![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Элазардын кайра тирилиши (11:1-45) Бетания айылында жашаган бир Элазар деген киши катуу ооруп жатты. Мария менен анын сиңдиси Марипа да ошол айылда турушчу. Устатты май менен майлап, бутун чачы менен аарчыган аял Элазардын карындашы - ушул Мария эле. "Устат, сиздин жакшы көргөн жакын адамыңыз ооруп, төшөккө жатып калды", деп айттырып, эже-сиңди Ыйсага кабар жиберишти. Ыйса муну укканда: "Бул ооруунун арты кайырлуу болот. Бул ооруу Кудайдын даңкы чыксын үчүн, Кудай Уулунун зоболосу көтөрүлүүсү үчүн берилиптир", - деди. Ыйса Марипаны да, сиңдисин да, Элазарды да абдан жакшы көрчү. Ошондуктан Элазардын ооруп жатканын укканда, турган жеринде дагы эки күн калып калды. - Жүргүлө, Яхудияга кайра баралы, - деди эки күн өткөндө шакирттерине. - Устат, жакында эле яхудейлер сизди ташбараңга алмакчы болушпады беле? Кайра баралы дегениңиз кандай? - дешти шакирттери. Ыйса аларга: - Күндүзү он эки саат бар эмеспи? Күндүз жүргөн мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрүп турат, ал эми түндө жүргөн мүдүрүлөт, анткени түндө жарык жок, - деди да: - Элазар досубуз уктап калыптыр. Мен аны ойготуу үчүн барганы жатам, - деди. Ошондо шакирттери: - Теңир, эгер уктап калса, анда жакшы болуп кетет, - дешти. Ыйса анын өлүмүн айтып жаткан, шакирттери болсо жөнөкөй уйку тууралуу айтып жаткан экен деп ойлошту. Ошондо Ыйса ачык айтты: - Элазар каза болду. Эми, барганыңарда өз көзүңөр менен көрүп, ишенип каласыңар деп, силер үчүн ал жакта болбогонума кубанып жатам. Жүргүлө баралы. Ошондо Томас (Томастын дагы бир аты Эгиз) шакирттерге: - Жүргүлө, биз да барып, аны менен бирге өлөлү! - деди. Ыйса келип, Элазардын төрт күндөн бери көрдө жатканын билди. Бетания болсо Иерусалимден алыс эмес, андан он беш чакырымдай гана аралыкта жайгашкан айыл эле. Мария менен Марипага көптөгөн яхудейлер көңүл айтууга келишти. Марипа Ыйсанын келе жатканын угуп, алдынан тосо чыкты. Мария болсо үйдө калды. Марипа Ыйсага келип: - Устат, бул жерде болсоңуз, агам өлмөк эмес, бирок азыр да Кудай суранганыңызды берерин билем, - деди. Ыйса: - Агаң кайра тирилет, - деп жооп берди. - Билем, акыр заманда, кыяматта кайра тирилээрин билем, - деди Марипа. - Кыямат менен өмүр - менмин, мага ишенген адам, өлсө да кайра тирилет. Ал эми өмүр сүрүп, мага ишенимин арткан адам эч качан өлбөйт. Ушуга ишенесиңби? - Ооба Устат, сиздин бул дүйнөгө келген Машаяк, Кудай Уулу экениңизге ишенем. Марипа ушундай деп, кайра артына барды да сиңдиси Марияны жашыруун чакырып алып: "Устат келиптир, сени чакырып жатат", - деди. Мария бул сөздү угар замат шашылыш түрдө ордунан туруп, Ыйсага жөнөдү. Ыйса кыштакка али кире элек эле. Ал Марипага жолуккан жерде турган. Марияга көңүл айтып үйдө отурган яхудейлер болсо, анын шашылыш чыгып кеткенин көрүп, аркасынан жөнөштү. Марипа көргө барып ыйлаганы кетти го деп ойлошкон эле. Мария болсо Ыйсанын алдына келип, бутуна жыгылды: - Устат, бул жерде болгонуңузда агам өлбөйт эле, - деди. Мариянын жана аны менен кошо келген яхудейлердин ыйлап жатканын көргөндө Ыйсанын өзүнүн да каңырыгы түтөп кетти. - Аны кай жерге койдуңар? - деди Ыйса. Тигилер: - Жүрүңүз көрсөтөлү, - дешти. Ыйса жашып кетти. Ошондо яхудейлер: - Карачы, Элазарды кандай жакшы көргөнүн! - дешти. Кээси: - Сокурдун көзүн ачкан мунун колунан Элазарды да өлбөс кылып коюу келбейт беле? - дешти. Ыйса болсо кайрадан ичинен сыздап, көргө барды. Көр аскадан оюп жасалган үңкүрдө эле. Оозунда таш жаткан. - Ташты алып салгыла! - деди Ыйса. - Устат, денеси жыттанып кетти го, жатканына төрт күн болуп калды, - деди Марипа. Ыйса ага: - Эгерде ишене турган болсоң Кудайдын улуулугун көрөсүң дебедим беле? - деди. Ошентип, маркумдун көрүнүн оозундагы ташты алып коюшту. Ыйса көктү карап: - Атаке, мени уккандыгың үчүн сага ыраазымын. Угарыңды мурда эле билгем, бирок муну мени сенин жибергениңе ишенип калсын деп, жанымда турган эл үчүн айттым, - деди да катуу үн менен: - Элазар, тышка чык! - деп кыйкырды. Ошондо колу буту кепинге оролгон киши чыга келди. Башы да жоолук менен таңылуу эле. Марияга келген яхудейлердин көбү Ыйсанын кылган ишин көрүп, ага ишенип калышты. Диний кеңештин чечими (11:46-57) Кээ бир яхудейлер парызчылдарга барып, Ыйсанын кылганын айтып беришти. Бул окуяны укканда яхудей муфтийлери менен парызчылдар жогорку кеңешти чогултуп: - Эмне кылалы? Бу киши көп укмуштарды кылып жатат. Эгерде ушул бойдон тим койсок, элдин баары ага ооп кетет. Анан римдиктер келип, эл-жерибизди ээлеп алат, - дешти. Алардын арасында ошол жылга муфтий шайланган Каяпа дегени жогорку кеңешке кайрылып: - Силер эч нерсени аңдабайсыңар, элдин баары кырылып калгандан көрө эл үчүн бир адамдын өлгөнү артык экенин ойлоп койсоңор боло! - деди. Имам муну өз оюнан чыгарган жок, бирок ошол жылга муфтий шайланган ал Ыйсанын яхудей эли үчүн жана яхудейлер үчүн гана эмес туш-тушка тараган бардык Кудайдын балдарын бир бүтүн кылып жыйноо үчүн өлө турганына пайгамбарчылык кылып койгонун өзү да байкабай калды. Ушул күндөн тартып, Ыйсаны өлтүрүүнү чечишти. Ошондуктан Ыйса яхудейлердин арасында ачык жүрбөй, чөлгө жакын жерде жайгашкан Эфраим аттуу шаарга кетип, ошол жакта шакирттери менен калып калды. Яхудейлердин Курбан айты жакындап калган. Өлкөнүн булуң-бурчтарынан көп адамдар майрам алдында, тазалануу расмисинен өтүү үчүн Иерусалимге келишти. Келип, Ыйсаны издешти. Ибадатканада турушканда өз ара: - Кандай ойдосуңар? Ал да майрамга келет болду бекен? - дешти. Имамдар менен парызчылдар болсо: "Кимде-ким анын турган жерин билип калса, кабарлап койсун!" деген чечимди жарыя кылышты. |
|