![]() | Жаныбек Жанызактын менчик сайты | ИНЖИЛ -Жакандын Жакшы Кабары | жыйнаган: © Жаныбек ЖАНЫЗАК janyzak@mail.ru • 2004-ж. | ![]() |
Жакан элчи жазган ыйык Инжил Сот жана ырайым (8:1-11) Ыйса болсо Май Дарактуу Тоо деп аталган дөбөдө түнөп, эртеси кайрадан ийбадатканага түшүп келди. Көптөгөн адамдар ага келип жатты. Ыйса олтуруп алып, таалим берди. Ошол кезде уламалар менен парызчылдар бузуктук кылып жаткан жеринен кармалган аялды Ыйсанын алдына желкеден алып, сүйрөп келишти да ортого салышты. - Устат, - дешти алар Ыйсага, - бул аял бузуктук кылып жаткан жеринен кармалды. Муса Мыйзамда мындайларды ташбараңга алыш керек деп жазып кеткен. Буга сиз кандай дейсиз? (Ыйсаны сынап, бир кынтык таап айыпка жыгыш максатында ушундай суроону беришти.) Ыйса болсо башын жерге салып, аларга көңүл бурбай, жер чийгилеп отура берди. Тигилер улам-улам демитип сурай беришкенде башын көтөрүп: - Кимиңерде күнөө жок болсо, ошол биринчи таш ыргытсын! - деди да кайрадан башын салып жерди чукулаганын улантты. Мындай жоопту укканда тигилердин улуулары кете башташты, алардын аркасынан кичүүлөрү да тарап кетишти. Акырында Ыйсанын жанында ортодо турган аял гана калды. Ошондо Ыйса башын көтөрүп, аялдан башка эч кимдин калбай калганын көрүп: - Аял, айыптоочуларың кана? Эч кимиси сени соттогон жокпу? - деди. Аял: - О таксырым, эч кимиси! - деди. Ошондо Ыйса: - Мен да соттобойм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! - деди. Ыйса - бул караңгы дүйнөгө жарык чачуучу Жарык (8:12-19) Бир жолу, Ыйса эл алдында таалим берип жатканда мындай деген сөздөрдү айтты: - Мен бул дүйнөнүн жарыгымын. Мени ээрчиген адам караңгыда жүрө бербестен өмүр жарыгына ээ болот. Ошондо парызчылдар: - Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлүк берип жатасың, мунуң жарабайт! - дешти. Ыйса: - Эгерде мен өзүм жөнүндө күбөлүк берсем да күбөлүгүм акыйкат, анткени мен кайдан келгенимди жана кайда бара жатканымды билем, а силер болсо менин кайдан экенимди жана кайда бара жатканымды билбейсиңер. Силер пенделик көз караш менен чечим чыгарып, соттоп жатасыңар, а мен эч кимди соттогон жерим жок. Соттосом да сотум акыйкат болмок, анткени мен жалгыз эмесмин. Мени жиберген Атам менен биргемин. "Эки адамдын күбөлүгү акыйкат" деп Мыйзамыңарда да жазылган го. Мен жөнүндө өзүм жана мени жиберген Атам күбөлөндүрүп жатат, - деп жооп берди. Ошондо тигилер: - Кана сенин атаң? - дешти. Ыйса: - Силер мени да, Атамды да тааныбайсыңар. Эгерде мени тааныган болсоңор, анда Атамды да таанымаксыңар, - деп жооп берди. Ыйсанын келген жана кайта бара турган жайы (8:20-29) Ыйса бул сөздөрдү ибадаткананын ичинде, акча салган сандыктын жанында айтып жатса да эч ким аны кармап кеткен жок, анткени анын сааты али чыга элек эле. Ыйса дагы мындай деди: - Мен кетем, а силер мени издейсиңер жана күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр. Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар. Ошондо тигилер: - Бул эмне, өзүн өзү өлтүрөйүн деп калганбы?"Мен кеткен жакка силер келе албайсыңар" дегени эмнеси? - дешти. - Силер жердиксиңер, а мен Көктөнмүн. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, а мен болсом бул дүйнөдөн эмесмин. Ошондуктан силерге "күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр" дедим. Эгерде силер мен өзүмдү ким деп эсептеп жатсам - ошол экениме ишенбей койсоңор, анда чын эле күнөөлөрүңөрдөн чыкпай өлөсүңөр. - А кимсиң сен? - Башында силерге киммин десем, так ошонун өзүмүн! Силерди айыптоо үчүн сөзүм көп, бирок мени жиберген адилеттүү, мен ошондон уккандарымды бул дүйнөгө айтып жатам. Ыйса Атасы тууралуу айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок. Ошондо Ыйса аларга: - Адам Уулун өйдө көтөргөнүңөрдө, ошондо, мен азыр өзүмдү ким деп жатсам, так ошонун өзү экенимди жана өзүмдөн эч нерсени кылбасымды, Атамдын сөзүн гана айтканымды түшүнөсүңөр. Мени Жиберген жанымда. Атам мени жалгыз калтырган жок, анткени мен дайыма анын көңүлүңдөгүсүн жасайм, - деди. Чыныгы эркиндик (8:30-59) Ыйса ушундай деп сүйлөп жатканда көп адамдар ага ишеништи. Ыйса ишенип калган яхудейлерге: - Эгер менин айткандарымды аткарып жашасаңар, анда силер менин чыныгы шакирттерим болосуңар жана чындыкты таанып- билесиңер, ошол чындык силерди эркиндикке чыгарат, - деди. Эркиндикке чыгасыңар дегенди укканда яхудейлер: - Биз Ибрайымдын тукумубуз, эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз. "Эркиндикке чыгасыңар" дегениң эмнең? - дешти. - Силерге чындыкты айтып жатам: ким кандай күнөө кылса, ал ошол күнөөнүн кулу. Ал эми үйдө кул эмес, уул түбөлүк жашайт, ошондуктан, эгер силерди Кудай Уулу бошотсо, анда чындап эркин болосуңар. Ибрайымдын уругу экениңерди билем, а бирок мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, анткени көкүрөгүңөрдө менин сөзүмө жай жок. Мен Атамдан көргөнүмдү айтып жатам, а силер болсо өзүңөрдүн атаңардан көргөнүңөрдү кылып жатасыңар. - Эй, оозуңа кара, биздин атабыз - Ибрайым. - Эгерде силер Ибрайымдын балдары болсоңор, анда анын кылган иштерин кылат элеңер. Бирок силер азыр Кудайдан уккан чындыкты айткан мени өлтүрүү жолун издеп жүрөсүңөр, а Ибрайым мындай кылган эмес. Силер өзүңөрдүң атаңардын кылган иштерин жасап жатасыңар. - Биз аягы суюктуктун натыйжасында төрөлгөн балдардан эмеспиз. Биздин бир гана Атабыз бар, ал - Кудай. - Эгер силердин Атаңар Кудай болсо, анда мени жакшы көрмөксүңөр, анткени мен Кудайдан келдим. Мен өзүмдөн өзүм келген жокмун, мени Кудай жиберди. Эмне үчүн айткан сөзүмдүн маанисине түшүнбөй жаткасыңар? Себеби силер аны уга албайсыңар. Силердин атаңар - иблис. Ошол атаңардын күнөөлүү каалоолорун аткаргыңар келет. Ал болсо башынан эле канкор болчу, ошондуктан акыйкат менен бирге боло албады, анткени анда акыйкат жок. Ал калп айтып атканда, калп ага өз эне тилинде сүйлөгөндөй жарашып калат, себеби ал калпычы жана бардык калптын атасы. А мага ишенбегендигиңердин себеби - менин чындыкты айтып жаткандыгымдан. Кана, кимиңер "сен күнөө кылдың!" деп бетиме айта аласыңар? А эгер айта албасаңар, менин чындыкты айтып жатканымды билсеңер, анда неге мага ишенбейсиңерө Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөзүн угат. Силер Кудайдан болбогондугуңардан улам укпай жатасыңар! - "Сен самариялыксың, ичиңде жин бар" - дегенибиз чын экен. - Менин ичимде жин жок! Мен Атамды урматтайм, а силер болсо менин кадырымды жерге тепселеп жатасыңар. Бирок мен өзүмө даңк издеп жүргөн жерим жок. Издөөчү жана Соттоочу башка. Силерге чындыкты айтып жатам: менин сөзүмдү сактаган адам эч качан өлүм бетин көрбөйт. - Эми так билдик, сенин ичиңде чындап эле жин бар экен. Ибрайым да, башка пайгамбарлар да өлгөн, а сен болсо "сөзүмдү сактаган эч качан өлүм бетин көрбөйт" дейсиң. Эмне, сен ыраматылык атабыз Ибрайымдан да чоңсуңбу? Керек болсо сен эмес улуу пайгамбарлар да өлүшкөн. Өзүңдү кимге теңеп жатасың? - Эгерде мен өзүмө даңк издеп жаткан болсом, анда менин даңкым эч нерсеге арзыбаган даңк. Менин даңкымды силер "Кудайыбыз" деп атаган Атам чыгарып жатат. А силер аны таанып-билген эмессиңер, а мен билем. Эгерде тааныбайм десем, анда силерге окшогон жалганчы болмокмун. Бирок мен аны тааныйм жана сөздөрүн сактап жүрөм. Силердин түп атаңар Ибрайым да менин күнүмдү көргөнгө куштар эле. Ал көрүп, курсант болду. - Эй, сен элүүгө чыкпай атып, Ибрайымды көргөм дегениң кандай? - Силерге чындыкты айтып жатам: Мен Ибрайымдан мурда эле бар болгом. Ошондо Ыйсаны ташбараңга алып өлтүрүү үчүн колдоруна таш алышты, бирок Ыйса аларды аралап өтүп, ибадатканадан чыкты да көздөн далдаа болду. |
|