Жаныбек
Жанызактын
менчик айылы

ЫЙЫК   КИТЕПКАНА 

даярдаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2005-ж.

ТИТКЕ ЖАЗЫЛГАН КАТЫ

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудай тандап алгандар ишениши үчүн жана такыбаалыкка жеткире турган чындыкты таанып билиши үчүн, Ыйса Машайактын элчиси болуп дайындалган Кудайдын кулу Пабылдан салам!

2 Элчилик ишим түбөлүк өмүргө болгон үмүткө негизделген. Ал өмүрдү жалган сүйлөбөгөн Кудай кылым менен белгиленген убакыт баштала электен мурун эле убада кылган.

3 Убагы келгенде, Кудай Өз сөзүн менин жар салуум аркылуу жарыялады. Жар салуу Куткаруучубуз Кудайдын буйругу боюнча мага ишенип тапшырылган.

4 Ишеним жолундагы чыныгы уулум Титке Кудай Атабыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Титтин Критте кылган кызматы

5 Мен сени бүтпөй калган иштерди бүтүрүшүң үчүн жана мен буйругандай, бардык шаарлардагы Жыйындарга башчыларды дайындашың үчүн Критте калтыргам.

6 Жыйын башчысы болуп дайындала турган адам кемчиликсиз, бир эле жолу үйлөнгөн адам болсун. Анын балдары жаман жолго түшүп же ээнбаштык кылып жаманатты болбогон, Теңирге ишенген балдар болушу керек.

7 Жыйын жетекчиси Кудайдын Жыйынын башкаруучу катары кемчиликсиз болушу керек. Ал өзүнүкүн бербеген, ачуулуу, ичимдикке жакын, мушташты сүйгөн, дүнүйөкор адам болбошу керек.

8 Тескерисинче, меймандос, жакшылыкты сүйүүчү, адеп-ахлактуу, адилеттүү, такыбаа, өзүн өзү кармай билген,

9 туура окутууга үйрөтө билиши үчүн жана каршы чыккандардын айыбын ача билиши үчүн, окутууга ылайык келген чындык сөзүн карманган адам болушу керек.

Жалган окутуучулар жөнүндө

10 Анткени баш ийбегендер, сөз деп эле сүйлөй бергендер, алдамчылар көп. Мындайлар, айрыкча сүннөткө отургузулгандардын арасында көп.

11 Алардын жаагын жап кылуу керек. Алар өз керт башынын уятсыз кызыкчылыктары үчүн, окутпаш керек болгон нерсени окутуп, кээ бир үй-бүлөлөрдү толугу менен бузушат.

12 Өздөрүнүн эле арасынан бирөө, алардын бир акыны: «Криттиктер дайыма калп айтышат, алар – ырайымсыз жырткычтар, жалкоо соргоктор», – деп айткан.

13 Бул күбөлөндүрүү туура. Ошол себептен алар жүйүттөрдүн тамсилдерине жана чындыктан тайган адамдардын буйруктарына көңүл бурбастан,

14 ишенимди туура тутушу үчүн, алардын айыбын аёосуз ашкереле.

15 Тазалар үчүн бардыгы таза. Ал эми таза эмес жана ишенимсиз адамдар үчүн таза нерсе жок, анткени алардын акылы да, абийири да булганган.

16 Алар Кудайды билебиз деп ырасташат, бирок кара ниет, баш ийбес, жакшы иштерди кылууга жөндөмсүз болушкандыктан, кылган иштери менен Аны танышат.

2-БӨЛҮМ

Ыйсага ишенгендердин жашоосу

1 Сен болсо туура окутууга ылайык келген нерсени айт.

2 Карыялар кыраакы, оор басырыктуу, адеп-ахлактуу болушсун, алардын ишеними, сүйүүсү жана чыдамдуулугу туура болсун.

3 Ошондой эле улгайган аялдар өздөрүн такыбаа алып жүрүшсүн, алар ушакчы жана шараптын кулу болушпасын, жакшылык кылууга үйрөтүшсүн,

4 Кудай сөзүнө тил тийбеши үчүн, алар жаш аялдарды күйөөсүн, балдарын сүйүүгө,

5 адеп-ахлактуу, таза, үйгө камкор, кең пейил болууга, күйөөсүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн.

6 Жаштарды да адеп-ахлактуу болууга чакыр.

7 Жакшы иштерди кылып, бардык нерседе өзүң үлгү бол, окутууда тууралыкты, олуттуулукту көрсөт,

8 сөзгө калбагыдай болуп, туура сөздөрдү сүйлө. Каршы чыккан адам биз жөнүндө эч бир жаман сөз айта албай, уят болсун.

9 Кулдарга айт, бардык жагынан биздин Куткаруучубуз Кудайдын окутуусуна жасалга болуш үчүн, алар өз кожоюндарына бардык нерседе баш ийишсин, алар менен айтышпай, уурулук кылбай,

10 тескерисинче, бардык нерседе ишенимдүүлүк көрсөтүп, кожоюндарынын көңүлүнө жагышсын.

Куткара турган ырайым

11 Анткени Кудайдын бардык адамдарды куткара турган ырайымы айкын болду.

12 Бул ырайым бизди кудайсыздык менен бул дүйнөнүн кумарларын четке кагууга, азыркы мезгилде адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашоого үйрөтүп жатат.

13 Биз ыйык үмүттү, улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машайактын даңкынын көрүнүшүн күтүп жашашыбыз керек.

14 Бизди бардык мыйзамсыздыктан куткарып, тазалап, бизден Өзүнө таандык, жакшы иштерди кылууга тырышкан эл жаратуу үчүн, Машайак биз үчүн Өзүн берген.

15 Ушуну бийлик менен айт, акыл-насаат айт, ашкереле. Эч ким сени тоотпой койбосун.

3-БӨЛҮМ

Ыйсага ишенген адамдын жүрүш-турушу

1 Ишенгендерге эскерт: алар башкаруучулар менен бийликтегилерге баш ийишсин, тил алышсын жана бардык жакшы иштерди жасоого даяр болушсун,

2 эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын.

3 Анткени биз да бир кезде акылсыз, баш ийбес, адашкан, кумарлардын жана ар кандай күнөөлүү каалоолордун кулу болгон, жамандык, көрө албастык кылып жашаган, жек көрүндү, бири-бирибизди жек көргөн адамдар элек.

4 Бирок Куткаруучубуз Кудайдын жакшылыгы жана адамдарга болгон сүйүүсү айкын болгондо,

5 Ал бизди адил иштерибиздин негизинде эмес, Өзүнүн ырайымынын негизинде кайра төрөлтүү менен жуунтуу жана Ыйык Рух аркылуу жаңылантуу менен куткарып алды.

6 Биз Кудайдын ырайымынын негизинде акталып, үмүтүбүзгө ылайык түбөлүк өмүрдүн мураскорлору болуп калышыбыз үчүн,

7 Кудай ал Ыйык Рухту Куткаруучубуз Ыйса Машайак аркылуу үстүбүзгө мол төктү.

8 Бул сөз чындык, ошондуктан Кудайга ишенгендер жакшы иштерди кылууга тырышчаактык менен аракеттенүүлөрү үчүн, мен сенин ушул жөнүндө ынандырышыңды каалайм. Анткени бул жакшы жана адамдарга пайдалуу.

9 Акылсыз уруш-талаштардан жана ата-текти териштирүүдөн, мыйзам тууралуу талашып-тартышып чатакташуудан кач, анткени мунун бардыгы пайдасыз жана маанисиз.

10 Бир же эки жолу эскерткенден кийин, бөлүп-жаруучу адамдардан четтегин.

11 Анткени сен мындай адамдын бузулганын, күнөө кылып жатканын, ошентүү менен өзүн өзү айыптуу кылып жатканын билесиң.

Тапшырмалар жана саламдар

12 Мен сага Артемасты жана Тихикти жиберем. Алар баргандан кийин, сен мага, Никополго келүүгө аракет кыл, анткени мен кышты ошол жерден өткөрүүнү чечтим.

13 Мыйзам окутуучу Зенас менен Аполосту жолго чыгарарыңда, алар үчүн кам көр, эч нерсеге муктаж болбогудай болушсун.

14 Жемишсиз болуп калбаш үчүн, биздикилер да жакшы иштерди кылууга көнүгө беришсин, керек болгон учурда башкалардын муктаждыктарын канааттандыргыдай болушсун.

15 Жанымдагылардын бардыгы сага салам айтып жатышат. Ишеним жолунда бизди сүйгөндөрдүн бардыгына салам айт. Кудай бардыгыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.








Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz