![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Ыйсанын кармалышы (18:1-11) Ыйса сыйынып бүтүп, шакирттери менен Кедрон өзөнүнүн ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Шакирттери менен ошол бакка кирди. Ага чыккынчылык кыла турган Жүйүт да бул жерди билчү, анткени мында Ыйса шакирттери менен тез-тез жолугуп турчу. Жүйүт бир аскер тобун, яхудей муфтийлерин жана парызчылдар тобун ээрчитип келди. Алардын колдорунда шамана47 , чырак жана курал бар эле. Алдында эмне күтүп турганын билген Ыйса четке чыгып: - Силер кимди издеп жүрөсүңөр? - деди. - Назареттик Ыйсаны! - дешти алар. - Ал менмин! (Алардын арасында чыккынчы Жүйүт да турган). Ыйса "ал менмин!"48 дегенде, тигилер кетээнчиктеп, жерге жыгылышты. Ыйса кайрадан: - Силер кимди издеп жүрөсүңөр? - деди. - Назареттик Ыйсаны, - деп кайталашты тигилер. - "Ал менмин" деп айтпадымбы, мени издеп жүрсөңөр, анда бул адамдарды коё бергиле, кете беришсин. "Сен берген кишилердин баарын аман сактап калдым" деген сөзү орундалыш үчүн ал ушундай деди. Ысман Петростун канжары бар эле. Ал канжарын кынынан сууруп алып, муфтийдин кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малик болчу.) - Канжарыңды кынына сал! - деди Ыйса ага, - Атамдын мага берген азап чөйчөгүн ичпей коёюнбу? Ыйса яхудей муфтийинин алдында (18:12-27) Ушундан соң жоокерлер, миңбашылар жана яхудей эл башчыларынын кызматчыларынан турган топ Ыйсаны кармады да, колунан байлашты. Алгач аны Каяптын кайнатасы Аннаска алып барышты. Аннас ошол жылга муфтий шайланган эле. "Эл үчүн бир кишинин өлгөнү жакшы" деп яхудей башчыларына кеңеш берген киши ушул эле. Ысман Петрос менен алиги шакирт Ыйсанын аркасынан ээрчишти. Бул шакирт муфтийдин таанышы эле. Ошондуктан Ыйса менен кошо муфтийдин короосуна кирди. Петрос болсо тышта, дарбазанын артында калды. Имамга тааныш алиги шакирт кайра чыгып, эшик кайтарган аял менен сүйлөшүп, аны киргизип алды. Эшик кайтарган малай аял Петросту көрүп: - Сиз да тиги кишинин шакирттеринен эмессизби? - деп сурады. Петрос: - Жок! - деди. Күн суук болуп калган эле. Кулдар менен кызматчылар от жагып, айланасында жылынып турушкан. Петрос да алардын арасында турду. Имам Ыйсаны суракка алып, андан шакирттери тууралуу, окутуусу тууралуу сурады. - Мен эл алдында баарын ачык айттым, - деп жооп берди Ыйса ага, - ар дайым яхудейлер чогулуучу синагогалар менен ибадатканаларда таалим берип келдим, эч нерсе жашырын айтпадым. Эмне үчүн менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз! Эмне деп айткандарымды ошолор жакшы билишет. - Ыйса ушундай дегенде жанында турган кызматчылардын бирөөсү аны жаака бир чапты: - Эй, муфтийге да ушундай жооп бересиңби? Ошондо Ыйса ага: - Эгер айтканым туура эмес болсо, аны көрсөтүп бер. Туура болсо, мени эмне үчүн уруп жатасың? - деди. Ушундан соң Аннас аны байланган боюнча яхудей муфтийи Каяпка жөнөттү. Ысман Петрос болсо дале жылынып тура берди. Кимдир бирөө андан: - Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? - деп сурады. Петрос: - Жок! - деп дагы танып кетти. Имамдын кызматчыларынын бирөөсү - Петрос кулагын шылый чапкандын тууганы: - Бакта тигинин жанынан сени көргөн эмес белем? - деди. Петрос дагы танып кетти. Ошол убакта корооз кыйкырды. Ыйса рим сотунун алдында (18:28-40) Ыйсаны Каяптын алдынан рим акиминин мекемесине алып келишти. Таң сүрүп калган. Яхудейлер Курбан айтты булганбай өткөрүү үчүн мекемеге киришпеди. Ошондуктан Пилат өзү аларга чыгып: - Бу кишиге кандай айып коюп жатасыңар? - деди. - Бузуку болбосо сизге алып келмек эмеспиз. - Анда аны алгыла да өз мыйзамыңар боюнча соттой бергиле! - Биздин адам өлтүрүүгө укугубуз жок. Өзүнүн кандай өлүм менен өлөөрүн алдын ала айткан Ыйсанын сөзү ушундайча аткарылды. Пилат мекемеге кайра кирип кетти да Ыйсаны чакыртты. Анан Ыйсага: - Сен яхудейлердин падышасысыңбы? - деди. Ыйса: - Бул сиздин өз оюңузбу же сизге мен жөнүндө башкалар айтып бериштиби? - деди. Пилат: - Мен эмне яхудей белем, өзүңдүн элиң менен муфтийлериң айтышты. Эмне кылдың эле? - Менин падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгер бул дүйнөдөн болгондо, кызматчыларым яхудейлердин колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк, бирок эми менин падышалыгым башка жактан. - Демек, сен падыша экенсиң да! - Сиз мени падыша деп, туура айтып жатасыз. Чынында эле мен акыйкат тууралуу күбөлөндүрүү үчүн туулгам жана ошон үчүн бул дүйнөгө келгем. Акыйкат тарабындагы ар бир адам менин үнүмө кулак салат. Ошондо Пилат: - Акыйкат деген өзү эмне? - деди да, кайрадан яхудейлердин алдына чыгып: - Бул кишиден эч кандай айып таппай турам. Курман айтта силерге бирөөнү бошотуп бере турган адатым бар эмеспи. Силерге "яхудей падышасын" бошотуп берүүмдү каалайсыңарбы? - деди. Ошондо яхудейлер бир ооздон: - Муну эмес, Бараббаны бошотуп бер! - деп чуулдап жиберишти. Барабба болсо каракчы эле. |
|