Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ТИМЕТЕЙГЕ ЖАЗЫЛГАН БИРИНЧИ КАТЫ

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Биздин Куткаруучубуз Кудайдын жана үмүтүбүз Теңир Ыйса Машайактын буйругу боюнча Ыйса Машайактын элчиси болгон Пабылдан

2 ишеним жолундагы чыныгы уулум Тиметейге салам! Сага Атабыз Кудай жана Теңирибиз Машайак Ыйса ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

Жалган окутуучулардан сак болуу

3 Македонияга кетип жатканымда, мен сенден муну өтүнгөм: Эфесте калып, кээ бирөөлөргө эскерт, алар башка окутууларды таратышпасын,

4 тамсилдер жана аягы жок санжыралар менен алек болушпасын, анткени ал нерселер ишенимди бекемдөөнүн ордуна көптөгөн талаш-тартыштарды туудурат.

5 Акыл-насааттын максаты болсо чын жүрөктөн чыккан сүйүү, таза абийир жана чыныгы ишеним болуп эсептелет.

6 Булардан алыстап, кээ бирөөлөр куру сөзгө кирип кетишти.

7 Алар мыйзам үйрөтүүчү болууну каалашат, бирок эмне жөнүндө айтып жатышканын, эмнени ырастап жатышканын өздөрү түшүнүшпөйт.

8 Ал эми биз мыйзамга ылайык колдонулган мыйзамдын жакшы экенин билебиз.

9 Мыйзам адил адамдар үчүн эмес, тескерисинче, мыйзамсыздар жана баш ийбестер, кудайсыздар жана күнөөкөрлөр, бузулгандар жана ыйык нерсени булгоочулар, ата-энесин өлтүрүүчүлөр, киши өлтүрүүчүлөр,

10 ойноштук кылып нике бузгандар, бачабаздар, адам уурдап сатуучулар, (ушакчылар, малга жанашуучулар), калпычылар, антты бузуучулар жана туура окутууга каршы тургандар үчүн берилгендигин билебиз.

11 Бул окутуу – берекелүү Кудайдын мага ишенип тапшырган даңктуу Жакшы Кабарына ылайык келген окутуу.

Кудайдын Пабылга көрсөткөн ырайымы

12 Мага күч берген Теңирибиз Машайак Ыйсага ыраазычылык билдирем, анткени Ал мени ишенимдүү деп таап, кызматка дайындады.

13 Мен мурда Кудайга тил тийгизгем, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктагам, кордогом, бирок мага ырайым кылынды, анткени мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам.

14 Биздин Теңирибиздин ырайымы мага ишеним жана Машайак Ыйсадагы сүйүү менен кошо мол төгүлдү.

15 «Машайак Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди» деген сөз туура жана бардык жагынан кабыл алынууга татыктуу. Мен ошол күнөөкөрлөрдүн биринчисимин.

16 Ыйса Машайакка ишенип түбөлүк өмүргө ээ боло тургандарга үлгү кылып көрсөтүү үчүн, Ал Өзүнүн чыдамдуулугун алгач мага көрсөтүп, мага ырайым кылды.

17 Түбөлүктүү Падыша, өлбөс, көрүнбөс, жалгыз акылман Кудай түбөлүккө урматталып, даңктала берсин! Оомийин.

18 Уулум Тиметей, мен сага өзүң жөнүндө айтылган пайгамбарчылыктарга ылайык жакшы аскер сыяктуу согушуп,

19 ишенимиңди жана абийириңди таза сактагын деп кеңеш берем. Кээ бирөөлөр абийирин таза сакташкан жок, ошондуктан алардын ишеними кыйроого учурады.

20 Именей менен Искендер ошондойлордон, Кудайга акарат келтирбөөнү үйрөнүшсүн деп, мен аларды шайтанга тапшырдым.

2-БӨЛҮМ

Сыйынуу жөнүндө

1 Ошентип, баарынан мурда суранарым: такыбаалык, тазалык менен бейпил жана коогасыз жашашыбыз үчүн,

2 бардык адамдар үчүн, падышалар жана бардык башкаруучулар үчүн сыйынгыла, өтүнгүлө, жалынгыла жана ыраазычылык билдиргиле.

3 Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат.

4 Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт.

5 Анткени Кудай бирөө, Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы да бирөө. Ал – адам болуп келген Машайак Ыйса.

6 Ал Өзүн бардык адамдар үчүн кун катары берди: өз убагында берилген күбөлөндүрүү ушул.

7 Мен ошол күбөлөндүрүүнүн жар салуучусу жана элчиси, ишеним жана чындык менен окуткан бутпарастардын окутуучусу болуп дайындалгам. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.

Эркектер менен аялдардын жүрүм-туруму

8 Ошондуктан мен эркектердин бардык жерде таза колдорун көтөрүп, ачууланбастан жана шектенбестен сыйынууларын каалайм.

9 Ошондой эле аялдар да өздөрүн өргөн чачы, алтын, бермет, кымбат баалуу кийим менен эмес, жөнөкөй кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен,

10 өздөрүн такыбаа жашоого арнаган аялдарга таандык болгон жакшы иштер менен жасалгалашсын.

11 Аял киши унчукпастан, толук баш ийүү менен үйрөнсүн.

12 Аял кишинин окутушуна, күйөөсүнө бийлик кылышына тыюу салам, ал унчукпасын.

13 Анткени адегенде Адам ата, андан кийин Обо эне жаратылган.

14 Адам ата азгырылган эмес, аял азгырылып, күнөөгө баткан.

15 Ошондой болсо да, эгерде ишенимди жана сүйүүнү, ыйыктыкты жана адеп-ахлактуулукту сактаса, бала төрөө аркылуу куткарылат.

3-БӨЛҮМ

Жыйын башчылары жөнүндө

1 «Ким Жыйындын башчысы болууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат» деп айтылып жүргөн сөз туура.

2 Бирок Жыйын башчысы кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болушу керек. Ал токтоо, акыл-эстүү, адептүү, чынчыл, меймандос, окутууга жөндөмдүү,

3 ичкиликке жакын эмес, эч кимге кол көтөрбөгөн, көр жеме эмес, дүнүйөкор эмес, тескерисинче, кичи пейил, тынчтыкты сүйгөн, акчаны сүйбөгөн,

4 өз үйүн жакшы башкара билген, балдарын өзүнүн кадыр-баркы менен баш ийдире алган адам болушу керек.

5 Анткени өз үйүн башкара албаган адам Кудайдын Жыйыны үчүн кам көрө алабы?

6 Текеберденип кетип, шайтан сыяктуу сотко кабылбашы үчүн, ал Кудайга жаңы кайрылгандардан болбошу керек.

7 Жаман сөзгө калбаш үчүн, шайтандын торуна түшпөш үчүн, ал сырттагылар тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон адам болушу керек.

Жыйын кызматчылары жөнүндө

8 Диакондор да өз кадыр-баркын сактай билген, эки сүйлөбөгөн, ичкиликке жакын эмес, дүнүйөкор эмес,

9 ишенимдин сырын таза абийир менен сактаган адамдар болуулары керек.

10 Бирок булар да адегенде сыналуулары керек, андан кийин, эгерде кемчиликсиз болушса, кызмат кылышсын.

11 Аялдар да өз кадыр-баркын сактай билген, ушак сүйлөбөгөн, акыл-эстүү, бардык нерседе ишенимдүү болуулары керек.

12 Диакон бир эле жолу үйлөнгөн, балдарын жана өз үйүн жакшы башкара билген адам болушу керек.

13 Анткени жакшы кызмат кылгандар жакшы даражага жетишет жана Машайак Ыйсага болгон ишеним жолунда зор кайраттуулукка ээ болушат.

Ишенимдин жашыруун сыры

14 Сага жакында барам деген үмүтүм бар болсо да, балким, кечирээк барып каламбы деп, ушул катты жазып жатам.

15 Чындыктын тиреги жана негизи, тирүү Кудайдын Жыйыны болгон Кудайдын үйүндө өзүңдү кандай алып жүрүүнү билишиң керек.

16 Ишенимдин сыры улуу экендиги шексиз: Кудай адам болуп келди, Анын адил экендиги Рух аркылуу далилденди, Ал периштелерге көрүндү, элдер арасында жар салынды, дүйнөдө ишеним аркылуу кабыл алынды, даңк менен жогору көтөрүлдү.

4-БӨЛҮМ

Ишеним жолунан четтөө жөнүндө

1 Рух болсо мындай деп ачык айтып жатат: акыркы убактарда адаштыруучу рухтарга жана жиндердин окутууларына кулак салып, кээ бирөөлөр ишенимден четтешет.

2 Бул окутуулар абийири күйүп кеткен калпычылардын эки жүздүүлүгү менен таратылат.

3 Алар үйлөнүүгө жана Кудай жараткан кээ бир тамактарды жегенге тыюу салышат. Бирок ал тамактарды ишенгендер менен чындыкты таанып билгендер ыраазычылык билдирүү менен жеши керек.

4 Анткени Кудай жараткан нерсенин бардыгы жакшы. Эгерде ыраазычылык менен кабыл алынса, эч бир нерсе четке кагылбоого тийиш.

5 Себеби алардын бардыгы Кудайдын сөзү жана сыйынуу менен ыйыкталынат.

Машайактын ишенимдүү кызматчысы

6 Ушуну бир туугандарга үйрөтсөң, өзүң жолдогон жакшы окутуунун жана ишенимдин сөздөрү менен азыктанган, Ыйса Машайактын жакшы кызматчысы болосуң.

7 Пайдасыз, куру сөздөрдөн кач. Такыбаа болууга машык.

8 Анткени денени машыктыруудан пайда аз, ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган.

9 Бул сөз чындык жана толугу менен кабыл алынууга арзыйт.

10 Анткени биз бардык адамдардын, айрыкча Ыйсага ишенгендердин, Куткаруучусу болгон тирүү Кудайдан үмүттөнгөндүгүбүз үчүн, эмгектенип да, кордукка чыдап да жатабыз.

11 Ушуну айтып үйрөт.

12 Эч ким сени жашсынтпашы үчүн, сен Ыйсага ишенгендерге сөзүң менен, жүрүш-турушуң менен, сүйүүң менен, ишенимиң менен, тазалыгың менен үлгү бол.

13 Мен келгенче, Ыйык Жазууну окуп берип, насаат айтып, үйрөтүп тур.

14 Пайгамбарчылык боюнча Жыйын башчыларынын кол коюп сыйынуусу аркылуу берилген жөндөмдүүлүгүңө көңүл коштук кылба.

15 Ошол үчүн кам көр, ошону таштаба, сенин ийгилигиңди бардыгы көргүдөй болсун.

16 Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың.

5-БӨЛҮМ

Элчинин Жыйын башчысына берген кеңештери

1 Кары кишини жемелебе, тескерисинче, ага атаң катары, жаштарга бир туугандарың катары,

2 кемпирлерге энең катары, жаш аялдарга эже-карындаштарың катары адеп-ахлактуулук менен акыл-насаат айт.

Жесирлер жөнүндө

3 Чыныгы жесир аялдарды сыйла.

4 Эгерде бир жесир аялдын балдары же неберелери болсо, анда алар адегенде өздөрүнүн үй-бүлөсүнө Кудайдан коркуу менен мамиле кылууну жана ата-энелери үчүн кам көрүүнү үйрөнүшсүн, анткени бул Кудайга жагат.

5 Чыныгы жесир, жалгыз бой аял Кудайдан үмүттөнүп, күнү-түнү сыйынат жана жалынат,

6 ал эми ыракатты сүйгөн аял – тирүүлөй өлүк.

7 Кемчиликсиз болуулары үчүн, аларга ушуларды үйрөт.

8 Ким өз туугандары үчүн, айрыкча өз үйүндөгүлөрү үчүн, кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам.

9 Жашы алтымыштан кем болбогон, бир эле жолу турмушка чыккан, жакшы иштери менен таанымал болгон жесир аял,

10 эгерде балдарын тарбиялап өстүргөн болсо, жолоочуларды кабыл алып, ыйыктардын бутун жууп, кыйналгандарга жардам берип, жакшы иштерди тырышчаактык менен кылып жүрсө, анда ал Жыйындын жесирлер тизмесине киргизилсин.

11 Жаш жесир аялдарды тизмеге киргизбе, анткени алар дене каалоолоруна алдырганда, Машайактын каалоолоруна каршы чыгып, күйөөгө тийүүнү самашат.

12 Алар өздөрүнүн алгачкы чечиминен баш тартышкандыктан, айыпталууга дуушар болушат.

13 Андан сырткары, алар жалкоо болушкандыктан, үйдөн үйгө киргенди адатка айландырып алышат. Алар жалкоо гана эмес, сүйлөөк да болушат, башка бирөөлөрдүн ишине кийлигишишет, керексиз нерселерди сүйлөшөт.

14 Ошондуктан мен жаш жесирлердин күйөөгө тийип, бала төрөп, үй иштерин кылуусун жана душмандын жамандоосуна себепкер болбоосун каалаймын.

15 Анткени алардын ичинен кээ бирлери азгырылып, шайтандын жолуна түшүп кетишти.

16 Эгерде Ыйсага ишенген адамдын, ал эркек болобу, аял болобу, жесир калган жакындары болсо, анда ал аларга жардам берсин, алар Жыйынга жүк болушпасын. Ошондо Жыйын чыныгы жесирлерге жардам бере алат.

Жыйын жетекчилери жөнүндө

17 Туура жетекчилик кылган Жыйын жетекчилерине, айрыкча насаат айтып, окутуп кызмат кылгандарга, эки эсе урмат көрсөтүлсүн.

18 Анткени Ыйык Жазууда: «Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба!» жана «Эмгектенген адам эмгек акысын алууга татыктуу», – деп жазылган.

19 Эки же үч күбө болбосо, Жыйын жетекчисине карата айтылган айыптоону кабыл алба.

20 Башкаларда да коркунуч болуш үчүн, күнөө кылгандарды бардыгынын алдында ашкереле.

21 Кудайдын, Теңир Ыйса Машайактын жана тандалган периштелердин алдында сенден суранарым: ушул көрсөтмөлөрдү эч кандай жаман ойсуз сакта, бардык нерседе калыс бол.

22 Башка бирөөлөрдүн күнөөлөрүнө ортоктош болуп калбаш үчүн, бирөөнүн үстүнө кол коюуга шашпа, өзүңдү таза сакта.

23 Мындан ары суу эле иче бербе, ашказаның менен тез-тез кармаган ооруларың үчүн аз-аздан шарап да ичип тур.

24 Кээ бир адамдардын күнөөлөрү сотко чейин эле белгилүү болот, ал эми кээ бирөөлөрдүн күнөөлөрү кийин билинет.

25 Ошол сыяктуу эле жакшы иштер да ачык көрүнүп турат, ачык көрүнбөсө да, жашыруун бойдон калбайт.

6-БӨЛҮМ

Кулдар жана кожоюндар жөнүндө

1 Кудайдын ысымына жана окутуусуна карата жаман сөз айтылбашы үчүн, кул сыяктуу моюнтурук астында жүргөндөрдүн бардыгы өз кожоюндарын урматталууга татыктуу деп эсептешсин.

2 Кожоюндары Ыйсага ишенгендер болсо, кулдары аларды бир туугандар деп тоотпой коюшпасын, тескерисинче, аларга тырышчаактык менен кызмат кылышсын, анткени жакшылык кылып жаткан кожоюндар – Теңирдин сүйүктүүлөрү. Ушуну айтып үйрөт.

Жалган окутуу жана акчага кызыгуу жөнүндө

3 Ким башка нерсени окутса жана туура сөздөрдү – биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын сөздөрүн сактабаса, такыбаалык жөнүндөгү окутууну жолдобосо,

4 анда ал текебер, эч нерсе билбейт, ал талашып-тартышуу, курулай айтышуу оорусуна чалдыккан. Бул нерселерден көрө албастык, чыр-чатактар, жамандоолор, жөнү жок шектенүүлөр, курулай талаш-тартыштар келип чыгат.

5 Мындай талаш-тартыштар акылынан айныган, чындыктан алыстап кеткен, такыбаалыкты байлыкка жетүүнүн жолу деп ойлогон адамдардын ортосунда болот. Ошондойлордон алыс бол.

6 Такыбаа болуу жана ыраазы болуу – улуу байлык.

7 Себеби биз бул дүйнөгө эч нерсе алып келген жокпуз, эч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү.

8 Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу.

9 Ал эми баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат.

10 Анткени бүт жамандыктын тамыры – акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты.

Пабылдын Тиметейге берген кеңеши

11 Ал эми сен, Кудайдын адамы, ушунун бардыгынан кач, тескерисинче, ишенимиңди, сүйүүңдү өстүрүүгө, адилет, такыбаа, чыдамкай, момун болууга умтул.

12 Ишеним үчүн болгон жакшы күрөштө тырышчаактык менен күрөш, түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың жана көп күбөлөрдүн алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөнсүң.

13 Бардыгына өмүр берүүчү Кудайдын алдында жана Понтий Пилаттын алдында жакшы ырастоону ачык күбөлөндүргөн Машайак Ыйсанын алдында мен сага буйрук кыламын:

14 Осуятты Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин, туура, так аткар.

15 Бул нерсени мактоого татыктуу, бирден-бир кубаттуу, падышалардын Падышасы, эгедерлердин Эгедери Өзү белгилеп койгон убакта ишке ашырат.

16 Ал – бирден-бир өлбөс, адам жетпей турган жарыкта жашаган Кудай. Аны эч бир адам көргөн эмес, көрө да албайт. Түбөлүк урмат-сый жана бийлик Ага таандык! Оомийин.

Байлар жөнүндө

17 Бул дүйнөдөгү байларга мындай деп насаат айт: алар өздөрү жөнүндө жогору ойлошпосун жана өздөрүнүн ишенүүгө болбой турган байлыгына таянышпасын, тескерисинче, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берүүчү тирүү Кудайга таянышсын.

18 Алар жакшылык кылышсын, жакшы иштерге байышсын, берешен болуп, башкалар менен бөлүшө билишсин.

19 Ошондо алар түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнаган болушат.

Акыркы эскертүү

20 Тиметей! Өзүңө ишенип тапшырылганды сакта, пайдасы жок куру сөздөрдөн жана жалган илимдин талаш-тартыштарынан кач.

21 Кээ бирөөлөр ошол илимге берилип, ишенимден четтеп кетишти. Кудай сага ырайымын төгө берсин! Оомийин.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz