Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ЖАКАНДЫН БИРИНЧИ КАТЫ

1-БӨЛҮМ

Өмүр Сөзү

1 Эң башында Өмүр Сөзү болгон. Аны биз угуп, өз көзүбүз менен көрүп, карап, колубуз менен кармап көргөнбүз.

2 Өмүр келди, аны биз көрдүк жана ал жөнүндө күбөлөндүрүп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол түбөлүк Өмүрдү жарыялап жатабыз.

3 Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш үчүн, биз силерге укканыбызды жана көргөнүбүздү жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле.

4 Муну силерге кубанычыңар толук болуш үчүн жазып жатабыз.

Кудай – жарык

5 Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда эч кандай караңгылык жок.

6 Эгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз.

7 Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жүрсөк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай күнөөдөн тазалайт.

8 Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.

9 Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.

10 Эгерде күнөө кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сөзү биздин ичибизде жок.

2-БӨЛҮМ

Машайак биздин арачыбыз

1 Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар.

2 Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы.

Кудай Сөзүн аткарып жашоо

3 Осуяттарын аткарганыбыздан улам, Аны таанып билгенибизди билебиз.

4 Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», – десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал жалганчы, анын ичинде чындык жок.

5 Ал эми ким Анын сөздөрүн аткарып жатса, ал адамда Кудайдын жеткилең сүйүүсү бар. Машайактын ичинде экенибизди ушундан билебиз.

6 «Машайактын ичиндемин» деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек.

Жаңы осуят

7 Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы осуят эмес, байыркы эле осуятты жазып жатам. Ал осуят силерде башынан эле бар болчу. Байыркы осуят – бул силер башынан бери угуп келе жаткан сөз.

8 Ошондой болсо да силерге жазып жатканым – жаңы осуят, ал Анын жана силердин ичиңерде. Анткени караңгылык өтүп бара жатат, чыныгы жарык жаркырай баштады.

9 Ким: «Жарыкта жүрөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрүп жатса, ал дагы деле караңгылыкта жүрөт.

10 Ким бир тууганын сүйсө, ал жарыкта жашап жатат жана эч кимге азгырык болгон жок.

11 Ал эми ким бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жүрөт жана өзүнүн кайда бара жатканын билбейт. Анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып койгон.

12 Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машайактын ысымынын урматына кечирилген.

13 Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жаштар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер амалкөйдү жеңдиңер. Балдар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер Атаны таанып билдиңер.

14 Аталар, силерге жазганымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жигиттер, силерге жазганымдын себеби: силер күчтүүсүңөр жана Теңирдин сөзү силердин ичиңерде жашап жатат. Силер амалкөйдү жеңдиңер.

Бул дүйнөнү сүйбөгүлө

15 Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок.

16 Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү.

17 Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт.

Машайактын каршылашы

18 Балдарым, замандын акыры келди. Машайактын каршылашы келерин силер уккансыңар. Азыр Машайактын көп каршылаштары пайда болду, замандын акыры келгенин ушундан билсек болот.

19 Алар арабыздан чыгып кетишти, бирок алар биздики эмес эле. Эгерде алар биздики болсо, биз менен калышмак. Бирок алар чыгып кетишти. Баары эле биздики эмес экендиги ошондон улам айкын болду.

20 Дегинкиси, силер Ыйык тарабынан майлангансыңар, ошондуктан баарын эле билесиңер.

21 Чындыкты билбегениңер үчүн эмес, чындыкты билгениңер үчүн, ошондой эле ар бир жалган нерсенин чындыктан эмес экенин билгениңер үчүн жаздым.

22 Ыйсанын Машайак экендигин жокко чыгаруучу жалганчы болбогондо, ким жалганчы болмок эле? Ким Атаны жана Уулду четке какса, ал – Машайактын каршылашы.

23 Уулду четке каккан адамда Ата да жок, ал эми Уулду ачык тааныган адамда Ата да бар.

24 Башынан бери эмнени уксаңар, ошол ичиңерде жашасын. Эгерде башынан бери укканыңар ичиңерде жашаса, анда силер да Уулдун жана Атанын ичинде жашайсыңар.

25 Ал эми Анын бизге берген убадасы – түбөлүк өмүр.

26 Мен силерге адаштыруучулар жөнүндө жаздым!

27 Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичиңерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүүсүнө муктаж эмессиңер. Силерге баарын үйрөтүп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени үйрөтсө, ошону сактап жашагыла.

28 Ошентип, балдарым, Машайактын ичинде болгула. Ал келгенде, кайраттуу болгудай, Анын алдында уят болбогудай бололу.

29 Эгерде Анын адил экенин билсеңер, анда муну билип алгыла: адил жашаган адам Андан туулган.

3-БӨЛҮМ

Кудайдын балдары

1 Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз үчүн, Кудайдын балдары болушубуз үчүн, Ата бизге кандай сүйүү көрсөттү. Бул дүйнө Атаны таанып билбегендиктен, бизди да тааныбайт.

2 Сүйүктүүлөрүм, биз эми Кудайдын балдарыбыз. Бирок эмне болорубуз бизге айкын боло элек. Машайак келгенде, Ага окшош болорубузду гана билебиз. Анткени Анын кандай экенин көрөбүз.

3 Машайактан ушундай үмүт кылган адам Машайактай таза болуу үчүн, өзүн тазалайт.

4 Ким күнөө кылса, ал мыйзамсыздык кылган болот. Күнөө – бул мыйзамсыздык.

5 Машайак бизди күнөөлөрдөн арылтыш үчүн келгенин жана Анда эч кандай күнөө болбогондугун билесиңер.

6 Машайактын ичинде жашап жаткан адам күнөө кылбайт. Ал эми күнөө кылган адам Аны көрө элек, Аны таанып биле да элек.

7 Балдарым, силерди эч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машайак сыяктуу адил.

8 Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген.

9 Кудайдан туулган адам күнөө кылбайт, анткени анын ичинде Кудайдын уругу жашайт. Ал күнөө кыла албайт, анткени Кудайдан туулган.

10 Адил иш кылбаган жана бир тууганын сүйбөгөн адам Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен шайтандын балдары ушундан айырмаланат.

Бири-бириңерди сүйгүлө

11 Анткени силер башынан бери угуп келе жаткан кабар бул: бири-бирибизди сүйөлү.

12 Амалкөйдөн болгон, өз бир тууганын өлтүргөн Кабылдай болбогула. Кабыл өз бир тууганын эмне үчүн өлтүрдү эле? Анын иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болчу.

13 Бир туугандарым, эгерде бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла.

14 Өлүмдөн өмүргө өткөнүбүздү биз билебиз, анткени бир туугандарыбызды сүйөбүз. Бир тууганын сүйбөгөн адам өлүмдүн бийлиги астында.

15 Бир тууганын жек көргөн адам – киши өлтүрүүчү. Киши өлтүрүүчү адам өзүндө бар болуп турган түбөлүк өмүргө ээ эмес экендигин силер билесиңер.

16 Ал биз үчүн Өз жанын бергендиктен, сүйүүнүн кандай болорун билдик. Ошондуктан биз да бир туугандарыбыз үчүн өз жаныбызды беришибиз керек.

17 Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын көрүп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сүйүүсү болсун?

18 Балдарым, сөзүбүз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жүрөгүбүз менен сүйөлү.

Кудай алдындагы кайраттуулук

19-20 Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет.

21 Сүйүктүүлөрүм, эгерде жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуу-лукка ээбиз.

22 Эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз.

23 Ал эми Анын осуяты болсо бул: Уулу Ыйса Машайакка ишенүү жана бири-бирибизди Ыйса осуяттагандай сүйүү.

24 Ким Кудайдын осуяттарын аткарса, ал Кудайдын ичинде болот жана Кудай ал адамдын ичинде болот. Анын биздин ичибизде экенин бизге берген Руху боюнча билебиз.

4-БӨЛҮМ

Рухтарды айырмалоо

1 Сүйүктүүлөрүм, рухтун баарына эле ишене бербегиле. Рухтарды: «Кудайданбы же Кудайдан эмеспи?» – деп сынап көргүлө. Анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду.

2 Кудайдын Рухун мындан билип аласыңар: адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныган рух Кудайдан.

3 Ал эми адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныбаган рух Кудайдан эмес. Ал – Машайактын каршылашынын руху. Анын келерин уккансыңар, дегинкиси, ал азыр эле дүйнөдө.

4 Балдарым, силер Кудайдансыңар, ошондуктан аларды жеңдиңер. Анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан чоң.

5 Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан бул дүйнөнүкүндөй сүйлөшөт, дүйнө болсо аларды угат.

6 Биз Кудайданбыз. Ким Кудайды тааныса, ал бизди угат. Ким Кудайдан болбосо, ал бизди укпайт. Чындык Рухун жана жалган рухту ушундан билип алабыз.

Кудай – сүйүү

7 Сүйүктүүлөрүм, бири-бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан. Ким сүйсө, ал Кудайдан туулган жана Кудайды билет.

8 Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай – сүйүү.

9 Кудайдын сүйүүсү бизге бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу өмүргө ээ болушубуз үчүн, Кудай бул дүйнөгө Өзүнүн жалгыз Уулун жиберди.

10 Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди.

11 Сүйүктүүлөрүм, эгерде Кудай бизди ушундай сүйсө, анда биз да бири-бирибизди сүйүшүбүз керек.

12 Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес. Эгерде биз бири-бирибизди сүйсөк, анда Кудай биздин ичибизде жашайт жана биздин ичибизде Анын жеткилең сүйүүсү бар.

13 Кудайдын ичинде жашап жатканыбызды жана Анын биздин ичибизде жашап жатканын бизге берген Руху аркылуу билебиз.

14 Атанын Өз Уулун дүйнөгө Куткаруучу кылып жибергенин биз өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөндүрүп жатабыз.

15 Ыйсанын Кудай Уулу экендигин ачык тааныган адамдын ичинде Кудай жашайт, ал адам да Кудайдын ичинде жашайт.

16 Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн билип, ошого ишендик. Кудай – сүйүү. Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт.

17 Биздин ичибиздеги сүйүү жеткилеңдикке жеткендиктен, сот боло турган күнү биз кайраттуулукка ээбиз. Анткени Ал кандай болсо, биз да бул дүйнөдө ошондойбуз.

18 Сүйүүдө коркунуч жок. Тескерисинче, жеткилең сүйүү коркунучту жок кылат, корккон адам кыйналат. Корккон адамдын ичиндеги сүйүү жеткилең эмес.

19 Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү.

20 Ким: «Мен Кудайды сүйөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал – жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?

21 Биз Андан «Ким Кудайды сүйсө, ал бир тууганын да сүйсүн» деген осуятты алганбыз.

5-БӨЛҮМ

Дүйнөнү жеңүүчү ишеним

1 Ыйсанын Машайак экендигине ишенген адам Кудайдан туулган. Ким Кудайды сүйсө, ал Кудайдан туулгандарды да сүйөт.

2 Эгерде Кудайды сүйүп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сүйүп жатканыбызды билебиз.

3 Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес.

4 Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз.

5 Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жеңе алат?

Кудайдын Уулу жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр

6 Ал – суу жана кан менен келген Ыйса Машайак. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жөнүндө Рух күбөлөндүрөт, анткени Рух – чындык.

7 Ошентип, асманда үчөө күбөлөндүрөт: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир.

8 Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.

9 Адамдардын күбөлөндүрүүсүн деле кабыл алып жатпайбызбы, адамдардын күбөлөндүрүүсүнөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү жогору эмеспи. Анткени бул – Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү.

Кудай Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ

10 Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлөндүрүүсү өз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген адам Кудайды жалганчы кылган болот. Анткени ал Өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсүнө ишенген жок.

11 Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди. Ал өмүр Анын Уулунда.

12 Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал өмүргө ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо, ал өмүргө ээ эмес.

13 Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым.

Кудайдын Уулуна ишенген адамдын сыйынуусу

14 Анын алдында кандай кайраттуулукка ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат.

15 Эмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз.

16 Ким бир тууганынын өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө жасап жатканын көрсө, ал үчүн сыйынсын, Кудай ага өмүр берет. Өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө кетиргендер жөнүндө айтып жатам. Өлүмгө дуушар кыла турган күнөө бар, ал жөнүндө сыйынгыла дебейм.

17 Жалгандыктын баары – күнөө, бирок өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө бар.

Акыркы сөз

18 Кудайдан туулган адамдын күнөө кылбастыгын билебиз. Кудайдан туулган адам өзүн сактайт, ошондуктан ага амалкөй жолобойт.

19 Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз.

20 Кудайдын Уулу келип, бизге чыныгы Кудайды таанып билүүгө акыл бергенин да билебиз. Биз Анын чыныгы Уулу Ыйса Машайактын ичиндебиз. Ал – чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр.

21 Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла. Оомийин!








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz