![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Ыйса жана анын инилери (7:1-9) Ушундан кийин Ыйса Яхудияга барбай Галилея аймагында жүрдү, анткени яхудейлер аны өлтүрүү амалын издеп калышкан. Яхудейлердин "чөп алачык" аталган майрамы жакындап келаткан. Бир күнү инилери: - Яхудияга барбайсыңбы! Ошол жактагы шакирттериң да укмуштарыңды көрүшсүн. Эл көзүнө түшкүсү келген киши иштерин көмүскөдө кылбайт. Ушунчалык иштерди кылып жатасың, өзүңдү дүйнөгө тааныт! - дешти. (Ыйсага өзүнүн бир туугандары ишенишчү эмес.) - Менин саатым али чыга элек, - деди Ыйса аларга жооп берип, - а силер үчүн убакыт дайым даяр. Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, а мени жек көрөт. Себеп дегенде мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жатам. Силер майрамга бара бергиле, мен азыр барбайм, анткени менин убактым али келе элек. Ушундай деп Ыйса Галилеяда калып калды. Ыйса чөп алачык майрамында (7:10-24) Ыйса майрамга инилеринин артынан, эл көзүнөн далдаа келди. Майрам болуп жатканда яхудейлер "кайда жүрөт ал?" дешип, Ыйсаны издешти. Ыйса тууралуу эл арасында ар кандай күбүр-шыбырлар жүрүп жатты. Бир даары "жакшы киши" дешсе, бир даары "элдин башын айланткан неме" дешти. Кантсе да яхудей башчыларынан коркуп, эч кимиси оюн эл алдында ачык айтышпады. Майрам ортолоп калганда Ыйса ибадатканага кирип, сөз сүйлөдү. Сөзүн уккан яхудейлер: - Бул эч жерден окубай туруп, Ыйык Жазмаларды кайдан билип алган? - деп, таң калышты. - Сөздөрүм өзүмдүкү эмес, мени Жөнөткөндүкү, - деди аларга Ыйса, - Кудайдын каалоосун аткаргысы келген адам бул сөздөрүмдүн - Кудайданбы, же өзүмөн чыгарып айтып жатамбы, - билип алат. Ким өзүнүн атынан сүйлөсө, ал өзүнө атак издейт, ал эми ким аны жөнөткөндүн даңкын издесе, анда анын сүйлөгөнү акыйкат жана анда адилетсиздик жок. Муса силерге Мыйзамды бербеди беле? Бирок эч кимиңер Мыйзамды сактабайсыңар. Андай болбосо эмне үчүн мени өлтүрөбүз деп жатасыңар? Эл ага: - Сага жин тийген жокпу? Ким сени өлтүрөм деп жатат? - деди. Ыйса сөзүн улантты: - Ишемби күнү бир керемет иш кылып койсом, баарыңар таң калып жатасыңар. Муса балдарыңарды сүннөткө олтургузууну буюрган (бирок, чынында муну Муса эмес, андан мурунку ата-бабалары баштаган), ошондуктан балдарыңарды олтургузганда ишембиге карабайсыңар. Эгерде силерге Мусанын Мыйзамы бузулбоосу үчүн баланы ишембиде сүннөткө олтургузганга мүмкүн болсо, анда эмне үчүн ишембиде адамды толук бойдон айыктырып койгонум үчүн мага кыжырланып жатасыңар? Сыртына гана көңүл бура бербей, калыс карап, туура чечим чыгаргыла! - деди. Машаяк ушулбу? (7:25-36) Ошондо иерусалимдиктерден бирөө: - Өлтүрөбүз деп издеп жүрүшкөн киши го мынабу? Мына, ачык эле эл алдына чыгып, сүйлөп жатат, эч ким эч нерсе деген жок. Же, чындап эле башчыларыбыз да анын Машаяк экенине ишенип калыштыбы? Бирок биз анын кайдан келгенин, кай жерлик экенин билебиз да. Машаяк келгенде болсо, анын кайдан келгенин эч ким билбей калат эмеспи, - деди. Ошондо Ыйса ибадатканада үнүн катуу чыгарып: - Ырас, силер мени тааныйсыңар жана кай жерлик экенимди да билесиңер. Мен өзүмдөн өзүм келип калган жокмун, мени Акыйкат жиберди, силер болсо аны тааныбайсыңар. А мен тааныйм, анткени мен ошондон келдим. Мени жиберген ошол, - деди. Ошондо яхудейлер Ыйсага кол салгысы келишти, бирок даай алышпады, анткени Ыйсанын сааты али чыга элек болчу. Эл арасынан көп адамдар: - Машаяк келгенде бу кишиден артык укмуш иштерди кылмак беле, - деп ага ишеништи. Мындай күбүр-шыбырлар парызчылдардын кулагына жетти. Ошондо алар диний жетекчилер менен бирге кеңешип, Ыйсаны кармап келүүгө адамдарын жиберишти. Аларга Ыйса: - Араңарда дагы бир аз болом, анан мени Жөнөткөнгө кетем, силер мени издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар, - деди. Ошондо яхудейлер бири-бирине карап: "Биз таппай калгыдай кай жакка кетем деп жатат бул? Башка элдердин арасына тарап кеткен яхудейлерге барып, таалим берем дегениби? Издеп, таппайсыңар, мен кеткен жакка келе албайсыңар дегенин кандай түшүнсө болот?" - дешти. Мүрөктүн суусу (7:37-53) Майрамдын акыркы жана эң салтанаттуу күнү Ыйса эл алдына чыгып, катуу үн менен: - Ким чаңкаса, мага келип ичсин! Ыйык Жазмаларда айтылгандай: мага ишенгендин ичинен мүрөктүн суусу шаркырап агат! - деди. Ыйсанын бул сөзүнүн төркүнү кийинчерээк ага ишенгендер кабыл ала турган Ыйык Рухта жаткан эле. Анткени Ыйса азырынча жогору көтөрүлүп, улуулукка бөлөнө элек болгондуктан аларга Ыйык Рух бериле элек болчу. Ыйсанын бул сөзүн уккан көп адамдар: "Бул киши чындап эле пайгамбар!" - дешти. "Бул Машаяктын өзү!" - дегендер да болушту. "Машаяк Галилеядан чыкмак беле? Ыйык Жазмаларда "ал Дауддун уругунан төрөлөт, анын шаары - Бетлеемден чыгат", деп жазылып турбайбы," - дешти кээ бирөөлөр. Ошентип эл ичинде Ыйса тууралуу ар кандай карама-каршы пикирлер болду. Кээ бир адамдар Ыйсаны кармаганга ниеттеништи, бирок батынышпады. Акыры баягы диний жетекчилерден келгендер кайра кайтып барышты. - Эмне үчүн аны кармап бул жакка алып келген жоксуңар? -дешти жетекчилер булардан. - А кишидей сүйлөгөн кишини ушул убакка чейин көргөн эмеспиз, - деп жооп беришти жиберилгендер. - Силер да азгырылып кеткен жоксуңарбы? Жетекчилер менен парызчылдардын арасынан ага ишенген бирөө-жарым барбы? Жок! А бул эл Мыйзамды билбей каргышка калган эл! - дешти аларга парызчылдар. Ошол жерде турган Никодим мындай деди: - Алгач угуп чыкпай, кылган ишин тактап териштирбей туруп, адамды айыптаганга Мыйзам жол бербейт. (Мурда түн жамынып Ыйсага келип кеткен Никодим ушул.) Парызчылдар: - Сен да галилеялык эмессиңби деги? Ыйык Жазмаларды жакшылап оку, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң, - дешти. Ушундан соң баары үй-үйлөрүнө тарашты. |
|