![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Ыйса жана самариялык келин (4:1-26) "Жаканга караганда Ыйса көп адамдарды сууга чөмүлдүрүп, шакирттери көбөйүп жатыптыр" деген имиштин парызчылдарга жеткенин укканда Ыйса Яхудиядан чыгып, Галилеяга бет алды. (Бирок, чындыгында, адамдарды Ыйса өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүшчү.) Жолдо Самария аркылуу өтүү керек болуп, Сихарь шаарына келди. Жакып уулу Жусупка берген талаа ушул шаардын жанында жайгашкан. Талаада "Жакыптын кудугу" деген кудук бар эле. Ыйса жолдон чаалыгып, кудуктун жанына көчүк басты. Убакыт түшкө маал болуп калган. Аңгыча самариялык бир келин суу алганы келди. Ыйса андан: - Суу сузуп берчи, - деп өтүндү. (Шакирттери болсо шаарга тамак-аш сатып келүү үчүн кетишкен.) Аял: - Сиз яхудей болуп туруп, менден, самариялыктан, кандайча суу сурап жатасыз?* - деп жооп берди. - Эгерде сен Кудайдын белеги менен "суу сузуп берчи" деп сурагандын ким экенин билсең, анда өзүң андан сурамаксың, ошондо ал сага мүрөк* суусун бермек. - Мырза, сузуп аларга эч нерсеңиз жок экен, кудук болсо терең. Анан кайдан сиз мүрөктүн суусун алмакчысыз? Сиз эмне, өзү, балдары, малы суу ичкен жана мына бул кудукту бизге берген атабыз Жакыптан да чоңсузбу? - Бул сууну ичкен ар ким, кайра суусайт, ал эми ким мен бере турган сууну ичсе, ал эч качан суусабайт. Мен берген суу анын ичинен түбөлүк өмүргө агуучу суунун булагы болуп калат. - Мырза, эч качан суусабас үчүн жана бул жакка суу алганы келбес үчүн ошол суудан мага бериңизчи. - Анда бар да, күйөөңдү чакырып кел. - Менин күйөөм жок. - Ооба, күйөөм жок деп чындыкты айттың, анткени мурда сенин беш күйөөң болгон, бирок азыркың күйөөң эмес. Сен чындыкты айттың. - Оо мырза! Сиз пайгамбар экенсиз, муну мен көрүп турам! Биздин ата-бабаларыбыз Кудайга мына бул тоонун үстүндө ибадат кылышчу, бирок сиздер, яхудейлер, Иерусалимде ибадат кылыш керек дейсиздер. - Мага ишенип кой, аял, адамдар Кудай Атага мына бул тоодо да, Иерусалимде да табынбай кала турган заман келе жатат. Силер, самариялыктар, кимге табынып жатканыңарды билбейсиңер, а биз, яхудейлер, билебиз, анткени куткарылуу биз аркылуу ишке ашат! Адамдар чын жүрөктөн, Ыйык Рухтун жетегинде Кудай Атага таат-ибадат кыла турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Кудай Ата ушундай табынуучуларды издейт. Кудай - Рух, ошондуктан ага ибадат кылгандар чын жүрөктөн Ыйык Рухтун жетегинде табынышы керек. - Мен Машаяктын келерин билем. Ал келгенде бизге баарын түшүндүрүп берет. - Ошол - менмин, сени менен сүйлөшүп жатканмын, - деди ага Ыйса. Оруу-жыюу маалы тууралуу икая (4:27-38) Ушул убакта шакирттер келишип, Ыйсанын аял менен сүйлөшүп жатканына абдан таң калышты. Бирок эч кимиси аялга: "Сага эмне керек?" - деп, ал эми Ыйсага: "Самариялык аял менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?" - дешкен жок. Аял болсо баканын таштай сала шаарга жүгүрүп барып: "Жүргүлө, башыман өткөндүн баарын айтып берген адамды көрүп келгиле! Балким, биз күткөн Машаяк ошолдур?" - деп жар салды. Сихардыктар сыртка чыгышып, Ыйсага жөнөштү. Бул убакта шакирттер Ыйсадан: Устат, тамак жеп ал, - деп өтүнүп жатышкан эле. Ыйса аларга: - Менде силер билбеген бир "тамак" бар, - деп жооп берди. Шакирттери бири-биринен: "Бирөө тамак апкелип бердиби?" - деп сурашты. - "Менин тамагым, - деди Ыйса, - мени жибергендин каалоосуна баш ийүү жана анын ишин аткаруу. Силер: "оруу-жыюу дагы төрт айдан кийин башталат" дейсиңер, а мен айтам: "көзүңөрдү ачып, жакшылап талааларды карагылачы, эгин кандай агарып, орууга дапдаяр болуп бышып калды". Оргондор акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн жемиш чогултуп жатышат. Ошентип, сепкен да, оргон да чогуу кубанышат. "Бири себет, экинчиси жыйнап алат" деген сөз чын. Мен силерди силер сээп эмгектенбеген талаадагы түшүмдү орууга жибердим. Анда башкалар иштеп, мээнет кылышкан, а силер болсо алардын мээнетинин пайдасын көрүп жатасыңар. Аялдын күбөлүгү (4:39-42) Көптөгөн сихардыктар аялдын: "баштан өткөргөнүмдүн баарын айтып берди" деген сөзүнөн Ыйсага ишенип калышты. Ошондуктан самариялыктар Ыйсага келишип, конокко чакырышты. Ыйса алардын шаарында эки күн турду. Эки күндүн ичинде дагы көптөгөн адамдар Ыйсанын сөзүнөн ишенимге келишип, жанагы келинге: "эми биз сенин сөзүңдөн улам эмес, Ыйсанын өз оозунан угуп ишенип, чынында эле бул дүйнөнүн куткаруучусу ошол экенин билдик", - дешти. Пайгамбар өз мекенинде сыйлуу болбойт (4:43-45) Эки күн өткөндө Ыйса Самариядан чыгып, Галилеяга жөнөдү. "Пайгамбардын өз мекенинде кадыры болбойт" деп өзү айткандай Галилеяга келгенде алар жылуу тосуп алышты. Бир чети галилеялыктар да Курбан айтка Иерусалимге барып, Ыйсанын кылган бардык укмуштарын көрүшкөн. Ошентип Ыйса сууну шарапка айланткан Галилеядагы Канага кайра келди. Падыша кызматчысынын баласынын айыктырылышы (4:46-54) Капернаумда уулу ооруп жаткан бир падыша кызматчысы жашачу. Ал Ыйсанын Галилеядан келгенин угуп, алдына барып: "Балам өлүм алдында жатат, үйгө келип, айыктырып бериңиз" деп өтүндү. - Укмуштар менен кереметтерди көрмөйүн эч кимиңиздер мага ишенбейсиздер, - деди Ыйса ага. Кызматчы: - Таксыр, уулум өлүп кала элегинде келиңизчи! - деп жалбарды. Ошондо Ыйса: - Бара бериңиз, балаңыз айыгат! - деди. Ал Ыйсага ишенип, үйүнө жөнөдү. Алдынан кулдары тосуп чыгышып: - Уулуңуз айыгып кетти, - деп сүйүнчүлөштү. Кызматчы: - Саат канчада оорусу жеңилдеди? - деди. Кулдары: - Кечээ саат жетиде ысыгы кайтты, - деп жооп берди. Кызматчы бул убакыттын Ыйса ага: "балаңыз айыгат" деген саат экенин билди. Ошондо ал бүт үй-бүлөсү менен Ыйсага ишенди. Бул Ыйсанын экинчи укмуштуу иши болду. Муну ал Яхудиядан Галилеяга кайтып келгенде жасады. |
|