Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


Жакан элчи жазган ыйык Инжил

Ыйсанын өлүм жазасына кесилиши
(19:1-16)
Ушундан кийин Пилат Ыйсаны сабатты. Жоокерлер тикенектен таажы жасап, башына кийгизип, үстүнө кырмызы чапан жабышты. Анан: "Жашасын яхудей падышасы!" - дешип, жаагына чаап, кордошту. Пилат яхудейлерге кайрадан чыгып:
- Мына, эч кандай айып таппаганымды силерге билдирүү үчүн муну кайрадан алдыңарга алып чыктым, - деди. Ошондо тикенек таажы кийип, кырмызы чапан жамынган Ыйса тышка чыкты. Пилат аларга:
- Карагыла, бул адам! - деди.
Имамдар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көргөндө:
- Муну жаза жыгачка када! Айкаш жыгачка керип сал! - деп кыйкырышты. Пилат:
- Өзүңүздөр кадаңыздар, а мен болсом мындан эч кандай айып тапкан жокмун, - деди.
- Бизде Мыйзам бар. Ошол Мыйзам боюнча бул өлүм жазасына тартылыш керек, анткени бул өзүн Кудайдын Уулумун деп атады!
Бул сөздү укканда Пилат андан бетер коркуп кетти. Кайра мекемеге кирип, Ыйсадан:
- Сен кайдан келдиң? - деп сурады. Ыйса ага жооп берген жок. Ошондо Пилат:
- Мага жооп бергиң келбей жатабы? Сени жаза жыгачка кадап коюга да, азат кылууга да бийлигим бар экенин билбейсиңби? - деди. Ыйса ага:
- Жогортон берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийлигиңиз болбойт эле, ошондуктан сизге караганда мени сиздин колуңузга тапшыргандын мойнунда күнөө көбүрөөк, - деп жооп кайтарды.
Ушундан тартып Пилат Ыйсаны бошотуунун жолун издеди. Яхудейлер болсо:
- Эгер аны коё берсеңиз, анда сиз Кайсарга дос эмессиз. Өзүн падыша деп эсептеген ар ким Кайсарга каршы! - деп кыйкырышты.
Пилат муну укканда Ыйсаны сыртка алып чыкты да, өзү Таш Секи деп аталган аянттагы сот орундугуна олтурду. (Бул жердин еврейче аталышы Габбата.)
Бул окуя Курман айттын алдындагы аптанын жума күнүнүн түшкө маал ченинде болду. Пилат яхудейлерге:
- Мына падышаңарды алып чыктым! - деди. Тигилер:
- Алып кет муну! Нары кыл! Керип сал! - чуу көтөрүштү.
- Эмне, падышаңыздарды керип салайынбы? - деди Пилат аларга. Ошондо яхудей муфтийлери:
- Кайсардан башка биздин падышабыз жок! - дешти.
Акыры Пилат Ыйсаны жаза жыгачына кадоо үчүн алардын53 колуна тапшырды.

Ыйсанын жаза жыгачка кадалышы
(19:17-27)
Жоокерлер Ыйсаны кармап, алып жөнөштү. Өз жаза жыгачын өзү көтөрүп, Ыйса Баш Сөөк деген дөбөгө чыкты. (Бул жердин еврейче аталышы Голгота). Ошол жерде Ыйсаны айкаш жыгачка кадашты. Ыйсадан башка дагы эки киши кадалды: бири Ыйсанын оң жагына, экинчисин сол жагына. Пилат тактайга жазуу жазып, айкаш жыгачка кактырып койду. Тактайга "ИУДЕЙ ПАДЫШАСЫ - НАЗАРЕТТИК ИСА" деп жазылган болчу. Ыйсаны айкаш жыгачка кадашкан жер шаардан алыс эмес болгондуктан жана бул жазуу еврей, латын жана грек тилдеринде жазылгандыктан көптөгөн яхудейлер окушту.
Яхудей муфтийлери Пилатка каршы болуп, мындай дешти:
- "Яхудей падышасы" деп эмес, "бул киши өзүн яхудей падышасы атаган" деп жазыңыз. Пилат аларга:
- Эми, жазарымды жазып койдум, - деп жооп берди.
Ыйсаны кадашкан соң, желдеттер анын кийимдерин алышты да ар бирине бир бөлүгү тийгидей кылып, төрткө бөлүштү. Ошондой эле көйнөгүн да алышты. Көйнөгү болсо тигилүү эмес, баштан-аяк токулган көйнөк эле. Ошондуктан өз ара: "Муну жыртпайлы, андан көрө таш салышалы , таш кимге түшсө көйнөк ошонуку болсун" - дешти.
Ыйык Жазмалардагы алдын ала айтылган пайгамбардык сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Ыйык Жазмалардын биринде: "Кийимим бөлүп өз ара, таш салышып жатышат" деп жазылган. Желдеттер так ушундай кылышты.
Ыйсанын айкаш жыгачынын алдында энеси, таежеси, Клопанын аялы Мария жана магдалалык Мария турган. Ыйса энесин жана анын жанындагы өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин турганын көрүп энесине:
- Аял, бул сенин балаң болсун! - деди. Анан шакиртине:
- Бул сенин энең болсун! - деди. Ошол сааттан баштап, алиги шакирт Ыйсанын энесин өз үйүнө киргизип алды.

Ыйсанын өлүмү
(19:28-38)
Ушундан соң, Ыйык Жазмалардагы пайгамбарчылыктар-дын ордуна келиши үчүн бардыгы толук аткарылгандыгын билген Ыйса:
- Суусадым, - деди.
Ошол жерде шарап уксусу толтурулган идиш турган. Желдеттер соргучту ошол уксуска малып, шыргыйга илип, Ыйсанын оозуна такашты. Ыйса аны ичип:
- Бүттү! - деди да башы шылк этип, жан таслим этти. Бирок ал күн майрамга даярдануучу күн болгондуктан, эртеси боло турган өзгөчө ишембиге денелерди айкаш жыгачтарга илинген бойдон калтырбоо үчүн яхудейлер Пилаттан алардын шыйрактарын сындыра чаап, жерге түшүрүүнү суранышты. Ошондуктан желдеттер басып барып, биринчи, анан экинчи кишинин шыйрактарын сындыра чабышты. Ыйсага жетишкенде, анын өлүп калганын көрүп, сындырышпады. Бир желдет Ыйсанын капталына найзасын малып алды эле ошол замат кан менен суу агып чыкты.
Муну өз көзү менен көргөн киши ушул китепте силерге күбөлүк берди. Анын күбөлүгү чындык. Силер да ишенип калууңар үчүн ал өзүнүн чындыкты айтып жатканын билет. Ыйык Жазмалардагы, "анын сөөгү сынбасын!" деген сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошондой эле Ыйык Жазманын дагы бир жеринде "өздөрү көзөп салганга, көздөрүн кадашат" деген бар.

Ыйсаны көргө коюу

(19:38-42)
(19-баптын аягы, 20-баптын башы которулбай калыптыр - жакында калыбына келтиребиз...)

Ушундан соң ариматеялык бир Жусуп деген киши Пилаттан Ыйсанын денесин түшүрүп алууну суранды. Жусуп Ыйсанын шакирти эле. Ал яхудейлерден корккондуктан жашыруун ишенчү. Пилат ага уруксат берди. Жусуп барды да Ыйсанын денесин айкаш жыгачтан түшүрүп алды.
Ошондой эле мурда Ыйсага түн жамынып барган Никодим да келди. Ал жүз литрдей жыпар жыттуу май менен алоэнин

айт, - деди.
Магдалалык Мария шакирттерге барып, Устатты көргөнүн жана анын айткан сөздөрүн кабарлады.



Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz