![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Жүзүм сабагы (15:1-17) - Мен - жүзүм сабагымын, Атам болсо багбан. Ал мендеги ар бир жемиш бербеген бутакты кесип ыргытат, ал эми жемиш бергендерин болсо, дагы көбүоөөк берсин деп тазалайт. Силер мен айткан сөздөр аркылуу тазардыңар. Менде болгула, ошондо мен да силерде болом. Эгерде сабакта болбосо бутак өзүнөн өзү жемиш бербеген сыяктуу эле, силер да менде болбосоңор жемиш бере албайсыңар. Мен жүзүм сабагы болсом, силер бутактарымсыңар. Эгер кимде ким менде, а мен анда болуп турсам, анда ал мол жемиш берет. Силер менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. Кимде ким менде болуп турбаса, ал кыйылган бутак сымал тышка ыргытылат да, куурайт. Мындай бутактарды чогултуп туруп, отко салып, өрттөп жиберишет . Эгерде менде болуп турсаңар жана менин сөздөрүм силерде болуп турса, анда эмне кааласаңар да сурагыла, берилет. Эгерде жемишти мол бере турган болсоңор, анда Атамдын даңкы чыгат жана менин чыныгы шакирттерим болосуңар. Мен силерди мени Атам сүйгөндөй сүйөм. Дайыма менин сүйүүмдө болуп тургула. Мен Атамдын осуяттарын сактап, анын сүйүүсүндө болуп турганымдай, силер да менин осуяттарымды сактасаңар менин сүйүүмдө болосуңар. Мен бул сөздөрдү кубанычым силерде болсун үчүн жана ошол кубаныч силерде толук болсун деп айттым. Менин силерге калтыра турган осуятым бул: мен силерди кандай сүйсөм, силер да бири-бириңерди ошондой сүйгүлө! Достору үчүн жанын курман кылууга барган адамдыкынан өткөн сүйүү болбойт. Силерге осуяттагандарымды аткара турган болсоңор, анда силер мага доссуңар. Силерди мындан ары кул дебейм, анткени кул мырзасынын иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени мен Атамдан эмне уксам, баарын силерге айтып бердим. Мени силер тандаган жоксуңар, тескерисинче, мен силерди тандап алдым да барып, жемиш берүүңөр үчүн жана ошол жемиштериңер дайыма бар болуп турушу үчүн дайындадым. Ошондо менин атыман эмне сурасаңар да силерге Атам берет. Менин осуятым бул: бири-бириңерди сүйгүлө! Бул күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы (15:18-27) Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, анда анын силерден мурда мени жек көргөнүн эстегиле. Эгерде силер бул дүйнөдөн болгон болсоңор, ал силерди өз адамдары катарында сүймөк. Бирок силер бул дүйнөнүкү эмессиңер. Мен силерди бул дүйнөдөн өзүмө тандап, бөлүп алдым. Ошол себептен бул дүйнө силерди жек көрөт. "Кул ээсинен өйдө эмес" дегенимди эстегиле. Алар мени куугунтукташса, демек, силерди да куугунтукташат. Менин сөзүмдү сакташса, силердикин да сакташат. Ушулардын баарын силерге менин айыман кылышат, анткени алар мени Жибергенди таанышпайт. Эгерде мен бул дүйнөгө келип, күнөөлөрүн ашкере кылбаган болсом, алардын мойнунда күнөө болмок эмес, бирок эми күнөөлөрү үчүн шылтоолору жок. Ким мени жек көрсө, ал менин Атамды да жек көрөт. Мен алардын арасында эч бир пенденин колунан келбеген укмуштарды кылбаган болсом, анда күнөөлөрү болбос эле. Азыр алар кылган иштеримди көрүштү жана мени да, менин Атамды да жек көрүп калышты. Бул Мыйзам китебиндеги "алар мени бекер жек көрүштү" деген сөздүн аткарылышы. Мен силерге Атамдан келе турган Колдоочуну жиберем. Ал акыйкаттын Руху. Ал келип, мен жөнүндө күбөлүк берет. Силер да күбөлүк бересиңер, анткени башынан бери эле мени менен биргесиңер. |
|