![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Кудайдын түбөлүктүү Сөзү жөнүндө (1:1-3) Эң башында Cөз болгон, Cөз Кудай менен болгон жана Кудай Сөз болгон. Сөз эң башында Кудай менен болгон. Баары Сөз аркылуу жаратылган. Баары ошол ошол Сөз аркылуу пайда болгон жана пайда болгон нерселердин эч бири өзүнөн өзү пайда боло калган эмес. Кудайдын Жарыгы жана бул дүйнөнүн караңгылыгы (1:4-13) Сөздө өмүр бар болгон жана ошол өмүр адамдардын жарыгы болгон. Жарык караңгыда жаркырап, жанып турса да, аны караңгы басып кала албаган. Кудай тарабынан жиберилген бир Жакан аттуу киши болгон. Ал сөзү аркылуу адамдардын баары ишене алышсын деп, Жарык тууралуу айтып берүү үчүн күбө катары келген. Жакан өзү Жарык болгон эмес, ал Жарыктын күбөсү болуу үчүн гана келген... Бул дүйнөгө келген ар адамга жарыгын чача турган чыныгы Жарык келе жатты. Бул дүйнөдө ошол Жарык бар болчу, бул дүйнө ошол Жарык аркылуу жаратылган, а бирок бул дүйнө аны тааныган жок. Жарык өз элине келди, бирок өз эли аны кабыл албады. Ал эми кабыл алып, ага ишенгендерге ал Кудайдын балдары болуу бийлигин берди. Алар кандан эмес, дененин же эркектин каалоосунан эмес, Кудайдан туулгандар. Сөздүн адам кейпин кийиши жөнүндө (1:14-18) Мээрим менен акыйкатка толгон ошол Сөз адам кейпин кийип, арабызда өмүр сүрдү. Биз Кудайдын жалгыз Уулунукундай улуулукту ошондон көрдүк. Жакан ал тууралуу адамдарга, кыйкыра жар салып жүрдү: - "Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон" деп, ушул киши тууралуу айткан болчумун! Анын жеткилең толуктугунан баарыбыз ырайымдын үстүнө ырайым алып жатабыз. Мыйзам Муса аркылуу берилген, ал эми ырайым менен акыйкат болсо Ыйса Машаяк аркылуу келди. Чындыгында Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Жападан жалгыз Кудайды бизге Атасынын ичиндеги Машаяк түшүндүрүп берди. Жакандын өзү жөнүндө берген күбөлүгү (1:19-28) Иерусалимдик яхудейлер диний кызматкерлер менен левиттердин5 бир нечесин Жакандын ким экендигин билип келүү үчүн жиберишти. Жакан өзүнүн ким экенин жашырбастан аларга ачык айтты: - Мен Машаяк эмесмин, - деди ал. Тигилер: - Анда эмне, Илияс пайгамбарсыңбы? - дешти. Жакан: - Жок! - деп жооп кайтарды. Тигилер: - Балким келе турган Пайгамбар сен чыгарсың? - деп сурашты. - Жок! - деди Жакан. - Бизди жибергендерге жообуңду айта баралы, ким экениңди айтып койчу? Өзүңдү ким деп эсептейсиң? Ошондо Жакан Исаия пайгамбардын сөзүн келтирип жооп берди: - "Мен чөлдө зарлаган үнмүн. "Теңирге жол даярдагыла!"" Жиберилгендердин арасынан парызчылдар тобуна киргендеринен бирөө: - Сен Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, анда неге элди сууга чөмүлдүрүп жатасың? - деди. Жакан: - Мен жөн гана сууга чөмүлдүрөм, бирок араңарда силер билбеген Бирөө бар. Менден кийин ошол келет. Мен анын чарыгынын боосун чечүүгө да татыбайм. Бул окуя Жакан адамдарды сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Иордан дарыясынын жанындагы Бетабара айылынын тушунда болуп өттү. Кудайдын козусу (1:29-34) Кийинки күнү Жакан өтүп бараткан Ыйсаны көрүп: - Карагыла, адамзаттын күнөөсүн мойнуна ала турган Кудайдын Козусу келатат! "Аркамдан Келаткан озуп кетти, анткени ал менден мурда эле бар болгон" деп ушул киши тууралуу айткан болчумун. Мен бу кишини мурда таанычу эмесмин, бирок адамдарды сууга чөмүлдүрүп жүргөндөгү максатым: аны элге таанытуу болчу, - деди. Жакан дагы мындай деди: - Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн сымал көктөн түшүп келип, анын үстүндө турганын көрдүм. Эгерде мени адамдарды сууга чөмүлдүрүүгө Жиберген: "Кимге Ыйык Рух асмандан түшүп келгенин көрсөң, адамдарды Ыйык Рухка ошол чөмүлдүрөт!" - деп айтпаган болсо, мен да аны тааный алмак эмесмин. Мен Ыйык Рухтун кимге түшкөнүн көрдүм, ошондуктан анын Кудай Уулу экенин күбөлөндүрүп жатам, - деди. Идрис менен Петростун чакырылышы (1:35-42) Кийинки күнү Жакан эки шакирти менен сүйлөшүп турган. Аңгыча жанынан өтүп бараткан Ыйсаны көрө калып: - Карагыла, Кудайдын Козусу ушул! - деди. Шакирттери бул сөздү угаары менен Ыйсанын артынан түшүштү. Ошондо Ыйса артына кылчая карап, алардын келе жатканын көрдү да: - Силерге эмне керек? - деди. Алар: - Рабби, сиз каерде жашайсыз? - деп сурашты. Ыйса: - Жүргүлө, көрүп кеткиле! - деп жооп берди. Алар Ыйса менен бирге барып, кайда жашаганын көрүштү да ошол күндү аны менен чогуу өткөрүштү. Убакыт түштөн ооп калган болчу. Жакандын айтканынан улам Ыйсанын ээрчип кеткендердин бири Ысман Петростун агасы Идрис болчу. Идрис адегенде иниси Ысманга барып: - Биз Машаякка жолуктук! - деп, анын Ыйсага ээрчитип келди. Ыйса Ысманга тике карап: - Сен - Жүнүс уулу Ысмансың. Мындан ары атың "Кефас" болсун! - деди. Филип менен Натанаилдин чакырылышы (1:43-51) Кийинки күнү Ыйса Галилеяга барууну чечти да Филипоско барып: - Мени ээрчи! - деди. (Филипос Идрис менен Петрос сыяктуу эле Бетсаида шаарынан эле.) Ал Натанаилди таап: - Биз Муса жана башка пайгамбарлар өз китептеринде жазып кеткенге жолуктук. Ал назареттик Жусуптун уулу Ыйса экен! - деди. Бирок Натанаил: - Ай койчу, Назареттен да бир жакшы нерсе чыкмак беле? - деп ишенбеди. - Анда барып, өз көзүң менен көрүп келбейсиңби! - деди ага Филипос. Келе жаткан Натанаилди көргөндө Ыйса: - Мына, ичинде кытмырлыгы жок накта израилдик келатат! - деди. - Сен мени кайдан билесиң? - деди таңкалган Натанаил. Ыйса: - Филипос чакырардан мурда эле анжирдин түбүндө турганыңда көргөм, - деди. Ошондо Натанаил: - Устат, сен - Кудайдын Уулусуң! Сен - Исраилдин Падышасысың, - деди. - Сен "анжирдин түбүндө турганыңда көргөм" дегенимден ишенип жатасың, - деди ага Ыйса, - али мындан улуу иштерди көрөсүң. Силерге бир чындыкты айтып коеюн: көк ачылып, Кудайдын периштелеринин Адам Уулунун* үстүнө түшүп-чыгып жатканын көрөсүңөр. |
|