![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Суунун шарапка айланышы (2:1-11) Ушул окуялардан эки күн өткөндө Галилея аймагынын Кана деген шаарчасында үйлөнүү тою болду. Ыйсанын энеси ошол жакта эле. Өзү да шакирттери менен бирге тойго чакырылды. Тойдо шарап түгөнүп калды. Ошондо Ыйсанын энеси Ыйсага кайрылып: - Булардын шарабы түгөндү, - деди. Ыйса: - Эй аялзаты, буга экөөбүздүн кандай тиешебиз бар? Менин саатым али келе элек! - деп жооп берди. Бирок энеси тойдогу кызматчыларга: "Эмне десе ошондой кылгыла!" - деди. Ошол жерде даарат алууга даярдалган, ичине жүз литрдей суу сыйчу таш идиштер турган. Ыйса кызматчыларга ошол идиштерди суу менен толтуруунун буюрду. Алар мелт-калт кылып толтурушканда: "Эми, сузуп, тойбашыга алып баргыла!" - деди. Кызматчылар тойбашыга алып барышты. Тойбашы шарапка айланган суудан ооз тийди да (ал бул шараптын кайдан келгенин билген эмес, суу сузуп алышкан кызматчылар гана билишкен) күйөөнү чакырып: "Адегенде шараптын жакшысын, анан коноктор кызып калышканда начарын беришет. А сен болсо жакшысын ушул убакка чейин сактаптырсың", - деди. Ыйса ушинтип Галилеялагы Канада укмуштарынын башталышына жол коюп, өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери да анын ким экенине ишеништи. Ыйса ийбадатканада (2:12-25) Ушундан соң Ыйса Капернаумга кетти. Энеси, бир туугандары, шакирттери да аны менен бирге барышып, анда бир нече күн жашап турушту. Пасах майрамы жакындап калганда Иерусалимге келди. Ибадатканадан өгүздөрдү, койлорду, көгүчкөн сатып отургандарды жана акча алмаштыруучуларды көрдү. Аркандан камчы жасап алып, баарын ибадатканадан кууп чыкты. Койлору менен өгүздөрдүн да айдап чыкты. Акчаларын чачып, столдорун оодарып салды. Көгүчкөн саткандарга: "Жоготкула мунуңарды! Атамдын үйүн сооданын үйүнө айлантпагыла!" - деди. Ошондо шакирттери Забурдагы: "Үйүңдү кызганып, ичим өрттөндү" деген пайгамбарчылык сөздү эстешти. Яхудейлер болсо: - Мындай кылууга кандай акың бар? Бизге кандай белги көрсөтүп, ушундай иш кылууга укугуң бар экенин далилдей аласың?- дешти. Ыйса аларга: - Бул ийбадаткананы бузсаңар, мен аны үч күндө кайра тургузам! - деп жооп берди. - Бул ийбадаткана кырк алты жылдан бери курулуп келе жатат. Сен аны үч күндө кайра тургузмакчысыңбы? (Ыйса болсо ийбадаткана деп өзүн айткан эле. Кийин Ыйса кайра тирилгенде бул сөздөр шакирттеринин эсине түшүп, Ыйык Жазмалар менен Ыйсанын сөзүнө ишенишкен.) Курман айтта Ыйса Иерусалимде болуп, көп укмуштуу иштерди жасады. Жасаган укмуштарын көп адамдар көрүшүп, ага ишеништи. Бирок адамдардын табияты кандай экенин, ичтеринде эмне жатканын бирөөлөрдүн кеңешисиз эле абдан жакшы билген Ыйса аларга өзүн ишенип тапшырбады. |
|