Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

СӨЗДҮК 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


СӨЗДҮК

Айкаш жыгач - Рим империясы учурунда өлүм жазасына өкүм кылынган адамды жазалоо үчүн колдонулган айкаш жыгач. Эч кандай күнөө кылбаган Ыйса Машайак өлүм жазасына өкүм кылынган күнөөкөр адамзатты куткаруу үчүн айкаш жыгачка кадалган. (Лк.23.33;Рим.6,10)

Адам Уулу. Даниел пайгамбардын китебинде (7,13-14) бул ысым Машайакка колдонулган. Ыйса Өзү жөнүндө айтып жатканда. Өзүн ушул ысым менен атаган.

Альфа жана Омега грек алфавитинин биринчи жана акыркы тамгалары. Ыйса "Альфамын жана Омегамын" деп айтуу менен башы жана аягы экенин билдирген. (Аян 1.8; Кол. 1,15-18)

Башкы ыйык кызмат кылуучу жылына бир жолу "ыйыктын ыйыгы" деп аталган жайга элдин күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын каны менен кирип, Кудай алдында арачылык кылып сыйынган адам.

Белзебул - Ысрайыл элинин тегерегиндеги элдер табынган жалган кудайдын аты. Инжилде бул ат жиндердин башчысы шайтанды билдирет. (Мт. 12,24)

Буркан (бут) бутпарастар кудай деп сыйына турган айкел. Бутка сыйынуучулар жана табынуучулар бутпарастар деп аталышат.

Жакшы Кабар - Ыйса Машайактын төгүлгөн канынын негизинде адамдардын күнөөлөрүнүн кечириле тургандыгы тууралуу кабар. (Элч. иш. 5,42; Рим. 1,16-17).

Жогорудан төрөлүү Ыйса Машайакка ишенип тобо кылган адамдын жаңы табиятка ээ болуусу, ички дүйнөсүнүн өзгөрүүсү. Жогорудан төрөлүүнү Кудай ишке ашырат. (Жкн. 3,3)

Жыйын Ыйса Машайакка ишенген, жогортодон төрөлгөн, Анын эркин аткарып жашаган адамдардын тобу. (Мт. 16,18; Элч. иш. 2.47).

Диакон Жыйында материалдык кызматты алып барган адам. Грек тилинен алынган бул сөз "кызмат кылуу" деген маанини берет.

Зилот он эки элчинин бири Шымондун кошумча аты. Бул сөз "улутчул" деген маанини берет. Шымон Ыйсага ишенгенге чейин жүйүттөрдүн арасындагы зилоттордон турган партиянын мүчөсү болгон.

Ишемби -эврей календары боюнча жетинчи күн. Кудайдын мыйзамы боюнча бул күндү ыйык тутуп эс алышкан. (Чыг.20,10-11).

Кечки Тамак - Ыйса Теңирдин күнөөкөрлөр үчүн азап чегип өлгөндүгүн эскерүү расмиси. (1 Кор.11-бөл.)

Күкүрттүү көл - Ыйса Машайак аркылуу күнөөлөрү кечирилбеген адамдар, жалган пайгамбарлар, шайтан жана күнөөгө баткан периштелер түбөлүккө жазалана турган жай. (Аян 20,10)

Күнөө - бул Кудайга тил албоо, Анын осуяттарын, мыйзамдарын аткарбоо. (1Жкн.З,4).

Лебилер - Ысрайылдын он эки уруусунун бири Лебиден тараган, Кудай Өзүнө кызмат кылыш үчүн тандап алган адамдар. (Сан. 1,47-53; 18, 21-24)

Манна. Эврейче - "Ман-ху". "Бул эмне?" деп которулат. Ысрайыл эли чөлдө жүргөндө, Теңир асмандан жаадырган кичинекей, тоголок, катуу дан.(Чыг. 16,4.14-15)

Машайак Кудай убада кылган Куткаруучуга берилген наам. Грек тилинде "Христос", эврей тилинде - "Машиах". Бул "майланган" деген маанини берет.

Назир. Бул сөз "бөлүнгөн" же "арналган" деген маанини берет. Өзүн Кулайт арнап назир болгон адамдар чачын алдырышкан эмес, өлүккө тийишкен эмес, күчтүү ичимдик ичишкен эмес, жүзүм да, жүзүмдөн жасалган тамактарды да жешкен эмес. Назир болууга берген убадасынын мөөнөтү бүткөндө, курмандык чалып, чачын алдырышкан. (Сан.6-бөл.)

Ондук бардык түшүмдүн, кирешенин Кудайга бериле турган ондон бир бөлүгү. (Леб. 27.30)

Оомийин "чындык, чын эле ушундай" деген маанини берген сөз. Бул эврей тилиндеги "амен" деген сөздөн алынган.

Орозо белгилүү бир убакка чейин тамак-аштан баш тартып. Кудайга жалынуу. Орозону Кудайдын алдында күнөөлөрүн мойнуна алып өзүн жоошутууда, кыйынчылыкка дуушар болгондо, ооруганда, кандайдыр бир ишти баштарда, жакындары үчүн арачылык кылууда кармашкан. (Ыш.58-бөл.)

Өлүм жандын денеден ажыроосу, күнөөкөр адамдын Кудайдан түбөлүккө ажыроосу. (Нас. 12,7; Аян 20,14)

Пасах - эврей элинин майрамы. Бул сөз "кыя өтүү", "тийбей өтүү" деген маанини берет. Кудай мисирликтерди жазалап жатканда, эврейлердин үйүнөн кыя өтүп кеткен.

Пес оорусу - жугуштуу, айыкпас тери оорусу. (Леб. 13-бөл.)

Рух. Бул сөз "илеп", "жел" жана "дем" дегенди билдирет. Библияда төмөнкүлөрдү билдирүү үчүн колдонулат:
1. Кудайдын Руху (Башт. 1,2);
2. Адамдын руху (Башт. 2,7; 1 Кор. 2,11; Нас. 12.7);
3. Периштелер (Эвр. 1,14; Жкн. 3.36);
4. Таза эмес рухтар (Мк. 1,27).

Садукейлер өлгөн адамдардын тирилерине, өлгөндөн кийин жашоо бар экендигине ишенбеген диний топтун мүчөлөрү.

Себайот Теңир Кудайдын ысымдарынын бири. Себайот деген сөздүн мааниси "асман кошууну" жана "асман күчтөрү" дегенди билдирет. (1 Шем.1,11)

Синагога эврейлердин Кудайга табына турган жана "Тоорат", "Забур", "Пайгамбарлар" китептерин изилдеп окуй турган жайы.

Синедрион эң жогорку бийлик жана сот органы. Синедриондун курамы башкы ыйык кызмат кылуучулардан, аксакалдардан, мыйзам окутуучулардан жана фарисейлерден турган. Синедрион, негизинен, динге байланыштуу суроолорду караган.

Сууга чөмүлдүрүлүү Ыйса Теңирдин ишенгендерге калтырган осуяты. (Мт.28,19)

Сүннөт Кудайдын Ыбрайым жана анын тукуму менен түзгөн келишиминин белгиси. Ысрайылдык болобу, анын күмүшкө сатылып алынган кулу болобу, ар бир эркек, Теңир Ыбрайымга буйругандай, сүннөткө отургузулушу керек болгон. (Башт. 17, 10-14)

Сыйынуу - тирүү Кудай менен болгон тирүү байланыш, б.а., адамдын үнүн чыгарып же ичинен, түздөн-түз Кудайдын Өзүнө кайрылуусу; Ага өзү-нүн жан дүйнөсүндөгү, күндөлүк жашоосундагы бардык нерсесин: кайгы-кубанычын, суроолору менен муктаждыктарын айтуусу, ошондой эле Андан жооп күтүүсү. Жыйынтыктап айтканда, адамдын Кудай менен сүйлөшүүсү.

Тобо кылуу - адамдын өз күнөөлөрүн мойнуна алып. Кудайдан кечирим алуусу, оюн өзгөртүүсү жана Кудай тарабынан жогортодон төрөлүүсү.

Түбөлүк өмүр - бул Кудай менен бирге түбөлүк жашоо. Бул - Кудайдын белеги. Ыйса Машайак аркылуу күнөөлөрү кечирилген адамдар түбөлүк өмүргө ээ болушат, башкача айтканда, бейишке барышат. (Жкн. 3,36: Аян 21. 1-7:21,8)

Терафим - үйгө коюлган буркан.

Фарисейлер - эврейлердин диний-саясий тобунун мүчөлөрү. Алар садукейлерден айырмаланып, рухтар бар экенине, өлгөндөн кийин жашоо бар экенине ишенишкен.

Ыйык Рух - үч бирдиктүү Кудайдын (Ата, Уул, Ыйык Рух) бир Инсаны.




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz