Жаныбек
Жанызактын
менчик сайты

ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары 

жыйнаган:
© Жаныбек ЖАНЫЗАК
janyzak@mail.ru • 2004-ж.
 


Жакан элчи жазган ыйык Инжил

Ыйса Тиберия көлүнүн жанында
(21:1-14)
Ушундан кийин Ыйса шакирттерине Тиберия көлүнүн жээгинен дагы көрүндү. Бул мындайча болду:
Ысман Петрос, Эгиз аталган Томас, Галилеянын Канасынан чыккан Натанаил, Зебедейдин балдары жана Ыйсанын дагы эки шакирти чогулушуп, сүйлөшүп олтурушкан. Аңгыча Петрос:
- Кой, мен балык кармаганы кеттим, - деп ордунан туруп жөнөп калды.
- Биз да кеттик, - деп, калгандары да аны ээрчишти. Сыртка чыгып, кайыкка түшүштү. Ал түнү эч нерсе кармай алышпады. Таң сүргөндө Ыйса жээкте турган, бирок шакирттери аны таанышпады. Ыйса деңизде тор салып жатышкан шакирттерге:
- Эй, достор, жегенге бирдемеңер бар болду бекен? - деп кыйкырды. Шакирттер:
- Жок, - дешти.
- Торду кайыктын оң капталына салгыла, ошондо кармайсыңар, - деди Ыйса. Алар Ыйсанын айтканындай салышып, балыктын көптүгүнөн торду тарта албай калышты. Ошондо Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти Петроско:
- Бул биздин Устат! - деди. Ысман Петрос "Бул биздин Устат!" деген сөздү укканда кийимин белине байлай калып, деңизге секирди. (Анткени ал чечинип алган болчу) Калган шакирттер болсо анын артынан балыкка толгон торду сүйрөп, кайык менен сүзүп келишти. Алар жээктен алыс эмес, жүз метрдей аралыкта жүрүшкөн. Жээкке чыгышканда жагылган отту, отто асылуу турган балыкты жана нанды көрүштү.
Ыйса аларга:
- Кармаган балыгыңарды алып келгиле! - деди.
Ысман Петрос барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээке сүйрөп чыкты. Тордо жүз элүү үч балык бар экен. Ушунча көп балык болсо да тор айрылбаптыр.
- Келгиле, тамактангыла! - деди Ыйса аларга. Шакирттердин эч кимиси андан: "сен кимсиң?", деп суроого батынышпады, анткени алар бул кишинин өздөрүнүн Устаты экенин түшүнүштү.
Ыйса келип, нанды алды да аларга берди. Ошондой эле балыктан да берди.
Бул Ыйсанын өзүнүн шакирттерине кайра тирилгенден кийинки үчүнчү жолку көрүнүүсү эле.

Ыйсанын Петроско берген тапшырмасы
(21:15-24)
Тамактанып жатышканда Ыйса Ысман Петростон:
- Жахан уулу Петрос, чындап эле сен мени буларга караганда артыгыраак жакшы көрөсүңбү? - деп сурады. Петрос:
- Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, - деп жооп берди. Ыйса ага:
- Козуларымды багып бер! - деди. Бир аздан соң дагы:
- Жахан уулу Ысман, сен мени чындап жакшы көрөсүңбү? - деди.
Петрос:
- Ооба Устат, сүйөөрүмдү сен билесиң, - деп жооп берди. Ыйса ага:
- Койлорумду карап жүр! - деди. Ыйса ага үчүнчү ирет:
- Жахандын уулу Ысман, сен мени сүйөсүңбү? - деди. Ыйсанын үчүнчү жолу андан: "мени жакшы көрөсүңбү?" деп сураганына Петрос таарынып:
- Устат, сен баарын билесиң! Мен сени сүйөөрүмдү да билесиң! - деди.
- Койлорумду бак! - деди ага Ыйса, - сага мен бир чындыкты айтып коеюн: жаш кезиңде белиңди бууп алып, өзүң каалаган жакка барчусуң. Карыганда болсо колуңду сунуп бересиң, башка бирөө сени белиңден байлайт да каалабаган жагыңа алып барат.
Ыйса бул сөзүн Петрос кандай өлүмгө дуушар болуп, Кудайдын даңкын чыгарарын кыйытып айтты. Анан:
- Менин аркамдан ээрчи! - деди.
Петрос артын кылчайып карап, Ыйсанын өзгөчө сүйгөн, кечки тамакта ага башын буруп: "Устат, сага чыккынчылык кыла турган ким?" - деп сураган шакирттин келе жатканын көрдү. Көрөрү менен Ыйсадан:
- Устат, а булчу? - деп сурады.
- Мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча? Сен менин артымдан ээрчишиң керек! - деди.
Ушундан кийин боордоштордун арасында алиги шакирт өлбөйт экен деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петроско "өлбөйт" деп эмес, "мен келгиче анын аман-эсен болушун кааласам да сенин аны менен ишиң канча?" деген болчу. Мына ошол шакирт күбөлүккө өтүп ушул китепти жазды. Биз анын күбөлүгүнүн чын экенин билебиз.

Соңку сөз
(21:25)
Ыйса дагы башка көптөгөн иштерди жасады. Эгер алардын баарын толук жазып чыга турган болсо, анда, менимче, жазылган китептерди бул дүйнөнүн өзү да батыра албай калмак.




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0502) 500564
Бул баракты Жанызак даярдады • © Janyzak • This page is made by Janyzak
Компьютердик заказдар кабыл алынат

Сайт управляется системой uCoz