Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


Жакан элчи жазган ыйык Инжил

Бул дүйнөдө кыйынчылык болот
(16:1-4)
Мунун баарын тандаган жолуңардан тайбооңор үчүн айттым. Анткени силерди ибадатканаларынан кууп чыгарышат. Ал турсун силерди өлтүргөн адам: "ушунум менен мен Кудайга кызмат кылып жатам", - деп ойлогон кез келе жатат. Ооба, ушундай кылышат, анткени Атамды да, мени да алар таанып-билишпеди. Муну айтканымдын себеби - ошол кез келгенде, бул тууралуу алдын ала айтканымды эстешсин дегеним. Башында айткан эмесмин, анткени мен араңарда элем.

Ыйык Рух акыйкат жолуна жетелейт
(16:5-15)
Эми болсо мени Жибергенге кетип жатам, бирок бириңер да мурда: "Кайда кетип жатасың?" - деп сураган жоксуңар. Ошондуктан бул сөздөрүмдөн улам санаага батып, капаланып атасыңар. Мен чындыкты айтып жатам: барганым силерге жакшы болот, анткени эгер барбасам, анда силерге Колдоочу келбейт. А барсам, анда аны силерге жөнөтөм. Колдоочу келгенде күнөө, адилдик жана сот деген эмне экенин бул дүйнөгө ачып, көрсөтүп берет. Бул дүйнөнүн күнөөсү - мага ишенбегендигинде. Адилдик дегеним - силер мени мындан ары көрбөй турган жактагы Атама кетип жаткандыгым. А сот дегенимдин мааниси болсо бул дүйнөнүн башкаруучусунун соттолгону. Айтаар сөзүм али көп, бирок азырынча сөздөрүмдү көтөрө албайсыңар45. Бирок акыйкаттын Руху келгенде, ал силерге чындыктын бардык жолдорун ачып берет. Анткени ал өзүнөн сүйлөбөйт; укканын айтат жана келечекте эмне болоорун силерге ачып берет. Меникинен алат да силерге жеткизип, зоболомду көтөрөт. Атама таандык нерселердин баары меники, ошондуктан "меникинен алат да силерге жеткизет" дедим.

Мен кайра келем
(16:16-33)
Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр.46
Ошондо шакирттеринин арасынан бирөөлөр:
- "Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр" жана "анткени мен Атама баратам" дегенин кандайча түшүнүүгө болот? "Бир аздан кийин" дегени
эмнеси? Сөздөрүнө түшүнгөн жокпуз! - дешти.
Ыйса алардын бул тууралуу сурагысы келгенин көрүп, мындай деди:
- "Бир аздан соң силер мени көрбөй каласыңар, бирок көп өтпөй кайра көрөсүңөр" дегенимди бири-бириңерден сурап жатасыңарбы? Силерге чындыкты айтып жатам: силер боздоп ыйлайсыңар, ал эми бул дүйнө болсо сүйүнөт. Кайгырасыңар, бирок ошол кайгыңар кийин шаттыкка айланат. Аял ай-күнү жеткендиктен толгоо тартып кыйналат. Наристе төрөлгөн соң, балам бул дүйнөгө келди деп кубанып, тарткан азабын унутуп коёт. Ошонун сыңарындай силер да азырынча кайгырып жатасыңар, бирок мен жакында кайрадан силерди көрөм, ошондо кубанасыңар жана ошол кубанычыңарды эч ким силерден тартып ала албайт. Ал убакта менден эч нерсе тууралуу сурабайсыңар. Силерге чындыкты айтып жатам: менин атыман эмне сурасаңар да Атам берет. Менин атыман ушул убакытка чейин эч нерсе сураган жоксуңар. Сурагыла, ошондо сураганыңарды аласыңар жана кубанычыңар толук болот.
Ушул убакка чейин силерге икаялаштырып сүйлөп келдим, бирок силерге мындай тилде сүйлөбөстөн, Атам жөнүндө ачык айта турган убак келатат. Ошол убакта менин атыман сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атамдан мен суранам деп жаткан жокмун. Атам өзү силерди сүйөт, анткени силер мени сүйдүңөр жана Кудайдан келгендигиме ишендиңер. Мен Атамдан келип, бул дүйнөгө кирдим. Эми болсо бул дүйнөнү таштап, кайра Атама кетип бара жатам.
Ошондо шакирттери:
- Мына эми түз айтып жатасың, эч кандай икая айтканың жок. Биз эми эч кимден бир нерсе тууралуу сурап билүүгө муктаж эмес экениңди, ансыз деле бардыгын билериңди билдик, ошондуктан Кудайдан келгендигиңе ишенебиз, - дешти.
- Ишендиңерби! - деди Ыйса аларга, - мына, баарың туш-тушка качып, мени жалгыз калтырып кете турган саат келе жатат, ал тургай келип да калды, бирок мен жалгыз эмесмин, анткени менин жанымда Атам бар.
Менден көңүлдөрү жайлансын деп, силерге ушул сөздөрдү айттым. Силер бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайрат кылгыла! Себеп дегенде мен бул дүйнөнү жеңип чыктым.


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz