![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Кудайга алып баруучу жол (14:1-14) Коркпогула, Кудайга ишенгиле; ошондой эле мага да ишенгиле. Атамдын үйүндө орун көп, андай болбосо силерге айтмакмын. Мен силерге орун даярдоо үчүн бара жатам. Даярдап бүткөндө кайра келем да мен жашаган жакта силер да жашооңор үчүн силерди алып кетем. Мен бара жаткан жайга алып бара турган жолду болсо силер билесиңер. Ошондо Томас: - Устат, биз сиздин кайда жөнөп баратканыңызды билбейбиз, анан ал жакка алып бара турган жолду кайдан билмек элек? - деди. - Мен жол, чындык жана өмүрмүн. Менден башка Атама алып барчу жол жок . Эгерде силер мени таанысаңар, Атамды таанымаксыңар. Эми Атамды тааныдыңар жана көрдүңөр. - Устат, - деди Филип, - Атаңды бизге көргөз, ошондо бизге жетиштүү болот. - Филип, мен ушунча убакыт силер менен бирге жүрөм, ошондо да сен мени билбейсиңби? Ким мени көрсө, Атамды көргөнү. "Атаңды бизге көргөз," - дегениң кандай? Мен Атам менен жана Атам мени менен бир экенине ишенбейсиңби? Силерге айткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Алар менин көкүрөгүмдө өз иштерин кылып жаткан Атамдыкы. Мен Атам менен, ал эми Атам болсо мени менен бир деген сөзүмө ишенгиле. Сөзүмө ишенбесеңер, жок дегенде кылган укмуштуу иштеримен улам ишенгиле. Силерге чындыкты айтып коеюн: мен кылган иштерди мага ишенген адам да кыла алат, ал тургай андан да зор иштерди кылат, анткени мен Атама бара жатам. Менин атыман Атамдан эмне сурасаңар да аткарам. Уулу аркылуу Кудай Атанын атагы чыксын. Менин атыман сурагыла, орундатам. Колдоочу Рух (14:15-31) Мени сүйсөңөр, анда осуяттарымды аткаргыла! Мен Атамдан суранам, ошондо ал силер менен түбөлүккө бир боло турган башка жардамчыны жиберет. Ал жардамчы - акыйкаттын Руху. Бул дүйнө аны кабыл ала албайт, анткени аны көрбөйт да тааныбайт. Силер болсо тааныйсыңар, анткени ал силер менен жашап жатат жана кийин ичиңерде болот. Силерди жетимсиретпей, кайра келем. Бир аз убакыттан кийин бул дүйнө мени экинчи көрбөйт, а силер болсо көрөсүңөр, анткени мен тирүүмүн, силер да тирүү болосуңар. Ошол күнү менин Атам менен, өзүңөрдүн мени менен, ал эми менин болсо силер менен бир экенимди түшүнөсүңөр. Ким көкүрөгүндө менин осуяттарымды сактап, аларды аткарса, ал мени сүйөт. А мени сүйгөндү болсо, Атам да, мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем. Ошондо Яхуда Ыйсадан: - Устат, өзүңдү бул дүйнөгө эмес, бизге ачып бергиң келип жатканын кандай түшүнсө болот? - деп сурады. Ыйса ага мындай деп жооп берди: - Ким мени сүйсө, сөзүмдү сактайт. Андайды Атам сүйөт. Анан биз келебиз да анын жандүйнөсүн турак жай кылып, жашайбыз. Ким мени сүйбөсө, сөзүмдү сактабайт. Силер угуп жаткан сөздөрдү өз оюмдан чыгарып алган жокмун, аларды мени жиберген Атам берген. Буларды азырынча араңарда турганымда айттым, бирок менин атыман жибере турган Атамдын Колдоочусу - Ыйык Рух силерди бардык нерселерге үйрөтөт жана мен айткандардын баарын эсиңерге салат. Мен силерге тынчтыкты калтырып кетип жатам. Өз тынчтыгымды берип жатам. Берип жаткан тынчтыгым, бул дүйнөнүкүндөй эмес: кабатыр болуп, корко бербегиле. "Мен силерден кетип жатам, кийин кайра келем" дегенимди уктуңар. Мени сүйгөн болсоңор "Атама бара жатам" дегениме кубанмаксыңар, анткени Атам менден улуу. Мына, айткандарым аткарылганда алардын чындык экенине ишенишиңер үчүн буларды алдын ала айтып отурам. Силер менен дагы бир аз гана сүйлөшөм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Анын менде эч нерсеси жок, бирок мен Атамды сүйөөрүмдү жана анын буйруктарын айтканын айткандай аткарып жатканымды бул дүйнө билүүгө тийиш. Кой, тургула, кеттик бул жактан. |
|