![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Мариянын курмандыгы (12:1-11) Майрамга алты күн калганда Ыйса Бетанияга келди. Бетания Ыйса Элазарды тирилткен айыл эле. Ошол жерде Ыйсага кечки тамак даярдашты. Марипа кызмат кылып, ал эми Элазар болсо көптөгөн адамдардын катарында Ыйсанын жанында жамбаштап жатты. Мария бир кадак сумбулдан жасалган кымбат баалуу атыр менен Ыйсанын буттарын майлап, чачы менен аарчыды. Үйдүн ичи жыпар жытка толуп чыкты. Ошондо шакирттеринин бири, кийин чыккынчылык кыла турган Жүйүт: - Бул майды үч жүз динарийге сатып туруп, жакырларга таратып берсе болбойт беле? - деди. Жүйүт муну жакырлар үчүн кам көргөндүгүнөн эмес, ууру болгондугунан айткан эле. Ал мойнуна баштык асынып алып, ага салган акчаларды көтөрүп жүрчү. - Тим койгула, - деди Ыйса, - муну ал менин көргө коюла турган убагыма сактап келиптир. Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а мен дайыма эле силер менен жүрө бербейм. Көптөгөн яхудейлер Ыйсанын дайнын билип, Ыйсаны гана эмес, Ыйса тирилткен Элазарды да көргөнү келишти. Имамдар болсо Элазарды да өлтүрөбүз деп чечишти, анткени анын айынан яхудейлердин көбү келип, Ыйсага ишенип калып жатышты. Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши (12:12-19) Кийинки күнү майрамга чогулган калың эл Ыйсанын Иерусалимге келе жатканын угуп, пальма бутактарын колдоруна кармашып, астынан чыгышты. - Эгебизге даңк! Эгебиздин урматына келе жаткан Исраилдин Падышасына алкыш! - деп чуулдашты. - Ыйса бир такыйды таап, минип алган эле. Ыйык Жазмада да бул тууралуу: "Эй Иерусалим, коркпогун! Карачы, сенин Падышаң тай эшек минип келатат" деп жазылган. Шакирттери бул жазылганды башында түшүнгөн эмес. Ыйса кайра тирилип, көккө көтөрүлүп кеткенде гана бул сөздөрдүн Ыйса тууралуу жазылып, элдин ушундайча тосконун эстешти. Ыйса менен мурда болгон эл анын Элазарды көрдөн чакырып алганын жана аны өлгөндөрдөн кайра тирилткенин күбөлөндүрүштү. Ушул укмуштарды уккан эл Ыйсанын алдынан тосуп чыкты. Парызчылдар болсо бири-бирине: - Эй, карабайсыңарбы, эч нерсеге жетишпей калдыңар! Аны бүт дүйнө ээрчип кетти! - дешти. Машаякка ишенген бейишке чыгат (12:20-36) Табынуу үчүн майрамга келгендердин арасында грек тилинде сүйлөгөн да бир нече адамдар бар эле. Алар Галилеянын Бетсаида деген шаарынан чыккан Филипке басып келишип43 : - Мырза, биз Ыйсаны көрөлү дедик эле, - дешти. Филип муну Идриске айтты. Анан экөө Ыйсага жеткизишти. Ыйса аларга мындай деди: - Адам Уулунун улуулукка бөлөнөөр маалы келди. Силерге чындыкты айтып жатам: буудайдын даны жерге түшүп, өлбөсө, анда жалгыз бойдон калат, а эгерде өлсө, анда мол түшүм берет. Жансакты жанынан айрылат, ал эми бул дүйнөдө мен үчүн жанын аябаган аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат. Ким мага кызмат кылса, мени ээрчисин. Мен болгон жерде кызматчым да болот. Мага кызмат кылганды Атам кадырлап, барктап алат. Азыр абдан жүрөгүм сыгылып турат. Дагы эмне дейинө Ата, мени ушул сааттан кутказ дейинби! Жок, мен ушул саат үчүн атайын келгем. Ата, улуулугуңду көргөз. Ыйса ушундай дегенде көктөн: - "Улуулугумду көргөзгөм, дагы көргөзөм", - деген үн чыкты. Муну угуп турган элдин кээ бири: - Күн күркүрөдү, - дешсе, башкалары: - Ага периште сүйлөдү, - дешти. Ошондо Ыйса мындай деди: - Бул үн мен үчүн эмес, эл үчүн. Бул дүйнө эми соттолот. Эми бул дүйнөнүн Башчысы сыртка куулат, бирок жерден өйдө көтөрүлгөнүмдө баарын өзүмө тартам. (Ыйса өзүн кандай өлүм күтүп турганын ушундайча кыйытып айтты). Эл ага: - Биз "Машаяк түбөлүк өмүр сүрөт" деп уккан элек. Анан кандайча сиз Адам Уулу өйдө көтөрүлүүгө тийиш дейсиз? Адам Уулу дегениңиз өзү ким?" - деди. Ошондо Ыйса аларга айтты: - Жарык дагы бир аз силер менен бирге болот. Караңгы басып калбоо үчүн, Жарык барда жүрө тургула. Анткени караңгыда жүргөн адам кайда жүргөнүн билбейт. Жарык жаныңарда турганда ага ишенгиле, ошондо Жарыктын уулдарынан болосуңар. Яхудейлердин ишенбестиги (12:37-50) Ыйса ушундай деди да, четтей басып, алардын арасынан кетип калды. Көз көрүнөө ушунча көп укмуштарды жасаса да алар Ыйсага ишенишпеди. "Теңир, айткандарыбызга ким ишенди, Кудуретиңди ким түшүндү?" - деп айткан Ыйсаия пайгамбардын сөздөрү аткарылсын үчүн ушундай болду. Алардын ишене албаганынын себеби: Ыйсаия пайгамбар дагы бир жерде айткандай: "Теңир бул элдин көзүн сокур кылды, жүрөктөрүн таштай катырып салды. Көздөрү көрбөйт, акылы жетпейт, айыктырайын десем, мага кайрылышпайт". Ыйсаия ушундай деген, анткени ал анын улуулугун көрө билген, ошондуктан ал тууралуу ушинтип айткан. Канткен менен эл башчыларынан да көп адамдар Ыйсага ишенип калышты, бирок синагога коомчулугунан чыгарылып калбоо үчүн ишенимдерин парызчылардын алдында ачык айта алышпады, анткени Кудай бере турган урматтан көрө адамдардын урматтоосун көбүрөөк сүйүштү. Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди: - Мага ишенген мага гана эмес, мени Жибергенге да ишенет. Мени көргөн мени Жибергенди да көрүп турат. Мага ишенген ар бир адам караңгыда калбасын үчүн мен бул дүйнөгө Жарык сыяктуу болуп келдим. Ким менин сөзүмдү угуп, ишенбесе, мен аны соттобойм, анткени мен бул дүйнөнү соттоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим. Мени четке каккан жана менин сөздөрүмдү кабыл албаган адамдын соттоочусу өзүндө. Ал мен айткан сөз, ошол сөз аны акыркы күндө соттойт, анткени мен аны өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн эмесмин, аны мени жиберген Атам сүйлөгөн. Ооба, эмне деп, эмнени сүйлөөнү Атам мага буйрук кылган. А мен Атамдын буйругу түбөлүк өмүргө алып барарын билем. Ошондуктан айткан сөздөрүмдүн баарын мага Атам айт деп берген. |
|