![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Беш нан жана эки балык менен беш миң кишинин тоюшу (6:1-15) Ушундан соң Ыйса Галилея деңизинин (б.а. Тиберия деңизи) аркы өйүзүнө өттү. Ыйсанын ооруларды укмуштуудай жол менен айыктырганын көрүшкөн калың эл аны ээрчип, кошо жөнөдү. Ыйса дөбөгө чыгып, аркасынан кошо чыккан шакирттери менен сүйлөшүп отурду. Яхудейлердин курман айт деген диний майрамы жакындап калган убак эле. Ыйса ылдый көз чаптырып, келе жаткан калың элди көрдү. Анан Филипке кайрылып: - Булардын баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алышыбыз керек? - деди. Ыйса эмне кылыш керек экенин өзү билип турса да Филипти сынаш үчүн ушундай деген эле. - Эки жүз динарийге нан сатып ала турган болсок да булардын ар бирине бир сындырымдан тийбей калат, - деп жооп берди ага Филип. Шакирттеринин бири, Ысман Петростун иниси Идрис Ыйсага: - Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен... А бирок мынчалык көпчүлүккө алар жук болмок беле? - деди. - Элди жайгаштыргыла! - деди Ыйса. Беш миңге жакын адам ошол жердеги көкчүмөлгө жамбаштап жатып калышты. Ыйса нандарды алып, Кудайга ыраазычылык айтты да шакирттерине бөлүп берди. Шакирттери элге таратышты. Балыктан да каалагандарынча таратып беришти. Эл тойгондо, Ыйса шакирттерине: - Ысырап кылбастан калган нанды чогултуп алгыла! - деди. Чогултушканда беш арпа нандан он эки себет толо артып калды. Ошондо Ыйса жасаган ажайыпты көргөн адамдар: - Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар нак ушул, - дешти. Ушундай деп, ошол замат өздөрүнө падыша кылып шайлап алууга ниеттеништи. Алардын бул оюн туйган Ыйса кайрадан өзү жалгыз тоого кетип калды. Деңиз үстүнөн баскан караан (6:16-22) Кеч киргенде шакирттери деңизге түшүп келишти да кайыкка отурушуп, деңиздин аркы жагына, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Караңгы кирип бараткан. Ыйса болсо кечигип, келбей жатты. Аңгыча бороон башталып, деңиз толкундады. Жээктен беш-алты чакырым узашканда деңиздин үстү менен кайык тарапты карай келаткан караанды көрүп, жүрөктөрү түшүп калды. Ыйса: "Бул мен, коркпогула!" - деди. Ыйсаны кайыкка түшүрүп алайын дешкенде кайык дароо сүзүп бара жаткан жээкке жетип калды. Ыйсаны издеген эл (6:22-59) Кийинки күнү деңиздин чыгыш жээгинде калган эл Ыйсанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка кайык жок экенин көрүштү. Ыйсанын шакирттери менен бирге кайыкка түшпөгөнүн, шакирттери өздөрү эле сүзүп кеткенин эстешти. Ушул убакта Теңирдин батасынан кийин нан жеген жерге Тибериядан дагы башка кайыктар сүзүп келишти. Ыйса менен шакирттеринин бул жакта жок экенин көргөн эл кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп, Капернаумга сүзүп жөнөштү. Ыйсаны деңиздин аркы жагынан табышкан алар: - Устат, бул жакка качан келдиңиз? - дешти. - Силерге ачуу чындыкты айтам, - деди аларга Ыйса, - силер мени укмуштарды көргөндүгүңөрдөн эмес, курсагыңар тойгондугунан издеп жүрөсүңөр. Чирий турган тамакка умтулбастан, түбөлүк өмүр бере турган тамакка умтулбайсыңарбы! Ал тамакты Адам Уулу берет, анткени Кудай Ата ага өзүнүн мөөрүн басып, ушундай кылууга бийлик берген. - Кудай бизден кандай иштерин кылуубузду күтөт? - Анын Жибергенине ишенгиле, Кудайдын иши ушул! - Сиз кандай укмуш жасай аласыз, биз көрүп анан ишенели? Эмне кыла аласыз? Мисалы, Ыйык Жазмаларда "ал аларга нанды көктөн түшүрүп берди" деп жазылгандай, биздин ата-бабаларыбыз чөлдө нан жешкен. - Силерге бир чындыкты айтып коеюн: силерге Муса эмес, менин атам чыныгы нанды көктөн берип келүүдө. Анткени Кудай берген нан деп көктөн түшүп, бул дүйнөгө Өмүр Берүүчүнү түшүнүш керек. Ошондо эл: - Таксыр, бизге дайыма ошондой нандан берип турсаңыз, - дешти. - Мен - өмүр нанымын. Мага келген адам ач калбайт. Мага ишенген эч качан чаңкабайт. Бирок, мен силерге мурда айткандай: "мени көрдүңөр, бирок ишенбейсиңер". Атамдын берген кишилеринин баары мага келет. А мен болсом келген адамды кубалайбам, анткени көктөн өзүмүн эмес, мени жиберген Атамдын каалоосун аткаруу үчүн түштүм. Мени Жибергендин каалоосу болсо - мага берген адамдарынын эч кимисин жоготпой, баарын акыркы күнү кайра тирилтүүм. Анткени мени жиберген Атамдын каалоосу - азыр анын Уулун көрүп, айткандарына ишенгендердин баарынын түбөлүк өмүргө ээ болуусу. Мен аларды акыр заманда кайра тирилтем. Ыйсанын "Мен - көктөн түшкөн нанмын" дегенине яхудейлер нааразы болушуп, күңкүлдөй башташты: - Эй, бул жанагы эле Жусуптун баласы Ыйса эмеспи? Ата-энесин биз тааныйбыз го! Анан кандайча "мен көктөн түштүм" дейт? - Күңкүлдөбөгүлө, - деди аларга Ыйса, - эгерде мени жиберген Атам тартпаса эч ким мага келе албайт. Мага келген адамды акыркы күнү тирилтип алам. Бир пайгамбардын китебинде: "Кудай алардын баарына таалим берет" деп жазылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким мага келет. Көктөн түшкөн менден башка эч ким Кудай Атаны көргөн эмес. Аны бир гана мен көргөм. Силерге чындыкты айтып жатам: мага ишенген адам түбөлүк өмүрлүү. Мен - өмүр нанымын. Силердин аталарыңар чөлдө гүлазык жешкен, бирок кийин өлүшкөн. Ал эми көктөн түшкөн нанды жеген болсо өлбөйт. Көктөн түшкөн нан ушундай. Көктөн түшкөн тирүү нан - менмин. Мени "жеген" түбөлүк өмүр сүрөт. Мен берчү нан - бул менин денем, мен аны бул дүйнөнүн куткарылышы үчүн берем. Муну угуп турушкан яхудейлер: - Кантип бул бизге жегенге өз денесин бере алат? - деп өз ара күңкүлдөй башташты. Ыйса аларга: - Силерге мен бир чындыкты айтып коеюн: эгерде силер Адам Уулунун денесин "жебей", канын "ичпей" турган болсоңор, анда өмүрлүү болбойсуңар. Менин денемди жеп, канымды "ичкен" түбөлүк өмүрлүү болот жана мен аны акыркы күнү кайра тирилтем. Чыныгы тамак - бул менин денем, ал эми чыныгы ичимдик - менин каным. Менин денемди жеп, канымды ичкен адам мени менен жакын мамиледе болуп турат, а мен болсом аны менен жакын мамиледе болом. Мени түбөлүк тирүү Атам жөнөттү. Мен Атам аркылуу өмүр сүрөм. Ошонун сыңарындай мени жеген да мен аркылуу өмүр сүрө турган болот. Мына, көктөн түшкөн нан ушундай. Силердин аталарыңар манна жешкен жана каза болушкан. Ал эми бул нан андай эмес, бул нанды жеген түбөлүк өмүр сүрөт. Ыйса бул сөздөрдү Капернаумдагы синагогада айтты. Тирүү сөздөр (6:60-71) Ыйсанын бул сөзүн укканда көптөгөн шакирттери нааразы болушту: - Кызыктай сүйлөп салды! Ким муну уга алат? - дешти. Ыйса шакирттеринин нааразычылыгын туюп: - Ушул сөздөрүм силерди айнытып жатабы? Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлүп баратканын көргөндө эмне болосуңар? Өмүрдү Рух берет, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Менин силерге айтып жаткан сөздөрүмдүн маңызы - рух жана өмүр. Бирок араңарда кай бирөөлөрүңөр ишенбейсиңер, - деди. (Ыйса кимдердин ишенбегенин жана кимдин чыккынчылык кыларын башынан эле билчү.) Дагы мындай деп кошумчалады: - Ушундан улам силерге: "эгерде адамды Атам тартпаса эч ким мага келе албайт" деген элем. Ушул убактан тартып шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, жанында жүрбөй калышты. Ошондо Ыйса "он экиге" кайрылып: - Силердин да кеткиңер келген жокпу? - деди. Ысман Петрос: - Таксыр, сенден кетип кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берчү сөздөрү сенде. Сенин Машаяк - тирүү Кудайдын Уулу экениңе ишенип, көзүбүз жетти, - деп жооп берди. Ыйса: - Мен силерди он эки кылып тандап албадым беле, ыраспы? Бирок араңардагы бирөө - шайтан! - деди. Ыйса Жүйүт жөнүндө айткан болчу. Анткени ал "он экинин" бири болгону менен кийин Ыйсаны сатып кеткен. |
|