Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ТЕСАЛОНИКАЛЫКТАРГА ЖАЗЫЛГАН ЭКИНЧИ КАТЫ

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам!

2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

3 Бир туугандар, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдиришибиз керек, ошенткенибиз туура, анткени силердин ишенимиңер өсүүдө, баарыңардын бири-бириңерге болгон сүйүүңөр артууда.

4 Ошондуктан биз Кудайдын Жыйындарында силер менен мактанып жатабыз. Башыңардан кечирип жаткан куугунтуктар, кыйынчылыктар учурундагы чыдамдуулугуңар, ишенимиңер менен мактанып жатабыз.

5 Ушуларды башыңардан кечирип жаткандыгыңар – Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы үчүн азап чегип жаткан силер Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыңар.

6 Кудай адилеттүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт,

7 кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Теңир Ыйса Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот.

8 Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт.

9 Алар Теңирден жана Анын кудуретинин даңкынан ажырап, түбөлүк өлүм жазасына тартылышат.

10 Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң калтырарлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот. Алардын ичине силер да киресиңер, анткени биздин күбөлөндүрүүбүзгө ишенгенсиңер.

11 Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымына ылайык Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымы силер аркылуу даңкталышы үчүн жана силер Ал аркылуу даңкталышыңар үчүн,

12 Кудайыбыз силерди Өзүнүн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетиңерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштериңерди Өзүнүн күчү менен аягына чыгарсын деп, силер үчүн дайыма сыйынабыз.

2-БӨЛҮМ

Машайак келерден мурун мыйзамсыз адам ачыкка чыгат

1 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын келиши жөнүндө жана биздин Аны менен биригүүбүз жөнүндө айта турган болсок, мындай өтүнүчүбүз бар:

2 «Машайак келип калды» деген рухка же сөзгө, же биздин атыбыздан жазылгансыган катка таянып, дүрбөлөңгө түшпөгүлө, үрөйүңөрдү учурбагыла.

3 Силерди эч ким эч бир жол менен адаштырбасын, анткени адегенде Кудайдан четтей турган учур келет; өлүм уулу, күнөөнүн адамы, ачыкка чыгат;

4 ал Кудай деп аталгандын же ыйык деп аталгандын бардыгына каршы чыгып, өзүн жогору көтөрөт; Кудайдын ийбадатканасында отуруп, өзүн Кудай кылып көрсөтөт.

5 Араңарда жүргөнүмдө, ушул жөнүндө айтканым эсиңерде жокпу?

6 Белгиленген убакытта ачыкка чыгышы үчүн, аны азыр эмне токтотуп жатканын силер билесиңер.

7 Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт.

8 Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Теңир Ыйса оозунун деми менен өлтүрөт, Өзүнүн келгендеги көрүнүшү аркылуу жок кылат.

9 Мыйзамсыз адамдын келиши шайтандын аракети боюнча болот. Анын келиши ар кандай күчтөр, белгилер жана жалган ажайыптар менен,

10 куткара турган чындыкты сүйбөгөндүктөрү үчүн өлүмгө дуушар боло тургандарды адаштыруучу азгырыктар менен коштолот.

11 Ошондуктан жалган нерселерге ишениши үчүн, Кудай аларга адаштыруучу күч жиберет.

12 Ошентип, жалганды жакшы көрүп, чындыкка ишенбегендердин баары соттолот.

Ишеним жолунда бекем болуу

13 Теңир сүйгөн бир туугандарым, биз силер үчүн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирүүгө милдеттүүбүз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимиңер аркылуу куткарылышыңар үчүн, Кудай силерди башында эле тандап алган.

14 Ал силерди биз тараткан Жакшы Кабар аркылуу куткарылып, Теңирибиз Ыйса Машайактын даңкына жетишиңер үчүн чакырып алды.

15 Ошентип, бир туугандарым, бекем тургула! Сөзүбүз аркылуу, катыбыз аркылуу үйрөткөндөрүбүздү сактагыла.

16 Теңирибиз Ыйса Машайак Өзү жана бизди сүйгөн, Өз ырайымы менен бизди түбөлүк соороткон, бизге жакшы үмүт берген Кудай Атабыз

17 силерди сооротсун жана силерге ар кандай жакшы иштерди кылууга, жакшы сөз сүйлөөгө күч берсин.

3-БӨЛҮМ

Cыйынып туруу жөнүндө өтүнүч

1 Бир туугандар, биз үчүн сыйынып тургула, силердегидей эле бизде да Кудайдын Сөзү таратылсын жана даңкталсын.

2 Адепсиз, жаман адамдардан кутулушубуз үчүн да сыйынгыла, анткени баарында эле ишеним жок.

3 Бирок Теңир ишенимдүү, Ал силерди бекемдейт жана амалкөйдөн сактайт.

4 Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар.

5 Теңир силердин жүрөгүңөрдү Кудайдын сүйүүсүнө жана Машайактын чыдамдуулугуна багыттасын.

Жалкоолукка каршы эскертүү

6 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буюрабыз: биздин силерге үйрөткөнүбүз боюнча эмес, оюна келгенин кылган ар бир бир туугандан алыс болгула.

7 Бизден кандай үлгү алуу керектигин билесиңер, анткени биз силердин араңарда жүргөнүбүздө, адепсиздик кылган эмеспиз.

8 Эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз, эч кимиңерге оорчулук келтирбеш үчүн, болгон күчүбүздү жумшап, күнү-түнү иштедик.

9 Укугубуздун жоктугунан эмес, силер бизди туурашыңар үчүн, силерге үлгү бололу деп ошенттик.

10 Анткени биз араңарда жүргөнүбүздө, силерге «Ким иштегиси келбесе, ал жебеши да керек» деген көрсөтмө бергенбиз.

11 Бирок силердин араңардан кээ бирөөлөр иштебей, болбогон иштер менен алек болуп, оюна келгенин кылып жатышканын угуп жатабыз.

12 Мындайларга Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан буйрук кылабыз жана алардан өтүнөбүз: тынч иштеп, өз нанын таап жешсин.

13 Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла.

14 Ушул каттагы сөздөрүбүзгө кулак салбаган адамга эскертүү бергиле жана уяткарыш үчүн, аны менен мамиле түзбөгүлө.

15 Бирок аны душман катары көрбөй, бир тууганыңар катары акыл айткыла.

16 Тынчтыктын булагы болгон Теңир Өзү силерге ар дайым бардык нерседе тынчтык берсин! Теңир баарыңар менен болсун!

17 Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Ар бир катымдагы белгим ушул. Мен ушундай жазам.

18 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz