Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


Жакан элчи жазган ыйык Инжил

Ыйса жанындагы шакирттери үчүн сыйынат
(17:1-19)
Ыйса сөзүн аяктап, көктү карап мындай сыйынды:
- Оо Ата, убакыт-саат жетти. Уулуң сенин улуулугуңду көргөзсүн үчүн, Уулуңдун улуулугун көргөз. Өзүң берген адамдардын баарына түбөлүк өмүр бере алсын деп, сен мага бардык адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң. Түбөлүк өмүр - бул жалгыз чыныгы Кудай болгон сени жана сен жиберген Ыйса Машаякты таануу эмеспи. Ооба, мен жерде сенин улуулугуңду
ачып бердим. Аткар деп тапшырган ишиңди аткардым. Оо Ата, эми мени дүйнө жарала электен мурда эле сени менен бирге болгонумдагы улуукка кайрадан бөлө. Бул дүйнөдөн тандап, мага берген пенделериңе сенин атыңды тааныттым. Алар сеники болчу, сен болсо мага бердиң жана алар сенин сөзүңө баш ийишти. Алар мага берилгендин баары сенден экенин азыр түшүнүп калышты. Анткени сенин мага берген сөздөрүңдү айтып бергенимде алар кабыл алышты. Менин сенден келгендигиме чындап түшүнүштү жана мени сенин жибергендигиңе ишеништи. Азыр мен бул дүйнө үчүн эмес, ошолор үчүн сыйынып жатам. Мага берген адамдарың үчүн сыйынып жатам, анткени алар сага таандык. Меникинин баары сеники, а сеникинин баары меники эмеспи. Ошондуктан улуулук мага ошолор аркылуу келди. Эми мен бул дүйнөдөн кетип жатам, бирок алар калат. Мен сага бара жатам. Оо касеттиңден айланайын Атакебай, мага берген пенделериңди, алар да биз сыяктуу бир бүтүн болсун үчүн өз атыңдын урматына сактай көр. Мен бул дүйнөдө алар менен жүргөнүмдө сенин урматың үчүн аларды коргоп жүрдүм. Мага берген адамдарыңдын баарын аман сактадым. Куурагырдын баласынан башка куурабады. (Ылайым Ыйык Жазмалардын айткандары ордунан чыксын.) Ооба, азыр мен сага бара жатам. Мен берген кубаныч алардын жандүйнөсүн толук ээлесин деп, жогорудагы сөздөрдү бул дүйнөдө турганымда айттым. Анткени бул дүйнө аларды жек көрүп калды, себеп дегенде мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Сенден аларды "бул дүйнөдөн алып кет" деп эмес, "аларды шайтандан сактай көр" деп суранып отурам. Анткени мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес. Аларды акыйкаттуулуң менен өзгөчө бөлүп, ыйыкта. Акыйкат - бул сенин сөзүң. Сен мени бул дүйнөгө кандайча жиберген болсоң, мен да аларды ошондой жибердим. Алардын да чындап ыйыкталышы үчүн, мен өзүмдү алар үчүн ыйыктыкка багыштайм.

Ыйса келечектеги шакирттери үчүн сыйынат
(17:20-26)
Алар үчүн гана эмес, алар айткан кабар аркылуу мага ишенип кала тургандар үчүн да суранам: баары бир болушса экен. Оо Ата, сен мени менен жана мен сени менен бир болгонумдай, алар да биз менен бир болушса экен. Мени сен жибергендигиңе бул дүйнө ошол биримдикти көрүп ынанса экен. Алар да биз сыяктуу абдан ысык мамиледе болсун деп, сенин мага берген улуулугуңду мен аларга бердим. Мени жиберген сен экениңди жана сен аларды да мени сүйгөндөй сүйөөрүңдү бул дүйнө билсин үчүн алар жеткилең биримдикке жетишсе экен.
Ата, мага берген адамдарыңдын да мен болгон жерде мени менен бирге болушун каалайм. Сен мени сүйүп, дүйнө жарала электе эле мага берген улуулукту алар да көрсүн дейм.
Оо адил Ата, бул дүйнө сени тааныбады. Бирок мен тааныйм, мени сенин жибергениңе булардын да көздөрү жетти. Мен аларга сенин ким экениңди ачып бердим. Мага арнаган сүйүүң алар менен да бир болсун үчүн, ошондой эле өзүм да алар менен бирдикте болушум үчүн сенин ким экениңди дагы ача бермекчимин.


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz