан билет?» – деп, жүйүттөр таң калышты.

16 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы.

17 Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам, бул окутуу Кудайданбы же Мен Өз атымдан сүйлөп жатамбы, билип алат.

18 Өз атынан сүйлөгөн өзүнүн даңкталышын каалайт. Ал эми Ким Өзүн Жибергендин даңкталышын кааласа, Ал – чындык, Анда адилетсиздик жок.

19 Муса силерге мыйзам берген, бирок бириңер да аны аткарбайсыңар. Мени эмне үчүн өлтүргөнү жатасыңар?»

20 Ошондо эл Ага: «Сенин ичиңде жин бар. Ким Сени өлтүрөм деп жатат?» – деди.

21 Ыйса мындай деп сөзүн улантты: «Ишемби күнү оорулууну айыктырганыма баарыңар таң калып жатасыңар.

22 Муса силерге сүннөткө отургузуу мыйзамын берген. (Чынында, бул мыйзам Мусадан мурун эле бар болчу, ал ата-бабалардан калган.) Силер болсо ишемби күнү сүннөткө отургузуп жатасыңар.

23 Мусанын мыйзамын бузбайлы деп, ишемби күнү деле сүннөткө отургузуп жатпайсыңарбы. Анан ишемби күнү бир адамды толук айыктырып койгондугум үчүн, Мага эмнеге ачууланып жатасыңар?

24 Сырткы көрүнүшү боюнча соттобогула, сотуңар адил болсун».

25 Ошондо иерусалимдиктердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: «Өлтүрөбүз деп издеп жатышканы Ушул эмеспи?

26 Карасаңар, Ал ачык эле айтып жатат, бирок Ага эч ким эч нерсе деген жок! Же башчылар да Аны Машайак деп, ынанып калышканбы?

27 Бирок биз Анын кайсы жерден экенин билебиз. Ал эми Машайак келгенде, Анын кайсы жерден экенин эч ким билбейт».

28 Ошондо ийбадатканада элди окутуп жаткан Ыйса үнүн катуу чыгарып, мындай деди: «Ооба, силер Мени билесиңер, Менин кайсы жерден экенимди да билесиңер. Бирок Мен Өз атымдан келген жокмун. Мени жиберген Кудай – чындык, силер Аны билбейсиңер.

29 Мен Аны билемин, анткени Мен Анданмын, Мени Ал жиберген».

30 Ошондо Ыйсаны кармоого аракеттеништи. Бирок Ага эч кимиси кол көтөргөн жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

31 Бирок элдин көбү: «Машайак келгенде, эмне, Бул көрсөткөн кереметтерден да көп керемет көрсөтөбү?» – деп, Ыйсага ишенип калышты.

32 Эл арасында Ал жөнүндө айтылып жаткан ушундай сөздөр фарисейлерге жетти. Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө кызматчыларын жиберишти.

33 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Дагы бир аз убакыт араңарда болом, андан кийин Мени Жибергенге барам.

34 Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар. Мен болгон жерге силер келе албайсыңар».

35 Ошондо жүйүттөр өз ара мындай деп сүйлөшө башташты: «Биз таба албагыдай, Ал кайда барат? Эллиндердин өлкөсүнө чачырап кеткен жүйүттөргө барып, эллиндерди окутабы?

36 “Мени издейсиңер, бирок таппайсыңар”, “Мен болгон жерге силер келе албайсыңар”, – дегени эмнеси?»

Ыйсанын Ыйык Рухтун күчү жөнүндө айткан сөзү

37 Майрамдын акыркы – эң улуу күнү Ыйса эл алдында туруп, бийик үн менен мындай деди: «Ким суусаса, Мага келсин жана ичсин.

38 Ыйык Жазууда айтылгандай, Мага ишенген адамдын ичинен тирүү суу чыгат».

39 Ыйса бул сөз аркылуу Өзүнө ишенгендер ала турган Ыйык Рух жөнүндө айтты. Ыйса даңктала элек болгондуктан, Рух бериле элек болчу.

Ыйса жөнүндөгү ар кандай ойлор

40 Бул сөздөрдү уккан кээ бирөөлөр: «Чын эле, бул – Пайгамбар», – дешсе,

41 кээ бирөөлөр: «Бул – Машайак», – дешти. Дагы бирөөлөр: «Жок! Машайак Галилеядан келмек беле?

42 Ыйык Жазууда: “Машайак Дөөттүн тукумунан, Дөөттүн шаарчасы Бейт-Лехемден келет”, – деп айтылган жок беле?» – дешти.

43 Ошондо эл арасында Ыйса тууралуу талаш-тартыш чыкты.

44 Кээ бирөөлөр Аны кармоого аракеттеништи, бирок Ага эч кимиси кол көтөргөн жок.

45 Кайтып келишкен кызматчылардан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер: «Эмне үчүн Аны алып келген жоксуңар?» – деп сурашты.

46 Кызматчылар болсо: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес», – деп жооп беришти.

47 Ошондо фарисейлер аларга мындай дешти: «Эмне, силер да алданып калдыңарбы?

48 Башкаруучулардан же фарисейлерден Ага ким ишенди?!

49 Мыйзамды билбеген бул караңгы эл каргышка калсын!»

50 Алардын бири, мурун Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим, аларга мындай деди:

51 «Эмне кылганын адамдын өз оозунан угуп териштирбей туруп, биздин мыйзам боюнча өкүм чыгарууга болобу?»

52 Ошондо ага: «Эмне, сен да Галилеядансыңбы? Изилдеп көр, Галилеядан пайгамбар чыкпай тургандыгын ошондо билесиң», – деп жооп беришти.

53 Андан кийин баары тең үйлөрүнө тарап кетишти.

8-БӨЛҮМ

Ыйсанын күнөөкөр аялды кечирүүсү

1 Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.

2 Эртең менен кайра ийбадатканага келди. Бүт эл Анын жанына чогулду. Ыйса отуруп алып, аларды окутту.

3 Ошол учурда мыйзам окутуучулар менен фарисейлер ойноштук кылып кармалган бир аялды Ыйсага алып келип, ортого тургузушту да, мындай дешти:

4 «Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!

5 Тооратта Муса бизге мындайларды таш бараңга алууну осуят кылган. Ал эми Сен эмне дейсиң?»

6 Ыйсаны айыптоого шылтоо табыш үчүн, муну алар сынап сурашты. Бирок Ыйса аларга көңүл бөлбөстөн, эңкейип, жерге сөөмөйү менен бир нерсени жаза баштады.

7 Алар кайра-кайра сурай беришкендиктен, башын көтөрүп: «Араңарда ким күнөөсүз болсо, ошол адам аялга биринчи болуп таш ыргытсын», – деди да,

8 кайра эңкейип, жазганын улантты.

9 Муну укканда, аларды абийири ашкерелеп, адегенде башчылары, андан кийин калгандары, биринин артынан бири кете башташты. Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды.

10 Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка эч ким жок экенин көрдү да: «Аял, сени айыптагандар кайда? Эч ким сени айыптаган жокпу?» – деди.

11 Аял Ага: «Эч ким, Теңир», – деп жооп берди. «Мен да сени айыптабайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба», – деди Ыйса.

Ыйса – дүйнөнүн жарыгы

12 Ыйса аларга дагы мындай деп сүйлөдү: «Мен дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрбөй, өмүр жарыгына ээ болот».

13 Ошондо фарисейлер Ага: «Сен Өзүң жөнүндө Өзүң күбөлөндүрүп жатасың. Сенин күбөлөндүрүүң чындык эмес», – дешти.

14 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, Менин күбөлөндүрүүм чындык. Анткени Мен Өзүмдүн кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди, кайда барарымды билбейсиңер.

15 Силер сырткы көрүнүшү боюнча соттойсуңар. Мен болсо эч кимди соттобойм.

16 Мен соттосом да, Менин сотум туура. Анткени Мен жалгыз эмесмин, Мени жиберген Атам менен биргемин.

17 Силердин мыйзамыңарда да: “Эки адамдын күбөлөндүрүүсү чындык”, – деп жазылып турат.

18 Өзүм жөнүндө Өзүм күбөлөндүрөм, Мен жөнүндө Мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт».

19 Ошондо алар Андан: «Сенин Атаң кайда?» – деп сурашты. Ыйса: «Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер. Эгерде Мени билсеңер, анда Менин Атамды да билмексиңер», – деп жооп берди.

20 Ыйса бул сөздөрдү ийбадатканада окутуп жатканда, курмандыктар салына турган кутунун жанында туруп сүйлөдү. Бирок Аны эч ким кармап кеткен жок, анткени Анын убагы келе элек болчу.

Ыйсанын Атасына кете тургандыгын күбөлөндүрүшү

21 Ыйса аларга дагы: «Мен кетем, Мени издейсиңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен барган жерге силер бара албайсыңар», – деди.

22 Ошондо жүйүттөр: «“Мен барган жерге силер бара албайсыңар”, – дейт, эмне, Ал Өзүн Өзү өлтүрөбү?» – дешти.

23 Ыйса аларга: «Силер төмөн жактансыңар, Мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, Мен бул дүйнөдөн эмесмин.

24 Ошондуктан Мен силерге күнөөкөр бойдон өлөсүңөр дедим. Бул Мен экениме ишенбесеңер, күнөөкөр бойдон өлөсүңөр», – деди.

25 Ошондо алар Андан: «Сен кимсиң?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «Силерге башынан бери эле айтып келе жатканымдай, Мен Ошолмун.

26 Силер жөнүндө айтып, айыптай турган себептерим көп. Бирок Мени Жиберген – чындык. Мен дүйнөгө Андан укканымды айтып жатам», – деп жооп берди.

27 Алар Ыйсанын Атасы жөнүндө айтып жатканын түшүнүшкөн жок.

28 Ошондуктан Ыйса мындай деди: «Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, Менин ким экендигимди, Өз атымдан эч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөй тургандыгымды билесиңер.

29 Мени Жиберген Мени менен бирге, Атам Мени жалгыз калтырган жок. Анткени Мен ар дайым Ага жакканды кылам».

30 Ушул сөздөрдү айтканда, Ага көптөр ишенип калышты.

Чыныгы эркиндик

31 Ыйса Өзүнө ишенип калган жүйүттөргө мындай деди: «Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер.

32 Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат».

33 Алар Ага: «Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, “эркин болосуңар” дегениң кандай?» – дешти.

34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган адам – күнөөнүн кулу.

35 Бирок кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул калат.

36 Эгерде силерди Уул эркин кылса, анда чындап эркин болосуңар.

Чындыктын душмандары

37 Ыбрайымдын урпактары экениңерди билем. Ошондой болсо да Мени өлтүргүңөр келет, анткени Менин сөзүмө жүрөгүңөрдө орун жок.

38 Атамдан эмнени көрсөм, Мен ошону айтып жатам. Силер болсо атаңардан эмнени көрсөңөр, ошону кылып жатасыңар».

39 Ошондо алар ага: «Биздин атабыз – Ыбрайым», – деп жооп беришти. Ыйса аларга: «Эгерде силер Ыбрайымдын уулдары болсоңор, анда Ыбрайым кылгандай иштерди кылат элеңер.

40 Бирок азыр Мени – Кудайдан уккан чындыкты силерге айткан Адамды өлтүргүңөр келет. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.

41 Силер өз атаңардын кылганын кылып жатасыңар», – деди. Ошондо алар Ага: «Биз ойноштон туулган эмеспиз. Биздин бир эле Атабыз бар, Ал – Кудай», – дешти.

42 Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде Атаңар Кудай болсо, анда Мени жакшы көрмөксүңөр. Анткени Мен Кудайдан келдим. Өз атымдан келген жокмун, Мени Ал жиберди.

43 Менин сөздөрүмдү эмнеге түшүнбөйсүңөр? Анткени Менин сөздөрүмдү уга албайсыңар.

44 Силердин атаңар – шайтан, силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.

45 Бирок Мен чындыкты айткандыктан, силер Мага ишенбей жатасыңар.

Ыйсанын Өзү жөнүндө жана Ыбрайым жөнүндө айтканы

46 “Күнөөң бар”, – деп, Мени кимиңер айыптай аласыңар? Эгерде Мен чындыкты айтып жатсам, анда эмне үчүн Мага ишенбейсиңер?

47 Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпайсыңар».

48 Буга жүйүттөр: «“Самариялыксың, Сенин ичиңде жин бар”, – деп, туура айткан экенбиз!» – деп жооп беришти.

49 Ыйса аларга: «Менин ичимде жин жок. Мен Атамды урматтайм, силер болсо Мени кордоп жатасыңар.

50 Дегинкиси, Мен Өзүмө даңк издебейм, бирок издей турган жана соттой турган Бирөө бар.

51 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт», – деди.

52 Ошондо жүйүттөр Ага мындай дешти: «Ичиңде жин бар экенине чындап көзүбүз жетти. Ыбрайым өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен болсо: “Менин сөзүмдү аткарган адам эч качан өлбөйт”, – дейсиң!

53 Сен, эмне, атабыз Ыбрайымдан да чоңсуңбу? Ал өлгөн, пайгамбарлар да өлүшкөн. Сен Өзүңдү ким деп эсептеп жатасың?»

54 Ыйса мындай деп жооп берди: «Эгерде Мен Өзүмдү Өзүм даңктап жатсам, анда Менин даңкым эч нерсеге турбайт. Мени Атам даңктайт, силер Аны “биздин Кудайыбыз” дейсиңер.

55 Силер Аны билбейсиңер, Мен болсо билем. Эгерде билбейм десем, анда силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен Аны билем жана Анын сөздөрүн сактайм.

56 Атаңар Ыбрайым Менин күнүмдү көрөм деп кубанган жана көрүп кубанды».

57 Ошондо жүйүттөр Ага: «Өзүң элүү жашка чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүңбү?» – дешти.

58 Ыйса аларга: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен Ыбрайымдан мурун эле бар болчумун», – деди.

59 Ошондо алар Ыйсаны уруш үчүн, жерден таш алышты. Бирок Ал жашырынып, ийбадатканадан чыгып кетти. Аларды аралап өтүп, кетип калды.

9-БӨЛҮМ

Тубаса сокур адамдын айыгуусу

1 Ыйса кетип бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү.

2 Шакирттери Андан: «Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлүшүнө кимдин күнөөсү себеп болду: өзүнүкүбү же ата-энесиникиби?» – деп сурашты.

3 Ыйса мындай деп жооп берди: «Өзүнүкү да, ата-энесиники да себеп болгон жок. Анын жашоосунда Кудайдын кудурети көрсөтүлүшү үчүн ушундай болду.

4 Күндүз Мени Жибергендин иштерин кылышым керек. Түн келет, ошондо эч ким эч нерсе кыла албай калат.

5 Мен бул дүйнөдө болуп турганда, дүйнөнүн жарыгымын».

6 Ушул сөздү айткандан кийин, Ал жерге түкүрүп, топурактан ылай жасады да, аны сокур адамдын көзүнө сүйкөп, мындай деди:

7 «Силоом (бул сөз “Жиберилген” деп которулат) көлмөсүнө барып жуун!» Ал барып жуунганда, көзү ачылды. Ал кайтып келгенде,

8 коңшулары жана анын мурун сокур экенин көргөндөр: «Бул киши ушу жерде кайыр сурап отурган киши эмеспи?» – деп жатышты.

9 Бирөөлөрү: «Ошол» дешсе, бирөөлөрү: «Жок, бул ошого окшош экен», – дешти. Өзү болсо: «Ошол менмин», – деди.

10 Ошондо алар андан: «Көздөрүң кантип ачылды?» – деп сурашты.

11 Ал мындай деп жооп берди: «Ыйса деген Киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: “Силоом көлмөсүнө барып жуун!” – деди. Мен барып жуундум, ошондо көздөрүм ачылды».

12 Алар андан: «Ал кайда?» – деп сурашты. «Билбейм», – деп жооп берди ал.

13 Ошондо алар мурун сокур болгон бул кишини фарисейлердин алдына алып барышты.

14 Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн ишемби күн болчу.

15 Фарисейлер да ал кишиден көзүнүн кантип көрүп калганын сурашты. «Ал көзүмө ылай сүйкөдү, анан мен жуундум, азыр көзүм көрүп жатат», – деп жооп берди ал.

16 Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: «Ал Адам Кудайдан эмес. Анткени ишемби күнүн сактабайт экен», – дешсе, кээ бирөөлөрү: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?» – дешти. Ошентип, алардын арасында талаш чыгып кетти.

17 Анан алар сокур адамдан: «Ал сенин көзүңдү ачпадыбы, Ал тууралуу сен эмне дейсиң?» – деп, дагы сурашты. Ошондо ал: «Ал – пайгамбар», – деп жооп берди.

18 Бирок жүйүттөр көзү ачылган кишинин мурда сокур экенине, азыр көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртып келмейинче ишенишкен жок.

19 Алардан: «Сокур болуп төрөлгөн балаңар ушулбу? Азыр ал кандайча көрүп калды?» – деп сурашты.

20 Ата-энеси аларга: «Бул биздин балабыз, анын сокур болуп төрөлгөнү чын.

21 Бирок азыр анын көзү кандайча көрүп калгандыгын билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Бала эмес го, өзүнөн сурагыла, өзү айтып берсин», – деп жооп берди.

22 Ата-энеси жүйүттөрдөн корккондуктан, ушинтип жооп берди. Анткени жүйүттөр «Ким Аны Машайак деп кабыл ала турган болсо, ал синагогадан чыгарылсын» деген чечим чыгарып коюшкан эле.

23 Ошондуктан ата-энеси: «Бала эмес го, өзүнөн сурагыла», – деген эле.

24 Ошондо фарисейлер мурун сокур болгон кишини экинчи ирет чакырышты да: «Кудай алдында чыныңды айт, биз ал Адамдын күнөөкөр экендигин билебиз», – дешти.

25 Ал мындай деп жооп берди: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мен сокур болчумун, азыр көзүм көрүп калды».

26 «Ал сага эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» – деп, алар дагы сурашты.

27 «Айтып эле жатпаймынбы, өзүңөр укпай жатасыңар го. Дагы эмнени уккуңар келет? Же силер да Анын шакирти болгуңар келип жатабы?» – деп жооп берди ал.

28 «Анын шакирти сенсиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз», – деп, фарисейлер аны жекиришти да:

29 «Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн билебиз, ал эми Жанагынын кайдан келгенин билбейбиз», – дешти.

30 Ошондо көзү көрүп калган адам аларга мындай деп жооп берди: «Анын кайдан келгенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү ачпадыбы.

31 Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай тургандыгын билебиз. Бирок ким Кудайдан коркуп, Анын эркин аткарса, Кудай аны угат.

32 Бирөө тубаса сокурдун көзүн ачты дегенди эч ким эч качан уккан эмес.

33 Эгерде Ал Адам Кудайдан болбосо, мындай ишти кыла алмак эмес».

34 Ошондо алар: «Күнөөкөр болуп төрөлгөн сен бизди окуткуң барбы?» – деп, аны ийбадатканадан кууп чыгышты.

35 Аны ийбадатканадан кууп чыгышканын Ыйса укканда, аны таап: «Сен Кудайдын Уулуна ишенесиңби?» – деп сурады.

36 Ал Ага: «Мырза, Ал Ким? Мен Ага ишенейин», – деди.

37 Ыйса ага: «Сен Аны көрдүң. Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат», – деди.

38 Ошондо ал: «Ишенем, Теңир!» – деп, Ага таазим кылды.

39 Анан Ыйса: «Мен бул дүйнөгө көзү көрбөгөндөр көрсүн, көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келгем», – деди.

40 Анын жанында турган кээ бир фарисейлер муну укканда: «Эмне, биз да сокурбузбу?» – дешти.

41 Ыйса аларга мындай деди: «Эгерде сокур болсоңор, анда мойнуңарда күнөө жок болмок. Бирок көзүбүз көрөт деп жатканыңар үчүн, күнөөңөр мойнуңарда калат.

10-БӨЛҮМ

Койчу жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким кой короого эшиктен кирбей, башка жагынан кирсе, ал – ууру жана каракчы.

2 Ал эми ким эшиктен кирсе, ал – койчу.

3 Кароолчу ага эшикти ачып берет. Койлор анын үнүн угушат, ал өзүнүн койлорун атынан чакырат, аларды тышка чыгарат.

4 Ал өзүнүн койлорун тышка чыгаргандан кийин, алардын алдында басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат.

5 Чоочун кишини ээрчишпейт, андан качышат, анткени анын үнүн таанышпайт».

6 Ыйса айтып берген бул үлгү-насаат аңгеменин маанисин алар түшүнүшкөн жок.

Ыйса – койлор кире турган эшик

7 Ошондо Ыйса аларга дагы мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен койлор кире турган эшикмин.

8 Менден мурун келгендердин баары – ууру жана каракчы. Бирок койлор аларды угушкан жок.

9 Мен эшикмин. Ким Мен аркылуу кирсе, ал куткарылат. Кирет, чыгат жана жайыт табат.

10 Ууру уурдоо, өлтүрүү жана жок кылуу үчүн гана келет. Мен адамдардын өмүргө, ашып-ташыган өмүргө ээ болушу үчүн келдим.

Ыйса – жакшы Кайтаруучу

11 Мен жакшы Кайтаруучумун. Жакшы кайтаруучу койлору үчүн өз жанын берет.

12 Жалчы болсо койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, койлорду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, аларды туш тарапка чачыратат.

13 Жалчы болсо качып кетет, анткени ал – жалчы, койлорго кайдыгер мамиле кылат.

14 Мен жакшы Кайтаруучумун. Мен Өзүмдүн койлорумду билем,

15 Атам Мени, Мен Атамды билгендей эле, койлорум да Мени билет. Койлорум үчүн Мен Өз жанымды берем.

16 Менин бул короодогу койлордон башка да койлорум бар. Мен аларды да алып келүүм керек. Алар да Менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо кой, бир койчу болот.

17 Мен Өз жанымды беремин, ошон үчүн Атам Мени жакшы көрөт. Мен Өз жанымды кайра алуу үчүн беремин.

18 Менден аны эч ким тартып албайт, Мен аны Өзүм берем. Аны берүүгө жана кайра алууга бийлигим бар. Бул осуятты Мен Атамдан алгам».

19 Ушул сөздөн улам жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыкты.

20 Алардын көпчүлүгү: «Анын ичинде жин бар, акылы ордунда эмес, Аны эмнеге угуп жатасыңар?» – дешти.

21 Кээ бирөөлөрү: «Бул жин тийген адамдын сөзү эмес! Жин сокурлардын көзүн ача алмак беле?» – дешти.

Ыйса Иерусалимдеги майрамда

22 Ошол убакта Иерусалимде ийбадаткананы ыйыктоо майрамы болуп жаткан. Кыш мезгили эле.

23 Ыйса ийбадаткананын чыгыш тарабындагы Сулайман үйүнүн кире беришинде басып жүргөндө,

24 жүйүттөр Аны курчап алып: «Качанкыга чейин башыбызды маң кыласың? Машайак болсоң, айтпайсыңбы ачыгын!» – дешти.

25 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мен силерге айттым, бирок силер ишенбей жатасыңар. Атамдын атынан кылып жаткан иштерим Мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатпайбы.

26 Бирок силер ишенбей жатасыңар, анткени Менин койлорум эмессиңер. Мен муну силерге айткам.

27 Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет.

28 Мен аларга түбөлүк өмүр берем, алар эч качан өлүшпөйт. Аларды Менин колумдан эч ким тартып ала албайт.

29 Аларды Мага берген Атам баарынан чоң. Аларды Атамдын колунан эч ким тартып ала албайт.

30 Мен жана Атам бирбиз».

31 Ошондо Аны таш бараңга алуу үчүн, жүйүттөр бул жолу да жерден таш алышты.

32 Ыйса аларга: «Мен силердин көз алдыңарда Атамдын атынан көп жакшы иштерди кылдым. Алардын кайсынысы үчүн Мени таш бараңга алгыңар келип жатат?» – деди.

33 Жүйүттөр Ага: «Жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргендигиң үчүн, адам болуп туруп, Өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн, таш бараңга алганы жатабыз», – деп жооп беришти.

34 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Мыйзамыңарда: Мен силерге: “Силер кудайларсыңар”, – дедим», – деп жазылган эмеспи?

35 Кудайдын Сөзү кимдерге берилсе, ошолорду Ал кудайлар деп атап жатса (Ыйык Жазуу Өз күчүн жоготпойт),

36 Атам тарабынан дайындалып, бул дүйнөгө жиберилген Мен: “Кудайдын Уулумун”, – дегеним үчүн, “Кудайга акарат келтирип жатасың”, – дейсиңерби?

37 Эгерде Мен Атамдын иштерин кылбай жатсам, анда Мага ишенбей эле койгула.

38 Эгерде кылып жатсам, Мага ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле. Ошондо Атанын Менин ичимде, Мен Атанын ичинде экенимди билип, ишенип каласыңар».

39 Ошондо алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ал карматкан жок.

40 Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө – мурун Жакан элди сууга чөмүлдүрүп жүргөн жерге барып, ошол жерде калып калды.

41 Ага көп адамдар келишип: «Жакан эч кандай керемет көрсөткөн эмес, бирок анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен», – дешти.

42 Ошентип, ал жерден Ага көптөгөн адамдар ишенип калышты.

11-БӨЛҮМ

Лазардын тирилиши

1 Эже-сиңди Мариям менен Марта жашаган Бетания деген айылда Лазар деген бир адам ооруп жатты.

2 Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлаган, Анын бутун чачы менен аарчыган ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар анын бир тууганы эле.

3 «Теңир, жакшы көргөн адамың ооруп жатат», – деп, эже-сиңди Ыйсага айттырып жиберишти.

4 Ыйса муну укканда: «Ал бул оорудан өлбөйт, бул – Кудайдын даңкталышы үчүн жол берилген оору. Бул аркылуу Кудай Уулу даңкталат», – деди.

5 Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана Лазарды жакшы көрчү.

6 Ал Лазардын ооруп жатканын укса да, жүргөн жеринде дагы эки күн болду.

7 Андан кийин шакирттерине мындай деди: «Жүргүлө, Жүйүт аймагына кайра баралы».

8 Шакирттери Ага: «Устат, жүйүттөр жакында эле Сени таш бараңга алып өлтүргөнү жатышпады беле? Анан кайра ошол жакка барганы жатасыңбы?» – дешти.

9 Ыйса аларга: «Бир күндө он эки саат жарык болот эмеспи. Күндүз жүргөн адам мүдүрүлбөйт, анткени ал бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат.

10 Ал эми түн ичинде жүргөн адам мүдүрүлөт, анткени анын ичинде жарык жок», – деп жооп берди.

11 Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, аларга: «Досубуз Лазар уктап калды, бирок Мен барып, аны ойготом», – деди.

12 Шакирттери Ага: «Теңир! Уктап жатса, анда айыгат», – дешти.

13 Ыйса Лазардын өлүп калганы жөнүндө айткан эле, шакирттери болсо анын жөн эле уктап жатканы жөнүндө айтып жатат деп ойлошту.

14 Ошондо Ыйса ачык эле мындай деди: «Лазар өлүп калды.

15 Силер үчүн кубанып жатам. Силердин ишенип калышыңар үчүн, Менин ал жакта болбогонум жакшы болду. Жүргүлө, ага баралы».

16 Ошондо Эгиз деген да ысымы бар Томас башка шакирттерге: «Жүргүлө, биз да аны менен бирге өлөлү», – деди.

17 Ыйса келгенде, Лазардын көргө коюлганына төрт күн болгонун укту.

18 Бетания менен Иерусалимдин ортосундагы аралык болжол менен он беш стадий болгондуктан,

19 көптөгөн жүйүттөр Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен эле.

20 Марта Ыйсанын келе жатканын укканда, алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо үйдө калды.

21 Марта Ыйсага: «Теңир! Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес.

22 Бирок мен азыр да билем, Сен Кудайдан эмне сурасаң да, Кудай Сага берет», – деди.

23 Ыйса ага: «Бир тууганың тирилет», – деди.

24 Марта Ага: «Акыркы күнү, өлгөндөр тириле турган күнү тирилерин билем», – деди.

25 Ыйса ага мындай деди: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, тирилет.

26 Мага ишенип жашаган адам өлбөйт. Ушуга ишенесиңби?»

27 Марта Ага: «Ооба, Теңир. Дүйнөгө келе турган Кудай Уулу Машайак Сен экендигиңе ишенем», – деди.

28 Муну айткандан кийин, ал үйүнө барды да, сиңдиси Мариямды тымызын чакырып алып: «Устат бул жерде. Ал сени чакырып жатат», – деди.

29 Муну угары менен, Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү.

30 Ыйса айылга кире элек болчу, Ал Марта менен жолуккан жерде эле.

31 Мариямга көңүл айтканы келгендер анын үйдөн шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, «Бир тууганын жоктоп ыйлаш үчүн, мүрзөгө кетти го», – деп ойлоп, артынан кошо жөнөштү.

32 Мариям болсо Ыйса турган жерге келди да, Аны көргөндө, бутуна жыгылып: «Теңир, Сен бул жерде болгондо, бир тууганым өлмөк эмес», – деди.

33 Мариямдын жана аны менен келген жүйүттөрдүн ыйлаганын көргөн Ыйсанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздады.

34 «Аны кайсы жерге койдуңар?» – деп сурады Ыйса. «Теңир, келип, Өзүң көр», – деп жооп беришти алар.

35 Ыйса көзүнө жаш алды.

36 Ошондо жүйүттөр: «Карагылачы, Лазарды Ал кандай жакшы көрчү!» – дешти.

37 Кээ бирөөлөр болсо: «Бул сокурдун көзүн ачпады беле, анан ушуну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» – дешти.

38 Ыйса ичинен кайгырып, мүрзөгө басып келди. Ал оозу таш менен жабылган мүрзөлүк үңкүр эле.

39 «Ташты алып салгыла!» – деди Ыйса. Ошондо өлгөн Лазардын бир тууганы Марта Ага: «Теңир! Жыттанып кетти го, коюлганына төрт күн болуп калбадыбы», – деди.

40 Ошондо Ыйса ага: «Мен сага: “Эгерде ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң”, – деп айткан жок белем?», – деди.

41 Үңкүрдүн оозунан ташты алып салышкандан кийин, Ыйса асманды карап, мындай деди: «Ата, Мени уккандыгың үчүн, Сага ыраазымын.

42 Мени дайыма угарыңды билем. Бирок муну Мени Сен жибергениңе ушул жерде турган эл ишенсин деп айтып жатам».

43 Муну айткандан кийин, Ал бийик үн менен: «Лазар, чык!» – деди.

44 Ошондо колу-буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келди. Анын бети-башы да оролуу эле. Ыйса аларга: «Анын кепинин чечкиле, бассын», – деди.

45 Мариямга келген жүйүттөрдүн көпчүлүгү Ыйсанын кылган ишин көрүшкөндө, Ага ишенип калышты.

46 Ал эми кээ бирөөлөрү фарисейлерге барып, Ыйсанын эмне кылганын айтып беришти.

Башкы ыйык кызмат кылуучулардын чечими

47 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер жогорку кеңешти чакырып, мындай дешти: «Эмне кылсак? Бул Адам көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатат.

48 Эгерде Аны ушу бойдон тим койсок, баары Ага ишенип калат. Анан римдиктер келип, жерибизди да, элибизди да басып алышат».

49 Алардын бири, ошол жылга башкы ыйык кызмат кылуучу болуп шайланган Кайапа мындай деди: «Силер эч нерсени билбейсиңер.

50 Бүт эл жок болгондон көрө, эл үчүн бир адамдын өлгөнү силер үчүн жакшы болорун түшүнбөйсүңөр!»

51 Муну ал оюнан чыгарып айткан жок: ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айтты.

52 Ал бир улут үчүн гана эмес, Кудайдын чачырап кеткен балдарын чогултуу үчүн да өлүшү керек болчу.

53 Ошол күнү алар Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.

54 Ошондон кийин Ыйса жүйүттөрдүн арасында ачык жүрбөй калды. Ал чөлгө жакын жердеги Эпрайым деген шаарга кетти. Ал жерде шакирттери менен болду.

55 Жүйүттөрдүн Пасах майрамы жакындап калгандыктан, өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдында тазалануу үчүн, Иерусалимге келишти.

56 Алар Ыйсаны издешти. Ийбадатканада туруп алышып: «Кандай деп ойлойсуңар, Ал майрамга келет болду бекен?» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.

57 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер болсо Ыйсаны кармаш үчүн, «Ыйсанын кайда экенин ким билсе, кабарлап койсун!» деген буйрук беришти.

12-БӨЛҮМ

Мариямдын Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлашы

1 Пасах майрамына алты күн калганда, Ыйса Бетанияга келди. Бул жерде Ал тирилткен Лазар жашачу.

2 Ошол жерде Ага кечки тамак даярдашты. Марта кызмат кылып жүрдү. Лазар болсо Аны менен бирге бир дасторкондо отурду.

3 Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган жыпар жыттуу, таза майдан бир фунт алып келип, Ыйсанын бутуна куйду, анан Анын буттарын чачы менен сүрттү. Үйдүн ичи жыпар жыттуу май жыттанып калды.

4 Ыйсанын шакирттеринин бири, кийин Ага чыккынчылык кылган Шымон уулу Жүйүт Искариот мындай деди:

5 «Бул майды үч жүз динарийге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да».

6 Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу куту анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан уурдап алчу.

7 Ошондо Ыйса мындай деди: «Мариямды жайына койгула! Ал муну Менин көргө коюлар күнүмө сактап жүргөн.

8 Анткени Мен силердин жаныңарда дайыма эле боло бербейм, жакырлар болсо дайыма жаныңарда болот».

9 Жүйүттөрдүн көбү Ыйсанын Бетанияда экенин угушуп, Ыйсаны гана эмес, Ал тирилткен Лазарды да көрүү үчүн, Бетанияга келишти.

10 Башкы ыйык кызмат кылуучулар болсо Лазарды да өлтүрүү жөнүндө чечим чыгарышты.

11 Анткени аны көрүү үчүн келген жүйүттөрдүн көбү Ыйсага ишенип калышкан эле.

Ыйсанын Иерусалимге салтанат менен кириши

12 Кийинки күнү майрамга келген элдин көпчүлүгү Ыйсанын Иерусалимге келерин угушканда,

13 дарактардын бутактарын алып: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга, Ысрайыл элинин Падышасына даңк!» – деп, Аны кыйкырып тосуп чыгышты.

14 Ыйса бир кодикти таап минип алган эле. Бул жөнүндө Ыйык Жазууда:

15 «Коркпо, Сион кызы! Сенин Падышаң кодик минип келе жатат!» – деп жазылган.

16 Шакирттери муну адегенде түшүнүшкөн эмес. Бирок Ыйса даңкталгандан кийин, алар бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылгандыгын, Ага ошондой кылынгандыгын эстешти.

17 Ыйсанын жанында жүргөн эл Анын Лазарды мүрзөдөн чакырып, тирилткенин күбөлөндүрүп жатты.

18 Ошондуктан Ыйсанын бул кереметти кылганын уккан эл Аны алдынан тосуп чыкты.

19 Фарисейлер болсо: «Көрдүңөрбү, эч нерсе кыла албай калдыңар! Бүт дүйнө Анын артынан ээрчип кетти!» – деп, өз ара сүйлөшүп жатышты.

Эллиндердин Ыйсаны көрүүнү каалашы

20 Кудайга табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында эллиндер да бар эле.

21 Алар Галилеянын Бетсайида шаарынан болгон Филипке келишип: «Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле», – дешти.

22 Филип бул жөнүндө Андрейге барып айтты. Анан Андрей менен Филип экөө Ыйсага барып айтышты.

Уулдун Ата аркылуу даңкталышы

23 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Адам Уулунун даңкталар убактысы келип калды.

24 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, бирөө бойдон гана калат. Эгерде өлсө, көп түшүм берет.

25 Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат.

26 Ким Мага кызмат кылгысы келсе, ал Мени ээрчисин. Мен кайсы жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ким Мага кызмат кылса, аны Атам урматтайт».

27 Анан Ыйса мындай деди: «Азыр жаным кыйналып турат. Эмне дейин? “Ата! Мени ушул сааттан куткара көр”, – дейинби? Бирок Мен ушул саат үчүн келгем.

28 Ата! Өз ысымыңды даңкта!» Ошондо асмандан «Даңктадым, дагы да даңктайм» деген үн угулду.

29 Ошол жердеги муну уккан адамдардын кээ бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», – дешсе, кээ бирөөлөрү: «Ага периште сүйлөдү», – дешти.

30 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Бул сөз Мен үчүн эмес, силер үчүн айтылды.

31 Бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн төрөсү сыртка куулуп чыгарылат.

32 Мен жерден көтөрүлүп кеткенден кийин, бардыгын Өзүмө тартам».

33 Ыйса муну кандай өлүм менен өлөрүн билдирүү үчүн айтты.

34 Эл болсо Ага мындай деди: «Ыйык Жазуудан укканыбызга караганда, Машайак түбөлүк жашайт. Анан Сен кандайча: “Адам Уулу жогору көтөрүлүп кетиши керек”, – дейсиң? Адам Уулу деген Ким?»

35 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Жарык дагы бир аз убакыт силер менен болот. Караңгыга калбаш үчүн, жарык барда жүргүлө. Караңгыда жүргөн адам кайда бара жатканын билбейт.

36 Жарык силер менен болуп турганда, жарыкка ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар». Ыйса бул сөздөрдү айткандан кийин, ал жерден кетип, элдин көзүнөн далдаа болду.

Элдин ишенбестиги

37 Ыйса көптөгөн кереметтерди көрсөтсө да, алар Ага ишенишкен жок.

38 Ышайа пайгамбардын «Теңир! Бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?» деген сөздөрү аткарылышы үчүн ушундай болду.

39 Ошондуктан алар ишене алышкан жок. Ышайа мындай деп да айткан:

40 «Алардын көздөрү сокур, ал эми жүрөктөрү таш болуп калган. Ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, түшүнүшпөйт, айыгыш үчүн, Мага кайрылышпайт».

41 Ышайа бул сөздөрдү Ыйсанын даңкын көрүп, Ал жөнүндө сүйлөгөндөн кийин айткан.

42 Ошондой болсо да, жүйүт башчыларынын көбү Ыйсага ишенип калышты. Бирок синагогадан чыгарылып калбаш үчүн, ишенип калышканын фарисейлердин алдында ачык айтышкан жок.

43 Анткени Кудайдын даңктаганына караганда, адамдын даңктаганын артык көрүштү.

Ыйсанын акыркы эскертүүсү

44 Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: «Мага ишенген адам Мага эмес, Мени жиберген Кудайга ишенген болот.

45 Мени көргөн адам Мени жиберген Кудайды көргөн болот.

46 Мага ишенгендердин бирөө да караңгыга калбашы үчүн, Мен дүйнөгө жарык болуп келдим.

47 Сөздөрүмдү угуп, бирок аларды аткарбаган адамды Мен соттобойм. Анткени Мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келгем.

48 Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албаган адам үчүн сот бар: Мен айткан сөздөр аны акыркы күнү соттойт.

49 Анткени Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун, Мени жиберген Атамдын осуяты боюнча сүйлөп жатам. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган.

50 Анын осуяты болсо түбөлүк өмүр экенин билем. Демек, Атам Мага эмнени айтса, Мен ошону айтам».

13-БӨЛҮМ

Ыйсанын шакирттеринин бутун жуушу

1 Пасах майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын билчү. Ал бул дүйнөдөгү Өзүнүн адамдарын сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү.

2 Кечки тамак убагы болчу. Шайтан буга чейин эле Шымон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Ыйсага чыккынчылык кылуу каалоосун салып койгон.

3 Ыйса Атасынын бардык нерсени Өзүнө бергендигин, Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билчү.

4 Ыйса дасторкондон туруп, сырткы кийимин чечти да, белине сүлгү байлады.

5 Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады.

6 Шымон Петирдин жанына келгенде, ал Ага мындай деди: «Теңир, Сен менин бутумду жууйсуңбу?»

7 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң».

8 Петир Ага: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» – деди. «Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам, анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң», – деп жооп берди Ыйса.

9 Ошондо Шымон Петир Ага: «Теңир, андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» – деди.

10 Ыйса ага: «Жуулган адамдын бутун гана жууш керек, анткени ал таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес», – деди.

11 Анткени Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан: «Баарыңар эмес», – деди.

12 Ыйса шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырткы кийимин кийип, дасторконго кайра отургандан кийин, мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү?

13 Мени: “Устат”, “Теңир”, – дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун.

14 Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек.

15 Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

16 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберүүчүдөн жогору эмес.

17 Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар.

18 Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун, Мен Өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы “Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун көтөрдү” деген сөз аткарылышы керек.

19 Мен бул сөздү силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экендигиме ишенип каласыңар.

20 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот».

Ыйсанын Жүйүттүн чыккынчылык кыларын алдын ала айтышы

21 Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса кайгырып, мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат».

22 Шакирттери Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын түшүнүшпөй, бири-бирин карашты.

23 Шакирттеринин бири Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган. Ыйса аны жакшы көрөр эле.

24 Шымон Петир ага ким жөнүндө айтып жатканын сурачы дегендей белги берди.

25 Ыйсанын төшүнө башын коюп отурган ал: «Теңир, ал ким?» – деп сурады.

26 «Бир үзүм нанды табактагы ашка малгандан кийин, кимге берсем, ал – ошол», – деп жооп берди Ыйса. Анан Ал бир үзүм нанды табактагы ашка малды да, Шымондун уулу Жүйүт Искариотко сунду.

27 Нанды алары менен, Жүйүттүн ичине шайтан кирди. Ошондо Ыйса Жүйүткө: «Кылайын дегениңди тезирээк кыл!» – деди.

28 Дасторкондо отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн ушинтип айтканын түшүнгөн жок.

29 Акча салынуучу куту Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү: «Ыйса ага: “Майрамга карата бизге керектүү нерселерди сатып кел” же “Жакырларга бир нерсе бер”, – деп жатат го», – деп ойлошту.

30 Жүйүт нанды алары менен, сыртка чыгып кетти. Түнкү убак эле.

Ыйсанын акыркы сөзү. Ыйсанын даңкталар убагы келди

31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди: «Азыр Адам Уулу даңкталды. Ал аркылуу Кудай да даңкталды.

32 Эгерде Кудай Ал аркылуу даңкталса, анда Кудай да Аны даңктайт, Аны жакын арада даңктайт.

33 Балдарым! Эми Мен силер менен бир аз убакыт гана болом. Мени издейсиңер. Жүйүттөргө айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: “Мен бара турган жерге силер бара албайсыңар”.

Жаңы осуят

34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө!

35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет».

Петирдин баш тартарын Ыйсанын алдын ала айтышы

36 Шымон Петир Ыйсадан: «Теңир, Сен кайда барасың?» – деп сурады. Ыйса ага: «Мен бара жаткан жакка сен азыр Мени ээрчип бара албайсың, бирок Менин артымдан кийин барасың», – деп жооп берди.

37 Петир Ага: «Теңир, эмне үчүн мен Сени азыр ээрчип бара албайм? Мен Сен үчүн жанымды берем», – деди.

38 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Мен үчүн жаныңды бересиңби? Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың.

14-БӨЛҮМ

Ыйса – Кудайга алып баруучу жол

1 Кайгырбагыла. Кудайга жана Мага ишенгиле.

2 Атамдын үйүндө орун көп. Эгерде андай болбосо, Мен силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдаганы бара жатам.

3 Барып, силерге орун даярдап койгондон кийин, кайтып келем да, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн, силерди жаныма алып кетем.

4 Ал эми Менин кайда бара жатканымды, ал жакка алып баруучу жолду силер билесиңер».

5 «Теңир, Сенин кайда бара жатканыңды билбесек, ал жакка алып баруучу жолду кайдан билмек элек?» – деди Томас.

6 Ыйса ага: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт.

7 Эгерде Мени билсеңер, Атамды да билмексиңер. Ушул убакыттан тартып, Аны билип калдыңар жана көрдүңөр», – деди.

8 Ошондо Филип: «Теңир, бизге Атаңды көрсөт, бизге ошол жетиштүү болот», – деди.

9 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ушунча убакыттан бери Мен силердин жаныңарда жүрсөм да, сен Мени тааныбайсыңбы, Филип? Мени көргөн адам Атамды да көрдү. “Бизге Атаңды көрсөт”, – дегениң кандай?

10 Менин Атамдын ичинде экендигиме, Атамдын Менин ичимде экендигине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү Мен Өз атымдан айткан жокмун. Менин ичимде жашаган Атам Өз иштерин кылып жатат.

11 Мага ишенгиле: Мен Атамдын ичиндемин, Атам Менин ичимде. Сөзүмө ишенбесеңер да, кылып жаткан иштеримди көрүп, Мага ишенгиле.

Кудайга Ыйсанын атынан сыйынуу

12 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Мен кылып жаткан иштерди Мага ишенген адам да кыла алат, атүгүл, алардан да чоң иштерди кыла алат. Анткени Мен Атама кетип жатам.

13 Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, Атамдан Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.

14 Менин ысымым урматына эмнени сурасаңар да, Мен аны аткарам.

15 Эгерде Мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткаргыла.

Ыйык Рухтун убада кылынышы

16 Мен Атамдан өтүнүп сурайм, Атам силерге башка Сооротуучуну, чындык Рухун берет: Ал түбөлүк силер менен болот,

17 бул дүйнө Аны кабыл ала албайт, анткени Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени Ал силер менен, силердин ичиңерде болот.

18 Силерди жетимсиретпейм, силерге кайра келем.

19 Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө Мени көрбөй калат, ал эми силер Мени көрөсүңөр. Мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар.

20 Мен Атамдын ичинде экендигимди, силер Менин ичимде экендигиңерди, Мен силердин ичиңерде экендигимди ошол күнү түшүнөсүңөр.

21 Ким Менин осуяттарымды билсе жана аткарса, ал Мени сүйөт. Ал эми Мени сүйгөн адамды Атам сүйөт. Аны Мен да сүйөм жана ага Өзүмдү ачып берем».

22 Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан: «Теңир, эмне үчүн Сен Өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге тааныткың келип жатат?» – деп сурады.

23 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Ким Мени сүйсө, ал Менин сөзүмдү аткарат. Ошондо аны Атам сүйөт, Биз ага келип, анын ичинен орун алабыз.

24 Мени сүйбөгөн адам Менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер уккан сөз Меники эмес, Мени жиберген Атамдыкы.

Ыйсанын өлүмгө даяр болушу

25 Мен бул сөздөрдү силердин араңарда жүргөндө айттым.

26 Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат.

27 Силерге тынчтык калтырып жатам, силерге Өз тынчтыгымды берип жатам. Менин силерге бергеним бул дүйнөнүн бергениндей эмес. Кайгырбагыла жана коркпогула.

28 “Кетем, бирок силерге кайра келем”, – деп айтканымды уктуңар. Эгерде Мени сүйсөңөр, анда Менин: “Атама барам”, – деп айтканыма кубанмаксыңар, анткени Атам Менден улук.

29 Мага ишенип калышыңар үчүн, Мен бул сөздөрдү алдын ала айттым. Алар аткарылгандан кийин, силер Мага ишенип каласыңар.

30 Эми Мен силер менен көп нерсени сүйлөшө албайм. Анткени бул дүйнөнүн төрөсү келе жатат. Менин үстүмөн анын эч кандай бийлиги жок.

31 Бирок дүйнө билсин: Мен Атамды сүйөм, Атам Мага эмнени осуят кылган болсо, Мен ошону аткарам. Тургула, бул жерден кетели.

15-БӨЛҮМ

Машайак – жүзүм Сабагы

1 Мен чыныгы жүзүм Сабагымын, Атам болсо – Жүзүмчү.

2 Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш берип жаткан ар бир бутакты дагы көбүрөөк жемиш берсин деп тазалайт.

3 Силер Менин сөзүм аркылуу тазартылдыңар.

4 Менин ичимде болгула, ошондо Мен силердин ичиңерде болом. Сабактан ажыраган бутак жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу эле силер да Менин ичимде болбосоңор, жемиш бере албайсыңар.

5 Мен Сабакмын, силер болсо бутактарсыңар. Ким Менин ичимде болсо, Мен анын ичинде болсом, ал көп жемиш берет. Анткени силер Менсиз эч нерсе кыла албайсыңар.

6 Ким Менин ичимде болбосо, ал бутак сыяктуу сыртка ыргытылат да куурап калат. Андай бутактарды чогултуп, отко ыргытышат, алар күйүп кетет.

7 Эгерде Менин ичимде болсоңор, Менин сөздөрүм силердин ичиңерде болсо, эмне кааласаңар да сурагыла, силерге берилет.

8 Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Атам даңкталат, Менин шакирттерим болосуңар.

Сүйүү жөнүндө

9 Атам Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйөм. Силерде Менин сүйүүм болсун.

10 Мен Атамдын осуяттарын аткаргандыктан, Менде Анын сүйүүсү бар. Ошол сыяктуу эле Менин осуяттарымды аткарсаңар, силерде Менин сүйүүм болот.

11 Силерде Менин кубанычым болсун деп, силерде толук кубаныч болсун деп, Мен силерге ушул сөздөрдү айттым.

12 Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө.

13 Достору үчүн өз жанын берип коюудан өткөн сүйүү жок.

14 Эгерде силер Менин айткан сөздөрүмдү аткарсаңар, Менин досторумсуңар.

15 Мындан ары силерди кул дебейм, анткени кул өз кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум дедим, анткени силерге Атамдан уккандарымдын баарын айтып бердим.

16 Силер Мени тандаган жоксуңар, Мен силерди тандап алдым. Барып, жемиш берсин деп, жемишиңер туруктуу болсун деп, силерди дайындадым. Ошондо Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал силерге берет.

17 Силерге бере турган осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө.

Ыйсага ишенген адам жана дүйнө

18 Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле.

19 Эгерде силер бул дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Силер бул дүйнөнүкү эмессиңер, Мен силерди бул дүйнөдөн тандап алдым, ошондуктан бул дүйнө силерди жек көрөт.

20 “Кул өз кожоюнунан жогору эмес” деген сөзүм эсиңерде болсун. Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат. Эгерде Менин сөзүмдү угушкан болсо, силерди да угушат.

21 Мунун баарын силерге Менин ысымым үчүн кылышат, анткени Мени жиберген Кудайды билишпейт.

22 Эгерде Мен келбесем, аларга айтпасам, аларда күнөө жок болмок. Азыр болсо алардын күнөөлөрү үчүн кечирим жок.

23 Ким Мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт.

24 Эгерде Мен аларга Менден башка эч ким кылбаган иштерди көрсөтпөгөн болсом, аларда күнөө жок болмок. Алар көрүштү, бирок Мени да, Атамды да жек көрүшөт.

25 Алардын мыйзамындагы “Мени себепсиз эле жек көрүшөт” деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду.

Ыйсага ишенген адам жана Ыйык Рух

26 Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт.

27 Силер да күбөлөндүрөсүңөр, анткени башынан бери Менин жанымда болдуңар.

16-БӨЛҮМ

Ыйсага ишенгендердин куугунтукталары жөнүндө

1 Буларды Мен силерге азгырылып кетпешиңер үчүн айттым.

2 Силерди синагогалардан кууп чыгарышат, атүгүл, силерди өлтүрүп жаткан адам: “Кудайга кызмат кылып жатам!” – деп ойлогон күндөр келет.

3 Алар Атамды да, Мени да тааныбагандыктан, ушундай кылышат.

4 Ошол күндөр келгенде, ушул айткандарымды эстешиңер үчүн, Мен буларды силерге алдын ала айттым. Бул жөнүндө мурун айтпаганымдын себеби: Мен силердин жаныңарда элем.

5 Азыр болсо Мен Мени Жибергенге бара жатам. Бирок эч кимиңер Менден: “Кайда бара жатасың?” – деп сураган жоксуңар.

6 Айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөр кайгыга толду.

Ыйык Рухтун кызматы

7 Бирок силерге чындыкты айтып коёюн, Менин кеткеним силер үчүн жакшы! Эгерде кетпесем, силерге Сооротуучу келбейт. Эгерде кетсем, Аны силерге жиберем.

8 Ал келип, бул дүйнөнүн күнөөсүн ашкере кылат, адилдик жана келечектеги сот жөнүндө билдирет.

9 Бул дүйнөнүн күнөөсү – Мага ишенбегендиги.

10 Адилдик – Менин Атама бараткандыгым. Мындан ары силер Мени көрбөйсүңөр.

11 Ал эми сот – бул дүйнөнүн төрөсү шайтандын соттолгондугу.

12 Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар.

13 Чындык Руху келгенде, силерди чындыкка үйрөтөт. Ал Өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону айтат жана силерге келечекте эмне болорун билдирет.

14 Ал Мени даңктайт, анткени Менден алганын силерге билдирет.

15 Атамда эмне болсо, ошонун баары Меники, ошондуктан Мен: “Менден алганын силерге билдирет”, – деп айттым.

Ыйсанын өлүмү жана экинчи жолку келүүсү

16 Бир аз убакыттан кийин силер Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр, анткени Мен Атама бара жатам».

17 Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, “Атама бара жатам”, – дегенин кандай түшүнсө болот?

18 “Бир аз убакыттан кийин”, – дегени эмнеси? Эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз», – дешти.

19 Ыйса алардын эмне жөнүндө сурагылары келип жатканын билип, мындай деди: «“Бир аз убакыттан кийин Мени көрбөй каласыңар, дагы бир аз убакыттан кийин кайра көрөсүңөр”, – деп айтканым жөнүндө бири-бириңерден сурап жатасыңарбы?

20 Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар, бул дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат.

21 Төрөр маалы келген аял толгоо тартып кыйналат. Төрөгөндөн кийин, дүйнөгө наристе келди деп, кубанганынан кыйналганын унутуп коёт.

22 Ошол сыяктуу эле силер да азыр кайгырып жатасыңар. Бирок Мен силерди кайра көрөм, ошондо жүрөгүңөр кубанычка толот жана ал кубанычты силерден эч ким тартып албайт.

Шакирттерге айтылган акыркы сөз

23 Ошол күнү силер Менден эч нерсе сурабайсыңар. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан Менин ысымым урматына эмне сурасаңар да, Ал берет.

24 Буга чейин силер Менин ысымым урматына эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болуш үчүн сурагыла, аласыңар!

25 Ушул убакка чейин Мен силерге үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөдүм. Атам жөнүндө үлгү-насаат аңгемелер менен эмес, ачык айта турган убак келет.

26 Ошол күнү Атамдан Менин ысымым урматына сурайсыңар. Ошондо Мен силерге: “Атамдан силер үчүн өтүнүп сурайм”, – деп айтпайм.

27 Анткени Атам Өзү силерди сүйөт. Себеби силер Мени сүйөсүңөр жана Кудайдан келгениме ишендиңер.

28 Мен бул дүйнөгө Атамдан келдим. Азыр болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама бара жатам».

29 Ошондо шакирттери: «Мына азыр үлгү-насаат аңгемесиз, ачык айттың.

30 Биз азыр Сенин баарын билериңди билдик. Сага суроо берүүнүн деле кереги жок экен, анткени Сен биз сурай электе эле эмнени сурарыбызды билесиң, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз», – дешти.

31 Ошондо Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Азыр ишенип жатасыңарбы?

32 Мына, ар кимиңер ар кайсы жакка чачырап кете турган убак келе жатат, атүгүл, келип да калды. Силер Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, анткени Атам Мени менен.

33 Мен муну силерге Менин тынчтыгым силерде болсун деп айттым. Бул дүйнөдө азап тартасыңар, бирок кайраттуу болгула, анткени Мен бул дүйнөнү жеңдим».

17-БӨЛҮМ

Ыйсанын сыйынуусу

1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, асманды карап, мындай деди: «Ата! Убагы келди. Уулуңду даңкта, Уул да Сени даңктасын.

2 Сен Ага ар бир адамдын үстүнөн бийлик бердиң. Өзүң Ага кимдерди берсең, ошолордун баарына Ал түбөлүк өмүр берет.

3 Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу.

4 Мага тапшырган ишиңди аткарып, Мен Сени жер үстүндө даңктадым.

5 Эми Мени Сен Өз ичиңде даңкта, Ата! Мени дүйнө жаратыла электен мурун эле Сенин ичиңде ээ болгон даңкыма бөлө.

6 Дүйнөдөн тандап, Мага берген адамдарыңа Мен Сенин ысымыңды ачып бердим. Алар Сеники болчу, Мага бердиң, алар Сенин сөзүңдү кабыл алышты.

7 Алар азыр Мага бергениңдин баары Сенден экендигин түшүнүштү.

8 Анткени Мага берген сөздөрүңдү Мен аларга айттым, алар кабыл алышты жана Менин Сенден келгендигимди чындап түшүнүп, Мени Сен жибергендигиңе ишеништи.

9 Мен алар үчүн өтүнөм: бүт дүйнө үчүн эмес, Мага бергендериң үчүн өтүнөм. Анткени алар Сеники.

10 Мендегинин баары – Сеники, Сендегинин баары – Меники, Мен алар аркылуу даңкталдым.

11 Мен азыр бул дүйнөнү таштап, Сага бара жатам. Алар болсо бул дүйнөдө. Ыйык Ата, Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду Өз ысымың үчүн сакта, алар да Биз сыяктуу бир болушсун.

12 Мен бул дүйнөдө алар менен бирге жүргөнүмдө, аларды Өз ысымың үчүн сактадым. Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду сактадым. Ыйык Жазууда жазылгандай, өлүм уулунан башка эч кимиси өлгөн жок.

13 Азыр болсо Сага бара жатам. Бирок Менин кубанычым аларда толугу менен болсун деп, буларды бул дүйнөдө экенимде айтып жатам.

14 Аларга Сенин сөзүңдү айттым. Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес, ошондуктан бул дүйнө аларды жек көрүп калды.

15 Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм.

16 Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес.

17 Аларды Өзүңдүн чындыгың аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң – чындык.

18 Сен Мени бул дүйнөгө жибергендей эле, Мен да аларды бул дүйнөгө жибердим.

19 Алар да чындык аркылуу ыйыкталышы үчүн, Мен Өзүмдү аларга арнайм.

20 Алар үчүн гана эмес, алардын сөзү аркылуу Мага ишенип калгандар үчүн да өтүнөм.

21 Алардын бардыгы бир болушсун. Ата, Сен Менин ичимде болгондой, Мен Сенин ичиңде болгонумдай, алар Биздин ичибизде бир болушсун. Мени Сен жибергендигиңе дүйнө ишенсин.

22 Алар да Биз сыяктуу бир болушу үчүн, Мага берген даңкыңды аларга бердим.

23 Алардын ортосунда толук биримдик болушу үчүн, Сен Менин ичимде болгондой, Мен алардын ичинде болоюн. Мени Сен жибергендигиңди, Мени кандай сүйсөң, аларды да ошондой сүйөрүңдү дүйнө билсин.

24 Ата! Сенин Мага бергендериң да Мен болгон жерде Мени менен бирге болушун жана Мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени Сен Мени дүйнө жаратыла электе эле сүйчүсүң.

25 Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнө Сени тааныган жок, бирок Мен Сени тааныйм. Ал эми булар Мени Сен жибергендигиңди түшүнүштү.

26 Сенин Мага болгон сүйүүң алардын ичинде болушу үчүн, Мен алардын ичинде болушум үчүн, Мен Сенин ысымыңды аларга ачып бердим жана ачып бере берем».

18-БӨЛҮМ

Ыйса Гетсемани багында

1 Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы өйүзүнө өттү. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди.

Жүйүттүн чыккынчылыгы

2 Ыйса ал жерде шакирттери менен тез-тез чогулуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылган Жүйүт да ал жерди билчү.

3 Ал бир топ аскерди жана башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлердин кызматчыларын ээрчитип келип калды. Алардын колунда шамана, чырак жана курал бар эле.

4 Өзүн эмне күтүп турганын толук билген Ыйса алардан: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады.

5 Алар Ага: «Назареттик Ыйсаны!» – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Менмин», – деди. Чыккынчы Жүйүт да алар менен турган эле.

6 Ыйса аларга: «Менмин», – дегенде, алар артка кетенчиктеп, жерге жыгылышты.

7 Ыйса алардан дагы бир жолу: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» – деп сурады. «Назареттик Ыйсаны», – деп жооп беришти алар.

8 Ыйса аларга: «“Менмин”, – деп, Мен силерге айттым. Эгерде Мени издеп жүрсөңөр, буларды коё бергиле, кете беришсин», – деди.

9 Анын «Мага бергендериңдин эч кимиси өлгөн жок» деген сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

10 Ошондо Шымон Петир кылычын кынынан сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун оң кулагын шылый чапты. Кулдун аты Малкос эле.

11 Бирок Ыйса Петирге: «Кылычыңды кынына сал! Атам берген чөйчөктөн ичпей коймок белем?» – деди.

Ыйса башкы ыйык кызмат кылуучулардын алдында. Петирдин Ыйсадан баш тартуусу

12 Миң башы менен аскерлер жана жүйүт башчыларынын кызматчылары Ыйсаны кармап алып, байлашты да,

13 адегенде Анаска алып барышты. Ал ошол жылы башкы ыйык кызмат кылуучу болуп турган Кайапанын кайнатасы эле.

14 «Эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы», – деп, жүйүт башчыларына кеңеш берген ошол Кайапа эле.

15 Шымон Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан бара жатышты. Ал шакирт башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгондуктан, анын короосуна Ыйса менен бирге кирди.

16 Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы ыйык кызмат кылуучунун таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы күң менен сүйлөшүп, Петирди да киргизди.

17 Дарбазачы күң Петирден: «Сен да Ушул Адамдын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурады. Петир ага: «Жок», – деп жооп берди.

18 Күн суук болгондуктан, кулдар менен кызматчылар от жагып алып, отту тегеректеп жылынып турушту. Петир да алардын жанында жылынып турду.

19 Башкы ыйык кызмат кылуучу болсо Ыйсадан шакирттери жана окутуусу жөнүндө сурады.

20 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Мен жүйүттөр ар дайым чогулган жерде, синагогаларда жана ийбадатканада элди окутуп жүрдүм. Элге ачык сүйлөдүм, жашыруун сүйлөгөн жокмун.

21 Эмне үчүн Менден сурап жатасың? Менин эмне жөнүндө сүйлөп жүргөнүмдү уккандардан сура. Алар Менин эмне жөнүндө сүйлөгөнүмдү билишет».

22 Ыйса ушинтип айтканда, ошол жерде турган кызматчылардын бири Аны жаакка чаап жиберди да: «Башкы ыйык кызмат кылуучуга да ушинтип жооп бересиңби?» – деди.

23 Ошондо Ыйса ага: «Эгерде туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Эгерде айтканым туура болсо, Мени эмнеге уруп жатасың?» – деди.

24 Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага жиберди.

25 Шымон Петир болсо дагы эле отко жылынып турган. Ошол учурда андан: «Сен да Анын шакирттеринен эмессиңби?» – деп сурашты. Ал болсо: «Жок», – деп танып койду.

26 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучунун кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкан кулдун тууганы: «Мен сени бактан, Анын жанынан көргөндөй болуп жатам», – деди.

27 Петир дагы танып койду. Ошол учурда короз кыйкырды.

Ыйса Пилаттын алдында

28 Эртеси таң заардан жүйүт башчылары Ыйсаны Кайапаныкынан Пилаттын ак сарайына алып келишти, бирок өздөрү киришкен жок. Анткени алар таза эмес болуп эсептелип, Пасах тамагын жей албай калышмак.

29 Пилат чыгып, алардан: «Бул Адамга кандай айып коюп жатасыңар?» – деп сурады.

30 «Эгерде жамандык кылбаса, Аны сенин алдыңа алып келмек эмеспиз», – деп жооп беришти алар.

31 Ошондо Пилат аларга: «Аны алып кеткиле да, өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле», – деди. Жүйүт башчылары ага: «Бирөөнү өлүм жазасына тартууга бизге тыюу салынган», – дешти.

32 Өзүнүн кандай өлүм менен өлөрүн алдын ала айткан Ыйсанын сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду.

33 Пилат ак сарайга кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады.

34 Ыйса ага: «Муну сен өзүң айтып жатасыңбы же Мен жөнүндө сага бирөө айттыбы?» – деди.

35 Пилат ага: «Мен, эмне, жүйүт белем! Сени мага Өз элиң жана башкы ыйык кызмат кылуучулар алып келишти. Эмне кылдың эле?» – деди.

36 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгерде Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес».

37 Ошондо Пилат Ага: «Демек, Сен Падыша экенсиң да?» – деди. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың. Мен Падышамын. Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат», – деди.

38 Пилат Андан: «Чындык деген эмне?» – деп сурады да, кайра чыгып, элге мындай деди: «Мен Андан эч кандай айып тапкан жокмун.

Ыйса жана Барабба

39 Силердин салтыңар боюнча Пасах майрамы сайын бир туткунду бошотуп берчү эмес белем. Каалайсыңарбы, мен силерге жүйүт Падышасын бошотуп берейин?»

40 Ошондо алар: «Аны эмес, Бараббаны!» – деп кыйкырышты. Барабба болсо кылмышкер эле.

19-БӨЛҮМ

Ыйсага тикенек таажы кийгизүү

1 Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды.

2 Аскерлер тикенектен таажы өрүп, Ыйсанын башына кийгизишти да, үстүнө кочкул кызыл түстөгү чапан жабышты.

3 Анан алар: «Салам, жүйүт Падышасы!» – деп, Аны жаакка чапкылашты.

Пилат жана Ыйса эл алдында

4 Пилат кайра сыртка чыгып: «Аны силердин алдыңарга алып чыгам. Бирок билип койгула, мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун», – деди.

5 Ошондо башына тикенек таажы, үстүнө кочкул кызыл чапан кийген Ыйса сыртка чыкты. Пилат аларга: «Мына, Ал Адам!» – деди.

6 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көрүшкөндө: «Аны айкаш жыгачка када! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун!» – деди.

7 Жүйүт башчылары ага мындай деп жооп беришти: «Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча Ал өлүүгө тийиш. Анткени Ал Өзүн Кудайдын Уулумун деп айтып жатат».

8 Пилат бул сөздү укканда, мурункудан да катуу коркуп кетти.

9 Кайра ак сарайга кирип, Ыйсадан: «Кайсы жерденсиң?» – деп сурады. Бирок Ыйса ага жооп берген жок.

10 Ошондо Пилат ага: «Мага жооп бергиң келбейби? Сени айкаш жыгачка кадатуу да, бошотуп жиберүү да менин колумда экенин билбейсиңби?» – деди.

11 Ыйса ага: «Асмандан берилбесе, Менин үстүмдөн эч кандай бийлик кыла алмак эмессиң. Ошондуктан Мени сенин колуңа салып берген адамдын күнөөсү көбүрөөк», – деп жооп берди.

12 Ошол убакыттан тартып, Пилат Ыйсаны бошотуунун жолун издей баштады. Бирок жүйүттөр: «Эгерде Аны бошотуп жиберсең, анда сен Рим падышасынын досу эмессиң! Өзүн падыша эсептеген адам Рим падышасына каршы», – деп кыйкырышты.

13 Пилат бул сөздү укканда, Ыйсаны сыртка чыгартты. Анан ал грекче «Литостротон», эврейче «Габбата» деп аталган аянттагы сот тагына отурду. Бул «Таш аянт» деп которулат.

14 Ошол күн Пасах майрамынын алдындагы жума күн эле. Алтынчы саат чамасы болчу. Пилат жүйүттөргө: «Мына, силердин Падышаңар!» – деди.

15 Бирок алар: «Жогот, жогот Аны! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат алардан: «Падышаңарды айкаш жыгачка кадайынбы?» – деп сурады. Башкы ыйык кызмат кылуучулар ага: «Рим падышасынан башка падышабыз жок», – деп жооп беришти.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы жана өлүшү

16 Акырында Пилат Ыйсаны айкаш жыгачка кадатуу үчүн, алардын колуна салып берди. Алар Ыйсаны алып кетишти.

17 Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачын көтөрүп, «Баш сөөгү» деп аталган жерге жөнөдү. Бул жердин эврейче аталышы – Голгофа.

18 Аны ошол жерде айкаш жыгачка кадашты. Ыйсанын эки жагына дагы эки адам айкаш жыгачка кадалды.

19 Пилат тактайча жасаттырып, анын бетине: «Назареттик Ыйса – жүйүттөрдүн Падышасы», – деп жаздырды да, айкаш жыгачтын өйдө жагына илдирип койду.

20 Бул жазууну жүйүттөрдүн көпчүлүгү окушту, анткени Ыйса айкаш жыгачка кадалган жер Иерусалим шаарынан алыс эмес болчу. Жазуу эврей, латын жана грек тилдеринде жазылган эле.

21 Жүйүттөрдүн башкы ыйык кызмат кылуучулары болсо Пилатка мындай дешти: «“Жүйүттөрдүн Падышасы” деп эмес, “Ал: "Мен жүйүттөрдүн Падышасымын", – деди” деп жаз».

22 Пилат аларга: «Болду, жазарымды жаздым», – деп жооп берди.

23 Аскерлер болсо Ыйсаны айкаш жыгачка кадагандан кийин, Анын кийимин бөлүп алышты. Анын кийимин төрт аскер бөлүп алды. Анын узун көйнөгүн да алышты. Ал тигилген эмес, токулган көйнөк эле.

24 Ошондуктан алар бири-бирине: «Муну айрыбай, өкчөмө таш ыргытып, кимге тиерин билели», – дешти. Ыйык Жазуудагы «Менин көйнөгүмдү өз ара бөлүп алышты, Менин кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытышты» деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Аскерлер ушундай кылышты.

25 Ыйса кадалган айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеопанын аялы Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан эле.

26 Ыйса энесин жана анын жанында турган сүйүктүү шакиртин көргөндө: «Аял! Бул сенин уулуң!» – деди.

27 Андан кийин шакиртине: «Бул эми сенин энең болсун!» – деди. Ошол убакыттан баштап, ошол шакирти Ыйсанын энесин колуна алды.

28 Ошондон кийин Ыйса баары аткарылганын билип: «Суусадым», – деди. Ыйык Жазуудагы сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

29 Ошол жерде ачуу ичимдик куюлган бир идиш турган эле. Аскерлер ага соргучту малып, аны иссоп бутагына байлап, Ыйсанын оозуна такашты.

30 Ыйса аны таткандан кийин: «Аткарылды!» – деди. Анан Анын башы шылк дей түштү. Ошентип, Ал жан берди.

31 Ал күн жума күн болгондуктан, жүйүттөр алардын ишембиге чейин айкаш жыгачта калышын каалашкан жок. Ошондуктан алар Пилатка барып, алардын буттарын сындырып, өздөрүн жыгачтан түшүртүп салуусун суранышты. Анткени ал ишемби күн улуу күн эле.

32 Ошентип, аскерлер келишти да, Ыйсанын жанына кадалган эки адамдын буттарын сындырышты.

33 Ыйсанын жанына келип, Анын өлүп калганын көрүшкөндө, Анын бутун сындырышкан жок.

34 Бирок аскерлердин бири Ыйсаны найза менен кабыргага сайды. Ошол замат кан менен суу акты.

35 Муну өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат жана анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ал силердин да ишенип калышыңар үчүн күбөлөндүрүп жатат.

36 Ыйык Жазуудагы «Анын сөөгү сындырылбасын» деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

37 Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Алар өздөрү найза менен сайган Адамды көрүшөт», – деп жазылган.

Ыйсанын көргө коюлушу

38 Андан кийин ариматаялык Жусуп Пилаттан Ыйсанын сөөгүн айкаш жыгачтан түшүрүп алууга уруксат сурады. Ал Ыйсанын шакирти эле, бирок жүйүттөрдөн корккондуктан, ишенгенин жашырып жүрчү. Пилат уруксат берди. Жусуп барып, сөөктү түшүрүп алды.

39 Бир жолу Ыйсага түн жамынып келип кеткен Никедим да ушул жерге келди. Ал жыпар жыттуу смирна майы менен алой чайырынын аралашмасынан жүз фунттай ала келди.

40 Алар жүйүттөрдүн сөөк коюу салты боюнча Ыйсанын сөөгүн жыпар жыттуу май менен майлап, кепиндешти.

41 Ыйса айкаш жыгачка кадалган жерде бир бак бар эле. Ал бакта эч ким коюла элек бир мүрзө бар болчу.

42 Ал күн жүйүттөрдүн жума күнү болгондуктан, анын үстүнө, мүрзө жакын болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошол мүрзөгө коюшту.

20-БӨЛҮМ

Ыйсанын тирилиши

1 Жуманын биринчи күнү эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө келип, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.

2 Ошондо ал Шымон Петирге жана Ыйсанын сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып: «Теңирибизди мүрзөдөн алып кетишиптир! Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз», – деди.

3 Петир менен ошол шакирт дароо мүрзөгө бет алышты.

4 Экөө тең чуркап бара жатышты. Тиги шакирт Петирге караганда батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.

5 Ал мүрзөнүн ичин эңкейип карап, кепинди көрдү, бирок мүрзөгө кирген жок.

6 Анын артынан Шымон Петир жетип келип, мүрзөгө кирди.

7 Ал кепинди жана Ыйсанын башын орогон орогучту гана көрдү, бирок орогуч кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан эле.

8 Анан биринчи келген шакирт да мүрзөгө кирди. Ал көрүп, ишенди.

9 Анткени алар Ыйсанын тирилиши керектиги жөнүндө айтылган Ыйык Жазуудагы сөздөрдү түшүнүшө элек болчу.

10 Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.

Тирилгенден кийин Ыйсанын Мариямга көрүнүшү

11 Мариям болсо мүрзөнүн жанында ыйлап турду. Ал ыйлап жатып, мүрзөнүн ичин эңкейип карап,

12 ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.

13 Алар Мариямдан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың?» – деп сурашты. «Теңиримди алып кетишиптир, Аны кайсы жерге коюшканын билбейм», – деп жооп берди ал периштелерге.

14 Ушинтип айткандан кийин, ал артына бурулуп, туруп турган Ыйсаны көрдү, бирок Аны тааныган жок.

15 Ыйса андан: «Аял, эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» – деп сурады. Мариям Аны бакчы экен деп ойлоп: «Мырза, эгерде Анын сөөгүн сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып келейин», – деди.

16 Ошондо Ыйса ага: «Мариям», – деди. Мариям Ыйсага бурулуп: «Устат!» – деди.

17 Ыйса ага: «Мага колуңду тийгизбе, анткени Мен али Атама көтөрүлүп кете элекмин. Бир туугандарыма барып, Менин Өз Атама – силердин да Атаңарга, Менин Өз Кудайыма – силердин да Кудайыңарга көтөрүлүп кетеримди айт!» – деди.

18 Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Теңирди көргөнүн жана Анын ушул сөздөрдү айтканын айтып берди.

Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине көрүнүшү

19 Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

20 Ушинтип айткандан кийин, Ыйса аларга Өзүнүн колдорун, буттарын жана кабыргаларын көрсөттү. Шакирттер Теңирди көрүп кубанышты.

21 Ыйса аларга дагы бир жолу: «Силерге тынчтык болсун! – деп айтты да, – Атам Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди жиберем», – деди.

22 Ушуну айткандан кийин, Ал шакирттерине демин үйлөп: «Ыйык Рухту кабыл алгыла!

23 Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, ал кечирилет, ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, ал кечирилбейт», – деди.

24 Он эки шакирттин бири, Эгиз деген да ысымы бар Томас Ыйса келген учурда алардын арасында жок эле.

25 Шакирттер ага: «Биз Теңирди көрдүк», – дешти. Бирок ал: «Мен Анын колдорундагы мыктын тагын көрмөйүнчө, мыктын тагы калган жерине жана кабыргаларына колумду тийгизип көрмөйүнчө ишенбейм», – деди.

Ыйса жана Томас

26 Сегиз күндөн кийин Ыйсанын шакирттери ошол үйгө дагы чогулушту, алардын арасында Томас да бар эле. Эшик бекитилүү болчу, бирок Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.

27 Андан кийин Томаска кайрылып: «Менин колдорум менен кабыргаларыма колуңду тийгизип көр да, ишенбеген адам болбой, ишенген адам бол!» – деди.

28 Томас Ага: «Теңирим менин! Кудайым менин!» – деп жооп берди.

29 Ыйса ага: «Сен Мени көргөндөн кийин ишенип жатасың, көрбөй ишенгендер бактылуу», – деди.

30 Ыйса шакирттеринин көз алдында көптөгөн кереметтерди көрсөттү, бирок бул китепке алардын баары жазылган жок.

31 Булар болсо Ыйсанын Кудайдын Уулу, Машайак экенине ишенишиңер үчүн жана ишенип, Анын ысымы аркылуу өмүргө ээ болушуңар үчүн жазылды.

21-БӨЛҮМ

Ыйса Тиберия көлүнүн жанында

1 Андан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду:

2 Шымон Петир, Томас-Эгиз, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел, Зебедейдин уулдары жана дагы эки шакирт чогуу жүрүшкөн эле.

3 Шымон Петир аларга: «Мен балык кармаганы барам», – деди. Алар ага: «Биз да сени менен барабыз», – дешти да, барып, кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү алар эч нерсе кармай алышкан жок.

4 Таң атып калганда, Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо Анын Ыйса экенин билишкен жок.

5 Ыйса алардан: «Балдар, балыгыңар барбы?» – деп сурады. Алар Ага: «Жок», – деп жооп беришти.

6 Ыйса аларга: «Торду кайыктын оң жагынан салгыла, ошондо кармайсыңар», – деди. Алар торун салышты да, түшкөн балыктын көптүгүнөн торду кайра тартып чыгара албай калышты.

7 Ошондо Ыйсанын сүйгөн шакирти Петирге: «Бул Теңирибиз», – деди. Шымон Петир Анын Теңир экенин укканда, кийимин кие калып (анткени ал жылаңач эле), сууга секирди.

8 Калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөп, жээкке сүзүп келишти. Анткени алар жээктен анча алыс эмес жерде жүрүшкөн. Алар менен жээктин ортосундагы аралык эки жүз чыканактай эле.

9 Жээкке чыгышканда, жагылган оттун чогун жана анын үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.

10 Ыйса аларга: «Азыр кармаган балыгыңардан алып келгиле!» – деди.

11 Шымон Петир барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Балыктын көптүгүнө карабастан, тор айрылбаптыр.

12 Ыйса аларга: «Келип, тамактанып алгыла!» – деди. Шакирттердин эч кимиси: «Сен кимсиң?» – деп суроого батынышкан жок. Анткени алар Анын Теңир экенин билишти.

13 Ыйса басып келип, аларга нанды жана балыкты берди.

14 Бул Ыйсанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле.

Теңирдин Петирге тапшырма берүүсү

15 Алар тамактанып бүтүшкөндөн кийин, Ыйса Шымон Петирден: «Жунус уулу Шымон, сен Мени буларга караганда көбүрөөк сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Козуларымды кайтар!» – деди.

16 Ыйса андан экинчи ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Ооба, Теңир, Сени сүйөрүмдү Өзүң билесиң», – деп жооп берди Петир. Ошондо Ыйса ага: «Койлорумду кайтар!» – деди.

17 Ыйса андан үчүнчү ирет: «Жунус уулу Шымон, сен Мени сүйөсүңбү?» – деп сурады. «Сен Мени сүйөсүңбү?» деп, Ыйса үчүнчү ирет сурагандыктан, Петир капа болуп: «Теңир, Сен баарын билесиң, Сени сүйөрүмдү да билесиң», – деди. Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Койлорумду кайтар!

18 Чындыкты, сага чындыкты айтып коёюн, сен жаш кезиңде белиңди өзүң бууп, каалаган жагыңа барчусуң. Карыганыңда колуңду сунуп бересиң, сени башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат».

19 Ыйса бул сөздөрдү Петир өз өлүмү менен Кудайды даңктарын билдирүү үчүн айтты. Ушул сөздү айткандан кийин, Ал ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди.

20 Петир артын карап, Ыйса сүйгөн шакирттин ээрчип келе жатканын көрдү. Ал кечки тамак убагында Ыйсанын төшүнө башын коюп, «Теңир, Сага чыккынчылык кыла турган ким?» деп сураган шакирт эле.

21 Петир ошол шакиртти көргөндө: «Теңир, ал эми булчу?» – деди.

22 Ыйса ага: «Кааласам, Мен келгенге чейин, ал тирүү болот, сенин ишиң эмне? Мени ээрчи», – деди.

23 Ошондон кийин бир туугандар арасында «Бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге аны өлбөйт деп эмес, «Кааласам, Мен келгенче, ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» – деп айткан эле.

24 Ушулардын баарын ошол шакирт жазып алып, күбөлөндүрүп жатат. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз.

25 Ыйса булардан башка дагы көптөгөн иштерди кылган. Эгерде алардын баарын жазып чыга турган болсо, жазылган китептер бул дүйнөгө батмак эмес деп ойлойм. Оомийин.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz