![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Чабан тууралуу икая (10:1-5) - Силерге бир чындыкты айтып коеюн: ким кой короого эшигинен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал ууру-кески. Эшик менен кирген болсо чабан. Күзөтчү ага эшикти ачып берет. Койлору да анын үнүн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан атап чакырат да, сыртка алып чыгат. Алып чыгып, алдынан баштап басат, койлору болсо аны ээрчишет, анткени анын үнүн таанышат. Чоочунду ээрчишпей, качышат, анткени чоочун үндү таанышпайт. Бейиштин эшиги тууралуу икая (10:6-10) Ыйса аларга ушул икаяны айтып бергенде алар анын маанисине түшүнүшкөн жок. Ошондуктан Ыйса кайрадан мындай деди: - Мен силерге чындыкты айтып жатам: мен койлорго эшикмин. Мага чейин келгендердин баары ууру-кескилер болушкан, бирок койлор аларды угушкан эмес. А мен - эшикмин. Ким мен аркылуу кирсе, анда ал куткарылат. Кирип-чыгып, жайыт табат. Ууру уурдоо, өлтүрүү жана кууратуу үчүн гана келет. А мен болсо өмүр берүү үчүн, болгондо да ашып-ташыган берекелүү өмүрдү берүү үчүн келдим. Чабан жана ага жалданган койчулар (10:11-18) Мен - жакшы Чабанмын. Жакшы чабан өзүнүн койлору үчүн жанын берүүгө даяр, ал эми жалчы чыныгы койчу эмес, анткени койлор аныкы эмес. Ал келе жаткан карышкырды көргөндө койлорду таштай качат. Карышкыр койлорду кырып, туш-тушка кубалайт, а жалчы болсо качып кетет, анткени ал жалчы, ошондуктан койлор үчүн ичи ачышпайт. Мен - жакшы Чабанмын. Мен өзүмдүн койлорумду тааныйм. Койлорум да мени таанышат. Атам мени тааныгандай, мен да Атамды тааныйм жана койлорум үчүн жанымды берем. Менин дагы башка койлорум бар. Алар бул короодон эмес. Ошондуктан аларды да алып келишим керек. Алар да менин үнүмдү угушат, ошондо бир короо, бир Чабан болот. Мен өз өмүрүмдү кайра кабыл алуу үчүн берем, ошондуктан Атам мени жакшы көрөт. Эч ким өмүрүмдү зордоп, тартып алып жаткан жери жок, мен аны өз ыктыярым менен берип жатам. Өз өмүрүмдү берип салууга да, кайрадан кабыл алууга да бийлигим бар. Бул Атамдын мага: "Сен ушундай кылышың керек!" деп айткан буйругу. Ыйсанын ким экендиги тууралуу талаш (10:19-21) Ыйсанын бул сөздөрүнөн яхудейлердин арасында кайрадан талаш чыкты. Бир тобу: "Буга жин тийиптир, дабдырап атат. Эмне муну угуп турсыңар?" - десе дагы башкалары: "Бул сөздөр жиндинин сөздөрү эмес, жин сокурдун көзүн ача алмак беле?" - дешти. Яхудейлердин ишенбестиги (10:22-42) Кыш мезгили эле. Иерусалимде "Ибадаткананы Кудайга арноо" деп аталган майрам өтүп жаткан. Ыйса ибадаткананын "Сулаймандын короосу" деп аталган жеринде ары-бери басып жүрдү. Ошондо яхудейлер аны курчап алышып: - Дагы канчага чейин башыбызды катырасың!? Машаяк болсоң ачык айт! - дешти. Ыйса аларга мындай деп жооп берди: - Айткам, бирок силер ишенбей жатпайсыңарбы. Атамдын урматына жасап жаткан укмуштуу иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүп жатат, бирок силер ишенбейсиңер, анткени силерге айтканымдай силер менин койлоруман эмессиңер. Менин койлорум үнүмдү таанышат. Мен да аларды тааныйм. Алар мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүктүү өмүр берем. Алар эч качан куурашпайт. Аларды эч ким менин колуман уурдап кете албайт. Аларды мага берген Атам баарынан улуу. Эч ким Атамдын колунан аларды уурдап кете албайт. Атам экөөбүз бирбиз. Ушул жерден яхудейлер аны ташбараңга алганга даярданышты. Ошондо Ыйса аларга: - Мен силерге Атамдан көп жакшы иштерди көрсөттүм. Эми кайсынысы үчүн мени ташбараңга алгыңар келип жатат? - деди. - Сени жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайга акаарат келтиргениң үчүн, адам болуп туруп өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн ташбараңга алалы деп атабыз! - "Силерди мен кудайларсыңар дедим" деп өзүңөрдүн Мыйзамыңарда деле жазылып турбайбы? Демек, Мыйзамда Кудайдын Сөзү айтылгандарды "кудайлар" деп айтылса Ыйык Жазма бузулбайт экен да туурабы? Анда кантип Атам атайын тандап алып, бул дүйнөгө жиберген мен: "Мен - Кудайдын Уулумун", десем силер: "Сен Кудайга акаарат айтып жатасың!" - дейсиңер? Эгерде мен Атамдын иштерин аткарбай жатсам, анда мейли ишенбей эле койгула. Эгерде аткарып жатсам, анда менин өзүмө ишенбесеңер да Атамдын мени менен жана менин Атам менен бир экендигин түшүнүп, текшерип алуу үчүн жок дегенде менин кылган иштериме ишенишиңер керек. Кайрадан Ыйсаны кармоонун жолун издешти, бирок Ыйса аларды таштап, ары басып кетти. Мурда Жакан чөмүлдүрүп жүргөн жерге кайра келип, ошол жерде калып калды. Ага келген адамдардын аягы суюлбады. Алар: - Жакан эч кандай деле укмуш иш жасабаса да бул киши тууралуу айткандарынын баары чын экен, - дешти. Көп адамдар ошол жерге келип, Ыйсага ишеништи. |
|