Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


Жакан элчи жазган ыйык Инжил

Ыйсанын шакирттерге көрүнүшү
(20:19-23)

(19-баптын аягы, 20-баптын башы которулбай калыптыр - жакында калыбына келтиребиз...)

Ошол жекшембинин кечинде, шакирттер яхудейлерден коркуп, үйдүн эшиктерин жаап алып, чогуу олтурушкан. Аңгыча Ыйса кирип келип, ортого турду да:
- Салам алейкум! - деди. Анан мык кагылган колдорун жана капталын көрсөттү. Устатын көргөндө, шакирттери абдан сүйүнүп кетишти. Ыйса аларга экинчи ирет:
- Салам алейкум! Атам мени жибергендей, мен да силерди бул дүйнөгө жиберем! - деди. Ушуну айтып, алардын үстүнө демин үйлөп:
- Ыйык Рухту кабыл алгыла! Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, алар кечирилет, кечирбесеңер алар кечирилбейт! - деди.

Ыйсанын Томаска көрүнүшү
(20:24-31)
Он эки шакирттин Эгиз атка конгон Томас дегени Ыйса келгенде шакирттердин арасында жок эле. Башка шакирттер ага:
- Биз Устатты көрдүк! - дешти. Ал:
- Мен анын колдорундагы мыктардан калган жарааттарды көрбөсөм, алардын ордуна бармагымды салбасам, капталына колумду тийгизбесем, ишенбейм, - деди.
Ушундан сегиз күн өткөндө шакирттер кайрадан үйдө чогулуп олтурушкан. Ал жерде Томас да бар эле. Эшиктер илинүү болчу. Аңгыча Ыйса кирип келип, ортого турду да:
- Салам алейкум! - деди. Анан Томага кайрылып:
- Келе бармагыңды, колдорумдун тешигине сал, келе колуңду, капталымды кармап көр, анан ишенбес болбой, ишенүүчү бол! - деди. Ошондо Томас:
- Устатым менин, Кудайым менин! - деди. Ыйса:
- Сен мени көрүп ишендиң, бирок көрбөй ишенгендер бактылуу, - деди.
Ыйса шакирттеринин көзүнчө бул китепте жазылбаган дагы башка көптөгөн укмуштарды жасады. Бул жазылгандар болсо силер да Ыйсанын Машаяк жана Кудай Уулу экенине ишенип, ошол ишенимиңер аркылуу анын урматына түбөлүк өмүргө ээ болууңар үчүн жазылды.


Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz