![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Кызмат кылуунун үлгүсү (13:1-17) Пасах майрамы жакындап келе жатты. Атасына аттанаар сааты келгенин билген Ыйса бул дүйнөдө жашап жаткан пенделерин чексиз сүйгөндүгүн көргөздү... Ыйса шакирттери менен кечки тамакта олтурушкан. Буга чейин шайтан Жүйүттүн көңүлүн Ыйсага чыккынчылык кылууга буруп койгон эле. Атасы баарын анын колуна бергенин жана өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага кайтып бара жатканын билген Ыйса дасторкондон туруп, чапанын чечти да сүлгүнү белине байлады. Анан чылапчынга суу куюп, шакирттеринин буттарын жууп, белиндеги сүлгү менен сүртө баштады. Ысман Петростун тушуна келгенде ал: - Койчу Устат, кантип мен сага бутумду жуугузайын? - деди. - Эмне кылып жатканымдын маанисин сен азыр билбейсиң, бирок кийин түшүнөсүң, - деди Ыйса ага. - Жок, мен эч качан бутумду сага жуудурбаймын! - Эгер жуубасам, мени менен шыбагалаш боло албайсың. Ошондо Ысман Петрос: - О Устат, андай болсо бутумду эле эмес, колдорумду да, башымды да жуу, - деди. Ыйса: - Жуулган кишинин буттарын гана жууш керек, анткени ал бүт бойдон таза. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес, - деди. Ыйсанын мындай дегенинин себеби ким ага чыккынчылык кыларын билчү, ошондуктан "силер тазасыңар, бирок баарыңар эмес" деди. Шакирттеринин буттарын жууп бүтүп, чапанын кийди да кайрадан жамбаштап жатты. - Силер үчүн эмне кылганымды түшүндүңөрбү? - деди. Мени "Устат", "Мугалим" деп атайсыңар, мунуңар туура, анткени мен ошомун. Ошентип, эгер мен Мугалим жана Устат болуп туруп, буттарыңарды жуусам, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге кандай кылсам силер да бири- бириңерге ошондой кылып жүргүлө деп, үлгү көрсөттүм. Силерге чындыкты айтып жатам: кул өзүнүн ээсинен, элчи өзүн жибергенден өйдө эмес. Эгерде силер муну түшүнүп, турмушуңарда аткарсаңар, анда бактылуу болосуңар. Чыккынчы (13:18-30) Мен баарыңар тууралуу айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок "өзүм менен бир нанды бөлүшүп, жанымда жүргөн адамым мени боорго тепти" деген Ыйык Жазмалардагы сөз орундалыш керек. Муну силерге айткандарым аткарылганда менин дал ошонун өзү экениме ишенип калсын деп, алдын ала айтып жатам. Силерге чындыкты айтып жатам: ким мен жибергенди кабыл алса, ошонусу менен ал мени кабыл алат, ал эми ким мени кабыл алса, анда мени Жибергенди да кабыл алат , - деди. Ушуну айткан соң Ыйсанын көңүлү чөгүп, ичинен кыйналып кетти. Анан шакирттерине: - Силерге чын айтып жатам: араңардан бирөө мени сатып кетет, - деди. Шакирттери Ыйсанын ким жөнүндө айтып жатканын жакшы түшүнүшпөй бири-бирин карашты. Бир шакирт Ыйсанын катарында жамбаштап жаткан. Ыйса бул шакиртин өзгөчө жакшы көрөр эле. Ысман Петрос ошол шакиртке Ыйса кимди айтып жатканын сура деп ымдап, белги берди. Тиги шакирт Ыйсага башын буруп: - Устат, ким ал? - деп сурады. Ыйса: - Кимге бир сындырым нанды табакка малып сунсам, ал ошол, - деди да бир сындырым нанды табакка малып туруп, Жүйүткө сунду. Сунган нанды оозуна салары менен Жүйүттүн акыл-сезимин шайтан бийлеп алды. Ошондо Ыйса ага: - Кыларыңды батыраак кыл! - деди. Ошерде жаткандардын эч кимиси Ыйсанын эмне үчүн ушундай дегенинин маанисин түшүнүшпөдү. Жүйүт акча салчу баштык асынып жүргөн себебинен кээ бири "майрамга керек нерселерди сатып кел!" же "жакырларга бирдеме бер!" десе керек, деп ойлошту. Жүйүт нанды жээр замат сыртка чыгып кетти. Сыртта болсо көзгө сайса көрүнгүс, караңгы түн эле... Жаңы осуят (13:31-38) Жүйүт чыгып кеткен соң Ыйса мындай деди: - Эми, Адам Уулунун улуулугу ачылат, аны менен бирге Кудайдын да улуулугу көрүнөт. Эгерде Адам Уулу менен бирге Кудайдын улуулугу ачылса, анда Кудай да аны өзү менен бирге улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат. Балдарым, мен эми силер менен аз гана убакыт бирге болом. Кийин мени издейсиңер. "Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар" деп яхудейлерге айткан сөзүмдү азыр силерге айтам. Мен силерге жаңы осуят калтырам: бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Менин шакирттерим экениңерди башкалар бири-бириңерди сүйгөндүгүңөрдөн билишет. Ошондо Ысман Петрос: - Устат, сен кайда кеткени жатасың? - деди. Ыйса ага: - Мен кеткен жакка сен азыр бара албайсың, бирок кийинчерээк аркамдан келесиң, - деп жооп берди. Петрос: - Устат, мен эмне үчүн азыр сенин аркаңдан бара албайм? Керек болсо сен дегенде жанымды курман кылам, - деди. - Мен үчүн жаныңды курман кыласыңбы? - деди ага Ыйса, - сага чындыкты айтып коёюн: корооз чакырганча менден үч жолу баш тартып кетесиң. |
|